Кайта келүү

Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы  

№ 51/6 токтомуна тиркеме 

 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга чегерүүлөр жөнүндө» жобо  

(Өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2013-жылдын 23-октябрында №39/8, 2015-жылдын 14-октябрында №62/3, 2015-жылдын 2-ноябрындагы №65/1, 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/23, 2016-жылдын 27-апрелиндеги №19/6, 2016-жылдын 15-июнундагы №25/2, 2017-жылдын 22-февралындагы №6/4, 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-1-(НПА), 2020-жылдын 24-мартындагы 2020-П-12\15-5-(НПА), 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА)  токтомдору менен кабыл алынган) 

1. Жалпы жоболор  

1. Жобонун талаптары «ислам терезесине» ээ банктарды кошо алганда, коммерциялык банктарга, депозиттерди тартуу укугуна ээ жана өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган микрофинансылык компанияларга (мындан ары - банк) таркатылат.  

(КР Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-1-(НПА) токтомунун редакциясында). 

2. Жөнгө салуу жана көзөмөлдүккө алуу максатында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган/кабыл алынган активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди (мындан ары активдерди) классификациялоо, ошондой эле потенциалдуу жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабууга тиешелүү камдарды түзүү (мындан ары текст боюнча РППУ) боюнча минималдуу талаптарды белгилүү - ушул Жобонун максаты болуп саналат

3. Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун убагында жабуу үчүн ошондой эле, реалдуу финансылык абалды жана иштин натыйжалуулугун аныктоо максатында, банк өз активдеринин сапатына баа берүүнү (классификациялоону) туруктуу жүргүзүп турууга жана активдер боюнча мүмкүн болуучу жоготуулардын ордун жабуу үчүн жетиштүү болгон деңгээлде РППУ түзүүгө милдеттүү.  

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына (мындан ары-Улуттук банк) карата талаптарды эске албаганда, жеке адамдарга жана юридикалык жактарга, анын ичинде банктарга карата талаптар болуп саналган активдер классификацияланууга тийиш.   

5. РППУ активдердин нарксызданышы, башкача айтканда банктын кардары/ өнөктөшү/берүүчү (мындан ары кардар) активдер боюнча өз милдеттенмелерин келишим шарттарына ылайык аткарбагандыгынан же талаптагыдай аткарбагандыгынан улам же анын натыйжасында реалдуу коркунуч орун алган шартта (талаптагыдай аткарбагандыгынан), шартта түзүлөт.  

Активдин наркынын төмөндөө өлчөмү активдин сапатына баа берүү учуруна карата анын баланстык наркы (актив боюнча карыздын калдыгы) менен ушул Жобонун нормаларына ылайык жүргүзүлгөн баа берүү учуруна карата анын реалдуу (учурдагы) наркынын ортосундагы айырма катары аныкталат.  

6. Банк тарабынан ушул Жобого ылайык иштелип чыккан, активдерди классификациялоо системасы РППУнун өлчөмүнө шайкеш баа берүү үчүн негиз болуп саналат. Мында, РППУга чегерүүлөрдүн зарыл болгон өлчөмү банк тарабынан салынган өздүк сыяктуу эле, тартылган (банк менен кардардын ортосундагы келишим шарттарына ылайык, кардарга кайтарылып берилүүгө тийиш болгон) каражаттардын суммасынан эсептелинет.  

РППУнун шайкеш деңгээлин камсыз кылбаган банк иши Улуттук банк тарабынан ишенимсиз жана алгылыксыз банктык тажрыйба катары каралат.  

7. Активдердин классификациясы ар түрдүү факторлорго жараша өзгөрүп туруучу жоготуу тобокелдигинин ар түрдүү даражасынын берилиши болуп саналат.  

8. Банк, активдерин классификациялоону мезгил-мезгили менен өткөрүп турууга тийиш, аларга төмөнкүлөр кирет:  

- кардар тарабынан келишим шарттарынын аткарылбашынын же талаптагыдай аткарылбашынын натыйжасында, жоготуу тобокелдигин алып жүрүүчү активдер;  

- ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык чыгарылган баалуу кагаздарга жана/же компаниянын капиталына инвестициялар (акция формасындагы, инвестициялануучу компаниянын капиталында финансылык катышуусу);  

- банктар аралык жайгаштыруулар;  

- баланстан тышкаркы милдеттенмелер (аккредитивдер, гарантиялар жана башкалар);  

- активдерди төлөөгө жана/же банктын жоготууларын компенсациялоо катары кабыл алынган, банктын башка менчиги;  

- жогоруда аталбаган, бирок өзүндө кайтарып бербей коюу тобокелдигин алып жүргөн, кайсыл болбосун башка активдер.  

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган кээ бир активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин мүнөздөмөлөрүн эске алуу менен бул Жобо банктар аралык жайгаштырууларды, реструктуризацияланган активдерди, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык чыгарылган баалуу кагаздарды жана/же компаниянын капиталына инвестицияларды, банктын башка менчигин, ошондой эле баланстан тышкаркы милдеттенмелерди классификациялоо боюнча атайын талаптарды аныктайт.   

9. Активдерди классификациялоону жүзөгө ашыруу үчүн банк, акча каражаттарынын кыймылы жөнүндөгү маалыматтарга көз салуу менен аларды анализдөөгө жана келишим шарттарын аткаруу үчүн кардардын акча каражатынын жетиштүү көлөмүн алуу жөндөмдүүлүгүнө баа берүүгө тийиш. Ислам банк иши жана каржылоо принциптеринин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кардар тарабынан финансылык жана башка отчеттор мезгил-мезгили менен сунушталуусу Келишимде каралууга тийиш, алар банкка келишим шарттарынын кардар тарабынан аткарылышын баалоого мүмкүнчүлүк берет.   

Мында, финансылык так маалыматтардын (мисалы, тышкы аудитор тарабынан тастыкталган баланстык отчеттун жана кардардын кирешелери жөнүндө отчеттун) жана ага тиешелүү анализдөөлөрдүн жоктугу, олуттуу кемчилик болуп саналат. Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык, кардар банкка сунушталчу отчеттордун жана маалыматтардын толуктугуна жана аныктыгына жооп берет. Банк, келишим түзүү менен байланышкан тобокелдиктерди өзүнө алуу менен бул отчеттордун аныктыгын активдерди сунуштоо учуруна чейин сыяктуу эле, андан-ары банктын каражаттарын толук кайтарып бергенге чейин текшерүүгө тийиш.   

2. Жободо колдонулган негизги түшүнүктөр 

10 Кредиттик тобокелдик бул, кардар өз милдеттенмелерин келишим шарттарына ылайык аткарбагандыгынан же талаптагыдай аткарбагандыгынан улам активдердин наркынын төмөндөшүнүн натыйжасында келип чыгуучу жоготуу тобокелдиги.  

11. Активдер Мөөнөтү өтүп кеткен активдер болуп төмөнкү учурларда саналат:  

- кардар тарабынан келишим шарттарын аткаруу графиги 30 күнгө жана андан ашык мөөнөткө бузулганда;  

- пландык төлөмдөрдүн графиги 30 күнгө жана андан ашык мөөнөткө бузулганда;   

- келишимге ылайык товарларды берүү мөөнөтү 30 күнгө жана андан мөөнөткө бузулганда;  

- долбоорду жүзөгө ашыруу, финансылык агымдардын графиги 30 күнгө жана андан ашык мөөнөткө бузулганда;   

- үчүнчү тарап тарабынан келишим шарттарын аткаруу мөөнөтү 30 күнгө жана андан ашык мөөнөткө бузулганда.   

12. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 22-февралындагы № 6/4 токтомуна ылайык күчүн жоготту)  

13. Банктын баалуу кагаздарга жана/же капиталга инвестициялары  бул, банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча чыгарылган баалуу кагаздарга салымдары жана/же иш максаты Шариат стандарттарына ылайык келген компаниялардын акцияларын сатып алуу же капиталына финансылык салымдар.  

