Кайта келүү

  

  

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 15-июнундагы 

№ 2017-П-12/25-4-(НПА) токтомуна 

тиркеме 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 17-октябрындагы № 2018-П-12/43-3-(БС), 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА), 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА), 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-4-(НФКУ), 2020-жылдын 26-февралындагы №2020-П-12/8-8-(НПА), 2020-жылдын 25-ноябрындагы № 2020-П-12/67-2-(НПА), 2020-жылдын 23-декабрындагы №2020-П-33/73-13-(НФКУ), 2021-жылдын 14-июлундагы № 2021-П-12/38-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1-глава. Жалпы жоболор 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) коммерциялык банктарга, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан, "ислам терезесине" ээ банктарга (мындан ары - банктар) карата таасир этүү чараларын колдонуу тартибин белгилөө ушул Жобонун максаты болуп саналат.   

Бул Жобо, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Мыйзамда каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Мамлекеттик өнүктүрүү банкына таркатылат.   

Улуттук банктын банктарга карата таасир этүү чараларын колдонуу максаты катары банктардын жана банк тутумунун туруктуулугун колдоо, террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү, банктык кызмат көрсөтүү рыногунда монополиялык ишкердикке тыюу салуу, аманатчылардын таламдарын жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулардын жана башка кредиторлордун укуктарын коргоо үчүн ыкчам чара көрүү, кемчиликтерди жөнгө салуу жана четтетүү саналат. Улуттук банк келечекке баа берүүнүн негизинде жөнгө салуу чараларын колдонуу максатында банк ишине байланыштуу тобокелдиктердин келип жетишине алып келиши мүмкүн болгон тобокелдүү ишкердикти жүргүзгөн банкка карата таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.   

Таасир этүү чаралары Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо каралган негизде жана тартипте колдонулат. Таасир этүү чаралары белгиленген тартипте сыяктуу эле, жол берилген кемчиликтердин мүнөзүнө, түрүнө жана банктын финансылык абалына жараша колдонулушу мүмкүн. Улуттук банк банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чараларынын максатка ылайыктуулугун, түрүн жана тартибин өз алдынча аныктайт.   

Кыргыз Республикасында банк ишин бузуу катары банктардын, алардын акционерлеринин жана кызмат адамдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, анын ичинде "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө", "Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү жөнүндө", "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына каршы келген аракеттери (аракеттенбей коюусу) саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА), 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-4-(НФКУ), 2020-жылдын 23-декабрындагы №2020-П-33/73-13-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2-глава. Таасир этүү чаралары жөнүндө жалпы жоболор  

1. Таасир этүү чараларына төмөнкүлөр кирет:  

1) жазма буйрук;  

2) айыптык төлөм;  

3) талап коюу;  

4) экономикалык ченемдерди жогорулатуу жана талаптарды күчөтүү;  

5) чектөөлөрдү жана тыюу салууларды белгилөө;  

6) кызмат адамдарын четтетүү же иштен бошотуу, башкаруу органын алмаштыруу;  

7) атайы режимди киргизүү;  

8) лицензияны кайтарып алуу.  

2. Банкка карата тигил же бул таасир этүү чарасын колдонуу чечими төмөнкүлөрдү эске алуу менен кабыл алынат:  

1) банктарды ушул Жобого карата 3-тиркемеде келтирилген капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) боюнча классификациялоо;  

2) төмөнкү факторлорду:  

- бузууга жол берүү мүнөзүн жана анын банк ишине таасирин;  

- бузууга жол берүү тездиги жана мезгил аралыгы;  

- банктын финансылык абалына коркунучтар;  

- бузууга жол берүүнүн натыйжасында банкка келтирилген чыгым өлчөмү;  

- банктын кызмат адамдарына бузууга жол берүү жөнүндө маалымдалышы;  

- банктын кызмат адамдарынын орун алган проблемаларды четтетүү жөндөмдүүлүгү;  

- атайылап бузууга жол берүү фактысы, ошондой эле аффилирленген жана банк менен байланыштуу башка жактардын жол берилген бузууларга жеке кызыкдар (моралдык, материалдык) болгондугунун орун алышы/орун албашы;  

- операциялык ишкердикте жана ички контролдук системасында проблемалардын олуттуулугу;  

- Директорлор кеңеши жана/же банк Башкармасы тарабынан бекитилген ички жол-жоболордун жана саясаттын талаптарын так сактоо;  

- буга чейин банкка карата бузууларга жол бергендиги үчүн кандайдыр бир таасир этүү чаралары колдонулган учурлар;  

- банктын кызмат адамдарынын проблемаларды жана алардын олуттуулугун таануусу;  

- корпоративдик башкаруу талаптарын/принциптерин так сактоо;  

- банктык көзөмөл органдары менен натыйжалуу иш алып баруу;  

- банктын кызмат адамдарынын жана акционерлеринин Улуттук банктын сунуш-көрсөтмөлөрүн жана/же талаптарын аткаруусу;  

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүгө тиешелүү мыйзам талаптарын бузуу болуп саналган операциялардын мүнөзү, мезгил аралыгы жана/же көлөмү

Банк уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана/же өздүк (жөнгө салуучу) капитал боюнча экономикалык ченемдерди сактоо боюнча талаптарды бузууга жол берген учурда таасир этүү чаралары ушул Жобонун 4-тиркемесинде белгиленген тартипте колдонулушу мүмкүн. Мында ушул Жобонун 4-тиркемесинде көрсөтүлгөн тартип акыркы болуп саналбайт жана банкка карата банк мыйзамдарына ылайык кайсы болбосун башка чаралар колдонулушу мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 17-октябрындагы № 2018-П-12/43-3-(БС), 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3. Таасир этүү чарасы Улуттук банк тарабынан бузууга жол берүү аныкталган күндөн тартып 12 (он эки) айдан кечиктирилбестен колдонулушу мүмкүн.  

4. Улуттук банк, өз ишинде кемчиликтерди четтетүү боюнча банк тарабынан өз эрки менен милдеттенме алуу мүмкүнчүлүгүн караштырууга укуктуу.  

5. Улуттук банк банкка кат жүзүндө эскертүү жөнөтүшү мүмкүн. Кат жүзүндө эскертүү Улуттук банктын таасир этүү чарасы болуп саналбайт жана ал банк ишинин туруктуулугуна жана ишенимдүүлүгүнө кесепетин тийгизиши мүмкүн болгон олуттуу тобокелдиктер орун алган шартта жана/же белгилүү бир ченемдерди жана эрежелерди, анын ичинде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарын жана/же ченемдик укуктук актыларды бузууга жол берүүлөр тууралуу банкка маалымдоо зарылчылыгы келип чыккан учурда, ошондой эле мындан ары ага карата тиешелүү таасир этүү чарасы колдонулушу мүмкүндүгүн алдын алуу максатында жөнөтүлөт. Кат жүзүндө эскертүү тиешелүү түзүмдүк бөлүмдүн начальнигинин же көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган Төраганын орун басарынын/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнүн кол тамгасын койдуруу менен жөнөтүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3-глава. Алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага кирген ишкердикти, иш-аракеттерди (аракеттенбей коюуларды) таануу  

6. Банк аманатчыларына, анын башка кредиторлоруна, акционерлерине же банк тутумуна айкын кооптуу жагдайды жана/же жоготуу же чыгым тартуу мүмкүнчүлүгүн шарттаган банк иши, анын кызмат адамдарынын аракеттенүүсү (аракеттенбей коюусу) алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба болуп саналат.  

7. Улуттук банк төмөнкүлөргө баа берүүгө таянуу менен ар бир учурда алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбаны өз-өзүнчө аныктайт:  

- аларды коштогон факторлорго жана жагдайларга;  

- аманатчылардын каражаттарына, банк ишинин жана/же бүтүндөй банк тутумунун туруктуулугуна карата потенциалдуу кооптуу жагдайлар.  

8. Алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага чегерүүгө боло турган банк ишинин, иш-аракетинин (аракеттенбей коюусунун) бир же бир нече белгилеринин орун алышы ушул Жобого карата 1-тиркемеде келтирилген жана алардын тизмеги булар менен гана чектелип калбайт.  

9. Банктарга алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага тартылууга жол берилбейт.  

10. Улуттук банк иши алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага тартылган катары таанылган кайсыл болбосун банкка карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, лицензияны кайтарып алууга чейинки таасир этүү чараларын колдоно алат.  

11. Банк иши, банктын кызмат адамдарынын иш-аракети/аракеттенбей коюусу Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан сунушталган маалыматтардын негизинде Көзөмөл боюнча комитет тарабынан алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары таанылат.  

12. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети/Улуттук банк Башкармасы өз компетенциясынын чегинде алардын иш-аракети (аракеттенбей коюусу) алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары каралган банкка, анын акционерлерине, банктын кызмат адамдарына карата тиешелүү таасир этүү чарасын колдонуу чечимин кабыл алат.  

