Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкынын
Көзөмөл боюнча комитетинин
2026-жылдын 22-майындагы
№ 22/1 токтому менен бекитилген
Коомдук кызмат адамдары менен иштөө боюнча
МЕТОДИКАЛЫК СУНУШ-КӨРСӨТМӨЛӨР
1. Жалпы жоболор
1. Бул Коомдук кызмат адамдары менен иштөө боюнча методикалык сунуш-көрсөтмөлөр (мындан ары - методикалык сунуш-көрсөтмөлөр), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары – Улуттук банк) көзөмөлүнө алынган финансылык уюмдардын (коммерциялык банктар, кредиттик союздар, микрофинансылык уюмдар, адистештирилген финансы-кредит уюмдары, алмашуу бюролору, төлөм уюмдары, электрондук акчаларды колдонуу менен эсептешүү системаларынын операторлору, мындан ары – финансылык уюмдар) коомдук кызмат адамдары (мындан ары – ККА) менен өз ара ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, кардарлардын ушул категориясына таандык тобокелдиктердин жогору деңгээлин эске алуу менен финансылык уюмдарга ККАны, ошондой эле алар менен байланыштуу адамдарды аныктоого көмөк көрсөтүү, алардын финансылык операциялары Кыргыз Республикасынын Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын (мындан ары – КИК/ККЛКА), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына, ошондой эле Акчанын изин жашырууга каршы финансылык чараларды иштеп чыгуу тобунун (мындан ары – ФАТФ) ККАга тиешелүү сунуш-көрсөтмөлөрүнө ылайык жүргүзүлгөндүгүн талдоо жана мониторинг жүргүзүү максатында иштелип чыккан.
Ушул Методологиялык сунуштардын максаты финансылык уюмдарда тобокелдиктерди жөнгө салуу боюнча шайкеш системаны түзүүгө карата минималдуу талаптарды жана анда финансылык уюмдар жүргүзгөн операциялардын түрү жана көлөмү эске алынган финансылык уюмдардын тобокелдиктерди натыйжалуу аныктоону, баалоону жана чектөөнү камсыз кылуучу тобокелдиктерди контролдоо методдорун колдонуу каралган ички контролдукту уюштурууга карата талаптарды аныктоо саналат.
Бул методикалык сунуш-көрсөтмөлөр финансылык уюмдардын ички саясатын, жол-жоболорун иштеп чыгууда жана актуалдаштырууда, кызматкерлерди окутууда, ошондой эле финансылык уюмдарды текшерүү жана аудит иштерине даярдоодо колдонулат. Методикалык сунуш-көрсөтмөлөр финансылык уюмдар ККА жана алар менен байланыштуу жактар менен ишкердик мамилелерди түзүүдө жана күндөлүк кошумча иштерди жүргүзүүдө тажрыйбада колдонуусу үчүн каралган.
2. Ушул Методикалык сунуш-көрсөтмөлөрдүн максаттарында Кыргыз Республикасынын «Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамында (мындан ары - Мыйзам) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомунун 12-тиркемеси менен бекитилген «Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жободо каралган терминдер жана аныктамалар колдонулат.
3. Коомдук кызмат адамдары (ККА) – төмөнкү жеке жактардын бири:
1) чет өлкөлүк ККА – чет мамлекетте маанилүү мамлекеттик же саясий функцияларды (коомдук функцияларды) аткарып жаткан же аткарып келген адам (мамлекеттердин же өкмөттөрдүн башчылары, өкмөттөгү жана башка мамлекеттик органдардагы, соттордогу, куралдуу күчтөрдөгү, мамлекеттик ишканалардагы жогорку кызмат адамдары, ошондой эле көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери);
2) улуттук ККА – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын
31-январындагы № 17 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде каралган, учурда Кыргыз Республикасында саясий жана атайын мамлекеттик кызматты же саясий муниципалдык кызмат ордун ээлеген же мурда ээлеген адам, ошондой эле мамлекеттик компаниялардын (акционердик коомдор, чарбалык коомдор жана мамлекеттин үлүшү катышкан башка жактар) жогорку жетекчилиги, көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери;
3) эл аралык уюмдун ККАсы – эл аралык уюмдун жогорку кызмат адамы болуп саналган же мурда саналган адам (эл аралык уюмдун жетекчилери, жетекчилеринин орун басарлары жана башкарманын мүчөлөрү же эл аралык уюмдагы эквиваленттүү кызматтарды ээлеген адамдар);
4. ККАнын жакын адамдарына алардын жакын туугандары, ишкер өнөктөштөрү жана ККАнын расмий өкүлдөрү кирет.
5. ККАнын жакын туугандарына ККА алардын жашоо-тиричилиги, билим алуусу, саламаттыгын сактоо жана башка зарыл чыгымдарын төлөө жагында финансылык сарптоолорду тарткан ата-энеси, асырап алуучулары, асыранды балдары, бир тууган жана аталаш бир туугандары, чоң аталары, чоң энелери, неберелери кирет.
6. ККАнын үй-бүлө мүчөлөрүнө жолдошу (жубайы) жана балдары, анын ичинде асырап алган уулдары/кыздары кирет.
2. ККАга карата эл аралык стандарттар жана мыкты тажрыйбалар
7. ФАТФ ККА менен мамиле түзүүгө тиешелүү эл аралык стандарттарды белгилейт.
ФАТФнын сунуш-көрсөтмөлөрүнө ылайык, ККА – ага орчундуу/маанилүү/белгилүү бир функциялар жүктөлгөн адам. ФАТФ өзүнүн статусунан жана таасиринен улам көптөгөн жогорку кызматтагы адамдар кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана кылмыш ишине, атап айтканда, коррупцияга байланыштуу кылмыш иштерине жол берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ кызматтарды ээлей турганын моюнга алат. Буга коррупция жана паракорлук, ошондой эле терроризмди каржылоого байланыштуу иш-аракеттер кирет.
Ошондуктан, ФАТФнын сунуш-көрсөтмөлөрүндө, кылмыштуу иштерди каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча потенциалдуу тобокелдиктерден улам, коомдук адамдар менен ишкердик жүргүзгөн кардарларды кошумча текшерүү талабы белгиленген. Мындай чаралар алдын алуу мүнөзүнө ээ экендигин белгилейбиз. Бирок ФАТФ бул баардык коомдук адамдар кылмыштуу ишке тартылган же алар коррупция иштерине катышкан дегенди билдирбей тургандыгын баса белгилейт.
Коомдук адамдар менен байланыштуу тобокелдиктерден улам, ФАТФнын башка сунуш-көрсөтмөлөрүнөн тышкары 10, 12 жана 22-сунуш-көрсөтмөлөрүн өзгөчө натыйжалуу ишке ашыруу сунушталат.
