Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2009-жылдын 23-сентябрындагы 

N 38/8 токтомуна карата 

тиркеме 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-августундагы N 32/8, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2, 2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/8, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10, 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-6-(БС), 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА), 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-2-(БС), 2020-жылдын 23-сентябрындагы № 2020-П-12/51-1-(НПА), 2022-жылдын 24-февралындагы № 2022-П-12/9-4-(НПА), 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

I. Жалпы жоболор 

1.1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

1.2. Анын ичинде "ислам терезесине" ээ банктар коммерциялык банктарынын (мындан ары - банктар) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашыруу тартибин белгилөө, бул жобонун максаты болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

1.3. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банк, каражаттарды Шариат жол берген бизнеске гана инвестициялоого тийиш. 

1.4. Банкта Шариат кеңеши түзүлүүгө тийиш. Банктын бардык саясаттары жана типтүү келишимдери Шариат кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

1.5. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүргүзүү учурунда банк, операцияларды ишке ашырган тараптарды жана операцияларды террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген тартипте идентификациялоого тиешелүү талаптарды сактоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10, 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

II. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине жооп берген бүтүмдөрдүн түрлөрү 

2.1-глава. Мудараба келишими 

(Главанын аталышы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)) 

 

2.1.1. Мудараба келишими бул келишим, ага ылайык бир тарап - инвестор капиталды (акча каражаттарын) сунуштайт, ал эми экинчи тарап (мудариб) ошол капиталды кабыл алуу менен пайда алуу максатында аларды тескөөгө алат. Мында алынган пайда келишим шарттарына ылайык, тараптар ортосунда пропорционалдуу бөлүштүрүлүүгө тийиш. Мударибдин же башка тараптын инвестор алдындагы карызын/милдеттенмесин мудараба келишиминде капитал катары пайдаланууга жол берилбейт. 

Эгерде келишимди аткаруунун жүрүшүндө чыгым келип чыкса, инвестор капиталдын сунуш кылынган суммасы өлчөмүндө чыгым тартат, ал эми мудариб бул учурда өз эмгеги үчүн сыйакы албай калат. Чыгымдарды бөлүштүрүүнүн мындай эрежеси, чыгым мударибдин күнөөсү боюнча эмес келип чыккан шартта гана колдонулат. 

Эгерде келишимди аткаруунун жүрүшүндө мударибдин күнөөсү боюнча же анын укукка жатпаган аракеттеринин кесепетинен чыгым келип чыккан болсо, анын орду мударибдин эсебинен жабылууга тийиш. Мында, инвестор мударибден камсыздоонун эсебинен мурда келишим боюнча берилген сумманы алууга укуктуу, эгерде ал сумма жетишсиз болсо, ал мударибдин башка мүлкүнүн эсебинен алынат. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.1.2. Мудараба келишимдери төмөнкү түрлөргө бөлүнөт: 

Чектелген (атайын) мудараба мудараба келишими, анын шарттарына ылайык инвестор мударибдин инвестициялоосу үчүн активдердин түрлөрүн же долбоорлорун аныктайт. 

Чектелбеген (жалпы) мудараба мудараба келишими, анын шарттарына ылайык мудариб каражаттарды иш чөйрөсүнүн кайсыл болбосун багытына өз каалоосу боюнча пайдаланууга укуктуу. 

Ачык мудараба бул мудараба келишими, анын шарттарына ылайык, инвестор мудариб тарабынан берилген каражаттарды мөөнөтүнөн мурда (биринчи талап боюнча) алууга укуктуу. Мында банк (эгерде ал мудариб катары саналса) инвесторго акыркы толук мезгил (ай, жыл) үчүн пайданы төлөп берет. 

Тараптар инвестордун капиталды акырындап кайтарып алуусун макулдашышы мүмкүн.  

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.1.3. Мудараба келишими банк тарабынан төмөнкү эки учурда колдонулат: 

1) каражаттарды тартуу боюнча инструмент катары; 

2) каржылоо инструменти катары. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.1.4. Мудараба келишими кат жүзүндө толтурулууга тийиш. 

2.1.5. Банк инвестордун ролунда иш алып баруу менен бизнес-планга баа берүүгө, инвестициялоо үчүн объекттерди аныктоого, кардардын ишине баа берүүгө жана келишим аткарылышынын жүрүшүндө, ага консультацияларды берип турууга тийиш. 

2.1.6. Чектелген/атайын мудараба келишими боюнча акча каражаттарын берүүдө банк келишимге мударибге каржылоо каражаттарынын эсебинен төмөнкүлөрдүн жүргүзүлүшүнө тыюу салган шарттарды киргизүүгө тийиш:  

- насыя, ссуда жана кредиттерди берүүгө;  

- белек тартуулоого жана кайрымдуулук максаттарына жумшоого;  

- акча каражаттарын максатсыз пайдаланууга. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.1.7. Мудараба келишими боюнча милдеттенмелердин тиешелүү деңгээлде аткарылышы максатында банк, инвестордун ролунда иш алып баруу менен кардардан күрөө, кепилдик, гарантия, кандайдыр бир өлчөмдөгү сумманы алдын ала алуу (задатка) сыяктуу ошондой эле, мыйзам актыларында же келишимде каралган, банк тарабынан келишим боюнча берилген суммага барабар суммадагы камсыздоонун башка түрлөрүн кардардан алууга тийиш. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.1.8. Мудараба келишиминде эң аз дегенде төмөндөгүлөр каралышы зарыл: 

1) келишим түрүнө көрсөтмө

2) келишим түрүнө жараша - инвестициялоо объектисине көрсөтмө, салынган сумманы мөөнөтүнөн мурда алуунун мүмкүн эместиги, инвестордон алынган каражаттарды үчүнчү жактардын каражаттары менен чогуу пайдалануу мүмкүндүгү жөнүндө жобо; 

3) берилүүчү сумманын өлчөмү

4) милдеттенмелерди камсыздоо ыкмалары; 

5) тараптардын укуктары жана милдеттери; 

6) келишимди аткаруунун жүрүшүндө тараптардын күнөөсү боюнча же алардын укукка жатпаган аракеттеринин кесепетинен улам келип чыккан чыгымдардын ордун жабуу милдеттенмеси аткарылбай калгандыгы же тиешелүү деңгээлде аткарылбагандыгы үчүн тараптардын жоопкерчилиги; 

7) тараптар ортосунда түшкөн пайдаларды жана жол берилген чыгымдарды бөлүштүрүү тартиби; 

8) келишим шарттарынын тараптар тарабынан өз алдынча же квалификациялуу адистерди тартуу менен аткарылышы; 

9) алынган акча каражаттарын пайдалануу эсебин жүргүзүү, ал келишимдин же анын айрым баскычынын бүтүшү боюнча тараптар ортосунда бөлүштүрүлүүгө тийиш болгон алынган пайданы аныктоого мүмкүндүк берет; 

10) келишимди токтотуу тартиби. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.1.9. Келишим түзүшкөн тараптардын пайдасы келишимде каралган тартипте алынган пайдадан үлүштө аныкталат. Мудараба операциясынан алынган пайданы бөлүштүрүү тартиби жана мөөнөттөрү, келишим шарттарына ылайык аныкталат. 

2.1.10. Мудараба келишими төмөнкү учурларда бир тараптуу тартипте токтотулбайт, эгерде: 

- мудариб келишим шарттарын аткарууга киришип, ишкердиктин жүрүшүндө каражаттарды пайдалана баштаган болсо; 

- келишим мөөнөтү бүтө элек болсо. 

2.2-глава. Шарика/мушарака келишими 

(Главанын аталышы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

2.2.1. Шарика/мушарака келишими эки же андан көп тараптардын ортосунда түзүлгөн өнөктөштүк жөнүндө келишим, ал аркылуу ар бир өнөктөш тийиштүү суммадагы акчаны же бардык өнөктөштөрдүн макулдугу менен материалдык активдерди салат, бул ар бир өнөктөшкө шарика/мушарака келишимине ылайык пайданы бөлүштүрүү шартында компаниянын активдерин пайдалануу менен иш жүргүзүүгө укук берет, ал эми келип чыккан чыгымды ар бир өнөктөш компаниянын жалпы капиталындагы салымына жараша өз мойнуна алат. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.2.2. Шарика/мушарака келишими төмөнкүдөй эки башкы категория боюнча классификацияланат: 

1) юридикалык жакты түзүүсүз эле, катышуучуларды бириктирүү

2) юридикалык жакты, анын ичинде, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык түзүлгөн өнөктөш шериктештикти жана/же юридикалык жакты түзүү менен катышуучуларды бириктирүү

Эгерде келишимден башкасы келип чыкпаса, шарика/мушарака келишими юридикалык жакты түзүүсүз эле, катышуучулардын биригүүсүнө карата сыяктуу эле, юридикалык жакты түзүү менен биригүүсүнө карата да колдонулат. 

Кемүүчү мушарака келишими - бул шарика/мушарака келишиминин негизиндеги өнөктөштүктүн формасы, анда өнөктөштөрдүн бири экинчи өнөктөштүн үлүшүн ушул үлүшкө менчик укугу толугу менен ага өтмөйүнчө акырындап сатып алууну убада кылат. Бул операция өнөктөштүктү түзүү менен башталат, андан кийин эки өнөктөш ортосунда үлүштөрдү сатып алуу жана сатуу ишке ашырылат. 

Сатып алып жаткан өнөктөшкө акцияны сатып алуу милдеттенмесин берүүгө гана уруксат берилет. Бул милдеттенме өнөктөштүк келишиминен көз карандысыз болушу зарыл. Мындан тышкары, сатып алуу-сатуу келишими да өнөктөштүк келишиминен көз карандысыз түзүлүүгө тийиш. Бир келишим башка келишимди түзүү шарттарында түзүлүшүнө жол берилбейт. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.2.3. Кемүүчү мушарака келишими шарика/мушарака келишиминин жалпы эрежелерин колдонот жана кемүүчү мушарака келишимине кайсы болбосун тарапка компаниянын капиталынан өз үлүшүн артка кайтарып алып коюу укугун бере турган кандайдыр бир пунктту киргизүүгө тыюу салынат. 

Шарика/мушарака келишими кат жүзүндө толтурулат. Эгерде келишим негизинде юридикалык жак түзүлгөн болсо, анда ал Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген тартипте катталууга тийиш. Өнөктөштүктү түзүү документинде же юридикалык жактын уставында өнөктөштүк максаттары так чагылдырылышы зарыл. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.2.4. Тараптар тарабынан өнөктөштүк ишин жүзөгө ашыруу максатында сунуш кылынган финансылык каражаттар же мүлк жол берилген булактардан алынган болсо, өнөктөштүк келишимин түзүүгө банкка уруксат берилет. Өнөктөштүк негизинде юридикалык жакты түзүү учурунда өнөктөштүк ишинде, анын ичинде Шариат эрежелерин сактаган тескөөнү жүзөгө ашыруу процессинде операцияларды аткарууда, Шариат эрежелеринин жана принциптеринин сакталышына тиешелүү бардык зарыл тастыктоолор алынууга тийиш. 

2.2.5. Эгерде бөлүштүрүлүүчү пайдадагы үмүттөр кайрадан карала турган болсо, өнөктөштүк келишимине түзөтүүлөр киргизилген шартта, келип чыккан чыгымды ар бир өнөктөш, капиталга салынган үлүшүнө жараша өз мойнуна алууга тийиш. 

2.2.6. Эгерде шарика/мушарака өнөктөштүгү жөнүндө келишимдин негизинде уюшулган юридикалык жактын капиталына материалдык активдер (товарлар) салынса, мындай активдердин акчалай наркы көз карандысыз баа берүүлөрдүн негизинде аныкталууга тийиш.  

Эгерде өнөктөштөр капиталга салымды ар башка валютада ишке ашырса, аларды учурдагы алмашуу курсу боюнча шарика/мушарака келишиминин валютасына которуу зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.2.7. Шарика/мушарака келишиминин негизинде түзүлгөн юридикалык жактын капиталына төлөм катары карыздык милдеттенмени (дебитордук карызды) салууга уруксат берилбейт. Карыздык милдеттенмелер эгерде алар, капиталга төлөм түрүндө салынган башка активдерден ажырагыс болсо гана, шарика/мушарака өнөктөштүгү келишиминин негизинде түзүлгөн өнөктөштүктүн капиталына салынышы мүмкүн. Бул учурда, таза активдердин наркы көз карандысыз аудиторлор тарабынан тастыкталууга тийиш. 

2.2.8. Өнөктөштүккө негизденген юридикалык жакты түзүү келишиминде ар бир өнөктөш келишим чегинде жана компаниянын таламдарына гана аракеттенүүсү жана албетте, милдеттүү түрдө шариат эрежелерин жана принциптерин сактоого тийиш экендиги караштырылышы зарыл. 

2.2.9. Келишимде юридикалык жактын ишин өнөктөштөр же өнөктөштөрдүн бири тарабынан аныкталган башкаруу шарттары, кайрадан каралышы мүмкүн. 

2.2.10. Шарика/мушарака келишиминде менеджерди өнөктөштөрдүн ичинен эмес башка жактан, компаниянын сарптоолоруна кирген катталган сыйакыны төлөө менен дайындоо же менеджерге колдоо көрсөтүү үчүн инвестициялык пайданын бөлүгү жана катталган сыйакы түрүндө төлөөлөрдүн караштырылышы мүмкүн. Эгерде башынан тартып эле, башкаруу алынган пайдадан үлүш өлчөмүнүн негизинде жүргүзө турган болсо, анда бул аракет менеджерди мудариб катары классификациялайт жана бул учурда ал, албетте буга жетишилген болсо, пайдадан үлүшкө гана укукка ээ болуу ага менеджердин кызматын аткаргандыгы үчүн эч кандай башка сыйакы төлөнүп берилбейт. Эгерде өнөктөштөрдүн бири өзүнчө келишимдин (шарика/мушарака келишиминин) негизинде активдерди/акча каражаттарын тескөө үчүн дайындалса, ал белгилүү бир суммада сый акы алышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.2.11. Тараптар шарика/мушарака келишиминин негизинде түзүлгөн компаниянын каражаттарын тескөө боюнча кызмат көрсөтүү түрүндө өз салымын кошкон же өз кызматын кандайдыр бир башка формада сунуштаган, мисалы, бухгалтердик эсеп жагында кызмат көрсөткөн өнөктөшкө белгиленген сый акыларды карашы мүмкүн. Мында шарика/мушарака келишиминин тараптары мындай өнөктөшкө анын өнөктөштүк капиталдагы өз үлүшүнө ылайык иштеп тапканына караганда, пайданын көбүрөөк бөлүгүн белгилеши мүмкүн. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.2.12. Шарика/мушарака келишиминде укукка жатпаган аракеттерге, шалаакылыкка, кайдыгер мамилеге же өнөктөштөр/өнөктөш тарабынан келишим талаптарын бузууга жол берилиши учурунда, келип чыккан чыгымдын ордун жабуу үчүн өнөктөштөрдүн камсыздоону берүүсү түрүндө жоопкерчилиги каралууга тийиш. 

2.2.13. Эгерде айрым же бардык өнөктөштөр тарткан чыгымдын ордун жабуу гарантиясы үчүнчү жак тарабынан берилген болсо, анда мындай гарантия төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

1) гарант катары чыгып жаткан үчүнчү жактын укук негизинде иш алып барууга жөндөмдүүлүгү жана финансылык милдеттенмеси шарика/мушарака келишимине көз каранды болбоого тийиш; 

2) гарантия белгилүү бир компенсация үчүн берилүүгө тийиш эмес жана шарика/мушарака келишимине байланыштуу болбоого тийиш; 

3) компаниядагы капиталдын суммасынын тең жарымынан көбүрөөгү гарант катары чыгып жаткан үчүнчү жакка тиешелүү болбоого тийиш; 

4) гарантия алган компанияга ошол гарантияны берип жаткан компаниянын капиталынын суммасынын тең жарымынан көбүрөөгү тиешелүү болбоого тийиш; 

5) үчүнчү тараптын гарантиясы анын пайдасына берилген өнөктөш, эгерде гарант гарантиянын шарттарын аткарбаса, келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткаруудан баш тартууга укугу жок. 

2.2.14. Шарика/мушарака келишиминде пайдадан алынган үлүш түрүндөгү пайданы, ар бир өнөктөштүн компаниянын капиталындагы төлөмүнө пропорционалдуу негизде тараптар ортосунда бөлүштүрүү тартиби каралууга тийиш. Пайда катталган акчалай сумма түрүндө белгилениши мүмкүн эмес. 

2.2.15. Шарика/мушарака келишиминде пайданы бөлүштүрүү күнүнө карата аны бөлүштүрүүдө өнөктөштөрдүн үлүшүн өзгөртүү же өнөктөштүн ага тиешелүү пайданын бөлүгүн, пайданы бөлүштүрүү күнү башка өнөктөштүн пайдасына ыйгарып бериши укугу караштырылышы мүмкүн. Тараптар пайданы өнөктөштөрдүн капиталга салымына жараша пропорционалдуу эмес бөлүштүрүүнү макулдашышы мүмкүн. Мында, жигердүү катышпаган өнөктөштүн үлүшүнүн катышпаган өнөктөштүн капитал шарттарында каралган болсо) анын капиталга салымынын коэффициентинен жогору болушу мүмкүн эмес. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.2.16. Башка өнөктөштөрдүн чыгымын өз эрки менен алууга банктын укугу жок. Бирок, шарика/мушарака келишиминде банк алдын-ала шарт коюусуз эле, келип чыккан чыгым үчүн жоопкерчиликти эрки боюнча өзүнө алууга башка өнөктөштөрдүн укугун караштырышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.2.17. Ал туруктуубу же жокпу андан көз карандысыз, пайданы бөлүштүрүүнүн кандайдыр бир ыкмасын колдонууга келишүүгө өнөктөштөргө уруксат берилет, мисалы, келишимди аткаруунун алгачкы баскычында пайданын үлүшүнүн өлчөмү өзүнчө, ал эми экинчи баскычта - эки мезгилдин же алынган пайданын өлчөмдөрүнүн бири-бирине дал келбей калышы мүмкүндүгүнө жараша, башкача болуп калышына келишүү. Бул жагдай, мындай ыкманы колдонуу өнөктөштөрдүн бири пайдага катышуудан четтетилиши ыктымалдыгын шарттаган жагдайга алып келбеген учурда гана чечилет. 

