Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2012-жылдын 12-сентябрында 

№ 37/2 токтому менен 

бекитилген 

Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан банктык жеке сейфтердин кардарларга баалуулуктарды сактоо үчүн берилиши боюнча 

НУСКОО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы N 39/6, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2, 2017-жылдын 17-майындагы № 19/10, 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА), 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-8-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

I. Жалпы жоболор 

1. Бул Нускоо, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык иштелип чыккан жана мында Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан банктык жеке сейфтердин (мындан ары - сейф) кардарларга баалуулуктарды сактоо үчүн берилишинин тартиби аныкталат. 

Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына (мындан ары - банк) карата сейфтер менен иштөө ыкмасы боюнча минималдуу талаптарды аныктоо, ушул Нускоонун максаты болуп саналат. 

Банк, операциялык, юридикалык жана абройду жоготуу сыяктуу тобокелдиктерди азайтуу максатында, ал тарабынан жүргүзүлгөн операциялардын татаалдыгына жана масштабына дал келген ички контролдук жана аудит системасына ээ болууга, ошондой эле туруктуу негизде банктык сейфтердин жеке пайдаланууга берилишине жоопкерчиликтүү болгон кызматкерлерин окуудан (мисалы, инструктаж) өткөрүп турууга тийиш. 

2. Сейфтерди кардарларга жеке пайдаланууга берген коммерциялык банк, тиешелүү ички ченемдик документтерди (саясат же жол-жобо) иштеп чыгууга милдеттүү, алар банктын тиешелүү башкаруу органдары (документтин статусуна жараша Директорлор кенеши же Башкармасы) тарабынан бекитилүүгө тийиш. Банктын бул документтеринде сейфтерди берүү жана алар боюнча тиешелүү документтерди жүргүзүү тартибин жөнгө салган бардык шарттар, негизги жоболор каралууга жана макулдашылууга тийиш. Банктын ченемдик документтери Улуттук банктын ушул Нускоодо чагылдырылган талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 

3. Банкта сейфтерди жеке пайдаланууга берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө банктын тиешелүү башкаруу органы тарабынан бекитилген тарифтер болууга тийиш. 

4. Банк, кардар менен келишилген, баалуулуктарды банктык жеке сейфте сактоо келишимине ылайык, сейфтин сакталышына жана бүтүндүгүнө, баалуулуктардын коопсуздугунун, ошондой эле купуялуулугунун сакталышын камсыз кылган шарттардын түзүлүшүнө жооп берет. 

Сейфтердеги баалуулуктардын сакталышына жана алардын пайдаланылышына контролдукту камсыз кылуу максатында, сейфтер банктын акча каражаттары сакталчу жай болуп саналбаган атайын бөлүштүрүлгөн өзүнчө жайларда (мындан ары - сейф сакталчу жай) жайгаштырылууга тийиш, мында баалуулуктарды сейфте сактоонун тиешелүү шарттары каралып, видеобайкоо системалары орнотулуп жана сейфтердин пайдаланылышына контролдук камсыз кылынууга тийиш. 

Эгерде, кардардын сейфтеги баалуулуктар менен иштөө зонасы видеобайкоолор орнотулган зонага туура келип калса, банк кардарга видеобайкоо системаларынын бар экендиги тууралуу эскертүүгө тийиш. Мындай эскертүү көрүнүктүү жерге илинип коюлган кулактандыруу же стенд түрүндө болуусу зарыл. 

5. Банк, кардарга сейфти берип жаткан учурда сейфтин ичине салына тургандарды сүрөттөп жазып алууга укугу жок, ошондой эле банктын кызматкерлеринин, Башкармасынын жана Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана банк менен кардардын ортосунда түзүлгөн баалуулуктарды банктык жеке сейфке сактоо келишиминде каралган учурларды эске албаганда, эч кимисинин кардардын сейфиндегилерди алуу мүмкүнчүлүгү болбоого тийиш. 

