Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 17-майындагы 

№ 19/12 токтомуна 

тиркеме 

Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-1-(НПА), 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-12/34-3-(НПА), 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА), 2019-жылдын 30-октябрындагы № 2019-П-12/54-3-(НПА), 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 2021-П-12/51-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1-глава. Жалпы жоболор  

1. Бул "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө" жобо (мындан ары - Жобо), Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Мыйзамында каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен бардык коммерциялык банктарга (мындан ары - банктар), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына да таркатылат.  

Банкта натыйжалуу корпоративдик башкаруу банктардын жана бүтүндөй банк тутумунун туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу жагында маанилүү шарттардын бири болуп саналат.  

2. Корпоративдик башкаруу дегенден улам банк акционерлеринин, Директорлор кеңешинин жана банк Башкармасынын ортосундагы банк ишинин төмөнкү багыттарын жалпы жетекчиликке алуусун түшүнүүгө болот:  

- банк ишинин стратегиялык максаттарын, ошондой эле аларга жетүү жолдорун аныктоо жана максатка жетүү процессине контролдукту жүргүзүү;  

- банктын башкаруу органдары жана кызматкерлери стратегиялык максаттарга жетүү үчүн бардык зарыл иш-аракеттерди аткаруусун камсыз кылган дем берүүчү шарттарды түзүү;  

- аманатчыларды кошо алганда, банк акционерлеринин жана анын кредиторлорунун таламдарынын тең каралышына жана банктын туруктуу өнүгүүсүнө жетишүү;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ошондой эле банктын ички документтеринин талаптарынын сакталышын камсыз кылуу.  

3. Банктарда натыйжалуу корпоративдик башкарууга өбөлгө түзгөн негизги компоненттеринен болуп төмөнкүлөр саналат: 

- банктын башкаруу органдары ортосунда ыйгарым укуктарды, компетенцияларды жана отчет берүүнү аныктоо, Директорлор кеңешинин жана банк Башкармасынын натыйжалуу иш алып баруу шартын уюштуруу; 

- банк ишин өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу жана бекитүү, ошондой эле анын жүзөгө ашырылышын контролдоо; 

- тобокелдиктерди тескөө жана таламдардын каршы келишине жол бербөө боюнча системаларды түзүү

- банктын жетекчилигине жана кызматкерлерине сый акы берүү ички документтерин бекитүү

- кесиптик этика стандарттарын аныктоо жана сактоо; 

- банк ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу. 

Эл аралык эсептешүүлөр банкынын (Швейцария) www.bis.org сайтында жайгаштырылган Банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин сунуш-көрсөтмөлөрү, ошондой эле www.oecd.org сайтында жайгаштырылган Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмунун корпоративдик башкаруу принциптери банктарда жана банктык топтордо натыйжалуу корпоративдик башкаруунун методологиялык негизи болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-12/34-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3-1. Банктын Директорлор кеңеши жана Башкармасы аларга жүктөлгөн милдеттерге тиешелүү маселелер боюнча аналитикалык, маалымат берүү, маалымдоо материалдарын жана сунуш-көрсөтмөлөрдү даярдоо үчүн кеңешчилерди (адистерди, консультанттарды, эксперттерди ж.б.) ишке тартууга укуктуу. 

Кеңешчилердин иши кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча кызматтык нускоолордун/келишимдердин алкагында жүзөгө ашырылууга тийиш. 

Кеңешчилер банктын кызмат адамы болуп саналбайт жана банктын операциялык ишине (кредиттик ж.б.) катыша алышпайт. Кеңешчилердин корутундусу сунуш-көрсөтмө берүү мүнөзүнө ээ, ал эми Директорлор кеңеши, банк Башкармасы тарабынан кабыл алынган бардык чечимдер үчүн жоопкерчилик аталган органдарга жүктөлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-12/34-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Банкта натыйжалуу корпоративдик башкарууну жүзөгө ашырууга багытталган жана бул жобого каршы келбеген ички документтер иштелип чыгышы мүмкүн.  

2-глава. Акционерлердин жалпы жыйыны  

5. Акционерлердин жалпы жыйыны банктын жогорку башкаруу органы болуп саналат.  

6. Банк акционерлеринин жалпы жыйынынын өзгөчө компетенциясына тиешелүү маселелер Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" жана "Акционердик коом жөнүндө" мыйзамдарында аныкталган.  

7. Акционерлердин жалпы жыйынынын өзгөчө компетенциясына кирген маселелерди башка башкаруу органдарына өткөрүп берүүгө жол берилбейт.  

8. Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамына (мындан ары - мыйзам) ылайык, акционерлер банк кардарларынын кызыкчылыктарына доо келтирген иш-аракеттерге жол бербөөгө тийиш.  

9. Убактылуу администрация режими киргизилген мезгил аралыгында акционерлердин жалпы жыйынынын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.  

3-глава. Банктын директорлор кеңеши  

10. Директорлор кеңеши - бул, банктын башкаруу органы, ал Директорлор кеңеши жөнүндө ички жобонун негизинде акционерлердин жалпы жыйыны ортосундагы мезгил аралыгында банкка жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат.  