4-глава. Өз эрки боюнча милдеттенме алуу  

13. Банк жетекчилигинин аныкталган кемчиликтердин, ошондой эле белгилүү бир ченемдерди жана эрежелерди, анын ичинде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарын жана ченемдик укуктук актыларды бузууга жол берүүлөрдүн жана/же анын туруктуулугуна жана ишенимдүүлүгүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон тобокелдиктердин натыйжалуу четтетилишин камсыз кылуу максатында Улуттук банк менен кызматташууга даярдыгы өз эрки боюнча милдеттенме алуунун өзгөчөлүгү болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

14. Өз эрки боюнча милдеттенме алуунун төмөнкүдөй түрлөрү колдонулушу мүмкүн:  

1) көзөмөл органынын банкка карата алдын ала иш-аракеттеринин алкагында сын-пикирлерди четтетүү;  

2) милдеттенме-катка кол коюу;  

3) кат жүзүндө келишимге кол коюу.  

15. Милдеттенме-кат, ишинде көзөмөл органынын олуттуу тынчсыздануусун жаратпаган кемчиликтер жана ченемдик укуктук актыларды бузууга жол берүү коркунучтары/өбөлгөлөрү орун алган банк тарабынан сунушталат. Анда кемчиликтерди четтетүү мөөнөттөрү жана максаттуу көрсөткүчтөрү белгиленген, банктын Директорлор кеңеши жана жетекчилиги тарабынан кемчиликтерди четтетүү боюнча көрүлө турган айкын чаралар камтылууга тийиш. Милдеттенме-кат банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилет жана Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш.  

16. Банк менен Улуттук банктын ортосунда кат жүзүндө келишимге банк ишинде бузууга жол берүүлөр орун алган учурларда гана кол коюлат, бирок:  

1) банк жетиштүү деңгээлде капиталдаштырылган болсо;  

2) Директорлор кеңеши жана банк Башкармасы орун алган проблемалардын олуттуулугун түшүнүп, аларды четтетүү үчүн зарыл чараларды көрүүгө даяр болсо;  

3) бузууга жол берүү кемчилиги жана коркунучу/өбөлгөлөрү банктын финансылык абалына терс таасирин тийгизбесе түзүлөт.  

17. Жазуу жүзүндөгү келишимде банктын Директорлор кеңеши жана жетекчилиги аткарууга тийиш болгон иш-аракеттер жана аларды аткаруу мөөнөттөрү көрсөтүлөт. Бул келишим Улуттук банк тарабынан даярдалат жана ага банктын Директорлор кеңеши жактыргандан кийин Директорлор кеңешинин Төрагасы жана Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/банк Башкармасынын мүчөсү кол коет. Келишимде банк ишинде орун алган кемчиликтерди четтетүү жана анын финансылык абалын жакшыртуу боюнча ниети чагылдырылууга тийиш. Жазуу жүзүндөгү келишимге кол коюу менен банк анын шарттарын аткаруу милдеттенмесин өзүнө алат.  

18. Жазуу жүзүндө келишим жетиштүү деңгээлде капиталдаштырылбаган банктар категориясына кирген проблемалуу банктар менен түзүлбөйт.  

5-глава. Улуттук банк тарабынан көрүлүүчү таасир этүү чаралары  

19. Улуттук банктын таасир этүү чаралары Улуттук банк Башкармасынын же Көзөмөл боюнча комитетинин токтомдору, көзөмөл блогун тескөөгө алган Улуттук банктын төрагасынын орун басарынын/Башкарманын мүчөсүнүн, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн начальниктеринин жазма буйруктары жана талаптары менен таризделген формада колдонулушу мүмкүн. Көрсөтүлгөн документтер аткарууга милдеттүү деп саналат.  

Улуттук банк Улуттук банк Башкармасынын, Көзөмөл боюнча комитетинин токтомдорунда же көзөмөл блогун тескөөгө алган Улуттук банктын төрагасынын орун басарынын/Башкарманын мүчөсүнүн жана Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн начальниктеринин жазма буйруктарында же талаптарында камтылган талаптар аткарылбагандыгы же талаптагыдай аткарылбагандыгы үчүн кыйла катуулатылган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 14-июлундагы № 2021-П-12/38-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

20. Улуттук банк Башкармасынын өзгөчө компетенциясына төмөнкүдөй таасир этүү чарасын колдонуу чечимин кабыл алуу кирет:  

1) Убактылуу администрация режимин киргизүү;  

2) банктын лицензиясын кайтарып алуу.  

§ 1. Жазма буйрук 

21. Жазма буйрук - Улуттук банктын таасир этүү чарасы, анда белгиленген мөөнөттө милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон, жазуу жүзүндөгү көрсөтмө камтылат. 

Жазма буйрук банктын ишинде орун алган кемчиликтерди четтетүү үчүн жана аларды өз убагында четтетүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлбөгөн учурда келип чыгышы ыктымал болгон көйгөйлөргө алдын ала чара көрүү, корректировкалоо жана алдын алуу максатында колдонулат. 

Жазма буйрукта банк, анын акционерлери жана кызмат адамдары бузууга жол берген Кыргыз Республикасынын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын жоболоруна айкын шилтемелер, ошондой эле аларды четтетүү мөөнөтү көрсөтүлөт.  

Аныкталган бузууларга, ошондой эле банк ишинин туруктуулугуна жана ишенимдүүлүгүнө коркунуч жараткан тобокелдиктерге жараша жазма буйрукта төмөнкүдөй талаптар камтылышы мүмкүн:  

- бузууларды четтетүү жөнүндө (милдеттүү ченемдердин, ачык валюта позициясынын лимиттеринин маанилерин белгиленген деңгээлге келтирүү жөнүндө; кредиторлор жана аманатчылар алдында милдеттенмелерди аткаруу жана башка жөнүндө);  

- банк ишин талапка ылайык келтирүү;  

- белгилүү бир иш-аракеттерди, анын ичинде банктын айрым операцияларды жүргүзүүдөүтүмдөрдү келишүүдө орун алган тобокелдик деңгээлин төмөндөткөн/оптималдаштырган иш-аракеттерди аткаруу жөнүндө

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА), 2021-жылдын 14-июлундагы № 2021-П-12/38-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

22. Жазма буйрукта төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

- жазма буйрук чыгарылган күн жана жери;  

- каттоо номери;  

- жазма буйрук чыгарган органдын толук аталышы/кызмат адамынын аты-жөнү;  

- жазма буйрук жөнөтүлгөн адамдын аты-жөнү/банктын толук аталышы;  

- күчүнө кирүү мөөнөтү;  

- эгерде ал белгилүү бир мезгил аралыгына кабыл алынса, анын колдонуу мөөнөтү;  

- даттануу мөөнөтү жана бул жазма буйрук даттанылышы мүмкүн болгон орган.  

Мындан тышкары жазма буйрукта ошол маселе тууралуу маалымат, б.а. бузууга жол берүү фактысы, ошондой эле ага байланыштуу бардык жагдайлар көрсөтүлүүгө тийиш жана анда жазма буйрукту негиздөө үчүн банк/акционер/банктын кызмат адамы тарабынан бузууга жол берилген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын жоболоруна шилтемелер келтирилүүгө тийиш. Мындан тышкары, зарыл болгон шартта жазма буйрукта Улуттук банктын талаптарына, банктын ички документтерине, ошондой эле банктын ишин уюштуруу боюнча тажрыйбага жана жол-жоболорго ылайык аныкталган, бузууга жол берүүгө жооптуу кызмат адамынын (адамдарынын) аты-жөнү жана/же башкаруу органы көрсөтүлүшү мүмкүн. 

Жазма буйрук чыгарууда Улуттук банк аларга таянган мыйзамдар жана ченемдик укуктук актылар көрсөтүлүшү зарыл, ошондой эле анда кабыл алынган чечим жана банк/акционер/банктын кызмат адамы тарабынан көрүлүүгө тийиш болгон тиешелүү чаралар жана аларды аткаруу мөөнөттөрү көрсөтүлөт.  

Белгиленген ички тартипке ылайык, жазма буйрукка Улуттук банктын мөөрү басылат.  

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2020-жылдын 25-ноябрындагы № 2020-П-12/67-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

23. Жазма буйрук жөнөтүлгөндөн кийин Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү белгиленген мөөнөт ичинде жазма буйруктун талаптарынын аткарылышын контролдойт жана ал аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган учурда дароо тиешелүү чараларды, анын ичинде катуулатылган таасир этүү чараларын колдонот. 

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2021-жылдын 14-июлундагы № 2021-П-12/38-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

§ 2. Айыптык төлөм  

24. Айыптык төлөм бул, банк/банктын кызмат адамы Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө», «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү бузууга жол берген шартта, ошондой эле Улуттук банктын башка таасир этүү чараларын аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Улуттук банктын акчалай түрдө өндүрүү таасир этүү чарасы деп аталат.  

Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети төмөнкү өлчөмдө айыптык төлөм салууга укуктуу:   

1) банкка карата уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнүн он пайызынан ашпаган өлчөмдө;   

2) банктын кызмат адамына карата төлөөнүн бардык түрлөрүн кошо алганда, орточо жылдык сый акыдан ашпаган өлчөмдө (эмгек акы, сый акы, бонустар ж.б.). 

Орточо жылдык сый акы өлчөмү төмөнкү формула боюнча эсептелет: 

B/3/29,6*365,  

мында: 

В Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттүү салык төлөмдөрүн жана социалдык чегерүүлөрдү алып салганда, төлөөнүн бардык түрлөрүн (эмгек акы, сый акы, бонустар ж.б.) кошо алганда, кызмат адамынын акыркы үч ай үчүн сый акысы; 

3 айлардын саны; 

29,6 календардык күндөрдүн орточо айлык саны; 

365 бир жыл ичиндеги күндөрдүн саны.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА), 2021-жылдын 14-июлундагы № 2021-П-12/38-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

25. Айыптык төлөм банк, анын кызмат адамы тарабынан ага айыптык төлөм белгиленгендиги жөнүндө токтом тапшырылган күндөн кийинки үч айдан кечиктирбестен, төлөнүүгө тийиш.  

26. Валюта позициясынын лимиттерин бузууга жол бергендиги үчүн айыптык төлөм «Кыргыз Республикасынын аймагында коммерциялык банктардын ачык валюта позициясынын жана баалуу металлдар позициясынын лимиттерин сактоо тартиби жөнүндө» нускоого ылайык белгиленет.  

27. Банкка жана анын кызмат адамдарына карата айыптык төлөм белгилөө жол берилген бузууга жол берүүнү четтетүүсүз калтыруу үчүн негиз болуп саналбайт.  

28. Эгерде банк/анын кызмат адамы айыптык төлөмдү белгиленген мөөнөттө төлөбөсө, ал аткаруу өндүрүшүнүн чегинде мажбурлоо тартибинде өндүрүлөт.  

29. Банк тарабынан милдеттүү камдык талаптар сакталбаган шартта, банктан Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык айыптык төлөм өндүрүлөт.  

30. Мындан тышкары айыптык төлөм Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык белгилениши мүмкүн. 

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2020-жылдын 26-февралындагы №2020-П-12/8-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

31. Жаза чарасын колдонуу тууралуу чечим Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык Улуттук банктын бузуулар боюнча иштерди кароо комиссиясы тарабынан кабыл алынат. 

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2020-жылдын 26-февралындагы №2020-П-12/8-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

§ 3. Талап кылуу  

32. Талап коюу Улуттук банктын банкты төмөнкүлөр боюнча иш-аракеттерди же чараларды аткарууга милдеттендирген таасир этүү чарасы:   

- банкты финансылык жактан чыңдоо, кайра түзүмдөштүрүү жана/же кайра уюштуруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү жөнүндө;  

- банкта кайталап/атайы тышкы аудит жүргүзүү;   

- банктын акцияларын Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөт ичинде сатуу;  

- администрациялык чыгашаларды кыскартуу;   

- банктын уюштуруу түзүмүн өзгөртүү;   

- банктын саясатын, жоболорун, жол-жоболорун жана башка ички ченемдик документтерин өзгөртүү

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА), 2021-жылдын 14-июлундагы № 2021-П-12/38-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

§ 3-1. Финансылык абалды чыңдоо иш-чараларын өткөрүү талабы  

33. Улуттук банк, банктан финансылык абалды чыңдоо боюнча иш-чараларды өткөрүүнү талап кылууга укуктуу.  

Банктын финансылык кыйынчылыктар жана проблемалар орун алган учурларда, Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген финансылык абалын чыңдоо боюнча планы болуусу зарыл. 

Банктын финансылык абалын чыңдоо планы ушул Жобого карата 2-тиркемеде камтылган талаптарга ылайык түзүлөт. План бир календардык жылга түзүлөт жана ал сунуштала турган календардык жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө Улуттук банкка берилүүгө тийиш. Планда банк ишинин туруктуулугун калыбына келтирүү боюнча шайкеш чаралар, ыкмалар жана ресурстар каралууга тийиш.  

Банк финансылык абалды чыңдоо планынын шайкештигине баа берип турууга милдеттүү

Банктын финансылык абалын чыңдоо планы, анын ичинде жаңыртылган план да Улуттук банкка макулдашылууга тийиш.  

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

34. Улуттук банк кайсыл болбосун учурда банктан Финансылык абалды чыңдоо планында каралган чараларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык кандай болбосун башка чараларды колдонуусун талап кылышы мүмкүн.  

Банкка финансылык абалды чыңдоо чараларын өткөрүү талабы коюлган шартта, Банктын финансылык абалын чыңдоо планы, жаңыртылган планды (Улуттук банктын талабы боюнча Финансылык абалды чыңдоо планына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген учурда) кошо алганда, ошондой эле аны ишке ашыруу боюнча банктын иш-чаралары Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан макулдашылууга тийиш.  

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

35. Улуттук банк талап кылган күндөн тартып банк пайданы бөлүштүрүү, дивиденддерди төлөө (анын ичинде мурда кабыл алынган чечимдер боюнча), акционерлер алдында кандай болбосун финансылык милдеттенмелерди аткаруу, ошондой эле эмгек акы төлөөнү эске албаганда, банктын кызмат адамдарына жана кызматчыларына кандай болбосун сый акы төлөө жөнүндө чечимдерди кабыл алууга укугу жок.  

36. Банктын финансылык абалын чыңдоо чараларын жүзөгө ашыруу мезгил ичинде Улуттук банк, эгерде бул банктын финансылык абалынын начарлашына же банкроттукка учурашына алып келе турган болсо, кредиторлордун акчалай милдеттенмелерин канааттандырууга тыюу салууга же чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу.  

Банктын Директорлор кеңеши финансылык абалды чыңдоо программасын бекитүүгө милдеттүү

§ 3-1-1. Банкты кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө талап 

(Параграф КР Улуттук Банк башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

36-1. Улуттук банк, анын ичинде банктын финансылык абалын чыңдоо максатында, банкты мажбурлап кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө талап коюуга укуктуу.  

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

36-2. Улуттук банктын кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө талабын алган учурда банктын аткаруу органынын жетекчиси аны алган учурдан тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде банктын Директорлор кеңешине банкты кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө чечим кабыл алуу максатында, акционерлердин кезексиз жыйынын чакыруу тууралуу өтүнүч менен кайрылууга милдеттүү

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

36-3. Банк, өз кезегинде, Улуттук банктын талабын алган күндөн тартып 20 (жыйырма) жумуш күнүнөн кечиктирбестен кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга жана бул тууралуу Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү.  

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

36-4. Улуттук банк банктарга карата төмөнкү учурларда мажбурлап кайра өзгөртүп түзүү тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу:  

- банк тарабынан монополияга каршы мыйзам талабы бузууга жол берилген учурда. Бул учурда бөлүү же бөлүп чыгаруу формасында кайра өзгөртүп түзүү тууралуу чечим кабыл алынышы мүмкүн;  

- Улуттук банктын кошумча капиталдаштыруу аркылуу уставдык капиталдын өлчөмүн көбөйтүү тууралуу талабы аткарылбаса;  

- уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана/же өздүк капиталдын минималдуу өлчөмү боюнча экономикалык ченем сакталбаса;  

- банк мыйзамдарынын талаптары, анын ичинде банк мыйзамдарында белгиленген экономикалык ченемдер бир нече жолу (12 ай ичинде эки же андан ашык ) бузууга жол берилсе.  

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

36-5. Банкты мажбурлап кайра өзгөртүп түзүү банк мыйзамдарында каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Банкты мажбурлап кайра өзгөртүп түзүү талабынын аткарылбашы башка таасир этүү чараларын колдонуу үчүн негиз болуп саналат.  

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

36-6. Кайра өзгөртүп түзүү процессин жүргүзүү мезгилинде Улуттук банк тарабынан банкка (же банктарга) карата өзүнчө тыюу салуулар/чектөөлөр коюлушу мүмкүн.  

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

36-7. Банкты кайра өзгөртүп түзүү мөөнөтү 6 (алты) айдан ашпоого тийиш. Көрсөтүлгөн мөөнөт кошумча 6 (алты) айга узартылышы мүмкүн. 

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

§ 3-2. Банкта кайталап/атайы тышкы аудит жүргүзүү талабы  

37. Бузууга жол берүү аныкталган учурда, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети банк ишине кайталап/атайы тышкы аудит жүргүзүүнү талап кылуу ыйгарым укуктарына ээ.  

38. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети токтом чыгаруу аркылуу банкта кайталап/атайы тышкы аудит жүргүзүүнү талап кылышы мүмкүн, анда ушул Жободо белгиленген кошумча талаптар да каралышы ыктымал. Мындан тышкары талаптарда тышкы аудит жүргүзүү мөөнөтү ичинде банк ишинин белгилүү бир түрүнө чектөөлөр белгилениши мүмкүн.  

