Кайта келүү

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын «31» майында 

№ 21/13 токтомуна карата тиркеме 

 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктардын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» 

ЖОБО 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

 

1. Бул жободо ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктар (мындан ары текст боюнча - ислам банкы), «ислам терезесине» ээ банктар жана банктык топтун башкы компаниясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына (мындан ары Улуттук банк) сунушталуучу финансылык отчеттордун курамы, мазмуну жана аларды түзүү, ошондой эле сунуштоо эрежелери аныкталган. 

Банктык топтун финансылык отчету банктык топтун башкы компаниясы тарабынан консолидацияланган негизде сунушталат (мындан ары - банктык топтун консолидацияланган финансылык отчету). 

Бул жобонун талаптары башкы компанияларга Кыргыз Республикасынын резиденттерине таркатылат.  

2. Ислам банкынын финансылык отчетунда отчеттук мезгил ичиндеги финансылык абал жана иш жыйынтыгы чагылдырылат. 

3. Финансылык отчетто ислам банкынын айкын финансылык абалы чагылдырылууга жана ал Ислам финансылык институттары үчүн бухгалтердик эсеп жана аудит уюмунун (мындан ары текст боюнча - AAOIFI) стандарттарына ылайык келүүгө тийиш, ал эми белгилүү бир стандарттар жок учурда, эгерде алар AAOIFI тарабынан бекитилген Шариат стандарттарына каршы келбесе, банк ФОЭС стандарттарын колдонушу мүмкүн. 

4. Ислам банкынын финансылык отчетунун максатынан болуп төмөнкүлөр саналат: 

1) ислам банкынын финансылык абалы, финансылык иш натыйжалары жана акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетторду мезгил-мезгили менен берип туруу аркылуу пайдалануучуларга экономикалык чечимдерди кабыл алууда зарыл болгон так маалыматтарды сунуштоо; 

2) активдер, милдеттенмелер, инвестициялык эсептердеги каражаттар, капитал, кирешелер жана чыгашалар (пайда жана чыгымды кошо алганда) жана акча каражаттарынын жылышы тууралуу маалыматтарды сунуштоо; 

3) ислам банкы тарабынан Шариат принциптери сакталып жаткандыгы, ошондой эле, эгерде болгон болсо, Шариат стандарттарына ылайык келбеген операциялар боюнча алынган пайда жана чыгымдын пайдаланылышына (тескөөгө алынышына) тиешелүү маалыматтарды кошо алганда, ислам банкы мындай принциптерди сактоо үчүн көргөн чаралары жөнүндө маалыматтарды сунуштоо. 

5. Ислам банкынын Директорлор кеңеши жана Шариат кеңеши тарабынан бекитилген эсепке алуу саясатынын курамында Ислам банкынын финансылык отчетторду түзүү тартиби камтылууга тийиш. 

6. Убактылуу администрация режиминде турган ислам банкы да финансылык отчетту ушул жобонун талаптарына ылайык сунуштайт. 

 

2-глава. Финансылык отчетту түзүүгө карата жалпы талаптар жана анын курамы 

 

7. Финансылык отчетто пайдалануучулар үчүн зарыл болгон бардык маалымат чагылдырылууга, алар толук жана так болууга тийиш. 

8. Ислам банкынын финансылык отчету өзүндө төмөнкүлөрдү камтыйт: 

1) финансылык абал жөнүндө отчет;   

2) чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет; 

3) өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет; 

4) акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет;   

5) кард акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жана пайдаланылышы жөнүндө отчет 

6) Шариат кеңешинин корутундусу; 

7) эсепке алуу саясаты жана финансылык отчетко карата эскертүүлөр;  

8) салыштыруу үчүн алынган мезгилдин башталышына карата абал боюнча финансылык абалы тууралуу отчет. 

Финансылык отчетко карата түшүндүрмө тил кат (чечмелөөлөр) кыска жана түшүнүктүү болууга, зарыл учурларда, финансылык отчеттун тиешелүү статьясына шилтеме келтирилүүгө тийиш. Финансылык отчетко кошо тиркелген түшүндүрмө тил кат (чечмелөөлөр) анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 

9. Финансылык отчеттун максаттарында ислам банкы үчүн отчеттук мезгил катары календардык жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгы саналат. 

10. Жаңы түзүлгөн ислам банкы үчүн алгачкы отчеттук жыл катары ал мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып 31-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгы эсептелет. 

11. Ал эми 1-октябрдан кийин түзүлгөн ислам банкы үчүн алгачкы отчеттук жыл катары ал мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып кийинки жылдын 31-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгы эсептелет. 

12. Өзгөчө учурларда гана, ислам банкынын отчеттук мезгил аралыгы өзгөрүүгө дуушар болуп, финансылык отчет бир жылдан узагыраак же андан аз мезгил аралыгы үчүн бериле турган болсо, ислам банкы финансылык отчетко карата кошумча төмөнкүлөрдү чечмелеп берүүгө тийиш: 

1) отчеттук мезгилден айырмаланган кыйла узак же кыйла кыска мезгил пайдаланылгандыгы себебин; 

2) финансылык отчетто берилген суммаларды толугу менен салыштыруу мүмкүн эместиги фактысы. 