ФАТФнын 12-сунуш-көрсөтмөсү ККАга тиешелүү жана анда ККА менен ишкердик мамиле түзгөн негизги финансылык мониторинг уюмдарына карата колдонулуучу акчаны адалдоого/терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча чаралар белгиленген.
ФАТФнын 10 жана 22-сунуш-көрсөтмөлөрү – негизги финансылык мониторинг уюмдарынын кардарларын талапка ылайык текшерүү боюнча жалпы талаптар.
8. ККА аныктамасында ФАТФ аларды эл аралык, улуттук жана эл аралык уюмдардын ККА деп бөлөт.
Чет өлкөлүк ККА – чет мамлекетте маанилүү мамлекеттик кызматты ээлеген адам, мисалы, мамлекет же өкмөт башчылары, көрүнүктүү саясатчылар, сот же аскердик мекемелердин кызматкерлери, мамлекеттик корпорациялардын башчылары, саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери.
Улуттук ККА – өз өлкөсүндө мамлекет башчылары же өкмөт башчылары, көрүнүктүү (белгилүү) саясатчылар, сот же аскер мекемелеринин кызматкерлери, мамлекеттик корпорациялардын башчылары, саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери сыяктуу маанилүү мамлекеттик кызматты ээлеген адамдар. Адатта, негизги финансылык мониторинг уюмдары үчүн көрсөткүч катары ар кайсы өлкөлөрдө колдонулуучу «улуттук ККА» аныктамаларына төмөнкү кызматтарды кошуу зарыл:
- мамлекет башчысы – президент;
- өкмөт башчысы – премьер-министр;
- мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку мүчөлөрү – спикер, парламенттин вице-спикерлери;
- мамлекеттик кызматкерлер – парламенттин мүчөлөрү, министрлер, мэрлер же губернаторлор, оппозиция лидерлери, парламенттик катчылар;
- жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкерлер – туруктуу катчылар, башкы техникалык офицерлер, элчи же жогорку комиссар, милиция комиссарынын жардамчысы же андан жогору наамга ээ адамдар;
- сот органдарынын кызмат адамдары – биринчи жана экинчи инстанциядагы соттордун магистраттары же судьялары, жогорку соттордун судьялары, башкы прокурор жана прокуратуранын жогорку кызмат адамдары;
- жогорку даражадагы аскер кызматкерлери – полковниктер же андан жогору;
- мамлекеттик компаниялардын башчылары (мамлекеттин үлүшү бар акционердик жана чарбалык коомдор), бардык мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик ишканалардын кеңештеринин мүчөлөрү, анын ичинде мамлекет контролдук үлүшкө ээ органдар;
- саясий партиялардын төрагасы/лидери/орун басары сыяктуу саясий партиялардын жогорку кызмат адамдары.
Көрсөтүлгөн тизме толук эмес жана юрисдикцияга жараша бир топ айырмаланышы мүмкүн.
9. ККАнын жакын туугандары болуп туулгандыгы, никеси же башка үй-бүлөлүк мамилеси менен ККА менен байланышкан адамдар эсептелет.
«Жакын үй-бүлө мүчөлөрү» аныктамасына, адатта, төмөнкүлөр кирет:
- жолдошу/жубайы (анын ичинде мурдагы жолдошу/жубайы);
- ата-энеси;
- ага-инилер жана эже-карындаштар (ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана кыз бир туугандар);
- балдар (анын ичинде асырап алынгандар);
- ата-энесинин бир туугандары, жолдошунун/жубайынын балдары.
ККАнын жакын адамдары - ККА менен жеке (социалдык) же ишкердик (кесиптик) байланышы бар адамдар.
Эл аралык стандарттарда бул аныктамада төмөнкүлөр камтылат:
- үй-бүлөдөн тышкаркы өнөктөштөр;
- ошол эле саясий партиянын, коомдук уюмдун, кесиптик бирликтин көрүнүктүү мүчөлөрү;
- иш боюнча өнөктөштөрү же кесиптештери, айрыкча ККА менен бирге юридикалык жактарга бенефициар укугуна ээ адамдар;
- тууган болуп саналган адамдар;
- жеке мамилелеринен (социалдык, экономикалык жана маданий шарттарынын) улам ККА менен мамиледе белгилүү бир ролду ойногон адамдар.
ККАга кандай мамиле жасалса, ККАнын жакын туугандарына жана жакын адамдарына да ошол сыяктуу мамиле жасалат, анткени кылмыш ишинен алынган кирешелерди өз алдынча башкаруу же кирешелерди жайгаштырууну жана жашырууну камсыз кылуу, ошондой эле аларды кылмыш ишине пайдалануу үчүн мындай мамилелерден кыянаттык менен пайдалануу коркунучу бар.
3. ККАга карата колдонулуучу чаралар
10. Финансылык уюмдар ККА болуп саналган кардарларды идентификациялоого мүмкүндүк берген талаптагыдай тобокелдиктерди башкаруу системасынын болушун камсыз кылууга тийиш.
11. Финансылык уюмдун тобокелдиктерди башкаруу системасы фронт-офистин, комплаенс-функциясынын жана тобокелдик-менеджментинин иш-аракеттеринин шайкештигин камсыз кылууга, жоопкерчиликтин бөлүштүрүлүшүн аныктоого жана ички контролдук талаптарын бирдей колдонуу жана КИК/ККЛК мыйзамдарынын ченемдерин талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл болгон тажрыйбалык инструменттерди (алгоритмдер, критерийлер жана контролдук иш-чаралар) камсыз кылууга тийиш.
12. Финансылык уюм ККАга карата кардарды талапка ылайык текшерүү (мындан ары - КТТ) боюнча төмөнкү чараларды жүзөгө ашырууга тийиш:
1) кардар же бенефициардык ээси ККА болуп санала тургандыгын аныктоо үчүн тобокелдиктерди башкаруу системасын колдонууга;
2) ККА менен ишкердик мамилелерди түзүү же улантуу үчүн (учурдагы кардарлар үчүн) финансылык уюмдун күндөлүк ишин жетектеген аткаруу органынын же аткаруу органынын мүчөлөрүнүн биринин жазуу жүзүндөгү уруксатын алууга;
3) ККАнын акча каражаттарынын жана башка мүлкүнүн келип чыгуу булагын аныктоого;
4) жогору тобокелдикке дуушар болгон кардарлар үчүн белгиленген тартипте ишкердик мамилелерге, анын ичинде ККА тарабынан жүзөгө ашырылган операцияларга (бүтүмдөргө) туруктуу негизде жана кеңири мониторинг жүргүзүүгө;
5) чет элдик ККАлар жөнүндө алган маалыматты туруктуу негизде жаңыртып турууга.
Финансылык уюмдар жогоруда көрсөтүлгөн чараларды ККАнын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакын адамдарына карата да колдонууга милдеттүү.