39. Кайталап/атайы тышкы аудит жүргүзүүгө байланыштуу бардык чыгашалар банктын каражаттарынын эсебинен төлөнөт.  

§ 3-3. Банктын акцияларын сатуу талабы  

40. Улуттук банк төмөнкү учурларда банк акционеринин акцияларын Улуттук банк тарабынан аныкталган мезгил аралыгында ал менен байланыштуу болбогон адамдарга сатуу талабын коюшу мүмкүн:  

- эгерде анын негизинде банктын капиталына катышуу үчүн Улуттук банктын уруксаты алынган анык эмес (жалган) маалыматтарды берүү фактылары аныкталса же ошол жак мыйзамда каралган уюштуруучуларга (акционерлерге) карата коюлуучу талаптарга жооп бербесе. Мында Улуттук банк акцияларды сатып алуу үчүн өтүнүч ээсине мурда берилген уруксатын кайтарып алат.  

Банктын уюштуруучусу (акционери) мыйзамга ылайык уюштуруучуларга (акционерлерге) карата коюлган талаптарга жооп бербей калгандыгына байланыштуу, акцияларды сатып алууга берилген уруксатты кайтарып алуу менен бирге эле, анын акцияларын сатуу жөнүндө талап коюлган шартта, уюштуруучуга (акционерге) банктын добуш берүү укугуна ээ акцияларынын 10 (он) же андан ашык пайызына (биринчи чектүү маанисине) ээлик кылууга Улуттук банк тарабынан уруксат берилиши мүмкүн. 

- эгерде ал Улуттук банктын макулдугун алганга чейин акцияларга менчик укукту мурастап алса же Улуттук банк менен макулдашуу талап кылынган өлчөмдө аларга укукту калыбына келтирүү аркылуу сатып алса же болбосо ал адамдарга Улуттук банк тарабынан уруксат берүүдөн баш тартылса;  

- эгерде акционер Улуттук банк тарабынан белгиленген тизмек жана көлөм боюнча юридикалык ишке киргизүү үчүн акцияларга менчик укугу жөнүндө маалыматты банкка сунуштоодон баш тартса;  

- банктык холдингдик компаниянын курамына кирген банктын капиталында чектүү катышууга уруксатты жокко чыгаруу;  

- эгерде банктын олуттуу катышуучулары болуп саналган компаниялардын банктын капиталында чектүү катышууга уруксаты жокко чыгарылса жана аларга карата Улуттук банк тарабынан банкта олуттуу катышууну токтотуу талабы коюлса;  

- эгерде банктын олуттуу катышуучулары тарабынан контролдукка алынган юридикалык жактарга банкта олуттуу катышуучу болуу укугуна уруксат жокко чыгарылса жана аларга карата Улуттук банк тарабынан банкта олуттуу катышууну токтотуу талабы коюлса.  

Мындай акциялар боюнча добуштар кворумду эсептөөдө жана чечимдерди кабыл алууда эске алынбайт. Эгерде, мындай акциялар боюнча добуштардын саны чечим кабыл алууга таасирин тийгизсе, мурда кабыл алынган бардык чечимдер анык эмес болуп саналат.  

Бузууга жол берген адам Улуттук банк тарабынан белгиленген мезгил аралыгында ал менен байланыштуу болбогон жакка тиешелүү акциялар топтомун сатууга милдеттүү. Бул талап аткарылбаган учурда Улуттук банк анын акцияларын мажбурлап ажыратып алуу талабы менен сотко кайрылат.  

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

41. Эгерде банктын туунду компаниясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында уруксат берилбеген ишкердикти жүргүзсө, Улуттук банк акцияларды сатып алууга уруксатын кайтарып алат, ал эми банк ага таандык болгон туунду компаниянын акцияларын Улуттук банк тарабынан белгиленген мезгил аралыгында банк менен байланыштуу болбогон жакка сатууга тийиш.  

Улуттук банк акциялар сатылууга тийиш болгон мөөнөттү белгилейт. Бул талап аткарылбаган учурда Улуттук банк анын акцияларын мажбурлап ажыратып алуу талабы менен сотко кайрылат.  

42. Улуттук банктын банктын акцияларын, ошондой эле банкка таандык болгон акцияларды белгиленген мөөнөт ичинде сатуу талабы Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан кабыл алынат.  

§ 3-4. Административдик чыгашаларды кыскартуу талабы  

43. Административдик чыгашаларды кыскартуу талабы Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан банк тобокелдикке баруу менен иш алып барып жатса жана/же орун алган администрациялык чыгашалар ашкере жогору жана/же негизсиз катары таанылса, ошондой эле келечекте олуттуу жоготуулардын келип чыгышына жол бербөө максатында кабыл алынат.  

44. Административдик чыгашаларды кыскартуу талабы төмөнкүлөрдүн негизинде коюлушу мүмкүн:  

1) банкта финансылык проблемалар орун алса;  

2) мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузууга жол берүү фактылары аныкталса;  

3) банкта тобокелдиктерди тескөө системасы шайкеш ишке ашырылбаса;  

4) банк капитал боюнча талаптарды аткарбаса;  

5) административдик чыгашалар ашкере жогору жана/же негизсиз болуп санала тургандыгын жана/же аларды азайтуу үчүн потенциал бар экендигин тастыктаган башка жагдайлар бар болсо.  

45. Улуттук банк кыскартылууга же белгиленген мөөнөткө алынып салынууга тийиш болгон административдик чыгашалардын белгилүү бир статьяларын белгилөөгө укуктуу.  

§ 3-5. Банктын уюштуруу түзүмүн өзгөртүү жөнүндө талап  

46. Банктын уюштуруу түзүмү компетенцияларды, башкаруу органдарынын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана банктын кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин белгилей албаса жана/же так белгилей албаса Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети банктын уюштуруу түзүмүн өзгөртүүнү талап кылууга укуктуу.  

47. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети банк ишинин шайкеш жүзөгө ашырылышы үчүн жооп бербеген татаал жана олуттуу түзүмдүк бөлүмдөн турган, натыйжалуу иш алып барбаган түзүмдүк/обочолонгон бөлүмдү банктын уюштуруу түзүмүнөн алып салууну талап кылууга укуктуу. 

§ 3-6. Банктын саясаттарын, жоболорун, жол-жоболорун жана башка ички ченемдик документтерин өзгөртүү жөнүндө талап  

48. Банкта саясаттардын, жоболордун, жол-жоболордун жана башка ички ченемдик документтердин мазмуну мыйзам талаптарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жооп бербеген учурларда, Улуттук банк аларды өзгөртүүнү жана/же толуктоону талап кылышы мүмкүн.  

49. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети/Төраганын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүүзүмдүк бөлүмдөрдүн начальниктери банктын ички документтери мыйзам талаптарына дал келбегендигин аныктаган түзүмдүк бөлүмдүн маалыматынын негизинде, ошондой эле тобокелдиктерди кыскартуу жана контролдукту күчөтүү максатында, төмөнкү ички ченемдик документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылууга укуктуу:  

- банктын саясатын жана банктык операцияларды жүзөгө ашырууну жөнгө салган документтерге;  

- түзүмдүк бөлүмдөр ортосунда милдеттерди жана ыйгарым укуктарды бөлүштүргөн документтерге (анын ичинде чечим кабыл алуу жол-жобосун аныктаган; ички контролдук кызматынын ишин жөнгө салган; коопсуздукту камсыз кылуу жана уюштуруу; чектелген кызмат адамдарына гана пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилген маалыматтын коргоого алынышын камсыз кылуу ж.б. маселелер боюнча).  

§ 4. Экономикалык ченемдерди жана талаптарды жогорулатуу  

50. Экономикалык ченемдер бузууга жол берилип, банк иши начарлап, бирок ошол эле учурда банк тарабынан Улуттук банктын минималдуу экономикалык ченемдери жана талаптары сакталган болсо, Улуттук банк ал банкка карата жаңы жана/же күчөтүлгөн экономикалык ченемдерди белгилеши мүмкүн.  

51. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети төмөнкүлөргө укуктуу:  

1) капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенттеринин өлчөмүн жогорулатууга;  

2) бир карыз алуучуга жана байланыштуу карыз алуучулар тобуна максималдуу тобокелдик өлчөмүн төмөндөтүүгө;  

3) ликвиддүүлүк ченемин (көрсөткүчүн) жогорулатууга;  

4) милдеттүү кам нормаларын жогорулатуу аркылуу да кам түзүү тартибине карата талаптарды күчөтүүгө;  

5) чет өлкө валютасы жана баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүдө тобокелдиктерди кыскартуу зарыл болгон учурларда, ачык валюта позициясынын жана баалуу металлдар позициясынын лимитинин өлчөмүн азайтууга;  

6) Улуттук банк тарабынан белгиленген башка экономикалык ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү өзгөртүүгө.  

52. Милдеттүү кам ченемин жана өздүк (регулятивдик) капиталдын минималдуу өлчөмүн жогорулатуу Улуттук банк Башкармасы тарабынан Көзөмөл боюнча комитетинин сунушу боюнча кабыл алынат.  