II. Баалуулуктарды банктык жеке сейфте сактоо келишимин түзүү тартиби 

6. Сейфтерди кардардын жеке пайдалануусуна берүү банк менен кардардын ортосунда сактоо келишими (мындан ары - сактоо келишими) түзүлгөндөн кийин гана ишке ашырылат. 

Сактоо келишимин түзүү үчүн кардар кеминде төмөнкү документтерди берүүгө тийиш: 

1) жеке адамга: 

а) баалуулуктарды сейфте сактоо үчүн кардардын колу коюлган арыз, анда төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- кардардын аты-жөнү (паспортундагы маалыматтарга ылайык), кыз кезиндеги аты-жөнү (эгерде болгон болсо); 

- туулган күнү жана жери; 

- жарандыгы; 

- жашаган жана катталган жеринин толук дареги, телефону жана факстын номери, электрондук почтасынын дареги; 

- инсандыгын тастыктаган документ тууралуу маалыматы (аталышы, сериясы, документти берген орган, документ берилген күнү), жеке номери; 

- иштеген жери жана аткарган ишинин түрү

- бенефициардык ээсинин аты-жөнү

- банктын көз карашы боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына каршы келбеген башка маалыматтары; 

б) инсандыгын идентификациялоо үчүн кардардын жана ишеним каттын негизинде иш жүргүзгөн анын ишеним көрсөткөн адамынын (эгер бар болсо) инсандыгын тастыктаган документтердин түп нускасы жана алардын көчүрмөсүн алуу; 

в) кардардын ишеним көрсөтүлгөн адамына (эгер болгон болсо) сейфти ачуу үчүн берилген, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык тариздетилген ишеним каты; 

г) бенефициардык ээсинин, эгерде ал кардар болуп саналбаса, инсандыгын тастыктаган документинин көчүрмөсү

д) жеке ишкердин (жеке ишкердикти юридикалык жакты түзүүсүз эле жүзөгө ашырышкан жеке адамдар үчүн) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн колтамгасынын үлгүсү жана мөөрүнүн оттискасы бар карточкасы; 

е) ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жана жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү тууралуу фактыны тастыктаган, белгиленген формадагы документтин үлгүсү же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик каттоосуз эле ишкердик ишти жүзөгө ашырып жаткандыгы тууралуу фактыны тастыктаган документтин көчүрмөсү (жеке ишкердикти юридикалык жакты түзүүсүз эле жүзөгө ашырышкан жеке адамдар үчүн); 

2) юридикалык жакка: 

а) баалуулуктарды сейфте сактоо үчүн кол тамгалардын үлгүлөрү түшүрүлгөн карточкаларда көрсөтүлгөн жактар тарабынан кол коюлган арыз, анда төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- юридикалык жактын толук жана кыскартылган (эгер болгон болсо) аталышы; 

- юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу маалыматтары: күнү, номери, каттоодон өткөртүүчү органдын аталышы, катталган жери, жайгашкан жери, почта дареги; 

- байланыш телефондорунун жана факстарынын номерлери; 

- юридикалык жактын ишинин түрү

- бенефициардык ээсинин аты-жөнү

- банктын ыктыяры боюнча башка маалыматтары; 

б) юридикалык жактын өкүлүнүн инсандыгын тастыктаган документи (банкка түп нускасы берилет, андан көчүрмөсү алынат); 

в) кардардын ишеним көрсөтүлгөн адамына (эгер болгон болсо) сейфти ачуу үчүн берилген, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык тариздетилген ишеним каты; 

г) бенефициардык ээсин, эгерде ал кардар болуп саналбаса, инсандыгын тастыктаган документинин көчүрмөсү

д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык күбөлөндүрүлгөн, колтамгалардын үлгүлөрү жана мөөрдүн оттискасы бар карточкасы; 

е) уюмдун уюштуруучулук укуктук формасына жараша уюштуруу документтери; 

ж) банктын ыктыяры боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка документтери. 

