Кайта келүү

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2020-жылдын 12-августундагы  

№ 2020-П-12\45-3-(НПА)  

токтомуна тиркеме  

 

 

«Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобо 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 27-июлундагы № 2022-П-12/47-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

 

1. Ушул «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жободо (мындан ары Жобо) инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүү үчүн атайын жөнгө салуу режимин түзүү тартиби, буга чейин Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системаларында сунушталбаган жаңы кызмат көрсөтүүлөрдү жана технологияларды ыңгайлаштыруу зарылчылыгы келип чыккан шартта, атайын жөнгө салуу режимине катышуучулардын катышуу тартиби жана аларга карата талаптар аныкталат. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптары ушул Жободо жана Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин/ Төлөм системасы боюнча комитетинин (мындан ары Комитет) чечимдеринде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, атайын жөнгө салуу режимдеринин иши боюнча укуктук мамилелерге колдонулат. 

Атайын жөнгө салуу режимине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык операцияларга тиешелүү операциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн шайкештигин аныктоо критерийлери: 

- операцияларды жүргүзүүдө жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоодо колдонулган технологиялар рынок үчүн принципиалдуу жаңы болуп саналат; 

- операциялар жана кызмат көрсөтүүлөр же атайын жөнгө салуу режиминин алкагында башка субъект тарабынан сунушталбаган технологияларды колдонуу; 

- операциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөө зарылчылыгы буга чейинки ушул сыяктуу продуктуларга салыштырмалуу жакшыртылган болуп саналат жана операцияларды жүргүзүүнүн натыйжалуулугун кыйла жогорулатат; 

- операциялар жана кызмат көрсөтүүлөр банктык рынокто субъекттер тарабынан буга чейин колдонулган эмес же Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен чектелген; 

- операциялар жана кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынбайт жана операцияларды жүргүзүүгө түздөн-түз тыюу салынган эмес. 

Тестирлөө үчүн сунушталган операциянын жана (же) кызмат көрсөтүүнүн жогоруда көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык келиши атайын жөнгө салуу режимин түзүү үчүн милдеттүү болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 27-июлундагы № 2022-П-12/47-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү үчүн атайын жөнгө салуу режиминин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:  

- рыноктун катышуучулары үчүн укуктук жактан белгисиз жагдайды жана укуктук тобокелдиктерди азайтуу;  

- инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пилоттук пайдалануу үчүн алгылыктуу жана жеткиликтүү эрежелерди аныктоо;  

- инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү рынокко тандоону жана киргизүүнү тездетүү;  

- инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү ишке киргизүүнүн натыйжасында келип чыккан жаңы коомдук мамилелер үчүн укуктук жана башка жөнгө салуу талаптарын иштеп чыгуу;  

- керектөөчүлөр үчүн банктык операциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана аларды ишке киргизүүгө кеткен чыгымдарды азайтуу.  

3. Улуттук банк инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү үчүн атайын жөнгө салуу режимин түзүү жөнүндө чечим кабыл алат, режимди ишке ашыруу процессин контролдойт.  

Атайын жөнгө салуу режими түзүлгөндүгү тууралуу маалымат Улуттук банк тарабынан атайын жөнгө салуу режиминин алкагында чектелген тизмедеги инновациялык банктык операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна берилген лицензиянын негизинде, Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштырылат.  

4. Атайын жөнгө салуу режимин түзүү ыктыярдуулук, ачык-айкындуулук, отчеттуулуктун теңдиги жана атайын жөнгө салуу режиминин бардык катышуучуларына карата чектөөлөрдү киргизүү принциптеринин негизинде, ошондой эле банк иши жана натыйжалуу көзөмөл боюнча эл аралык стандарттардын сунуштарын эске алуу менен жүзөгө ашырылат. Мында атайын жөнгө салуу режимин ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн Борбордук банк катары Улуттук банктын ишинин негизги максаттарынын, операцияларынын жана принциптеринин өзгөрүшүнө таасирин тийгизбөөгө тийиш. 

Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында айрым юридикалык жактарга атайын жөнгө салуу режимине катышуунун кыйла пайдалуу шарттарын камсыз кылган жеңилдиктерди берүүгө жол берилбейт. 

Тобокелдиктерди тескөө ыкмалары катышуучунун иш масштабына жана атайын жөнгө салуу режиминин алкагында инновациялык банктык кызмат көрсөтүүлөрдү же технологияларды киргизүүгө байланыштуу тобокелдиктерге шайкеш келүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 27-июлундагы № 2022-П-12/47-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

5. Атайын жөнгө салуу режиминин шарттары сакталышына Билдирме ээси жана Кошо билдирме берүүчү (эгерде болсо) жоопкерчиликтүү болуп саналат.  