§ 5. Чектөөлөр же тыюу салуулар  

53. Банк жеткире (шайкеш) капиталдаштырылбаган учурларда (ушул Жобого карата 3-тиркемедеги классификацияга ылайык), ошондой эле банк мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузууга жол берип жана анын ишинде тобокелдиктер орун алган шартта, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети чектөөлөрдү жана тыюу салууларды белгилөөгө укуктуу.  

54. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети банк жеткире (шайкеш) капиталдаштырылбаса (3-тиркемедеги классификацияга ылайык), ошондой эле төмөнкү учурларда дивиденддерди төлөөгө/банктын мүлкүн жана/же акча каражаттарын тескөөгө жана/же сый акыларды төлөөгө чектөөлөрдү жана тыюу салууларды белгилөөгө укуктуу:  

1) эгерде мындай жагдай банктын экономикалык ченемдеринин бузулушуна алып келсе;  

2) банк капиталынын шайкештик коэффициенти Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу чектен төмөн болсо;  

3) Улуттук банктын талабы боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүлбөсө же жеткире түзүлбөсө;  

4) эгерде банкта өткөн жылдарда жана/же отчеттук жыл ичинде орду жабылбаган чыгым келип чыкса;  

5) банктын финансылык абалы начарласа;  

6) мыйзамдарда каралган башка учурларда.  

55. Банк инвестицияларды чектөө талаптарын, анын ичинде кыймылсыз мүлк, баалуу кагаздар менен бүтүмгө келишүү, ошондой эле банктын экономикалык, анын ичинде капитал шайкештиги ченемдерин сактоосуна таасирин тийгизген башка бүтүмдөргө келишүү боюнча талаптарды жана чектөөлөрдү бузган шартта, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети инвестициялоого жана кыймылсыз мүлк, баалуу кагаздар ж.б. бүтүмдөргө келишүүгө чектөөлөрдү жана тыюу салууларды белгилөөгө укуктуу.  

56. Банк ишинде төмөнкүлөргө байланыштуу бузууга жол берүүлөр аныкталган учурда Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети операциялардын айрым түрлөрүнө чектөөлөрдү белгилөөгө же аларды ишке ашырууну токтотууга укуктуу:  

1) банк алгылыксыз банктык тажрыйбага тартылган учурда;  

2) банк мыйзамдарын, анын ичинде банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо боюнча, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча; монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана банктык кызматтардан керектөөчүлөр укугун коргоо боюнча мыйзамдарды жана/же ченемдик укуктук актыларды бузууга жол берген учурда, анын ичинде Улуттук банктын экономикалык ченемдери, ченемдик актылар сакталбаса же анын жазма буйруктары аткарылбаса.  

Банктык операцияны/операцияларды жүзөгө ашырууга чектөөлөр же тыюу салуулар лицензияга карата уруксат берилген банктык операциялар тизмегин (тизмедеги көрсөтмөлөр) толук алмаштырууну талап кылат жана Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынат. Лицензияга карата уруксат берилген банктык операциялар тизмегин же көрсөтмөлөрдү алмаштыруу талап кылынган банктык операцияларды жүргүзүүгө чектөөлөр же тыюу салуулар жөнүндө чечим аманатчылардын кызыкчылыктарын коргоо жана банк тутумунун туруктуулугун камсыз кылуу (жаңы банктарды түзүү, банктарды кайра өзгөртүп түзүү, «өтмө» банкты түзүү) үчүн банк ишин лицензиялоонун алкагында да кабыл алынат. 

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА), 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

57. Туунду компанияларды, филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү жана түзүмдүк бөлүмдөрдү түзүүгө чектөөлөр же тыюу салуулар төмөнкү учурларда белгиленет, эгерде:  

1) мындай компания алардын тизмеги Улуттук банк тарабынан аныкталган оффшордук аймактарда, ошондой эле Кыргыз Республикасы милдеттүү түрдө сактоого тийиш болгон, аларга карата БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган эл аралык санкциялар белгиленген мамлекеттерде жана аймактарда каттоодон өтүүнү жана/же ишкердикти жүргүзүүнү болжолдосо;  

2) мындай компаниянын кошо уюштуруучусу катары аларга карата банктык мыйзамдар аркылуу чектөөлөр белгиленген жактар саналса;  

3) банк өз иш чөйрөсүн кеңейтүүсү финансылык туруктуулукка жана туруштук берүүсүнө олуттуу тобокелдиктерди жаратса.  

58. Банктык мыйзам талаптары, анын ичинде банк жана банк менен байланыштуу жактар ортосунда ишке ашырылган операциялар жана бүтүмдөр боюнча талаптар жана чектөөлөр бузууга жол берилген шартта, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети аларды жүзөгө ашырууга чектөөлөрдү жана тыюу салууларды белгилөөгө укуктуу.  

Банк Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте банк менен байланыштуу жактар менен келишилген бардык бүтүмдөр жөнүндө маалыматты Улуттук банкка сунуштап турууга милдеттүү.  

59. Эгерде акционер Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзам талаптарын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын бузууга жол бергендиги фактылары белгилүү болсо жана алар тастыкталса, анын ичинде ушул Жобонун 40-пунктунда каралган учурларда, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан ага карата банк ишинде андан ары катышууга чектөөлөрдү белгилөө же тыюу салуу чечими кабыл алынат. Акцияларды кандай болбосун тескөө, анын ичинде аларды сатуу Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечиминде көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 17-октябрындагы № 2018-П-12/43-3-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

60. Мыйзам талаптарын бузууга жол бергендиги фактылары аныкталган шартта Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети, акционердин белгиленген мөөнөт ичинде банк жетекчилигине же саясатына (тике же кыйыр түрдө добуш берүү укугун кошо алганда) тике же кыйыр түрдө таасирин тийгизүүсүн чектөө/токтотуу жана банктын уставдык капиталында катышуусун чечимде белгиленген деңгээлге чейин кыскартуу талабы камтылган чечим кабыл алат. Бул учурда акционер банк жетекчилигине же саясатына (тике же кыйыр түрдө добуш берүү укугун кошо алганда) тике же кыйыр түрдө таасирин тийгизүүнү токтотуп турууга/токтотууга милдеттүү жана ал акционерлер жыйынында ага таандык акциялар боюнча добуш берүү укугунан ажырайт. Кворум жок учурда, банк акционерин жыйында добуш берүү укугунан ажыратуу чечиминде анын добуш берүү укугу сакталуучу өзүнчө маселелер каралышы мүмкүн (мисалы, капиталды жогорулатуу маселеси).  

Банк акционери өз үлүшүн Улуттук банк тарабынан белгиленген мезгил аралыгында сатууга милдеттүү. Бул талап аткарылбаган шартта Улуттук банк анын акцияларын мажбурлап ажыратып алуу маселеси менен сотко кайрылат.  

§ 6. Кызмат адамдарын иштен четтетүү же бошотуу, башкаруу органын алмаштыруу  

61. Кызмат адамдарын иштен четтетүү же бошотуу, банктын башкаруу органдарын алмаштыруу чечими Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан төмөнкү фактылар аныкталган шартта кабыл алынат:  

1) бүтүмдөргө келишүүдө таламдардын каршы келип калышын жана/же кызыкчылыгын жашыруу;  

2) квалификациялык талаптарга, көз карандысыздык жана кынтыксыз ишкердик аброй талаптарына ылайык келбөөсүн тастыктаган маалыматты жашыруу;  

3) Улуттук банктын баа берүүсү боюнча Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн банктын финансылык туруктуулугуна кооптуу жагдайларды жаратышы мүмкүн болгон иш-аракеттери же аракеттенбей коюулары;  

4) олуттуу финансылык жоготууларга жана абройдук тобокелдиктерди жаратышы ыктымал болгон банк мыйзамдарын жана/же Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузууга жол берүүлөр;  

5) алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары мүнөздөлгөн ишкердикте катышуу (аракеттенүү/аракеттенбей коюу);  

6) Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды бузууга жол берген ишкердикке катышуу же мындай ишке тартылуу;  

7) кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу.  

62. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети төмөнкү маселелерди кароого алат жана ал боюнча чечимдерди кабыл алат:  

- кызмат адамы кылмыш ишинде шектенүү/айыпталуучу катары тартылган учурда ал кызмат адамын банкта ээлеген кызмат ордунан четтетүү;  

- айрым кызмат адамдарын ээлеген кызмат ордунан бошотуу;  

- банктын башкаруу органын алмаштыруу, бул бардык же айрым кызмат адамдарын алмаштырууну жана алардын кайсыл болбосун банктын ишинде андан ары катышуусуна тыюу салууну түшүндүрөт. 