Эгерде башкы жана туундуу компаниянын отчеттук күндөрү дал келбесе, анда туунду компания консолидациялоо максаттарында кошумча финансылык отчетту даярдайт. 

13. Ар бир олуттуу статья финансылык отчетто өзүнчө чагылдырылышы зарыл. Анчалык олуттуу болбогон суммалар мүнөзү же багыты боюнча окшош суммаларга топтоштурулууга тийиш. Финансылык отчетту түзүү максатында статьялардын олуттуулугу ислам банкы тарабынан Эсепке алуу саясатында өз алдынча аныкталат жана ал финансылык отчетко карата эскертүүлөрдө чечмеленип берилет. 

14. Финансылык отчеттун мазмуну жана формалары бир отчеттук мезгилден экинчисине карата ырааттуу (ырааттуулук принцибинде) көрсөтүлөт. 

15. Финансылык отчеттордогу статьяларды классификациялоо жана чечмелөөлөр төмөнкү учурларды эске албаганда, бир мезгилден экинчисине карата сакталууга тийиш: 

1) ислам банкынын операцияларынын мүнөзү олуттуу өзгөргөндүгүнөн же алардын финансылык отчету мындай өзгөртүүлөр орун алган жагдайлардын же операциялардын кыйла так берилишине алып келе тургандыгын далилдесе; 

2) өзгөртүүлөрдү киргизүү AAOIFI стандарттарына ылайык талап кылынса. 

16. Эгерде AAOIFI стандарттарында башкаларга уруксат берилбесе же талап кылынбаса, бухгалтердик отчеттун ар бир сандык көрсөткүчү боюнча өткөн отчеттук жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырылып чагылдырылууга тийиш. Салыштыруу үчүн алынган маалыматтар, өтүп жаткан мезгилге карата финансылык отчетту түшүнүү үчүн ылайыктуу болсо, баяндоо жана түшүндүрмө берүү бөлүгүндө камтылышы зарыл. 

17. Эгерде финансылык отчеттого статьялардын классификациясы өзгөртүлгөн болсо, салыштырма суммалар өтүп жаткан мезгилге салыштырып көрүүнү камсыз кылуу үчүн кайрадан классификацияланууга тийиш. Мындан тышкары, кандай болбосун кайра классификациялоонун мүнөзү, суммасы жана себептери чечмеленип берилүүгө тийиш. Эгерде, салыштырма суммаларды кайра классификациялоо иш жүзүндө максатка ылайыксыз болсо, ислам банкы суммаларды кайра классификациялоодо өзгөртүүлөрдү киргизүү себептерин жана мүнөзүн чечмелеп берүүсү зарыл. 

18. Финансылык отчетко ислам банк Башкармасынын Төрагасы жана башкы бухгалтери кол коюуга, ошондой эле ислам банкынын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. 

19. Финансылык отчеттун формаларында жана ал түзүлгөн күнү алар боюнча операциялар ишке ашырылбаган статьяларда «нөл» деген сандык маани көрсөтүлөт. 

20. Эгерде белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык келишимде башкасы көрсөтүлбөсө, ислам банкынын финансылык отчету Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында түзүлүүгө тийиш. 

21. Финансылык отчеттогу оңдолгон каталар ислам банк Башкармасынын Төрагасынын жана башкы бухгалтеринин кол тамгалары менен тастыкталат жана ага оңдоолор киргизилген күн көрсөтүлөт. 

22. Ислам банкынын жетекчилиги финансылык отчеттордун даярдалышы жана сунушталышы үчүн жоопкерчилик тартат. 

23. Банктык топтун консолидацияланган финансылык отчетунда анын бардык туунду, караштуу жана байланыштуу компанияларынын финансылык отчету камтылууга тийиш. Мында банктык топтун катышуучулары башкы компанияга сунушталган маалыматтын аныктыгы жана толуктугу үчүн жоопкерчилик тартат. 

24. Банктык топтун консолидацияланган финансылык отчетун түзүүдө башкы компания активдердин, милдеттенмелердин, капиталдын, кирешелердин жана чыгашалардын тиешелүү статьяларын бириктирүү аркылуу башкы жана туунду уюмдардын финансылык отчетторун ар бир сабы боюнча консолидациялайт.  