13. Ушул методикалык сунуш-көрсөтмөлөрдүн 12-пунктунун 2-4-пунктчаларында көрсөтүлгөн чаралар улуттук ККА жана эл аралык уюмдардын ККАга, ошондой эле эгерде мындай адамдар менен ишкердик мамилелердин жогору тобокелдиги аныкталса, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакын адамдарына карата колдонулат.
14. Кардарлар КТТ өткөрүү үчүн суралган маалыматтарды жана (же) документтерди финансылык уюмдарга тапшырууга тийиш.
15. Кардар КТТ өткөрүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана (же) документтерди бербесе, финансылык уюм төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) кардар менен ишкердик мамилелерди түзбөйт (эсепти тейлөөгө же ачууга кабыл алуудан баш тартат);
2) кардар менен түзүлгөн ишкердик мамилелерди токтотот же убактылуу токтотот (тейлөөдөн баш тартат) жана кардар менен түзүлгөн келишимди токтотот;
3) операцияны (бүтүм) жүзөгө ашырбайт.
Мындай чечим кабыл алууда финансылык уюмдар чечим кабыл алынган күндөн кийинки 1 (бир) жумуш күнү ичинде финансылык чалгындоо органына тиешелүү билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү.
16. Улуттук ККАнын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана жакын адамдарынын электрондук маалыматтар базасы түрүндөгү тизмесин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы (мындан ары – финансылык чалгындоо кызматы) түзөт.
17. Улуттук ККАнын электрондук маалымат базасынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү финансылык уюмдар тарабынан коопсуз электрондук байланыш каналдары аркылуу жол берилет.
18. Алардан пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилген улуттук ККАнын маалымат базасындагы маалыматтар тизмеси финансылык чалгындоо кызматы менен маалыматтар базасын пайдалануучу ортосунда түзүлүүчү макулдашууда аныкталат.
19. Маалыматтар базасынан пайдалануучулар купуялуулукту, коопсуздукту жана уруксатсыз пайдалануудан коргоону камсыз кылышат жана улуттук ККА маалыматтар базасындагы маалыматтарды үчүнчү жактарга өткөрүп бергендиги үчүн жоопкерчиликке тартылат.
20. Финансылык уюмдар ачык маалымат булактарын ККА жөнүндө маалыматты аныктоо, мониторинг жүргүзүү, текшерүү үчүн колдоно алат.
4. Бенефициардык менчик ээсин идентификациялоо
21. Финансылык уюмдар кардар ККА экендигин аныктоосу зарыл. ККА кардар - жеке адам же кардар болуп саналган юридикалык жактын бенефициардык ээси болушу мүмкүн.
22. Финансылык уюмдар ККА болуп саналган, юридикалык жактарды кардардын бенефициардык ээси катары колдонуу менен операцияларга түздөн-түз катышуусуз жана аларды аныктоо тобокелдигине жол бербөөсүз, алардын өздүгүн аныктай албагыдай финансылык системалардан пайдаланышы мүмкүн болгон кардарларды талапка ылайык аныктоого тийиш (ортомчулар (мисалы, юристтер, риэлторлор, эскроу-агенттер, лоббисттер, банкирлер) активдердин чыныгы ээлери экендигин жашыруу үчүн ККАнын атынан иш алып барышкан).
23. КТТ чараларын ишке ашырууда финансылык уюмдар бенефициардык ээсин идентификациялоого, анын инсандыгын текшерүү чараларын жүргүзүүгө тийиш. Эгерде бенефициардык ээси катары ККА санала тургандыгы боюнча шектенүүлөр болсо, анда инсандыгын текшерүү талап кылынат. Эгерде адам бенефициардык ээсинин (же жеке адамдын) атынан иш алып барып жаткандыгы божомолдонуп жатса, анда мындай кызыкчылыктардын себептерин жана негиздерин аныктоо зарыл, анткени кардардын бенефициардык ээси катары ККА болушу мүмкүн.
24. Эгерде ККАнын атынан иш алып барган адам же кардар, бенефициардык ээси - ККАнын үй-бүлө мүчөсү же жакын адамы болсо, анда ага карата тиешелүү КТТ чаралары колдонулушу керек.
5. ККАга карата күчөтүлгөн чаралар
25. КТТ чаралары ар бир ККА-кардарга, бенефициарга, банктык которуу бенефициарына, трастка, ошондой эле ККАнын жакын туугандарына жана жакын адамдарына карата колдонулушу керек.
26. ККА менен ишкердик мамилелер жогору тобокелдүү экендиги аныкталганда, кеминде төмөнкү күчөтүлгөн КТТ чараларын колдонуу зарыл:
1) кардарга карата кошумча идентификациялоо маалыматтарды жана документтерди жеткиликтүү жана ишенимдүү маалымат булактарынан чогултуу, ошондой эле бул маалыматтарды кардарга байланыштуу тобокелдикти баалоодо пайдалануу;
2) мындай кардар жана бенефициардык ээси кылмыш ишине тартылышы мүмкүн болгон тобокелдикти терең түшүнүү үчүн кардар жана бенефициардык ээ жөнүндө кошумча маалыматтарды чогултуу;
3) кардардан ишкердик мамилелердин максаты жана болжолдуу мүнөзү, ошондой эле кардардын акча каражаттарын алуу булагы жөнүндө кошумча маалыматты суроо;
4) каражаттар кылмыштуу иштен алынган киреше эмес экендигине ынануу үчүн кардардын акча каражаттарын алуу булактарын текшерүү;
5) тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманы колдонуу менен кардарды жана бенефициардык ээсин идентификациялоо маалыматтарын туруктуу негизде жаңыртып туруу;
6) кардардан пландаштырылган же жүргүзүлгөн операциялардын (бүтүмдөрдүн) себебин же экономикалык маанисин түшүндүрүүчү кошумча маалыматты суроо;
7) кардар менен ишкердик мамилелерди түзүү же улантуу үчүн аткаруу органынан же финансылык уюмдун күндөлүк ишин жетектеген аткаруу органынын мүчөлөрүнүн биринен уруксат алуу;
8) шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) жана ачык экономикалык мааниси же ачык мыйзамдуу максаты жок операциялардын (бүтүмдөрдүн) белгилерин аныктоо максатында, операцияларга (бүтүмдөргө) күн сайын мониторинг жүргүзүү, маалыматты талдоо, акча каражаттарынын багытын кароо жана эсепке алуу, анын ичинде кол менен кароо жана эсепке алуу аркылуу ишкердик мамилелерге күчөтүлгөн мониторинг жүргүзүү, ошондой эле финансылык уюмдун күндөлүк ишин жетектеген ички контролдоо кызматына жана аткаруу органына мониторингдин жыйынтыгын маалымдоо;
9) банк эсебин ачпастан операция (бүтүм) жүргүзүү пландаштырылган учурда, операцияны (бүтүмдү) банк эсеби аркылуу жүргүзүүнү сунуштоо.