Банктын каражаттарды башка компаниялардын жүгүртүү каражаттарына салуусу жана биргелешкен долбоорлорго катышуусу өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер болуп саналат.  

Баалуу кагаздарга рыноктук эмес инвестициялар бул, баалуу кагаздар рыногунда баалуулугу жок болуп саналган баалуу кагаздарга салынган инвестициялар, же бул баалуу кагаздар рыногу өнүккөн, натыйжалуу, транспаренттүү болуп саналбайт жана мындай баалуу кагаздардын адилет наркын аныктоого мүмкүндүк бербейт. Мында баалуу кагаздар менен бүтүмдөр айрым учурларда гана келишилет, ошондой эле баалуу кагаз тууралуу кеңири, анык жана бардык жактарга жеткиликтүү маалымат жок. 

Баалуу кагаздарга салынган калган бардык инвестициялар рыноктук болуп саналат

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Активдерди классификациялоо боюнча жалпы талаптар  

14. Активдерди классификациялоо банктын кардарынын финансылык абалына (мындан ары текст боюнча-кардар) күрөөнүн сапатына, менчик формасы боюнча кардардын түрүнө, тармактык тиешелүүлүккө, активдер боюнча гарантиялардын болушуна жана алардын түрлөрүнө, ошондой эле гаранттардын өзүлөрүнүн ишенимдүүлүгүнө, банктардын активдери боюнча мурда алынган милдеттенмелердин аткарылышына баа берүүнү, кардардын бизнесинин андан-ары өнүгүү келечектерине жана башка факторлорду анализдөөнүн негизинде жүзөгө ашырылат.   

15. Активдерди классификациялоону ишке ашырууда аларды классификациялоонун тигил же бул категориясына чегерүү үчүн терең ой жүгүртүп, кылдат баа берүүлөргө таянуу зарыл, бирок, ушул Жободо келтирилген белгилер менен гана чектелүүгө болбойт.   

16. Классификациялоо категорияларынын аныктамаларын ар кандайча чечмелөө мүмкүнчүлүгүнүн келип чыгышына жол бербөө үчүн активдердин сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү сунушталган. Чогуу алгандагы белгилердин жыйындысы классификациялоо категориясын, эгерде ушул жободо башкасы белгиленбесе аныктайт.  

17. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)  

17-1. Банктык топтун бир эле кардарга же байланыштуу кардарлар тобуна сунушталган активдерин классификациялоодо, ошол активдерге банктык топтун ар бир катышуучусу жүргүзгөн классификацияны эске алуу менен банктык топтун ар бир катышуучусу ошол активдер боюнча жүргүзгөн классификациялоо категорияларынын эң алгылыксызы боюнча ал активдерди классификациялоо зарыл.  

17-2. Банк активдерди классификациялоодо, эгерде кардардын башка финансы-кредит уюму алдында орду жабылбаган карызы болсо, кардар өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган кайсыл болбосун башка актив боюнча келишим шарттарынын сакталышын эске алууга тийиш. Ушуга байланыштуу, келип түшкөн билдирмени кароодо кредиттик-маалыматтык бюро аркылуу же Кыргыз Республикасынын мыйзам чегинде башка ыкмада алынган маалыматтарды пайдалануу менен кардардын башка финансы-кредит уюмдарынан алган, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдеринин бардыгына көз салып туруу зарыл. Андан ары, активге мониторинг жүргүзүү процессинде кардардан алынган башка финансы-кредит уюмдарынан алынган, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер тууралуу маалыматтарды, ошондой эле ошол активдер боюнча келишим шарттарын сактагандыгына тиешелүү маалыматтарды эске алуу зарыл. Каржылоо келишиминде келишим колдонулган мезгил ичинде кардар тиешелүү маалыматтарды жарым жылда кеминде 1 жолу берип турууга милдеттүү экендиги да каралууга тийиш. Мында бардык финансы-кредит уюмдары кардар кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алгандыгы жана келишим шарттарын так сактап жаткандыгы тууралуу маалыматты башка финансы-кредит уюмуна берүүсү үчүн кардардын талабы келип түшкөндөн кийинки күндөн кечиктирбестен сунуштоого милдеттүү

(КР Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-1-(НПА) токтомунун редакциясында). 

17-3. Активдин ордун экинчи булактардын эсебинен жабууну анализдөөдө бул адатта күрөөнү сатуу наркын аныктоо кыйынчылыктары, соттук териштирүүлөр жана мөөнөтүн узартуу менен байланышкан төлөмдөрдүн кечиктирилишине алып келерин эске алуу зарыл. Мындай факторлор адатта экинчи булакты тартуу менен алынган карыз боюнча төлөмдүн акыркы суммасы күтүлгөндөй болбой калышына алып келет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

17-4. Эгерде банк кепилдик берүүчү же гарант болуп саналган адамга төлөөнүн экинчи булагы катары толук ишенсе, анда банкта зарыл учурда анын карыз төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү үчүн аталган адамдын финансылык абалы тууралуу толук маалымат болууга тийиш. Эгерде көрсөтүлгөн адам карызды төлөөдө бирден-бир булак болуп эсептелсе, анда классификациялоо учурунда анын төлөө жөндөмдүүлүгү гана эмес, анын гарантияланган активди төлөө ниети да эске алынып, ал тиешелүү документтерде таризделүүсү зарыл. Эгерде, гарант жөнүндө маалымат такталбаса же маалымат такыр жок болсо, анда мындай гарантия активди классификациялоо учурунда эске алынбоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

17-5. Алгачкы ордун жабуу булагынан кыйла четтөө аларды классификациялоодо ордун жабуунун так эмес шарттары же активдин ордун жабуу мөөнөтүн кечиктирүү сыяктуу эле жетиштүү негиз болуп саналат. Бирок, мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдердин бардыгы эле классификацияланууга тийиш эмес. Актив мөөнөтүндө төлөнбөшү мүмкүн, бирок, ошол эле учурда, банкка салынган акча каражаттары же мамлекеттик баалуу кагаздар түрүндө күрөөлүк камсыздоо болсо, мындай актив классификацияланбаган катары таанылышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

17-6. Келишимге ылайык, кардардын өз милдеттенмелерин аткаруу ниети жана мүмкүндүгү тууралуу кат жүзүндө билдирүүсү активдин тобокелдигине баа берүүнүн баштапкы критерийи болуп саналат. Бул, кардар келишилген шарттарга ылайык тиешелүү жана болжолдонгон мөөнөт ичинде банк алдында карызын азайтуу же төлөө үчүн жетиштүү болгон пайдага же ликвиддүү активдерге ээ болуусу зарыл дегенди түшүндүрөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021 - жылдын 30 - июнундагы № 2021-П-12/36-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

18. Тиешелүү келишимдерде чагылдырылган банк менен анын кардарынын ортосундагы келишимдик мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын негизинде жүзөгө ашырылууга жана Шариат талаптарынын бузулушуна алып келбөөгө тийиш.  

19. Ушул Жобонун талаптарында активдерди классификациялоо үчүн зарыл болгон критерийлердин минималдуу тизмеги гана келтирилген. Улуттук банк жана банктын өзү ушул Жобонун талаптарынын негизинде активдердин сапатына баа берүүнүн кошумча критерийлерин кабыл алууга укуктуу.   

