Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Адилет министрилигинде 2004-жылдын 7-октябрында 109-04 номеринде каттоодон өткөрүлгөн 

Улуттук банк Башкармасынын 

2004-жылдын 15-сентябрындагы 

№ 24/4 токтому менен бекитилген 

 

"Кредиттөөдөгү чектөөлөр тууралуу" нускоо 

 

(Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 23-октябрындагы №26/3, 2012-жылдын 16-ноябрындагы №43/1, 2014-жылдын 27-ноябрындагы №53/9, 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5(НПА), 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА), 2019-жылдын 28-июнундагы №2019-П-12\34-3-(НПА), 2020-жылдын 23-декабрындагы №2020-П-12/73-10-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык акыркы токтом 2021-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет, 2021-жылдын 15-декабрындагы №2021-П-12/70-2-(НПА)) 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1.1. Нускоо бардык коммерциялык банктарга жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына (мындан ары -банктар) таркатылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

1.2. Кредиттөө чектерин, ошондой эле банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон талаптарды жана жол-жоболорду белгилөө ушул нускоо максаты болуп саналат. 

1.3. Кредиттөө чектери - бул Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан (мындан ары "Улуттук банк") "бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү" экономикалык ченеми аркылуу бир карыз алуучуга жана анын менен байланыштуу жактарга (мындан ары текст боюнча "бир карыз алуучу") карата тобокелдикти чектөө

 

2. Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченемин эсептөө тартиби 

 

2.1. Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченеми 

(К1) төмөнкү формула боюнча эсептелинет. 

 

К1 = ЧК/НСК * 100%, 

 

мында, чогуу алгандагы карыз же талаптар - ЧК дегенден улам төмөнкүлөр боюнча бир карыз алуучунун жалпы карызын түшүнүү зарыл: 

- кредиттер (төлөө мөөнөттөрүнөн көзкарандысыз); 

- факторинг; 

- финансылык ижара; 

- банктар аралык жайгаштыруулар; 

- карыздык милдеттенмелер формасындагы инвестициялар; 

- алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар; 

- карыз алуучуларга, маңызы боюнча кредитти алмаштыруучу болуп саналган каражаттарды кайсыл болбосун, тике же кыйыр түрдө берүүлөр; 

- ошол карыз алуучуга берилген баланстан тышкаркы милдеттенмелердин (кредиттерди берүүгө гарантиялардын, аккредитивдердин, милдеттенмелердин) суммасы боюнча; 

- банктын үчүнчү тарапка карата кандай болбосун тобокелдике баруусу, ал сөзсүз ошол карыз алуучу тарабынан гарантияланган; 

- мурда алынып салынган кредиттер, анын ичинде пайыздар боюнча. Ар бир карыз алуучунун кредиттик делосунда ошол карыз алуучунун жана анны менен байланыштуу жактардын мурда алынып салынган кредиттери жана ал боюнча пайыздар жөнүндө маалыматтар көктөлүүгө тийиш, анда карыз алуучунун жана аны менен байланыштуу жактардын аты-жөнү, алынып салынган кредиттин жана пайыздардын суммасы, алып салган күндүн датасы жана карыз эмне үчүн алынып салынгандыгынын себептери сыяктуу маалыматтар камтылат. Эгерде бул маалыматтар камтылбаса, анда кредиттик делодо банктын ыйгарым укуктуу адамынын ошол карыз алуучунун жана аны менен байланыштуу жактардын мурда алынып салынган карыздары жок экендиги жөнүндөгү корутундусу болууга тийиш.  

НСК - банктын накта суммардык капиталы. 

2.2. Банк менен байланышы болбогон бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү төмөнкү маанилерден ашпоого тийиш: 

- банктарды кошпогондо, карыз алуучулар үчүн (К1.1.) - 20% ашпаган өлчөмдө

- банктар үчүн (К1.3) - 30% ашпаган өлчөмдө

2.3. Банк менен байланыштуу жактарды кредиттөө тартиби жана чектөөлөр Улуттук банк Башкармасы тарабынан бекитилген, «Банктын аффилирленген жактар жана банк менен байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоого ылайык аныкталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.4. Ушул Нускоодо көрсөтүлгөн экономикалык ченемдерди жана талаптарды аткаруу жана тобокелдиктерди дагы кошумча төмөндөтүү максатында банктарга кредиттөөнүн ички чектерин белгилөө сунуш кылынат, алар Улуттук банк тарабынан ушул Нускоонун 2.2-пунктунда белгиленген чектерден төмөн болууга тийиш. 

