Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2011-жылдын 30-мартында 

N 20/4 токтому менен 

бекитилген 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/9, 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/23, 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/1, 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/3, 2016-жылдын 16-ноябрындагы № 44/3, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-5-(НПА), 2017-жылдын 16-августундагы № 2017-П-12/34-1-(НПА), 2017-жылдын 27-сентябрындагы № 2017-П-10/42-4-(НПА), 2017-жылдын 13-декабрындагы № 2017-П-12/51-13-(НПА), 2019-жылдын 10-апрелиндеги № 2019-П-12/19-3-(НПА), 2019-жылдын 25-сентябрындагы № 2019-П-12/49-4-(НПА), 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-10/62-3-(НПА), 2021-жылдын 20-январындагы № 2021-П-10/2-1-(НПА), 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 2021-П-12/51-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1. Бул жобо ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү отчетторунун бирдиктүү формасын аныктайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2 Бул Жобонун аракети, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан бардык коммерциялык банктарга (мындан ары - банктарга) таркатылат. 

3. ММРО, бухгалтердик эсепке алуу жана системадан тышкары эсепке алуу маалыматтарынын негизинде түзүлөт. 

2. Жобонун максаттары жана милдеттери 

4 ММРО төмөнкүлөргө иликтөөлөрдү жүргүзүү максатында түзүлөт: 

а) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамында бекемделген, Улуттук банк тарабынан аткарылган функциялардын алкагында банктын финансылык абалына; 

б) ликвиддүүлүктү, төлөөгө жөндөмдүүлүктү жана кирешелүүлүктү камсыз кылуу боюнча чечимдерди кошо алганда, банктын жетекчилеринин башкаруу чечимдерин кабыл алуусу үчүн банктын ишине. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

5. ММРОнун башкы милдети - ушул Жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн максаттардын аткарылышын камсыз кылуу үчүн банктын экономикалык жана чарбалык иши тууралуу так жана толук маалыматтарды берүү

3. ММРОнун мазмуну жана аны сунуштоо мезгили 

6. ММРО дегенден улам, белгилүү бир мезгил ичинде тиешелүү формада түзүлгөн жана белгиленген мөөнөттө берилүүчү, банктын отчетун түшүнүүгө болот. 

7. Отчеттун жыйынтыкталган курамы, кыскача мазмуну жана отчетторду берүү мөөнөттөрү ушул жобого карата 1-тиркемеде келтирилген. 

8. ММРО 31 бөлүктөн турат. 

4. ММРОну берүү тартиби 

9. Ар бир банкта ММРОнун мазмунунун толуктугуна жана аныктыгына, берүү мөөнөтүнө жана анын туура толтурулушуна жооп берген кызматкер дайындалууга тийиш. Ошол кызматкерге ММРОдо камтылган маалыматтарга тиешелүү бардык маселелер боюнча Улуттук банк менен өз ара иш алып баруу жоопкерчилиги да жүктөлөт. 

10. ММРО, Улуттук банкка ушул жобого карата 2-тиркемеге ылайык формада, ар бир отчет үчүн белгиленген мөөнөттө, кагаз жүзүндө жана электрондук байланыш системасы аркылуу (электрондук маалыматты камтуучулар) берилет. 

11. Кагазга чыгарылган отчеттор Улуттук банкка белгиленген мөөнөттөрдө берилүүгө тийиш. Отчеттор, тиешелүүлүгүнө жараша 1-18, 26-27-бөлүктөрдү өз-өзүнчө конверттерге салып, чапталган түрдө берилиши зарыл. Конверт беттеринде Мезгили-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун тиешелүү бөлүктөрүнүн номерлери милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

12. ММРОнун 1-31 ге чейинки бөлүктөрүнүн электрондук версиялары Улуттук банкка берилет. Ал эми 19-31ге чейинки бөлүктөрүнүн электрондук версиялары электрондук-цифралык колтамгалар (ЭЦК) менен коштолууга тийиш. ММРОнун тиешелүү бөлүктөрүнө карата белгиленген формадагы коштомо катарга да электрондук цифралык кол тамгалар коюлуп, электрондук форматта берилүүгө тийиш. 