4. Активдерди классификациялоо   

20. Активдерди классификациялоо жана РППУну түзүү максатында, төмөнкүдөй категориялар белгиленет:  

Классификацияланбаган активдер: 

1) нормалдуу  

2) канааттандырарлык,  

3) байкоого алынган активдер  

Классификацияланган активдер:  

4) субстандарттык активдер,  

5) шектүү активдер,  

6) жоготуу катары классификацияланган активдер  

1-§. Классификацияланбаган активдер  

21. Нормалдуу активдер  бул төмөнкүлөрдөн турган активдин суммасынан кеминде 120% күрөө (күрөө түрүндө) менен камсыздалган активдер:  

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары жана Улуттук банктын ноталары (мындан ары  МБК) (эгерде мамлекеттик баалуу кагаздардын ордун жабуу мөөнөтү активдин ордун жабуу мөөнөтүнө чейин келип жетсе, банк мамлекеттик баалуу кагаздардын ордун жабуусунан алынган акча каражаттарды күрөөлүк камсыздоо, же болбосо кошумча ушул сыяктуу мамлекеттик баалуу кагаздарды камсыздоо катары кабыл алууга тийиш;  

- акча каражаттарды сактоо максатында аталган банкта ачылган өзүнчө эсепте жеке адам же юридикалык жак тарабынан жайгаштырылган каражаттар. Кардарлардын эсептешүү эсеби жана банктын корреспонденттик эсеби камсыздоо катары колдонулбайт.  

- ушул жобого карата 1-тиркемеде белгиленген минималдуу талаптар сакталган шартта Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категория боюнча Кыргыз Республикасынын фондулук биржаларынын листингине киргизилген ислам баалуу кагаздары (мындан ары  ислам баалуу кагаздары).  

Нормалдуу катары ошондой эле активдер суммасынын кеминде 100% аффинаждалган өлчөнгөн куймалар түрүндөгү алтындан турган күрөө (күрөө катары) менен камсыздалган активдер аталат.  

Эскертүү: Аффинаждалган өлчөнгөн куймалар  Улуттук банк же аффинаждоочу ишкана тарабынан эмитирленген (чыгарылган) баалуу металлдардан даярдалган жана маркировкаланган, баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы тарабынан сертификацияланган, 1000 г жана андан азыраак салмактан турган, алтын үчүн куйманын лигатуралык массасынын кеминде 99,95-99,99% жана күмүш/платина үчүн куйманын лигатуралык массасынын кеминде 99,90% химиялык таза негизги металлдан турган куймалар.  

Мында, төмөнкү шарттар аткарылууга тийиш:  

1) активди берүү келишиминде жана күрөө жөнүндө келишимде, өзүнчө эсепте жайгаштырылган акча каражаттар, мамлекеттик баалуу кагаздар жана ислам баалуу кагаздары банк тарабынан берилген каражаттарды камсыз кылуучу катары каралышы зарыл жана банк кардар милдеттенмелерин аткарбаган учурда акцептсиз тартипте аларга өндүрүү жүргүзүүгө укуктуу;  

2) күрөө жөнүндө келишимде өзүнчө депозиттик эсепте жайгаштырылган акча каражаттар, мамлекеттик баалуу кагаздар жана ислам баалуу кагаздары кайрадан күрөөгө коюуга жол бербөө каралууга тийиш;  

3) банкта тиешелүү жол-жоболор болууга жана күрөөнү тариздөөгө жана ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык тартылган акча каражаттарынын, МБКнын жана ислам баалуу кагаздарынын келишимде каралган мөөнөтү бүткөнгө чейин сакталышына байланыштуу тиешелүү бардык жол-жоболор болууга жана бардык жол-жоболордун талаптагыдай аткарылышын камсыз кылган ички контролдук жүзөгө ашырылууга тийиш;  

4) өзүнчө эсепте жайгаштырылган жана активди камсыздоочу болуп саналган каражаттар Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында же болбосо валюталардын жалпы жеткиликтүү жана туура котировкаларынын негизинде кыргыз сомуна эркин конвертациялануучу валютада болууга тийиш. Эгерде ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча тартылган акча каражаттар активдин валютасында эле номинацияланган болсо, анда алар активдин кеминде 100% жабууга, ал эми ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча тартылган акча каражаттар активдин валютасынан айырмаланган валютада сомдук эквивалентинде кеминде 120% жабууга тийиш;  

5) эгерде, активди камсыздоо катары активдин валютасынан айырмаланган валютада акча каражаттар сунушталган болсо, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча тартылган акча каражаттарды жума сайын кайра баалоо зарыл;  

6) эгерде кайрадан баалоонун натыйжасында күрөөнүн наркы азайса, анда банк ушул жобонун талаптарына ылайык дароо эле анын наркынын жогорулатылышын талап кылууга жана ал талаптын 10 (он) жумуш күнү ичинде аткарылышын камсыз кылууга укуктуу;  

7) эгерде 1-6-пунктчаларда көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаган болсо, анда мындай актив толук камсыз кылынбаган катары таанылат жана ал классификациянын башка категориясына которулууга тийиш.  

Эгерде, алар ушул жобонун 22-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга жооп берсе, банктар өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган улуттук валютадагы активдерди «нормалдуу активдер» катары классификациялашы мүмкүн.  

Эгерде, алар ушул жобонун 22-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга жооп берсе, банктар кирешелер түзүмүнө карабастан 0-2% чейинки өлчөмдө потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү менен АКШ долларында жаңыдан берилген активдерди банктын ички саясатына ылайык «нормалдуу активдер» катары классификациялашы мүмкүн. Мында бул талаптар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн кызматташуусунун алкагында (Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондусу, мындан ары  Өнүктүрүү фондусу) берилген жеңилдетилген активдерге, анын ичинде Өнүктүрүү фондусу тарабынан башка чет өлкө финансылык институттарынан тартылган жана гарантияланган каражаттардын эсебинен берилген активдерге, ошондой эле алардын ордун жабуу Өнүктүрүү фондусунун каражаттарынан каржылоонун эсебинен ишке ашырылган, каржылоо келишиминин баштапкы шарттарынын өзгөртүлүшү каралган мурда берилген активдерге да таркатылат.   

Өнүктүрүү фондусунун каражаттарынын эсебинен банктардын активдерин реструктуризациялоого, ошондой эле «классификацияланган» активдер категориясына кирген, мурда берилген активдерди каржылоого жол берилбейт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 24-мартындагы 2020-П-12\15-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

22. Канааттандырарлык активдер бул, кардар тарабынан банк менен түзүлгөн келишим боюнча милдеттенмелер аткарылып жаткан активдер.  

Актив канааттандыраарлык деп таанууга түрткү берген мүнөздүү белгилеринен болуп, төмөнкүлөр саналат:  

- кардардын финансылык абалы канааттандырарлык;   

- кардардын ишканасы стабилдүү иштеген, жетишээрлик капиталдаштырылган;  

- банк менен түзүлгөн келишим шарттары өз учурунда аткарылууда;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 токтому менен бекитилген «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун талаптарына дал келүүчү өндүрүү жүргүзүлө турган жана/же гарантия/кепилдик берилүүчү мүлктүк камсыздоо бар болсо, анын эсебинен карыздын орду жабылышы мүмкүн;   

- кардар алгылыктуу кредиттик таржымалга ээ (банк менен түзүлгөн келишимге ылайык, өз милдеттенмелерин аткарбай кечеңдетүүгө жол берген эмес); 

- эгерде бул актив буга чейин “классификацияланган активдер” категориясына кирбесе, чет өлкө валютасындагы ошол активди улуттук валютага которуу аркылуу өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча келишимдин алгачкы шарттарын өзгөртүү

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2016-жылдын 27-апрелиндеги №19/6 2020-жылдын 24-мартындагы 2020-П-12\15-5-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

 

22-1. Банк, эгерде ошол активди алган кардардын чогуу алгандагы кирешесинин (түшкөн акчанын) жалпы көлөмүндө чет өлкө валютасындагы (Евразия экономикалык бирлигине мүчө-өлкөлөрдүн валюталарынан тышкары) кирешенин (түшкөн акчанын) үлүшү 75 пайыздан көбүрөөктү түзсө, чет өлкө валютасындагы (Евразия экономикалык бирлигине мүчө-өлкөлөрдүн валюталарынан тышкары) активди эң аз дегенде «канааттандыраарлык» катары классификациялоого тийиш. 

