Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2013-жылдын 25-сентябрындагы 

N 35\13 токтому менен 

бекитилген 

Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/7, 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3, 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4, 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 22-февралындагы № 6/4, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11, 2019-жылдын 19-июнундагы № 2019-П-12/32-3-(НПА), 2020-жылдын 24-мартындагы № 2020-П-12/15-5-(НПА), 2021-жылдын 31-мартындагы №2021-П-12/14-5-(НПА), 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1-глава 

Жалпы жоболор 

1. Бул жобо "ислам терезесине" ээ банктарды кошо алганда, коммерциялык банктарга жана мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барган, ошондой эле ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык компанияларга (мындан ары - банктар) таркатылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Банктарда операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөөнүн шайкеш системасын түзүү, бул Жобонун максатынан болуп саналат. 

2-1. Бул Жобо кредиттик тобокелдикти камтыган башка активдерге да таркатылат (анын ичинде корреспонденттик эсептер, баалуу кагаздар, банктар аралык жайгаштыруулар ж.б.). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4, 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3. Кредиттик тобокелдик - бул, кардарлар/сунуштоочулар/өнөктөштөр (мындан ары - кардарлар) өз милдеттенмелерин келишим мөөнөттөрүнө жана шарттарына ылайык аткарбагандыгынан улам келип чыккан жоготуу тобокелдиги, анын кесепети банк капиталына же анын пайдасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн. 

Алгылыктуу натыйжа кардардын макулдашууларда жана/же келишимдерде каралган, банк алдындагы милдеттенмелерин аткарышына жараша аныкталган банк ишинин бардык түрлөрүндө кредиттик тобокелдик орун алышы ыктымал. 

Банктын кредиттик тобокелдикке дуушарлануу деңгээлин, анын келип чыгуу себептерин иликтөө жана кредиттик тобокелдикти алардын негизинде болжолдоого жана аны алгылыктуу деңгээлге чейин минималдаштырууга мүмкүндүк берген ички жана тышкы факторлорду аныктоо - кредиттик тобокелдикти тескөөнүн негизги максатынан болуп саналат. 

3-1. Кайра каржылоо - бул, колдонуудагы активдин ордун толугу менен же анын бир бөлүгүнүн ордун жабуу үчүн тиешелүү жаңы келишим түзүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 22-февралындагы № 6/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

3-2. Бланктык активдер бул, эмгек акы долбоорлорунун алкагындагы төлөм карттары боюнча овердрафттарды кошпогондо, ал боюнча кыймылсыз мүлк, кыймылдуу мүлк, гарантиялар же кепилдик жана активдерди классификациялоодо камсыздоо катары каралган башка инструменттер камсыздоо болуп саналбаган жана өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер жана ал төлөөгө жөндөмдүү кардарга/өнөктөшкө анын аброюнун жана киреше деңгээлин баалоонун негизинде гана берилет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Жобонун максатында кредиттик тобокелдикти камтыган активдер дегенден улам, ислам каржылоо принциптери боюнча жайгаштырылган активдерди түшүнүү зарыл. Кредиттик тобокелдикти камтыган, чек ара аркылуу өтүүчү активдер - бул, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы жүргүзүлүп жаткан ишкердикти каржылоо үчүн резиденттерге/резидент эместерге берилген активдер, мында резидент/резидент эместер түшүнүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган түшүнүккө төп келет. 

Кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин ар бир түрү өзгөчө мүнөздөмөлөргө ээ экендиги, айрым келишимдердин милдеттүү эмес мүнөзүнө жараша кредиттик тобокелдик, ички контролдукту жана тобокелдикти тескөөнү жүзөгө ашыруу үчүн активдин ар бир түрү боюнча өз-өзүнчө бааланууга тийиш. 

Контракттык каржылоо дегенден улам контрагенттер менен түзүлгөн келишим боюнча кардардын/өнөктөштүн милдеттенмелерин аткаруу үчүн жүгүртүүдөгү капиталды кыска мөөнөттүү (бир жылга чейин) каржылоо түрүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди түшүнүүгө болот. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

5. Ушул Жобонун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) башка ченемдик актыларынын талаптары банктын кредиттик тобокелдиктин тескөөгө алынышын жөнгө салуучу ички документтеринде толук чагылдырылууга тийиш. 

2-глава 

Банктын операцияларды ислам каржылоо принциптери боюнча жүзөгө ашыруу боюнча саясаты жана каржылоо стратегиясы 

(Главанын аталышы КР Улуттук банк Башкармасынын 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

6. Банк жүзөгө ашырууга ниеттенген ислам каржылоо принциптери боюнча продукттардын жана типтүү келишимдердин бардык түрү Шариат стандарттарына ылайык келиши көз карашынан, алгач Шариат кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш. 

7. Банктын ислам каржылоо принциптери боюнча операциялары Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген анын ички саясатына ылайык жүзөгө ашырылат. 

Каржылоо стратегиясы банктын бизнес-планына өзүнчө/кошумча бөлүк катары киргизилиши мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

7-1. Каржылоо стратегиясында кеминде төмөнкүлөр камтылууга жана эске алынууга тийиш: 

- банк аларга жетүүнү пландаштырган каржылоонун максаттуу рыноктору жана алардын жалпы өзгөчөлүктөрү (анын ичинде диверсификация деңгээли, каржылоо портфелинин сапатын баалоодо пландаштырылган көрсөткүчтөр);  

- негизги каржылоо булактары (банк кайсы каражаттардын эсебинен каржылоону сунуштоо, каржылоо портфелин көбөйтүү пландаштырылган каржылоо булактарын көрсөтүүсү зарыл);  

- кыйыр-валюта тобокелдиктерине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жөнүндө талап;  

өзүндө кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдердин үлүшүнүн банк активдерине карата катышы;  

- рыноктук шарттар жана банктын финансылык абалы, ошондой эле анын тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү;  

- пайданын күтүлгөн нормасы жана банк капиталынын өлчөмү;  

- кредиттик тобокелдикке дуушарланган активдерди кайтарууга байланыштуу чыгымдар;  

- банктын кыска мөөнөткө/орто мөөнөткө/узак мөөнөткө каралган пландары;  

- каржылоо портфелине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү талабы, ал банктын учурда колдонулуп жаткан каржылоо портфелинин негизинде жүзөгө ашырылат. Буга кошумча банк кредиттик тобокелдикти жана кыйыр-валюта тобокелдигине баа берүүгө мүмкүндүк берген мындай талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү методологиясына ээ болууга тийиш;  

- банктын актуалдуу шайкеш экономикалык көрсөткүчтөрү;  

- банктын уюштуруу түзүмү, банктын техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана каржылоо ишине жооптуу персоналынын жана жетекчилигинин потенциалы (квалификациясы, штаттык тизими). Тиешелүү персоналга кредиттик стратегия жөнүндө маалымат берилүүгө жана ал банктын кредиттик стратегиясынын тактыгын камсыз кылууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

7-2. Директорлор кеңеши мезгил-мезгили менен, бирок жыл ичинде кеминде бир жолу каржылоо стратегиясына таасирин тийгизген же анда каралган финансылык жана экономикалык көрсөткүчтөрдү кароого алып, зарылчылыкка жараша тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

7-3. Банктын директорлор кеңеши дайындоолор жана сый акы төлөө саясаты кредиттик тобокелдикти тескөө стратегиясына каршы келбегендей болушун камсыз кылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

8. Банк Саясаты төмөнкү жоопкерчиликтүү каржылоо принциптерине негизделүүгө тийиш: ак ниеттүүлүк, ачык-айкындык, аныктык, кардарларга/өнөктөштөргө карата өнөктөштүк мамиле, алардын экономикалык таламдарын жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эсепке алуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

9. Саясатта кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин берилишине тиешелүү болгон төмөнкүдөй жол-жоболор чагылдырылууга тийиш: 

1) төмөнкүлөрдү кошо алганда, жалпы жоболор: 

- инвесторлордун саны боюнча чектөөлөрдү кошо алганда, потенциалдуу кардарлардын/өнөктөштөрдүн курамы; 

каржылоо максаттарына жана башка шарттарга жараша, кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдердин түрлөрүн; 

- каржылоонун сандык чектерин; 

- каржылоо мөөнөттөрүн; 

- кардарлардын/өнөктөштөрдүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү критерийлерин; 

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча кошумча сумманы/кирешени жана аларды эсептөө ыкмаларын; 

- кардарлардын/өнөктөштөрдүн финансылык маалыматтарына карата талаптарын; 

- географиялык чектөөлөрдү

- актив берилүүчү валютаны белгилөө тартибин жана чектөөлөрдү

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин чектүү концентрацияланышы (кардарлардын/өнөктөштөрдүн топтору боюнча, географиялык белгиси, тармактар, валютасы жана башка факторлор боюнча); 

- банк менен байланыштуу жактарга жана аффилирленген жактарга берилүүчү, кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча чектөөлөрдү

- күрөөнүн наркына жана алгылыктуулугуна баа берүү критерийлерин; 

- күрөөнүн наркына жана алгылыктуулугуна баа берүү, анын ичинде күрөө предмети каржылоону тариздөө учурунда кардардын/өнөктөштүн/күрөө коюучунун жалгыз турак-жайы болуп саналгандыгына байланыштуу орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерге баа берүү критерийлери; 

- банк тарабынан кепилдик каттардын берилиши боюнча талаптар (2-тиркеме); 

- каржылоонун максималдуу портфелинин активдерге карата катышы; 

- каржылоо портфелиндеги активдин ар бир түрүнүн чектүү салыштырма салмагы; 

- жана башкалар. 

2) кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди тариздөө тартиби, анын ичинде: 

- документтердин формалары; 

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди сунуштоо тартиби; 

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин берилишин жактыруу тартиби; 

- финансылык талдап-иликтөөлөргө карата талаптар; 

- күрөөгө жана документтерге карата талаптар (күрөөнүн түрү, күрөөнүн кредиттик тобокелдикти камтыган активге карата катышы, рыноктук наркына баа берүү жана анын жайгашкан жери); 

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин туура тариздетилишине контролдук кылуу тартиби. 

3) төмөнкүлөрдү кошо алганда, кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди тескөө боюнча талаптар: 

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди тескөө тартиби; 

- кардардын/өнөктөштүн досңесинин шайкеш жүргүзүлүшүнө карата талаптар; 

- келишимдердин аткарылышына контролдукту уюштуруу; 

- күрөөгө жүргүзүлгөн мониторингдин мезгил аралыгы; 

- кредиттик тобокелдикти камтыган мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдерди узартуу же калыбына келтирүү шарттары; 

- классификациялоого жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүүгө карата талаптар (РППУ); 

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдерге көз карандысыз баа берүү процесси; 

- маалымат системаларына (отчеттуулукка) карата талаптар; 

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин тескөөгө алынышына контролдукту уюштурууга карата талаптар; 

- кредиттик тобокелдикке байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон чыгымдарга баа берүү үчүн стресс-тестирлөөнү жүргүзүүгө карата талаптар (3-тиркеме); 

4) кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин максималдуу суммасын жана түрүн көрсөтүү менен аларды сунуштоо боюнча ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди сунуштоо жана банктын баланстан тышкаркы милдеттенмелерин кабыл алуу укугу, каржылоо учурунда кемчиликтерге жол бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тарткан бир нече деңгээлдеги кызмат адамдарына бөлүштүрүлүүгө тийиш; 

5) каржылоо процессине катышкан түзүмдүк бөлүмдөр ортосунда укуктардын өткөрүп берүү милдеттенмелери жана маалымат алмашуу; 

6) жаңы банктык продукттар боюнча тобокелдиктерге баа берүү тартиби. Бардык жаңы продукттар боюнча тобокелдиктер, банк мындай продукттар рыногуна киргенге чейин аныкталууга, баа берилүүгө жана контролдонууга тийиш; 

7) кредиттик тобокелдикти камтыган "көйгөйлүү" активдерге байланыштуу жагдайларды аныктоо, иликтөөлөрдү жүргүзүү жана чечүү тартиби. 

Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптардын чегинде банк, кардарлардын чөйрөсүн, кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин түрүн өз алдынча аныктайт жана кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча кошуп эсептелген бааны/кирешени белгилейт. 

8) кайра кредиттөөгө жол бербөөгө багытталган баа берүү жана отчет системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү талаптарын камтыган жоопкерчиликтүү каржылоо принциптери (кардардын/өнөктөштүн бир нече финансы-кредиттик уюмда кошумча милдеттенмеси болсо, натыйжада кардардын/өнөктөштүн карыз оорчулугу анын милдеттенмелерди тейлөө мүмкүнчүлүгүнөн басымдуураак болуп кетет). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

10. Банктын так жана кылдат иштелип чыккан Саясаты кредиттик тобокелдикти камтыган активдер менен туура иш алып барууга өбөлгө түзүп, банктын пайда алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш. 

11. Банк Башкармасы Банктын каржылоо саясатынын жана стратегиясынын аткарылышына жоопкерчиликтүү, ал үчүн банк ишинин процессинде кредиттик тобокелдикти, анын ичинде валюта тобокелдиги менен шартталган кредиттик тобокелдик (тобокелдикти) аныктоо, өлчөө, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо боюнча саясаттын жана жол-жоболордун иштелип чыгышын жана аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү

Банк, валюта тобокелдиги менен шартталган кредиттик тобокелдикти туруктуу негизде аныктап туруунун, ага баа берүүнүн, мониторинг жүргүзүүнүн жана контролдукка алуунун комплекстүү системасынын, ошондой эле валюта тобокелдиги менен шартталган кредиттик тобокелдикке контролдукту, талдап-иликтөөлөрдү жана мониторингди жүзөгө ашыруу боюнча отчет берүү системасынын жөнгө салынышын камсыз кылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4, 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

12. Банктын Директорлор кеңеши банкта каржылоо процессине таасирин тийгизген тобокелдик профили, Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары, банктын уюштуруу түзүмү жана кадрлар курамы өзгөргөндүгүнө жараша, анын ичинде республика экономикасында жана банктын, анын кардарлары/өнөктөштөрү иш алып барган өлкөлөрдүн экономикасында каржылоо процессине таасирин тийгизген өзгөрүүлөр жүргөн учурда, зарылчылыкка жараша, бирок жылына кеминде бир жолу банктын саясатынын шайкештигин, лимиттер системасын, инструменттер жана кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча жол-жоболорду, кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча ички аудит системасын кароого алып турууга милдеттүү.  

Өзүндө кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдерди берүүгө тиешелүү маселелер банктын Каржылоо боюнча комитети тарабынан же болбосо банктын Директорлор кеңешинин компетенциясына кирген маселелерди кошпогондо, ченемдик укуктук актыларга ылайык Комитет бул укукту ыйгарууга укуктуу адамдар тарабынан гана чечилүүгө тийиш.  

Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүү укугу бир нече деңгээлдеги кызмат адамдарына бөлүштүрүлүүгө тийиш жана ошол адамдар каржылоо учурунда жол берилген мыйзам бузуулар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп беришет. 

Банк менен байланыштуу жактарга/анын аффилирленген жактарына ири тобокелдикти камтыган активдерди жана кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүү банктын Директорлор кеңеши тарабынан жактырылууга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык келүүгө тийиш. Банктын Директорлор кеңеши банк менен байланыштуу жактарга/анын аффилирленген жактарына ири тобокелдикти камтыган активдерди жана кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди, чек ара аркылуу өтүүчү активдерди, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларынын талаптарын бузуу менен берилген жана/же алар боюнча банк жоготууга дуушар болгон, Кыргыз Республикасынан чегинен тышкары жайгашкан күрөө менен камсыздалган активдерди берүү жөнүндө чечимдерди жактыргандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.  

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан күрөө, кредиттик тобокелдикти камтыган активдин суммасынын 20% ашыгыраак кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча камсыздоо болуп саналган учурда банктын Директорлор кеңешинин жактыруусу талап кылынат. Мында, күрөөнүн наркы дегенден улам, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, анын жоюу наркын түшүнүүгө болот. 

Мындан тышкары, каржылоо саясатында Каржылоо боюнча комитеттин жана/же банк Башкармасынын чектөөлөрдү көрсөтүү менен каржылоону эсептен алып салуу жана реструктуризациялоо боюнча ыйгарым укуктары белгиленүүгө тийиш. 

Банктын каржылоо саясатында кардарлардын/өнөктөштөрдүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү методикалары да камтылууга тийиш. Ушул максаттарда банк кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча алардын ички рейтинги системасын иштеп чыга алат. Ички тобокелдиктер рейтинги системасы банкта ишке ашырылып жаткан иштердин түрүнүн мүнөзүнө, өлчөмүнө жана татаалдыгына ылайык келүүгө тийиш.  

Мындан тышкары, банк аларды берүүдө стандарттуу эмес чечимдер (индивидуалдуу үстөк баалар, күрөөнүн түзүмү жана башка) кабыл алынган, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча маалымат базасын жана аларды каттоо журналын туруктуу жүргүзүүгө милдеттүү

Кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча тобокелдиктердин ички рейтинги системасында кардардын/өнөктөштүн келечекте төлөө жөндөмдүүлүгүнүн негизги көрсөткүчү катары анын финансылык абалына комплекстүү баа берүү камтылууга жана ушул Жобонун 1-§ жана 2-§ көрсөтүлгөн кардарлар/өнөктөштөр тууралуу ачык көрсөтүлгөн маалыматтар камтылууга тийиш.  

Тобокелдиктердин кредиттик тобокелдик боюнча рейтинги өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин сапатынын негизги көрсөткүчү. Тобокелдик рейтинги өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүүнү жактыруунун баштапкы стадиясында ыйгарылууга тийиш, ошондой эле активге андан ары мониторинг жүргүзүүдө, мөөнөтүн узартууда же болбосо каржылоо келишиминин шарттарын өзгөртүүдө же өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди реструктуризациялоодо ыйгарылышы мүмкүн. Кардарлардын/өнөктөштөрдүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүн аныктаган тобокелдик рейтингдери алфавит, сан же альфа-сан символдор түрүндө белгиленет, алар банк өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүүдө тобокелдиктерди көрсөтүп турат. Банк кардарга/өнөктөшкө жана өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерге байланыштуу белгилүү бир мүнөздөмөлөрдү эске алуу менен тобокелдиктер рейтингин ыйгарат.  

