КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмүнүн мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторуна мөөнөттүү эмгек келишими боюнча иштөөгө талапкерлерди тандоо үчүн ачык сынак жарыялайт - 2 бирдик 

 

Функционалдык милдеттери: 

- Улуттук банктын документтерин которуу жана редакциялоо;  

- банк мыйзамдары чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды билүү;  

- банк терминдерин билүү

- сектордун ишине тиешелүү иш-чараларды уюштуруу; 

- мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча иш-чараларды уюштуруу; 

- сектордун жетекчисинин тапшырмаларын аткаруу. 

 

Жалпы квалификациялык талаптар: 

- жогорку билимге ээ (кыргыз филологиясы) болуу;  

- адистиги боюнча иш тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес; 

- ms office билүү

- тапшырманы так аткаруу жана артыкчылыктарын ажырата билүү, компетенциясына кирген маселелерди коё билүү жана чечимдерди өз убагында кабыл алуу; 

- алынган маалыматты талдап-иликтей билүү жана иштеп чыгуу; 

- иш боюнча каттарды, кызматтык документтерди түзө билүү көндүмдөрүнө ээ болуу;  

- мамлекеттик жана расмий тилдерин мыкты билүү

 

Кошумча талаптар: 

- иш милдеттерин сапаттуу аткаруу; 

- айкын тапшырмалардын аткарылыш мөөнөттөрүн сактоо; 

- кесиптик билимин дайыма өркүндөтүү

- иш процессинде ээ болгон маалыматтын купуялуулугун сактоо, жетекчиликтин тиешелүү уруксаты жок маалыматтын ачыкка чыгышына жана басма сөзгө жарыяланышына жол бербөө

- Улуттук банктын аброюн жогорку деңгээлде сактоо, анын атына моралдык же материалдык зыян алып келиши мүмкүн болгон иш-аракеттерге жана сөздөргө жол бербөө

- Улуттук банктын кызматкерлеринин кызматтык этика ченемдери кодексин, эмгек тартибин, ички күн тартибиндеги эмгек эрежелерин, өрткө каршы коопсуздук эрежелерин, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасын сактоо; 

- Улуттук банктын мүлкүн сактоону камсыз кылуу. 

 

Талап кылынган жеке сапаттары: 

- жоопкерчиликтүү, чынчыл; 

- мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча иш-чараларды уюштуруу билүү

- өз оюн оозеки жана жазуу жүзүндө так жана сабаттуу чагылдыра билүү

- кесиптештери жана башка адамдар менен оңой тил табыша билүү

- баштаган ишти аягына чыгара билүү

 

Документтер 2024-жылдын 28-мартынын саат 17:00 нө чейин тапшырылууга тийиш. 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл: 

- кадрларды эсепке алуу баракчасы (сүрөтү менен); 

- резюме (кошумча маалыматтар); 

- өмүр баяны;  

- тиешелүү кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктоочу документтер (билими, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин, эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү); 

- инсандыгын тастыктаган паспорт же инсандыгын тастыктаган башка документтердин, ошондой эле аскердик-каттоо документтердин (аскерге кызмат өтүүгө милдеттүүлөр жана аскердик кызматка чакырылчу адамдар үчүн) көчүрмөсү жеке өзү тарабынан тапшырылат. 

Бардык суроолор боюнча:  

- Бишкек шаары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Персонал менен иш алып баруу бөлүмүнө (0312) 66-90-18, (0312) 61-10-21 телефондору аркылуу кайрылсаңыздар болот. Дареги: Чүй проспектиси, 168.