13. ММРОдо кандайдыр бир дал келбестиктерге, каталарга жол берилип, толук эмес түрдө берилген же формалары туура эмес толтурулган шартта, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү төмөнкү мөөнөттөрдө финансылык отчетто чагылдыруу менен отчетту корректировкалоо зарылчылыгы жөнүндө банкка маалымдайт: 

- ар күндүк жана ар жумалык отчет үчүн - 2 жумуш күнү ичинде; 

- ар айлык отчет үчүн - 10 жумуш күнү ичинде; 

- чейректик отчет үчүн -10 жумуш күнү ичинде; 

- жарым жылдык отчет үчүн - 15 жумуш күнү ичинде; 

- жылдык отчет үчүн - 30 жумуш күнү ичинде. 

Корректировкаланган отчеттор банктын коштомо каты менен бирге, ар күндүк жана ар жумалык отчеттор 2 жумуш күнү ичинде, ар айлык жана чейректик отчеттор 3 жумуш күнү ичинде, жарым жылдык жана жылдык отчеттор 5 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка берилүүгө тийиш. 

14. Улуттук банк тарабынан ММРО боюнча сунуш-пикирлер болбосо же отчет Улуттук банктын сунуш-пикирлерине шайкеш келтирилип, банктын каты менен тастыкталгандан кийин ММРО, Улуттук банк тарабынан кабыл алынган катары эсептелинет. 

15. Банктын областтардагы филиалдары, банктын башкы офиси тарабынан консолидацияланган ММРО берилгенден кийинки отчеттук айдын 15не чейинки мөөнөттө, алардын иши боюнча маалыматтарды Улуттук банктын тиешелүү областтык (аймактык) башкармалыктарына ай сайын берип турушат. Банктын филиалдары тарабынан Улуттук банктын Төрагасынын алардын ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басарына/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө макулдашуу менен Улуттук банктын областтык башкармалыктарына берилүүчү ММРОнун бөлүктөрүнүн тизмеси, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан белгиленет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/1, 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/3 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

16. Жылдык ММРО Улуттук банкка отчеттук жылдан кийинки жылдын 15-февралынан кечиктирилбестен берилет. 

17. Жарыяланган финансылык отчет көз карандысыз аудитордук компаниянын корутундусу менен бирге акционерлердин жыйынында бекитилгенден кийин эки жумуш күнү ичинде Улуттук банкка тапшырылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан банк ошол күндөрү иштедиби же жокпу, ага көз карандысыз, Улуттук банк жана коммерциялык банктар үчүн жумуш күнү катары жарыяланган жана сунушталган дем алыш жана майрам күндөрү үчүн маалыматтар ММРОдо камтылууга жана белгиленген мөөнөт ичинде берилүүгө тийиш. Мында, сомдук эквиваленттеги чет өлкө валютасындагы маалыматтарды камтыган отчеттор, Улуттук банктын отчетун түзгөн күнгө карата эсептик курсун пайдалануу менен түзүлүүгө тийиш. 

19. ММРО белгиленген формада: көктөлүп, бөлүктөрүнүн беттеринин санын көрсөтүү менен номерленип, банктын мөөрү басылып жана банктын аны түзүлүшү жана берилиши үчүн жоопкерчиликтүү кызматкеринин колу коюлуп берилүүгө тийиш. 

20. ММРОдо банктын отчеттук күнгө карата абалы боюнча так маалыматтар камтылууга тийиш. Ар айлык, чейректик, жылдык ММРОдо банктын абалынын туура чагылдырылышы, банктын Директорлор кеңешинин төрагасы же ап жок учурда төраганын милдетин аткаруучу Директорлор кеңешинин төрагасынын мүчөсү, банктын башкы бухгалтери жана Банк Башкармасынын отчетту даярдоо боюнча ишти түздөн-түз тескөөгө алган мүчөсү тарабынан тастыкталат. 

