Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2009-жылдын 30-сентябрындагы  

№39/4 токтому менен  

бекитилген  

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-августундагы № 32/8, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3, 2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/8, 2017-жылдын 31-майындагы №21/10, 2022-жылдын 24-февралындагы № 2022-П-12/9-4-(НПА), 2022-жылдын 16-ноябрындагы №2022-П-12/70-1-(НПА), 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-10-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

Жобонун талаптары Улуттук банктан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууга лицензия алган коммерциялык банктарга, анын ичинде «ислам терезесине» ээ банктарга (мындан ары - банктар) таркатылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майында № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык)  

I бөлүк. Жалпы жоболор 

1.1. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык келген бүтүмдөр боюнча банк менен кардардын ортосундагы түзүлүүчү типтүү келишимдерди стандартташтыруу бул Жобонун максаты болуп саналат. 

1.2. Бул Жободо Кыргыз Республикасынын "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамда берилген аныктамалар колдонулат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

1.3. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдер төмөнкү талаптарга ылайык келүүлөрү тийиш: 

а) Шариат стандарттарына милдеттүү түрдө ылайык келүүсү

- келишимдер тараптардын пайыздык кирешелерди алуусун алдын ала кароого тийиш эмес; 

- эгерде келишим предметинин түрү, саны, ошондой эле келишим мөөнөтү боюнча аныксыздык (түшүнүксүздүк) камтылган болсо, анда ал келишим түзүлүүгө тийиш эмес; 

- кумар оюндарына, тамеки жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүгө байланышкан келишимдерди түзүүгө жол берилбейт; 

- келишимдер Шариат стандарттарында тыюу салынган алып-сатарлык мүнөзүндөгү бүтүмдөрдү алып салууну кароого тийиш; 

б) келишим түзүү эркиндиги: 

- келишим ыктыярдуу негизде түзүлүүгө тийиш. Эгерде тараптардын бирөө кандайдыр бир себептерден улам келишим түзүүгө аргасыз болсо, анда мындай келишим жараксыз деп саналат; 

в) келишим предметинин болушу: 

- келишим түзүлүп жаткан учурда келишим предмети бар болууга тийиш; 

- эгерде келечекте товар өндүрүү келишим предмети болуп саналса, анда ал келишим товардын мүнөздүү өзгөчөлөгүн так чагылдырууга жана ал даярдала турган мөөнөттү алдын ала кароого тийиш; 

г) келишимдердин укук чегинде болушу: 

- келишим шарттары үчүнчү жактын(тардын) менчик укугун бузууга тийиш эмес; 

- келишим шарттарынан келип чыккан аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына, Шариат стандарттарына каршы келбөөгө, ошондой эле коомдук тартипти жана келишим түзгөн тараптардын жарандык-этикалык принциптерин бузбоого тийиш; 

д) төмөнкүлөр милдеттүү түрдө аныкталууга тийиш: 

- келишим предмети; 

- келишим предметинин саны жана көлөмү

- келишим түзүшкөн тараптардын укуктары жана милдеттери. 

Эгерде келишим шарттарында пайда алуу каралса, анда келишим ал пайданы тараптар ортосунда бөлүштүрүлүшүн кароого тийиш. 

1.4. Банктар, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык келүүчү айрым операциялар боюнча түзүлгөн типтүү келишимдердин түрлөрүн белгиленген тартипте аныктоого укуктуу. 

1.5. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк менен келишилген типтүү келишимдердин бардык түрлөрү, белгиленген тартипте банктын Шариат кеңеши менен макулдашылууга тийиш. 

1.6. Келишим жана анын бардык тиркемелери бирдей шрифтте (өлчөмү 12) түзүлүүгө тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

1.7. Кардар, банкка бул тууралуу активди кайтарып бергенге чейинки кеминде 30 күн мурда маалымдаган шартта, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин ордун мөөнөтүнөн мурда жабууга, анын ичинде каржылоону алгандан алты ай өткөндөн кийин аны мөөнөтүнөн мурда төлөгөн болсо, ага карата айыптык санкция колдонулбайт. Чогуу жоопкерчиликтүү топтун бир катышуучусу топтун калган катышуучуларынын кат жүзүндөгү макулдугу болгон шартта гана мөөнөтүнөн мурда төлөөнү ишке ашырышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

II бөлүк. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдердин түрлөрү 

1-глава. Мудараба келишими 

1.1. Жалпы жоболор. 

1.1.1. Мудараба келишими төмөнкүчө түзүлүшү мүмкүн: 

а) эгерде, инвестор активдердин же мудариб тарабынан инвестирлениши үчүн обьекттердин тизмесин белгилөө укугуна ээ болсо, анда чектелген/атайын мудараба келишими түрүндө. Мында, инвестирленүүчү ар бир обьектке карата мудариб менен инвестордун ортосунда өзүнчө келишим түзүлөт; 

б) эгерде, мудариб сунушталган каражаттарды өз ыктыяры менен пайдаланууга укуктуу болсо, чектелбеген/жалпы мудараба келишим түрүндө

1.1.2. Мудариб менен инвестор мудараба келишиминин тараптарынан болушат. Банк инвестор катары сыяктуу эле, мудариб катары да чыга алат. 

1.1.3. Мудараба келишими үчүнчү жактарга займдарды берүүнү жана белек тартуулоого жана кайрымдуулук максаттарына жумшоого, акча каражаттардын максатка ылайыксыз пайдаланылышына тыюу салууларды алдын-ала кароого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майында № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык)  

1.1.4. Мудараба келишиминде, тараптар алардын негизинде келишимдерге кол коюуга укуктуу болгон, документтердин тизмеси милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш. 

1.2. Мудараба келишими тараптардын укуктарын жана милдеттерин алдын-ала кароого тийиш: 

1.2.1. Инвестордун укуктары жана милдеттери төмөнкүлөрдү алдын-ала кароого тийиш: 

1) келишим шарттарына ылайык иш алып барууга инвестордун милдеттенмесин; 

2) акча каражаттарын келишимде белгиленген мөөнөттө мударибге берүү боюнча инвестордун милдеттенмесин; 

3) берилген акча каражаттардын сарпталышына контролдук жүргүзүүгө инвестордун укугун; 

4) мониторинг жана консультациялар менен гана чектелип, келишим шарттарын аткаруу боюнча мударибдин күндөлүк ишине кийлигишпөөгө инвестордун милдеттенмесин; 

5) укуктук маселелерди кошо алганда, келишим шарттарын аткаруунун жүрүшүндө мударибге консультацияларды берүүгө инвестордун укугун; 

6) келишим шарттарынын мудариб тарабынан аткарылышын текшерүүгө инвестордун укугун, ушуга байланыштуу ал сурашы мүмкүн болгон кайсы болбосун отчетторду, мудариб инвесторго сунуштайт; 

7) пайданы келишимде белгиленген мөөнөттө алууга инвестордун укугун; 

8) мудараба келишиминин шарттары аткарылбаган же алгылыксыз аткарылган шартта, келишим боюнча, анын ичинде мудариб тарабынан сунушталган камсыздоонун эсебинен берилген сумманы мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүнү мударибден талап кылуу боюнча инвестордун укугун. 

1.2.2. Мударибдин укуктары жана милдеттенмелери төмөнкүлөрдү алдын ала кароого тийиш: 

1) келишим шарттарына ылайык иштөө боюнча мударибдин милдеттенмелерин; 

2) келишимдин максатына - эң көп пайда алууга жетишүү үчүн зарыл болгон бардык күч-аракеттерди жумшоого мударибдин укугун; 

3) Шариат стандарттарынын зарыл болгон талаптарын жана келишим шарттарын ошондой эле, акча каражаттарды сарптоонун финансылык тартибин сактоо максатында ишке ашырылып жаткан бизнес-долбоордун сапатына толугу менен контролдук кылууга мударибдин милдеттенмесин; 

4) келишим шарттарын аткаруунун жүрүшүндө өзү иштөөгө (анда болгон эмгек ресурстарынын катышуусу менен) мударибдин милдеттенмесин. Эгерде, келишим шарттарын аткаруу үчүн мударибдин ишинин/компетенциясынын чегинен чыгып кеткен иштерди аткаруу зарыл болгон шартта, ал тиешелүү билим деңгээлине ээ же ушул келишим боюнча иштерди аткарууга лицензиясы же уруксат берүүчү документтери бар үчүнчү тарапты тартууга укуктуу; 

5) мударибдин келишим шарттарына жана мыйзам актыларындагы талаптарга, ал эми мындай шарттардын жоктугу учурунда мурдатан колдонулуп келе жаткан ишкердик аракеттерге же адатта сунушталуучу башка талаптарга ылайык, келишим шарттарын аткарууда, ошондой эле максатка жетүү үчүн ак ниеттүү жана алгылыктуу болуп саналган ыкмада иштөөгө милдеттенмеси; 

6) мударибдин, инвестордон алган акча каражаттарды мудараба келишиминде каралган максаттар үчүн гана пайдаланууга укугу; 

7) мударибдин мудараба келишиминин аракеттенүүсү мезгили ичинде, келишим түзүшкөн тараптардын ортосунда бөлүштүрүлүүгө тийиш болгон пайданы аныктоого мүмкүндүк берген, инвестордон алынган жана келишим шарттарын аткаруу процессинде алынган акча каражаттарын (кирешени) пайдалануунун эсебин жүргүзүү милдеттенмеси. Мудариб мудараба келишиминин шарттарынын аткарылышына тиешелүү бардык сарптоолорду документалдык түрдө эсепке алууга тийиш; 

8) мударибдин келишим шарттарын аткаруунун жүрүшүндө ишкердик иштерди инвестордун катышуусуз, өз алдынча жүргүзүүгө укугу, мында мудариб мудараба келишим шарттарын натыйжалуу аткаруу максатында, инвестордон консультацияларды ала алат; 

9) мудараба келишимине ылайык сыйакыларды алууга мударибдин укугу. 

1.3. Келишим мөөнөтү

Келишимдин аракеттенүү жана аткарылыш мөөнөттөрү тараптар тарабынан аныкталат. 

1.4. Камсыздоо ыкмасы. 