Мында атайын жөнгө салуу режимине кирүү үчүн Билдирме ээси/Кошо билдирүүчү (эгер болсо) катары Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жак саналат, ал төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- Билдирме берүүчүгө (Кошо билдирме берүүчүгө) же анын жетекчисине же болбосо уюштуруучусуна (акционерге, катышуучуга) карата билдирме бергенге чейинки акыркы  

3 (үч) жыл ичинде колдонулган, аткарылбаган таасир этүү чараларынын жоктугу; 

- Билдирме ээси жоюу же банкроттук процессинде же атайын режимде болбоого тийиш; 

- Билдирме ээсине (Кошо билдирме берүүчүгө) же анын жетекчисине же болбосо уюштуруучусуна (акционерге, катышуучуга) карата соттун чечими боюнча же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин ушул түрүн жүргүзүүгө тыюу салуунун жоктугу; 

- Билдирме ээсинин (Кошо билдирме берүүчүнүн) уюштуруучуларынын курамында оффшордук чөлкөмдө катталган аффилирленген жактардын же болбосо оффшордук чөлкөмдө жашаган же тизмеси Улуттук банк тарабынан белгиленген оффшордук чөлкөмдө катталган юридикалык жактардын акционерлери (катышуучулары) болуп саналган жеке адамдардын жоктугу; 

- Билдирме ээсинин (Кошо билдирме берүүчүнүн) финансылык абалы канааттандырарлык болушу зарыл (же Билдирме ээси (Кошо билдирме берүүчү) атайын жөнгө салуу режимин түзүү жана жүргүзүү үчүн жетиштүү финансылык жана башка ресурстарга ээ болууга милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 27-июлундагы № 2022-П-12/47-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2-глава. Терминдер жана аныктамалар 

 

6. Ушул Жободо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат: 

Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 53-1-беренесине жана Улуттук банктын талаптарына ылайык атайын жөнгө салуу режиминин алкагында операцияларды жүргүзүү жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо; 

Атайын жөнгө салуу режими Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системаларынын рыногуна инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүү менен алектенген катышуучуларга аларды Улуттук банктын талаптарына ылайык, (аймагы, убактысы,операциялардын саны жана көлөмү жана колдонуучулар ж.б. боюнча) чектелген жана контролдонгон чөйрөдө сынап көрүү мүмкүнчүлүгүн берген эрежелер топтому;  

Тестирлөө атайын жөнгө салуу режиминин шарттарына жана талаптарына ылайык, кызмат көрсөтүүлөрдү апробациялоо максатын көздөгөн кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо/изилдөө, аларга мониторинг жана талдап-иликтөө жүргүзүү процесси; 

Билдирме ээси Улуттук банкка инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды жайылтуу жана алардын андан ары тестирлөө үчүн атайын жөнгө салуу режимин түзүү жөнүндө билдирме менен кайрылган Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жак; 

Кошо билдирме берүүчү билдирме ээси менен кошо Улуттук банкка атайын жөнгө салуу режиминин алкагында инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды тестирлөө жөнүндө билдирме менен кайрылган Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жак; 

Атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу атайын жөнгө салуу режиминин шарттарына ылайык инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды тесттен өткөргөн Арыз ээси жана Кошо арыз берүүчү (эгер болсо). 

Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банктык операциялардын чектелген тизмегин жүргүзүү укугуна берилген лицензия катышуучунун атайын жөнгө салуу режиминин алкагында иш (айрым банктык операцияларды) жүргүзүүгө укугун тастыктоочу документ (ушул Жобонун 5-тиркемеси). 

Техникалык тапшырма атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банктык операциялардын чектелген тизмегин жүргүзүү укугуна берилген лицензияга тиркеме, лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналат, анда уруксат берилген операциялар көрсөтүлгөн (ушул Жобонун 6-тиркемеси). Тестирлөө учурунда техникалык тапшырманын мазмуну өзгөрүлгүс болууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 27-июлундагы № 2022-П-12/47-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

Инновациялар жагындагы аныктамалар жана терминдер Кыргыз Республикасынын инновациялык иш жөнүндө мыйзамдарына ылайык аныктамаларга жана терминдерге ылайык келет. Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында тесттен өтүүчү операциянын, кызмат көрсөтүүнүн/технологиянын түрүнө жараша, негизги аныктамалар жана терминдер операция, кызмат көрсөтүү/технология жөнүндө маалыматта камтылышы мүмкүн.  

 

 

3-глава. Атайын жөнгө салуу режимин түзүү жөнүндө билдирме берүү жана аны кароо 

 

7. Атайын жөнгө салуу режимин түзүү жөнүндө билдирме (мындан ары Билдирме) Билдирме ээси жана Кошо билдирме берүүчү тарабынан Улуттук банкка берилет.  

8. Билдирменин курамына төмөнкүлөр кирет: 

- ушул Жобого карата 1-тиркеменин формасы боюнча Билдирме берүүчүнүн бланкында таризделген, ушул Жобого ылайык ага тиркелген документтердин тизмеги, жетекчинин колу коюлган жана Билдирме ээси менен Кошо билдирме берүүчүнүн (эгер болсо) мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, атайын жөнгө салуу режимин түзүү өтүнүчү менен берилген арыз, же болбосо, анын Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык таризделген электрондук формасы; 

- ушул Жобого карата 2-тиркеменин формасы боюнча Билдирме ээси жана Кошо билдирме берүүчү (эгер болсо) жөнүндө маалымат жана Кошо билдирме берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу; 

- ушул Жобого карата 3-тиркеменин формасы боюнча операция, кызмат көрсөтүү/технология жөнүндө маалымат, аны тестирлөө Билдирме ээси тарабынан сунушталат; 

- жарыяланган уставдык капиталдын суммасын көрсөтүү менен тиешелүү мамлекеттик органдардан тастыктоону алуу үчүн реквизиттери менен Билдирме ээсинин/Кошо билдирме берүүчүнүн (эгер болсо) уюштуруу документтеринин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү же электрондук формалары; 

