Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде  

2004-жылдын 23-августунда каттоодон өткөн  

Каттоо номери 94-04  

   

Кыргыз Республикасынын   

Улуттук банк Башкармасынын   

2004-жылдын 21-июлундагы №18/2   

токтому менен бекитилген   

    

Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын   

жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча  

нускоо  

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 23-октябрындагы №26/3 токтому (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2004-жылдын 19-ноябрында 132-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн), Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 10-июнундагы №26/2 токтому (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2009-жылдын 10-июлунда 72-09 номеринде каттоодон өткөртүлгөн), Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 26-августундагы №35/4, 2012-жылдын 25-апрелиндеги №18/9, 2012-жылдын 16-ноябрындагы №43/1, 2012-жылдын 12-декабрындагы №48/10, 2015-жылдын 15-апрелиндеги №22/7, 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/23, 2016-жылдын 27-апрелиндеги №19/6, 2016-жылдын 15-июнундагы №25/1, 2016-жылдын 14-декабрындагы №48/11, 2017-жылдын 26-апрелиндеги №17/13, 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА), 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-12/33-6-(НПА), 2018-жылдын 26-декабрындагы №2018-П-12/58-10-(НПА), 2019-жылдын 14-мартындагы №2019-П-12/11-1-(НПА), 2019-жылдын 10-апрелиндеги №2019-П-12/19-3-(НПА), 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 2019-П-12/20-2-(НПА), 2019-жылдын 28-июнундагы №2019-П-12\34-3-(НПА), 2019-жылдын 27-декабрындагы №2019-П-12/68-2-(НПА), 2020-жылдын 23-декабрындагы №2020-П-12/73-10-(НПА), 2021-жылдын 15-сентябрындагы №2021-П-12/51-1-(НПА), 2021-жылдын 15-декабрындагы № 2021-П-12/70-3-(НПА), 2022-жылдын 23 мартындагы №2022-П-12/17-4-(НПА), 2022-жылдын 23 мартындагы №2022-П-12/17-6-(НПА) токтомдору менен бекитилген)  

    

1. Жалпы жоболор  

  

1.1. Бул нускоо коммерциялык банктардын капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын жана капиталынын түзүмүн аныктайт.  

Бул нускоо коммерциялык банктарга, анын ичинде «ислам терезесине» ээ банктарга жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкына, ошондой эле «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсына капитал түзүмүн, өздүк (регулятивдик) капиталдын минималдуу өлчөмүн жана капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенттерин эсептөө тартибин аныктоо, ошондой эле баланстык активдерге жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерге тобокелдик деңгээли боюнча баа берүү боюнча таркатылат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

1.2. Банктык көзөмөл органдары үчүн капитал, банкты олуттуу тобокелдүү жагдайлардан жана финансылык туруксуздуктан (төлөөгө жөндөмсүздүктөн) алдын алган каражат болуп саналат. Ушул себептен улам банктык көзөмөл органдары, банктардын төлөөгө жөндөмсүздүк абалы келип жетүү коркунучусуз мүмкүн болуучу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга жөндөмдүү шайкеш капиталга ээ болуусуна кызыкдар.    

1.3. “Капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги)” термини банктын жалпы ишенимдүүлүгүн, анын тобокелдикке дуушар болуу деңгээлин чагылдырат. Капиталды жоготуулардан жана төлөөгө жөндөмсүздүк абалынан коргоо каражаты катары чечмелөө, капиталдын чоңдугу жана банктын тобокелдикке дуушар болуусу ортосундагы тике көз карандылыкты шарттайт, башкача айтканда, капиталдын чоңдугу тобокелдиктин жогорку деңгээли менен коштолгон банктык операциялардын өлчөмүнүн көбөйүүсүнө шайкеш болууга тийиш.    

   

2. Капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештик) стандарттары  

  

2.1. Капиталдын минималдуу өлчөмү:   

2.1.1 Банктардын (чет өлкө банктарынын филиалдарын кошо алганда) уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү.   

2.1.2. Өздүк (жөнгө салуучу) капитал Биринчи деңгээлдеги капитал болуп саналат.    

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА), 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-12\34-3-(НПА), 2021-жылдын 15-сентябрындагы №2021-П-12/51-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)  

2.2. Тобокелдик деңгээли боюнча баланстык активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин салмактанып алышына негизденген капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенттери:   

а) суммардык капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенти (К2.1) төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

 

К2.1 = (ЧСК / (ЧРА + П * Кор))*100%, мында: 

 

ЧСК  

– 

таза суммардык капитал, ал Биринчи деңгээлдеги капиталдын жана Экинчи деңгээлдеги капиталдын суммасы катары аныкталат. 

ЧРА 

– 

потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабуу үчүн каралган атайы камдарды минуска чыгаруу менен тобокелдик деңгээли боюнча салмактанган баланстык активдердин жана баланстан тышкары милдеттенмелердин суммасы. 

П 

– 

коммерциялык банктар үчүн - 8,33 (100%:12%), системалуу мааниге ээ банктар үчүн - 7,14 (100%:14%) чегинде белгиленген көрсөткүч (суммардык капитал шайкештиги коэффициентине көбөйтүлүүчү сан); 

Кор 

– 

операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн камга коюлган капитал өлчөмү. Базалык индикативдик ыкманы пайдалануу менен операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн камга коюлган капиталды эсептөө Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген Банктардын операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал деңгээлин аныктоо тартибине ылайык жүзөгө ашырылат. 

 

б) Биринчи деңгээлдеги капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенти (К2.2) төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

 

К2.2 = (КПУ / ЧРА) *100%, мында: 

 

КПУ 

– 

Биринчи деңгээлдеги капитал, ушул Нускоонун 3.6-пунктуна ылайык аныкталат. 

 

в) Биринчи деңгээлдеги Базалык капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенти (К2.3) төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

К2.3 = (БКПУ / ЧРА) *100%, мында 

БКПУ Биринчи деңгээлдеги Базалык капитал. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) банктардын тобокелдиктерине жана системалуу маанилүүлүгүнө баа берүүлөрдүн негизинде капиталдын шайкештик коэффициентинин минималдуу өлчөмүн көбөйтүүгө укуктуу.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-12\34-3-(НПА), 2019-жылдын 27-декабрындагы №2019-П-12/68-2-(НПА), 2021-жылдын 15-сентябрындагы №2021-П-12/51-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык

2.3. Левераж (К2.4) төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

 

К2.4 = (КПУ / (СА+ЗО) *100%, мында: 

 

СА 

– 

материалдык эмес активдерди жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга атайын камдарды минуска чыгаруу менен банктын суммардык активдери; 

ЗО 

– 

ушул Нускоодо аныкталган кредиттик конверсиянын факторлорун эске алуу менен ал боюнча банк кардарга алдын ала билдирүүсүз кайсы болбосун учурда шартсыз кайтарып алуу/жокко чыгаруу укугуна ээ, аларга карата мындай баланстан тышкаркы милдеттенмелердин жалпы суммасынын 10% өлчөмүндө кредиттик конверсия фактору колдонулушу мүмкүн болгон ошол милдеттенмелерди кошпогондо, баланстан тышкаркы милдеттенмелер. 

