Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 

2005-жылдын 16-сентябрында 132-05 номеринде каттоодон өткөн.  

   

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын   

2005-жылдын 25-августундагы №26/5   

токтому менен бекитилген   

   

Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик  

банктык отчет жөнүндө жобо  

  

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2005-жылдын 28-декабрындагы 41/7, 2007-жылдын 28-февралындагы N 10/4,  

2007-жылдын 28-мартындагы N 16/4, 2008-жылдын 28-майындагы N 22/10,  

2008-жылдын 28-майындагы N 22/12, 2008-жылдын 20-августундагы N 32/4,  

2008-жылдын 27-августундагы N 33/2, 2008-жылдын 17-сентябрындагы N 35/2,  

2008-жылдын 22-декабрындагы N 48/6, 2008-жылдын 22-декабрындагы N 48/3,  

2009-жылдын 11-майындагы N 24/1, 2009-жылдын 23-сентябрындагы N 38/14,  

2009-жылдын 16-декабрындагы N 49/8, 2010-жылдын 9-августундагы N 61/10,  

2010-жылдын 18-ноябрындагы N 85/3, 2011-жылдын 30-ноябрындагы N 67/8,  

2011-жылдын 21-декабрындагы N 69/15, 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1,  

2013-жылдын 26-июнундагы N 20/7, 2015-жылдын 15-июлундагы N 38/2,   

2016-жылдын 5-февралындагы №5/1, 2016-жылдын 11-апрелиндеги №17/5,   

2016-жылдын 15-июнундагы №25/1, 2016-жылдын 14-октябрындагы №42/3,  

2016-жылдын 30-ноябрындагы №47/5, 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА), 2017-жылдын 16-августундагы №2017-П-12/34-1-(НПА), 2017-жылдын 27-сентябрындагы №2017-П-10/42-4-(НПА), 2017-жылдын 13-декабрындагы №2017-П-12/51-13-(НПА), 2019-жылдын 27-февралындагы 2019-П-10-9-5-(НПА), 2019-жылдын 10-апрелиндеги №2019-П-12/19-3-(НПА), 2019-жылдын 28-июнундагы №2019-П-12\34-3-(НПА), 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-2-(НПА), 2020-жылдын 23-декабрындагы №2020-П-12/73-10-(НПА) - (акыркысы 2021 - жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет) токтомдорунун редакцияларына ылайык   

   

1. Жалпы жоболор  

  

 1.1. Бул жободо мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун бирдиктүү формасы аныкталган.   

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

  

1.2. ПРБО жөнүндөгү бул Жобонун аракети бардык коммерциялык банктарга, анын ичинде “ислам терезесине” ээ банктарга, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары  Улуттук банк) лицензия алышкан “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттикөнүгүү банкына (мындан ары  банктар) таркатылат.   

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы N67/8, 2012-жылдын 16-ноябрындагы N43/1 токтомдорунун редакцияларына ылайык)   

1.3. ПРБО бухгалтердик эсепке алуунун жана системадан тышкаркы эсепке алуунун маалыматтарынын негизинде түзүлөт.   

  

2. Максаттары жана милдеттери  

  

 2.1. ПРБО төмөнкү багыттар боюнча талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү максатында түзүлөт:   

а) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамында бекемделген милдеттердин аткарылышынын чегинде банктын финансылык абалына;   

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

б) ликвиддүүлүктү, төлөөгө жөндөмдүүлүктү жана кирешелүүлүктү камсыз кылуу боюнча чечимдерди кошо алганда, ишти жөнгө салууга тиешелүү чечимдердин банк жетекчилиги тарабынан кабыл алынышы үчүн банк ишине    

2.2. ПРБОнун башкы максаты  ушул Жобонун 2.1. пунктунда белгиленген максаттардын аткарылышына жетишүү үчүн банктын экономикалык жана чарбалык иши тууралуу так жана толук маалыматтарды берүү болуп саналат.   

3. ПРБОнун мазмуну жана берүү мезгил аралыгы  

 3.1. ПРБО белгиленген формада түзүлгөн жана банктын белгилүү бир мезгил ичинде аткарган иши жөнүндөгү отчетту түшүндүрүп, белгиленген мөөнөттө берилүүгөтийиш.    

3.2. Отчеттун жыйынтыкталган түрүндө берилиши, анын кыскача мазмуну, берүү мөөнөттөрү ушул Жобого карата 1-тиркемеде келтирилген.   