Банктын Директорлор кеңеши банк ишин стратегиялык жактан башкарууну жүзөгө ашырып, келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөө жана ички контролдоо системасын уюштуруунун негизги принциптерин жана ыкмаларын аныктайт, банктын аткаруу органдарынын ишин контролдойт, ошондой эле башка негизги функцияларды аткарат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-12/34-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

11. Директорлор кеңешинин гана компетенциясына жана жоопкерчилигине кирген маселелер Мыйзамда аныкталган жана анда банктын стратегияларын жана саясаттарын аныктоо, ошондой эле натыйжалуу иштеген аткаруу органдарынын ишин жөнгө салуу, алардын иш-аракеттерин контролдоону камсыз кылуу милдети каралган. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-12/34-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

12. Натыйжалуу корпоративдик башкарууну камсыз кылуу максатында Директорлор кеңеши төмөнкүлөрдү жүзөгө ашыруусу зарыл:  

- банктын уюштуруу түзүмүнүн алкагында ыйгарым укуктарды, жоопкерчиликти жана отчет берүү деңгээлин так белгилөө;  

- натыйжалуу ички контролдук системасын жөнгө салып, анын талапка ылайык иш алып баруусун, иш көлөмүнө, татаалдыгына, тобокелдик түзүмүнө жана мүнөзүнө (профилине) шайкеш келүүсүн камсыз кылуу. Мында тобокелдик мүнөзү - бул, топтолгон, иликтөөгө алынган жана системага салынган маалыматтарга негизденген тобокелдик көрсөткүчтөрүнүн айкалышы, ал банктын иш багыттары боюнча тобокелдикке дуушарлануу ыктымалдыгын түптөлгөн артыкчылыктарды эске алуу менен мүнөздөлөт;  

- келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди натыйжалуу тескөөнүн Улуттук банк белгиленген талаптарга жооп берген принциптерин жана ыкмаларын аныктоо; 

- банктын бардык уюштуруу түзүмдөрүнө стратегиялык максаттар тууралуу маалымдоо боюнча чараларды көрүү;  

- алар банктын күндөлүк ишине, финансылык абалына жана тышкы экономикалык шарттарга шайкеш келүүсүн аныктоо максатында, банктын өнүктүрүү стратегиясына, бизнес-пландарына жана бардык негизги иш түрлөрү боюнча саясаттарына мезгил-мезгили менен (жылына кеминде бир жолу) баа берип туруу;  

- банктын стратегиялык максаттарга жана бизнес-пландарда болжолдонгон көрсөткүчтөргө жетүүсү көз карашынан, банктын күндөлүк ишине жана финансылык жыйынтыгына мезгил-мезгили менен (чейрек ичинде кеминде бир жолу) баа берип туруу;  

- банктын жана анын башкаруу органдарынын иши Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына шайкеш келүүсүн камсыз кылуу;  

- тышкы жана ички аудиторлордун, банктык көзөмөл органдарынын текшерүү ишинин жыйынтыктарын кароо жана тиешелүү чараларды көрүү;  

- калыс жана компетенттүү чечимдерди кабыл алуу үчүн жетиштүү жана такталган маалыматка ээ болуу, ошондой эле банк Башкармасынын, башка башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын сунуш-көрсөтмөлөрү жана сунуштары негиздүү экендигине жана банктын таламдарына жооп бере тургандыгына ынануу;  

- Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн, комитеттеринин ишине баа берүүнүн негизинде иш натыйжалуулугунун деңгээлине, анын банкты өнүктүрүү муктаждыктарына (натыйжалуу башкаруунун кемчиликтерин аныктоо жана тиешелүү түзөтүүчү аракеттерди көрүү) дал келишин мезгил-мезгили менен (жыл ичинде кеминде бир жолу) аныктап туруу; 

- сый акыларды төлөө эрежелери жана тартиби банктын корпоративдик маданиятына, контролдукка алуу чөйрөсүнө, ошондой эле банктын узак мөөнөткө каралган милдеттерине жана стратегияларына шайкеш келүүсүн камсыз кылуу; 

- банктын узак мөөнөттө каралган негизги иш багытын жана алардын көрсөткүчтөрүн белгилөө

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-12/34-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

12-1. Банктын Директорлор кеңеши банк ичинде, ошондой эле аткаруу органдары менен банк кызматкерлери ортосунда таламдардын каршы келип калышын алдын алып, ага бөгөт коюуда негизги ролду ойноого тийиш. Банктын Директорлор кеңеши таламдардын каршы келүүсүн аныктап, ага жол бербөө, банк ишинин ачык-айкындуулугун, маалыматтын өз убагында жана толук чечмеленип берилишин, ошондой эле банк акционерлеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык документтерден тоскоолдуксуз пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн жооптуу болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-12/34-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

13. Ички жана тышкы аудиторлордун ишинин Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана эл аралык аудит стандарттарына шайкеш келиши банкта натыйжалуу корпоративдик башкарууга жетүү үчүн зарыл. Аудит милдеттери төмөнкүлөр аркылуу күчөтүлүшү мүмкүн:  

- банктын финансылык абалынын туруктуулугун камсыз кылуу жана стратегиялык максаттарга жетүү үчүн аудиторлордун иши уюштуруу түзүмүнүн бардык деңгээлдеринде зарыл жана маанилүү экендигин таануу;  

- ички аудиттин көз карандысыздыгын жана шайкештигин бекемдеген чараларды кабыл алуу;  

- банк ишине көз карандысыз баа берүү максатында Директорлор кеңешинин тышкы жана ички аудиторлордун отчетторуна жана сунуш-көрсөтмөлөрүнө өзгөчө көңүл буруусу;  

- аудиторлор тарабынан аныкталган көйгөйлөрдү жөнгө салуу чараларын өз убагында көрүү.  