Бул учурда финансылык уюм тобокелдиктерди натыйжалуу башкаруу жана (же) азайтуу үчүн күчөтүлгөн КТТ чараларын колдонуу зарылдыгын документ түрүндө түзүүгө тийиш.
27. Кардар же акыркы бенефициардык ээси (контролер) чет өлкөлүк же улуттук ККА же эл аралык уюмдун ККАсы экендигин аныктоо үчүн талапка ылайык чараларды колдонуу сунушталат. ККАга карата белгиленген талаптар алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, ККАнын жакын адамдарына карата да колдонулат.
28. ККА менен ишкердик мамилелерди натыйжалуу контролдоо - бул тобокелдикке негизделген ыкманы туруктуу негизде колдонуу жана «өз кардарыңды бил» принцибин так колдонуу.
6. ККА статусун убактылуу чектөө
29. ККАны аныктоо талаптарында ошондой эле «бир жолу ККА - ар дайым ККА» ыкмасы боюнча бир кезде маанилүү коомдук кызматтарды аткарган адам да камтылууга тийиш. Ыйгарым укуктары токтотулган кардарга карата мамиле тобокелдиктин негизинде бааланууга жана убакыт чектеринен көз каранды болбоого тийиш.
30. Тобокелдикти аныктоого багытталган ыкмада финансылык уюм ага мындан ары олуттуу функциялар ыйгарылбаган адам боюнча КИК/ККЛК тобокелдиктерин баалап, тобокелдикти азайтуу үчүн натыйжалуу чараларды көрүү талабы белгиленген. Орун алышы мүмкүн болгон тобокелдик факторлоруна төмөнкүлөр кирет:
1) ал адам деле таасирин тийгизиши мүмкүн болгон (расмий эмес түрдө) деңгээл; анын ККА катары ээлеген абалы канчалык жогору болгондугу; же
2) адамдын мурунку жана учурдагы функцияларынын байланышы барбы (мисалы, ККАнын мураскору расмий түрдө дайындалса же ККА ошол эле маанилүү маселелер менен алектенүүнү улантып жатса).
7. ККА, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жана жакын адамдарын идентификациялоо үчүн маалымат булактарын колдонуу
31. Кардар же бенефициардык ээси ККА болуп санала тургандыгын аныктоо жана/же анын үй-бүлө мүчөсү жана жакын адамы ким экендигин аныктоо, айрыкча чет элдик ККА тууралуу толук маалымат жок болгон учурда, кыйынчылыктарды жаратат. Колдонууга байланыштуу дагы бир көйгөй - бул ишкердик мамиле түзүлгөндөн кийин финансылык уюмдун учурдагы кардарларынын кайсынысы ККА болуп дайындалгандыгын аныктоо. Ошентип, финансылык уюм үчүн ККА болбогон кардарлардын эсептеринин статусу, кардардын профили, эсеп боюнча операциялары өзгөргөндүгүн/өзгөрбөгөндүгүн түшүнүү жана мындай кардар жөнүндө маалыматты жаңыртуу үчүн мониторинг жүргүзүү өзгөчө маанилүү. Мындай туруктуу негизде мониторинг жүргүзүү финансылык уюмдун КИК/ККЛК тобокелдигине негизделиши керек.
32. КТТ – бул кардар ККА экендигин аныктоо үчүн маалымат алуунун негизги ыкмасы экендигин баса белгилөө өтө маанилүү. Мисалы, негизги фактор катары кардардын негизги иши же жумуш орду болушу мүмкүн. Бирок башка маалымат булактары да бар, алар финансылык уюмга кардар ККА экендигин аныктоого жардам берет. Финансылык уюмдар кошумча маалымат булактарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн, айрыкча, чет элдик адам ККА экендигин аныктоо үчүн кароого тийиш.
33. Ири издөө системаларындагы жалпы суроо-талаптар татаал болушу мүмкүн болсо да, финансылык уюмдар атайын максаттуу издөө сайттары аркылуу берилүүчү акысыз издөө инструменттерин колдоно алышат. Мындан тышкары, кардар менен байланыштуу булактардан максаттуу издөө, мисалы медиа сайттар аркылуу ишенимдүү маалыматтарды табууга жардам берет. Интернеттен издөөдө да өлкө жөнүндө жалпы маалымат алууга болот. Мисалы, финансылык уюмдар кайсы мамлекеттер белгилүү бир ККАларга (мисалы, шайланган чиновниктерге) чет өлкөдө банк эсептерин жүргүзүүгө тыюу салганын билүүсү зарыл.
34. Финансылык уюмдар кардарлардын, бенефициардык ээлеринин жана кардарлардын кызыкчылыгында иш алып барган адамдардын ичинен ККАны, ККАнын жакын туугандарын жана ага жакын адамдарды туруктуу негизде аныктоого, ошондой эле тиешелүү маалыматтарды жаңыртууга мүмкүндүк берген маалыматтык системаларды жана маалымат базаларын камтыган жеткиликтүү маалымат булактарын колдонууга милдеттүү. Зарыл учурларда жана мүмкүнчүлүк болгон учурда коммерциялык маалымат базаларынан пайдалануу сунушталат.
35. Көптөгөн өлкөлөрдө маанилүү кызматтарды ээлеген адамдардын активдери жана мүлктөрү жөнүндө маалыматты ачык көрсөтүү системасы бар.
36. Кардардын ККА статусун билдирүүсү (мисалы, учурда же мурда иштеген жумушу же негизги кесиби жөнүндө маалымат берүү, ал ошол адам - ККА экендигин көрсөтөт) - бул кардар ККА экендигин аныктоого жардам берген чара. Бирок кардарларды ККА аныктамасы менен тааныштырып, алар ошол категорияга кире тургандыгын же кирбей тургандыгын аныктоодо финансылык уюмдар бул жол-жобого жана алынган маалыматка гана таянбашы керек (анткени ал такталбаган маалымат болушу мүмкүн). Мындай жол-жобо финансылык уюмдун милдеттерин анын кардарынын мойнуна жүктөйт, бул жол берилгис тажрыйба болуп саналат. Мындан тышкары, кардарлардын бардыгы эле алар ККА экендигин же ККА эместигин аныктай алышпайт, б.а. мисалы, кардар «ККА» деген сөздүн аныктамасын билбеши мүмкүн. Мунун ордуна финансылык уюмдар кардарлар менен тыгыз иш алып барып, «ККА» аныктамасынын айрым элементтерине туура келген маалыматты аныктоого тийиш. Бул милдетти квалификациялуу персонал жана маалымат топтоо аркылуу натыйжалуу ишке ашырууга болот.
