Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2018-жылдын 19-декабрындагы 

№ 2018-П-12/55-6-(НПА) 

токтому менен бекитилген  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында  

бузуулар боюнча иштерди кароо жөнүндө  

НУСКОО 

  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында бузуулар боюнча иштерди кароо жөнүндө бул нускоо (мындан ары Нускоо) аркылуу Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин (мындан ары Бузуулар жөнүндө кодекс) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) компетенциясына кирген тиешелүү беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштерди жүргүзүү жол-жобосу жөнгө салынат. 

 

1. Жалпы жоболор 

1. Улуттук банк Бузуулар жөнүндө кодекстин 209-216 жана 243-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароого алат.  

2. Улуттук банктын бузуулар боюнча иштерди козгоого ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдөрү (мындан ары - ыйгарым укуктуу бөлүм) болуп төмөнкүлөр саналат: 

1) Көзөмөл блогунун түзүмдүк бөлүмдөрү Бузуулар жөнүндө кодекстин 209-211, 213, 215, 216, 243-беренелеринде каралган бузуулар үчүн; 

2) Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы Бузуулар жөнүндө кодекстин 212-беренесинде каралган бузуулар үчүн; 

3) Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы Бузуулар жөнүндө кодекстин 213, 214-беренелеринде каралган бузуулар үчүн; 

4) Улуттук банктын областтык башкармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү (мындан ары областтык башкармалыктар) Бузуулар жөнүндө кодекстин  

209-214, 215 (областтык башкармалыктардын компетенциясынын чегинде), 216,  

243-беренелеринде каралган бузуулар үчүн; 

5) Төлөм системалары башкармалыгы Бузуулар жөнүндө кодекстин 209-211 жана 215, 216-беренелеринде каралган бузуулар үчүн. 

3. Бузуулар жөнүндө ишти кароого жана бул иш боюнча токтом чыгаруу аркылуу жаза чарасын колдонууга, ушул Нускоонун 12-пунктунда каралган учурларды эске албаганда, Улуттук банктын буйругу менен ыйгарым укук чегерилген жак (мындан ары ыйгарым укуктуу жак) укуктуу.  

Бузуулар жөнүндө ишти кароого даярдоодо жана ыйгарым укуктуу жак ишти кароодо ошол бузуу ишин кароо процессине милдеттүү түрдө бузуулар жөнүндө протокол түзгөн ыйгарым укуктуу бөлүмдүн начальниги, бузуулар жөнүндө протокол түзгөн Улуттук банктын кызматкери, Юридика башкармалыгынын кызматкери жана бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча отурумдардын катчысы катышат. 

4. Жеке жана юридикалык жактар бузууларды жасагандыгы үчүн Бузуулар жөнүндө кодекстин 209-216, 243-беренелеринин чегинде жоопкерчилик тартышат.  

5. Ушул Нускоонун 2-пунктунда белгиленген, жогоруда аталган Бузуулар жөнүндө кодекстин беренелеринде каралган бузууларды жасагандыгы үчүн Бузуулар жөнүндө кодекстин тиешелүү беренелеринде көрсөтүлгөн өлчөмдө айып пул салынат. 

Айып пул бул Бузуулар жөнүндө кодексте белгиленген учурларда, өлчөмдө жана тартипте жеке жана юридикалык жактарга бузууларды жасагандыгы үчүн салынуучу акчалай түрдө жаза чарасы.  

Айып пул түрүндөгү жаза чарасы бузуу жасалган күндөн тартып алты айдын ичинде, ал эми бузуу улантыла берсе, бузуу табылган күндөн тартып алты айдын ичинде колдонулушу мүмкүн. 

 

2. Бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү ачуу тартиби 

6. Бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү ачууга төмөнкүлөр жүйө болуп саналат: 

1) ыйгарым укуктуу бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан бузуу жагдайы бар экендигин көрсөткөн жетиштүү маалыматтардын түздөн-түз табылышы; 

2) укук коргоо же башка мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелерден бузуу жагдайы бар экендигин көрсөткөн маалыматтар камтылган материалдардын келип түшүүсү

3) жеке жана юридикалык жактардын билдирүүлөрү жана арыздары, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында (анын ичинде интернетте) бузуу жагдайын көрсөткөн маалыматтарды камтыган билдирүүлөр. 