 

3. Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченемин эсептөөдөгү өзгөчө учурлар 

 

3.1. Күрөө менен байланыштуу болбогон учурларда: 

3.1.1. Улуттук банктагы корреспонденттик эсептеги каражаттар. 

3.1.2. «Standard and Poors», «Fitch Ratings», «Moodys Investors Service», «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» рейтингдик агенттигинин бири тарабынан ыйгарылган «ВВВ» же «Ваа2» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ болгон коммерциялык банктарга жайгаштырылган каражаттар, ошондой эле ушундай банктар тарабынан гарантияланган кредиттер. Мына ушул өзгөчө учурлар мүмкүндүгүнөн пайдалануу үчүн банктын ыйгарылган рейтингди тастыктоочу тиешелүү документтери болууга тийиш, атап айтканда: рейтингдик агенттиктин аталышы, рейтинг алгачкы ыйгарылган күн жана ыйгарылган рейтинг тастыкталган күн, рейтинг жөнүндө алгылыктуу маалыматтар булагы, ошондой эле банк-корреспонденттин акыркы жылдык отчету. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА), 2020-жылдын 23-декабрындагы №2020-П-12/73-10-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3.1.3. Банктын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Улуттук банктын баалуу кагаздарын же алар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн же Улуттук банктын шартсыз гарантиялары болгон баалуу кагаздарга ээ болуусу аркылуу инвестициялары. 

3.1.4. «Standard & Poor's» рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)», «Moodys Investors Service» сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ өкмөттөргө же борбордук банктарга карата талаптар. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

3.2. Күрөөгө байланыштуу болгон өзгөчө учурлар: 

3.2.1. Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченемин эсептөөдө төмөнкүлөр менен камсыз болгон талаптар гана эске алынбайт: 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Улуттук банктын баалуу кагаздары; 

- ошол банктагы өзүнчө депозиттик эсепте турган каражаттар. 

3.2.2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына карата талаптар же банк тарабынан кабыл алынган жана алар боюнча мамлекеттик гарантиялар болгон баланстан тышкаркы милдеттенмелер. 

3.2.3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Улуттук банктын баалуу кагаздары же алар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн же Улуттук банктын шартсыз гарантиялары болгон баалуу кагаздар менен камсыздалган талаптар. Мында, ошол баалуу кагаздардын рыноктук наркы кредиттин негизги суммасынан кеминде 20% артып турууга тийиш. 

Ушул нускоонун 3.1.3., 3.2.2. жана 3.2.3-пунктчаларында көрсөтүлгөн, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына берилген кредиттер жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилген гарантиялар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын бюджетинде алардын чагылдырылышын тастыктоону кошо алганда, тиешелүү түрдө таризделинүүгө тийиш. Мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилген гарантиялар банктын накта суммардык капиталынын 60% өлчөмүнүн ашпоосу зарыл. 

3.2.4. Ошол банктагы өзүнчө депозиттик эсепте турган каражаттар менен камсыз болгон талаптар. Өзүнчө депозиттик эсеп - жеке адамдын же юридикалык жактын өзүнчө ачылган депозиттик эсеби. Кардарлардын эсептешү эсеби жана банктын корреспонденттик эсеби камсыздоо катары пайдаланылбайт.  

Мында төмөндөгү шарттар аткарылууга тийиш: 

- депозиттик сертификат же депозиттик китепче банктын сактоосунда 

турууга тийиш;  

- кредиттик келишимде жана күрөө жөнүндө келишимде, эгерде карыз алуучу өз милдеттенмелерин аткарбай койгон учурда, анын өзүнчө ачылган депозиттик эсебиндеги акча каражаттарынан банк акцептсиз тартипте өндүрүп алууга укуктуу экендиги каралууга тийиш; 

- банкта тиешелүү жол-жоболор иштелип чыгууга тийиш жана ал келишимде каралган мөөнөт бүткөнгө чейин депозиттин сакталып турушун камсыз кылган ички контролдукту жүзөгө ашыруусу зарыл; 

- талаптарды камсыздоочу депозиттеги каражаттар Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында же болбосо валюталардын жалпыга жеткиликтүү жана так котировкаланышынын негизинде кыргыз сомуна эркин конвертирленүүчү кайсыл болбсун валютада болууга тийиш. Мында, эгерде депозит талап белгиленген валютада болгон болсо, ал талаптын суммасынан кеминде 100%, ал эми талап белгиленген валютадан башка валютадагы депозит - сом түрүндөгү эквивалентте кеминде 120% жабууга тийиш. 