37. ФАТФнын сунуш-көрсөтмөлөрүнө ылайык, ички контролдоо эрежелеринде кызматкерлерди күндөлүк окутуу программалары камтылышы талап кылынат, анда кардар ККА болуп санала тургандыгын аныктоо боюнча натыйжалуу ыкмалар камтылышы керек. Окутууда алардын актуалдуулугун камсыз кылуу үчүн турмуштан алынган мисалдар колдонулуусу зарыл.
8. ККАнын акча каражаттарын жана башка мүлктү алуу булагын аныктоо
38. Финансылык уюмдар ККАнын акча каражаттарын жана башка мүлктү алуу булактарын аныктоого тийиш. «Мүлктү (байлык) алуу булагы» жана «акча каражаттарын алуу булагы» бул эки башка нерсе экенин белгилей кетүү маанилүү.
39. «Мүлктү (байлык) алуу булагы» – бул ККАнын бардык байлыгын (башкача айтканда, бардык активдерин) алуу булагы. Бул маалыматта, адатта, кардардын абалы жөнүндө жана ККА аны кантип алгандыгы жөнүндө маалыматтар чагылдырылат. Финансылык уюмда алар менен алектенбеген активдер жөнүндө маалымат болбосо да, коммерциялык маалымат базаларынан жана башка ачык булактардан маалымат алууга болот.
40. «Акча каражаттарын алуу булагы» – бул ККА менен финансылык уюм ортосунда ишкердик мамилелердин предмети болуп саналган белгилүү бир каражаттардын же активдердин келип чыгышы (мисалы, инвестициялануучу акча каражаттар, депозитке салынуучу каражаттар же ишкердик мамилелердин жүрүшүндө которулуучу каражаттар).
Адатта, мындай маалыматты алуу оңой, бирок алар кайдан которулганын түшүнүү менен гана чектелбеш керек. Алынган маалымат мазмундуу болушу керек, башкача айтканда, анын булагы же сатып алуу негиздери көрсөтүлүшү керек.
41. Мүлктүн (байлыктын) келип чыгуу булагы жана акча каражаттарынын келип чыгуу булагы жөнүндө маалымат туруктуу мониторинг жүргүзүү үчүн пайдалуу болушу мүмкүн. Ишкердик мамилелерге тереңдетилген мониторинг жүргүзүлгөндө, финансылык уюмдар операциялардын деңгээли ККАнын мүлкүнүн (байлыгынын) жана акча каражаттарынын келип чыгуу булагы жөнүндө маалыматка дал келишин камсыз кылууга тийиш. Максаты – ишкердик мамилелерди түзүү себептери менен ККАдан күтүлгөн нерсе ортосунда анын жагдайлары эске алынган шайкештикти камсыз кылуу. Мындай чечимди кабыл алууда төмөнкү факторлорду эске алуу зарыл: ККАнын учурдагы кирешеси, мүлктүн (байлыктын) жана акча каражаттарынын келип чыгуу булактары, алар мурда башка кызматты ээлеп келгендиги, коммерциялык ишканаларынын болушу, үй-бүлөнүн мүлкү катары түшүндүрүлүшү мүмкүн.
42. Эгерде ишкердик мамилелерди жүзөгө ашыруудагы ишкердик деңгээли же түрү ККАнын мүлкүнүн (байлыгынын) жана акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жөнүндөгү маалыматты эске алганда, акылга сыярлык түшүндүрмө берүү мүмкүн болбосо, анда жагдайга дароо баа берилүүгө тийиш. Мындай баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча ишкердик мамилелерди баштоо же улантуу жөнүндө чечим кабыл алынууга же башка чаралар, мисалы, ишкердик мамилелерди токтотуу жана/же Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматына маалымат жөнөтүү чараларын көрүү зарыл.
43. ККА менен иштөөдө текшерүү иши ККАнын менчигинде же иш жүзүндөгү контролдугунда турган активдер жөнүндө жалпыга белгилүү маалыматты талдоо менен чектелбөөгө тийиш. Мүлктүн (байлыктын) келип чыгуу булагын аныктоодо финансылык уюм ККАга таандык же анын контролдугунда турган мүлк (байлык) жөнүндө толук маалымат алуу үчүн чараларды көрүүгө тийиш. Бул маалыматты ыктыярдуу түрдө ачык көрсөтүүдөн баш тартуусу да тобокелдик көрсөткүчү катары каралышы мүмкүн.
44. Төмөндө көрсөтүлгөн маалымат булактары кардардын декларациясын мүлкүнүн жана каражаттарынын булагы боюнча текшерүү үчүн пайдалуу болушу мүмкүн: жалпыга жеткиликтүү мүлк жөнүндө реестрлер, жер кадастры, киреше жөнүндө декларациялардын реестри, компаниялардын реестрлери, мурунку операциялар (учурдагы кардарга карата), ошондой эле юридикалык жана бенефициардык менчик жөнүндө маалыматтар, эгер мүмкүндүк берилсе. Жогорку даражадагы ККА боюнча интернет (социалдык тармактарды, ЖМКны кошо алганда) аркылуу издөөгө болот, бул ККАнын абалы, жашоо образы жана расмий кирешеси жөнүндө пайдалуу маалыматтарды бериши мүмкүн. Кардардын декларациясы менен башка булактардан алынган маалыматтын дал келбеши кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) шектенүү үчүн негиз болуп саналат.
9. Ишкердик мамилелерге терең мониторинг жүргүзүү
45. Чет элдик ККАлар ар дайым жогорку деңгээлдеги тобокелдүү кардарлар катары эсептелет. Бул аларга карата жогору тобокелдүү улуттук жана эл аралык уюмдардын ККАларга карата дайыма терең мониторинг жүргүзүү зарылдыгын билдирет. Иш жүзүндө электрондук мониторинг системасын пайдалануу үчүн ресурстары бар финансылык уюмдар аны дээрлик үзгүлтүксүз жүргүзө алышат. Бирок толук компьютердик система каралбаган жана КТТ жөнүндө маалыматтар менен электрондук мониторинг системасы ортосунда байланыш жок финансылык уюмда туруктуу негизде мониторингди колго жана кымбатыраак ыкмада жүргүзүүгө жол берилет. Бул учурда жок дегенде минималдуу автоматташтырылган инструменттерди ишке киргизүү маселесин карап чыгуу сунушталат, анткени колго жүргүзүлгөн ыкма жетиштүү натыйжа бербейт жана чет элдик ККАны туруктуу негизде терең мониторинг жүргүзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын КИК/ККЛКА чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талабын толук сактоого кепилдик бербейт.
