Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү, 57/1 дареги боюнча жайгашкан «ТАБ Ману» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 22-мартындагы № 6273 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 13-июнунан тартып 19-июнун кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.
Бишкек шаарында жана Ленин айылында («Ак-Жол» КӨП) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын үч жаранынын ар бирине (Б.У.А., Ж.Д.К., С.У.Б.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын үч жаранынын ар бирине (М.Н.М., Т.Г.С., Ж.Т.Ш.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок Ош областынын Кара-Суу районунун аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын бир жаранына (Р.Х.У.) 17500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Жалал-Абад областында жайгашкан бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет-ресурстарда 2025-жылдын үчүнчү чейрегинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан $300 миллион суммасында сатылып алынган, алтын резерв менен камсыздалган USDKG санарип актив ишке киргизиле тургандыгы жөнүндө так эмес маалыматтардын пайда болушу жөнүндө Улуттук банк расмий түрдө төмөнкүнү билдирет.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы санарип активдерди, анын ичинде USDKG чыгаруу боюнча кандайдыр бир долбоорлор үчүн алтын саткан эмес жана сатпайт.
Улуттук банктын алтын менен операцияларын кошо алганда, өлкөнүн эл аралык резервдерин тескөө иши, бекитилген инвестициялык саясаттын чегинде жана алдыңкы рейтингдик агенттиктердин «A» деңгээлинен төмөн эмес эл аралык кредиттик рейтингге ээ жогору ишенимдүү контрагенттердин чектелген чөйрөсү аркылуу гана жүзөгө ашырылат. Эл аралык резервдерди тескөөгө байланыштуу кандай болбосун операциялар тобокелдиктерге баа берүү жана шайкештиги боюнча так ички жол-жоболордон өткөрүлөт.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өз ишин Конституциянын жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын негизинде жүзөгө ашырган көз карандысыз орган болуп саналат жана бардык чечимдерди, анын ичинде эл аралык резервдерди тескөөгө тиешелүү чечимдерди да башка мамлекеттик органдардан көз карандысыз өз алдынча кабыл алат. Бул, өз кезегинде, финансылык сабаттуулукту сактоого жана өлкөнүн экономикасынын узак мөөнөткө каралган кызыкчылыктарын коргоого өбөлгө түзөт.
Улуттук банк кандайдыр-бир санарип валюталарды же стейблкоиндерди чыгарууга байланыштуу долбоорлорду ишке ашырууга катышпагандыгын жана өз аталышын же активдерин маркетингдик материалдарда же юридикалык документтерде пайдаланууга уруксат бербегендигин баса белгилейт.
Жалпыга маалымдоо каражаттарын жана кызыкдар тараптарды расмий эмес булактардагы маалыматтарды кылдат текшерүүгө, ошондой эле коомду жана финансы рыногунун катышуучуларын жаңылыштыктырган, такталбаган маалыматтарды жайылтуудан алыс болууга чакырат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан 2025-жылдын 3-июнунда «ЭкоИсламикБанк» ЖАК ислам банкына өзгөртүлгөндүгүнө байланыштуу 2017-жылдын 22-июнундагы №040 лицензиясынын ордуна ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык улуттук жана чет өлкө валюталарында банктык операцияларды жүргүзүү укугуна №01-ИБ лицензия берилди.
Мурда «ЭкоИсламикБанк» ЖАК Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 12-июлундагы № 373 Жарлыгы менен ратификацияланган 2006-жылдын 16-майындагы «Кыргыз Республикасы, Ислам өнүктүрүү банкы жана «Экобанк» ортосунда Кыргыз Республикасында ислам банк ишин жана каржылоону колдонууга киргизүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө» меморандумга ылайык ислам каржылоо принциптерин колдонууга киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруунун алкагында өз ишин жүзөгө ашырып келген (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 18-декабрындагы № 41/1 токтому).
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок Ош шаарынын аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын бир жаранына (Т.М.Б.) 17500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын 5-июнунда «Бай-Түшүм» Банкы ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү/Аудит боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна Сатывалдиев Улан Орузбаевичтин талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Тышкы көзөмөлдүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Жалал-Абад областы, Сузак району, Бек-Абад айылы, М. Сыдыков көчөсү, № 3 (болжол: «Бек-Абад Автожол» контролдоо-өткөрүү пунктунун жанында) дареги боюнча жайгашкан «Салахидин Валюта» ЖЧК алмашуу бюросунун 2023 жылдын 16 ноябрындагы № 6633 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 10-июнунан тартып 24 июнун кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы эки алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында 2025-жылдын 5-июнунда Улуттук банктын төрагасынын орун басары Козубеков Азаттын катышуусунда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн үчүн (мындан ары – ЖМК) «Заманбап чакырыктар шартында Улуттук банктын алып барган иши» темасында семинар болуп өттү.
Азат Козубеков өзүнүн алгы сөзүндө Улуттук банк ЖМК өкүлдөрү менен өз ара иш алып барууга жана кызматташууга чоң маани берерин белгиледи.
«Биздин биргелешкен ишибиз калк менен натыйжалуу байланыш түзүүгө, жарандарга кыйла маанилүү жана пайдалуу маалыматты өз убагында жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Биз ар дайыма баарлашууга жана пикир алмашууга даярбыз» – деп Улуттук банктын төрагасынын орун басары белгиледи.
Семинардын жүрүшүндө журналисттерге Улуттук банктын негизги иш багыттарына арналган презентациялар көрсөтүлдү, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты, банк жана төлөм системаларындагы жагдай, банк кызмат көрсөтүүлөрүн санариптештирүү жана жарандарды алдамчылыктан коргоо ж.б. тууралуу маалымат берилди.
Иш-чара баарлашуу форматында өттү. ЖМК өкүлдөрү кызыктырган суроолорун берип, аларга Улуттук банктын өкүлдөрү толугу менен жооп беришти.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Кытай Эл Банкы кызматташууну кеңейтүү маселесин талкуулашты
2025-жылдын 4-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев Пекин шаарында (КЭР) Кытай Эл Республикасынын Эл банкынын төрагасы Пан Гуншэн менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-кытай тараптын финансы чөйрөсүндө өз ара учурдагы иш алып баруусу жана келечеги тууралуу талкууланды. Өзгөчө көңүл эки өлкөнүн борбордук банктарынын санарип валюталарын өнүктүрүү, борбордук банктар ортосунда байланышты бекемдөө, ошондой эле улуттук эсептешүү инфраструктураларын пайдаланууну кеңейтүү маселелерине бурулду.
Тараптар санарип валюталарды иштеп чыгууда жана колдонууга киргизүүдө тажрыйба алмашууну кошуу менен көп жыл туруктуу жана конструктивдүү кызматташкандыгы үчүн бири-бирине ыраазычылыктарын билдиришти. Мындай демилгелер эки тараптын тең финансы системасынын туруктуу өнүгүшүнө жана санариптик трансформацияга өбөлгө түзө тургандыгы белгиленди.
Эки тараптуу товар жүгүртүү көлөмүнүн туруктуу өсүшүн жана экономикалык байланыштардын кеңейишин эске алуу менен улуттук валютада эсептешүүгө өбөлгө түзүү боюнча колдонуудагы чаралар каралды. Мындай чара катары Кыргыз Республикасынын банктарын Кытайдын CIPS чек ара аркылуу өтүүчү төлөм системасына туташтыруу жана Кытайдын ыйгарым укуктуу банктарында корреспонденттик эсептерди ачуу иши талкууланды.
Тараптар эки мамлекеттин борбордук банктарынын негизги иш багыттары боюнча өз ара пайдалуу кызматташууну улантуу ниетин тастыкташты.
Улуттук банктын төрагасы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин финансы министрлеринин жана борбордук (улуттук) банктарынын төрагалары менен болгон жолугушууга катышты
2025-жылдын 3-июнунда Кытай Эл Республикасынын төрагалыгы алдында Пекин шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин финансы министрлеринин жана борбордук (улуттук) банктарынын төрагаларынын жолугушуусу болуп өттү, ага Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев жана финансы министри Алмаз Бакетаев катышты.
Жолугушууга ШКУ өлкөлөрүнүн финансылык ведомстволорунун жана борбордук (улуттук) банктарынын жетекчилери, ошондой эле ШКУ Катчылыгынын өкүлдөрү катышты.
Отурумдун жүрүшүндө катышуучулар учурдагы дүйнө жүзүндө, региондо жана ШКУга кирген айрым өлкөлөрдө орун алган макроэкономикалык жагдайды талкуулашты, ошондой эле финансылык-экономикалык кызматташууну чыңдоо маселелери боюнча өз ара пикир алмашышты.
Тараптар ШКУну каржылоо платформасын түзүү, инклюзивдүү санарип финансылык каражаттарды өнүктүрүү, ШКУ өлкөлөрү ортосундагы эсептешүүлөрдө улуттук валюталарды кеңири колдонуу, финансылык маселелер боюнча аналитикалык борборлор тармагын жана ШКУ өнүктүрүү банкын түзүү демилгелерин карап чыгышты.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча финансы министрлеринин жана борбордук (улуттук) банктардын өкүлдөрү ШКУ өнүктүрүү банкын түзүү демилгесин колдоп, аны түзүүнүн техникалык аспектилери боюнча консультация берүүгө даярдыгын билдиришти, ошондой эле катышуучулар финансылык маселелер боюнча аналитикалык борборлор тармагын түзүүнү жактырышты. Аталган борбор финансы саясаты тармагында билим алуу жана эң мыкты тажрыйба алмашуу үчүн көз карандысыз эксперттик платформа болуп берет.
Глобалдуу экономикалык туруксуздук күч алган шартта, тараптар макроэкономикалык координациялоого, финансылык туруктуулук чөйрөсүндө өз ара иш алып барууну бекемдөөгө, ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин экономикалык потенциалын андан ары кеңейтүүгө умтула тургандыгын тастыкташты.
Иш-чаранын алкагында катышуучулар Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Дин Сюэсян менен жолугушту, анын жүрүшүндө экономикалык өнүгүүнүн актуалдуу маселелери жана ШКУнун алкагында интеграциялык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечеги талкууланды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы жана Финансы министри Кытай Эл Республикасынын Финансы министри менен чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр боюнча жолугушуу өткөрдү
2025-жылдын 3-июнунда Пекин шаарында Кытай Эл Республикасынын Финансы министрлигинин аянтчасында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев жана Финансы министри Алмаз Бакетаев менен Кытай Эл Республикасынын Финансы министри Лань Фоань ортосунда эки тараптуу жолугушуу болду.
Жолугушуу Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасы ортосунда эки тараптуу финансылык-экономикалык кызматташууну бекемдөөнүн алкагында уюштурулду.
Чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөрдүн инфраструктурасын өнүктүрүү жана эки мамлекет ортосундагы банктык эсептешүү байланыштарын чыңдоо сүйлөшүүнүн негизги темасы болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки мамлекеттин финансылык институттары ортосунда түз жана туруктуу өз ара иш алып баруу каналдарын түптөө, атап айтканда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик банктарын Кытайдын CIPS чек ара аркылуу банктар аралык төлөмдөр системасына туташтыруу демилгеси, ошондой эле Кытайдын ыйгарым укуктуу банктарында кыргыз банктарынын корреспонденттик эсептерин ачуу стратегиялык мааниге ээ экендиги баса белгиленди.
Көрсөтүлгөн механизмдерди ишке ашырууда өлкөлөр ортосунда, айрыкча юань түрүндө тышкы соода операциялары жана эсептөөлөр боюнча өз ара эсептешүүлөрдү кыйла жөнөкөйлөтүүгө жана баасын төмөндөтүүгө мүмкүндүк түзүлөт. Бул эки тараптуу сооданы өнүктүрүүгө, туруктуу жана ишенимдүү төлөм инфраструктурасын түзүүгө, ошондой эле улуттук валютаны кеңири колдонууга өтүүгө да өбөлгө түзөт.
Кыргыз тарап сунушталган демилгелерди ийгиликтүү ишке ашыруу максатында зарыл болгон координацияны жана техникалык колдоону камсыз кылууга даяр экендигин билдирди.
Тараптар кызматташуу жагында талкууланган багыттарды ишке ашыруу үчүн натыйжалуу кадамдарды иштеп чыгууну, конструктивдүү пикир алышууну улантууну макулдашышты.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Бахрейн Королдугунун Улуттук банкы ортосунда Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду
2025-жылдын 1-июнунда Манама шаарында (Бахрейн Королдугу) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев менен Бахрейн Королдугунун Улуттук банкынын төрагасы Халид Ибрагим Хумаидан ортосунда расмий жолугушуу болду.
Кыргыз Республикасынын Президентинин жакынкы арада Бахрейн Королдугуна барган мамлекеттик визитинин жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды өнүктүрүүнүн алкагында Улуттук банктын төрагасы визит менен барды. Президент барган визиттин алкагында тараптар эки тараптуу өнөктөштүктү бекемдөөгө, анын ичинде финансы-экономикалык чөйрөдө кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин тастыкташкан. Банктар аралык мындай Меморандумга кол коюу жетишилген макулдашууларды жогорку деңгээлде ишке ашырууга жасалган биринчи кадамдардан болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын жана Бахрейн Королдугунун борбордук банктары, ошондой эле финансылык институттары ортосунда кызматташууну чыңдоого байланыштуу бир катар маселелер талкууланды. Өзгөчө көңүл банктык жөнгө салуу чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу, финансылык рынокторду өнүктүрүү маселелерине, ошондой эле ислам каржылоону илгерилетүү келечегине бурулду.
Жолугушуунун негизги жыйынтыгы болуп, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Бахрейн Королдугунун Улуттук банкы ортосунда Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу болду, бул Меморандум стратегиялык өнөктөштүк жана эки мамлекет ортосунда узак убакыт өз ара иш алып баруу үчүн бекем институционалдык негиз болуп берет.
Меморандумга кол коюу кыргыз-бахрейн мамилелеринде жаңы тарых барагын ачкан маанилүү окуя. Документ аркылуу тараптардын борбордук банк ишинин негизги багыттары, ага кошо биргеликте изилдөөлөр, адистердин квалификациясын жогорулатуу, акча-кредит саясаты боюнча өз ара маалымат алмашуу, ошондой эле ислам банкинги принциптерин өнүктүрүү жана кеңири жайылтуу боюнча кызматташууну кеңейтүүгө умтулуу бекемделет.
Дүйнөлүк экономикада ислам финансылары өсүп жаткан ролун эске алганда, ислам каржылоонун таанылган эл аралык борборлорунун бири болгон Бахрейн Королдугу менен кызматташуу Кыргыз Республикасы үчүн бул чөйрөдө мыкты тажрыйбаларды колдонууга киргизүү жана шарият принциптерине ылайык инвестицияларды активдүү тартуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк болуп саналат.
Улуттук банк Меморандумга кол коюуну банктар аралык өз ара иш алып барууну чыңдоодогу маанилүү кадам гана эмес, Кыргыз Республикасы менен Бахрейн Королдугу ортосундагы экономикалык жана финансылык диалогду өнүктүрүүгө кошулган салым катары дагы карайт.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюросунун лицензиясынын аракети токтотулду:
- 2025-жылдын 30-майынан тартып 3-июнун кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү, 8-үй дареги боюнча жайгашкан «Ваш капитал» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 13-декабрындагы № 6663 лицензиясы.
Балдарды коргоонун эл аралык күнү алдында жана балдардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында, Улуттук банк 2025-жылдын 30-майында убактылуу баш калкалоочу жайда тарбияланып жаткан жана «Балдарды коргоо борбору» коомдук бирикмесинин күндүзгү борборлорунун программасы боюнча окуп жаткан балдар үчүн көчмө лекция өткөрдү.
Көчмө лекциянын жүрүшүндө балдарга финансылык сабаттуулук негиздери, Улуттук банктын «Финсабат» окутуу сайты жөнүндө маалымат берилди, ошондой эле викториналар жана оюндар өткөрүлдү.
Лекциянын соңунда активдүү катышкан балдарга белектер берилди.
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын 29-майында «Элдик Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Элдик Банк» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Полотова Жылдыз Арстанбековнанын талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын 29-майында «Керемет Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Керемет Банк» ААКтын башкы бухгалтери кызмат ордуна сунушталган Атамкулова Бурулкан Токтоналиевнанын талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын 29-майында «Керемет Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Керемет Банк» ААКтын башкы бухгалтеринин орун басары кызмат ордуна сунушталган Отунчиева Алтындын талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын 29-майында «Айыл Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Айыл Банк» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Гайпкулов Искандер Торобаевичтин талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын 29-майында «О!Банк» ачык акционердик коому тарабынан «О!Банк» ААКтын башкы бухгалтери кызмат ордуна сунушталган Усупбаевой Нуршат Токтогуловнанын талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.
6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын 29-майында «Бай-Түшүм» Банкы ачык акционердик коому тарабынан «Бай-Түшүм» Банкы ААКтын ички аудит кызматынын начальнигинин орун басары кызмат ордуна сунушталган Кутунаев Адилет Жолоновичтин талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.
7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын 29-майында «Бай-Түшүм» Банкы ачык акционердик коому тарабынан «Бай-Түшүм» Банкы ААКтын ички аудит кызматынын начальниги кызмат ордуна сунушталган Байсеитов Бакытбек Толосуновичтин талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.
