Улуттук банктын төрагасы жана Ислам өнүгүү банкынын жетекчиси Кыргызстанда жаңы коммерциялык банктын ачылыш мүмкүнчүлүктөрү тууралуу талкуу жүргүзүштү 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жетекчиси, Ислам өнүгүү банкында Кыргызстандын атынан Альтернат башкаруучу Толкунбек Абыдыгулов Ислам өнүгүү банкынын президенти Ахмад Мохамед Али Аль-Мадани менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Ислам өнүгүү банкынын жетекчилеринин жолугушуусу 2015-жылдын 11-ноябрында Эль-Кувейт шаарында өтүп жаткан "Исламдык финансылоо: глобалдык умтулууларга жооп" аттуу Эл аралык Исламдык финансылоо конференциясынын алкагында өттү. Сүйлөшүүлөргө Кыргыз Республикасынын Кувейт мамлекетиндеги Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж. Шарипов да катышты. 

Баарлашуу учурунда тараптар Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүү перспективаларын талкуулашты. Жолугушуунун катышуучулары исламдык финансылоо принциптери боюнча иштей турган биргелешкен коммерциялык банктын ачылыш мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Андан сырткары КРУБ жана ИӨБ жетекчилери сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстанда Ислам өнүгүү банкынын өкүлчүлүгүн ачуу тууралуу жана исламдык финансылоо принциптери менен иштеген банктарга КРУБ тарабынан исламдык финансылоо аспаптарын киргизүү тууралуу сөз козгошту.