Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы №52/6 «Депозиттерди тартпаган МФУлардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор долбоору коомдук талкууга сунушталууда. Долбоор банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Долбоор боюнча сунуш-пикирлерди 2018-жылдын 1-январынан кечиктирбестен akubatbekov@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүнү өтүнөбүз