46. Эл аралык уюмдардын улуттук ККА менен ишкердик мамилесинде КИК/ККЛКА тобокелдиктерин баалоодо финансылык уюмдар төмөнкү учурларды баалоого тийиш:
1) ККАнын өзүнүн маанилүү функцияларын ишке ашырууга байланыштуу ишкердик кызыкчылыктары барбы (кызыкчылыктардын кагылышы);
2) ККА мамлекеттик сатып алуулар процессине тартылганбы;
3) ККА бир нече (бири-бири менен байланышкан же байланышпаган) маанилүү коомдук функцияларды аткарып жатабы жана анын натыйжасында ал чечимдерди кабыл алууга, айрыкча чыгашаларга таасирин тийгизеби;
4) ФАТФ же башка уюмдарга ылайык, ККА КИК/ККЛКА чөйрөсүндө олуттуу кемчиликтерге ээ же анда коррупциянын деңгээли жогору өлкөдөн келгенби;
5) коррупциянын деңгээли жогору сектордо өз маанилүү функцияларын аткарат, мисалы, мунай-газ, өндүрүштүк өнөр жай, курулуш, табигый ресурстар, коргонуу өнөр жайы, спорт, оюн-зоок сектору жана башкалар;
6) ККАга өз өлкөсүндө ФАТФнын сунуш-көрсөтмөлөрүнүн жоболорун натыйжалуу ишке ашырууга терс таасирин тийгизүүгө мүмкүндүк берген олуттуу коомдук функциялар берилгенби. Финансылык уюм үчүн пайдалуу тобокелдик көрсөткүчтөрү жана индикаторлор жөнүндө кененирээк маалымат 1-тиркемеде келтирилген.
47. Белгилүү бир ККА менен ишкердик мамилелер тобокелдигин төмөндөтө турган тиешелүү жол-жоболордун бар экендигин баалоодо туруктуу мониторингдин жана күчөтүлгөн КТТ деңгээлине, кайталанышына жана көлөмүнө көңүл буруу керек.
10. Жогору тобокелдүү кардар болуп саналбаган улуттук ККАлар жана эл аралык уюмдардын ККАлары
48. Эгерде тобокелдиктерди баалоонун натыйжасында улуттук/эл аралык уюмдун ККА менен ишкердик мамилесинде жогору тобокелдик жок экендиги аныкталса, анда мындай ККА кадимки кардар катары каралууга тийиш, башкача айтканда финансылык уюмдар талапка ылайык текшерүү жана мониторинг жүргүзүү боюнча кадимки чараларды колдонушу керек. Эгерде туруктуу мониторинг жүргүзүүдө тобокелдик деңгээлинин өзгөрүшүнө алып келген жагдайлар өзгөрсө, анда күчөтүлгөн КТТ чаралары колдонулууга жана ички контролдоо жол-жоболору кайра каралууга тийиш. Аныкталган тобокелдиктерди натыйжалуу деңгээлге чейин төмөндөтүү боюнча чараларды ишке ашыруу мүмкүн болбогон учурда, мындай адам менен ишкердик мамиле токтотулууга тийиш.
11. ККАга карата дерискингге жол бербөө
49. Дерискинг - бул финансылык уюмдар тобокелдикти азайтуу максатында, тобокелдиктерди аныктоого багытталган ыкмага ылайык тобокелдиктерди талапка ылайык түшүнүп, аларды жөнгө салуунун ордуна, кардарларга же кардарлардын категорияларына кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу, ишкердик мамилелерин же тейлөөнү токтотуу тажрыйбасын билдирет. Белгилей кетүүчү нерсе, айрым учурларда тобокелдиктерди баалоонун жыйынтыгы боюнча финансылык уюмдар белгилүү бир кардар менен байланыштуу тобокелчиликти азайтуу мүмкүн эмес деген жыйынтыкка келгендиктен, ага кызмат көрсөтүүлөрдү жеке тартипте көрсөтүүдөн баш тартышы мүмкүн; мындай аракеттер тобокелдикке багытталган мамилеге каршы келбейт.
50. Дерискинг финансылык уюмдар ККАга эсеп ачуудан баш тартууда же кызматын токтотуудан көрүнүшү мүмкүн, бул ушул категориядагы кардарларды басмырлоого алып келет. ФАТФ узак убакыттан бери массалык дерискингдин зыяндуу кесепеттерин моюнга алып келет жана мындай тажрыйба ФАТФ стандарттарында каралган тобокелдикти аныктоого багытталган ыкмага туура келбей тургандыгын дайыма баса белгилейт. Белгилүү бир сектордун алкагында айрым кардарлардын тобокелдик деңгээлин же тобокелдиктерди төмөндөтүү чараларын талаптагыдай же ар тараптуу эске алуусуз кардарлар тобуна кызмат көрсөтүүдөн массалык түрдө баш тартуу КИК/ККЛКАнын тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманы ишке ашыруу талаптарына каршы келет.
12. Тобокелдик көрсөткүчтөрү
51. Финансылык уюмдун кардары ККА экендигин аныктоо – финансылык уюмдун жогору тобокелдиктердин ар кандай категорияларын баалоого мүмкүндүк берген процессинин бир бөлүгү.
52. Кардар ККА экендиги фактысы финансылык уюмду үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү милдетинен бошотпойт.
53. ККА статусу автоматтык түрдө кылмыш иши менен байланышы бар же адам кылмышкер болуп саналат жана финансылык системаны мыйзамсыз максаттарда колдонот дегенди билдирбейт. Мындан тышкары, адам ККА болуп саналгандыгы ал жогору тобокелдик түзөт дегенди билдирбейт. Ошого карабастан, ККА финансы системасын укукка каршы максаттарда, мисалы, акчаны адалдоо үчүн колдонушу мүмкүн экендигин түшүнүү маанилүү. Ошентип, финансылык уюмдары мындай фактыларды аныктоо үчүн тобокелдик көрсөткүчтөрүн билүүгө тийиш.
54. ФАТФ ишкердик мамилелердин жүрүшүндө ККА финансылык системаларды мыйзамсыз пайдалангандыгы фактыларын аныктоого жардам бере турган тобокелдик көрсөткүчтөрүнүн тизмесин иштеп чыккан. Тизме финансылык системаларды мыйзамсыз пайдалануучу ККАны аныктоого багытталган жана бардык ККАлар жогору тобокелдүү дегенди билдирбейт. Бир же эки көрсөткүчтөрдүн дал келиши ишкердик мамилелердин тобокелдик деңгээлин жогорулатышы мүмкүн. Шектенүү пайда болушу үчүн бир нече көрсөткүчтөр/критерийлер дал келиши керек. Бирок айрым учурларда бир же бир нече критерийлердин дал келиши кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жагында шектенүүлөрдү жаратат.
55. Тобокелдик көрсөткүчтөрүнүн тизмеси толук эмес. Финансылык системаларды мыйзамсыз пайдаланган ККАлардын ыкмалары өзгөрүп турат жана натыйжада тобокелдик көрсөткүчтөрү да өзгөрөт. Ошондой эле, тигил же бул өлкөгө же аймакка мүнөздүү башка тобокелдик көрсөткүчтөрү бар, аларды да эске алуу зарыл. Тобокелдик көрсөткүчтөрү боюнча сунушталган тизме 1-тиркемеде келтирилген. Бул тизмени финансылык уюмдун ал менен ишкердик мамилеси бар ККА таандык болгон өлкөнү талдоону эске алуу менен толуктоо сунушталат.
