Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2020-жылдын «25» ноябрындагы 

№ 2020-П-12/67-3-(НПА) 

токтому менен бекитилген 

 

 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) эсептери боюнча пайданы/чыгымды бөлүштүрүү боюнча  

НУСКОО  

 

1-глава.  

Жалпы жоболор 

1. Нускоонун аракети «ислам терезесине» ээ банктарды (мындан ары - банктар) кошо алганда, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктарга таркатылат. 

2. Нускоо пайданы/чыгымды эсептөө жана бөлүштүрүү, ошондой эле жеке адамдардын, жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын (мындан ары аманатчылар) банктык эсептери, банктык аманаттар (депозиттер) эсептери боюнча сый акыны (хиба) төлөө тартибин, ошондой эле аманатчылардын депозиттеринин негизинде түзүлгөн каржылоо пулдарын тескөө ыкмаларын аныктайт. 

3. Ушул нускоодо колдонулган терминдерди жана аныктамаларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жалпы кабыл алынган маанилерге ылайык түшүнүү зарыл.  

Ушул нускоонун алкагында да төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:  

Пайданы теңдештирүүгө кам бул, мудараба депозиттери боюнча кирешелүүлүктүн белгилүү бир деңгээлин колдоо максатында банктын (мударибдин) үлүшүн бөлүштүрүүгө чейин таза пайдадан бөлүнгөн суммалардын эсебинен банктын директорлор кеңешинин чечими боюнча түзүлгөн кам.  

Мында, директорлор кеңеши банктын жооптуу органына пайданы теңдештирүү камын тескөө боюнча төмөнкү иш-аракеттерди жүргүзүүгө ыйгарым укук бере алат:  

- пайданы теңдештирүүгө камдын өлчөмүн аныктоого жана бекитүүгө;  

- пайданы теңдештирүүгө камды пайдалануу жөнүндө чечим кабыл алууга. 

Инвестициялар боюнча тобокелдиктердин ордун жабууга кам (болгон болсо) аманатчылардын (инвестициялык эсеп ээлеринин) келечектеги инвестициялык чыгым тартуу тобокелдиктерин басаңдатуу максатында, банктын (мударибдин) пайдасынын үлүшү бөлүштүрүлгөндөн кийин инвестициялык эсеп ээлеринин пайдасынан бөлүнгөн сумма. Бул камды пайдалануу тартиби банктын директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүгө тийиш.  

Каржылоо портфелинин пулу бул окшош мүнөздөмөлөргө жана белгилерге ээ ээ каржылоону өзүнө камтыган банктын каржылоо портфелинин курамдык бөлүгү, мисалы: 

- каржылоо (мурабаха, иджара ж.б.) продукттарынын (келишимдердин) түрлөрү

- кирешелүүлүк нормалары, тармактар жана башка мүнөздөмөлөр, жана белгилер; 

- кардардын берилген каржылоонун ордун жабууга кабыл алынган башка менчиги; 

- кардарларга, анын ичинде мурабаха, истиснаа ж.б. келишимдери боюнча кийинчерээк өткөрүп берүү үчүн активдер.  

Сый акы (хиба) акча каражаттарын кард хасан, вади'а йад дамана келишимдеринин шарттарында жайгаштырган банк кардарларына, ошондой эле депозиттердин башка уруксат берилген түрлөрү боюнча төлөнүүчү материалдык сый акы түрү

 

2-глава. Каржылоо портфелинин пулдарын түзүү 

4. Банк пайданы/чыгымды бөлүштүрүүнүн жана активдердин курамында каржылоо портфелинин бир же бир нече пулдарын түзүүдө каржылоо портфелинин пулдарын тескөөнүн ачык-айкын жана так түзүмүн аныктоого тийиш. Алар банктык эсептердин, банктык аманаттар (депозиттер) эсептеринин ар башка түрлөрү аркылуу каржыланууга тийиш. 