7. Бузуу фактылары аныкталган учурда ыйгарым укуктуу бөлүм тарабынан бузуулар жөнүндө протокол (1-тиркеме) түзүлөт. Ар бир протокол ыйгарым укуктуу бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Бузууларды каттоо боюнча бирдиктүү реестрге (мындан ары - Бирдиктүү реестр) киргизилүүгө тийиш. 

8. Бузууларды жасаган жакка карата протокол түзүүдө анын инсандыгын тастыктаган документтери жок болсо жана ал өз инсандыгын тастыктоодон жана жашаган жери тууралуу маалымат берүүдөн баш тартса, анда ыйгарым укуктуу бөлүмдүн кызматкерлери анын инсандыгын тастыктоо үчүн бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан жакты укук коргоо органынын тиешелүү жайына жеткирүүгө ыйгарым укук чегерилген укук коргоо органдарына кайрылууга укуктуу. Протокол укук коргоо органынын өкүлдөрү менен биргеликте түзүлөт жана бул учурда протокол түзүү мөөнөтү 3 (үч) сааттан ашпоого тийиш.  

9. Бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан жак протоколго кол коюудан баш тарткан учурда, протоколго бул тууралуу жазылат. Бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан жак протоколго кошо тиркеле турган сын-пикирлерди, түшүндүрмөлөрдү берүүгө жана ага кол коюудан баш тартуусунун жүйөсүн баяндап берүүгө укуктуу. 

10. Протокол 2 (эки) нускада түзүлүп, алардын бири бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан жакка кол койдуруу менен тапшырылат. 

11. Ыйгарым укуктуу бөлүм бузуу жөнүндө протоколду ал түзүлгөн учурдан тартып бир күн ичинде бузуу фактыларынын далилдерин жана/же бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан жактын түшүндүрмөсүн камтыган башка материалдар менен кошо ыйгарым укуктуу жакка берет. Мындан тышкары, көрсөтүлгөн материалдардын көчүрмөлөрү Юридика башкармалыгына (зарыл болгон учурларда башка түзүмдүк бөлүмдөргө) тиешелүү корутунду алуу үчүн жөнөтүлөт. Юридика башкармалыгы материалдарды алган күндөн тартып эки жумуш күн ичинде макулдашууга тийиш.  

Ыйгарым укуктуу бөлүм Юридика башкармалыгынын бузуу жөнүндө иш боюнча корутундусун алган күндөн тартып бир иш күн ичинде аны ыйгарым укуктуу жакка берет.  

12. Эгерде жак бузууну жасагандыгы тууралуу фактыны, ага айып пул түрүндө жаза чарасын жана кошумча укуктук кесепеттердин колдонуларын талашып-тартышпаса, бузуу жасалган жерде каралып жана чечилиши мүмкүн. Бул учурда бузуу жасалган жерде токтом чыгарылат (1-тиркеме). 

Токтомго протокол түзгөн кызматкер кол коёт жана анын көчүрмөсү бузууну жасаган жакка тапшырылган учурдан тартып күчүнө кирет. 

Бузууну жасаган жактын аны жасаган жерде кароого макулдугу Бузуулар жөнүндө кодекстин талаптарына ылайык, ага карата жаза чарасын жана кошумча укуктук кесепеттерди колдонууга анын макулдугун билдирет. 

 

3. Бузуу жөнүндө ишти кароого даярдоо 

13. Ыйгарым укуктуу жак бузуу жөнүндө ишти кароого даярдоодо төмөнкү маселелерди аныктайт: 

- бул ишти кароо Улуттук банктын компетенциясына кирерин;  

- бул ишти кароо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган жагдайлардын бар экендигин;  

- бузуулар жөнүндө протоколдун, ошондой эле иш боюнча башка материалдардын так/туура түзүлгөнүн жана таризделгенин;  

- бузуу жөнүндө өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдайлардын болушун;  

- бузуунун маңызы боюнча кароо үчүн иш боюнча материалдардын жетиштүү экендигин;  

өтүнүчтөрдүн жана четтетүүлөр бар экендигин.  