5. Корутунду жоболор 

21. Банк, маалыматтардын өз учурунда берилбегендиги жана/же такталбаган маалыматтардын берилиши, маалыматтардын берилбей калгандыгы, ошондой эле ММРОнун туура эмес толтурулгандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. 

  

1-тиркеме 

Ислам банкынын Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун 

КУРАМЫ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/23, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-5-(НПА), 2017-жылдын 16-августундагы № 2017-П-12/34-1-(НПА), 2019-жылдын 10-апрелиндеги № 2019-П-12/19-3-(НПА), 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 2021-П-12/51-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

Бөлүк 

Аталышы 

Мезгил аралыгы 

Берүү мөөнөтү 

Эскертүүлөр жана ченемдик укуктук актыларга шилтемелер 

  

Титулдук баракча 

Ай сайын, чейрек сайын жана жылына бир жолу 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 5 жумуш күнү ичинде 

Биринчи 18 бөлүккө гана кошо тиркелет 

  

Банктын Директорлор кеңешинин, банк Башкармасынын, Шариат кеңешинин мүчөлөрү жөнүндө маалымат 

Жылына бир жолу жана өзгөртүүлөр киргизилген учурда 

  

  

  

Банктын айрым кызмат адамдары жөнүндө маалымат 

Жылына бир жолу жана өзгөртүүлөр киргизилген учурда 

  

  

  

Банк тууралуу базалык маалымат 

Жылына бир жолу жана өзгөртүүлөр киргизилген учурда 

  

  

1-бөлүк 

Баланстык отчет 

A. Активдер  

Б. Милдеттенмелер  

B. Капитал  

Г. Баланстан тышкаркы милдеттенмелер 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 5 жумуш күнү ичинде 

  

 

 

Д. Банктын башка активдерин жана башка милдеттенмелерин чечмелөө  

Е. Улуттук банк алдындагы милдеттенмелер  

Ж. Банктын активдерин өлкө белгиси боюнча жайгаштыруу 

З. Банктын милдеттенмелерин өлкө белгиси боюнча тартуу  

И. Банктын милдеттенмелерин өлкө белгиси боюнча тартуу (чет өлкө валютасында)  

К. Капиталды өлкө белгиси боюнча тартуу  

Л. Кыргыз Республикасынын областтарына тармактар боюнча берилген кредиттердин көлөмү 

Чейрек сайын 

  

  

 

 

М. Кыргыз Республикасынын областтары боюнча кредиттерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо 

Чейрек сайын 

  

  

 

 

Н. Кыргыз Республикасынын областтары боюнча кардарлардын эсептериндеги акча каражаттарынын көлөмү 

Чейрек сайын 

  

  

 

 

О. Кыргыз Республикасынын областтары боюнча банктардын башка маалыматтары 

Чейрек сайын 

  

  

 

 

П. Кардарлардын эсептеринин базасы жөнүндө маалымат 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 5 жумуш күнү ичинде 

  

2-бөлүк 

Түшкөн пайда, кеткен чыгымдар жана чогуу алгандагы кирешелер жөнүндө отчет 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 5 жумуш күнү ичинде 

Түшкөн пайдалар жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчет  

A. Операциялар боюнча алынган кирешелер  

Б. Операцияларды ишке ашыруудан келип чыккан чыгашалар  

B. Банктын операциялары боюнча башка кирешелер  

Г. Банктын операциялары боюнча башка чыгашалар  

Д. Башка операциялык жана административдик чыгашалар 

Чогуу алгандагы кирешелер жөнүндө отчет 

3-бөлүк 

Капитал түзүмү  

А. Капитал түзүмүндөгү өзгөрүүлөр  

Б. Банктын акциялары жана башка баалуу кагаздары жөнүндө маалыматтар 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 5 жумуш күнү ичинде 

  

4-бөлүк 

Бөлүштүрүлбөгөн пайдадагы өзгөрүүлөр 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 5 жумуш күнү ичинде 

  

5-бөлүк 

Баалуу кагаздар портфели 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки5 жумуш күнү ичинде 

  