25. Консолидацияланган отчетто төмөнкү маалыматтар чечмеленүүгө тийиш:  

1) башкы компанияга тике же кыйыр түрдө, туунду компания аркылуу 50% жогору добуш берүү укугу таандык болбогон учурда, башкы жана туунду компаниялар ортосундагы өз ара иш алып баруу мүнөзү;  

2) туунду компаниялар аркылуу тике же кыйыр түрдө объекттин добуш берүү укугунун же потенциалдуу укугунун 50% жогору үлүшүнө ээ болуу аларды контролдоо мүмкүнчүлүгүн бербегендиги себептери; 

3) эгерде туунду компания консолидацияланган финансылык отчетту даярдоодо алынган отчеттук күнү же финансылык отчет мезгили башкы компаниянын отчеттук күнүнөн же финансылык отчеттук мезгилинен айырмаланса:  

- туунду компаниянын финансылык отчеттук күнү;  

- башка отчеттук күн же мезгил аралыгы пайдаланылгандыгы себеби;  

- туунду компаниянын каражаттарды башкы компанияга акчалай төлөнүүчү дивиденддер формасында өткөрүп берүү же болбосо карыздарды же аванстарды төлөө мүмкүнчүлүгүнө белгиленген олуттуу чектөөлөрдүн мазмуну жана көлөмү

- башкы компаниянын туунду компанияга катышуу үлүшүнүн аны контролдоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыроого алып келбеген өзгөрүүнүн, башкы компаниянын ээлик кылуучуларына туура келген капитал өлчөмүнө таасирин чагылдырган таблицаны;  

- башкы компания туунду компанияны контролдоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган шартта AAOIFI стандарттарына ылайык таанылган кирешелер жана чыгашалар (эгер болгон болсо) жөнүндө маалыматты чечмелеп берүүгө тийиш, ал эми белгилүү бир стандарттар жок учурда, алар AAOIFI тарабынан бекитилген Шариат стандарттарына каршы келбесе, банк ФОЭС стандарттарын пайдалана алат, анын ичинде:  

- мурдагы туунду компанияда сакталган инвестицияны контролдоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган күнгө карата адилет нарк боюнча таанылган кирешелердин же чыгашалардын бөлүгүн;  

- анын курамында киреше же чыгаша таанылган чогуу алгандагы киреше жөнүндө консолидацияланган отчеттогу статья (статьялар) (эгерде ал чогуу алгандагы киреше жөнүндө консолидацияланган отчетто өзүнчө сунушталбаса). 

26. Башкы компаниянын консолидацияланган финансылык отчету бирдиктүү экономикалык уюм катары банктык топ тууралуу финансылык маалыматтын сунушталышы үчүн төмөнкүлөрдү ишке ашыруу зарыл:  

- башкы компаниянын ар бир туунду компаниядагы инвестицияларынын баланстык наркын жана үлүшүн алып салуу;  

- отчеттук мезгил ичинде консолидацияланган туунду компаниялардын пайда же чыгымда контролдукка алынбаган катышуу үлүшүн аныктоо (же азчылык үлүшүн);  

- консолидацияланган туунду компаниялардын таза активдериндеги контролдукка алынбаган катышуу үлүшүн (же азчылык үлүшүн) башкы компаниянын анда катышуу үлүшүнөн өзүнчө аныктоо. Таза активдерде контролдукка алынбаган катышуу үлүшү (же азчылык үлүшү) төмөнкүлөрдөн турат:  

- ишкердик бириктирилген алгачкы күнгө карата контролдукка алынбаган катышуу үлүшүнүн (же азчылык үлүшүнүн) өлчөмү;  

- ишкердик бириктирилген учурдан тартып капиталдагы өзгөрүүлөргө контролдукка алынбаган катышуу үлүшү.  

27. Консолидацияланган финансылык отчетту түзүүдө банктык топ ичиндеги эсептешүүлөр, бүтүмдөр, кирешелер жана чыгашалар боюнча калдыктар толугу менен алынып салынууга тийиш.  

28. Туунду компаниянын финансылык отчетун консолидацияланган финансылык отчеттон алып салууга жол берилбейт, анткени анын иши банктык топтун башка катышуучуларынан айырмаланып турат.  

29. Туунду компаниянын финансылык отчетун консолидацияланган финансылык отчеттон алып салууга жол берилбейт, анткени инвестор катары тобокелдүү капиталга, өз ара фондусуна, трастка же ушул сыяктуу түзүмгө ээ уюм иш алып барат. 

30. Башкы компания менен туунду компаниянын өз ара иш алып баруусу милдеттүү түрдө ушул тараптар ортосунда операция ишке ашырылгандыгына же ишке ашырылбагандыгына карабастан, финансылык отчетто чечмеленип берилүүгө тийиш. 

31. Эгерде ошол башкы компаниянын Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан негизги компаниясы консолидацияланган финансылык отчетту Улуттук банктын талаптарына жана AAOIFI стандарттарына ылайык, ал эми белгилүү бир стандарттар жок учурда AAOIFI тарабынан бекитилген Шариат стандарттарына каршы келбеген ФОЭС стандарттарына ылайык түзүлүп, сунушталган болсо, башкы компания консолидацияланган финансылык отчетту сунуштоодон бошотулат.  