Бул түзүмдө жайгаштыруу максаты, инвестициялык стратегия жана ар бир пулга тиешелүү тобокелдик, мөөнөттөрү, сый акыларды бөлүштүрүү өзгөчөлүгү, пайдада катышуу коэффициенти, кошумча төлөөлөр көрсөтүлүүгө тийиш. Мында, банк пулдардын кирешелерин/чыгашаларын эсепке алууга тийиш.  

5. Каржылоо портфелинин пулдары банктын жетекчилигинин чечими боюнча аныкталган, банктын жооптуу органынын чечими боюнча берилген документтердин негизинде жогоруда келтирилген түзүмгө ылайык банк тарабынан түзүлүүгө тийиш. Түзүмдү иштеп чыкканга чейин, каржылоо портфелинин пулдары берилген документтердин негизинде банктын төрагасынын жактыруусунан же банктын жетекчилигинин чечими боюнча аныкталган башка ыйгарым укуктуу жетекчинин жактыруусунан улам түзүлүшү мүмкүн. 

6. Көрсөтүлгөн түзүм банктын Шариат кеңеши тарабынан жактырылууга жана жактырылган күндөн тартып документ 30 күндүк мөөнөт ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына (мындан ары Улуттук банк) жөнөтүлүүгө тийиш. Пайданы/чыгымды бөлүштүрүү түзүмүндө мындан аркы өзгөрүүлөр да Шариат кеңеши тарабынан жактырылып, Улуттук банкка маалымдоо үчүн киргизилген өзгөртүүлөр жактырылган күндөн тартып 30 күн ичинде жөнөтүлүүгө тийиш.  

7. Банкта иштеп жаткан автоматташтырылган маалымат системасы болуусу зарыл, алар төмөнкүлөрдү бөлүштүрүүгө өбөлгө түзөт: 

1) депозиттерди; 

2) каржылоону, инвестицияларды жана акча каражаттардын башка жайгаштыруусун; 

3) кирешелерди жана чыгашаларды.  

8. Мудараба депозиттери банктын ички саясатына ылайык каржылоого, инвестицияларга жана жайгаштырууга багытталууга тийиш.  

Депозиттер банктын негизги каражаттарын (жер, курулуш, эмерек фурнитурасы, компьютерлер, материалдык эмес активдер сыяктуу) сатып алууга инвестицияланбайт, алар банктын иштеши үчүн колдонулат жана банк тарабынан өздүк булактардан/өздүк капиталдан сатып алынууга тийиш. 

9. Банктар банктын жетекчилигинин чечими боюнча аныкталган, банктын ыйгарым укуктуу органынын тиешелүү уруксатын алуу менен активдердин пулдарын тескөөнүн уюштуруу түзүмүнө ылайык банктар аралык операциялар үчүн казына операцияларынын пулдарын түзүшү мүмкүн. 

10. Мудараба инвестициялык эсептери боюнча келишимди түзүүдө банк депозиттик каражаттар багыттала турган каржылоо портфелинин пулун аманатчыга ачып көрсөтүүсү зарыл. 

11. Банктарга чет өлкө валютасында депозиттерди жайгаштыруу үчүн каржылоо портфелинин айрым пулдарын түзүү сунушталат. Чет өлкө валютасында депозиттерди тескөө иши ушул нускоого ылайык жүзөгө ашырылат. 

12. Банк каржылоо портфелинин пулуна банктын капиталын (ликвиддүү активдер/нак акча каражаттар түрүндө жеткиликтүү), мудараба (мударабанын чектелбеген эсептеринде), кард хасан жана вадиа йад дамана депозиттериндеги акча каражаттарды бириктире алат. Мында, банк кард хасан жана вадиа йад дамана келишимдеринин негизинде күндөлүк депозиттердин бардык тобокелдиктерин өзүнө алат. Андыктан банк пайданы/чыгымды эсептөө жана бөлүштүрүү үчүн банктын жайгаштырылган капиталы менен кард хасан жана вадиа йад дамана күндөлүк депозиттерин бириктириши мүмкүн. 