- Билдирме ээсинин акыркы отчеттук финансылык жыл үчүн тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн бухгалтердик/финансылык отчету; 

- сунушталган операцияны жана кызмат көрсөтүүнү жүргүзүүдөн күтүлүүчү натыйжалардын болжолдуу экономикалык эсептөөлөрү

Уюштуруу документтерин жана бухгалтердик/финансылык отчет берүү талабы Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган Билдирме ээси жана Кошо билдирме берүүчү (эгер болсо) катары иш алып барган жактарга таркатылбайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 27-июлундагы № 2022-П-12/47-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

9. Операция, кызмат көрсөтүү/технология жөнүндө маалыматта (3-тиркеме) болжолдонгон операциянын, кызмат көрсөтүүнүн/технологиянын мазмуну жана маңызы кыскача көрсөтүлүшү зарыл. Мында операция, кызмат көрсөтүү/технология жөнүндө толук маалымат эркин формада, анын ичинде графикалык жана схемалык формаларда кошумча тиркелүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 27-июлундагы № 2022-П-12/47-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

10. Билдирме ушул Жобонун 8, 9-пункттарында көрсөтүлгөн документтер алынган учурдан тартып 30 (отуз) жумуш күнү ичинде Улуттук банк тарабынан каралат.  

Улуттук банктын документтерди кароо мөөнөтүнө, эгерде ушул Жободо башкасы каралбаса, Билдирме ээсинин (Кошо билдирме берүүчүнүн) (эгер болсо) документтерди жеткире иштеп чыгууга кетирген убактысы кирбейт.  

Мында Улуттук банкка документтин түп нускасы жана/же тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү берилүүгө тийиш. Чет өлкөлүк уюштуруучулар (акционерлер) тарабынан берилген документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте легалдаштырылууга тийиш. Чет тилде берилген документтер тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик жана/же расмий тилдерге котормону камтууга тийиш.  

Эгерде Улуттук банк тарабынан алынган документтер белгиленген талаптарга жооп бербесе жана/же аларды карап чыгуу жана алар боюнча чечим кабыл алуу үчүн жетиштүү маалыматты камтыбаса, документтерди кароо мөөнөтү Улуттук банк белгиленген талаптарды канааттандырган документтерди алган күндөн тартып эсептеле баштайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 27-июлундагы № 2022-П-12/47-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

11.  Улуттук банк билдирмени кароонун жүрүшүндө

- Билдирме ээсинин (Кошо билдирме берүүчүнүн) ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайыктыгын аныктайт; 

- Билдирменин ушул Жободо белгиленген талаптарга туура келишин текшерет; 

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын учурдагы талаптарынын алкагында Билдирме ээсинин инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү боюнча Улуттук банктын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына экспертиза жүргүзөт.  

12. Эгерде Билдирмени кароонун жүрүшүндө Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын жоболору кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого тоскоолдук жаратпай тургандыгы аныкталса, анда Билдирме ээсине тиешелүү (Кошо билдирме берүүчүгө) түшүндүрмө жөнөтүлөт.  

13.  Билдирмени кароо учурунда Улуттук банк ушул Жобонун талаптарына ылайык, Билдирмедеги маалымат толук жана анык болушу үчүн, маалыматты берүү мөөнөтүн белгилөө менен Билдирме ээсинен (Кошо билдирме берүүчүдөн) кошумча маалыматты талап кылат. 

14. Эгерде Билдирмени кароонун жыйынтыгы боюнча Билдирме ээсинин (Кошо билдирме берүүчүнүн) ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык келбегендиги, же болбосо төмөнкүлөр аныкталса, анда анын дарегине атайын жөнгө салуу режимин түзүүдөн баш тартуунун себеби көрсөтүлгөн кат жөнөтүлөт: 

- банк операцияларын жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын жана/же кызыкчылыктарын бузуу бөлүгүндөгү олуттуу тобокелдиктер; 

- олуттуу операциялык тобокелдиктер жана террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) байланыштуу тобокелдиктер; 

- берилген документтерде так эмес маалыматтардын болушу; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сунушталган же пайдаланылган окшош банктык операция же кызмат көрсөтүү болгон учурда; 

- тестирлөө үчүн сунушталган кызмат көрсөтүүнү/операцияны ушул Жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык келбейт деп таануу.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 27-июлундагы № 2022-П-12/47-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

4-глава. Атайын жөнгө салуу режимин түзүү 

 

15. Тиешелүү комитет же комитеттер Билдирменин курамына киргизилген, каралган документтердин негизинде төмөнкү чечимдерди кабыл алат/алышат: 

- атайын жөнгө салуу режимин түзүү же түзүүдөн баш тартуу жөнүндө

- атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банк операцияларынын чектелген тизмесин жүргүзүү укугуна лицензия берүү жөнүндө

- атайын жөнгө салуу режиминин чектөөлөрүн аныктоо жөнүндө

- болжолдуу тестирлөөнү өткөрүүнүн сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрүнүн негизинде ийгиликке баа берүү критерийлерин бекитүү жөнүндө

- тестирлөө учурунда кызмат көрсөтүү шарттары жана/же катышуучулардын Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын айрым талаптарын аткаруудан толук/жарым-жартылай бошотулушу тууралуу; 

- атайын жөнгө салуу режиминин аракетин токтотуу шарттарын белгилөө тууралуу; 

- түзүмдүк бөлүмгө атайын жөнгө салуу режимин жүргүзүү үчүн жоопкерчиликти жүктөө жөнүндө

- атайын жөнгө салуу режиминин мөөнөтүн узартуу жөнүндө

- тестирлөө үчүн сунушталган операциянын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусуна экономикалык ченемдер боюнча кошумча талаптарды белгилөө жөнүндө

- ийгиликтүү тестирлөөдө лицензиянын мөөнөтүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин узартуу жөнүндө

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 27-июлундагы № 2022-П-12/47-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

16. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү Билдирме ээси жана Кошо билдирме берүүчү менен (эгер болсо) Билдирме боюнча өз ара иш алып барат.  