10 

6-бөлүк 

Мөөнөтү өткөрүлүп жиберилген активдер тууралуу маалыматтар  

А. Мөөнөтү өткөрүлүп жиберилген активдер (сом түрүндө) тууралуу маалыматтар  

Б. Мөөнөтү өткөрүлүп жиберилген активдер (чет өлкө валютасында) тууралуу маалыматтар 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки5 жумуш күнү ичинде 

  

11 

7-бөлүк 

Активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо  

А. Активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо (сом түрүндө

Б. Активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо (чет өлкө валютасында) 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 5 жумуш күнү ичинде 

  

12 

8-бөлүк 

РППУдагы өзгөрүүлөр  

A. РППУнун эсебинен эсептен алынып салынган жана кайтарылган (мурда эсептен алынып салынган) активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер жөнүндө маалыматтар  

Б Банктарга сунушталган каржылоодон тышкары, сунушталган каржылоо боюнча РППУдагы өзгөрүүлөр  

B. Каржылоодон айырмаланган активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча РППУдагы өзгөрүүлөр  

Г. Банктарга жана башка ФКУларга сунушталган каржылоо боюнча РППУдагы өзгөрүүлөр 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 5 жумуш күнү ичинде 

  

13 

9-бөлүк 

Ири тобокелдиктер жөнүндө маалымат 

А. Ири тобокелдиктер жөнүндө маалымат  

А-1. 15 ири каржылоо булактары, анын ичинде финансы-кредит уюмдары жана мамлекеттик мекемелер (Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду ж.б.) боюнча маалымат 

Б. Корреспонденттик эсептердеги акча каражаттарынын калдыктары боюнча маалымат 

Б-1. Депозит эсептеринде жайгаштырылган каражаттар боюнча маалымат  

Г. Банкты тейлеген брокер/дилер/депозитарий жөнүндө маалымат  

Д. Корпоративдик жана мамлекеттик баалуу кагаздар менен операциялар тууралуу маалымат  

Е. Банктын корпоративдик жана мамлекеттик баалуу кагаздар портфели 

Ж. Кардарлардын корпоративдик жана мамлекеттик баалуу кагаздар портфели 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 5 жумуш күнү ичинде 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган каржылоо чектери жөнүндө нускоого карата 1-тиркеме. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган каржылоо чектери жөнүндө нускоого карата 2-тиркеме 

14 

10-бөлүк 

Аффилирленген жактар тууралуу маалыматтар  

 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 5 жумуш күнү ичинде Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 5 жумуш күнү ичинде 

 

 

 

A. Аффилирленген жактар менен активдүү операциялар тууралуу кыскача маалымат  

Ай сайын  

 

 

Б. Аффилирленген жактар менен операциялар тууралуу жалпы маалымат  

Жарым жылда бир жолу 

 

 

B. Банктын аффилирленген жактары тууралуу маалыматтар 

 

15 

11-бөлүк 

Банк менен байланыштуу жактар тууралуу маалыматтар 

А. Банк менен байланыштуу жактар менен активдүү операциялар тууралуу кыскача маалымат 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 5 календардык күн ичинде 

 

Б. Банк менен байланыштуу жактар менен операциялар тууралуу жалпы маалымат  

В. Банктын кызмат адамдарынын жакын туугандары тууралуу маалымат  

Г. Банк менен байланыштуу башка жактар тууралуу маалымат  

Д. Банктын кызмат адамдары жана алардын жакын туугандары же банк менен байланыштуу башка жактар контролдукка алган юридикалык жактар тууралуу маалымат 

Жарым жылда бир жолу 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 5 календардык күн ичинде 

 

16 

12-бөлүк 

Банк активдеринин жана милдеттенмелеринин рыноктогу кирешелүүлүк ченинин өзгөрүүсүнө тийгизиши мүмкүн болгон таасирине талдап-иликтөөлөр жана активдерди/милдеттенмелерди төлөө мөөнөттөрү  

А. Банк активдеринин жана милдеттенмелеринин рыноктогу кирешелүүлүк ченинин өзгөрүүсүнө тийгизиши мүмкүн болгон таасирине талдап-иликтөөлөр 

Чейрек сайын 

 

  