13. Банкта түзүлгөн жана тескелген каржылоо портфелинин ар бир пулу өздүк активдерге, милдеттенмелерге, кирешелерге жана чыгашаларга ээ «өзүнчө ишкана» катары каралат, алар кайсы болбосун убакытта идентификацияланышы, алардын көлөмүн аныктоо, текшерүү мүмкүн.  

 

3-глава. Кирешелерди жана чыгашаларды бөлүштүрүү  

14. Каржылоо портфелинин ар башка пулдары боюнча кирешелер жана чыгашалар бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук принциптери боюнча эсепке алынат.  

15. Тике чыгашалар каржылоо портфелинин тиешелүү пулунун эсебинен жабылат, ошол эле учурда каржылоо портфелинин пулун түзүү наркын кошо алганда, кыйыр чыгашалар (эмгек акы, негизги каражаттарды амортизациялоо ж.б.) банк тарабынан жабылат. 

16. Тике чыгашалар, каржылоо портфелинин пулунун каражаттарынын эсебинен жабылууга тийиш, анда иджара/иджара мунтахийя биттамлик келишимдери боюнча негизги каражаттардын эскириши (амортизация), материалдык баалуулуктарды жана товарларды сатып өткөрүүнүн өздүк наркы, каржылоо портфелинин пулунун активдерин камсыздоо/такафул чыгашалары, комиссиялык жыйымдар же документ түзүүгө чыгашалар (мамлекеттик алым жана жыйымдар, мамлекеттик бюджеттин пайдасына төлөнүлгөн салыктар), каржылоо портфелинин пулдарында белгилүү бир активдерге форс-мажордук жагдайлардын натыйжасында келтирилген зыяндан улам нарксыздануу/чыгымдар камтылышы мүмкүн.  

17. Банкта каржылоо портфелинин пулун тескөө түзүмүндө жана банктын жетекчилигинин пулду түзүү жөнүндө тиешелүү чечиминде башка тике чыгашалар, ошондой эле кайсы болбосун башка ушул сыяктуу чыгашалар көрсөтүлүшү мүмкүн, алар каржылоо портфелинин пулунун каражаттарынын эсебинен жабылууга тийиш. 

18. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 токтому менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга чегерүүлөр жөнүндө» жобого (мындан ары - жобо) ылайык жалпы камдарды түзүүгө кеткен чыгашалар пулдун дүң кирешесин эсептөөдөн алынып салынбайт. Ал эми аталган жобого ылайык атайын камдар пулдун дүң кирешесин эсептөөдөн алынып салынууга тийиш, анткени бул чыгашалар операциялык тобокелдиктердин (бузуулардын, иштен чыгышынын, уурдоонун ж.б.) натыйжасында камды түзүүгө карата чыгашаларды эске албаганда, киреше алууга байланыштуу келип чыккан. 

19. Банк каржылоо портфелинин пулунун каражаттарынын эсебинен укукка жатпаган иш-аракеттерден/шалаакылыктан/келишимдердин талаптарын бузгандыктан улам каржылоодон жана/же инвестициялардан жоготуулардын ордун жабууга тийиш эмес. Мудариб катары иш алып барган банк өздүк капиталынын эсебинен аманатчы алдында бул жоготуулардын ордун жабууга жооптуу болуп саналат.  

 

§1. Аманатчылардын каражаттары жана өздүк капитал ортосунда пайданы/чыгымды бөлүштүрүү 

20. Банктын капиталын каржылоо портфелинин пулундагы аманатчылардын каражаттары менен бириктирген учурда пулдун таза кирешеси/чыгымы банктын өздүк капиталы жана аманатчылардын каражаттары ортосунда аларды каржылоо портфелинин пулунда катышуунун тиешелүү үлүшүнө пропорционалдуу бөлүштүрүлөт. 