Эскертүү: Евразия экономикалык бирлигине мүчө-өлкөлөрдүн тизмеси төмөнкү дарек боюнча жайгаштырылган: http://www.eaeunion.org/ . 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2016-жылдын 15-июнундагы №25/2 токтомунун редакциясында). 

 

22-2. Банк, эгерде каржылоо берүү учурунда эффективдүү пайыздык чен Улуттук банк тарабынан жарыяланган, чет өлкө валютасында берилген кредиттер боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык ченден 2 пайыздык пунктка төмөн болсо, кардардын кирешесинин түзүмүнө карабастан чет өлкө валютасында берилген (Өнүктүрүү фондусунун каражаттарынын эсебинен берилген каржылоодон тышкары) каржылоо боюнча 1% өлчөмүндө потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камды түзүшү мүмкүн. 

Эскертүү: Чет өлкө валютасындагы кредиттер боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чен тууралуу маалымат Улуттук банктын: www.nbkr.kg расмий сайтында жайгаштырылган 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 22-февралындагы №6/4, 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-1-(НПА), 2020-жылдын 24-мартындагы 2020-П-12\15-5-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)  

23. Белгилуу бир терс тенденциялар байкалган активдер байкоого алынган активдер болуп саналат. Эгерде, мына ушундай активдер боюнча тиешелүү чаралар көрүлбөсө, анда алардын сапатынын начарлоосу журушу ыктымал.  

Активди байкоого алынган актив катары таанууга түрткү берген мүнөздүү белгилеринен болуп, төмөнкүлөр саналат:     

- активди толук эмес камсыздоо, калган учурларда канааттандырарлык активдерге тиешелүү бардык мүнөздөмөлөргө ээ; 

- кардардын финансылык абалынын начарлоо тенденциясынын түптөлүшү;  

- кардардын банк менен түзүлгөн келишим шарттарын аткаруусуна кесепеттүү таасирин тийгизиши мүмкүн болгон рыноктук шарттардын өзгөрүүсү;  

- кардар тарабынан келишимдин шарттарын аткаруу графигинин 30 күнгө чейинки мөөнөткө бузулушу;  

- пландык төлөмдөрдүн графигинин 30 күнгө чейинки мөөнөткө бузулушу;   

- келишимге ылайык товарларды берүү мөөнөтүнүн 30 күнгө чейинки мөөнөткө бузулушу;  

- долбоорду жүзөгө ашыруу, финансылык агымдардын графигинин 30 күнгө чейинки мөөнөткө бузулушу;  

- үчүнчү тараптар тарабынан келишимди аткаруунун мөөнөтүнүн 30 күнгө чейинки мөөнөткө бузулушу;   

- документтердин жетишсиздигинен же болбосо аларга баа берүү боюнча эксперттердин жоктугунан улам күрөөгө мониторинг жүргүзүү үчүн банктын мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу;  

- күрөө ликвиддүүлүгүнүн басаңдашынын белгилениши (баанын төмөндөшү, валюта курсунун түшүүсү);  

- реструктуризациялоо күнүнө карата классификацияланган активдер белгисине ээ болбогон реструктуризацияланган актив; 

 

- эгерде актив буга чейин «классификацияланган активдер» категориясына кирбесе жана ошол эле учурда эгерде бул өзгөртүү кардардын финансылык абалынын начарлашынан улам келип чыкпаса, ошол актив валютасын чет өлкө валютасынан улуттук валютага которуу аркылуу актив боюнча келишим шарттарын кайталап өзгөртүү

 

- жобонун 34-4-пунктунун шарттарына кирген классификацияланган активдерди реструктуризациялоо; 

 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2016-жылдын 27-апрелиндеги №19/6, 2017-жылдын 22-февралындагы №6/4, 2020-жылдын 24-мартындагы 2020-П-12\15-5-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык). 

 

23-1. Эгерде ошол активди алган кардардын чет өлкө валютасындагы (ЕАЭСке мүчө мамлекеттердин валютасынан башка) кирешесинин (түшкөн акчанын) үлүшү анын чогуу алгандагы кирешесинин (түшкөн акчанын) жалпы көлөмүнүн 50 пайыздан 75 пайызга чейинкини түзсө, банк чет өлкө валютасындагы (ЕАЭСке мүчө мамлекеттердин валютасынан башка) өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди эң аз дегенде «байкоого алынган актив» катары классификациялоого тийиш. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2016-жылдын 27-апрелиндеги №19/6 токтомунун редакциясында). 

 

23-2. Эгерде ошол активди алган кардардын чет өлкө валютасындагы (ЕАЭСке мүчө мамлекеттердин валютасынан башка) кирешесинин (түшкөн акчанын) үлүшү анын чогуу алгандагы кирешесинин (түшкөн акчанын) жалпы көлөмүнүн 50 пайыздан азын түзсө, банк өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган чет өлкө валютасындагы (ЕАЭСке мүчө мамлекеттердин валютасынан башка) активди эң аз дегенде «байкоого алынган актив» катары классификациялоого тийиш. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2016-жылдын 27-апрелиндеги №19/6 токтомунун редакциясында). 

 

23-3. Эгерде жаңыдан берилген сыяктуу эле, өздөштүрүлүп жаткан активдин төлөө графигинде негизги сумманы ай сайын эмес жана бирдей болбогон өлчөмдө төлөө каралса жана мында өздөштүрүлүп жаткан активди төлөө мөөнөтү эки жылдан жогоруну түзсө (2016-жылдын 20-январынан тартып), активдер сапаты начарлабаган шартта, мындай активдер боюнча РППУну эки жыл сайын 2 % өлчөмүндө көбөйтүү зарыл. Мында төмөнкү активдер эске алынбайт:  

- активди жеңилдетилген шарттарда төлөө мезгили каралган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программасы боюнча берилген;  

- бир карыз алуучуга берилген чогуу алгандагы активдердин таза суммардык капиталынын 1 % төмөн суммасында; 

- бир карыз алуучуга мудараба, шарика жана истиснаа келишимдери боюнча берилген чогуу алгандагы активдердин таза суммардык капиталынын 10 % төмөн суммасында; 

- банктар аралык жайгаштыруулар, анын ичинде микрофинансылык уюмдарга берилген активдер; 

- «классификацияланган» активдер категориясына киргендер. 

Ушул ченем күчүнө киргенден кийин, бир кредиттик линиянын алкагында сунушталган бардык транштарды кошо алганда, «классификацияланбаган» категориясына кирген бардык жаңыдан берилген активдер жана өздөштүрүлүп жаткан бардык активдер боюнча жогоруда белгиленген талапка ылайык РППУ түзүү зарыл. 

Ушул жобонун 21-пунктуна ылайык бул пунктунун өзгөчөлүгү катары Өнүктүрүү фондусунун алкагында берилген каржылоо, ошондой эле Өнүктүрүү фондусунун гарантиясы алдында берилген каржылоо саналат. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2016-жылдын 27-апрелиндеги №19/6, 2020-жылдын 24-мартындагы 2020-П-12\15-5-(НПА) токтомунун редакциясында). 

 

2-§. Классификацияланган активдер   

24. Субстандарттык активдерден болуп, алар боюнча банк РППУну кошумча түзүүгө жана/же активдин сапатын жакшыртууга багытталган тиешелүү чараларды көрүүгө тийиш экендигин ачык көрсөткөн белгилүү бир терс тенденциялар катталган активдер эсептелет.   