Келишим, инвестордун мудариб сунуштаган каражаттарды (күрөөнү) камсыздоого алуу мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле мудариб тарабынан мыйзамга жатпаган аракеттерге, этиятсыз мамиле жасоо менен келишимди бузууга жол берилген жана анын натыйжасында чыгашага дуушар болгон шартта, чыгашаларды жабуу эсебине камсыздоо предметинен өндүрүүнү жүргүзүүгө инвестордун укугун алдын-ала кароого тийиш. 

1.5. Пайданы бөлүштүрүү же сыйакыларды төлөп берүү

1.5.1. Мудараба келишими, келишим түзүшкөн тараптардын ар биринин пайдасы, инвестор тарабынан сунушталган каражаттарды пайдалануу учурунда мудариб тарабынан алынган пайдадан үлүш түрүндө (пайыздык катышта) аныктала тургандыгы боюнча шарттарды алдын-ала кароого тийиш. 

1.5.2. Мудараба келишимине төмөнкү шарттар милдеттүү түрдө киргизилүүгө тийиш: 

1) эгерде, мудариб келишим шарттарын аткаруунун натыйжасында, пайда албай калуу менен чыгымга да дуушар болгон шартта, инвестор акча каражаттардын сунушталган суммасы өлчөмүндөё чыгымга дуушар болот, ал эми мудариб мындай жагдайларда өз эмгеги үчүн сыйакы албайт. Бул эреже, чыгымга учуроо мударибдин күнөөсүнөн улам келип чыкпаган учурларда гана колдонулат; 

2) эгерде чыгымга дуушар болуу мударибдин күнөөлүү же укукка жатпаган аракеттеринен келип чыкса, ал чыгымдардын орду мударибдин эсебинен толтурулууга тийиш. Мында, инвестор келишим боюнча берилген акча каражаттарды мударибден алган камсыздоонун эсебинен алууга, ал эми камсыздоо жетишсиз болгон шартта, анын башка мүлкүнүн эсебинен алууга укугу бар. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

1.6. Мудараба келишиминин бузулушу. 

Мудараба келишими төмөнкү учурларда бузулушу мүмкүн боло тургандыгын алдын-ала кароого тийиш: 

1) келишимдин иштөө мөөнөтү аяктаганда; 

2) келишим түзүшкөн тараптардын макулдашуусу боюнча; 

3) же келишимде каралган башка жагдайларга ылайык. 

Мудараба типтүү келишиминин үлгүсү (чектелген) ушул жобого карата 1-тиркемеде келтирилген. 

2-глава. Мурабаха келишими 

2.1. Мурабаха келишиминин жалпы жоболору. 

2.1.1. Белгилүү бир товарды же кардар кайрылган учурга карата банктын менчигинде турган товарды банк тарабынан сатып алуу жөнүндө билдирме берген банк жана кардар, мурабаха келишиминин тараптарынан болушу мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майында № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык)  

2.1.2. Банк, мурабаха келишими боюнча кардардын табыштамасы боюнча келишим предметин же кардар кайрылган учурда банктын менчигинде турган өз атынан сатып алууга жана бөлүп-бөлүп төлөп берүү шартында ага сатууга милдеттенет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майында № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык)  

2.1.3. Мурабаха келишими боюнча келишим предметин кардарга сатууда банк, келишим предметине карата менчик укугуна ээ болууга тийиш. 

2.1.4. Келишим предметине карата менчикке укук, эгер келишим шарттарында башкасы белгиленбесе, келишим предметинин баасы толугу менен төлөнгөндөн кийин кардарга өтөт. 

2.1.5. Банк сатып алуу-сатуу келишимин өз алдынча дагы, агент аркылуу да түзө алат. Банк агенти катары кардарды дайындашы мүмкүн, мында кардар банктын эсебинен, анын атынан жана тапшыруусу боюнча агенттик келишимде белгиленген шарттарда иш алып барат, анда төмөнкү шарттар камтылууга тийиш: келишимдин предмети, тараптардын жана товардын аталышы, төлөө шарттары жана мөөнөттөр, сатып алуу-сатуу операциясын тастыктаган документтер, башка шарттар. 

Кардар банктын атынан агент катары иштеген шартта, төмөнкү шарттарды сактоого тийиш: 

а) банк Сатуучуга товар үчүн акча каражаттарын агент катары иш алып барган кардардын эсебине чегербестен өзү төлөөгө тийиш. Банк акча каражаттарын агент катары иш алып барган кардарга төмөнкү учурларда гана сунуштай алат: 

- товарды сатуучу катары Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык иш алып барган жеке ишкер саналган учурда; 

- товар Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары сатылып алынган учурда. 

Мында агенттик келишимдердин алкагында агент катары кардарларга сунушталган акча каражаттардын чогуу алгандагы көлөмү Улуттук банк тарабынан белгиленет; 

б) банк сатуучудан сатуу жүзөгө ашырылгандыгы жөнүндө документ түрүндөгү тастыктоону алуусу абзел. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-августундагы N 32/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.1.6. Кардар банктын агенти катары болгон күндө да, келишим предметин сатып алуу-сатууга байланышкан бардык документтер жана контракттар банктын атынан болууга тийиш. 

2.1.7. Банк, келишим предметин товар берүүчүнүн аймагынан же берүүнүн шарттарында көрсөтүлгөн кайсы болбосун башка жерден алуусу зарыл. 

2.1.8. Банк мурабаха келишимине төмөнкү шарттарды киргизе алат: 

а) товар кардардын ээлигине өткөндөн кийин, келишим предметиндеги кандайдыр бир кемчиликтери үчүн банк жооп бербейт жана кардар компенсация алуу үчүн сунуштоочуга түздөн-түз кайрылууга укуктуу; 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майында № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык)  

б) мурабаха келишими күчүнө киргизилгенден кийин кардар келишим предметин сатып алуудан баш тарткан учурда банк, келишим предметин сатып алууга байланышкан, сатылган товардын наркындагы банктын жабылбай калган чыгашаларынын ордун толтуруу боюнча милдеттенмени кардарга жүктөө менен мурабаха келишиминин предметин үчүнчү жакка сатуу укугуна ээ. 

2.1.9. Банк мурабаха келишимин төмөнкүлөр боюнча түзүүгө укугу жок: 

а) баалуу металлдар (алтын, күмүш), кайсыл валюталары болбосун боюнча; 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майында № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык)  

б) дебитордук карыз активдердин камсыздоосу болуп саналган айланма капитал менен; 

в) милдеттенмелерди кайра каржылоодо. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.1.10. Банк, кардар төлөөлөрдү келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирген шартта, келишим предметин сатууга укугу бар. Эгерде банк, келишим предметин саткан болсо, анда кардардан мурда алынган төлөөлөрдүн орду толтурулат. 

2.1.11. Эгерде банк, кардардан камсыздоону алган шартта, кардар сотко кайрылуусуз эле карыздын ордун жабуу үчүн күрөөнү саткандыгы жөнүндө буйрууну банкка берет. 

2.2. Мурабаха келишиминде баасы жана төлөө тартиби алдын-ала каралууга тийиш. 

2.2.1. Мурабаха келишиминде келишим предметинин банк тарабынан сатууга карата баасы, сатып алуу баасынын суммасы катары тараптар жана келишим тараптарында макулдашылган баага кошулган сумма аркылуу аныктала тургандыгы жөнүндөгү шарттар каралууга тийиш. Үстөк баа төмөнкүдөй түрдө белгилениши мүмкүн: 

- бир жолку төлөнүүчү белгиленген сумма; 

- келишим предметинин өздүк наркынан үлүш. 

Үстөк бааны милдеттүү түрдө көрсөтүү жана белгилеп коюу, мурабаха келишиминин олуттуу шарттарынын бири болуп саналат. 

2.2.2. Мурабаха келишиминде келишим предмети үчүн төлөө кыска мөөнөттүү же узак мөөнөттүү негизде, утурумдук төлөмдөр менен ишке ашырылышы каралышы мүмкүн. Эгерде кардар бөлүп төлөө шартында сатылган келишим предмети үчүн кезектеги төлөмдү мөөнөтүндө төлөй албай калса, анда кардар айыптык төлөм (айыптык төлөм, туум) төлөөгө тийиш. Мында, келишим колдонулган бүтүндөй мөөнөт ичинде чегерилген айыптык төлөм өлчөмү сунушталган каржылоо суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш. Айыптык төлөм (айыптык төлөм, туум) түрүндө алынган акча каражаттары финансы-кредит мекемеси менен аффилирленбеген уюмга кайрымдуулук максаттарына багытталууга тийиш. Айыптык санкциялар жана туумдар Шариат стандарттарында каралган учурда гана колдонулат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.2.3. Мурабаха келишими боюнча сатылып алынган келишим предметинин баасына кошулган чыгашалар өзүнө төмөнкүлөрдү камтый тургандыгын алдын-ала кароого тийиш: 

- камсыздандыруу боюнча чыгашалар; 

- товар сатып алуу менен байланышкан банктын кийинки сарптоолору, ошондой эле ташып жеткирүүгө, импорттук алымдарга чыгашалар жана башка чыгашалар. 

2.2.4. Мурабаха келишиминде банк, мурда белгиленген келишимдин түзүлгөндүгүн далил катары жана анын аткарылышын камсыздоо үчүн мурабаха келишими боюнча тиешелүү төлөмдөрдүн эсебине кардардан аванс алса боло тургандыгы каралууга тийиш. 

2.2.5. Мурабаха келишимин түзүүдө, анын негизинде бүтүмдөр жүзөгө ашырыла турган бардык шарттар мурдатан белгиленүүсү зарыл, анын ичинде: 

а) банк, үчүнчү тарапка төлөөнү кошо алганда, банктын бардык чыгашаларын сатуу баасына камтуу шарты. Мында, чыгашаларга банктын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө боюнча чыгашалар камтылышы мүмкүн эмес; 

б) сатып өткөрүү баасы; 

в) үстөк баанын өлчөмү келишимдин шарттарына ылайык банк ала турган сый акы. 

