Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 

26-июнунда каттоодон өткөн. Каттоо номери 47-08 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2008-жылдын 28-майындагы 

N 22/4 токтому менен 

бекитилген 

Тике банктык көзөмөл жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/9, 2012-жылдын 11-июлундагы N 29/6, 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1, 2013-жылдын 25-сентябрындагы N 35/16,2016-жылдын 27-апрелиндеги 19/5, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1.1. Бул жобо Улуттук банктан лицензия алышкан коммерциялык банктарга жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына таркатылат (мындан ары банк/банктар). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

1.2. Жобо, "Кредиттик союздардын финансы компаниясы" ААКсы (мындан ары - Финансы компаниясы) жана катышуучулардан депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан жана/же Финансы компаниясынын алдында карызы бар кредиттик союздарга (мындан ары - банк/тар) бул уюмдардын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларга каршы келбеген бөлүгүндө, Кыргыз Республикасынын "Кредиттик союздар жөнүндө" мыйзамына ылайык, алардын өзгөчөлүгүн эске алуу менен таркатылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

1.3. Тике банктык көзөмөл банктын туруктуу жана ишенимдүү иши үчүн кооптуу жагдайлар орун алган шартта анын финансылык абалын чыңдоо боюнча тиешелүү чараларды өз убагында көрүп, абалды начарлатып, туруксуздукка дуушар кылуучу көйгөйлөрдүн тереңдеп кетишин алдын ала аныктап, четтетүү максатында, ошондой эле банктын финансылык абалын, эсепке алуу жана отчеттуулугун терең иликтөөгө алуу жана Улуттук банк тарабынан аныкталган башка максаттарда колдонулуучу таасир этүү чарасы болуп саналат. 

1.4. Тике банктык көзөмөлдүн негизги милдеттеринен болуп: банктын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн, банктагы башкаруу ишинин сапатын, эсепке алуу жана отчеттуулугун, абалдын начарлоосуна алып келе турган потенциалдуу тобокелдикти камтыган кайсы болбосун башка иш багыттарын кылдат иликтөөгө алып, так анализдөө; Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети (мындан ары - Комитет) тарабынан белгиленген ыйгарым укуктарга ылайык, операцияларга жеринде барып максаттуу, ыкчам мониторингди жана контролдукту жүргүзүү; ошондой эле финансылык абалды чыңдоо жана жакшыртуу боюнча Улуттук банк тарабынан көрүлгөн жана банктын өзү иштеп чыккан чаралардын аткарылышына контролдук саналат. 

 

2. Тике банктык көзөмөлдү киргизүү тартиби 

2.1. Тике банктык көзөмөлдү киргизүү чечимин Комитет кабыл алат. 

2.2. Көзөмөл боюнча комитет банкка тике банктык көзөмөлдүк милдеттерин аткаруу үчүн Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкерин/кызматкерлерди жөнөтөт. Эгерде, банкка бир канча ыйгарым укуктуу кызматкерлер (мындан ары - текшерүүчүлөр тобу) жөнөтүлсө, анда алардын жетекчиси (мындан ары - текшерүүчүлөр тобунун жетекчиси) дайындалат. Эгерде, банкка бир эле ыйгарым укуктуу кызматкер (мындан ары - текшерүүчү) жөнөтүлсө, анда ал текшерүүчүлөр тобунун жетекчисинин иш-милдетин аткарат (эгерде колдонулса). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы N 35/16, 2016-жылдын 27-апрелиндеги 19/5  токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2.2.1. Тике банктык көзөмөлдүктү киргизүү негиздемесине жараша текшерүүчүлөр тобунун саны жана курамы аныкталат. 