Активди субстандарттык катары эсептөөгө түрткү берген мүнөздүү белгилерден болуп, төмөнкүлөр саналат:  

- кардар тарабынан келишимдин шарттарын аткаруу графигининин 30 күндөн 90 күнгө чейинки мөөнөткө бузулушу;  

- пландык төлөмдөрдүн графигинин 30 күндөн 90 күнгө чейин мөөнөткө бузулушу;   

- келишимге ылайык товарларды берүү мөөнөтүнүн 30 күндөн 90 күнгө чейинки мөөнөткө бузулушу;  

- долбоорду жүзөгө ашыруу, финансылык агымдар графигинин 30 күндөн 90 күнгө чейинки мөөнөткө бузулушу;  

- үчүнчү тараптар тарабынан келишимди аткаруунун мөөнөтүнүн 30 күндөн 90 күнгө чейинки мөөнөткө бузулушу;   

- кардардын финансылык абалы жөнүндө тастыкталган терс маалыматтын болушу;   

- актив толук өлчөмдө күрөө менен камсыз кылынбаган же күрөө сапатынын начарлоосу байкалып же болбосо күрөөнүн наркынын түшүүсү жүрсө;  

- кардар-жеке адам, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик максаттуу программаларынын алкагында каржылоого алынган активдерди эске албаганда, ошол банктан жана/же башка финансы-кредит уюмунан алган, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган кайсыл болбосун башка актив боюнча келишим шарттарын 30 күндөн ашуун убакыт аткарбай койсо;  

- кардар-жеке адамдын жубайы, ата-энеси жана балдары, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программаларынын алкагында каржыланган активдерди эске албаганда, жогоруда көрсөтүлгөн бардык активдердин бир гана төлөө булагынан орду жабылса, ошол банк жана/же башка финансы-кредит уюму алдында, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча келишим шарттарын 60 күндөн ашуун убакыт аткарбай койсо. Мында, кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин бир гана төлөө булагы дегенден улам, финансы-кредит уюму активдерди берүү чечимин кабыл алууда эске алган, ишкердиктен түшкөн кирешени кошо алганда, жогоруда көрсөтүлгөн адамдардын чогуу алгандагы кирешесин түшүнүү зарыл. 

Эскертүү: Ушул пункттун онунчу жана он биринчи абзацтарында көрсөтүлгөн белгилер, эмгек акы долбоорунун алкагында берилген овердрафтка таркатылбайт. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 22-февралындагы №6/4, 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык). 

 

24-1. Күчүн жоготту деп эсептелинет. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2016-жылдын 27-апрелиндеги №19/6 токтомунун редакциясына ылайык). 

 

24-2. Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз 90 күнгө узарып кеткен шартта, актив “субстандарттык” катары классификацияланууга тийиш. Жобонун 21-пунктуна ылайык күрөөлүк камсыздоого ээ активдерди эске албаганда, мындай активдин сапаттык белгилери активди классификациялоо категориясын жакшырта албайт. 

Толугу менен кепилдик/гарантия тарабынан камсыздалган активди төлөмдөр боюнча мөөнөтү өтүп кеткен 60 күн келип жеткенде, б.а. ушул жобонун аталган пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт келип жеткенге чейин «субстандарттык» катары классификациялоо зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 24-мартындагы 2020-П-12\15-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

24-3. Эгерде «байкоого алынган актив катары» классификацияланган реструктуризацияланган актив боюнча төлөө мөөнөтү 30 күндөн көбүрөөк кечиктирилсе же ошол актив кайрадан реструктуризацияланган болсо, анда мындай актив «субстандарттык» катары классификацияланууга тийиш.  

Мында, ошол «субстандарттык» актив анын суммасынын эң аз дегенде 120%ын түзгөн кыймылсыз мүлк түрүндөгү күрөө менен камсыздалган болсо, анда банк кайрадан реструктуризациялагандан кийинки бир жыл ичинде 15% өлчөмүндө РППУ түзүшү мүмкүн. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 22-февралындагы №6/4 токтомунун редакциясына ылайык). 

 

24-4. Жаңыдан берилген активдин орду жабуу графигинде негизги сумманын ар айлык негизден тышкары ордун жабуу каралса жана мында, негизги сумманын 80% ашыгын орду жабуу төмөнкүлөр аяктагандан кийин каралса:  

- активдин жалпы мөөнөтүнүн 3/4, мында, каржылоо мезгилинин жалпы мөөнөтү кеминде 3 (үч) жыл;  

- активдин жалпы мөөнөтүнүн 1/2, мында, каржылоо мезгилинин жалпы мөөнөтү   

3 (үч) жылдан ашык;  

мындай активдерди төмөнкү активдерди эске албаганда, 25% өлчөмүндө РППУну түзүү менен «субстандарттык» катары классификациялоо зарыл:   

- активдин ордун жабууга жеңилдетилген мезгилди берүү каралган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программалары боюнча берилген;  

- банктар аралык жайгаштыруулар, анын ичинде микрофинансылык уюмдарга берилген активдер;  

- бир кардарга берилген чогуу алгандагы ТСКнын 1% азыраак суммасына;  

- бир кардарга берилген мудараба, шарика жана истиснаа келишимдери боюнча чогуу алгандагы ТСКнын 10% азыраак суммасына;   

Ушул жобонун 21-пунктуна ылайык бул пунктунун өзгөчөлүгү катары Өнүктүрүү фондусунун алкагында берилген жеңилдетилген активдер саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 24-мартындагы 2020-П-12\15-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

25. Шектүү активдерге кардар тарабынан келишим шарттарынын аткарылбай калышы тобокелдигин камтыган белгилүү бир айкын кемчиликтер же өксүктөр мүнөздүү, ушундан улам карыздын ордунун жабылыш мумкунчулугу өтө эле шектенүүнү жаратып, арсар экендигине алып келет. Эгерде кемчиликтер четтетилбесе, банк олуттуу чыгым тартуу ыктымалдыгы орун алат.  

Активди шектүү деп эсептөөгө түрткү берген мүнөздүү белгилерден болуп, төмөнкүлөр саналат:  

- кардар тарабынан келишимдин шарттарын аткаруу графигинин 90 күндөн 180 күнгө чейинки мөөнөткө бузулушу;  

- пландык төлөмдөрдүн графигинин 90 күндөн 180 күнгө чейинки мөөнөткө бузулушу;   

- келишимге ылайык товарларды берүү мөөнөтүнүн 90 күндөн 180 күнгө чейинки мөөнөткө бузулушу;  

- долбоорду жүзөгө ашыруу, финансылык агымдар графигинин 90 күндөн 180 күнгө чейинки мөөнөткө бузулушу;  

- үчүнчү тараптар тарабынан келишимди аткаруунун мөөнөтүнүн 90 күндөн 180 күнгө чейинки мөөнөткө бузулушу;   

- кардардын финансылык абалы жөнүндө тастыкталган терс маалыматтын болушу;   

- банк менен макулдашылган бизнес-планда каралбаган, кардардын чыгашалуу иши;  

- долбоордун жүзөгө ашырылышынын жана бизнес-пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө, банк менен кардар ортосунда макулдашылган келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттөргө ылайык маалыматтардын жоктугу;  

- долбоордун жүзөгө ашырылышына талаптагыдай мониторингди, анын ичинде каржылоо обүектиси орун алган жерге баруу менен мониторинг жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктүн жоктугу.   

- кардардын финансылык абалынын олуттуу начарлыгынын белгилери (же болбосо кардардын банкроттук чегинде калгандыгы);  

- күрөөлүк жана /же гарантиялык камсыздоонун олуттуу начарлосу (же айкын жок болуп калышы) жана кардар тарабынан кошумча күрөөнү же гарантиялык камсыздоону сунушталбашы же сунуштоо мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу; 

- карызды төлөө негизинен күрөөнүн сатып өткөрүлүшүнө жараша болот. Мында, күрөө карыздын негизги суммасын, келишимге ылайык бардык пайыздарды жана күрөөлүк укуктарды сатып өткөрүүгө байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон бардык чыгымдардын ордун жабуу үчүн жетиштүү өлчөмдөгү сатууда өтүмдүү кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк формасындагы болууга тийиш. Күрөө төмөнкү мөөнөттөрдө сатып өткөрүлүшү болжолдонууда:  

 

а) кыймылсыз мүлк 365 күндөн кечиктирбестен;  

б) кыймылдуу мүлк - 120 күндөн кечиктирбестен.   