8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын 29-майында «Дос-Кредобанк» ачык акционердик коому тарабынан «Дос-Кредобанк» ААКтын башкармасынын мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Исаев Адилет Жолдошбековичтин талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары М. Аттокуров 2025-жылдын 30-майында «Инновациялар, санариптик трансформация жана туруктуу өнүктүрүү: финансылык экосистеманын келечеги» BIFF-2025 Бишкек эл аралык финансылык форумуна катышты.
Улуттук банктын төрагасынын орун басары өз сөзүндө финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптик трансформациялоо маселелери актуалдуу гана болбостон, өлкөнүн туруктуу өнүгүшү үчүн да маанилүү экендигин белгиледи. Ошондой эле М. Аттокуров заманбап технологиялар көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү гана бербестен, жаңы талаптарды да коюп жаткандыгын баса билдирди.
«Улуттук банк финансы системасын бул өзгөрүүлөргө ылайыкташтыруу маанилүү экендигин түшүнөт. Учурда технологиялар тездик менен өнүгүп жаткандыгын эске алуу менен, Улуттук банк ыңгайлуу жөнгө салуу чөйрөсүн түзүү боюнча маанилүү иштерди жүргүзүп жаткандыгын белгилеп кетүү зарыл. Бул иштер инновацияларды колдонууга киргизүүгө, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүгө жана алардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет», – деп билдирди Улуттук банктын төрагасынын орун басары.
Мындан тышкары, М. Аттокуров киберкоркунучтардын көбөйүшүнө байланыштуу, санариптик коопсуздукту камсыз кылуу жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдү алдамчылык операцияларынан коргоо Улуттук банктын ишинин негизги багыттарынын бири болуп санала тургандыгын кошумчалады.
Жолугушуунун катышуучулары финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү, киберкоопсуздук, инновациялык экосистемаларды өнүктүрүү боюнча ж.б. актуалдуу маселелерди талкуулады.
Финансылык форумга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А. Касымалиев, эл аралык уюмдардын, Кыргыз Республикасынын банк жана финансы секторлорунун өкүлдөрү катышты.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгы 2025-жылдын 29-майында планга ылайык Ош областынын Ноокат районунун Кара-Таш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана жашоочулары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча көчмө лекция өткөрдү.
Лекцияда Улуттук банктын аткарган ролу жана функциялары, улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана коргоо белгилери, ошондой эле кредиттердин жана депозиттердин түрлөрү, электрондук финансылык кызматтар тууралуу маалымат берилип, финансылык коопсуздук жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, акча каражаттарын сарамжалдуу колдонуу, каражат топтоо, финансылык пландаштыруу, финансылык максаттарды коюу, үй-бүлөлүк жана жеке бюджеттерди түзүү темалары талкууланды.
2025-жылдын 28-майында Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын кызматкерлери Жалал-Абад областынын Кара-Көл шаарынын калкы үчүн финансылык сабаттуулук боюнча пландаштырылган көчмө лекция өткөрүштү. Лекция Кара-Көл шаарынын мэриясынын имаратында өткөрүлүп, анда болжол менен 40 адам катышты.
Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү катышуучуларга акча каражаттарын туура колдонуу, финансы маселелерин талдоо жагдайлары, акча каражаттарын ар кандай тобокелдиктерден коргоо, финансылык пландаштыруу, финансылык максат коюу, ошондой эле үй-бүлөлүк жана жеке бюджетти түзүү тууралуу айтып беришти.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында QR-кодду өнүктүрүү боюнча иш-чаралар, QR-коддордун улуттук стандарттары жана эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөө эрежелери жана санариптик финансылык кызматтар жана инструменттер жөнүндө маалымат берилди.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы эки алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн, Бишкек шаары, Байтик Баатыр көч., 13-үй, 3-батир дареги боюнча жайгашкан «ВЕЛКОМ ЛТД» алмашуу бюросу ЖЧКнын накталай чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2023-жылдын 28-апрелиндеги № 6523 лицензиясы 2025-жылдын 29-майынан тартып кайтарылып алынды.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Талас областындагы алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн:
- Бишкек шаары Ахунбаев көчөсү, 100 дареги боюнча жайгашкан «МСЖ компани» ЖЧК алмашуу бюросунун 2023-жылдын 14-декабрындагы № 6664 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 27-майынан тартып 6-июнун кошо алгандагы мезгил аралыгына;
- Бишкек шаары Жукеев-Пудовкин көчөсү, 146/1 дареги боюнча жайгашкан «Ырыскы-Бек» ЖЧК алмашуу бюросунун 2021-жылдын 24-декабрындагы № 6245 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 28-майынан тартып 6-июнун кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү, 49 дареги боюнча жайгашкан «Аскар КЭШ» ЖЧКнын 2023-жылдын 21-июнундагы № 6539 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 29-майынан тартып 12-июнун кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.
Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Талас областтык башкармалыгынын кызматкерлери 2025-жылдын 27-май күнү Талас областынын Талас районунун Көк-Кашат айылынын тургундарына көчмө лекция өткөрүштү.
Лекциянын жүрүшүндө катышуучуларга үй-бүлөлүк бюджет, каражат топтоо, карыз мамилелери, финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, заманбап технологияларды колдонуу менен көбөйүп жаткан финансылык алдап кетүү учурлары боюнча маалыматтар берилди.
Улуттук банктын төрагасы Түрк мамлекеттер уюмунун Борбордук банктарынын кеңешинин биринчи отурумуна катышты
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев 2025-жылдын 27-майында Астана шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин Борбордук (улуттук) банктарынын кеңешинин биринчи отурумуна катышты.
Отурумдун жүрүшүндө катышуучулар учурдагы макроэкономикалык абалды, акча-кредит саясатынын негизги багыттарын, ошондой эле финансылык туруктуулукту камсыз кылууга, инновациялык төлөм системаларын өнүктүрүүгө жана ТМУга мүчө мамлекеттерге санарип финансылык технологияларды киргизүүгө байланышкан маселелерди талкуулашты.
Иш-чаранын алкагында борбордук (улуттук) банктардын жетекчилери Казакстан Республикасынын президенти Токаев Касым-Жомарт Кемелевич менен жолугушту, анын жүрүшүндө региондогу экономикалык өнүгүү маселелери, ошондой эле ТМУга мүчө мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө келечеги боюнча пикир алышуу болду.
Кеңеш ТМУга мүчө мамлекеттердин Борбордук (улуттук) банктарынын кеңешин түзүү жөнүндө меморандумдун негизинде 2024-жылдын 6-ноябрында түзүлүп, Бишкек шаарында кол коюлган. Кеңештин курамына Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Түркиянын, Өзбекстандын, Венгриянын (байкоочу макамында) борбордук (улуттук) банктарынын жетекчилери, ошондой эле ТМУнун Башкы катчысы кирет.
Кеңештин кийинки отурумун 2026-жылы Азербайжан Республикасында өткөрүү пландалууда.
Катышуучулардын 2025-жылдын 19-майында болуп өткөн жалпы чогулушунда өз ыктыяры менен жоюлуу чечими кабыл алынгандыгына байланыштуу «ЖОКОЙ кредиттик союзу» финансылык кооперативинин 2018-жылдын 3-августундагы №1 лицензиясы 2025-жылдын 23-майынан тартып жокко чыгарылды. Юридикалык дареги: Талас шаары, Ч. Айтматов көчөсү, 52.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
эсептик ченди 9,00 пайыз деңгээлинде сактап калды
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2025-жылдын 26-майында эсептик ченди (негизги чен) 9,00 пайыз деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Чечим 2025-жылдын 27-майынан тартып күчүнө кирет.
Тышкы чөйрө дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттеринин соода саясатынын өзгөрүшү жана геосаясий факторлор менен шартталган, дүйнөлүк финансы жана чийки зат рынокторунда орун алып жаткан белгисиздик абал менен мүнөздөлүүдө, бул экономикасы ачык жана рыногу калыптанып келе жаткан өлкөлөр үчүн белгилүү тобокелдиктерди жаратат. Кыргыз Республикасынын экономикасынын түзүлүшүнө жараша, мындай тышкы факторлор өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү келечегине белгисиздикти пайда кылат.
Тышкы чөйрөдөгү чакырыктарга карабастан, Кыргыз Республикасы жогорку экономикалык жигердүүлүктү көрсөтүүдө – 2025-жылдын январь-апрель айлары ичинде ИДӨнүн реалдуу өсүшү 11,7 пайызды түздү (2024-жылдагы тиешелүү мезгилине салыштарганда). ИДӨнүн өсүшүнүн түзүмүнө алгылыктуу салым кызмат көрсөтүү, курулуш жана өнөр жайы сыяктуу секторлору менен камсыз кылынган. Калктын реалдуу кирешесинин өсүшүнүн жыйынтыгында керектөө суроо-талап жогору бойдон калган, ошол эле учурда инвестициялык иштин өсүшү да байкалган.
Кыргыз Республикасында баа динамикасы бир калыпта сакталып турат. Керектөө баалары 2025-жылдын башынан тартып1 2,9 пайызга өскөн, ошол эле учурда жылдык инфляциянын көрсөткүчү2 7,7 пайыз деңгээлинде түптөлгөн. Учурдагы инфляциянын калыптанышы негизинен айрым административдик баалардын өзгөрүшү (электр энергиясына тарифтердин кайра каралып чыгышы), ошондой эле мөмө-жемиш менен жашылчаларга болгон баалардын сезондуу өсүшүнүн тийгизген таасирлери менен шартталган. Жалпы алганда, инфляциянын динамикасы Улуттук банк күткөн чекте кармалып турат.
Банктар аралык акча рыногу активдүү, негизинен своп рыногу сегментинде жигердүү болууда, ошол эле учурда акча рыногунун кыска мөөнөттүү чендери Улуттук банк тарабынан белгиленген чекте өзгөрүлүп турат. Ички валюта рыногунда жагдай салыштырмалуу туруктуу, мында чет өлкө валютасына болгон талап менен сунуштун рыноктук калыптанышынын жыйынтыгында алмашуу курсунун ийкемдүүлүгү сакталган.Өлкөнүн банк сектору туруктуу жана жогорку ликвиддүү бойдон калууда. 2025-жылдын январь-апрель айлары ичинде экономиканы кредиттөө 15,6 пайызга3 өскөнү байкалган, кредиттер негизинен керектөө максаттары, соода жана айыл чарба тармагын каржылоо максаттары үчүн берилген. Банктар өзүнүн ресурстук базасын көбөйтүүнү улантууда – банк системасынын депозит базасы өтүп жаткан жылдын төрт айы ичинде 16,1 пайызга4 өскөн.
Инфляциянын тышкы жана ички факторлорунун тенденцияларына берилген баа жылдык инфляциянын көрсөткүчү ушул жылдын акырына карата орто мөөнөткө каралган максаттуу көрсөткүч – 5-7 пайыз чегинде калыптанат деп көрсөтүүдө. Дүйнөлүк азык-түлүк жана чийки зат рынокторундагы баалардын өзгөрүлмөлүү болушун, ошондой эле электр энергиясына тарифтердин өзгөрүшүнүн жана ички суроо-талаптын жогорулашынын инфляцияга тийгизген таасирин эске алып, Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 9,00 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Кабыл алынган чечим өлкөдө баа туруктуулугун сактоого жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган, Улуттук банктын жүргүзүп жаткан акча-кредит саясатына туура келет.
Улуттук банк акча-кредит саясатын жүргүзүүдө салмактанып алынган ыкманы колдонот жана инфляциянын түптөлгөн ички жана тышкы факторлоруна баа берүүнү улантат. Баа туруктуулугу үчүн кандайдыр бир тобокелдиктер пайда болгон учурда, Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жокко чыгарбайт.
Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө маселе боюнча кийинки отуруму 2025-жылдын 28-июлунда өтөт.
1, 2 16-майга карата абал боюнча
3, 4 Алдын ала маалыматтар боюнча
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «О!Банк» ачык акционердик коому тарабынан «О!Банк» ААКтын аудит боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Сыдыков Аскар Куттубековичтин талапкерлигине 2025-жылдын 23-майында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Акционердик коммерциялык «Толубай» банкы жабык акционердик коому тарабынан «Акционердик коммерциялык «Толубай» банкы жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Досумбетов Дастан Кылычбековичтин талапкерлигине 2025-жылдын 23-майында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Демир Кыргыз Эл Аралык Банкы» жабык акционердик коому тарабынан «Демир Кыргыз Эл Аралык Банкы» ЖАКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү жана тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Максытбеков Азамат Курбаналыевичтин талапкерлигине 2025-жылдын 23-майында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Евразиялык Сактык Банкы» ачык акционердик коому тарабынан «Евразиялык Сактык Банкы» ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Молдокеева Аманат Асанбековнанын талапкерлигине 2025-жылдын 23-майында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Борбордук Азиялык Капитал Банкы» ачык акционердик коому тарабынан «Борбордук Азиялык Капитал Банкы» ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы кызмат ордуна сунушталган Чалбаев Кантемир Капарбековичтин талапкерлигине 2025-жылдын 23-майында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Баткен областындагы эки алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын 22-майында «ФИНКА Банкы» жабык акционердик коому тарабынан «ФИНКА Банкы» ЖАКтын башкы бухгалтеринин орун басары кызмат ордуна сунушталган Асаналиева Альбина Кылычбековнанын талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды;
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын 22-майында «Дос-Кредобанк» ачык акционердик коому тарабынан «Дос-Кредобанк» ААКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү жана тобокелдиктер боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Орозбаева Лада Джантаевнанын талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду.
2025-жылдын 22-майынан тартып 31-майын кошо алгандагы мезгил аралыгына:
- Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү, 98 дареги боюнча жайгашкан «БНБ Финанс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 19-апрелиндеги № 6787 лицензиясы;
- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 119-үй, 17а-батир дареги боюнча жайгашкан «Престиж мани А» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 5-мартындагы № 6731 лицензиясы.
2025-жылдын 23-майынан тартып 1-июнун кошо алгандагы мезгил аралыгына:
- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 136 дареги боюнча жайгашкан «Нуржигит КЭШ» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 4-октябрындагы № 6955 лицензиясы.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. Бул токтом долбоору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын Кыргыз Республикасынын мыйзамына (2025-жылдын 28-апрелиндеги № 84 «Банктык кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө») ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.
Сектор токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2025-жылдын 7-июнундан кечиктирбестен momuraliev@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы төрт алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Региондордо калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чаралар планынын алкагында, 2025-жылдын 21-май күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Нарын областтык башкармалыгынын өкүлдөрү С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин угуучулары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча атайын лекция өткөрдү.
Лекция учурунда үй-бүлөлүк бюджет, төлөм системасы жана улуттук валютанын өнүгүү этаптары тууралуу маалыматтар, ошондой эле, калкты алдоо амалдары тынымсыз жаңыланып жаткандыгына байланыштуу алдамчылардын курмандыгы болуп калбаш үчүн коопсуздук эрежелерин сактап, сак болуу зарылдыгы тууралуу маалыматтар берилди.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында Улуттук банктын ченемдик актылары/Талкууга сунушталган долбоорлор бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.
Сектор токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2025-жылдын 5-июнунан кечиктирбестен bakimbekov@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгы 2025-жылдын 20-май күнү пландын негизинде Ош областынын Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын Кара-Мык айылындагы Ленин атындагы орто мектептин окуучуларына финансылык сабаттуулук темасында көчмө лекция өткөрдү.
Лекцияда Улуттук банктын ролу жана функциялары, улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана анын коргоо белгилери, акча каражаттарын сарамжалдуу колдонуу жана каражат топтоо тууралуу маалыматтар берилди.
1. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Ош областы, Араван району, Араван айылы, Достук а/а, Ош-3000 көчөсү, 69/1 дареги боюнча жайгашкан «Таваккал ПМ» ЖЧКнын алмашуу бюросунун 2024-жылдын 29-майындагы № 6829 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 21-майынан тартып 27-майын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Ош областынын Араван районундагы бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн, Бишкек шаары, Байтик Баатыр көч., 67/1 дареги боюнча жайгашкан «Канат ЛТД» алмашуу бюросу ЖЧКнын накталай чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2022-жылдын 11-августундагы №6338 лицензиясы 2025-жылдын 20-майынан тартып кайтарылып алынды.
Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы 2025-жылдын 16-майында Эл аралык музей күнүнө карата Ош областтык башкармалыгынын нумизматикалык музейинде ачык эшик күнүн өткөрдү.
Музейдин коноктору улуттук валютанын түптөлүшү жана өнүгүү тарыхы, банкнотторду жана монеталарды чыгаруу баскычтары, Улуу Жибек жолу өркүндөгөн мезгилде Кыргызстандын акча жүгүртүү тарыхына байланыштуу экспозиция жана Улуттук банк тарабынан 1995-2025-жылдар аралыгында чыгарылган коллекциялык монеталар менен таанышып чыгышты.
Ошондой эле келген конокторго улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү баскычтары жана коргоо белгилери тууралуу лекция окулду.
Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы – сомдун жүгүртүүгө киргизилген күнүнө карата, 2025-жылдын 15-майында Жалал-Абад телерадиокомпаниясынын журналисттеринин катышуусу менен Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгында Жалал-Абад шаарынын Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 1–курсунун студенттерине лекция өткөрүлдү.
Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү студенттерге улуттук валютабыз – сомдун калыптануу тарыхы, өнүгүү этаптары жана анын коргоо белгилери, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нумизматикалык баалуулуктары тууралуу айтып беришти.
Лекциянын катышуучулары үчүн Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык нумизматикалык монеталардын көргөзмөсү уюштурулду. Ошондой эле Улуттук банктын өкүлдөрү Жалал-Абад телерадиокомпаниясынын журналисттерине өткөрүлүп жаткан иш-чара тууралуу интервью беришти.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаары, Киев көчөсү, 203 дареги боюнча жайгашкан «Кэш ломбард» КЖКнын 2022-жылдын 6-июлундагы № 6318 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 17-майынан тартып 26-майын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын 16-майында Эл аралык музейлер күнүнө карата Улуттук банктын нумизматикалык музейинде ачык эшик күнүн өткөрдү.
Коноктор улуттук валютанын жаралуу жана өнүгүү тарыхы, банкнотторду жана монеталарды чыгаруу баскычтары, Улуу Жибек жолу гүлдөп турган мезгилде Кыргызстандын акча жүгүртүү тарыхына арналган экспозиция, ошондой эле Улуттук банк тарабынан 1995-2025-жылдар аралыгында чыгарылган нумизматикалык баалуулуктар менен таанышышты.
Ачык эшиктер күнүнө 150гө жакын адам катышты.
Улуттук банктын нумизматикалык музейи иш күндөрү саат 10:00дөн 16:00гө чейин иштейт, 0 (312) 66-90-08; 0 (312) 61-24-14 телефондору аркылуу же mail@nbkr.kg электрондук почта аркылуу алдын ала жазылууга болот.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ысык-Көл областтык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 2025-жылдын 14-май күнү калктын финансылык сабаттуулугун арттыруу программасынын алкагында, Ысык-Көл областынын Ичке-Суу айылындагы Зууракан Батырбаева атындагы орто мектебинин жогорку класстарынын окуучулары үчүн көчмө лекция өткөрүлдү.
Лекцияда улуттук валюта – сомдун калыптануу тарыхы, QR-коддордун улуттук стандарттары жана эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөө эрежелери, ошондой эле финансылык алдамчылык тууралуу маалыматтар берилди.
Мындан тышкары, 13-14-май күндөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган нумизматикалык баалуулуктардын көргөзмөсү уюштурулду.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгү тарабынан Кыргыз Республикасынын эки жаранынын (Э.Б.О, Т.И.Р.) ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алуусуз Ош шаарынын аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын 8 жаранынын ар бирине 17500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алуусуз Ош шаарынын аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын 12 жаранынын ар бирине 17500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Жалал-Абад областы, Ноокен району, Бүргөндү айылы, Бүргөндү көчөсү, №13 (болжол: «Маданият-Автожолу» көзөмөлдөө өткөрүү пункту) дареги боюнча жайгашкан «Бибинур Ясмина» жоопкерчилиги чектелген коомунун алмашуу бюросунун 2024жылдын 2-февралындагы № 6703 лицензиясынын аракети 2025жылдын 16майынан тартып 30-майын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Эл аралык музей күнүнө карата окуучуларды жана студенттерди, Бишкек шаарынын жашоочуларын жана конокторун, ошондой эле коллекциялык нумизматтикалык баалуулуктарга кызыккан адамдарды 2025-жылдын 16-майында Улуттук банктын музейинде өтө турган ачык эшик күнүнө чакырат.
Музейге келген адамдар улуттук валютанын өнүгүү тарыхы жана банкнотторду даярдоо баскычтары тууралуу маалымат алып, Улуу Жибек жолу доорунан тартып Кыргызстандын аймагында табылган кайталангыс байыркы монеталар экспозициясын көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Ошондой эле, музейде Улуттук банк тарабынан 1995-2025-жылдары чыгарылган коллекциялык монеталардын жана чет өлкө акча белгилеринин үлгүлөрүнүн экспозициялары жайгаштырылган.
Экскурсия саат 09.00дөн 17.00гө чейин өтөт.
Кирүү акысыз. Экскурсияга келүүчүлөрдүн жанында инсандыгын тастыктаган документ (паспорт, студенттик билет, айдоочунун күбөлүгү) болууга тийиш.
Экскурсияга төмөнкү телефондор аркылуу: 0 (312) 66-90-08; 0 (312) 61-24-14 же mail@nbkr.kg электрондук дарек аркылуу алдын ала жазылса болот.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн:
- Бишкек шаары, Бейшеналиева көчөсү, 33-үй, 20-квартира дареги боюнча жайгашкан «АРУУ-ДАМИР» ЖЧК алмашуу бюросунун 2022-жылдын 14-ноябрындагы № 6399 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 13-майынан тартып 15-майын кошо алгандагы мезгил аралыгына;
- Бишкек шаары, Киев көчөсү, 112 дареги боюнча жайгашкан «БНС» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 6286 лицензиясынын аракети
2025-жылдын 13-майынан тартып 17-майын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «ЭкоИсламикБанк» жабык акционердик коому тарабынан «ЭкоИсламикБанк» ЖАКтын директорлор кеңешинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Шермухамедов Нурбек Азизовичтин талапкерлигине 2025-жылдын 13-майында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «ЭкоИсламикБанк» жабык акционердик коому тарабынан «ЭкоИсламикБанк» ЖАКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү/ тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Шаршенов Тимурлан Темирбековичтин талапкерлигине 2025-жылдын 13-майында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «ЭкоИсламикБанк» жабык акционердик коому тарабынан «ЭкоИсламикБанк» ЖАКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү/аудит боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимовичтин талапкерлигине 2025-жылдын 13-майында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «ФИНКА Банкы» жабык акционердик коому тарабынан «ФИНКА Банкы» ЖАКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү/тобокелдиктерди тескөө комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Шамшиева Гульнара Жаманкуловнанын талапкерлигине 2025-жылдын 13-майында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан төлөм уюмуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн бир төлөм уюмуна 110 000 сом (ар бири 55 000 сомдон) өлчөмүндө эки айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2025-жылдын 30-апрелинде төмөнкү токтомдорду кабыл алды:
- № 2025П14/20-1(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө»;
- № 2025П14/20-2(ПС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө».
Токтомдордун электрондук версиялары Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
2025-жылы 12-майда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Кыргыз Республикасынын банк кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул кесиптик майрам финансы тармагында иштеген кызматкерлерди бириктирген жакшы жөрөлгөгө айланган.
Иш-чаранын алкагында жогорку кесипкөйлүк жана жоопкерчилик менен иштеп, банк системасынын өнүгүшүнө салым кошкон мыкты кызматкерлер сыйланды.
Банктын жетекчилиги ак ниет эмгеги үчүн жалпы эмгек жамаатына ыраазычылык билдирип, өлкөнүн жана экономиканын туруктуулугун камсыз кылууда банк системасы тармагында аткарылып жаткан миссиянын маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. Бул токтом долбоору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына (2025-жылдын 27-январындагы № 28 «Маалымат алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жана 2025-жылдын 27-январындагы № 29 «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу») ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.
Сектор токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2025-жылдын 23-майындан кечиктирбестен malmanbetova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын 29-апрелинде «Евразиялык Сактык Банкы» ачык акционердик коому тарабынан «Евразиялык Сактык Банкы» ачык акционердик коомунун ички аудит кызматынын жетекчиси кызмат ордуна сунушталган Шалтагулов Нурлан Каныбековичтин талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаары, Москва көчөсү, 164/7 дареги боюнча жайгашкан «Сэнсон Гранд» ЖЧК алмашуу бюросунун 2023-жылдын 3-ноябрындагы № 6622 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 1-майынан тартып 5-майын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.
Улуттук банк алдамчылардан сак болууга чакырат
Жаңы технологияларды колдонуп, Улуттук банктын кызмат адамдарынын ачык маалымат булактарынан алынган сүрөттөрүн пайдаланып, башка телефон номерлери аркылуу үнүн жасап байланышка чыккан алдамчылык аракеттери көбөйгөндүгүнө байланыштуу Улуттук банк төмөнкүлөрдү билдирет:
1. Улуттук банк жарандарга телефон чалып кайрылбайт, кызматтык күбөлүктөрүн мессенджерлер аркылуу жөнөтпөйт.
2. Улуттук банк акча каражатын кайтаруу боюнча көмөк көрсөтүү кызматтарын сунуш кылбайт, кылмыш-жаза иштерине байланыштуу маселелер боюнча кызматтарды көрсөтпөйт.
3. Улуттук банк жарандарга эсеп ачпайт, жеке жактарды тейлебейт жана калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзбөйт.
Алдамчылар ар кандай шылтоо (кредит тариздөө, кылмыш-жаза ишинин козголушу, чет өлкөдөн акча которууларга комиссиянын алынышы, акчаны кайтаруу жана ушул сыяктуу башка маселелер) менен бир гана максатты – башка адамдын акчасына ээ болуу максатын көздөйт.
Калкты алдоо амалдары тынымсыз жаңыланууда, ошол себептен алдамчылардын курмандыгы болуп калбаш үчүн коопсуздук эрежелерин сактоо, сак болуу зарыл.
Улуттук банк шектүү, текшерилбеген шилтемелерге кирбөө, чоочундарга акча которбоо зарылдыгын эскертет, ошондой эле өзүн кызматкер катары тааныштырган бейтааныш адамдын маалыматын айтылган уюмдун расмий байланыш булактарынан эринбей атайын текшерип алууга чакырат.
Кошумча маалыматтар менен Улуттук банктын төмөнкү расмий коомдук байланыш каналына кайрылууга болот:
Улуттук банктын коомдук кабылдамасы: (312) 61-04-86; (312) 66-90-15 (кошумча номерлери 1257, 1256) WhatsApp номери: 0501 890 000
Электрондук почта: mail@nbkr.kg
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы эки алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн бир коммерциялык банкка 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок Араван районунун аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын үч жаранынын (М.З.М., М.Д.Р., Н.М.А.) ар бирине 17500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн бир төлөм уюмуна 110 000 сом (ар бири 55 000 сом) өлчөмүндө эки айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитети 2025-жылдын 25-апрелинде «М Булак» микрокредиттик компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун атайын жөнгө салуу режиминин алкагында төмөнкү банктык операциялар боюнча лицензиясынын аракетин 2025-жылдын 1-майынан тартып токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды:
- нак эмес түрдө кредиттерди берүү үчүн «Элкарт» улуттук төлөм системасынын алдын ала чектелген функционалы менен кредиттик карталарды чыгаруу;
- «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарынын, Visa жана MasterCard эл аралык төлөм системаларынын карталарынын «М Булак» МКК» ЖЧКнын
POS-терминалдары/QR-коддору аркылуу эквайринги, анын ичинде товарлар, иштер жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө максатында соода-тейлөө ишканалары менен
POS-терминалдарды орнотуу/QR-коддорду колдонуу жана төлөм каражаты катары «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарын, Visa жана MasterCard эл аралык төлөм системаларынын карталарын, Кыргыз Республикасынын локалдык электрондук акчасын кабыл алуу боюнча келишимдерди түзүү, ошондой эле коммерциялык банктар жана/же электрондук акча менен эсептешүү системаларынын операторлору менен түзүлгөн келишимдердин алкагында соода-тейлөө ишканалары/акцептанттар менен эсептешүүлөрдү камсыз кылуу.
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын 24-аперлинде «Демир Кыргыз Эл Аралык Банкы» жабык акционердик коому тарабынан «Демир Кыргыз Эл Аралык Банкы» жабык акционердик коомунун башкы бухгалтери кызмат ордуна сунушталган Аширбаев Тилек Марсовичтин талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын 24-апрелинде «ЭкоИсламикБанк» жабык акционердик коому тарабынан «ЭкоИсламикБанк» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү/директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары кызмат ордуна Тюменбаев Баккельди Рахимовичтин талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын 24-апрелинде «Мбанк» ачык акционердик коому тарабынан «Мбанк» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү/Аудит боюнча комитеттин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Оморкулов Азизбек Пазылбаевичтин талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
эсептик ченди 9,00 пайыз деңгээлинде калтырды
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2025-жылдын 28-апрелинде эсептик ченди (негизги ченди) 9,00 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим 2025-жылдын 29-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасында керектөө жана инвестициялык суроо-талаптын кеңейишинен улам жогорку экономикалык жигердүүлүк сакталууда. 2025-жылдын январь-март айларында ИДӨнүн реалдуу өсүшү (2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда) 13,1 пайызды түздү. Экономиканын өсүшүнө кыйла көп салымды кызмат көрсөтүү, курулуш жана өнөр жай сектору кошкон.
Кыргыз Республикасында баа динамикасы орточо чекте сакталып турат. 2025-жылдын башынан тартып, керектөө бааларынын өсүшү 1,96 пайызды түзгөн, ошол эле учурда жылдык инфляциянын көрсөткүчү 6,9 пайыз деңгээлинде түптөлгөн (2025-жылдын апрель айы/2024-жылдын апрель айына карата), бул инфляция боюнча орто мөөнөттүү максаттуу көрсөткүч – 5-7 пайыз чегинде сакталууда. Инфляциянын товардык түзүмүндө баа динамикасы боюнча олуттуу өзгөрүү болгон жок, ошол эле учурда азык-түлүктөн башка компонентте жана кызмат көрсөтүүлөрдө баалардын өсүш арымынын басаӊдашы уланган.
Ошону менен бирге, тышкы экономикалык чөйрө соода чектөөлөр киргизилгендигине байланыштуу жаңы чакырыктардын натыйжасында геосаясат мүнөзүндөгү факторлордун жана дүйнөлүк сооданын фрагментациясынын күчөгөндүгүн көрсөтүүдө. Мындан улам көпчүлүк өлкөлөрдүн монетардык жөнгө салуучулары үчүн жогорку белгисиздикти жаратууну улантуу менен дүйнөлүк товардык-чийки зат жана финансы рыноктору жогорку өзгөрмөлүү бойдон калууда. Кыргыз Республикасына соода боюнча өнөктөш айрым өлкөлөрдө инфляциялык процесстер салыштырмалуу түрдө жогорку деңгээлде түптөлүшү уланып жатат.
Улуттук банктын жүргүзүп жаткан акча-кредит саясаты өлкөдө баа туруктуулугун 2025-жылдын акырына карата 5-7 пайыз чегинде камсыз кылууга багытталган. Банктар аралык акча жана валюта рыногунда жагдай туруктуу. Коммерциялык банктарда үстөк ликвиддүүлүк сакталууда, анын деңгээли экономикада акча сунушунун теӊ салмактуу көлөмүн камсыз кылуу максатында Улуттук банктын монетардык инструменттери менен активдүү жөнгө салынып турат. Өлкөнүн банк системасы экономиканын реалдуу секторун кредиттөөнү улантып жатат, ошол эле учурда өзүнүн ресурстук базасын жигердүү көбөйтүүдө.
Дүйнөлүк азык-түлүк жана чийки зат рынокторунда баалардын өзгөрүлмөлүү болушун, өлкөнүн тариф саясатын план боюнча кайра карап чыгуу күтүлүп жаткандыгын жана өсүп жаткан ички суроо-талапты эске алып, Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 9,00 пайыз деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Кабыл алынган чечим өлкөдө баа туруктуулугун сактоого, макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган Улуттук банктын жүргүзүп жаткан акча-кредит саясатынын багытына туура келет.
Улуттук банк акча-кредит саясатын жүргүзүүдө теӊ салмактуу ыкмага таянат жана инфляциянын түптөлгөн тышкы жана ички факторлорун баалоону улантат. Баа туруктуулугуна таасир берген кайсы бир тобокелдиктер жаралган учурда, Улуттук банк жүргүзүп жаткан монетардык саясатка түзөтүү киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.
Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки пландуу отуруму 2025-жылдын 26-майында өтөт.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы М.Ж. Тургунбаев
Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун
Жазгы жыйынына катышты
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы М.Ж. Тургунбаев 2025-жылдын 21-апрелинен тартып 25-апрель күндөрү АКШнын Вашингтон шаарында өткөн Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун Жазгы жыйынына катышты.
ЭВФтин жана Дүйнөлүк банк тобунун Жазгы жыйынынын аянтында Улуттук банктын делегациясынын ЭВФтин, чет өлкө банктарынын жана финансы институттарынын өкүлдөрү менен өз ара кызматташуу, анын ичинде монетардык саясат жана финансылык туруктуулукту камсыз кылуу маселелери боюнча эки тараптуу жолугушуулары болуп өттү.
Улуттук банктын төрагасы М.Ж. Тургунбаев ошондой эле Жакынкы Чыгыш, Кавказ жана Борбордук Азия региондорунун борбордук банктарынын башкаруучулары үчүн ЭВФ тарабынан уюштурулган бир катар иш-чараларга, Кыргыз Республикасы курамына кирген ЭВФтин швейцариялык добуш берген тобунун отурумуна катышты. Бул жолугушууларда дүйнөлүк экономикада уланып жаткан жана жаңы болуп жаткан чакырыктар, ЭВФке мүчө мамлекеттердин экономикалык саясатындагы артыкчылыктуу чаралары талкууланды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
МААЛЫМАТТЫК БИЛДИРҮҮСҮ
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоонун урматына 2025-жылдын 28-апрелинен тартып «Тарыхый окуялар» сериясындагы «Улуу Жеңишке - 80 жыл» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат.