Мында, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдардын суммасы баланстан тышкаркы милдеттенмелерден (кредиттик конверсия факторлору колдонулгандан кийин) өлчөнгөн баланстан тышкаркы милдеттенмелер суммасынын чегинде алынып салынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-12\34-3-(НПА), 2019-жылдын 27-декабрындагы №2019-П-12/68-2-(НПА), 2021-жылдын 15-сентябрындагы №2021-П-12/51-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык

2.4. Банктын финансылык туруктуулугун жана ишинин туруктуулугун сактоо максатында, дивиденддерди төлөө үчүн «банк капиталынын кошумча запасын» («капитал буфери» индекси) колдоо жөнүндө талап белгиленет. «Капитал буфери» индекси таза Суммардык капиталдын потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга атайы камдарды минуска чыгаруу менен тобокелдик деңгээли боюнча салмактанган баланстык активдерден аныкталат. «Капитал буферинин» индексинин мааниси Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан белгиленет.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА), 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-12/33-6-(НПА), 2019-жылдын 14-мартындагы №2019-П-12/11-1-(НПА), 2019-жылдын 27-декабрындагы №2019-П-12/68-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)  

2.5. Эгерде, дивиденддердин төлөөгө пландаштырылган суммасын алып салууну эске алуу менен эсептелген «капитал буферинин» индекси Улуттук банк белгилегенден төмөн мааниде болгон шартта, Банк дивиденддерди төлөө жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу эмес.  

Дивиденддер төлөнгөндөн кийин «капитал буферинин» индекси Улуттук банк белгилегенден төмөн мааниде болбоого тийиш.  

Банк уставдык капиталын бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен көбөйткөн учурларын эске албаганда, ошондой эле дивиденддердин төлөөгө пландаштырылган суммасын алып салууну эске алуу менен эсептелген «капитал буферинин» индексинин мааниси сакталган шартта, төлөөгө Улуттук банктын уруксатын алууга тийиш.    

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА), 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-12/33-6-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)  

2.6. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-12/33-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)  

  

3. Капитал түзүмү  

  

3.1. Капитал негизин банктын толугу менен төлөнгөн уставдык капиталы түзөт. Банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин стандарттарына ылайык, уставдык капитал  бул «бардык өлкөлөрдүн банк тутуму үчүн жалпы болгон капиталдын негизги элементи; ал банктар тарабынан жарыяланган отчеттордо так чагылдырылат жана капиталдын шайкештигине рыноктук баа берүүгө негизденген база болуп саналат; ал банктын пайда алуу жана атаандашууга жөндөмдүүлүк көрсөткүчүн аныктоо үчүн чечүүчү мааниге ээ».   

3.2. Капиталдын курамына ал боюнча банк акционерлери тарабынан салынган каражаттарды кайтаруу боюнча милдеттенмелер жок уставдык капитал (жөнөкөй жана артыкчылыктуу акциялар) гана кирет. Акционерлер бул каражаттарды акцияларды үчүнчү жактарга өткөрүп берүү же сатуу аркылуу гана алышы мүмкүн.  

3.3. Банк өздүк акцияларды күрөө катары кабыл алууга укугу жок.   

3.4. Банктык көзөмөл максаттарында банктын иш процессинде келип чыгышы мүмкүн болгон чыгымдардын ордун жабуу мүмкүнчүлүгү капиталды түзүүчүлөрдүн айырмалоочу белгиси болуп саналат. Ушул себептен капитал шайкештигине баа берүүдө капитал курамына айрым «капиталдык эмес» бухгалтердик эсептер камтылат (мисалы, «Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга жалпы кам» жана «Субординацияланган облигациялар жана башка карыздык милдеттенмелер»).  

3.5. Банктык капитал, капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенттерин эсептөө максатында Биринчи деңгээлдеги капиталга жана Экинчи деңгээлдеги капиталга бөлүнөт.   

3.6. Биринчи деңгээлдеги капитал банктын күндөлүк ишинде чыгымдардын ордун жабууну камсыздоо үчүн зарыл.  

Биринчи деңгээлдеги капитал төмөнкү элементтерден турат:  

- Биринчи деңгээлдеги Базалык капиталдан;  

- Биринчи деңгээлдеги Кошумча капиталдан.  

3.7. Биринчи деңгээлдеги Базалык капиталдын түзүмү төмөнкү элементтерден турат:  

1) «жөнөкөй акциялар»  банк тарабынан чыгарылган, мыйзамдарда белгиленген шарттарга жооп берген жана толугу менен төлөнгөн жөнөкөй акциялар;  

2) «артыкчылыктуу кумулятивдик эмес акциялары»  банк тарабынан чыгарылган, мыйзамдарда белгиленген шарттарга жооп берген жана толугу менен төлөнгөн, банктан дивиденддердин бөлүштүрүлүшүн талап кылбаган артыкчылыктуу акциялар.  

Дивиденддерди бөлүштүрүү милдеттүү болуп саналган жагдайлар/шарттар келип чыккан учурда мына ушундай артыкчылыктуу акциялар жана ошол акциялар боюнча номиналдан үстөк салынган капитал Биринчи деңгээлдеги Кошумча капиталда же Экинчи деңгээлдеги капиталда эске алынууга тийиш;  

3) «номиналдан үстөк салынган капитал»  Биринчи деңгээлдеги Базалык капиталда камтылган жөнөкөй жана артыкчылыктуу акциялардын сатуу баасы менен алардын эмиссия жыйынтыгы боюнча номиналдык наркы ортосундагы айырма.  

Номиналдан үстөк салынган капитал акционерлерге дивиденд түрүндө бөлүштүрүлбөйт жана ал банкта калат.  

Улуттук банктын кат жүзүндөгү макулдугу боюнча номиналдан үстөк салынган капитал уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү боюнча талапты сактоо максатында гана уставдык капиталды көбөйтүүдө колдонулушу мүмкүн;  

4) «банктын келечектеги керектөөсү үчүн кам»  келечекте жана/же күтүүсүз жагдайларга каралган, салык төлөөдөн кийин пайданын эсебинен түзүлгөн кам;  

5) «өткөн жылдардын бөлүштүрүлбөгөн пайдасы (чыгымы)»  жарыяланган дивиденддер эсептен чыгарылып, башка капиталдык эсептерге бөлүштүрүлүп, салык төлөнгөндөн кийин калган таза пайда (чыгым).  