32. Туунду, биргелешип контролдукка алынган жана ассоциацияланган уюмдарга инвестициялар AAOIFI стандарттарына ылайык консолидацияланган финансылык отчетто чечмеленип берилет, ал эми белгилүү бир стандарттар жок учурда, AAOIFI тарабынан бекитилген Шариат стандарттарына каршы келбеген ФОЭС стандарттарына ылайык көрсөтүлөт. 

 

3-глава. Финансылык абал жөнүндө отчет 

 

33. Финансылык абал жөнүндө отчетто бухгалтердик баланс боюнча активдер жана милдеттенмелер алардын салыштырмалуу ликвиддүүлүгү чагылдырылган тартипте, өзгөчөлүгү боюнча топтоштурулат (ликвиддүүлүктүн азайуу деңгээлине же төлөө мөөнөттөрүнө жараша). 

34. Финансылык абал жөнүндө отчетто ислам банкынын активдери, анын милдеттенмелери, инвестициялык эсептердеги каражаттар жана капитал камтылууга тийиш. 

35. AAOIFI стандарттарына ылайык талап кылынган же уруксат берилген учурларды эске албаганда, активдер статьясы Финансылык абал жөнүндө отчеттогу милдеттенмелер статьясы менен өз ара чегерилбейт, мындай фактылар эскертүүлөрдө чечмеленип берилүүгө тийиш. Ал эми AAOIFIнин белгилүү бир стандарттары жок учурда, банк AAOIFI тарабынан бекитилген Шариат стандарттарына каршы келбеген ФОЭС стандарттарын колдонууга укуктуу. 

36. Финансылык абал жөнүндө отчетто Улуттук банк, башка банктар, акча рыногу боюнча башка өнөктөштөр жана кредиторлор, кардар/өнөктөштөр менен өз ара иш алып баруусу алардын өз ара көз карандылыгын так түшүндүрүү максатында өз-өзүнчө чагылдырылышы зарыл. 

37. Банк Финансылык абал жөнүндө отчетто же Өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчетто же болбосо Финансылык абал жөнүндө отчетко карата Эскертүүлөрдө төмөнкү маалыматтарды чечмелеп берүүгө тийиш:  

1) акционердик капиталдын ар бир классы үчүн:  

- чыгарууга уруксат берилген акциялардын саны;  

- чыгарылган жана толук төлөнгөн, ошондой эле чыгарылган, бирок толук төлөнбөгөн акциялардын саны;  

- акциялардын номиналдык наркы же номиналдык наркка ээ эмес акцияларды көрсөтүү;  

- бир мезгилдин башына жана акырына карата жүгүртүүдөгү акциялардын саны;  

- тиешелүү класс менен байланыштуу укуктар, артыкчылыктар жана чектөөлөр, анын ичинде дивиденддерди бөлүштүрүүгө чектөөлөр;  

- банк өзү же анын туунду же ассоциацияланган компаниялары тарабынан кармалып турган акциялары;   

- Улуттук банктын талаптарына ылайык түзүлгөн РППУну эске алуу менен активдердин наркы (финансылык отчетко карата эскертүүлөрдө). 

2) өздүк капитал чегинде ар бир камдын мүнөзүн жана максатын көрсөтүү.  

38. Банк, Финансылык абал жөнүндө отчетто же ага карата Эскертүүлөрдө ошол банктын операцияларына ылайык классификацияланган ар бир статьялардын андан аркы кичи класстарын чечмелеп берүүгө тийиш. 

39. Финансылык абал жөнүндө отчетто өзүндө кредиттик тобокелдикти  камтыган  активдерден тышкары, ошондой эле банктарга, кардарларга финансылык ижарадан тышкары бардык активдер нетто-негизи боюнча чагылдырылууга тийиш (алар боюнча тиешелүү РППУну алып салуу менен). Өзүндө кредиттик тобокелдикти  камтыган  активдер жана финансылык ижара номиналда активдердин ушул тобу боюнча түзүлгөн РППУну көрсөтүү менен чагылдырылат.  

40. «Финансылык абал жөнүндө отчет» формасынын аталышы «20__-жылдын «__» ___________ (аны кошо алганда) карата Финансылык абал жөнүндө отчет» деп берүү зарыл. Мында айдын, чейректин жана жылдын акыркы күнү көрсөтүлөт. 

41. Финансылык абал жөнүндө отчетто активдер, милдеттенмелер, инвестициялык эсептер жана капитал боюнча аралык жыйынтыктар чагылдырылышы зарыл. 

42. Инвестициялык эсептер жана алардын эквиваленттери боюнча жыйынтык Финансылык абал жөнүндө отчетто ислам банкынын милдеттенмелери менен капитал ортосундагы өзүнчө статья катары берилиши зарыл. 

 

 

 

4-глава. Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет 

 

43. Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчетто ислам банк ишинин натыйжасында алынган кирешелер жана чыгашалар өзгөчөлүгүнө жараша топтоштурулуп, кирешелердин жана чыгашалардын негизги түрлөрүн чагылдырууга тийиш. 