Аткарыла турган иш чөйрөсү, контролерлор/контролерлор тобу алардын аткарылышына түздөн-түз жоопкерчиликтүү болгон милдеттер тике банктык көзөмөлдүктү киргизүү максаттарына жана себептерине ылайык аныкталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 27-апрелиндеги N 19/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.2.2. Тике банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу учурунда банктын төлөм операцияларынын жүргүзүлүшүнө контролдук кылуу үчүн текшерүүчүлөр тобунун жетекчиси, зарылчылыгына жараша, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ыйгарым укуктуу кызматкерлерин жана банкта жүргүзүлгөн операциялар боюнча жеткиликтүү тажрыйбасы жана билими бар банктын кызматкерлерин ишке тарта алат. Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ыйгарым укуктуу кызматкерлерин ишке тарткан учурда Текшерүүчүлөр тобунун жетекчиси бул чечимди Көзөмөл боюнча комитети менен макулдашууга жана ошол кызматкерлердин жана алардын начальниктеринин кат жүзүндөгү уруксатын алууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 11-июлундагы N 29/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.3. Комитеттин тике банктык көзөмөлдү киргизүү жөнүндөгү токтомунда төмөндөгүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: 

- тике банктык көзөмөлдү киргизүү үчүн негиздер; 

- таасир этүү чарасын колдонуу мөөнөтү

- банк жана текшерүүчүлөр тобунун жетекчисин бере турган отчеттордун түрү жана мезгил аралыгы; 

- банктын (филиалдарды жана башка обочолонгон бөлүмдөрдү кошо алганда) жана текшерүүчүлөр тобун (анын ыйгарым укугун кошо алганда) ишинин өзгөчө шарттары/режими; 

- банктын Улуттук банкка жана текшерүүчүлөр тобуна карата милдеттери. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 11-июлундагы N 29/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.4. Тике банктык көзөмөл киргизилген күнү - Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү Көзөмөл боюнча комитеттин тике банктык көзөмөлдүктү киргизүү тууралуу токтомунун көчүрмөсүн банк башкармасына жөнөтөт, анда Комитеттин токтомунун баш сөзү жана көрсөтмө берүүчү бөлүгү да камтылат. Банктын башкармасы тике банктык көзөмөлдүк киргизилгендиги тууралуу банктын Директорлор кеңешине жана акционерлерине маалымдоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 11-июлундагы N 29/6, 2016-жылдын 27-апрелиндеги N 19/5 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2.5. Банкка (филиалдарын жана обочо жайгашкан бөлүмдөрүн кошо алганда) банкка жөнөтүлүүчү текшерүүчүлөр тобунун жетекчиси жана мүчөлөрү көзөмөл блогунун кызматкерлеринин жана/же Улуттук банктын областтык башкармалыктарынын/өкүлчүлүктөрүнүн ичинен дайындалат. 

2.5.1. Текшерүүчүлөр тобунун жетекчиси төмөнкүлөргө жооп берет: 

- Көзөмөл боюнча комитеттин тике банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу боюнча токтомунун аткарылышына; 

- тике банктык көзөмөлдүк милдеттеринин, анын ичинде ушул Жобонун 4.2-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттердин аткарылышына; 

- текшерүүчүлөр тобунун ишин жетектөөгө

- текшерүүчүлөр тобунун мүчөлөрүнүн ортосундагы милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө жана алардын аткарылышына. 

2.5.2. Текшерүүчүлөр тобунун жетекчиси Көзөмөл боюнча комитет менен макулдашуу аркылуу банктын филиалынын ишине контролдук кылуу укугун, банк иши боюнча жеткиликтүү тажрыйбасы жана билими бар банктын кызматкерине ыйгара алат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 11-июлундагы N 29/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.6. Банктын акчалай эсептешүү операцияларына контролдукту болжолдогон тике банктык көзөмөл режимин жүзөгө ашырууда Комитет, төмөнкүлөрдү белгилөөгө укуктуу: 

- банк акчалай эсептешүү операцияларын (бардыгын же айрымдарын) текшерүүчүлөр тобунун жетекчиси менен макулдашкандан жана анын колу коюлгандан кийин гана жүргүзүүгө тийиш экендиги талабын; 

- банктын айрым акчалай эсептешүү операцияларын убактылуу токтотуу боюнча текшерүүчүлөр тобунун ыйгарым укуктарын жана ал боюнча чечимдерди Улуттук банктын жетекчилиги менен макулдашуу тартибин; 

- акчалай эсептешүү операциялары боюнча суммалардын максималдуу өлчөмүн, банк көрсөтүлгөн суммадан жогору өлчөмдө операцияларды текшерүүчүлөр тобунун жетекчиси макулдашуусуз жана анын кол коюусуз жүргүзүүгө укугу жок. 