3.8. Биринчи деңгээлдеги кошумча капиталдын түзүмүнө төмөнкү элементтер кирет: 

1) «жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан салынган кошумча капитал» бул, жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан төлөнгөн уставдык капиталдан үстөк салынган каражаттар. Ал эми бул каражаттарды салуу зарылчылыгы Улуттук банктын өздүк (регулятивдик) капиталдын (Биринчи денгээлдеги капиталдын) минималдуу өлчөмү жана/же экономикалык ченемдер боюнча белгиленген талаптарын банк аткарбай койгон учурда жана/же аларды аткарбай коюу тобокелдигинин орун алышы, анын ичинде Улуттук банктын талабы боюнча, жана/же уставдык капиталды Улуттук банк белгилеген мөөнөттө көбөйтүү зарылчылыгы шартында келип чыгат. Бул каражаттар банк жеке адамдар жана юридикалык жактар менен банк акцияларын салынуучу каражаттарды кайтарылып алынгыс (кандай болбосун жагдайда), мөөнөтү белгиленбеген шарттарда, ошондой эле банк банкроттук абалда калган учурда ошол каражаттар боюнча талаптар банктын акционерлеринин талаптарындай эле кезектүүлүктө канаттандырылып берилиши шартында сатып алуу эсебинен каражат салуу тууралуу келишим түзгөн шартта гана чегерилет. Кошумча капитал өлчөмү банк ушул талаптар жана ченемдер боюнча минималдуу чекти (маанини) аткаруусу үчүн жетиштүү болууга тийиш. Кийинчерээк, жеке адамдар жана юридикалык жактар кошумча салган каражаттар жөнөкөй жана/же артыкчылыктуу акцияларга өзгөртүлүп, алардын ээлери сунушталган ошол каражат суммасына чыгарылган акцияларды талашсыз сатып алуу укугуна ээ болот; 

2) «биринчи деңгээлдеги кошумча капитал критерийлерине ылайык келген, бирок Биринчи деңгээлдеги базалык капитал үчүн алгылыксыз болгон артыкчылыктуу акциялар». Бул статьяда артыкчылыктуу акциялар алардын номиналдык наркынан жогору төгүлгөн сумманы эске алуу менен көрсөтүлөт;  

3) «капиталдын башка инструменттери» капиталдын сыяктуу эле, карыздык милдеттенмелер белгилерине ээ инструменттер. Аларга мөөнөтсүз субординацияланган карыз кирет. 

Субординацияланган карыз деп күрөө менен камсыздалбаган, кредиторлордун талабы боюнча мөөнөтүнөн мурда төлөнүүгө тийиш болбогон, банк жоюлуп кеткен шартта ал боюнча талаптар кредиторлордун жана аманатчылардын бардык талаптары канааттандырылгандан кийин, бирок банктын акционерлери менен эсептешүүлөргө чейин акыркы болуп орду жабылуучу милдеттенмелерди түшүнүүгө болот. 

Биринчи деңгээлдеги кошумча капиталдын банк тарабынан эмитирленген инструменттери аларга карата белгиленген критерийлерге жооп берүүгө тийиш.   

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-декабрындагы №2020-П-12/73-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

3.8-1. Биринчи деңгээлдеги Кошумча капитал элементтери боюнча төмөнкү критерийлерге жооп берүүгө тийш:  

1) чыгарылган жана төлөнгөн болушу зарыл;  

2) субординацияланган болууга тийиш, башкача айтканда ушул инструменттер боюнча талаптар аманатчылардын, негизги кредиторлордун жана банктын субординацияланган карызы боюнча бардык кине коюулар канаттандырылгандан кийин акыркы болуп канаттандырылууга тийиш;  

3) инструмент банктын/банктын байланыштуу жактарынын милдеттенмелери боюнча камсыздоо же алардын гарантиясынан болууга тийиш эмес, ошондой эле укуктук же экономикалык мамилелерде талаптарды биринчи кезекте канааттандырууга банкты милдеттендириши мүмкүн болгон кандайдыр бир талаптарда/шарттарда камтылбоосу зарыл;  

4) мөөнөтсүз, б.а. төлөө күнү белгиленбеген болууга тийиш;  

5) эмитент тарабынан анын демилгеси боюнча кеминде беш жылды түзгөн минималдуу мөөнөт өткөндөн кийин гана сатылып алынышы же төлөнүшү мүмкүн. Мында:  

а) банк инструментти чыгарууда анын кайра сатылып алынышын болжолдоо менен кандайдыр бир аракеттерди көрүүгө тийиш эмес;  

б) төмөнкү учурларда гана сатып алууга/ төлөөгө жол берилет:  

- көрсөтүлгөн ошол инструментти алмаштыруу банк капиталы үчүн ишенимдүү болгон шарттарда ишке ашырылган болсо, инструментти ошондой эле же болбосо андан алда канча сапаттуу башка инструментке алмаштырууга;  

- Улуттук банктын капитал боюнча минималдуу талаптарын бузууга жол берилбейт;  

- Улуттук банктын алдын ала макулдугун алуу;  

6) негизги сумманын ордун жабуу (мисалы, сатып алуу же төлөп берүү ыкмасында) Улуттук банктын алдын ала макулдугу негизинде гана ишке ашырылууга тийиш. Банктар бул учурда Улуттук банк тарабынан макулдук берилет деп болжолдоого же үмүт артып күтүүгө тийиш эмес;  

7) дивиденддердин/пайыздарды төлөнүшүнө карата тандоо укугу:  

а) банк кандай болбосун учурда дивиденддерди/пайыздарды төлөөнү жокко чыгаруу укугуна ээ болууга тийиш;  

б) дивиденддерди жана төлөмдөрдү төлөөнү жокко чыгаруу чечиминин кабыл алынышы банктын милдеттенмелерди аткара албай калышы же төлөөгө жөндөмсүздүгү катары каралууга тийиш эмес;  

в) аткаруу мөөнөтүнүн келип жетишине жараша башка милдеттенмелерди төлөнбөгөн дивиденддер эсебинен аткаруу мүмкүнчүлүгү;  

г) дивиденддерди/төлөмдөрдү төлөөнү жокко чыгаруу, банкка карата чектөөлөрдүн белгиленишине алып келбөөгө тийиш. Ошондой эле, жөнөкөй акциялар боюнча дивиденддерди төлөө боюнча чектөөлөр белгилениши мүмкүн;  

8) эгерде милдеттенмелердин мындай жогорулоосу мыйзам талаптарына ылайык төлөөгө жөндөмсүздүк белгиси болуп саналса, инструменттин бир бөлүгү милдеттенмелерде камтылышы мүмкүн эмес;  

9) банктын Биринчи деңгээлдеги Базалык капиталынын коэффициенти 5,125% чейин төмөндөсө, анда банк ошол инструменттерди жөнөкөй акцияларга конвертациялоого же алар боюнча чыгымды бөлүштүрүү аркылуу ошол инструменттерди эсептен алып салуу укугуна ээ болууга тийиш.   