Мында, сатып өткөрүү баасы же үстөк баа аныксыздыктын негизинде, мисалы, келечекте белгилүү боло турган кандайдыр бир көрсөткүчкө жараша белгилениши мүмкүн эмес. Келишим түзүүдө кардарга мурдатан белгилүү болгон көрсөткүчтөргөё жараша сатып өткөрүү баасын жана үстөк баанын суммасын белгилөөгө жол берилет. Үстөк баанын өлчөмү убактылуу факторлорго көз каранды болбойт. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.2.6. Мурабаха келишими төлөө мөөнөтү жөнүндө Банк тарабынан кардарды алдын ала кабарлаган шартта, кезектеги төлөм негизсиз кечиктирилсе, банктын мөөнөтүнөн мурда төлөөнү кардардан талап кыла турган укугун кароого тийиш. 

2.2.7. Мурабаха келишими, кардар тарабынан келишим предмети үчүн төлөө келишиминде каралган мөөнөттөн кыйла узак убакытка кечиктирилген шартта, банктын каалоосуна ылайык укугун кароого тийиш: 

а) келишим предметин жарым-жартылай төлөөнүн эсебине, эгер андай болгон болсо, кардар акыркыдан алынган акчанын ордун толтуруп берүү менен товарды үчүнчү жакка сатуу; 

б) келишим предмети толугу менен төлөнгөн учурга чейин кардардын товарга менчикке укугун тариздебөө

2.2.8. Банк тарабынан мурабаха келишими боюнча каржылоону сунуштоо мүмкүнчүлүгү үчүн комиссиялык сыйлыктар жана төлөөлөр кардардан өндүрүлбөйт. 

2.2.9. Мурабаха келишими боюнча документтерди даярдоо үчүн чыгашалар, эгерде келишимде башкасы каралбаса, банк менен кардардын ортосунда бөлүштүрүлөт. Мында, тараптардын бардык чыгашалары алардын ортосунда адилеттүү жана тараптардын ар биринин аткарган иштеринин реалдуу көлөмүн эске алуу менен бөлүштүрүлүүгө тийиш. 

2.2.10. Эгерде кардардын өтүнүчү боюнча жана анын пайдасы үчүн техника-экономикалык негиздеме түзүлсө жана кардар аны төлөөгө уруксатын берген шартта, банк кардардан акы өндүрө алат. 

2.3. Келишимди камсыздоо. 

2.3.1. Банк, мурабаха келишими боюнча милдеттенмелер кардар тарабынан тиешелүү түрдө аткарылышын камсыз кылуу максатында, акча каражаттарын же камсыздоонун башка түрлөрүн күрөөгө коюу жөнүндө кардар менен келишим түзүүгө тийиш. Күрөөгө алынган акча каражаттарын банк инвестициялай албайт, эгерде келишимде башкасы каралбаса. 

2.3.2. Күрөө катары берилген акчалай сумма кардардын билдирмеси боюнча, мурабаха келишимине ылайык товарга төлөө эсебине чегерилиши мүмкүн. 

2.3.3. Банк, мурабаха келишими боюнча бардык милдеттенмелер кардар тарабынан аткарылгандан кийин, күрөөнү кайтарып берүүгө милдеттүү

2.3.4. Банк, товарларды жүктөөдө же сактоодо алардын бузулушуна, жок кылынышына жана жоголушуна байланыштуу бардык тобокелдиктерди алып жүрөт жана күрөөнүн эсебинен алардын ордун толтурууга болбойт. 

Мурабаха типтүү келишиминин үлгүсү ушул жобого карата 2-тиркемеде келтирилген. 

3-глава. Иджара мунтахийя биттамлик келишими 

3.1. Иджара мунтахийя биттамлик келишими бул иджара келишимин камтыган келишим, ага ылайык кардар ижарага алынган мүлктү (активди) келишимге ылайык иджара мезгили аяктаганда же болбосо иджара мезгил аралыгында бара-бара сатып алууга милдеттенет. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.1.1. Иджара мунтахийя биттамлик келишими төмөнкү документтерден турат:  

- кардардын иджара келишиминин предмети боюнча билдирмеси;  

- негизги иджара мунтахийя биттамлик келишимине карата иджара келишими;  

- иджара мунтахийя биттамлик келишимине кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы; 

- иджара мунтахийя биттамлик келишими боюнча менчик укукту өткөрүп берүү убадасы.  

3.2. Келишимдин жалпы жоболору 

3.2.1. Иджара мунтахийя биттамлик келишими кардардын билдирмесинин, ошондой эле келишим түзүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн зарыл финансылык жана юридикалык документтердин негизинде банк тарабынан түзүлөт. 

3.2.2. Келишим тараптары болуп Ижарачы жана Ижарага берүүчү саналат. Кардар Ижарачынын, ал эми Банк Ижарага берүүчүнүн милдетин аткарат. 

3.2.3. Иджара мунтахийя биттамлик келишиминин предмети катары кайсы гана болбосун кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, же болбосо банктын жана Ижарачынын өнөктөш же өнөктөш эмес экендигине карабастан, алардын бөлүнбөй турган менчик үлүшүндөгү айрым активдердеги үлүшү болушу мүмкүн.  

3.2.4. Иджара мунтахийя биттамлик келишиминин предмети камсыздандырылышы мүмкүн. 

3.2.5. Иджара мунтахийя биттамлик келишиминин предмети анын коопсуздугун камсыз кылуу менен колдонулушу мүмкүн, ал эми иджара мунтахийя биттамлик келишимин аткаруудан алынган пайда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана шариат талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 

3.2.6. Иджара мунтахийя биттамлик келишиминин предметине менчик укугун өткөрүп берүү үчүн негиз болуп бул жөнүндө белекке берүү же сатуу келишиминде көрсөтүлөт, анда мүлккө менчик укугун төмөндөгү ыкмалардын бири менен өткөрүп берүү убадасы камтылган: 

1) макулдашылган акыга же ижара акысынын калган бөлүгүн прогрессивдүү төлөө аркылуу сатуу; 

2) себебин көрсөтүүсүз белекке берүү (өткөрүп берүү); 

3) бардык төлөмдөр төлөнгөндөн кийин аны белекке берүү

3.2.7. Мүлккө менчик укугун өткөрүп берүү иджара мунтахийя биттамлик келишиминен жана берилген убададан өзүнчө түзүлгөн белек кылуу же сатуу келишиминин негизинде жүзөгө ашырылат. 

3.2.8. 3.2.6-пунктта каралган ыкмалардын бири аркылуу мүлккө менчик укугун өткөрүп берүүгө убада, убада берген адам тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. Ошого карабастан убада берүү бир тарап үчүн гана милдеттүү болуп саналат, ал эми экинчи тарапка тандоо мүмкүнчүлүгү берилет. Бул өз ара убада берүүгө (милдеттендирүүгө) жол бербөө үчүн зарыл, анткени бул келишим шарттарына окшош, ал эми шариат нормаларына ылайык мындай шарттарга тыюу салынган. 

3.2.9. Келишимде форс-мажордук жагдайлар келип чыккан учурда келишимди аткаруу шарттары каралууга тийиш. 

3.3. Тараптардын укуктары жана милдеттери 

3.3.1. Ижарачынын укуктары жана милдеттери: 

1) ушул Келишимде көрсөтүлгөн шарттарда ижарага алынган мүлккө ээлик кылуу жана аны пайдалануу; 

2) мүлктү ижарага алууда Ижарага берүүчүгө карата ижаранын сапатына жана толуктугуна тиешелүү талаптарды коюу; 

3) Банктын чыгымын, ошондой эле мүлктү сатып алууга жана тариздөөгө байланыштуу бардык чыгашаларын төлөп берген шартта Келишимге кол коюлгандан тартып мүлктү өткөрүп алганга чейин ижарага алынган мүлктөн баш тартууга; 

4) Мүлктү колдонуу мөөнөтүнө, шарттарына, методдоруна жана ыкмаларына сыяктуу эле, аны күтүүгө да ак ниет мамиле кылууга;  

5) мүлктү шариат стандарттарына ылайык гана пайдаланууга, аны күтүүгө жана колдонуу эрежелерин сактоого; 

6) мындай иш-аракеттерди жүргүзүүгө ижара берүүчүдөн жазуу жүзүндө макулдук алган учурларды эске албаганда, мүлктүн бүтүндүгүнө таасир тийгизген олуттуу өзгөртүүлөрдү жүргүзбөөгө;  

7) Ижарачынын күнөөсү боюнча Ижарага берүүчүгө келтирилген зыян үчүн жооп тартат; 

8) тараптардын макулдашуусу боюнча мүлктү ижарага алуу милдеттенмесин аткаруунун гарантиясы катары белгилүү бир сумманы салуу. Ижарачы милдеттенмесин аткарбаган учурда салынган сумма зыяндын ордун жабуу үчүн гана колдонулат. Банк Ижарачы менен макулдашуу аркылуу банк жана Ижарачы ортосунда түзүлгөн мудараба келишиминин негизинде аны инвестициялоо үчүн колдоно алат. Бул сумма ижара боюнча кезектеги төлөмдөрдү төлөө эсебине кабыл алынышы мүмкүн; 

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана шарияттын талаптарын эске алуу менен Ижарага берүүчүнүн макулдугу менен ижара келишиминен айырмаланган шарттарда субижара келишимин түзүү

3.3.2. Ижарага берүүчүнүн укуктары жана милдеттери: 

1) мүлктү камсыздандырууда камсыздандыруу чыгашалары Ижарага берүүчүгө жүктөлөт, ал Ижарачы тарабынан Ижарага берүүчүгө төлөнүп берилүүгө тийиш. Эгерде мүлктү шариат стандарттарына ылайык камсыздандыруу мүмкүн болбосо, банктын шариат кеңешинин тиешелүү макулдугу болсо, мүлк адаттагы ыкмада камсыздандырылышы мүмкүн. Келишимге кол коюлгандан кийин Ижарага берүүчү Ижарачыдан белгиленген ижара акысынан ашыкча каражат талап кыла албайт, буга кечиктирилген ижара акысы үчүн айып пулду кошпогондо. Ошондой эле Ижарага берүүчү Ижарачыны Ижарага берүүчүнүн эсебинен мүлктү камсыздандыруу үчүн агент катары дайындай алат; 

2) Ижарага берүүчү Ижарачынын билдирмеси боюнча мүнөздөмөдө көрсөтүлгөн мүлктү сатып алышы же даярдашы мүмкүн; 

3) Ижарага берүүчү буга чейин иджара мунтахийа биттамлик келишими түзүлгөндүгү жөнүндө үчүнчү жакка маалымдоо жана бул тууралуу Ижарачыга 30 календардык күн мурда билдирүү менен ижарага алынган мүлктү сатышы мүмкүн. Бул учурда, келишим боюнча бардык укуктар жана милдеттер мүлктүн жаңы менчик ээсине өтөт; 

4) Ижарага берүүчү иджара мунтахийя биттамлик келишиминин предмети болгон кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү Ижарага алуучу менен макулдашуу боюнча негизги капиталдык оңдоону жүргүзөт. Ошону менен бирге, ижарага төлөө графигине келтирилген чыгымдарга ылайык өзгөртүүлөр киргизилет. Ижарачы иджара мунтахийя биттамлик келишиминин предмети болгон кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү учурдагы же мезгил мезгили менен (кадимки) техникалык оңдоону өз эсебинен жүргүзүп турууга тийиш; 

5) Ижарачы ижарага алынган мүлккө карата кандайдыр бир мыйзамсыз иш-аракеттерге же шалаакы мамилеге жол бербесе, иджара мунтахийя биттамлик келишими колдонулган учурда ижарага алынган мүлк үчүн Ижарага берүүчү жооп берет. 

