Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2010-жылдын 17-февралындагы 

N 2/3 токтомуна карата 

тиркеме 

Консолидацияланган көзөмөл жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1, 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 53/8 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1-глава 

Жалпы жоболор 

1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамдарына, Банктык көзөмөл боюнча Базель Комитети(1) тарабынан кабыл алынган стандарттарга ылайык, банктык топтун жана аффилирленген жактардын ишине консолидацияланган негизде көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу максатында иштелип чыккан. 

2. Ушул Жобонун максатында төмөнкү аныктамалар колдонулат: 

Банк - бул, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары Улуттук банк) же Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы лицензия алган коммерциялык банк же микрофинансылык компания. 

Аффилирленген жактар - бул: 

- банктарды кошо алганда, юридикалык жактын олуттуу катышуучулары; 

- банктарды кошо алганда, башка юридикалык жактар, олуттуу катышуучулардан болуп саналган юридикалык жактар; 

- башка юридикалык жактар олуттуу катышуучулардан болуп саналган банктарды кошо алганда, юридикалык жактар. 

Банктык топ: 

- Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн банктардан жана анын туунду жана/же караштуу компанияларынан, ошондой эле алардын аффилирленген жактарынан турган топ; 

- Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн банктык холдингдик компаниялардан, Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн банк анын туунду жана/же ага караштуу компанияларынын биринен болгон топ; 

- банкты камтыган банктык жана/же финансылык ишкердикти жүргүзүшкөн юридикалык жактардын тобу, аларга контролдукту бир эле юридикалык жак же жеке адам өз алдынча же болбосо башка жактар менен биргеликте жүзөгө ашырат. 

Банктык холдингдик компания - банк, анын туунду компаниясы же туунду компанияларынын бири болуп саналган башкы компания. 

Туунду компания - башка юридикалык жак тарабынан (башкы компания) контролдонуучу юридикалык жак. Башка туунду компаниянын туунду компаниясы да башкы компаниянын туунду компаниясы (биринчи) катары каралат. 

Туунду банк - бул, башка банк же башка юридикалык жак (башкы компания) тарабынан контролдонуучу банк. Туунду банктын туунду банкы да башкы компаниянын туунду банкы катары каралат. 

Караштуу компания - бул, анда кандайдыр бир жак жеке же башка жактар менен бирдикте кайсы болбосун юридикалык жактын добуш берүүгө укук чегерген акцияларынын жыйырма пайызынан көбүрөөгүнө же капиталындагы үлүшүнө тике же кыйыр түрдө ээлик кылууну же башкарууну жүзөгө ашырган юридикалык жак. 

Олуттуу катышуу - жеке, же болбосо башка жактар менен бирдикте: 

- акционердик коомдун добуш берүүгө укук чегерген акцияларынын (кайсыл болбосун түрүнүн) он же андан көбүрөөк пайызына, акционердик коом болуп саналбаган юридикалык жактын уставдык капиталынын он же андан көбүрөөк пайызына тике же кыйыр түрдө ээлик кылуу же тескөөгө алуу; 

- же юридикалык жактын уставдык капиталына катышуусуна көз карандысыз, келишимдин же башкача негизде ошол юридикалык жактын жетекчилигине жана/же саясатына олуттуу таасир этүү мүмкүнчүлүгү

Олуттуу катышуучу - Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамына ылайык, юридикалык жакта олуттуу катышууну жүзөгө ашырган жак. 

Инсайдерлер (ички жактар) - аткаруу органынын мүчөлөрү(2), байкоо органынын мүчөлөрү(3), башка кызмат адамдары(4), олуттуу катышуучулар жана жалпы кызыкчылыкты көздөгөн, аталган адамдар менен байланышта болгон кайсы болбосун башка жеке адамдар. 

Компания - кайсы болбосун юридикалык жак. 

Контролдук - жеке же башка жактар менен бирдикте: 

- акционердик коомдун добуш берүүгө укук чегерген акцияларынын элүү же андан көбүрөөк пайызына же акционердик коом болуп саналбаган юридикалык жактын уставдык капиталына тике же кыйыр түрдө ээлик кылуу же тескөөгө алуу, же; 

- юридикалык жактын байкоо органынын мүчөлөрүнүн кеминде тең жарымына шайлануу мүмкүнчүлүгү, же; 

- юридикалык жактын капиталына катышуудан көз карандысыз, келишимдин же башкача негизде, ошол юридикалык жактын жетекчилигине же саясатына белгилүү бир таасир этүү мүмкүнчүлүгү

Контролдоочу жак - юридикалык жакка контролдукту жүзөгө ашырган жак. 

Башкы компания - башка юридикалык жакты контролго алуучу юридикалык жак. 

Негизги башкы компания - топтогу башкы компания, ал топтогу башка компанияларга баш ийбейт. 

Эки жана/же андан көп жеке адамдардын жана юридикалык жактардын ортосундагы жалпы кызыкчылыктар, төмөндө келтирилген шарттардын кайсы бири орун алган шартта, олуттуу катары таанылат: 

а) бир юридикалык жак же жеке адам башка жакка контролдук жүргүзсө

б) ошол жактар аффилирленген юридикалык жактар же инсайдерлер болуп саналса; 

в) ошол жактардын бири башка жактын караштуу компаниясы болсо; 

Башкаруучу компания - бул, негизги башкы компания тарабынан акционердик коом формасында банктык топко кирген туунду жана/же караштуу компанияларды (катышуучуларды) башкаруу максатында гана түзүлгөн компания. 

Банктык топтун катышуучусу - банктык топтун курамына кирген юридикалык жак. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Олуттуу катышуучуну, караштуу компанияны жана контролдукту аныктоо максаттарында: 

а) бир жактын караштуу компаниясы болуп саналган же бир жактын контролдугунда турган компаниянын ээлигиндеги акциялар ошол жактын кыйыр ээлигинде турган катары каралуу менен ошол жакка тиешелүү болгон акциялардын жалпы санын аныктоодо аталган жактын түздөн-түз ээлигинде турган акцияларына бириктирилет; 

б) ошол жакка жана анын жакын туугандарына (жарандык мыйзамдарга ылайык, биринчи жана экинчи кезектеги мураскерлерге) тиешелүү акциялар, ошол жакка түздөн-түз тиешелүү акциялар катары каралат. 

Төмөндө келтирилген адамдар банктын акцияларына биргелешип ээлик кылуучулар катары таанылат: 

а) жакын туугандары болуп саналгандар; 

б) түзүлгөн келишим боюнча же башка негизде акцияларга биргелешип ээлик кылуучулар; 

в) өз алдынча же чогуу алганда олуттуу катышуучулар болуп саналышкандар; 

г) акцияларды сатып алуусуна башка жактарга насыя беришкендер (кредит же ага теңештирилген каражаттар) жана ошол насыяны алган жактар; 

д) кызмат адамдары же башка жактын өкүлдөрү болуп саналышкандар. 

4. Улуттук банк, төмөнкүлөргө карата көзөмөлдүктү консолидацияланган негизде жүзөгө ашырат: 

- Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн банкка, жана анын туунду жана/же караштуу компанияларына; 

- Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн банктык холдингдик компаниялардан, Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн банк анын туунду жана/же ага караштуу компанияларынын биринен турган банктык топ; 

- курамына Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн, банк кирген жана ага контролдукту бир эле жак тарабынан өз алдынча же башка жактар менен биргеликте жүзөгө ашырган банктык жана/же финансылык ишкердик менен алектенген юридикалык жактардын тобу. 

