Кайта келүү

 

Банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү боюнча  

НУСКОО  

 

1-глава. Жалпы жоболор  

1. Банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниянын (мындан ары банк) аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү боюнча бул нускоо (мындан ары Нускоо), Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан. 

2. Өз ишин Улуттук банктын лицензиясына ылайык жүзөгө ашырып жаткан коммерциялык банктар  маалымат базасын ушул Нускоого ылайык жүргүзүүсү зарыл.  

3. Аталган Нускоодо Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамынын түшүндүрмө бөлүгүндө берилген аныктамалар колдонулат. 

 

2-глава. Банктын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери  

жөнүндө маалымат базасын түзүү  

4. Банк аманаттар (депозиттер) боюнча гарантияланган ордун толтуруунун суммасы боюнча эсепке алууну кошо алганда, Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамына ылайык компенсацияланууга тийиш болгон, жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин аманаттарынын (депозиттеринин) эсебин жүргүзүү үчүн автоматташтырылган маалымат базасын (мындан ары - маалымат базасы) түзүүгө жана аны туруктуу негизде жүргүзүүгө тийиш. 

5. Маалымат базасы банк тарабынан жумалык негизде жүргүзүлүп турат жана ар бир айдын бирине карата абал боюнча жана Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамына ылайык гарантиялык учур келип жеткен күнгө карата жыйынтыкталууга тийиш. 

6. Ушул Нускоого ылайык түзүлгөн маалыматтар, гарантиялык учур келип жеткен шартта, банктын аманатчыларына компенсация катары төлөнүп берилүүгө тийиш болгон сумманы аныктоо жана түзүү үчүн негиз болуп саналат.   

Мындан тышкары, банк мыйзамдарынын талаптарына ылайык банкты реструктуризациялоодо корголууга тийиш болгон каражаттардын көлөмүн аныктоо үчүн банк тарабынан маалымат базасы түзүлүшү жана берилиши зарыл. 

7. Ушул Нускоого ылайык маалымат базасын түзүүдө гарантиялык учур келип жеткен шартта аманатчыга төлөнүүгө тийиш болгон сумма, эгерде мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттер жана гарантиялар боюнча талаш-тартыштар же соттук териштирүүлөр (мындан ары мөөнөтү өтүп кеткен утурлама талаптар) болбосо, аманатчыга берилген мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттердин жана аманатчынын өтүнүчү боюнча банк тарабынан берилген мөөнөтү өтүп кеткен гарантиялардын калдыгынын суммасына азайтылышы каралган. 

8. Маалымат базасы маалыматтарды автоматтык түрдө жүктөө мүмкүнчүлүгү менен ушул Нускоонун 1-тиркемесине ылайык XML жана XLS форматтарында түзүлүүгө тийиш. Ошол эле учурда аныктык, функционалдуулук, коопсуздук жана ишенимдүүлүк сыяктуу негизги критерийлер сакталууга тийиш. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында каралган электрондук маалымат базаларына, программаларга карата жалпы талаптар сакталууга тийиш. 

9. «Жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин компенсацияланууга тийиш болгон, банкка жайгаштырылган аманаттары (депозиттери) жөнүндө маалыматтар» таблицасы (ушул Нускоого карата 1-тиркеме) 2-тиркемеде көрсөтүлгөн тартипке ылайык толтурулат. 

10. Ар бир банкта маалымат базасынын тууралыгы жана Нускоого ылайык келүүсү жагында текшерүү үчүн жооптуу кызматкер дайындалууга тийиш. Банктын жооптуу кызматкери чейрек сайын банктын жетекчилигине жогоруда көрсөтүлгөн текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө отчет берип турууга милдеттүү.  

11. Банктын жетекчилиги маалымат базасында чагылдырылган банктын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалыматтын тууралыгы үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат. 

 

3-глава. Корутунду жоболор  

12. Гарантиялык учур келип жеткен шартта, убактылуу администратор/жоюучу гарантиялык учур келип жеткенден кийинки 10 календардык күн ичинде Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамына ылайык компенсацияланууга тийиш болгон, ушул Нускоонун талаптарына ылайык эсептелген, жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин депозиттери жөнүндө маалыматты Депозиттерди коргоо боюнча агенттикке сунуштоого милдеттүү.     

13. Ушул Нускоонун талаптарына ылайык түзүлгөн маалымат базасынын негизинде Агенттик, гарантиялык учур келип жеткен учурда, банктын аманатчыларына-жеке адамдарга жана жеке ишкерлерге берилүүчү компенсациялык төлөөлөрдүн суммасын аныктайт жана түзөт.  

14. Гарантиялык учур келип жеткен учурда, аманат (депозит) боюнча кошуп эсептелген, бирок төлөнбөгөн жана капиталдаштырылбаган пайыздар гарантиялык учур келип жеткен датага карата эсептелет. Мындай пайыздар банктык аманат келишиминде көрсөтүлгөн чен боюнча кошуп эсептелет, бирок Улуттук банктын гарантиялык учур келип жеткен датага карата эсептик ченинен жогору болбоого тийиш.  

15. Аманатчыга гарантияланган аманаттар боюнча төлөөлөр Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамында каралган тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат.  

16. Жоюлуучу банктын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамына ылайык Агенттик тарабынан жүзөгө ашырылуучу төлөөлөрдүн суммасына азайтылат. Банктын аманатчылар алдындагы милдеттенмелеринин калган суммасы «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамына ылайык төлөнүп берилүүгө тийиш. 

 

Тиркеме: 

 1-тиркеме. Жеке адамдардын, жеке ишкерлердин компенсацияланууга тийиш болгон жайгаштырылган аманаттары (депозиттери) жөнүндө маалымат;

 2-тиркеме. Таблицаларды толтуруу тартиби.