Банк, кардар менен баалуулуктарды банктык жеке сейфте сактоо келишимин түзүү учурунда сейф менен иштөө тартибин жөнгө салган ички жол-жоболору менен кардарды тааныштырууга тийиш. Инструктаждын жүрүшүндө сейфтеги баалуулуктардын сакталышын камсыз кылуу максатында, сейф сакталчу жайда видеобайкоо жүргүзүүлөрү кардарга маалымдалууга тийиш. Эгерде кардардын сейфте сакталган баалуулуктар менен иштөө зонасы видеобайкоо жүргүзүү зонасына дал келип калса, бул тууралуу да кардарга маалымдап коюу зарыл. 

Эскертүү. Ушул Нускоо күчүнө киргенге чейин түзүлгөн жана ушул убакытка чейин колдонулуп жаткан сактоо келишими боюнча банк бенефициардык ээсинин аты-жөнү тууралуу зарыл маалыматтарды, ошондой эле эгерде ал кардар болуп саналбаса, бенефициардык менчик ээсинин (пайдага ээ болуучунун), ким экендигин тастыктаган документин көчүрмөсүн алууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы N 39/6, 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

7. Сактоо келишиминин типтүү формасы ушул Нускоонун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыгат жана банктын ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилет. 

Банктын кардары сактоо келишими боюнча өз укугун жана ыйгарым укуктарын тиешелүү тариздетүүсүз эле үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө укуктуу эмес. 

Сактоо келишиминде кеминде төмөнкү пункттар камтылууга тийиш: 

- кардардын колу коюлган, баалуулуктарды сейфте сактоо үчүн арыз көрсөтүлгөн кардар тууралуу маалымат; 

- сейфтин номери; 

- сактоо келишими түзүлгөн күн; 

- сактоо келишиминин мөөнөтү

- тараптардын, анын ичинде алар тарабынан ушул сактоо келишиминин шарттары аткарылбаган учурларда, жоопкерчиликтери жана милдеттери; 

- сейфтерди пайдаланууда келтирилген зыян үчүн банкка чыгашанын ордун толтуруп берүү жөнүндөгү шартты кошо алганда, банктын сейфтерди берүү боюнча кызматтарынын наркы; 

- кардар, банктын сейфти сунуштоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнө өз убагында төлөбөй койгондугу үчүн анын сейфти пайдалануу шарттары жана банктын бул кызмат көрсөтүүлөрүнө өз убагында төлөбөй койгондугу үчүн айыптардын өлчөмү

- сейфте сактоого тыюу салынган буюмдардын тизмеси; 

- тараптар тарабынан макулдашылган, анын ичинде сактоо мөөнөтү аяктагандан кийин кардардын келбей койгондугу үчүн сактоо келишими бузулган же форс-мажордук жагдайлар орун алган учурдагы шарттар, укуктар жана милдеттенмелер; 

- кардардын Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык тариздетилген, ишеним каттын негизинде иш жүргүзгөн ишенимдүү адамынын (эгер болгон болсо) сейфти пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө карата шарттар; 

- кардардын Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык тариздетилген, ишеним каттын негизинде иш жүргүзгөн ишенимдүү адамына (эгер болгон болсо) карата ишеним каттын реквизиттери; 

- кардар сейфтин ачкычын жоготуп же кодду унутуп койгон учурларда сейфти ачуу тартиби; 

- талаш маселелерди чечүү тартиби; 

- тараптардын кол тамгалары, ал эми эгерде кардар - юридикалык жак же жеке ишкер болгон болсо мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш; 

- жайда сейфтеги баалуулуктардын сакталышын камсыз кылуу максатында, сейф сакталчу жайда видеобайкоо жүргүзүүлөрү тууралуу маалымат; 

- кардардын сейфтеги баалуулуктар менен иштөө зонасы видеобайкоо жүргүзүлүүчү зонага туура келип калган шартта, бул тууралуу кардарга маалымдалгандыгы жана ал буга өз колтамгасын калтыруу менен макулдугун билдиргендигин белгилеп коюу зарыл; 

- банктын же кардардын ыктыяры боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка шарттар. 