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 22-февралындагы №6/4 токтомунун редакциясына ылайык). 

26. Жоготуу катары классификацияланган активдер кайтарылып алынгыс катары эсептелинип, алар боюнча 100% өлчөмдө РППУ түзүлөт. Мындай активдерди кайтарып алуу боюнча бардык юридикалык мүмкүнчүлүктөр колдонулуп бүткөндөн кийин, алар кеминде беш жыл системадан тышкаркы эсептерде эсепке алынат.   

Активдерди жоготуу катары таанууга түрткү берген белгилерден болуп, төмөнкүлөр саналат:  

- кардар тарабынан келишимдин шарттарын аткаруу графигинин 180 күндөн 360 күнгө чейин мөөнөткө бузулушу;  

- пландык төлөмдөрдүн графигинин 180 күндөн 360 күнгө чейин мөөнөткө бузулушу;   

- келишимге ылайык товарларды берүү мөөнөтүнүн 180 күндөн 360 күнгө чейин мөөнөткө бузулушу;  

- долбоорду жүзөгө ашыруу, финансылык агымдар графигинин 180 күндөн 360 күнгө чейин мөөнөткө бузулушу;  

- үчүнчү тараптар тарабынан контрактыларды аткаруунун мөөнөтүнүн 180 күндөн 360 күнгө чейин мөөнөткө бузулушу;   

- банк катышып жаткан долбоордун келишимге ылайык жүзөгө ашарылбай калышы;  

- карыздын төлөнүшү мүмкүнчүлүгү негизинен, күрөөнүн сатып өткөрүлүшүнөн көз каранды;   

- күрөөлүк камсыздоонун жоктугу же рыноктун жоктугунан улам, күрөөнү сатып өткөрүүнүн мүмкүн эместиги;  

- кардардын банк менен түзүлгөн келишим шарттарын аткарууга жөндөмсүздүгү, андан баш тартышы;   

- кардардын банк менен кызматташууга ниеттенбеши же болбосо кардардын жоктугу;  

- кардардын бизнеси токтосо же ал банкрот деп жарыяланса; 

- Улуттук банктын талаптарына жооп бербеген оффшордук аймактын субъекттери менен түзүлгөн келишим боюнча, банк тарабынан жайгаштырылган активдер.  

Эскертүү: Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 16-апрелиндеги №13/2 «Оффшордук аймак субъекттерин жана тизмегин аныктоо боюнча талаптарды белгилөө тууралуу» токтомуна ылайык 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 22-февралындагы №6/4, 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык). 

26-1. Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз 360 күнгө созулуп кеткен шартта, актив «жоготуу» катары классификацияланууга тийиш. Жобонун 21-пунктуна ылайык күрөөлүк камсыздоого ээ активдерди эске албаганда, мындай активдин сапаттык белгилери активди классификациялоодо эске алынбайт. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 22-февралындагы №6/4 токтомунун редакциясына ылайык). 

26-2. Классификацияланган активдерди классификацияланбаган активдер категориясына которууга төмөнкү шарттар аткарылган учурда гана жол берилет: 

- мөөнөтүндө төлөнбөгөн сумма жок болсо; 

- кардар акыркы үч төлөмдү графикке ылайык өз убагында толук төлөсө

Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын орду жабылган учурда «шектүү» же «жоготуу» катары классификацияланган активдер «субстандарттык» категориясына которулат. 

(КР Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

5. Классификациялоонун айрым учурлары 

27. Айрым учурларда активдер классификациялоонун эки категориясы боюнча классификацияланышы, башкача айтканда классификациялоону бөлүштүрүү ыкмасы колдонулушу мүмкүн.   

Мисалы, активдин камсыздоосу катары ошол эле банкта (депозит эсебинде) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык тартылган жана активдин бир гана бөлүгүн жаба алган акча каражаттары колдонулса, жана активдин ордун жабуунун башка булактары жок болгон учурларда. Бул учурда ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык тартылган акча каражаттары менен камсыз болгон активдин бөлүгү «нормалдуу актив» катары, ал эми активдин камсыз кылынбаган бөлүгү «жоготуу» катары классификацияланат. 

271. Кардар-жеке адам, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкерден болгондор банкта кредиттик тобокелдикти камтыган бир нече активдерге ээ болсо, анда анын бардык активдерине карата эң эл алгылыксыз болуп саналган, анын эң чоң карыздуу активи боюнча ыйгарылган классификация колдонулат. 

6. Банктар аралык жайгаштырууларды классификациялоо  

28. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык төлөө мөөнөтү 30 күндөн ашпаган, камсыз кылынбаган банктар аралык жайгаштыруулар төмөнкүлөрдү эске алуу менен классификацияланат:  

- төлөө мөөнөтү 2 күндөн 10 күнгө чейин өтүп кеткен банктар аралык жайгаштыруулар, субстандарттык катары классификацияланат;  

- төлөө мөөнөтү 10 күндөн 30 күнгө чейин өтүп кеткен банктар аралык жайгаштыруулар, шектүү катары классификацияланат;  

- төлөө мөөнөтү 30 күндөн ары өтүп кеткен банктар аралык жайгаштыруулар, жоготуулар катары классификацияланат.  

29. Ушул Жобонун 28-пунктунун максаттары үчүн корреспонденттик эсептеги акча каражаттарынын бардык суммасы классификацияланууга тийиш, ал эми корреспонденттик эсептер боюнча мөөнөтү өтүп кеткен төлөмдөрдү эсептөөнү баштоо күнү болуп, акча каражаттарын которуу талабы коюлган күн саналат.  

30. Күрөө менен камсыз кылынган жана/же төлөө мөөнөтү 30 күндөн ашкан банктар аралык жайгаштыруулар ушул Жобонун 4-жана 5-пунктарына ылайык классификацияланат.   

7. Банктын башка менчигин классификациялоо  

31. Баланста баштапкы таануудан кийин активдин ордун жабуу жана/же банктын жоготууларынын ордун толуктап берүү үчүн кабыл алынган банктын башка менчиги дароо эле субстандарттык катары классификацияланат.  

32. Активдин ордун жабуу жана/же банктын жоготууларынын ордун толуктап берүү катары кабыл аланган банктын башка менчиги, эгерде ал төмөнкү мөөнөттөрдүн өтүшү менен сатылбаган болсо, жоготуу катары классификацияланат:  

а) кыймылдуу мүлк үчүн бир жыл,   

б) алар боюнча мөөнөттөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген айыл чарба багытындагы жерлерди эске албаганда, кыймылсыз мүлк үчүн - менчик укугу келип чыкан учурдан тартып үч жыл.  

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 22-февралындагы №6/4 токтомунун редакциясына ылайык). 

8. Реструктуризацияланган активдерди классификациялоо  

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 22-февралындагы №6/4 токтомунун редакциясына ылайык). 

33. Реструктуризацияланган активдер - бул, банк келишим шарттарына буга чейин жөнгө салынгандардан айырмаланган өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу (милдеттүү түрдө жаңы келишим түзүү же каржылоо келишимге карата кошумча келишим түзүү аркылуу) кардарга өз алдынча преференция (жеңилдик) берүү менен сунушталган каржылоо. Мында, негизги карыз суммасын жана/же үстөк бааны төлөгөнгө чейин үстөк бааны жана/же каржылоо мөөнөтүн өзгөртүү келечекте күтүлүп жаткан акчалай агымдын өзгөрүшүнө алып келет. 