Тобокелдиктер рейтингин аныктоодо кардарлардын/өнөктөштөрдүн төлөө жөндөмдүүлүгүн талдап-иликтөө төмөнкүдөй ар кандай ыкмаларга негизделиши мүмкүн:  

- сандык тобокелдиктер рейтингин аныктоого мүмкүндүк берген тиешелүү көрсөткүчтөрдү колдонуу менен (коэффициенттер методу, рейтинг моделдери, скоринг моделдери);  

- болжолдуу, ал өткөн жылдардын статистикасына таянат жана өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди колдонуу моделин түзүүгө, кардарга/өнөктөшкө жана анын төлөө жөндөмдүүлүгүнө багытталган;  

- сапаттык, мында ар тараптуу сапаттык көрсөткүчтөр системасы колдонулат.  

Банк өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүүдө, кардардын/өнөктөштүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө натыйжалуу баа берүү максатында, кардарларга/өнөктөштөргө баа берүү талаптарына жооп берген ыкмалардан турган өзүнүн моделин иштеп чыгышы мүмкүн. Негиз катары төмөнкүлөр алынышы мүмкүн:  

- кардарлардын/өнөктөштөрдүн финансылык абалына жана өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин сапатына комплекстүү баа берүүгө мүмкүндүк берген коэффициенттер методу;  

- рейтинг модели интегралдык көрсөткүчтү эсептеп чыгаруу жолу менен коэффициенттер методу аркылуу автоматтык түрдө баа берүү, бул ыкма колдонууда кыйла ыңгайлуу жана жөнөкөй болуп саналат;  

- скоринг модели кардарды/өнөктөштү белгилүү топко киргизүү жолу менен төлөө жөндөмдүүлүгүн балл берүү эквивалентинде баалоо;  

- кардардын/өнөктөштүн милдеттенмелери менен келечектеги акча агымына баа берүүгө негизделген модель;  

өткөн жылдардын статистикасы ж.б. колдонулган модель.  

Тобокелдиктердин ички рейтинги системасы каржылоо берүү жөнүндө чечим кабыл алуу; каржылоо наркын аныктоо; кредиттик тобокелдикке мониторинг жүргүзүүдө банкка көмөк көрсөтүү; потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү; алынган жана зарыл маалыматтарды тескөө; кредиттик рейтинг шкаласына ылайык кредиттерди бөлүштүрүү, ошондой эле каржылоонун мурунку абалын жана келечектеги кыймылын рейтинг шкаласы боюнча аныктоо; жалпы тобокелдиктерге жана каржылоо портфелиндеги тенденцияларга баа берүү; банктын кредиттик стратегиясына өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн колдонулушу мүмкүн.  

Ички кредиттик рейтинг системасын колдонуу менен мурдагы маалыматтар камтылган маалымат базасын түзүүгө болот, ал убакыттын өтүшү менен кредиттик рейтинг көрсөткүчтөрү боюнча кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин белгилүү бир түрлөрүнө баа берет, бул өз кезегинде, банктардын кредиттик тобокелдиктерине кыйла тагыраак баа берүүсүнө өбөлгө түзүшү мүмкүн.  

Банкта тобокелдиктердин ички рейтинг системасында ыйгарым укуктарды төмөнкүлөр боюнча бөлүштүрүү камтылууга тийиш:  

- карларга/өнөктөшкө баштапкы рейтингди ыйгаруу (каржылоого өтүнүч кат түшкөн учурда);  

- ыйгарылган рейтингди талдап-иликтөө (кардардын иши боюнча бардык документтерди, анын төлөө жөндөмдүүлүгүн, күрөөлүк камсыздоосун талдап-иликтөөдө);  

- каржылоо берүүнү акыркы жактыруу.  

Тобокелдиктер рейтингине ылайык кредит берүү чечими 100000 сомго чейинки суммада жеке адамдарга жана жеке ишкерлерге кредит берүү боюнча кабыл алынат.  

Андан кийин 100000 сомго чейинки суммада жеке адамдарга жана жеке ишкерлерге берилген кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин төлөнүшүнө ушул жободо белгиленген мониторинг жүргүзүү аралыгына ылайык мезгил-мезгили менен мониторинг жүргүзүү, ошондой эле зарыл болгон учурларда, милдеттенмелердин аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана рейтингге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу максатында, ыйгарылган тобокелдик рейтингдерин талдап-иликтөө зарыл.  

Банктын ички саясатында соттон тышкаркы тартипте күрөө предметинен өндүрүү чечими кабыл алынган учурда, ал кардардын/өнөктөштүн/күрөө коюучунун бирден бир турак жайы экендигин тастыктаган фактыларды текшерүү талаптары каралууга тийиш. Эгерде, күрөө предметинен өндүрүү учурунда күрөөгө сунушталган кыймылсыз мүлк кардардын/өнөктөштүн/күрөө коюучунун бирден бир турак жайы болуп саналса, өндүрүү соттун чечими боюнча жүргүзүлүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

12-1. Кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча тобокелдиктердин ички рейтинги системасына ички аудит жыл сайын банктын каржылоо иши каржылоо стратегиясына, банктын саясатына дал келишин аныктоо жана кредиттик тобокелдикти тескөө процессинде, каржылоо саясатында жана каржылоо боюнча жол-жоболордо кемчиликтерди аныктоо үчүн жүргүзүлүүгө тийиш. 

Мындан тышкары, банк ички аудиттин алкагында валюталык тобокелдик менен шартталган кредиттик тобокелдикти ички контролдоо системасына, анын ичинде Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин/активдердин классификацияланышына баа берүүсү зарыл.  

Кредиттик тобокелдикти ички контролдоо системасына ички аудит жүргүзүүнүн натыйжасында аныкталган кемчиликтер боюнча түзөтүү чараларын андан ары аткаруу боюнча маалымат мезгил-мезгили менен, бирок жарым жылда кеминде бир жолу банктын Директорлор кеңешине жана чейрек ичинде кеминде бир жолу Аудит боюнча комитетке сунушталууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

12-2. Банк, каржылоо жана мониторинг жүргүзүү процессине тартылган кызматкерлеринин банкта кардарлардын/өнөктөштөрдүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү саясатын эске алуу менен талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жана баа берүү, проблемалуу кредиттер менен иш алып баруу маселелери, ошондой эле каржылоого тиешелүү башка маселелер, анын ичинде кардарлар/өнөктөштөр менен коммуникация жагында маселелер жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам талаптары жана жооптуу каржылоо принциптери боюнча мезгил-мезгили менен окутуудан өтүүсүн камсыз кылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

3-глава 

Шариат кеңешинин ролу 

13. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишкердикти жүзөгө ашырууда бардык продукттарды сунуштоонун жалпы шарттары жана типтүү келишимдер, алардын Шариат стандарттарына ылайык келиши көз карашынан Шариат кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш. Эгерде айкын бир келишим шарттарына, аларды өзгөртүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсе, алар да Шариат кеңеши тарабынан жактырылышы зарыл. 

Эгерде, Шариат кеңеши тарабынан жактырылган типтүү келишимдин бардык олуттуу (негизги) шарттары өзгөртүлбөгөн болсо, келишим акча каражаттарын жайгаштыруу боюнча бүтүмдөрдүн мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен анын шарттарын тактоо максатында банктын Шариат кеңешине кошумча макулдашуусуз эле, өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

14. Шариат кеңеши өз милдетин аткарууда банк жетекчилигинен көз карандысыз болууга тийиш. 

15. Шариат кеңешинин иши банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген "Шариат кеңеши жөнүндө" жобо менен жөнгө салынат. 

16. "Шариат кеңеши жөнүндө" жободо төмөнкүлөр аныкталууга тийиш: 

- Шариат кеңешинин ишин уюштуруу (регламент) - кеңештин курамын, отурумдарды өткөрүү тартибин; 

- Шариат кеңешинин ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин; 

- банктын Директорлор кеңеши, Башкармасы, Каржылоо боюнча комитети, Корпоративдик башкаруу боюнча комитет жана Аудит боюнча комитет менен өз ара иш алып баруу тартибин. 

17. Шариат кеңешине Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын Мыйзам талаптарына жооп берген адистер кирүүгө тийиш. 

4-глава 

Банктын каржылоо боюнча комитети 

18. Банктын Директорлор кеңеши тарабынан дайындалган Каржылоо боюнча комитет банктын каржылоо боюнча саясатын жүзөгө ашырган орган болуп саналат. 

19. Активдерди, гарантияларды, милдеттенмелерди, кепилдиктерди, ошондой эле маңызы боюнча каржылоо операциясы болуп саналган жана өзүндө кредиттик жоготуулар тобокелдигин камтыган башка активдерди жана милдеттенмелерди берүүгө тиешелүү бардык маселелер банктын Каржылоо комитети тарабынан чечилүүгө тийиш. Каржылоо комитети, банктын Директорлор кеңешинин компетенциясына кирген маселелерди эске албаганда, бул укукту башка жактарга ыйгарышы мүмкүн. Каржылоо комитети ошондой эле, саясатка ылайык кредиттерди берүү, эсептен алып салуу жана реструктуризациялоо боюнча ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүгө тиешелүү маселелерди да кароого алат. Мында, Каржылоо комитетинин кредиттерди эсептен алып салуу жана реструктуризациялоо боюнча чечими менен Банк Башкармасы айына кеминде бир жолу, ал эми Директорлор кеңеши чейрек ичинде кеминде бир жолу тааныштырылып турууга тийиш. Кредиттик комитет олуттуу тобокелдикти камтыган активдерди сатуу жана эсептен алып салуу боюнча сунушту Директорлор кеңешинин кароосуна сунуштайт. Банк Башкармасы Директорлор кеңешинин ушул маселелер боюнча чечимдеринин аткарылышы үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

20. Каржылоо боюнча комитеттин иши банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген "Банктын Каржылоо боюнча комитети жөнүндө" жобо аркылуу жөнгө салынат. 

21. "Банктын Каржылоо боюнча комитети жөнүндө" жободо төмөнкүлөр аныкталууга тийиш: 

- Каржылоо боюнча комитеттин ишин уюштуруу - комитеттин курамы, отурумдарын өткөрүү тартиби, чечимдери кабыл алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги; 

- Каржылоо боюнча комитеттин ыйгарым укуктары жана жоопкерчиликтери; 

- Директорлор кеңешинин отчет берүү жана банк Башкармасы, Шариат кеңеши жана түзүмдүк бөлүмдөр менен каржылоо маселелери боюнча өз ара иш алып баруу тартиби; 

- Каржылоо боюнча комитеттин ар бир мүчөсүнүн чечим кабыл алуу жана ага кол коюу боюнча жоопкерчилиги. 

22. Банктын Каржылоо боюнча комитети кеминде 5 мүчөдөн турууга тийиш, комитетти Башкарманын Төрагасы же анын орун басарларынын бири жетектейт. 

Каржылоо боюнча комитеттин курамына төмөнкүлөр кирет: 

- банктын Каржылоо боюнча бөлүмүнүн жетекчиси; 

- банктын юридикалык кызматынын жетекчиси; 

- аткарган функционалдык милдети Каржылоо боюнча комитеттин ишине катышуу учурунда, таламдардын каршы келип калышына себеп болбогон банктын башка кызматкерлери. 

Тобокелдик менеджери Каржылоо боюнча комитеттин ишине аталган коллегиалдык орган тарабынан чечимдердин кабыл алынышы учурунда добуш берүүгө укуксуз, эксперттик пикирин билдирүү үчүн катыша алат. 

Комитеттин чечим кабыл алууга катышкан ар бир мүчөсүнүн: 

- кароого алынып жаткан маселенин маңызы боюнча толук маалыматы болууга тийиш; 

- кабыл алынган чечимдин банк ишине тийгизген таасирин анык түшүнүүгө тийиш; 

- тобокелдиктин келип чыгышы ыктымалдыгына жана кабыл алынган чечимдердин натыйжаларына баа бере алууга тийиш. 

Кароого алынып жаткан маселе боюнча сын-пикирин жана сунушун билдирген жана кабыл алынган чечимге макул болбогон комитет мүчөсү ал тууралуу добуш берүүдө ачык билдирип, протоколдо каттатууга тийиш. Протоколго комитеттин отурумга катышкан бардык мүчөлөрү жана катчысы кол коет. Комитеттин отурумга катышпаган мүчөлөрү кабыл алынган чечимге кол коюп берүү менен таанышып чыгууга тийиш. 

23. Банктын тобокелдик менеджери эң аз дегенде ай сайын банк менен байланыштуу жактарга жана аффилирленген жактарга кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча тобокелдиктерге баа берүүнү кошо алганда, кредиттик тобокелдик деңгээли боюнча отчетторду Директорлор кеңешине сунуштап туруусу зарыл. 

5-глава 

Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди сунуштоо боюнча ишти уюштуруу 

§ 1. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди алууга берилген билдирмеге талдап-иликтөөлөр 

24. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүү боюнча иш мындай активди алууга кардардын/өнөктөштүн билдирмесин банк алган учурдан тартып башталат. Берилген билдирмеде кредиттик тобокелдикти камтыган активди алуу максаты, талап кылынган сумма, алуу шарттары жана мөөнөтү, аны кайтарып берүү булагы жана күрөөгө тиешелүү маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш (бул Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында жана банктын ички документтеринде каралган учурларда гана). 

25. Банктар, кардарлар/өнөктөштөр жөнүндө маалыматты кошо алганда, кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алууга кардарлардан/өнөктөштөрдөн келип түшкөн билдирмелерди, билдирме боюнча кабыл алынган чечимге көз карандысыз, каттап турууга милдеттүү. Журналда ошондой эле, активдерди берүүдөн баш тарткан учурда, кардарга/өнөктөшкө ал тууралуу маалымдалгандыгы да чагылдырылышы зарыл. Журнал көктөлүүгө, номер коюлуп, ага банктын мөөрү басылууга тийиш (4-тиркеме). Банкта маалыматтардын сакталышын, алардын архивинин түзүлүшүн камсыз кылган жана оңдоолордун киргизилишине мүмкүндүк бербеген коопсуздук системасы орнотулган шартта, журналды электрондук түрдө жүргүзүүгө жол берилет. Журналда чагылдырылган маалыматтар Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 27-августундагы № 22/9 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредит мекемелеринин ишинде түзүлгөн негизги документтердин тизмегинде көрсөтүлгөн мөөнөттөргө ылайык сакталууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

26. Ар бир банкта кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алууга билдирмелерди кароонун белгилүү бир тартиби, ошондой эле мындай активди алуу ниетин билдирип кайрылган жактарга карата коюлуучу талаптар белгилениши зарыл. 

27. Эгерде, каржылоо боюнча адис же кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүү чечимин кабыл алууга катышкан кайсыл бир жак потенциалдуу кардарга каршы таламга ээ болсо, анда мындай жак кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүү чечимин кабыл алууда ага катышууга тийиш эмес. 

28. (КР Улуттук Банк башкармасынын 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)  

29. Белгиленген талаптарга шайкеш келүүсүн жана өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүүнүн максатка ылайыктуулугун аныктоо, ошондой эле кардардын/өнөктөштүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүн талдап-иликтөө үчүн банк кардардан/өнөктөштөн төмөнкү документтерди кагаз түрүндө же электрондук формада талап кылууга тийиш: 

- кардар/өнөктөш жөнүндө негизги маалыматтар (кардар/өнөктөш - юридикалык жак - иштин негизги түрү, жүгүртүү каражаттарынын болжолдуу өлчөмү), валюталар боюнча кирешелер (түшкөн акчанын) түзүмү, каржылоонун ордун жабуу планы, негизги бизнес-өнөктөштөр жана башкалар чагылдырылууга тийиш болгон толтурулган анкета/билдирме. 

- нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн же юридикалык жактын мөөрү басылган же болбосо мыйзам талабына ылайык мындай көчүрмөлөрдү нотариалдык жактан күбөлөндүрүү мүмкүн болбогон шартта, жетекчинин кол тамгасы коюлган уюштуруу документтеринин көчүрмөсү (эгерде кардар/өнөктөш юридикалык жак болсо); 

- кардардын/өнөктөштүн (эгерде, карыз алуучу юридикалык жак болсо) акыркы отчеттук жыл үчүн финансылык отчету. Эгерде кардар/өнөктөш - юридикалык жак, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыл сайын аудиттен өтүүгө милдеттүү болсо, финансылык отчет тышкы аудитор тарабынан тастыкталууга тийиш. Мында, юридикалык жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аралык финансылык отчетторун сунуштап турууга тийиш болсо, анда банк ошол отчетту юридикалык жактан талап кылышы зарыл; 

- жерди пайдалануу укугун тастыктаган документтерди же малы бар экендиги тууралуу документтерди сунуштоо менен 250000 сомдон ашпаган өлчөмдө каржылоо берилген айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү жеке адамдарды, ошондой эле айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган өкмөттүк программалардын алкагында каржылоо берилген адамдарды кошпогондо, мамлекеттик органдардан алынган каттоодон өткөндүгү жөнүндө документ (эгерде кардар/өнөктөш - күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердик иш жүргүзгөн юридикалык жак же жеке адам болсо). 

Электрондук патент сунуштоодо ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам электрондук патент алгандыгы фактысын тастыктоо максатында кагазга басып чыгарылган электрондук патенттин көчүрмөсүн сунушташы мүмкүн же банкка Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүү үчүн электрондук форматта бериши мүмкүн. Бул учурда банктын жооптуу кызматкери кагаз түрүндө патенттин (көчүрмөсүнүн) же электрондук патенттин аныктыгын (көчүрмөсү) электрондук патенттеги QR-кодду мобилдик же тиешелүү программалык камсыздоого ээ башка түзүлүш аркылуу же Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүүгө тийиш.  

