Банктык эмес кредиттик уюм «РАПИДА» (жоопкерчилиги чектелген коом) «КИВИ Банк» (акционердик коомго) кошулуу түрүндөгү CONTACT төлөм системасынын уюштуруу структурасынын өзгөртүүлөрүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «КИВИ Банк» (акционердик коомду) CONTACT эл аралык акча которуулар системасынын оператору катары каттоо жөнүндө чечим чыгарды. Эл аралык акча которуулар системасынын операторлор Реестринде 1042150517 каттоо номери ыйгарылган.