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА), 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

63. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети кызмат адамдарын иштен четтетүү же бошотуу, банктын башкаруу органын алмаштыруу чечимин кабыл алууда, банктын Кыргыз Республикасынын мыйзам нормалары бузууга жол берилгендиги (коюлган айып же кабыл алынган чечимдер) жөнүндө Улуттук банкка өз учурунда маалымдагандыгы, ошондой эле мындай бузууга жол берүүнү токтотуу же аны четтетүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктүү, жетишерлик жана акыл ченемдүү чараларды көргөндүгү эске алынат.  

64. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин кызмат адамдарын иштен четтетүү же бошотуу, банктын башкаруу органын алмаштыруу чечими ал кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.  

65. Аларга карата таасир этүү чараларын колдонуу иретинде кызмат ордунан четтетүүдөн же бошотуудан/башкаруу органын алмаштыруудан улам кынтыксыз ишкердик абройдон ажыраган кызмат адамдарга Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөт ичинде ал мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып Улуттук банк менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш болгон кызмат ордуна кайталап талапкерлигин коюуга жол берилбейт.  

§ 7. Атайы режимди киргизүү  

66. Улуттук банк төмөнкүдөй атайы режимди банкка киргизүүгө укуктуу:  

- тике банктык көзөмөлдүк;  

- Убактылуу администрация.  

67. Тике банктык көзөмөлдүк режимин киргизүү, ошондой эле аны ишке ашыруу чечими Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген «Тике банктык көзөмөлдүк жөнүндө» Жобонун талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.  

68. Убактылуу администрация режимин киргизүү чечимин кабыл алуу, ошондой эле аны ишке ашыруу Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген «Убактылуу администрация жөнүндө» Жобонун талаптарына ылайык жүргүзүлөт.  

§ 8. Банктан лицензияны кайтарып алуу 

69. Банктын лицензиясын кайтарып алуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» Мыйзамында белгиленген негиздер боюнча, ошондой эле «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» жана «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Мыйзам талаптары бузууга жол берилген учурларда ишке ашырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

70. Лицензияны кайтарып алуу чечими Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынат.  

71. Лицензиянын кайтарылып алынышы Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» Мыйзамында каралган тартипте жана негиздер боюнча анын жоюлушуна алып келет. 

6-глава. Таасир этүү чараларына даттануу менен кайрылуу тартиби 

72. Улуттук банктын чечимдерине сотко чейинки даттануу милдеттүү болуп саналат. Улуттук банк Башкармасынын сотко даттанылуучу чечимдерин эске албаганда, Улуттук банктын ар кандай чечимдерине сотко чейинки даттанууга болот.  

73. Сотко чейин даттануу менен кайрылуу Улуттук банктын чечиминин таасирин токтотпойт. Ал Улуттук банктан тиешелүү чечимди алгандан кийинки 20 (жыйырма) жумуш күнүнөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт.  

74. Улуттук банк даттануу келип түшкөн күндөн кийинки 30 (отуз) календардык күндөн кечиктирбестен аны кароого алат. Мында Улуттук банк даттанууну кароо мөөнөтүн бир жолу 30 (отуз) календардык күнгө узартууга укуктуу.  

75. Банкка карата колдонулган таасир этүү чарасы Улуттук банктын чечими менен жокко чыгарылышы мүмкүн.  

76. Улуттук банктын чечимине сотко чейин даттануу менен кайрылуу тартиби Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген.  

 

  

  

  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» Жобого карата 

1-тиркеме 

Банк ишинде, анын акционерлеринин, кызмат адамдарынын иш-аракеттеринен (аракеттенбей коюусунан) байкалган, алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага алып келиши мүмкүн болгон 

БЕЛГИЛЕР 

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА), 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Банктын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага жана Кыргыз Республикасынын мыйзам бузууларга жол берүүгө бөгөт коюу максатында банкка талаптагыдай контролдукту жана жетекчиликти камсыз кылууга жөндөмсүздүгү.  

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын бузулушуна жана/же банктын финансылык абалынын кыйла начарлашына алып келген кызмат адамдардын иш-аракети (аракеттенбей коюулары).  

3. Улуттук банк тарабынан аларга карата кызмат адамдарын иштен четтетүү же бошотуу, башкаруу органдарын алмаштыруу чечими кабыл алынган кызмат адамдарын алмаштыруу, иштен четтетүү, убактылуу четтетүү жана алардын ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча акционер (акционерлер) жана/же Директорлор кеңеши жана/же Башкарма тарабынан тиешелүү иш-аракеттин жоктугу же аракеттенбей коюусу.  

4. Активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга шайкеш келбеген камдын (резервдин) түзүлүшү.  

5. Банктык операцияларды/бүтүмдөрдү Финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык бухгалтердик эсепке алууну талаптагыдай жүргүзүлбөгөндүгү.  

6. Мыйзам нормаларынын сакталбашы, анын кесепетинен банктын туруктуу ишине таасир эткен же таасир этиши мүмкүн тобокелдиктердин (анын ичинде аброй тобокелдигинин) келип чыгышы.  

7. Мыйзамдардын шектүү операцияларды жана/же айкын экономикалык мааниге ээ болбогон операцияларды жана/же террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузууга жол берүүнү аныктоо жагында талаптарын аткарбаса.  

8. Ички аудит кызматынын жана тобокелдик боюнча менеджердин ишин кошо алганда, ички контролдук жана комплаенс-контролдук системасынын Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына дал келбеши.  

9. Банк банктын аффилирленген жана байланыштуу башка жактары менен операциялардын ишке ашырышы же банктын ыйгарым укуктуу органдарынын/кызмат адамдарынын Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын, анын ичинде адилеттүүлүк принцибин бузуу менен аталган операцияларды ишке ашыруу боюнча чечимдерди кабыл алышы.  

10. Банкта аларды жүзөгө ашыруу үчүн квалификациялуу жана тажрыйбалуу кызматкерлер жок болгон иштин жүргүзүлүшү.  

11. Тиешелүү саясат жана жол-жоболор иштелип чыкпаган шартта банк ишинин жүзөгө ашырылышы жана/же алардын Улуттук банктын талаптарына дал келбеши же банк ишинин иштелип чыккан саясаттарга жана жол-жоболорго дал келбеши жана/же саясаттар жана жол-жоболор банктын иш чөйрөсүнө жана тобокелдиктер деңгээлине дал келбеши учурунда банк ишин жүзөгө ашыруу.  

12. Банк тарабынан ишке ашырылган операциялардын Шариат стандарттарына ылайык келбеши (ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды ишке ашырган банк үчүн).  

13. Кардарларга кредиттер Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле банктын ички саясаттарын/жол-жоболорун бузууга жол берүү менен берилген болсо жана/же жаңы кредит алуу учурунда кардардын ушул банктын же кайсы бир башка банктын алдында убагында аткарылбаган милдеттенмеси болсо же карыз алуучуга кредиттер финансылык абалы туруксуз болуп турган шартта бир нече ирет пролонгациялоо менен берилсе.  

14. Кредит портфелинин жалпы көлөмүндө мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттер көлөмүнүн жана/же алардын үлүшүнүн көбөйүшүнө байланыштуу, банктын активдеринин сапатынын олуттуу начарлашы.  

15. Кредит берүү жана аларга мониторинг жүргүзүү жол-жоболорун кошо алганда, кредитти администрлөө тажрыйбасында олуттуу кемчиликтердин жана бузулуулардын орун алышы.  

16. Кредиттик документтер талаптагыдай түзүлбөй, анын ичинде кредиттик таржымалда маанилүү юридикалык, финансылык жана күрөөлүк документтердин жок болушу.  

17. Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарын системалуу түрдө (12 календардык ай ичинде 2 жана андан көп жолу) бузууга жол берилиши.  

18. Жазма буйруктардын жана Улуттук банк тарабынан колдонулган таасир этүүнүн башка чараларын Улуттук банк белгилеген мөөнөттөрдө аткарбашы.  

19. Банк тарабынан капиталдын шайкештиги боюнча экономикалык ченемдердин так сакталбашы жана капитал шайкештиги боюнча экономикалык ченемдерди Улуттук банктын талаптарына ылайык келтирүү боюнча тиешелүү чаралардын көрүлбөшү.  

20. Банк капиталы анын ишине мүнөздүү болгон тобокелдикке байланыштуу жоготуулардын ордун жабуу үчүн жетишсиз болсо. Уюштуруучулар/акционер (акционерлер) алдын ала эскертилгендигине карабастан, капиталды толукташпаса жана/же Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөт ичинде аны толуктоо боюнча жетиштүү/тиешелүү чараларды көрүшпөсө.  

21. Улуттук банк тарабынан белгиленген капитал боюнча минималдуу талаптарды аткарылбай калышы коркунучу орун алса.  

22. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга баруу менен жана/же дивиденддерди төлөө токтотулгандыгына/ага чектөөлөр киргизилгендигине карабастан дивиденддер төлөнсө.  

23. Банк милдеттенмелерди өз убагында аткаруу үчүн жетиштүү деңгээлде ликвиддүүлүккө ээ болбосо.  

24. Улуттук банкка отчеттордун, ошондой эле расмий түрдө талап кылынган башка документтердин жана маалыматтардын берилбеши, ошондой эле өз убагында берилбеши, толук эмес же так эмес берилиши. 

