Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын 13-июнундагы 

№ 2019-П-12/31-2-(НПА) 

токтомуна карата 

тиркеме 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө 

НУСКОО  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 31-мартындагы №2021-П-12/14-5-(НПА) токтомунун редакцияларына ылайык) 

Бул нускоодо ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу режимине жана алар боюнча операцияларды жүргүзүү тартибине карата минималдуу талаптар аныкталган.  

Нускоонун талаптары, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, анын ичинде "ислам терезесинин" алкагында операцияларды жүзөгө ашырган банктарга жана депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларга жана кредиттик союздарга (мындан ары - банктар) таркатылат.  

Бул Нускоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, банктык эсеп же банктык аманат (депозит) келишиминде камтылгандардан тышкары, башка эсептерди ачуу жана жабуу тартибине таркатылбайт.  

1-глава. Жалпы жоболор  

1. Аманаттарды тартуу укугу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан берилүүчү лицензиянын негизинде иш алып барган банктарга таандык.  

Банктын банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу тартибин жөнгө салган ченемдик документтери (саясаттар, жоболор ж.б.) Шариат кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш.  

2. Банктын ички документтеринде банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча операцияларга тиешелүү бардык төмөнкүдөй негизги талаптар чагылдырылууга тийиш:  

- банктык эсептерди ачуу тартиби;  

- банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептерди ачуу тартиби;  

- ошол эсептерде жайгаштырылган акча каражаттарын тескөө шарттары;  

- банктык аманат (депозит) келишимдери боюнча акча каражаттарын жана чегерилген сый акыны/пайда үлүшүн төлөө тартиби;  

- кардардын укуктары жана банктын кардар алдындагы милдеттенмелери;  

- банктык эсептерди, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептерди жабуу тартиби;  

- банкта маалыматты сактоо тартиби ж.б., мындан тышкары, анда банкта каралган ички отчеттордун бардык түрлөрү, ошондой эле банктардын өз кардарларын ушул нускоонун талаптарына ылайык иштелип чыккан идентификациялоо жана иликтөө жол-жоболору камтылууга тийиш.  

3. Террористтик же экстремисттик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) байланыштуу операциялардын жүргүзүлүшүнө бөгөт коюу максатында, банктар өз иш чөйрөсүнүн татаалдыгына жана масштабына, анын ичинде кардар менен түздөн-түз байланышуусуз эле, аралыктан туруп ишке ашырылган операциялар (бүтүмдөр) боюнча милдеттүү түрдө жана толугу менен сакталууга тийиш болгон ички контролдоо саясаттарын жана жол-жоболорун иштеп чыгууга милдеттүү.  

4. Банктын бир кызматкери кардарды башынан тартып акырына чейин тейлөө операцияларын жүргүзүүсүнө жол бербөө максатында, банк кызматкерлеринин милдеттери так бөлүштүрүлүүгө жана банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин кызматтык иш боюнча нускоолорунда чагылдырылууга тийиш. Банк кызматкерлери өз милдеттеринин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.  

5. Банк кардарга эсеп ачууда милдеттүү түрдө документтердин формаларын толтуруу эрежелери, аманат (депозит) боюнча чегерилген сый акыны/пайда үлүшүн эсептөө тартиби жана башка маселелер боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө тийиш.  

6. Банктык эсеп келишимин жана банктык аманат (депозит) келишимин түзүү банктык эсепти жана банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсепти ачуунун негизи болуп саналат.  

Банктык эсеп, банктык аманат (депозит) эсеби, банкка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган бардык документтер сунушталган учурда гана, ошондой эле кардар жана бенефициардык ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык идентификацияланган шартта гана ачылат.  

Банктар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, анын ичинде Улуттук банктын бул Нускоодо көрсөтүлбөгөн башка талаптарды жана банктык эсептерди, банктык аманат (депозит) боюнча эсептерди ачуу жана жүргүзүү, каражаттарды эсепке алуу жана Улуттук банкка ошол эсептер боюнча отчет сунуштоо, ошондой эле айрым юридикалык жактарды алардын банктык эсептери менен иш алып барууда тейлөө тартибин белгилеген ченемдик укуктук актыларынын талаптарын аткарууга милдеттүү.  

7. Банктар кардардын акча каражаттары менен жүзөгө ашырылган операциялары тууралуу маалыматтар камтылган жазууларды, ошондой эле кардарды жана бенефициардык ээлерин идентификациялоого тиешелүү маалыматтарды жана жазууларды сактоо тартибин жана мөөнөттөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ылайык так сактоого тийиш. Мындай жазууларда камтылган маалыматтар, аларды кароого алуу жана тергөө ишин жүргүзүү үчүн тиешелүү далилдерди сунуштоо максатында айрым операциялар тууралуу маалыматтарды калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү үчүн жетиштүү болууга жана анда эң аз дегенде бүтүмдүн суммасы, эсеп номери, эсептин түрү, бүтүм келишилген валюта, эсептин аталышы, күнү, бүтүмдүн түрү, төлөм багыты сыяктуу маалыматтар камтылууга тийиш. Эсеп ачууда сунушталган документтер ушул Нускоонун талаптарына ылайык, ар бир кардар боюнча түзүлгөн атайын көктөмөдө, келишимдин түп нускасы менен бирге банкта сакталууга тийиш.  

8. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте банктык эсеп, банктык аманат (депозит) келишимин токтотуу банктык эсепти, банктык аманат (депозит) эсебин жабуу негиздеринен болуп саналат.  

2-глава. Колдонулган терминдер жана аныктамалар  

9. Бул Нускоодо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулган:  

Банктык аманат (депозит) - бул, белгилүү бир мөөнөткө же болбосо талап кылганга чейин же болбосо түзүлгөн келишимде аныкталган белгилүү бир жагдай (учур) келип чыкканга (келип чыкпаганга) чейин сактоо жана киреше алуу максатында жеке же юридикалык жактар банкка салган улуттук валютадагы же чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттары.  

Банктык эсеп - банк менен кардар ортосунда банктык аманатты (депозитти) кабыл алуу жана/же банктын банктык эсеп, банктык аманат (депозит) боюнча эсеп келишиминде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Шариат стандарттарында каралган жана банктык тажрыйбада адаттагы ишкердик мамилелерде колдонулган, кардарды банктык тейлөөнү ишке ашырууга байланыштуу операцияларды жүзөгө ашыруу боюнча келишимдик мамилелерди чагылдыруу ыкмасы.  

Вади'а йад дамана - гарантиялык сактоо келишими, анын шарттарына ылайык банк ага ишеним менен берилген каражаттарды тескөөгө жана аларды жайгаштыруудан пайда алууга укуктуу. Вади'а йад дамана депозитине карата талап боюнча төлөнүүчү аманат (депозит) эрежелери таркатылат.  

Кард хасан - бул, ага ылайык бир тарап (карыз берүүчү) экинчи тарапка анын биринчи эле талабы боюнча гарантиялык кайтаруу шарттарында насыя түрүндө (сактоо) капитал (акча каражаттарын) сунуштаган келишим.  

Мудараба - ага ылайык бир тарап (инвестор) капитал (акча каражаттарын) сунуштаган, ал эми экинчи тарап - мудариб (банк) ошол капиталды кабыл алып, аны пайда алуу максатында тескөөгө алып, түшкөн пайда келишим шарттарына ылайык тараптар ортосунда пропорционалдуу негизде бөлүштүрүлгөн келишим.  

Хиба (сый акы) - акча каражаттарын кард хасан, вади'а йад дамана келишимдеринин шарттарында жайгаштырган банк аманатчыларына төлөнүүчү материалдык сый акы түрү.  

Ушул Нускоодо колдонулган башка терминдерди жана аныктамаларды алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы маанисине ылайык түшүнүү зарыл.  

3-глава. Банктык эсептердин, банктык аманат (депозит) боюнча эсептердин түрлөрү  

10. Банктык эсептер, банктык аманат (депозит) боюнча эсептер улуттук валютада сыяктуу эле, чет өлкө валютасында ачылышы жана жүргүзүлүшү мүмкүн.  

Банктык эсептер үчүнчү жактар менен төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү ишке ашыруу үчүн каралган жана алар төмөнкүлөргө бөлүнөт:  

- корреспонденттик эсептер;  

- эсептешүүүндөлүк) эсептери;  

- атайын эсептер;  

- банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер.  

11. Корреспонденттик эсеп - бул банктык эсеп, анда бир банк башка бирөөнүн тапшыруусу жана анын эсебинен келишимдин негизинде ишке ашырган эсептер чагылдырылат.  

12. Эсептешүүүндөлүк) эсеби - бул, акча каражаттарын сактоо жана банктык төлөм карттарды колдонуу менен ишке ашырылган эсептешүүлөрдү кошо алганда, банктардан тышкары юридикалык жактар жана жеке ишкерлер менен банктык эсеп келишими боюнча (акчалай түшүүлөр, төлөөлөр, башка жеке адамдар же юридикалык жактар менен өз ара эсептешүүлөр, башка финансы-кредит уюмдарына которуулар), ошондой эле жеке адамдар (резидент) - айыл чарба өндүрүүчүлөр менен ушул нускоонун талаптарына ылайык күндөлүк эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн каралган эсеп. Эсептешүү эсеби кард хасан келишимин түзүү аркылуу ачылышы мүмкүн.  

Банк аларга өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбасы багыттарында айыл чарба иштерин жүргүзүү жана өнүктүрүү максатында каржылоо берүүдө жердин менчик ээси болуп саналган же жер иштеткен же болбосо мал чарбасы менен алектенген жеке адамдарга (резиденттерге) - айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө эсептешүүүндөлүк) эсебин ачууга укуктуу. Мында, жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон\кайра каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документти (күбөлүктү), ошондой эле мамлекеттик каттоодон өтүүсүз эле, ишкердикти жүргүзүп жаткандыгын тастыктаган документтин (патенттин) көчүрмөсүн берүү алардан талап кылынбайт. Бирок, жеке адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, жер иштетүүгө укугун же мал-жандыкка ээ экендигин тастыктаган документтерди банкка берүүгө милдеттүү. Каржылоону максаттуу пайдалануудагы эсептешүүлөр жана төлөмдөр, ошондой эле каржылоо боюнча утурумдук төлөмдөр нак жана нак эмес формада жүзөгө ашырылышы мүмкүн.  

Эсептешүүүндөлүк) эсептен каражаттар алдын ала билдирүүсүз эле кардардын биринчи эле талабы боюнча төлөнөт. Бардык эсептешүү-акча операциялары бардык зарыл реквизиттерин милдеттүү түрдө көрсөтүү менен төлөм документтери боюнча жүргүзүлүүгө тийиш.  