44. Төмөнкү учурларды эске албаганда, кирешелер жана чыгашалар статьялары өз ара чегерилбейт: 

- AAOIFIнин стандарттары буга уруксат берсе; же 

- мындай же ушул сыяктуу жагдайлардын натыйжасында келип чыккан пайда, чыгым жана аны коштогон чыгашалар олуттуу болбосо. Мындай суммалар бириктирилип, Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчетто чагылдырылат. 

45. Ислам банкы Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчетто же финансылык отчетко карата түшүндүрмө тил катта (чечмелөөлөрдө) ислам банкынын кирешелер жана чыгашалар өзгөчөлүгүнө негизденген классификацияны пайдалануу менен кирешелерге жана чыгашаларга талдап-иликтөөлөрдү чагылдырууга тийиш. 

46. Ислам банкы Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчетто же финансылык отчетко карата түшүндүрмө тил катта (чечмелөөлөрдө) финансылык отчетто камтылган мезгил аралыгы ичинде жарыяланган же сунушталган акцияларга дивиденддер суммасын көрсөтүүгө тийиш. 

47. «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчеттун» аталышы «20_-жылдын «__» ___________ (аны кошо алганда) карата Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» деп берүү зарыл. Мында айдын, чейректин жана жылдын акыркы күнү көрсөтүлөт. 

48. Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчетто ислам банкы жана инвестициялык эсеп ээлеринин капиталдан кирешелери, сарптоолору, алган пайдасы жана чыгымы өз-өзүнчө чечмеленип берилүүгө тийиш: 

1) сатып өткөрүүдөн жана инвестициялардан (каржылоодон) кирешелер; 

2) инвестициялоодон (каржылоодон) сарптоолор жана жоготуулар; 

3) инвестициялардан (каржылоодон) таза пайда (жоготуу); 

4) инвестициялык эсеп ээлеринин мудариб катары ислам банкынын пайдасындагы инвестициялардан (каржылоодон) пайда (чыгым) үлүшү

5) ислам банкынын инвестициялардан (каржылоодон) пайда (жоготуу) үлүшү

6) ислам банкынын мудариб катары чектелбеген инвестицияларынан киреше үлүшү

7) ислам банкынын мудариб катары чектелген инвестициялардан пайда үлүшү

8) эгерде болгон болсо, инвестициялык агент катары ислам банкы үчүн белгиленген төлөм өлчөмү

9) эгерде болгон болсо, Шариат стандарттарына ылайык келбеген операциялардан алынган кирешелер (чыгашалар); 

10) сатып өткөрүүдөн алынган башка кирешелер, сарптоолор, пайда жана чыгымдар; 

11) жалпы жана административдик сарптоолор; 

12) салыктарды төлөөгө чейинки таза пайда (жоготуу); 

13) салыктар (өз-өзүнчө чагылдырылууга тийиш); 

14) таза пайда (жоготуу). 

 

5-глава. Өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет 

 

49. Ислам банкы Өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчетту финансылык отчеттун өзүнчө формасы катары берүүгө жана анда төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш: 

1) бир мезгил ичинде алынган суммардык чогуу алгандагы киреше, анда башкы компаниянын ээлерине жана контролдукка алынбаган катышуу үлүшүнө тиешелүү жыйынтык суммалар өз-өзүнчө чагылдырылат; 

2) өздүк капиталдын ар бир компоненти ретроспективдүү пайдалануу же ретроспективдүү кайра эсептөө таасири. Мында, өздүк капиталдын ар бир компонентин суммардык корректировкалоо боюнча маалыматты өз-өзүнчө эсепке алуу саясатында жана каталарды оңдоодон улам келип чыккан өзгөрүүлөр боюнча чечмелөө зарыл; 

3) төлөнгөн капитал, ислам банкы тарабынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык түзүлгөн камдар жана ислам банкынын эрки боюнча өз-өзүнчө түзүлгөн камдар жана отчеттук мезгилдин башталышына карата бөлүштүрүлбөгөн пайданы, акчалай түрдө туюндурулган активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоонун натыйжасында келип чыккан пайданын суммасын мүмкүн болсо өз-өзүнчө чагылдыруу; 

4) отчеттук мезгил ичинде ислам банкы тарабынан ишке ашырылган капиталдык өзгөчөлүккө ээ операциялар жана бөлүштүрүүлөр; 

5) отчеттук мезгил ичиндеги таза пайда (чыгым); 

6) отчеттук мезгил ичинде ислам банкы тарабынан Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык түзүлгөн камды арттыруу (кыскартуу). 

50. Ислам банкынын бөлүштүрүлбөгөн пайдасы жөнүндө отчетунда төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

1) мүмкүн болгон жерде, бир мезгилдин башталышына карата бөлүштүрүлбөгөн пайда акчалай туюндурулган активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоонун натыйжасында келип чыккан суммаларды өз-өзүнчө чечмелеп берүү менен; 

2) отчеттук мезгил ичинде алынган таза пайда (чыгым); 

3) отчеттук мезгил ичинде ислам банкы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык түзүлгөн камдарына чегерүүлөр; 

4) отчеттук мезгил ичинде акционерлерге берилүүчү суммалар; 

5) мүмкүн болгон жерде, акчалай туюндурулган активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоонун натыйжасында келип чыккан суммаларды өз-өзүнчө чечмелеп берүү менен отчеттук мезгилдин акырына карата бөлүштүрүлбөгөн пайда.  