1-тиркемеси
Тобокелдик көрсөткүчтөрү
А. ККА өзүнүн ким экендигин жашырууга аракеттенет
ККА алардын статусу укук чегинен тышкары ишкердик жүргүзүүсүн аныктоо тездигине таасирин тийгизе тургандыгын билишет. Бул өз кезегинде, ККА аны аныктай албагыдай, өзүнүн ким экендигин жашырууга аракеттенишет. Бул төмөнкү жол менен аткарылышы мүмкүн:
1) өзүнүн бенефициардык ээси экендигин жашыруу үчүн корпоративдик механизмдерди (юридикалык жактарды жана түзүлүштөрдү) колдонуу;
2) корпоративдик механизмдерди жетиштүү негиздерсиз пайдалануу;
3) ортомчуларды колдонуу, бул кадимки ишкердик мамилелер менен түшүндүрүлбөйт же ККАнын инсандыгын жашыруу үчүн колдонулушу мүмкүн деп божомолдоого негиз болсо;
4) үй-бүлө мүчөлөрүн же жакын адамдарын мыйзамдуу менчик ээлери катары пайдалануу.
В. ККА жана анын иш-аракеттерине байланыштуу
тобокелдик көрсөткүчтөрү
ККАнын белгилүү бир иш-аракети жана жеке өзгөчөлүктөрү тобокелдик көрсөткүчтөрүнүн же шектүүлүктүн критерийлеринин катарына кириши мүмкүн:
1) корпоративдик механизмдерди i) менчик укугун, ii) жүргүзүлгөн ишкердикти же iii) өлкөнү жашыруу үчүн колдонуу;
2) ККА КИК/ККЛКАга багытталган жол-жоболор же ККАга карата кабыл алынган чаралар жөнүндө суроо-талап жөнөтөт;
3) ККА мүлктүн (мүлктүк абалынын) келип чыгышы же акча каражаттарын алуу булактары жөнүндө маалымат берүүдө өзүн ыңгайсыз сезет;
4) ККА тарабынан берилген маалымат башка булактардан алынган маалыматтарга , мисалы, киреше жөнүндө декларациядагы жана расмий эмгек акы деңгээли жөнүндө жарыяланган маалыматтарга дал келбесе;
5) ККА финансылык уюм өз ишин жүзөгө ашырган өлкөдө ишкердикти жүргүзүп жаткандыгы себептерин түшүндүрө албаса же түшүндүргүсү келбесе;
6) ККА так эмес жана толук эмес маалыматтарды берсе;
7) ККА финансылык уюм адатта чет өлкөлүк же жогору тобокелдүү кардарларга сунуштабаган кызматтарын колдонууга аракет кылса;
8) акча каражаттарды ККА эч кандай байланыш түзбөгөн өлкөдөн/өлкөгө которсо;
9) ККАга өлкөгө кирүүгө тыюу салынса (виза берүүдөн баш тартылган болсо);
10) ККА жарандарына башка мамлекетте эсеп ачууга жана кыймылсыз мүлккө ээ болууга тыюу салган же чектөө киргизген өлкөдөн болсо.
С. ККАнын кызмат орду же ал менен байланышкан ишкердик
ККАнын ээлеген кызмат орду жана өз милдеттерин кандай аткарып жаткандыгы, эске алынууга тийиш болгон маанилүү факторлор болуп саналат. Келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдик көрсөткүчтөрүнө төмөнкүлөр кириши мүмкүн:
1) ККА мамлекеттик активдерден жана каражаттардан жана операциялардан пайдалануу үчүн олуттуу ыйгарым укуктар ээ болсо;
2) ККА уруксаттарды, анын ичинде лицензияларды жана концессияларды берүүнү жөнгө салуучу органдарды контролдосо;
3) ККА КИК/ККЛКАны аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган механизмдерди түздөн-түз же кыйыр контролдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо;
4) ККА (активдүү) анын функцияларынын же кандайдыр бир деңгээлде ал менен байланыштуу функциялардын маанилүүлүгүн төмөндөтсө;
5) ККА өзүнүн бардык ыйгарым укуктарын ачыкка чыгарбаса (анын ичинде ээлеген кызматынын негизинде белгиленген ыйгарым укуктарын да);
6) ККА өкмөттүк же корпоративдик эсептерге кире алса же аларды контролдосо же алардын колдонулушуна кандайдыр бир таасирин тийгизе алса;
7) ККА (жарым-жартылай) финансылык уюмду жашыруун же ээлеген кызмат ордуна байланыштуу ага ээлик кылса же контролдосо;
8) ККА (жарым-жартылай) операция боюнча контрагент же мекеме-корреспондент болуп саналган финансылык уюмга ээлик кылса же аны контролдосо (жашыруун же ээлеген кызмат ордуна байланыштуу);
9) ККА финансылык уюмдун кардары - юридикалык жактын директору же бенефициардык ээси болуп саналса.
D. ККА анда өз ишин жүзөгө ашырган сектор менен байланыштуу тобокелдик индикаторлору
Жогору тобокелдүү ишкердик менен байланыш ККА менен ишкердик мамилелер тобокелдигин жогорулатышы мүмкүн. ФАТФнын сунуш-көрсөтмөсүнө ылайык, финансылык уюмдар жогору тобокелдүү кардарлардын түрүн аныктайт. Бул максатта финансылык уюмдар улуттук сунуш-көрсөтмөлөргө же сектордук тобокелдиктерди баалоого таянышат. ФАТФ төмөнкү жогору тобокелдүү ишкердик түрлөрүн келтирет:
1) курал-жарак жана аскер-өнөр жай комплекси менен соода жүргүзүү;
2) банк иши жана финансы;
3) мамлекеттик сатып алуулар менен байланышкан ишти жүзөгө ашыруу, атап айтканда: мамлекеттик сатып алулардын алкагында мамлекеттик органдарга жана башка субъекттерге товарларды, иштерди же кызматтарды жеткирүү;
4) курулуш жана (ири) инфраструктура;
5) өнүктүрүү жана жардамдын башка түрлөрү;
6) саламаттык сактоо менен байланышкан иш-аракеттер;
7) ресурстарды өндүрүү жана казып алуу;
8) менчиктештирүү;
9) жалпы керектелүүчү товарлар жана кызматтар менен камсыз кылуу.