- тике банктык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу контролерго макулдашуу жана/же ага маалымдоо тартибин көрсөтүү менен банктын анда текшерүүчүлөр тобунун жетекчиси дайындалбаган филиалдары (сактык кассалары) тарабынан акчалай эсептешүү операцияларын жүргүзүү режимин. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 11-июлундагы N 29/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.7. Тике банктык көзөмөл киргизилген жана банктын операцияларын жеринде контролдой турган контролер дайындалган күндөн кечиктирилбестен, көзөмөл органы банктар аралык эсептешүүлөр жана төлөмдөр системасы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу уюмдарга Текшерүүчүлөр тобунун жетекчисинин кол үлгүсүсүн, белгилүү эсептердин иштөө режимин көрсөтүү жана бул эсептер боюнча акчалай эсептешүү документтери текшерүүчүлөр тобунун колтамгалары коюлганда гана кабыл алына тургандыгын жана Текшерүүчүлөр тобунун жетекчисинин кол үлгүсү коюлбаган учурда, банктын кызмат адамдарынын колтамгалары жараксыз болуп эсептелерин маалымдоо менен берет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 11-июлундагы N 29/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.8. Комитет банкта тике банктык көзөмөл жүзөгө ашырыла турган мөөнөттү белгилейт, ошондой эле Текшерүүчүлөр тобунун жетекчиси тарабынан Тышкы көзөмөл башкармалыгына жана Комитетке Банк Башкармасы жана бериле турган отчеттордун мезгил аралыгын аныктайт. 

Комитет банктын жана Текшерүүчүлөр тобунун жетекчиси отчетторун кароонун жыйынтыгы боюнча тике банктык көзөмөлдүн аракетин узартат же токтотот (мөөнөтүнөн мурда). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 11-июлундагы N 29/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.9. Банк Башкармасы тике банктык көзөмөлдү киргизген күндөн кийинки 10 күн ичинде банктын бардык акционерлерине тике банктык көзөмөл киргизилгендиги тууралуу маалымдоого милдеттүү

2.10 Тике банктык көзөмөлдүк режиминде турган банктын жетекчилиги операциялардын контролерлор тобуна макулдашылуусу талабын кошо алганда, Көзөмөл боюнча комитеттин токтомунун аткарылышы үчүн толук жоопкерчиликтүү болуп саналат. Көзөмөл боюнча комитеттин токтом талабы аткарылбай калган учурда банк жетекчилигине карата Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талабына ылайык тиешелүү таасир этүү чарасы колдонулат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 27-апрелиндеги N 19/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

3. Тике банктык көзөмөлдү киргизүүнүн негиздери 

3.1. Банкка убактылуу администрацияны дайындоо же банк операцияларын жүргүзүүгө лицензияны кайтарып алуу үчүн жетиштүү негиздер жок болгон учурда, Улуттук банк тике банктык көзөмөлдү киргизүүгө укуктуу. 