8. Банк сактоо келишиминде сейфте сактоого тыюу салынган төмөнкү буюмдардын тизмесин милдеттүү түрдө көрсөтүүгө тийиш: 

- оңой тутануучу, уулуу, радиоактивдүү жана адамдын организмине жана айлана чөйрөгө терс таасирин тийгизе турган башка заттар, тамак-аш азыктары жана бузулуп кетүүчү жана мителерди чакыруучу башка буюмдар; 

- ок атылуучу куралдардын бардык түрлөрү жана алардын ок-дарылары, кылмышка колдонууга мүмкүн куралдар, жарылуучу заттар, анын ичинде массалык талкалоого пайдаланыла турган илимий-техникалык технологиялар жана жабдуулар; 

- баңги жана психотроптук заттар жана аларды колдонуу үчүн буюмдар; 

- күчтүү таасир этүүчү уулар; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык пайдалануудан алынып салынган же мамлекеттик чек ара аркылуу чыгарууга/киргизүүгө тыюу салынган башка буюмдар. 

9. Банк, кардар сейфте сактоого тыюу салынган буюмдардын тизмеси менен таанышкандыгы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ушул Нускоонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн тыюу салынган буюмдардын сейфте сакталышына жоопкерчилик толугу менен кардарга жүктөлө тургандыгы эскертилгендиги тууралуу кардардан кат жүзүндө тастыктама алууга тийиш. 

10. Банк, террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү көрүү максатында, кардарды жана анын ишеним көрсөтүлгөн адамды (эгер болгон болсо) идентификациялоо жана верификациялоо жол-жоболорун Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүүгө тийиш. Банк кардарга сейфти жашыруун түрдө жана кардарды же анын ишеним көрсөтүлгөн адамына (эгер бар болсо) идентификациялоосуз жана бенефициардык менчик ээси (пайда алуучу) жөнүндө маалыматты көрсөтүүсүз берүүгө укугу жок. 

Кардардын, анын ишеним көрсөтүлгөн адамынын, бенефициардык ээсинин операцияларында шектүү операциялар белгилери камтылса банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында, ошол жактардан операцияларына мониторинг жүргүзүү үчүн зарыл болгон кандай болбосун документтерди же маалыматтарды талап кылууга укуктуу. Мында, банк шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жөнөтүүгө милдеттүү. Кардар жогоруда аталган документтерди/маалыматтарды сунуштоого жана идентификациялоо үчүн буга чейин берилген кайсы болбосун маалыматтардын жана документтердин өзгөргөндүгү тууралуу кат жүзүндө банкка маалымдап турууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы N 39/6, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2, 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

11. Кардар документтерди толук көлөмдө сунуштабаса, же маалыматтардын анык эмес экендиги аныкталса жана ушундан улам кардарды же анын ишеним көрсөтүлгөн адамын (эгер бар болсо) идентификацшлоого мүмкүн эмес болсо, ошондой эле алардын террористтик жана экстремисттик иш-аракеттерге же массалык жок кылуу куралын жайылтууга катыштыгы бар экендиги тууралуу так маалыматтар болгон болсо анда банктын кардарга баалуулуктарды сактоо үчүн сейфти берүүдөн баш тартууга укугу бар. 

Мында банк, бул факт тууралуу билдирүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык чалгындоо органы токтоосуз жөнөтүүсү зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2, 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

12. Банк тиешелүү сактоо келишимин тариздебей туруп, кардарга сейфти берүүгө укугу жок. 

13. Сактоо келишими кардардын тандоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде кеминде эки нускада түзүлөт. Анын бир нускасы банкта калып, экинчиси кардарга берилет. 

14. Кардар менен сактоо келишими түзүлгөндөн кийин банктын жоопкерчиликтүү кызматкери төмөнкүлөрдү ишке ашырууга тийиш: 

- кардарга сейфтин ачкычын берүүгө, мында кардар сейфти колдонуу укугу чагылдырылган карточкага ачкычтын санын көрсөтүп, өз колтамгасын калтыруу менен ачкычты алгандыгын тастыктоого; 

- кардардын досьесин түзүүгө, анда банктын ал кардарга баалуулуктарды сейфте (сейфтерде) сактоо кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштагандыгына тиешелүү бардык документтер камтылууга тийиш. Досье сейфти (сейфтерди) пайдалануу кызматтардын кеңейиши боюнча башка документтер менен да толукталып туруусу зарыл; 

- кардардын сейфти пайдалануу укугун чагылдырылган Карточканы толтурууга. 