- эгерде, активди камсыздоочу катары активдин валютасынан башка валютадагы акча каражаттары берилген болсо, депозитти жума сайын милдеттүү түрдө кайрадан баалоодон өткөрүү зарыл. 

3.2.5. «Standard & Poor's» рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)», «Moodys Investors Service» сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан же эл аралык финансы институттары (ЕБРР, АБР) тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ өкмөттөр же борбордук банктар гарантиялаган талаптар; 

3.2.6. «Standard & Poor's» рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)», «Moodys Investors Service» сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ өкмөттөр же борбордук банктар бенефициар болуп саналган банк тарабынан кабыл алынган баланстан тышкаркы милдеттенмелер. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.2.7. Банк тарабынан башка банкка кайтара сатып алуу укугусуз сатылган, кредитке катышуу үлүшүнүн суммасы. Бул сатып алып жаткан банк кредит берүү шарттарында кредиттин кайтарылбай калышы тобокелдигин толугу менен өзүнө алат дегенди түшүндүрөт. Кредитке катышуу жөнүндөгү келишимде эгерде, милдеттенмелер аткарылбай калган учурда, ар бир банктын жоготууга учуроо тобокелдиги апардын кредитке катышуусунун пайыздык катышына жараша боло тургандыгы каралышы зарыл. Кредитти алууда Улуттук банктын бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнө чектөөлөр боюнча ченеми сакталууга тийиш. 

 

4. Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченемин эсептөөдөн өзгөчө мүмкүнчүлүктү камсыз кылуучу күрөөгө карата талаптар 

 

4.1. Эгерде, баалуу кагаздар жана/же акча каражаттары күрөөнүн предмети катары колдонулса, анда күрөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык заклад (күрөөгө коюу) түрүндө жүзөгө ашырылат. 

4.2. Эгерде, документтелбеген баалуу кагаздар күрөөнүн предмети катары колдонулса, анда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул күрөө каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документтер банктын колунда болууга тийиш. Мында, банктын күрөөнүн предметинен өндүрүүнүн жүргүзүү талабы биринчи кезекте аткарылууга тийиш экендигин банк кароого тийиш. 

4.3. Күрөө Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Күрөө жөнүндөгү" мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык таризделинет. 

4.4. Күрөө жөнүндөгү келишимде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, күрөөгө коюлгандардын башка жакка күрөөгө коюлушуна жол берилбеши каралууга тийиш. 

4.5. Күрөөнүн предметинин рыноктук наркы төмөндөгөн учурда, банк ушул нускоонун талаптарына ылайык анын наркын көбөйтүүнү жана бул талаптын 10 жумуш күнүнүн ичинде аткарылышын камсыз кылууну дароо талап кылууга милдеттүү

4.6. Банк ушул Нускоонун 3 жана 4-бөлүктөрүндөгү талаптарга ылайык, күрөөнүн сакталып турушу боюнча тиешелүү жол-жоболорду иштеп чыгууга жана ички контролду жүзөгө ашырууга милдеттүү

4.7. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул нускоонун күрөөгө тиешелүү талаптары (күрөөнү каттоодон өткөрүү жол-жоболорун, күрөөгө карата тиешелүү түрдө тастыкталган тескөөчү ыйгарым укуктар боюнча документтердин болушу) аткарылбаса, анда бул талап бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченемин эсептөөдөгү өзгөчө жагдайларга кирбейт. 

4.8. Кредиттин 3 жана 4-бөлүктөрдөгү талаптарга тиешелүү болбогон үлүшү бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченемин эсептөөдө ушул нускоонун жалпы эрежелерине ылайык каралууга тийиш. 

