Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуу системалары боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор Улуутук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары/Талкууга сунушталган долбоорлор»бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктар жана эл-аралык акча которуу операторлор долбоор боюнча сунуш-пикирлерди 2018-жылдын 19-июнунан кечиктирбестен adjakubova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүнү өтүнөбүз.