15. Сейфти пайдалануу укугу чагылдырылган Карточкада (мындан ары Карточка) кеминде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: 

- сейфтин номери; 

- кардар жана ишеним көрсөтүлгөн адамдар (эгер бар болсо) жөнүндө маалыматтар; 

- сактоо келишиминин номери жана түзүлгөн күн; 

- кардардын ачкычтын санын көрсөтүү менен аларды алгандыгын тастыктаган колтамгасы; 

- сактоо жайына кирген жана чыккан күнү жана убакыты, кардардын жана ишеним көрсөтүлгөн адамдардын жана банктын кызматкеринин колтамгасы; 

- кардарга маалымдалган күндү көрсөтүү менен сейфте сактагандыгы үчүн төлөөнүн мөөнөтү өткөрүлүп жиберилген учурлар; 

- сейфтин ачкычынын жоголгондугу тууралуу маалыматтар, эгерде аны кардар жоготуп алган болсо; 

- кардардын сейфтин ачкычын өткөрүп берген күнү жана убакыты; 

- сактоо келишиминин мөөнөтү аяктаган же кардар тарабынан мөөнөтүнөн мурда бузулган шартта, кардар сейфтин ачкычын өткөрүп берген учурда анын банкка карата доосунун жоктугун тастыктаган колтамгасы; 

- банктын, кардардын колтамгасын күбөлөндүргөн, кызматкеринин колтамгасы; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына каршы келбеген башка шарттар. 

III. Сейфти пайдалануу тартиби 

16. Банк кардарга жана/же анын ишеним көрсөтүлгөн адамына (эгер бар болсо) (мындан ары - кардар) ушул Нускоого жана кардар менен келишилген сактоо келишиминин шарттарына ылайык сейфти пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш. 

Кардардын сейфти пайдалануу мүмкүнчүлүгү банк тарабынан банктын сейфтер менен иштөө режими катары белгиленген мезгилде жүзөгө ашырылат. 

17. Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, анын ичинде банктын ички ченемдик документтеринде каралган учурларда жана тартипте, кардардын сейфти пайдалануу мүмкүнчүлүгүн токтото алат. Бул учурда, банк Карточкага тиешелүү белги коюуга милдеттүү

18. Кардарда сейфтин ачкычы (сейфке механикалык кулпу салынган болсо), анын инсандыгын тастыктаган документ жана зарылчылыгына жараша кардардын ал сейфти пайдаланууга ыйгарым укугун тастыктаган башка документтер болуп, ошондой эле тараптар тарабынан сактоо келишиминин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген шарттары аткарылган шартта гана кардар сейфти пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алат. 

19. Кардардын сейфти пайдалануу боюнча ар бир мүмкүнчүлүгү банктын жоопкерчиликтүү кызматкери тарабынан уруксат берилип, банктык жеке сейфтерден пайдаланууну каттоо Журналында (ушул Нускоонун 1-тиркемеси) жана сейф пайдаланылган күндү жана убакытты көрсөтүү менен (кардардын сактоо жайына кириши жана чыгышы), Карточкада катталууга тийиш. Мында, кардардын, анын ишеним көрсөтүлгөн адамынын колтамгасы Карточкага гана, ал эми банктын жоопкерчиликтүү кызматкеринин колтамгасы Карточкага да, Журналга да коюлат. 

20. Кардардын банктын сейф сакталчу жайга кирүү мүмкүнчүлүгү банктын жоопкерчиликтүү кызматкеринин коштоосунда жүзөгө ашырылат. 