3.4. Келишимдин мөөнөтү

Иджара мунтахийя биттамлик келишими төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн: 

1) өз ара макулдашуу боюнча; 

2) ижара төлөмдөрүн төлөө мөөнөтү бузулса же аны төлөө токтотулса; 

3) ижарага алынган мүлк бузулган учурда; 

4) иджара мунтахийя биттамлик келишиминин мөөнөтү бүткөндө

5) мүлктү Ижарачыга сатуу учурунда. 

Тараптардын бири каза болгон учурда иджара мунтахийя биттамлик келишиминин аракети токтотулбайт. Ижарачы каза болгон учурда анын иджара мунтахийя биттамлик келишими боюнча укуктары жана милдеттери мураскорго өтөт. Бирок ижарага алуучунун мураскорлору, эгерде иджара мунтахийя биттамлик келишиминин аткарылышы оор экендиги жөнүндө далилдерди келтирсе же мураска калтыруучу каза болгондон кийин иджара мунтахийя биттамлик келишимин түзүү зарылдыгы жок болсо, иджара мунтахийя биттамлик келишимин токтотушу мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 24-февралындагы № 2022-П-12/9-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

III бөлүк. Корутунду жоболор 

3.1. Банк өз ыктыяры менен ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн келишимге ушул жобого жана Шариат стандарттарына каршы келбеген кошумча шарттарды киргизе алат. 

  

  

  

"Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө" жобого карата 

1-тиркеме 

Мудараба келишими (чектелген/атайын) 

N _____ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

Бишкек ш. 2009-жылдын "__" ___________ 

Мындан ары "Банк" деп аталуучу, ___________________ ылайык иш алып барган ___________________________________ атынан 

____________________ бир тарап жана мындан ары "Мудариб" деп аталуучу, _____________________ ылайык иш алып барган ____________________________ атынан 

____________________ экинчи тарап, биргелешип "Тараптар" деп аталуучулар төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү

1. Келишим предмети 

1.1. Банк ушул келишимге ылайык, мударибге акча каражаттарын сунуштайт, ал эми мудариб ал каражаттарды өздүк эмгек ресурстарын колдонуп жана зарылчылык келип чыккан шартта, пайда алуу үчүн жана ушул келишимге ылайык акча каражаттарын Тараптар ортосунда бөлүштүрүү максатында, _________________ боюнча бизнес долбоорду ишке ашырууга уруксат берген зарыл болчу документтери бар башка уюмду жалдоо менен пайдаланат. 

Мудариб ____________________, ошондой эле анын компетенциясына тиешелүү бардык юридикалык жана иш жүзүндөгү аракеттерди жасоого жана ушул келишимге кол коюлган күндөн тартып ______________ өткөндөн кечиктирбестен ____________________ камсыз кылууга милдеттенет. 

1.2. Мудараба ушул келишим боюнча чектелген/атайын болуп саналат, ошол себептен Мудариб сунушталган акча каражаттарын ______________ гана жөнөтүүгөё укуктуу. 

1.3 ___________________ (бизнес-долбоордун) наркы тараптар тарабынан __________________ сом суммасында аныкталган. 

1.4. Мудараба ушул келишим боюнча ачык болуп саналат, ошол себептен Банк мударибден, эгерде ал тарабынан келишим шарттарынын бузулуусуна жол берилген болсо, сунушталган акча каражаттарын биринчи эле талап кылуу боюнча, мөөнөтүнөн мурда алууга укуктуу, мында Банк пайданын бөлүгүн талап кылууга укугу жок. 

2. Каржылоо тартиби 

2.1. Банк ушул келишимге ылайык мударибге __________________ сом суммасындагы акча каражаттарын сунуштайт. 

2.2. Мудариб Банктын катышуусу менен төмөнкүлөрдү бекитет: 

- ушул келишимге карата 1-тиркеме болуп саналган _________________, боюнча иштерди жүзөгө ашыруунун графиги; 

- ушул келишимге карата 2-тиркеме болуп саналган Тараптар тарабынан сунушталган иштерди каржылоо графиги. 

Банк, акча каражаттарын ушул келишимге карата 2-тиркеме болуп саналган иштерди каржылоо графигине ылайык, ошол графикте каралган сумманын чегинде, транш түрүндө сунуштайт. Банк тарабынан каржыланган акча каражаттарын тандоонун жалпы суммасы, ушул келишимдин 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн суммадан ашпоого тийиш. 

2.3. Банк, ар бир кийинки траншты мудариб өткөн траншты пайдалангандыгы жөнүндөгү банкты канааттандыра турган отчетун берген шартта гана сунуштайт. 

2.4. Банк, ар бир траншты мударибдин билдирмеси боюнча, акча каражаттарды анын эсебине, же мудариб менен келишимдик мамиле түзүшкөн берүүчүлөрдүн жана иш тапшыруучулардын эсебине которуу аркылуу ага сунуштайт. Ар бир билдирме Мудариб тарабынан Банкка графикте көрсөтүлгөн мөөнөткө 3 күн калганда жиберилет жана билдирмеде белгиленген акча каражаттарынын суммасы графикте белгиленген суммадан ашпоого тийиш. 

2.5. ______________________ (бизнес-долбоор) кымбаттаган шартта, __________________ (бизнес-долбоор) бүткөрүү үчүн зарыл болгон инвестициялардын графиги тараптар тарабынан кошумча келишим менен аныкталат. 

2.6. Мударибдин билдирүүсү боюнча акча каражаттарды берүүчүнүн эсебине которуу же мударибге накталай берүү, Банк тарабынан милдеттенмелердин тиешелүү түрдө аткарылышы болуп саналат. 

2.7. _________________________ (бизнес-долбоорду) ишке ашыруунун жүрүшүндө же ал аяктагандан кийин ________________ (бизнес-долбоордун натыйжалары) алган жактардан алынган акча каражаттардын 100% (жүз) пайызы, мудариб тарабынан ушул келишимдин 2.1.-пунктунда көрсөтүлгөн ошол долбоор боюнча, Банктан алынган акча каражаттардын ордун толтурууга багытталууга тийиш. Калган суммасы Келишимдин 3.1-3.2-пунктуна ылайык бөлүштүрүлөт. Мудариб тарабынан ушул пунктта көрсөтүлгөн сумманын Банкка которулушу, _____________________ (бизнес долбоордун натыйжасы) сатып өткөрүү жөнүндө келишим, мудариб тарабынан түзүлгөн күндөн кийинки 5 жумуш күнү ичинде жүргүзүлөт. 

2.8. Эгерде, келишимдин 2.7-пунктун аткарууда, 2.1-пунктка ылайык суммадагы Банк алдындагы карызы толугу менен мудариб тарабынан төлөнүп берилсе, 3.3-пунктун эске алуу менен келип түшкөн каражаттардын калган бөлүгү тараптар тарабынан _____% Банкка, ____% мударибге пропорциясы боюнча бөлүштүрүлөт. Мудариб тарабынан ушул пунктта көрсөтүлгөн суммалардын Банкка которулушу, ал _________ (бизнес-долбоордун натыйжасы) сатып өткөрүү жөнүндө келишим түзүлгөн күндөн кийинки 5 жумуш күнү ичинде жүргүзүлөт. 

3. Пайданы жана чыгымдарды бөлүштүрүү тартиби 

3.1. Келишимдин 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдөгү 2.7- жана 2.8-пункттарга ылайык төлөөлөрдү жана 3.3-пунктуна ылайык _____________ (бизнес долбоордун) кымбаттоосун эске алуу менен ______________ (бизнес-долбоордун натыйжаларынын) сатып өткөрүүдөн түшкөн акча каражаттардын суммасы мударибдин Банк алдындагы карызын төлөөгө багытталат. 

3.2. ________________ (бизнес-долбоордун натыйжаларын) сатып өткөрүүдөн түшкөн акча каражаттардын 1.2-пунктта көрсөтүлгөн, 3.1-пунктка ылайык аларды бөлүштүрүүдөн кийин калган сумма, төмөнкүдөй пропорция боюнча бөлүштүрүлөт: 

а) _______% Банкка; 

б) _______% Мударибге. 

3.3. Эгерде ушул келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн ___________ (бизнес-долбоордун) кымбаттоосу жүрсө, анда мындай кымбаттоо төмөнкү тартипте каржыланат: 

а) ___________ (бизнес-долбоорду) бүткөрүү үчүн зарыл болгон сумманын _____% Банк тарабынан инвестицияланат; 

б) __________ (бизнес-долбоорду) бүткөрүү үчүн зарыл болгон сумманын _____% мудариб тарабынан инвестицияланат. 

3.4 Эгерде ушул келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн ____________ (бизнес-долбоордун) кымбаттоосу жүрсө, тараптардын макулдашуусу боюнча акыркы сумма 3.1- жана 3.2-пункттардагы тиешелүү өзгөртүүлөр менен 2.1-пунктта кошумча аныкталат. 