25. Банк тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аларга тыюу салынган же лицензияда каралбаган, бирок Улуттук банк тарабынан лицензияланууга жана/же ал менен макулдашууга тийиш болгон операциялар ишке ашырылса.  

26. Банк, анын финансылык туруктуулугу, дивиденддердин төлөнүшүн жана капиталдын толукталышын камсыз кылуу үчүн жетишсиз пайда көлөмүндө иш алып барса.  

  

  

  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» Жобого карата 

2-тиркеме 

Банктын финансылык абалын чыңдоо планына карата 

ТАЛАПТАР 

1-бөлүк. Финансылык абалын чыңдоо боюнча планга карата минималдуу талаптар 

I бөлүк. Банкта орун алган жагдайга баа берүү 

1. Жалпы маалымат;  

2. Коммерциялык банктын финансылык абалына баа берүү жана ал боюнча кеңири маалымат;  

3. Банкта кризистик башкаруу системасы. Ишке тартылган жооптуу түзүмдүк бөлүмдөр;  

4. Банк ишине таандык тобокелдиктерди аныктоо, өлчөө, контролдукка алуу жана аларга мониторинг жүргүзүү боюнча аналитикалык жана практикалык мамилелер;  

5. Банктык тобокелдиктерди алдын алуу үчүн колдонулуучу инструменттер.  

II бөлүк. Сценарийлер (стресс-тест), финансылык абалын чыңдоо боюнча иш-чаралар жана натыйжалар 

1. Коммерциялык банктын финансылык абалын чыңдоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу үчүн негиз катары болушу мүмкүн болгон себептер. Финансылык абалын чыңдоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу зарылдыгына алып келиши мүмкүн болгон тобокелдиктер жана жагдайлар сценарийи. Төмөндө аталган пунктка киргизилиши тийиш болгон акыркы болбогон тизмек келтирилген:  

- банк үчүн олуттуу болгон деңгээлден ашкан депозиттердин мүмкүн болуучу агымынын мүмкүн болушу шартында сценарийди кароо. Кардарлар жана түзүмдүк бөлүмдөр (филиалдарды жана аманат кассаларын кошо алганда) менен ишти уюштуруудан тышкы жактар менен иш алып барууга чейинки (активдерди сатуу, акционерлерден каражаттарды тартуу, банктар аралык кредиттерди алуу, Улуттук банкка кайрылуу ж.б.) банктын зарыл өлчөмдөгү ликвиддүүлүк менен камсыз кылуу жана ашкере тынчсызданууга жол бербөө үчүн аманатчылар менен байланыштуу жагдайды турукташтыруу максатында ички иш-чараларды кошо алганда, банктын башка иш-чаралары;  

- ар түрдүү кибер-чабуулдар сценарийин кароо. Мындай тобокелдиктин келип жетиши шартында банктын ишин жана иш-чараларын уюштуруу. Кардарлар менен иш алып баруу;  

- өзгөчө жагдайлар орун алган учурда ресурстарды тартуу боюнча сценарийди кароо;  

- олуттуу кредиттик тобокелдик келип жеткен учурдагы сценарийди кароо;  

- өздүк капиталдын олуттуу жетишсиз болгон учурунда сценарийди кароо;  

- башка сценарийлер.  

2. Банктык топко катышуу учурунда банк, ошондой эле топко таандык болгон тобокелдиктерди жана аларды төмөндөтүү жана тескөө боюнча жүргүзүлүүчү иш-чараларды чагылдыруусу зарыл:  

- башкы компаниянын деңгээлинде;  

- туунду компаниянын деңгээлинде.  

2-бөлүк. Финансылык абалын чыңдоо боюнча иш-чаралар планына карата талаптар 

III бөлүк. Иш-чаралар планынын мазмунуна карата минималдуу талаптар жана аны сунуштоо тартиби 

 1. Банк финансылык абалын чыңдоо планынын II бөлүгүндө кароого алынган жана ал боюнча иш-чаралардын өткөрүлүшүн талап кылган тобокелдиктин/сценарийдин ар бир түрү боюнча финансылык абалын чыңдоо иш-чараларын жүзөгө ашыруу учурунда иш-чаралар планын сунуштоого тийиш.  

2. Коммерциялык банк тарабынан аныкталган иш-чаралар планын жүзөгө ашыруунун жалпы мөөнөтү коммерциялык банкта орун алган айкын жагдайды жана сунушталган чаралардын мүнөзүн эске алуу менен негизделүүгө тийиш.  

3. Иш-чаралар планында төмөнкүлөрдү кошо алганда, финансылык абалын чыңдоо жол-жоболору аяктаган күнгө аны аткаруунун болжолдуу натыйжасы тууралуу маалыматтар камтылууга тийиш:  

- финансылык абалын чыңдоо чараларын жүзөгө ашыруунун бүтүндөй мезгил ичинде отчеттук күндөр боюнча бөлүштүрүү менен Улуттук банктын милдеттүү экономикалык ченемдеринин жана талаптарынын маанисин;  

- финансылык абалын чыңдоо боюнча иш-чараларын жүзөгө ашыруунун бүтүндөй мезгил ичинде отчеттук күндөр боюнча бөлүштүрүү менен өздүк каражаттардын (капиталдын) өлчөмүнүн өзгөрүү динамикасын;  

- өздүк каражаттардын (капиталдын) жетиштүүлүк деңгээлин жана коммерциялык банктын учурдагы ликвиддүүлүгүн калыбына келтирүү мөөнөттөрүн.  

4. Коммерциялык банк иш-чаралар планынын ар бир пунктун баскыч боюнча жүзөгө ашырылышын ар бир баскычты аткаруунун календардык мөөнөттөрүн көрсөтүү менен караштырууга укуктуу.  

5. Финансылык абалын чыңдоо боюнча бардык чараларды (же көпчүлүк бөлүгүнүн) жүзөгө ашыруудан болжолдонуучу натыйжа аларды аяктагандан кийин коммерциялык банктын туруктуу иш келечектерин мүнөздөгөн көрсөткүч болуп саналат.  

Болжолдонуучу натыйжаны аныктоодо коммерциялык банктын бизнес-планында каралган параметрлер колдонулушу мүмкүн.  

Банктын финансылык абалын чыңдоо боюнча сунушталган иш-чаралар планы төмөнкүлөрдү милдеттүү түрдө камтууга тийиш: деталдуу иш-чаралар жана аларды аткаруу мөөнөттөрү, жүзөгө ашыруунун ар бир баскычында жооптуу аткаруучуларды, аткаруу индикаторлорун көрсөтүү, ошондой эле банк тарабынан иш-чаралар планынын аткарылышына контролдукту жүргүзүү боюнча көрүлүүчү чаралар. Банктын иш-чаралар планында зарыл болгон шартта акционерлердин жана үчүнчү жактардын банктын финансылык абалын чыңдоого катышуу ыкмалары жана шарттарын; чыгашаларды кыскартуу боюнча иш-чаралар каралууга тийиш.  

6. Иш-чаралар планына коммерциялык банктын жетекчиси жана башкы бухгалтери кол коюп, ошондой эле директорлор кеңеши аны бекитүүгө тийиш.  

7. Иш-чаралардын тиркемелерин кошо алганда, бардык барактарына номерлер коюлуп, көктөлүп жана коммерциялык банктын мөөрү менен бекитилүүгө тийиш.  

8. Коммерциялык банк иш-чаралар планын иштеп чыгуу үчүн аудитордук уюмду (жеке аудиторду) ишке тартууга укуктуу.  

Эгерде аудитордук уюм (жеке аудитор) коммерциялык банк тарабынан иш-чаралар планын иштеп чыгууга тартылган болсо, Улуттук банкка сунушталган документтер курамына ички жылдык аудитордук текшерүү боюнча аудитордук корутундуну киргизүүсү зарыл, анын жыйынтык бөлүгүндө аудитордук уюмдун (жеке аудитордун) финансылык абалына баа берүү жүргүзүүдө жана (же) финансылык абалын чыңдоо чараларын иштеп чыгууга катышуу деңгээли, ошондой эле финансылык абалын чыңдоо боюнча иштелип чыккан чараларды эске алуу менен аудитордук уюмдун (жеке аудитордун) коммерциялык банктын иш келечектери тууралуу чагылдырылат.  

9. Орун алган кемчиликтер аныкталып, иш-чаралар планын жеткире иштеп чыгуу жөнүндө талап жөнөтүлгөн учурда, коммерциялык банк жеткире иштелип чыккан иш-чаралар планы көрсөтүлгөн талапты алгандан кийинки 14 календардык күндөн кечиктирбестен Улуттук банкка берүүгө тийиш.  

10. Зарыл болгон шартта, Улуттук банк иш-чаралар планын реалдуу катары таануу үчүн зарыл болгон кошумча маалыматты аны сунуштоо мөөнөтүн белгилөө менен коммерциялык банктан талап кылууга укуктуу.  