14. Акционерлердин жалпы жыйынына сунуштоо үчүн тышкы аудиторду тандоодо Директорлор кеңеши аудит жүргүзүүгө жана тышкы аудиттин талаптагыдай сапатын камсыз кылууга сарптоолор балансынын сакталышын эске алууга тийиш.  

15. Өз контролдук милдеттерин бекемдөө максатында Директорлор кеңеши тышкы аудитор (жылына кеминде бир жолу) жана ички аудитор менен (чейрек ичинде кеминде бир жолу) туруктуу негизде жолугушуу өткөрүп туруусу максатка ылайыктуу.  

16. Директорлор кеңеши банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, уюшулган комитеттердин жана кызмат адамдарынын ишин текшерүү үчүн аудиторлорду ишке тартууга укуктуу.  

17. Директорлор кеңеши милдеттүү түрдө төмөнкү комитеттерди түзүүгө тийиш:  

1) банк Башкармасынын банкта орун алган тобокелдиктерди жөнгө салуу ишине контролдукту камсыз кылган Тобокелдиктерди тескөө комитети;  

2) Аудит боюнча комитет;  

3) Дайындоо жана сый акы төлөө боюнча комитет.  

Мындан тышкары банкта Жаңы продукттар боюнча комитет, Комплаенс-контроль комитети жана башка комитеттер түзүлүшү мүмкүн.  

Директорлор кеңешинин комитеттеринин иши Улуттук банктын жана банктын ички документтеринин талаптарына жооп берүүгө тийиш.  

18. Банк корпоративдик башкаруунун таасирин күчөтүү максатында башка комитеттерди да түзүүгө тийиш, атап айтканда: 

- Кредиттик комитет - кредит, гарантия, милдеттенме, кепилдик берүү, ошондой эле маани-маңызы боюнча кредиттик операция болуп саналган жана өзүндө кредиттик жоготуу тобокелдигин камтыган башка активдерге жана милдеттенмелерге тиешелүү бардык маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат. 

- Банктын активдерин жана пассивдерин тескөө комитети - банктын балансынын жалпы түзүмүн контролдойт, активдер жана пассивдер түзүмүнө мониторинг жүргүзөт, ошондой эле Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген активдерди жана пассивдерди тескөө саясатынын талаптарынын сакталышын камсыз кылат. 

Аталган комитеттердин иши Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жана Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген комитеттер тууралуу ички жоболорго ылайык жөнгө салынат. 

Банктагы бардык комитеттерде аталган комитеттердин төрагалары башчылык кылат. 

Комитеттерди алдын ала каралуучу маселе боюнча ар кандай ой-пикирлерди эске алуу менен кылдат талкууга алууга мүмкүндүк бергендей курамда аныктоо зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-12/34-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

19. Банкта түзүлгөн бардык комитеттердин ишин жөнгө салган ички документтерде кеминде төмөнкүлөр белгиленүүгө тийиш:  

- комитетти түзүү жана ишкердикти жүргүзүү максаты;  

- комитеттин ыйгарым укуктары;  

- комитеттин төрагасын дайындоо тартиби;  

- катышуу аркылуу (комитеттин мүчөлөрдүн катышуусу менен) же катышуусуз (комитеттин мүчөлөрдүн катышуусуз, мисалы видео, - аудио конференция ж.б.) отурумдарды өткөрүү, анын ичинде комитеттин мүчөлөрүнө добуш берүү тартиби; 

- отчет берүү тартиби;  

- комитеттин ар бир мүчөсүнүн кабыл алынган жана кол коюлган чечим үчүн жоопкерчилиги.  

Мындан тышкары, бул документтерде отурумда катышкан жана чечим кабыл алган ар бир катышуучуга карата кеминде төмөнкүдөй талаптар коюлууга тийиш:  

- кароого алынып жаткан маселенин маани-маңызын билүүгө;  

- ал кабыл алган чечимдин банк ишине тийгизиши мүмкүн болгон таасирин түшүнүүгө;  

- кабыл алынган чечимден улам келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерге жана кесепеттерге баа берүүгө.  

Комитеттин мүчөсүнүн кароого алынып жаткан маселе боюнча сын-пикирлери жана сунуштары, ошондой эле кабыл алынган чечимге макул эместиги тууралуу пикири добуш берүү учурунда айтылууга жана ал протоколдо чагылдырылууга тийиш. Протоколго отурумда катышкан комитеттин бардык мүчөлөрү жана анын катчысы кол тамга коет. Комитеттин отурумда катышпаган мүчөлөрү протокол жана кабыл алынган чечимдер менен таанышып чыгып, кол тамга коюуга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

20. Директорлор кеңешинин жогору деңгээлдеги жоопкерчилиги жана кеңири мүмкүнчүлүктүү ыйгарым укуктары, анын мүчөлөрү банк ишинин негизги түрлөрү жөнүндө жетиштүү билимге ээ экендигин жана алар башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын пикирине карабастан өз пикирин билдире ала тургандыгын түшүндүрөт. Чечимдерди кабыл алууда Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү калыс болууга жана өз кызыкчылыгында же банктын айрым акционерлеринин, кызмат адамдарынын же үчүнчү жактардын таламында эмес, банктын таламында иш алып барууга тийиш. Кароого алынып жаткан маселе боюнча сын-пикирлер жана сунуштар, ошондой эле кабыл алынган чечимге макул болбогон Директорлор кеңешинин мүчөсү өз пикирин добуш берүү учурунда айтууга жана ал протоколдо чагылдырылууга тийиш. Директорлор кеңешинин отурумунда толтурулган протоколго жана стенографиялык отчетко (катышуучулардын пикиринин тексти жазуу жүзүндө) отурумда катышкан Директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен макулдашылгандан (виза коюулгандан) кийин төрагалык кылган кызмат адамы жана Корпоративдик катчы кол тамга коет. Директорлор кеңешинин отурумда катышпаган мүчөлөрү протокол жана кабыл алынган чечимдер менен таанышып чыгып, кол тамга коюуга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 2021-П-12/51-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

21. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга жооп берүүгө тийиш.  