2.2.18. Пайда, компаниянын ишинен күтүлүп жаткандарды эске алуусуз эле, иш жүзүндөгү натыйжалар боюнча бөлүштүрүлүүгө тийиш. 

2.2.19. Шарика/мушарака келишими боюнча пайданы бөлүштүрүү шарттарына же ыкмасына, пайданы бөлүштүрүү принцибинин бузулушуна алып келген кандайдыр бир жоболорду же шарттарды кошууга уруксат берилбейт. Мындай кесепетке алып келиши мүмкүн болгон пайданы бөлүштүрүүнүн кандай болбосун шарттары же ыкмасы, келишимди жокко чыгарат. 

2.2.20. Өнөктөштөргө келишимде, ага ылайык бир же бир нече өнөктөш пайдадан катталган сумманы же шарика/мушарака келишиминин негизинде түзүлгөн компаниянын капиталынан пайыздык катышта эсептелинген сумманы ала алган жобону караштырууга уруксат берилбейт. 

2.2.21. Эгерде, алынган пайданын суммасы тараптар алдын-ала белгилеген максималдуу белгилүү бир чектен жогору болсо, артып калган пайда өнөктөштөрдүн бирине берилиши мүмкүндүгүнө макулдашууга уруксат берилет. Тараптар ошондой эле, эгерде пайда максималдуу суммадан ашпаса же ал суммадан төмөн болсо, анда пайда түзүлгөн келишимге ылайык бөлүштүрүлө тургандыгына макулдаша алышат. 

2.2.22. Өнөктөштүк мөөнөтү бүткөн же ал жоюлган шартта, пайда шарика/мушарака келишиминин негизинде түзүлгөн компаниянын бардык активдерин рыноктук нарк боюнча сатуудан келип түшкөн каражаттардын негизинде, жыйынтыкталып бөлүштүрүлүшү мүмкүн. 

2.2.23. Кандайдыр бир каражатты кайсыл болбосун тарапка аванс менен б.а. жыйынтыктап айкын эсептешүүлөр кийинчерээк жүргүзүлө турган шартта, айкын же конструктивдүү баа берүүгө чейин бөлүштүрүүгө уруксат берилет. Бул учурда тараптар, айкын же конструктивдүү баа берүүдөн кийин аларга тиешелүү болгон пайданын үлүшүнөн үстөк алынган кандай болбосун сумманы, компанияга компенсациялап берүүгө милдеттүү

2.2.24. Эгерде, шарика/мушарака келишиминин предмети болуп ижарага (лизингге) берүү үчүн сатылып алынган жана киреше алып келүүчү активдер саналса же келишим предмети болуп, каражаттын түшүүсүн шарттаган кызмат көрсөтүүлөр эсептелсе, анда сумма өнөктөштөргө жыл сайын аванс менен бөлүштүрүлүп, жөнгө салынууга жана шарика/мушарака келишиминин аракеттенүү мөөнөтүнүн акырында компенсацияланууга тийиш. 

2.2.25. Тараптардын уставынын же чечиминин негизинде, компаниянын пайдасын бөлүштүрбөөгө же пайданын белгилүү өлчөмдөгү суммасын төлөөгө жөндөмдүүлүктү колдоо камы (резерв) же жоготуулардын ордун жабуу үчүн кам (инвестициялык тобокелдик камы) катары калтырып коюуга уруксат берилет. 

2.2.26. Пайданын кандайдыр бир бөлүгүн кайрымдуулук максаттарына жумшоого макулдашууга жана калтырууга уруксат берилет. 

2.2.27. Тараптар шарика/мушарака келишимин мерчемдүү мөөнөт аралыгына сыяктуу эле, мөөнөтүн көрсөтүүсүз эле түзө алышат, же болбосо келишимди токтотуу же жокко чыгаруу үчүн негиз болуп саналган шарттарды белгилеши мүмкүн. 

Ар бир өнөктөш шарика/мушарака келишимин, өнөктөшүнө (өнөктөштөрүнө) ал тууралуу тиешелүү билдирмени жөнөтүүдөн кийин токтотууга укуктуу (башкача айтканда, компаниядан чыгууга). Бул учурда, ал компаниянын капиталына/активине салынган өз үлүшүн алууга укуктуу жана анын чыгуусу калган өнөктөштөрдүн ишине тоскоолдук кылбоого тийиш. 

Мөөнөттүү келишимди түзүүдө тараптарга өнөктөштүктү мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө макулдашып алууга уруксат берилет. Ушул жагдайда келишим мөөнөтү бүткөнгө чейин каралган милдеттенмелер жана аракеттер өзгөрүүсүз калуу менен улантыла берет. 

2.2.28. Өнөктөшкө компания иштеп турган мезгил аралыгында, же болбосо ал жоюлган учурда шарика/мушарака келишиминин негизинде түзүлгөн компаниянын бардык активдерин рыноктук наркы же сатып алуу күнүнө карата келишим боюнча сатып алууга милдеттенме алууга уруксат берилет. Шарика/мушарака келишиминин негизинде түзүлгөн компаниянын активдерин мурдатан аныкталган номиналдык наркы боюнча сатып алууга милдеттенүүгө уруксат берилбейт. 

2.2.29. Шарика/мушарака келишиминин негизинде түзүлгөн ишкана, келишимдин аракеттенүү мөөнөтү бүткөндө же өнөктөштөр аны мөөнөтүнөн мурда токтотууну чечкен учурда же болбосо, ага чейин эле ишкана кандайдыр бир бизнес үчүн түзүлүп, өнөктөштүк жөнүндөгү келишим предметин чагылдырган активдер иш жүзүндө жок кылынгандан кийин, өз ишин токтотот. Шарика/мушарака келишимин токтотуу, жоюу болжолдонгон учурда да орун алышы мүмкүн. Бул жагдайда, шарика/мушарака келишими бүткөн катары каралат жана тараптар каалаган учурунда жаңы өнөктөштүктү башташат, мында жоюунун жүрүшүндө сатылбай калган, бирок болжолдонгон жоюунун негизинде бааланган активдер, жаңы ишкананын капиталы болуп калат. 

Эгерде жоюу келишим мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу болсо, анда бардык колдонуудагы активдер тиешелүү рыноктук баага ылайык сатылат, ал эми аларды сатуудан түшкөн каражаттар төмөнкү максаттарга жумшалат: 

а) жоюу чыгымдарына; 

б) ишкананын таза активдеринен финансылык милдеттенмелер боюнча төлөөлөргө

в) калган активдерди өнөктөштөр арасында, алардын компаниянын капиталындагы/активдериндеги үлүштөрүнө ылайык бөлүштүрүүгө. Эгерде активдер жетишсиз болсо жана тараптар салынган бүтүндөй капиталын кайтарып ала албаса, активдер компаниянын капиталындагы алардын үлүшүнө пропорционалдуу негизде бөлүштүрүлөт. 

2.2.30. Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо максатында уюштурулган компания, белгилүү бир кесипке же квалификациялуу эмгекке тиешелүү кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо же белгилүү бир кызмат көрсөтүүлөрдү же кесипкөйлүк кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо, ошондой эле товарларды даярдоо максатында эки же андан көп өнөктөштөр ортосунда келишилген келишим негизинде түзүлөт. Пайда өнөктөштөр макулдашылган катышка ылайык бөлүштүрүшөт. 

2.2.31. Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн өнөктөштүк негизде түзүлгөн компания акчалай капиталга ээ эмес. Өнөктөштөр кызмат көрсөтүүлөрдүн ар кандай түрлөрүн өз ара бөлүштүрүшүп, кызмат көрсөтүүнүн бүтүндөй көлөмүн сунуштоо максатында, алар өз ара аракеттенүүгө жетише алгандай ыкмада, айрым же бардык өнөктөштөргө бир катар кызмат көрсөтүүлөрдү же кызмат көрсөтүүнүн белгилүү бир түрүн жүзөгө ашырууну тапшыра алышат. 

2.2.32. Түшкөн пайда өнөктөштөр ортосунда макулдашылган катышка ылайык бөлүштүрүлөт, бирок келишимде өнөктөштөрдүн бирине, алынган пайдадан кандайдыр бир катталган сумманын төлөнүп берилишин көздөгөн жобону караштырууга болбойт. 

2.2.33. Кызмат көрсөтүүнү сунуштоо үчүн өнөктөштүк негизинде түзүлгөн компания үчүн өндүрүш каражаттары зарыл болсо, анда ар бир тарапка кызмат көрсөтүү үчүн зарыл өндүрүш каражаттарын камсыз кылууга уруксат берилет. Бул учурда ар бир өнөктөш өздөрү камсыз кылган өндүрүш каражаттарына менчикке укукка ээ болот. Өнөктөштөр менчикке биргелешкен укуктун негизинде зарыл жабдууларды же шаймандарды (инструменттерди) сатып алуу үчүн каражат кошуусу мүмкүн. Шарика/мушарака келишимине катышкан тараптарга ошондой эле, компания үчүн зарыл болгон өндүрүш каражаттарын камсыз кылууга уруксат берилет, алар үчүн сыйакы компаниянын утурумдук чыгашаларына чегерилет. 

2.2.34. Айыл чарба секторунда колдонулган келишимдер/өнөктөштүктөр:  

1) Мусакат келишими (ирригациялык өнөктөштүк) - бул келишим боюнча бир тарап айыл чарба бак-дарактарын/өсүмдүктөрүн аларга кам көргөн башка тарапка түшүмдү/жемишти тараптар ортосунда келишимди түзүүдө аныкталган үлүштөргө ылайык бөлүү шарты менен сунуштаган келишим.  

2) Музараа келишими - бул келишим боюнча бир тарап жерди айыл чарба иштерин уюштуруу үчүн түшүмдүн тараптар ортосунда келишимди түзүүдө макулдашылган бир үлүшүн алуу үчүн башка тарапка сунуштаган келишим.  

3) Мугараса келишими - бул келишим боюнча бир тарап токойсуз жерди тараптар бак-дарактарды жана түшүмдү/жемишти макулдашылган коэффициентке ылайык бөлүштүрүп алуу шартында, ага бак-дарактарды отургузуу үчүн башка тарапка сунуштайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-2-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.2.35. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык айыл чарба секторун каржылоону талаптагыдай ишке ашыруу үчүн Шариат стандарттарын колдонуу жана банкта аларды колдонуу үчүн тиешелүү билими бар кызматкерлердин болуусу зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-2-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.3-глава Мурабаха келишими 

(Главанын аталышы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

2.3.1. Мурабаха келишими бул банк тарабынан кардардын билдирмеси боюнча сатып алынган же болбосо кардар кайрылган учурда банктын менчигинде турган товарды сатуу келишими. Кардарга мурабаха келишиминин предметин сатуу баасы товарды сатып алуу баасынын, банктын үстөк баасынын, үчүнчү тарапка төлөө (транспорттук чыгымдар, камсыздандыруу, милдеттүү мамлекеттик төлөмдөр жана үчүнчү жактардын пайдасына башка милдеттүү төлөмдөр) суммасынан турат. 

Баага кошумчалоо төмөнкү түрлөрдө белгилениши мүмкүн: 

- катталган бир жолку төлөнүүчү сумма; 

- товардын өздүк наркынын үлүшү

Мурабаха келишими боюнча кардарга товар сатуу учурунда, банк товардын ээси болууга тийиш. 

Мурабаха келишими кат жүзүндө толтурулушу же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүшү зарыл. Товарга менчикке укук, баага толук төлөнгөндөн кийин өтөт (банк өз каалоосу боюнча, товарга менчикке укукту ал үчүн толук төлөнгөнгө чейин эле өткөрүп берүү чечимин кабыл алышы мүмкүн). Эгерде менчикке укук мамлекеттик каттоодон өткөртүлүүгө тийиш болсо, каттоо менчикке укук өткөрүлүп жаткан учурда ишке ашырылат (толук төлөгөнгө чейин же андан кийин). Эгерде мүлктү ажыратуу келишими мамлекеттик каттоодон өткөртүлүүгө тийиш болсо, ал каттоодон өткөрткөн учурдан тартып сатып алуучу менчик укугуна ээ болот. 

Кардар тарабынан мурабаха келишими боюнча сатылып алынган товар үчүн төлөөлөр кыска мөөнөттүү же узак мөөнөттүү негизде, утурумдук төлөмдөр менен ишке ашырылыш мүмкүн. Банк келишим түзгөндөн кийин кандайдыр бир негиздерден улам, же болбосо эч кандай негизсиз эле, төлөм мөөнөтүнүн өткөрүлүп жиберилиши же узартылышы үчүн кошумча төлөөлөрдү талап кыла албайт. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.3.2. Сатуу баасында баанын жогорулатылган өлчөмүн (наценка) милдеттүү түрдө бөлүп көрсөтүү, мурабаха келишиминин олуттуу шарты болуп саналат.  

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.3.3. Мурабаха келишими, банктан белгилүү бир товарды сатып алууга ниеттенген потенциалдуу кардардын банкка кат жүзүндө берген билдирмесинин негизинде жүзөгө ашырылат. 

Билдирмеде кардар товардын аталышын, ошол баада сатып алууга даяр болгон болжолдуу бааны, сатып алуу жана эрежедегидей эле, бөлүп төлөө шарттарын көрсөтүүгө тийиш. Кардар ошондой эле, банк андан ошол товарды сатып алышы мүмкүн болгон сатуучуну да көрсөтө алат. Банк эгерде, алгылыктуу шарттарды сунуштаган башка сатуучулар болгон болсо, сатуучуларды өз алдынча тандоого укуктуу. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.3.4. Банк белгилүү бир сатуучу менен товарды сатып алуу-сатуу келишимин түзөт, мында банк товарды кийинчерээк мурабаха келишими боюнча кардарга сатуу үчүн сатып алып жаткандыгы да көрсөтүлөт. 

2.3.5. Эгерде кардар мурабаха келишими боюнча сатып алуу жана кийинчерээк сатуу объектиси болгон товарга карата кандайдыр бир келишимдик милдеттенмелер боюнча сатуучу менен байланыштуу болсо, сатып алуу-сатуу келишимин түзүүгө жол берилбейт. 

Сатуучу кардарга жана банкка карата үчүнчү жак болуп саналууга тийиш. Кардарга же анын агентине товарды сатып алуу-сатуу бүтүмүндө сатуучу катары жана банк менен мудараба келишиминде кардар катары иш алып барууга жол берилбейт. 

Банк өзгөчө жагдайларда гана кардардын жакын тууганы болуп саналган тараптан, сатууга жана кайтара сатып алууга укук болгон шартта гана, товар сатып ала алат. 

Банк сатуучудан товарды сатып алуу менен белгилүү мөөнөт ичинде аны кайтарып берүү мүмкүнчүлүгүн белгилөөгө укуктуу. Эгерде кардар банктан товар сатып албаса, анда банк эки тараптын келишиминде белгиленген мөөнөт ичинде берүүчүгө товарды кайтарып бере алат. Бул мүмкүнчүлүк, банктан товар сатып алууга чейин күчүндө турат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.3.6. Товар берүүчү менен сатып алуу-сатуу келишиминде төмөндөгүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: 

- тараптардын аталыштары; 

- келишим предмети; 

- товардын аталышы; 

- товардын саны, баасы, төлөө мөөнөтү жана шарттары; 

- берүү мөөнөттөрү

- тараптардын милдеттери жана укуктары; 

- милдеттенмелерди аткарбай койгон шартта, колдонулуучу айыптык санкциялар; 

- камсыздоо ыкмалары; 

- башка шарттар. 

Банк, сатып алуу-сатуу келишимин өз алдынча сыяктуу эле, агенти аркылуу да түзө алат. Банк агенти катары кардарды дайындашы мүмкүн, мында кардар банктын эсебинен, анын атынан жана тапшыруусу боюнча агенттик келишимде белгиленген шарттарда иш алып барат, анда төмөнкү шарттар камтылууга тийиш: келишимдин предмети, тараптардын жана товардын аталышы, төлөө шарттары жана мөөнөттөрү, сатып алуу-сатуу операциясын тастыктаган документтер, башка шарттар. 

Кардар банктын атынан агент катары иш алып барган учурда төмөнкү шарттарды сактоого тийиш: 

а) банк Сатуучуга товар үчүн акча каражаттарын агент катары иш алып барган кардардын эсебине чегербестен өзү төлөөгө тийиш. Банк акча каражаттарын агент катары иш алып барган кардарга төмөнкү учурларда гана сунуштай алат: 

- товарды сатуучу катары Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык иш алып барган жеке ишкер саналган учурда; 

- товар Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары сатылып алынган учурда. 

Мында агенттик келишимдердин алкагында агент катары кардарларга сунушталган акча каражаттардын чогуу алгандагы көлөмү Улуттук банк тарабынан белгиленет; 

б) банк сатуу жүзөгө ашырылгандыгына тиешелүү документтик тастыктоону сатуучудан алууга тийиш. 

Товарды сатууга-сатып алууга тиешелүү бардык документтер жана контрактылар, кардар банктын агенти катары иш алып барган болсо да, банктын атынан толтурулушу зарыл. 