Эсептен алып салуу төмөнкүдөй натыйжаларга алып келиши мүмкүн:  

а) банкты жоюуда мындай инструменттер боюнча талаптарды кыскартуу;  

б) инструментти сатып алууда төлөнүүчү сумманы азайтуу;  

в) пайыздар/дивиденддер боюнча төлөмдөрдүн бөлүгүн же аларды толугу менен кыскартуу;  

10) банк да, банк ага контролдук кылган же олуттуу негизде таасир эткен байланыштуу жак да инструментти сатып ала албайт жана инструментти сатып алууга (анын ичинде кредит түрүндө акча каражатын бөлүү, алдын ала төлөө жана/же башка кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо аркылуу) түздөн-түз же кыйыр түрдө катышууга укугу жок.  

3.9. Экинчи деңгээлдеги капитал банк жоюлууга дуушар болгон жагдайда чыгым ордун жабууну камсыз кылуу үчүн зарыл.  

Экинчи деңгээлдеги капитал түзүмүн төмөнкү элементтер түзөт:  

1) «өтүп жаткан жылдын пайдасы»  өтүп жаткан жылы алынган, салыкты төлөгөндөн киийн калган пайда;  

2) «жалпы камдар»:  

а) потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга «жалпы» камдар;  

б) кредиттерден тышкары, башка активдерден потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга «жалпы» камдар.  

Экинчи деңгээлдеги капиталда камтылууга тийиш болгон ушул камдар, кредиттик тобокелдик деңгээли боюнча таразаланган активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер наркынан максимум 1,25 пайыз чегинде чектелет;  

3) «баалуу кагаздарды кайра баалоо боюнча камдар»  сатууга боло турган баалуу кагаздарды кайра баалоонун натыйжасы боюнча бөлүштүрүлбөгөн пайда (чыгым);  

4) «консолидациялоо учурунда чет өлкө валютасын кайрадан эсептөө боюнча кам»  банктын чет өлкө туунду финансылык мекемесинин отчетторунун көрсөткүчтөрүн эсептеп чыгууда валюта курсунун өзгөрүүсүнөн улам келип чыккан катталган бойдон калган (реализацияланбаган) кирешелер (чыгымдар);  

5) капитал инструменттеринин жана банктын Директорлор кеңешинин өтүнүч катынын негизинде Улуттук банк тарабынан Экинчи деңгээлдеги капитал курамына киргизилиши мүмкүн болгон карыздык инструменттер бөлүгү;  

6) Экинчи деңгээлдеги капиталда камтылган (Биринчи деңгээлдеги капитал курамына камтылбаган) акциялардын сатуу баасы менен эмиссия жыйынтыгы боюнча алардын номиналдык наркы ортосундагы айрыма.  

Экинчи деңгээлдеги капитал курамында камтылган инструменттер төмөнкү критерийлерге ылайык келүүгө тийиш:  

1) чыгарылган жана төлөнгөн болушу зарыл;  

2) субординацияланган болууга тийиш, башкача айтканда ушул инструменттер боюнча талаптар аманатчылардын, негизги кредиторлордун жана банктын субординацияланган карызы боюнча бардык кине коюулар канаттандырылгандан кийин акыркы болуп канаттандырылууга тийиш;  

3) инструмент банктын/банктын байланыштуу жактарынын милдеттенмелери боюнча камсыздоо же алардын гарантиясынан болууга тийиш эмес, ошондой эле укуктук же экономикалык мамилелерде талаптарды биринчи кезекте канааттандырууга банкты милдеттендириши мүмкүн болгон кандайдыр бир талаптарда/шарттарда камтылбоосу зарыл;  

4) төлөө мөөнөтү:  

а) минималдуу төлөө мөөнөтү кеминде беш жылды түзүүгө тийиш;  

б) капитал инструменттерин амортизациялоо төлөө мөөнөтү келип жеткенге чейинки калган беш жыл ичинде бирдей ченемде чегерүү ыкмасында жүргүзүлөт;  

в) сатып алууга кандайдыр бир өбөлгөлөрдү караштырууга тийиш эмес;  

5) беш жылды түзгөн минималдуу мөөнөт өткөндөн кийин жана Улуттук банктын алдын ала колдоосуна ээ болгон соң гана эмитент тарабынан сатылып алынышы же төлөнүшү мүмкүн. Мында:  

а) банк инструментти чыгарууда анын кайра сатылып алынышын болжолдоо менен кандайдыр бир аракеттерди көрүүгө тийиш эмес;  

б) төмөнкү учурларда гана сатып алууга/ төлөөгө жол берилет:  

- көрсөтүлгөн ошол инструментти алмаштыруу банк капиталы үчүн ишенимдүү болгон шарттарда ишке ашырылган болсо, инструментти ошондой эле же болбосо андан алда канча сапаттуу башка инструментке алмаштырууга;  

- Улуттук банктын капитал боюнча минималдуу талаптарын бузууга жол берилбейт;  

6) инвестор/кредитор банкроттук жана жоюлган учурларды эске албаганда, келечекте пландаштырылган төлөмдөрдү (инструменттин пайыздык кирешесин же негизги суммасын) мөөнөтүнөн мурда ордун жабууга кандайдыр-бир укукка ээ эмес; 

7) банк да, банк ага контролдук кылган же олуттуу негизде таасир эткен байланыштуу жак да инструментти сатып ала албайт жана инструментти сатып алууга (анын ичинде кредит түрүндө акча каражатын бөлүү, алдын ала төлөө жана/же башка кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо аркылуу) түздөн-түз же кыйыр түрдө катышууга укугу жок.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-12\34-3-(НПА), 2019-жылдын 27-декабрындагы №2019-П-12/68-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык

3.10. Таза Суммардык капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги), Биринчи деңгээлдеги капитал, Биринчи деңгээлдеги Базалык капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенттерин жана Левераж коэффициентин эсептөөгө чейин Биринчи деңгээлдеги Базалык капиталдан төмөнкү элементтер алынып салынат: 

1) өтүп жаткан жылдын чыгымдары; 

2) кардарлардын санын жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүн арттырууга багытталган техникалык жана программалык продукттар (мисалы, биометрикалык идентификациялоо үчүн, смарт контракттар ж.б.) менен байланыштуу активдерди эске албаганда, материалдык эмес активдер, алар төмөнкү талаптарга ылайык келет: 

- чечим жаңыча болууга же учурдагы сунуштардан кыйла айырмаланып турууга же болбосо учурдагы технологияларды жаңыча пайдалануу сунушталууга тийиш, алар рынокту изилдөөлөр жана технологиянын негизги мүнөздөмөлөрүн салыштыруу менен тастыкталат; 

- чечим кардарларга анык тике же кыйыр пайда алууну сунуштоого (мисалы, жогору коопсуздукту камсыздаган техникалык тапшырма, тейлөө сапаты, натыйжалуу, продукциянын сапаты, кыйла төмөн баалар, жогоруда айтылгандардын айкалышы) жана зарыл учурларда банктын сандык баа берүүлөргө салыштырма талдап-иликтөөсү менен бекемделүүгө тийиш. 