3.5. 3-главага ылайык бөлүштүрүлүүгө тийиш болгон суммаларды бөлүштүрүү мудариб, ___________ (бизнес-долбоордун натыйжаларын) же анын бөлүгүн ________ чегинде сатып өткөрүү жөнүндө келишим түзгөндөн кийинки 5 күн ичинде жүргүзүлөт. 

3.6. Эгерде, келишимди аткаруунун жүрүшүндөгү чыгымдар мударибдин күнөөлүү же укукка жатпаган аракеттеринин натыйжасында келип чыккан шартта, мындай чыгымдар мударибдин эсебинен жабылат. Мында Банк, келишим боюнча мурда берилген сумманы камсыздоонун (күрөөнүн) эсебинен, ал эми ал жетишсиз болгон учурда мударибдин башка мүлкүнүн эсебинен алууга укуктуу. 

Күнөөлүү эместиги мудариб тарабынан тастыкталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Банктын укуктары жана милдеттенмелери 

4.1. Банктын милдеттенмелери: 

(а) мударибге мурда белгиленген сумманы келишимде белгиленген тартипте (2.2, 2.3, 2.4 жана 2.5-пункттар) сунуштоо; 

(б) транш боюнча алынган акча каражаттардын сарпталышына контролдук кылуу; 

(в) жалпы көзөмөлгө алуу жана консультация берүү менен гана чектелип, мударибдин келишим шарттарын аткаруу боюнча күндөлүк ишине кийлигишпөө

(г) келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн ___________ (бизнес-долбоордун натыйжалары) сатып өткөрүү баасын мудариб менен макулдашуу. Мында Тараптар, келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн ___________ (бизнес долбоордун натыйжалары), ушул келишимдин колдонуудагы мөөнөтү ичинде тараптардын өз ара макулдашкан баасы боюнча, бирок, товардын ар бир бирдиги үчүн ________ сомдон кем эмес баада сатылууга тийиш экендигине макул болушат. 

4.2. Банктын укуктары: 

(а) Банк мударибге курулуш маселелерин жана тиешелүү уюмдарды тартуу менен курулуш экспертизасы маселелерин кошо алганда, ал тарабынан ушул келишим шарттары аткарылышынын учурунда консультацияларды берүүгө укуктуу; 

(б) Банк алынган сумманын мудариб тарабынан пайдаланылышын контролдоого укуктуу; 

(в) Банк ушул келишим шарттарынын мудариб тарабынан аткарылышын текшерүүгө укуктуу, ошого байланыштуу мудариб ал тарабынан минимум талап кылынган кайсы болбосун отчетту Банкка берет; 

(г) Банк мударибге Банктын лицензиясында жана ага карата тиркемеде көрсөтүлгөн кызматтарды сунуштоого укуктуу; 

(д) Банк келишимде аныкталган сумманы келишимде белгиленген мөөнөттө алууга укуктуу; 

(е) Банк, ушул келишимдин шарттары аткарылбаган учурда, Келишим боюнча, анын ичинде күрөөнүн эсебинен сунушталган сумманы мударибден мөөнөтүнөн мурда талап кылуу укугуна ээ. 

5. Мударибдин укуктары жана милдеттенмелери 

5.1. Мударибдин милдеттенмелери: 

(а) келишим талаптарына ылайык иштөө

(б) келишимдин максатына - эң көп пайда алуу үчүн зарыл болгон бардык күч-аракеттерди жумшоо; 

(в) стандарттардын, нормалардын жана эрежелердин ж.б., зарыл болгон талаптарын, ошондой эле акча каражаттарын сарптоонун финансылык тартибин сактоо максатында _____________ (ишке ашырылып жаткан бизнес-долбоор) сапатына толук контролдук жүргүзүү

(г) келишимди аткарууда жеке өзү (анда болгон эмгек ресурстардын катышуусу менен) аракеттенүүсү. Эгерде, ишкердин иш чөйрөсүндө түптөлгөн тажрыйбасына тиешеси жок аракеттерди жасоо келишим шарттарын аткаруу үчүн зарыл болуп калган шартта, мудариб тиешелүү лицензиясы жана ушул келишим боюнча иштерди аткарууга уруксат берген документтери бар үчүнчү жактарды тартууга укуктуу; 

(д) келишим шарттарына жана мыйзам актыларындагы талаптарга ылайык, ал эми мындай шарттардын жоктугу учурунда мурдатан колдонулуп келе жаткан ишкердик аракеттерге же адатта сунушталуучу башка талаптарга ылайык, ак ниеттүү жана келишим шарттарын аткаруу, ошондой эле максатка жетүү үчүн алгылыктуу болуп саналган ыкмада иштөө

(е) Банктан алынган акча каражаттарды келишим шарттарына ылайык пайдалануу. Мудариб келишим шарттарын аткаруу учурунда, сунушталган акча каражаттарын ушул келишимде каралбаган максаттарга пайдаланууга укугу жок; 

(ж) Банктан жана ушул келишимди аткаруу процессинде алынган акча каражаттардын (пайданын) эсебин жүргүзүү, ушул келишимдин колдонуудагы мезгили ичинде келишим тараптарынын ортосунда бөлүштүрүлүүгө тийиш болгон, алынган пайданы аныктоого мүмкүндүк берет. Документалдык түрдө ушул келишимдин аткарылышына тиешелүү бардык сарптоолордун эсебин жүргүзүү. Ар бир айдын бешинчи күнүнө чейин өткөн айдагы кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчет берүү

(з) ушул келишимдин 2.3- жана 2.5-пункттарында каралган кийинки траншты турган отчетту берүү

(и) Келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн _____________ (бизнес-долбоордун натыйжалары) сатып өткөрүү баасын Банк менен макулдашуу; 

(к) ушул келишим толугу менен аткарылып бүткөнгө чейин аны бузбоо; 

(л)___________ (бизнес-долбоордун натыйжалары) сатып өткөрүү жөнүндө 3 жумуш күнү ичинде Банкка билдирүү

5.2. Мударибдин укуктары: 

(а) келишимди аткаруунун жүрүшүндөё өз алдынча, Банктын катышуусуз ишкердик иштерди жүргүзүү, ошондой болсо да мудариб келишимди натыйжалуу аткаруу максатында, Банктан консультация алууга милдеттүү

(б) ушул келишим шарттарын аткаргандыгы үчүн 3.2-пунктуна ылайык сыйакы алуу. 

6. Келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыздоо ыкмалары 

6.1. Мудариб ушул келишим боюнча милдеттенмелерди тиешелүү түрдө аткарууну камсыздоо максатында, Банкка _____________ күрөөгө берүүгө милдеттенет (мындан-ары текст боюнча "күрөөгө коюлган мүлк" же "күрөө предмети"). 

6.2. Мудариб, ушул келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбаган же тиешелүү деңгээлде аткарбаган шартта жана колдон келгис, башкача айтканда болжолдоого же четтетүүгөё болбой турган жагдайлардан улам, тиешелүү деңгээлде аткарууга мүмкүн болбогондугун далилдей албаса, анда ал жоопко тартылат. 

6.3. Эгерде, келишим шарттарын аткаруу учурунда чыгашалар мударибдин күнөөлүү же укукка жатпаган аракеттеринин натыйжасында келип чыкса, анда алар мударибдин эсебинен жабылат. Мында Банк мударибден келишим боюнча мурда берилген сумманы камсыздоонун эсебинен, эгерде ал жетишсиз болсо мударибдин башка мүлкүнүн эсебинен алууга укуктуу. 

Күнөөсүнүн жоктугу мудариб тарабынан далилденет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

7. Милдеттенмелердин бузулушу жана жоопкерчиликтер 

7.1. Эгерде ушул келишим боюнча 5.1-пунктунда каралган пунктчалардын бузулушуна жол берилген шартта, мудариб келишим боюнча милдеттенмелерин бузду деп эсептелет. 

7.2. Мударибдин күнөөсү боюнча же анын укукка жатпаган аракеттеринин кесепетинен келишим шарттарын бузууга жол берилгендиги үчүн Шариат стандарттарына ылайык айыптык төлөм өндүрүлгөн шартта, келишимдин бүтүндөй мөөнөтү ичинде чегерилген мындай төлөм өлчөмү каржылоо суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш. Айыптык төлөм түрүндө алынган акча каражаттары кайрымдуулук максаттарына багытталат. Мындай акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын банктын Шариат кеңеши контролдукка алат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

8. Келишим боюнча милдеттенмелердин токтотулушу 

8.1. Тараптардын биринин демилгеси боюнча келишимди токтотуунун тартиби. 

Келишим тараптарынын ар бири келишимдин иш жүзүндө токтотулушуна чейинки 10 күндүн ичинде, төмөнкү учурларды эске албаганда, аны бир тараптуу токтото алышат: 

(а) эгерде мудариб келишим шарттарын аткара баштаса жана ишкердүүлүк иштеринде анда каралган каражаттарды пайдалана баштаса; 

(б) эгерде Тараптар тарабынан келишимдин мөөнөтү аныкталса. 

8.2. Милдеттенмелерди токтотуу үчүн башка негиздер: 

(а) келишим шарттарынын тиешелүү түрдө аткарылбашы; 

(б) тараптардын макулдашуусу; 

(в) мудариб ага сунушталган сумманын өлчөмүндө чыгым тартса жана эгерде бардык чыгымдар мударибдин күнөөсү боюнча же анын укукка жатпаган аракеттери/аракетсизденишинен улам келип чыкса Банк ага мурда берилген сумманы толугу менен мударибдин камсыздоосунун эсебинен ордун толтурса. 

9. Келишим мөөнөтү жана аны бузуунун тартиби 

9.1. Ушул Келишим ага кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана ушул келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн __________ (бизнес-долбоордун натыйжалары) сатып өткөрүүдөн кийин жана сатып өткөрүүдөн алынган акча каражаттар банкка которулгандан кийин же кошумча келишим түрүндөгү кат жүзүндө таризделген тараптардын макулдашуусу боюнча өз ишин токтотот. 

Ушул Келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн ______________ (бизнес долбоор) сатып өткөрүү _____________ (бизнес-долбоор) аяктаган күндөн тартып ____ айдан ашпаган мезгил ичинде жүзөгө ашырылууга тийиш. 