Б. Активдерди/милдеттенмелерди төлөө мөөнөтү 

Ай сайын 

17 

13-бөлүк 

Кардарлардын суммалар боюнча бөлүнгөн эсептери 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 5 календардык күн ичинде 

  

18 

14-бөлүк 

Экономикалык ченемдердин сакталышы жана банк капиталынын кошумча запасын ("капитал буфери" индекси) колдоого алуу талабынын сакталышы тууралуу маалыматтар  

Ай сайын  

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 5 календардык күн ичинде  

"Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобого карата 1-тиркеме  

А. Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченеминин сакталышы жөнүндө күндөлүк отчет 

Күн сайын 

Акыркы операциялык күндүн акырына карата абал боюнча саат 9.00 чейин 

  

Б. Капиталдын жеткиликтүүлүгү (шайкештиги) экономикалык ченемдеринин жана ликвиддүүлүк (көрсөткүчү) ченеминин жана банк капиталынын кошумча запасын ("капитал буфери" индекси) колдоого алуу жөнүндө талабынын сакталышы жөнүндө отчет  

Ай сайын  

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 5 календардык күн ичинде  

  

В. Жеке адамдар алдында мөөнөттүү эсептер жана башка милдеттенмелер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченеминин сакталышы жөнүндө күндөлүк отчет 

Күн сайын 

Акыркы операциялык күндүн акырына карата абал боюнча саат 9.00 чейин 

  

Г. Жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү эсептери боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеминин сакталышы жөнүндө отчет 

Ай сайын 

  

  

Д. Улуттук банктын талаптарынын аткарылышы жөнүндө отчет 

Ай сайын 

  

  

Е. Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченеминин (көрсөткүчүнүн) сакталышы жөнүндө отчет (К3.2) 

Жума сайын 

Отчеттук жумадан кийинки жуманын алгачкы жумуш күнү 9.00 чейин 

  

Ж. Дароо ликвиддүүлүк ченеминин (көрсөткүчүнүн) сакталышы жөнүндө отчет (К3.3) 

Күн сайын 

Акыркы операциялык күндүн акырына карата абал боюнча саат 9.00 чейин 

  

3. Кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнө сунушталган каржылоо көлөмү жөнүндө маалымат 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 5 календардык күн ичинде 

  

19 

15-бөлүк 

Банк капиталын эсептөө  

1. Активдер  

2. Баалуу кагаздар портфели  

3. Каржылоо  

4. Каржылоо (уландысы)/башка активдер  

5. Баланстан тышкаркы милдеттенмелер  

6. Субординацияланган карыз  

7. Капитал жана капиталдын шайкештик коэффициенти 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 5 календардык күн ичинде 

Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо жөнүндө" нускоо 

20 

16-бөлүк 

Ачык валюта позициялары жөнүндө отчет 

Күн сайын 

Акыркы операциялык күндүн акырына карата абал боюнча 9.00го чейин 

"Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операцияларды жүргүзүүчү банктар тарабынан ачык валюта позициясынын лимиттеринин сакталышынын тартиби жөнүндө" нускоого карата тиркеме 

21 

17-бөлүк 

Банктын ишеним боюнча тескөө операциялары жөнүндө маалыматтар 

Чейрек сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 5 календардык күн ичинде 

  

22 

18-бөлүк 

Башка маалыматтар  

A. Ай ичинде активдердин жана милдеттенмелердин орточо мааниси  

Б. Банк иши жөнүндө башка маалымат 

B. Банктын персоналы жөнүндө  

Г. Эсептер боюнча көбүрөөк жүгүртүүлөр менен кардарлар боюнча маалымат  

Д. Финансылык чалгындоо кызматында билдирүүлөрдүн саны жана суммасы жөнүндө маалымат 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 5 жумуш күнү ичинде 

  

Е. Проблемалуу кредиттер боюнча карыздын ордун жабуу эсебинен баланска коммерциялык банктар тарабынан кабыл алынган башка менчик (кыймылсыз мүлк) боюнча маалымат 

Чейрек сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 5 жумуш күнү ичинде 

  