3.3. ПРБО 37 бөлүктөн турат.   

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 16-декабрындагы N49/8, 2013-жылдын 26-июнундагы N20/7 токтомдорунун редакцияларына ылайык)   

4. ПРБОну берүүнүн тартиби  

 4.1. Ар бир банкта ПРБОнун мазмуну толук камтылгандыгы, белгиленген мөөнөттө берилиши жана анын туура толтурулушу үчүн жооп берген кызматкер дайындалууга тийиш. ПРБонун мазмунуна тиешелүү бардык маалыматтар боюнча Улуттук банк менен өз ара иш алып баруу жоопкерчилиги да ошол кызматкерге жүктөлүүгө тийиш.   

4.2. ПРБО Улуттук банкка ушул Жобого карата 2-тиркемеде келтирилген ар бир отчет үчүн каралган мөөнөттө, кагазга чыгарылган формасында жана электрондук байланыш системасы (маалыматты электрондук алып жүрүүчүлөр) боюнча берилүүгө тийиш.    

4.3. Кагазга чыгарылып берилген отчеттор белгиленген мөөнөттө Улуттук банкка берилиши зарыл. Отчеттор тиешелүүлүгүнө жараша 1-18, 19-21, 22-25 жана 31-32 бөлүктөрдү камтыган башка-башка чапталган конверттерде берилүүгө тийиш. Конверттерде ПРБОнун тиешелүү бөлүктөрүнүн номерлери милдеттүү түрдөкөрсөтүлөт.   

(экинчи абзац Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы N 67/8 токтомуна ылайык алынып салынган)   

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 16-декабрындагы N49/8, 2011-жылдын 30-ноябрындагы N 67/8 токтомдорунун редакцияларына ылайык)   

4.4. ПРБОнун 1-37 бөлүктөрүнүн электрондук версиялары Улуттук банкка берилет. Мында ПРБОнун 19-37 бөлүктөрүнүн электрондук версиялары электрондук-цифралык кол тамгалар менен коштолууга тийиш. ПРБОнун тиешелүү бөлүктөрүнө карата белгиленген форматтагы коштомо каттарга да электрондук-цифралык кол тамгалар коюлууга жана электрондук форматта берилүүгө тийиш.    

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы N 67/8, 2013-жылдын 26-июнундагы N20/7 токтомдорунун редакцияларына ылайык)   

4.5. ПРБОдон кандайдыр бир дал келбей калуулар, каталар табылса, толук берилбей же анын формалары талапка ылайык толтурулбай калган учурларда, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү финансылык отчетторду чагылдыруу менен төмөнкү мөөнөттөрдө отчетту корректирокалоо зарылдыгы тууралуу банкка билдирет:   

- күндө берилүүчү жана жумалык отчеттор үчүн  2 жумуш күнү ичинде, ай сайын жана чейрек сайын берилүүчү отчеттор үчүн 3 жумуш күнү ичинде;   

- ай сайын берилүүчү отчет үчүн - 10 жумуш күнү ичинде;   

- чейректик отчет үчүн - 10 жумуш күнү ичинде;   

- жарым жылдык отчет үчүн  15 жумуш күнү ичинде;   

- жылдык отчет үчүн - 30 жумуш күнү ичинде.   

Корректировкаланган отчеттор банктын коштомо каты менен чогуу Улуттук банкка берилүүгө тийиш  күндө берилүүчү жана жумалык отчеттор 2 жумуш күнү ичинде, калган отчеттор 5 жумуш күнү ичинде.    

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы N 67/8 токтомунун редакциясына ылайык)   

4.6. Улуттук банк тарабынан ПРБО боюнча эч кандай сын-пикирлер билдирилбеген же болбосо Улуттук банктын сын-пикирлеринен кийин кайрадан оңдолуп чыккан жана банктын коштомо каты менен тастыкталган ПРБО Улуттук банк тарабынан кабыл алынган болуп эсептелинет.   