Банк товарды берүүчү жайгашкан аймактан же берүү шарттарында көрсөтүлгөн кайсыл болбосун башка жерден алууга тийиш. 

Товарды жеткирип берүү боюнча чыгашаларды банк өзүнө алат жана алар кийинчерээк товардын наркына кошулат. 

Банк товардын менчик ээси катары өзүнө жоопкерчилик алуу менен камсыздандырылышы мүмкүн болгон, кийин келип чыгышы ыктымал тобокелдиктер үчүн да жооп берет. Товардын кардарга сатылышына чейин келип чыккан камсыздандыруу сыйакылары толугу менен банкка тиешелүү болот. 

Камсыздандыруу боюнча чыгашалар мурабаха контрактысы боюнча сатылып алынган товардын баасына кошулат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-августундагы N 32/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.3.7. Мурабаха келишимин түзүү жана аны кардар тиешелүү деңгээлде аткарышын камсыздоо максатында банк, акча каражаттарын же башка камсыздоону күрөөгө алуу жөнүндө кардар менен келишим түзүүгө тийиш. Күрөө катары берилген акчалай сумма, кардардан ага уруксат алынбаса, банк тарабынан инвестицияланышы мүмкүн эмес. 

Мурабаха келишими кардар тарабынан аткарылгандан кийин гана банк, күрөөнү кайтарып берүүгө милдеттүү. Кардардын өтүнүчү боюнча күрөөнүн салынган суммасы мурабаха келишимине ылайык төлөөнүн эсебине чегерилиши мүмкүн. 

Банк товарды кардарга өткөрүп бергенге чейин аны ташып жеткирүүдө же сактоодо бузууларга байланыштуу тобокелдиктер үчүн жоопкерчилик тартат жана алардын ордун күрөөнүн эсебинен жабууга жол берилбейт. 

Кардар алган милдеттенмесин бузууга жол бериши учурунда, банк сатылып алынган товарды үчүнчү жакка сатууга укуктуу. Эгерде айкын сатып өткөрүү баасы сатылып алынган баадан төмөн болсо, банк келип чыккан айрыманы күрөөнүн суммасынан кармап калууга, ал эми калдыгын кардарга кайтарып берүүгө укуктуу. 

Банк сатып алууга буйрутмачы үчүн мурабаха келишими түзүлгөндөн кийин аванстык төлөмдү ала алат. Бирок, кардар товарды сатып алуу милдеттенмесин өзүнө алган учурда, контракт түзүүдө банк аванстык төлөм алууга укугу жок. 

Эгерде товар сатуучуну кардар өзү тандаган болсо, банк келишимге төмөнкүдөй шарттарды кошууга тийиш: 

а) сатуучу тарабынан товарды сатып алуу - сатуу келишиминин тиешелүү деңгээлде аткарылышы үчүн кардардын камсыздоону бериши жөнүндө

б) сатуучунун келишимди аткарбай коюшунан улам, мүмкүн болуучу соттук чыгашаларды кошо алганда, келип чыккан банктын бардык чыгымдары, кардар тарабынан кайтарылып берилиши, анын ичинде камсыздоонун эсебинен да кайтарылышы жөнүндө. Бул шарт мурабаха келишими аткарылбаган учурда да аракеттенүүгө тийиш. 

Мурабаха келишимин түзүүдө анын негизинде соода операциялары жүзөгө ашырылган бардык шарттар каралууга тийиш, анын ичинде: 

1) баага кошулган сумма - банк ошол бүтүмдөн алган сыйакы. 

2) сатып өткөрүү баасы. 

3) банк кызматкерлеринин эмгегине төлөөлөр боюнча чыгашаларды эске албаганда, үчүнчү жакка төлөөлөрдү кошо алганда банк, бардык чыгашаларды сатуу баасына кошо тургандыгын караган шарт. 

Мында сатып өткөрүү баасы жана баага кошумчаланган сумма белгисиз жагдайлардан улам белгилениши мүмкүн эмес, мисалы сатып өткөрүү баасы жана баага кошумчаланган сумма келечекте белгилүү болушу мүмкүн болгон кандайдыр бир көрсөткүчкө көз каранды болбоого тийиш. Мында сатып өткөрүү баасы жана баага кошумчаланган сумма мурабаха келишимине кол койгонго чейин банктын баага кошумчаланган суммасы кардарга алдын-ала белгилүү болгондой, келишим түзүү баскычындагы көрсөткүчтөргө жараша белгиленишине жол берилет. Баага кошумчаланган сумманын өлчөмү убакыт аралыгы факторуна көз каранды болушу мүмкүн эмес. 

Банк мурабаха келишимине төмөнкүдөй шарттарды кошо алат: 

а) банк, товар кардардын ээлигине өткөндөн кийин андан табылган кандайдыр бир кемчиликтер үчүн жоопкерчилик тартпайт. Зарыл учурларда, кардар компенсация алуу үчүн сунуштоочуга түздөн-түз кайрылууга укуктуу; 

б) банк, мурабаха келишими күчүнө киргенден кийин товарды кабыл алуудан кардар баш тарткан болсо, банктын чыгашаларынын ордун жабууга жетпей жаткан сумма кардар тарабынан төлөнүп берилген шартта, товарды үчүнчү тарапка сатууга укуктуу. 

Төмөнкү учурларда банктын мурабаха келишимин түзүүгө укугу жок:  

а) баалуу металлдарга (алтын, күмүш) жана кайсыл болбосун валютага байланыштуу төлөө мөөнөтү кийинкиге калтырылган милдеттенмелер боюнча;  

б) дебитордук карыздар активдердин камсыздоосу болуп саналган жүгүртүү капиталы менен;  

в) милдеттенмелерди кайра каржылоо учурунда.»; 

Мурабаха келишиминин тараптарына шарика/мушарака келишиминде же тараптардын биринин экинчи тараптын шарика/мушарака келишиминде катышуусун (үлүшүн) же кийинкиге калтырылган милдеттенмелерин мурабаха келишими аркылуу нак акча каражаттарына сатып алуу милдеттенмеси каралган келишиминде катышууга тыюу салынат.  

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.3.8. Мурабаха келишими боюнча төлөөлөр кардар тарабынан келишим шарттарына ылайык жүргүзүлөт.  

Банк кезектеги төлөм негизсиз кечиктирилген учурда кардардан мөөнөтүнөн мурда төлөөнү талап кыла алат, албетте кардарга төлөө мөөнөттөрү жөнүндө алдын ала билдирилген шартта. 

Эгерде, кардар бааны толук төлөп бербесе, банк кардардын атына товарга менчик укугун, төлөмдөр толук төлөнгөнгө чейин каттоону жүзөгө ашырбайт. 

Эгерде кардар төлөмдү келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашыгыраак кармаган болсо, банк товарды сатып жибериши мүмкүн. Эгерде банк товарды үчүнчү жакка сатып жиберсе, анда кардардан мурда алынган төлөмдөр ага кайтарылып берилет. 

Эгерде банк кардардан камсыздоону алган болсо, анда ал кардардын буйруусу боюнча мурабаха келишимине ылайык карыздын ордун жабуу үчүн сотко кайрылуусуз эле, күрөөнү сата алат. 

Белгиленген мөөнөттө төлөнбөй төлөө кармалган учурда, кардар мурабаха келишимине ылайык, келишимде белгиленген сумманы кайрымдуулук максаттарына багыттоого милдеттүү

2.3.9. Комиссиондук сыйакы жана каржылоо мүмкүнчүлүгүн бергендиги үчүн банк тарабынан кардардан төлөм кармалбайт. 

Келишим боюнча документтерди даярдоого кеткен чыгашалар, тараптардын бири бул чыгашаларды төлөөгө тийиш экендиги макулдашылбаган болсо, банк менен кардардын ортосунда бөлүштү- рүлөт. Бардык чыгашалар адилет көрсөтүлүү менен аткарылган иш көлөмүн чагылдыра тургандыгына тиешелүү шарттар так сакталууга тийиш. 

Эгерде мурабаха келишими синдицирленген каржылоо аркылуу жүзөгө ашырылса, анда анын уюштуруучу катары иш алып барган банк, мына ушундай каржылоонун катышуучуларына төлөнүп берилүүгө тийиш болгон тиешелүү сыйакы жөнүндө билдирүүгө укуктуу. 

Эгерде ал кардардын өтүнүчү боюнча түзүлүп, анын пайдасын көздөсө, кардар төлөп берүүгө макулдук берген шартта, техника-экономикалык негиздемелерди даярдоо үчүн төлөмдү банк кармап кала алат. 

2.3.10. Товар берүүчүдөн мурабаха келишиминин предметин сатып алууга макулдашууга байланыштуу банктын баштапкы тике сарптоолору (ортомчуларга комиссиондук төлөмдөр, юридикалык кызмат көрсөтүүлөргө ж.б. төлөмдөр) ошол мезгилдин чыгашалары катары таанылат. 

2.3.11. Товар сатып алууга байланыштуу банктын кийинки сарптоолору, ошондой эле ташып жеткирүүгө чыгашалар, пошлиналар ж.б. чыгашалар товардын сатып алуу баасына кошулат. 

2.3.12. Кардарга товарларды сатуу боюнча келишим шарттарына ылайык банк, кардар банкка келишимге ылайык төлөп берүүгө милдеттүү болгон суммадагы кардарга берилген займды тааныйт. 

Мына ушул бүтүмгө келишүү учурунда банк өлкөлүк жана трансферттик тобокелдиктерге, товар берүүчүнүн жана аны камсыздандыруучунун ишенимдүүлүгү, товардын коопсуз жеткирилип берилиши маселелерине өзгөчө көңүл бурат. 

2.3.1-глава Товардык мурабаха бүтүмү 

(Глава КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-6-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

2.3.1.1. Товардык мурабаха (таваррук) - акча каражатын алуу максатында түзүлгөн, эки макулдашуудан турган бүтүм: мурабаха келишими шартында товарды кийинчерээк төлөө аркылуу сатып алуу жана ошол эле товарды баштапкы сатып алуучудан башка үчүнчү жакка дароо төлөө шартында сатуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-6-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.3.1.2. Товардык мурабаха (таваррук) бүтүмү банк тарабынан акча каражатын, анын ичинде инвестиция тартуу инструменти катары колдонулат. Мындай бүтүмдү банктын кардарларынан акча каражаттарын тартуу инструменти катары колдонууга жол берилбейт.  

Бүтүмдө тараптар катары финансы-кредит уюмдары иш алып барган учурда товардык мурабаха (таваррук) бүтүмү тараптардын бири үчүн акча каражаттарын жайгаштыруу инструменти катары каралышы мүмкүн. 

Товардык мурабаха (таваррук) бүтүмү банк тарабынан төмөнкү шарттардын бири сакталган учурда, мыйзамда белгиленген тартипте каттоодон өткөн юридикалык жакты же жеке ишкерди (мындан ары юридикалык жак) каржылоо инструменти катары колдонулушу мүмкүн: 

- товардык мурабаха (таваррук) бүтүмүнөн айырмаланган бүтүмдөрдүн жана келишимдердин түрүн колдонуу менен каржылоо сунуштоо максатка жетүүгө мүмкүндүк бербесе; 

- бүтүм ликвиддүүлүк менен камсыздоо мүмкүн эмес болгондугуна же ликвиддүү акча каражаттары тартыштыгынын ордун жабууга же кардарлардын чыгым тартуусуна бөгөт коюу максаттарына байланыштуу келишилсе; 

- бүтүмдүн максаты катары банк юридикалык жактан ислам каржылоо принциптери боюнча сунушталуучу кызматтарга толугу менен өтүү жөнүндө негиздүү чечимин алгандыктан, юридикалык жактын кредитин каржылоо саналса.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-сентябрындагы № 2020-П-12/51-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.3.1.3. Товарды сатуу учурунда товарды саткан тарап анын ээси болууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-6-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.3.1.4. Товардык мурабаха бүтүмүнүн натыйжасында алынган акча каражаты Шариат стандарттарына ылайык келген операцияларда колдонулууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-6-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.3.1.5. Товардык мурабаха бүтүмү боюнча келишимдер жазуу жүзүндө түзүлөт. Эки келишим боюнча (товарды кийин төлөө шартында сатып алуу келишими менен дароо төлөө шартында сатуу келишими) тараптардын милдеттенмелеринин байланыштуулугуна жол берилбейт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-6-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.3.1.6. Товар сатып алуучу (товардык мурабаханын объектиси) кийинчерээк төлөө шартында сатып алган сатуучудан башка адам (товар үчүнчү жакка сатылышы зарыл) болууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-6-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.3.1.7. Бүтүм келишилген учурга карата товар сатуучуда болууга, анын менчигинде турууга жана такталууга тийиш. Бул же товарды өзүнчө көрсөтүү, же болбосо товарды идентификациялоо документтеринин реквизиттерин (күбөлүктүн номери, коштомо кагаз ж.б.) көрсөтүү аркылуу ишке ашырылат. Бүтүм келишилген жерде товар жок болсо, сатып алуучуга товардын өзгөчөлүктөрү же үлгүлөрү түрүндө маалыматты, ошондой эле сатып алуучу товарды жалган эмес, анык сатып алып жаткан учурдагыдай эле, товардын көлөмү жана ал жайгашкан орду тууралуу маалыматты кошумча сунуштоо зарыл.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-сентябрындагы № 2020-П-12/51-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.3.1.8. Товардык мурабаха бүтүмүнө келишүүдө сатып алуучу сатуучуну же анын өкүлүн мурдагы сатуучудан (анын өкүлүнөн) сатылып алынган товарды сатуучу агент катары дайындай алат. Мындай учурларда агенттик келишим сатып алуучу товарга ээлик кыла баштагандан кийин түзүлүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-6-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.3.1.9. Товардык мурабаха бүтүмү алтынга, күмүшкө же валюта түрлөрүнө карата түзүлбөйт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-6-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.3.1.10. Товардык мурабаха (таваррук) бүтүмү ушул главанын талаптарын, ошондой эле төмөнкү талаптарды сактоо менен валюта тобокелдигин хеджирлөө инструменти катары колдонулушу мүмкүн: 

- бүтүмдөр биржалык товар түрүндө келишилсе; 

- бир валютадагы товардык мурабаха (таваррук) бүтүмү жана биринчи валютадан айырмаланган валютада кайтарым товардык мурабаха (таваррук) бүтүмү өз ара байланыштуу болбосо. Тараптар ортосунда келишилген бир бүтүмдүн аткарылбашы экинчи бүтүмдү жокко чыгарбаса; 

- эки бүтүмдүн теӊ аткаруу мөөнөттөрү бири-бирине шайкеш келүүгө тийиш. 

2.3.1.11. Банктын Шариат кеӊеши товардык мурабаха (таваррук) бүтүмүн колдонуу жагдайлары жана колдонуудагы чектөөлөр, ошондой эле колдонуу шарттары жөнүндө чечим кабыл алууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-сентябрындагы № 2020-П-12/51-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.4-глава. Иджара келишими 

(Главанын аталышы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)) 

 

2.4.1. Иджара келишими бул ижарага берүүчү кардардын билдирмеси боюнча менчигине сатып алган же ижарачы кайрылган учурда анын менчигинде турган мүлктү же болбосо ижарага берүүчү ижарачынын билдирмеси боюнча пайдалануу укугуна ээ болгон мүлктү ижарачыга макулдашылган мөөнөткө белгилүү бир акы төлөө үчүн пайдаланууга (ижарага) сунуштоо келишими. 

Ошондой эле иджара келишиминде кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо каралышы мүмкүн, ага ылайык ижарага берүүчү ижарачынын билдирмеси боюнча мындай укукту макулдашылган мөөнөткө белгилүү бир акы үчүн ижарачыга андан ары берүү менен кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу укугуна ээ болот.  

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

2.4.2. Ижарачы - иджара келишимине ылайык, белгилүү мөө- нөткө жана аныкталган шарттарда акы төлөө менен келишим предметин убактылуу ээлөөгө жана пайдаланууга кабыл алууга милдеттүү болгон жеке адам же юридикалык жак. 

Иджара берүүчү - бул, иджара келишимин жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө өздүк жана/же карыздык каражаттардын эсебинен мүлктү менчикке сатып алуу менен аны иджара предмети катары белгилүү мөөнөткө жана аныкталган шарттарда, ижарачыдан мерчемдүү өлчөмдөгү акы алуу менен келишим предметине менчикке укук ижарачыга өтүшү же өтпөшүнө карабастан, аны убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга өткөрүп берген банк. 

Сатуучу - иджара берүүчү менен келишилген сатып алуу-сатуу келишимине ылайык, белгиленген мөөнөттө иджара предмети болуп саналган мүлктү ага саткан жеке адам же юридикалык жак. Сатуучу бир эле учурда, бир иджара келишиминин чегинде ижарачы катары да иш алып бара алат. 

Ижара төлөмдөрү - бул, иджара келишиминин предметине ээлик кылуу жана пайдалануу үчүн төлөм. Бул төлөмдөрдө иджара предметин сатып алуу менен аны ижарачыга өткөрүп берүүгө байланыштуу ижара берүүчүнүн сарптоолорунун, келишимде каралган башка кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого байланыштуу сарптоолорунун ордун толтуруп берүүлөр, ошондой эле ижара берүүчүнүн кирешеси камтылат. 

2.4.3. Иджара келишими, кардардын билдирмесинин жана келишим түзүүгө тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон финансылык жана юридикалык документтердин негизинде банк тарабынан түзүлөт. 

