Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы финансылык алдамчылыкка баруулар активдешип жаткандыгын эскертет 

 

Республиканын айрым аймактарында финансылык пирамида уюштуруу менен алектенип, жарандарды пайызсыз насыяларды (займ) алуу үчүн акча каражаттарын салууга үндөп жаткан адамдардын (жактардын) активдешүүсү байкалууда.  

Ушундан улам Улуттук банк мөөнөтүндө төлөө, убагында кайтарып берүү жана төлөөгө жөндөмдүүлүк шарттарында калайык-калктан акча каражаттарын тартуу жана берүү ишин (кредиттөө, аманаттарды кабыл алуу) Улуттук банктын көзөмөлүндө турган жана анын тиешелүү уруксат берген документтерине ээ банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдары гана жүзөгө ашырууга укуктуу экендигин эскертет.  

Жеке адамдардын жана юридикалык жактардын Улуттук банктын тиешелүү уруксат берген документтерисиз (лицензия, катталгандыгы тууралуу күбөлүк) иш алып баруусу мыйзамсыз, көпчүлүк учурда алдамчылыкка жана “финансылык пирамидаларды” уюштурууга байланыштуу иш катары каралат

Мына ошондуктан тараптар ортосунда түптөлгөн мамилени жөнгө салган бардык документтер (лицензия, катталгандыгы тууралуу күбөлүк, келишимдер, макулдашуулар ж.б.) менен кылдат таанышып чыгууну жана ар кандай алдамчылык үндөөлөргө тартылбоону өтүнөбүз. 

Өлкөнүн бүтүндөй банк тутумунун ишин жөнгө салган мекеменин компетенциясына кирген маселелер боюнча Улуттук банктын, анын областтык башкармалыктарынын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн коомдук кабылдамасына төмөнкү даректер жана телефондор аркылуу кайрылууну сунуштайбыз. 

 

Бишкек ш., Чүй проспектиси 168. 

коомдук кабылдама: +996 (312) 61-04-86 

 

Ош ш., Курманжан датка атындагы көчө 119. 

Тел.: 0-3222 2-74-32, 0-3222 2-31-07 

 

Жалал-Абад ш., Эркиндик көчөсү 13. 

Тел.: 0-3722 2-38-84, 0-3722 2-26-93 

 

Талас ш., Бердике Баатыр атындагы көчө 291. 

Тел.: 0-3422 5 23 77, 0-3422 5 20 77 

 

Нарын ш., Жамгырчы уулу Абас атындагы көчө 6. 

Тел: 0-3522 5 04 72, 0-312 29 50 72 

 

Каракол ш., Токтогул атындагы көчө 265. 

Тел.: 0-3922 5 12 52, 0-3922 5 12 53 

 

Баткен ш., Т. Садыков атындагы көчө 3. 

Тел.: 0-3622 5-04-46, 0-3622 5-04-51