Эсептешүүүндөлүк) эсеп боюнча бардык операциялар кардардын буйруусу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуттук банктын 2005-жылдын 9-сентябрындагы № 420/21/4 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында нак эмес эсептешүүлөр жөнүндө" жобого ылайык жүзөгө ашырылат.  

13. Атайын эсептер - бул, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, келишимде каралган белгилүү бир жагдайлар орун алганга чейин же белгилүү бир милдеттенмелерди аткарууга чейин акча каражаттарды эсепке алуу жана блокко коюу үчүн каралган, банк тарабынан юридикалык жактарга жана жеке адамдарга ачылуучу эсептер.  

14. Банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер каражаттарды сактоо жана топтоо, ошондой эле төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн каралган. Банктык аманаттар (депозиттер) боюнча сый акы төлөнүшү мүмкүн. Келишим шарттарына ылайык банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер төмөнкү түрлөргө бөлүнөт:  

- кард хасан/вади'а йад дамана талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) боюнча эсептер;  

- мөөнөттүү банктык аманат (депозит) боюнча эсептер (мындан ары - мудараба инвестициялык эсеби);  

- кайтаруунун башка шарттарында аманат келишими (инвестициялык агенттик макулдашуунун негизинде түзүлүшү мүмкүн - мындан ары - агенттик макулдашуунун инвестициялык эсеби).  

15. Талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) боюнча эсеп - бул, талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) келишими боюнча акча каражаттарын сактоо жана топтоо, ошондой эле төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн колдонулуучу эсеп. Талап боюнча төлөнүүчү депозит эсеби кард хасан же вади'а йад дамана келишимдери боюнча тейлөөгө алынат.  

Кард хасан келишиминин шарттары боюнча аманатчы банкка акча каражаттарын карызга кайтарымдуулук шарттарында жана ал үчүн акы алуусуз жана кардар аларды эркин пайдалануусу шартында сунуштайт, ал эми банк, өз кезегинде, тартылган ресурстарды өз инвестициялык саясатына ылайык пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ.  

Кард хасан, вади'а йад дамана келишимдерине ылайык гарантияланган киреше каралбайт, ал эми сый акы (хиба) банктын чечими боюнча төлөнөт.  

Кард хасан жана вади'а йад дамана келишим шарттары боюнча банк эсеп ээсине чек китепчесин же болбосо төлөм картын пайдалануу менен тейлөөгө алышы ыктымал.  

Кард хасан жана вади'а йад дамана келишиминде, банктын күндөлүк эсепти жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөө суммасы көрсөтүлүшү мүмкүн.  

Банк ишинде кард хасан, вади'а йад дамана келишиминин шарттарында тартылган акча каражаттар банктын ресурстук базасын түзөт жана талап боюнча төлөнүүчү депозит катары каралат.  

Банк, күндөлүк ликвиддүүлүктүн талап кылынган деңгээлин, ошондой эле кард хасан жана вади'а йад дамана келишими боюнча милдеттенмелерди өз учурунда аткаруу мүмкүнчүлүгүн колдоого алуу максатында, кассада же болбосо корреспонденттик эсепте жетиштүү акча каражаттар көлөмүн колдоосу зарыл.  

Кард хасан жана вади'а йад дамана келишимдеринин өзгөчөлүгү катары банктын кардарлардан алынган акча каражаттарын толук көлөмдө кайтарылышын гарантиялоо саналат. Кардар банктын тобокелдиктери үчүн жоопкерчилик тартпайт жана банктын кирешесинде катышпайт.  

Кард хасан жана вади'а йад дамана келишими боюнча ачылган жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) эсебине кардардын өздүк каражаттарынан тышкары, анын эмгек акысы, автордук гонорарлары, пенсиясы, алименттери, социалдык жөлөк пулдары, башка банктык эсептеги каражаттар, мурастоого байланыштуу төлөмдөр, эсеп ээсине таандык жеке мүлктү сатуу үчүн төлөм, акча которуулар жана каржылоо боюнча төлөмдөрдү кошо алганда, башка акчалай түшүүлөр жана төлөмдөр чегерилиши мүмкүн. Жеке адамдын кард хасан жана вади'а йад дамана талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) эсебинен кардар өз төлөмдөрүн, анын ичинде өз максаттарында сатып алган товарлар (сунушталган кызматтар) үчүн төлөмдөрдү, каржылоо үчүн төлөөлөрдү, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана өзүнө тиешелүү башка ушул сыяктуу төлөөлөрдү ишке ашырышы мүмкүн.  

16. Мудараба инвестициялык эсептери - бул банк тарабынан мудараба келишиминин негизинде тартылган каражаттар чагылдырылган кардарлардын эсептери. Мудараба келишиминин түрүнө жараша инвестициялык эсеп чектелген же чектелбеген болушу мүмкүн. Мудараба инвестициялык эсеби акча каражаттарын сактоо жана топтоо үчүн колдонулат жана үчүнчү жактар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн каралган эмес.  

Пайданы бөлүштүрүү тартиби так болууга жана анда кандайдыр бир белгисиздиктер же келишпестиктер болбоого тийиш. Мудараба келишиминин алкагында алынган пайда келишимде каралган тартипте жана алынган пайданын үлүштүк пайыздык катышына жараша бөлүштүрүлөт. Тараптардын пайда үлүшүн алардын биринин капитал үлүшү же белгиленген сумма түрүндө аныктоого жол берилбейт.  

Пайда үлүшүн аманатчы жана банк ортосунда бөлүштүрүү пайдада катышуу коэффициентине (КУП) катышуусуна жараша белгиленет. Банкта келишим түрүнө, тобокелдик деңгээлине, аманат өлчөмүнө жана мөөнөтүнө жараша матрица/пайдада катышуу коэффициентинин торчосу, ошондой эле аларды эсептөө боюнча методикалык көрсөтмөлөр, нускоолор бекитилүүгө тийиш.  

Инвестициялык эсеп боюнча пайда үлүшү ар бир мудараба келишими боюнча ал банкка түшкөн күндөн кийинки күндөн тартып кардарга кайтарылган күнгө чейин же болбосо аны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча эсептен чыгарылган күнү кардардын эсебинен аманат суммасы боюнча чегерилет.  

Эгерде мудараба келишимин аткаруунун жүрүшүндө чыгым келип чыкса, аманатчы банкка сунуштаган акча каражаттар суммасынын өлчөмүндө чыгым тартат, ал эми банк мындай учурда эмгеги үчүн сый акы албайт. Чыгымдарды бөлүштүрүүнүн мындай эрежеси, ошол чыгым банктын күнөөсү боюнча келип чыкпаган учурларга карата таркатылат.  

Мудараба келишими төмөнкү түрлөрдө түзүлүшү мүмкүн:  

1) чектелген (атайы) мудараба келишими, анын шарттары боюнча инвестор банк инвестициялоосу үчүн активдердин же объекттердин түрлөрүн белгилейт. Мында ар бир инвестициялоо активи/объекти боюнча банк менен аманатчы ортосунда өзүнчө келишим түзүлөт;  

2) чектелбеген (жалпы) мудараба келишими, анын шарттарына ылайык банк инвестор тарабынан сунуштаган каражаттарды өз инвестициялык саясатына ылайык пайдаланууга укуктуу;  

3) ачык мудараба келишими, анын шарттарына ылайык инвестор банк тарабынан сунушталган акча каражаттарын мөөнөтүнөн мурда (биринчи эле талабы боюнча) алууга укуктуу. Бул учурда банк инвесторго акыркы толук мезгил үчүн түшкөн пайданы төлөп берет.  

Мудараба инвестициялык эсеби боюнча банктык аманаттын (депозит) негизги суммасына бөлүп-бөлүп каражат салуу жана/же банктык аманаттын (депозит) негизги суммасын банктык аманат (депозит) келишиминин шарттарына ылайык бара-бара алуу мүмкүнчүлүгү каралган. Банк, ал боюнча банктык аманаттын (депозит) негизги суммасын бара-бара алууда пайда чегерилбей турган же аз өлчөмдө гана чегериле турган сумманы белгилеши мүмкүн.  

Эгерде аманатчы мөөнөтү өткөндөн кийин мудараба боюнча банктык аманат суммасын кайтарууну талап кылбаса, келишимде башкасы көрсөтүлбөсө, келишим кард хасан талап боюнча төлөнүүчү аманат (депозит) шарттарында узартылган катары саналат.  

Мудараба инвестициялык эсеп келишиминин мөөнөтү өткөндөн кийин аманат (депозит) суммасын көбөйтүү же азайтуу менен ал жаңы мөөнөткө кайрадан таризделиши мүмкүн.  

Банк, аманатчынын талабы түшкөн учурдан тартып үч жумуш күнүнөн кечиктирбестен ага эсептери боюнча көчүрмөнү сунуштоого тийиш.  

Инвестициялык эсеп ээлери өз инвестициялык эсептерине тиешелүү бардык зарыл маалыматтан толук пайдалануу укугуна ээ, бул алардын банктагы өз каражаттарын жайгаштырууда инвестициялык эсептерди туура тандоосуна жана чечим кабыл алуусуна өбөлгө түзөт, ошондой эле банктын анын каражаттарын инвестициялоосуна мониторинг жүргүзүүгө укуктуу, бул банктын инвестицияларды тескөө ишине кийлигишүү болуп саналбайт.  

17. Агенттик келишимдин инвестициялык эсебин ачууда кардар банкты анын каражаттарын тескөө боюнча агент катары дайындайт.  

Инвестициялык агенттик келишим - бул, кардардын акча каражаттарын акы төлөп берүү же акысыз негизде, пайда алуу үчүн банкка берүүсү.  

Эгерде агенттик келишимди түзүүдө акы төлөө каралса, сый акы белгиленген сумма түрүндө же болбосо инвестицияланган каражаттардан үлүш түрүндө, баарына белгилүү болгудай аныкталышы зарыл. Алынган бардык пайда аманатчынын укугу болуп саналат, мында күтүлгөн пайда эске алынбайт, ал эми ашкан сумманы банк толугу менен же анын бөлүгүн агенттик сый акыга кошумча демилге (бонус) катары алууга укуктуу.  

Сый акы менен катар эле банк - инвестициялык агент анын функцияларын талаптагыдай аткаруусуна түрткү берүү катары пландык көрсөткүчтөн ашкан бардык сумманы же анын бир бөлүгүн алуу шартын караштырышы мүмкүн.  

