Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына төлөм системасына тиешелүү маселелер боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» («Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө» жана «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата коюлуучу негизги талаптар жөнүндө» жоболорго) токтом долбоорун (мындан ары-Долбоор) коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктар, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары, ошондой эле банк эмес финансы-кредит уюмдары долбоор боюнча сунуш-пикирлерин 2018-жылдын 21-июлунан кечиктирбестен жөнөтүүлөрү зарыл.».