Тике банктык көзөмөлдү киргизүү үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат: 

- белгиленген убакыт ичинде банк тарабынан четтетилбеген финансылык көйгөйлөрдүн орун алышы; 

- банктын жана/же анын кызмат адамдарынын аракеттери тобокелдикти камтыйт деп эсептесе жана ал банктын туруктуу жана ишенимдүү абалына терс таасир этиши ыктымал болсо; 

- аманатчылардын жана башка кредиторлордун таламдарына доо кетирүүчү жагдайлар орун алса; 

- мыйзам талаптарын, Улуттук банктын ченемдик актыларын жана буйрууларын бузууга жол берилгендиги фактылары аныкталса жана алар, белгиленген мезгил ичинде банк тарабынан четтетилбесе; 

- банктын акционерлеринин курамында Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасы да анын катарына кирген Коопсуздук Кеңеши тарабынан аларга карата ошол мамлекеттердин жеке адамдар жана юридикалык жактар менен кызматташууга тыюу салынган жана/же чектөөлөрдү караган чечим (резолюция) кабыл алынган мамлекеттерде каттоодон өткөн, өз алдынча же чогуу алганда банктын акцияларынын он же андан көп пайызына ээлик кылган же тескөөгө алган жактардын болушу. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөр менен иш алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана башка мамлекеттик органдар Улуттук банктын өтүнүчү боюнча эл аралык санкцияларга тиешелүү маалыматтарды сунуштап турат;  

- банктын акционерлеринин курамында терроризмди каржылоого жана “арам” акчанын изин жашырууга каршы күрөшүү жагында эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана аны жайылтуу боюнча уюмдун ФАТФнын сунуш-көрсөтмөлөрүн кабыл албаган жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташууга катышпаган мамлекеттердин аймагында каттоодон өткөн жана ФАТФ аларга карата каршы аракеттерди көрүүгө мүчө-мамлекеттерди чакырган, өз алдынча же чогуу алганда банктын акцияларынын он же андан көп пайызына ээлик кылган же тескөөгө алган жактардын болушу. Мындай өлкөлөрдүн тизмеги Кыргыз Республикасынын кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жагында иш алып барган мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 27-апрелиндеги N 19/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.2. Банктын жана/же анын кызмат адамдарынын, тобокелдикти камтыйт деп эсептелген жана ал банктын туруктуу жана ишенимдүү абалына терс таасирин тийгизиши, ошондой эле аманатчылардын жана башка кредиторлордун таламдарына доо кетириши ыктымалдыгына алып келген аракеттерине төмөнкүлөр да кирет: 

- кооптуу жана алгылыксыз банк ишин жүргүзүү

- банктын жана анын кызмат адамдарынын банктын милдеттенмелеринин өз убагында аткарылбай калышына же такыр эле аткарылбай калышына алып келген же алып келиши ыктымал аракеттери же аракеттенбегендиги; 

- банктын жана анын кызмат адамдарынын акционерлердин, кызмат адамдарынын, аффилирленген жактардын жана алар менен жалпы кызыкчылыгы болгон байланыштуу жактардын мүдөөлөрүнө туура келген, бирок банктын финансылык абалына же аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун кызыкчылыктарына доо кетире турган аракеттери же аракеттенбегендиги; 

- банктын кызмат адамдарынын тобокелдүү операцияларды жүргүзүүдө тобокелдиктерге тиешелүү баа берүүнү жана контролдукту камсыз кылуу жагында аракеттенбей коюулары (же чара көрүү жөндөмсүздүгү); 

- банктын, акционерлердин, кызмат адамдарынын иши жөнүндө маалыматтын такталбаган, толук эмес түрдө берилиши; 

- банктын жана анын кызмат адамдарынын документтердин (кагаз жүзүндө жана электрондук формада) жоголушуна, уурдалышына, окшотуп жасоого алып келген, алардын кесепетинен банктын иши олуттуу финансылык жоготуу тобокелдигине, укуктук тобокелдикке, абройду жоготуу тобокелдигине дуушар болушун шарттаган аракеттери же аракеттенбегендиги; 