22. Компетенттүүлүктү, калыстыкты жана көз карандысыздыкты камсыз кылуу максатында, Директорлор кеңешине экономикалык, финансылык, монетардык жана юридикалык маселелер боюнча жалпыга таанымал абройго жана жогору кесиптик тажрыйбага ээ көз карандысыз мүчөлөр шайланууга тийиш. Директорлор кеңешинин кеминде бир мүчөсү мамлекеттик жана/же расмий тилди билген Кыргыз Республикасынын жараны болуусу зарыл.  

Банктын Директорлор кеңешинин курамынын кеминде үчтөн бирин көз карандысыз мүчөлөр түзүүгө тийиш.  

23. Директорлор кеңеши, алып барган иши тобокелдиктерди контролдоо жана ал боюнча чараларды кабыл алууга байланыштуу болгон негизги кызматкерлер тизмесин аныктайт. 

Банктын негизги кызматкерлерине банк Башкармасынын мүчөлөрү, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери (иш багыты боюнча) жана банк тарабынан жүргүзүлгөн операциялар менен бүтүмдөрдү ишке ашырууга катышкан түзүмдүк бөлүмдөрдүн башка кызматкерлери кирет. Негизги кызматкерлер кабыл алынган чечим боюнча ыйгарым укуктардын бөлүштүрүлүшүнө жараша дайындалат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-12/34-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

24. Директорлор кеңеши банктын таламында акыйкат жана акыл ченемдүү иш алып баруусу зарыл жана ал төмөнкүдөй фидуциардык милдеттенмелерди сактоого тийиш:  

1) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын жана банктын уставынын талаптарын сактоо менен өз ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып баруу;  

2) алдыга коюлган милдеттерди жана тапшырмаларды аткаруу максатында ага берилген ыйгарым укуктардан пайдалануу;  

3) белгилүү бир мөөнөт ичинде зарыл жана жеткиликтүү маалымат алуу үчүн бардык жыйынтыктоочу чараларды көргөндөн/күч-аракет жумшоодон кийин өз квалификациясынын жана тажрыйбасынын негизинде тең салмактанган чечимдерди кабыл алуу;  

4) таламдардын каршы келип калышына жол бербөө талаптарын так сактоо;  

5) бир акционердин таламын башка акционерлерден жогору койбой, акционерлерге карата бирдей мамиле кылуу принциптерин сактоо;  

6) Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык кынтыксыз ишкердик абройго ээ болуу; 

7) банк кардарлардын айкын экономикалык мааниге, мыйзамдуу максатка ээ болбогон жана/же алар келечекте банктын кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн болгон бүтүмдөрү жана операциялары (бүтүмдөрү) жүргүзүлүшүнө жол бербөө максатында банкта натыйжалуу контролдоо системасын уюштурууга. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 2021-П-12/51-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

25. ((КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-12/34-3-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

4-глава. Банк Башкармасы  

26. Банк Башкармасы банктын күндөлүк ишине жетекчиликти Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына, Башкарма жөнүндө ички жобого ылайык жүзөгө ашырат жана ал Директорлор кеңешине отчет берет.  

27. Банк Башкармасынын компетенциясына жана жоопкерчилигине тиешелүү маселелер мыйзамдарда белгиленген жана аларда Директорлор кеңеши тарабынан аныкталган стратегияларды жана саясаттарды жүзөгө ашыруу милдеттери каралган.  

28. Натыйжалуу корпоративдик башкарууну камсыз кылуу максатында банк Башкармасы төмөнкүлөрдү ишке ашырууга тийиш:  

- түзүмдүк бөлүмдөрдүн, кызмат адамдардын жана кызматкерлердин жоопкерчилигинин, ыйгарым укуктарынын жана отчет берүүсүнүн так белгиленишин камсыз кылуу;  

- Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген саясаттардын, уюштуруу түзүмүнүн бардык аткаруу деңгээлинде жол-жоболордун жана кызматтык нускоолордун сакталышына натыйжалуу мониторинг жүргүзүү системасын колдонууга киргизүү жана алардын шайкеш иш алып баруусуна мезгил-мезгили менен баа берип туруу;  

- башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн зарыл болгон маалыматтын (финансылык, рынокто орун алган жагдайларга жана шарттарга талдап-иликтөөлөр ж.б.) талапка ылайык даярдалышын жана өз убагында сунушталышын камсыз кылган ишенимдүү маалымат системасын колдонууга киргизүү;  

- Директорлор кеңешине банктын бизнес-планында жана өнүктүрүү саясатында болжолдонгон көрсөткүчтөрдүн аткарылышын баалоо мүмкүнчүлүгүн берген айкын финансылык жана операциялык ишкердик жыйынтыктары камтылган маңыздуу жана так маалымат чагылдырылган күндөлүк иш жөнүндө отчетторду өз убагында сунуштоо;  