4.7. Коммерциялык банктардын областтар боюнча жайгашкан филиалдары башкы банк тарабынан консолидацияланган ПРБО берилгенден кийин отчеттук чейректен кийинки айдын 15ине чейинки мөөнөттө, Улуттук банктын тиешелүү областтык (регионалдык) башкармалыгына ПРБОнун төмөнкү бөлүктөрүнө тиешелүү маалыматты (электрондук жана кагаз түрүндө) чейрек сайын берип турууга тийиш

1-бөлүк. Баланстык отчет 

A. Активдер 

Б. Милдеттенмелер 

2-бөлүк. Пайдалар жана чыгымдар жөнүндө отчет:     

А. Пайыздык кирешелер 

Б. Пайыздык чыгашалар 

В. Пайыздык эмес кирешелер 

Г. Пайыздык эмес чыгашалар 

Д. Операциялык жана административдик башка чыгашалар  

2.А. Банк тарабынан «ислам терезеси» алкагында жүзөгө ашырылган операциялар боюнча пайдалар жана чыгымдар жөнүндө отчет.   

29-бөлүк. Депозиттер, кредиттер жана колдонулган пайыздык чендер жөнүндө отчет:  

А. «Кредиттер боюнча карыз» 

Б. «Бир мезгил ичинде берилген кредиттер» 

В. «Депозиттердин көлөмү» 

Г. «Бир мезгил ичинде кабыл алынган депозиттер» 

Коммерциялык банктардын филиалдары төмөнкү отчеттордун электрондук версиясын кошумча жөнөтүүгө милдеттүү:  

33-бөлүк. Бир ай ичиндеги кассалык жүгүртүүлөр тууралуу отчет  

34-бөлүк. Бир жума ичиндеги кассалык жүгүртүүлөр жөнүндө отчет..   

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы N 67/8, 2020-жылдын 23-декабрындагы №2020-П-12/73-10-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)    

4.8. 31-декабрга карата абал боюнча ПРБО жылдык отчет болуп саналат жана Улуттук банкка ушул Жобонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн мөөнөткө ылайык сунушталат. 

4.9. Тышкы аудиттин жыйынтыгы боюнча жылдык ПРБОдо корректировкалар бар болсо, ошол өзгөртүүлөр киргизилген отчеттун формасын кайсы бөлүгүндө өзгөртүүлөр киргизилгендиги жөнүндө түшүндүрмө менен сунушталат. Корректировкаланган отчеттор көз карандысыз аудитордук компаниянын корутундусун алгандан кийин 15 жумуш күндүн ичинде Улуттук банкка сунушталат.  

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы N 67/8, 2019-жылдын 27-декабрындагы №2019-П-12/68-2-(НПА), 2020-жылдын 23-декабрындагы №2020-П-12/73-10-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)     

4.10. Дем алыш күндөрү жана майрам күндөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Улуттук банк жана коммерциялык банктар үчүн жумуш күнү деп жарыяланган жана сунуш кылынган күндөр үчүн маалыматтар, ошол күндөрү банк иштегенине же иштебегенине карабастан, ПРБОдо камтылууга жана белгиленген мөөнөттөрдө берилүүгө тийиш. Мында, сом эквивалентиндеги чет өлкө валютасындагы маалыматтарды камтыган отчеттор Улуттук банктын отчетту түзүү күнүнөкарата белгиленген эсептик курсун пайдалануу менен түзүлүүгө тийиш.    

4.11. Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет белгиленген формада: ПРБОнун бөлүктөрүнүн барактарынын санын көрсөтүү менен номерленип, көктөлүп, мөөр басылып жана ушул отчетту түзүүгө жана берүүгө жооптуу кызматкердин кол тамгасын койдуруу менен берилүүгө тийиш.   

4.12. ПРБОдо отчеттук датага карата банктын иш жагдайы тууралуу так маалыматтарды камтылышы зарыл. Ай сайын, чейрек сайын жана жылдык ПРБОдо банктын жагдайынын туура чагылдырылышы банктын Директорлор кеңешинин төрагасы же төрага жок болгон учурда анын милдетин аткаруучу Директорлор кеңешинин мүчөсү, банк Башкармасынын Төрагасы, башкы бухгалтери жана отчеттун даярдалышына түздөн-түз жетекчилик кылган банк Башкармасынын мүчөсү тарабынан тастыкталууга тийиш.   

4.13. (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы N 67/8 токтомуна ылайык алынып салынган)   

5. Корутунду жоболор  

 5.1. Маалыматты өз убагында бербегендиги жана/же такталбаган маалыматты бергендиги, ошондой эле ПРБОну талапка ылайык толтурбагандыгы үчүн банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.    

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы N 67/8 токтомунун редакциясына ылайык)   

   

Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө жобонун №1 тиркемеси