Техникалык тестирлөөнүн натыйжалары бар болгон учурда, алар Улуттук банкка жеткиликтүү болууга тийиш. Альтернатива катары көз карандысыз үчүнчү тараптан аталган чечимдин техникалык ишенимдүүлүгүнүн тастыктамасы берилиши мүмкүн.  

Аталган техникалык жана программалык продукттар банк тарабынан баланстык наркы боюнча эске алынууга тийиш. 

3) башка консолидацияланбаган банктарга жана финансы-кредит уюмдарына, ошондой эле финансы эмес уюмдарга инвестициялар (акциялар же капиталда үлүштүк катышуу түрүндө). Эгерде банк ушул уюмдарга Биринчи деңгээлдеги кошумча капиталды же Экинчи деңгээлдеги капиталды инвестициялаган болсо, бул инвестициялар тиешелүү капиталдан алынып салынууга тийиш; 

4) убакыт айырмалары менен байланыштуу мөөнөтү жылдырылган салыктык активдерди эске албаганда, Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын (ФОЭС) 12 негизинде эсептелинген, келечекте алынуучу кирешеден көз каранды болгон, мөөнөтү кийинкиге жылдырылган бардык салыктык активдер. Мөөнөтү кийинкиге жылдырылган салыктык активдер, эгерде ФОЭС 12 шарттары аткарылса, мөөнөтү кийинкиге жылдырылган салыктык милдеттенмелер менен бирге эсепке алынышы мүмкүн; 

5) өздүк акцияларга тике же кыйыр инвестициялар. Банк акцияларды сатып алгандан кийин аларды сатып өткөрүү үчүн акцияларды сатуу жөнүндө алдын ала келишим түзсө жана өздүк акцияларды сатып алуу чечими кабыл алынган күнгө чейинки беш жыл ичинде банктын иши чыгым тартуусуз жүзөгө ашырылган шартта, банк өздүк акцияларын аларды кийинчерээк кыйла жогору баада сатуу үчүн гана сатып алуу укугуна ээ. Банк бул акцияларды алар сатылып бүткүчө эсептен чыгарып турат. 

Биринчи деңгээлдеги Кошумча капиталды эсептөөдө банктар бирдей ыкманы пайдалануу менен инвестицияларды өзүнүн Биринчи деңгээлдеги өздүк Кошумча капитал эсебине чыгарууга жана өзүнүн Экинчи деңгээлдеги Капиталын эсептөөдө инвестицияларды алардын өздүк Экинчи деңгээлдеги Капиталына чыгарууга тийиш. 

Банктын капиталдык позициясынын жасалма көбөйүшүнө алып келген капиталдык өз ара кайчылаш ээлик кылуу толук көлөмдө алынып салынууга тийиш. Банктар башка банктардын, башка финансы жана камсыздандыруу уюмдарынын капиталына мындай инвестициялар үчүн «алып салууга тиешелүү ыкманы» колдонууга тийиш. Бул алып салуу эгерде ал банктын өзү тарабынан чыгарылган болсо, ал үчүн капитал ушундай эле квалификацияланган капиталдын ошол эле компонентине колдонулууга тийиш дегенди түшүндүрөт3.11. Биринчи деңгээлдеги таза капиталдын жана таза суммардык капиталдын отчеттук мезгилден кийинки айдын бирине карата абал боюнча мааниси капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын жана Улуттук банк тарабынан белгиленген башка экономикалык ченемдерди жана талаптарын эсептөө үчүн колдонулат. Мааниси отчеттук мезгил ичинде күндөлүк же ар жумалык негизде аныкталган экономикалык ченемдерди эсептөөдө отчеттук айдын бирине карата абал боюнча банктын таза суммардык капиталынын суммардык мааниси жана юридикалык жактар жана жеке адамдар белгиленген тартипте, отчет түзүү күнүнө карата салган шартта кошумча капитал колдонулат.   

 (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА), 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-12\34-3-(НПА), 2021-жылдын 15-сентябрындагы №2021-П-12/51-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)  

  

4. Тобокелдик деңгээли боюнча баланстык активдерге баа берүү  

  

4.1. Ушул Нускоонун алкагында капиталдын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүү кредиттик тобокелдикке, башкача айтканда, активдин ар кандай түрлөрүнө тиешелүү жана кардардын активди толук же жарым-жартылай камсыз кылууга мүмкүн эместиги боюнча тобокелдикке, ошондой эле ушул Нускоонун 2.2-пунктунун «а» пунктчасына ылайык суммардык капиталдын шайкештик коэффициентин эсептөө жагында операциялык тобокелдикке карата жүргүзүлөт

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 27-декабрындагы №2019-П-12/68-2-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык)    

4.2. Баланстык активдердин ар кандай түрлөрү ар кандай кредиттик тобокелдик деңгээлине ээ. Алсак, мисалы, банктын кассасында турган нак акча кредиттик салуулар же негизги каражаттарга инвестициялар менен салыштырмалуу активдердин дээрлик тобокелдиксиз түрү болуп саналат. Кредиттик тобокелдик деңгээлине жараша бардык баланстык активдер беш категорияга бөлүнөт (төмөнкүнү караңыз). Мында, аларга ылайык баланстык активдер тигил же бул категорияга кирген негизги критерийлерден болуп: өнөктөштүн түрү, трансферттик тобокелдик көз карашынан алганда өнөктөштүн өлкөлүк таандыгы, активди камсыз кылуу, кепилдиктер жана активдин аракеттенүүсүнүн узактыгы саналат.    

4.3. Кредиттик тобокелдик деңгээлине, ошондой эле айрым өнөктөштөр/контрагенттердин тибине жараша, баланстык активдер төмөнкүдөй категорияларга бөлүнөт:   

1) 1-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 0%):  

а) Кыргыз Республикасынын, ЕАЭБге жана Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмуна мүчө мамлекеттердин жана «Standard & Poor's» рейтинг агенттиги тарабынан берилген «А» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» агенттиктеринин бири аркылуу берилген бирдей рейтингге ээ мамлекеттердин банкноттору жана монеталары.  

Эскертүү: Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюму (мындан ары - Уюм). Аталган Уюмга мүчө мамлекеттердин тизмеси www.oecd.org. расмий сайтында жайгаштырлган.  