- Директорлор кеңешине (жылына кеминде бир жолу) банктын ички контролдук системасына, анын ичинде террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселелери боюнча кылдат баа берүүгө, ошондой эле ички контролдук системасын өркүндөтүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү сунуштоого;  

- мезгили менен Директорлор кеңешине тобокелдиктерди үзгүлтүксүз негизде жөнгө салуу процессинин натыйжалуулугун жана шайкештигин камсыз кылууга мүмкүндүк берген тобокелдиктерди тескөө боюнча отчетторду жана сунуш-көрсөтмөлөрдү берүүгө;  

- Директорлор кеңешине банкта экономикалык жагдай начарлагандыгы же мындай жагдай келип чыгышы ыктымалдыгы тууралуу дароо маалымдоого;  

- Директорлор кеңешине мыйзам талаптарынын, Улуттук банктын ченемдик актыларынын, Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген ички саясаттардын талаптары бузууга жол берилгендиги тууралуу маалымдоого. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

29. Банк Башкармасынын мүчөлөрү Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга жооп берүүгө тийиш.  

30. Өз ишин жүзөгө ашырууда банк Башкармасынын мүчөлөрү алгылыктуу жана коопсуз банктык тажрыйбаны камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоо менен калыс болууга жана биринчи кезекте, өз таламында же банктын айрым акционерлеринин, кызмат адамдарынын же үчүнчү жактардын таламында эмес, банктын таламында иш алып барууга тийиш. Банк Башкармасынын мүчөсүнүн кароого алынып жаткан маселе боюнча сын-пикирлери жана сунуштары, ошондой эле кабыл алынган чечимге макул эместиги добуш берүү учурунда айтылууга жана ал протоколдо чагылдырылууга тийиш. Отурумда толтурулган протоколго жана стенографиялык отчетко кол тамга (катышуучулардын пикиринин тексти жазуу жүзүндө) отурумда катышкан банк Башкармасынын мүчөлөрү менен макулдашылгандан (виза коюлгандан) кийин төрагалык кылган кызмат адамы жана банк Башкармасынын катчысы тарабынан коюлат. Банк Башкармасынын отурумунда катышпаган мүчөлөр протокол жана кабыл алынган чечимдер менен таанышып чыгып, кол тамга коюуга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 2021-П-12/51-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

31. Башкаруу тажрыйбасында төмөнкүлөргө жол берилбейт:  

- коллегиалдуу чечим кабыл алуу учурларын эске албаганда, чечим кабыл алууга функционалдык милдеттерге ылайык тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ эмес банк Башкармасынын мүчөсүнүн катышуусуна;  

- банк Башкармасынын мүчөлөрү тиешелүү квалификацияга жана алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча зарыл көндүмдөргө жана билимге ээ эмес болсо;  

- алардын иш жыйынтыгы банк үчүн олуттуу мааниге ээ банк кызматкерлеринин ишине банк Башкармасынын мүчөлөрү контролдукту жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес болсо (кирешелерди топтоо, жаңы банктык продукттарды колдонууга киргизүү ж.б. көз карашынан алганда).  

32. Банк Башкармасынын мүчөлөрү банктын таламында акыйкат жана акыл ченемдүү иш алып баруусу зарыл жана ал төмөнкүдөй фидуциардык милдеттенмелерди сактоого тийиш:  

- стратегияларды жана саясаттарды жүзөгө ашырууну кошо алганда, өз милдеттерин Кыргыз Республикасынын банктык мыйзам талаптарын, банктын уставын жана чечимдерди (банк акционерлеринин жана Директорлор кеңешинин жалпы жыйынында кабыл алынган) сактоо менен өз ыйгарым укуктарынын чегинде ишкердикти жүргүзүүгө;  

- алдыга коюлган милдеттерди жана тапшырмаларды аткаруу максатында, мыйзамда белгиленген мөөнөт ичинде ага берилген ыйгарым укуктардан пайдаланууга;  

- белгилүү бир мөөнөт ичинде зарыл жана жеткиликтүү маалымат алуу үчүн бардык жыйынтыктоочу чараларды көргөндөн/күч-аракетин жумшоодон кийин өз квалификациясынын жана тажрыйбасынын негизинде тең салмактанган чечимдерди кабыл алууга;  

- таламдардын каршы келип калышына жол бербөө талаптарын так сактоого;  

- акционерлерге, Директорлор кеңешине жана кызмат адамдарга карата бирдей мамиле кылуу принциптерин так сактоого;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык кынтыксыз ишкердик абройго ээ болууга; 

- банк кардарлардын айкын экономикалык мааниге, мыйзамдуу максатка ээ болбогон жана/же алар келечекте банктын кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн болгон бүтүмдөрү жана операциялары (бүтүмдөрү) жүргүзүлүшүнө жол бербөө максатында бардык чараларды көрүүгө

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 2021-П-12/51-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

5-глава. Дайындоо жана сый акы төлөө боюнча комитетке карата негизги талаптар  

33. Дайындоо жана сый акы төлөө боюнча комитет банкта Директорлор кеңешинин иш натыйжалуулугун жогорулатуу жана кабыл алынган чечимдерди оптималдаштыруу үчүн ишкердик түрлөрүнөн көз карандысыз түзүлөт.  