9.2. Банктын ушул Келишим боюнча кайсы болбосун укугун жүзөгө ашырууга же коргоого жөндөмсүздүгү же алардын кечиктирилип жүзөгө ашырылышы же болбосо мударибге каршы чыгышы мүмкүн болгон соттук коргоонун кайсы болбосун каражатын жүзөгө ашырууга же талап кылууга жөндөмсүздүгү же мындай каражаттарды жүзөгө ашыруунун жана талап кылуунун кечиктирилиши, ал укуктарга же соттук коргоого зыян келтирбейт жана алардан баш тартуу катары түшүнүүгө болбойт. 

9.3. Келишим Мударибдин демилгеси боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулган шартта ал ушул келишимдин 2.1, 2.2 жана 2.5-пункттарын эске алуу менен ошол күнгө карата банк тарабынан инвестицияланган сумманы банкка кайтарып берип, ________________ сом өлчөмүндө айыптык төлөм төлөйт. Мында келишимдин бүтүндөй мөөнөтү ичинде чегерилген мындай төлөм өлчөмү каржылоо суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш. Айыптык төлөм түрүндө алынган акча каражаттары кайрымдуулук максаттарына багытталат. Мындай акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын банктын Шариат кеңеши контролдукка алат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

10. Күтүлбөгөн жагдайлар (Форс-мажор) 

10.1. Эгерде Келишим боюнча кайсы бир милдеттенмелер аткарылбашы жана өз убагында аткарылбашы, күтүлбөгөн жагдайлар (форс-мажор) менен шартталса жана ал ыйгарым укуктуу мамлекеттик же административдик органдар тарабынан кат жүзүндөё тастыкталса, алардын аткарылбашы же өз убагында аткарылбашы учурунда Тараптардын бири да жоопкерчилик тартпайт жана келип чыккан чыгашалардын ордун толтурууга же албай калган кирешелер үчүн компенсацияларды талап кылууга укуктары жок. 

Мындай тастыктоону алуу мүмкүн эмес шартта, форс-мажордук жагдайлардын орун алышын далилдөө милдети, бузууга жол берген тарапка жүктөлөт. 

10.2. Форс-мажордук жагдайлар: жаратылыш кырсыктары (сел, жер титирөө, бороон, өрт жана башка жаратылыш жана техникалык кырсыктар), эпидемиялар, согуш аракеттери, диверсиялар. 

Мындай жагдайларда келишим боюнча кайсы бир милдеттенмени аткарбаган же өз убагында аткарбаган Тарап, экинчи Тарапка форс-мажордук жагдайлардын башталгандыгы жана алардын кесепеттери жөнүндө токтоосуз билдирүүгө (башка Тарапка билдирүү же форс-мажордук жагдайларга тиешелүү маалыматтарды жөнөтүү менен) жана көрсөтүлгөн жагдайлардан улам келип чыккан кандай болбосун терс натыйжаларды кыйла чектөө максатында, мүмкүн болгон бардык чараларды кабыл алууга милдеттүү

10.3. Эгерде милдеттенмелерин аткарууга форс-мажордук жагдайлар тоскоол болгон Тарап, 10 күндүк мөөнөттө бул тууралуу башка Тарапка билдирбесе, анда ошол Тарап, бул жагдайлардын ёөзү башка Тарапка кабарлоого мүмкүндүк бербеген учурларды эске албаганда, белгиленген жагдайларга форс-мажор катары таянуу укугунан ажырайт. 

10.4. Эгерде форс-мажордук жагдайлар, Тараптардын Келишим түзүүсүн шарттаган максаттарын олуттуу жана орду толбос зыянга учуратуучу мүнөзгө ээ болсо же кайсы бир Тараптын келишим боюнча милдеттенмелерин аткаруусу катары менен алты айдан ашык мезгил ичинде өзгөчө кыйынчылыкка дуушар болсо, анда мындай жагдай башталгандан тартып бир ай ичинде же ошол жагдайлардан улам алар милдеттенмелерин алты ай бою аткара албаган шартта, Тараптар Келишимдин андан аркы тагдыры жөнүндө биргелешип чечим кабыл алуулары тийиш. 

11. Жөнгө салуучу мыйзам актылары жана талаш-тартыштарды жөнгө салуу 

11.1. Ушул Келишим Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык жөнгө салынат жана түшүндүрүлөт. 

11.2. Ушул Келишим тараптарынын ортосунда келип чыгышы мүмкүн болгон кандай болбосун пикир келишпестиктер жана ушул келишимден келип чыккан, тараптардын макулдашуусу аркылуу жөнгө салынбаган бир тараптын башка бир тарапка койгон талабы, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык соттук тартипте чечилет. 

12. Билдирүүлөр 

12.1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

12.2. Келишим үч нускада түзүлгөн жана кол коюлган, бирөө нотариалдык конторага жана тараптардын ар бирине бирден. Ушул Келишимдин эки тараптын тең колтамгасы коюлган тексттеринин бардык нускалары бирдей юридикалык күчкө ээ. 

12.3. Келишимге карата бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор кат формасында кошумча келишим түрүндө түзүлөт жана аларга тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн колтамгасы коюлууга тийиш. 

12.4. Ар бир тарап ушул Келишим боюнча берүүсү талап кылынган кайсы болбосун билдирүү же суроо-талап, кезектеги тастыктоосу менен кат жүзүндө болууга тийиш. Кайсы болбосун билдирүү же суроо-талап колдон-колго өткөрүүдөё почта же башка байланыш каражаттары (телефакс, электрондук почта ж.б.) аркылуу 12.6-пунктта көрсөтүлгөн дарекке же бул билдирүүнү же суроо-талапты жөнөткөн тарап белгилеген дарекке жөнөтүлсө, анда алар тиешелүү түрдө тапшырылган же аткарылган катары саналат. 

12.5. Бул Тараптар ушул Келишимдин шарттары менен таанышкандыгын жана макул экендигин тастыктайт. 

12.6. Жогоруда келтирилген 12.4-статьяда көрсөтүлгөн максаттарга жетүү үчүн тараптар төмөнкү даректерди сунушташкан: 

  

Банк: 

  

Мудариб: 

Паспорт:___________________ 

берилген ______________________ 

ИИМ ________ N _____ каттоо номери менен жеке ишкердин катталгандыгы тууралуу күбөлүк ОКПО _________________ ______________________  

Дареги боюнча жашайт 

  

Башкарманын Төрагасы  (же ишеним көрсөтүлгөн) 

___________________________ 

___________________________ 

(колтамга, мөөр) 

  

___________________________ 

___________________________ 

(колтамга, мөөр) 

  

  

  

"Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө" жобого карата 

2-тиркеме 

Мурабаха келишими 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

Бишкек ш. 2009-жылдын "__" _________ 

___________________ ____________________ ылайык иш алып барган __________________________ атынан, мындан ары "Банк" деп аталуучу бир тарап жана мындан ары "Кардар" деп аталуучу, ____________________________ ылайык иш алып барган __________________________ атынан _______________ экинчи тарап, биргелешип "Тараптар" деп аталуучулар 

Кардардын буйрутмасы боюнча Банк ал үчүн ________________________ (товар сатуучу) 

төмөнкү товарларды (мындан ары текст боюнча-товар) алып берүү аркылуу: 

________________________________ 

                  (товардын аталышы) 

________________________________ 

                         (товардын саны) 

________________________________ 

________________________________ 

________________________________ 

(товардын башка мүнөздөмөлөрү

ислам принциптери боюнча каржылоону алууга жана бул Товарларды Банк кардар мурабаха келишими боюнча андан ары сатуусуна билдирме менен Банкка кайрылган, 

жана Тараптар алдын ала өз ара кат алышышкан, анда, бул Товарды Банк кардар андан-ары мурабаха келишими боюнча сатуусу үчүн, кардар Банкка Товарды сатып алууну сунуш кылган жана Банкка товарды мурабаха келишими аркылуу сатып алууга сөз берген, 

ал эми Банк, бул сунушту кабыл алган жана ал Товарды кийинчерээк мурабаха келишими боюнча кардар сатуу үчүн кардардын буйрутмасы боюнча Товарды сатып алууга милдеттенген, 

төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү

1. Банк ушул келишим тартибине жана шарттарына ылайык Товарды сатат, ал эми кардар ушул Келишимдин 5-пунктунда көрсөтүлгөн Товардын сатууга карата баасы боюнча бөлүп-бөлүп төлөп берүү шартында сатып алат. Мында Банк, Товардын баасы толугу менен төлөнгөнгө чейин кардардын финансылык абалын текшерип туруу укугун өзүнө калтырат. 

2. Ажыратылуучу товар менчик катары Банкка тиешелүү болот жана ал азыркы учурга чейин эч кимге сатылган эмес, белекке берилген эмес, күрөөгө коюлган эмес, ижарага берилген эмес, кайтарымсыз пайдаланууга берилген эмес, талаш-тартышта, пайдаланууга тыюу салынууда (камакта) турбайт жана үчүнчү жактын укугу чегерилген эмес. 

3. Ажыратылуучу товар ______________ учурдан тартып _____ күндүн ичинде, Банк тарабынан Кардарга кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча өткөрүлүп берилет. 

Товарды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына Тараптардын колу коюлган учурдан тартып, Товардын капилет кыйроого учурашы же бузулушу, ошондой эле анын сакталышы жана кармалышына байланышкан бардык тобокелдиктер Кардардын жоопкерчилигине өтөт, бул учурдан тартып Банк Товардын абалына жана сакталышына жооп бербейт. 

4. Кардар, товарды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол коюу менен сатылып алынган товардын сапатына жана абалына өзүнүн макулдугун билдирет. Кардар товарды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол койбой койгон шартта, Банк ушул келишим шарттарын аткаруудан баш тартууга, аны бир тараптуу бузууга, андан кийин Товарды үчүнчү жакка сатууга жана күрөө жөнүндө келишимге ылайык белгилүү бир тартипте күрөөгө коюлган мүлктөн өндүрүүнү жүргүзүүгө укуктуу. 