 

5. Концентрациялануу тобокелдигин чектөө боюнча талаптар 

 

5.1. Бир карыз алуучунун банктын накта суммардык капиталынын өлчөмүнүн 10% ашуучу чогуу алгандагы карызы олуттуу (ири) тобокелдик катары каралат. 

5.2. Банктын бардык олуттуу (ири) тобокелдиктеринин жалпы суммасы накта суммардык капиталдын беш эселенген өлчөмүнөн ашпоого тийиш. 

5.3. Ири тобокелдикти түзгөн ар бир талап банктын директорлор Кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш. Директорлор Кенешинин отурумунун протоколунда аны берүү боюнча жактыруу, ошондой эле Директорлор Кеңешинин ар бир мүчөсүнүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгы так көрсөтүлүшү зарыл. 

5.4. Эгерде ал ири тобокелдик аныктамасына дал келсе же ошол абалда сакталып турса, ушул Нускоонун 5.3-пунктунун шарттары ошол карыз алуучуга карата кайсыл болбосун кошумча талаптардын катарына кирет. 

5.5. Бланктык кредиттердин чогуу алгандагы өлчөмү банктын накта суммардык капиталынын өлчөмүнүн 50% ашпоого тийиш. 

Эскертүү: Бланктык кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнө ошондой эле Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтому күчүнө кирген күнгө чейин берилген, күрөө менен камсыздалбаган жана Улуттук банк Башкармасынын аталган токтомунун талаптарына жооп бербеген бардык кредиттер да кирүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги №2019-П-12/22-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

6. Байланыштуу карыз алуучулар тобу 

 

6.1. Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченемин эсептөөдө, эгерде бир карыз алуучунун финансылык жактан оор абалда калуусу башка жактарга төлөө көйгөйүн алып келиши мүмкүн болсо, анда карыз алуучулардын карызы суммаланып, байланыштуу бирдиктүү чогуу алгандагы карыз катары каралууга тийиш. 

6.1.-1. Ушул нускоонун максаттарында «карыз алуучу» катары, банк аларга кредит/кредитти алмаштыруучуну жана/же өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди (инвестиция, товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн алдын ала төлөөлөр ж.б. түрүндө) сунуштаган адамды/адамдар тобун түшүнөбүз. 

6.1.-2. Банк, өз ара байланыштуу жактар бир жак катары каралган талапты сактоо менен инвестициялоону жүзөгө ашырышы мүмкүн (анын ичинде кредиттерди/кредитти алмаштыруучуларды берүү, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди жайгаштыруу).  

6.1.-3. Кредиттөөдө концентрациялануу тобокелдигин тескөө айрым карыз алуучулар ортосунда потенциалдуу байланыштуу болууга тийиш, анткени кредит алууда банк менен өз-өзүнчө иш алып барган эки (жана андан көп) карыз алуучу өз ара байланыштуу болгон бирдиктүү юридикалык жана экономикалык тобокелдикти шартташы мүмкүн. 

Өз ара байланыштуу карыз алуучуларды аныктоодо консолидацияланган отчетту сунуштаган жана/же сунуштоо болжолдонуп жаткан компаниялар тобун гана кароого алуу жетишсиз. Карыз алуучулардын байланыштуулугу/өз ара байланыштуулугу, мисалы, биргелешип ээлик кылуу, контролдоо же тескөө катары болушу мүмкүн. Утурлама гарантиялар да карыз алуучулардын өз ара байланыштуулугу көрсөткүчү катары кызмат кылышы мүмкүн.  

Банк өз иш тажрыйбасында карыз алуучуларга байланыштуу тобокелдиктерди аныктоо үчүн алардын кайсы болбосун маалыматты бурмалоосун жана/же сунуштабай койгондугун (карыз алуучулар ортосунда байланышты жашыруу максатында) аныктоо үчүн кылдат кароого алууга жана мүмкүн болушунча бардык күч-аракетин жумшоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

6.2. Атап айтканда, ар кандай карыз алуучулардын карызы эгерде: 

- бир карыз алуучу башкасы контролдукка алат; 

- кредит толук шериктештикте иш алып баргандарга жана ошол толук шериктештиктин катышуучусуна (толук шерикке) берилген болсо; 

- (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготкон)