- банктын активдерин жана банктын сактоосунда турган күрөөлүк мүлктү жоготуу; финансылык алдоолор; натыйжасында банк жоготууларга жана чыгымга дуушар болгон, ыйгарым укугун кара ниеттик менен пайдалануулар. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 11-июлундагы N 29/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.3. Аманатчылардын жана башка кредиторлордун таламдарына потенциалдуу коркунуч келип чыккан шартта, банктын финансылык абалы үчүн мүмкүн болуучу терс кесепеттерге бөгөт коюу максатында тике банктык көзөмөл чарасы киргизилет. Жобонун 3.2 пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлардан тышкары, төмөндөгү учурларда да аманатчылардын жана башка кредиторлордун таламдарына потенциалдуу коркунуч келип чыгышы ыктымал, маселен: 

- банк жетекчилигинин (Директорлор кенешинин төрагасын, мүчөлөрүн) тез-тез алмашып туруусу, ушундан улам, Улуттук банктын жазма буйруктарын жана башка талаптарын аткарбай коюуга, өз учурунда аткара албай калууга жол берилип, банк ишин банктык мыйзамдарга жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аркеттенүү жагында мыйзамдарга ылайык камсыз кылууга банк жетекчилигинин жөндөмсүздүгү орун алып, ишти андан ары улап кетүү мүмкүнчүлүгү үзгүлтүккө учурап, ички контролдук системасынын солгундашы келип чыгат; 

- акционерлер ортосунда пикир келишпестиктер келип чыгып, анын натыйжасында банктын активдеринин сакталышы коркунучу орун алса; 

- банкта контролдукту жүзөгө ашыруучу акционерлерге карата кылмыш иши козголсо; 

- алардын кесепетинен ликвиддүүлүк тобокелдигинин олуттуу көбөйүүсү, депозиттердин жана тартылган башка каражаттардын агылып чыгуусу күчөгөн окуялар жана жагдайлар орун алса. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 27-апрелиндеги N 19/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Тике банктык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу 

4.1. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тике банктык көзөмөлдү киргизүү үчүн негиздерди, банктын финансылык абалын жана анын иш өзгөчөлүгүн, ошондой эле банктын абалына таасир этип жаткан же этиши мүмкүн болгон башка факторлорду жана жагдайларды эске алуу менен бул чараны киргизүүдө жана аны жүзөгө ашыруунун кайсы болбосун учурунда төмөнкүлөрдү белгилөөгө укуктуу: 

- банктын жоготуу тобокелдиги өтө жогору болгон операциялары боюнча чектөөлөр (жана/же убактылуу токтотуу талабы); 

- банкты капиталдаштыруу боюнча талапты; 

- алардын аракетинен же аракеттенбей коюусунан улам, банктын абалы начарлаган кызмат адамдарын алмаштыруу талабын; 

- депозиттерди тартуу боюнча операцияларга чектөөлөрдү коюу жана/же аларды убактылуу токтотуу талабын; 

- банктын абалына, анын финансылык абалын чыңдоого, ошондой эле аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун таламдарын коргоого коркунуч келтире турган тобокелдиктерди басаңдатууга багытталган башка талаптарды жана чектөөлөрдү

4.2. Комитет банкта тике банктык көзөмөлдүк чарасынын талаптарын аткаруучу текшерүүчүлөр тобунун жетекчисинин жана мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары жана милдеттерин аныктайт, негизгилерден болуп: 

- банктын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн, башкаруу ишинин сапатын, эсепке алуу жана отчеттуулукту, абалдын начарлап кетүүсүн шарттаган потенциалдуу тобокелдикти камтыган кайсы гана болбосун иш багытын кылдат иликтөөгө алуу, анализдөөлөрдү жүргүзүү

- банктын бүтүндөй финансылык абалына туруктуу, максатка багытталган жана ыкчам мониторингди, банктын жана/же анын кызмат адамдарынын операцияларына жана аракеттерине мониторинг жүргүзүү

- операцияларды убактылуу токтотуусун кошо алганда, банктын акчалай эсептешүү операцияларына, ошондой эле операциялар боюнча Көзөмөл боюнча комитет тарабынан белгиленген чектөөлөргө контролдук; 

- финансылык абалды чыңдоо жана жакшыртуу боюнча Улуттук банк сунуштаган жана банктын өзү тарабынан иштелип чыккан бардык чаралардын аткарылышына контролдук; 