Эскертүү: QR-код мобилдик түзүлүштөр аркылуу таануу үчүн атайын түзүлгөн патент жөнүндө маалыматты камтыган матрица түрүндө код (кош өлчөмдүү штрихкод); 

- каржылоодон пайдалануу максатын, кардардын/өнөктөштүн акча каражаттарынын болжолдуу өлчөмүн, валюталар боюнча төлөө булактарын, каржылоонун ордун жабуу боюнча иш-чаралар планын, мөөнөттөрүн камтыган бизнес-план (эгерде кардар - юридикалык жак болсо жана каржылоо суммасы 3500000 сомдон көп болсо, жүгүртүү каражаттарын толуктоого берилген кредиттерди эске албаганда). Мында банк, кредиттик тобокелдикти кыскартуу максатында, инвестициялык каржылоо, олуттуу өлчөмдө каржылоо жана кардардын/өнөктөштүн бизнесине кылдат баа берүүнү талап кылган, каржылоонун башка түрлөрү боюнча бизнес-планга кошумча талаптарды белгилөөгө тийиш; 

- рыноктук наркын, баа берүү күнүн, ким тарабынан баа берилгендигин, каттоодон өткөндүгүнүн далилдерин, күрөөнүн жайгашкан ордун, ээлик кылууну тастыктаган (эгерде кыймылдуу/кыймылсыз мүлк күрөө болуп саналса) документтерди жана банктын ички документтерине ылайык, башка документтерди көрсөтүү менен күрөөгө коюлган мүлктүн описин (болгон болсо); 

- гарантты (кепилдик берүүчүнү), гарантия (кепилдик) суммасын ж.б. (эгерде банк гарантия (кепилдик берүүнү) талап кылса), ошондой эле гаранттын финансылык отчетторун (эгерде гарантия кредит боюнча бирден бир гана камсыздоо болуп саналса жана гарант - юридикалык жак болсо) көрсөтүү менен гарантиялар (кепилдиктер); 

- ким экендигин тастыктаган документти (эгерде кардар/өнөктөш жеке адам болсо); 

- акыркы 3-12 ай ичиндеги (мында банк, эмгек акы жөнүндө маалымкат берилүүгө тийиш болгон мезгил аралыгын өз алдынча аныктоого укуктуу) эмгек акысы тууралуу маалымкатты же киреше тууралуу маалыматтарды тастыктаган башка документтерди (эгерде кардар/өнөктөш жеке адам болсо). 

Банк жогоруда белгиленген документтерден тышкары банкка зарыл болгон башка документтерди, анын ичинде кардардын/өнөктөштүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү үчүн талап кылынган башка документтерди (контракттар, келишимдер, сунуштама каттар ж.б.у.с.) да талап кыла алат, алар электрондук документ формасында же кагаз түрүндө сунушталышын мүмкүн. 

Банкта кардардын/өнөктөштүн маалыматы менен иш алып баруу боюнча ички жол-жобо болууга жана анда маалыматтардын сакталышын жана коргоого алынышын камсыз кылган талаптар каралууга тийиш. Банк кызматкерлери маалымат топтоодо жана кардарлар/өнөктөштөр менен маектешүүдө ал маалымат мыйзам талаптарына ылайык кандай учурларда колдонулушу мүмкүн экендигин кардарларга так түшүндүрүп берүүлөрү тийиш. 

Кардарлардын/өнөктөштөрдүн сүрөттөрүн же видео жаздырууларды, аудио жаздырууларды жана алар тууралуу башка маалыматты жарнамалык, маркетингдик маалыматтарда же башка максаттарда пайдалануу үчүн кардарлардын/өнөктөштөрдүн кат жүзүндөгү макулдугун алуу зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын2021-жылдын 31-мартындагы №2021-П-12/14-5-(НПА), 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомдордун редакцияларына ылайык) 

30. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо учурунда банк, төмөнкү укуктарды кошо алганда, кардарлардын/өнөктөштөрдүн укугунун сакталышын камсыз кылууга тийиш: 

- мурабаха, истиснаа, ижара келишимдери боюнча кардар келишимге кол койгон учурдан тартып товар/мүлк үчүн акы төлөө учуруна чейин өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди алуудан баш тартуу укугу; 

- мудараба жана мушарака келишимдери боюнча өнөктөш келишимге кол койгон учурдан тартып акча каражаттарын алганга чейин өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди алуудан баш тартуу укугу; 

-  келишимге кол коюуга чейин кардарга/өнөктөшкө келишимдин долбоору жана ага карата бардык документтер берилип, ал банктын аймагынан тышкары юридикалык консультация алуу укугу, мында кардарга/өнөктөшкө келишим менен таанышып чыгуу үчүн берилген убакыт 1 (бир) күндөн кем эмес, бирок 3 (үч) күндөн ашпоого тийиш;  

- кредиттик тобокелдикти камтыган активди пролонгациялоо же реструктуризациялоо өтүнүчү менен кардардын/өнөктөштүн банкка кайрылуу укугу; 

- эгерде кредиттик тобокелдикти камтыган активдин негизги суммасынын 50% ашыгыраагы төлөнгөн шартта, кардардын/өнөктөштүн банктын ички документтерине ылайык, комиссиялык жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз, мурдагы күрөөнү наркы кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча карыздын калган суммасынын ордун жапкан, эки тарапка тең алгылыктуу башка күрөөгө алмаштыруу укугу;  

Жеке адам, анын ичинде жеке ишкер болуп саналган кардар/өнөктөш менен каржылоо боюнча келишим түзүүдө банк мындай кардарларга/өнөктөштөргө каржылоо алуунун төмөнкүдөй ыкмаларын тандоо укугун берет: 

- акча каражаттарын нак акчага айландыруу үчүн комиссиялык жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз нак формада алуу; 

- акча каражаттарын эсептешүүүндөлүк) эсептеринен/талап боюнча төлөнүүчү банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептерден алуу, аны тейлөө шарттары тиешелүү келишимде аныкталат. 

Мында жеке адам, анын ичинде жеке ишкер болуп саналган кардарлар/өнөктөштөр каржылоону нак формада сыяктуу эле, нак эмес формада да төлөө укугуна ээ. 

Акча каражаттарын нак акчага айландыруу үчүн комиссиялык жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз алуу укугу ипотекалык каржылоодо, ошондой эле жеке адам, анын ичинде жеке ишкер болуп саналган кардарларга/өнөктөштөргө экономиканы өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик/өкмөттүк жана социалдык программалардын алкагында каржылоодо банк тарабынан берилет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

31. Банктын каржылоо боюнча ишинин ачык-айкындуулугун арттыруу жана кардарлар/өнөктөштөр аларды тейлеген жеринде каржылоо шарттары менен кылдат таанышып чыгуусу максатында, каржылоо шарттары жана тартиби, кредиттик тобокелдикти камтыган активди алуу үчүн зарыл болгон тиешелүү документтердин тизмеги, каржылоо процессин жөнгө салган Улуттук банктын негизги ченемдик укуктук актыларынын тизмеги жөнүндө ачык маалыматты камтыган такталар көрүнүктүү жерде жайгаштырылышы зарыл. Такталарда ошондой эле, кардар/өнөктөштөрдүн укуктары, банкта даттануулар жана сунуш-пикирлер чагылдырылган китептин бардыгы жана кардарлар/өнөктөштөр үчүн зарыл болгон башка маалыматтар да чагылдырылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

32. Банк кызматкерлери кардарлар менен функционалдык милдеттеринин алкагында гана иш алып барууга тийиш. Мындан тышкары, алар кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүүдө сый акы үчүн ортомчу катары иш алып барууга укугу жок. 

33. Банк ушул жобонун 68-1-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарды эске алуу менен, кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүүгө байланыштуу тобокелдиктерди өзүнө алуу менен, активди берүү учуруна чейин сыяктуу эле, андан кийин банктын каражаттары толук кайтарылганга чейин кеминде жылына бир жолу кардар/өнөктөш тарабынан сунушталган, анын ичинде кардардын/өнөктөштүн документ менен тастыкталбаган кирешеси боюнча маалыматтын толуктугун жана тактыгын текшерүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

34. Бүтүндөй алганда, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди алууга билдирмени талдап-иликтөө Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган банктын саясатына жана төмөнкү негизги факторлорго негизделүүгө тийиш:  

- каржылоо алуу укугу. Банк кардар/өнөктөш кредиттик тобокелдикти камтыган активди алууга жана келишимге кол коюуга укуктуу экендигине ынанууга тийиш;  

- кардарга/өнөктөшкө мүнөздөмө. Банк кардар/өнөктөш каржылоо алууга жоопкерчилик менен мамиле жасай тургандыгын, банктын бардык суроолоруна толук жооп берип, карызын төлөө үчүн болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын аныктоого тийиш. Талдап-иликтөөнү жүргүзүүдө кардар/өнөктөш ушул банкта же башка финансы-кредит уюмдарында буга чейин кредиттерден (насыялардан) же кредиттик тобокелдикти камтыган активдерден пайдаланганбы же жокпу, кредит кандайча кайтарылгандыгын, кредитти төлөө тартибин так сактагандыгын, өз милдеттенмелерин аткарууга даяр экендигин эске алуу зарыл. Мындан тышкары, анын кесиптик сыяктуу эле, жалпы инсандык беделин көңүлгө алуу зарыл, ошондой эле кардардын/өнөктөштүн ушул тармакта канча жылдан бери иштегендигин жана иш тажрыйбасын, жетишкен ийгиликтерин да кароо керек. Башка кредиттик уюмдардан ага берилген кредиттик тобокелдикти камтыган активдер тууралуу маалыматтарды да сурап алуу маанилүү. Мындан тышкары, кардар/өнөктөш менен байланыштуу жактар жөнүндө маалыматты (кредиттик отчетту) алардын макулдугунун негизинде, мыйзам талаптарына ылайык бир же бир нече кредиттик бюродон талап кылуу зарыл.  

Банк кредиттик бюродон алынган кредиттик отчеттун купуялуулугун жана сакталышын так аткарууга жана анда чагылдырылган кредиттик маалыматты үчүнчү жактарга таркатпоого, ошондой эле кредиттик отчетту кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамдарда белгиленген максаттарда гана пайдаланууга тийиш.  

Банк кредиттик бюродон алынган кредиттик отчеттогу маалыматтарды бурмалоо үчүн жоопкерчилик тартат:  

- акча каражаттары. Кредит алууга билдирмеге талдап-иликтөөлөрдү жүргүзгөн банк кызматкери жооп берүүгө тийиш болгон эң башкы суроо бул: кардар/өнөктөш киреше жана нак акча агымы формасында акча каражаттарын, анын ичинде кредит ала турган валютада кредиттик тобокелдикти камтыган активдин ордун жабуу үчүн жетиштүү көлөмдө акча каражаттарын ала алабы? Баа берүүдө банк буга чейин пайда туруктуу алынгандыгын же сатуу көлөмү өскөндүгү байкалгандыгын жана келечекте кредиттик келишимди колдонуу мөөнөтү ичинде мындай өсүш улана тургандыгын тактоого тийиш.  

Мындан тышкары, банк кардар/өнөктөш активди өз убагында төлөөсү үчүн алмашуу курсунун өсүшүн эске алуу менен кардардын/өнөктөштүн кирешесинин (пайдасынын) (анын ичинде чет өлкө валютасында) жетиштүүлүгүн аныктоого тийиш.  

Эгерде кардардын/өнөктөштүн келерки 12 ай ичинде кирешесинин (пайдасынын) басымдуу бөлүгү улуттук валютада алына турган болсо, банк Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талабын, анын ичинде РППУ боюнча талаптарды эске алуу менен кардар/өнөктөш үчүн алмашуу курсунун терс жакка өзгөрүшүнүн натыйжасында валюталык тобокелдик менен шартталган кредиттик тобокелдикти эске алып, кардарга/өнөктөшкө чет өлкө валютасында каржылоо сунуштоонун максатка ылайыктуулугуна баа берүүгө тийиш;  

- камсыздоо. Камсыздоо түрүнө баа берүүдө банктын каржылоо боюнча кызматкери кардар/өнөктөш кредиттик тобокелдикти камтыган активдин кайтарылбай калуу тобокелдигин азайтуу үчүн зарыл болгон жетиштүү сапаттуу камсыздоого ээ экендигин тактоого тийиш.  

Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүүдө камсыздоонун ар кандай формасы, түрү жана ыкмасы колдонулушу мүмкүн.  

Кардарлардын/өнөктөштөрдүн милдеттенмелерин камсыздоо ар кандай белгилери боюнча классификацияланат:  

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди камсыздоонун мүлктүк формасы дегенден улам, кардар/өнөктөш кредит алууда сунуштаган мүлктү сатуудан алынган акча каражаттарынын эсебинен активди төлөөнүн экинчи булагын түшүнөбүз. 

Мүлктүк формага кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди камсыздоонун төмөнкү түрлөрү кириши мүмкүн:  

- кыймылсыз мүлк күрөөсү;  

- кыймылдуу мүлк күрөөсү (бул мүлк эрежеге ылайык, кардардын/өнөктөштүн пайдалануусунда калат, тактап айтканда бул автотранспорт, жүгүртүүдөгү товар, тиричилик техникасы ж.б.);  

- күрөө (заклад) (банкка сактоого өткөрүлүп берилген мүлк, так айтканда баалуу металлдар, баалуу кагаздар, депозит ж.б.).  

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди камсыздоонун мүлктүк эмес формасы. Активдерди камсыздоонун мүлктүк эмес формасы - бул каражаттарды кайтаруу гарантиясын юридикалык тариздөөнүн эсебинен карыздын ордун жабуу булагы.  

Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди камсыздоонун мүлктүк эмес формасына активдерди камсыздоонун төмөнкүдөй формалары кириши мүмкүн:  

- гарантия;  

- кепилдик.  

Милдеттенмелердин ордун жабуу деңгээли боюнча кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди камсыздоолор төмөнкүдөй бөлүнөт:  

- негизги камсыздоо;  

- кошумча камсыздоо.  

Орду толук жабылуучу милдеттенмеге жараша кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди камсыздоо төмөнкүдөй бөлүнөт:  

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча милдеттенменин ордун толугу менен жапкан камсыздоо;  

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча милдеттенменин бир бөлүгүнүн ордун жапкан камсыздоо.  

Банктын кредиттик тобокелдиктерин төмөндөтүүнүн өзүнчө формасы катары кредиттик тобокелдикти камсыздандыруу саналышы мүмкүн.  

Кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча мүлктүк камсыздоону кабыл алуу үчүн банктын негизги иш-чаралары:  

- банк кардар/өнөктөш тарабынан сунушталган камсыздоонун аныктыгына ынанууга тийиш. Мүлктүн бар экендигин, ошондой эле ага менчик укугу жөнүндө документтерди текшерүүгө тийиш. Камсыздоо катары сунушталган мүлк (укук) анык болууга тийиш. Мында Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактоо менен камсыздоону кийинки күрөөгө коюуга жол берилет.  

Эскертүү: Бул пунктчага, ири мүйүздүү мал жана майда жандыктар түрүндө камсыздоо алыскы жана барууга кыйын болгон жерлерде сезондук жайытта болгондугуна байланыштуу аларды барып кароо жана баалоо мүмкүн эмес болгон учурлар кирбейт. Мындай учурларда банк кардардын/өнөктөштүн мал-жандыгы бар экендигине, анын малканасынын, кой короосунун аянтын, тоют камын, жайытты ижарага алуу келишимдерин ж.б. текшерүү аркылуу ынанат. Буларга кошумча кардар айыл өкмөтүнөн мал-жандыгы бар экендиги жөнүндө маалымкатты, ошондой эле эгерде бар болсо малы бар экендигин тастыктаган башка документтерди сунуштоого тийиш; 

- банк камсыздоонун ликвиддүүлүк деңгээлин, б.а. дароо сатуу (сатып өткөрүү) мүмкүнчүлүгүн аныктоого тийиш;  

- банк мыйзам талаптарына ылайык, өз алдынча же тиешелүү сертификатка ээ көз карандысыз баа берүүчү адистерди ишке тартуу менен камсыздоонун наркын баалашы мүмкүн. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча камсыздоонун рыноктук наркынын камсыздоо предметин сатууга сарпталышы мүмкүн болгон каражат өлчөмүн эске алуу менен каржылоо суммасынан жана ал боюнча тиешелүү төлөөлөрдөн жогору болушу кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин кайтарылбай калуу тобокелдигин жөнгө салуу инструменти болуп саналат;  

- банк кардар/өнөктөш тарабынан сунушталган мүлктүн баасынын туруктуулугун аныктоо максатында рынокко талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүсү зарыл, мында банк ошол камсыздоонун наркынын төмөндөп кетүү тобокелдигин эске алууга тийиш;  

- банк камсыздоо катары мүлктү кеминде кардар/өнөктөш каржылоону пайдаланган мөөнөткө пайдаланууга/кызмат кылууга кабыл алууга тийиш, мында, камсыздоону сактоо зарылчылыгы келип чыгышы мүмкүндүгүн эске алуу зарыл, ал кошумча чыгашаны талап кылышы ыктымал. Эгерде 100000 сомдон жогору өлчөмдөгү контракттык каржылоо боюнча камсыздоо катары гарантия жана/же контракт боюнча талап кылуу укугу саналса, банк кардардын/өнөктөштүн гарантынын/контрагентинин кеминде акыркы жыл үчүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө, тараптардын ушул каржылоо боюнча милдеттенмелерин аткарууга жана каржылоо кайтарылбаган учурда экинчи төлөө булагын жүзөгө ашырууга байланыштуу тобокелдиктерге баа берүүгө тийиш;  

- гарантия/кепилдик. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди гарантия/кепилдик түрүндө камсыздоодо, мындай каржылоону сунуштоонун максатка ылайыктуулугун аныктоо үчүн банк кардардын/өнөктөштүн өзүнө жүргүзүлгөндөй эле көлөмдө гаранттын/кепилдик берүүчүнүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзөт. Банк ушул Жобонун талаптарына ылайык, кардардын/өнөктөштүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн документтерди сурап алууга, анын кесипкөйлүк аброюн, жоопкерчилигин жана өз милдеттенмелерин аткарууга даяр экендигин иликтөөгө тийиш. Мында, бул шарттын сакталбашы мындай кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин гарантия/кепилдик берүү менен камсыздалган бөлүгү бланктык катары таанылышына алып келет.  

- кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн кепилдик берүүсү. Кошо жоопкерчиликтүү топ дегенден улам, пайда алууга багытталган ишкердик менен алектенген катышуучу-жеке адамдардын (кеминде 3 адам) ыктыярдуу түрдө биригүүсүн түшүнүүгө болот, мында, кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, топтун ар бир мүчөсүнүн милдеттенмелеринин аткарылышы үчүн биргелешип кепилдик беришет жана алынган каражаттардын кандай болбосун жагдайларда толугу менен кайтарылышына биргелешип жоопкерчилик тартышат.  

Кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алууга билдирмесин кароодо, банк бирге жашаган жана/же биргелешип бизнес жүргүзгөн бир үй-бүлө мүчөлөрү бир кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучулары болбоосуна көңүл бурууга тийиш.  

Мында, бир үй-бүлө мүчөлөрүнөн болбогон, бирок биргелешип бизнес жүргүзгөн кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын саны ошол кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын жалпы санынын 20 пайызынан ашпоого тийиш экендигин, ошондой эле бир үй-бүлө мүчөлөрүнөн болбогон, бирок биргелешип бизнес жүргүзгөн кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын үлүшү кошо жоопкерчиликтүү топко берилген кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин жалпы суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш экендигин эске алуу зарыл.  