17. Комитеттин чечиминде атайын жөнгө салуу режиминин алкагында инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо/колдонуу өзгөчөлүгүн эске алуу менен башка жоболор да камтылышы мүмкүн. 

18. Ушул Жобонун 15-пунктунда каралган чечимдер Комитеттин токтому түрүндө кабыл алынат жана чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде Улуттук банк тарабынан Билдирме ээсине жана Кошо билдирме берүүчүгө (эгер болсо) кат жүзүндө маалымдалат. 

Атайын жөнгө салуу режимине катышуу укугуна лицензия Комитет Билдирме ээсине лицензия берүү жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып үч жумуш күнү ичинде Билдирме ээсине берилет. 

 

5-глава. Атайын жөнгө салуу режиминин шарттары 

 

19. Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында кызмат көрсөтүүлөргө карата төмөнкүдөй чектөөлөр белгилениши мүмкүн: 

- тестирлөөнүн алкагында кызмат көрсөтүлгөн кардарлардын (жеке адамдардын, юридикалык жактардын, юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкерлердин) саны боюнча;  

- тестирлөө алкагында кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоодо атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу тарабынан белгилүү бир убакыт ичинде ишке ашырылуучу операциялардын саны боюнча; 

- тестирлөө алкагында кызмат көрсөтүү орду (орундары) боюнча; 

- тестирлөө алкагында кызмат көрсөтүүдө атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусунун кардарлар алдындагы милдеттенмелеринин (лимиттери) көлөмү боюнча;  

- тестирлөө алкагында төлөм инструменттеринин же түзүлгөн келишимдердин саны боюнча;  

- тестирлөө алкагында ага/аларга кызмат көрсөтүү учурунда бир кардар жана/же байланыштуу кардарлар тобу тарабынан аткарылган операциялардын максималдуу көлөмүнө

- белгиленген мезгил ичинде (күн, жума, ай, чейрек, жыл ичинде) тестирлөө алкагында кызмат көрсөтүү учурунда жүргүзүлүүчү операциялардын максималдуу көлөмүнө (лимитине); 

-  тесттен өткөрүлүүчү банктык операцияга жана кызмат көрсөтүүгө карата башка чектөөлөр, алар банктык операцияны жана кызмат көрсөтүүнү коштоочу тобокелдиктердин негизинде, Комитеттин чечими менен аныкталат.  

20. Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында Комитет тарабынан атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусунун төмөнкүдөй милдеттенмелери белгилениши мүмкүн: 

- тесттен өткөрүлүүчү банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого байланыштуу кошумча отчеттору;  

- Улуттук банктын өкүлдөрүнө жер-жерлерде мезгилдүү текшерүүлөргө, максаттуу текшерүүлөргө катышууга мүмкүндүк берүү, ошондой эле тесттен өткөрүлүүчү банктык операцияны жана кызмат көрсөтүүнү сунуштоого байланыштуу маалыматты алуу үчүн, атайын жөнгө салуу режимине катышуучунун маалымат системаларынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү;  

- керектөөчүлөргө банктык операция жана кызмат көрсөтүү тесттик режимде сунушталып жаткандыгы жөнүндө билдирүү

- банктык операциялар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча бардык финансылык милдеттенмелердин ордун милдеттүү түрдө жабуу; 

- инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо өзгөчөлүгүн эске алуу менен башка милдеттенмелер.  

21. Эгерде банк операцияларын жана кызмат көрсөтүүлөрдү тестирлөө техникалык тапшырмага ылайык, лицензия алган учурдан тартып 6 (алты) ай ичинде башталбаса, лицензиянын аракети токтотулат. Лицензиянын аракети токтотулгандыгы жөнүндө билдирүү Улуттук банк тарабынан атайын жөнгө салуу режиминин Катышуучусуна жөнөтүлөт.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 27-июлундагы № 2022-П-12/47-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

22. Билдирме ээси лицензиялануучу башка ишти жүзөгө ашырган учурда, Комитет атайын жөнгө салуу режимин ишке киргизүү жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин, Улуттук банк мамлекеттик органдардын дарегине тиешелүү маалыматты жөнөтө алат. Тестирлөө тууралуу маалымат Билдирме ээсинин жана Кошо билдирме берүүчүнүн (эгер болсо) жөнгө салуучу жана көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдарына да жөнөтүлөт. Улуттук банк Билдирме ээсинин жана Кошо билдирме берүүчүнүн (эгер болсо) жөнгө салуучу жана көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдарынан маалыматтарды талап кылууга, ошондой эле алар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка негизде өз ара аракеттенүүгө укуктуу.  

23. Тестирлөөнүн узактыгы 12 айга чейин болушу мүмкүн.  

24. Атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу лицензияда көрсөтүлгөн тестирлөөнүн аяктоо күнүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирбестен, тестирлөө мөөнөтүн узартуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз менен Улуттук банкка кайрыла алат. Анда узартуунун себеби көрсөтүлөт жана ушул Жобонун 21-пунктуна ылайык отчет кошо тиркелет. Мындай арыз 15 жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө каралат.  

Тестирлөөнүн мөөнөтү узартылган учурда, Комитеттин кошумча чечими чыгарылат, мында тестирлөөнү аяктоонун жаңы күнү белгиленет. Ал эми тестирлөөнү узартуу мөөнөтү 6 (алты) айдан ашпоого тийиш. Комитеттин кошумча чечими 2 (эки) жолудан ашык кабыл алынышына жол берилбейт. Комитеттин чечиминде көрсөтүлгөн тестирлөө мөөнөтүн узартуу шарттары ушул Жобонун талаптарына ылайык келүүсү зарыл.  

25. Комитеттин чечиминде көрсөтүлгөн тестирлөө шарттары ушул Жобонун талаптарына ылайык келүүгө тийиш.  

 

6-глава. Лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу жана токтотуу 

 

26. Атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу лицензияда көрсөтүлгөн күндөн тартып, тестирлөөнү баштоого укуктуу. 

27. Улуттук банк атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу тарабынан аталган режимдин шарттарында каралган кызмат көрсөтүү жана/же технологияларды сунуштоо шарттары сакталбагандыгы аныкталган учурда, атайын жөнгө салуу режимине катышууга берилген лицензиянын аракетин убактылуу токтотууга укуктуу: 

28. Ушул Жобонун 27-пунктунда каралган жагдай орун алган учурда, Улуттук банк атайын жөнгө салуу режиминин Катышуучусуна лицензиянын аракети кемчиликтер четтетилгенге чейин убактылуу токтотулгандыгы тууралуу тиешелүү билдирүү жөнөтөт.  

29. Улуттук банк атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусунун дарегине тестирлөө токтотулгандыгы тууралуу чечимди жөнөтөт жана токтотуунун себебин көрсөтүү менен төмөнкү учурларда лицензияны кайтарып алат:  

- жөнгө салуунун өзгөчө режимин колдонууга билдирмеде анык эмес маалыматтар берилгендиги аныкталса; 

- атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу тарабынан аталган режимдин шарттарында каралган кызмат көрсөтүү жана/же технологияларды сунуштоо шарттары системалуу түрдө (тестирлөө учурунда эки жана андан көп жолу) сакталбагандыгы аныкталса;  

- лицензияда көрсөтүлгөн тестирлөөнүн мөөнөтү бүтсө

- ушул Жобонун 21 жана 24-пункттарына ылайык мөөнөтү аяктаса;  

- атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусунан тестирлөөнү аяктоо мөөнөтүн жана себебин көрсөтүү менен, токтотуу жана атайын жөнгө салуу режиминен чыгуу тууралуу талап түшсө;  

30. Атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу тестирлөө токтотулган учурда, тестирлөө алкагында ишке ашырылган операцияларды токтотууга жана атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банктык операциялардын чектелген тизмегин жүргүзүү укугуна берилген лицензияны Улуттук банктын тиешелүү чечимин/билдирүүсүн алгандан кийин 1 (бир) жумуш күнү ичинде тапшырууга, ошондой эле атайын жөнгө салуу режиминин шарттарына ылайык, тестирлөөдөн чыгууда каралган чараларды көрүүгө милдеттүү.  

 

7-глава. Тестирлөөнүн жыйынтыгын чыгаруу 

 

31. Лицензиянын мөөнөтү аяктаганга чейин 30 календардык күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө же техникалык тапшырмада белгиленген тестирлөөнүн сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрү менен критерийлерге жеткен учурда, атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу тестирлөөнүн натыйжалары жөнүндө отчетту (мындан ары отчет) Улуттук банкка жөнөтөт, ал төмөнкүлөрдү камтыйт: 

- техникалык тапшырманын шарттарында көрсөтүлгөн жана дал келбестиктин (бар болсо) себептерине ылайык тестирлөөнүн жүрүшүндө жетишилген сандык жана сапаттык көрсөткүчтөр жөнүндө маалымат; 

- тестирлөөнүн жүрүшүндө атайын жөнгө салуу режиминин Катышуучусу туш болгон көйгөйлөрдү жана көрүлгөн чараларды баяндоо; 

- керектөөчүлөр тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдүн талап кылынышын баалоо; 

- кызмат көрсөтүүнү андан ары сунуштоого тоскоол болушу мүмкүн болгон ченемдик укуктук актылардын жоболорун көрсөтүү

- керектөөчүлөрдүн кызмат көрсөтүүгө байланыштуу даттануу фактылары жөнүндө маалыматтар; 

- тестирлөөнүн жүрүшүндө орун алган тобокелдиктер жана көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматтар; 

- ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык толтурулган форма; 

- банк операцияларын андан ары ченемдик жөнгө салуу боюнча сунуштар. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 27-июлундагы № 2022-П-12/47-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

32. Комитет Отчетту алгандан кийин 25 календарлык күн ичинде Отчет менен, ошондой эле Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнүн корутундусу менен таанышып чыгат. 