Эгерде, контролдук кылуу бир эле жак тарабынан өз алдынча же башка жактар менен биргеликте жүзөгө ашырылган банктык жана/ же финансылык ишкердик менен алектенген юридикалык жактардын тобунда башкы компания жок болсо, анда контролдоочу жактын тиешелүү чечими менен ыйгарым укук чегерилген жана Улуттук банкка макулдашылган юридикалык жак (банктык жана/же финансылык ишкердик менен алектенген юридикалык жак) маалыматтарды жана отчетторду кошо алганда, Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарды аткарат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

2-глава 

Банктык топтун ишинин ачык-айкындуулугу 

5. Банктык топко кирген компаниялар банк жана/же финансы ишин гана, ошондой эле банктык холдингдик компанияларга тиешелүү учурларда, топтун катышуучуларынын акциясына ээлик кылууну кошо алганда банк жана/же финансы ишине байланыштуу ишкердикти жүзөгө ашыра алат. 

6. Улуттук банк, кайсы болбосун учурда, контролдоочу жактан жана банктын олуттуу катышуучуларынан, банктык топтун кайсы болбосун башка катышуучусунан жана банк менен жалпы кызыкчылыктарга ээ болгон жактардан зарыл болгон маалыматтарды, төмөнкүлөрдү аныктоо үчүн талап кылууга укуктуу: 

- банктык холдингдик компаниянын финансылык абалын, тобокелдиктерди тескөө системасынын деңгээлин жана корпоративдик башкаруунун сапатын; 

- банктык холдингдик компаниянын туунду банкка карата таасир этүү деңгээлин; 

- контролдоочу адамдарды жана/же жактарды (жеке адамдарды жана юридикалык жактарды); 

- банктык топ жана анын катышуучулары тарабынан жүзөгө ашырылган иштерди; 

- банктык топтун жана анын катышуучуларынын финансылык абалын; 

- банктык топко жана анын катышуучуларына мүнөздүү болгон тобокелдиктердин түрлөрүн; 

- банктык топтун тобокелдиктерди тескөө системасын; 

- банктык топтун катышуучуларынын ортосунда иштиктүү, финансылык жана башка өз ара мамилелерди. 

Улуттук банк банктык холдингдик компаниядан же банктык топтун кайсы болбосун катышуучусунан кошумча маалыматтардын берилишин талап кыла алат. 

7. Кайсы болбосун жеке адам же юридикалык жак эгерде ал, өз алдынча же башка жактар менен биргеликте Улуттук банктын төмөнкүлөргө алдын ала уруксатын алууга милдеттүү: банктын олуттуу катышуучусу болууга, добуш берүүгө укук чегерген акцияларга жыйырма пайыздан көбүрөөгүнө тике же кыйыр ээлик кылууну же тескөөгө алууну же банкты контролдоочу жак болууга. 

Банк жана/же финансылык ишти, ошондой эле банк жана/же финансылык ишине байланыштуу болбогон ишкердикти жүргүзбөгөн юридикалык жактар өз алдынча же башка жактар менен биргеликте төмөнкүлөрдү жүзөгө ашыра алышпайт: 

- банктын добуш берүүгө укук чегерген акцияларынын (кайсы түрү болбосун) жыйырма пайыздан көбүрөөгүнө тике же кыйыр ээлик кылууга же тескөөгө алууга; 

- же, банктын уставдык капиталына катышуусуна көз карандысыз, келишимдин же башка негизде ошол банктын жетекчилигине жана/же саясатына олуттуу таасир этүүгө

8. Ошондой эле, эгер банктын акцияларын кошумча сатып алуунун натыйжасында же башкача негизде кайсы болбосун жеке адам же юридикалык жак тике же кыйыр түрдө банктын олуттуу катышуучусу болуп, добуш берүүгө укук чегерген акциялардын жыйырма пайызынан көбүрөөгүнө тике же кыйыр ээлик кылууну же тескөөгө алууну ишке ашырган болсо же банкты контролдоочу жак болуп калса, Улуттук банктын уруксатын алуу зарыл. 

9. Банктын акцияларын сатып алууга билдирме берүү учурунда Улуттук банкка Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамынын, Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 5/7 токтом менен бекитилген "Банктардын ишин лицензиялоо жөнүндө" жобонун (мындан ары - "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобо) талаптарына ылайык маалыматтарды берүүгө тийиш. 

10. Банктык топтун катышуучусу болуп саналган банк, өз ишин банктык топтун башка катышуучуларынан көз карандысыз жүзөгө ашырат. 

11. Банктык холдингдик компания же банктык топту жетектеген банк бардык банктык топтордун иши Улуттук банктын талаптарына ылайык келүүсү үчүн жоопкерчилик тартат. 

12. Банктык холдингдик компаниянын же банктык топту жетектеген банктын байкоо органы жана аткаруу органы банктык топтордун бардык катышуучуларынын ортосунда тиешелүү деңгээлде зарыл маалыматтарды алмашып туруусун камсыз кылууга тийиш. 

13. Башкы компания (анын ичинде Кыргыз Республикасынын резидент эмеси), анын Улуттук банктан лицензиялануучу туунду жана/же караштуу банкынын ишине терс/олуттуу(5) таасир этиши мүмкүн болгон фактылар же жагдайлар орун алган шартта, ошол фактылардын же жагдайлардын аныкталган учурунан кийинки 5 жумуш күнү ичинде, кесепеттүү таасирге бөгөт коюу боюнча көрүлгөн чараларды көрсөтүү менен Улуттук банкка кат жүзүндө билдирме жөнөтөт. 

Ал эми бул тууралуу башкы компания Улуттук банкка билдирбеген же белгиленген мөөнөттү бузуу менен билдирилген учурда Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан туунду жана/же караштуу банкка жана анын башкы компаниясына (Кыргыз Республикасынын резиденти) карата Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

Башкы компания (анын ичинде Кыргыз Республикасынын резидент эмеси), анын Улуттук банктан лицензиялануучу туунду жана/ же караштуу банкынын ишине терс/олуттуу таасир этиши мүмкүн болгон фактылар же жагдайлар орун алган шартта, мына ошондой таасирге бөгөт коюу максатында ал тууралуу Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан өзүнүн туунду жана же караштуу банкына өз учурунда маалымдайт. 

Улуттук банктан лицензиялануучу туунду жана/же караштуу банк, жогорудагы маалыматтарды башкы компаниядан алган учурда, ал тууралуу маалымат алгандан кийинки 2 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка кат жүзүндө билдирет. 

14. Улуттук банктан лицензиялануучу банктын финансылык абалына, банктык топко катышуудан улам коркунуч келип чыкса, банк, ал тууралуу 2 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка буга тиешелүү көрүлгөн чараларды көрсөтүү менен кат жүзүндө маалымдайт. 

3-глава 

Банктык топтун капиталы 

15. Банктык топ, топтун бардык катышуучуларынын мүмкүн болуучу чыгашаларынын жана жоготууларынын ордун жабуу үчүн жетиштүү болгон капиталдын тиешелүү деңгээлине ээ болууга тийиш. 

16. Банктык топтун катышуучулары топко кирген жана алардын чарба ишине ылайык келген банктарды мүмкүн болгон олуттуу өзгөрүүлөрдөн коргоону караган капиталдын шайкештигин камсыз кылуу боюнча саясаттарды жана жол-жоболорду иштеп чыгууга тийиш. 

