1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2018-жылдын 28-мартында №2018-П-12/10-7-(НПА) «Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/6 «Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү  жөнүндө» токтом кабыл алынып, ага ылайык алмашуу бюролорунун ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби бекитилген.  

2. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2018-жылдын 28-мартында №2018-П-12/10-6-(БС) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды «товардык мурабаха» бүтүмү менен толуктоо боюнча «Улуттук банк Башкармасынын айрым укуктук ченемдик актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтом кабыл алынды. 

Токтомдор расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө киришет. 

Токтомдор Улуттук банктын расмий сайтында: www.nbkr.kg/ Банк/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору дареги боюнча жайгаштырылган. 

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий сайтында: www.nbkr.kg/ Банк / Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банк эмес финансы мекемелери ишин жөнгө салуу дареги боюнча жайгаштырылган.