Кыргыз Республикасынын Улуттук банк улуттук валютанын коллекциялык монеталарынын эскиздик долбоорун иштеп чыгуу үчүн сүрөтчү-дизайнерлер арасында ачык сынак жарыялайт. Сынак бул ишке таланттуу сүрөтчүлөрдү тартуу максатында жана коллекциялык монеталардын мыкты эскиздик долбоорлорун 2018-жылы коллекциялык монеталарды чыгаруу боюнча бекитилген планга ылайык төмөнкү темаларга жараша тандап алуу максатында өткөрүлөт:  

 

Сериясы 

Темасы 

Өлчөмү (мм) 

Формасы 

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 

Улак тартыш 

38,61*38,61 

Төрт бурчтуу 

Кыргыз каганатынын доору 

Боз үй 

30,00 

Тегерек 

 

Коллекциялык монеталарынын эскиздик долбоорлорунда монетанын темасы толук камтылып, төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: темага ылайык келүү; жогорку көркөм деңгээлде аткаруу; маданий жана эстетикалык нормалардын сакталышы жана чыгармачылык өзгөчөлүк. 

Сынактын шарттары: 

1. Автор/ катышуучу ар бир монетага 4 эскиздик долбоор иштеп чыгат, анын ичинде: алдыңкы бетинин эки эскиздик долбоору; арткы бетинин эки эскиздик долбоору.  

«Улак тартыш» монетанын алдыңкы бетинин негизги темасы, «Улак тартыш» деген жазуу жана монетанын номиналы (10 сом) чагылдырылышы зарыл. Арткы бетинде негизги сюжет улантылып, мамлекеттик герб, монетанын чыккан жылы (2018) жана кыргыз тилинде «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» деген жазуу чагылдырылууга тийиш.  

«Боз үй» монетасынын алдыңкы бетине негизги тема, «Боз үй / Юрта» жазуусу жана монетанын номиналы (1 сом) чагылдырылышы зарыл. Арткы бетинде монетанын темасы улантылып, мамлекеттик герб, монетанын чыккан жылы (2018) жана кыргыз тилинде «Улуу кыргыз каганаты» деген жазуу камтылууга тийиш.  

2. Эскиздик долбоорлор А4 форматындагы кагазга чыгарылган түрдө сунушталып, көркөм сүрөттөлүштөр монетанын толук көлөмүндө жана чоңойтулган түрүндө (диаметри 150 мм) берилиши зарыл. 

3. Төлөөлөр Улуттук банк тарабынан бекитилген эскиздик долбоорлордун ар бир бети үчүн 50 000 (элүү миң) сомдон, 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө ишке ашырылат. 

4. Сынакка монеталардын эскиздик долбоорлорун сунуштоонун акыркы мөөнөтү 2018-жылдын 15-февралы. 

Эскиздик долбоорлорду Улуттук банктын, Бишкек шаары, Чүй проспекти 168 дареги боюнча жайгашкан Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмүнө (312 каб.), конверттин бетине "Сынакка" деп белгилөө менен калтыруу зарыл. 

Кошумча маалымат алуу үчүн (312) 61 21 72, 66 92 26 номерлерине кайрылууну өтүнөбүз.