Бишкекте Кыргыз Республикасында микрофинансы секторунун актуалдуу маселелери боюнча тегерек стол болуп өттү 

 

2018-жылдын 6-декабрында Бишкек шаарында «Микрофинансы секторунун актуалдуу маселелери» темасына арналган Европада коопсуздук жана кызматташтык уюмунун колдоосу менен Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы тарабынан уюштурулган тегерек стол болуп өттү. Аталган жыйынга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, банк эмес финансы-кредиттик уюмдардын жана кредиттик союздардын ассоциацияларынын өкүлдөрү катышты.  

Бул иш-чарада сектордун актуалдуу маселелери талкууланды, 2018-жылы ичинде Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун өнүктүрүүнүн 2018-2021-жылдарга каралган негизги багыттарын ишке ашыруу алкагында аткарылган иштер жыйынтыкталды, мындан аркы көрүлүүчү чаралары аныкталды. 

Улуттук банк, микрофинансы секторунун экономикалык жана социалдык маанилүүлүгүн эске алып, бүткүл банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарды жана кызыкдар тараптарды ОНРСМдин ишке ашырууга активдүү катышууга чакырат. Сиздердин сунуштардын жана ОНРСМди ишке ашырууга багытталган Иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндөгү маалыматты микрофинансы уюмдарынын жана кредиттик союздардын дарегине, Улуттук банктын жана анын областтык башкармалыктарына жөнөтсөңүздөр болот