Ж. Мамлекеттик бийлик органдарынын катышуусунун мамлекеттик үлүшү менен чарба жүргүзүүчү субъектилердин, мамлекеттик ишканалардын эсептеринде акча каражаттарынын калдыктары боюнча маалымат 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 5 жумуш күнү ичинде 

  

З. Жеке негизде белгиленгендерди кошо алганда, колдонуудагы каржылоо жана депозиттер боюнча максималдуу жана минималдуу үстөк баа боюнча маалымат 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 5 жумуш күнү ичинде 

  

И. Банктын тобокелдик-жагдайлары жөнүндө маалымат 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 5 жумуш күнү ичинде 

  

23 

19-бөлүк 

Банктардын кызмат көрсөтүүлөрү

  

  

  

А. Банктардын башкы офистердеги негизги кызмат көрсөтүүлөрү

Ай сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 5ине чейин 

Эгерде банктын башкы офистеги жана анын бардык филиалдарын бирдей болсо, анда ар айлык негизде бирдиктүү отчет түзүлөт 

Б. Банктардын филиалдар боюнча кызмат көрсөтүүлөрү

Чейрек сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 10уна чейин 

В. Ислам каржылоо принциптерине ылайык тартылган (жайгаштырылган) акча каражаттарына сый акылар (кошулган баа) 

Ай сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 5ине чейин 

Г. Каржылоонун түрлөрү боюнча каржылоонун суммасынан пайыздарда кошулган баа 

Ай сайын 

  

24 

20-бөлүк 

Жол чектери менен жана карттардын эмиссиясы/ эквайринги боюнча операциялар 

  

  

  

А. Жол чектери менен операциялар 

Чейрек сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 10уна чейин 

Б1. Карталардын эмиссиясы/ эквайринги боюнча операциялар (жеке адамдар) 

Ай сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 15ине чейин 

Б2. Карталардын эмиссиясы/ эквайринги боюнча операциялар (юридикалык жактар) 

Ай сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 15ине чейин. 

В. Аралыкта орнотулган жабдуулар 

Ай сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 15ине чейин 

25 

21-бөлүк 

Төлөмдөр жөнүндө маалымат: 

  

  

  

А. Кардарлардын филиал ичиндеги чыгыш төлөмдөрү

Чейрек сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 10уна чейин 

Б. Банктар ичиндеги филиал аралык төлөмдөр; 

Чейрек сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 10уна чейин 

В. Банктын филиалдар боюнча банктар аралык төлөмдөрү 

Чейрек сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 10уна чейин 

Г. Төлөм инструментинин түрлөрү боюнча төлөмдөр; 

Ай сайын 

Ай сайын - отчеттук айдан кийинки 15ине чейин 

Г1. Электрондук төлөмдөр; 

Ай сайын 

Ай сайын - отчеттук айдан кийинки 15ине чейин 

Д. Мамлекеттер боюнча системанын түрлөрүнө тиешелүү чек ара аркылуу акча которуулар; 

Чейрек сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 10уна чейин 

Е. Областтар боюнча системанын түрлөрүнө тиешелүү чек ара аркылуу акча которуулар; 

Чейрек сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 10уна чейин 

Ж. Системанын түрлөрү жана өлкөлөр боюнча чек ара аркылуу акча которуулар; 

Чейрек сайын 

Отчеттук айдан кийинки эйдын 10уна чейин 

З. Төлөм системасындагы (ТС) төлөмдөрдүн (которуулардын) саны жана көлөмү жөнүндө отчет; 

Ай сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 15ине чейин 

И. Иштеп чыгууга кабыл алынбаган төлөмдөрдүн (которуулардын) саны жана көлөмү жөнүндө отчет; 

Ай сайын 

Отчеттук айдан, кийинки айдын 15ине чейин 

К. Системадагы штаттан тышкаркы жагдайлар жөнүндө отчет; 

Ай сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 10уна чейин 

Л. Системада 20_ жылдын айы ичинде алдамчылык менен өткөрүлгөн транзакциялар жөнүндө отчет 

Ай сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 10уна чейин 

26 

22-бөлүк 

Чет өлкө валютасында жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө отчет 