21. Ар бир сейф төмөнкүдөй кулпу(лар) менен жабдылууга тийиш: 

- 2 механикалык ачкыч менен жабылуучу, анын бирөө кардарга берилип, экинчиси банкта калат же 

- 1 механикалык ачкыч менен жабылуучу, ал кардарга берилет, же 

- код менен ачылуучу кулпу. 

Эгерде сейфти ачууда/жабууда банктын кызматкеринин катышуусу талап кылынса, анда ал кулпуну жабык абалында каттап, сейфтин ичиндегилерди кароо учурунда ачкычты чыгарып кардарга берет. Мында, банктын ыйгарым укуктуу кызматкери жабылган сейфтин номери кардар тарабынан ачылган сейфтин номерине дал келээрин тастыктоо үчүн кардар сейфти жаап жаткан учурга катышуусу зарыл. 

22. Эгерде банктын сейфи 1 механикалык ачкыч менен ачылган кулп менен жабылса жана ал ачкыч кардарга бериле турган болсо, анда банк кардарга сейфти бергенден кийин ар бир жолу ошол кулпту алмаштырып турууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы N 39/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

23. Банктын кызматкери кардар сейфти ачып жаткан учурда сейф сакталчу жайда болбоого тийиш. Банк кардарга сейфте сакталып турган баалуулуктарды карап көрүп жатканда купуялуулукту гарантиялайт, ошондой эле сактоо фактысын кошо алганда, сейфти кардарга берип жаткан учурда алынган маалыматты да купуя сактоого тийиш. Алынган маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды эске албаганда, үчүнчү жактарга өткөрүлүп берилүүгө тийиш эмес. 

24. Кардар сейфти пайдаланып бүтүп, аны жапкандан кийин банктын жоопкерчиликтүү кызматкери кардар менен кошо баалуулуктардан унутулуп калбагандыгын текшерүү үчүн сейф ачылган жерди карап чыгууга жана кардар тарабынан сейфтин туура жабылгандыгын текшерүүгө тийиш. 

25. Банк кардардын сейфтин ачкычын сактап коюу үчүн алып коюууга жана сейф код менен ачылган учурда анын кодун билүүгө тийиш эмес. 

26. Эгерде кардар сейфтин кодун унутуп калып же ачкычын жоготуп койгон болсо, банк кардардын катышуусунда гана сейфти ачуу иш-чараларын уюштуруусу зарыл. 

27. Эгерде сейфти кардарсыз ачуу зарылчылыгы келип чыкса, анда: 

а) бул процесс үч күбө тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш: 

1) сейфтин ичиндегилерди чыгарып саноого тийиш болгон, банктын ыйгарым укуктуу кызматкери; 

2) сейфтин ичиндегилеринин эсебин алууга тийиш болгон (опись) банктын ыйгарым укуктуу кызматкери тарабынан; 

3) сейфте сакталган буюмдардын алынышын фото-видеоаппаратурага түшүргөн банктын ыйгарым укуктуу кызматкери; 

б) сейфтин ичиндеги буюмдар инвентаризацияланууга, таңгакталууга жана мөөр басылып таңылган түрүндө банктын сейф сакталчу жайда кош көзөмөлдүк алдында, бардык документтерди жана тасмаларды сактоо менен жайгаштырылууга тийиш. Ал эми сейфтеги буюмдардын сактоо мөөнөтү жана андан ары аларга карата менчик укугун алуу, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык аныкталат. 

28. Сейфте сакталган буюмдарга арест соттук актынын негизинде коюлушу мүмкүн.  

Банкта сакталып турган буюмдарга арест коюуда буюмдарды которуу боюнча бардык чыгымдоо операциялары токтотулат.  

Сейфти ачуу, тинтүү, карап чыгуу, алып чыгуу жана анда сакталган буюмдарга карата башка процессуалдык иш-аракеттер соттук актынын негизинде гана тергөө органдары тарабынан козголгон кылмыш иштери боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.  

