2018-жылдын 11-сентябрында Москва шаарында “Репутация” финансисттер сыйлыгынын лауреаттарын сыйлоо аземи болуп өттү. Бул иш-чарага финансы системасында эмгектенген алдыңкы эксперттер, мыйзам чыгаруу жана мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын өкүлдөрү, алдыңкы илимий институттардын профессорлору, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин финансисттери, чет өлкөдөн келген делегациялар ж.б. катышты. 

Евразия экономикалык комиссия тарабынан уюшулган “Евразия экономикалык интеграцияны өнүктүрүүдө зор салым кошкондугу үчүн” номинациясында “Репутация” сыйлыгы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Джусупов Тимур Джолчуевич сыйланды.  

Евразия экономикалык комиссиясынын Экономика жана финансы саясаты боюнча коллегиясынын мүчөсү Тимур Мекешевич Жаксылыков сыйлыкты тапшыруу менен бул номинация төрт жылдан бери бирдиктүү финансылык мейкиндикти түзүүгө катышкан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн финансы рыногунун кесипкөй кесиптештерине тапшырылып келе жаткандыгын баса белгиледи. 

Өз сөзүндө Т.Джусупов, иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирүү менен сыйлык жеке өзүнүн жетишкендиги эмес, Евразия мейкиндигине интеграциялануу жагында бүтүндөй Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жүргүзгөн ишине берилген баа болуп саналарын белгиледи. Ал: “Негизги өнөктөш өлкөлөр, бирликке мүчө мамлекеттер менен ЕАЭБ жалпы финансы рыногунун концепциясын түптөө жагында көптөгөн ишти аткарып жатабыз, буга чейин да аткарууга жетиштик жана мындан ары да бул багытта иш алып барууга даярбыз” деген пикирин билдирди.  

 

Маалымат үчүн: 

Бүткүл Россия финансисттеринин “Репутация” сыйлыгы 2010-жылы Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин жана Россия Борбордук банкынын колдоосу астында “Сапфир” ассоциациясы, Финансы рыногунун кесипкөйлөр коому жана Эл аралык финансисттер гильдиясы тарабынан түзүлгөн. 

Бүткүл Россия финансисттеринин “Репутация” сыйлыгы Россия финансисттеринин кесипкөйлөр коому жана Эксперттик кеңеш тарабынан тандалган банк жана финансы чөйрөсүндө эмгектенген кызматкерлерге ыйгарылат. Мындан тышкары, кесипкөй ассоциациялар жана өз алдынча уюмдар тарабынан сунушталган, ар кандай финансылык сегменттерде эмгектенип, зор салым кошкон кесипкөй кызматкерлерге да тапшырылат.