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары контролдоочу жак же олуттуу катышуучу болгон учурларды эске албаганда, алар эң аз дегенде бир контролдоочу жакка же олуттуу катышуучуга ээ;  

- бир нече карыз алуучулар ортосунда олуттуу түрдөгү финансылык өзара көзкарандылык орун алса. Өзара кызматташтык жөнүндө келишимди кошо алганда, олуттуу түрдө финансылык өзара көзкарандылык, эрежедегидей эле, эгерде, бир карыз алуучунун жылдык дүң кирешесинин/чыгашасынын 50 же андан көп пайызы же келип түшкөн башка каражаттары же төлөмдөрү башка карыз алуучулар менен бүтүмгө келишүүдөн улам келип чыккан учурда гана орун алат; 

- карыз алуучу кредиттик каражаттарды жалпы ишканага же жалпы ишке катышуу үчүн пайдаланган же экөөсү тең бир эле төлөөнүн экинчилик булагына (күрөөгө) таянган жагдайды кошо алганда, кредитти төлөө үчүн бир эле булак пайдаланылат; 

- карыз алуучулардын бири экинчисинин милдеттенмесин гарантиялаган (кросс гарантия) же ошол эле үчүнчү жак эки карыз алуучунун тең гаранты болуп санала турган болсо; 

- бир же бир нече карыз алуучу тарабынан алынган каражаттар үчүнчү жактын (банк тарабынан бул үчүнчү жакка карата талап коюлганбы же коюлган эмеспи, ага карабастан) тике пайдасы үчүн колдонулса, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан тышкары, же каражаттар же ошол алынган каражаттарга сатылып алынган активдер үчүнчү жакка берилсе, бул жерде андан бизнестин жүрүшүндө товарлар же кызмат көрсөтүүлөр сатылып алынган учурлар эске алынбайт. 

- алар бир карыз алуучуга ээ, мында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы күрөө коюучу катары болуп саналган жагдайлар эске алынбайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

7. Белгиленген чектөөлөргө ылайык келбей калган учурларда ушул Нускоонун талаптарын колдонуунун тартиби 

 

7.1. Эгерде, бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү банк ишинде тобокелдик келип чыккан учурунда ушул Нускоодо белгиленген чектөөлөрдү аткарууга мүмкүндүк берип, бирок кийинчерээк алардан артса (мисалы, алмашуу курсу өзгөргөн учурда), анда банк бул факт тууралуу Улуттук банкка дароо билдирүүгө милдеттүү. Улуттук банк таасир этүү чаралары колдонуусуз эле, ошол ылайык келбеген шартты четтетүүгө боло турган мерчемдүү мезгил аралыгын белгилеши мүмкүн. 

7.2. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготкон)

7.3. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготкон)

 

8. Отчеттуулук 

 

8.1. Банк туруктуу негизде маалымат базасын толуктап турууга жана байланыштуу карыз алуучулар тобун эсепке алуу журналын жүргүзүүгө милдеттүү, анда ар бир карыз алуучуга жана ал менен байланыштуу жакка карата бардык талаптар тууралуу маалымат камтылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

8.2. Банк Улуттук банкка ар бир айдын акыркы күнүн кошо алгандагы абал боюнча бардык ири тобокелдиктер тууралуу маалыматты берип турууга тийиш (1-тиркеме). 

8.3. Банк Улуттук банкка ушул Нускоонун 3.1.2-пунктуна ылайык рейтингге ээ болгон бардык банк-корреспонденттер жөнүндөгү маалыматты ар бир айдын акыркы күнүн кошо алгандагы абал боюнча берип турууга тийиш (2-тиркеме). 

8.4. Ушул Нускоонун талаптарына дал келбей калуу учурлары келип чыккан шартта, банк Улуттук банкка алар жөнүндө маалыматты ар бир айдын акыркы күнүн кошо алгандагы абал боюнча берет (3-тиркеме). 

 

9. Башка талаптар 

 

9.1. Банктын директорлор Кеңешинин жана Башкармасынын кредит берүү боюнча коллегиалдуу органынын курамына кирген жана ушул Нускоонун талаптарын бузууга жол берүү менен кредиттин берилишин жактырган мүчөлөрү, банкка карыздардын ушул талап же операциялар боюнча кайтарылышы үчүн жоопкерчилик тартышат. 