Иджара келишимине келишүү чечиминин кабыл алуу үчүн банк ижарачынын иджара төлөмдөрүн төлөп берүү мүмкүнчүлүгүнө, ошондой эле бир эле мүлктүн кайталап ижарага берилиши же сатылып кетиши ыктымалдыгын аныктоо үчүн мүлктүн өтүмдүүлүгүнө баа берүүнү жүргүзүшү зарыл. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.4.4. Банк тарабынан алгылыктуу чечим кабыл алынган шартта, ижарачы тиешелүү мүлктү ижарага алуу милдеттенмесин кат жүзүндө толтуруп берүүгө тийиш.  

Ижарачы тараптардын макулдугу боюнча убадасын аткаруу гарантиясы катары мерчемдүү өлчөмдөгү сумманы салуу менен мүлктү ижарага алат. Салынган сумма ижарачы убадасын бузган учурда келтирилген зыяндын ордун жабуу, ошондой эле ижарачынын макулдугу боюнча сатып алуу-сатуу келишими боюнча сатылып алынган мүлк үчүн же ижара төлөмдөрү үчүн алдын ала төлөм катары пайдаланылат.  

Ижарачы менен макулдашуу боюнча ижарага берүүчү көрсөтүлгөн акча каражаттарынын суммасын мудараба келишиминин негизинде инвестициялоого пайдаланышы мүмкүн. Бул сумма ижара боюнча кезектеги төлөмдөрдү төлөө үчүн кабыл алынышы мүмкүн.  

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.4.5. Иджара келишиминин предмети катары кыймылдуу (акчаны, баалуу кагаздарды жана керектелүүчү мүлктү кошпогондо) жана кыймылсыз мүлк же болбосо андан алынуучу пайда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана шарият стандарттарына каршы келбеген шартта сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөр болушу мүмкүн. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.4.6. Ижарага алынган мүлк, анын сакталышы камсыз кылынган шартта пайдаланылууга, ал эми иджара келишимин аткаруудан алынган пайда, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына жана шариат талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 

2.4.7. Ижарачы ижара берүүчүнүн өнөктөшүбү же жокпу ага карабастан, ижарачы менен биргелешип күтүүдө турган өзүнчө активдердеги үлүш, иджара келишиминин предмети болушу мүмкүн. Бул учурда ижарачы, ижарага алынган үлүштөн ижара берүүчү пайдаланган ыкмада эле, б.а. убакытты бөлүштүрүү же менчиктин кандайдыр бир бөлүгүн аныктоо аркылуу пайда алышы ыктымал. 

2.4.8. Ижарачы ижарага алынган мүлктүн сапаты анын кесепетинен начарлаган ар кандай зыяндар үчүн жооп берет, ошондой эле ижарага алынган мүлккө анын аракетинин натыйжасында же болбосо ага көз карандысыз жагдайлардан, иджара келишими боюнча алуу болжолдонгон пайдага таасирин тийгизген кесепеттерден улам, сапатынын начарлашы үчүн жоопкерчилик да, ага жүктөлүшү ыктымал. 

2.4.9. Эгерде ижарага берилген менчиктен алынуучу пайданын өлчөмү, ижарачынын ошол мүлктү ижарага алуу учурундагы укукка жатпаган аракеттеринин натыйжасында толугу менен же жарым-жартылай азайган болсо анда ал, ижарачы пайда алуусу үчүн кедергисин тийгизген тоскоолдуктарды четтетүүгө милдеттүү. Бул учурда ижара мөөнөтү, ижарачы алынган мүлктөн пайда көрө албай калган мөөнөткө узартылат жана ижарачы, пайда алынбай калган мезгил аралыгында ижарадан баш тартууга тийиш эмес. 

2.4.10. Ижара берүүчү негизги техникалык тейлөөлөрдү жүзөгө ашырат. Ижарачы утурумдук жана мезгил-мезгили менен (адеттеги) техникалык тейлөөлөрдү аткарууга тийиш. 

2.4.11. Ижара берүүчү эгерде ижарачы ижарага алынган менчикке карата кандайдыр бир укукка жатпаган аркеттерге же этиятсыздыкка жол бербеген болсо, иджара келишими аракеттенген мезгилде, ижарага алынган менчик үчүн жоопкерчилик тартат. 

Мыйзам боюнча мүлктү сөзсүз түрдө камсыздандыруу зарыл болгон шартта ижара берүүчү аны Шариат стандарттарына ылайык камсыздандырууга тийиш. Шариат стандарттарына ылайык камсыздандырууга мүмкүн болбосо, анда Шариат кеңеши тарабынан жактырылган шартта, мүлктү жөнгө салынган ыкмада эле камсыздандырууга болот. Камсыздандыруу чыгашалары ижара төлөмүнө кирет. Келишимге кол коюлгандан кийин ижарага берүүчү ижарачынын ижара акысынын белгиленген өлчөмүнөн ашык кандайдыр бир төлөмдү кармап кала албайт. Ижара берүүчү да ижарачыны мүлктү ижара берүүчүнүн эсебинен камсыздандыруучу агент катары дайындай алат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-6-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.4.12. Иджара келишимин аткаруу үчүн банк мүлктү менчикке сатып алат. Мүлк кийинчерээк ижарачы болуучу жактан сатылып алынышы, андан соң ошол жакка ижарага берилиши мүмкүн. 

2.4.13. Ижарачы ал тууралуу ижара берүүчүгө билдирүү менен ижара келишиминен айырмаланган шарттарда, субижара келишимин түзүшү мүмкүн. 

2.4.14. Эгерде эки ижара төлөмү тең токтоосуз берүү жана токтоосуз төлөө негизинде каралса, ижарачы ижарага алынган мүлктү ижаранын биринчи баскычында, анын ээсине өзү төлөгөн төлөмдөн төмөн, ага барабар же андан жогору болгон төлөмгө ижарага бериши мүмкүн. Утурлап төлөөлөр төлөө мөөнөтүнүн кийинки калтырылышы себебинен жогору болушу мүмкүн эмес. 

2.4.15. Ижара берүүчү ижарачынын билдирмеси боюнча мүнөздөмөлөрдө келтирилген мүлктү сатып алышы же даярдашы мүмкүн. 

Ижарачы мүнөздөмөгө ылайык келбеген мүлктөн баш тартууга укуктуу. 

2.4.16. Ижарачы банк менен бирдикте өзү ижарага алууну пландаштырып жаткан мүлктү сатып алышы мүмкүн. Демек, ал ээлик кылбаган үлүшкө гана ижара төлөмү төлөнүп берилет. 

2.4.17. Банк ижарачыны же үчүнчү жакты, макулдашылган буйрутманын жана баанын негизинде мүлктү сатып алып, аны андан ары ижарага берүү үчүн агент катары дайындай алат. 

2.4.18. Иджара келишими кат жүзүндө толтурулат жана Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган учурларда, нотариалдык жактан тастыкталып, мамлекеттик каттоодон өткөртүлүүгө тийиш. 

2.4.19. Иджара келишиминин орчундуу шарттарынан болуп тө- мөнкүлөр саналат: 

а) аталышы, ошондой эле иджара предметин тастыктоо үчүн талап кылынган маалыматтар; 

б) тараптардын иджара предметин сатып алууга жана өткөрүп берүүгө байланыштуу укуктары жана милдеттери; 

в) ижара төлөмдөрүнүн өлчөмү, төлөө тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү

г) иджара предметин тандоону жүзөгө ашырган тараптардын жана сатуучунун көрсөтмөлөрү

д) жана башка шарттар. 

2.4.20. Эгерде, ижара берүүчү тиешелүү мүлктү иджара келишиминде каралган мөөнөттө ижарага бербесе, келишим күчүнө кирген күн менен мүлктү ижарага берген күн ортосундагы айрымага ижара төлөмү төлөнбөйт. Эгерде, ижара мөөнөтү келишим бүткөн алгачкы күндөн кийин, мүлк ижарага берилбеген мезгилгеё барабар болгон убакыт аралыгына узартылышына макулдашылбаган болсо, тиешелүүлүгүнө жараша ижара төлөмү кыскартылат. 

2.4.21. Ижарачынын күнөөсү боюнча иджара келишими аткарылбай калган шартта, жол берилген зыяндын ордун жабуу максатында буюртмачы ижара берүүчү кармап калышы мүмкүн болгон аванстык төлөмдү салат. 

2.4.22. Ижара берүүчү бир нече ижарачыга ар кандай мөөнөттөргө ижарага берилген бир эле мүлккө карата, бир нече иджара келишимин түзүүгө укуктуу, албетте эгерде бир эле мүлккө карата, ошол эле мезгил аралыгына түзүлгөн эки келишим бир учурда аткарылбаган шартта. 

2.4.23. Иджара келишими, ижара мезгил аралыгына кандайдыр бир мүлккө карата бир эле пайда алуу укугуна ээ бир нече ижарачы менен белгилүү жак үчүн мерчемдүү кандайдыр бир мезгил аралыгын аныктабастан, түзүлүшү мүмкүн. Бул учурда ар бир ижарачы ал үчүн бөлүнгөн мезгил аралыгында, ошол мүлктөн ижарачылар ортосунда каралган эрежелерге ылайык пайда ала алат. 

2.4.24. Ижара төлөмү акча каражаттары түрүндө, натуралай (товарлар) түрүндө же кандайдыр бир артыкчылыктар (кызмат көрсөтүүлөр) түрүндө ишке ашырылышы мүмкүн. Ижара төлөмү ошондой эле, иджара келишими аракеттенген мезгилди камтыган бир жолку төлөө түрүндө, же болбосо келишим аракеттенген белгилүү бир мезгил ичинде, бөлүп-бөлүп төлөө түрүндө белгилениши мүмкүн. Ижара төлөмү катталган сумма түрүндө аныкталышы же тараптардын макулдугу боюнча кайрадан каралышы ыктымал. 

2.4.25. Ижара төлөмү келишим талабына ылайык, милдеттүү болуп саналат жана ижара берүүчүнүн ижара төлөмүн алууга укугу, ижарачы ижарага алынган менчиктен пайда ала баштаган учурдан тартып же ижара берүүчү ижарачыга ага өткөрүлгөн мүлктөн пайда алуу укугун камсыз кылган шартта келип жетет. 

2.4.26. Эгерде ижара төлөмү кайрадан кароого дуушар болсо, иджара келишими аракеттенген алгачкы мезгил аралыгында ижара төлөмүнүн суммасы кайрадан каралышы зарыл. Салыштыруу базасына ылайык, кийинки мезгил аралыгына ижара төлөмүнүн өлчөмүн аныктоого жол берилет. Мына ушул салыштыруу базасынын маңызында, калган мезгил аралыгы үчүн ижара төлөмүнүн өлчөмүн аныктоочу фактор болуп саналган так тартип камтылууга тийиш. Албетте, бул базада салыштыруу үчүн максималдуу сыяктуу эле, минималдуу чектер каралышы ыктымал. 

2.4.27. Тараптардын макулдашуусу боюнча ижара төлөмүнүн бөлүгү ижара берүүчүгө төлөнүшү, ал эми башка бөлүгү, ижара берүүчү тарабынан белгиленген кандайдыр бир чыгашалардын ордун жабууга багытталышы мүмкүн мисалы, негизги техникалык тейлөөнүн, камсыздандыруунун, жана башкалардын наркын жабууга. 

2.4.28. Эки тарап келечектеги ижара мезгилине, б.а. ижарачы иджара келишиминин шарттарын кайрадан карап чыгуудан улам, ижарадан кандайдыр бир пайда алууга жетише албаган мезгилге, ижара төлөмүнүн өлчөмүн өзгөртүү тууралуу макулдашышы мүмкүн. Кандайдыр бир өткөн мезгил үчүн төлөнүп берилбеген ижара төлөмү карыз бойдон калат жана ал ижарачы тарабынан ижара берүүчүгө төлөнүп берилүүгө тийиш, ошондуктан ал көбөйтүлбөйт. 

2.4.29. Ижара төлөмүнүн төлөнүшүн жана ижарага алынган менчикке карата ижарачынын кайдыгер мамилесинен келип чыгуучу кесепетти камсыздоо үчүн ижарачы тарабынан өтүмдүү активдер түрүндөгү гарантиялык камсыздоо (күрөө) сунуш кылынат. 

2.4.30. Банк, кардарга төлөө мөөнөттөрү жөнүндө эскерткен шартта, кезектеги ижара төлөмүн негизсиз кармап койгон учурда, бул төлөмдөрдүн мөөнөтүнөн мурда төлөнүшүн кардардан талап кылууга укуктуу. 

2.4.31. Эки тарап ижара төлөмүнүн токтоосуз төлөнүшүнө макулдаша алышат. Ижара төлөмү бөлүп-бөлүп төлөнүшү мүмкүн, бул учурда ижара берүүчү өзүнчө жобону кароого тийиш жана ага ылайык, ижарачы негизсиз себептер менен бөлүп төлөөнү белгилүү мөөнөт ичинде жүзөгө ашыруу зарылчылыгына тиешелүү билдирмени алгандан кийин деле төлөөнү ишке ашырбаган болсо, калган төлөмдөрдү дароо төлөп бериши зарыл. Милдеттенмелердин аткарылбай калганына байланыштуу, макулдашылган мөөнөттүн келип жетишине чейинки калган төлөмдөрдү төлөө, иджара келишими аракеттенген мезгилдин акырында же болбосо, иджара келишими убактысынан мурда токтотулса, анда ошол учурдан тартып жөнгө салынууга тийиш. Токтоосуз төлөө үчүн каралган мезгил бүткөндөн кийин ижара берүүчү тарабынан контрактынын аракеттенүү мезгилин кандайдыр бир узартуу, ижарачынын укугуна эмес, узартылган мезгил аралыгына төлөмдөрдү төлөөнү кийинкиге калтырууга макулдук катары эсептелинет. 

2.4.32. Ижара берүүчү ижарачы тарабынан төлөмдүн төлөнүшү кармалып калган учурда, макулдашылган ижара төлөмүн көбөйтө албайт. 

2.4.33. Ижара же ижара мунтахийя биттамлик келишиминде ага ылайык төлөмдү негизсиз эле кечиктирген ижарачы ижара төлөмүнөн белгилүү бир сумманы же андан кошумча үлүштү төлөөгө тийиш экендигин болжолдогон жобо каралышы мүмкүн. Ижара төлөмүнүн тиешелүү суммасынан үстөк төлөнгөн мындай сумма банктын Шариат кеңеши тарабынан жактырылган ички саясатка ылайык кайрымдуулук максаттарына багытталат. 

Ижарачы сунуштаган гарантиялык камсыздоону алуу укугунан ажырап калган шартта ижара берүүчү мындай сумманы, ижарага алынган менчиктен пайда алына элек мезгил үчүн төлөө милдеттенмеси келип жете элек төлөмдөрдү кошо алганда, бөлүп төлөнгөн ижара төлөмдөрүнүн бардык суммасын эмес, өткөн мезгил үчүн ижара төлөмү катары ага тиешелүү болгон сумманы гана эсептеп кармап кала алат. Ижара берүүчү ошондой эле, гарантиялык камсыздоо суммасынан келишимди бузууга жол бергендиги үчүн ижарачы мыйзамдуу түрдө төлөөгө тийиш болгон компенсацияларды да эсептеп кармап калышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-6-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.4.34. Ижара берүүчү ага иджара келишими түзүлгөндүгү жөнүндө маалымдоо менен ижарага берилген мүлктү үчүнчү жакка сата алат. Мында, келишим боюнча бардык укуктар жана милдеттер жаңы менчик ээсине өтөт. 

2.4.35. Ижарага алынган мүлк жараксыз болуп же өлүп калган учурда, иджара келишими токтотулуп, калган ижара төлөмү төлөнүп берилбейт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-6-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.4.36. Ижарачы анын күнөөсү боюнча келип чыккан чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартат. 

2.4.37. Пландаштырылып жаткан кирешенин азаюусуна алып келген мүлктүн жарым-жартылай бузулууга дуушар болушу учурунда, ижарачы иджара келишимин токтотууга укуктуу. Тараптар ошондой эле бул учурда, ижара төлөмүнүн өлчөмүн өзгөртүүгө макулдаша алышат, бирок пайда алынбаган мөөнөт үчүн төлөм кармалбайт. Ижара берүүчү иджара келишимин андан ары жүзөгө ашыруу үчүн мүлктү берүүгө тийиш, андай болбосо келишим токтотулат. 

2.4.38. Эгерде ижарачы ижарага алынган мүлктү пайдаланууну токтотсо же анын ээсине макулдугусуз кайтарып берсе, анда ижара төлөмү иджара келишиминин калган аракеттенүү мөөнөтү үчүн мүлк ээсине төлөнүп берилүүгө тийиш бойдон калат, ал эми ижара берүүчү келишим аракеттенген ошол мезгил аралыгына ал мүлктү башка ижарачыга өткөрүп бере албаса да, мүлктү ошол ижарачынын тескөөсүндө сактоого тийиш. 

2.4.39. Иджара келишими төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн: 

1) өз ара макулдашуу боюнча; 

2) иджара келишиминин колдонуу мөөнөтү бүткөндө

3) мүлк ижарачыга сатылганда; 

4) тараптарга байланыштуу болбогон башка себептерден улам. 

Иджара келишиминин аракети тараптардын бири каза болгон учурда токтотулбайт. Бирок, ижарачынын мураскорлору ижара келишимин аткаруу оорчулугу боюнча далилдерди сунуштаган шартта же мураска калтыруучу каза болгондон кийин ижара келишиминде зарылчылык жок болсо, ижара келишимин токтотушу мүмкүн. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.4.40. Иджара мунтахия биттамлик келишими - бул (иджара келишиминин шарттары камтылган) келишим, ага ылайык кардар келишимдин шарттарына ылайык ижарага алынган мүлктү сатып алууга милдеттенет. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.4.41. Иджара мунтахийя биттамлик келишиминде ижарага алынган мүлккө менчикке укуктун өтүшү, ижарага берүүчүнүн төмөнкүдөй милдеттенмелери аркылуу, иджара келишиминен айрымаланган документ менен тастыкталат: 

а) белгилүү өлчөмдөгү же макулдашылган башка төлөмгө же ижара төлөмүнүн калган бөлүгүн төлөп берүү аркылуу, же болбосо ижарага алынган мүлктүн рыноктук наркын төлөө аркылуу сатууга; 

б) себептерин көрсөтүүсүз эле, аны белек катары берип коюу (шартсыз эле); 

в) калган төлөмдөрдү төлөөдөн кийин аны белек катары калтыруу. 