б) Улуттук банкка коюлган талаптар;  

в) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө коюлган талаптар (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чыгарган баалуу кагаздар жана башка талаптар);  

г) «Standard & Poor's» рейтинг агенттиги тарабынан берилген «А» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» агенттиктеринин бири аркылуу берилген бирдей рейтингге ээ болгон же Уюмга мүчө болушкан мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарына талаптар;  

д) «Standard & Poor's» рейтинг агенттиги тарабынан берилген «А» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» агенттиктеринин бири аркылуу берилген бирдей рейтингге ээ болгон же Уюмга мүчө болушкан мамлекеттердин өкмөттөрүнө талаптар (Өкмөттөр тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар);  

е) Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында туюндурулган жана өзүнчө депозиттик эсепте жайгаштырылган камсыздоосу менен активдер (же алардын бөлүгү);  

Эскертүү: Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/3 токтому менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу чыгымдар менен жоготуулардын ордун жабуу үчүн камдарга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобого ылайык;   

 ж) ЕАЭБге жана Уюмга мүчө болушкан мамлекеттердин, ошондой эле «Standard & Poor's» рейтинг агенттиги тарабынан берилген «А» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» агенттиктеринин бири аркылуу берилген бирдей рейтингге ээ болгон мамлекеттердин улуттук валюталарында туюндурулган жана өзүнчө депозиттик эсепте жайгаштырылган камсыздоосу менен активдер (же алардын бөлүгү);   

з) Улуттук банк тарабынан эмитирленген аффинаждалган өлчөнгөн куймалар түрүндөгү алтын;  

и) (КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы №2021-П-12/51-1-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

Мында "Мамлекеттик Ипотекалык Компания" ААК тарабынан чыгарылган ипотекалык жабымы бар облигациялар Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобонун шарттарына ылайык "нормалдуу актив" катары классификацияланууга тийиш.  

2) 2-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 10%):  

а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздардын күндөлүк рынок баасы боюнча камсыз болгон активдер (же алардын бөлүгү);  

б) «Standard & Poor's» рейтинг агенттиги тарабынан берилген «А» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» агенттиктеринин бири аркылуу берилген бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болушкан мамлекеттердин өкмөттөрү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздардын күндөлүк рынок баасы боюнча камсыз болгон активдер (же алардын бөлүгү).  

3) 3-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 20%):  

а) Кыргыз Республикасынын банктары жана башка финансы-кредит уюмдары менен эсептешүүлөрдөгү акча активдери;  

б) стандарттык куймалардагы алтын жана башка сертификатталган баалуу металлдар;  

в) «Standard & Poor's» рейтинг агенттиги тарабынан берилген «А» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан берилген бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болушкан мамлекеттердин банктары жана башка финансы-кредит уюмдары менен эсептешүүлөрдөгү акча активдери;  

г) Кыргыз Республикасынын банктарына жана башка финансы-кредит уюмдарына карата талаптар жана бул институттардын гарантияларына негизделген бардык активдер;   

д) «Standard & Poor's» рейтинг агенттиги тарабынан берилген «А» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү, суверендүү кредиттик рейтингге же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан берилген бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болушкан, отчет берүүчү банкка карата аффилирленген уюм болуп саналбаган мамлекеттердин банктарына жана башка финансы-кредит уюмдарына карата талаптар жана бул институттардын гарантияларына негизделген бардык активдер;  

4) 4-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 50%):  

а) жеке адамдарга бир үй-бүлөгө турак-жай сатып алуу же куруу үчүн берилген жана ушул турак-жай боюнча биринчи күрөө менен гарантияланган кредиттер. Аталган категорияга бул үйдө же квартирада жашоого ниеттенген, б.а. турак-жайды (же анын бөлүгүн) башка максаттарда (сатуу, ижарага берүү ж.б.) пайдаланбай турган жактарга берилген ссудалар гана кирет.   

Эгерде бул кредиттерди төлөө мөөнөтү 30 күндөн ашык мөөнөткө өткөрүлүп жиберилсе жана/же реструктуризацияланган болсо, анда алар кредиттик тобокелдиктин 100% деңгээлиндеги 5-категорияда көрсөтүлөт.      

б) өлчөнгөн куймалардагы, Улуттук банк тарабынан эмитирленген аффинаждалган өлчөнгөн алтын куймаларды эске албаганда, алтын жана башка сертификатталган баалуу металлдар;  

в) коммерциялык банктар тарабынан мамлекеттик программалар, анын ичинде банктардын өз каражаттарынын эсебинен берилген, айыл чарбасын жана экспортко багыт алган жана импортту алмаштыруу жагында иш алып барган ишканаларды каржылоого байланыштуу, ошондой эле республиканын экономикасын өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө багытталган башка мамлекеттик программаларга кредиттер.  

Эгерде бул кредиттердин мөөнөтү 90 күндөн ашык өткөрүлүп жиберилсе жана/же кайталап реструктуризацияланган болсо, анда алар 100% кредиттик тобокелдик деңгээлинде 5-категорияда көрсөтүлөт.  

Эскертүү: мамлекеттик программаларга республикалык бюджеттен жарым-жартылай же толугу менен каржылоого алынган же республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен пайыздык чендерди субсидиялоо аркылуу, анын ичинде мамлекет тарабынан түзүлгөн уюмдар менен биргеликте каржылоо; эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык мамлекеттер аралык (өкмөттөр аралык) долбоорлорду жүзөгө ашыруунун алкагында программалар;  

г) (КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы №2021-П-12/51-1-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

5) 5-категория (кредиттик тобокелдик - 100%):  

а) 1-категорияга кирбеген банкноттор жана монеталар;  

б) «Standard & Poor's» рейтинг агенттиги тарабынан берилген «А» деңгээлинен төмөн узак мөөнөттүү, суверендүү кредиттик рейтингге же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан берилген бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болбогон мамлекеттердин өкмөттөрүнө жана борбордук банктарына карата талаптар (бул мамлекеттердин өкмөттөрү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар жана башка талаптар);  

в) «Standard & Poor's» рейтингдик агенттиги тарабынан берилген «А» деңгээлинен төмөн узак мөөнөттүү, суверендүү кредиттик рейтингге же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан берилген бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болбогон мамлекеттердин банктары жана башка финансы-кредит уюмдары менен эсептешүүлөрдөгү акча активдери;  

г) «Standard & Poor's» рейтинг агенттиги тарабынан берилген «А» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү, суверендүү кредиттик рейтингге же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтинг агенттиктеринин бири аркылуу берилген бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болуп саналган мамлекеттердин отчет берүүчү банкка аффилирленген уюм болуп саналган банктарына жана башка финансы-кредит уюмдарына талаптар;  

д) «Standard & Poor's» рейтинг агенттиги тарабынан берилген «А» деңгээлинен төмөн узак мөөнөттүү, суверендүү кредиттик рейтингге же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтинг агенттиктеринин бири аркылуу берилген бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болуп саналбаган мамлекеттердин банктарына жана башка финансы-кредит уюмдарына талаптар;  

е) коммерциялык, керектөө, ипотекалык жана 4-категорияда көрсөтүлгөндөн тышкары башка кредиттер;  

ж) банктын негизги каражаттары жана башка менчиги;  

з) инвестициялар жана 3.9-пункттун «б» пунктчасында каралган эсептеп алып салууларды кемитүү менен финансылык катышуу;  

и) 1, 2, 3, 4, 6 жана 7-категорияларга кирбеген башка активдер.  