E. Ишкердик мамилелер/операциялар, ишкердик мамилелердин максаты
Белгилүү бир ишкердик мамилелер же операциялар менен кандайдыр бир деңгээлде байланыштуу болушу мүмкүн болгон тобокелдик көрсөткүчтөрүнө төмөнкүлөр кирет:
1) ККА боюнча жөнөтүлгөн шектүү операциялар жөнүндө билдирүүлөрдүн көптүгү;
2) болжолдонгон иштин мүнөзүн түшүндүрүү мүмкүн болбогон учурларда суммалар дайыма (туруктуу негизде) тегеректелсе;
3) ири суммадагы накталай акчаны эсепке киргизүү/чыгаруулар, ири төлөмдөрдү жүзөгө ашырууда көрсөтүү үчүн банк чектери же башка каражаттар пайдаланылса. Ишкердик мамилелерди жүзөгө ашырууда ири көлөмдө накталай акча каражаттары пайдаланылса;
4) башка финансылык уюмдар бул ККА менен мамилесин токтотсо;
5) башка финансылык уюмдар ошол ККА менен ишкердик мамиле түзгөн учурда аларга карата жөнгө салуучу тарабынан чаралар колдонулса;
6) жеке акча агымдарын ишкердик агымдардан ажыратуу кыйын болсо;
7) финансылык ишкердик мыйзамдуу же пландаштырылган ишкердикке туура келбесе, каражаттар себепсиз эле бир эсептен ар кайсы финансылык уюмдардын эсептерине которулса;
8) узак убакыт аралыгынан кийин же кыска убакыт өткөндөн кийин же ишкердик мамилелер түзүлгөндөн кийин көп өтпөй эсеп боюнча акча каражаттардын жигердүү жылышы байкалса;
9) эсеп боюнча ири көлөмдө накталай акча каражаттарынын жылышы же эсептен/эсепке көп сандаган электрондук которуулар жүзөгө ашырылса;
10) кардар жана ККА болуп саналбаган юридикалык жактын эсептери менен ортосундагы операциялар;
11) ККА эмне үчүн ишкердик мамиле түзгөндүгү, эсеп ачкандыгы жана кайсы бир операцияларды жүргүзгөндүгү боюнча жүйөлүү түшүндүрмө бере албаса же түшүндүрмө берүүнү каалабаса;
12) ККАнын оюн эсебине башка мамлекеттен акча каражаттары которулса. ККА акча каражаттарын оюнга чек жазып алуу аркылуу алса;
13) ККА оюнга анчалык катышпаса да, оюн фишкаларын накталай акчага алмаштыруу жана тескерисинче каражаттарды фишкага алмаштыруу үчүн үчүнчү жактарды пайдаланса;
14) ККА себептерсиз ар кандай банктык эсептерди пайдаланса.
F. Продукттарга, кызмат көрсөтүүлөргө, операцияларга жана жеткирүү каналдарына байланыштуу тобокелдиктер
ФАТФнын сунуш-көрсөтмөлөрүндө жогору тобокелдүү продукттардын, товарлардын, операциялардын жана жеткирүү каналдарынын мисалдары камтылат. Мисалы:
1) жеке банкинг;
2) анонимдүү операциялар (бүтүмдөр) (аларга накталай акча да кириши мүмкүн);
3) тараптардын катышуусусуз жүзөгө ашырылуучу ишкердик мамилелер же операциялар (бүтүмдөр);
4) белгисиз же байланышы жок үчүнчү жактардан алынган төлөмдөр.
Эгерде бул продукттарды, кызматтарды, операцияларды, жеткирүү каналдарын ККА колдоно турган болсо, анда кошумча тобокелдик факторлору эске алынышы керек (ККА түрүнө жараша). ФАТФнын сунуш-көрсөтмөлөрүндө көрсөтүлгөн мисалдарга кошумча, башка продукттар, кызматтар, операциялар жана жеткирүү каналдары бар, эгерде алардан ККА колдонсо, алар кооптуулук мүнөзүнө ээ болот. Мисалы:
- адатта чет элдик кардарларга көрсөтүлүүчү кызматтар;
- трасттарды жана компанияларды түзүү боюнча кызмат көрсөтүүчүлөр;
- экономикалык жактан түшүндүрүлбөгөн же жөнөтүүчү же алуучу жөнүндө маалымат жок ККАнын эсептерине/эсептеринен электрондук которуулар;
- корреспонденттик же жалпы эсептер;
- баалуу металлдар, асыл таштар жана башка кымбат буюмдар дилерлери;
- кымбат транспорт каражаттарынын дилерлери (мисалы: автоунаалар, спорттук унаалары, кемелер, тик учактар жана учактар);
- элиталык кыймылсыз мүлк сатуу менен алектенген риэлторлор.
G. ӨЛКӨЛҮК ТОБОКЕЛДИК ИНДИКАТОРЛОРУ
ФАТФнын сунуш-көрсөтмөлөрүндө кардардын категориясына көз каранды болбогон өлкөлүк тобокелдиктер тизмеси камтылатн. Мындан тышкары, төмөнкү тобокелдик индикаторлору ККА менен мамилелерди түзүүдө эске алынышы мүмкүн:
1) жогору тобокелдүү өлкөдөн ККА (19-сунуш-көрсөтмөдө же 10-сунуш-көрсөтмөгө карата түшүндүрмө катта аныкталгандай);
2) эгерде ККА жогору тобокелдүү өлкөдөн болуп КИК/ККЛКА чөйрөсүндө кемчиликтерди чечүү маселесин контролдосо же чечим чыгарууга таасирин тийгизсе, кошумча тобокелдиктер болушу мүмкүн;
3) ишенимдүү маалымат булактарына ылайык, ККА жогорку коррупция деңгээлине ээ өлкө катары эсептелген өлкөдөн болсо;
4) ККА БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясынын же Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) эл аралык коммерциялык бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууда чет өлкөлүк кызмат адамдарга пара берүүгө каршы күрөшүү конвенциясына кол койбогон же ратификациялабаган же алардын талаптарын жана шарттарын аткарбаган өлкөдөн чыкса;
5) ККА экономикасы бир же бир нече товарды экспорттоодон көз каранды өлкөдөн болсо, айрыкча экспорттук контроль жана лицензиялоо чаралары жок болгон учурларда;
6) ККА мыйзамсыз товарларды, мисалы, баңгизаттарды экспорттоодон көз каранды өлкөдөн болсо;
7) ККА саясий системасы жеке башкарууга негизделген, анда автократия орногон же режимдин негизги максаты бийликтегилерди байытуу саналган өлкөдөн (анын ичинде администрациялык-аймактык түзүлүштөрдөн), ошондой эле көпчүлүгү кызмат көрсөтүүнүн натыйжасында гана кызматка дайындалган өлкөдөн болсо;
8) ККА башкаруу иши талапка ылайык же ачык-айкындуу жүргүзүлбөгөн жана жоопкерчилик деңгээли төмөн өлкөдөн болсо;
9) ишенимдүү маалымат булактарына ылайык, ККА кылмыштуулук деңгээли жогору (уюшкан) өлкө катары эсептелген өлкөдөн келсе.