Жогоруда белгиленген бардык учурларда мүлктүн белекке берилишине, анын сатылышына же белгилүү окуядан кийин белекке калтырылышына милдеттенмени далилдеген өзүнчө документ, иджара мунтахийя биттамлик келишиминен өзүнчө түзүлүүгө тийиш. Аны иджара келишиминин ажырагыс бөлүгү катары кароого болбойт. 

2.4.42. Менчикке укукка өткөрүү боюнча милдеттенме, ижара берүүчү үчүн иджара мунтахийя биттамлик келишиминин шартында милдеттүү болуп саналат, мында өзүнчө эки тараптуу келишим түзүлбөйт. 

2.4.43. Менчикке укукту өткөрүү белекке калтыруу же сатуу келишиминин негизинде жүргүзүлүү менен иджара келишиминен өзүнчө түзүлөт. 

2.4.44. Аткарылышы кийинкиге калтырылган шарты менен келишим түзүү учурунда, шарттарды аткаруу боюнча менчикке укуктун өтүшүнө жаңы келишим түзүлбөйт. 

Эгерде бир эле төлөм төлөнбөй калса, мүлккө менчикке укук өткөрүлбөйт. 

2.4.45. Иджара келишимин жөнгө салган эрежелер, иджара мунтахийя биттамлик келишими үчүн да колдонулууга тийиш, б.а. ижара берүүчү ижарага берилген мүлккө ээлик кылуу укугун ижарачыга берүүгө милдеттенме алат. 

2.4.46. Ижарага берилген мүлккө менчикке укукту өткөрүү, сатуу келишимин иджара келишими менен бир эле учурда жүзөгө ашыруу аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн эмес, анткени сатуу келишими, келечекте белгилүү бир күнү гана күчүнө кирет. 

2.4.47. Эгерде ижарага берилген мүлк бузулууга дуушар болгон болсо же ижарачынын тиешеси жок себеп боюнча мөөнөтү бүткөнгө чейин ижара келишимин колдонуу мүмкүн эмес болуп калса, бул эки учурда тең, ижара төлөмү басымдуу болуп турган рыноктук нарктын негизинде корректировкаланат. 

2.4.48 Иджара келишими төмөнкү учурларда бир тараптуу негизде токтотулушу мүмкүн: 

1) иджара келишиминин шарттары бузулганда; 

2) иджара төлөмдөрүнүн мөөнөтү сакталбаганда же токтотулганда; 

3) келишимде көрсөтүлгөн башка себептер боюнча. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.4.1-глава. Иджара сервис келишими 

(Главанын аталышы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)) 

 

2.4.1.1. Иджара сервис бул эки келишимден турган, кардарга макулдашылган мөөнөт ичинде жана белгиленген акыга кызматтан пайдалануу укугун сунуштоо боюнча келишим: 1) кызмат көрсөтүүчү банкка көрсөткөн кызматты пайдалануу укугу жөнүндө келишим; 2) банк менен кардандын ортосундагы ырааттуу төлөм негизинде кардарга кызмат көрсөтүү жөнүндө келишим. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.4.1.2. Иджара сервис келишими ижарага алынган кыска мөөнөтүү каржылоо үчүн банк менен кардар ортосундагы мамилелерди карайт, бул жерде тейлөө арендага алынат жана бул тейлөө материалдык эмес болушу керек. Банк ар кандай кызмат көрсөтүүчүлөр менен келишимдерге ээ болот, мында банк кардарга керектүү кызматтарды ижарага алат жана аларды кардарга ижара негизинде субарендага берет. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.4.1.3. Иджара сервис келишими финансы-кредит уюмдары кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү оңдоо, саякаттоо, майрамдоо, бизнести өнүктүрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр, билим берүү жана саламаттыкты сактоо, консалтинг ж.б. кызматтарын сунуштоо үчүн колдонушу мүмкүн. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.4.1.4. Келишим тараптары катары жалдоого берүүчү жана жалдоочу эсептелет. Банк жалдоого берүүчү катары иш алып барат. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.4.1.5. Иджара сервис келишиминин предмети пайда (кызмат же жумуш) саналат. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.4.1.6. Кызмат/жумуш так аныкталган жана ачык болууга тийиш, объективдүү аткарылууга жана Шариат стандарттарына ылайык келүүгө тийиш. 

2.4.1.7. Сый акы эч кандай талаш-тартыштын келип чыгышын шарттабаган жана акча каражаттары түрүндө болууга тийиш. Сый акы суммасы толугу менен же бөлүп төлөнүшү мүмкүн. 

2.4.1.8. Банктын кызмат көрсөтүү үчүн төлөө боюнча милдеттенмеси келишимге кол коюлган учурдан тартып келип чыгат. Кардардын банкка төлөө боюнча милдети пайда алынган учурдан тартып келип чыгат. 

2.4.1.9. Банк жалдоочудан келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу ниетинин олуттуулугунун кепилдиги катары белгилүү бир өлчөмдө күрөөлүк сумманы төлөөнү талап кылууга укуктуу. Салынган сумма келишим боюнча карызды төлөө үчүн колдонулушу мүмкүн. Жалдоочу милдеттенмелерди аткаруудан баш тарткан учурда, кепилдик депозиттен иш жүзүндө келтирилген зыян өлчөмү гана алынат. 

2.4.1.10. Иджара сервис келишиминин натыйжасында банк алган каражаттар Шарият стандарттарына туура келген операцияларга колдонулушу керек. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.4.1.11. Иджара сервис келишими боюнча келишимдер жазуу жүзүндө түзүлөт. Мында келишим толук аракетке жөндөмдүү/укук жөндөмдүүлүгүнө ээ тараптар ортосунда гана түзүлөт. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.4.1.12. Эки тарап макулдашуусу боюнча иджара сервис келишими белгиленген мөөнөткө түзүлөт. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.4.1.13. Иджара сервис келишими төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн: 

1) тараптардын макулдашуусу боюнча; 

2) келишимдин мөөнөтү аяктаганда; 

3) макулдашылган шарттар бузулганда жана/же пайдалануу укугу үчүн төлөмдөр токтотулганда; 

4) келишимдин тараптары мурда кабыл алынган бардык милдеттенмелерди мөөнөтүнөн мурда толугу менен аткарганда. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.4.1.14. Иджара сервис келишимин, баштапкы мөөнөт аяктаганга чейин же андан кийин узартылгандыгына/узартылбагандыгына карабастан, жаңы мөөнөткө узартууга жол берилет. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.4.1.15. Келишим шарттары бузулган же күтүлбөгөн жагдайлар келип чыккан учурларды эске албаганда, келишимди бир тараптуу тартипте бузууга жол берилбейт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 24-февралындагы № 2022-П-12/9-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.5-глава. Кард келишими 

(Главанын аталышы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

2.5.1. Кард келишими - бул, анын шарты боюнча бир тарап акча каражаттарын сунуштаган тарап үчүн кошумча пайданы кароосуз, акча каражаттарын экинчи тарапка сунуштаган бүтүм. 

Мында акча каражаттарын кабыл алган тарап, башка тараптын биринчи эле талап кылуусу боюнча каражаттарды кайтарып берүүнү гарантиялайт. 

Банк кард келишиминин шарттарына ылайык, акча каражаттарын кабыл алган тарап сыяктуу эле, акча каражаттарын сунуштаган тарап катары да иш алып бара алат. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.5.2. Кард келишими жөнөкөй жазуу түрүндө түзүлөт. 

Кард келишиминде келишим түзгөн биринчи тараптан эч кандай кирешелүүлүктүн жоктугу жана келишим түзгөн экинчи тараптын алынган каражаттарды колдонуу мүмкүнчүлүгү болжолдонот. 

Кард келишиминде төмөнкү негизги параметрлер жана шарттар камтылат: 

- берилген сумманын өлчөмү

- келишимдин колдонуу мөөнөтү, кайтарып берүү күнү

- тараптардын укуктары жана милдеттери; 

- күндөлүк эсепти жүргүзүү үчүн банктын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөө өлчөмү жана шарттары.  

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.5.3. Банк ишинде кард келишиминин шарттарында тартылган акча каражаттары банктын ресурстук базасын түзөт жана талап боюнча депозиттер катары каралат.  

Кард келишиминин шарттары боюнча кардар банкка акча каражаттарын пайызсыз негизде, кардар аларды эркин башкаруу мүмкүнчүлүгү менен берет, ал эми банк өз кезегинде өзүнүн инвестициялык саясатына ылайык тартылган ресурстардын бөлүгүн пайдалана алат. 

Банк учурдагы ликвиддүүлүктүн талап кылынган деңгээлин жана милдеттенмелерди өз убагында аткаруу мүмкүнчүлүгүн кармап туруу үчүн кассадагы же корреспонденттик эсептеги акча каражаттарынын жетиштүү көлөмүн колдоп турууга тийиш. 

Кард келишиминин шарттары боюнча банк эсеп ээсин чек китепчесин же болбосо пластик карточкасын пайдалануу менен тейлей алат. Бул учурда банк эсеп ээсинен күндөлүк эсепти жүргүзүү жана тейлөө боюнча кызмат көрсөтүү үчүн төлөмдөрдү ала алат. 

Айрым учурларда банк кардарга кард келишиминин шарттарында ссуда берүү мүмкүнчүлүгүн караштырышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.5.4. Банк, кард келишими боюнча кардар үчүн эсеп ачуу учурунда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актыларына ылайык, кардардын ким экендигин идентификациялоого байланыштуу бардык зарыл талаптарды аткарууга тийиш.  

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.6-глава. Истиснаа келишими жана параллель истиснаа келишими 

(Главанын аталышы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

2.6.1. Истиснаа келишими анын шарттарына ылайык, бир тарап (подрядчы) экинчи тараптын (буйрутмачынын) тапшырмасы боюнча белгилүү бир ишти аткарууга жана анын натыйжасын белгиленген мөөнөттө буйрутмачыга тапшырууга милдеттенген, ал эми буйрутмачыны иштин натыйжасын кабыл алууга жана алдын ала макулдашылган наркын төлөөгө милдеттендирген келишим. 

Мүлктүн наркына төлөө жана аны берүү келечекте ишке ашырылышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.6.2. Истиснаа келишиминин предмети болуп, подрядчынын колдо болгон материалдарды (чийки затты) милдеттүү түрдө колдонуу менен объектти даярдоо, иштеп чыгуу (объекттин сапатын жакшыртуу же анын мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн өзгөртүү) же кайра иштетүү (объектти жок кылып, жаңы объектти түзүү) боюнча иши же болбосо башка ишти аткаруу жана анын жыйынтыгын белгиленген өзгөчөлүктөргө ылайык тапшыруу саналат. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.6.3. Параллель истиснаа келишими өзүнчө эки истиснаа келишиминин негизинде колдонулат, аларга ылайык, бир эле жак биринчи учурда - берүүчү катары катыша алат жана буйрутмачы менен төлөө жана берүү тууралуу келишим түзөт, ал эми экинчи учурда - сатып алуучу катары катыша алат жана биринчи истиснаа келишиминин алкагында өзүнүн буйрутмачы алдында белгилүү бир милдеттенмелерин аткаруу үчүн даярдоочу, курулуш подрядчысы менен башка келишим түзөт. 

Мындай бүтүмдөрдү аткаруу процессинде банк эки келишим ортосундагы баадагы айырмачылыктын эсебинен пайда көрөт. Эгерде экинчи келишим (б.а. истиснаа келишими, мында банк даярдоочу, курулушчу же берүүчүлөр менен ушундай келишим түзүүгө тийиш) кийинчерээк түзүлө турган болсо, келишимдердин бири (б.а. буйрутмачы менен болгон келишим) дароо түзүлөт. 

Өндүрүүчү, курулуш иштерин тапшыруучу - ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам. 

Кардар - белгилүү спецификация боюнча истиснаа келишиминин предметин даярдоого буйрутма берүүчү юридикалык жак же жеке адам. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.6.4. Истиснаа келишимин түзүүдө кардар, тиешелүү материалдарды жана иштерди өндүрүүчү сунуштаган шартта, келишимдик милдеттенменин алкагында аны даярдагандан кийин, ага даяр өнүмдүү (продукцияны) берүү билдирмеси менен банкка кайрылат. Келишим түзгөн тараптар белгилүү өлчөмдө акы алуу менен товардын мүнөздөмөсүн аныкташат, аларга төлөө дароо же белгилүү бир убакыттан кийин төлөнүп берилет. 

Банк берилген финансылык документтердин негизинде мүлккө буйрутма берүүчүнүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүүнү ишке ашырат. 

2.6.5. Банк жана кардар истиснаа келишимин, банк кардарга сатылууга тийиш болгон келишим предметине менчик укугун же алардан келишим предмети даярдалып (же курулуп) жаткан материалдарга менчик укугун алганга чейин түзүшөт. 

2.6.6. Истиснаа келишими, даярдалууга тийиш болгон предметтин түрүн, сапатын жана санын, мүнөздүү өзгөчөлүгүн камтыган белгилүү шарттарды аткаруу учурунда макулдашып жаткан тараптар үчүн милдеттүү болуп саналат. 

2.6.7. Истиснаа келишими кат формасында түзүлөт жана аткарылышы юридикалык жактан милдеттүү болуп саналат. Келишим түзгөн тараптар, алардын макулдашууларынан улам келип чыккан бардык милдеттенмелер жана натыйжалар боюнча бири-биринен байланыштуу болот. 

2.6.8. Даярдоочу келишим предмети болуп саналган товарды макулдашылган мезгил ичинде анын мүнөздөмөлөрүнө ылайык даярдоого милдеттүү

2.6.9. Келишимде келишим предметинин баасы, жеткирүү күнү, пайдаланылуучу ресурстар (эгерде келишимде башкасы каралбаган болсо, менчик же келишимди түзгөнгө чейинки башка жактар тарабынан өндүрүлгөн товарларды же өздүк товарларды тартуу менен) көрсөтүлөт. 

2.6.10. Келишим түзүүгө чейин, бааны аныктоо боюнча бардык сунуштар кароого алынат. 

2.6.11. Келишим предметинин баасы келишим түзгөн учурга карата аныкталып, акчалай же материалдык каражаттар формасында төлөнүп берилиши мүмкүн. Баа белгилүү бир мезгил ичинде, мөөнөтү кийинкиге жылдырылып төлөнүшү мүмкүн же болбосо келишим предметин жеткирип берүү этап боюнча ишке ашырылса, баанын бөлүгү дароо төлөнүп, ал эми калган бөлүгү предметтин жеткирилишине же иштин аткарылышына жараша, жылдырылып төлөнүшү ыктымал. 

2.6.12. Истиснаа келишиминин операциялары боюнча баа, берүү күнүнүн өзгөрүүсүнө ылайык өзгөрүшү мүмкүн. Истиснаа келишиминин предметинин баасы "чыгымдар плюс катталган пайда" негизинде аныкталышы мүмкүн эмес. Банк сарптоолорго баа берүү жана келечектеги пайдаларды аныктоо үчүн башка дилерлердин жана берүүчүлөрдүн маалыматын пайдаланат. 

2.6.13. Истиснаа келишимин пайыз алуу менен жөнөкөй каржылоо каражаты катары пайдаланууга жол берилбейт. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.6.14. Истиснаа келишими түпкүлүгүндө келип, сатып алуучуга же куруучуга тиешелүү болгон белгилүү жер участкасындагы же аны пайдалануудан алардын ар бири пайда көргөн жерде кыймылсыз мүлк объекттерин куруу үчүн түзүлүшү мүмкүн. 

2.6.15. Өндүрүүчү банкрот болгон учурда, кардар баштапкы материалдардын наркынын бөлүгүн төлөп койгон болсо, бүткөрүлбөгөн өндүрүшкө карата артыкчылыктуу укукка ээ болот. 

2.6.16. Тараптар келишим предмети болуп саналган курулмалардын кайсы болбосун кемчилдиктери же техникалык жактан тейлениши үчүн өндүрүүчү жоопкерчиликтүү боло турган мөөнөттү белгилешет. 

2.6.17. Истиснаа келишими түзүлгөндөн кийин, тараптардын макулдашуусу боюнча өндүрүш жана курулуш үчүн мурда макулдашылган спецификацияларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, ошондой эле анын шартына ылайык баа корректировкалануу менен жаңы талаптарды аткаруу үчүн тиешелүү негиздерге таянган мезгил аралыгы сунушталган жаңы талаптарды киргизүүгө жол бөрилет. 

2.6.18. Төлөм мөөнөтүн узартуу үчүн кошумча төлөм кармалбайт. Эгерде контракт түзүү учурунда ал каралбаса, алдын ала төлөө үчүн жеңилдик берилет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.6.19. Күтүүсүз жагдайлар (форс-мажор) келип чыккан учурда, тараптардын макулдашуусу боюнча же сот тартибинде өзгөртүүлөр киргизилиши ыктымал. 