Сейфти ачуу, тинтүү, карап чыгуу, алып чыгуу жана анда сакталган буюмдарга карата башка процессуалдык иш-аракеттер, ошондой эле аларга арест коюу банктын ыйгарым укуктуу кызматкерлеринин катышуусунда мыйзамдардын жана банктын ички документтерине ылайык ишке ашырылат. Мында, сейфте сакталган буюмдарга опись түзүлөт, ага катышкан банк кызматкерлери кол коюуга тийиш, ошондой эле сейфти ачуу, тинтүү, карап чыгуу же алып чыгуу, ошондой эле сейфте сакталган буюмдарга карата башка процессуалдык иш-аракеттер видео тасмага түшүрүлүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/10, 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-8-НПА токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

IV. Кардардын сейфти өткөрүп берүү тартиби 

29. Эгерде сейф жараксыз абалда болсо, банк ага тиешелүү түрдө белги коюп, анын кулпусун чыгарып, сейфти ачык абалда калтырууга тийиш, мында жараксыз сейфтин номери жана анын жараксыз абалда болушунун себептери банктын тиешелүү документтеринде көрсөтүлүүсү зарыл. 

30. Кардар, сактоо келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин же келишим шарттары ал тарабынан мөөнөтүнөн мурда бузулган шартта, милдеттүү түрдө Карточкага белгилөө менен сейфтин ачкычын банкка кайтарып берүүгө жана өз колтамгасын калтыруу менен төмөнкүлөрдү тастыктоого тийиш: 

- сейфте сакталган баалуулуктар толугу менен алынды; 

- баалуулуктардын сакталышы боюнча банкка доом жок. 

31. Банктын жоопкерчиликтүү кызматкери сейфти башка кардарга берүүдөн мурун, кардар кайсы бир баалуу буюмун унутуп калбагандыгын текшерүүсү зарыл. 

32. Алмаштырылуучу кулпулар жана ачкычтар "кош" контролдук алдында банктын сейф сакталчу жайда сакталууга тийиш. 

V. Сейфтерди эсепке алуу жана каттоо 

33. Кардар тарабынан сейфтин пайдаланылышына контролдук кылуу жана сунушталган сейфтердин эсебин жүргүзүү максатында, банктын жоопкерчиликтүү кызматкери кеминде айына бир жолу сейфтерге инвентаризация жүргүзүүгө жана кеминде чейрегине бир жолу сейфтерди каттоого жана алардын статусу (бош, кардарга берилген, анын ичинде жараксыз же "төлөө мөөнөтү өткөрүлгөн") боюнча отчетторду Банк Башкармасы же баалуулуктарды сактоо үчүн кардарга сейфтерди берүүгө тиешелүү маселени чечкен ыйгарым укуктуу адамдын кароосуна сунуштап турууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы N 39/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

34. Банк Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык, сейфти кардарга берүүдөн түшкөн кирешелердин эсебин жүргүзүп туруусу зарыл. 

35. Эгерде, баалуулуктарды сейфте сакталагандыгы үчүн төлөмдүн мөөнөтү өткөрүлүп жиберилген болсо, банк, Карточкага кардарга маалымдалган күндү белгилөө менен ага эскертүү жөнөтүүсү зарыл. Банктын бул иш-чаралары Карточкада "төлөө мөөнөтү өткөрүлгөн" деп чагылдырылууга тийиш. Мында, Карточкадагы маалыматтар аларды башкаларга идентификациялоо процессин жеңилдетүү максатында өзгөчөрөөк түрдө белгиленүүсү зарыл. 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын 

коммерциялык банктары тарабынан 

кардарларга баалуулуктарды 

сактоо үчүн жеке банктык сейфтердин 

берилиши боюнча 

нускоого карата 

1-тиркеме 

Жеке банктык сейфтердин пайдаланылышын каттоо 

ЖУРНАЛЫ 

Күнү 

Сейф сакталчу жайга кирген убакыты 

Сейф сакталчу жайдан чыккан убакыты 

Кардардын, анын өкүлүнүн аты-жөнү 

Сейфтин номери 

Банктын жоопкерчиликтүү кызматкеринин колтамгасы 

  

  

  

Алиева А. 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

"Петров и Ко" ААКсы