17. Банктык топтун жана банктык топтун катышуучуларынын капиталы Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык келүүсү зарыл. Банктык холдингдик компания же банктык топту жетектеген банк, бул талаптардын банктык топтун катышуучулары тарабынан аткарылышын камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат. 

18. Банктык холдингдик компания же банктык топту жетектеген банк өзүнүн байкоо кеңеши тарабынан бекитилген банктык топтун капиталынын шайкештиги боюнча саясатты, анын ичинде капиталдын шайкештигине баа берүүнүн бекитилген ыкмасын Улуттук банкка берүүгө тийиш. 

19. Улуттук банк, инспектордук текшерүүлөрдү ишке ашырууда капиталдын шайкештиги боюнча банктык топтун тиешелүү саясаттарынын жана жол-жоболорунун бар экендигин жана алардын сакталышын текшерүүгө укуктуу. 

20. Улуттук банк, банктык топко кирген банктарды коргоону камсыз кылуу максатында, капиталдын шайкештигин камсыз кылуу боюнча саясаттарга жана жол-жоболорго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү талап кыла алат. 

21. Улуттук банк, эгерде топтун капиталынын банкты коргоо үчүн жетишсиздигин же банктын банктык топко катышуусуна байланыштуу болгон анын финансылык абалына терс таасирин тийгизүүчү олуттуу тобокелдиктердин орун алышы учурунда же банктык топтун иши Улуттук банктын талаптарын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабын аткаруу үчүн же тиштүү деңгээлде ачык-айкын эместигин белгилеген шартта, капиталдын шайкештиги боюнча кыйла жогорулатылган экономикалык ченемдерди киргизиши мүмкүн. 

22. Банктык холдингдик компания же банктык топту жетектеген банк анын капиталына же анын кайсы болбосун туунду же караштуу компаниясынын капиталына олуттуу таасир тийгизиши мүмкүн болгон бардык фактылар же жагдайлар тууралуу Улуттук банкка милдеттүү түрдө билдирип турууга тийиш. 

4-глава 

Тобокелдиктерди тескөө жана банктык топту ички контролдоо 

23. Банктык топтун катышуучулары өз ишинде банктык топтун кайсы болбосун катышуучуларынын же бүтүндөй банктык топтун финансылык туруктуулугуна коркунуч алып келе турган тобокелдиктерди өзүнө албоого тийиш. 

24. Банктык топтор банктык топтун ишине ылайык келген тобокелдикти тескөө жана ички контролдук системасына ээ болууга тийиш. 

25. Банктык топ, Улуттук банктын ири тобокелдиктер, инвестициялардын өлчөмү жана валюта позициясы боюнча чектөөлөрүн консолидацияланган негизде сактоого тийиш. 

26. Банктык топтун тобокелдиктерди тескөө саясаты төмөнкүлөрдү камтуусу зарыл: 

1) банктык топ өзүнө алган тобокелдиктерди банк тобунун башкаруу органы бекиткен саясаттарына ылайык шайкеш тескөөнү

2) банктык топ өзүнө алган тобокелдиктерди жабууга жетиштүү болгон капиталдын деңгээлин колдоп турууну камсыз кылуучу ченемдерди; 

3) тобокелдикти тескөө системасы аларга ылайык бүтүндөй банктык топту камтыган жоболорду. 

27. Ички контролдук системасы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 

1) банктык топ өзүнө алган олуттуу тобокелдиктерге карата капиталдын жетиштүүлүгүнө баа берүүнү аныктаган шайкеш механизмдерди; 

2) топ ичиндеги операцияларды жана концентрациялануу тобокелдигин аныктоо, баалоо, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо үчүн отчеттуулуктун жана эсепке алуунун ишенимдүү жол-жоболорун. 

28. Банктык холдингдик компания же банктык топту жетектеген банк Улуттук банктын тобокелдиктерди тескөө системасына карата койгон талаптарынын банктык топ тарабынан сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат. 

29. Катышуучулары финансылык (банктык эмес) ишти жүзөгө ашырып жаткан банктык топ, алардын иши үчүн мүнөздүү болгон ири кредиттик тобокелдиктерди, ликвиддүүлүк тобокелдигин, инвестициялык, валюталык жана башка тобокелдиктерди чектөө боюнча жана топко кирген банктарды коргоочу саясаттарга жана жолжоболорго ээ болуусу зарыл. 

30. Банктык топтун финансылык (банктык эмес) ишти жүзөгө ; ашырып жаткан катышуучулары банктык холдингдик компаниянын же банктык топту жетектеген банктын тобокелдиктерди тескөө боюнча жылдык отчетунда саясаттардын жана жол-жоболордун түшүндүрмөсүн камтууга тийиш. 

31. Улуттук банк, тобокелдиктерди минимизациялоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талаптарынын топко кирген (кирип жаткан) банк (банктар) тарабынан бузууга жол берилишине бөгөт коюу максатында, финансы ишин (банктык эмес) жүзөгө ашырып жаткан банктык топтун катышуучуларынан саясаттарга жана жол-жоболорго корректировкалоолордун киргизилишин талап кыла алат. 

5-глава 

Банктык топту корпоративдик башкаруу 

32. Банктык холдингдик компаниянын же банктык топту жетектеген банктын кызмат адамдары, байкоо органынын жана аткаруу органынын мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген квалификациялык минималдуу талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Банктын Директорлор кеңеши жана Башкарма мүчөлөрү аткарган камкордукка алуу боюнча милдеттер банктык холдингдик компаниянын байкоо органынын жана аткаруу органынын мүчөлөрүнө карата да колдонулат. 

33. Банктык холдингдик компания байкоо органынын жана аткаруу органынын мүчөлөрү, олуттуу катышуучулар, контролдукту тике же кыйыр түрдө жүзөгө ашырышкан жактар тууралуу маалыматтарды, "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобонун талаптарына ылайык дайындалган кызмат адамдарынын ишкердик абройу жана ишенимдүүлүгү жөнүндөгү маалыматтар менен чогуу Улуттук банкка сунуштоого тийиш. 

Банктык холдингдик компания - Кыргыз Республикасынын резиденти жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтарды алар дайындалгандан кийинки 10 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка берүүсү зарыл. 

Банктык холдингдик компания - Кыргыз Республикасынын резидент эмеси жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтарды алар дайындалгандан кийинки 30 календардык күн ичинде Улуттук банкка сунуштоого тийиш. 

34. Тиешелүү жак, төмөнкү учурларда банктык холдингдик компаниянын байкоо органынын мүчөсү боло албайт жана ал ээлеген кызматынан четтетилүүгө тийиш: 

1) эгерде анын мыйзам тартибинде белгиленген, алынып салынбаган жана/же өтөлбөгөн соттолгондугу бар болсо; 

2) эгерде ал, жоюу ыкмасы менен банкроттук жол-жобосуна дуушар болгон юридикалык жактын жетекчиси болуп саналса; 

3) эгерде ал, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык юридикалык жактын башкаруу органынын курамына кирүү же ишкердик иштерди аткаруу укугунан ажыратылган болсо; 

4) эгерде ал, банктык холдингдик компаниянын аткаруу органынын мүчөсү болуп саналса. 