33. Эгерде атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу тестирлөөнүн натыйжасында аталган режимдин шарттарында көрсөтүлгөн сандык жана сапаттык көрсөткүчтөр боюнча критерийлерге жетише албаса, анда Комитет Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнүн корутундусунун негизинде, тестирлөөгө катышууга тиешелүү баасын берет.  

Мында атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу Улуттук банкка пландаштырылган көрсөткүчтөрдөн айырманын себеби тууралуу жазуу жүзүндө маалымат берет.  

34. Эгерде атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу тестирлөөнүн натыйжасында аталган режимдин шарттарында көрсөтүлгөн сандык жана сапаттык көрсөткүчтөр боюнча критерийлерге жетише алса, анда Комитет Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнүн корутундусунун негизинде, тестирлөөгө ийгиликтүү өткөн катары баа берет.  

35. Тестирлөө ийгиликсиз катары таанылган учурда, атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусуна аталган режимдин алкагында тестирлөөдөн өткөн инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү андан ары сунуштоого тыюу салынат. Лицензиянын атайын жөнгө салуу режимине катышуу аракети токтотулат.  

36. Тестирлөө ийгиликтүү өткөн катары таанылган учурда, Комитет Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө тестирлөөдөн өткөн кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды сунуштоого тоскоолдуктарга жол бербеген Улуттук банктын ченемдик укуктук актысынын долбоорун иштеп чыгуу сунуш-көрсөтмөсүн берет. Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо лицензиянын мөөнөтүн узартуунун негизинде, мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин улантылышы мүмкүн. Атайын жөнгө салуу режиминин мөөнөтү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн узартылган учурда, Комитет тарабынан аталган режимдин шартттарында кызмат көрсөтүүлөрдү улантуу үчүн кошумча шарттар белгилениши мүмкүн.  

 

8-глава. Атайын жөнгө салуу режиминин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу  

 

37. Атайын жөнгө салуу режиминин ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында, Улуттук банк расмий интенет-сайтында атайын жөнгө салуу режимдеринин реестрин түзөт. 

38. Атайын жөнгө салуу режимдеринин реестринде аталган режимдин катышуучулары тууралуу төмөнкү маалымат камтылат:  

- атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусунун/катышуучуларынын аталышы; 

- атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусунун каттоо номери жана лицензиясынын реквизиттери; 

- атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусунун/катышуучуларынын интернет-сайты (эгер болсо) жана анын байланыш маалыматтары (анын ичинде электрондук дареги); 

- атайын жөнгө салуу режими бекитилген күнү

- атайын жөнгө салуу режиминде көрсөтүлгөн тестирлөөнүн башталган күнү

- атайын жөнгө салуу режиминде көрсөтүлгөн тестирлөөнүн аяктаган күнү  

(ошондой эле тестирлөө узартылган учурда, тестирлөө мезгилинин узартылгандыгын көрсөтүү). 

39. Ушул Жобонун 38-пунктунда көрсөтүлгөн маалымат атайын жөнгө салуу режимине катышууга лицензия берүү жөнүндө чечим бекитилгенден кийинки 3 (үч) жумуш күнүнөн кечиктирилбестен, Улуттук банктын реестрине киргизилет.  

 

9-глава. Улуттук банктын чечимдерине даттануу тартиби  

 

40. Ушул Жобонун алкагында Улуттук банк тарабынан кабыл алынган чечимдер боюнча Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө” жобого ылайык даттанууга жол берилет.  

41. Улуттук банктын ушул Жобонун алкагында кабыл алынган актылары (Комитеттин, Улуттук банк Башкармасынын токтомдорун жана лицензияны кошпогондо) мөөр менен күбөлөндүрүүнү талап кылбайт. Ушул Жобого ылайык кабыл алынган чечимдер Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнүн кат жөнөтүүсү аркылуу тиешелүү жактарга (билдирүү ээлерине) тааныштырылат.  

«Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобого  

1-тиркеме  

 

 

 

АРЫЗ  

Сизден ____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________ үчүн атайын жөнгө салуу режимин түзүүгө,  

(толук аталышы жана юридикалык дареги) 

төмөнкү банктык операцияны жана кызмат көрсөтүүнү тестирлөөгө  

_________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________ берилген арызды кароону өтүнөм. 

(пландаштырылган банктык операция жана кызмат көрсөтүү жөнүндө кыскача маалымат) 

 

1. Уюштуруучулар жөнүндө маалымат: 

_______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________ 

Башкаруу боюнча аткаруу органынын курамы (жетекчинин, финансылык директордун, башкы бухгалтердин, техникалык директордун же болбосо алардын милдетин аткаруучу адамдардын аты-жөнү

2. Ушул билдирмеге тиешелүү кошумча маалыматты алуу үчүн байланышуучу адам: (аты-жөнү, кызмат орду, телефон, байланышуучу адамдын электрондук почтасынын дареги). 

3. Кошо билдирме берүүчүнүн бар экендиги тууралуу маалымат: (Билдирме ээсинин (Кошо билдирме берүүчүнүн) толук аталышы жана юридикалык дареги. 