- банктын дайыма берилүүчү отчетторду даярдоосуна жана берүүсүнө контролдук; 

- отчеттордун даярдалышы жана алардын Тышкы көзөмөл башкармалыгына, Улуттук банктын жетекчилигине берилиши; 

- Улуттук банктын жетекчилигине банкта түптөлгөн жагдай жана көрүлгөн чаралар тууралуу дайыма жана ыкчам (оозеки жана/же жазуу жүзүндө) маалымдоо, банктын жана анын кызмат адамдарынын банктын жалпы жана финансылык абалына коркунуч туудурган аракеттери же банктын Улуттук банктын талаптарын бузуу менен операция жүргүзүүсү жөнүндө дароо билдирүү

- көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугун, учурдагы абалды, банктагы жагдайга таасир эте турган факторлорду жана жагдайларды иликтөөнүн негизинде банкка жана анын кызмат адамдарына карата андан ары көрүлө турган чаралар жана аракеттер тууралуу Улуттук банктын жетекчилигине сунуштарды даярдоо. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 11-июлундагы N 29/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

4.3. Тике банктык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу максатында Текшерүүчүлөр тобунун жетекчиси зарылчылыкка жараша төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырууга укуктуу: 

- банк Башкармасынын Директорлор кеңешинин отурумун өткөрүүгө

- банктын Директорлор кеңешинин Төрагасын жагдай боюнча түшүндүрмө берүүгө жана кечиктирилгис чара көрүүгө өтүнүч менен чакырууга; 

- банктын Директорлор кеңешине банктын акционерлеринин кезексиз отурумун чакыруу жөнүндө сунуш киргизүү

- банктын бардык кардарлары жана алардын эсептери, банктын бардык баланстык эсептери тууралуу маалыматты алуу мүмкүнчүлүгүңдоо укугусуз, отчетторду окууга, түзүүгө жана чыгарууга) менен банктын автоматташтырылган банктык системаларына толук кирүү

- оңдоолорду киргизүүсүз, өчүрүп салууга укуксуз, окуп, кагазга чыгаруу мүмкүнчүлүгү менен банктын электрондук ченемдик базасынан толук пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу; 

- тиешелүү мамлекеттик органдардан жана башка уюмдардан зарыл болгон маалыматтарды алууга. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 11-июлундагы N 29/6, 2016-жылдын 27-апрелиндеги N 19/5 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

4.4. Тике банктык көзөмөлдүк шартында банк жетекчилиги банк иши, анын ичинде анын финансылык абалы, Улуттук банктын талаптарынын жана сунуш-көрсөтмөлөрүнүн аткарылышы, банктын финансылык абалын чыңдоо, тобокелдиктерди басаңдатуу, мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү, ошондой эле Улуттук банкка жана контролерлор тобунун жетекчисине банкты түптөлгөн оор жагдайдан чыгаруу боюнча иш-чаралар планын, мезгил-мезгили менен берилүүчү отчеттордун жана зарыл болгон жана/же талап кылынган башка маалыматтардын берилип турушу үчүн толук жоопкерчиликтүү бойдон калат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 11-июлундагы N 29/6, 2016-жылдын 27-апрелиндеги N 19/5 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

4.5. Банк жетекчилиги текшерүүчүлөр тобуна көмөк көрсөтүүгө жана тиешелүү так маалыматтарды жана документтерди жана банктын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын отурумдарына даярдалган отурум өткөрүлгөнгө чейин бардык материалдарды берүүгө, ошондой эле банкта тике банктык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды (имарат, компьютер, байланыш каражаттары, ж.б.) камсыз кылууга милдеттүү

Банктын жетекчилиги (Банк Башкармасынын мүчөлөрү) төмөнкүлөргө милдеттүү

- текшерүүчүлөр тобуна банктан аудио/видео жазууларды жүзөгө ашыра турган, аудио/видео жабдуулар орнотулбаган өзүнчө жай бөлүп берүүгө