Ондогон жылдар бою Улуу Жеңиш күнү – 9-май баарыбыз үчүн биримдиктин, курман болгондорду эскерүүнүн жана согуш менен ооруктун ардагерлеринин күжүрмөндүгүнө ыраазычылык билдирүүнүн күнү болуп эсептелет. Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн 150 миңден ашуун кыргызстандык орден жана медалдар менен сыйланган. 74 адамга Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылcа, 34 адам Даңк орденинин үч даражасынын ээси болуп, 8 миңден ашуун ардагер Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Президиумунун Ардак грамоталары менен сыйланган.
Согушта курман болгондорго жана аман калгандарга терең урмат-сый унутта калбашы керек.
«Улуу Жеңишке - 80 жыл» монетасынын алдыңкы бетинде майрамдык салют түрүндө стилдештирилген «80» деген сан берилген. Монетанын жогору жагында жылдыз, төмөн жагында согушта курман болгондорду кайгыруу менен эскерүүнү жана сый-урматты чагылдырган, лента байланган кызыл гүлдесте түшүрүлгөн. Монетанын жээгинде тегерете «Улуу Жеңишке - 80 жыл / 80 лет Великой Победе» деген жазуу чагылдырылган.
Монетанын арткы бетинин чок ортосунда тынчтыктын жана эркиндиктин символу болгон канат жайган көгүчкөндөрдүн элеси «2025» жана «1945» деген сандар менен бир берилип, Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетаны тегерете «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы / Национальный банк Кыргызской Республики» деген жазуу чагылдырылган. Монетанын төмөн жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925), чыгарылган жылы «2025» жана монетанын салмагы (28,28 g) көрсөтүлгөн.
«Улуу Жеңишке - 80 жыл» коллекциялык монетасы Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.
Монетанын өзгөчөлүктөрү
Аталышы |
Улуу Жеңишке - 80 жыл |
Номиналы |
10 сом |
Металлы (сапат белгиси) |
Ag 925 |
Диаметри (мм) |
38,61 |
Салмагы (г) |
28,28 |
Сапаты |
Proof |
Нускасы (даана) |
800 |
Ар бир коллекциялык монета акрил капсулага салынып, сапат сертификаты менен бирге өзүнчө кутучага жайгаштырылган.
Коллекциялык монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 5 200 сом баасында иш күндөрү саат 9.00дөн 14.00гө чейин, ошондой эле нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча www.numizmat.nbkr.kg веб-сайты аркылуу сатылат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгы 2025-жылдын 24-апрелинде Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын кызматкерлери жана айыл аймагынын жашоочулары үчүн планга ылайык финансылык сабаттуулук боюнча көчмө лекция өткөрдү.
Лекцияда Улуттук банктын аткарган ролу жана функциялары, улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана анын коргоо белгилери, ошондой эле кредиттердин жана аманаттардын түрлөрү тууралуу айтылып, финансылык коопсуздук жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, акча каражаттарын сарамжалдуу колдонуу, каражат топтоо, финансылык пландаштыруу, финансылык максаттарды коюу, үй-бүлөлүк жана жеке бюджеттерди түзүү темалары талкууланды.
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн эки төлөм уюмунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын кызматкерлери 2025-жылдын 24-апрелинде Жалал-Абад шаарында жайгашкан «Билимкана-Жалалабад» жеке мектебинин жогорку класстарынын окуучуларына план боюнча көчмө лекция өткөрүштү.
Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иши, улуттук валюта – сомдун өнүгүү жолу жана улуттук валюта банкнотторунун негизги коргоо элементтери, ошондой эле эскилиги жеткен банкнотторду жарактуу банкнотторго алмаштыруу эрежелери тууралуу айтып беришти.
Мындан тышкары, каражат топтоонун маанилүүлүгү, топтолгон акча каражаттарын сактоонун жана көбөйтүүнүн ар кандай жолдору жөнүндө маалымат берилген.
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн бир коммерциялык банкка 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы эки алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн:
- Бишкек шаары, Киев көчөсү, 49-үй, №7 кеңсе дареги боюнча жайгашкан «Достук Ордо» ЖЧК алмашуу бюросунун 2024-жылдын 24-декабрындагы № 7010 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 23-апрелинен тартып 29-апрелин кошо алгандагы мезгил аралыгына;
- Бишкек шаары, Киев көчөсү, 49-үй дареги боюнча жайгашкан «Кейджи 098» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 16-августундагы №6341 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 23-апрелинен тартып 7-майын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.
«Копилка-777» кредиттик союздун катышуучулары тарабынан 2025-жылдын 16-апрелинде лицензияны өз ыктыяры менен кайтаруу жөнүндө чечим кабыл алынгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ысык-Көл областтык башкармалыгы тарабынан «Копилка-777» кредиттик союзунун өз катышуучуларынын сактык пайларын сатып алуу аркылуу алардан акча каражаттарын тартуу, кредиттик союздун катышуучуларына мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана төлөөгө жөндөмдүүлүк шарттарында кредиттерди берүү укугуна 1998-жылдын 25-августунда берилген № 56 лицензиясы 2025-жылдын 21-апрелинен тартып жокко чыгарылды.
Юридикалык дареги: Ысык-Көл областы, Балыкчы ш., Ж. Абдрахманов көч., 217/92.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети:
- Бишкек шаары, Киев көчөсү, 135-үй, 8-квартира дареги боюнча жайгашкан «Диамонд» ЖЧК алмашуу бюросунун 2024-жылдын 26-июлундагы № 6888 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 18-апрелинен тартып 22-апрелин кошо алгандагы мезгил аралыгына;
- Бишкек шаары, Киев көчөсү, 129-үй дареги боюнча жайгашкан «Батиста» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 12-июлундагы №6322 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 18-апрелинен тартып 27-апрелин кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын 17-апрелинде «БАКАЙ БАНК» ачык акционердик коому тарабынан «БАКАЙ БАНК» ААКтын шариат кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Габбасов Ринат Рашитовичтин талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды;
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын 17-апрелинде «БАКАЙ БАНК» ачык акционердик коому тарабынан «БАКАЙ БАНК» ААКтын шариат кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Ракиев Замир Шейшенбековичтин талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.
2025-жылдын 16-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Бишкек шаарынын мэриясынын көмөгү менен «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинар өткөрдү.
Иш-чаранын алкагында катышуучулар финансылык сабаттуулук деген эмне экендигин билип, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча мамлекеттик программалар жөнүндө маалымат алышты.
Практикалык бөлүгүндө катышуучулар менен жеке бюджетти жүргүзүү, каражат топтоолорду түзүү, карыз алуу зарылчылыгы, инвестициялоо куралдары, финансылык коопсуздук чаралары маселелери талкууланып, финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча электрондук ресурстар жөнүндө маалымат берилди.
Иш-чара активдүү талкуу формасында өтүп, анын жүрүшүндө катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп ала алышты.
Семинарга 50гө жакын адам катышты.
2025-жылдын 15-апрелинде АКШнын Финансы министрлигинин Чет өлкө активдерин контролдоо башкармалыгы (OFAC) тарабынан АКШнын санкциялык талаптарын сактоо маселелери боюнча онлайн-окутуу болуп өттү.
Окутуу иш-чарасынын жүрүшүндө АКШнын санкциялык саясаты, анын ичинде санкциялык тобокелдиктерди төмөндөтүү чаралары, санкциялык операцияларды текшерүү жана аларга мониторинг жүргүзүү, санкция белгиленген банктар жана жактар менен кызматташуу тобокелдиктери жөнүндө кеңири түшүндүрмөлөр берилди.
Окутуу иш-чарасында 100гө жакын адам, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесинин, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматкерлери жана дээрлик бардык коммерциялык банктардын комплаенс жана контролдоо кызматтарынын жетекчилери катышты.
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Мбанк» ачык акционердик коому тарабынан «Мбанк» ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Тумонбаев Бактыбек Асаналиевичтин талапкерлигине 2025-жылдын 15-апрелинде макулдук берүү чечимин кабыл алды.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Мбанк» ачык акционердик коому тарабынан «Мбанк» ААКтын директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары кызмат ордуна сунушталган Кыргызбаева Асель Жекшенбековнанын талапкерлигине 2025-жылдын 15-апрелинде макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 2025-жылдын 16-апрелинен тартып 30-апрелин кошо алгандагы мезгил аралыгына төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду:
- Бишкек шаары, Чокморов көчөсү, 154, 2-кабат, 205-кабинет дареги боюнча жайгашкан «Кайрат кэш» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 16-августундагы № 6914 лицензиясы;
- Бишкек шаары, Кожевенная көчөсү 1, Чымкент унаа токтотмосу, 9 г соода оруну дареги боюнча жайгашкан «Сардар лтд» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 11-декабрындагы № 6660 лицензиясы.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Талас областтык башкармалыгынын өкүлдөрү, 2025-жылдын 15-апрелинде Глобалдуу акча жумалыгы – 2025 иш-чарасынын алкагында, Талас областынын Манас районунун Арал айылынын А.Усенбаев атындагы орто мектебинин жогорку класстарынын окуучуларына көчмө лекция өткөрдү.
Лекцияда улуттук валютабыз – кыргыз сомунун калыптануу тарыхы, финансылык пландаштыруунун жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуунун зарылдыгы жана мааниси, ошондой эле QR-код колдонуу аркылуу төлөмдөрдү жана акча которууларды өнүктүрүү, телефон чалуу аркылуу алдаган шылуундардан сак болуу чаралары жөнүндө маалымат берилди.
2025-жылдын 11-15-апрель күндөрү Глобалдуу акча жумалыгы–2025 иш-чарасынын алкагында, «Акылың болсо башында, акчаң болот капчыкта» деген ураан менен Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгынын нумизматикалык музейинде Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинин стартап-долбоорлорунун студенттерине, «Ага Хан Мектеби» окуучуларына жана «Новатор» жеке менчик мектеп окуучуларына ачык эшик күндөрү уюштурулуп, улуттук валютанын өнүгүү этаптары, коргоо белгилери жана каражат топтоо жөнүндө лекция окулду жана студенттер менен окуучуларга нумизматикалык экспонаттар көрсөтүлдү.
Мындан тышкары, Ош мамлекеттик университетине караштуу STEM инновациялык колледжинин студенттерине, Кара-Суу районунун Папан айылынын Э.Алыкулов атындагы № 91 жана М.Заиров атындагы № 88 орто мектептеринин окуучуларына улуттук валютанын өнүгүү этаптары, улуттук валютанын коргоо белгилери, кредит, аманат, каражат топтоо темалары, ошондой эле жаштардын финансылык алдамчылыкка тартылышын алдын алуу боюнча атайын көчмө лекция өттү.
Катышуучулардын жалпы саны 300 адамдан ашты.
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн бир коммерциялык банкка 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын кызматкерлери, Глобалдуу акча жумалыгы – 2025 иш-чарасынын алкагында, 2025-жылдын 8-15-апрель күндөрү Жалал-Абад шаарынын С. Давлетов атындагы № 14 инновациялык мектеп-лицейинин, Курманбек Баатыр атындагы кыргыз-түрк лицейинин жогорку класстарынын окуучуларына жана К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин 1 жана 2-курстагы студенттерине көчмө лекцияларды өткөрүштү.
Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү жеке акчаны башкаруу, үй-бүлө кирешелеринин жана чыгашаларынын түзүмү, финансылык тобокелдиктерди башкаруу, максаттарды туура коюу жана каражат топтоонун артыкчылыктары тууралуу айтып беришти.
2025-жылдын 15-апрелинде Улуттук банкта Эл аралык Кувейт университетинин «Экономика» багыты боюнча студенттери үчүн «Улуттук банктын аткарган ролу жана функциялары» темасында семинар болуп өттү.
Семинардын жүрүшүндө студенттерге Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ролу жана функциялары тууралуу маалымат, анын ичинде акча-кредит саясатын жүргүзүү, банк ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптеринин негиздери боюнча маалымат берилди.
Семинардын аягында студенттер Улуттук банктын нумизматикалык музейин көрүп чыгышты.
Глобалдуу акча жумалыгы–2025 иш-чарасынын алкагында, 2025-жылдын 8-апрелинен тартып 14-апрель күндөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Нарын областтык башкармалыгынын өкүлдөрү Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунун медициналык мекемелеринин кызматкерлери үчүн, Нарын районунун Жерге-Тал айылындагы А.Таабалдиев атындагы, Орто-Нура айылындагы Б.Бекжанов атындагы жана Дөбөлү айылындагы Ө.Токтосунов атындагы орто мектептеринин окуучулары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча лекция өткөрдү.
Лекция учурунда медициналык кызматкерлер менен окуучуларга акча каражаттарын үнөмдөө, көбөйтүү жолдору, финансылык коопсуздук тууралуу жана улуттук валютанын өнүгүү этаптары тууралуу маалыматтар берилди.
Глобалдуу акча жумалыгы– 2025 иш-чараларынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ысык-Көл областтык башкармалыгы 2025-жылдын 8-11-апрель күндөрү Каракол шаарындагы жогорку класстын окуучулары үчүн финансылык сабаттуулук, улуттук валюта – кыргыз сомунун калыптануу тарыхы, QR-коддордун улуттук стандарттары жана эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөө эрежелери жана финансылык шылуундар боюнча лекция өткөрдү.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган нумизматикалык баалуулуктар боюнча көргөзмө уюштурулду.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаары, Манас проспекти, 57-үй, 2-квартира дареги боюнча жайгашкан «Урматбек» ЖЧК алмашуу бюросунун 2023-жылдын 17-ноябрындагы № 6635 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 15-апрелинен тартып 21-апрелин кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Айыл Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Айыл Банк» ААКтын бухгалтердик эсеп башкармалыгынын начальниги – башкы бухгалтердин орун басары кызмат ордуна сунушталган Маматбекова Канайым Нурбековнанын талапкерлигине 2025-жылдын 11-апрелинде макулдук берүү чечимин кабыл алды.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Борбордук Азиялык Капитал Банкы» ачык акционердик коому тарабынан «Борбордук Азиялык Капитал Банкы» ачык акционердик коомунун бухгалтердик эсеп жана отчёттуулук башкармалыгынын башкы бухгалтеринин орун басары кызмат ордуна сунушталган Капарова Арчагул Эсенгельдыевнанын талапкерлигине 2025-жылдын 11-апрелинде макулдук берүү чечимин кабыл алды.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «ФИНКА Банкы» жабык акционердик коому тарабынан «ФИНКА Банкы» ЖАКтын башкы бухгалтери кызмат ордуна сунушталган Абдыжапарова Асель Анарбековнанын талапкерлигине 2025-жылдын 11-апрелинде макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок Жалал-Абад шаарынын аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын жаранына (М.Т.М.) 17500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, Глобалдуу акча жумалыгы – 2025 иш-чарасынын алкагында, 2025-жылдын 8-11-апрель күндөрү Баткен шаарынын В.И. Ленин, С.Айтматов, А. Имаров-Кызыл Топу атындагы орто мектептеринин жогорку класстарынын окуучуларына жана Баткен мамлекеттик университетинин студенттерине көчмө лекцияларды өткөрдү.
Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү катышуучуларга акча каражаттарын туура колдонуу жана сарптоо, финансыны пландаштыруу, финансылык максат коюу, үй-бүлөлүк жана жеке бюджетти түзүү, финансыларды мүмкүн болуучу тобокелдиктерден коргоо тууралуу маалымат беришип, ар кандай финансылык маселелер боюнча түзүлгөн кырдаалдарды талдап чыгышты.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында QR-кодду колдонууну өнүктүрүү боюнча иш-чаралар, QR-коддордун улуттук стандарттары жана эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөө эрежелери, ошондой эле шылуундардан сак болуу чаралары жөнүндө маалымат берилди.
2025-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасындагы Улуу Британиянын Элчилигинин көмөктөшүүсү менен Fieldfisher британиялык юридикалык фирмасы тарабынан Улуу Британиянын санкциялары боюнча окутуучу вебинар болуп өттү.
Вебинарда Улуу Британиянын финансы, соода, транспорт жана туризм чараларын камтыган санкциялары, ошондой эле Улуу Британиянын санкциялар боюнча мыйзамдарындагы акыркы өзгөрүүлөр, анын ичинде чет өлкөлүк финансы институттарына санкция салуу боюнча ыйгарым укуктарды кеңейтүү жөнүндө маалымат берилди.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын кызматкерлери катышты.
Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгынын кызматкерлери «Глобалдуу акча жумалыгы – 2025» иш-чарасынын алкагында 2025-жылдын 8-10-апрель күндөрү «Акылың болсо башында, акчаң болот капчыкта» деген ураан менен атайын көчмө лекцияларды өткөрдү.