35. Банктык холдингдик компаниянын же банктык топту жетектеген банктын байкоо жана аткаруу органдары бүтүндөй алганда, банктык топтун ишине натыйжалуу жана ырааттуу контролдукту жүзөгө ашырууга көмөктөшө турган анын туунду/караштуу банктарын жана туунду/караштуу компанияларын тескөөнүн оптималдуу түзүмүн аныктоо максатында, банктык топтун жалпы саясаттарын жана стратегияларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу үчүн жоопкерчиликтүү

36. Банктык холдингдик компаниянын же банктык топту жетектеген банктын байкоо органы төмөнкүлөрдү ишке ашырууга тийиш: 

1) банктык топтун түзүмү, топтун катышуучуларынын негизги иши жөнүндө маалыматтарды кошо алганда, банктык топтун катышуучулары жөнүндө маалыматтарды, банктык холдингдик компаниянын байкоо органы тарабынан бекитилген тобокелдиктерди тескөө жана ички контролдук боюнча банктык топтун саясатын, банктык топтун катышуучуларын контролдоочу жактар жөнүндө маалыматтарды, банктык топто реалдуу контролдукту жүзөгө ашыра турган жактар жөнүндө маалыматтарды, топтун катышуучуларынын финансылык абалы тууралуу маалыматтарды Улуттук банкка сунуштоого; 

2) банктык топту жана банктык холдингдик компанияны алдыда турган үч жылдык мезгил аралыгында өнүктүрүүнүн бекитилген стратегиясын Улуттук банкка берүүгө

3) банктык топтун ишине мүнөздүү болгон тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн аны шайкеш капиталдаштыруу боюнча банктын топтун регулятивдик, рыноктук жана стратегиялык муктаждыгын канааттандырган саясатты иштеп чыгууга жана бекитүүгө

4) банктык топтун катышуучуларына же алардын иш-чөйрөсүнө байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди аныктоо жана аларды тескөөгө алуу боюнча саясатты иштеп чыгууга жана бекитүүгө

5) банктык топтун катышуучулары менен операциялар боюнча тиешелүү лимиттерди белгилөөгө

6) банктык топ тарабынан мыйзам актыларынын жана ички саясаттардын талаптарынын сакталышына контролдукту жүзөгө ашырууга; 

7) банктык топтун катышуучуларынын ортосунда тиешелүү маалыматтардын талаптагыдай алмашуусун камсыз кылууга; 

8) банктык топко кирген банктардын аманатчыларын жана башка кредиторлорун коргоого алынышын гарантиялаган, башкаруунун коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга. 

37. Банктык холдингдик компаниянын же банктык топту жетектеген банктын байкоо органы корпоративдик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, стратегиялык максаттардын жана мыйзам актыларынын сакталышы көз карашынан банктык топтун катышуучуларынын бардык иш-чөйрөсүн жүзөгө ашырууда ички контролдуктун шайкештигин текшерүүгө, топтун катышуучуларынын ишинде келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерге баа берүүнү кошуу жөнүндө талапты белгилейт. 

38. Банктык холдингдик компаниянын же банктык топту жетектеген банктын байкоо жана аткаруу органдары банктык топтун катышуучуларынын ишине таасир этүүсү ыктымал болгон тобокелдиктер жөнүндө билүүгө жана аларга тиешелүү контролдукту жүзөгө ашырууга тийиш. Аткаруу органы чейрек сайын кеминде бир жолу, ал эми зарылчылык келип чыккан шартта, дароо эле банктык холдингдик компаниянын же банктык топту жетектеген банктык топтун ишиндеги орун алган тобокелдиктер, ошондой эле аларды өз учурунда аныктап жана четтетүү жагында көрүлгөн чаралар тууралуу кат жүзүндө байкоо органына маалымдайт. 

39. Банктык холдингдик компания акционерлердин жалпы жыйынында бир жылга дайындалган, байкоо органынын 3-5 мүчөсүнөн турган Аудит боюнча комитетти түзүүгө тийиш. Банктык холдингдик компаниянын аткаруу органынын мүчөлөрү же анын кызматкерлери бир эле учурда Аудит боюнча комитеттин мүчөсү боло алышпайт. Аудит боюнча комитеттин мүчөсү аткаруу органынын мүчөсү же банктык холдингдик компаниянын туунду банкынын же туунду компаниясынын кызматкери боло албайт. 

6-глава 

Банктын туунду жана караштуу компанияларына карата талаптар 

40. Банк туунду же караштуу компанияларды түзүп же сатып ала алат. Мында, аларга контролдукту жүзөгө ашырган же анда банктык холдингдик компаниянын же Улуттук банктан лицензия алган банктын туунду жана/же караштуу компаниялары катышкан юридикалык жактар туунду жана/же караштуу компанияларды түзүүгө жана/же сатып алууга укугу жок. 

41. Банктык топко кирген туунду жана/же караштуу компаниялар иштин төмөнкү түрлөрүн гана жүзөгө ашыра алышат: 

1) банк ишин; 

2) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамына ылайык микрофинансылык иштерди; 

3) Кыргыз Республикасынын "Инвестициялык фондулар жөнүндө" мыйзамына ылайык инвестициялык фондулардын ишин; 

4) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруу уюмдар жөнүндө" мыйзамына ылайык камсыздандыруу ишин; 

5) Кыргыз Республикасынын "Аудитордук иш жөнүндө" мыйзамына ылайык аудитордук ишти; 

6) Кыргыз Республикасынын "Бухгалтердик эсепке алуу жөнүндө" мыйзамына ылайык, бухгалтердик эсепке алууну уюштуруу жана жүргүзүү боюнча иштерди; 

7) лизинг ишин; 

8) ломбарддардын ишин; 

9) төлөм кызмат көрсөтүүлөр боюнча төмөнкү иштерди: 

- эсеп ачуусуз эле үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү

- үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана төлөм системасынын катышуучуларына берүү (процессинг); 

- үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана банктар аралык сыяктуу эле, банктык эмес төлөм системаларынын катышуучуларына берүү (банктар аралык процессинг); 

- электрондук акча эквивалентиндеги алдын ала төлөнгөн карттарды чыгаруу, таркатуу, төлөөгө кабыл алуу жана тастыктоо; 

10) карыздык милдеттенмелерди сатып алуу жана сатуу (факторинг); 

11) үчүнчү жактардан милдеттенмелердин акчалай түрүндө аткарылышын талап кылуу укугун алуу; 

12) кардардын тапшыруусу боюнча баалуу кагаздарды сатып алуу жана сатууну кошо алганда, брокердик кызмат көрсөтүүлөрдү анын нускоосу боюнча жүзөгө ашыруу; 

13) жеке адам же юридикалык жактар менен келишим боюнча мүлктү ишеним боюнча тескөөгө алууну (траст) жүзөгө ашыруу; 

14) карыздык баалуу кагаздарды чыгарууну эске албаганда, ченемдик укуктук актыларга ылайык, өз атынан баалуу кагаздарды чыгаруу; 

15) ченемдик укуктук актыларга ылайык, баалуу кагаздарды компания үчүн өз атынан сатып алуу жана сатуу; 

16) компаниянын ишине байланыштуу консультациялык жана маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо. 

42. Банктын туунду же караштуу компанияны түзүүсү же сатып алуусу, Улуттук банктын кат жүзүндөгү уруксатынын негизинде жүзөгө ашырылат. 

43. Банктын туунду же караштуу компанияны түзүүсү жана/же сатып алуусу, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипке ылайык ишке ашырылат. 