- үчүнчү жактардын текшерүүчүлөр тобуна берилген жайга аудио/видео жабдууларды орнотууга тиешелүү кандай болбосун аракеттерине тыюу салууга; 

- банктын жана текшерүүчүлөр тобунун документтеринин коопсуздугун камсыз кылууга; 

- тике банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жабдуулар жана техника менен камсыз кылууга; 

- тышкы электрондук почтадан толук пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу;  

- банк жана/же анын кызматкерлери тарабынан контролерлор тобунун компьютердик станцияларында толук купуялуулуктун сакталышын камсыз кылуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 11-июлундагы N 29/6, 2016-жылдын 27-апрелиндеги N 19/5 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

4.6. Банк ишине тике банктык көзөмөл банктын бухгалтердик эсепке алуу маалыматтарынын, ошондой эле Текшерүүчүлөр тобунун төмөнкүлөрдү камтыган отчетторун жана маалыматтарын кошо алганда, банктык отчеттордун (мезгил аралыгы Комитет тарабынан аныкталат) негизинде жүзөгө ашырылат: 

- көйгөйлүүөөнөтү өткөрүлүп жиберилген, классификацияланган, пролонгацияланган, реструктуризацияланган) активдерди (активдин сапатынын начарлап кетүү себептерин иликтөө, активдерди/кредиттерди, анын ичинде банктын системадан тышкары эсепке алуусундагы суммаларды кайтарып алуу боюнча көрүлгөн чаралар, ликвиддүүлүк жана күрөө менен камсыз кылуу абалы ж. б. жөнүндө маалыматтар.); 

- тобокелдиктүү активдерди жана күрөө менен камсыз болбогон активдерди бөлүп көрсөтүү менен бардык активдерди классификациялоо (анын ичинде жакынкы аралыкта (бир жумадан ашпаган мөөнөттө) активдердин сапатындагы өзгөрүүлөргө жана классификациялануусуна баа берүү/болжолдоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга түптөлгөн камдардын өлчөмү тууралуу (мындан ары - РППУ) жана активдердин сапатындагы өзгөрүүлөргө берилген бааларды эске алуу менен болжолдуу өзгөрүүлөр, ж.б. жөнүндө маалыматтар); 

- ликвиддүүлүктүн учурдагы абалы (банктын активдеринин жана милдеттенмелеринин түзүмү; күндөлүк милдеттенмелердин аткарылышына болжолдоолор, каржылоо булактары боюнча маалыматтар, активдерди/милдеттенмелерди төлөө мөөнөттөрүндөгү айырмачылыктар тууралуу маалымат, ж.б.); 

- банк жетекчилигинин кызматтык милдеттерин аткаруусу учурунда, мыйзамдарга жана Улуттук банктын талаптарына ылайык иш коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылууга жөндөмдүүлүгүөндөмсүздүгү). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 11-июлундагы N 29/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

(4.7- пункту КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 19/5 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

 

4.8. Банк жана/же анын кызмат адамдары Көзөмөл боюнча комитеттин тике банктык көзөмөлдүктү киргизүү жөнүндө токтомунан баш тартса же тике банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу үчүн тоскоолдуктарды жаратышса, ошондой эле Көзөмөл боюнча комитеттин токтомунун нормаларын, анын ичинде токтомдун айрым пункттарын бузууга жол берилсе, текшерүүчүлөр тобу тарабынан тике банктык көзөмөлдүктү жүргүзүүгө каршы аракеттенүүлөр тууралуу акт түзүлүп, ага Текшерүүчүлөр тобунун жетекчисинин жана бардык мүчөлөрүнүн колу коюлат (1-тиркеме). 