Ушул жобонун максаттарына ылайык, биргелешип бизнес жүргүзүү дегенден улам, бир нече ишкер (өнөктөштөр, кошо ээлик кылуучулар ж.б.) иш алып барган экономикалык ишкердикти түшүнүүгө болот. Мында, алардын иши товарды биргелешип өндүрүүдөн жана/же сатуудан, кызматтарды сунуштоодон пайда алууга багытталган, мында бул үчүн ишкерлердин мүлкү, материалдык эмес активдери, эмгеги пайдаланылат. Биргелешкен бизнестин катышуучулары бизнес жүргүзүүдөн алынган пайданы өз ара пропорционалдуу бөлүштүрүшөт жана бүтүндөй мүлктү же анын бөлүгүн жоготуу тобокелдигин биргелешип тартышат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

34-1. Банк, каржылоо боюнча бүтүмдөргө келишүүдө, өзгөртүүдө жана анын аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө орун алган тобокелдикке баа берүү боюнча ишти уюштуруу максатында, бир же бир нече кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө келишим түзүүгө, ошондой эле кеминде бир кредиттик бюрого банкта сакталган кредиттик маалыматты сунуштоого милдеттүү.  

Кредиттик маалымат анык жана актуалдуу, айкын маалыматтарга негизденген, ошондой эле банк менен кардар ортосунда түзүлгөн келишим шарттарына ылайык келүүгө тийиш.  

Банктын кредиттик ишти жөнгө салуу боюнча ички документтеринде кредиттик маалымат алмашуу ишин уюштуруу тартиби жана талаптары, ошондой эле кредиттик бюро менен маалымат алмашуу жөнүндө келишимди түзүүдө банктын укуктары жана милдеттери, анын ичинде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

- кредиттик маалыматты санкциясыз колдонуудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан же ачыкка чыгаруудан сактоону жана коргоону камсыз кылуу;  

- кредиттик маалымат алмашуу процессинде катышкан банк жана анын кызматкерлери тарабынан алар менен эмгек келишими (контракт) токтотулгандан кийин да маалыматты ачыкка чыгарууга тыюу салуу;  

- кредиттик бюрого банк жоопкерчилик тарткан кредиттик маалыматка өзгөртүүлөр киргизилгендиги жана жаңыртылгандыгы жөнүндө өз убагында билдирүү;  

- кредиттик маалымат субъектисинин талабын кошо алганда, сунушталган маалымат бурмаланган учурларда, кредиттик бюрого берилген кредиттик маалыматка өзгөртүүлөрдү киргизүү;  

- кредиттик маалымат алмашуу келишимине ылайык, кредиттик бюрого маалыматтарды сунуштоо системасынын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу.  

Банк, бардык кардарлар/өнөктөштөр боюнча маалыматты кошо алганда, кредиттик бюрого берилүүчү кредиттик маалыматтын бурмаланышы, маалыматтын толук жана өз убагында берилиши үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

35. Банк каржылоо келишими боюнча милдеттенмелерин аткарбагандыгынын же талаптагыдай аткарбагандыгынын кесепетин түшүндүрүү (бул тууралуу кардар/өнөктөш каржылоо келишимине кол коет) жана ушул Жобонун 34-пунктунда көрсөтүлгөн факторлорду аныктоо жана/же тактоо максатында потенциалдуу кардар/өнөктөш менен маектешүүлөрдү өткөрүүгө тийиш. Ушул Жобонун 34-пунктунда көрсөтүлгөн талаптардын сакталышына жоопкерчилик, өзүнө кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүү тууралуу чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу адамдарга жүктөлөт 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

36. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алууга келип түшкөн билдирмеге талдап-иликтөөнү жүргүзгөндөн кийин банктын каржылоо боюнча адиси кардарга/өнөктөшкө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүүнүн максатка ылайыктуулугу боюнча негиздеме чагылдырылган корутундуну даярдап, аны кардар/өнөктөштүн билдирмеси жана ушул жобонун, банктын ички документтеринин талаптарына ылайык кардар/өнөктөш банктын талабы боюнча сунуштоого тийиш болгон документтер менен бирге Каржылоо боюнча комитеттин кароосуна сунуштоосу зарыл. 

Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүүдөн баш тарткан учурда каржылоо боюнча адис корутундуда анын себептерин көрсөтүү менен мындай чечимдин кабыл алынышын негиздеп, ошондой эле кабыл алынган чечим тууралуу банкта белгиленген тартипке ылайык, кардар/өнөктөшкө маалымдоого тийиш. 

Банктын тобокелдиктердин ички рейтинги системасы тарабынан чыгарылган, кардарга/өнөктөшкө каржылоону сунуштоо максатка ылайыктуулугу/ылайыксыздыгы жөнүндө рейтинг маанисин камтыган натыйжа каржылоо боюнча корутунду катары каралышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

37. Эгерде билдирмеде көрсөтүлгөн сумма биринчи деңгээлдеги жоопкерчиликтүү кызматкерлер берүүгө ыйгарым укуктуу болгон суммадан ашпаса жана алгылыктуу чечим кабыл алынган болсо, кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүү процессин тариздетүү жол-жобосу башталат. 

38. Эгерде билдирмеде көрсөтүлгөн сумма биринчи деңгээлдеги жоопкерчиликтүү кызматкерлер берүүгө ыйгарым укуктуу болгон суммадан ашып кетсе, анда тиешелүү корутунду ошол суммага кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүү маселесин чечүү алардын ыйгарым укугуна кирген кызматкерлердин же коллегиалдуу органдын кароосуна сунушталат. Мына ушундай сунуш-көрсөтмөнүн негизинде тиешелүү деңгээлдеги ыйгарым укукка ээ кызматкерлер мындай активди берүү маселесин так чечүүгө тийиш. Зарылчылык келип чыккан шартта корутунду жеткире иштеп чыгууга жөнөтүлүшү же кардар/өнөктөш жөнүндө кошумча маалыматтар талап кылынышы же болбосо аны менен дагы жолугушуп, сүйлөшүүнү кошо алганда, кардар/өнөктөш боюнча өз алдынча иликтөөлөр жүргүзүлүшү мүмкүн. 

Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүү чечими, бардык документтер толук иликтөөгө алынгандан кийин гана кабыл алынат. 

38-1. Банк, кардарга эгерде өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча пландаштырылып жаткан ар айлык төлөмдөрдүн (негизги карыз жана үстөк баа/киреше) кардардын айына орточо алынган жалпы кирешесине карата катышы кеминде 50 пайызды түзгөн шартта гана керектөө максаттарына каржылоо улуттук валютада сунуштай алат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

38-2. Банк, күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жактарды эске албаганда, карыз алуучуларга-жеке адамдарга чет өлкө валютасында ипотекалык жана керектөө кредиттерин, ошондой эле эмгек акы долбоорунун алкагында төлөм карттары боюнча овердрафтты бере албайт жана депозит күрөөсү алдында чет өлкө валютасында төлөм карттарына каржылоо лимиттерин белгилей албайт. Мында, эгерде депозит да каржылоо валютасында болсо, анда ал кредит суммасынын кеминде 100% ордун, ал эми эгерде депозит каржылоо валютасынан башка валютада болсо - сом эквивалентинде анын кеминде 120% ордун жабууга тийиш. Ошол кредиттер боюнча төлөмдөрдү кредиттик келишим валютасынан айырмаланган валютага байланыштырып индексациялоого жол берилбейт. Мына ушундай каржылоолор боюнча төлөмдөрдү, каржылоо келишиминин валютасынан айырмаланган валютага байланыштырып индексациялоого жол берилбейт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3, 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

38-3. Банк Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жободо, Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген, ошондой эле банктын ички саясаттарында жана жол-жоболорунда көрсөтүлгөн талаптар сакталган шартта, обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу кредиттерди сунуштай алат.  

Жөнөкөй электрондук кол тамга менен тастыкталган келишимдер боюнча обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилген кредиттер суммасы 100 000 сомдон (чет өлкө валютасы эквивалентинен) жана күчөтүлгөн электрондук кол тамга коюлган келишимдер боюнча 200 000 сомдон (чет өлкө валютасы эквивалентинен) ашпоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 31-мартындагы №2021-П-12/14-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

39. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди кардар/өнөктөшкө берүү маселеси алгылыктуу чечилген шартта, андан алынган документтер боюнча кардар/өнөктөштүн досңеси түзүлүп, ага ошол активге тиешелүү баардык документтер сыяктуу эле, келечекте берилүүчү мындай активдер боюнча документтер да көктөлүп турат (кардар/өнөктөштүн досңесине карата минималдуу талаптар 1-тиркемеде келтирилген). 

Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилген, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча кардардын/өнөктөштүн таржымалы (досьеси) кагаз жүзүндөгү документтердин сактоо мөөнөтүнөн кем эмес мөөнөттө маалымат базасында электрондук түрдө (электрондук маалымат каражаттарында) жүргүзүлүшү мүмкүн. Мында, электрондук документтер базасына кирүү мүмкүнчүлүгү колдонуудагы мыйзамдарга ылайык камсыз кылынышы зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 19-июнундагы № 2019-П-12/32-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

40. Кардар/өнөктөштүн досңесинде баардык жолугушуулар, аңгемелешүүлөр, телефон аркылуу сүйлөшүүлөр катталып, күрөөнүн бардыгы жана анын абалына жүргүзүлгөн текшерүүлөр боюнча корутундулар тиркелип, сүйлөшүүлөрдүн кыскача мазмуну, ошондой эле кредиттик тобокелдикти камтыган ошол активдерге байланыштуу баардык кат-кабарлар көрсөтүлүүгө тийиш. 

§ 2. Каржылоо келишимин түзүү 

41. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүү тууралуу алгылыктуу чечим кабыл алынып, алар менен бардык шарттар талкуулангандан кийин кардар/өнөктөш менен Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык келген келишим түзүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

42. Банк кардарларынын/өнөктөштөрүнүн укуктарынын, чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) тизмеги кошо тиркелген, банк менен кардар/өнөктөш ортосунда түзүлгөн келишим, ошондой эле башка келишимдер макулдашуунун негизинде мамлекеттик же расмий тилде (зарылчылыкка жараша келишимдин тексти башка тилге которулушу мүмкүн) түзүлөт. Кардардын/өнөктөштүн келишим шарттарынан улам келип чыккан укуктары жана милдеттери өзүнчө бөлүктө чагылдырылууга тийиш. Бардык тиркемелери менен келишимдин бүтүндөй тексти бирдей тамгада терилип, анын өлчөмү кеминде 12ни түзүүгө тийиш. 

Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилген, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча келишимдер Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген суммада, алардын келишим тараптарына таандык экендигин тастыктаган электрондук кол тамга коюлуп тастыкталышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11, 2019-жылдын 19-июнундагы № 2019-П-12/32-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

43. Келишимди түзүү учурунда берилген каражатты кайтарып алууга байланыштуу көйгөйлөр келип чыкпашы үчүн өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди сунуштоонун жана анын ордун жабуунун бардык шарттары камтылууга тийиш. Мында, эгерде ал кардардын/өнөктөштүн укуктарын начарлатса жана/же милдеттерин жогорулатса, банк келишимдин баштапкы шарттарын бир тараптуу тартипте өзгөртүүгө укугу жок. Кардар/өнөктөш менен биргеликте өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин планда каралган төлөө графигин, ал боюнча үстөк ченди/кирешени аныктоодо мындай актив багытталууга тийиш болгон иш максатына, кардардын/өнөктөштүн бизнесинин мүнөзүнө, алар сунуштаган жана банк текшерүүгө алган бизнес-планга, акча каражаттарынын болжолдуу жылышына таянуу менен иш алып баруу зарыл. Карызды төлөө графигинде эң аз дегенде, активдин суммасы, актив боюнча үстөк чен, сунуштоо күнү, актив боюнча карыздын негизги суммасы, ал боюнча үстөк чен, калдыктарды пландык төлөө суммасын көрсөтүү менен план боюнча төлөө күнү камтылууга тийиш. Төлөө графиги сунушталган каржылоо келишиминин ажырагыс бөлүгүнөн болуп саналат. Каржылоо продукттары боюнча (эмгек акы долбоорлорунун, каржылоо линияларынын алкагында, төлөм карттары боюнча овердрафттар ж.б.у.с.) карызды төлөө графигин түзүү талап кылынбайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11, 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

44. Келишимде эң аз дегенде, төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: 

- тараптардын аталышы; 

- келишим предмети: 

- келишим колдонулган мезгил аралыгы; 

- өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди сунуштоонун негизги шарттары, суммасы, төлөө мөөнөтү, камсыздоо шарттары, ал боюнча үстөк чен/киреше жана эсептөө ыкмалары, активди сунуштоо формасы: нак түрдө (касса аркылуу) же нак эмес түрдө (анын ичинде банктык төлөм карттары аркылуу кардардын/өнөктөштүн эсебине чегерүү); 

- өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин максаттуу багытталышы; 

- тараптардын укуктары жана милдеттери; 

- кардар бул тууралуу банкка 30 (отуз) күн мурда алдын ала кат жүзүндө маалымдаган шартта, айыптык санкцияларды (комиссиялык төлөм жана башка төлөөлөр) төлөөсүз кайсы болбосун убакта кредитти мөөнөтүнөн мурда толугу менен же анын бир бөлүгүнүн ордун жабууга укугу. Мындай шартта мөөнөт белгиленет жана ал мөөнөт аяктагандан кийин (билдирүү жөнөтүлгөндөн кийин) кардар кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөй алат. Билдирүүдө мөөнөтүнөн мурда төлөөнүн башка мөөнөтү көрсөтүлүшү мүмкүн, мында банкка кеминде 30 (отуз) календардык күн мурда билдирүү жиберилиши зарыл. Кошо жоопкерчиликтүү топтун бир катышуучусунун мөөнөтүнөн мурда төлөөсүнө анын катышуучуларынын кат жүзүндөгү макулдугунун негизинде гана жол берилет; 

- кредиттик бюрого кардар/өнөктөш тууралуу маалыматты берүү шарттары, ошондой эле мыйзамдарга ылайык кардар/өнөктөш тууралуу маалыматты пайдалануунун башка учурлары; 

- тараптардын кимдир бирөөсү өз милдеттенмелерин бузууга жол бергендиги үчүн  санкциялар, келишимди токтотууга түрткү берген учурлар жана шарттар. 

ЧЖТнын катышуучуларынын бири өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда төлөгөн болсо да, топтун курамында алынган активдин орду толук жабылганга чейин кепилдик келишими боюнча чогуу жоопкерчилик тартууну уланта берет. Чогуу жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын жана банктын макулдугу болгон шартта, ошондой эле ЧЖТнын курамынын минималдуу саны боюнча шарттар сакталган учурда өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин ага тиешелүү бөлүгүн төлөгөн катышуучу чогуу жоопкерчиликтен бошотулушу мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4, 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11, 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

45. Банк тарабынан сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу комиссиялык жана башка төлөмдөр төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- кардар/өнөктөш үчүн өзүнчө пайда алып келүүгө же болбосо ал үчүн керектөө баалуулугун түзүүгө

- каржылоо берүү боюнча негизги кызмат көрсөтүүлөрдөн өз алдынча жана көз карандысыз болууга; 

- мыйзам талаптарына ылайык акысыз сунушталуучу кызматтарга кирбөөгө

Банкка ошол эле бир операцияны ишке ашыруу үчүн акча каражаттарын жана комиссиялык төлөм алуусуна жол берилбейт. 

Банк кардардан кошумча төлөмдөрдү (айыптык төлөм/туум) жана башка айыптык санкцияларды кардар кредиттик келишимде жана/же башка келишимдерде каралган өз милдеттенмелерин аткарбай койгон/талапка ылайык аткарбаган учурларда гана алышы мүмкүн. 

Банк кардарларынын/өнөктөштөрүнүн чыгашалар (төлөмдөр) жана айыптык санкциялар тизмеги банк менен кардар/өнөктөш ортосунда түзүлгөн келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат, ал 6-тиркемеге ылайык таблица түрүндө түзүлөт. 

Каржылоо боюнча келишимде ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык, жарыялангандардан же белгиленгендерден тышкары, кошумча жыйымдарды, комиссиялык жана башка төлөмдөрдү, ошондой эле кардар/өнөктөш менен макулдашылгандыгына карабастан, акы төлөө негизинде сунушталуучу башка кызматтарды киргизүүгө тыюу салынат. 

Банк кардарды тизме менен тааныштырууга тийиш, зарыл учурларда кардарга/өнөктөшкө кредиттик тобокелдикти камтыган активди, туумду, айыптык төлөмдү эсептөө тартиби, анын ичинде банктык төлөм карттарын пайдалануу менен активди алуу/ордун жабуу тартиби жөнүндө, ошондой эле эгерде кредит чет өлкө валютасында алынса, ал эми киреше (же анын бөлүгү) улуттук валютада алына турган болсо, чет өлкө валютасынын алмашуу курсу өскөн шартта келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктер, андан улам төлөөгө жөндөмсүздүк тууралуу түшүндүрмө берүүгө, ошондой эле кардардан/өнөктөштөн кол тамгасы менен тастыкталган макулдугун алууга тийиш.  

Каржылоонун негизги суммасы боюнча үстөк баа төлөө жана/же каржылоонун негизги суммасын төлөө мөөнөтү кечиктирилсе, кошумча төлөм (айыптык төлөм, туум) мөөнөтү кечиктирилген карыздын суммасына жана айкын мөөнөтүнө жараша эсептелет. 

Банк келишимге жана банктын ички жол-жоболоруна ылайык, банк кардарынын/өнөктөшүнүн кредиттик тобокелдикти камтыган активди сунуштоого, пайдаланууга жана кайтарууга байланыштуу бардык чыгашаларын көрсөтүүгө тийиш. Банк кардарга/өнөктөшкө маалым болушу үчүн чыгашалар келечекте өзгөрүшү мүмкүндүгүн эскертүү менен келишим түзүлгөн күнгө карата үчүнчү жактардын колдонуудагы тарифтерин көрсөтүү менен алардын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн чыгашалар наркын (камсыздандыруу, нотариус кызматтары, ж.б. үчүн төлөөлөр) чагылдырат. 