Комитеттин иши банктын негизги кызматкерлерин дайындоо жана аларга сый акынын төлөнүшүнө контролду күчөтүүгө багытталууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-12/34-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

34. Дайындоо жана сый акы төлөө боюнча комитет, банк үчүн зарыл компетенцияга жана квалификацияга ээ адамдарды ишке тартуу, дем берүү жана кызыктыруу үчүн төлөнүүчү жетиштүү сый акы деңгээлин аныктайт, мында сый акы деңгээли чыгым тартууга алып келбөөгө тийиш.  

35. Комитеттин иши Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары жана Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген Комитет жөнүндө ички жобо аркылуу жөнгө салынат.  

36. Комитет, Директорлор кеңешинин кеминде үч мүчөсүнөн турууга жана алардын бири көз карандысыз болууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-12/34-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

37. Комитет, Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарды эске алуу менен банктын негизги кызматкерлеринин курамына талапкерлер боюнча Директорлор кеңешине сунуштарды берет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-12/34-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

38. Комитет Корпоративдик катчы кызмат ордуна талапкерди кароого алып, анын белгиленген талаптарга жооп бере тургандыгына баа берет жана Директорлор кеңешине сунуш-көрсөтмөлөрдү берет.  

39. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө жана негизги кызматкерлерине сый акы төлөө банкта кабыл алынган ички ченемдик актыларга ылайык жүзөгө ашырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-12/34-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

40. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө жана негизги кызматкерлерине төлөнүүчү сый акы өлчөмү алардын натыйжалуу иш алып баруусуна өбөлгө түзүп, аларга дем берген жана компетенттүү, өз ишин жакшы билген кесипкөй адистерди ишке тартууга мүмкүнчүлүк түзгөн чекте аныкталууга тийиш. 

Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө кошумча сый акы өлчөмү финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча банк ишинин натыйжаларын, Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн аталган кеңештин ишине натыйжалуу катышуусун эске алуу менен акционерлердин жалпы жыйынында тиешелүү чечим кабыл алуу аркылуу аныкталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-12/34-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

40-1. Сый акы төлөө системасы, сый акынын банктын иш натыйжаларына жана ошол натыйжаны камсыз кылууда банк кызматкерлеринин кошкон жеке салымына карата негиздүү катышта белгиленишин камсыз кыла алгандай деңгээлде аныкталууга тийиш. 

Банкта сый акы лимити да каралышы зарыл. Лимиттин түзүмүндө банктын ар башка деңгээлдеги кызмат адамдарына сый акы өлчөмүн пропорционалдуу негизде теңдештирүү шарты каралууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-12/34-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

41. Эмгекке төлөө системасы бизнес-стратегияга, тобокелдиктерди жөнгө салуу стратегиясына, банктын максаттарына, баалуулуктарына жана узак мөөнөткө каралган кызыкчылыктарына дал келүүгө, ошондой эле анда таламдардын каршы келип калышына жол бербөө чаралары каралууга тийиш. Дем берүү программалары, анын алкагында чечимдерди кабыл алуу тажрыйбасы белгиленген критерийлерге жооп берген жана кызматчылар жеке өзүнүн же түзүмүнүн кызыкчылыгында гана эмес, банктын таламында (кардарлардын да кызыкчылыгын эске алуу менен) иш алып баруусуна түрткү берген тобокелдиктерди жөнгө салуу ишин жүзөгө ашырууга өбөлгө түзүүгө тийиш. Дем берүү программасында каралган сый акылар (бонустар) кызматчылардын ашкере тобокелдикке баруусуна өбөлгө түзбөөгө тийиш.  

42. Сый акы өлчөмү кызматкер аткарган милдеттер көлөмүнө, ошондой эле орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктин түздөн-түз иш натыйжасына карата катышына жараша болууга тийиш. Келечекте аларды алуу мөөнөтү жана ыктымалдыгы белгисиз болгон кирешелердин эсебинен сый акы төлөө ыкмалары кабыл алынган сапаттык жана сандык көрсөткүчтөрдүн негизинде кылдат кароого алынат. Сый акы төлөө системасында, тобокелдик лимиттерин, ички жол-жоболорду же жөнгө салуу талаптарын бузууга жол берүүнү кошо алганда, бардык тобокелдиктерди эске алуу менен сый акы (бонус) өлчөмүн өзгөртүү мүмкүнчүлүгү каралууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-12/34-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

43. Сый акы төлөө жөнүндө ички ченемдик актыда төмөнкүлөрдү камтуу зарыл:  

- сый акы (бонус) төлөө тартиби жана мезгил аралыгын;  

- келечекте тобокелдиктерди тескөө натыйжасы эске алынган сый акы (бонус) ачык айкын төлөө критерийлеринин системасын;  

- сый акылардын (бонус) өлчөмүн, ошондой эле алардын лимиттерин; 

- тобокелдиктерди кыскартуу чараларын эске алуу менен ("ишенимсиз/жоготуу"), белгилүү бир тобокелдик орун алган учурдан тартып натыйжа алганга чейин сый акынын (бонустун) олуттуу үлүшүн төлөөнү киийнкиге калтыруу шарттарын;  

- алынган натыйжанын негизинде сый акы (бонус) өлчөмүн азайтуу же жокко чыгаруу же болбосо аларды төлөөгө чейин тиешелүү чараларды көрүү шарттарын;  

- иш-аракеттер планын аткаруу жана анын талаптарын сактоо шарттарын/банкттын кабыл алган бюджетин;  

- сый акылардын (бонустардын) төлөнүшүнүн банк ишинин кирешелүүгүнө көз карандылыгы. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-12/34-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

6-глава. Жаңы продукттар боюнча Комитетке карата негизги талаптар  

44. Жаңы продукттар боюнча комитет банкта банктык продукттарды иштеп чыгуу, жаңы продукттарды банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна колдонууга киргизүү, ошондой эле иштелип чыккан жаңы продукттар рыногуна банктын аралашуусун контролдоо боюнча чечимдерди кабыл алуу зарылчылыгы келип чыккан учурларда мыйзам талаптарына ылайык түзүлүшү мүмкүн.  