2.6.20. Банк мурдагы иш тапшыруучу менен башталган долбоорду аяктоо үчүн иш тапшыруучуну алмаштырышы жана буйрутмачы менен истиснаа келишимин түзүшү мүмкүн. Бул учурда, долбоордун ошол учурдагы статусунун негизинде, буйрутмачынын эсебинен ага баа берүү талап кылынат. Ошондой эле, эгерде истиснаа келишиминин бүткөрүлбөй калуусунун натыйжасында тө- лөнбөй калган карыз орун алса, алар үчүн буйрутмачы жеке жоопкерчилик тартат. Андан ары, калган иштерди бүткөрүү үчүн жаңы истиснаа келишими түзүлөт. 

2.6.21. Буйрутмачыга тиешелүү болгон жерге имараттарды же коммуналдык курулмаларды куруу учурунда, эгерде ал келишимди аткарбаса же ишти белгиленген мөөнөттө бүткөрүп бере албаса, истиснаа келишими өндүрүүчүнүн эсебинен жүзөгө ашырылат жана бул жобо, өндүрүүчү ишти токтоткон учурдан баштап күчүнө кирет. 

2.6.22. Эгерде иш тапшыруучу өз милдеттенмесин аткарууну уланта албай турган болсо, буйрутмачы (жер ээси) бүткөрүлбөгөн курулушту же даяр болуп калган коммуналдык курулманы иш тапшыруучуга ордун толтуруп бербей туруп, менчикке алууга укугу жок. Бул шарт, иш тапшыруучунун ишти уланта албаган себептерине жараша болот. 

Эгерде келишим иш тапшыруучунун күнөөсү боюнча аткарылбаган болсо, анда кардар курулган курулманын төлөнгөн наркын гана ала алат жана курулуш иштерин тапшыруучу акыркы сатып алуучуга ал дуушар болгон иш жүзүндөгү чыгымдардын суммасын компенсациялап берүүгө тийиш. 

Эгерде келишимди аткарбай коюу, буйрутмачынын укук чегинен тышкары аракеттеринен улам келип чыкса, иш тапшыруучу бүткөрүлгөн иштин наркына барабар сумманы жана башка чыгымдар жана зыяндар үчүн компенсацияларды алууга укуктуу. 

Эгерде келишимдин аткарылбай калышына тараптардын биринин да тиешеси жок болсо, анда акыркы сатып алуучу тургузулган, курулуп жаткан курулмага гана укуктуу жана тараптардын бири да башка тараптын кесепетинен келип чыккан чыгымдардын жана зыяндардын компенсацияланышы үчүн жоопкерчилик тартпайт. 

2.6.23. Мыйзамдарга келишим предметинин наркын көбөйтүүгө алып келүүчү өзгөртүүлөр киргизилген учурда, буйрутмачы кошумча сарптоолорго дуушар болот. 

2.6.24. Даярдоочу жана акыркы сатып алуучу катары иш алып барган банк гарантия катары аванстык төлөмдү жүзөгө ашырып же келишим шарттары аткарылган учурда, баанын бөлүгүн түзгөн төлөөлөрдүн төлөнүшүн алардан талап кыла алат же келишим токтотулган шартта, айыптык төлөм кармалып калат. Бул сумма иш жүзүндө тартылган зыянга барабар болуусу абзел. 

2.6.25. Истиснаа келишиминде банк өндүрүүчү же буйрутмачы катары иш алып баруусуна карабастан, ал өндүрүүчү же буйрутмачы менен мамилелерге карата өз укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу үчүн жетиштүү деп эсептеген гарантияларды талап кыла алат. Буйрутмачы катары иш алып барган банк күрөө, жеке гарантия, укуктарды, күндөлүк эсептерди ыйгарып берүү же эсептен каражаттарды алууга бөгөт коюуга макулдук берүү формасында, өндүрүүчү талап кылган гарантияларды бере алат. 

2.6.26. Буйрутмачы катары иш алып баруучу банк, өндүрүүчү менен макулдашуу шартында, техникалык тажрыйбага ээ, төлөө, берүү ж.б. боюнча келишимдердин жана сунуш-көрсөтмөлөрдүн аткарылышына квалификациялуу баа берүүгө жөндөмдүү консультант фирманы аныктай алат. 

2.6.27. Өндүрүүчү катары иш алып барган банк, өзүнчө агенттик келишимди түзүшү мүмкүн, ага ылайык буйрутмачы келишим предметинин буйрутманын (долбоордун) мүнөздөмөсүнө ылайык даярдалышын камсыз кылуу максатында, даярдоо же курулуш иштерине көзөмөлдүктү жүргүзүү жагында банктын агенти катары дайындалышы ыктымал. 

2.6.28. Истиснаа келишиминин аткарылышына көзөмөлдүк боюнча кошумча чыгашалар, тараптардын макулдашуусу боюнча төлөнөт. 

2.6.29. Эгерде келишим предмети акыркы сатып алуучуга же ал тарабынан дайындалган адамга берилсе жана акыркы сатып алуучу келишим предметине толук контролдукту жүзөгө ашыра алса, өндүрүүчү милдеттенмеден бошотулат. 

2.6.30. Эгерде келишим предметинин абалы берүү күнүнө карата буйрутманын макулдашылган мүнөздөмөсүнө жооп бербесе, анда буйрутмачы андан баш тартууга же аны кабыл алууга укуктуу, бул баанын мүмкүн болуучу өзгөрүүсү менен келишим канааттандырарлык аткарылышын чагылдырат. 

2.6.31. Эгерде аны четтетүү үчүн негиз болбосо, буйрутмачы берилген келишим предметин кабыл алууга милдеттүү. Келишим предметин кабыл алуудан баш тартуу үчүн анын негиздери так чагылдырылышы зарыл. 

2.6.32. Негизсиз баш тартуу учурунда келишим предмети өндүрүүчүнүн ээлигинде калат, бул учурда өндүрүүчү келишим предметинен келип чыккан чыгымдар жана эыяндар үчүн эч кандай жоопкерчилик тартпайт, албетте эгерде, мындай чыгымдар жана зыяндар өндүрүүчүнүн этиятсыз мамилесинин же укукка жатпаган аракеттеринин кесепетинен келип чыкпаган болсо. Буйрутмачы келишим предметинин сакталышына кеткен чыгашаларды өз мойнуна алат. 

2.6.33. Келишим предметин берүү, аны акыркы сатып алуучунун ээлигине өткөрүп берген учурдан тартып, жүзөгө ашырылган катары саналат жана ал акыркы сатып алуучуга өндүрүш процесси бүткөрүлгөндөн кийин, келишим предметине контролдукту өзүнө алууга мүмкүндүк берет. Иштин бул баскычында келишим предметине карата өндүрүүчүнүн милдеттенмеси бүтүп, акыркы сатып алуучунун милдеттенмеси башталат. Акыркы сатып алуучу келишим предметине контролдукту өзүнө алгандан кийин, өндүрүүчү тарабынан этиятсыз мамиле же укукка жатпаган аракеттерге жол берилгендигин далилдөөсүз эле, келишим предметинен кийинчерээк келип чыккан кандай болбосун чыгымдар же зыяндар үчүн жоопкерчилик, акыркы сатыл алуучуга жүктөлөт. 

2.6.34. Эгерде буйрутмачы тарабынан белгиленген убакыт ичинде келишим предметин кабыл алууда күттүрүүлөр болсо, өндүрүүчү келишим предметин сатуу операциясында буйрутмачынын агенти катары иш алып бара алат. Бул учурда өндүрүүчү келишим предметин буйрутмачынын атынан сатат жана макулдашылган контракттык наркты алып салгандан кийин калган каражаттарды, албетте болгон болсо, буйрутмачыга кайтарып берет. Эгерде алынган баа келишимде макулдашылган баадан аз болсо, анда өндүрүүчү анын ордун толтуруп алуу максатында буйрутмачыга кайрылууга укуктуу. 

2.6.35. Буйрутмачы келишим предметин сатуу боюнча чыгаша тартат. 

2.6.36. Келишим предметин жеткирүү шарттарын бузууга жол бергендиги үчүн айыптык санкциялар, келип чыккан чыгымдар үчүн тиешелүү компенсация катары колдонулат. Эгерде кечиктирүү күтүлбөгөн кырдаалдардан улам (форс-мажор) келип чыкпаса гана, мындай компенсацияга уруксат берилет. 

Мында, төлөбөй койгондугу үчүн акыркы буйрутмачыга карата айыптык санкциялар жөнүндө белгилөөлөргө уруксат берилбейт. 

2.6.37. Келишим предметинин банктын анык ээлигине ал өткөнгө чейин сатууга уруксат берилбейт. 

2.6.38. Буйрутмачы катары иш алып барган банк, келишим предметине ээлик кылууга киришкенден кийин, банктын буйрутмачыларына келишим предметин сатуу үчүн агент катары өндүрүүчүнү дайындай алат. Мындай учурда агенттик келишим истиснаа келишиминен өзүнчө түзүлөт. 

2.6.39. Банк мүнөздөмөлөргө ээ товарларга буйрутма бере алат. Кийинчерээк банк, параллель истиснаа келишиминин негизинде сатуу максатында, экинчи тарап менен келишим түзөт жана мында ал, экинчи тараптын талаптарына жооп берген мүнөздөмөлөргө ээ товарларды өндүрүүчү же берүүчү катары иш алып баруу менен өзүнүн келишимдик милдеттенмелерин аткарат. 

2.6.40. Буйрутмачыга бөлүп төлөө менен мындай товарларды сатуу максатында өндүрүүчү же берүүчү катары иш алып барган банкка истиснаа келишимин түзүүгө жана биринчи келишимде каралган товарларды сатып алуу жана аларды буйрутмачыга сатуу үчүн өндүрүүчүлөрдүн жана курулуш ишин тапшыруучулардын дароо төлөөсүнүн негизинде, параллель истиснаа келишимин түзүүгө уруксат берилет. Буга истиснаа жана параллель истиснаа келишимдери өз-өзүнчө түзүлгөн шартта гана жол берилет, мында параллель келишиминде (параллель истиснаа) жеткирип берүү күнү, сатып алуу (истиснаа) боюнча баштапкы келишимде көрсөтүлгөн күндөн мурда келип жетпөөгө тийиш. 

2.6.41. Банк өндүрүүчү же берүүчү катары истиснаа келишимин түзгөн учурда буйрутмачыга келишим предметин өткөрүп бергенге чейинки мөөнөткө мүлктүк тобокелдик, техникалык жактан тейлөө жана камсыздандырууга кеткен сарптоолор боюнча милдеттенмелерди өзүнө алат. Банк даярдоочу менен түзүлгөн параллель истиснаа келишиминде буйрутмачыга карата анын милдеттеринен келип чыккан тобокелдик үчүн жоопкерчиликти ага (акыркыга) жүктөй албайт. 

2.6.42. Аларды түзүүдө эки келишим боюнча милдеттенмелердин (истиснаа жана параллель истиснаа келишимдери) ортосундагы келишим байланыштарына жол берилбейт. Ошентип, адаттагы истиснаа келишимине катышкан тарапка анын параллель истиснаа келишими боюнча милдеттенмеси аткарылбагандыгынан улам, өз милдеттерин аткаруудан баш тартуусуна же келишим предметин өткөрүп берүүнү кечиктирүүсүнө же болбосо параллель истиснаа келишими боюнча товарлардын наркынын көбөйүүсүнөн улам, сунушталып жаткан товарларга бааны көбөйтүүсүнө уруксат берилбейт. 

Мында, банк сатып алуучу катары иш алып барган параллель истиснаа келишимин түзүүдө тиешелүү шарттарды жана талаптарды караштыруу жагында анын укугу чектелбейт. Ал шарттарда жана талаптарда банк берүүчү катары иш алып барган алгачкы истиснаа келишиминде, буйрутмачы чагылдырган шилтемелерден айырмаланган же ошондой эле айыптык санкцияларга тиешелүү шилтемелер да камтылат. 

2.7-глава. Гарантия жөнүндө келишим 

(Главанын аталышы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

2.7.1. Гарантия жөнүндө келишим (милдеттенменин аткарылышын камсыз кылуу бүтүмү) боюнча бир тарап экинчи тарап алдында үчүнчү тараптын милдеттенмелери боюнча гарант болуп саналат. Милдеттенмелер бир эле убакта бир нече ыкмада аткарылышы мүмкүн.  

Төлөөгө жөндөмдүүлүгү боюнча шек жаратпаган, кынтыксыз иш аброюна ээ кайсы болбосун жеке адам же юридикалык жак гарант боло алат. 

Сатуу, алмашуу, ижара, укуктар жөнүндө келишимдер жана башка келишимдер боюнча милдеттенмелердин өз учурунда аткарылышы каралган күрөөлөр, гарантиялар ушул главада каралган башка ыкмалар менен камсыздалышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.7.2. Милдеттенмелердин аткарылышы бир эле учурда, бир нече ыкмалар мисалы, жеке гарантия жана күрөө менен камсыздалышы мүмкүн. 

2.7.3. Милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылууга тиешелүү бүтүмдөр кат жүзүндө ишке ашырылат жана мыйзамдарда же тараптардын макулдашууларында белгиленген учурларда, нотариалдык жактан тастыкталат. 

2.7.4. Милдеттенмелердин камсыздалышы жөнүндө келишимдин анык эместиги ошол милдеттенменин (негизги милдеттенменин) анык эместигине алып келбейт. Негизги милдеттенменин анык эместиги аны камсыз кылган милдеттенменин анык эместигине алып келет. 

2.7.5. Ижарачы анын күнөөсү боюнча ижарага алынган мүлккө келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүү үчүн камсыздоону сунуш кылууга тийиш. 

2.7.6. Жеке гарантиялар эки түргө бөлүнөт: 

- карызгердин гаранттан жардам сураганга укугу бар жана бул гарантия карызгердин өтүнүчү жана макулдугу боюнча берилет. 

- карызгердин өтүнүчү жана анын макулдугу жок эле, үчүнчү тараптын жеке каалоосу боюнча берилүүчү, жардам көрсөтүүсүз гарантия (волонтердук гарантия). 

2.7.7. Кардар негизги карыз суммасынын ордун банкка толуктап берген шартта гана банк, кардардын финансылык милдеттенмелери боюнча негизги карыз суммасы чегинде гарантияны сунуштайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.7.8. Гарантияларда аракеттенүү мөөнөтү, гарантия берилип жаткан сумма белгиленет. 

2.7.9. Кредитор карыздын суммасын карызгер сыяктуу эле, гаранттан да талап кылууга укуктуу. 

2.7.10. Эгерде кредитор карызгерди карызды төлөөдөн бошотсо, анда гарант да карызды төлөө боюнча милдеттенмелерден эркин болуп калат. Ошондой болсо да, эгерде кредитор гарантты финансылык жоопкерчиликтен бошоткон болсо, карызгердин карызы сакталып калат. 

Гарант тарабынан карыз төлөнгөн учурда, карызгер ага төлөнгөн гана сумманы компенсациялап берет. 

2.7.11. Эгерде банк мудараба же кемүүчу мушараканын негизинде келишимдерди жүзөгө ашырса, ал валюталардын курсунун өзгөрүүсүн гарантиялай албайт. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.7.12. Эгерде келишимде карызгер үчүнчү жактан гарантия формасындагы камсыздоону сунуштоого тийиш экендиги көрсөтүлсө бирок, карызгер гарантты бербесе, бул учурда банк камсыздоо берилгенге чейин милдеттенмени аткарбай турууга же болбосо келишимди жокко чыгарууга укуктуу. 

2.7.13. Эгерде күрөөгө коюлган актив кредитордун ээлигинде турбаса да демек, карызгер күрөө жөнүндө келишимди токтото албаса, күрөө жөнүндө келишимдин аткарылышы күрөө коюучу үчүн милдеттүү болуп саналат. Бирок күрөөнүн кабыл алынышы кредитор үчүн милдеттүү болуп саналбайт, анткени ал күрөөгө карата өз укугунан баш тартууга укуктуу. Күрөө коюучунун же күрөө кармап туруучунун өлүмгө учурашы же болбосо юридикалык жактын жоюулушу күрөө жөнүндө келишимдин аракетине таасирин тийгизбейт, алардын укугу өткөндөр күрөөнүн ордун жабуу жана андан пайда алууда аларды алмаштырат. 

2.7.14. Күрөө коючу күрөөгө коюлган мүлктүн менчик ээси, же болбосо ошол мүлктү тескөөгө алган ыйгарым укуктуу жак болууга тийиш. Күрөө келишимде тастыкталышы зарыл. Бир эле мүлктүн буга чейин да күрөөгө коюлгандыгы жөнүндө күрөө кармоочу тиешелүү деңгээлде маалымдаган шартта, ошол мүлк бир же андан көп жолу күрөөгө коюулушуна уруксат берилет. Эгерде күрөөлөр ар кайсы күндөрү каттоодон өткөрүлгөн болсо, алардын кезектүүлүгү каттоодон өткөн күндөргө ылайык белгиленет. 

2.7.15. Күрөө коюучу күрөөгө коюлган мүлктү сатып алууга укуктуу, ошондой эле карызды төлөө келишимине жетишилген болсо, мүлктү кредиторго сатууга макулдук бере алат. 

2.7.16. Сатуучу калган төлөмдөрдү бөлүп төлөөнү камсыз кылуу максатында, күрөө катары сатылган мүлктү сактоого алууга укукту сатып алуучудан ала алат. Ошондой эле, мүлк үчүн толук төлөөнү алганга чейин ар бир жолку төлөмдүн негизинде сатылган мүлктү өз ээлигинде калтырууга сатып алуучуга уруксат берилет. 

2.7.17. Ошондой эле, кредитор сотко кайрылуусуз күрөөгө коюлган мүлктү сатуудан алынган суммадан зарыл сумманы (эгер карызгер карызды төлөй албаса, же аны төлөөдөн баш тартса) алуу үчүн карызгердин күрөөгө коюлган мүлктү сатуу укугун өткөрүп берүүсү жөнүндө шарт коюу укугуна ээ. 