Реструктуризация дегенден улам, төмөнкүлөрдү түшүнүү зарыл: 

- кардардын финансылык абалынын начарлоосуна байланыштуу, ага каржылоону төлөө боюнча мурдагы тажрыйбадан айырмаланган, алда-канча ыңгайлуу шарттарды сунуштоо аркылуу, колдонуудагы келишим шарттарын өзгөртүү

- негизги каржылоо суммасынын бөлүгүн эсептен алып салуу (кечүү) аркылуу келишим шарттарын өзгөртүү

Каржылоо келишиминин баштапкы шарттарынын өзгөртүлүшү жана анын кайра каржыланшы жана бул кардардын финансылык абалынын начарлоосуна байланышпаса, активди реструктуризациялоо болуп саналбайт (мисалы, актив валютасын чет өлкө валютасынан улуттук же башка валютага которуу).  

34. Эгерде классификацияланбаган актив боюнча реструктуризациялоо ишке ашырылып жана акыркы 3 ай ичинде кеминде бир жолу төлөмдөрдү төлөө толугу менен же алардын бөлүгү 30 күндөн көбүрөөк кечиктирилген болсо, анда бул жагдай реструктуризацияланган актив боюнча кардар финансылык кыйынчылыкка дуушар болушу ыктымалдыгын шарттаган көрсөткүч болуп эсептелинет.  

34-1. Реструктуризациялоо классификацияланган сыяктуу эле, классификацияланбаган активдерге да колдонулат.  

34-2. Классификацияланган реструктуризацияланган актив Жобонун 34-4-пунктунун шарттарын аткарганга чейин классификацияланбаган активдерге чегерилүүгө тийиш эмес. 

34-3. Кардар финансылык кыйынчылыктарга дуушар болгон учурда ошол каржылоо боюнча күрөөлүк мүлктү сатып өткөрүүнүн эсебинен карыздын бир бөлүгүн төлөө аркылуу кредиттик келишимге өзгөртүүлөрдүн киргизилиши, каржылоону реструктуризациялоо катары каралууга тийиш.  

34-4. Банк бардык төмөнкү шарттар аткарылган учурда классификацияланган “субстандарттык” активди классификацияланбаган активдер категориясына которушу мүмкүн: 

- мөөнөтүндө төлөнбөгөн сумма жок болсо; 

- акыркы үч төлөм графикке ылайык өз учурунда толук төлөнсө

- кардар алдында реструктуризациялоо шарттарынын сакталбай калышына алып келген жагдайлар жок болсо. 

Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын орду жабылган учурда «шектүү» же «жоготуу» катары классификацияланган активдер «субстандарттык» категориясына которулат. 

(КР Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

34-5. Реструктуризацияланган активдер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам бүтүндөй баланстык наркка жараша түзүлөт.  

(КР Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

9. Баалуу кагаздарга жана/же компаниялардын капиталына инвестицияларды классификациялоо  

35. Баалуу кагаздарга жана/же компаниялардын капиталына баланста чагылдырылуучу инвестициялар, ушул Жобонун талабына ылайык жана берилген документтердин негизинде, алардын сапатына баа берүү көз карашынан бааланууга тийиш.  

36. Банк финансы отчеттуулугуна (чейректик аяктап жаткан акыркы отчеттук чейрек үчүн жана жылдык көз карандысыз аудитор тарабынан тастыкталган жана күбөлөндүрүлгөн, аяктап жаткан акыркы үч финансы жылдары үчүн) жана инвестицияланып жаткан компания жана/же баалуу кагаздар эмитенти тууралуу башка маалыматка ээ болуусу зарыл. Жогоруда белгиленген отчеттордун колдо болуусу, банк тарабынан баалуу кагаздардын эмитенти изилденди дегенди далилдебейт. Банк, сунуш кылынган отчеттордун негизинде тиешелүү анализ жүргүзүүгө тийиш.  

37. Баалуу кагаздарга жана/же компаниянын капиталына инвестициялар, финансы отчеттуулугун, келечектеги акча агымынын анализин, рыноктогу абалды, компаниянын бизнес-планын жана бул инвестициялардын сапатын баалоого өбөлгө түзүүчү башка маалыматтарды кошо алганда, инвестицияланып жаткан компания тууралуу маалымат жок болсо, эң аз дегенде шектүү катары классификацияланат.  

37-1. Банк Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы № 52/4 токтому менен бекитилген «Банктардын баалуу кагаздар менен иш алып баруусу жөнүндө» жобонун 30-1-пунктунун 2-пунктчасынын «б» бөлүгүндө каралган ислам баалуу кагаздары боюнча талаптар аткарылбаган учурда инвестицияларды Кыргыз Республикасынын оригинаторлорунун-резиденттеринин ислам баалуу кагаздарына «байкоо алдындагы активдер» катары классификациялашы мүмкүн.   

Баалуу кагазды алып салган, эмитенттин же оригинатордун финансылык абалынын начарлоо тенденциясы, эмитенттин же оригинатордун кызмат адамдары менен проблемалар пайда болгон же эмитенттин же оригинатордун милдеттенмелерин аткаруусуна таасир этиши мүмкүн болгон рыноктук шарттар өзгөрүлгөн учурда, банк аталган активди «шектүү» катары классификациялоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 24-мартындагы 2020-П-12\15-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

38. Инвестициялануучу компаниянын жана/же баалуу кагаздар эмитентинин финансылык абалынын начарлоосу учурунда (же инвестицияланчу компания жана/же баалуу кагаздар эмитенти банкроттуулуктун алдында болсо), мындай инвестициялар шектүү катары классификацияланат.   

39. Эмитентти же оригинаторду төлөөгө жөндөмсүз катары жарыялап жаткан учурда, мындай инвестициялар дароо жоготуулар катары классификацияланууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 24-мартындагы 2020-П-12\15-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

40. Чет мамлекеттердин борбордук банктарынын жана Өкмөттөрүнүн ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык чыгарылган баалуу кагаздары, эгерде банк ошол мамлекеттердин борбордук банктары жана өкмөттөрү төлөөгө жөндөмдүү, ал эми бул баалуу кагаздарга баа түзүү транспаренттүү экендиги тууралуу тиешелүү маалымат сунушталса, классификацияланбайт. Мисалы, Moodyґs Investors Servise (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган узак мөөнөт ичинде кредиттөө жөндөмдүүлүгүнүн тастыктамасын же башка финансылык маалыматты.  

Эскертүү: Standart & Poors (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган рейтингге эквиваленттүү же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Ratings Service (DBRS)» агенттиктеринин бири тарабынан ыйгарылган рейтингге барабар болгон рейтинг. 

(КР Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

41. Активди классификациянын тигил же бул категориясына чегерүү маселесинде банк менен банктык көзөмөлдүн текшерип жаткан инспекторлорунун ортосундагы пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, банк тиешелүү анализдерди жана өзүнүн классификациясынын тууралыгынын далилдерин көрсөтүүгө милдеттүү.  

10. Баланстан тышкаркы милдеттенмелерди классификациялоо  

42. Баланстан тышкаркы милдеттенмелерди классификациялоо ушул Жобонун талаптарына ылайык, банктын активдерин классификациялоодогудай эле ишке ашырылат.   

43. Баланстан тышкаркы милдеттенмелер төмөнкүлөргө жараша классификацияланууга дуушар болот:  

- банк, ушул баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча өз милдеттенмелерин аткарышы ыктымалдыгынын келип чыгышына;  

- кардардын ушул милдеттенмелерди колдонуу ыктымалдыгына;  

- күрөөнүн болушуна;   

- башка факторлорго.   

101. Чегара аркылуу өтүүчү активдерди жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан күрөө менен камсыздалган активдерди классификациялоо. 

431. Чегара аркылуу өтүүчү активдер жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары турган күрөө менен камсыздалган активдер, аларды берүү учурунда байкоого алынган активдер катары классификацияланат эң аз дегенде. 