Инвестициялык агенттик келишимди аткаруунун жүрүшүндө алынган чыгымдын орду тарткан чыгым өлчөмүндө аманатчы тарабынан, бирок банкка сунуштаган акча каражаттардын суммасынан ашпаган өлчөмдө жабылат, мында кыянаттык менен пайдалануу/шалаакылык учурлары же банк тарабынан агенттик келишимдин шарттары бузулган учурлар эске алынбайт. Бул учурда чыгым үчүн жоопкерчилик ишенимдин негизинде иш алып барган банкка жүктөлөт. Тарткан чыгымдын өлчөмүнө жана себептерине көз карандысыз банк сүйлөшүлгөн сый акы суммасын алат.  

4-глава. Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептердин укуктук режими  

18. Жеке адамдар жана юридикалык жактар бир же бир нече банкта банктык эсепти, банктык аманат (депозит) эсебин (мындан ары - эсеп) ачууга жана ошол эсептердеги каражаттарын өз алдынча тескөөгө укуктуу.  

19. Эсептерди ачууда жана жүргүзүү учурунда чет өлкөлүк адамдар жана юридикалык жактар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкасы каралбаса, Кыргыз Республикасынын жеке адамдары жана юридикалык жактары сыяктуу эле бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ болот.  

20. Банк жашыруун эсептерди, документ көрсөтүүчүгө эсептерди (аманаттарды) ачууга жана жүргүзүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Нускоонун талаптарына ылайык, банк-корреспондентти, кардарларды идентификациялоосуз жана бенефициардык ээсин тактоосуз кандай болбосун операцияларды жүзөгө ашырууга укугу жок.  

21. Банк кардарга эсеп ачуудан же эсеп боюнча операцияларды жүргүзүүдөн төмөнкү учурларда баш тартууга тийиш:  

- эсеп ачуу жана ал боюнча операцияларды жүргүзүүгө тиешелүү талаптарды аткаруу, кардарды идентификациялоо жана бенефициардык ээсин аныктоо үчүн зарыл болгон тиешелүү документтер берилбесе;  

- айкын такталбаган документтер берилсе.  

Мында, банк акча каражаттары же мүлк кылмыш жолу менен алынган киреше же террористтик же экстремисттик ишти каржылоого байланыштуулугу же ушул максатта колдонула тургандыгы тууралуу шектенүүлөр пайда болсо же шектенүүгө негиздер болгон учурда, тиешелүү билдирүүнү (өз шектенүүлөрүн баяндап жазуу менен) белгилеген бир тартипте кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүүгө тийиш.  

Эгерде кардардын террористтик же экстремисттик иштерге же массалык кыргын салуучу куралды таркатууга катышы бардыгына тиешелүү Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине ылайык алынган маалыматтар болсо, банк кардарга алдын ала маалымдоосуз, ошол кардардын каражаттары менен ишке ашырылуучу операцияларды (бүтүмдөрдү) 3 (үч) жумуш күнүнө токтотуп жана/же аларга бөгөт коюуга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча иш алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте билдирүүгө тийиш.  

Токтотулган операциялар (бүтүмдөр) же бөгөт коюлган каражаттар менен андан аркы иш кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча иш алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин негизинде жүргүзүлөт.  

22. Эсеп ачууда жана аны жүргүзүүдө банк, ушул Нускоонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн талаптарга ылайык "өз кардарыңды бил" саясатын так сактоого тийиш.  

23. Эсеп ачуу банк менен кардар ортосундагы укуктук мамилелердин уланышына алып келет, бул мамилелер банктык эсеп келишими же банктык аманат (депозит) келишими боюнча тараптардын өз ара милдеттенмелери толук төлөнүп, эсеп жабылгандан кийин гана токтотулат. Банктык эсеп келишими кол коюлган учурдан тартып, ал эми банктык аманат (депозит) келишими - банктык аманат (депозит) суммасынын банкка аманат (депозит) эсебине келип түшкөн күндөн тартып түзүлгөн катары эсептелет.  

Банктык эсеп келишиминде эсептеги акча каражаттарын, электрондук байланыш каражаттарын жана башка документтерди Кыргыз Республикасынын "Ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамына ылайык, анда өз кол тамгасынын аналогдорун, электрондук кол тамгасын, факсимиль кол тамгасын, коддорду, паролдорду, ошондой эле тескөө укугу ыйгарым укуктуу адам тарабынан берилгендигин тастыктаган башка каражаттар аркылуу эсепте турган акча каражаттарын тескөө укуктарын күбөлөндүрүү каралышы мүмкүн.  

24. Эсеп ачууда банк, кардар өз таламында же бенефициардык ээсинин таламында иш алып барып жаткандыгын аныктоого тийиш. Эгерде кардар бенефициардык ээсинин пайдасында иш алып барса, банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бенефициардык ээсин идентификациялоого тийиш. Банк кардардан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык, бенефициардык ээси жөнүндө маалыматтарды талап кылууга укуктуу.  

Кардар алардын негизинде бенефициардык ээсинин акча каражаттарын тескөөгө алып, бенефициардык ээсинин таламында иш алып барууга тийиш болгон документ катары төмөнкүлөр сунушталууга тийиш:  

- агенттик келишим;  

- бенефициардык ээсинин ишеним каты, ал ишеним кат мүлктү тескөөгө жана анын таламында иш алып барууга укук берет;  

- бенефициардык ээси менен капиталдын үлүшүнө номиналдык ээлик кылуучу ортосунда түзүлгөн номиналдык сервис кызматын сунуштоо келишими;  

- бенефициардык ээсинен баалуу кагаздардын номиналдык ээси бенефициардык ээсинин таламында кызматтарды сунуштай тургандыгы жөнүндө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат;  

- номиналдык директорго уюмдун ишин жүргүзүүгө ыйгарым укук чегерилгендиги тууралуу бенефициардык ээсинен башкы ишеним кат;  

- бенефициардык ээсинин таламында иш алып бара тургандыгы тууралуу номиналдык ээлик кылуучунун тастыктамасы (өтүнүч каты) (б.а. менчикте тургандардын ж.б. ишеним боюнча тескөөгө алынышы жөнүндө декларация);  

- бенефициардык ээсинин номиналдык директор дайындалгандыгы тууралуу тастыкмасы;  

- бенефициардык ээсине капитал үлүшүнүн тиешелүүлүгү жөнүндө күбөлүк же анын бенефициардык ээсине өткөрүлүп берилгендигин далилдеген кол тамга коюлган (өткөрүп берүү жазуусу) бланк.  

Документтердин бул тизмеги дагы толукталышы мүмкүн. Банк бенефициардык ээсин идентификациялоо үчүн зарыл кошумча документтерди жана маалыматтарды кардардан талап кылууга жана тиешелүү документтер берилгенге чейин эсеп ачпоого укуктуу.  

25. Эгерде, ушул Нускоонун 24-пунктунун талаптарына ылайык банкка берилген документтер чет өлкө расмий документтерин легалдаштыруу талабын алып салган, 1961-жылдын 5-октябрында кабыл алынган Гаага конвенциясынын катышуучу өлкөсү болуп саналбаган өлкөдө берилген болсо, аларды Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын Консулдук кызматында легалдаштыруу зарыл.  

26. Эгерде, ушул Нускоонун 24-пунктунун талаптарына ылайык банкка берилген документтер чет өлкө расмий документтерин легалдаштыруу талабын алып салган, 1961-жылдын 5-октябрында кабыл алынган Гаага конвенциясынын катышуучу өлкөсү болуп саналган өлкөдө берилген болсо, алардын аныктыгы апостиль мөөрү менен тастыкталууга тийиш.  

27. Ушул Нускоонун талаптарына ылайык банкка берилген документтин түп нускасы чет тилде толтурулган болсо, банкка Кыргыз Республикасынын расмий же мамлекеттик тилинде которулган, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн алардын котормосу сунушталышы зарыл.  

28. Эсеп ачуу учурунда банкка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандардан тышкары, кандайдыр бир башка документтерди кардардан талап кылууга тыюу салынат.  

29. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары сакталган шартта, анын эсеби жөнүндө зарыл маалыматтарды көрсөтүү менен кардардын эсебине үчүнчү жактардын атынан келип түшкөн акча каражаттары чегерилиши мүмкүн.  

Эгерде, акча каражаттары анын эсебине түшкөн учурдан тартып аманатчынын укугуна ээ болуп же ошол укукка негизделген баштапкы талапты банкка койгон же болбосо банктык аманат (депозит) келишиминде башкасы каралбаса, мындай укуктардан пайдалануунун башка ыкмасы аркылуу банкка ал тууралуу билдирген үчүнчү жактын атынан кардар эсеп ачкан учурда, банк ошол үчүнчү жакты тастыктоого жана анын ишине иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген маалыматтарды жана документтерди алууга милдеттүү. Үчүнчү жактын атына банктык аманат (депозит) келип түшкөн учурда банк үчүнчү жакка анын эсебине акча каражаттары түшкөндүгү тууралуу маалымдоого милдеттүү. Анын атына банктык аманат (депозит) салынган үчүнчү жак андан баш тарткан учурда, үчүнчү жактын атынан банктык аманат (депозит) келишимин түзгөн жак аманатты (депозитти) кайра кайтарып алууга же өз атына котортууга укуктуу.  

30. Келишимде каралган кайтарып берүү боюнча башка шарттарда салынган аманаттарды (депозиттерди) эске албаганда, эсептен акча каражаттары кардардын баштапкы талабы боюнча бөлүп-бөлүп же толугу менен төлөнүп берилүүгө тийиш. Акча каражаттарынын сакталышы, кардардын баштапкы талабы боюнча алардын берилиши банк тарабынан гарантияланат.  

31. Банк иши өзгөчө мүнөзгө ээ болгон же анын ишине чектөөлөр белгиленип, ошондон улам банк айрым бир кардарларга эсеп ачып же эсептешүү операцияларын жүргүзгөн (мисалы, банк юридикалык жактар менен гана иш алып барып же лицензиясына чектөөлөр белгиленген учурда) учурларды эске албаганда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, банк эсеп ачуудан баш тартууга укугу жок.  

32. Банкка агенттик келишимдерди, ошондой эле жеке адамдар, юридикалык жактар жана төмөнкүлөргө байланыштуу иштерди аткарууда же кызматтарды сунуштоодо ортомчу катары иш алып барган жеке ишкерлер менен башка келишимдерди түзүүгө жана бүтүмдөргө келишүүгө тыюу салынат:  

- кардар эсептерин ачууга/жабууга;  

- банктын корреспонденттик эсебин ачууга/жабууга;  

- кардар эсептеринен каражаттарды эсептеп алып салууга. Кардарлардын эсептерине каражаттарды чегерүү кардардын эсеби идентификацияланган шартта, тез акча которуу системалары аркылуу ишке ашырууга болот;  

- банктын корреспонденттик эсебине каражаттарды чегерүү/эсептен алып салуу;  

- банкка күрөө катары мөөнөттүү банктык аманат (депозит) эсебин сунуштоого;  

- кардарлардын жана банктын эсептери боюнча башка операцияларды ишке ашырууга;  

- банктын кардары үчүн баалуу кагаздарды сатып алуу/сатууга байланыштуу.  