Мындан тышкары, келишимде төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- банктардын кардардын/өнөктөштүн талабы боюнча 3 (үч) жумуш күнү ичинде кредиттик тобокелдикти камтыган активди алгандыгы тууралуу маалыматты сунуштоо жана кардар/өнөктөш тарабынан бул актив боюнча келишим шарттарынын сакталышы тууралуу маалыматты башка финансы-кредит уюмга берүү үчүн сунуштоо, ошондой эле кардардын/өнөктөштүн эсеби (эсептен, чектен көчүрмөлөр, баланстын абалы, каржылоо боюнча төлөмдү жана башка зарыл маалыматты тастыктоо) жөнүндө так жана анык маалыматты берүү милдети;  

- эгерде күрөө предмети коом үчүн маанилүү тарыхый, көркөм же башка маданий баалуулукка ээ болсо же ал жеке адамдын менчик укугуна таандык болгон бирден бир турак жай болуп саналса, күрөө предметинен өндүрүүнү сот аркылуу гана жүргүзүү;  

- кардар/өнөктөш-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердин кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча күрөө предметинен өндүрүү жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө билдирүү жөнөткөн учурдан тартып 15 күн өткөнгө чейин кошумча төлөм (айыптык төлөм, туум) чегерүүнү токтотуу боюнча банктын милдети. Айыптык төлөмдөр жана туумдар шариат стандарттарында каралган учурларда колдонулушу мүмкүн. Каржылоонун бүтүндөй мезгили үчүн чегерилген кошумча төлөмдүн (айыптык төлөм, туум) өлчөмү берилген каржылоонун суммасынын 20 (жыйырма) пайызынан ашпоого тийиш. Мында кошумча төлөм (айыптык төлөм, туум) түрүндө алынган акча каражаттары финансы-кредит уюму менен аффилирленбеген уюмдарга кайрымдуулук максатына багытталууга тийиш; 

- кардар-жеке адамдын, анын ичинде жеке ишкердин башка финансы-кредит уюмдарындагы кредиттери, анын ичинде жолдошунун/жубайынын, ата-энесинин жана балдарынын кредиттери жана кредиттик тобокелдикти камтыган активдери, ошондой эле бул кредиттер жана активдер боюнча кредиттик тартиптин сакталышы тууралуу маалыматты жарым жылда кеминде бир жолу сунуштоо милдети.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

46. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

47. Келишимде кардар/өнөктөш өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди максаттуу багыттарга гана пайдалангандыгын тастыктаган финансылык отчеттун жана/же башка финансылык документтердин мезгил-мезгили менен берилип турушу шарты каралышы маанилүү

Эскертүү: Кардар/өнөктөш каржылоону максатсыз багытта пайдалануусу боюнча фактылар аныкталган учурда, банк каржылоо боюнча айыптык төлөмдөрдү колдонууга укуктуу. Мында банктын ички документтеринде кардардын/өнөктөштүн жоопкерчилик чаралары боюнча так эрежелерди белгилөөчү ченемдер, анын ичинде каржылоо боюнча айыптык төлөмдөрдү колдонуу да каралуусу зарыл. Бул учурда айыптык төлөм түрүндө алынган акча каражаттары финансы-кредит уюму менен аффилирленбеген уюмдарга кайрымдуулук максатына багытталууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4, 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

48. Келишимде четтетүүгө мүмкүн болбогон (форс-мажор) кесепеттүү жагдайлардын орун алышы жана бул учурда аракеттерди көрүү тартиби каралууга тийиш. 

Форс-мажордук жагдайларга бөөдө кырсыктары (суу ташкындарын, жердин силкинүүсүн, өрттүн чыгышын жана башка жаратылыш жана техногендик кырсыктар), эпидемияларды, өзгөчө абалдын киргизилишин, массалык баш аламандык, согуштук аракеттерди жана булар менен эле чектелип калбаган башка кесепеттүү жагдайларды кошууга болот. 

49. Кардар/өнөктөш бардык тиркемелери менен кошо кагазга чыгарылган келишимдин ар бир барагына кол коюуга же бирдиктүү электрондук документ формасындагы келишимге анын тараптарга таандык экендигин күбөлөндүргөн электрондук кол тамга басуу менен тастыктоого тийиш. 

Банк кардардын/өнөктөштүн кредиттик келишим шарттары менен таанышып чыккандыгын, келишим шарттары түшүнүктүү жана аларды аткарууга кардар/өнөктөш макул экендигин билдирип кредиттик келишимге кол койгондугун же болбосо анын бирдиктүү электрондук документ түрүндөгү формасына электрондук кол тамга коюп тастыктагандыгын далилдеген тил катты алууга тийиш. Тил кат (алынган болсо) кардардын/өнөктөштүн кредиттик таржымалына кошо көктөлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 19-июнундагы № 2019-П-12/32-3-(НПА), 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

50. Түзүлүп жаткан келишим нускасы аны бекиткен тараптардын санынан кем болбоого тийиш. Келишим түзүп жаткан ар бир тарап бардыгы кол койгон кредиттик келишимдин түп нускасын, же Кыргыз Республикасынын электрондук кол тамга жөнүндө мыйзамына ылайык кол коюлган электрондук документти алууга тийиш. Кредиттик келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына каршы келбөөгө тийиш. Банк кардардан/өнөктөштөн келишимдин түп нускасын же электрондук кол тамга коюлган электрондук документти алгандыгы тууралуу тил катты алууга тийиш. Кардардын/өнөктөштүн акча каражатын алгандыгы фактысы тиешелүү документ менен тастыкталышы зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 19-июнундагы № 2019-П-12/32-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

50-1. Эгерде каржылоо линиясы боюнча келишимде, каржылоонун биринчи бөлүгү алынгандан кийин кардардын/өнөктөштүн каржылоо линиясынын калган бөлүгүн алууга укугу же банктын каржылоо линиясынын калган бөлүгүн берүү боюнча милдеттенмеси жокко чыгарыла тургандыгын караган норма камтылса жана бул учурда банк каржылоо линиясы боюнча баланстан тышкаркы милдеттенмелерге потенциалдуу жоготуулардын чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзбөгөн болсо, анда банк каржылоо линиясынын экинчи бөлүгүн берүүдөн тартып жана каржылоо линиясынын бөлүгүн ар бир жолу кезеги менен берүүдө кайталап талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн тиешелүү документтер топтомун топтоого тийиш (ушул Жобого карата биринчи тиркеменин 4, 5, 11, 15, 18-пункттары жана каржылоо линиясынын буга чейин сунушталган бөлүгүнүн максаттуу пайдаланылышы жөнүндө отчет). Эгерде мындай документтердин берилишинен алты ай өтө элек болсо, кардардын/өнөктөштүн буга чейин сунуштаган документтери колдонулушу мүмкүн. Мында каржылоо линиясынын кезектеги бөлүгүн берүү маселеси банктын каржылоо саясатына ылайык анын ыйгарым укуктуу органы/жагы тарабынан чечилүүгө тийиш. Ошону менен бирге эле, тиешелүү келишимде кардардын каржылоо линиясынын сунуштоо жагында бардык шарттарга макулдугун билдирген, алар ага түшүнүктүү экендигин далилдеген кол тамгасы коюлууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

§ 3. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин кайтарылып берилишин камсыз кылуу 

51. Кредиттик тобокелдикти камтыган банктык активдер камсыздалган болушу же камсыздоосуз сунушталышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

52. Ушул жобонун максаттарында кредиттик тобокелдикти камтыган активди төлөө булактары баштапкы жана экинчи болуп бөлүнөт: 

1) кардар/өнөктөш тарабынан кредиттик тобокелдикти камтыган активдин ордун жабууга багытталган акча каражаттары, ошондой эле өндүрүштүк иштин жүрүшүндө, кызмат көрсөтүүдө, иштерди аткарууда жана башка кадимки иштин жүрүшүндө нак жана нак эмес формадагы түшкөн кирешелер (юридикалык жактар үчүн), ал эми жеке адамдар үчүн эмгек акы жана башка акчалай түшүүлөр - баштапкы булактан болуп саналат; 

2) күрөөгө коюлган мүлктү, банктын кардарды/өнөктөштү каржылоонун алкагында сатып алган мүлкүн сатып өткөрүүдөн алынган акча каражаттар, кепил болуучу жана гарант тарабынан каражаттардын чегерилиши - экинчи булактан болуп саналат. 

53. Каржылоого билдирмени кароодо жана аны сунуштоо шарттарын бекитүүдө эң оболу, биринчи булакка таянуу зарыл, мында төлөөнүн экинчи булагына гана таянууга болбойт. Ошондуктан, кредиттик тобокелдикти камтыган активди алууга билдирмени кароо процессинде кардардын/өнөктөштүн акчалай агымдарына жүргүзүлгөн иликтөөлөргө, ошол кардардын/өнөктөштүн анын ичинде валюта тобокелдиги менен шартталган кредиттик тобокелдикке талдап-иликтөөлөр (эгер каржылоо чет өлкө валютада берилген болсо), иштеп жактан тармагынын жана бизнес чөйрөсүнүн өнүгүү келечектерине, алардын сунуштоочулар жана сатып алуучулар менен мамилелеринин абалына өзгөчө көңүл буруу зарыл. Чек ара аркылуу жүргүзүлүүчү ишкердик Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

54. Экинчи булактар, эгерде кайтарылышы жагында көйгөйлөр келип чыкса, кредиттик тобокелдикти камтыган активдин кайтарылышын кошумча гарантиялар менен камсыздоо үчүн зарыл болот. Мындай камсыздоонун катарына төмөнкүлөр кирет: банк тарабынан кардарды каржылоонун алкагында сатылып алынган активге карата банктын менчик укугу, мүлктүк жана укуктук күрөө, талаптарды жана укуктарды ыйгарып өткөрүп берүү, гарантиялар жана кепилдиктер, адамдар тобунун жазуу жүзүндөгү келишимдин негизинде биргелешип жоопкерчилиги жана камсыздоонун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана келишимде каралган башка ыкмалары. 

Банктын Каржылоо боюнча комитети кредиттик тобокелдикти басаңдатуу максатында Шариат кеңешине кайрыла алат, ал айрым учурларда кредиттик тобокелдикти камтыган активдин кайтарылышын камсыз кылуу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү бере алат. 

55. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди төлөөнүн экинчи булагы катары мүлктүк күрөө, тараптар кол койгон жана кардар өз милдеттенмелерин аткара албай калган учурда күрөөлүк мүлктүн наркынан талаптарын канааттандырып алууга банктын артыкчылыктуу укугун тастыктаган күрөө келишими тариздетилет. 

Кардардан кыймылсыз мүлк боюнча ага менчик укугунда таандык болгон жана анын бирден-бир жашап турган турак жайы болуп саналган (кардардын жазуу жүзүндөгү билдирмесинде чагылдырылган маалыматына ылайык) жана анда анын үй-бүлө мүчөлөрү жашаган жана катталган батири же үйү күрөө катары кабыл алынса, банк кардардын ишке жарамдуу курактагы үй-бүлө мүчөлөрүнүн иштеген жерине жана кирешесине, ошондой эле мындай учурда кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүүгө байланыштуу ар кандай тобокелдиктердин келип чыгуу ыктымалдыгына өзгөчө көңүл буруусу зарыл. 

56. Күрөө келишими мамлекеттик же расмий тилдерде (банктын кардарына келишим түзүлө турган тилди тандоо укугун сунуштоо менен) түзүлөт, мында анын тексти кардарлар үчүн түшүнүктүү, ачык-айкын жана жеткиликтүү болууга тийиш. 

57. Күрөө келишиминде кеминде төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

- күрөө предмети жана анын күрөөлүк наркы (күрөө коэффициентин эске алуу менен); 

- келишим тараптары; 

- кыймылсыз мүлк же катталууга тийиш болгон мүлк күрөөгө коюлган шартта - андан улам мүлк укукту тастыктаган документтердин реквизиттерин көрсөтүү менен күрөө коюучуга таандык болгон укук; 

- күрөө менен камсыздалган милдеттенменин өлчөмү жана аткаруу мөөнөтү

- күрөөгө коюлган мүлк тараптардын кимисинде экендигин көрсөтүү

- кардар/өнөктөш тарабынан кредиттик тобокелдикти камтыган актив кайтарылбаган шартта, күрөөнүн банктын менчигине өтүү шарттары жана тартиби; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, тараптардын күрөөгө карата башка талаптары жана милдеттери. 

Күрөө токтотулган учурда күрөө кармоочу ал тууралуу билдирүү түзүүгө милдеттүү, эгерде күрөө предмети катталууга тийиш болсо, бул билдирүүнү күрөөнү мамлекеттик каттоодон өткөрүүчү органда/органдарда каттоосу зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

58. Наркын көрсөтүү менен күрөөлүк мүлктүн толук описи күрөө келишимине кошо тиркелет. Сертификаттар, күбөлүк жана башка зарыл болчу техникалык документтер да күрөө келишимине кошо тиркелиши мүмкүн. Күрөө келишими Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык тариздетилүүгө тийиш, эгерде күрөө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш болгон келишим боюнча милдеттенмени камсыз кылса, ал нотариалдык жактан тастыкталууга тийиш. Түп нускалардын саны келишим түзгөн тараптардын санынан кем болбошу керек. 

59. Эгерде кредиттик тобокелдикти камтыган актив кардардын/өнөктөштүн ошол эле банкта сакталган депозитинин күрөөсү алдында берилсе, кредиттик тобокелдикти камтыган активдин суммасына барабар суммадагы депозиттерди (жана ал боюнча кошуп эсептелинген суммага/кирешеге) күрөөгө кабыл алуу максатка ылайыктуу, ошондой эле күрөө келишиминде банк кардар/өнөктөш өз милдеттенмелерин аткара албай калган учурда андан акцептсиз тартипте өндүрүүнү жүргүзүүгө укуктуу экендиги чагылдыруу зарыл. 

60. Эгерде, кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча күрөөлүк камсыздоо болуп саналган, банкка депозит түрүндө салынган, кредиттик тобокелдикти камтыган активдин бөлүгүн бир эле учурда жайгаштыруу кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүү шартынан болуп саналса жана мында кошуп эсептөө/киреше жайгаштырылган депозиттин суммасынан алынып салынбастан, кредиттик тобокелдикти камтыган активдин жалпы суммасынан кармала турган болсо, анда мындай депозит боюнча кардардын кирешеси кредиттик тобокелдикти камтыган ошол актив боюнча кирешенин деңгээлинде болууга тийиш. 

Бул депозит банк тарабынан кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча төлөмдөрдүн ордун жабуу үчүн колдонулууга тийиш, ал депозит күрөөсү жөнүндө келишимде каралышы зарыл. Мында, кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча төлөмдөр (негизги сумма жана киреше боюнча төлөмдөрдү кошо алганда) мөөнөтүндө төлөнбөгөн катары эсептелбейт жана банктын, эгерде кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча төлөмдөр 30 күндөн ашпаган мөөнөт ичинде кардар тарабынан төлөнбөсө, кардарга карата айыптык санкцияларды колдонууга укугу жок. 

61. Күрөөнү пайдалануу аны администрлөөнүн белгилүү бир системасынын жөнгө салынышын болжолдойт; күрөөнүн абалына иликтөөлөр жүргүзүлүп, ага баа берилип, күрөөнү күтүү шарттарын жана ага жүргүзүлгөн мониторингди контролдоо планы түзүлүүгө тийиш, ошондой эле тиешелүү документтердин болушу да талап кылынат (күрөөлүк документтерге карата минималдуу талаптар 1-тиркемеде келтирилген). 

Кардар/өнөктөштүн күрөөнү сатып өткөрүү наркынан канааттандырылбаган, келип чыгышы мүмкүн болгон кине коюуларынан өзүн чектөө максатында, банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык билдирмеде көрсөтүлгөн милдеттенмелерди өз эрки боюнча аткаруу мөөнөтү бүткөндөн кийинки 1 же андан ашкан ай ичинде күрөө предметин (кыймылсыз мүлктү) сатып алуучуну өз алдынча издөөнү кардар/өнөктөшкө сунуш кылышы мүмкүн. 

61-1. Банк каржылоо кызмат көрсөтүүсүн сунуштоодо каржылоо келишиминин ажырагыс бөлүгү болуп саналган күрөө келишимине ылайык, кардарга/өнөктөшкө жана/же күрөө коюучуга ачык тоорук өткөрүлгөнгө чейинки кайсы болбосун убакытта күрөөлүк мүлктү сатып ала алган/алышы мүмкүн болгон артыкчылыктуу укукту сунуштоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

62. Эгерде кредиттик тобокелдикти камтыган активдин камсыздоосу катары гарантиялар жана кепилдиктер колдонулса, анда ал төлөй албаган шартта, кардар/өнөктөш үчүн мүлктүк жоопкерчилик эрежедегидей эле үчүнчү жакка жүктөлөт. Кредиттик тобокелдикти камтыган жана гарантия же кепилдик менен камсыздалган активди берүүдө банк, зарылчылык келип чыккан шартта карызды төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү үчүн гаранттын же кепил болуучунун финансылык абалы тууралуу толук маалыматка ээ болууга тийиш. Мындан тышкары, кол коюшкан жактардын кол тамгаларынын аныктыгын жана укукка ээ экендиктерин кылдат текшерүү талап кылынат. 

Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган бланктык активдерди берүү кеңири жайылтылган тажрыйба болбоого тийиш. Бланктык активдер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-3-(НПА) токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобого ылайык, банктын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 50% ашпоого тийиш. 

Кредиттик тобокелдикти камтыган бланктык активдерди берүүдө банк, кардардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сапаттуу финансылык отчету, анын кредиттик таржымалы жана кредиттик тобокелдикти камтыган бланктык активди берүүгө чейинки узак убакыт ичиндеги (кеминде 2 жыл) (кеминде 12 ай колдонууга тийиш болгон, 250000 сомдон ашпаган өлчөмдөгү активдерди эске албаганда,) ошол кардарды/өнөктөштү каржылоо боюнча иш жагдайы менен танышып чыгууга тийиш. 

Эскертүү: Бланктык активдер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнө күрөө менен камсыздалбаган, Улуттук банк Башкармасынын 2021 жылдын 30 июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтому күчүнө кирген күнгө чейин берилген жана Улуттук банк Башкармасынын ушул токтомунун талаптарына ылайык келбеген, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер да камтылууга тийиш. 