4. Билдирмеге төмөнкүлөр тиркелет: 

______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________ 

 

Уюмдун жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү 

20___-ж. «_____» ______________________  

«Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө»  

жобого 2-тиркеме  

(КР Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 27-июлундагы  

№ 2022-П-12/47-4-(НПА)  

токтомунун редакциясына ылайык) 

 

БИЛДИРМЕ ЭЭСИ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ 

Уюмдун толук аталышы 

  

Уюмдун юридикалык жана айкын дареги 

  

Уюмдун мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн реквизиттери 

  

Күбөлүктүн берилген датасы 

  

Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН) 

  

Уюмдун веб-сайты (эгер болсо) 

  

Башка мамлекеттик органдардан башка уруксат берүүчү документтердин болушу 

  

Билдирме ээсинин байланыш адамынын аты-жөнү жана кызматы 

  

Билдирме ээсинин байланыш адамынын электрондук дареги 

  

Билдирме ээсинин байланыш адамынын телефону 

  

КОШО БИЛДИРМЕ БЕРҮҮЧҮ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ 

Уюмдун толук аталышы 

  

Уюмдун юридикалык жана айкын дареги 

  

Уюмду мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн реквизиттери 

  

Күбөлүктүн берилген датасы 

  

Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН) 

  

Уюмдун веб-сайты 

  

 

 

 

20___-ж. «_____» ______________________ «Атайын жөнгө салуу режими 

жөнүндө» жобого 3-тиркеме 

(КР Улуттук банк 

Башкармасынын  

2022-жылдын 27-июлундагы  

№ 2022-П-12/47-4-(НПА)  

токтомунун редакциясына ылайык) 

 

ИННОВАЦИЯЛЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ/ТЕХНОЛОГИЯ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ 

Сунушталган инновациялык кызмат көрсөтүү/технология жөнүндө кеңири маалымат (графикалык/схемалык форма тиркелет). 

Банктык операциялар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат 

Инновациялык кызмат көрсөтүүнүн/инновациялык технологияларды ишке ашыруунун бизнес-процессин чагылдыруу  

Бизнес-процессти чагылдыруу, ошондой эле бизнес-процесстин графикалык формасы тиркелет. 

Рынок үчүн кызмат көрсөтүү/технологиянын жаңылыгын чагылдыруу. Кандай социалдык жана экономикалык оң натыйжа күтүлөт? 

Сунушталып жаткан операциянын жана кызмат көрсөтүүнүн рынокто сунушталып жаткан башка банктык операциялардан жана кызмат көрсөтүүлөрдөн, же болбосо аларды сунуштоонун жаңы технологиясынан айырмасы. Сандык көрсөткүчтөрүн көрсөтүү менен, кызмат көрсөтүүнүн оң натыйжасын белгилөө 

Локалдык рыноктон (эгер болсо) тышкары бирдей инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды сунуштоо тууралуу маалымат же мындай тажрыйбанын жоктугун көрсөтүү 

Локалдык рыноктон тышкары бирдей банк операцияларын жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо тууралуу маалымат же мындай тажрыйбанын жоктугун көрсөтүү 

Атайын жөнгө салуу режимин түзбөстөн, инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды сунуштоого тоскоолдук кылган Улуттук банктын ченемдик актыларынын жоболору. 

Ченемдик документтерге шилтемелер менен тиешелүү ченемдик укуктук актылардан үзүндүлөр 

Атайын жөнгө салуу режимин түзбөстөн, инновациялык кызмат көрсөтүүнү/технологияны сунуштоого тоскоолдук кылган башка жагдайлар 

Болгон учурда көрсөтүлөт 

Инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды сунуштоого/ишке ашырууга байланышкан тобокелдиктер тууралуу маалымат 

Тобокелдик тууралуу маалымат: 

- тобокелдик деңгээли (төмөн, орто, жогору, кооптуу); 

- тобокелдикти минималдаштыруу ыкмалары. 

Ар бир тобокелдик жогоруда көрсөтүлгөн түзүм боюнча өзүнчө чагылдырылышы зарыл, мында маалымат коопсуздугу боюнча тобокелдик аларды минималдаштыруу же жөнгө салуу боюнча сунушталган чаралары менен көрсөтүлүүгө тийиш. 

Тесттин алкагында белгилениши мүмкүн болгон чектөөлөрдүн тизмеги же толтурула турган боштуктар. 

Потенциалдуу тобокелдиктерди азайтуу үчүн тестирлөөнүн алкагында белгиленүүчү чектөөлөр тууралуу маалымат 

Инновациялык кызмат көрсөтүү/технология үчүн техникалык даярдык тууралуу маалымат  

Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды эске алуу менен техникалык даярдык жана колдонулган технология тууралуу маалымат 

Тесттин узактыгы 

12 айдан ашык эмес 

Тесттин ийгиликтүүлүгү боюнча критерийлердин тизмеги 

Тесттин ийгилиги баалануучу критерийлер жөнүндө маалымат  

Билдирме ээси менен Кошо билдирме берүүчүнүн ортосунда функцияларды бөлүштүрүү боюнча сунуштар тууралуу маалымат (эгер болсо) 

Кошо билдирме берүүчүнүн функциялары боюнча кыскача маалымат (эгер болсо) 

Тестирлөөнү токтотуунун тартиби 

Кардарларды тейлөө же келишимдерди бузуу, каражаттарды кайтарып берүү тартиби жана тестирлөө аяктагандан кийинки башка аракеттер 

«Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобого  

4-тиркеме 

 

Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча долбоордун натыйжалуулугуна баа берүү үчүн индикаторлордун тизмеги:  

1. Жалпы индикаторлор: 

1.1. жеке адам кардарлардын саны; 

1.2. юридикалык жакты түзүүсүз ишкер кардарлардын саны; 

1.3. юридикалык жак болгон кардарлардын саны; 

1.4. активдүү кардарлардын (өткөн айда аз дегенде бир жолу кызмат көрсөтүүдөн пайдаланган кардарлардын) үлүшү

1.5. идентификациялоодон өткөн кардарлардын үлүшү

1.6. кардарлардын канааттануу деңгээли (канааттануу индексинин негизинде, айрым бөлүгүн тандоо менен, анкета/сурамжылоо жүргүзүү натыйжасы боюнча); 

1.7. кызмат көрсөтүүнүн баасынын рыноктогу ушул сыяктуу кызмат көрсөтүүлөргө салыштырмалуу деңгээли. 