Банк тарабынан ушул Жобонун, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын жана/же Көзөмөл боюнча комитет тарабынан белгиленген тике банктык көзөмөлдүк режиминин талаптарын (тапшырмаларды, чектөөлөрдү) бузууга жол берилген шартта, Улуттук банк банктык мыйзамдарга ылайык, банкка жана анын жетекчилигине карата, банк операцияларын жүзөгө ашыруу укугуна лицензияны кайтарып алууну кошо алганда, таасир этүү чараларын көрүүгө укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 11-июлундагы N 29/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

(1) Тышкы көзөмөл башкармалыгы 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

1 Банк жетекчилигинин тез-тез алмашуусу дегенден улам: Төраганын кийинки 12 ай ичинде 2 жолудан көп; Директорлор кеңешинин мүчөлөрү үчүн - Директорлор кеңешинин бүтүндөй курамынын акыркы 12 ай ичинде 2 жолудан көбүрөөк алмашуусун  (акционерлердин жылдык жыйынында Директорлор кеңешин шайлоону эске албаганда) түшүнүү зарыл.

 

  

  

  

Тике банктык көзөмөлдүк жөнүндө жобого карата 

1-тиркеме 

Тике банктык көзөмөлдүктү жүргүзүүгө каршы аракеттенүүлөр тууралуу 

АКТ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 11-июлундагы N 29/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

_______________________________________________________________________ 

(коммерциялык банктын (филиалынын, терминалдын, 

_______________________________________________________________________ 

аманат кассасынын) аталышы) 

_______________________________________________________________________ 

(банктын (филиалынын, терминалдын, аманат кассасынын) 

_______________________________________________________________________ 

жайгашкан орду, дареги, телефону) 

  

_________________________ 

үзүлгөн жер) 

  

"___" __________ 2012-ж. 

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкери/лери тарабынан ____________________ (Улуттук банктын кызматкерлеринин аты-жөнү) коммерциялык банктын атынан иш жүргүзгөн: 

_______________________________________________________________________ 

(кызматкеринин/леринин аты-жөнү

тике банктык көзөмөлдүктү жүргүзүүгө тоскоолдуктарды жаратты: 

_______________________________________________________________________ 

(банктын имаратына киргизбей койду, банктын текшерүүчүлөр 

_______________________________________________________________________ 

тобуна зарыл болгон документтерин берген эмес ж.б.) 

_______________________________________________________________________ 

Банктын кызматкерине/лерине Улуттук банктын текшерүүчүлөр тобу тарабынан банкка жана анын кызмат адамдарына тике банктык көзөмөлдүктү жүргүзүү учурундагы тоскоолдуктарга карата жоопкерчиликтер тууралуу эскертилген. 

Акт түзүлдү

____________________________________________ 

(Текшерүүчүлөр тобунун жетекчисинин аты-жөнү

___________________ 

(кызматы) 

____________ 

(Колтамгасы) 

  

  

  

___________________________________________ 

(Банк Башкармасынын Төрагасынын/анын, 

милдетин аткаруучунун аты-жөнү

___________________ 

(кызматы) 

____________ 

(Колтамгасы) 

тааныштырылды: 

  

  

  

  

  

___________________________________________ 

(Текшерүүчүлөр тобунун мүчөсүнүн аты-жөнү

___________________ 

(кызматы) 

____________ 

(Колтамгасы) 

  

  

  

___________________________________________ 

(Банктын тике банктык көзөмөлдүктү 

жүргүзүүгө тике же кыйыр түрдө 

тоскоолдуктарды жараткан кызматкеринин 

аты-жөнү

___________________ 

(кызматы) 

____________ 

(Колтамгасы) 

  

  

  

Актынын экинчи нускасын алды  

_________________________________ 

банктын кызматкеринин аты-жөнү 

  

  

___________________ 

(кызматы) 

________________ 

(Колтамгасы) 

Эгерде банк кызматкерлери ушул; актыга кол коюудан баш тартышса, текшерүүчүлөр тобу актыны банктын кеңсесине калтырын коюуга укуктуу, мында кол коюудан баш тартуу фактысы көрсөтүлүү менен акт, белгиленген тартипте каттоодон өткөртүлүүгө тийиш.