150000 сомго жетпеген же ага барабар сумманы түзгөн, аннуитеттик төлөө графиги белгиленген жана төлөө мөөнөтү 24 айдан ашпаган активдер же көрсөтүлгөн талаптарга ылайык обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилген активдер бланктык активдерге кирбейт. Мындай активдер суммасы кардардын/өнөктөштүн жылдык таза төлөө жөндөмдүүлүгүнөн ашпоого тийиш (карыз алуучунун бардык кирешеси жана чыгашасы). Бланктык активдерди эсептөөдөн алынып салынган активдер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү бланктык активдердин 20 (жыйырма) пайызынан ашпоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11, 2019-жылдын 19-июнундагы № 2019-П-12/32-3-(НПА), 2020-жылдын 24-мартындагы № 2020-П-12/15-5-(НПА),2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

64. Банк кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди төмөнкү учурларда гана кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн (кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдер) кепилдиги алдында берүүгө укуктуу: 

- Шариат кеңеши жана банктын Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган, кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдерди каржылоо боюнча саясаттын (Саясаттын курамдык бөлүгү болушу мүмкүн) жана башка ченемдик документтердин (билдирмелерди кароо/жактыруу/баш тартуу жол-жобосу, кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдерди каржылоо процесси, кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдерге мониторинг жүргүзүү шарттары, классификациялоо, топтун мүчөлөрүнө каржылоо берүү жана төлөө датасы жана активди төлөө боюнча проблемалар тууралуу маалымат берүү) болушу. Ошону менен бирге эле, Саясатта актив, төлөө графигине ылайык кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча төлөмдөрдү төлөө үчүн кирешеси жеткиликтүү болгон жактарга бериле тургандыгы белгиленүүгө тийиш. Банктын кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдер менен жүргүзүлгөн ишти жөнгө салган ички документтеринде банктык продукттун ушул түрүнө мүнөздүү болгон потенциалдуу тобокелдиктер көрсөтүлүп, ошондой эле бул тобокелдиктерди басаңдатуу жана кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдердин толук кайтарымдуулугун камсыз кылуу жолдору жана ыкмалары каралышы зарыл; 

- банктын кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдерди берүүгө жазуу жүзүндөгү ниети Улуттук банкка макулдашылгандан кийин; 

- каржылоонун бул секторунда тажрыйбага ээ, квалификациялуу персоналдын болушу. 

65. Банк төмөнкү шарттардын бардыгы сакталган учурда, ушул Жобонун 66-пунктуна ылайык, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган бланктык активдер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеминин топтук каржылоо бөлүгүн эсептөөгө укуктуу: 

- чогуу жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн кепилдиги алдында кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдерди берүү боюнча банктын кеминде 2 жылдык алгылыктуу иш тажрыйбасынын болушу; 

- эгерде, кредиттик тобокелдикти камтыган, мөөнөтүндө төлөнбөгөн топтук активдердин үлүшү, кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдердин жалпы көлөмүндө эки жыл ичинде 5 пайыздан ашпаса. 

Бул пункттун талаптары кредиттик тобокелдикти камтыган бланктык активдердин критерийлерине дал келген, Улуттук банк Башкармасынын 2021 жылдын 30 июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтому күчүнө кирген күнгө чейин берилген кредиттик тобокелдикти камтыган активдер үчүн колдонулат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

65-1. Бул жобонун 65-пунктунун талаптары кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдердин үлүшү жалпы каржылоо портфелинин 5 пайызын жана андан азыраагын түзгөн банктарга, ошондой эле топтук активдер портфелин 2021-жылдын  

31-декабрына чейинки мөөнөттө 5 пайызга жана андан азыраак деңгээлге чейин төмөндөтүү стратегиясын (планын) бекиткен банктарга бланктык активдер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөгө таркатылбайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

66. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган бланктык активдер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөдө, кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн чогуу жоопкерчилиги астында берилген, төмөнкү бардык критерийлерге жооп берген кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдер алынып салынат: 

- топтун ар бир мүчөсүнө берилген, кредиттик тобокелдикти камтыган активдин суммасы 250000 сомдон ашпайт, ал эми кошо жоопкерчиликтүү топ тарабынан берилген каржылоонун чогуу алгандагы суммасы 1500000 сомдон ашпаган түзөт; 

- чогуу жоопкерчиликтүү топтун банктан каржылоону алышкан мүчөлөрү банктын аффилирленген жактарынан жана банк менен байланыштуу жактарынан болуп саналышпайт; 

- банк кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдерге карата активдердин атайын классификациясын жана Улуттук Банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартындагы N 5/6 токтому менен бекитилген белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайы классификациясын колдонуунун тартибине ылайык, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөрдү эсептөөнү колдонот. 

Бул пункттун талаптары кредиттик тобокелдикти камтыган бланктык активдердин критерийлерине дал келген, Улуттук банк Башкармасынын 2021 жылдын 30 июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтому күчүнө кирген күнгө чейин берилген кредиттик тобокелдикти камтыган активдер үчүн колдонулат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/7, 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11, 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

66-1. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган бланктык активдер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөдө, төмөнкү бардык критерийлерге жооп берген контракттык каржылоо формасындагы активдер алынып салынат:  

- контракттык каржылоо формасындагы актив боюнча карыздын калдыгы банктын каржылоо портфелинин жалпы көлөмүнүн 3 пайызынан ашпаган өлчөмдү түзөт;  

- контракттык каржылоо формасында берилген мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдердин үлүшү акыркы 6 (алты) ай ичинде каржылоо портфелинин жалпы көлөмүнүн 1 пайыздан ашпаган өлчөмүн түзөт, ал эми кредиттик тобокелдикти камтыган бул активдердин жалпы көлөмүндө акыркы 12 ай ичинде 2 пайыздан ашпайт;  

- кардар/өнөктөш менен анын контрагенттери ортосунда контракттык каржылоо боюнча эсептешүүлөр кардардын/өнөктөштүн ошол банктагы эсеби аркылуу гана ишке ашырылат;  

- кредиттик тобокелдикти камтыган актив алган кардар/өнөктөш, анын гаранты/кепилдик берүүчүсү (эгерде болгон болсо), ошондой эле ошол кардардын/өнөктөштүн контрагенти банк менен байланыштуу жак же банктын аффилирленген жагы болуп саналбайт. 

Бул пункттун талаптары кредиттик тобокелдикти камтыган бланктык активдердин критерийлерине дал келген, Улуттук банк Башкармасынын 2021 жылдын 30 июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтому күчүнө кирген күнгө чейин берилген кредиттик тобокелдикти камтыган активдер үчүн колдонулат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

6-глава 

Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерге жүргүзүлгөн мониторинг 

67. Келишим түзүлүп, кардар/өнөктөш кредиттик тобокелдикти камтыган активди алгандан кийин банк, кредиттик тобокелдикти камтыган активге жана кардардын/өнөктөштүн абалына туруктуу мониторингди жүзөгө ашырып туруусу зарыл. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин өз убагында төлөнүшүн, кошуп эсептелинген сумманын/кирешенин төлөнүп берилишин жана көйгөйлөрдүн баштапкы стадияда эле аныкталышын камсыз кылуу - мониторингдин башкы максатынан болуп саналат. 

Каржылоо боюнча милдеттенмелердин толук аткарылышы үчүн төлөнгөн төлөм суммасы жетишсиз болуп калса, эң оболу карыздын негизги суммасы, андан соң кредитордун чыгымдары төлөнөт, ал эми акырында калган бөлүгү үстөк баа/кирешелер жана айыптык төлөмдөрдү төлөөгө багытталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

68. Банк, айына кеминде бир жолу (чет өлкө валютасынын расмий алмашуу курсу ай ичинде 5 жана андан көп пайызга өзгөргөн шартта - дароо) чет өлкө валюталарынын сомго карата алмашуу курсунун өзгөрүүсүнүн валюталык тобокелдик менен шартталган кредиттик тобокелдикке дуушарланган активдерге тийгизген таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө тийиш. Талдап-иликтөөлөрдүн негизинде банк валюта алмашуу курсунун өзгөрүшүнөн улам келип чыгышы мүмкүн болгон жоготууларды (чыгымдарды), валюталардын өзгөрүшүнүн кардардын/өнөктөштүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө таасирин аныктоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

68-1. Банк мезгил-мезгили менен колдонулуп жаткан активдерге мониторинг жүргүзүп турууга тийиш. Активге мониторинг жүргүзүү мезгил аралыгы (анын ичинде жеринде барып) активдин суммасына жана түрүнө, ошондой эле классификациялоо категориясына жараша банк тарабынан өз алдынча аныкталат. Мында банк, жеринде барып мониторингди төмөнкү учурларда ишке ашырып турууга тийиш: 

- суммасы банктын таза суммардык капиталынын бир пайызынан ашкан активдер үчүн жарым жылда кеминде бир жолу; 

- 100000 сомго чейинки активдерди кошпогондо, калган активдер үчүн кеминде жылына бир жолу. 100000 сомго чейинки активдер боюнча төлөмдөргө мониторинг жүргүзүлөт, мында актив боюнча жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн негизинде талдап-иликтөө болжолдонот. 

Ошондой эле банк кредиттик тобокелдикти камтыган активдин камсыздоосунун пайдаланылышын жана абалын контролдоонун тиешелүү деңгээлин белгилөөсү зарыл, атап айтканда, банк сунушталган камсыздоонун сапаты начарлабагандыгын, жагдайлар анын наркынын төмөндөшүнө, гаранттын/өнөктөштүн финансылык абалынын начарлашына алып келбегендигин жана банк кардар/өнөктөш милдеттенмесин аткарбаган учурда, камсыздоону сатууга жана кардардан/өнөктөштөн карызды өндүрүүгө жөндөмдүүлүгүн аныктоого тийиш. 

Активди төлөөнүн күтүлүп жаткан мезгил ичинде ага мониторинг жүргүзүү жөнүндө отчетто (орто жана узак мөөнөткө берилген активдер боюнча - келерки 12 ай ичинде) кардардын/өнөктөштүн күтүлүп жаткан кирешелериндеги (түшкөн акчадагы) өзгөрүүлөр (чет өлкө валютасындагы активдер үчүн), кардардын/өнөктөштүн ишиндеги өзгөрүүлөр, активдин ошол учурдагы статусу, каржылоо келишиминин шарттарынын сакталышы, ал эми күрөөгө мониторинг жүргүзүүдө - анын абалы, сакталышын камсыздоо шарттары, ошондой эле кардардын/өнөктөштүн активдин ордун өз учурунда жаба алышын аныктоо максатында башка жагдайлар жана факторлор чагылдырылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

68-2. Башка финансы-кредит уюмдарына активдерди сунуштаган банк ошол финансы-кредит уюмдарынын кардары/өнөктөшү берген маалыматтардын тактыгына кылдат талдап-иликтөөнү, ошондой эле активдерге ырааттуу мониторингди (анын ичинде жеринде барып) жүргүзүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

68-3. Кароого алуунун жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечим кабыл алууда банк жетекчилигине ай сайын - тиешелүү сунуштар менен талдап-иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыланган маалыматтар, ал эми чейрек сайын - тиешелүү сунуштар чагылдырылган мониторинг жыйынтыгы боюнча жалпы маалыматтар камтылган отчеттор сунушталып турат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

68-4. Мониторинг боюнча отчетко тиешелүү тастыктоочу документтер кошо тиркелүүгө тийиш. Каржылоо боюнча адис көйгөйлүү маселелер аныкталган шартта аны банк жетекчилигине дароо билдирип, зарыл болгон учурда өзүндө тобокелдикти камтыган ошол активди классификациялоо категориясын кайра карал чыгууну сунуштоого тийиш. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча төлөмдөр кечиктирилсе же мындай активди классификациялоо начарлаган шартта, ага айына кеминде бир жолу мониторинг жүргүзүп туруу зарыл (кардардын/өнөктөштүн ошол учурдагы финансылык абалына, кардар/өнөктөш менен байланыш түптөө жагында). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

69. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди классификациялоо, активдерди берүү процессине катышпаган адамдар тарабынан жүргүзүлгөн көз карандысыз баа берүүнүн негизинде ишке ашырылат. 

70. Банк, кредиттик тобокелдикти камтыган активдерге көз карандысыз баа берүү системасын төмөнкүлөрдүн негизинде иштеп чыгууга жана жайылтууга тийиш: 

- кардардын/өнөктөштүн төлөмдөрүнүн реалдуу графигине жана анын пландык графикке ылайык келүүсүнө

- кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча камсыздоонун сапатына жана абалына; 

- тиешелүү документтердин толуктугуна жана сунушталган кайсы болбосун камсыздоону өз тескөөсүнө алынышы жана өз укуктарынын жана таламдарынын сот аркылуу корголушу укугунун ишке ашырылышына; 

- кардардын/өнөктөштүн финансылык абалындагы өзгөрүүлөргө баа берилишине, анын ичинде эгерде каржылоо чет өлкө валютасында берилген болсо; 

- классификациялоону кошо алганда, кредиттик тобокелдикти камтыган активдин сапатына баа берүүнүн тууралыгына; 

- кредиттик тобокелдикти камтыган берилген активдердин лимиттеринин сакталышына; 

- маалымат системаларынын (банктын жетекчилигине, Директорлор кеңешине жана Шариат кеңешине отчет берүүнүн) сапатына жана шайкештигине; 

- кредиттик тобокелдикти камтыган, сунушталган активдин банк саясатына, Улуттук банктын жол-жоболоруна жана ченемдик талаптарына ылайык келишине баа берүүгө

- Шариат стандарттарына ылайык келүүсүнө баа берүүгө

- 250000 сомдон ашпаган өлчөмдөгү активди эске албаганда, документтер менен тастыкталган эгерде болгон болсо (келишимдер, кабыл алуу актылары, эсеп-фактуралар, коштомо каттар ж.б), кредиттик тобокелдикти камтыган активдин каржылоо максаттарына жараша максаттуу пайдаланылышына баа берүүгө

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

71. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерге көз карандысыз баа берүү, банктын кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүү процессинен көз карандысыз болгон өз алдынча бөлүмү же кызматкери тарабынан жүргүзүлүшү зарыл. Активдердин Шариат стандарттарына ылайык келүүсүнө көз карандысыз баа берүү Шариат стандарттарынын сакталышына мониторингдин жүргүзүлүшүнө жоопкерчиликтүү болгон бөлүм (же Шариат стандарттарынын сакталышын текшерген ыйгарым укуктуу ички аудитор) тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш. Көз карандысыз баа берүүнүн натыйжалары айына кеминде бир жолу Каржылоо боюнча комитетке, Банк Башкармасына, банктын Директорлор кеңешине жана Шариат кеңешине берилип турууга тийиш. 

72. Топко берилген активдерди эске албаганда, камсыздоо катары гарантия (кепилдик) бирден-бир камсыздоо катары колдонулган учурда, банк гарантиялык милдеттенмелерди аткаруу жөндөмдүүлүгүн аныктоо максатында, гаранттын (кепилдик берүүчүнүн) финансылык абалына кылдат талдап-иликтөөнү жүргүзүүсү зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

73. Күрөөгө коюлган мүлктүн сакталышын жана анын учурдагы наркынын өзгөрүп кетиши мүмкүнчүлүгүн туруктуу негизде контролдоо максатында банк күрөөлүк мүлккө сакталган жери жана жайгашкан орду боюнча мониторинг жүргүзүп турууга тийиш. Банк тарабынан күрөөгө мониторинг жүргүзүү мезгил аралыгы каржылоо саясатына жана күрөө саясатына ылайык жана актив сапатына, ошондой эле жоготуу тобокелдигин эске алуу менен күрөөнүн түрүн кошо алганда, башка факторлорго жараша аныкталат. Кыймылдуу мүлк түрүндөгү күрөөгө мониторинг суммасы кеминде 250000 сомду түзгөн, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча жылына бир жолу жүргүзүлүп турууга тийиш. 

Суммасы 250000 сомду жана андан көптү түзгөн, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча кыймылдуу мүлк түрүндөгү күрөөгө мониторинг төмөнкүчө ишке ашырылууга тийиш: 

эгерде актив 30 жана андан көп пайыз чегинде кыймылдуу мүлк менен камсыздалган болсо жарым жылда кеминде бир жолу; 

эгерде актив 30 пайызга жетпеген чекте кыймылдуу мүлк менен камсыздалган болсо жыл ичинде кеминде бир жолу. 

Банк тарабынан күрөөлүк мүлктүн сакталышына контролдуктун камсыз кылынышы милдеттүү шарттан болууга тийиш. Мында, төмөнкү учурларга өзгөчө көңүл буруу зарыл: 

- камсыздоонун рыноктук наркынын төмөндөбөгөндүгүнө

- акыркы текшерүүдөн бери күрөө ликвиддүүлүгүнүн төмөндөшүн шарттаган кандайдыр-бир факторлор орун албагандыгына; 

- күрөөнүн сакталышы талаптагыдай камсыз кылынгандыгына. 

Мына ушул чаралардын бардыгы келип кардардын/өнөктөштүн абалынын демек, кредиттик тобокелдикти камтыган активдин абалынын начарлоо тенденциясын аныктоого мүмкүндүк берет. Мындай тенденциялар канчалык тез аныкталса, банк түптөлгөн жагдайды четтетүү жана өз таламынын корголушун камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды ошончолук тезирээк кабыл ала алат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3, 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

74. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин абалынын начарлашын тастыктаган белгилерге төмөнкүлөр кирет: 

- кардардын/өнөктөштүн банк менен байланышуудан кылчактап качуусу; 

- финансылык абалы тууралуу маалыматтын өз убагынан кечиктирилип, толук эмес жана үстүртөн берилиши, ошондой эле сунушталган маалыматтардын анык эместиги тууралуу шектенүүлөрдүн орун алышы; 

- кардардын/өнөктөштүн финансылык абалынын начарлоосу; 

- (абзац КР Улуттук Банк башкармасынын 2021 -жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту);  

- негизги сумманын же кирешелердин өз убагында төлөнбөшү

- реструктуризациялоо өтүнүчү менен кайрылуусу; 

- (абзац КР Улуттук Банк башкармасынын 2021 -жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту);  

- менчиктин өткөрүлүп берилиши жана сатылышы; 

- кардар/өнөктөш тууралуу кандайдыр бир булактардан терс маалыматтын түшүүсү

- кардар/өнөктөш акча каражаттарын жайгаштырган экономикалык, саясий жана башка чөйрөлөрдөгү абалдын өзгөрүүсү

- ишкананын ичинде-кардар/өнөктөштө жаңжалдуу абалдын курчушунун белгилери; 

- ишкананын-кардардын/өнөктөштүн жетекчилигинин алмашуусу; 

- жана потенциалдуу көйгөйлөрдүн орун алып тургандыгын тастыктаган жана башка жагдайлар. 