 

6-глава. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет 

 

51. Ислам банкынын акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетто, аларды операциялык, инвестициялык же финансылык ишкердик боюнча классификациялоо менен отчеттук мезгил ичинде акча каражаттарынын жана анын эквиваленттеринин жылышы жөнүндө маалымат чагылдырылууга тийиш. 

52. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетто нак акчанын жана бир мезгилдин баш жагына жана акырына карата акча наркына теңештирилген каражаттардын таза көбөйүүсү (кыскаруусу) чагылдырылууга тийиш. 

53. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетто транзакциялар жана төлөөлөрдү талап кылбаган же акча каражаттарынын же болбосо нак акчага теңештирилген каражаттардын (мисалы, акционерлер ортосунда бөлүштүрүү үчүн каралган дивиденддер же ислам банкынын акцияларындагы үлүштүн ордуна активдерди сатып алуулар) түшүүсүн шарттабаган башка чегерүүлөр чагылдырылууга тийиш. 

54. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетко карата Ислам банкынын акча каражаттарынын компоненттерине жана аларга теңештирилген каражаттарга карата саясаты кошо тиркелүүгө тийиш, ал Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетту даярдоо үчүн негиз катары колдонулат. 

 

7-глава. Кард акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жана алардын пайдаланылышы жөнүндө отчет 

 

55. Кард акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жана алардын пайдаланылышы жөнүндө отчет ушул Жобого карата 1-тиркемеге ылайык түзүлөт жана жылдык финансылык отчеттун курамында сунушталат. 

 

8-глава. Шариат кеңешинин корутундусу 

 

56. Шариат кеңешинин корутундусунда отчеттук мезгил ичинде операциялар шариат принциптерине ылайык жүргүзүлгөндүгүн тастыктаган маалымат камтылууга тийиш. 

57. Шариат кеңешинин корутундусу ушул Жобого карата 2-тиркемеге ылайык түзүлөт жана жылдык финансылык отчеттун курамында сунушталат. 

 

9-глава. Эсепке алуу саясаты жана финансылык отчетко карата эскертүүлөр 

 

58. Ислам банкынын Финансылык отчетуна карата эскертүүлөрдө жарыяланган финансылык отчеттордо келтирилбеген төмөнкү маалымат чечмеленип берилүүгө тийиш: 

1) ислам банкынын аталышы; 

2) ислам банкы каттоодон өткөн өлкө

3) ислам банкы уюштурулган күн жана анын уюштуруу-укуктук формасы; 

4) ислам банкынын башкы офиси жана анын ар бир өлкөдө иш алып барган туунду компаниялары жайгашкан жер; 

5) ислам банкынын иш багыты жана уставда каралган негизги банктык кызмат көрсөтүүлөрү

6) алардын финансылык отчеттору ислам банкынын отчетторуна дал келбеген ислам банкынын туунду компанияларынын аталышы, алар каттоодон өткөн өлкө, ислам банкынын ар бир туунду уюмунун ишинде катышуу үлүшү, алардын иш өзгөчөлүгү жана финансылык отчетторун ислам банкынын жыйынтыкталган финансылык отчетторунан алып салуу себептери; 

7) ислам банкынын башкаруу компаниясынын, ошондой эле болгон болсо, алардын филиалдарынын аталыштары; 

8) Шариат кеңешинин ислам банкынын ишиндеги ролу жана анын ыйгарым укуктары; 

9) ислам банкы жана анын филиалдары каттоодон өткөн өлкөнүн жана башка өлкөлөрдүн салык алуу эрежелери. Эгерде ислам банкы каттоодон өткөн өлкөдө жана башка өлкөлөрдө жеңилдетилген салыктан пайдаланылса, мындай салык каралган мезгил аралыгын жана аны колдонуунун калган бөлүгүн көрсөтүү зарыл. 

59. Финансылык отчетко карата эскертүүлөр системага салынган түрдө чагылдырылууга тийиш. Финансылык абал жөнүндө отчеттун, Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчеттун жана Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчеттун ар бир статьясы боюнча аларга тиешелүү кандай болбосун маалыматтарга шилтемелер келтирилүүгө тийиш. 