11. Коммерциялык банк иш-чаралар планынын толук көлөмдө жана белгиленген мөөнөттө аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү.  

  

  

  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» Жобого карата 

3-тиркеме 

Капиталдын шайкештиги боюнча банктарды 

КЛАССИФИКАЦИЯЛОО 

Таасир этүүнүн тигил же башка чараларын колдонуу боюнча чечимди кабыл алуу учурунда Улуттук банк үчүн банктын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) чечүүчү фактордон болуп саналат. 

Таасир этүү чаралары капиталдын деңгээлине, анын өзгөрүү тенденцияларына (туруктуу, кыскарып же жогорулап турган) сыяктуу эле, банктын тобокелдиктеринин параметрлерине дал келүүгө тийиш, ошондой эле ал таасир этүү чарасын тез кабыл алуу зарылчылыгынан көз каранды. 

Банктарды классификациялоодо колдонулган капиталдын шайкештигин классификациялоо иши 1-таблицада көрсөтүлгөн капиталдын шайкештиги коэффициенттериндеги диапазондорду камтыйт. 

1-таблица. Капиталдын шайкештиги боюнча банктарды классификациялоо 

Капиталдын шайкештигин классификациялоо 

Капиталдын жетиштүүлүгүнүн (шайкештигин) көрсөткүчтөрү 

Башка факторлор 

Чыгымдардын ордун жабууга кам 

Башка өзгөчөлүктөр 

Шайкеш капиталдаштырылган  

Төмөнкү көрсөткүчтөрдүн милдеттүү аткарылышы: 

Левераж (>=) 8,0%; 

1-деңгээлдеги капиталдын шайкештиги коэффициенти (>=) 6,0%; 

Суммардык капиталдын шайкештиги коэффициенти (>=) 12,0%; 

Өздүк каражаттардын өлчөмү дал келет же Улуттук банктын талаптарынан ашат 

Негизинен шайкеш, толук топтолгон  

Суммардык активдердин тез жана олуттуу өсүшү байкалган жок  

Жетиштүү капиталдаштырылган эмес  

Капитал Улуттук банктын талаптарына караганда кайсыл болбосун категорияда аз, бирок маанилердин бирөөсү да банктын "олуттуу түрдө капиталдаштырылган эмес" деген аныктамасына туура келбейт 

Жагдайга шайкеш эмес, толук топтолгон эмес  

Дегеле болбогондо Улуттук банктын капитал боюнча белгиленген талаптарынын бири сакталбай келет. 

Финансылык абалдын начарлашы байкалууда  

Олуттуу капиталдаштырылган эмес  

Левераж < 5,0%, бирок > 2%; 

1-деңгээлдеги капиталдын шайкештиги коэффициенти < 4%, бирок (>=) 1,5%; 

Суммардык капиталдын шайкештиги коэффициенти < 8%, бирок (>=) 3%; 

Өздүк каражаттардын өлчөмү Улуттук банктын белгиленген талаптарынан 50% азыраакты түзөт  

Жагдайга шайкеш эмес толук топтолгон эмес  

Капитал боюнча талаптар жана/же Улуттук банктын кандайдыр бир талаптары сакталбай келет 

Дегеле капиталдаштырылган эмес  

Капитал шайкештигинин кайсыл болбосун коэффициенттери Улуттук банк тарабынан белгиленген коэффициенттин маанисинен 25% азыраакты түзөт, ал эми өздүк капиталдын өлчөмү Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптан 50% азыраакты түзөт 

Дегеле шайкеш эмес жана/же толук топтолгон эмес  

Капитал боюнча талаптар жана/же Улуттук банктын кандайдыр бир талаптары сакталбай келет 

  

  

  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобого карата 

4-тиркеме 

Уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана/же өздүк (жөнгө салуучу) капитал боюнча экономикалык ченемдерди сактоо боюнча талаптарды бузууга жол берген банктарга карата таасир этүү чараларын колдонуу 

ТАРТИБИ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 17-октябрындагы № 2018-П-12/43-3-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

1. Бул тартип экономикалык ченемдерди сактоо боюнча талаптарды жана уставдык жана/же өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмү боюнча талаптарды бузууга жол берген банктарга карата колдонулат. Мында бул банктардын капиталы милдеттүү түрдө убактылуу администрация режимин киргизүү талап кылынбаган деңгээлде болууга тийиш. Улуттук банк тарабынан белгиленген деңгээлге чейин уставдык же өздүк (жөнгө салуучу) капиталды түзүүдө кыйынчылыктарга дуушар болгон банк Улуттук банкка кардарлардын жыйымдарын топтоо максатында кайтарымдуулук шартында жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу укугу менен микрофинансылык компанияга трансформациялоо (кайра каттоо) же өз ыктыярдуу жоюу өтүнүч каты менен кайрыла алат. Банкты микрофинансылык компанияга трансформациялоо же өз ыктыярдуу жоюу тартиби Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында белгиленет.  

2. Улуттук банк, банк тарабынан уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана/же өздүк (жөнгө салуучу) капитал боюнча экономикалык ченемдер бузууга жол берилгендиги фактысын аныктаган учурда, ага карата финансылык чыңдоо планына ылайык, финансылык чыңдоо чараларын ишке ашыруу жөнүндө талап коюлат, аны жүзөгө ашыруунун чектүү мөөнөтү Улуттук банк тарабынан бекитилген күндөн кийин 6 (алты) айдан ашпоого тийиш.  

3. Улуттук банк финансылык чыңдоо талабын койгон күндөн тартып банкка карата Жобонун 35-пунктунда көрсөтүлгөн тыюу салуулар жана чектөөлөр белгиленет. Кошумча катары банкка жеке адамдардын жана юридикалык жактардын аманаттарын (депозиттерин) тартуу көлөмү жана шарттары боюнча чектөөлөр, жеке адамдардан жана жеке ишкерлерден жаңы мөөнөттүү аманаттарды (депозиттерди) тартууга/ачууга, ошондой эле мурда түзүлгөн келишимдер боюнча мөөнөттөрдү узартууга тыюу салуулар белгилениши мүмкүн. Эгерде, бул банктын финансылык абалынын начарлашына же банкроттукка же болбосо банктык мыйзамдарга ылайык чектөөлөрдүн жана тыюу салуулардын белгиленишине алып келиши мүмкүн болсо, Улуттук банк кредиттөө жагында кандайдыр бир чектөөлөрдү белгилөөгө (суммалар боюнча лимиттер, күрөө боюнча талаптар ж.б.), банктын акчалай милдеттенмелери боюнча кредиторлордун талаптарын канааттандырууга тыюу салууга же чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу.  

4. Улуттук банк финансылык абалды чыңдоо планын бекитүү чечимин кабыл алган күндөн тартып 6 (алты) ай өткөндөн кийин уставдык жана/же өздүк (регулятивдик) капиталдардын минималдуу өлчөмү боюнча талаптарды аткарбаган банкка карата Улуттук банк тарабынан лицензияга карата улуттук жана/же чет өлкө валютасында жүзөгө ашырууга уруксат берилген банктык операциялар тизмегине чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө чечим кабыл алынат жана банкка төмөнкү банк операцияларын баарын же анын ичинен кээ бирөөлөрүн жүргүзүүгө тыюу салынат:  

1) Улуттук банктын чечимине ылайык, өзүнүн атынан аманаттарды (депозиттерди) тартууга;  

2) үчүнчү жактардан милдеттенмелерди акчалай түрдө (факторинг) аткарууну талап кылуу укугуна ээ болууга;  

3) баалуу металлдар менен операцияларды ишке ашырууга (банктык алтын, күмүш, платина жана жогору сапат белгисине ээ ушул металлдардан жасалган монеталар менен гана);  

4) туунду финансылык инструменттер (деривативдер) менен операцияларды ишке ашырууга;  

5) электрондук акчаларды чыгарууга;  

6) үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына сунуштоого (процессинг, клиринг).  

Эгерде келишимдерде айыптык санкцияларды төлөөсүз аларды мөөнөтүнөн мурда токтотуу мүмкүнчүлүгү каралбаса, банк мурда келишилген бүтүмдөрдү колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин аларды акырына чыгарууга тийиш.  

5. Уруксат берилген банктык операциялар тизмегине чектөөлөр белгиленгенден кийин банк 6 (алты) айдан ашпаган мөөнөттө уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капитал өлчөмүн жаңы түзүлгөн банктар үчүн белгиленген өлчөмдө түзүү же болбосо өз ыктыярдуу түрдө микрофинансылык компанияга өзгөртүп түзүлүү (кайра каттоодон өтүү)/банкты кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга тийиш же болбосо Улуттук банк башка иш-чаралар боюнча банктын таасир чечим кабыл ала алат, лицензияны кайтарып алууга чейин кабыл ала алат.  

6. Банк уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капитал өлчөмүн Улуттук банк тарабынан белгиленген өлчөмдө түзгөн шартта, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык банкка карата мурда белгиленген чектөөлөрдү жокко чыгарат.