Банктын тиешелүү ички ченемдик документтеринде (саясаттар, жол-жоболор ж.б.) проблемалуу активдер менен иш алып баруу тартиби, анын ичинде активдерди реструктуризациялоо тартиби, кардардын/өнөктөштүн сунушталган каржылоонун ордун жабуу дараметине кошумча талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле зарыл болгон шартта, ал кардардын/өнөктөштүн укугуна кедергисин тийгизип, анын милдеттенмелерин көбөйтпөсө, каржылоону реструктуризациялоонун алдын ала шарттары (мисалы, каржылоо боюнча карызды төлөөгө минималдуу бир жолку төлөм, кардар/өнөктөш тарабынан анын каржылоону төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган документтер, кошумча камсыздоо ж.б.) чагылдырылууга тийиш. Банкка аффилирленген жактардын жана банк менен байланыштуу жактардын каржылоону жыл ичинде экиден көп жолу реструктуризациялоого тыюу салынат. 

Эгерде активди төлөө боюнча көйгөйлөр орун алса, кардар/өнөктөш банктын кредиттик тобокелдикти камтыган проблемалуу активдер менен иш алып баруу саясаты, анын ичинде, өз активин реструктуризациялоо ыктымалдуулугу тууралуу маалымдалган болууга тийиш. 

Банк кеңири мониторинг аркылуу проблемалуу кардарларга/өнөктөштөргө колдонулган чаралардын, активди реструктуризациялоонун ийгиликтүүлүгү (карызды тейлөө боюнча колдонулуп жаткан каражаттарынын жетиштүүлүгү) көз карашында талдап-иликтөө жүргүзүүгө тийиш. 

(Абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3, 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11, 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

75. Ушул Жобонун 74-пунктунда көрсөтүлгөн белгилердин кайсы бири аныкталган шартта, банк алардын келип чыгышынын себептерин такташтыруусу зарыл. Эгерде, банктын пикири боюнча бул белгилер жана/же алардын келип чыгышынын себептери тобокелдикти камтыган активдин абалынын начарлоосуна же наркынын олуттуу төмөндөөсүнө алып келиши мүмкүн болсо, анда банк бул активди өзгөчө контролдукка алуусу жана өз кызыкчылыгынын корголушун камсыз кылуу үчүн төмөнкүдөй бардык тиешелүү чараларды көрүшү зарыл: 

- күрөөнүн бар экендигин жана аны күтүү шарттарын кошумча текшерүү

- кошумча камсыздоону тартуу; 

- эскертүү берүү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү

- жагдай толук чечилмейинче, каржылоо линиясы боюнча кезектеги төлөмдөрдү токтотуп туруу; 

- кардарды/өнөктөштү жана ал акча каражаттарын жайгаштырган тармактын абалын кылдат иликтөөгө алуу; 

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди классификациялоону өзгөртүү

- камды (резервди) көбөйтүү

- башка коргоо чараларын колдонуу. 

Кредиттик тобокелдикти камтыган көйгөйлүү активдер менен иштөөдө, жолугушууларды, сүйлөшүүлөрдү жана башка иш-чараларды өткөрүүдө, банк кызматкерлери банктын ички документтеринде регламенттелүүгө тийиш болгон, ишкер жана кесипкөй жүрүм-турум нормаларын так сактоолору тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

76. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдер менен иш алып барууда, кардар менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдүн жана жолугушуулардын кыскача мазмунун журналга каттоону, алар менен жүргүзүлгөн жолугушуулардан протокол толтурууну, кардар менен келишим түзүүнү кошо алганда, алар менен ишке ашырылган бардык иш-чараларды документтештирип жана эсебин жүргүзүү зарыл. Айрыкча, "көйгөйлүү" активдер менен иш алып барууда мындай эсептин жүргүзүлүшү өтө маанилүү

7-глава. Кредиттик тобокелдикти камтыган "көйгөйлүү" активдер менен иш алып баруу 

77. "Көйгөйлүү" активдерди аныктоо кредиттик тобокелдикти камтыган активдерге туруктуу мониторинг жүргүзүүнүн жана каржылоо портфелине көз карандысыз баа берүүнүн максатынан болуп саналат. 

78. "Көйгөйлүү" актив дегенден улам, ал боюнча кардар банк менен түзүлгөн келишимдин шарттарын аткарбаган, же болбосо кандайдыр бир жагдайлардан улам (мисалы, тышкы же финансылык) банк алдында милдеттенмелерди аткаруу жана активдин ордун жабуу коркунуч алдында калган кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди түшүнөбүз. 

79. Кредиттик тобокелдикти камтыган актив "көйгөйлүү" деп таанылган шартта, банктын активдерди кайтарып алууга багытталган иш-аракеттер планын иштеп чыгуу зарыл, ал өзүнө бир катар иш-чараларды камтыйт. Ошону менен бирге эле банк кеңейтилген мониторинг жүргүзүү аркылуу топтоштурулган каражаттардын жеткиликтүүлүгү көз карашында, кардардын/өнөктөштүн финансылык абалын изилдөөгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

80. Банктын проблемалуу кардарга уюштуруу, финансылык жана башка жардамы боюнча кризистен чыгуусуна жана банк алдындагы карызын төлөөсүнө өбөлгө түзүүчү иш-чаралар төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн:  

- кардар (анын жетекчиси) менен проблемаларды аныктоо жана аларды чечүү жолдорун издөө боюнча иштерди; 

- кардардын/өнөктөштүн макулдугу менен банктын атынан кардардын/өнөктөштүн ишканасы менен иштөө үчүн башкаруучуларды, консультанттарды дайындоо; 

- компаниянын өздүк капиталын ээлик кылуучулардын жана башка тараптардын эсебинен көбөйтүүгө көмөктөшүүнү

- зарылчылыкка жараша, карыздын түзүмүн өзгөртүү программасын иштеп чыгууну (кредиттик тобокелдикти камтыган активди кайтаруу жана ал боюнча үстөк баа/киреше төлөө боюнча төлөмдөрдүн графигин карап чыгуу, каржылоо формасын өзгөртүү, ж.б.).  

- кошумча күрөөнү жана гарантияларды алууну, ж.б. 

Кредиттик тобокелдикти камтыган активди реструктуризациялоодо, банк кардардын/өнөктөштүн учурдагы финансылык абалын, банктын кардарга/өнөктөшкө көрсөткөн ишеним деңгээлин карап чыгуусу зарыл. Банк активди кардар/өнөктөш өз активинин өзгөртүлгөн шарттары боюнча милдеттенмелерин аткарууга реалдуу мүмкүнчүлүккө ээ болгон учурда гана кредитти реструктуризациялай алат, бул жүргүзүлгөн талдап-иликтөөлөр жана тиешелүү документтер менен тастыкталууга тийиш.  

Активи реструктуризацияланган кардардын/өнөктөштүн кредиттик таржымалында кардардын/өнөктөштүн учурдагы финансылык абалы, анын кредиттик тобокелдикти камтыган активди төлөө мүмкүнчүлүгү жөнүндө бардык маалымат, ошондой эле жүргүзүлгөн реструктуризация тууралуу маалымат жана тиешелүү документтер камтылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

81. Ушул иш-чаралар менен биргеликте кардардын өзү менен туруктуу негизде төмөнкү иштерди жүргүзүү зарыл: 

- кардарга келишим шарттарын бузгандыгы, активди төлөө мөөнөтү өтүп кеткендиги жана андан улам келип чыгышы мүмкүн болгон проблемалар жөнүндө билдирүү

- сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү

- банкка кардарды чакыруу; 

- эгерде бул каржылоо келишиминде каралган болсо, зарылчылыкка жараша, ишенимсиз кардар/өнөктөш жөнүндө маалыматты мезгилдүү басма сөзгө жарыялоо ж.б.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

82. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин түздөн-түз кайтарылышын камсыз кылуу максатында, мүмкүн болушунча кыска мөөнөт ичинде төмөнкү чаралар ишке ашырылышы зарыл: 

- банк тарабынан каржылоо келишими боюнча сатылып алынган жана анын менчигинде турган активди сатып өткөрүү (үчүнчү жакка сатуу); 

- күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү

- кардар/өнөктөштүн карызын Шариат уруксат берген шарттарда үчүнчү тарапка сатуу. Мында карызгер жана карызды сатып алуучу бир жерде болушу зарыл, карыз номиналдык наркында гана сатылышы мүмкүн, карыз төлөмдү кийинкиге калтыруу менен сатылышы мүмкүн эмес, ал нак акча каражаттарына дароо эсептешүү жолу менен сатылууга тийиш; 

- гарант жана кепилдик берүүчүлөргө кайрылуу; 

- сотко кайрылуу; 

- башка чаралар. 

83. Кардардын карызынын орду өз убагында жабылышын камсыз кылуу максатында банк, эгерде кардар күрөө менен камсыздалган милдеттенмелерин талаптыгыдай аткарбаса, карыздын ордун каржылоо мөөнөтү бүткөнгө чейин эле экинчи бир булактар аркылуу жабууга мүмкүн экендигин келишимде аткара алат. Бул учурда банк, карыздын ордун экинчи булактардын же башка ыкмалардын жардамы аркасында мөөнөтүнөн мурда жабуу мүмкүнчүлүгүн аныктаган жагдайларды да келишимде чагылдырууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

84. Банк, кардар/өнөктөштүн - жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин "көйгөйлүү активдери" боюнча күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү жол-жобосун баштоо тууралуу билдирмени жөнөткөндөн 15 күн өткөндөн кийин айыптык төлөмдөрдү, туумдарды чегерүүнү токтотууга тийиш. 

85. Банктын, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган проблемалуу актив менен иш алып барууга жооптуу түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси Каржылоо комитетинин жана проблемалуу активдер боюнча чечим чыгарууга ыйгарым укуктуу башка коллегиалдуу органдын (болгон болсо) кароосуна чейрек сайын төмөнкүлөрдү сунуштап турууга тийиш: 

1) өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган проблемалуу актив боюнча жыйынтык отчетту; 

2) банктын таза суммардык капитал өлчөмүнүн 1% ашкан ар бир өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган "проблемалуу" актив боюнча аткарылган иш тууралуу ырааттуу отчетту, андан ары тиешелүү аракеттерди көрүү сунушу менен. Отчетто төмөнкүлөрдү кошо алганда, ар бир өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган проблемалуу актив боюнча маалымат чагылдырылууга тийиш: 

- жүргүзүлгөн иш (жолугушуу, телефон аркылуу сүйлөшүү ж.б.), аткарылган иш жыйынтыгы; 

- жакынкы ай ичинде кредитти кайтарып алууга андан аркы иш планы жана күтүлүп жаткан натыйжалар. 

Таза суммардык капитал өлчөмүнүн 1% жетпеген өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча отчеттун түзүмүн банк өз алдынча аныктайт. Мында отчеттун түзүмү банктын өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган проблемалуу активдер менен иш алып баруу боюнча ички документтеринде жөнгө салынууга же болбосо анын ыйгарым укуктуу органынын чечими менен бекитилүүгө тийиш. 

Отчеттордун көчүрмөлөрү банк Башкармасына жана Директорлор кеңешине жөнөтүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4, 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

86. Эгерде ушул главада каралган банктын иш-аракети алгылыктуу натыйжага алып келбесе, банк карызды мажбурлап өндүрүү максатында сотко кайрылууга милдеттүү. Мындай чара аркылуу карыздын ордунун жабылышын камсыз кылуу мүмкүн болбосо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банкроттук процесси демилгеленет. 

86-1. Банк, соттон тышкаркы тартипте күрөө предметин өндүрүү жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө мурда билдирүү жөнөткөн күнгө чейин кардар/өнөктөш кезеги менен 3 (үч) айдан ашык (кардардын/өнөктөштүн келишим боюнча колдонуудагы төлөө графигине ылайык) системалуу түрдө милдеттенмелерин аткаруу тартибин бузган учурда, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктүн эсебинен өндүрүү жол-жобосун баштоону демилгелей алат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

87. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди объективдүү негизде кайтаруу мүмкүн эмес болгон учурда (анын ичинде банктын кардары көз жумган шартта да), өзүндө олуттуу тобокелдикти камтыган активдерди эсептен алып салуу чечими банктын Директорлор кеңеши тарабынан, ал эми өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган калган активдерди эсептен алып салуу чечими - Банк Башкармасы же болбосо алардын ыйгарым укуктарынын чегинде Каржылоо комитети тарабынан кабыл алынат. 

Банк Башкармасы же болбосо Каржылоо комитет тарабынан (өткөрүлүп берилген сумманын чегинде) төмөнкү жагдайларда жеке адамдарды, жеке ишкерлерди жана/же Кошо жоопкерчиликтүү топту каржылоо боюнча соттук тартипте/бейтараптык негизде териштирүү аркылуу өндүрүүнү жүргүзүүсүз эле, каржылоо боюнча карызды эсептен алып салуу чечими кабыл алынышы мүмкүн: 

- банк кардарынын көзү өтүп кетсе, айыккыс илдетке чалдыккан болсо, бизнесин жана/же мүлкүн бөөдө кырсыктардын, өрттүн чыгышы кесепетинен ажырап калган шартта; 

- банктын каржылоо боюнча карызын сот тартибинде/бейтараптык негизде териштирүү жүргүзүү аркылуу өндүрүүгө байланыштуу чыгашалар каржылоо боюнча карыз калдыгынан ашып кеткен жагдайды кошо алганда, ошол каржылоо боюнча карызды кайтарып алуунун экономикалык көз караштан максатка ылайыксыздыгы келип чыккан шартта. 

Банк Башкармасы же Каржылоо комитети тарабынан кабыл алынган карызды эсептен алып салуу чечими Директорлор кеңешине милдеттүү түрдө тааныштырылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

88. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдер эсептен алынып салынгандан кийин, алар карыздын ордун жабуу мүмкүнчүлүгү келип чыгышы ыктымал болгон учурларга, кеминде беш жыл системадан тышкары эсепке алынат. 

89. Системадан тышкары эсепке алуу мөөнөтүнөн көз карандысыз, карыздын ордун жабуу мүмкүнчүлүгүн болжолдогон кандай болбосун маалымат түшкөн учурда банк, мыйзамдарда каралган, анын ордун жабууга багытталган иш-аракеттерди жүргүзүүгө тийиш. 

  

  

Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобого карата 

1-тиркеме 

Кардардын/өнөктөштүн досңесине карата 

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3, 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4, 2021-жылдын 31-мартындагы №2021-П-12/14-5-(НПА), 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

I. Жалпы маалымат 

1. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди алуу үчүн кардар/өнөктөш кол койгон билдирмеде төмөнкү маалымат чагылдырылууга тийиш: 

- кардар/өнөктөштүн аталышы (эгерде кардар/өнөктөш жеке адам болсо - аты-жөнү); 

- кардар/өнөктөш иш алып барган жердин толук дареги (эгерде кардар/өнөктөш жеке адам болсо), телефон номери, факсы; 

- Кардар/өнөктөшкө толук даректин ордуна абоненттик ящиктин номерин гана көрсөтүүгө жол берилбейт; 

- салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (болгон болсо) - салык органында эсепке алуу күбөлүгүнүн негизинде; 

- иштеген жери жана ишинин түрү (эгерде кардар/өнөктөш - жеке адам болсо); 

- чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасына келүү (жашоо) укугун тастыктаган документ боюнча маалыматтар; 

- жетекчинин аты-жөнү - (эгерде кардар/өнөктөш - юридикалык жак болсо); 

- дареги (юридикалык дареги), телефону/факсы, электрондук почта дареги; 

- юридикалык жактын толук жана кыскартылган аталышы (болгон болсо) жана анын чет тилде аталышы (болгон болсо); 

- бизнестин түрү жана уюштуруу-укуктук формасы (эгерде кардар/өнөктөш - юридикалык жак болсо); 

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдин суммасы, валютасы жана мөөнөтү

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдин максаты; 

- өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин ордун жабуу булактары (баштапкы: валюталар боюнча, экинчи) жана төлөө планы; 

- сунушталган күрөө

- кредиттик тобокелдикти камтыган активди алуу үчүн банкка билдирмелерди берүүдөн мурда, акыркы эки жыл ичинде кредиттик тобокелдикти камтыган кредиттерди/активдерди ушул/башка банктарда алынгандыгы/орду жабылгандыгы тууралуу маалыматтар; 

- карыз алуучунун өз иши тууралуу кредиттик отчеттун берилишине макулдугу; 

- банктын чечими боюнча башка маалыматтар. 

2. Жерди пайдалануу укугун тастыктаган документтерди же малы бар экендиги жөнүндө документтерди сунуштоо менен 250000 сомдон ашпаган өлчөмдө каржылоо берилген жеке адамдарды, ошондой эле айыл чарбаны өнүктүрүүгө багытталган Өкмөттүн программаларынын алкагында кредиттик тобокелдикти камтыган активдер берилген жеке адамдарды эске албаганда, юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердикти жүзөгө ашырган жеке адамдар жогоруда көрсөтүлгөн документтерден тышкары, банкка ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген белгилүү бир формадагы документтин көчүрмөсүн жана жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсүн же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик каттоодон өтүүсүз ишкердикти жүзөгө ашыргандыгын тастыктаган документтин көчүрмөсүн берүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2-1. Кредиттик бюродон карыз алуучу боюнча кредиттик отчет. 

3. Кардар/өнөктөштүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө иликтөө

4. Кардардын/өнөктөштүн (эгерде, карыз алуучу юридикалык жак болсо) акыркы отчеттук жыл үчүн финансылык отчету. Эгерде кардар/өнөктөш - юридикалык жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыл сайын аудиттен өтүүгө милдеттүү болсо, финансылык отчет тышкы аудитор тарабынан тастыкталууга тийиш. Мында, юридикалык жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аралык финансылык отчетторун сунуштап турууга тийиш болсо, анда банк ошол отчетту юридикалык жактан талап кылышы зарыл. 

5. Акыркы 3-12 ай ичиндеги (мында банк, эмгек акы жөнүндө маалымкат берилүүгө тийиш болгон мезгил аралыгын өз алдынча аныктоого укуктуу) эмгек акы тууралуу маалымкат  кардар/өнөктөш иштеген уюмдун аталышы, кызмат орду, иштин узактыгы же кирешелерин тастыктаган башка документтер (эгерде кардар/өнөктөш - жеке адам болсо) валюталар боюнча. 

6. Мамлекеттик же расмий тилде каржылоо келишими (банктын кардар/өнөктөшүнө тил тандоо укугу сунушталат). 

7. Уюштуруу документтери (эгерде кардар/өнөктөш - юридикалык жак болсо). 

8. Бизнес-план (эгерде кардар/өнөктөш - юридикалык жак болсо жана каржылоо суммасы 3500000 сомдон көптү түзсө, мында жүгүртүү каражаттарын толуктоого берилген каржылоо эске алынбайт). 