5. Тараптардын макулдашуусу менен Товарды сатуу баасы ________ сом өлчөмдө аныкталган, алардын ичинен: 

а) _________________________ сом - Банк тарабынан ажыратылган Товардын сатылып алынган баасы; 

б) _________________________ сом - Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган алымдардын, салыктардын жана жыйымдардын Банк тарабынан төлөнгөн суммасы; 

в) _________________________ сом - Банк тарабынан Товардын сатылып алынышына жана ушул келишимдин түзүлгөндүгүнө байланыштуу келип чыккан Банктын чыгашаларынын суммасы; 

г) _____________________________ сом - үстөк баанын суммасы. 

6. Кардар тарабынан Банкка Товардын баасын бөлүп-бөлүп төлөп берүү шарты менен ушул Келишимге Тараптардын колу коюлган учурдан тартып ______ ай ичинде, үзгүлтүксүз төлөө аркылуу төлөө графигине ылайык жүргүзүлөт. Кардар ушул келишим боюнча төлөө графигине ылайык, Банктын кассасына накталай акча менен же Банктын эсебине ай сайын которуу аркылуу төлөмдөрдү киргизет. Мында, акыркы эсептешүү 200_ "__" _________ кечиктирилбестен жүргүзүлөт. 

7. Тараптар акыркы эсептешүү жүргүзүлгөн учурдан тартып, бири-бирине доосун артышпайт. Мында Тараптарга, эгерде алардын ортосунда талаш-тартыш келип чыкса, Товардын ушул келишимде көрсөтүлгөн баасы баштапкы баа болуп саналаары билдирилген. 

8. Кардардын ушул келишим боюнча милдеттенмелеринин тиешелүү түрдө аткарылышы, келишим Тараптарынын жана _______________ (мындан ары текст боюнча - "Күрөө жөнүндө келишим") ортосунда түзүлгөн ____________ N ____ күрөө жөнүндө келишим менен камсыз болот. 

9. Кардар тарабынан ушул келишимде каралган милдеттенмелердин аткарылбашы же тиешелүү түрдө аткарылышы камсыз болбогон учурда Банк, күрөө жөнүндө келишимге ылайык белгилүү бир тартипте күрөөгө коюлган мүлктөн өндүрүүнү жүргүзүүгө укуктуу. 

10. Келишим Тараптардын колу коюлган учурдан тартып күчүнө кирет. 

Товарга менчикке укук Тараптар тарабынан Товарды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол коюлган учурдан тартып, Банктан кардарга өтөт. 

11. Кардар бөлүп төлөө шартында сатылган товар үчүн кезектеги төлөмдү графикте белгиленген мөөнөттө төлөбөгөн шартта, ал карыздын суммасынан ______% өлчөмдө айыптык төлөм төлөйт. Мында келишимдин бүтүндөй мөөнөтү ичинде чегерилген мындай төлөм өлчөмү каржылоо суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш. Айыптык төлөм түрүндө алынган акча каражаттары кайрымдуулук максаттарына багытталат. Мындай акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын банктын Шариат кеңеши контролдукка алат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 24-февралындагы № 2022-П-12/9-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

12. Келишимдин мазмуну Тараптарга түшүндүрүлгөн, келишимдин бардык шарттары менен Тараптар таанышышты жана макул болушту. 

13. Тараптар кол коюу үчүн ушул келишим даярдалган тилде сүйлөй алышаарын, жөндөмдүүлүктөрүн жоготуша электигин, ушул келишимдин маңызын түшүнүүгө жолтоо болуучу оорулардан алыс экендиктерин, ошондой эле 

өзүлөрүн пайда алып келбеген бүтүмдөргө келишүүгө мажбурлаган жагдайлардын жок экендигин тастыкташат. 

14. Ушул келишимди түзүүгө байланышкан бардык чыгашаларды 

__________________________________________ көтөрөт. 

15. Келишимде каралган бардык тиркемелер анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат (тиркелет). 

16. Келишим __________ тилде, Тараптардын ар бирине бирден, 2 нускада түзүлгөн. Бардык нускалар бирдей юридикалык күчкө ээ. 

Колтамгалар: 

1. _______________________________ 

2. _______________________________ 

 

«Ислам банк иши жана  

каржылоо принциптерине ылайык 

түзүлүүчү типтүү келишимдерге 

талаптар жөнүндө» жобого карата 

3-тиркеме 

 

КАРДАРДЫН иджара мунтахийя биттамлик келишиминин предмети боюнча 

БИЛДИРМЕСИ 

_____________________________________ төмөнкү мүлктү иджара келишими боюнча төмөнкү шарттарда сатып алууну жана өткөрүп берүүнү суранат:  

Иджара келишиминин предмети жөнүндө маалымат 

Келишим предметинин аталышы (маркасы, модели ж.б.)  

 

Наркы 

 

Саны 

 

Келишим предметинин кардар үчүн зарыл болгон башка маанилүү мүнөздөмөлөрү  

 

Келишим предметинин абалы (жаңы же колдонулган) 

 

Иджара келишиминин предметин берүүчү/сатуучу жөнүндө маалымат 

 

 

Келишимдин шарттары 

 

 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

Иджара келишимине билдирме берилген күн 2021-жылдын «__» ____________  

 

____________________ 

(кол тамгасы) 

 

Негизги иджара мунтахийя биттамлик келишимине карата 

ИДЖАРА КЕЛИШИМИ 

 

____________ шаары 20___-жылдын «____» ___________  

 

 

Мындан ары «Банк» деп аталуучу, __________________________________________ атынан ______________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________негизинде иш алып барган ____________________________________ бир тараптан, жана  

мындан ары «Ижарачы» деп аталуучу, _____________________________________________ атынан ____________________________________________________________________ негизинде иш алып барган _______________________________________________________ 

экинчи тараптан, биргелешип «Тараптар» деп аталуучулар, төмөнкүлөр жөнүндө ушул иджара мунтахийя биттамлик келишимин түзүштү

 

1. Келишим предмети 

 

1.1. Ушул келишимге ылайык Ижарага берүүчү ижарачынын билдирмеси боюнча ___________________________________________________________ сатуучудан ___________________ (мындан ары - мүлк) менчигине сатып алат жана аны акы төлөө негизинде Ижарачыга убактылуу ээлик кылууга жана макулдашылган мөөнөт ичинде пайдаланууга берет. 

1.2. Ижарага берүүчү Ижарачыга: ___________________________________________ максатта пайдалануу үчүн ___________________________________ берет. 

1.3. Мүлктүн Ижарачыга берилип жаткан учурдагы мүнөздөмөсү Өткөрүп берүү актысында (1-тиркеме) көрсөтүлөт. 

1.4. Ижара акысы келишим түзүлгөн учурдан тартып милдеттүү түрдө төлөнүүгө тийиш. Ижарага берүүчүнүн ижара төлөмдөрүн алуу укугу өткөрүп берүү-кабыл алуу актына кол коюлгандан кийин жана Ижарачы мүлктү пайдалана баштаган учурдан тартып же Ижарага берүүчү Ижарачыга мүлктү пайдаланууга берген учурдан тартып келип чыгат. Ижарачы ижара боюнча төлөмдөрдү ушул келишимдин 1.6-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө төлөөгө милдеттенет.  

1.5. Келишим предмети ушул келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин Ижарага берүүчүнүн жеке менчиги болуп саналат, ал эми Ижарачы мүлктү пайдалануучу болуп эсептелет.  

1.6. Мүлктү ижарага берүү мөөнөтү 20 ___- жылдын «__» ___________ баштап 20 ___- жылдын «__» ___________ чейин белгиленет. 

 

2. Тараптардын укуктары жана милдеттери 

 

2.1. Ижарачы төмөнкүлөргө укуктуу: 

2.1.1. Ушул келишимде көрсөтүлгөн шарттарда ижара мүлкүнө ээлик кылууга жана пайдаланууга. 

2.1.2. Ижарага берилген мүлктү кабыл алуу учурунда анын сапатына жана толуктугуна байланыштуу талаптарды Ижарага берүүчүдөн талап кылууга. 

2.1.3. Ижарага алынган мүлктү келишимге кол коюлган учурдан тартып Ижарага берүүчүгө мүлктү катоого байланышкан чыгымдардын ордун толтурган шартта пайдаланууга алганга чейин алуудан баш тартууга. 

2.2. Ижарачы төмөнкүлөргө милдеттүү

2.2.1. Мүлктү колдонуу мөөнөтүнө, шарттарына, методдоруна жана ыкмаларына сыяктуу эле, аны күтүүгө да ак ниет мамиле кылууга. 

2.2.2. Мүлктү шариат стандарттарына ылайык гана пайдаланууга, аны күтүүгө жана колдонуу эрежелерин сактоого. 

2.2.3. Мындай иш-аракеттерди жүргүзүүгө ижара берүүчүдөн жазуу жүзүндө макулдук алган учурларды эске албаганда, мүлктүн бүтүндүгүнө таасир тийгизген олуттуу өзгөртүүлөрдү жүргүзбөөгө.  

2.2.4. Ижарачынын күнөөсү боюнча Ижара берүүчүгө келтирилген зыян үчүн жооп берүүгө

2.2.5. Тараптардын макулдашуусу боюнча мүлктү ижарага алуу милдеттенмесин аткаруунун гарантиясы катары белгилүү бир сумманы салуу. Ижарачы милдеттенмесин аткарбаган учурда салынган сумма зыяндын ордун жабуу үчүн гана колдонулат. Ижарага берүүчү Ижарачы менен макулдашуу аркылуу Ижарага берүүчү жана Ижарачы ортосунда түзүлгөн мудараба келишиминин негизинде аны инвестициялоо үчүн колдоно алат. Бул сумма ижара боюнча кезектеги төлөмдөрдү төлөө эсебине кабыл алынышы мүмкүн. 

2.2.6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана шарияттын талаптарын эске алуу менен Ижара берүүчүнүн макулдугу менен ижара келишиминен айырмаланган шарттарда субижара келишимин түзүү

2.3. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу: 

2.3.1. Ижарага берүүчү мүлккө карата менчик укугун Ижарачыга өткөрүп бергенге чейин мүлккө менчик укугуна ээ болууга. 