Көчмө лекцияларга Өзгөн районуна караштуу С. Эшматов атындагы №38 орто мектептин окуучулары, Өзгөн шаарындагы Б. Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун студенттери, Ноокат районундагы «Ноокат билимканасы» лицей-интернатынын жана Ноокат шаарындагы М. Гапаров атындагы окуу-тарбия комплексинин окуучулары, Алай районунун «Тилектеш» айыл аймагынын жашоочулары жана Алай районунун №1 М. Адышов атындагы орто мектебинин окуучулары катышышты.
Лекциянын жүрүшүндө улуттук валютанын өнүгүү этаптары, улуттук валютанын коргоо белгилери, кредит, депозит, каражат топтоо, ошондой эле жаштардын финансылык алдамчылыкка тартылуусун алдын алуу жөнүндө маалымат берилди. Көчмө лекцияларга 500гө жакын адам катышты. Тышкы көзөмөлдүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Жалал-Абад областы, Сузак району, Бек-Абад айылы, М. Сыдыков көчөсү, № 3 (болжол: «Бек-Абад Автожол» контролдоо-өткөрүү пунктунун жанында) дареги боюнча жайгашкан «Салахидин Валюта» ЖЧК алмашуу бюросунун 2023жылдын 16ноябрындагы № 6633 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 12-апрелинен тартып 21апрелин кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн бир коммерциялык банкка 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Талас областтык башкармалыгынын өкүлдөрү, 2025-жылдын 9-10-апрелинде Глобалдуу акча жумалыгы – 2025 иш-чарасынын алкагында, Талас областынын Айтматов районунун Бакайыр айылынын М.Чалданбаев атындагы орто мектебинин жана Бакай-Ата районунун Үрмарал айылынын Үрмарал орто мектебинин жогорку класстарынын окуучуларына көчмө лекцияларды өткөрдү. Лекцияда улуттук валютабыз – кыргыз сомунун калыптануу тарыхы, финансылык пландаштыруунун жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуунун зарылдыгы жана мааниси, ошондой эле QR-код колдонуу аркылуу төлөмдөрдү жана акча которууларды өнүктүрүү, телефон чалуу аркылуу алдаган шылуундардан сак болуу чаралары жөнүндө маалымат берилди. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы үч алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Талас областтык башкармалыгынын өкүлдөрү, 2025-жылдын 8-апрелинде Глобалдуу акча жумалыгы иш-чарасынын алкагында, Талас областынын Талас районунун Кызыл-Туу айылынын Б. Эшмамбет уулу атындагы орто мектебинин жогорку класстарынын окуучуларына көчмө лекция өткөрдү. Лекцияда улуттук валютабыз – кыргыз сомунун калыптануу тарыхы, финансылык пландаштыруунун жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуунун зарылдыгы жана мааниси, ошондой эле QR-код колдонуу аркылуу төлөмдөрдү жана акча которууларды өнүктүрүү, телефон чалуу аркылуу алдаган шылуундардан сак болуу чаралары жөнүндө маалымат берилди. Глобалдуу акча жумалыгы – 2025 финансылык жармаңкеден башталды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын 8-апрелинде глобалдуу акча жумалыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде финансылык жармаңке өткөрдү, ага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин, Кыргызстан Банктар Союзунун, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун, коммерциялык банктардын, микрофинансылык жана башка уюмдардын өкүлдөрү катышты. Финансылык жармаңкенин жүрүшүндө катышуучуларга – ЖОЖдордун окутуучуларына жана студенттерине, жаштарга, орто мектептердин окуучуларына, Бишкек шаарынын тургундарына жана конокторуна «Финансылык сабаттуулук: бул эмне жана ал эмне үчүн керек?», «Жаштардын каржылык алдамчылыкка аралашуусунун алдын алуу», «Финансылык коопсуздук», «Камсыздандыруу финансылык тобокелдиктерди азайтууга кандайча жардам берет?», «Социалдык шайкештик жана финансылык коопсуздук» деген презентациялар өткөрүлдү. Финансылык жармаңкеге катышкан коммерциялык банктар жана финансылык уюмдар тарабынан катышуучуларга базалык банктык кызмат көрсөтүүлөр: банктык эсептерди, коммерциялык банктардын төлөм карталарын ачуу боюнча маалыматтар, ошондой эле пайда болгон маселелер боюнча консультациялар берилди. Мындан тышкары, интерактивдүү оюндар, сынактар жана викториналар өткөрүлдү. Жармаңкенин активдүү катышуучулары, ошондой эле сынактардын жана викториналардын жеңүүчүлөрү атайын сыйлыктар менен сыйланды. Финансылык жармаңкеге 600гө жакын адам катышты. Глобалдуу акча жумалыгы – 2025 Кыргызстанда 2025-жылдын 8-апрелинен тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулук боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдуу акча жумалыгы кампаниясы «Акылың болсо башында, акчаң болот капчыкта» деген ураан менен башталат, анын актуалдуулугу жаштарга финансылык инструменттер жөнүндө ишенимдүү маалыматтарды издөөдө жана маалымат мейкиндигинде болууга жардам берүү зарылдыгы менен шартталган. 8-апрелден 15-апрелге чейинки глобалдуу акча жумалыгынын алкагында өлкөнүн бардык аймактарында мамлекеттик органдар, коммерциялык банктар, камсыздандыруу компанияларынын өкүлдөрү жана билим берүү мекемелери менен биргеликте ар кандай иш-чаралар: ачык сабактар жана окутуучу семинарлар/лекциялар, коммерциялык банктарда ачык эшиктер күндөрү жана экскурсиялар, интерактивдүү оюндар/сынактар жана викториналар өткөрүлөт. Иш-чаралардын жүрүшүндө финансылык коопсуздук, акчаны башкаруу көндүмдөрүн өнүктүрүү жана туура финансылык чечим кабыл алуу боюнча маалыматтар берилет. Глобалдуу акча жумалыгынын алкагында өткөрүлүүчү иш-чаралар планы Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында жана www.finsabat.kg сайтында жайгаштырылган: https://www.finsabat.kg/ky/news/528. Маалымат үчүн: Глобалдуу акча жумалыгы (англис тилинде Global Money Week (GMW)) – 2012-жылдан тартып дүйнөнүн 176 өлкөсүндө жыл сайын өткөрүлүүчү кеңири масштабдуу кампания. Кампаниянын максаты – балдар жана жаштар келечектеги финансылык жыргалчылыгына жана туруктуулугуна өбөлгө түзүүчү акыл ченемдүү финансылык чечимдерди кабыл алуусу үчүн, аларга акча маселелери жөнүндө маалымат берүү жана сапаттуу финансылык билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу. Кыргызстанда глобалдуу акча жумалыгы 2015-жылдан бери өткөрүлүп келет, кампанияны өткөрүүнүн координатору катары Улуттук банк иш алып барат. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн эки коммерциялык банктын ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 2025-жылдын 1-апрелинен тартып төмөнкү алмашуу бюролорунун нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиялары кайтарылып алынды: - Бишкек шаары, 7-кичи району, 37/2-үй, «Сеул Плаза» соода борбору, 01-бутиги дареги боюнча жайгашкан «Азия Трэвэл» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 4-ноябрындагы №6394 лицензиясы; - Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 144 а дареги боюнча жайгашкан «Джал иксчейнжь» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 23-августундагы №6344 лицензиясы; - Чүй областы, Аламүдүн району, Аламүдүн айылы, Алма-Ата көчөсү, 355 а дареги боюнча жайгашкан «Кайрат финанс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 11-мартындагы №6483 лицензиясы; - Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү, 98 дареги боюнча жайгашкан «Прайм.Ко» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 19-февралындагы №6716 лицензиясы; - Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 135 дареги боюнча жайгашкан «САРОФИ-БИШКЕК» алмаштыруу бюросу» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 23-сентябрындагы №6938 лицензиясы; - Бишкек шаары, 8-кичи району, 31а-үйү, 52-батир дареги боюнча жайгашкан «Свап-Мани» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 8-августундагы №6903 лицензиясы. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан төлөм уюмуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. «Биринчи кредиттик бюро» жоопкерчилиги чектелген коомунун (мындан ары – Компания) уюштуруучулары 2025-жылдын 10-мартында өзүн жоюу тууралуу чечим кабыл алгандыгына байланыштуу Компаниянын кредиттик бюро ишин жүзөгө ашырууга 2024-жылдын 19-июлундагы №03 лицензиясы 2025-жылдын 28-мартынан тартып жокко чыгарылды. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаары, Жибек Жолу проспекти, 122/1 дареги боюнча жайгашкан «Агым мани» ЖЧК алмашуу бюросунун 2024-жылдын 16-январындагы № 6688 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 2-апрелинен тартып 11-апрелин кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алуусуз Ош областынын Кара-Суу районунун аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын бир жаранына (М.З.А.) 17500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан бир микрокредиттик компанияга 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 2025-жылдын 28-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында турак жайлардын менчик ээлеринин шериктештиктерин 2026-жылдын 1-январынан тартып накталай эмес эсептешүүгө өткөрүүгө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-августундагы № 182 «Көп батирлүү үйлөрдү башкаруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамынын алкагында турак жайлардын менчик ээлеринин шериктештиктерин банктык тейлөөгө байланыштуу маселелерди талкуу болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д. Бекешев, «Кыргызстан банктарынын бирикмеси» юридикалык жактардын бирикмеси, коммерциялык банктар, ошондой эле турак жайлардын менчик ээлеринин шериктештиктеринин бир нече ассоциациясы катышты. Жолугушууда банктык эсептерди ачуу, турак жайлардын менчик ээлеринин шериктештиктерин эсептик-кассалык тейлөө жана кредит берүү үчүн тарифтер талкууланды. Жолугушуунун катышуучулары өз ара пикир алмашып, натыйжасында «Кыргызстан банктарынын бирикмеси» юридикалык жактардын бирикмеси жана коммерциялык банктар бир айдын ичинде турак жайлардын менчик ээлеринин шериктештиктерин банктык тейлөө боюнча тарифтик саясатты иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу жөнүндө чечим кабыл алышты. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-мартындагы № 2025-П-14/12-5-(ПС) «Тез төлөмдөр функционалдык мүмкүнчүлүктөрү менен төлөм системаларынын интероперабелдүүлүгүн өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө» токтому менен Тез төлөмдөр функционалдык мүмкүнчүлүктөрү менен төлөм системаларынын интероперабелдүүлүгүн өнүктүрүү концепциясы бекитилди. Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтынын «Банк жөнүндө»/ «Банк иши тууралуу мыйзамдар»/ «Улуттук банк Башкармасынын токтомдору» бөлүмүндө жайгаштырылган. Тез төлөмдөр функционалдык мүмкүнчүлүктөрү менен төлөм системаларынын интероперабелдүүлүгүн өнүктүрүү концепциясы Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Банктын милдеттери»/ «Төлөм системасы»/ «Төлөм системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттары» бөлүмүндө жайгаштырылган. 1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок Ош шаарынын аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын бир жаранына (Б.М.Э.) 17500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Ош областынын Ноокат районундагы эки алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Эл аралык валюта фондунун миссиясы Кыргызстанга келди 2025-жылдын 12-мартынан 26-мартына чейин Кыргыз Республикасына ЭВФтин Макулдашуу статьяларынын IV статьясына ылайык консультацияларды өткөрүү үчүн Николоз Гигинеишвили мырза баштаган Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) миссиясы расмий иш сапары менен келип кетти. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы М.Ж. Тургунбаев Кыргыз Республикасынын атынан ЭВФте башкаруучу катары ЭВФтин командасы менен жолугушууларды өткөрдү. Тараптар Улуттук банк тарабынан жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты, өлкөнүн финансы секторунун туруктуулугун камсыздоо маселелерин жана жалпы эле макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу чараларын талкуулашты. Консультациялардын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана башка уюмдардын өкүлдөрү ЭВФтин миссиясы менен жолугушуп, анын жүрүшүндө өлкөдөгү макроэкономикалык абал жана саясат чаралары талкууланды. Талкууда ошондой эле ага Кыргыз Республикасы кирген ЭВФтин Швейцариялык добуш берүү тобунун өкүлү, ЭВФтин Аткаруучу директору Патрик Лошевски мырза да катышты. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында «Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору» / «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому» бөлүгүндө жайгаштырылган. Кызыкдар болгон тараптар токтом долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2025-жылдын 24-апрелине кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, ошондой эле электрондук версиясын (Word форматында) chsulaymanova@nbkr.kg электрондук дарегине жөнөтүүсү зарыл. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ысык-Көл областтык башкармалыгынын кызматкерлери 2025-жылдын 25-март күнү финансылык сабаттуулук программасынын алкагында, Ак-Суу айылындагы Киров атындагы орто мектебинин жогорку класстарынын окуучулары үчүн көчмө лекция өткөрүштү. Лекцияда улуттук валюта – сомдун калыптануу тарыхы, QR-кодду колдонуу менен төлөм жүргүзүү, ошондой эле финансылык алдамчылык тууралуу маалыматтар берилди. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттүү камдар көлөмүнүн минималдуу чектүү деңгээлин аткаруу боюнча талаптарды сактабагандыгы үчүн (базалык мезгил ичинде – 2025-жылдын 24-февралынан 23-марты) бир коммерциялык банкка карата 86 943,2 сом өлчөмүндө айып салынды. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду: - 2025-жылдын 21-мартынан тартып 4-апрелин кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары, Курманжан Датка көчөсү, 288 дареги боюнча жайгашкан «Финанс Кейджи Плюс» ЖЧКнын алмашуу бюросунун 2023-жылдын 10-октябрындагы № 6603 лицензиясы; - 2025-жылдын 21-мартынан тартып 23-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары, Курманжан Датка көчөсү, 274 дареги боюнча жайгашкан «Айгуль ЛТД» ЖЧКнын алмашуу бюросунун 2024-жылдын 16-апрелиндеги № 6782 лицензиясы. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2025-жылдын 19-мартында № 2025-П-12/11-7-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун (мындан ары – токтом) кабыл алды. Токтом «байкоого алынган» кредиттер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын (РППУ) ордун жабууга резерв түзүү боюнча чыгашаларды кыскартуу максатында кабыл алынган. Ошондой эле тобокелдиктерди эске алуу менен РППУну этап менен түзүү үчүн «субстандарттык» кредиттер категориясы кошулган. Мындан тышкары, токтомдо Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобого ыйгарым укуктуу жактарга (банктарга, алмашуу бюролоруна ж.б.) 2025-жылдын 1-майынан тартып 2006-жылга чейин чыгарылган, төлөм каражаты статусун жоготпогон АКШ долларынын банкноттору менен алмашуу операциялары боюнча комиссияларды белгилөөгө укук берүү жагында өзгөртүү киргизүү каралат. Мында комиссиялык сый акынын өлчөмү жогоруда көрсөтүлгөн накталай АКШ долларын алып чыгууга байланышкан чыгымдарды эске алуу менен, негиздүү болууга тийиш. Бул өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын валюта рыногунда жасалма банкноттордун пайда болуу мүмкүнчүлүгү менен байланышкан тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталган. Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/Банктык жөнгө салуу/Банк эмес финансы мекемелер ишин жөнгө салуу» дареги боюнча жайгаштырылат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок Ош шаарынын аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын бир жаранына (У.у.С.) 17500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы үч алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Жалал-Абад областы, Сузак району, Бек-Абад айылы, М. Сыдыков көчөсү, № 3 (№ 10 контейнер) (болжол: «Бек-Абад-Автожол» көзөмөлдөө өткөрүү пункту) дареги боюнча жайгашкан «Заир Валюта» жоопкерчилиги чектелген коомунун алмашуу бюросунун 2024жылдын 9-февралындагы № 6708 лицензиясынын аракети 2025жылдын 15мартынан тартып 29-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаары, Кулиев көчөсү, 3 дареги боюнча жайгашкан «Сымбат плюс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 1-апрелиндеги № 6760 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 18-мартынан тартып 27-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду. 2025-жылдын 14-мартында Улуттук банкта коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкер Улуттук банктын кызматкерлери тарабынан кызматтык милдеттерин аткарууда кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол берилбеши боюнча лекция (тренинг) өткөрдү. Лекциянын жүрүшүндө кызматкерлер кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонуп жаткан мыйзам талаптары менен таанышышты. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. Токтом долбоору ишкердик жана ЧОБ менен алектенген аялдардын ишин каржылоодо, анын ичинде бланктык кредиттерди жөнгө салууну жакшыртуу жана карыз алуучунун кредит төлөө жөндөмдүүлүгүн баалоодо аялдардын ишкердик өзгөчөлүктөрүн эске алуу аркылуу финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүктү жогорулатуу менен финансы-кредит уюмдарынын ишин демилгелөө максатында, ошондой эле жогорку рейтингдеги уюмдардын гарантияларын жана стратегиялык максаттар үчүн чет өлкө валютасында берилген ири кредиттерди эске алуу менен банктардын активдерин классификациялоо жана капиталдын жетиштүүлүгүн баалоо системасын өркүндөтүү, өлкөнүн экономикалык өсүшүн жана өнүгүүсүн демилгелөө максатында иштелип чыккан. Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында Улуттук банктын ченемдик актылары/Талкууга сунушталган долбоорлор бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган. Сектор токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2025-жылдын 14-апрелинен кечиктирбестен aasanbekova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «төлөм каражаты болуп саналбайт» деген жазуусу бар улуттук валютанын «сувенирдик» деп аталган банкнотторунун республиканын аймагында пайда болушуна жана сатылышына байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 304-беренесине ылайык өзүнүн өзгөчөлүктөрү (өлчөмү, түсү, түшүрүлгөн сүрөттөрү) боюнча төлөм жүгүртүүсүндө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын чыныгы банкноталары катары кабыл алынышы мүмкүн болгон улуттук валютанын банкноталарына (тыйындарына) түшүрүлгөн сүрөттөрдү же кандайдыр бир жарым фабрикаттарды (бир же бир нече түстөрдө) пайдалануу жана көчүрүп чыгаруу, – жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. Республиканын аймагында сатылып жаткан улуттук валютанын «сувенирдик» банкноттору түсү, сүрөтү жана өлчөмү боюнча чыныгы банкноттор катары кабыл алынган улуттук валютанын чыныгы банкнотторунун так көчүрмөсү болуп саналат. «Сувенирдик» банкноттор «Сувенирдик» банкноттордо «төлөм каражаты болуп саналбайт» деген жазуунун болушу мындай банкнотторду сатуучуларды жана даярдоочуларды жоопкерчиликтен бошотпойт. Накталай акча жүгүртүүдө «сувенирдик» банкноттор аныкталса, алар жасалма деп классификацияланат. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесине ылайык, жасалма акча белгилерин сатуу максатында жасалмасын жасоо же болбосо сатуу максатында сактоо, ага тете сатуу 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Адамдардын тобу тарабынан, алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан ири өлчөмдө жасалган ошол эле жосундар беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн бир коммерциялык банкка 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Кыргыз Республиканын Улуттук банкынын Төлөм системы боюнча комитетинин 2025-жылдын 13-мартындагы токтому менен «Грин Телеком Сервис» жоопкерчилиги чектелген коомунун атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензиясынын мөөнөтү виртуалдык карталар жана/же кадимки карталар түрүндө «О! Деньги» электрондук капчыгынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү каралган төлөм карталарын чыгаруу (эмиссия) боюнча лицензияга карата техникалык тапшырмада бекитилген шарттарды жана талаптарды сактоо менен 2025-жылдын 20-сентябрына чейин узартылды. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Талас областы, Талас шаары, Оторбаев көчөсү, 214, «Азия» соода борбору дареги боюнча жайгашкан «Насыр ЛТД» ЖЧК алмашуу бюросунун 2024-жылдын 3-октябрындагы № 6954 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 13-мартынан тартып 27-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2025-жылдын 12-мартында №2025-П-12/10-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом (мындан ары – токтом) кабыл алды. Бул токтом санарип финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө түрткү берүү, аралыктан тейлөө каналдары аркылуу кредиттерди берүү жагында учурда колдонулуп жаткан тажрыйбаны өркүндөтүү, алдамчылык тобокелдиктерин азайтуу жана ошол эле учурда процесстердин натыйжалуулугун жана коопсуздугун камсыздоо ортосунда теӊ салмактуулукту сактоо менен кардарлар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында иштелип чыккан. Токтом Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында Банк тууралуу /Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду: - Бишкек шаары, Дэн Сяопин проспекти, 2-үй, №1 турак эмес жай дареги боюнча жайгашкан «Башат кейджи» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 6351 лицензиясы 2025-жылдын 12-мартынан тартып 14-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына; - Бишкек шаары, Дэн Сяопин проспекти, 16-үй, №10а турак жай дареги боюнча жайгашкан «Гууд мани» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 25-майындагы № 6293 лицензиясы 2025-жылдын 12-мартынан тартып 21-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын финансылык сабаттуулук боюнча иш-чараларынын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы өкүлчүлүгү 2025-жылдын 11-мартында Кадамжай шаарындагы «Семетей» лицейинин окуучуларына көчмө лекцияларды өткөрдү. Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү катышуучуларга акча каражаттарын туура колдонуу жана сарптоо, финансыны пландаштыруу, финансылык максат коюу, үй-бүлөлүк жана жеке бюджетти түзүү, финансыларды мүмкүн болуучу тобокелдиктерден коргоо тууралуу маалымат беришип, ар кандай финансылык маселелер боюнча түзүлгөн кырдаалдарды талдап чыгышты. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында QR-кодду колдонууну өнүктүрүү боюнча иш-чаралар, QR-коддордун улуттук стандарттары жана эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөө эрежелери боюнча маалыматтар берилди. 2025-жылдын 7-мартында Улуттук банкта Дүйнөлүк банктын экспертинин катышуусунда «ФАТФ стандарттары жана тобокелдиктерге баа берүү жана тобокелдикке негизделген мамилени колдонуу боюнча эл аралык практика» темасында семинар болуп өттү. Иш-чарага коммерциялык банктардын, төлөм уюмдарынын, төлөм системасынын операторлорунун, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана алмашуу бюролорунун өкүлдөрү катышты. Мындан тышкары, семинардын жүрүшүндө Улуттук банктын кызматкерлери банк секторунда, төлөм уюмдары секторунда, банк эмес финансы-кредит уюмдарында жана алмашуу бюролорунда террористтик ишти каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо тобокелдиктерин сектордук баалоонун алдын ала жыйынтыктары менен тааныштырышты. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банктын Ысык-Көл областтык башкармалыгы тарабынан бир микрокредиттик агенттикке 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн бир коммерциялык банкка 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн, Бишкек шаары, Дэн Сяопин проспекти, 10-үй, 23-квартира дареги боюнча жайгашкан «Азирет кей джи» алмашуу бюросу ЖЧКнын накталай чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2022-жылдын 29-августундагы № 6346 лицензиясы 2025-жылдын 7-мартынан тартып кайтарылып алынды. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Талас областы, Талас шаары, Сарыгулов көчөсү, 14/2, «Көктөм» соода борбору дареги боюнча жайгашкан «Элина» ЖЧК алмашуу бюросунун 2024-жылдын 3-сентябрындагы №6927 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 6-мартынан тартып 20-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду. 1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын 4-мартында «Мбанк» ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы кызмат ордуна Ишенбаев Максатбек Бейшенбековичтин талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды. 2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын 4-мартында Акционердик коммерциялык «Толубай» банкы жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү/тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна Акунов Замирбек Рысбековичтин талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды. 3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын 4-мартында «Бай-Түшүм» Банкы ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары кызмат ордуна Рамазанов Васип Дадавовичтин талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алуусуз Ош шаарындагы «Достук-Автожол» көзөмөлдөө-өткөрмө пунктунун аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын 4 жаранынын (М.А.И., Г.А.А., А.М.Х., Н.М.Э.) ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаары, Дэн Сяопин проспекти, 6-үй, 14-квартира дареги боюнча жайгашкан «Обмен» ЖЧК алмашуу бюросунун 2023-жылдын 26-октябрындагы № 6613 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 4-мартынан тартып 6-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан бир төлөм уюмуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 1. Кыргыз Республиканын Улуттук банкынын Төлөм системы боюнча комитетинин 2025-жылдын 27-февралындагы токтому менен банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензиясынын мөөнөтү «Региональные платежные системы» («РПС») жоопкерчилиги чектелген коомунун атайын жөнгө салуу режиминин алкагында электрондук акча ээлерине электрондук акча менен операцияларды жүргүзүү, анын ичинде алардын ордун жабуу мүмкүнчүлүгүн берүү менен накталай же накталай эмес акча каражаттарына алмаштыруу аркылуу өз электрондук акчасын жүгүртүүгө чыгаруу (эмиссия) боюнча лицензияга карата техникалык тапшырмада бекитилген шарттарды жана талаптарды сактоо менен 2025-жылдын 28-августуна чейин узартылды. 2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитетинин 2025-жылдын 27-февралындагы токтому менен «Система Квикпэй» жоопкерчилиги чектелген коомунун атайын жөнгө салуу режиминин алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык коммерциялык банктар аркылуу электрондук акча ээлерине электрондук акча менен операцияларды жүргүзүү, анын ичинде алардын ордун жабуу мүмкүнчүлүгүн берүү менен накталай же накталай эмес акча каражаттарына алмаштыруу аркылуу өз электрондук акчасын жүгүртүүгө чыгаруу (эмиссия) боюнча 2024-жылдын 16-апрелинен 2025-жылдын 24-февралына чейин жүргүзүлгөн тесттен өткөрүү ийгиликтүү деп табылды. «Система Квикпэй» ЖЧКнын атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензиясынын мөөнөтү 2025-жылдын 28-августуна чейин ушул лицензияга карата техникалык тапшырмада бекитилген шарттарды, талаптарды жана чектөөлөрдү сактоо менен узартылды. 2025-жылдын 28-февралында Улуттук банк И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин теология факультетинин студенттери үчүн семинар өткөрдү. Семинардын жүрүшүндө студенттерге Кыргыз Республикасындагы ислам принциптери боюнча каржылоо жөнүндө, ошондой эле финансылык сабаттуулуктун негиздери тууралуу маалымат берилди. Семинардын аягында студенттер Улуттук банктын нумизматикалык музейин көрүп кетишти. 1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын 27-февралында «О!Банк» ААКтын Ички аудит башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызмат ордуна Имаралиева Фарида Нурмахаматовнанын талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды. 2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын 27-февралында «Капитал Банк» ААКтын директорлор кенешинин мүчөсү кызмат ордуна Джаманбаев Муса Мураталиевичтин талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды. 3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын 27-февралында «Компаньон Банкы» ЖАКтын директорлор кенешинин мүчөсү кызмат ордуна Гашикулина Евгения Энверовнанын талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды. Тышкы көзөмөлдүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн ЖалалАбад областы, Сузак району, Бек-Абад айылы, М.Сыдыков көчөсү, № 3 (болжол: «БекАбад-Автожолу» контролдоо-өткөрүү пунктунун жанында) дареги боюнча жайгашкан «Соронбек Валюта» ЖЧК алмашуу бюросунун 2023жылдын 5декабрындагы № 6652 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 27-февралынан тартып 13мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн, Бишкек шаарында жайгашкан төлөм уюмуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 2025-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Глобалдуу акча жумалыгы-2025 кампаниясын (GMW-2025) Кыргызстандагы уюштуруучу-өнөктөштөрдүн жолугушуусу болуп өттү. Коммерциялык банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана камсыздандыруу рыногунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен GMW-2025 урматына иш-чаралар концепциялары макулдашылды. GMW-2025 урааны болуп «Акылың болсо башында, акчаң болот капчыкта» (Think before you follow, wise money tomorrow) саналат. Бул ураандын актуалдуулугу жаштарга финансылык инструменттер жөнүндө ишенимдүү маалыматтарды издөө жана табуу жагында жардам көрсөтүү зарылдыгы менен байланышкан. Бул кампаниянын алкагында Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында жана www.finsabat.kg сайтында, ошондой эле социалдык баракчаларда өлкөнүн бардык аймактарындагы өнөктөштөр тарабынан уюштурулган иш-чаралардын (сынактардын, сабактардын, лекциялардын, викториналардын/окутуулардын жана башка иш-чаралардын) планы жайгаштырылган. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгы 2025-жылдын 24-февраль күнү план боюнча Ош шаарынын Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине жана жергиликтүү калктын активистерине «Финансылык сабаттуулук» темасында көчмө лекция өткөрдү. Лекцияда Улуттук банктын ролу жана функциялары, улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана анын коргоо белгилери, ошондой эле кредиттердин жана аманаттардын түрлөрү, инвестициялар, электрондук финансылык кызмат көрсөтүүлөр, финансылык коопсуздук жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, акча каражаттарын сарамжалдуу колдонуу, каражат топтоо, финансылык пландаштыруу, финансылык максаттарды коюу, үй-бүлөлүк жана жеке бюджеттерди түзүү боюнча маалыматтар берилди. Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын эки жаранынын ар бирине (А.Б.Н., К.у.Т.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептик ченди 9,00 пайыз деңгээлинде калтырды Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2025-жылдын 24-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2025-жылдын 24-февралында эсептик ченди (негизги ченди) 9,00 пайыз деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Чечим 2025-жылдын 25-февралынан баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын экономикасы ачык мүнөзгө ээ болгондуктан, тышкы чөйрөдөгү (жалпысынан дүйнөлүк экономикада, ошондой эле региондо) өзгөрүүлөр өлкөдөгү баа динамикасын аныктоочу негизги фактор бойдон калууда. Азык-түлүк рынокторундагы дүйнөлүк баа акыркы айларда жогорулоо динамикасын көрсөткөн, ошону менен бирге эл аралык финансы рыноктору жана дүйнөлүк чийки зат рыноктору геосаясий факторлордун сакталышынан улам өтө туруксуз бойдон калган. Кыргыз Республикасынын соода боюнча айрым өнөктөш өлкөлөрүндө инфляциялык процесстер салыштырмалуу жогорку деңгээлде калыптанууну улантууда. Жалпысынан алганда, дүйнөдөгү геосаясий кырдаал тышкы экономикалык тенденциялардын, анын ичинде дүйнөлүк инфляциянын андан аркы траекториясынын ар түрдүүлүгүн шарттайт. Кыргыз Республикасында экономикалык ишмердүүлүк негизинен кызмат көрсөтүү жана курулуш секторлорундагы активдүүлүктүн эсебинен кеңейүүнү улантууда. 2025-жылдын январь айында ИДӨнүн реалдуу өсүшү 2024-жылдын январь айына салыштырмалуу 10,6 пайызды (2024-жылдын жыйынтыгы боюнча – 9,0 пайызды) түзгөн. Туруктуу ички суроо-талап калктын реалдуу кирешелеринин өсүшү, өлкөгө жеке адамдардын акча которууларынын таза агылып кириши жана банк секторунда керектөө кредиттеринин өсүшү менен колдоого алынат. Кыргыз Республикасында инфляциялык фон орточо бойдон калууда – инфляция жыл башынан тартып 1,5 пайызды, ал эми жылдык мааниде – 6,9 пайызды2 түзгөн. Инфляциянын азык-түлүктөн башка компоненти баалардын өсүш арымынын басаңдашын көрсөтүүдө, мында азык-түлүк товарларынын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баа динамикасы инфляциянын мурда түзүлгөн факторлорунун (анын ичинде администрациялануучу баалардын жогорулашынан жана реалдуу эмгек акынын өсүшүнөн) экинчи таасирин чагылдыруу менен орточо кармалып турат. Колдоого алынган акча-кредит шарттары банктар аралык акча жана валюта рынокторунда туруктуулуктун сакталышына өбөлгө түзүү менен улуттук валютанын сатып алууга жөндөмдүүлүгүн камсыз кылган. Учурда экономиканын реалдуу секторуна кредит берүү уланып жатат. 2024-жыл ичинде коммерциялык банктардын кредиттик портфели 32,2 пайызга көбөйүп, 340,7 млрд сомду түзгөн. Муну менен катар эле, Улуттук банктын пайыздык саясаты банктардын депозиттик чендеринин жагымдуу деңгээлде сакталып калышына өбөлгө түзгөн, бул калктын каражаттарынын банк системасына агылып киришин шарттаган. Банктардын депозиттик базасынын жалпы көлөмү 37,3 пайызга, 592,4 млрд сомго чейин көбөйгөн. Коммерциялык банктарда үстөк ликвидүүлүк бар, анын деңгээли экономикада акча сунушунун тең салмактуу көлөмүн камсыз кылуу максатында, Улуттук банктын монетардык инструменттери менен жигердүү жөнгө салынууда. Геосаясий факторлорго байланыштуу тышкы экономикалык шарттар, мурдагыдай эле, бир калыпта эмес жана белгисиз бойдон калууда. Ал эми ички факторлордун (мамлекеттик тариф саясатынын план боюнча кайра каралышы жана ички суроо-талаптын сакталышы) баа динамикасына таасири орточо деңгээлде бааланат. Буга байланыштуу Улуттук банктын эсептик чен өлчөмүн 9,00 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечими кабыл алынды, бул инфляцияны 5-7 пайыз орто мөөнөттүү максаттуу көрсөткүчтөрдүн чегинде кармап турууга мүмкүндүк берет. Улуттук банк орун алган ички жана тышкы экономикалык шарттарга баа берүүнү улантат жана акча-кредит саясатын жүргүзүүдө салмактанып алынган ыкманы колдонот. Баа туруктуулугу үчүн кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан учурда, Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка өзгөртүүлөрдү киргизиши мүмкүн. Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө маселе боюнча кийинки отуруму план боюнча 2025-жылдын 28-апрелинде өтөт. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргеликте республиканын аймагында «төлөм каражаты болуп саналбайт» деген жазуусу бар улуттук валютанын «сувенирдик» банкнотторунун пайда болушуна жана сатыкка чыгышына байланыштуу «Джунхай Дордой» базарында рейд жүргүзүштү. Рейддин жыйынтыгы боюнча, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 304-беренесинин талаптарын бузгандыгы жана улуттук валютанын банкнотторунун (монеталарынын) сүрөттөрүн көчүрүп чыгаргандыгы үчүн, улуттук валютанын сатуу үчүн арналган банкнотторунун түстүү көчүрмөлөрү табылган соода түйүндөрүнүн ээси болуп саналган Кыргыз Республикасынын эки жаранына 11 000 сом жалпы суммасында 55 эсептик көрсөткүчү өлчөмүндө айып салынды. «Жунхай Дордой» базарында аныкталган «сувенирдик» банкноттор Улуттук банк эскертет, өзгөчөлүктөрү (өлчөмү, түсү, сүрөтү) боюнча Кыргыз Республикасынын анык банкноттору үчүн төлөм жүгүртүүдө кабыл алынышы мүмкүн болгон Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын банкнотторунун сүрөттөрүн колдонууга тыюу салынган жана административдик укук бузуу болуп саналат. Сувенирдик банкноттордо «төлөм каражаты болуп саналбайт» деген жазуунун болушу мындай банкнотторду сатуучуларды жана даярдоочуларды административдик жана кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт. 1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын 21-февралында «Керемет Банк» ачык акционердик коомунун башкы бухгалтеринин орун басары кызмат ордуна Нуралиева Зарема Маратовнанын талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды. 2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын 21-февралында «Демир Кыргыз Эл Аралык Банкы» жабык акционердик коомунун башкы бухгалтеринин отчеттуулук жана салык салуу боюнча орун басарынын милдетин аткаруучу кызмат ордуна Жоробаев Нуржигит Алтынбековичтин талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды. 3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын 21-февралында «Дос-Кредобанк» ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы кызмат ордуна Омуралиев Талантбек Эсенгуловичтин талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды. 4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын 21-февралында «Капитал Банк» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы кызмат ордуна Такырбашов Кенжебек Авасовичтин талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды. 5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын 21-февралында «Капитал Банк» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү/тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна Султанов Нурбек Албанбаевичтин талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды. 6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын 21-февралында «Капитал Банк» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү/ аудит боюнча комитеттин төрагасынын кызмат ордуна Иманбетов Илияз Женишовичтин талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды. 7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын 21-февралында «Капитал Банк» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна Джиенбеков Азим Тариэловичтин талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды. Чүй облусунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын бир жаранына (С.у.Б.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Чүй облусунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын бир жаранына (К.С.М.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Чүй облусунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын бир жаранына (Б.Б.Б.) 17 500 сом өлчөмүндө эки айып пул салынды. Чүй облусунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын эки жаранынын ар бирине (А.Б.М., М.Б.А.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын эки жаранынын ар бирине (Т.К., Н.Т.Н.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы эки алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 12-февралындагы чечими менен «Дос-Кредобанк» ачык акционердик коомунун лицензиясындагы (уруксат берилген банк операцияларынын тизмегиндеги) гарантияларды, векселдерди күрөөлүк камсыздоосуз чыгарууга жана баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүгө белгиленген чектөөлөрдүн алынып салынгандыгын билдирет. 2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 12-февралындагы чечими менен «Дос-Кредобанк» ачык акционердик коомуна Улуттук банк тарабынан эмитирленген (чыгарылган), аффинаждалган өлчөнгөн куйма түрүндөгү баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүү укугуна уруксат берилгендигин билдирет. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын 13-февралында «Капитал Банк» ачык акционердик коомунун башкы бухгалтери-бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук башкармалыгынын начальниги кызмат ордуна Женишбекова Канышай Женишбековнанын талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Жалал-Абад шаарындагы эки алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын эки жаранынын ар бирине (А.