6) 6-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 150%):  

- ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин валютасындагы кредиттерди кошпогондо, ошондой эле 4-категорияда көрсөтүлгөндөрдөн тышкары чет өлкө валютасында коммерциялык, керектөө, ипотекалык жана башка кредиттер;  

7) 7-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 200%):  

- жеке адамдарга жана жеке ишкерлерге улуттук валютада кредит берүү учурунда номиналдык жылдык чени 30% же андан ашык болгон кредиттер.   

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги №17/13, 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-12/33-6-(НПА), 2018-жылдын 26-декабрындагы №2018-П-12/58-10-(НПА), 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 2019-П-12/20-2-(НПА), 2021-жылдын 15-сентябрындагы №2021-П-12/51-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык).   

4.4. Баалуу кагаздарга салымдар сыйлыкты (дисконтту) жана ишке ашырылбаган пайданы (чыгым тартууну) минуска чыгаруу менен салмактанып алынат.    

4.5. Алууга каралган чегерилген пайыздардын суммасы активдер салмактануучу тобокелдик деңгээли боюнча салмактанып алынат. Мисалы, айрым адамдарга бир үй-бүлөгө турак-жайды сатып алуу же куруу үчүн жана ушундай турак-жай боюнча биринчи күрөө менен камсыздандырылган кредиттер кредиттик тобокелдиктин 50% деңгээли боюнча салмактанып алынат. Демек, аталган кредиттер боюнча алууга каралган пайыздар кредиттик тобокелдиктин 50% деңгээли боюнча да салмактанып алынат.    

   

5. Тобокелдик деңгээли боюнча баланстан тышкаркы милдеттенмелерге баа берүү.  

  

5.1. Баланстан тышкаркы милдеттенмелер да айрым шарттар орун алган учурда, кредиттик тобокелдик түшүнүгүн камтыйт (4.1-пунктту караңыз). Мында, мисалы банктын кардардын атынан кепилдиктерди берүүсү белгилүү бир жагдайлар келип жеткен учурда, жөнөкөй кредитти берүүгө трансформацияланышы мүмкүн.    

5.2. Баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча тобокелдиктин өлчөмү баланстан тышкаркы милдеттенмелердин номиналдык наркын кредиттик конверсиянын факторунун тиешелүү пайыздык көлөмүнө көбөйтүү жолу менен аныкталат. Келип чыккан маанилер баланстан тышкаркы милдеттенмелердин баланстык эквиваленти болуп саналат жана 4-бөлүккө ылайык ал кредиттик тобокелдик деңгээлине жараша салмактанып алынат.   

5.3. Ушул нускоо аркылуу баланстан тышкаркы милдеттенмелер үчүн кредиттик конверсиянын факторлорунун төмөнкү пайыздык өлчөмдөрү аныкталат:   

   

Орточо тобокелдик (кредиттик конверсия фактору  50%):   

а) белгилүү бир бүтүмгө байланыштуу баланстан тышкаркы милдеттенмелер (мисалы, курулуш долбоорунда подрядчик өз милдеттенмелерин аткарбаган учурда, буйрутмачы чыгым тартуунун ордун толтуруп берүүнү кепилдеген аккредитивдин жана башка ушул сыяктуу милдеттенмелер);   

б) соодалык операцияларга байланыштуу өзүн-өзү жоюучу кыска мөөнөттүү милдеттенмелер (мисалы, товарларды жүктөө менен камсыз кылынган документардык аккредитив).   

   

Толук тобокелдик (кредиттик конверсия фактору - 100%):   

а) кредиттерди берүүгө милдеттенмелер;    

б) тике кредиттик алмаштыруучулар (мисалы, кредиттер боюнча жалпы кепилдиктер, камдык аккредитивдер, акцептөө боюнча кепилдиктер), башкача айтканда, эгерде, анын атынан кепилдик же аккредитив берилген банктын кардары контракттык макулдашуу же ушул сыяктуу негизде аванс түрүндө үчүнчү тарапка берилген каражатты төлөп бере албаса, банктын үчүнчү жакка каражаттарды төлөп берүү боюнча юридикалык милдеттенмесин түшүндүргөн документ (аталышына көз карандысыз);   

в) кийинчерээк сатып алуу шарты менен сатуу жөнүндөгү келишим жана контрагенттин белгилүү учурларда активди кайтарып берүү укугу менен активдерди сатуу;   

г) активдерди сатып алуу боюнча милдеттенмелер;   

д) мурдагы категорияларга кирбеген бардык калган башка баланстан тышкаркы милдеттенмелер.   

 5.3-1. Банк кардарга алдын ала билдирүүсүз кайсыл болбосун убакта шартсыз кайтарып алуу/жокко чыгаруу укугуна ээ баланстан тышкаркы милдеттенмелерге карата 10% өлчөмүндө кредиттик конверсия фактору колдонулат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 2021-П-12/51-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

5.4. Валюталык курстар жана пайыздык чендерге байланыштуу (мисалы, форварддык контракттар, пайыздык своптор, опциондор жана ушуга окшош инструменттер) баланстан тышкаркы милдеттенмелер өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Мында, өнөктөштөр контракт боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаган учурда, банктар өзүн мындай милдеттенмелердин толук номиналдык наркына эмес, акча каражаттарынын агымынын (оң наркы менен контракттар боюнча) ордун жабуунун потенциалдык наркын гана түзгөн кредиттик тобокелдикке дуушар кылышат. Кредиттик эквиваленттер өлчөмү контракттардын мөөнөттөрүнө жана тигил же бул финансылык инструменттердин негизин түзгөн пайыздык чендердин жана валюта курстарынын өзгөрүүсүнө көз каранды.   

Бул баскычта валюта курстары жана пайыздык чендерге байланыштуу бардык контракттар үчүн банктар, учурда анын рыноктук наркына көз карандысыз ага ылайык потенциалдуу тобокелдик контракттардын ар бир түрү боюнча эсептелинген ыкманы пайдаланышы мүмкүн. Кредиттик эквивалент көлөмүн эсептөө үчүн ар бир инструменттин базалык (номиналдык) наркы инструменттин мүнөзүнө жана анын аракеттенүү мөөнөтүнө жараша белгиленген конверсиондук коэффициенттердин бирине көбөйтүү зарыл.   

5.5. Алтын менен келишилген бүтүмдөрдө колдонулат, кредиттик конверсия факторлору валюта курстарына байланыштуу контракттарга карата колдонулуучу факторлорго окшош.   

5.6. Бул нускоо аркылуу валюталык курстар жана пайыздык чендерге байланыштуу баланстан тышкаркы милдеттенмелер үчүн кредиттик конверсия факторлорунун төмөнкү пайыздык өлчөмдөрү аныкталат:   

Контракттардын аракеттенүү мөөнөтү  

Пайыздык контракттар  

Валюталык контракттар  

1 жылдан аз  

0.5%  

2%  

1 жылдан 2 жылга чейин  

1.0%  

5%  

Ар бир кийинки жылга  

+ 1.0%  

+ 3%  

   

6. Капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) стандарттарын аткаруу тууралуу отчетту берүү тартиби жана мөөнөттөрү  

  

6.1. Капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) стандарттарынын аткарылышы жана аларды эсептөө тууралуу маалымат, банктар тарабынан Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун курамында ай сайын берилет

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 27-декабрындагы №2019-П-12/68-2-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык)    

   

7. Капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) стандарттарын аткаргандыгы тууралуу отчетту толтуруу тартиби  

  

7.1. Капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) стандарттарын аткаргандыгы тууралуу отчет Улуттук банктан лизенция алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредит уюмдар бухгалтердик эсепке алуунун Эсептер пландарына ылайык, банктын бухгалтердик балансынын негизинде түзүлөт.    

