1. Улуттук банк «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» долбоорду коомдук талкууга сунуштоодо. 

Долбоор Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн негизги милдети катары Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн коммерциялык банктардын ишин лицензиялоо тартибин, банктын капиталында чектүү катышууга ээ болуу үчүн уруксат алуу тартибин, үлүшү азыраак акционерлердин (катышуучулардын) акцияларды сатып алуу тартибин, банктардын кызмат адамдарын макулдашууну, обочолонгон түзүмдүк бөлүмдөрдү түзүү аркылуу банктардын иш чөйрөсүн арттырууну, банктардын уставына сунушталган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду макулдашуу тартибин, ошондой эле мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүүнү жөнгө салган нормаларды белгилөө саналат. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет сайтынын «Ченемдик актылар//Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Улуттук банк ушул долбоорго карата сын пикирлерди жана сунуштарды 2018-жылдын 9-августунан кечиктирбестен, zosokeeva@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүнү өтүнөт. 

2. Улуттук банк «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо» жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” долбоорду коомдук талкууга сунуштоодо. 

Долбоор, банктарга микрофинансылык компанияга трансформациялануу жана андан ары банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана микрофинансылык компанияларды лицензиялоо жол-жоболорун өркүндөтүү мүмкүнчүлүгүн сунуштоо максатында иштелип чыккан. 

Долбоор банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Улуттук банк ушул долбоорго карата сын пикирлерди жана сунуштарды 2018-жылдын 9-августунан кечиктирбестен, zosokeeva@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүнү өтүнөт. 

3. Улуттук банк «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» долбоорду коомдук талкууга сунуштоодо. 

Долбоор уставдык жана/же өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмүн түзүү боюнча талаптарды аткарбаган банктарга карата бирдиктүү талаптарды белгилөө максатында иштелип чыккан. Өз ишин белгиленген талаптарга ылайык келтирүү боюнча мөөнөт белгиленген, талаптарды аткарбаган шартта милдеттүү чектөөлөр боюнча талаптар жана банк катары ишин жүргүзүүнү токтотуу боюнча мөөнөттөр белгиленген. 