21. Мудараба келишимдери боюнча пайда жана чыгым пайданы/чыгымды эсептөө мезгили ичинде аманатчынын эсебиндеги орточо күндүк калдыктын негизинде эсептелинет жана бөлүштүрүлөт. Банктык аманат келишимине мүнөздүү тобокелдик даражасы келишимдин колдонуу мөөнөтүнө түз пропорционалдуу экендигин эске алганда, банк орточо айлык калдыкты эсептөөдө тартылган каражаттардын өлчөө коэффициентин колдонушу мүмкүн. 

Мында, банк тартылган каражаттарды өлчөө коэффициентин эсептөө тартибин өз алдынча иштеп чыгат.  

 

§2. Пайдада катышуу коэффициенти 

22. Мудараба инвестициялык эсеби боюнча пайдада катышуу коэффициенти жөнүндө маалымат банктын расмий интернет-сайтында жана башкы кеңсенин, филиалдын (филиалдардын)/сактык кассалардын кулактандыруулар тактасында банктын жооптуу органы тарабынан пайдада катышуу коэффициенти бекитилген күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде жайгаштырылышы зарыл. 

23. Депозитти кабыл алуу учурунда (айрыкча, мудараба инвестициялык эсебинин аманатчылары менен) аманатчылар менен макулдашылган, пайдада катышуу коэффициентин төмөндөтүү учурлары келишимде каралганын эске албаганда, пайдада катышуу коэффициенти банктык аманаттар (депозиттер) боюнча келишимдердин колдонуу мөөнөтү ичинде банк тарабынан төмөндө жагына кайра каралбашы мүмкүн. Пайдада катышуу коэффициенти кайра каралган учурда, банк аманатчылар менен кошумча келишимди түзүүсү зарыл. 

24. Банктын (мударибдин) үлүшү ушул Нускоого карата 1-тиркемеге ылайык пулдун кирешесинин жалпы көлөмүндө аманатчылардын каражаттарын колдонуудан пайданын бөлүгү катары аныкталат.  

25. Банктык эсептердин ар башка категорияларынын жана каржылоо портфелинин пулунда жайгаштырылган банктык аманаттар (депозиттер) боюнча кирешелүүлүк пулдарды тескөө түзүмүндө аныкталган белгилердин жана критерийлердин негизинде аныкталууга тийиш.  

26. Банк каржылоо портфелинин пулдарын тескөө жана пайданы бөлүштүрүү түзүмүндө келишимди алдын ала/мөөнөтүнөн мурда токтоткон жана/же депозиттер боюнча каражаттар алынган учурда сый акыны төлөөнүн негизги принциптерин көрсөтүүгө тийиш.  

 

4-глава. Камдар 

§1. Пайданы теңдештирүүгө кам  

27. Банк пайданы теңдештирүүгө камдар көлөмүн каржылоо портфелиндеги пулдун таза кирешесинин (каражаттарынын), б.а. тике чыгашаны жана чыгымды эсептен чыгаруу менен каржылоо портфелиндеги пулдун дүң кирешесинин эсебинен толуктап турат, эгер болсо. 

28. Пайданы теңдештирүүгө камдын калдыгы бухгалтердик журналдарда банк капиталындагы кам катары чагылдырылат.  

29.  Пайданы теңдештирүүгө камдын каражаттары шариат талаптарына ылайык келген жогору ликвиддүү активдерге жайгаштырылууга тийиш, ал эми бул каражаттардан алынган киреше да пайданы теңдештирүүгө камдардын эсебине чегерилет.  

30. Банк пул боюнча алынган пайда рыноктогу күтүүлөрдөн (кирешелүүлүктүн рыноктук чени) төмөн болгон учурда, аманатчылардын пайдасын жогорулатуу үчүн алынган пайданы теңдештирүүгө камдын суммасынын толук же айрым бөлүгүн пайдаланышы мүмкүн. 