44. Туунду же караштуу компанияны түзүү же сатып алуу банктык топтун уюштуруу түзүмүнүн ачык-айкындуулугун бузууга тийиш эмес. 

45. Эгерде, түзүлүп же сатып алынып жаткан компания чет өлкөлүк болуп жана финансы секторуна көзөмөлдүк органы тарабынан жөнгө салынууга тийиш болсо, анда билдирмеде бул компания түзүлгөн өлкөдөгү көзөмөлдүк режими жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш. 

46. Чет өлкө туунду же караштуу компаниясын түзүп же сатып алып жаткан банк, төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш: 

1) ушул жобонун талаптарынын банк тарабынан аткарылышы үчүн зарыл болгон бардык маалыматтардын, туунду же караштуу компания тарабынан банкка берилишин; 

2) башка жактар менен жалпы кызыкчылыктардын түптөлүшүнө бөгөт коюу, анткени алар банктык топтун түзүмүнүн ачык-айкындуулугуна тиешелүү Улуттук банктын талаптарынын бузулушуна алып келиши ыктымал. 

47. Эгерде, алардын негизинде банк түзүүгө уруксат берүүдөн баш тартууга мүмкүн болгон фактылар маалым болсо же туунду же караштуу компания Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында уруксат берилбеген ишкердикке тартылгандыгы айкын болсо, Улуттук банк, туунду же караштуу компанияларды түзүүгө же сатып алууга өз макулдугунан баш тартышы мүмкүн. 

48. Эгерде, Улуттук банк өз уруксатын кайтарып алса банк, туунду компаниянын ага тиешелүү болгон акцияларын банк менен байланыштуу болбогон жактарга, Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөт ичинде сатууга тийиш. 

49. Эгерде банк, Улуттук банктын алдын-ала кат жүзүндөгү макулдугусуз эле туунду, караштуу компанияларды түзүп же сатып алган болсо, мындай бүтүм анык эмес катары эсептелинет. 

7-глава 

Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдер 

50. Улуттук банк, банктык топ аткарууга милдеттүү болгон төмөнкү экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилейт: 

1) капиталдын (өздүк каражаттардын) шайкештик коэффициенти; 

2) бир карыз алуучуга карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмү

3) ликвиддүүлүк ченеми; 

4) банктык топтун тобокелдиктерин басаңдатуу жана бул топко кирген банктардын аманатчыларынын таламын коргоо үчүн зарыл болгон башка ченемдер жана талаптар. 

51. Банктык топтун капиталынын (өздүк каражаттарынын) шайкештик коэффициенти (К) кеминде 12% болбоого тийиш. Ал банктык топтун курамына кирген коммерциялык банктын таза суммардык капиталынын жана банктык топтун катышуучуларынын өздүк капиталынын (өздүк каражаттарынын) суммасынын, банктык топтун курамына кирген коммерциялык банктын тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнгөн активдеринин суммасына жана банктык топтун суммардык активдерине карата катышы катары төмөнкү формула боюнча аныкталат. 

К = СК/СА х 100%, мында: 

СК - бул, банктык топтун курамына кирген коммерциялык банктын таза суммардык капиталынын жана банктык топтун катышуучуларынын өздүк капиталдарынын (өздүк каражатынын) суммасы. 

СА - бул, банктык топтун катышуучуларынын суммардык активдеринин жана банктык топтун курамына кирген коммерциялык банктын туунду жана/же караштуу компанияларына инвестицияларын минуска чыгаруу менен тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнгөн активдеринин суммасы. 

Банктык топтун курамына кирген коммерциялык банктын таза суммардык капиталы жана тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнгөн активдери, "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо жөнүндө" нускоого(6) ылайык аныкталат. Мында, банктык топтун курамына кирген коммерциялык банктын таза суммардык капиталын эсептөөдө, банктык топтун катышуучуларынын уставдык капиталына инвестициялар алынып салынат. 

Банктык топтун катышуучусунун өздүк капиталынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык аныкталат. 

Кыргыз Республикасынын резидент эмеси болуп саналган банктык топтун катышуучусунун өздүк капиталынын өлчөмү, ал орун алган өлкөдөгү анын ишин жөнгө салган ыйгарым укуктуу органдын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат. 

Эгерде, банктык топтун катышуучусуна карата өздүк капиталдын өлчөмүн эсептөөнүн өзгөчө тартиби белгиленбесе, анда банктык топтун катышуучусунун капиталы, бухгалтердик эсепке алуунун жана финансылык отчеттуулуктун белгиленген нормаларына ылайык, анын активдери менен милдеттенмелеринин ортосундагы айырма катары аныкталат. 

52. Ликвиддүүлүк ченемин 30%дан төмөн эмес деңгээлде колдоп туруу зарыл. 

Ликвиддүүлүк ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

ЛА = ЛА/М, мында: 

ЛА - банктык топтун катышуучуларынын ликвиддүү активдеринин суммасы, аларга төмөнкүлөр кирет: 

- банктын, банктык топтун катышуучусунун Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталган ликвиддүү активдери; 

- күрөөгө коюлгандарды эсептен чыгаруу менен баа берилгенден тартып 30 күндүн ичинде, акча каражаттарына айландырылышы мүмкүн болгон акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды камтыган, банктык топтун катышуучусунун Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык аныкталган ликвиддүү активдери. 

М - банктык топтун катышуучуларынын милдеттенмелеринин суммасы, аларга ликвиддүүлүк ченемин эсептөө үчүн төмөнкүлөр кирет: 

- банктын, банктык топтун катышуучуларынын Улуттук банктын укуктук ченемдик актыларына ылайык аныкталган милдеттенмелери; 

- банктык топтун катышуучуларынын Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык аныкталган милдеттенмелери, алар боюнча эсептөөлөр отчеттук күндөн кийинки 30 күндүн ичинде башталат. 

53. Банктык топтун бир карыз алуучусуна тобокелдиктин максималдуу өлчөмүӨ) төмөнкү маанилерден ашпоого тийиш: 

- банктык топ менен байланыштуу болбогон бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү - 15%; 

- банктык топ менен байланыштуу болгон бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү - 10%; 

Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүӨ) төмөнкүчө эсептелинет: 

МӨ = ЧК/К х 100%, мында: 

ЧК - чогуу алгандагы карыз, банктык топтун катышуучулары ага сунуштаган, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган бардык активдер боюнча бир карыз алуучунун жалпы карызы, анын ичинде: 

- кредиттер (төлөө мөөнөтүнө көз карандысыз); 

- факторинг; 

- финансылык ижара; 

- банктар аралык жайгаштыруулар: 

- капиталга инвестициялар; 

- карыздык милдеттенмелер формасындагы инвестициялар; 

- алууга каралган пайыздар; 

- негизинде кредитти алмаштыруучулар болуп саналган, карыз алуучуларга тике же кыйыр түрдө берилген каражаттардын башка түрлөрү боюнча; 

- ошол карыз алуучуга берилген баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммасы (гарантиялар, аккредитивдер, кредиттерди берүүгө милдеттенмелер); 

- катышуучунун үчүнчү тарапка карата кандай болбосун тобокелдиги, ал ошол карыз алуучу тарабынан талашсыз гарантияланууга тийиш; 

- мурда эсептен алынып салынган кредиттер, анын ичинде пайыздар. Ар бир карыз алуучунун кредиттик делосунда анын жана аны менен байланыштуу адамдардын мурда эсептен алынып салынган кредиттери жана пайыздары тууралуу маалыматтар көктөлүүгө тийиш: ал маалыматтарды карыз алуучунун жана аны менен байланыштуу адамдардын аты-жөнү, эсептен алынып салынган кредиттердин жана пайыздардын суммасы, эсептен алып салган күн жана анын себептери чагылдырылышы зарыл. 