Мындай тыюу салуу ортомчу катары иш алып барган юридикалык жактар менен төмөнкүлөр боюнча агенттик ж.б. келишимдерди түзгөн банктарга таркатылбайт:  

- банк үчүн баалуу кагаздарды сатып алуу/сатуу;  

- банктын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө" жобого ылайык банктык төлөм карттар менен эсептешүүлөр системасына катышуусу;  

- банктын акча которуу системасына катышуусу;  

- банктын почта-сактык системасына катышуусу;  

- банктын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы № 36/7 токтому менен бекитилген "Банктык чекене кызматтарды сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө" жобого ылайык банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоосу.  

33. Банктык сырды камтыган маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилет.  

34. Эсепке Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда арест коюлушу мүмкүн.  

Эсепке арест коюуда банк эсеп боюнча кандай болбосун чыгаша операцияларын дароо токтотуусу зарыл. Эсептеги акча каражаттардын белгилүү бир суммасына арест коюлган учурда, ошол сумманын өлчөмүндө азайтылбаган калдык чегинде кандай болбосун чыгаша операциялары токтотулат.  

Эсептерден акча каражаттарын конфискациялоо соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин (токтомунун) негизинде гана жүргүзүлөт.  

5-глава. Банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсептерди ачуу тартиби  

35. Банктык аманат (депозит) келишими боюнча эсеп ачууда банк жеке адамдардан жана юридикалык жактардан акча каражаттарын кабыл алууга, банктык аманат (депозит) келишиминде каралган өлчөмдө жана тартипте сый акыларды төлөөгө жана аманаттын ушул түрү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында жана банктык аманат (депозит) келишиминде каралган шарттарда жана тартипте аманатты (депозитти) кайтарып берүүгө, банктык аманат (депозит) келишиминде каралган башка кызматтарды сунуштоого милдеттенет.  

Банктык аманат (депозит) келишими боюнча эсеп ачууда акча каражаттары аманатчынын өз атына же операция ишке ашырылганга чейин идентификацияланып, андан ары банктын аманатчысы катары саналган белгилүү бир үчүнчү жактын атына салынышы мүмкүн.  

36. Банктык аманат (депозит) келишиминде төмөнкүлөр камтылышы зарыл:  

- келишим предмети;  

- келишимдин тараптары;  

- тараптардын милдеттенмелери;  

- банктык аманаттын (депозиттин) мөөнөтү, сый акы/пайда үлүшүн чегерүү жана төлөө тартиби;  

- талаш маселелерди чечүү тартиби;  

- келишимди колдонуу мөөнөтү;  

- тараптардын кол тамгалары, ал эми эгерде юридикалык жак же жеке ишкер болсо, анда мөөрү коюлат (болгон шартта);  

- ушул Нускоодо каралган башка шарттар.  

Келишимде тараптар макулдашкан башка шарттар каралышы мүмкүн.  

Банктык аманат (депозит) келишиминде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген кошумча талаптар да камтылышы мүмкүн.  

Келишим, кардардын тандоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде түзүлүп, тараптардын ар бири үчүн бирден, кеминде 2 (эки) нускада кат жүзүндө түзүлөт. Жазуу жүзүндөгү банктык аманат (депозит) келишиминин шарттарын сактабагандык, ошол келишимдин анык эместигине алып келет. Мында келишимдин бир нускасы банкта сакталып, экинчиси кардарга берилет. Банк, банктык аманат (депозит) кабыл алынганга чейин келишимди кардарга берүүгө милдеттүү.  

37. Кардардын атынан иш алып барган жак инсандыгын тастыктаган документин, ошондой эле эсеп ачуу үчүн тиешелүү ыйгарым укукка ээ экендигин далилдеген документтерди көрсөтүүгө тийиш.  

38. Банктык аманат (депозит) келишими боюнча эсеп ачуу аманатчынын (эгерде, аманатчы - жеке адам болсо) же эсеп ачуу үчүн тиешелүү ыйгарым укукка ээ экендигин тастыктаган, тиешелүү түрдө таризделген документтери бар адамдын (эгерде аманатчы -жеке адам же юридикалык жак болсо) же үчүнчү жактын атына (мисалы, ата-энесинин же жашы жетпеген адамдын мыйзамдуу өкүлү же үчүнчү жактар) эсеп ачкан адамдын көз алдында, идентификациялоо максатында жүргүзүлүүгө тийиш.  

Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартибине ылайык кардарды идентификациялоодо банктык аманат (депозит) келишими боюнча эсептерди ачууда аманатчынын жеке катышуусу талап кылынбайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 31-мартындагы №2021-П-12/14-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

39. Банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсеп ачуу үчүн жеке адамдар (резиденттер жана резидент эместер) төмөнкү документтерди кагаз түрүндө же электрондук формада сунуштоого тийиш:  

1) кардардын кол тамгасы коюлган кагаз түрүндө эсеп ачууга өтүнүч кат же электрондук кол тамга коюлган электрондук формада документ жана анда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: 

- аманатчынын аты-жөнү (паспорттогу маалыматтарга ылайык), эгерде аты-жөнү өзгөргөн болсо, мурдагы аты-жөнү

- туулган жери жана күнү;  

- жарандыгы;  

- катталган же жашаган жеринин толук дареги, телефон, факс номерлери, электрондук почта дареги; 

- инсандыгын тастыктаган документ жөнүндө маалыматтар (аталышы, сериясы, документти берген орган, документ берилген күн), жеке номери (болгон болсо);  

- иштеген жери жана иш чөйрөсү;  

- банк менен ишкердик мамиле түзүү максаты жана анын мүнөзү;  

- чет өлкө жаранынын же Кыргыз Республикасына келген (жашап турууга) жарандыгы жок адамдын укугун тастыктаган документтеги маалыматтар;  

- банктын каалоосу боюнча башка маалыматтар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан алынган, кагаз түрүндө же электрондук документ формасында берилиши мүмкүн болгон маалыматтар;  

2) кардардын инсандыгын тастыктаган документ (38-пунктта көрсөтүлгөн учурларды эске албаганда, кароо учурунда документтин түп нускасы сунушталат жана андан көчүрмө алынат);  

3) кол тамга үлгүлөрү түшүрүлгөн карточка (болгон болсо).  

Ошол эле учурда карточкада көрсөтүлгөн адамдардын эсептеги акча каражаттарын тескөөгө ыйгарым укугун тастыктаган документтер да берилүүгө тийиш (эгерде мындай ыйгарым укуктар үчүнчү жактарга чегерилген болсо). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 31-мартындагы №2021-П-12/14-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

40. Жеке ишкерлер, ушул Нускоонун 39-пунктунда көрсөтүлгөн документтерден тышкары банкка кагаз түрүндө же электрондук формада төмөнкү документтерди кошумча берүүгө тийиш: 

1) ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жана жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү фактысын тастыктаган, белгиленген формадагы документтин (күбөлүктүн) көчүрмөсүн же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик каттоодон өтүүсүз ишкердикти жүргүзүп жаткандыгы фактысын тастыктаган документтин (патенттин) көчүрмөсүн; 

Жеке ишкердин электрондук патенти болсо банк кызматкери мобилдик же тиешелүү программалык камсыздоого ээ башка түзүлүш аркылуу электрондук патенттеги QR-кодду сканерден өткөрүү менен кагаз түрүндөгү же электрондук документ формасындагы электрондук патенттин аныктыгын текшерүүгө же патенттеги маалыматты Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүүгө тийиш. 

Эскертүү: QR-код мобилдик түзүлүштөр аркылуу таануу үчүн атайын түзүлгөн, анда патент жөнүндө маалымат камтылган матрица түрүндө код (кош өлчөмдүү штрихкод). 

2) салык кызматы органдарынан салык төлөөчү каттоодон өткөндүгү фактысы жөнүндө маалым кат; 

3) жеке ишкердин кол тамга үлгүлөрү жана мөөрүнүн оттискасы түшүрүлгөн (болгон болсо) карточка. 

Банк кызматкери банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсеп ачууда ушул пунктта көрсөтүлгөн тизмеге ылайык документтер сунушталгандыгын текшерүүгө жана аларды тастыктоого тийиш. Мында, Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары же болбосо мобилдик же тиешелүү программалык камсыздоого ээ башка түзүлүш аркылуу кагаз түрүндө же электрондук документ формасында алынган документтерди тастыктоо фактысы талапка ылайык кардардын кагаз түрүндө же электрондук таржымалында тастыкталууга (катталууга) тийиш.»; 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 31-мартындагы №2021-П-12/14-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

41. Эгерде кардар (ата-энеси, башка мыйзамдуу өкүлү же үчүнчү жак) жашы жете элек жарандын пайдасына эсеп ачса анда ошол эсеп анын пайдасына ачылып жаткан жаран жөнүндө маалымат; эсеп ачып жаткан адам жөнүндө маалымат (ата-энесинин, башка мыйзамдуу өкүлүнүн же үчүнчү жактын инсандыгын тастыктаган документти) камтылган өтүнүч катты; жашы жете элек жарандын инсандыгын тастыктаган документти (туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн же паспортун); эсептеги акча каражаттарын тескөөгө укуктуу адамдардын кол тамга үлгүлөрү түшүрүлгөн карточканы берүүгө тийиш.  

Жашы жете элек адамдын атына салынган аманатты (депозитти) төмөнкүлөр тескөөгө ала алат:  

- ал 14 жашка чыкканга чейин - ата-энеси же мыйзамдуу өкүлү;  

- 14 жашка чыккандан кийин - өзү.  

42. Банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсеп ачуу үчүн юридикалык жактар (резиденттер жана резидент эместер) Улуттук банктын өзүнчө чечиминде каралган учурларды эске албаганда, кагаз түрүндө же электрондук документ формасында төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш: 

1) эсеп ачууга өтүнүч катты, ал кол тамга үлгүлөрү түшүрүлгөн карточкада көрсөтүлгөн, келишимге жана финансылык документтерге биринчи жана экинчи кол коюу укугуна ээ ыйгарым укуктуу адамдардын колдору коюлуп, юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү зарыл жана анда төмөнкүлөр камтылат:  

- юридикалык жактын толук аталышы, ошондой эле кыскартылган жана эгерде болгон болсо, чет тилде жазылган аталышы;  

- мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалыматтар: күнү, номери, каттоодон өткөргөн органдын аталышы, каттоодон өткөн жери;  

- салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;  

- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан иштелип чыккан "Ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык классификаторуна" ылайык төлөөчүнүн коду;  

- орун алган жери;  

- почта дареги;  

- байланыш телефондорунун жана факстардын номери;  

- ишинин түрү;  

- банк менен ишкердик мамиле түзүү максаты жана анын мүнөзү;  

- банк талап кылган башка маалыматтар.  