14. Ыйгарым укуктуу жак бузуулар жөнүндө ишти кароого даярдоодо төмөнкүлөр жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу: 

- ишти кароо убактысын жана ордун дайындоо (2-тиркеме); 

- жактарды чакыруу, иш боюнча зарыл кошумча материалдарды талап кылуу, экспертиза дайындоо (3-тиркеме); 

- ишти кароону кийинкиге калтыруу (3-тиркеме); 

- иштин протоколун түзүүгө жана башка документтерди тариздөөгө укугу жок жактар иштин протоколун жана башка материалдарды түзгөн учурда; иштин протоколу жана башка документтер туура эмес, так эмес түзүлгөн жана таризделген учурда; ишти кароодо алардын ордун толуктоо мүмкүн болбогон материалдар толук эмес берилген учурда бузуу жөнүндө протоколду жана башка материалдарды ыйгарым укуктуу бөлүмгө кайтарып берүү (4-тиркеме); 

- эгерде тиешелүү ишти кароо Улуттук банктын компетенциясына кирбесе, бузуулар жөнүндө протоколду жана башка материалдарды ведомствого караштуулугу боюнча 3 (үч) жумуш күн ичинде өткөрүп берүү (5-тиркеме); 

- Бузуулар жөнүндө кодексте каралган учурларда ыйгарым укуктуу жакты четтетүү (6-тиркеме); 

- Бузуулар жөнүндө кодексте каралган жагдайларда ишти жүргүзүүнү токтотуу 

(7-тиркеме). 

Ушул пунктунун экинчи-алтынчы абзацтарында каралган чечимдер ыйгарым укуктуу жак тарабынан тескеме түрүндө (2-5-тиркеме), ал эми ушул пунктунун жетинчи-сегизинчи абзацтары боюнча - токтом түрүндө (6-7-тиркеме) чыгарылат.  

15. Ыйгарым укуктуу жак бузуулар жөнүндө ишти төмөнкү учурларда кароого укугу жок, эгерде: 

1) бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан жактын, анын мыйзамдуу өкүлүнүн, коргоочусунун тууганы болсо; 

2) иштин чечилишине жеке, тике же кыйыр кызыкдар болсо. 

16. Бузуулар жөнүндө ишти кароого даярдоодо ыйгарым укуктуу жак протоколдун так эмес/туура эмес түзүлүшүнө жана/же бузуулар жөнүндө ишти кароо үчүн зарыл болгон башка материалдарды тариздөөгө байланыштуу кемчиликтерди аныктаган шартта, ыйгарым укуктуу бөлүм протокол жана/же башка материалдар боюнча аныкталган бардык кемчиликтерди ыйгарым укуктуу жактан материалдарды алгандан тартып эки жумуш күнү ичинде четтетүүгө тийиш. Ыйгарым укуктуу бөлүм кемчиликтер четтетилген күндөн тартып бир күн ичинде протоколду жана башка материалдарды ыйгарым укуктуу жакка кайрадан жөнөтүүгө тийиш.  

17. Бузуулар жөнүндө ишти жүргүзүү Бузулар жөнүндө кодексте каралган негиздер орун алган шартта токтотулат. Ыйгарым укуктуу жак ишти токтотуу жөнүндө токтом чыгарат (10-тиркеме). 

 

4. Бузуу жөнүндө ишти кароо тартиби 

18. Бузуу жөнүндө иш, ыйгарым укуктуу жак тарабынан тиешелүү материалдарды алган күндөн тартып он күн ичинде каралат. 

Эгерде ишти кароо орду жана убактысы тууралуу өз учурунда маалымдалып, ишти кароону кийинкиге калтыруу өтүнүчү келип түшпөсө, бузуу жөнүндө иш аны жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган жак же анын мыйзамдуу өкүлү, коргоочусу жок болсо да кароого алынышы мүмкүн. 

19. Бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн катышуучусунан өтүнмө келип түшкөн же болбосо иш боюнча жагдайларды кошумча аныктоо зарылдыгы жаралган учурларда ишти кароо мөөнөтү ыйгарым укуктуу жактарабынан он күндөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн. 

20. Ыйгарым укуктуу жак бузуу жөнүндө ишти кароого киришип: 

- ишти ким карап жатканын, кайсы иш кароого алына тургандыгын, бузуу үчүн ким жана Бузуулар жөнүндө кодекстин кайсы беренесинин негизинде жоопкерчиликке тартыларын жарыялайт; 

- бузууну жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган жактын, ошондой эле ишти кароого катышуучу башка жактардын келгендигине ынанат; 

- иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларынын ким экендигин аныктап, жактын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, жактоочунун жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын текшерет; 

- иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларынын келбей калышынын себептерин айкындайт жана алар жокто ишти кароо же болбосо ишти кароону кийинкиге калтыруу тууралуу чечим кабыл алат; 

- ишти кароого катышкан жактарга алардын укуктарын жана милдеттерин чечмелеп түшүндүрөт; 

- билдирилген четтетүүлөрдү жана өтүнмөлөрдү чечет; 

- бузуу жөнүндө иш боюнча токтомду, ал эми зарылчылык келип чыкса иштин башка материалдарын жарыя кылат. 