45. Комитет натыйжалуу, максатка багытталган жана контролдукка алынган алгачкы баа берүү процессин камсыз кылуу, учурдагы ресурстук чектөөлөрдүн чегинде банктык продукттарды же кызмат көрсөтүүлөрдү андан ары иштеп чыгуу, тесттен өткөрүү жана колдонууга киргизүү үчүн жаңы банктык продукттарга тиешелүү чечимдерди кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктарга ээ.  

46. Комитет банктын тигил же бул түзүмдүк бөлүмүн жаңы банктык продуктту иштеп чыгуу процессине тартуу мүмкүнчүлүгүн аныкташы ыктымал.  

47. Жаңы банктык продукттарды иштеп чыгууда жана колдонууга киргизүүдө комитет келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерге жана аларды кыскартуу (азайтуу) ыкмаларына баа берүүгө тийиш.  

48. Комитеттин иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген "Комитет жөнүндө" жобо аркылуу жөнгө салынат.  

49. Комитет Директорлор кеңешинин же/жана банк Башкармасынын мүчөлөрүнөн турууга тийиш.  

50. Жаңы банктык продукттарды иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү чечимин кабыл алууда Комитет өз ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ченемдик актыларынын талаптарын так сактоого тийиш.  

7-глава. Банктын корпоративдик сектору  

51. Банктын корпоративдик катчысы банк акционерлеринин жалпы жыйынын ишин жана Директорлор кеңешинин күндөлүк негизде өз ара натыйжалуу иш алып баруусун камсыз кылат жана уюштурат (отурумдарды өткөрүү жана иш кагаздарын жүргүзүү), ошондой эле акционерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча банктын иш-аракетин координациялайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-12/34-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

52. Корпоративдик катчы банктын кызмат адамы болуп саналат жана ал банктын Директорлор кеңешинин чечими менен кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.  

53. Корпоративдик катчы өз ишин тиешелүү мыйзамга, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына, банктын Уставына жана ички ченемдик актыларына, ошондой эле Акционерлердин жалпы жыйыны жана Директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынган чечимдерге ылайык жүзөгө ашырат.  

Корпоративдик катчы ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жетиштүү билим деңгээлине, тажрыйбага жана квалификацияга жана акционерлердин ишенимдүүлүгүнө ээ болууга тийиш. Корпоративдик катчы белгиленген тапшырмаларды аткаруу үчүн зарыл ыйгарым укуктар жана тиешелүү ресурстар менен камсыз болууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-12/34-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

54. Корпоративдик катчынын ишин башка милдеттер менен айкалышта аткарууга банктын Директорлор кеңешинин макулдугунун негизинде гана жол берилет.  

55. Корпоративдик катчынын функционалдык милдеттери банк тарабынан өз алдынча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана банктын ички ченемдик актыларына ылайык иштелип чыгат.  

56. Корпоративдик катчы банктын таламында акыйкат жана акыл ченемдүү иш алып барууга милдеттүү, мында ал төмөнкүдөй фидуциардык милдеттерди аткарууга тийиш:  

1) өз ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын банктык мыйзам талаптарын, банктын уставын жана ички ченемдик актыларынын талаптарын так сактоо менен аткарууга;  

2) ага берилген ыйгарым укуктардан пайдаланууга;  

3) акционерлерге жана Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө карата бирдей мамиле кылуу принцибин так сактоого;  

4) Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жооп берүүгө

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-12/34-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

57. Корпоративдик катчы банктын Директорлор кеңешинин отурумдарында милдеттүү түрдө стенографиялык протокол (катышуучулардын пикиринин тексти жазуу жүзүндө) толтурууга, ошондой эле жазуу жүзүндө сурамжылоону жана коммуникациялык каражаттарды колдонууну кошо алганда, добуш берүү жыйынтыгынын негизинде протоколдорду даярдоого тийиш.  

Корпоративдик катчы милдеттүү түрдө кол коюлган протокол менен коммуникациялык каражаттарды колдонуу менен Директорлор кеңешинин бардык мүчөлөрүн тааныштырууга тийиш.  

8-глава. Кесиптик этика жана таламдардын каршы келип калышына бөгөт коюу  

58. Банктын стратегиялык максаттарына жетишүүдө маанилүү фактор катары Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын кесиптик этика стандарттарын түптөөгө багытталган иши саналат, алар аркылуу төмөнкүдөй корпоративдик башкаруу аспекттеринин маанилүүлүгү аныкталат:  

- банктын уюштуруу түзүмүнүн бардык деңгээлинде террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселелери боюнча кошо алганда, натыйжалуу ички контролдук системасын камсыз кылуу; 

- алгылыктуу жана коопсуз банктык тажрыйбаны жүргүзүү;  

- банктын таламын банк акционерлеринин, кызмат адамдарынын жана банк ишине таасирин тийгизиши мүмкүн болгон башка адамдардын талапка жооп бербеген же мыйзамсыз иш-аракеттеринен коргоо;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын жана ички документтеринин талаптарын так сактоо;  