2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык, мамлекеттик органдарга, мамлекеттик бюджеттен каржыланган ишканаларга жана мекемелерге банкта эсеп ачууга уруксат берүүсү;  

3) юридикалык жактын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүк. Эркин экономикалык аймакта (мындан ары - ЭЭА) каттоодон өткөн юридикалык жактар үчүн анын ЭЭАнын субъекти катары каттоодон өткөндүгүн тастыктаган күбөлүктү кошумча берүүсү зарыл. Резидент эместер үчүн: фирманын юридикалык жак катары каттоодон өткөндүгү тууралуу тиешелүү өлкөнүн соода реестринин көчүрмөсү же кардардын юридикалык жак катары чыккан өлкөнүн мыйзам талаптарына ылайык каттоодон өткөндүгүн тастыктаган башка документ;  

4) уюмдун уюштуруу-укуктук формасына жараша бардык өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен юридикалык жактын мөөрү жана жетекчисинин колу коюлуп күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөсү;  

5) эгерде, юридикалык жак тиешелүү өлкөнүн мыйзамдарына ылайык милдеттүү түрдө лицензияланууга тийиш болгон ишкердикти жүргүзгөн болсо, лицензиянын белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында лицензияларды эсеп ачкандан кийин берүү каралган болсо, лицензияларды алгандан кийин гана алардын көчүрмөлөрү берилет;  

6) салык кызматы органынын салык төлөөчүнүн салык каттоосунан өткөндүгү тууралуу маалым каты;  

7) эркин экономикалык аймакта катталган юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын статистика органдарында каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документти кошумча берүүгө тийиш;  

8) кол тамга үлгүлөрү жана мөөрдүн оттиски түшүрүлгөн, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн карточканы (бул документке карата минималдуу талаптар 2-тиркемеде келтирилген); карточкада көрсөтүлгөн, эсептеги акча каражаттарын тескөөгө ыйгарым укуктуу экендигин тастыктаган документтер; 

9) юридикалык жактын акча каражаттарын башкарууга ыйгарым укуктуу адамдын инсандыгын күбөлөндүргөн документ (жеке тейлөө учурунда анын түп нускасы сунушталат жана андан көчүрмө алынат). 

Банк кызматкери банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсеп ачууда ушул пунктта көрсөтүлгөн тизмеге ылайык документтер сунушталгандыгын текшерүүгө жана аларды тастыктоого тийиш. Мында, Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары же болбосо мобилдик же тиешелүү программалык камсыздоого ээ башка түзүлүш аркылуу кагаз түрүндө же электрондук документ формасында алынган документтерди тастыктоо фактысы талапка ылайык кардардын кагаз түрүндө же электрондук таржымалында тастыкталууга (катталууга) тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 31-мартындагы №2021-П-12/14-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

43. Кыргыз Республикасында экономикалык ишти жүргүзүп жаткан юридикалык жактардын (резиденттердин жана резидент эместердин) филиалдары жана өкүлчүлүктөрү банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсепти ачуу үчүн ушул Нускоонун 42-пунктунда көрсөтүлгөн документтерден тышкары, банкка төмөнкү документтерди кошумча сунуштоого тийиш:  

1) башкы уюмдун уюштуруу документтеринин бардык өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен нотариалдык негизде күбөлөндүрүлгөн же тиешелүү өлкөнүн мыйзамдарына ылайык нотариалдык жактан күбөлөндүрүү мүмкүн эмес болгон шартта, юридикалык жактын мөөрү басылып, жетекчисинин колу коюлган көчүрмөсү;  

2) түзүмдүк бөлүм анын негизинде иш алып барган (мисалы, "Филиал жөнүндө" жобо ж.б.) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн же тиешелүү өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, нотариалдык жактан күбөлөндүрүү мүмкүн эмес болгон шартта, филиалдын/өкүлчүлүктүн мөөрү басылып, жетекчисинин колу коюлган, документтин бардык өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен көчүрмөсү;  

3) операциялар тизмеси жана түзүмдүк бөлүм жөнүндө жободо же түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисине берилген ишеним катта чагылдырылбаган шартта, юридикалык жактын ошол операцияларды ишке ашырууга расмий макулдугу берилген документ.  

44. Банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсепти ачуу үчүн белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык келишимдерге ылайык ишин жүзөгө ашырган эл аралык уюмдар, алардын долбоорлору, дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрү ушул Нускоонун 42-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн документтерден тышкары, эгерде эсеп ачуунун башка тартиби тиешелүү эл аралык келишимде каралган эмес болсо, төмөнкү документтерди кошумча берүүлөрү зарыл:  

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланган, эл аралык уюм, анын долбоору, дипломатиялык же консулдук өкүлчүлүктөрү анын чегинде иш алып барган эл аралык келишим;  

2) эл аралык уюм же анын долбоору жөнүндө (эгерде болгон болсо) жобо;  

3) ыйгарым укуктуу адамдардын келишимдерге жана финансылык документтерге биринчи жана экинчи кол коюуга укугун тастыктаган буйрук (контракт, жогору турган тиешелүү уюмдун каты);  

4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин) эл аралык уюм (анын долбоору), эл аралык уюмдун (анын долбоорунун) жетекчилери/башчылары аккредитациялангандыгын тастыктаган каты;  

5) эл аралык уюм же анын долбоору резиденти болуп саналган Кыргыз Республикасындагы тиешелүү өлкөнүн элчилиги же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан күбөлөндүрүлгөн, кол тамга үлгүлөрү түшүрүлгөн карточкалар.  

45. Атайын эсеп ачуу үчүн банкка банктык эсеп ачуу үчүн каралгандай эле документтер талап кылынат. Атайын эсептер менен иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана банктын ички документтеринде аныкталган.  

46. Кардар менен банктык аманат (депозит) келишими түзүлгөндөн кийин банк, депозитке салынган суммага жана келишимде аныкталган, аманатчынын атына таризделген ал боюнча сый акыны/пайда үлүшүн талап кылуу укугун күбөлөндүргөн документти (аманат документин) кардарга берүүгө милдеттүү.  

Сактык/депозит сертификаты, аманатчынын китепчеси (сактык китепчеси), келишим же банк тарабынан бекитилген башка документтер, аманат документтери болуп саналат.  

Аманат документин тариздөө жана аны кардарга берүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык келүүгө тийиш.  

6-глава. Банктык эсеп келишими боюнча банктык эсептерди ачуу тартиби  

47. Банктык эсеп келишими боюнча эсеп ачууда банк кардардын пайдасына келип түшкөн акча каражаттарын кабыл алууга, тиешелүү суммаларды кардарга же үчүнчү жактарга которуу жөнүндө кардардын буйруусун аткарууга жана банктык эсеп келишиминде каралган башка кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого милдеттенет.  

48. Банктык эсеп келишиминде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

- келишим предмети;  

- банктагы акча каражаттарын тескөө тартиби;  

- банк тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо шарттары жана аларга төлөө тартиби.  

Банктык эсеп келишиминде тараптардын макулдашуусу менен башка шарттар каралышы мүмкүн.  

Банктык эсеп келишиминде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген кошумча талаптар да камтылышы мүмкүн.  

Жеке ишкер банктык эсеп келишими боюнча эсеп ачкан учурда ага аманатчынын өзү же эсеп ачуу үчүн тиешелүү ыйгарым укукка ээ экендигин тастыктаган, аны идентификациялоо максатында тиешелүү түрдө таризделген документтери бар адам катышууга тийиш.  

Юридикалык жакка банктык эсеп келишими боюнча эсеп ачуу аны идентификациялоо максатында, эсеп ачуу үчүн тиешелүү ыйгарым укукка ээ экендигин тастыктаган, талапка ылайык таризделген документтери бар адамдын катышуусунда ишке ашырылууга тийиш.  

Резиденттерге жана резидент эместерге банктык эсеп келишими боюнча эсептешүүүндөлүк) эсебин ачууда банктык аманат (депозит) келишими боюнча эсеп ачуу үчүн каралгандай эле документтер талап кылынат.  

49. Банктын корреспонденттик эсептер менен иштөө тартиби 3-тиркемеде көрсөтүлгөн талаптарга ылайык аныкталат.  

7-глава. Банктык эсептерди, банктык аманат (депозит) боюнча эсептерди кайра тариздөө жана жабуу  

50. Юридикалык жакты кайра өзгөртүп түзүлүшүнө (биригүү, кошулуу, бөлүү, бөлүнүү жана өзгөртүп түзүү) байланыштуу эсептерди кайра тариздөө учурунда эсеп ээси банкка жаңы юридикалык жакка эсеп ачкан учурдагыдай эле документтерди берет.  

Кайра өзгөртүп түзүүдөн башка учурларда аталышы ошондой эле, кимге караштуу экендиги өзгөргөн шартта, банкка эсеп ээсинин өзгөрүүлөрдү маалымдаган билдирүүсү, жогорку башкаруу органынын чечиминин көчүрмөсү жана аталышынын белгиленген тартипте кайра каттоодон өткөндүгүн тастыктаган башка документтер берилет.  

Эсеп ээсинин аталышы жана кимге караштуулугу өзгөргөн шартта, кол тамга үлгүлөрү жана мөөрдүн оттиски менен нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн жаңы карточка берилүүгө тийиш.  

51.Жоюу процесси башталган учурда эсепти кайра тариздөөдө банкка төмөнкүлөр берилиши зарыл:  

- юридикалык жактын жогорку башкаруу органынын же анын ыйгарым укуктуу органынын чечими, ал эми банкротко учураган учурда - кредиторлор жыйынынын чечими (соттон тышкары банкрот деп жарыяланганда) же атайын администратордун (жоюучунун) аты-жөнүн толук көрсөтүү менен соттун чечими;  

- кол тамга үлгүлөрү жана мөөрдүн оттиски менен нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн карточка.  

52. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же келишимде башкасы каралбаса, эсепти жабуу кардардын арызы боюнча ишке ашырылат. Кардардын көктөмөсүндө эсепти жабуунун негиздери көрсөтүлүүгө тийиш.  

Эсептеги акча каражаттарынын калдыгы кардарга кайтарылып берилип же анын кат жүзүндөгү көрсөтмөсү боюнча 5 (беш) жумуш күнүнөн кечиктирбестен башка эсепке чегерилет.  