2.3.2. Ушул келишим боюнча өзүнүн бардык укуктарын жана милдеттерин тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү ижара мунтахийя биттамлик келишимин милдеттүү түрдө түзүү менен тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча үчүнчү жакка өткөрүп берүүгө

2.3.3. Ушул келишимге ылайык, келишимдин мөөнөтү бүткөнгө чейин каалаган убакта ижарага берилген мүлктүн максаттуу пайдаланылышын текшерүүгө

2.3.4. Эгерде Ижарачы банктын шариат кеңеши тарабынан колдоого алынган ички саясатына ылайык, сумма кайрымдуулук максатына жумшалат деп көрсөтүү менен ижара акысын негизсиз кечиктирсе, белгиленген ижара акысынан ашык сумманы же белгиленген суммадан кошумча үлүш алууга.  

2.3.5. Ижарачыдан ижара төлөмдөрүнүн кийинки бөлүгөн негизсиз кечиктирген учурда, Ижарачыга төлөө мөөнөтү жөнүндө эскерткен шартта, мөөнөтү өтүп кеткен ижара төлөмдөрүн төлөөнү талап кылууга. 

2.4. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү

2.4.1. Ушул келишимде көрсөтүлгөн шарттарда Ижарачыга мүлктү берүүгө

2.4.2. Ижарачы бардык милдеттенмелерин аткаргандан кийин ага мүлктү өткөрүп берүү үчүн мүлккө карата менчик укугун тастыктаган документтердин түп нускасынын толук сакталышын камсыз кылууга. 

2.4.3. Ижарачынын кат жүзүндө кайрылуусунун негизинде эсеп көчүрмөсүн берүүгө

2.4.4. Иджара мунтахийя биттамлик келишиминин предмети болгон кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү Ижарачы менен макулдашуу боюнча негизги капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүгө. Бул учурда, ижара төлөө графигине келтирилген чыгымдарга ылайык өзгөртүүлөр киргизилет. 

2.4.5. Эгерде Ижарачы ижарага алынган мүлккө карата кандайдыр бир мыйзамсыз аракеттерди же шалаакы мамиле жасабаса, ижарага алынган мүлк үчүн келишим бүткөнгө чейин жооп берүүгө

 

3. Ижараны камсыздоо 

 

3.1. Кардардын ушул келишим боюнча милдеттенмелерин талапка ылайык аткаруу ушул келишимдин тараптары ортосунда түзүлгөн _______________________ № _____ күрөө жөнүндө келишим менен камсыз кылынат. 

3.2. Карызды, башка жыйымдарды толугу менен жана өз убагында төлөө, ошондой эле ушул келишим боюнча Ижарачынын башка милдеттенмелеринин талаптагыдай аткарылышы күрөө менен камсыздалат. 

3.3. Ижарачы ушул келишимде каралган милдеттенмелерди аткарбаса же талапка ылайык аткарбаса, Ижарага берүүчү күрөө келишиминде белгиленген тартипте күрөөгө коюлган мүлктүн эсебинен өндүрүп алууга укуктуу. 

 

4. Келишим боюнча милдеттенмелерди токтотуу жана талаш маселелерди чечүү тартиби 

 

4.1. Талаш маселелер жана пикир келишпестиктер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат. Талаш маселелерди тараптардын макулдашуусу боюнча чечүү мүмкүн болбосо, алар белгиленген тартипте сот органдарына өткөрүлүп берилет. 

4.2. Бул келишим төмөндө көрсөтүлгөн учурларда токтотулушу мүмкүн: 

1) өз ара макулдашуу боюнча; 

2) ижара төлөмдөрүн төлөө мөөнөтү сакталбаса же төлөө токтотулган учурда; 

3) ижарага алынган мүлк бузулган учурда; 

4) иджара мунтахийя биттамлик келишиминин мөөнөтү бүткөн учурда; 

5) мүлк Ижарачыга сатылганда. 

 

5. Ал жеткис күч жагдайлары (форс-мажор) 

5.1. Эгерде Ижарачы бул келишим боюнча милдеттенмелерин суу ташкындары, өрт, жер титирөө жана башка табигый же техногендик кырсыктар, ошондой эле аскердик аракеттер, блокада, мамлекеттик органдардын аракети, өзгөчө кырдаалдын киргизилиши, массалык баш аламандыктар ж.б. натыйжасында аткарбаса же талаптагыдай аткарбаса, Ижарачынын ушул келишим боюнча милдеттенмелери токтотулбайт жана аткаруу мөөнөттөрү банктын макулдугу менен мындай жагдайлар орун алып турган учурга жараша кийинкиге жылдырылышы мүмкүн. 

5.2. Эгерде тараптар ал жеткис күч (форс-мажордук) жагдайларынан улам ушул келишим боюнча милдеттенмелерин аткара албай же талаптагыдай аткара албай калса ал боюнча жоопкерчиликтен бошотулат, мындай ал жеткис күч жагдайлары ыйгарым укуктуу мамлекеттик же административдик орган тарабынан жазуу жүзүндө тастыкталат.  

Эгерде мындай тастыктоону алуу мүмкүн болбосо, форс-мажордук жагдайды далилдөө милдети бузууга жол берген тарапка жүктөлөт. 

5.3. Форс-мажордук кырдаалдарга төмөнкүлөр кирет: табигый кырсыктар (суу ташкыны, жер титирөө, өрт жана башка табигый же техногендик кырсыктар), эпидемиялар, тиешелүү аймакка согуш абалынын киргизилиши, массалык баш аламандыктар. 

Бул учурларда, келишим боюнча кандайдыр бир милдеттенмелерди аткарбаган же өз убагында аткарбаган тарап форс-мажордук кырдаалдардын орун алгандыгы жана алардын кесепети жөнүндө экинчи тарапка жазуу жүзүндө дароо билдирүүгө жана аталган жагдайлардын кесепетинен келип чыккан терс натыйжаларды максималдуу чектөө максатында бардык чараларды көрүүгө милдеттүү

 

6. Корутунду жоболор 

6.1. Ижарачы бул келишимдин мазмуну менен таанышып чыккандыгын тастыктап, анда көрсөтүлгөн бардык шарттарды кабыл алат, ошондой эле Ижарага берүүчүдөн милдеттенмелерди аткарбоонун же талаптагыдай аткарбоонун кесепети жөнүндө түшүндүрмө алгандыгын тастыктайт. 

6.2. Бул келишим тараптар кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана Ижарачы ушул келишим боюнча бардык милдеттенмелерин толук аткарганга чейин күчүндө болот. 

6.3. Бул келишим ___ нускада, тараптардын ар бири үчүн түзүлдү. Тараптар кол койгон ушул келишимдин текстинин бардык нускалары бирдей юридикалык күчкө ээ. 

6.4. Бул келишимге киргизилген бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор тараптар кол койгон кошумча келишим менен таризделет жана ушул келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Ошол эле учурда бул келишимге киргизилген бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына, ошондой эле шариат эрежелерине жана принциптерине каршы келбөөгө тийиш. 

6.5. Тараптар ушул келишимге ылайык өз милдеттенмелерин аткаргандан кийин, бири-бирине дооматы болбойт.  

6.6. Бул келишимдин тиркемелери анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 

 

1. Тараптардын реквизиттери жана кол тамгалары 

Ижарага берүүчү 

Ижарачы 

 

 

 

 

 

 

______________________(кызмат орду) 

 

______________________ (аты-жөнү

 

_____________________ (кол тамга, мөөр) 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

20__-жылдын «____» ___________ № __ иджара келишимине карата 

 

 

1-тиркеме 

Ижара мунтахийя биттамлик келишимине кабыл алуу-өткөрүп берүү 

АКТЫСЫ 

 

Биз, төмөндө кол койгондор, ____________ атынан бир жагынан жана ____________ атынан экинчи жагынан, банк төмөнкүлөрдү өткөрүп бергендиги, ал эми Ижарачы кабыл алгандыгы тууралуу ушул актыны түздүк: 

 

Катар № 

Жабдуунун/мүлктүн аталышы 

Жабдуунун/мүлктүн сыпатталышы 

Саны 

Эскертүү 

 

 

 

 

  

  

Бул акт 20__-жылдын «____» __________ эки нускада, тараптардын ар бири үчүн бирден нускада түзүлгөн. 

1. Тараптардын реквизиттери жана кол тамгалары 

Ижарага берүүчү 

Ижарачы 

 

 

 

 

 

 

______________________(кызмат орду) 

 

______________________ (аты-жөнү)  

 

_______________________ (кол тамга, мөөр) 

 

 

 

 

 

 

 

 

Иджара мунтахийя биттамлик келишими боюнча менчик укукту өткөрүп берүү 

УБАДАСЫ 

 

_________ шаары 20____-жылдын «____» ________________  

 

Мындан ары «Ижарага берүүчү» деп аталуучу, __________________________ атынан _______________________________________________________________________ негизинде иш алып барган ______________________________________________________ 20____-жылдын «___» ___________ №_______________ иджара мунтахийя биттамлик келишимине ылайык төмөнкүлөр боюнча убада берет:  

 

2. Убада предмети 

1.1. Ижарага берүүчү иджара мунтахийя биттамлик келишиминин бардык шарттары бузууларсыз аткарылган шартта, анын мөөнөтү аяктагандан кийин банктан Ижарачыга _____-жылдын «____»_________ № __________ келишимге карата мүлккө менчик укукту өткөрүп берүү жөнүндө убадасын берет.  

1.2. Бул бир тараптуу убада, ага ылайык Ижарачы бардык ижара төлөмдөрүн өз убагында жана толук төлөгөн учурда, Ижарага берүүчү милдеттенме алат (төмөндөгү варианттардын бири тандалат): 

1) ижара акысынын калган бөлүгүн прогрессивдүү төлөө аркылуу сатууга;  

2) себебин көрсөтпөстөн, аны белекке берүүгө (өткөрүп берүү); 

3) келишим боюнча бардык төлөмдөрдү төлөгөндөн кийин, аны белекке берүүгө

1.3. Убада бир тараптуу жана Ижарага берүүчү үчүн гана милдеттүү болуп саналат. 

1.4. Бул милдеттенме эки нускада түзүлгөн, бир нускасы Ижарачыга берилет. 

 

3. Ижарага берүүчүнүн реквизиттери 

Ижарага берүүчү 

 

 

 

______________________(кызмат орду) 

______________________ (аты-жөнү)  

_______________________ (кол тамга, мөөр) 

 

 

 

 

 

 

 

 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 24-февралындагы № 2022-П-12/9-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)