К - банктык топтун курамына кирген коммерциялык банктын таза суммардык капиталынын жана банктык топтун катышуучуларынын өздүк капиталынын (өздүк каражаттарынын) суммасы. 

Банктык топ менен байланыштуу болгон бир карыз алуучунун тобокелдигинин максималдуу өлчөмүн сактоо, карыз алуучунун төмөнкү учурларында жүзөгө ашырылат: 

- банктык топтун курамына кирген болсо; 

- банктык топтун катышуучусунун аффилирленген жагы жана/ же инсайдеринен болсо; 

- башка карыз алуучулар менен биргелешип иштөө жөнүндө келишим же биргелешип иштөө жөнүндө келишим шарттарын (белгилерин) камтыган башка документ аркылуу байланыштуу болсо; 

- юридикалык жактын - карыз алуучулардын башкаруу органы тарабынан кабыл алынган чечимге тике же кыйыр түрдө олуттуу таасир этүүгө жөндөмдүү жак (үчүнчү жак аркылуу) болуп саналса. 

54. Компаниялар, анын ичинде банктык топко кирген банктар, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында алар үчүн белгиленген тиешелүү талаптарды жана экономикалык ченемдерди аткарууга тийиш. 

55. Экономикалык ченемдерди аткаруу жана тобокелдиктерди басаңдатуу үчүн банктык топко Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларында белгиленген максималдуу чектен төмөн, минималдуу чектен жогору болгон экономикалык ченемдер жана талаптар боюнча ички чектерди белгилөө сунуш кылынат. 

56. Банк, банктык топтун катышуучусу ага төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү берүү максатында кандайдыр бир жак менен бүтүмдөрдү жана/же операцияларды жүзөгө ашыра албайт: 

- банктык топтун катышуучусунун инсайдеринен жана аффилирленген жагынын алдындагы милдеттенмелерди төлөө

- банктык топтун катышуучусунун инсайдеринен жана аффилирленген жагынан кандайдыр бир мүлктү сатып алуу; 

- банктык топтун катышуучусунун аффилирленген жагы тарабынан эмитирленген баалуу кагаздарды сатып алуу; 

- банктын финансылык абалынын начарлоосуна алып келиши мүмкүн боло турган операцияларды/бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу. 

Банктык топтун катышуучусунун биринин инсайдери жана/же аффилирленген жагы, банктык топтун ар бир катышуучусунун инсайдери жана/же аффилирленген жагы болуп таанылат. 

57. Банктык холдингдик компания же банктык топту жетектеген банк, банктык топтун катышуучуларынын белгиленген талаптарды жана экономикалык ченемдерди аткаруусун камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат. 

8-глава 

Банктык топтордун Улуттук банкка берген отчеттору жана маалыматтары 

58. Банктык топ топтун түзүмүндөгү кандай болбосун бардык олуттуу өзгөрүүлөрдү кошо алганда, өз ишине тиешелүү маалыматтарды, ошондой эле банктык эмес туунду компанияларды же караштуу компанияларды түзүү, сатып алуу тууралуу маалыматтарды чечмелөөгө жана Улуттук банк тарабынан белгиленген формада, тартипте жана мөөнөттөрдө ага берүүгө тийиш. 

59. Банктык топту жетектеген банк же банктык холдингдик компания, эгер ошол компания Кыргыз Республикасынын резиденти болсо, Улуттук банкка мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетту/мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчетту (мындан ары - ПРО/ПРБО) өз алдынча сыяктуу эле, консолидацияланган негизде Улуттук банк тарабынан белгиленген формада берүүгө тийиш. ПРО/ПРБО, банктык холдингдик компания тарабынан Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттө өз алдынча, ал эми отчеттук мезгил аяктаган күндөн тартып 12 календардык күн ичинде чейрек сайын консолидацияланган негизде Улуттук банкка сунушталат. 

60. Банктык топту жетектеген банк же банктык холдингдик компания, анын ичинде башкы компания - Кыргыз Республикасынын резидент эмеси, уюштуруу документтерине, уставга, туунду же караштуу компаниялардын түзүмүнө киргизилген өзгөртүүлөр, алардын иш чөйрөсүнүн кеңейтилгендиги, туунду же караштуу компаниялардын кызмат адамдарынын алмашуусу, ошондой эле банктын туунду компаниялары тарабынан туунду компанияларды түзүү жана/же сатып алуусу жөнүндө маалыматтар, тиешелүү чечим кабыл алынган учурдан кийинки 30 күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө Улуттук банкка жөнөтүлөт. 

61. Банктык топту жетектеген банк же банктык холдингдик компания, анын ичинде башкы компания - Кыргыз Республикасынын резидент эмеси, жылдык отчетту, көз карандысыз аудитордук компания тарабынан тастыкталган жылдык финансылык отчет менен бирге, банктык топ жана банктык холдингдик компания үчүн ички контролдуктун шайкештигине баа берүүнү камтыган, отчеттук жыл аяктаган күндөн кийинки 180 күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө, өз алдынча жана консолидацияланган негизде Улуттук банкка сунуштайт. Бул отчеттордо ошондой эле, банктык холдингдик компаниянын бардык туунду жана караштуу компаниялары тууралуу маалыматтарды, анын ичинде анын аталышын, ээлик кылуу пайызын, банктык топтун ар бир катышуучусу тартылган иштин чөйрөсүн же түрлөрүн кошо алганда, банктык топтун иши жөнүндөгү маалыматтар камтылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 53/8 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

62. Жылдык отчетко банктык холдингдик компаниянын же банктык топту жетектеген банктын байкоо органынын, аткаруу органынын төрагасы жана башкы бухгалтери кол коюууга тийиш. 

9-глава 

Банктык топтун катышуучуларына карата колдонулуучу чаралар 

63. Банктык топтун катышуучулары тарабынан Улуттук банктын экономикалык ченемдеринин жана башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын бузулушуна жол берилиши учурунда, банктык топтун компанияларынын-катышуучуларынын кызмат адамдарынын анын иш коопсуздугуна жана финансылык туруктуулугуна, ошондой эле топтун катышуучуларынын, алардын кредиторлорунун жана аманатчыларынын таламдарына коркунуч туудурган укукка жатпаган аракеттери же аракеттенбей коюулары орун алган шартта, Улуттук банк, банктык топтун катышуучуларына карата Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзам актыларына ылайык, таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

64. Банктын аффилирленген жактары тарабынан Улуттук банктын жана/же банктык мыйзамдардын талаптарын бузууга жол берилген учурда же анын иши же финансылык абалы Улуттук банктын пикири боюнча, банктын финансылык туруктуулугуна жана банк аманатчыларынын таламына зыян келтирсе же келтире турган болсо, Улуттук банк аффилирленген жактан аныкталган кемчиликтерди жана мыйзам бузууларды четтетүү боюнча чара көрүүнү талап кыла алат. Улуттук банктын талаптары-жазма буйруктары Улуттук банк менен банктын аффилирленген жагынын ортосундагы кат жүзүндөгү келишим формасында болууга тийиш. 