Банк акча каражаттарынын калдыгын алуу зарылдыгы жөнүндө кардарга акыркы белгилүү болгон дарек боюнча жана/же кардардын уюлдук номерине/электрондук почтасына электрондук маалымат/телефон аркылуу билдирүү жөнөтүү аркылуу маалымдайт, кардар жок болгон жана/же электрондук маалымат/телефон аркылуу билдирүү алгандыгын тастыктаган маалымат жок болгон учурда, акча каражаттарынын калдыгы банктын эсепке алуу системасында (балансында) сакталат. Мында, акча каражаттары Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, ар бир кардар боюнча, алардын системадан тышкары эсеби менен талап боюнча төлөнүүчү банктык аманаттар (депозиттер) тобундагы өзүнчө жыйынтыкталган эсепте (депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялар, кредиттик союздар үчүн - депозиттер тобунда) эсепке алынуусу зарыл.  

53. Банктык эсеп келишими боюнча юридикалык жактардын акча каражаттары өзүнчө жыйынтыкталган эсепте кеминде үч жыл эске алынышы мүмкүн.  

Кардарлардын акча каражаттарын кайтарып берүү жөнүндө кайрылууларына байланыштуу акча каражаттардын агылып чыгышы ыктымалдыгы төмөн болсо, банк белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин жогоруда белгиленген милдеттенмелерди баланстан алып салууга жана аларды ар бир кардар боюнча системадан тышкары мөөнөтсүз шартта эсепке алууга укуктуу.  

Эгерде кардар баланстан алып салгандан кийин банктык аманат (депозит) келишими боюнча акча каражаттарын кайтарып берүү өтүнүчү менен кайрылган болсо, банк кардардын акча каражаттарынын ордун өз каражаттарынын эсебинен толуктап берүүгө милдеттүү.  

54. Банк төмөнкү учурларда бул шарттарды келишимде милдеттүү түрдө чагылдырып жана эсеп жабылганга чейинки 1 (бир) календардык ай мурда ал тууралуу кардарга билдирүү менен бир тараптуу негизде банктык эсеп келишимин же банктык аманат (депозит) келишимин токтотууга укуктуу, эгер:  

- кардардын эсебиндеги акча каражаттарынын суммасы банктык эсеп келишиминде каралган минималдуу өлчөмдөн төмөн болсо;  

- келишимде белгиленген мөөнөт ичинде кардардын эсебинде каражат жок болсо же кардардын буйруусу менен эсеп боюнча операциялар жүргүзүлбөсө;  

- кардарды идентификациялоо жана верификациялоо талаптарын аткаруу, бенефициардык ээсин аныктоо, эсеп боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн зарыл болгон тиешелүү документтер кардар тарабынан берилбесе;  

- эсеп боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн зарыл болгон, ишке ашырылып жаткан операциянын экономикалык максаттуулугун жана кардардын экономикалык иш жүргүзүүсүнүн аныктыгын тастыктаган тиешелүү документтер кардар тарабынан берилбесе;  

- анык эмес документтер берилсе.  

Эгерде кардардын террористтик же экстремисттик иштерге же массалык кыргын салуучу куралды таркатууга катышы бардыгына тиешелүү Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине ылайык алынган маалыматтар болсо, банк кардарга алдын ала маалымдоосуз, анын каражаттарына үч жумушчу күнгө чейин бөгөт коюп, бул тууралуу кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча иш алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте билдирүүгө тийиш.  

Каражаттарга коюлган бөгөттү алып салуу кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин негизинде ишке ашырылат.  

55. Эгерде кардардын мурда жабылган банктык эсебине төмөнкүлөрдөн акча каражаттары келип түшсө:  

1) мурда жабылган эсеп ээсинен - банк ушул Нускоодо белгиленген, кардарды идентификациялоо боюнча талаптарды милдеттүү түрдө сактоо менен банктык эсеп же банктык аманат (депозит) боюнча жаңы келишим түзө алат;  

2) нак акча каражаты түрүндө үчүнчү жактардан - банк ал акча каражаттарын кабыл албоого тийиш;  

3) нак эмес төлөм түрүндө, үчүнчү жактардан - бул учурда банк кийинки жумуш күнү ичинде эсеп жабылгандыгы жөнүндө белги коюу менен ошол акча каражаттарын жөнөтүүчүгө кайра жөнөтүп жиберүүгө тийиш.  

  

  

  

"Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө" нускоого карата 

1-тиркеме 

"Өз кардарыңды бил" саясатына карата 

ТАЛАПТАР  

1. "Өз кардарыңды бил" саясаты кардарларды тиешелүү негизде текшерүү тартибин аныктайт жана анда төмөнкүлөр камтылат:  

1) банктык эсепти, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсепти ачуу учурунда кардарды идентификациялоо жана бенефициардык ээсин аныктоо жол-жобосу.  

Идентификациялоонун натыйжасында алынган кардар жана бенефициардык ээси жөнүндө маалыматтар, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын террористтик же экстремисттик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жагындагы талаптарына ылайык түзүлгөн кардардын жана бенефициардык ээсинин анкеталарында (таржымалында) чагылдырылууга тийиш.  

2) банктык эсеп ачылгандан кийин кардарга тиешелүү маалыматтарды верификациялоо;  

3) кардардын эсеби боюнча ишке ашырылган операцияларга ж.б. иш чараларга көз салуу.  

2. Кардар эсепти ачуу жана/же банктык операцияларды жүргүзүү үчүн талап кылынган документтердин толук топтому берүүгө тийиш.  

3. Кардарды идентификациялоо жол-жобосу сүрөтү чапталган (жашы жетпегендер үчүн сүрөтсүз эле), анын инсандыгын тастыктаган документтин негизинде аныктоону, бенефициардык ээсин аныктоону, ушул Нускоого ылайык, кардар жана бенефициардык ээси жөнүндө маалыматтарды топтоону болжолдойт.  

4. Эгерде үчүнчү жак кардардын атына банктык эсеп ача турган болсо, банк үчүнчү жактан анын атына эсеп ачылып жаткан кардарды жана ушул Нускоо талабына ылайык, эсеп ачып жаткан үчүнчү жакты идентификациялоого жана анын ишине иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген маалыматтарды жана документтерди алууга тийиш.  

Үчүнчү жак тарабынан кардардын атына банктык эсеп келишими боюнча эсеп ачылган учурда да Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделген, эсеп ачуу жана/же аны тескөөгө ыйгарым укукту далилдеген документтер берилиши зарыл. Мындай документтердин берилиши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык же ошол юридикалык жактын уюштуруу документтерине ылайык эсеп ачууга ыйгарым укуктуу юридикалык жактын өкүлүнөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эсеп ачууга ыйгарым укуктуу жеке адамдардан (ата-энелерине, башка мыйзамдуу өкүлдөргө же үчүнчү жактарга) талап кылынбайт.  

Кардардын-юридикалык жактын банк эсебин ачып, эсеп боюнча операцияларды жүргүзүүдө банк, эсеп ачууга жана/же кардар эсебиндеги акча каражаттарын тескөө укугуна ээ адамдардын инсандыгын тастыктоого тийиш (тастыктоочу документтердин негизинде).  

Кардардын эсебинен акча каражаттарын которуу/алуу менен байланышкан банктын операциялары кардардын өзүнүн (аманатчынын, эгерде аманатчы - жеке адам болсо) же эсепти тескөө боюнча тиешелүү ыйгарым укуктарын тастыктоочу жана талаптагыдай таризделген документке ээ адамдын катышуусунда (эгерде аманатчы - жеке адам же юридикалык жак болсо) ишке ашырылууга тийиш. Мындай талап, түздөн-түз катышуусуз аралыктан ишке ашырылган операцияларга таркатылбайт.  

Эгерде кардар акча каражаттары которула турган белгилүү бир күндү көрсөтүү менен банкка төлөм тапшырмасын алдын ала берип, документ кайрылган күнү белгиленген тартипте катталган болсо, анда ошол которуу күнүндө кардардын милдеттүү катышуусу талап кылынбайт.  

Мында, банк операциялык тобокелдиктерди, анын ичинде алдамчылык менен байланышкан тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында зарыл чараларды көрүүгө тийиш.  

5. Жеке адамдардын инсандыгын тастыктоо үчүн төмөнкү документтер кабыл алынат:  

1) Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн:  

- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID карта);  

- жалпы жарандык паспортто Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин консулдук каттоого тургандыгы же туруктуу жашап жаткандыгы жана өлкөгө келгендиги, ошондой эле үй-бүлөлүк абалы тууралуу белги коюлган шартта, Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту (чет өлкө паспорту);  

- туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (14 жашка чейинки өспүрүмдүн пайдасына эсеп ачуу, ошондой эле 14-16 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн өзү эсеп ачуусу үчүн);  

- офицердин, прапорщиктин инсандыгын тастыктаган күбөлүк же мөөнөттүү кызмат өтөп жаткан аскер кызматчысынын аскердик билети.; 

- айдоочунун күбөлүгү (үчүнчү жактар, ошондой эле банк эсебине ээ кардарлар тарабынан кардардын банк эсебин толукталган шартта гана); 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 31-мартындагы №2021-П-12/14-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2) чет өлкө жарандары үчүн:  

- чет өлкө жаранынын паспорту же мыйзамда белгиленген же болбосо Кыргыз Республикасы менен эл аралык келишимдерге ылайык таанылган инсандыгын күбөлөндүргөн документ катары эсептелген башка документ;  

- чет өлкө жаранынын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасында жүрүүгө (жашоого) болгон укугун тастыктаган документ: жашап туруу укугун, убактылуу жашап турууга уруксаты, виза же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилген башка документ, качкындар үчүн - качкындар күбөлүктөрү.  

6. Күчүн жоготту 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 31-мартындагы №2021-П-12/14-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

7. Кардар менен түздөн-түз байланышуусуз эле, аралыктан туруп операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүү үчүн кардар-юридикалык жак (резидент, резидент эмес) менен мамиле түзүүдө банк, ушул Нускоонун талабына ылайык берилүүчү маалыматтардан тышкары, анын Кыргыз Республикасында экономикалык ишкердикти жүргүзүп жаткандыгын тастыктаган документтерди (келишимдерди, контракттарды, бажы декларацияларын, салык декларацияларын ж.б.) да кардардан талап кылууга тийиш.  

8. Операцияларды (бүтүмдөрдү) ишке ашыруу үчүн банк, банктык эсеп, банктык аманат келишиминде кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарын сактоо боюнча кардардын милдеттенмесин, ошондой эле жүргүзүлгөн операцияларды тастыктаган документтерди банктын талабы боюнча берүү милдеттенмесин кароого тийиш.  