9.2. Эгерде, кредитти берүү же операцияларды жүргүзүү ушул Нускоонун талаптарын бузуу менен жүзөгө ашырылса жана анын натыйжасында банк жоготууга дуушар болгон болсо, анда банктын Директорлор Кеңешинин жана Башкармасынын кредит берүү боюнча коллегиалдуу органынын курамына кирген, операцияны жактырган ар бир мүчөсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. 

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 15-сентябрындагы N 24/4 токтому менен бекитилген "Кредиттөөдөгү чектөөлөр тууралуу" Нускоого карата 

1-тиркеме 

   

Карыз алуучунун аталышы 

Карыз алуучу жөнүндө маалымат 

Компаниянын банк ээлик кылуучу финансылык катышуусунун (акциясынын үлүшү

Банктын компания же жеке адам ээлик кылган акцияларынын үлүшү 

Чогуу алгандагы карыз 

Тобу 

Кредиттер жана финансылык ижара 

Пайыздык ставка 

Жана башка активдер 

Пайыздык ставка 

Баланстан тышкаркы милдеттенме 

Бардыгы болуп 

Классификациялоонун категориясы 

Мөөнөтү өтүп кеткен карыз (күн боюнча) 

10 

11 

12 

13 

А карыз алуучу жана аны менен байланыштуу тарап 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

А карыз алуучу 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

В байланыштуу компаниясы 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

С байланыштуу компаниясы 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

... 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

X карыз алуучу жана аны менен байланыштуу жак, бардыгы болуп X карыз алуучу 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Ү байланыштуу коипаниясы 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Z байланыштуу компания 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

... 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

.. 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

.. 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

15 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

16 

Бардык ири тобокелдиктердин жалпы суммасы 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

17 

Бир карыз алуучуга карата эң ири карыз 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

 (*) Эгерде, банкта ири тобокелдиктер жок болсо же алар 15тен аз болсо, анда толтурулгандан кийин калган башка тилкелерде чогуу алгандагы эң чоң  карыз кемүү тартибинде көрсөтүлөт. Эгерде, банкта 15тен көп ири тобокелдиктер болсо, анда алардын жооптуу кызмат адамынын электрондук кол тамгасы коюлган тизмесин электрондук форматта, ушул эле тартипте жана формада өзүнчө көрсөтүү зарыл . 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-декабрындагы № 2021-П-12/70-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

 

 

   

 

 

 

Банк -корреспонденттер жөнүндө маалымат 

(Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы №2019-П-12\34-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык

  

  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 15-сентябрындагы № 24/4 токтому менен бекитилген «Кредиттөөдөгү чектөөлөр тууралуу» нускоого карата 

2-тиркеме 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

(миң сом) 

№ п/п 

Банктын 11 белгиден турган SWIFT-коду/Идентификациялык коду (банк эмес уюмдар үчүн ) 

Банктын аталышы / Юридикалык жактын аталышы (банк эмес уюмдар үчүн

Топ  

Орун алган өлкөсү  

Рейтинг агенттигинин аталышы  

Ыйгарылган рейтинги (эгерде, болсо) 

Рейтинг ыйгарылган күн 

Валютасы 

 

Бардыгы болуп 

РППУ 

номиналында 

cом түрүндө 

номиналында 

сом түрүндө 

10 

11 

12 

13 

1. 

 

Банк 1 

  

 

  

 

  

  

 

 

 

 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

 

 

 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

 

 

 

2. 

  

Банк 2 

  

  

  

  

  

  

  

  

 

 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

 

 

 

  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 15-сентябрындагы N 24/4 токтому менен бекитилген "Кредиттөөдөгү чектөөлөр тууралуу" Нускоого карата 

3-тиркеме 

Ушул Нускоонун талаптарына ылайык келбей калган учурлар жөнүндө 

МААЛЫМАТ 

  

Карыз алуучунун жана аны менен байланыштуу тараптын аты 

Чогуу алгандагы карыздын отчеттук датага карата калыдыгы (ЧК) (миң сом) 

Нормативден ашык сумма, (миң сом) 

Келишим боюнча төлөө датасы 

Пролонгациянын саны 

Классификация 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Жалпы чогуу алгандыгы карыз