2.7.18. Күрөө коюучу (карызгер) күрөөгө коюлган мүлктүн документтерине алардын сакталышына жана сатылышына байланыштуу бардык чыгашалардын төлөнүшү үчүн толук жоопкерчилик тартат. 

2.7.19. Кредитор (күрөө кармоочу) бөлүп төлөөгө макулдук берген учурларды эске албаганда, карыз толук төлөнгөнгө чейин күрөөгө укуктуу бойдон калат. Бирок, кредитор карызды төлөгөндөн кийин күрөөнү эгерде бул тууралуу алдын-ала сүйлөшүлбөгөн болсо, башка камсыз кылынбаган карыздардын камсыздоосу катары сактап турууга укугу жок. Кредитор жана карызгер карыз төлөнгөндөн кийин бошогон күрөөнү, кайсыл бир учурда алардын ортосунда келип чыгышы мүмкүн болгон башка карыздын камсыздоосу катары таануу жөнүндө макулдаша алышат. 

2.7.20. Күрөө кармоочунун макулдугу менен күрөөгө коюлган мүлктү пайдаланууга күрөө коюучуга уруксат берилет. Бирок, күрөө кармоочу күрөө коюучу ага өз уруксатын берген болсо да, күрөөгө коюлган мүлктү күрөөгө коюлган мүлктү пайдалануу укугуна ээ эмес. 

2.7.21. Гарантиялык катты сунуштоо үчүн комиссиялык төлөм кармалбайт. Банк, мындай чыгашалар кызмат көрсөтүүлөр үчүн адатта кармалуучу комиссиялык төлөмдөн ашпаган шартта, гарантиялык кат үчүн административдик чыгашанын төлөнүшүн өтүнүч ээсинен талап кылууга укуктуу. Банктын ички документтеринде административдик чыгашалар түзүмү чечмеленип берилүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.7.22. Пайыздык займды алуу же тыюу салынган бүтүмдөргө келишүү үчүн аларды пайдаланылышы мүмкүн болгон гарантиялык катты өтүнүч менен кайрылган жакка берүүгө уруксат берилбейт. 

2.7.23. Документтик аккредитивди берүү үчүн чыгашалар кардар тарабынан төлөнөт, банк ошондой эле кызмат көрсөтүүлөр үчүн аккредитивдин узактыгы комиссиондук төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбаган шартта, катталган чен же аккредитивдин суммасынын белгилүү бир бөлүгү түрүндө болобу, төлөм кармап кала алат. Кызмат көрсөтүүлөргө тиешелүү бул эреже импорттук жана экспорттук аккредитивдерге тиешелүү. Контракттык түзөтүүлөрдүн натыйжасында келип чыккан сарптоолор үчүн гана төлөм кармап калууга уруксат берилет (мөөнөттөрүн жылдырууну эске албастан), мындай төлөм суммадан пайыздарда эмес, катталган чен түрүндө болууга тийиш. 

2.7.24. Документтик аккредитив үчүн төлөм кармап калуу учурунда банк төмөнкүлөрдү көңүлгө алууга тийиш: 

а) ошол аккредитивди тастыктоодо гарантиянын мүмкүндүгүн демек, эгерде ал башка банк тарабынан берилген аккредитивди тастыктай турган болсо, туунду сарптоолорго карата кошумча сумманы кармап калуусуна банкка уруксат берилет; 

б) аккредитивди берүү пайызды же пайызды потенциалдуу кошушу мүмкүн болгон операцияны камтууга тийиш эмес. 

2.7.25. Карыздык милдеттенмелерди камсыздоо катары ислам камсыздандыруу полисине жазылууга уруксат берилет жана карыздардын адаттагыдай камсыздандыруунун негизинде камсыздандырылышына уруксат берилбейт. 

2.7.26. Үчүнчү жакка (мудариб же инвестициялык агенттен тышкары) анын мудараба финансы контракты же инвестициялык агенттик контракты менен эч байланышпаган гарантиянын шартында, милдеттенме берген тараптын инвестициялык жоготууларын компенсациялоо боюнча өз эрки боюнча милдеттенме алуусуна уруксат берилет. 

2.7.27. Банк тендерге катышууга гарантия берүүгө укуктуу. 

2.7.28. Кардардын бир тараптуу милдеттенмелерди түзүү жана аткаруу боюнча милдеттенмесин тиешелүү деңгээлде аткаруусун камсыз кылуу үчүн банк, акча каражаттарын күрөөгө алышы мүмкүн, ал каражаттар кардар өзүнө алган милдеттенмесин бузууга жол берсе, келтирилген чыгымдын ордун жабууну гарантиялайт. 

2.7.29. Банк кардарга сатылган, бирок алар үчүн төлөмдү ала элек материалдык активдерин кайтарып алууга укугу бар. 

2.7.30. Банк алардын жоголушуна же чыгымдалышына алып келиши мүмкүн болгон туура эмес пайдалануу учурларынан күрөөнүн предметинин же башка камсыздоонун бүтүндүгүн коргоого, анын ичинде соттук тартипте коргоого алууга укуктуу. 

2.7.31. Карыздын камсыздоосу катары күрөөгө коюлган мүлктү кармап турган тараптардын укуктары, карыздары камсыз кылынбаган тараптардын укуктарынын алдында артыкчылыктарга ээ болот. 

2.8-глава. Салам келишими 

(Главанын аталышы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

2.8.1. Салам келишими боюнча бир тарап (сатуучу) келечекте белгиленген мөөнөттө экинчи тарапка (сатып алуучуга) товарды өткөрүп берүүгө милдеттенет, ал эми сатып алуучу салам келишимин түзүү учурунда ошол товар үчүн төлөөгө милдеттенет. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.8.2. Параллель салам келишими бул өзүнчө эки келишимди камтыган келишим. Биринчи келишимде бир тарап сатып алуучу болуп саналат жана буйрутмачы менен белгилүү бир товарды кийин берүү шартында сатып алуу жана келишимге кол койгон учурда төлөө жөнүндө келишим түзөт. Экинчи келишимге ылайык, бул тарап биринчи келишимде көрсөтүлгөн эле товарды, ошол эле санда жана датада, экинчи келишимге кол коюу учурунда товардын наркын төлөгөн башка буйрутмачыга сатат. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

2.8.3. Экинчи келишимге ылайык банк, биринчи келишимде көрсөтүлгөн санда жана тиешелүү күнү ошол эле товарды, экинчи келишимге кол коюу учурунда товардын наркына төлөп берген башка буйрутмачыга сатат. 

2.8.4. Салам жана параллель салам келишимдеринин алкагында банк, сатып алуучу сыяктуу эле, сатуучу катары да иш алып барат. 

2.8.5. Салам жана параллель салам келишимдери боюнча банк, товарларды сатып алууну жана аны сатууну, төлөөгө жөндөмдүү кардардын билдирмеси боюнча ишке ашырат. 

2.8.6. Банк - бул, товарды сатып алууну сыяктуу эле, аны сатып өткөрүүнү жүзөгө ашырган жак. 

2.8.7. Сатуучу - бул, банк андан товар сатып алган юридикалык же жеке адам. 

2.8.8. Бири-биринин ордуна колдонулган товарлар - бул, жалпы мүнөздөмөгө ээ, бири-биринен олуттуу айырмаланбаган товарлар. Мына ушундай товарлар бузулууга дуушар болуп жана аларды баалоо учурунда бузулууга дуушар болгон же алмаштырылган товардын наркын баалоо зарылчылыгы келип чыкпаган шартта, башка товарлар менен алмаштырылышы мүмкүн. 

2.8.9. Салам бүтүмүн ишке ашыруу үчүн өзүнчө келишим же анын чегинде аракеттенүү мөөнөтүн көрсөтүү менен өзүнчө келишимдер түзүлүшү мүмкүн болгон кызматташтык жөнүндө генералдык макулдашуу түзүлүшү мүмкүн. 

2.8.10. Генералдык макулдашууда келишим чегин жана тараптардын сатып алууну жана сатууну жүзөгө ашырууга ниеттерин, ошондой эле товарлардын санын жана жеке мүнөздөмөлөрүн, аларды жеткирип берүү ыкмаларын, баасын жана төлөө ыкмаларын аныктоо үчүн негиздер камтылат. Мындан тышкары, анда гарантиялар ж.б. шарттар каралышы мүмкүн. 

2.8.11. Салам келишими кат жүзүндө түзүлөт жана мыйзам тарабынан талап кылынган учурда, нотариалдык жактан тастыкталууга жана мамлекеттик каттоодон өткөртүлүүгө тийиш. Төмөнкүлөр келишимдин маанилүү шарттары болуп саналат: 

а) кийин жеткирип берүү шарты менен белгилүү бир товарды сатуу; 

б) келишим түзүлүп жаткан учурда товардын наркын төлөө

2.8.12. Салам келишими боюнча баа акча каражаты формасында сыяктуу эле, бири-биринин ордуна колдонулган товарлар (тектүү белгилери аныкталган товарлар) формасында да белгилениши мүмкүн. 

2.8.13. Эгерде баа акча каражаттарында аныкталса, валютасы, анын өлчөмү жана төлөө ыкмасы аныкталууга тийиш. Эгерде баа бири-биринин ордуна колдонулуучу товарлар формасында аныкталса, анда алардын сортун, түрүн, мүнөздөмөсүн жана санын так көрсөтүү талап кылынат. 

2.8.14. Салам келишиминин чегинде баа, келишим түзүлгөн учурда токтоосуз төлөнөт. Өзгөчө учурларда гана төлөө үч күндөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн жана ал, төлөмдүн кечиктирилиши бири-биринин ордуна колдонулган товарларды жеткирип берүү учуруна туура келип же андан ашпаган шартта, салам келишиминин аткарылышына таасирин тийгизүүгө тийиш эмес. 

2.8.15. Карызды салам келишими боюнча капитал катары пайдаланууга жол берилбейт. 

2.8.16. Салам келишими таразалап, өлчөп же эсептеп көрүүгө мүмкүн болгон товарларга карата түзүлөт. 

2.8.17. Баалуу металлдар (алтын, күмүш) келишимдин предмети боло албайт. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.8.18. Товарлар кандайдыр бир аныкталбагандыкты четке каккан мүнөздөмөлөргө ээ болууга тийиш, алардын талапка ылайыктылуулугу үчүн жоопкерчилик сатуучуга жүктөлөт. 

2.8.19. Товарлар колдонуудагы тажрыйбага жана эксперттик корутундуларга ылайык аныкталууга тийиш. 

2.8.20. Товардын ар бир бирдигинин саны, алардын абалына жана тегине жараша аныкталат, б.а. алардын салмагы, өлчөмү, көлөмү жана алар канча орунду элей тургандыгы көрсөтүлөт. 

2.8.21. Товарлар аларды жеткирип берген учурда кандай жайгаштырылса, ошол жерде талаптагыдай сакталып туруу менен сатуучу сатып алуучу алдында алардын жеткирилип бериши боюнча өз милдеттенмесин аткара алгандай, ыңгайлуу жайгаштырылууга тийиш. 

2.8.22. Тараптар жеткирип берүү күнүн так белгилешет, бирок товарларды жеткирүүнүн ар кандай мөөнөтү белгилениши да мүмкүн. Алгачкы келишим түзүү учурунда аларга төлөнүп берилген шартта, товарлар топ менен жеткирилип берилет. 

2.8.23. Тараптар товар жеткирилүүчү орунду аныкташы мүмкүн. Келишим түзгөн тараптар товар жеткирилүүчү орунду аныкташпаса жана ошол жерге товарды жеткирүү мүмкүн эместиги жагдайы келип чыкпаса, келишим түзгөн жер товар түшүрүлүүчү жер болуп саналат. Бул учурда товарлар жеткирилүүчү орун адаттагы тажрыйбадагыдай эле аныкталат. 

2.8.24. Товарларды жеткирүү, төлөмдөрдү ишке ашыруу милдеттенмелерин камсыздоонун кайсыл болбосун түрү менен камсыздалышы мүмкүн. 

2.8.25. Сатып алуучуга товарларга менчик укугу ага өткөнгө чейин аларды сатуусуна уруксат берилбейт. 

2.8.26. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча салам келишими толук жокко чыгарылышы жана келишим наркынын орду толук толтурулуп берилишинин ордуна милдеттенмелер токтотулушу мүмкүн. Ошондой эле аны жарым-жартылай жокко чыгарууга уруксат берилет, б.а. келишимдин орду толтурулуп берген тиешелүү бөлүгүнүн ордуна товарлардын бөлүгүн жеткирип берүүнү жокко чыгаруу. 

2.8.27. Сатуучу товарды келишим шарттарына ылайык көрсөтүлгөн күнү, белгиленген мүнөздөмөлөрүнө жана санына ылайык сатып алуучуга жеткирип берүүгө милдеттүү. Сатып алуучу келишимдеги мүнөздөмөлөрүндө каралган талаптарга жооп берген шартта, товарларды кабыл алууга тийиш. 

2.8.28. Эгер сатуучу келишимдик мүнөздөмөгө ылайык талап кылынгандарга караганда, кыйла жогорку сапаттагы товарларды сунуш кылса жана жогорку сапат үчүн андан жогорку бааны талап кылбаса, анда сатып алуучу товарларды кабыл алууга тийиш. Бул качан гана, келишимде каралган мүнөздөмөлөр олуттуу шарт болуп эсептелбеген учурларда гана колдонулат (өтө эле төмөнкү сапаттык мүнөздөмөлөрү менен). 

2.8.29. Эгерде жеткирилген товарлардын сапаты келишимдик мүнөздөмөлөргө ылайык талап кылынгандагыдан төмөн болсо, сатып алуучу аларды кабыл албай коюуга же кандай абалда болсо, ошондой кабыл алууга укуктуу. Кабыл алынган учурда, тараптар мындай товарларды төмөндөтүлгөн баада кабыл алууга макулдаша алышат. 

2.8.30. Сатуучу товарды келишимде чагылдырылган формада жеткирүүгө тийиш. 

2.8.31. Товарлар белгиленген мүнөздөмөлөргө жооп берген шартта мөөнөтүнөн мурда жана зарыл санда жеткирилип берилүүгө тийиш. 

2.8.32. Эгерде сатуучу өз милдеттенмелерин аткара албаса же сатуучунун колунда белгиленген күнгө карата товарлардын бардыгы же анын бөлүгү жок болсо, сатып алуучу: 

а) товарлар жеткирилип берилгенге чейин күтүп турат же товарлардын жеткирилип берилиши үчүн кыйла узагыраак убакыт караштырып берет. 

б) келишимди жокко чыгара алат жана төлөнгөн каражаттарды өндүрөт. 

Тараптарга ошондой эле, товарларды башка товарларга алмаштырууга макулдашууга уруксат берилет. 

2.8.33. Товарларды жеткирүүнүн кечиктирилиши үчүн айыптык санкцияларды караган шилтемелерди кошууга уруксат берилбейт. 

2.8.34. Биринчи келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу жана ошол товарларды жеткирүү үчүн биринчи салам келишиминде каралгандай мүнөздөмөлөргө ээ товарларды сатып алуу максатында сатуучуга үчүнчү жак менен өзүнчө салам келишимин түзүүгө уруксат берилет. Демек, биринчи салам келишиминде сатуучу катары иш алып барган банк, экинчи салам келишиминде сатып алуучу болуп калат. 

2.8.35. Салам келишиминин негизинде сатылып алынган жана аныктамалары, биринчи салам келишиминин жардамы менен сатып алуу каралып жаткан товарлардын аныктамаларына туура келген товарларды сатуу максатында, сатып алуучуга үчүнчү жак менен өзүнчө параллель салам келишимин түзүүгө уруксат берилет. Бул учурда, биринчи салам келишиминде сатып алуучу катары иш алып барган банк, экинчи салам келишиминде сатуучу болуп калат. 

2.8.36. Эки учурда тең тараптарга ушул эки салам келишими боюнча милдеттенмелерди байланыштырууга уруксат берилбейт. 

Эки келишим боюнча милдеттенмелер жана укуктар бардык аспекттер боюнча өз-өзүнчө каралууга тийиш. Эгерде, биринчи салам келишими боюнча милдеттенмелерди бузууга жол берилген учурда, башка тарап (жапа чеккен тарап) аны менен биринчи тарап параллель салам келишимин түзгөн тарап менен ошол зыян тартууларды же чыгымдарды байланыштырууга укугу жок. Демек, ал биринчи салам келишими боюнча тарткан чыгымдарынын же зыян тартууларынын негизинде, экинчи салам келишимин токтотууга же анын аткарылышын кечиктирүүгө укугу жок. 

2.8.37. Салам келишиминде каралган бардык эрежелер параллель салам келишимине карата да колдонулат. 

2.8.38. Салам келишиминен келип чыккан карыздык милдеттенмелерге товардык облигацияларды чыгарууга уруксат берилбейт. 

2.8.39. Банк салам келишимдеринде буйрутмачы-кардар тарабынан аныкталган товарды кийинчерээк кардарга банктын үстөк баасын камтыган баада сатуу ниетинде сатып алат. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.8.40. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/8 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

2.9-глава Документардык аккредитив 

2.9.1. Документардык аккредитивди берүүгө байланыштуу келип чыккан айкын чыгашалардын төлөнүшүн талап кылууга банкка уруксат берилет. Ошондой эле банкка, мындай жыйымдар бир жолку сумма формасында жүзөгө ашырылабы же алар айрым комиссиондук төлөмдөрдү аныктоодо, аккредитивдин аракеттенүү мөөнөтү эске алынбаган шартта, анын суммасынан белгилүү бир өлчөмдөгү үлүштү түшүндүрө, ага карабастан, тиешелүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сунушталышы үчүн жыйымдарды белгилөөсүнө жол берилет. Бул эреже, аккредитивдин аракеттенүү мөөнөтүнүн графигинин өзгөрүүсүнө алып келген учурларды эске албаганда, импорттук жана экспорттук кредит боюнча сунушталган кызмат көрсөтүүлөргө карата да колдонулат. Ошентип, пайыздык катышта эмес, айкын чыгашалар үчүн белгилүү бир өлчөмдөгү сумма түрүндө гана жыйымдарды белгилөөгө банкка жол берилет. 

