Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкарма мүчөсү 

ЕАЭБтин мүчө өлкөлөрүнүн финансы рыноктору боюнча  

Консультативдик комитеттин отурумуна катышты 

 

Башкарма мүчөсү Джусупов Т. Дж. баш болгон Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өкүлдөрү 6-7-сентябрында Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Булан-Соготту айылында өткөн ЕАЭБтин мүчө өлкөлөрүнүн финансы рыноктору боюнча Консультативдик комитеттин отурумуна катышты. 

Жолугушууга ошондой эле ЕАЭБтин мүчө мамлекеттеринин борбордук (улуттук) банктарынын, министрликтеринин жана ведомстволорунун жана Еразиялык экономикалык комиссиянын өкүлдөрү катышты. 

ЕАЭБтин жалпы каржы рыногунун Концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча, улуттук мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча иш-чаралардын жүрүшү жөнүндө жана финансы рыноктордун азыркы абалы тууралуу суроолор талкууланды.