65. Улуттук банк, банктын олуттуу катышуучуларынан аткарган иши же финансылык абалы, Улуттук банктын пикири боюнча банктын финансылык туруктуулугуна жана аманатчыларынын таламдарына зыян келтирген же келтириши мүмкүн болгон алар тарабынан контролдонуучу компанияларга карата чара көрүүнү талап кыла алат. 

Улуттук банктын талаптары - Улуттук банктын жазма буйругу же Улуттук банк менен банктын олуттуу катышуучуларынын ортосундагы жазуу жүзүндөгү келишим формасында болууга тийиш. 

66. Эгерде, Улуттук банктын ушул Жобонун 64-65-статьяларына ылайык койгон талаптары ал тарабынан белгиленген мөөнөттө аткарылбаса, Улуттук банк төмөнкүлөргө укуктуу: 

1) банктын туунду компаниясына тиешелүү учурда - бул компанияга кандай болбосун инвестицияларды токтотуусун банктан талап кылууга; 

2) банктык холдингдик компанияга тиешелүү учурда - банктык холдингдик компаниядан банкка контролдукту жүзөгө ашырууну, анын ичинде акциялар боюнча добуш берүүгө укукту тике же кыйыр түрдө жүзөгө ашырууну токтотууну жана акцияларды Улуттук банктын талаптарын аткаруу үчүн зарыл болгон мезгил ичинде үчүнчү юридикалык жакка (ишеним боюнча тескөөчүгө) ишеним боюнча тескөөгө өткөрүп берүүнү, ошондой эле зарылчылык келип чыккан шартта, ишеним боюнча тескөөчүнүн ага ишенип берилген акциялар боюнча добуш берүү укугун токтотууну талап кылууга; 

3) банктын аффилирленген жактарына тиешелүү учурда - аффилирленген жактардан жана/же банктан мындай аффилирленген жактар менен банктын ортосунда операцияларды жүргүзүү, бүтүмгө келишүүнү токтотууну талап кылууга; 

4) банктын олуттуу катышуучулары тарабынан контролдонуучу компанияларга тиешелүү учурларда, олуттуу катышуучудан төмөнкүлөрдү талап кылууга: 

а) банк ишине катышуусун, анын ичинде акциялар боюнча жана акцияларды үчүнчү юридикалык жакка (ишеним боюнча башкаруучуга) Улуттук банктын талаптарын аткаруу үчүн зарыл болгон мезгил ичинде ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүгө укугун тике же кыйыр түрдө жүзөгө ашыруусун токтотууну талап кылууга; 

б) жана/же банк менен олуттуу катышуучунун ортосундагы жана/же банк менен ага олуттуу катышуу жүзөгө ашырылып жаткан компаниянын ортосундагы тике же кыйыр түрдө операцияларды, бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруусун токтотууну талап кылууга. 

Улуттук банктын талаптарын чагылдыруу - Улуттук банктын жазма буйруусу же ушул Жобонун 66-статьясынын 1), 2), 3), 4)-пункттарында 

көрсөтүлгөн жак (жактар) менен Улуттук банктын ортосунда жазуу жүзүндөгү келишим формасында болууга тийиш. 

Банктын акцияларын ушул Жобонун 66-статьясынын 2) жана 4)-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда ишеним боюнча тескөөчүгө өткөрүп берүү алардын ортосунда келишилген кат жүзүндөгү макулдашуунун негизинде, ишеним боюнча тескөөчүнү Улуттук банкка макулдашуудан (анын жактыруусунан) кийин жүргүзүлөт. Келишимде төмөндөгүлөр (милдеттүү шарттар) каралууга тийиш: 

- ишеним боюнча тескөөчүнүн банкты башкарууга катышууга укугу; 

- ишеним боюнча тескөөчүнүн ушул Жобонун 66-статьясынын 4-пунктунда белгиленген учурларда баалуу кагаздар рыногунда акцияларды ажыратып алуу укугу. 

Ушул Жобонун 66-статьясынын 1, 2, 3, 4-пункттарында көрсөтүлгөн жактар тарабынан Улуттук банктын талаптары аткарылбаган учурда Улуттук банк, көрсөтүлгөн жактарды банктын акцияларын ишеним боюнча тескөөгө өткөрүп берүүгө ишеним боюнча тескөөчү менен келишим түзүүгө мажбурлоо максатында сотко кайрылууга укуктуу. 

67. Эгерде, Улуттук банктын ушул Жобонун 64-65-статьяларына ылайык коюлган талаптары ал тарабынан белгиленген мөөнөттө аткарылбаган болсо, Улуттук банк төмөнкүлөргө укуктуу: 

1) банктын туунду же караштуу компаниясына тиешелүү учурда - ошол компания мындан ары анын туунду же караштуу компаниясы болуп саналбай турган деңгээлге чейин өзүнүн инвестицияларын азайтуусун банктан талап кылууга; 

2) банктык холдингдик компанияга тиешелүү учурда - банкка контролдукту жүзөгө ашырууга уруксатты жокко чыгарууга жана банкка олуттуу катышууну жана контролдукту токтотууну талап кылууга; 

3) банктын башкы компаниясынын туунду компаниясына тиешелүү учурда - банктык холдингдик компания туунду компанияга же банкка контролдугун токтотуусун талап кылууга: 

4) банктын олуттуу катышуучулары болуп саналган компанияларга тиешелүү учурда - банктын олуттуу катышуучусу болуу укугуна уруксатты жокко чыгарууга жана банкка олуттуу катышууну токтотууну талап кылууга. 

Улуттук банктын талаптары - Улуттук банктын жазма буйругу же ушул Жобонун 67-статьянын 1, 2, 3, 4-пункттарында көрсөтүлгөн жактын (адамдардын) ортосундагы кат жүзүндөгү формада болууга тийиш. 

Ушул пунктта каралган учурларда банктын акцияларын ажыратып алуу Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылууга тийиш. 

Жогоруда аталган жактар тарабынан Улуттук банктын талаптары ал тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө аткарылбаган учурда, Улуттук банк өз талаптарынын соттук тартипте аткарылышын талап кылууга тийиш. 

68. Улуттук банк менен ушул Жобонун 64, 65, 66, 67-статьяларында көрсөтүлгөн жактын (жактар) ортосундагы келишим - бул, ошол жак (жактар) тарабынан аныкталган кемчиликтердин Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттө четтетилиши боюнча чараларды көрүүсү жөнүндө кат жүзүндө келишим. 

Улуттук банктын жазма буйруусу, аныкталган кемчиликтерди же мыйзам бузууларды Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө четтетилишине багытталган чаралардын милдеттүү түрдө аткарууга кабыл алынышына көрсөтмө болуп саналат. Улуттук банктын жазма буйруусуна карата даттануу анын аткарылышын токтотпойт. 

69. Улуттук банк, банктын, банктык холдингдик компаниянын кызмат адамына жана/же олуттуу катышуучусуна карата төмөнкү учурларда эскертүү чараларын жана санкцияларды колдонууга укуктуу: 

- көрсөтүлгөн адам Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талаптарын бузууга жол бергенде; 

- ал банктын финансылык туруктуулугуна жана анын аманатчыларынын таламдарына коркунуч келтирген жагдайды шарттаса; 

- ал өз кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланса; 

- ал мыйзамга жатпаган аракеттерге жол берсе; 

- эгерде ошол адам, кызмат ордун ээлөө үчүн зарыл болгон ишенимди актай албаса. 