9. Документтерди, көбүнчө юридикалык жактардын уюштуруу документтерин, анын мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документтерди кароо учурунда банктар өз кардарын кылдат иликтөөгө алуу максатында, документтердин легализацияланышына өзгөчө көңүл буруп, ошондой эле төмөнкүлөрдү кылдат иликтөөлөрү тийиш:  

- кардардын-юридикалык жактын бардык уюштуруу документтерин, анын ичинде аларга карата бардык өзгөрүүлөрдү жана толуктоолорду, ошондой эле кардардын юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн тастыктаган ж.б. зарыл документтерди;  

- юридикалык жактын органдары тарабынан чечим кабыл алууда таасирин тийгизүү мүмкүнчүлүгүнө ээ адамдарды аныктоо менен юридикалык жактын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) курамын;  

- юридикалык жактын башкаруу органдарынын түзүмүн жана алардын ыйгарым укуктарын.  

10. Банктын ички документтеринде белгиленген тартипте жана банктык эсеп ачылгандан кийинки 5 жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө банк кызматкери төмөнкүлөрдө көрсөтүлгөн маалыматтарды верификациялоого тийиш:  

1) жеке адамдын төмөнкү ыкмалардын бирин колдонуу менен өтүнүч катындагы:  

- расмий документтерден алынган маалыматтарды тастыктоо. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк, паспорт, инсандыгын тастыктаган документтер (чет өлкө жарандары жана жарандыгы жок адамдар үчүн - чет өлкө жаранынын паспорту, жашап калууга, убактылуу жашоого уруксат берүү, качкындын күбөлүгү; офицердин, прапорщиктин инсандыгын тастыктаган күбөлүк же мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчысынын аскердик билети) тастыктоочу документ катары колдонулушу мүмкүн;  

- кардар тарабынан берилген маалыматтарды тастыктоо үчүн аны менен телефон, кат же электрондук почта аркылуу байланышуу. Мында телефондун өчүктүгү, жиберген каттын кайра келиши же электрондук почтанын иштебеши алынган маалыматтарды текшерүүнү улантуу зарылчылыгын шарттоого тийиш;  

- кардардын документтеринин легалдуу экендигин мисалы, Кыргыз Республикасынын элчилиги, өкүлчүлүгү, нотариус аркылуу тастыктоо;  

- банктын ыктыяры боюнча башка ыкмалар аркылуу;  

2) төмөнкү ыкмалардын жок дегенде бирөөнү колдонуу менен юридикалык жактын өтүнүч катындагы:  

- берилген документтерди, юридикалык жактын жабылгандыгын, жоюлгандыгын же жоюу процессинде тургандыгын текшерүү максатында, мамлекеттик органдан маалымат алуу;  

- эсеп ачылгандан кийин маалыматты тастыктоо үчүн кардар менен телефон аркылуу байланышуу;  

- банктын ыктыяры боюнча башка ыкмалар аркылуу;  

11. Эгер идентификациялоо процессинде алынган маалыматтардын аныктыгына шектенүү жаралса, ошондой эле төмөнкүлөр орун алса, банк кардарды верификациялоо демилгесин көтөрүүгө тийиш:  

- олуттуу операция (мисалы, кардар эсеби боюнча орточо калдыктан же жүгүртүүдөн ашкан суммада) жана/же ошол кардардын ишине мүнөздүү болбогон башка операция ишке ашырылса;  

- кардардын эсеби боюнча иш жүргүзүү тартибинде олуттуу өзгөрүүлөр байкалса;  

- банк кардарга тиешелүү маалыматтардын жетишсиз экендигин баамдаса.  

Бул учурда банк, төмөнкүлөрдү камтыган кошумча маалыматтарды талап кылууга же салыштырып текшерүүгө тийиш:  

- жеке сунуш-көрсөтмөлөрдү (мисалы, банктын туруктуу кардарынан);  

- мурда бул кардарды тейлөөчү банктан сунуштарды;  

- иштеген жеринен маалым кат, ээлеген кызматын расмий тастыктоо (бул талап кылынган жерде).  

12. Банктык эсеп боюнча операцияларды жүргүзүүдө кардар, банкка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык таризделген төлөм документтерин бериши зарыл. Эгерде, жүргүзүлүп жаткан операциялардын экономикалык максаттуулугуна жана/же мыйзамдуулугуна карата банктын шектенүүсү орун алса, анда ал ошол операциялардын мыйзамдуулугун жана экономикалык жактан максатка ылайыктуулугун тастыктаган документтердин берилишин кардардан талап кылууга укуктуу. Кардарга ачылган эсептер, кардар менен түзүлгөн келишимдер, төлөм документтери (мисалы, инвойстор, эсеп фактуралар) ж.б. ушундай документтерден боло алышат.  

Кардар талап кылынган документтерди берүүдөн баш тарткан учурда, банк эсеп боюнча операцияларды жүргүзүүдөн баш тартууга тийиш. Мындай шарт банк менен кардар ортосунда түзүлгөн банктык эсеп келишиминде каралышы зарыл.  

13. Банк, кардар эсеби боюнча жүргүзүлүп жаткан операцияларга туруктуу көз салып туруусу зарыл. Ошол кардардын ишине мүнөздүү болбогон операцияларды аныктоо үчүн банк өзүнүн кардарларынын эсептери боюнча толук түшүнүккө ээ болушу да талап кылынат.  

Банк экономикалык же коммерциялык көз караштан алганда, кардардын адаттан башкача операцияларына, нак акча каражаттары менен ири суммадагы операцияларына (мисалы, ошол кардардын бүтүмдөрү жана операциялары боюнча орточо жүгүртүүдөн ашкан) жана кардардын адаттагы иш жагдайына ылайык келбеген башка операцияларына көңүл бурууга тийиш.  

Адаттагыдан башкача же шектүү операцияларды айырмалап аныктоо максатында банк, кардар жөнүндө жалпы маалыматтарды, мисалы жашаган өлкөсү, каражат булактары, операциялардын түрлөрү жана тобокелдикке алып келген башка факторлорду эске алуу менен мындай эсептердин негизги көрсөткүчтөрүн белгилөөгө тийиш.  

Банктарга адаттагыдан башкача же шектүү операцияларды аныктоонун маалымат системасын бардык эсептер үчүн орнотуу сунушталат.  

14. Адаттагыдан башкача же шектүү операцияларга карата банк, кардар башка жактын атынан иш алып барып жатабы же жокпу, ошону аныктап алып, андан соң бенефициардык ээсинин инсандыгын тастыктаган маалыматтарды алуу максатында аракеттерди көрүүсү зарыл.  

Юридикалык жактарга карата бенефициардык ээсин аныктоодо акционерлерге, кол коюуга укуктуу адамдарга же капиталда олуттуу үлүшкө ээ болгон жана кардарды контролдоонун башка ыкмаларына ээ башка адамдарга өзгөчө көңүл буруу талап кылынат. Эгерде, башка юридикалык жак ээси болуп саналса, ошол юридикалык жакты контролдогон ээлик кылуучуларды же адамдарды аныктап алуу талап кылынат.  

Зарылчылык келип чыккан шартта, банк мыйзамдуу негиздерде жеткиликтүү болгон маалымат булактары менен пайдаланышы мүмкүн.  

15. Шектүү операцияларга карата банктын корутундулары документте чагылдырылып, операция ишке ашырылгандан кийинки кеминде 5 жыл аралыгында сакталууга тийиш.  

  

  

  

"Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө" нускоого карата 

2-тиркеме 

Кол тамга үлгүлөрү жана мөөр оттиски түшүрүлгөн карточкага карата коюлган минималдуу 

ТАЛАПТАР  

1. Кол тамга үлгүлөрү жана мөөр оттиски түшүрүлгөн карточка юридикалык жактын белгилүү кызмат адамдарынын эсебинде турган акча каражаттарын тескөөгө ыйгарым укугун, ошондой эле жогоруда аталган кызмат адамдарынын кол тамгаларынын аныктыгын тастыктаган негизги документ болуп эсептелет.  

2. Карточканын багыты жана болуу зарылдыгы, эң оболу, кол тамга юридикалык жактын эсеби боюнча каражаттарынын кыймылы үчүн негиз болгон документтердин милдеттүү реквизити болуп санала тургандыгы менен шартталган. Биринчи жана экинчи кол тамга коюуга укуктуу адамдар кол тамга үлгүлөрү жана мөөрдүн оттиски түшүрүлгөн карточкада көрсөтүлөт. Жетекчи жана/же башка ыйгарым укуктуу адамдар биринчи кол коюу укугуна ээ. Башкы бухгалтер жана/же башка ыйгарым укуктуу адамдар экинчи болуп кол коюуга укуктуу. Биринчи кол коюу укугу башкы бухгалтерге жана экинчи кол коюу укугуна ээ башка адамдарга берилбейт.  

Мындай ыйгарым укуктар уюштуруу документтеринин же тиешелүү юридикалык жактардын, филиалдардын же өкүлчүлүктөрдүн жетекчилеринин буйруктарынын же мындай укуктарды берүүгө негиз болгон башка документтердин негизинде берилет. Эгерде юридикалык жактын, филиалдын же өкүлчүлүктүн штатында экинчи кол коюу укугу берилиши мүмкүн болгон адамдар жок болсо, банк документтерди биринчи кол тамганын үлгүсү менен гана кабыл алат жана бул тууралуу документке тиешелүү жазуулар чагылдырылат.  

3. Кол тамга үлгүлөрү жана мөөрдүн оттиски түшүрүлгөн документтерде юридикалык жактын, анын филиалынын же өкүлчүлүгүнүн мөөрүнүн оттискинин үлгүсү көрсөтүлүүгө тийиш.  

Бул талап юридикалык жак үчүн орун алган өлкөнүн мыйзамдарынын өзгөчөлүгүнөн улам, мөөрү болбогон юридикалык жактарга, Кыргыз Республикасынын резидент эместерине, алардын филиалдарына жана өкүлчүлүктөрүнө таркатылбайт.  

4. Кол тамга үлгүлөрү жана мөөр оттиски түшүрүлгөн карточкага юридикалык жакка берилген мөөрдүн так айырмаланып билинген оттискинин үлгүсү милдеттүү түрдө киргизилет, анда анын аталышы, катталган учурдагы аталышына сөзсүз түрдө төп келүүгө тийиш. Атайын максаттар үчүн каралган ("кадрлар бөлүмү", "пакет үчүн" жана башка) мөөрлөрдүн оттиски үлгүлөрүн кабыл алууга тыюу салынат.  

5. Кол тамга үлгүлөрү жана мөөрдүн оттиски түшүрүлгөн карточкада юридикалык жактын каражаттарын тескөөгө ыйгарым укуктуу адамдын инсандыгын тастыктаган документтин колдонуу мөөнөтү жөнүндө банктын белгиси көрсөтүлүүгө тийиш.  