 (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

7.2. Отчеттун статьялары ири жана кылдат такталган болуп бөлүнөт (мисалы, ири 20-статья эки 20.1 жана 20.2-кылдат такталган статьяларга бөлүнөт). Кылдат такталган статьяларда кредиттик тобокелдиктин тигил же бул категорияга таандыгына жараша баланстык активдердин (баланстан тышкаркы милдеттенмелердин) мааниси көрсөтүлөт. Ири статьяларда көрсөтүлгөн маанилер кылдат такталган статьялардын суммаларынын мааниси болуп саналат.   

7.3. Отчеттун көпчүлүк статьяларынын аталышы Улуттук банктан лицензия алган коммерциялык банктарда жана финансы-кредит уюмдарында бухгалтердик эсепке алуунун эсептер планындагы айрым эсептердин жана эсептер тобунун аталыштарына толугу менен шайкеш келет. Бирок айрым статьялар айрым өзгөчөлүктөргө ээ. Алсак, «Баалуу кагаздар портфели» (130-230-статьялар) бөлүгүнүн ар бир статьясында алардын классификациялангандыгына карабай, баалуу кагаздардын тиешелүү түрүнүн номиналдык наркы дисконтту/сый акыны жана адилет наркты корректировкалоону эске алуу менен чагылдырылат. Мисалы, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана/же Улуттук банк тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар» деп аталган 130-статьяда, амортизацияланган нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар; пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар; башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар катары классификациялануучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана/же Улуттук банк тарабынан дисконтту/сый акыны жана адилет наркты корректировкалоону эске алуу менен чыгарылган баалуу кагаздардын номиналдык наркынын суммасы көрсөтүлөт.  

“Кредиттер жана лизингдер” (240-360-статьялар) бөлүгүнүн ар бир статьясында кредиттердин тиешелүү түрү боюнча ссудалык карыз суммасы дисконтту эсептен алып салуу менен чагылдырылат.   

 (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА), 2022-жылдын 23-мартындагы №2022-П-12/17-4-(НПА) токтомдордун редакциясына ылайык)  

   

8. Дивиденддер  

  

8.1. Дивиденддер  бул, мыйзам талабына ылайык акционерлер ортосунда бөлүштүрүлүүчү банктын таза пайдасынын бөлүгү.   

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын дивиденддери Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө” мыйзамында каралган тартипте бөлүштүрүлөт.   

8.1-1. Дивиденддер суммасын эсептөө үчүн банк ФОЭСке жана пруденциалдык талаптарга ылайык эсептелген таза пайданын ичинен эң эле төмөн чоңдугун пайдаланууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 23-мартындагы №2022-П-12/17-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

8.2. Банк Башкармасы (же болбосо тиешелүү орган) аудитордук корутундунун негизинде, банктын Директорлор кеңешине жана акционерлердин жыйынына аны кароого алуу жана тиешелүү баа берүү үчүн кеминде төмөнкү факторлорду берүүгө тийиш:   

а) капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) жана анын өзгөрүү тенденциялары;   

б) Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдердин аткарылышы;   

в) банктын кирешелеринин номиналдык жана реалдуу деңгээли (инфляциянын деңгээлин эске алуу менен) жана алардын өзгөрүү тенденциялары;   

г) банктын өсүү келечеги;   

д) экономикалык шарттардын жана инфляция деңгээлинин таасирлери.   

8.3. Акциялар боюнча дивиденддер финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча чегерилет жана төлөнүп берилет.  

Эскертүү: Финансылык жыл 1-январынан тартып 31-декабрды кошо алгандагы аралык саналат.   

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги №17/13 токтомунун редакциясында).  

  

8.4. Банк Улуттук банктан акционерлерге дивиденддерди төлөө үчүн уруксат алууга милдеттүү. Дивиденддер төлөө боюнча Улуттук банкынан уруксат алуу үчүн документтер акционерлердин жалпы жыйынына чейин беш жумушчу күндөн кечиктирбестен, Улуттук банкка берилүүгө тийиш. Документтерге банктын дивиденддерди төлөө мөөнөттөрү боюнча планы, ФОЭСке жана пруденциалдык талаптарга ылайык эсептелген таза пайда көрсөткүчү, жана экономикалык ченемдерди аткаруу боюнча эсептер, ошондой эле пландаштырылган дивиденддерди төлөө суммасын эске алуу менен эсептелген «капиталдын буфери» индекси тиркелүүгө тийиш.  

Банктын туруктуулугуна, ошондой эле кредиторлордун жана аманатчылардын кызыкчылыктарына коркунуч пайда болгон учурда, Улуттук банк дивиденддердин төлөнүшүнө тыюу салат же чектөөлөрдү белгилей алат, эгерде,:  

а) бул Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдердин бузулушуна алып келсе;   

б) банктын капиталынын шайкештик коэффициенттеринин мааниси Улуттук банк белгилеген минималдуу чектерден төмөн болгон учурда;  

в) «капитал буферинин» индекси дивиденддер төлөнгөндөн кийин, Улуттук банк белгилеген минималдуу маанилерден төмөн болсо;  

г) потенциалдуу жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабууга карата камдар Улуттук банктын талаптарына ылайык түзүлбөгөн же жетишсиз өлчөмдө түзүлгөн учурда;  

д) банк мурдагы жылдар үчүн жана/же отчеттук жыл үчүн орду жабылбаган чыгымдарга ээ болсо;  

е) бул банктын финансылык абалынын начарлашына алып келсе;  

ж) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.  

Эгерде, Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, чечим кабыл алган жана дивиденддерди төлөө учурунда төлөөгө кудуретсиздик белгилерине ээ болсо же аталган белгилер дивиденддерди төлөө натыйжасынан улам пайда болсо, анда банк акциялар боюнча дивиденддерди төлөө (жарыялоо) жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу эмес.  

Эгерде, артыкчылык берилген акциялар боюнча дивиденддерди төлөө жөнүндө чечим кабыл алынбаса, анда Банк жөнөкөй акциялар боюнча дивиденддерди төлөө (жарыялоо) жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу эмес.   

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА), 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-12/33-6-(НПА), 2022-жылдын 23-мартындагы №2022-П-12/17-4-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)  

  

Эскертүү:  

(1) (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 17/13 токтомуна ылайык күчүн жоготту).