Документардык аккредитив үчүн төлөм кармап калууда банк, төмөнкү шарттарды көңүлгө алууга тийиш: 

а) документардык аккредитив гарантия мүнөздөмөсүнө ээ, демек банк, башка банк тарабынан берилген аккредитивди тастыктай алса, орун алган сарптоолорго карата кошумча сумманы калууга тийиш эмес; 

б) Аккредитивди берүү пайыздык пайданы көздөбөйт жана ошондой пайданы алуу каражаты болбойт; 

в) гарантия берүү же займ бөлүү үчүн комиссиондук төлөм сыяктуу тыюу салынган операцияларды кошуу үчүн актануу катары, документардык аккредитивде келишимдердин айкалышта колдонулушуна жол берилбейт. 

2.9.2. Банк документардык аккредитивдин бардык түрлөрүн ача алат. Ошондой эле, аткарылып жаткан документардык аккредитивдин колдонулуп жаткан формаларына ылайык, мындай операцияларга катышуусуна же ортомчу ролунда иш алып барууга банкка уруксат берилет. 

2.9.3. Эгерде мындай аккредитив шариат тарабынан анык эмес, туура эмес (Шариатка ылайык) деп эсептелинген келишимдин негизинде тыюу салынган товарларга тиешелүү болсо, банкка өзү үчүн же башка кардардын же уюмдардын атынан, же биргелешип иш алып баруу аркылуу документардык аккредитив боюнча транзакцияларды аткаруусуна банкка жол берилбейт. 

2.9.4. Банк документтерди оңдоп коюу учурларын эске албаганда, ал эгерде көрсөтмөлөргө ылайык келсе, аккредитивди аткарууга милдеттүү

2.9.5. Банк документардык аккредитивге байланыштуу келип чыккан милдеттенмелердин камсыз кылынышын же компаниялардын жана банктардын пайдасына төлөөнү гарантиялык камсыздоо катары документардык аккредитивдин берилишин талап кылууга укуктуу. Банк камсыздоонун жол берилген жана жеткиликтүү формалары, анын ичинде эсептешүү эсептериндеги акча каражаттары же мудараба келишими боюнча кардар тарабынан салынган каражат түрүндөгү формаларды пайдалануу менен, документардык аккредитивдин камсыз кылынышы үчүн ортомчу катары да чыга алат. 

2.9.6. Банк шариат тыюу салган ишкердикти жүргүзгөн компаниялардын пайыздык облигацияларын, акцияларды жана пайыздык дебитордук карыздарды камсыздоо катары пайдаланууга укугу жок. 

2.9.7. Эгер кардар мурабаха келишими боюнча документардык аккредитивдин алкагында каржылоонун жардамы менен банктан импорттук товарларды сатып алууга ниеттенсе, төмөнкү шарттарды сактоосу зарыл: 

а) документардык аккредитивди ачуу буйрутмачы менен сатуучунун ортосунда сатуу келишимин түзүүдөн мурда болбоого тийиш; 

б) банк шариаттын товар берүүгө буйрутмачы үчүн мурабаха келишимине тиешелүү эрежелерине ылайык, мурабаха келишиминин алкагында берүүчүдөн товарларды сатып алып, андан соң аларды кардарга саткан тараптан болууга тийиш. 

2.9.8. Эгерде документардык аккредитивге, аларды өңчөйлөштүргөн артыкчылыктуу принциптер жана тажрыйбалар камтылган жоболор киргизилсе, булар шариат эрежелерин жана принциптерин бузбай тургандыгына шилтемелерди кошу менен мындай билдирүүнү квалификациялоо зарыл. 

2.9.9. Банк акцептелген векселдерди дисконттоого, б.а. мындай векселдерди алардын номиналдык наркынан төмөн баада сатып алууга укугу жок. 

2.9.10. Акцептелген векселдердин номиналдык наркын, алардын негизинде векселдерди көрсөтүү боюнча төлөө жүргүзүлүшү тийиш болгон, төмөндөтүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө банкка жол берилбейт. 

2.10-глава Валюталык операциялар 

2.10.1. Банк чет өлкө валютасын сатып алуу-сатуу боюнча бүтүмдөрдү, алардын шариаттын төмөнкү эрежелерине ылайык келүүсү шартында жүргүзүүгө укуктуу: 

а) эки тараптын тең колунда, валютанын башка түрүнө алмашууга боло турган валютанын болушу зарыл; 

б) алардын бири кагаз акча, ал эми экинчиси ошол эле өлкөнүн монетасы болсо да, алмаштырылуучу валюта бирдиги бирдей сумма болууга тийиш; 

в) контрактта алмашуунун бирдигин жеткирүү мөөнөтүн узартуу тууралуу эч кандай шарттар же белгилөөлөр камтылбайт. 

г) валюта операциялары монополия орнотууга багытталууга тийиш эмес жана бүтүмгө келишип жаткан тараптарга, ошондой эле бүтүндөй коомго зыян жана чыгымдарды алып келген кесепеттерге түрткү берүүгө тийиш эмес. 

д) валюта операциялары фьючердик жана форварддык рыноктордо ишке ашырылбоого тийиш. 

2.10.2. Келечектеги сатууларга валюта контрактын түзүүгө тыюу салынат. Ушул контрактылар карыздын ордун жабуу үчүн мөөнөтүндө ишке ашырылбаган акчалай которууларды алмаштыруу же тараптардын алмашуунун эки бирдигине биргелешип ээлик кылуусу ишке ашырылбаган, убагында аткарылбаган контрактынын аткарылышы болуп саналабы ага карабастан, бул эрежелер сакталууга тийиш. 

2.10.3. Максаты, баасы жакынкы аралыкта түшүп кетиши ыктымал болгон валютага жараша ишке ашырылган айрым бир операциялардан улам келип чыгышы мүмкүн болгон чыгымдардан качуу максатында, камсыздандыруу бүтүмү (чет өлкө валютасын сатуу же сатып алуу боюнча мөөнөттүү бүтүмдөргө келишүү) болуп саналса да, форварддык валюта рыногунда кандайдыр бир бүтүмдөргө келишүүгө тыюу салынат. 

2.10.4. Банк милдеттенмелерин же мурабаха келишиминин шарттарын тиешелүү валютада аткарууга тийиш болгон учурларда, валюталардын баасынын болочоктогу арзандашына камсыздандыруу бүтүмдөрүн түзүүгө укуктуу. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.10.5. Кредиттерди төлөө ж.б. кредиттик операцияларды ишке ашыруу республиканын ички валюта рыногунда төлөө күнү колдонулуп жаткан валюталардын курсуна ылайык, башка валютада ишке ашырылаарына банк менен кардарга макулдашып алуусуна уруксат берилет. 

2.10.6. Акча которууларды билдирме берген жак сунуш кылган валютадан айырмаланган валютада ишке ашырууга уруксат берилет. Банк мына ушундай акча которуулар үчүн төлөм кармап калат. 

2.10.7. Валютанын белгилүү бир суммасын сатууга контракт түзгөн учурда, бүтүндөй суммага ээлик кылуу укугу бүтүм ишке ашырылган күнү таанылууга тийиш. 

2.10.8. Ээлик кылуу айкын же болжолдуу болушу мүмкүн. Активдерге ээлик кылуу формасы алардын түрүнө жана иш жүргүзүүдө колдонулган эрежелерге жараша болот. 

2.10.9. Нак акча каражаттарына ээлик кылуу акчаны өз колу менен өткөрүп берген учурда келип чыгат. 

2.10.10. Эгерде сатуучу башка адамга бул активди анын атынан алууга жана сатууга мүмкүндүк берген учурда, мында активге ээлик кылууну айкын өткөрүп берүү ишке ашырылбаса да, активге болжолдуу ээлик кылуу таанылат, анын ичинде: 

а) банк акча каражаттарын кардардын эсебине чегерген учурда. 

б) банк нак валютаны накталай эмес валютага алмаштыруу же нак эмес валютаны нак эмес акчага айландырууга кардар менен келишим түзгөн учурда. 

в) банк (кардардын макулдугу менен) кардардын эсебинен акча суммасын алып, ошол же башка банктагы башка эсепке, башка валютада кардардын же төлөмдү алган башка жактын пайдасы үчүн чегерсе; 

г) эгерде төлөөгө каралган сумма чек берүүчүнүн эсебинде, чекте көрсөтүлгөн валютада жана банк ошол сумманы төлөө үчүн караштырып койгон болсо гана, чекти алуу ага көздөгөн ээлик кылууну тастыктайт. 

2.10.11. Эгерде ошол милдеттенме мажбурлоодон улам келип чыкса, валюталарды сатуу жана сатып алуу боюнча эки тараптуу милдеттенмеге тыюу салынат, алар валюталардын наркынын мүмкүн болуучу түшүүсүнөн улам, келип чыгуучу чыгымдардан камсыздоо максатында болсо да. Бирок бир тараптуу милдеттенмеге жол берилет. 

2.10.12. Валюталарды бир эле учурда сатууга жана сатып алууга уруксат берилбейт, анткени ал юридикалык күчтөрдөн ажыраткан төмөнкү факторлордун бирин камтыйт: 

а) сатылып алынган жана сатылган эки валютаны берүү жана алуу ишке ашырылбайт, бул валюталарды сатуу мөөнөтүн кийинкиге калтыруучу контракка алып келет; 

б) валютаны сатуу жөнүндө келишим валюталарды сатуу жөнүндө башка контракка көзкаранды болот; 

в) эки тараптын валюталарды алмаштырууга тиешелүү, өзүнөн-өзү чечилбеген эки тараптуу мажбурлоо милдеттенмесине алып келет. 

2.10.13. Эгер бүтүм валюталарды алмашууга байланыштуу болсо, кемүүчү мушарака же мудараба келишимдеринин өнөктөштөрүнүн бирине башка өнөктөштүн гаранты болушуна уруксат берилбейт. Бирок, контрактыда ошондой гарантия көрсөтүлбөсө, үчүнчү жак өз эрки менен гарант катары чыга алат. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.10.14. Эгер ал валюталарды эки тараптуу алмашуу учурунда эки карыздын төлөнүшүнө, ошондой эле орун алган карыздын толук жабылышына алып келсе, карызгердин карызы болуп саналган валюталык суммаларды алмаштырууга уруксат берилет. 

2.10.15. Банктын кардары жетиштүү суммага ээ болбой туруп валюталык алакага катышкан учурда валюталык сооданы жүргүзүүнүн уруксат берилбеген ыкмаларынын бири, валюта тооругу чөйрөсүндө иш алып барган банк тарабынан берилген кредиттерди пайдаланат жана ошол аркылуу кардарга ал төлөй алган суммадан ашкан суммадагы бүтүмгө аралашуу мүмкүнчүлүгүн берет. 

2.10.16. Кардарга ошол банк менен гана валюталык бүтүмдөргө келишүү шарты менен займ берүүгө банкка уруксат берилбейт. Эгерде мындай шарт каралбаса, шариат займ берүүгө тыюу салбайт. 

2.11-глава Төлөм карттары 

2.11.1. Банкка төмөнкү шарттарды төлөм карттарын чыгарууга уруксат берилет: 

а) карт ээси зарыл болгон сумманы өз убагында төлөбөгөн учурда пайыздарды төлөбөйт; 

б) банк карт ээсин гарантия катары депозитти салууга милдеттендире алат жана бул сумма карт ээси тарабынан сарпталбашы керек. Банк бул сумманы мудараба келишиминин шарттарына ылайык карт ээси үчүн пайда алуу максатында инвестициялоого жана бул суммадан алынган кандай болбосун киреше мудараба контрактысынын шарттарына ылайык банк менен карт ээсинин ортосунда бөлүштүрүлө тургандыгын маалымдоого тийиш; 

в) банк карт ээсине картты Шариат тарабынан тыюу салынган максаттарда пайдалана албастыгына шарт коет жана бул шарттарды бузууга жол берген учурда банк карточканы алып кое алат. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.11.2. Сунушталган кызмат көрсөтүүлөргө ылайык нак сумманы алгандык үчүн банк өзгөрүлбөгөн төлөмдү алууга укуктуу. Бирок, нак сумма алгандык үчүн төлөм өзгөрүлбөөгө тийиш. Карттарды чыгаруу жана тейлөө үчүн төлөм өлчөмү, ошондой эле төлөм үчүн комиссиондук сыйакы өлчөмү банк тарабынан аныкталат. 

2.113. Банк кардардын эсебинде болгон суммага жараша кардарга дебиттик карт берүүгө укуктуу. 

Карт нак акчаларды алуу же банк эмитенттен башка уюмдарда валюталарды сатып алуу үчүн пайдаланылган учурларды эске албаганда, кардар карттарды пайдалануу үчүн банкка комиссия төлөөгө тийиш эмес. 

2.11.4. Карт ээси кредиттин суммасын өз учурунда кайтарып бербеген шартта пайыздарды, ошондой эле жаңыртылган кредиттик лимиттен пайдалангандык үчүн пайыздарды төлөбөй тургандыгы каралган шартта, банк кредиттик карттарды чыгарууга укуктуу. 

2.11.5. Банк төлөм катары картты кабыл алган тараптан комиссиондук төлөм кармап калууга укуктуу. Комиссиондук төлөмдөр товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга жумшалган суммадан пайыздар катары эсептелет. 

2.11.6. Банк карт ээлеринен мүчөлүк төлөмдөрдү, карттарды узартуу жана жаңылоо үчүн комиссиялык төлөмдөрдү кармап калууга укуктуу. 

2.11.7. Эгерде карт берген банк менен ошол суммага пайыздар кошуп эсептелинбей тургандыгына алдын ала макулдашылган шартта, карт ээсине каражаттардын белгиленген лимиттен ашпаган же көбүрөөк нак акчаны алуусуна уруксат берилет. 

2.11.8. Банк отелдердеги, авиакаттамдардагы жеңилдиктерге артыкчылыктуу укуктар, ресторандарда алдын ала макулдашып коюу сыяктуу шариат тыюу салбаган жеңилдиктерди берүүгө укуктуу. 

Банк карт ээсине өмүрдү шарттуу камсыздандыруу, тыюу салынган жерлерге кирүү же тыюу салынган белектерди берүү сыяктуу шариат жол бербеген артыкчылыктарды чегерүүсүнө укугу жок. 

2.11.9. Банк шариаттын ошол уюмдар үчүн алгылыктуу деп эсептелинген эрежелерин бузууга жол бербеши шартында карттар менен иш алып барууну жөнгө салуу боюнча эл аралык уюмдарга биригүүсүнө банкка уруксат берилет. 

Банкка карттар менен иш алып барууну жөнгө салуу боюнча эл аралык уюмдарга мүчөлүк төлөмдөрдү, кызмат көрсөтүүлөр үчүн ж.б. төлөмдөрдү алар пайыздык төлөмдөрдү, анын ичинде кыйыр төлөмдөрдү чегербешине чейин төлөп туруусуна уруксат берилет, мисалы кредит берүүнү көңүлгө алуу үчүн сунушталган кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү көбөйтүү учурларында. 

2.12-глава. Ишенимдүү (вадиайад аманат) жана гарантияланган түрдө (вадиайад дамана) сактоо келишимдери 

(Главанын аталышы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)) 

 

1. Вади'айад аманат келишими. 

2.12.1.1. Вади'айад аманат келишими - бул банк кардарга документтерин, баалуулуктарын, акча каражаттарын ж.б. сактоо үчүн ячейкаларды сунуштоо келишими. Алардан пайдалануу тараптардын ар бирине бирден тиешелүү болгон эки ачкыч аркылуу ишке ашырылат. 

Банк мына ушул кызмат көрсөтүү үчүн сыйакынын белгиленген суммасын алдын ала алууга укуктуу. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Вади'айад дамана келишими. 

2.12.2.1. Вади'айад дамана келишими - бул гарантиялык сактоо келишими, бул келишимдин шарттарына ылайык банк ага ишенип берилген каражаттарды тескөөгө жана аларды жайгаштыруудан пайда алууга укуктуу. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.12.2.2. Вади'айад дамана келишими боюнча кызмат көрсөтүүлөр банк тарабынан талап боюнча төлөнүүчү эсептерин ачуу жана тейлөө аркылуу сунушталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-2-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.12.2.3. Вади'айад дамана келишими боюнча тартылган каражаттарды жайгаштыруудан алынган пайдадан банк ыңгайына жараша ошол эсеп ээлерине сыйакыларды төлөп бере алат. Банк кардарга тиешелүү сыйакы өлчөмдөрүн жана аларды төлөө эрежелерин аныктоого укуктуу. Кардарга төлөнүп берилген сыйакылардын суммасы ошол мезгилдин чыгашаларында таанылат. 

2.12.2.4. Ликвиддүүлүктүн талап кылынган деңгээлин жана вади'а йад даман келишими боюнча милдеттенмелерин өз учурунда аткаруу мүмкүнчүлүгүн колдоого алуу максатында банк кассада же Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы корреспонденттик эсепте жетиштүү көлөмдөгү акча каражатын колдоп турууга тийиш. 

III бөлүк. Корутунду жобо 

3.1. Бул жобо ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык келген, ошондой эле Ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсеп жана аудитти уюштуруу уюму тарабынан бекитилген, шариат стандарттарында каралган операциялардын тизмеси, өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу толукталышы мүмкүн.