6. Банк кол тамга үлгүлөрү жана мөөрдүн оттиски түшүрүлгөн документтеги кол тамгалардын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүшүн талап кылууга милдеттүү. Нотариустар жок болгон калктуу пункттарда кол тамга үлгүлөрү жана мөөрдүн оттиски түшүрүлгөн документтердеги кол тамгалар, жергиликтүү аткаруу бийлик органдары тарабынан күбөлөндүрүлүшү зарыл.  

7. Юридикалык жактын аталышы өзгөрүп, мөөрү жоголуп кетсе же жараксыз болуп калса, банк кардарга жаңы мөөр даярдатуу үчүн убакыт берүүгө тийиш. Мөөр даярдалып жаткан мезгил ичинде банк менен кардар ортосунда мөөрсүз эле төлөм документтерин тариздөөнүн тартиби белгиленет, ал келишимде көрсөтүлүүгө тийиш.  

8. Кардар тарабынан эсеп ачуу үчүн берилүүчү кол тамга үлгүлөрү жана мөөрдүн оттиски түшүрүлгөн документтердин канча нускада талап кылынары банк тарабынан аныкталат.  

Мында нускалардын бири банктын кардарынын иш көктөмөсүндө туруктуу негизде сакталууга тийиш. Калган нускалары банктын ички эрежелеринде белгиленген тартипте кагаз же электрондук түрдө сакталат. Кол тамга үлгүлөрү жана мөөр оттискасы түшүрүлгөн карточканын электрондук версиясы банктын автоматташтырылган системасында сакталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 31-мартындагы №2021-П-12/14-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

9. Кол тамгалардын бир үлгүсүн же мөөрдүн оттискин алмаштыруу учурунда, ушул Нускоодо көрсөтүлгөн тартипте күбөлөндүрүлгөн кол тамга үлгүлөрү жана мөөрдүн оттиски менен жаңы документ банкка берилиши зарыл.  

10. Юридикалык жактын эсепте турган каражаттарын тескөөгө ыйгарым укуктуу кызмат адамы алмашкан учурда, банкка юридикалык жактын каражаттарын тескөөгө укуктуу жаңы кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын тастыктаган документ жана ушул Нускоодо көрсөтүлгөн тартипте күбөлөндүрүлгөн кол тамга үлгүлөрү жана мөөрдүн оттиски менен жаңы документ берилүүгө тийиш.  

  

  

  

"Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө" нускоого карата 

3-тиркеме 

Банктын корреспонденттик эсептер менен жүргүзгөн ишине карата 

ТАЛАПТАР  

1. Корреспонденттик эсептер эки түргө бөлүнөт: "лоро" эсеби - өзүнүн банк-корреспондентинин атына банкта ачылган эсеп; "ностро" эсеби - бул, өз банк-корреспондентинде ачылган банктын эсеби. Банктагы "ностро" эсеби банк-корреспонденттеги "лоро" эсеби болуп саналат.  

2. Бул Нускоо банктын Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсеп менен иштөө тартибин жөнгө салбайт.  

3. Банк оффшордук аймактарда катталган банктар, алардын аффилирленген жактары, туунду банктары жана өз алдынча юридикалык жак болуп саналбаган, ошондой эле жеңилдетилген салыктык шарттар каралган жана/же Банктык көзөмөл боюнча Базелдик комитетинин талаптарына жана көрсөтмөлөрүнө ылайык, банктык көзөмөл органдарына берилүүчү маалыматтардын ачык жана/же чечмеленип берилиши талап кылынбаган мамлекеттерде же аймактарда каттоодон өткөн өзүнчө турган бөлүм менен тике корреспонденттик мамилелерди түзүүгө укугу жок. Оффшордук аймактардын тизмеги Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 1б-апрелиндеги № 13/2 "Оффшордук аймактардын субъекттерин жана алардын тизмесин аныктоо боюнча талаптарды белгилөө жөнүндө" токтомуна ылайык аныкталат.  

Мындай чектөөлөр башкы уюму оффшордук аймактардан тышкары жайгашкан (катталган), оффшордук аймактарда катталган филиалдар менен тике корреспонденттик мамилелерди түзүүгө таркатылбайт.  

4. Банк обочо турган банктар менен корреспонденттик мамилелерди түзүүгө же аны улантууга укугу жок. Банк ошондой эле, обочо турган банктарга өз эсептерин пайдаланууга мүмкүндүк берген чет өлкө банктары-корреспонденттер менен бүтүмдөргө келишип, операцияларды жүргүзүүгө каршы этияттык чараларын көрүүгө тийиш.  

Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча өкмөттөр аралык уюмдун (топтун) (ФАТФ) сунуш-көрсөтмөлөрүн колдонбогон же жетиштүү колдонбогон мамлекеттердеги жана аймактардагы банктар менен корреспонденттик мамилелерди түзүү учурунда, банкта кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), террористтик же экстремисттик ишти каржылоо боюнча ишке тартылышы тобокелдиги жогорулайт.  

5. Банк-резиденттер менен улуттук жана чет өлкө валюталарындагы эсептер боюнча корреспонденттик мамилелерди түзүүгө же улантууга банктын укугу жок.  

6. 5-пунктунун талабы, пластик карттары менен ишке ашырылган операцияларды тейлеген эл аралык төлөм системалары боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү максатында, банк-резиденттер үчүн ачылган чет өлкө валютасындагы гарантиялык эсептерге таркатылбайт.  

7. 5-пунктунун талаптары микрофинансы компанияларын банкка кайра каттоодон өткөрүүнүн жыйынтыгында жана негизги ишти ишке ашырууну камсыз кылуу максатында түзүлгөн, банк-резиденттер үчүн ачылган чет өлкө валютасындагы эсептерге таркатылбайт. Мындай эсептер микрофинансы компанияларын банкка кайра каттоодон өткөрүүнүн жыйынтыгында түзүлгөн банк-резидент тарабынан резидент эмес банкта корреспонденттик эсепти ачканга чейин, бирок банк лицензиясын алган учурдан кийинки алты айдан ашпаган мөөнөттө колдонулушу мүмкүн.  

8. Корреспонденттик мамилелерди түзүүнүн бардык учурунда банк, корреспонденттик мамилени түзүүгө ниеттенип жаткан банк-корреспондентке карата төмөнкүдөй иш-чараларды жүргүзүүгө тийиш:  

- банк-корреспондент мыйзам талаптарына ылайык өз өлкөсүндө түзүлгөндүгү фактысын аныктоо;  

- корреспонденттик мамилелер жөнүндө келишимде кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү максатында ишке ашырылган чаралар боюнча тараптардын милдеттерин жана ыйгарым укуктарын белгилөө;  

- банк-корреспонденттен жыл сайын финансылык отчетту алып туруу (аудитордук комиссиянын корутундусу менен);  

- кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү максатында банк-корреспондент тарабынан көрүлүп жаткан чараларга талдап-иликтөөлөрдү, анын ичинде банктын кызматкерлери менен баарлашуу учурунда алынган маалыматтардын негизинде;  

- банк-корреспондентке кредиттик рейтингди ыйгаруу жөнүндө отчетторго талдап-иликтөөлөрдү (эгерде коомчулук үчүн жеткиликтүү болгон отчет боюнча маалымат болсо);  

- банк-корреспонденттин бизнесинин негизги багыттарын аныктоо;  

- банк-корреспонденттин финансылык абалына талдап-иликтөөлөрдү;  

- банк-корреспонденттин оффшордук аймактарда катталган обочо банктар, банктар сыяктуу кардарлары бар же жок экендиги тууралуу маалыматтарды талап кылуу;  

- банк-корреспондент мамлекеттик же менчик банк болуп саналарын аныктоо;  

- менчик банк-корреспонденттердин негизги ээлерин идентификациялоо жана верификациялоо;  

- жалпыга жеткиликтүү маалыматынын негизинде банк-корреспонденттин аброюна баа берүү жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө иш алып барган көзөмөл органынын бар болушун аныктоо;  

- банк-корреспондентке тиешелүү маалыматтарды идентификациялоо жана верификациялоо.  

Банк "лоро" эсебин ачууда банк-корреспонденттен төмөнкү документтерди кошумча талап кылууга тийиш:  

- корреспонденттик мамилелерди түзүү ниетин билдирген өтүнүч катты;  

- банк-корреспондент юридикалык жак катары орун алган өлкөдө каттоодон өткөндүгүн тастыктаган, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык легализацияланган жана күбөлөндүрүлгөн документтин көчүрмөсүн;  

- банк түзүлгөн корреспонденттик мамилелердин алкагында жүргүзүүгө ниеттенген операцияларды ишке ашырууга банк-корреспонденттин укугун тастыктаган, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык легализацияланган жана күбөлөндүрүлгөн лицензиянын көчүрмөсүн;  

- банк-корреспонденттин ушул корреспонденттик эсеп аркылуу ишке ашыруу күтүлгөн иши тууралуу маалыматты.  

Корреспонденттик мамилелер түзүлгөндөн кийин банк ушул пунктуда көрсөтүлгөн маселелер боюнча банк-корреспондент жөнүндө маалыматтарга көз салып турууга тийиш. Банк, банк-корреспондент тарабынан кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча чаралар аткарылбагандыгын аныктаган учурда, ал тиешелүү чараларды, корреспонденттик мамилелерди токтотууга чейинки чараларды көрүүгө тийиш.  

9. Корреспонденттик эсепти ачууну кошо алганда, корреспонденттик мамилелерди түзүү жөнүндө чечим банктын жетекчиси же банк Башкармасынын мүчөсү жетектеген, ушундай маселелер боюнча чечим кабыл алуу компетенциясына кирген коллегиалдуу орган тарабынан кабыл алынат. Корреспонденттик мамилелерди түзүүгө тиешелүү чечим кабыл алуунун мындай тартиби, банктын ички документтеринде чагылдырылууга тийиш.  

10. Банк-корреспондент ФАТФ мүчөсү болгон өлкөнүн аймагында катталган жана Standart and Poorґs Corporation рейтинг агенттиги тарабынан белгиленген, "ВВдан" төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредитти төлөө жөндөмдүүлүгү рейтингине же болбосо Moody's Investors Service же Fitch IBCA агенттиги тарабынан белгиленген ушундай эле маанидеги рейтингге ээ болгон учурда, банк тарабынан банк-корреспонденттин кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүнө, аброюна баа берүү, финансылык абалын талдап-иликтөө боюнча жөнөкөйлөтүлгөн жол-жоболор белгилениши мүмкүн.  

11. Корреспонденттик мамилелерди түзүүгө тиешелүү бардык маалыматтар документ катары түзүлүүгө жана корреспонденттик мамилелер токтотулган учурдан кийинки кеминде 5 жылга чейин сакталууга тийиш.