60. Ислам банкынын финансылык отчетуна карата эскертүүлөрдөгү эсепке алуу саясатынын бөлүгүндө төмөнкүлөр каралууга тийиш: 

1) эсепке алуу саясатынын аныктамасы, анда ислам банкы тарабынан финансылык отчетторду даярдоо жана жарыялоо үчүн эсепке алуу принциптери, негиздемелер, эрежелер жана ыкмалар камтылат; 

2) финансылык отчетторду даярдоодо жана жарыялоодо колдонулган так жана кыскача баяндалган эсепке алуу саясаты; 

3) финансылык отчетко карата түшүндүрмөлөрдө бухгалтердик эсепке алуунун негизги принциптерин чагылдыруу ыкмалары; 

4) буга чейин белгилүү бир транзакциялар менен жагдайларды жөнөкөй транзакциялар жана жагдайлар менен салыштырып көрүүдө айкын айырмачылыктын келип чыгышынан улам жаңы эсепке алуу саясатын кабыл алуу; 

5) алгач ирет келип чыккан же буга чейин орун алган, бирок олуттуу мааниге ээ болбогон транзакциялардан же окуялардан улам жаңы эсепке алуу саясатын кабыл алуу; 

6) өткөн мезгилдеги финансылык отчеттордун статьяларын классификациялоого салыштырганда, өтүп жаткан мезгилге карата финансылык отчеттордун пункттарын классификациясындагы өзгөрүүлөр; 

7) инвестициялык эсеп ээлери менен мудариб же өз акча каражаттары менен инвестицияларга катышкан же катышпаган инвестициялык менеджер катары ислам банкы ортосунда инвестициялардан (каржылоодон) түшкөн пайданы (чыгымды) бөлүштүрүү үчүн ислам банкы тарабынан колдонулган ыкмалардын чагылдырылышы. 

61. Эсепке алуу саясатында өзгөрүүлөр, анын ичинде өтүп жаткан же мурдагы мезгилдерде финансылык көрсөткүчтөргө таасирин тийгизбеген, бирок келечекте таасирин тийгизиши мүмкүн болгон өзгөрүүлөр чагылдырылууга тийиш. 

62. Эсепке алуу саясатына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө жаңы саясат ретроспективдүү колдонулат, башкача айтканда ислам банкы алардын канчалык деңгээлде жүзөгө ашырылышына жараша акыркы мезгил үчүн финансылык отчетторду түзүү аркылуу өткөн мезгилдер үчүн салыштырма маалыматтарга карата колдонууга тийиш. 

63. Эгерде ага жол берилген болсо, өткөн мезгил үчүн финансылык отчеттордо табылган каталар, ката табылган бардык мезгил үчүн финансылык отчетторду жаңыдан түзүү аркылуу оңдолууга тийиш. 

Алгачкы мезгилдин башталышына карата бөлүштүрүлбөгөн пайда, чагылдырылбаган, бирок алардан каталар табылган мезгилдеги каталардын оңдолушунун суммардык таасирин чагылдыруу үчүн корректировкаланууга тийиш. 

64. Кошумча маалыматтар диаграммалардын, аналитикалык таблицалардын, графиктердин, өткөн жана отчеттук мезгил ичиндеги маалыматтардан алынган көчүрмөлөрдүн жардамы менен ишке ашырылышы мүмкүн. 

65. Ислам банкынын финансылык отчетуна карата түшүндүрмөлөрдө төмөнкү маалыматтар камтылышы зарыл: 

1) ислам банкынын кызмат адамдары жөнүндө

2) ислам банкына тике же кыйыр түрдө ээлик кылууну же анын ишин тескөөнү жүзөгө ашырган кайсыл болбосун жеке адам же юридикалык жактар жөнүндө

3) ислам банкынын туунду жана/же караштуу компаниялары жана башка филиалдары жөнүндө маалыматтар; 

4) эсептөө ыкмасын жана алуучуларды көрсөтүү менен отчеттук мезгил ичинде AAOIFI стандарттарына ылайык түзүлгөн зекет фондусунун каражаттарын топтоо булактары жана алардын пайдаланылышы тууралуу маалыматтар, эгерде болгон болсо. 

66. Финансылык отчеттуулукка карата эскертүүлөрдө өзүндө  кредиттик тобокелдикти  камтыган  активдер, номиналдык суммасын көрсөтүү менен банктарга жана кардарларга/өнөктөштөргө сунушталган финансылык ижара,   банк тарабынан сунушталган, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер,  алар боюнча түзүлгөн РППУ өлчөмү, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин наркына тиешелүү маалыматтар милдеттүү түрдө чечмеленип көрсөтүлүүгө тийиш. Мында, түзүлгөн РППУ өлчөмү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык чагылдырылууга тийиш. 

Финансылык отчет жөнүндө отчетко жана Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчетко карата эскертүүлөрдө банктар милдеттүү түрдө отчеттук күнгө карата регулятивдик отчеттун алкагында пайданы/чыгымды чагылдырууга тийиш.  

 

10-глава. Эң баштапкы салыштырма мезгилдин башталышына карата финансылык абал жөнүндө отчет 

 

67. Эң баштапкы салыштырма мезгилдин башталышына карата финансылык абал жөнүндө отчет банк эсептик саясатты AAOIFI стандарттарына ылайык, ал эми белгилүү бир стандарттар жок учурда, AAOIFI тарабынан бекитилген Шариат стандарттарына каршы келбеген ФОЭС стандарттарына ылайык ретроспективдүү негизде кабыл алган учурда же ретроспективдүү кайра эсептөөлөрдү жүргүзүүдө же болбосо өз финансылык отчетунун статьяларын квалификациялоодо түзүлөт. 