М.К., С.И.Т.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алуусуз Ош областынын Кара-Суу районунун аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын 3 жаранынын (М.А.А., М.М.С., А.у.СХ.) ар бирине карата 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын эки жаранынын ар бирине (О.И.Д., А.М.К.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн бир коммерциялык банкка 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын эки жаранынын ар бирине (У.А.У., Б.у.Э.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 2025-жылдын 6-февралында Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын кызматкерлери Жалал-Абад шаарындагы К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университенин экономика факультетинин 3 жана 4-курстагы студенттерине план боюнча көчмө лекция өткөрүштү. Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү финансылык сабаттуулуктун негизги аспектилерин, Улуттук банктын иши жана акча-кредит саясатынын негизги инструменттери тууралуу айтып беришти. Ошондой эле, мугалимдер жана студенттер менен биргеликте «Каражат топтоо» оюну өткөрүлдү. Оюн интерактивдүү форматта өтүп, мында катышуучулар жашоонун сапатын жакшыртууга багытталган чечимдерди кабыл алуу үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон үй-бүлөлүк бюджет, каржылык пландаштыруу, максаттарды туура коюу жана акча сактоонун пайдасы сыяктуу түшүнүктөр менен таанышты. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Мбанк» ачык акционердик коому тарабынан «Мбанк» ААКтын башкармасынын мүчөсү – башкы бухгалтер – бухгалтердик эсепке алуу жана отчёттуулук башкармалыгынын начальниги кызмат ордуна сунушталган Райынбекова Миргуль Бейшеналиевнанын талапкерлигине 2025-жылдын 7-февралында макулдук берүү чечимин кабыл алды. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 150 а дареги боюнча жайгашкан «Бета Трейд» алмашуу бюросу ЖЧКнын накталай чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2022-жылдын 7-декабрындагы №6422 лицензиясы 2025-жылдын 10-февралынан тартып кайтарылып алынды. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 84-үй, 9-квартира, №2 кеңсе дареги боюнча жайгашкан «Альфа ДМС» ЖЧК алмашуу бюросунун 2024-жылдын 21-февралындагы № 6717 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 8-февралынан тартып 12-февралын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Жалал-Абад областы, Жалал-Абад шаары, Т.Байзаков проспекти, 51г, (болжол: ЦУМ жарнамалык көрсөтмөсү) дареги боюнча жайгашкан «Сбер Ру» жоопкерчилиги чектелген коому алмашуу бюросунун 2023жылдын 04-сентябрындагы № 6578 лицензиясынын аракети 2025жылдын 06февралынан тартып 15-февралын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Баткен областында жайгашкан бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 2025-жылдын 5-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ачык акционердик коомунун толук фирмалык аталышы жана кыскартылган фирмалык аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН » ААКтын лицензиялары алмаштырылды. - мамлекет тилдеги толук аталышы: «Мбанк» ачык акционердик коому; - мамлекет тилдеги кыскартылган аталышы: «Мбанк» ААК; - расмий тилдеги толук аталышы: Открытое акционерное общество «Мбанк»; - расмий тилдеги кыскартылган аталышы: ОАО «Мбанк»; - англис тилдеги толук аталышы: «Mbank» Open joint-stock company; - англис тилдеги кыскартылган аталышы: «Mbank» OJSC. 2025-жылдын 4-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам тарабынан “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы кабыл алынгандыгына байланыштуу Улуттук банктын кызматкерлери үчүн атайын лекция өткөрүлдү. Лекциянын жүрүшүндө кызматкерлер Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы мыйзамдарына жаңы киргизилген ченемдер менен тааныштырылды. Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын акча белгилерин төлөм катары кабыл алуудан негизсиз баш тарткандыгы жагында Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан бир юридикалык жакка жалпы суммасы 13 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын 28-январынан 2-февралына чейин Германиянын Берлин шаарында жыл сайын өтүүчү World Money Fair Дүйнөлүк акча көргөзмөсүнө катышты. Улуттук банктын Дүйнөлүк акча көргөзмөсүнө катышуусунун максаты Кыргызстандын тарыхын жана маданиятын улуттук валюта аркылуу таанытуу жана жайылтуу болгон. Көргөзмөдө «Тарыхый окуялар», «Кыргыз каганатынын доору», «Кыргызстандын тарыхый жана архитектуралык эстеликтери», «Кыргыз үрп-адаттары жана ырым-жырымдары», «Улуттук музыкалык аспаптар», «Спорттун улуттук түрлөрү жана элдик оюндар», «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары», «Кыргызстандын Кызыл китеби» серияларында чыгарылган Кыргызстандын тарыхый-маданий мурасын чагылдырган улуттук валютанын банкноттору жана коллекциялык монеталары түрүндө Улуттук банктын экспозициясы көрсөтүлдү. Көргөзмөгө жалпысынан улуттук валютадагы банкноттордун жана монеталардын 30дан ашык түрдүү экспонаты коюлган. Коллекциялык монеталар жана улуттук валютанын банкноттору мурунку жылдардагыдай эле, нумизмат коллекционерлеринин гана эмес, нумизматика тармагынын эксперттеринин, ошондой эле көргөзмөгө келгендердин – эксклюзивдүү буюмдарды сүйүүчүлөрдүн да чоң кызыгуусун жаратты. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаары, Дэн Сяопин проспекти, 10-үй, 23-квартира дареги боюнча жайгашкан «Арген лтд» ЖЧК алмашуу бюросунун 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 6350 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 30-январынан тартып 1-февралын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы ЭВФтин брифингине катышты 2025-жылдын 27-30-январында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев Эл аралык валюта фондусунун тарабынан уюштурулган жогорку деңгээлдеги брифингге катышты. Брифинг акча-кредиттик жана валюталык саясаттын негизги аспектилерин, финансы рыногун жана төлөм системаларын жөнгө салуу, борбордук банктын институционалдык базасын жана коргоо механизмдерин чыңдоо маселелерин, ошондой эле Улуттук банктын жана ЭВФтин ортосундагы техникалык кызматташуунун негизги багыттарын талкуулоого арналган. Брифингдин алкагында Улуттук банктын төрагасы М.Тургунбаев менен ЭВФтин башкаруучу директору К.Георгиеванын расмий жолугушуусу болуп өттү, анын алкагында тараптар дүйнөлүк экономикадагы акыркы тенденцияларды жана чакырыктарды, Улуттук банктын келечекти акча-кредит саясатын өнүктүрүү жана биргелешкен кызматташуунун мындан аркы багыттарын талкуулашты. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан эки төлөм уюмуна жалпы суммасы 110 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок Ош областынын Кара-Суу районунун аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын бир жаранына (А.А.А.) 17500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаары, Дэн Сяопин проспекти, 10-үй, 35-квартира дареги боюнча жайгашкан «Айлир» ЖЧК алмашуу бюросунун 2024-жылдын 23-январындагы № 6693 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 28-январынан тартып 1-февралын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы эки алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептик ченди 9,00 пайыз деңгээлинде калтырды Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2025-жылдын 27-январында эсептик ченди (негизги ченди) 9,00 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим 2025-жылдын 28-январынан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасында баа динамикасы бир калыпта болуп, орто мөөнөткө каралган мезгил аралыгында инфляция боюнча максаттуу көрсөткүч – 5-7 пайыз чегинде сакталып турат. 2024-жылдын декабрь айында жылдык инфляциянын көрсөткүчү 6,3 пайызды, 2025-жылдын 17-январына карата абал боюнча – 6,5 пайызды түздү. Тышкы шарттардын тийгизген таасирлери менен катар эле ички суроо-талаптын жогору болушу өлкөдө жалпы баа деңгээлинин учурдагы динамикасын аныктаган фактор бойдон калууда. Кыргыз Республикасында 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча экономикадагы өсүш 9,0 пайызды түздү. Экономиканын негизги секторлорунда оң динамика байкалган, ошол эле учурда кызмат көрсөтүү менен курулуш секторунда эң көп экономикалык жигердүүлүк катталган. Калктын реалдуу кирешелеринин жана жеке жактардын өлкөгө акча которууларынын таза агымынын өсүшү, ошондой эле керектөө кредиттеринин кеңейиши ички суроо-талапка колдоо көрсөткөн. Улуттук банк кармап турган монетардык шарттар өлкөнүн экономикасы үчүн инфляцияны шарттаган тышкы тобокелдиктерди чектөө менен акча жана валюта рынокторунда туруктуу жагдайды сактоого өбөлгө түзөт. Банктар аралык акча рыногунда катышуучулардын орточо активдүүлүгү – банк системасында көлөмү монетардык инструменттер менен жигердүү жөнгө салынып турган үстөк ликвиддүүлүктүн жогорку деңгээлде болушу менен шартталган. Финансы-кредит уюмдарынын ишинин негизги көрсөткүчтөрү жетиштүү туруктуулук көлөмүн көрсөтүүдө. Коммерциялык банктар экономиканын негизги секторлоруна кредиттерди активдүү берип, ресурстук базаны өстүрүүнү улантууда. Тышкы экономикалык абалдын келечеги мурдагыдай эле сакталып турган геосаясий факторлордон улам жогорку белгисиздик менен мүнөздөлөт. Дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы баалар акыркы айларда өсүп жаткан динамиканы көрсөтүүдө, ошондой эле эл аралык финансы рынокторунун жогорку деңгээлде өзгөрүлмөлүү болушу белгиленет. Кыргыз Республикасынын айрым соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүндө инфляциялык басым жогорку деңгээлде кармалып турат. Акча-кредит саясатынын аркасы менен ички инфляция инфляция боюнча орто мөөнөткө каралган максаттуу көрсөткүч аралыгында кармалып турат, бирок тышкы факторлор инфляцияны шарттаган мүнөзгө ээ болууда. Ушуга байланыштуу Улуттук банктын негизги ченин 9,00 пайыз деңгээлинде сактоо чечими кабыл алынды. Бул чечим өлкөнүн учурдагы макроэкономикалык шарттарына жооп берет жана орун алып турган тышкы тобокелдиктерге Улуттук банктын жүргүзгөн саясатын чагылдырат. Кабыл алынган чечим орто мөөнөткө каралган мезгил аралыгында өлкөдө баа туруктуулугун сактоого жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Улуттук банк түптөлгөн тышкы жана ички экономикалык шарттарды баалоону улантат жана акча-кредит саясатын жүргүзүүдө теӊ салмактуу ыкмага таянат. Баа туруктуулугуна таасир берген кандайдыр бир тобокелдиктер жаралган учурда Улуттук банк жүргүзүлгөн монетардык саясатка түзөтүү киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт. Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки пландуу отуруму 2025-жылдын 24-февралында өтөт. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. Токтом долбоору санарип финансы кызмат көрсөтүүлөрүн өнүктүрүүгө дем берүү, аралыктан тейлөө каналдары аркылуу кредиттерди берүүнүн колдонулуп жаткан практикасын өркүндөтүү, алдамчылык тобокелдиктерин азайтуу жана кардарлар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошону менен бирге процесстердин натыйжалуулугу менен коопсуздукту камсыздоонун ортосундагы балансты сактоо максатында иштелип чыккан. Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында Улуттук банктын ченемдик актылары/Талкууга сунушталган долбоорлор бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган. Сектор токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2025-жылдын 24-февралынан кечиктирбестен bkuvanychbekov@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. 1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2025-жылдын 22-январында № 2025-П-12/2-3-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды (мындан ары – токтом). Токтом Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. Токтомдун электрондук версиясы Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк жөнүндө/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. Ченемдик укуктук актынын электрондук версиясы Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк жөнүндө/Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банк эмес финансы мекемелер ишин жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылган. 2. Коммерциялык банктардын алмашуу бюролору менен чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу боюнча операцияларды жүргүзүүсүнө коюлган чектөөлөрдү убактылуу алып салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2025-жылдын 22-январында № 2025-П-12/2-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-сентябрындагы № 2022-П-33/55-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 22-июлундагы № 2022-П-33/45-2-(НПА) «Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө» токтомунун аракетин убактылуу токтотуу тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды. Ушул токтом менен Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 22-июлундагы № 2022-П-33/45-2-(НПА) «Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө» токтомунун аракети 2025-жылдын 1-августуна чейин убактылуу токтотулат. Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.». 3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2025-жылдын 22-январында № 2025-П-12/2-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды. Токтомдун максаты Улуттук банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү болуп саналат. Токтомдун электрондук версиясы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/ Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. Тышкы көзөмөлдүн жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Жалал-Абад областы, Сузак району, Сузак айылы, Дакан Палван көчөсү, 1-үй (болжолу: "Сузак" соода борбору) дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «СУЗАК БЕРЕКЕ» алмашуу бюросунун 2022жылдын 4июлундагы № 6316 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 24-январынан тартып 7февралын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок Жалал-Абад шаарынын аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын жаранына (А.М.А.) 17500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаары, Шопоков көчөсү, 91 дареги боюнча жайгашкан «М.Т.Капитал» ЖЧК алмашуу бюросунун 2024-жылдын 17-апрелиндеги № 6783 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 21-январынан тартып 4-февралын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан бир төлөм уюмуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ачык акционердик коому тарабынан «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ААКтын башкы бухгалтеринин орун басары кызмат ордуна сунушталган Шеркулова Асель Толомушовнанын талапкерлигине 2025-жылдын 17-январында макулдук берүү чечимин кабыл алды. Тышкы көзөмөлдүн жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Жалал-Абад областы, Сузак району, Бек-Абад айылы, М. Сыдыков көчөсү, 1 (№ 10 бөлмө) (болжолу: «БекАбадАвтожол» контролдоо-өткөрүү пункту) дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «ЭКВАЛИТ» алмашуу бюросунун 2024жылдын 9февралындагы № 6709 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 21-январынан тартып 19-февралын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду. 1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «О!Банк» ачык акционердик коому тарабынан «О!Банк» ААКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү/Аудит боюнча комитеттин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Пол Эндрю Голдфинчтин талапкерлигине 2025-жылдын 16-январында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «О!Банк» ачык акционердик коому тарабынан «О!Банк» ААКтын Тобокелдиктерди тескөө боюнча комитеттин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Мангитов Арман Ахтуреевичтин талапкерлигине 2025-жылдын 16-январында макулдук берүү чечимин кабыл алды. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Банк секторундагы жагдай тууралуу Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын бирине санкция киргизилди деген маалымат тарап жатканына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөнкүлөрдү билдирет. Бүгүнкү күндө банк сектору туруктуу, тышкы мүнөздөгү ар кандай тобокелдиктерге туруштук бере ала турган жетиштүү капиталга жана ликвиддүүлүккө ээ. Коммерциялык банктар штаттык режимде иштеп жатышат жана кардарларга үзгүлтүксүз негизде банктык кызматтарды көрсөтүүдө. Ички валюта рыногундагы жагдай туруктуу. Кыргыз Республикасынын банк системасына санкциялардын терс таасирлерин азайтуу жана өлкөнүн финансы системасынын туруктуулугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат. Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы банк системасынын туруктуулугун сактоо жана кредиторлор менен аманатчылардын кызыкчылыгын коргоо үчүн кошумча чараларды көрөт, ошондой эле кошумча инструменттерди колдонууга даяр. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан төлөм уюмуна 55 000 сом өлчөмүндө айып салынды. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Жалал-Абад областы, Базар-Коргон району, Базар-Коргон шаары, Вокзал көчөсү н/ж, (болжол: дыйкан базары) дареги боюнча жайгашкан «ВАЛЮТА-Д» жоопкерчилиги чектелген коому алмашуу бюросунун 2022жылдын 21-июлундагы № 6333 лицензиясынын аракети 2025жылдын 15январынан тартып 29-январын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду. Кыргыз Республикасы Улуттук банкы «Банк жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн маалыматтарын алмашуу жана пайдалануу үчүн API стандарты» долбоорун (мындан ары – Стандарт долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. Стандарт долбоорунда ачык банктык интерфейстер аркылуу өз ара аракеттенүүнүн алкагында маалыматтарды алмашуу үчүн API принциптери жана стандарттары каралган. Стандарттын негизги максаты - ачык-айкындуулукту, коопсуздукту жана маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу менен ачык API чөйрөсүнүн катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүнө бирдиктүү мамиле түзүү. Стандарт долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. Төлөм системаларынын катышуучулары Стандарт долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2025-жылдын 14-февралынан кечиктирбестен nipasova@nbkr.kg электрондук почта дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок Ош шаарынын аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын бир жаранына (Т.М.Б.) 17500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Баткен облаcтында жайгашкан эки алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 2025-жылдын 9-январынан тартып 23-январын кошо алгандагы мезгил аралыгына төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду: - Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 150, 1-бөлүк (үлүш) дареги боюнча жайгашкан «Союз лтд» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 27-январындагы №6698 лицензиясы; - Бишкек шаары, Москва көчөсү, 86, №2 кеңсе дареги боюнча жайгашкан «Стимул Аскат» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 16-апрелиндеги № 6781 лицензиясы; - Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 182 дареги боюнча жайгашкан «Ават финанс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 17-ноябрындагы №6637 лицензиясы. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн бир коммерциялык банкка 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 30-декабрында «Кыргыз Инвестициялык Кредит Банкы» жабык акционердик коому тарабынан «Кыргыз Инвестициялык Кредит Банкы» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Тургунбеков Канатбек Тургунбековичтин талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды. Банктардын тышкы жана ички таасирлерге туруктуулугун жогорулатуу, капиталдык базаны чыңдоо, ошондой эле банктардын ички контролдоо жана тобокелдиктерди тескөө системасын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 27-декабрында №2024-П-12/71-3-(БС) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүү боюнча ички жол-жоболор жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомун (мындан ары – токтом) кабыл алды. «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүү боюнча ички жол-жоболор жөнүндө» жободо банктар жыл сайын Улуттук банкка берүүгө тийиш болгон, капиталдын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүү боюнча ички жол-жоболор (мындан ары - жол-жобо) отчётунун түзүмү жана аны толтуруу тартиби камтылат. Мындан тышкары, документте ишенимдүү жана натыйжалуу жол-жоболорду иштеп чыгууда банктар эске алууга тийиш болгон негизги аспектилер баяндалган. Жол-жоболордо банк дуушарланышы ыктымал болгон бардык олуттуу тобокелдиктер камтылууга жана анын ишинин мүнөзүнө, масштабына жана татаалдыгына ылайык келүүгө тийиш. Жол-жоболордун алкагында жаңы талаптар банктардын жетекчилигинин капиталды баалоо, ошондой эле банктардын олуттуу тобокелдиктерин аныктоо жана баалоо маселелерине көңүл буруусун жогорулатуу аркылуу банк секторуна оң таасирин тийгизет. Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 27-декабрында №2024-П-12/71-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12/45-3-(НПА) «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды. Токтом атайын жөнгө салуу режимин түзүү жана жүргүзүү шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынды. Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк жөнүндө/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. Ченемдик укуктук акты Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк жөнүндө/Улуттук банктын ченемдик актылары» бөлүгүндө жайгаштырылган. Коммерциялык банктарда корпоративдик башкарууга карата талаптарды жакшыртуу жана банктарды корпоративдик башкаруу системасында ачык-айкындуулукту жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 27-декабрында №2024-П-12/71-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын корпоративдик башкаруу кодексине минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомун (мындан ары – токтом) кабыл алды. Улуттук банктын токтомунда банктын корпоративдик башкаруу системасынын ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн корпоративдик башкаруунун ички кодексин, дивиденддерди бөлүштүрүү саясатын, маалымат саясатын, ошондой эле туруктуу өнүктүрүү саясатын иштеп чыгууга карата талаптар белгиленген. Мындан тышкары, бул токтомдо банктын акционерлеринин жалпы жыйынына, директорлор кеңешине, банктын директорлор кеңешинин акционерлер, банктын аткаруу органдары жана негизги кызматкерлери менен өз ара иш алып баруусуна карата талаптарды, ошондой эле корпоративдик башкаруу боюнча маалыматты ачып көрсөтүү талаптарын кеңейтүү сунушталат. Мындан тышкары, токтомдо экологиялык жана социалдык менеджмент принциптерин (Ecological social Management System) ишке киргизүү жана шариаттык башкаруу боюнча глава каралган. Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы №51/4 токтому менен Кыргыз Республикасынын банк секторунда туруктуу каржылоону өнүктүрүү жана ESG принциптерин киргизүү боюнча жол картасы (мындан ары – Жол картасы) бекитилгендигин маалымдайт. Жол картасы орто мөөнөткө каралган мезгилде (2024 – 2026-ж.) стратегиялык багыттар менен иш-чараларды аныктайт жана ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү, рыноктук механизмдерге өбөлгө түзүү, климаттык тобокелдиктерди баалоо жана тескөө үчүн жаңы инструменттерди киргизүү, ошондой эле бардык кызыкдар тараптардын потенциалын жогорулатуу жана маалымдоо аркылуу туруктуу каржылоону өнүктүрүү үчүн жагымдуу экосистеманы түзүүгө багытталган. Документ Улуттук банктын расмий интернет-сайтында төмөнкү даректер боюнча жайгаштырылган: - www.nbkr.kg / Банктын функциялары / Банк тутуму / Банк секторун өнүктүрүү стратегиясы; - www.nbkr.kg / Банктын функциялары / Банк эмес финансы уюмдары / Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун өнүктүрүүнүн негизги багыттары. Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптарын бузууга жол бергендиги жана Улуттук банктын милдеттүү түрдө аткарылуучу жазма буйруктарын аткарбагандыгы үчүн, Бишкек шаарында жайгашкан бир төлөм уюмуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 2024-жылдын 27-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгында жолугушуу болуп өттү, ага жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана Ош шаарынын финансылык сабаттуулук боюнча тренерлери катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө 2024-жылы калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы жана региондун калкы арасында өткөрүлүүчү маалымат берүү-агартуу иш-чараларынын кийинки жылга планы талкууланып, кызматташтык үчүн өнөктөштөргө ыраазычылык айтылды. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек ш., Абдрахманов көч., 105, 25-иш бөлмөсү дареги боюнча жайгашкан «Койн Чендж» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 6796 лицензиясынын аракети 2024-жылдын 26-декабрынан тартып 2025-жылдын 9-январын кошо алгандагы мезгил аралыгына убактылуу токтотулду. 1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «ЭкоИсламикБанк» жабык акционердик коому тарабынан «ЭкоИсламикБанк» ЖАКтын ички аудит кызматынын жетекчиси кызмат ордуна сунушталган Жолочиев Сүйөркул Молдогазиевичтин талапкерлигине 2024-жылдын 26-декабрында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «О!Банк» ачык акционердик коому тарабынан «О!Банк» ААКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Симен Андреас Мюнтердин талапкерлигине 2024-жылдын 26-декабрында макулдук берүү чечимин кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алуусуз нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгү тарабынан Кыргыз Республикасынын жаранына (А.к.А.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн бир коммерциялык банкка 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 2024-жылдын 20-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Талас областтык башкармалыгында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана Талас областынын финансылык сабаттуулук боюнча тренерлер менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө 2024-жылы калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы жана калк арасында маалымат берүү-агартуу боюнча кийинки жылга иш-чаралар планы талкууланды. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Айыл Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Айыл Банк» ААКтын андан ары контролдоо бөлүмүнүн начальниги – башкы бухгалтердин орун басары кызмат ордуна сунушталган Арпачиев Талантбек Илиязовичтин талапкерлигине 2024-жылдын 20-декабрында макулдук берүү чечимин кабыл алды. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду: - 2024-жылдын 20-декабрынан тартып 29-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү, 59-үй, 83-квартира дареги боюнча жайгашкан «Алим-Амир» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 26-июлундагы № 6887 лицензиясы; - 2024-жылдын 20-декабрынан тартып 22-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 146, 3-бөлмө дареги боюнча жайгашкан «Куш финанс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 12-июлундагы № 6870 лицензиясы. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду: - 2024-жылдын 21-декабрынан тартып 27-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 152-үй дареги боюнча жайгашкан «Danaroso» (Данаросо) алмашуу бюросу КЖКнын 2024-жылдын 31-июлундагы № 6896 лицензиясы; - 2024-жылдын 21-декабрынан тартып 25-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 129, 6-бөлмө дареги боюнча жайгашкан «ФинТренд» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 17-июлундагы № 6876 лицензиясы. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. Токтом долбоору, финансы-кредит уюмдарына мындай кредиттер боюнча пайыздык ченди төмөндөтүү күнүнө карата «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген жол берилген чектүү пайыздык чендин өлчөмүнөн ашпаган деңгээлге чейин төмөндөтүлгөн кредиттерге карата атайын классификацияны колдонбоо мүмкүнчүлүгүн берүү максатында иштелип чыккан. Ошондой эле токтом долбоорунда «байкоого алынган» кредиттер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге чыгашалардын өлчөмүн 2 эсеге, 10%дан 5%га чейин кыскартуу каралган. Мындан тышкары, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервди баскычтар боюнча түзүү максатында тобокелдиктерди эске алуу менен «субстандарттуу» кредиттер категориясы кошулган. Токтом долбоорунда ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобого 2006-жылга чейин чыгарылган, төлөм каражаты статусуна ээ АКШ доллары банкноттору менен алмашуу операцияларын жүргүзүүдө комиссиялык төлөм белгилөө мүмкүнчүлүгүн берүү жагында өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган. Сектор долбоор боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2025-жылдын 21-январынан кечиктирбестен malmanbetova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. Кыргыз Республикасы Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Төлөм системаларынын интероперабелдүүлүгүн өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. Токтом долбоору айкын убакыт ыргагында QR-коддорун жана башка идентификаторлорду колдонуу менен тез которууларды жана төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн төлөм кызматтарын керектөөчүлөр үчүн бирдиктүү төлөм мейкиндигин түзүү үчүн негизги ыкмаларды аныктоо максатында иштелип чыккан. Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. Төлөм системаларынын катышуучулары токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2025-жылдын 20-январынан кечиктирбестен nipasova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. 1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок Ош шаарынын аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын үч жаранынын (Ж.Д.А., К.Ж.А., С.А.А.) ар бирине 17500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Ош шаарында жайгашкан эки алмашуу бюросунун ар бирине 55000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 2024-жылдын 17-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Улуттук банктын жетекчилигинин демилгеси менен Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө арналган тегерек стол маеги болуп өттү. Иш-чарага Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле Улуттук банктын областтык башкармалыктарынын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчилери видеоконференция байланышы форматында катышты. «Мамлекеттик органдарда коррупцияны алдын алуу» деген темада юридика илимдеринин кандидаты, доцент, полковник Бакыт Какешов баяндама жасады. Иш-чаранын максаты – коррупцияга каршы саясатты өркүндөтүү жаатында мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Улуттук банктын жалпы жамаатына маалымат берүү, ошондой эле борбордук банктын кызматкерлери иш милдеттерин аткарууда мыйзам талаптарын сактоого чакыруу. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын аймагында борбордук/улуттук банктардын санарип валюталары менен алдамчылык операцияларды алдын алуу максатында, санарип сом азырынча ишке киргизиле электигин жана учурда мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналбай тургандыгын жарандарга эскертет. Учурда Улуттук банк санарип сом үчүн платформа тандоо стадиясында турат, ошондой эле улуттук санарип валюта – санарип сомдун укуктук статусу боюнча мыйзам долбоорлорун илгерилетүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө. Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун күчүнө кирүү мөөнөтү «2027-жылдын 1-январында» белгиленген. Ушундан улам, Улуттук банк жарандарды сак болууга, санарип сом тууралуу жалган маалыматтарды, анын ичинде WhatsApp, Telegram жана башка мессенджерлер аркылуу таратылган билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок Жалал-Абад областынын аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын жаранына (Ж.Ы.М.) 17500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алуусуз нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгү тарабынан Кыргыз Республикасынын жаранына (Ж.Б.А.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 14.04.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 11.04.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 11.04.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 11.04.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 09.04.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 08.04.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 08.04.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 07.04.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 03.04.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 03.04.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 03.04.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 02.04.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 01.04.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 01.04.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 28.03.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 28.03.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 28.03.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 27.03.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 27.03.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 26.03.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 26.03.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 25.03.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 25.03.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 24.03.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 20.03.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 18.03.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 18.03.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 18.03.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 14.03.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 14.03.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 14.03.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 14.03.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 14.03.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 13.03.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 13.03.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 13.03.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 12.03.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 12.03.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 12.03.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 11.03.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 11.03.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 10.03.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 07.03.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 07.03.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 06.03.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 05.03.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 04.03.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 03.03.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 03.03.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 28.02.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 28.02.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 27.02.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 27.02.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 26.02.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 25.02.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 25.02.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 25.02.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 24.02.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 24.02.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 21.02.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 20.02.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 20.02.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 18.02.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 14.02.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 14.02.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 14.02.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 13.02.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 13.02.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 12.02.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 12.02.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 12.02.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 11.02.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 11.02.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 11.02.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 10.02.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 10.02.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 10.02.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 07.02.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 06.02.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 06.02.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 06.02.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 04.02.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 04.02.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 31.01.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 31.01.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 29.01.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 29.01.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 29.01.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 29.01.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 28.01.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 28.01.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 24.01.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 24.01.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 24.01.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 22.01.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 22.01.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 22.01.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 22.01.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 21.01.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 21.01.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 17.01.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 17.01.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 16.01.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 16.01.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 15.01.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 14.01.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 14.01.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 10.01.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 10.01.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 09.01.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 08.01.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 08.01.2025
Туруктуу шилтеме
Датасы: 31.12.2024
Туруктуу шилтеме
Датасы: 31.12.2024
Туруктуу шилтеме
Датасы: 31.12.2024
Туруктуу шилтеме
Датасы: 31.12.2024
Туруктуу шилтеме
Датасы: 31.12.2024
Туруктуу шилтеме
Датасы: 31.12.2024
Туруктуу шилтеме
Датасы: 30.12.2024
Туруктуу шилтеме
Датасы: 27.12.2024
Туруктуу шилтеме
Датасы: 27.12.2024
Туруктуу шилтеме
Датасы: 26.12.2024
Туруктуу шилтеме
Датасы: 24.12.2024
Туруктуу шилтеме
Датасы: 24.12.2024
Туруктуу шилтеме
Датасы: 24.12.2024
Туруктуу шилтеме
Датасы: 23.12.2024
Туруктуу шилтеме
Датасы: 23.12.2024
Туруктуу шилтеме
Датасы: 23.12.2024
Туруктуу шилтеме
Датасы: 20.12.2024
Туруктуу шилтеме
Датасы: 20.12.2024
Туруктуу шилтеме
Датасы: 19.12.2024
Туруктуу шилтеме
Датасы: 19.12.2024
Туруктуу шилтеме
Датасы: 19.12.2024
Туруктуу шилтеме
Датасы: 18.12.2024
Туруктуу шилтеме
Датасы: 18.12.2024
Туруктуу шилтеме
Датасы: 16.12.2024
Туруктуу шилтеме