31. Банкта пайданы теңдештирүүгө камдар болгон шартта, ал боюнча талаптар банктын типтүү депозиттик келишиминде көрсөтүлүүгө тийиш.  

 

§2. Инвестициялар боюнча тобокелдиктердин ордун жабууга кам  

32. Мудараба келишимине ылайык, портфелдин пулу инвестициялоодон чыгымга дуушарланышы мүмкүн. Ошондуктан, банктын директорлор кеңешинин чечими боюнча келечектеги инвестициялык жоготуулардын ордун жабуу үчүн инвестициялар боюнча тобокелдиктердин ордун жабууга кам түзүү жөнүндө чечим кабыл алынышы мүмкүн.  

33. Каржылоо портфелинин пулу боюнча жоготуулар, эгерде болсо, алардын орду инвестициялар боюнча тобокелдиктердин ордун жабууга камда жеткиликтүү калдыктын эсебинен жабылат. 

34. Банкта инвестициялар боюнча тобокелдиктердин ордун жабууга кам түзүлгөн шартта, ал боюнча талаптар банктын типтүү депозиттик келишиминде көрсөтүлүүгө тийиш.  

 

5-глава. Текшерүү жана аудит 

35. Депозиттер боюнча пайданын/чыгымдын бөлүштүрүлүшү банктын Шариат кеңеши жана көз карандысыз тышкы аудитору тарабынан текшерилүүгө тийиш.  

36. Банктын ички аудити ушул Нускоонун талаптарынын сакталышына жана аткарылышына жарым жылдык негизде тандалма текшерүү жүргүзүүсү зарыл. Талаптар сакталбаган/бузулган учурда, ички аудит кызматы банктын жетекчилигине жана Шариат кеңешине билдирүүгө милдеттүү.  

 

6-глава. Маалыматты ачып көрсөтүү 

37. Банк финансылык отчетунда төмөнкү маалыматты ачып көрсөтүүгө тийиш:  

1) алардын кирешелүүлүгүн көрсөтүү менен каржылоо портфелинин пулдарынын санын жана мүнөзүн; 

2) мудараба депозиттери жайгаштырылган бизнестин жана экономиканын багыты же сектору;  

3) пайданы бөлүштүрүү, чыгашаны таануу жана кам түзүү үчүн пайдаланылган тартип, ошондой эле алардын негизги компоненттери тууралуу кыскача маалымат; 

4) мудариб банктын үлүшүөлүштүрүлүүчү кирешенин өлчөмү жана пайызы); 

5) мудариб банктын таза пайдасынан аманатчыларга хиба катары өткөрүлүп берилген үлүшүнүн суммасы жана пайызы (эгер болсо)

6) жыл ичинде аманатчылар ортосунда бөлүштүрүлүүчү пайданын нормасына салыштырганда пайданын (кирешелүүлүктүн) алынган нормасы.  

38. Банктын расмий интернет-сайтында жана башкы кеңсесинин, филиалынын (филиалдарынын)/сактык кассаларынын кулактандыруулар тактасында маалыматты ачып көрсөтүү

1) банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептердин ар бир категориясында банктын (мударибдин) тиешелүү мезгилдеги жана мурдагы эки мезгилдеги банктын үлүшүнүн пайызы; 

2) банктык аманаттар (депозиттер) боюнча тиешелүү мезгил жана мурдагы эки мезгил үчүн кошумча төлөмдөр; 

3) акыркы эки жыл ичинде банктык аманаттар (депозиттер) боюнча бөлүштүрүлгөн айкын ай сайын пайда/чыгым; 

4) пайданы теңдештирүүгө камдын жана инвестициялар боюнча тобокелдиктердин ордун жабууга камдын өлчөмдөрү (эгер болсо).