 

11-глава. «Ислам терезесине» ээ банктын отчеттору 

 

68. «Ислам терезесине» ээ банк, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар боюнча кошумча (өзүнчө) финансылык отчетту банктын консолидацияланган финансылык отчетуна кошо тиркөө менен сунуштоого тийиш. 

69. «Ислам терезесине» ээ банктын Директорлор кеңеши жана Шариат кеңеши тарабынан бекитилген эсепке алуу саясатынын курамында Финансылык отчетту түзүү тартиби камтылууга тийиш. 

70. «Ислам терезесине» ээ банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялары боюнча кошумча (өзүнчө) финансылык отчету төмөнкүдөй финансылык отчеттордон турат: 

1) финансылык абал жөнүндө отчет;   

2) чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет; 

3) акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет;  

4) кард акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жана пайдаланылышы жөнүндө отчет; 

5) Шариат кеңешинин корутундусу;  

6) эсепке алуу саясаты жана финансылык отчетко карата эскертүүлөр. 

 

12-глава. Финансылык отчетту сунуштоо жана жарыялоо  

тартиби, мөөнөттөрү 

 

71. Банктар тарабынан күнүмдүк, айлык жана чейректик отчетту сунуштоо тартиби, мөөнөтү, ошондой эле финансылык отчетту жарыялоо Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жободо белгиленген мөөнөттө жана тартипте ишке ашырылат. 

 

13-глава. Корутунду жоболор 

 

72. Финансылык отчетто сунушталган финансылык отчеттордун, эсепке алуу документтеринин жана башка маалыматтардын аныктыгы, толуктугу жана сакталышы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык банк Башкармасынын төрагасына жүктөлөт. Банктын башкы бухгалтери финансылык отчеттордо бухгалтердик операциялардын жана жагдайлардын туура чагылдырылышы, бухгалтердик эсепке алуу регистрлеринин жана финансылык отчеттордун талапка ылайык сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.  

73. AAOIFIге өзгөртүүлөр жана толуктоолор колдонууга киргизилген учурда жана алар жарыяланган шартта, алар банк тарабынан ушул Жобого карата толуктоо катары пайдаланылууга тийиш.  

 

 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктардын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жобого карата 1-тиркеме 

 

20_____-жылдын __________карата кард акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жана алардын пайдаланылышы жөнүндө отчет 

________________________________________________________________________ 

(банктын аталышы жана жайгашкан орду) 

 

 

Аталышы 

Отчеттук мезгил катары 20XX-ж. 

Өткөн мезгил катары 20YY-ж. 

 

Баштапкы сальдо  

 

 

Кард хасан 

 

 

Кард хасан сунуштоо үчүн жеткиликтүү акча каражаттары 

 

 

 

Кард каражаттарын алуу булактары 

 

 

Күндөлүк эсептерден каражаттарды бөлүштүрүү  

 

 

Шариат стандарттарына ылайык келбеген кирешелерди бөлүштүрүү 

 

 

Банк ишинен тышкары алынган каражаттар 

 

 

Жыл ичинде каражат булактарынан түптөлгөн жыйынтык сумма 

 

 

 

Кард каражаттарын пайдалануу 

 

 

Билим берүү максаттарына кард хасан  

 

 

Чакан бизнес үчүн кард хасан  

 

 

Күндөлүк эсептер боюнча эсептешүүлөр  

 

 

10 

Жыл ичинде пайдаланылган каражаттардын жыйынтык суммасы 

 

 

 

Жыл акырына карата сальдо  

 

 

11 

Кард хасан 

 

 

12 

Кард хасан сунуштоо үчүн жеткиликтүү акча каражаттары 

 

 

 

Башкарманын Төрагасы (Жетекчи) 

___________________________________________ 

(Аты-жөнү, кол тамгасы) 

  

 

Башкы бухгалтер  

___________________________________________ 

  

(Аты-жөнү, кол тамгасы) 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктардын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жобого карата 2-тиркеме 

 

Шариат Кеңешинин корутундусу  

(үлгү

 

Биз, (аты-жөнү) ...., (аты-жөнү) ..., банкка (банктын/«ислам терезесинин» алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктын аталышы көрсөтүлөт) келишимге ылайык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган Шариат кеңешинин мүчөлөрү, Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн атынан  банктын (банктын/«ислам терезесинин» алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктын аталышы көрсөтүлөт) операциялары _____ жыл ичинде Шариат стандарттарына ылайык ишке ашырылгандыгын тастыктайбыз.   

  

Шариат кеңешинин атынан:  

  

(аты-жөнү) _________________________  

  

(аты-жөнү) _________________________   

…………………………………………. 

Бишкек ш.  

 

үнү)»