Банктын, банктык холдингдик компаниянын кызмат адамына жана/же олуттуу катышуучусуна карата эскертүү чараларында жана санкцияларда, Улуттук банктын аларга тиешелүү акциялар боюнча добушка укугун токтотууну талап кылуу же банктын же анын аффилирленген жактарынын ишине андан-ары катышууга ушул Жободо каралган тартипте тыюу салуу укугу камтылат. 

Эгерде, ошол адамга карата мына ушундай тыюу салуу Улуттук банк тарабынан мыйзам актыларына ылайык белгиленген шартта, эч ким кызмат ордунда кала албайт же банктын же анын аффилирленген жактарынын ишине катыша албайт. 

Банктын же банктык холдингдик компаниянын кызмат адамына карата кылмыш иши козголгон болсо, Улуттук банк аны Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген тартипте кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө жазма буйрук чыгарууга, ал эми ошол адам кылмыш иши үчүн күнөөлүү деп таанылса, ээлеген кызматынан четтетүүгө укуктуу. 

70. Башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан көзөмөлдөнүүгө (контролдукка) тийиш болгон банктык топтун катышуучусуна (банк болуп саналбаган), банктын олуттуу катышуучусуна, жобонун ушул бөлүгүнө ылайык чаралар көрүлгөнгө чейин Улуттук банк, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга көрүлүүчү чаралардын негиздери жана мөөнөттөрү жөнүндө расмий түрдө билдирет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Улуттук банктын билдирүүсүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамына ылайык, банктык топтун катышуучусуна карата ал тарабынан көрүлгөн аракеттер (чаралар, санкциялар) же аракеттенбей коюулары жөнүндө Улуттук банкка маалымдоого тийиш. 

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын банктын же анын кредиторлорунун таламдарына коркунуч алып келген жагдайларды оңоо үчүн аракеттенбей койгон же жеткиликсиз аракеттенген учурда Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган кайсы болбосун чараларды көрүүгө укуктуу. 

71. Ушул Жобого ылайык банкка олуттуу катышууну же контролду жүзөгө ашырууга берилген уруксатты Улуттук банк алып салган учурда, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамынын 44-статьясынын 7-пунктунун жоболору колдонулат. 

72. Улуттук банктын пикири боюнча, банкты же анын аманатчыларын коргоо үчүн зарыл чаралардын көрүлүшүн талап кылган кооптуу жагдайлар орун алса, анда ал ушул Жободо көрсөтүлгөн чараларды токтоосуз колдонууга укуктуу. 

Банктарга жана банктык топтун башка катышуучуларына Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын башка жоболорунда каралган чаралар жана санкциялар колдонулушу мүмкүн. 

10-глава 

Финансы секторунун көзөмөл органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүлөр 

73. Эгерде, банктык топтун бир бөлүгү болгон компания башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан көзөмөлдөнүүгө же жөнгө салынууга тийиш болсо, Улуттук банк жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган банктык топтун ишин ар тараптуу жөнгө салуу жана аны көзөмөлдөө максатында, кызматташууга тийиш. 

74. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн колунда болгон жана банктык топко же анын кайсы болбосун катышуучусуна тиешелүү болгон төмөнкү маалыматтарды Улуттук банкка берет: 

- банктык топтун түзүмүн, контролдоочу адамдарды, кызмат адамдарын аныктоого мүмкүндүк берүүчү

- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жактыруусун же ага билдирүүнү талап кылган, банктык топтун кайсы болбосун катышуучусунун ээлик кылуу түзүмүндөгү, тескөө ишиндеги же уюштуруу түзүмүндөгү өзгөрүүлөр жөнүндө

- банктык топтун же банктык топтун катышуучусунун иши жана иш алып баруу саясаты жөнүндө

- банктык топтун жана анын катышуучуларынын финансылык абалы жөнүндө (капиталдын шайкештигине, жалпы кызыкчылыгы бар адамдар менен операцияларга, ички топтук тобокелдиктерге жана алынуучу пайдага өзгөчө көңүл бурулууга тийиш); 

- банктык топтун же анын катышуучуларынын ички контролдук системасын уюштурулушуна, тобокелдикти тескөө иши жөнүндө

- банктык топтун катышуучуларынын башкаруу органдарынан маалыматтарды топтоо жол-жобосу жана алынган маалыматты текшерүү жөнүндө

- банктын - банктык топтун катышуучуларынын ишине олуттуу таасир эте турган банктык топтун ичинде же анын катышуучуларында орун алган жагдайлар, жүргүзүлгөн операциялар, келишилген бүтүмдөр жөнүндө

- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын банктык топтун катышуучуларына карата көргөн чаралары жана санкциялары жөнүндө

- натыйжалуу банктык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка маалыматтар. 

75. Улуттук банк, консолидацияланган негизде көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу максатында, ошол ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын отчетторун жана башка материалдарын талап кылууга укуктуу. Ошондой эле ал, эгерде башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда Улуттук банкка зарыл болгон маалымат жок болсо, же башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан сунуш талган маалымат Улуттук банктын пикири боюнча жетишсиз болсо, банктык топтун катышуучуларынын ишине инспектирлөөнү жүргүзүүгө укуктуу. 

Көрсөтүлгөн компаниялар жана анын кызмат адамдары Улуттук банк өз ыйгарым укуктарын банктан же алардын кызмат адамдарынан кандайча талап кылынса, ошол деңгээлде жүзөгө ашыруусуна колдоо көрсөтүүсүнө жана ага тоскоолдук кылбоого милдеттүү

76. Банктык топтун ишин ар тараптуу жөнгө салуу жана көзөмөлдөө максатында, орун алган өлкө менен кабыл алган өлкөнүн көзөмөл органдарынын ортосунда консолидацияланган негизде кызматташуу жөнүндө меморандум түзүлүшү мүмкүн. 

 (1) Банктардын чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрүнө көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу принциптери. 

 (2) Аткаруу органы - компаниянын күндөлүк ишине жетекчиликти жүзөгө ашырган орган (башкарма, дирекция). 

 (3) Байкоо органы - уюштуруучулардын (акционерлердин) жалпы жыйындарынын аралыгында компанияга жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырган башкаруу органы (Директорлор кеңеши, байкоо органы). 

 (4) Ушул жобонун максатында компаниянын кызмат адамдары дегенден улам төмөнкүлөрдү түшүнүү зарыл: байкоо органынын төрагасы жана мүчөлөрү, аткаруу органынын төрагасы, аткаруу органын мүчөлөрү, компаниянын финансы, кредит боюнча башкы кызматкерлери, ошондой эле "компаниянын кызмат адамдары" дегенден улам, компаниянын саясатын аныктап же алар компанияда акысыз негизде иштегендигине же сыйакы алабы же жокпу, ага көз карандысыз, компаниянын негизги операцияларына катышууга ыйгарым укуктуу же анык катышкан жактарды да түшүнүү зарыл. Бул аныктама башка компаниянын кызмат адамдарына да таркатылат. 

 (5) Терс/олуттуу таасир дегенден улам, Улуттук банк тарабынан лицензиялануучу банктын Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабын бузуусуна түрткү бериши мүмкүн болуучу фактыларды же жагдайларды түшүнүү зарыл. 

 (6) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 21-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 23-августунда 94-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 18/2 "Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо жөнүндө" нускоонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу токтом менен бекитилген.