- таламдардын каршы келип калышына жол бербөө жана мындай талаш маселелер келип чыгышы мүмкүн болгон жагдайларды жана ишкердик чөйрөсүн табуу;  

- банк ишинин жыйынтыгын гана эмес, стратегиялык максаттарга ылайык келүүсүн жана банктын кесиптик этика стандарттарын сактоосун эске алуу менен кызматчыларга (Директорлор кеңешин жана Башкарманы кошо алганда) эмгек акы, сый акы жана сыйлыктарды белгилөө;  

- банк кызматкерлерине жана кызмат адамдарына кредит берүүдө банк ишинин коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу талаптарын так сактоо;  

- кызматчыларга жетекчилердин мыйзамсыз, талапка жооп бербеген же шектүү иш-аракеттерге жол бергендиги тууралуу тынчсыздануусун билдирүүгө мүмкүнчүлүк берген жана жетекчилик тарабынан басмырлоодон коргоону камсыз кылган механизмдердин болушу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

59. Алардын банктын корпоративдик башкаруу деңгээлине таасирин тийгизүүсүн камсыз кылуу максатында кесиптик этика стандарттары тууралуу бардык кызматчыларга тааныштырылууга жана алар Директорлор кеңешин жана Башкарманы кошо алганда, банктын бардык түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан сакталууга тийиш.  

60. Банкта таламдардын каршы келип калышына жол бербөө, ошондой эле аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактар, банк Башкармасынын, Директорлор кеңешинин мүчөлөрү, башка кызмат адамдар, олуттуу катышуучулар, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн адамдар менен байланыштуу кайсыл болбосун жеке адамдар менен операцияларды жөнгө салуу боюнча мыйзам талаптарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын сакталышын камсыз кылган механизмдер иштелип чыгууга тийиш.  

Таламдардын каршы келип калышына жол бербөө жана идентификациялоо максатында банк кеминде төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:  

- Директорлор кеңешине жана банк Башкармасына таламдардын каршы келип калышына байланыштуу потенциалдуу тобокелдиктер тууралуу маалымдоо жол-жобосун иштеп чыгууга;  

- банктын кызмат адамы жана кызматчылары кызмат ордуна дайындалганга (шайланганга) чейин банкка жакын туугандарынын тизмегин сунуштоого;  

- таламдардын каршы келип калышы орун алган шартта банктын кызмат адамы же кызматкери бул тууралуу банк Башкармасына жана/же Директорлор кеңешине дароо маалымдоого;  

- таламдардын каршы келип калышы тууралуу маалымат базасын жүргүзүүгө;  

- таламдардын каршы келип калышы өз убагында аныкталбаган учурда Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык жооперчиликке тартылат.  

61. Кадр саясаты жагында корпоративдик башкаруу банкта Дайындоолор жана сый акылар боюнча комитеттин түзүлүшүн, ошондой эле төмөнкүлөргө тиешелүү ички документтердин талаптарынын так сакталышын болжолдойт: 

- кызматчыны ишке кабыл алуу жана иштен бошотуу (банк жетекчилигин кошо алганда);  

- кадрларды кызмат ордунан которуу жана жогорулатуу;  

- эмгек акы, сый акы төлөө жана сыйлоо, социалдык төлөөлөр жана жеңилдиктер, Директорлор кеңешин жана банк Башкармасын кошо алганда;  

- кызматкерлерди окутуу (Директорлор кеңешин жана банк Башкармасын кошо алганда);  

- квалификациялуу жана компетенттүү персоналды (жетекчиликти кошо алганда) ишке кызыктыруу боюнча чаралар системасы;  

- банк кызматкерлеринин (Директорлор кеңешин жана банк Башкармасын кошо алганда) өз милдетин талапка ылайык аткарбагандыгы, кабыл алынган кесиптик этика стандарттарын бузууга жол бергендиги үчүн чара колдонуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-12/34-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

9-глава. Банк ишин ачык-айкындуу тескөө  

62. Банк ишин ачык-айкындуу тескөө, банк акционерлерине, аманатчыларына жана башка кредиторлоруна башкаруу органынын ишине мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле натыйжалуу корпоративдик тескөөнү жүзөгө ашырган банк катары аброюн колдоого алат. Бул жаңы кардарларды, инвесторлорду жана өнөктөштөрдү тартууга шарт түзөт.  

63. Банк корпоративдик башкаруунун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында "Коммерциялык банктын ишине тиешелүү маалыматтарды чечмелөөгө карата талаптар жөнүндө" жободо аныкталган корпоративдик башкарууга тиешелүү маалыматтарды расмий сайтында чечмелеп бериши же жылдык жана мезгил-мезгили менен берилүүчү отчетторунда жарыялашы мүмкүн. 

"Коммерциялык банктын ишине тиешелүү маалыматтарды чечмелөөгө карата талаптар жөнүндө" жобого таянуу менен иш алып барган Кыргыз Республикасынын банктары корпоративдик башкаруу жөнүндө маалыматтарды милдеттүү түрдө чечмелөөгө тийиш. 

Банк рынок катышуучуларына маалымдоо максатка ылайыктуу деп эсептеген корпоративдик башкарууга тиешелүү кандай болбосун кошумча маалыматтарды чечмелеп бериши мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-октябрындагы № 2019-П-12/54-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

64. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-октябрындагы № 2019-П-12/54-3-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)