2016 жылынын 1-июлунан тартып товарлар жана кызматтар үчүн нак эмес түрдө төлөм аткарууда сатуудагы салык нөлгө барабар  

 

Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамынын 27-беренесинде сатуучу сатып алуучунун Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте аралыкта жайгашкан жабдууларды колдонуу менен нак эмес түрдөөлөм карттары) товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн эсептешүүлөрдү жүргүзүү ыкмасын тандоодо аны чектегенге укугу жок экендиги каралган. Соода тейлөө ишканаларынын тизмеги, ошондой эле соода тейлөө ишканалары банктык төлөм карттарды кабыл алуу жана тейлөө үчүн POS-терминалдарды өзүндө орнотууга милдеттүү, ага карата критерийлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын макулдашуусу менен белгиленет. 

Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2015-жылдын 23-декабрында №869 «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чаралары жөнүндө» токтом кабыл алынган, анда иштердин айрым түрлөрүнүн тизмеги каралып, аларды жүзөгө ашырууда жеке ишкерлер жана юридикалык жактар өз ишин жүзөгө ашырган жерлерде банктык төлөм карттарын колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн каралган жабдууларды (түзүлүштөрдү) орнотууга жана аны колдонууга, ошондой эле аткаруу мөөнөттөрүн камсыз кылууга милдеттүү.  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан демилгелөө максатында, 2015-жылдын 31-декабрында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам ( Кыргыз Респуликасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» мыйзамына) кабыл алынган, анын 319-беренесинде, КНС салыгы салынган жана/же андан бошотулган товарларды, иштерди, кызматтарды сатууда нак эмес формада төлөнгөн салыктын чени 0 пайыз өлчөмүндө белгиленген (накталай түрдө 2 пайыз). Буга чейин сатуудан салык чени 4 пайызды түзгөн.  

Ошондой эле 362-берененин 1-бөлүгүндө “Салык төлөөчү өзүнүн жүргүзгөн ишине жараша салык төлөөрү” белгиленген: 1) айыл чарба продукттарын иштеп чыгуу үчүн, өндүрүш чөйрөсү үчүн, соода үчүн: нак эмес формада төлөнгөн товарларды, иштерди, кызматтарды сатууда 2 пайыз өлчөмүндө (нак түрдө 4 пайыз өлчөмүндө); 2) иштин калган түрлөрү үчүн: нак эмес формада төлөнгөн товарларды, иштерди, кызматтарды сатууда 3 пайыз өлчөмүндө (нак түрдө 6 пайыз өлчөмүндө).