432. Эгерде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары турган актив боюнча күрөөлүк камсыздоо, күрөөлүк камсыздоонун жалпы наркынын 50 пайызынан көбүрөөгүн түзсө, анда мындай актив эң аз дегенде “байкоого алынган актив” катары классификацияланат. 

11. Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү  

44. Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам банктын чыгашаларынын эсебинен түзүлөт жана активдердин тиешелүү категориясынын контр-эсеби болуп саналат. «Ислам терезесине» ээ банк «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» Жобого ылайык түзүлгөн РППУга кошумча, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган активдер боюнча РППУну түзүүгө тийиш.   

Банк төмөндөгү камдарды түзүүгө милдеттүү:  

- кредиттик тобокелдикти алып жүргөн активдер боюнча РППУ;  

- ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык чыгарылган баалуу кагаздарга жана/же капиталга инвестициялар боюнча РППУ;  

- банктын активдин ордун жабуу үчүн кабыл алынган башка менчиги боюнча РППУ.  

45. Баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча кам, банктын милдеттенмеси болуп саналат.  

46. РППУ эки бөлүккө бөлүнөт - жалпы жана атайы камдар. Жалпы камдар банктын классификацияланбаган активдери, ал эми атайы камдар классификацияланган активдер боюнча түзүлөт.  

47. Улуттук банк активдер боюнча РППУга чегерүүлөрдүн төмөнкүдөй өлчөмдөрүн белгилейт: 

Жалпы камдар 

Атайы камдар  

Нормалдуу 

0 % 

Субстандарттык 

15%/25 %; 

Канааттандырарлык  

1/2/2,5 %  

Шектүү  

50 %; 

Байкоо алдындагы активдер  

5/10 % 

Жоготуулар 

100 %. 

 

Банк, Жобонун 22-1-пунктунда көрсөтүлгөн, алар боюнча РППУ өлчөмү 2,5% түзүүгө тийиш болгон, ошондой эле 22-2-пунктунда көрсөтүлгөн, РППУ өлчөмү 1% түзүүгө тийиш болгон активдерди эске албаганда, «канааттандырарлык» активдер боюнча 2% өлчөмдө РППУ түзүүгө тийиш.  

Банк, ушул Жобонун 23-2-пунктунда көрсөтүлгөн, алар боюнча РППУ өлчөмү 10% түзүүгө тийиш болгон активдер эске албаганда, «байкоого алынган активдер» боюнча 5% өлчөмүндө РППУ түзүүгө тийиш. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 22-февралындагы №6/4 токтомунун редакциясына ылайык). 

48. Талап кылынган бардык чегерүүлөрдү эсептөөдөн соң, алар камдардын ар бир түрү боюнча суммаланат жана РППУга чегерүүлөрдүн жалпы талап кылынган өлчөмдөрү аныкталат. Бул суммалар баланс боюнча РППУнун утурумдук көлөмүнүн суммасы менен салыштырылат. Баланс боюнча РППУнун утурумдук көлөмү жетпей калган учурда, банктар отчеттук айдын акырына чейин РППУнун көлөмүн талап кылынып эсептелинген көлөмүнө ылайык келтирүүгө тийиш. Банк, РППУга кошумча чегерүүлөрдү, бул чараны колдонуу зарыл экендигин далилдеп бере алган шартта гана түзүшү мүмкүн.  

49. РППУнун өлчөмүнө баа берүүдө банк төмөндөгүлөрдү кароого милдеттүү:  

- өткөндүн жоготуулары;  

- милдеттенмелер жана активдер боюнча төлөбөй коюу тенденциясы. Банк, төлөнбөгөн милдеттенмелер жана активдер боюнча жоготуулар боюнча байкалган тенденцияны реалдуу чагылдырган эсепке алууну жана отчеттуулукту уюштурууга тийиш;  

- классификацияланган активдердеги тенденциялар. Аларды банктын активдеринин жана капиталынын өлчөмүнө карата кароо зарыл;  

- экономикалык шарттар. Экономикалык шарттардын начарлоосу адатта, банк кардарларынын активдерди төлөө жөндөмдүүлүгүнө таасирин тийгизүү менен потенциалдуу жоготуулардын артышына алып келген кыйынчылыктарды башынан кечире тургандыгын билдирет;  

- активдердин өнөр жайдын белгилүү бир секторунда, экономиканын тармагында же географиялык жерде топтоштурулушу;  

- банктын көз карашы боюнча активдердин сапатына таасирин тийгизген башка факторлор.  

50. РППУнун шайкештиги банктын активдерин системалуу түрдө баалоого жараша болот. Ар бир банк өз активдеринин шайкештигине баа берүү системасын иштеп чыгуусу зарыл. Мындай текшерүүлөр активдердин сапатына гана эмес, бүтүндөй алганда, банктын инвестициялык саясатына да тиешелүү болууга тийиш. Текшерүүлөр банктын ички ресурсунун эсебинен сыяктуу эле, сырттан тартылган эксперттердин жардамы менен ишке ашырылышы мүмкүн. Бул, текшерүүчү адамга кайсыл болбосун активди текшерүү учурунда толук эркиндик берилүүгө жана отчетто текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган бардык кемчиликтер көрсөтүлүүгө тийиш дегенди түшүндүрөт. Текшерүү боюнча отчет банктын Директорлор Кеңешине, банк Башкармасынын Төрагасына берилүүгө тийиш.  

51. Активдерди классификациялоо жана РППУну эсептөө банк тарабынан ай сайын айдын акыркы күнүн кошо алгандагы абал боюнча жүргүзүлүүгө тийиш. РППУ алынган кирешелердин өлчөмүнөн көз карандысыз, банктын активдеринин сапатына утурумдук баа берүүгө төп келген деңгээлде камды колдоп туруу үчүн жетиштүү болгон суммада түзүлөт. РППУнун активдердин сапатына шайкеш келбөөсү банктын финансылык абалынын туура эмес чагылдырылышына алып келүү менен отчетту бурмалагандык катары каралат.  

52. Банк, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган активдер боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүгө жана аларды классификациялоого, РППУну түзүү жана ага чегерүүлөр боюнча усулдук ыкмаларга жана баштапкы жоболорго, ушул Жобонун талабына ылайык РППУнун шайкештигине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибине карата банктын саясатын камтыган документтердин топтомун иштеп чыгууга тийиш. 

 

Ислам банк иши жана каржылоо  

принциптерине ылайык 

операцияларды жүзөгө ашырууда 

активдерди классификациялоо жана  

потенциалдуу жоготуулардын жана 

чыгым тартуулардын ордун жабууга  

каралган камга тиешелүү чегерүүлөр  

жөнүндөжобого  

1-тиркеме  

Кыргыз Республикасынын фондулук биржасынын листингине эң жогорку жана андан кийинки эң жогорку категория боюнча киргизилген баалуу кагаздарга карата коюулуучу  МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 24-мартындагы 2020-П-12\15-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

1. Баалуу кагаздар эмитентинин/оригинатордун Standard & Poor's, Fitch Ratings же Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири тарабынан ыйгарылган «ВВВ» же «Ваа2» деңгээлинен төмөн болбогон шартта болушу.  

2. Бул баалуу кагаздар менен бүтүмдөр маанилүү мүнөзгө ээ эмес, б.а. биржанын тоорук системасында 30 (отуз) календарлык күн ичинде аталган баалуу кагаздар менен кеминде 1 (бир) бүтүм келишилет.  

3. Эмитенттин/оригинатордун мурда чыгарган баалуу кагаздары боюнча милдеттенмелердин ордун жабуу мөөнөттөрүнө ретроспективдүү талдап-иликтөөнүн жыйынтыктары эмитент/оригинатор чыгарган баалуу кагаздары боюнча милдеттенмелерди аткаруу жагында карыз болбогондугу тууралуу негиз берүүгө тийиш.  

4. Баалуу кагаздар эмитентинин/оригинаторунун акыркы 3 (үч) жыл ичиндеги чыгымсыз иши.