9. Жерди пайдалануу укугун тастыктаган документтерди же малы бар экендиги тууралуу документтерди сунуштоо менен 250000 сомдон ашпаган өлчөмдө каржылоо берилген айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү жеке адамдарды, ошондой эле айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган өкмөттүк программалардын алкагында кредиттик тобокелдикти камтыган активдер берилген адамдарды кошпогондо, мамлекеттик органдардан алынган каттоодон өткөндүгү жөнүндө документ (эгерде кардар/өнөктөш күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердик иш жүргүзгөн юридикалык жак же жеке адам болсо). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

Электрондук патент сунуштоодо ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам электрондук патент алгандыгы фактысын тастыктоо максатында кагазга басып чыгарылган электрондук патенттин көчүрмөсүн сунушташы мүмкүн же банкка Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүү үчүн электрондук форматта бериши мүмкүн. Бул учурда банктын жооптуу кызматкери кагаз түрүндө же электрондук документ формасында алынган электрондук патенттин аныктыгын (тастыктоо фактысын кагаз түрүндө же электрондук форматта сактоо зарыл) электрондук патенттеги QR-кодду мобилдик же тиешелүү программалык камсыздоого ээ башка түзүлүш аркылуу же Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 31-мартындагы №2021-П-12/14-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

10. Салык органдарында катталгандыгы тууралуу документ (эгерде кардар/өнөктөш - юридикалык жак болсо). 

11. Кардар/өнөктөштүн тиешелүү органынын кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алуу чечими (эгерде кардар/өнөктөш - юридикалык жак болсо). 

12. Банктын кардарын/өнөктөшүн идентификациялоо мүмкүнчүлүгүн берген ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (эгерде кардар/өнөктөш жеке адам болсо), Кыргыз Республикасындагы чет элдик жарандын паспорту (эгерде кардар/өнөктөш - резидент эмес болсо). 

13. Юридикалык жактын каражаттарын тескөө үчүн юридикалык жактын жетекчисинин ыйгарым укугун тастыктаган документтин көчүрмөсү (мындай документ катары юридикалык жактын жетекчисин шайлоо тууралуу уюштуруучулар жана акционерлер жыйынынын протоколу сыяктуу эле, эгерде алар Уставда белгиленбесе, анын ыйгарым укуктарын аныктаган юридикалык жактын жетекчисин дайындоо тууралуу уюштуруучулардын жана акционерлердин чечими да болушу мүмкүн). 

14. Банктын тиешелүү органынын кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүү чечими. 

15. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

16. Төмөнкү маалыматтар чагылдырылууга тийиш болгон кардар/өнөктөш менен ар бир байланыштын эсебин жүргүзүү

- байланышуу күнү

- байланышуу түрү (баарлашуу, телефон аркылуу сүйлөшүү, электрондук почтасынын дареги); 

- байланышуу шарттары (кызматкердин аты-жөнү, сүйлөшүүнүн мазмуну); 

- натыйжалар. 

17. Кардар/өнөктөш менен кат алышуу (бардык корреспонденцияны тиркөө менен). 

18. Юридикалык документтер (кардар/өнөктөштүн сунуштоочулар ж.б. менен контракттарынын көчүрмөлөрү). 

19. 250000 сомдон ашпаган өлчөмдөгү каржылоону эске албаганда, каржылоо максаттарына жараша, тиешелүү документтер (келишимдер, кабыл алуу актылары, эсеп-фактуралар, коштомо каттар ж.б.) менен тастыкталган каржылоонун максаттуу пайдаланылышы жөнүндө отчет. 

II. Күрөөлүк документтер 

20. Мамлекеттик же расмий тилде күрөө келишими (банктын кардар/өнөктөшүнө тилди тандоо укугу сунушталат). 

21. Күрөөлүк мүлктүн сертификаттары, күбөлүктөрү жана башка квалификациялык документтери. 

22. Күрөөгө коюлган мүлккө менчикке укукту тастыктаган документтер жана күрөө коюучунун күрөө келишиминин шарттарына макулдугу. 

23. Кол коюу укугуна ээ адамдардын кол тамга үлгүлөрү менен нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн карточкалар (эгерде кардар/өнөктөш - юридикалык жак болсо). 

Кардар/өнөктөштүн кол тамга үлгүсү жана эгерде болгон болсо мөөр оттискасы менен кол тамга үлгүлөрү түшүрүлгөн карточка (эгерде кардар - жеке ишкер болсо). 

24. Сатып алуу баасын тастыктаган документтер (эгерде банк күрөөнү, мисалы жабдууну, калк керектөөчү товарларды ж.б. сатып алууну каржылоого алса). 

25. Төмөнкү маалыматтарды камтыган күрөө наркын тастыктаган документтер: 

- күрөөнүн рыноктук наркы (зарылчылыкка жараша, белгиленген коэффициенттерди эске алуу менен); 

- баа берүү күнү

- баа берүү ким тарабынан жүргүзүлгөн; 

- баа берүү ыкмасы. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

26. Күрөө келишиминин катталгандыгын тастыктаган документтер (эгерде күрөө катталууга тийиш болсо же банк анын катталышын талап кылса). 

27. Кардар/өнөктөштүн тиешелүү органынын күрөөгө сунуштоо чечими (эгерде кардар/өнөктөш - юридикалык жак болсо). 

28. Төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш болгон Күрөөнү иликтөө актысы: 

- күрөөнү иликтөө күнү

- күрөөнүн түрү

- күрөөгө баа берүү күнү

- баа берүү ыкмасы; 

- күрөөнүн жайгашкан орду; 

- күрөөнүн абалы жана аны күтүү шарттары; 

- күрөөнүн рыноктук наркы (зарылчылыкка жараша, белгиленген коэффициенттерди эске алуу менен); 

- күрөөнү мезгил-мезгили менен иликтөө графиги. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

29. Банктын ыктыярдыгы боюнча башка маалыматтар. 

III. Гарантиялар же кепилдиктер 

30. Тиешелүү келишимди, гарантия берилип жаткан сумманы, гарантиянын мөөнөтүн көрсөтүү менен кол жазма түрүндө гарантия жана кепилдик. 

31. Тиешелүү органдын гарантия берүү чечими. 

32. Кепилдик берүү жөнүндө кепил болуучунун жубайынын/жолдошунун (эгерде болсо) макулдугу. 

33. Гаранттын уюштуруу документтери. 

34. Гаранттын акыркы жыл үчүн финансылык отчету (эгерде, гарантия бирден-бир камсыздоо болуп саналса). 

35. Акыркы 3-12 ай ичиндеги (мында банк, эмгек акы жөнүндө маалымкат берилүүгө тийиш болгон мезгил аралыгын өз алдынча аныктоого укуктуу) эмгек акысы боюнча маалымкат же кирешеси тууралуу маалыматты тастыктаган башка документтер (эгерде кепил болуучу - жеке адам болсо). 

36. Гаранттын жана кепил болуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө иликтөө жүргүзүү

  

  

Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобого карата 

2-тиркеме 

Гарантиялык кат берүү боюнча 

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

Банктын каржылоо саясатында гарантиялык кат берүүгө тиешелүү төмөнкү бардык негизги жоболор каралууга тийиш: 

1. Банктын гарантиялык катты берүү маселеси Каржылоо комитетинин отурумунда каралышы зарыл. Каржылоо комитетинин тиешелүү чечими болгон учурда гана берилген гарантиялык кат анык болуп саналат. 

2. Банктын жана анын филиалдарынын кызмат адамдарынын гарантиялык каттарга кол коюу жана аларды эсепке алуу үчүн ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин так бөлүштүрүү

3. Гарантиялык каттын түп нускасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилинде түзүлүүгө тийиш. Зарылчылык келип чыккан шартта, гарантиялык кат ушул пункттун биринчи сүйлөмүндө камтылгандар сакталган шартта, кошумча чет тилинде да тариздетилиши мүмкүн. 

4. Гарантиялык кат номерленген фирмалык бланкта таризделинип, ага банктын же филиалдын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын колу коюлуп, банктын мөөрү басылууга тийиш. 

5. Банктын гарантиялык каты мындай каттарды каттоо журналында (же болбосо чыгыш корреспонденция журналында) катталышы зарыл. 

6. Гарантиялык каттардын бухгалтердик эсепке алынышы, бухгалтердик эсепке алуу стандарттарына ылайык ишке ашырылууга тийиш. 

7. (пункт КР Улуттук Банк башкармасынын 2021 -жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)  

8. Банк жалган гарантияларды аныктаган учурда, алар тууралуу укук коргоо органдарына маалымдап, бул жокко чыгарылган гарантиялар тууралуу маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырууга тийиш. 

  

  

Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобого карата 

3-тиркеме 

Стресс-тестирлөө 

Стресс-тестирлөө, тышкы чөйрөдө сыяктуу эле (мисалы, экономикадагы төмөндөө, каржылоо портфелинин сапатынын начарлашы, күрөө предметинин рыноктук наркынын өзгөрүүсү, мыйзамдарга өзгөртүүлөр ж.б.), банк кардарларынын ишинде да (мисалы, банктын ири кардарларынын/сунуштоочуларынын/өнөктөштөрүнүн банкрот болушу, депозиттердин агылып чыгышы ж.б.) тобокелдик келип чыккан учурда жана анын өсүү тенденциясы аныкталган шартта, банктын мүмкүн болуучу потенциалдуу жоготууларына аналитикалык баа берүү инструменти болуп саналат. 

Стресс-тестирлөө, капитал өлчөмүнө таасирин тийгизүү менен банкты чыгымга алып келиши ыктымал болгон экономикалык, саясый жана/же башка жагдайлардын (мисалы, банктын аброюнун начарлоосуна байланыштуу жагдайлар, жетекчилик алмашканда ж.б.) орун алышына негизденген алардын андан ары өнүгүү сценарийинин моделин түзүү аркылуу жүргүзүлөт. 

Стресс-тестирлөөнүн алгачкы баскычында, анын негизинде сценарийдин модели түзүлүүчү маалыматтын аныктыгын жана актуалдуулугун текшерүү зарыл. Мында, пайдаланылып жаткан отчет ырааттуулук (отчеттук маалыматтардын ырааттуу берилиши) жана салыштыруу (көрсөткүчтөрдү эсептөө ыкмасынын өзгөрбөгөндүгү) критерийлерине дал келээрине, ошондой эле башка пайдаланылуучу маалыматтын (мисалы, жалпыга маалымдоо каражаттарынан алынган маалымат) аныктыгына, объективдүүлүгүнө жана максатка ылайыктуулугуна ынануу зарыл. 

Алгылыксыз жагдайдын өнүгүү сценарийи жетишээрлик түрдө айкын, орундуу жана негизденген болууга тийиш. Сценарийдин айкындыгы, ал мындай жагдайдын келип чыгышынын жогорку үлүшүнө ээ болгон учурда тастыкталат. 

Сценарийдин моделинде ички сыяктуу эле, тышкы факторлордун өзгөрүүсүн камтып, төмөнкү эки версияда жүргүзүлүшү мүмкүн: 

- мурдатан колдонулуп келе жаткан сценарий - бул сценарий өткөн мезгилде орун алган жагдайлардын кесепетине жүргүзүлгөн байкоолорго негизденет; 

- гипотетикалык сценарий - мындай сценарий, орун алышы ыктымал, бирок боло элек жагдайга негизденет. 

Мурдатан колдонулуп келе жаткан сценарийдин моделин түзүү учурунда талдап-иликтөө, өткөн мезгилде болгон жана банктын финансылык абалына терс таасирин тийгизген жагдайларды эске алуу менен жүргүзүлөт. 

Мурдатан колдонулуп келе жаткан сценарийдин ыкмасы боюнча стресс-тестирлөө учурунда, банктын балансын тестирлөөдө пайдаланылган өткөн мезгилдеги кризистердин шарттарынын жана жагдайларынын так аныктамасына өзгөчө көңүл буруу зарыл. 

Гипотетикалык сценарийдин моделин түзүүдө учурда орун ала элек, бирок келечекте келип чыгышы мүмкүн жагдайга талдап-иликтөө кароого алынат. Гипотезада, банктын капиталына белгилүү бир жагдайдын таасири сыяктуу эле (мисалы, кардар/өнөктөштүн финансылык абалынын начарлашы, негизги сумманы же кошумча эсептөөлөрдү/кирешени өз учурунда төлөбөй коюу ж.б.), аны алгылыктуу деңгээлге чейин минималдаштыруу үчүн зарыл чараларды көрүү максатында, алардын негизинде кредиттик тобокелдикти алдын ала болжолдоо мүмкүнчүлүгүн берген көрсөткүчтөрдүн максималдуу өзгөрүүсүнө баа берүүлөр камтылат. 

Мындан тышкары стресс-тестирлөөнү жүргүзүүдө бир нече сыноо эсептөөлөрүн жүзөгө ашыруу зарыл. Ар түрдүү тобокелдиктер таасиринин комбинациясынын жардамы аркасында жүргүзүлгөн талдап-иликтөөдөн улам, банктын төлөөгө жөндөмсүздүгүнүн алгачкы белгилери байкалган учурда, стресс-тестирлөө сценарийи акыркы болуп саналат. 

Кредиттик тобокелдикке баа берүү максатында жүргүзүлгөн стресс-тестирлөө, каржылоо портфелин классификациялоонун бир же эки категориясына төмөн болгон, кайра классификациялоону болжолдогон сценарийлер колдонулушу мүмкүн. Сценарий катары, жоготуу жана башкалар сыяктуу, кредиттик тобокелдикти камтыган классификацияланган активдерди кайра классификациялоону болжолдоого да болот, бул негизинен, банктын каржылоо портфелинин айкын абалына жана мурдатан келе жаткан тажрыйбасына кыйла жакын сценарийден көз каранды болот. 

Андан соң стресс-тестирлөө сценарийине ылайык, РППУга зарыл чегерүүлөр өлчөмү эсептелинип, анын базасында экономикалык ченемдер боюнча банктын талаптарды аткаруу мүмкүнчүлүгүн аныктаган таза суммардык капиталга баа берилет. 

Стресс-тестирлөөнү жүзөгө ашырууда активдердин жалпы абалы, каржылоо портфелинин сапаты, күрөөлүк камсыздоонун начарлашы жана кредиттик тобокелдиктин өсүшүн мүнөздөгөн башка көрсөткүчтөр кароого алынат. Ошентип, стресс-тестирлөөнүн ар кандай ыкмаларын колдонуу менен банк, анын финансылык абалында терс өзгөрүүлөргө алып келиши ыктымал болгон жагдайлар келип жеткенде аларды минималдаштыруу боюнча чараларды өз убагында көрө алат. 

  

  

Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобого карата 

4-тиркеме 

Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алууга кардар/өнөктөштүн билдирмелерин 

КАТТОО ЖУРНАЛЫ 

Билдирме берилген күн 

Кардар/ өнөктөштүн аты-жөнү 

Талап кылынган сумма 

Максаттуу багыты 

Мөөнөтү 

Болжолдонгон күрөөлүк камсыздоо 

Статусу (макулдук берилди/ баш тартылды) 

Ордун жабуу булагы (бизнестин түрү

Баш тартылган учурда: анын себеби. Макулдук берилген учурда: суммасы, мөөнөтү 

Бекитилген /баш тартуу билдирмеси берилген күн 

Каржылоо боюнча адистин кол тамгасы 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобого карата 

5-тиркеме 

Банк кардарларынын даттануу жана сунуштарды берүү 

КИТЕБИ 

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2021 -жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

  

  

  

Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого карата 6-тиркеме 

Банк кардарларынын/өнөктөштөрүнүн чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) жана айыптык санкцияларынын 

ТИЗМЕГИ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

Банк кардарынын/өнөктөшүнүн кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча чыгашалары (төлөмдөрү

Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин суммасы 

Келишимге ылайык белгиленет 

Кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча кошуп эсептелинген баа/киреше 

Каржылоо келишимине кол койгон учурдан тартып акча каражаттарын алганга чейин активди алуудан же болбосо лизинг алкагында мүлк үчүн төлөөдөн баш тарткан учурда билдирмени кароо үчүн комиссиялык төлөм (кредиттик тобокелдикти камтыган активди тариздөө)  

Комиссия төлөнө турган болсо, алардын өлчөмү банктын бекитилген тарифтерине ылайык пайыздык же нарктык туюндурулушунда белгиленет  

Эсептешүүүндөлүк)/талап боюнча төлөнүүчү банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептерди ачуу (эгерде эсеп кредиттик келишим түзүүдөн улам ачылса) жана тейлөө (эгерде кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча нак эмес формада ишке ашырылса) үчүн комиссиялык төлөм 

Эсептешүү-кассалык тейлөө үчүн комиссиялык төлөм (анын ичинде кардардын/өнөктөштүн нак акчаларды банкомат аркылуу салуусу жана алуусу)  

Кардардын/өнөктөштүн өтүнүч каты боюнча келишим шарттарын өзгөртүү үчүн комиссиялык төлөм (Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, активдерди реструктуризациялоо учурларын кошпогондо) 

Эгерде келишимде банктын акча каражаттарын сунуштоо боюнча шартсыз милдеттенмеси каралса, акча каражаттары боюнча кам түзүү үчүн (каржылоонун пайдаланылбаган бөлүгү үчүн) комиссиялык төлөм  

Үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр (камсыздандыруу, нотариус, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын, Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин, ж.б. кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөө)  

Келечекте мындай чыгашалар өзгөрүшү ыктымалдыгын көрсөтүү менен чыгашалардын болжолдуу наркы (диапазону) чагылдырылат  

Банктын айыптык төлөмдөрү жана туумдары  

Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин негизги суммасы жана банктын кошуп эсептелинген баасы/кирешеси боюнча төлөмдөрдү мөөнөтүнөн кечиктиргендиги үчүн 

Келишимдин негизинде, банкта пайыздык же нарктык туюндуруу менен алынган айыптык санциялардын бекитилген өлчөмдөрүнө ылайык көрсөтүлөт.  

Кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча күрөөгө сунушталган депозитти толуктоо 30 календарлык күндөн ашык мөөнөткө кечиктирилгендиги үчүн  

Күрөөлүк камсыздоо боюнча документтердин түп нускаларынын топтомунун өз учурунда кайтарып берилбегендиги үчүн (форс-мажордук жагдайларга жана банк тарабынан каралууга тийиш болгон жүйөлүү себептерге байланыштуу өз учурунда кайтарылбай калган учурларды кошпогондо) 

Кредиттик тобокелдикти камтыган активди алгандан кийин келишимди токтотуу шарттары  

Башка чыгашалар