Пресс-релиз 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

эсептик чен өлчөмүн 4,75 пайыз деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2018-жылдын 24-сентябрында эсептик чен өлчөмүн (чен саясаты) 4,75 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим 2018-жылдын 25-сентябрынан тартып күчүнө кирет.  

Кыргыз Республикасында инфляция деңгээли азык-түлүк товарлары ички жана тышкы рыноктор тарабынан жеткиликтүү сунушталгандыгына байланыштуу аларга баалардын төмөндөшүнөн улам, төмөн деңгээлде сакталуусу уланууда. Азык-түлүктөн башка товарлар боюнча инфляция да баалардын өсүш арымынын басаңдашын көрсөтүүдө. Инфляциянын жылдык мааниси 2018-жылдын сентябрь айында (14-сентябрга карата) 1,1 пайызды түзгөн. Инфляциянын учурдагы динамикасы, ички жана тышкы чөйрөнү өнүктүрүү келечеги инфляция көрсөткүчүн өтүп жаткан жылдын акырына карата 4,0 пайызга чейинки деңгээлде сакталат деп баалоого мүмкүндүк берет.  

Өлкөдөгү экономикалык жигердүүлүк республикага акча которуулар агымынын өсүшүнөн улам, чогуу алынган суроо-талаптын калыбына келиши жана реалдуу эмгек акынын көбөйүшү менен шартталган. 2018-жылдын январь-август айларынын жыйынтыгы боюнча реалдуу ИДӨ 0,3 пайызга кыскарган, «Кумтөр» ишканасынын маалыматтарын эске албаганда, экономиканын өсүшү 2,1 пайызды түзгөн. Айыл чарба, курулуш, соода жана транспорт секторлору экономиканын өсүшүнө оң салымын кошкон.  

Ал эми монетардык сектордо алгылыктуу тенденциялар сакталууда. Банк сектору улуттук валютада ликвиддүүлүктүн жеткиликтүү деңгээлине ээ. Ушуга байланыштуу Улуттук банк үстөк ликвиддүүлүктөн арылтуу операцияларын жүргүзүүдө. Акча рыногунда улуттук валютадагы кыска мөөнөттүү чендер Улуттук банк тарабынан белгиленген пайыздык чектин чегинде өзгөрүлүп турган. Банктар аралык кредиттик ресурстар рыногунда катышуучулардын жигердүүлүгүнүн өсүшү эки ай катары менен байкалган. Ошондой эле экономиканы кредиттөө көлөмүнүн кеңейиши жана коммерциялык банктардын депозит базасынын өсүшү байкалган.  

Үстүбүздөгү жылдын август айынын ортосунан тартып ички валюта рыногунда сунушка караганда чет өлкө валютасына болгон суроо-талаптын арткандыгы белгиленген. Улуттук банк алмашуу курсунун кескин өзгөрүлмөлүүлүгүн текшилөө максатында, эки жолу валюта интервенциясы операциясын ишке ашырган.  

Дүйнөлүк товардык-чийки зат рынокторунун келечегине байланышкан тышкы сектордун таасир этүү факторлоруна жүргүзүлгөн талдап-иликтөө, ошондой эле ички шарттарды өнүктүрүү тенденциялары орто мөөнөттүү мезгил ичинде инфляция динамикасынын акча-кредит саясатынын максаттуу көрсөткүчү болгон 5-7 пайыз чегинде күтүлүшүн шарттайт. Ушуга байланыштуу Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн сактоо чечимин кабыл алды. 

Улуттук банк ички жана тышкы факторлордун инфляцияга болгон таасирине туруктуу негизде баа берип турат жана экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясаты боюнча тиешелүү чараларды колдонот.  

 

Маалымат үчүн: 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмдү кароо боюнча кийинки отуруму 2018-жылдын 26-ноябрында өткөрүлөт