Күн сайын 

Эртең мененки 11.00 ге чейин 

 

А. Нак эмес чет өлкө валютасы менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө отчет; 

Б. Нак чет өлкө валютасы менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө отчет; 

В. Коммерциялык банктар тарабынан тейленүүчү, алмашуу бюролорунун нак чет өлкө валютасы менен жүргүзүлгөн операциялары боюнча отчет 

27 

23-бөлүк 

Банктар аралык кредит рыногундагы операциялар жөнүндө маалымат 

Жума сайын 

Жума сайын эртең мененки 10.00 гө чейин 

  

28 

24-бөлүк 

Тартылган жана жайгаштырылган акча каражаттары жана колдонулган сый акылар/ кошулган баалар жөнүндө отчет: 

Ай сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 5ине чейин 

А. Бир мезгилдин акырына карата сунушталган каржылоо; 

  

  

Б. Бир мезгил ичинде сунушталган каржылоо; 

Ай сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 5ине чейин 

В. Кардардын эсептериндеги каражаттардын бир мезгилдин акырына карата калдыгы; 

  

  

Г. Бир мезгил ичинде кардарлардын эсебине түшкөн каражаттар. 

  

  

29 

25-бөлүк 

Кардарлардан экономиканын тармактары боюнча тартылган акча каражаттары жөнүндө маалыматтар: 

А. Экономиканын тармактары боюнча кардарлардын эсептериндеги каражаттардын бир мезгилдин акырына карата калдыгы; 

Б. Экономиканын тармактары боюнча, бир мезгил ичинде кардарлардын эсептерине тартылган акча каражаттары. 

Чейрек сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 10уна чейин 

  

30 

26-бөлүк 

Эл аралык операциялар боюнча отчеттун формасы 

Чейрек сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 20сына чейин 

  

31 

27-бөлүк 

Банктардагы төлөмдөрдүн багыты жөнүндө маалымат: 

  

  

А. ПБ - 1 формасы 

Ай сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 15ине чейин 

Б. ПБ - 2 формасы 

Чейрек сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 15ине чейин 

32 

28-бөлүк 

Активдер, милдеттенмелер жана капитал жөнүндө күндөлүк отчет 

Күн сайын 

Кийинки жумуш күнүнүн күндүзгү 12ге чейин 

  

33 

29-бөлүк 

Ай ичиндеги кассалык жүгүртүүлөр жөнүндө отчет 

Ай сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 4үнө чейин 

34 

30-бөлүк 

Жума ичиндеги кассалык жүгүртүүлөр жөнүндө отчет 

Жума сайын 

Ар бир жумада 14.00го чейин 

Отчет, отчеттук жума ичинде келип түшкөн жана берилген накталай акчалардын көлөмү жөнүндөгү маалыматты камтыйт 

35 

31-бөлүк 

Күндөлүк болжолдуу баланс: 

А. Күндөлүк болжолдуу баланс;  

Б. Күндөлүк болжолдуу валюталык баланс. 

Күн сайын 

Кийинки жумуш күнүнүн күндүзгү 12ге чейин 

Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-ноябрындагы N 43/7 токтому "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан коммерциялык банктардын финансылык отчетун түзүүсүнө карата тараптар жөнүндө" жобо 

  

2-тиркеме 

Мезгил-мезгил менен берилүүчү Ислам банкынын 

РЕГУЛЯТИВДИК ОТЧЕТУ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/23, 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/3, 2016-жылдын 16-ноябрындагы № 44/3, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-5-(НПА), 2017-жылдын 27-сентябрындагы № 2017-П-10/42-4-(НПА), 2017-жылдын 13-декабрындагы № 2017-П-12/51-13-(НПА), 2019-жылдын 10-апрелиндеги № 2019-П-12/19-3-(НПА), 2019-жылдын 25-сентябрындагы № 2019-П-12/49-4-(НПА), 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-10/62-3-(НПА), 2021-жылдын 20-январындагы № 2021-П-10/2-1-(НПА), 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 2021-П-12/51-2-(НПА)  токтомдорунун редакцияларына ылайык)