2. төлөмдөр жана акча которуулар чөйрөсүндөгү долбоорлор үчүн индикаторлор: 

2.1. технологияны колдонуу менен ишке ашырылган операциялардын көлөмү

2.2. бир төлөм инструментин колдонуу менен ишке ашырылган операциялардын орточо көлөмү жалпы кардарлар базасы боюнча жана активдүү кардарлар арасында; 

2.3. бир төлөм инструментин колдонуу менен ишке ашырылган операциялардын орточо саны (бир ай ичинде) жалпы кардарлар базасы боюнча жана активдүү кардарлар арасында; 

2.4. кардарларга сунушталган төлөм инструменттеринин саны; 

2.5. төлөөчү үчүн операциянын орточо наркы; 

2.6. алуучу үчүн операциянын орточо наркы; 

2.7. операциялардын көлөмүнүн орточо айлык өсүш арымы; 

2.8. төлөм өткөрүү операцияларынын көлөмүнүн нак акча каражатын чыгаруу операцияларына карата катышы; 

2.9. кардарлардын талаш жараткан операцияларынын үлүшү (операциялардын саны боюнча); 

2.10. кардарлардын талаш жараткан операцияларынын үлүшү (операциялардын көлөмү боюнча); 

2.11. кардарлардын талаш жараткан, компенсацияланган операцияларынын үлүшү (операциялардын саны боюнча); 

2.12. кардарлардын талаш жараткан, компенсацияланган операцияларынын үлүшү (операциялардын көлөмү боюнча). 

3. Кредит берүү чөйрөсүндөгү долбоорлор үчүн индикаторлор: 

3.1. берилген кредиттердин жалпы көлөмү (насыялар); 

3.2. берилген кредиттердин жалпы саны (насыялар);  

3.3. колдоого алынган кредиттин орточо көлөмү (насыя); 

3.4. кредит алууга берилген билдирмелердин колдоого алынган үлүшү (насыя); 

3.5. төлөм мөөнөтүн өткөрүп жиберген кардарлардын үлүшү

3.6. берилген кредиттер боюнча карыздын орточо өлчөмү (насыялар); 

3.7. берилген кредиттер боюнча карыздын жалпы көлөмү (насыялар); 

3.8. кредит берүү жөнүндө чечим кабыл алуунун орточо убактысы (насыя). 

4. Комитет тарабынан атайын жөнгө салуу режиминин алкагында белгиленген башка индикаторлор.  

«Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобого  

5-тиркеме  

  

  

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ  

  

Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банктык операцияларды жүргүзүү укугуна  

№ __ЛИЦЕНЗИЯ  

__________________________________________________________________  

(юридикалык жактын толук фирмалык аталышы)  

__________________________________________________________________  

(юридикалык жактын кыскартылган фирмалык аталышы)  

-ж. ___________________  

1.  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бул лицензиянын техникалык тапшырмасында көрсөтүлгөн операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна ээ.  

2.  Белгилүү бир операцияларды жүргүзүү укугуна берилген ушул лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп техникалык тапшырма саналат.  

Лицензияга кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Лицензияны колдонуу мөөнөтү ага кол коюлган күндөн тартып 12 ай.  

Бул жак атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тестирлөөнү жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын реестрине киргизилген (күнү, айы, жылы).  

Лицензия каттоодон өткөн (күнү, айы, жылы).  

  

Бланктын № ____________ сериясы ___________  

  

Улуттук банктын төрагасынын орун басары/Башкарманын мүчөсү   

 

___________________________ аты-жөнү, кол тамгасы  

Улуттук банктын мөөрү  

 

«Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобого  

6-тиркеме  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 27-июлундагы № № 2022-П-12/47-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тестирлөө укугуна берилген лицензияга  

ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА 

__________________________________________________________________   

(юридикалык жактын фирмалык толук аталышы, мындан ары - Катышуучу) 

1. Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банктык операциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы жана баяндалышы. 

...... 

2. Банктык операцияларды тестирлөө укугуна атайын жөнгө салуу режиминин алкагындагы чектөөлөр 

…… 

3. Атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусуна карата киргизилүүчү милдеттенмелердин тизмеги: 

…… 

4. Тестирлөөнүн ийгиликтүү болушуна баа берүү үчүн сандык жана сапаттык көрсөткүчтөр камтылган критерийлердин тизмеги 

5. Отчеттуулук формасы 

…… 

6. Тестирлөө токтотулган учурда атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусунун аракеттеринин тартиби: 

.…… 

Тестирлөө токтотулган учурда атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусунун аракеттер тартиби: 

.…… 

 

Ушул техникалык тапшырма лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 

   

Төраганын орун басары / Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү 

  

___________________________ Аты-жөнү, кол тамгасы 

Улуттук банктын мөөрү