21. Бузуулар жөнүндө ишти кароо учурунда ыйгарым укуктуу жак ишти туура чечүү максатында милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү тактайт:  

- бузуу болгонбу; 

- аны жасаганга ушул жак күнөөлүүбү

- бузуу үчүн ушул жак жоопкерчиликке тартылууга тийишпи; 

- жоопкерчиликти жеңилдеткен жана оордоткон жагдайлар барбы; 

- материалдык зыян келтирилгенби; 

- ишти туура чечүү үчүн мааниси бар башка жагдайлар барбы; 

- бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган жактын түшүндүрмөлөрү жана ишти кароого катышып жаткан башка жактардын көрсөтмөлөрү угулат; 

- башка далилдер текшерилет. 

22. Бузуулар жөнүндө ишти кароодо милдеттүү түрдө отурумда протокол түзүлөт, ага ыйгарым укуктуу жак жана бузуу жөнүндө иш боюнча отурумдун катчысы кол коёт. 

Бузуу жөнүндө ишти кароонун протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

- ишти кароо датасы жана орду; 

- ыйгарым укуктуу жактын фамилиясы, аты, атасынын аты, кызмат орду; 

- кайсы иш каралып жаткандыгы; 

- ишти кароого катышкан жактардын келгендиги жөнүндө маалымат; 

- четтетүүлөр, өтүнүчтөр, аларды чечүүнүн жыйынтыктары (зарылдыгына жараша); 

- ишти кароого катышкан тиешелүү жактардын түшүндүрмөлөрү, көрсөтмөлөрү, чечмелөөлөрү жана корутундулары; 

- ишти кароо учурунда иликтөөгө алынган документтер. 

23. Бузуулар жөнүндө ишти кароо боюнча отурумдардын катчысы: 

- иш боюнча отурумга катышат жана отурумдун протоколун түзөт; 

- ыйгарым укуктуу жактыбузуу жөнүндө каралып жаткан иш боюнча зарыл материалдар менен камсыз кылат; 

- бузуулар жөнүндө токтомдордун жана ага кошо тиркелген материалдар менен реестрин жүргүзөт (бузуу жөнүндө протокол, отурумдун протоколу, токтомдордун аткарылышы тууралуу белгилөөлөр ж.б.). 

 

5. Бузуу жөнүндө иш боюнча токтом чыгаруу тартиби 

24. Ыйгарым укуктуу жак бузуу жөнүндө ишти карап чыгып, төмөнкүдөй токтомдордун бирин чыгарат: 

1) жаза чарасын колдонуу жөнүндө

2) иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө (7-тиркеме). 

Бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго ыйгарым укуктуу жак, ишти кароого катышкан Улуттук банктын кызматкерлери жана бузуулар жөнүндө иш боюнча отурумдардын катчысы кол коюшат.  

Токтом иш каралып бүткөндөн кийин дароо жарыяланат жана белгиленген тартипте ал даттанылбаса, даттануу мөөнөтү бүткөндөн кийин мыйзамдуу түрдө күчүнө кирет.  

25. Бузуу жөнүндө иш боюнча токтомдун көчүрмөсү токтом чыгарылган жакка кол койдуруу менен ага тапшырылууга же 3 (үч) күн ичинде (бул тууралуу көктөмөдө тиешелүү жазуу чагылдырылат) ага почта аркылуу билдирүү жөнөтүлүүгө тийиш. Мында ыйгарым укуктуу бөлүм мындай билдирүү жөнөтүү тартибинин сакталышына жооп берет.  

 

6. Бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго даттануу тартиби 

26. Бузуулар жөнүндө кодексте каралган учурлардан тышкары, бузуу жөнүндө иш боюнча токтому бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган жак ошондой эле анын мыйзамдуу өкүлү тарабынан райондук (шаардык) сотко даттанылышы мүмкүн. 

Бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго даттануу токтомдун көчүрмөсү тапшырылган же аны почта аркылуу алган күндөн тартып 10 (он) күндүн ичинде берилиши мүмкүн.  

Көрсөтүлгөн мөөнөт жүйөөлүү себептерден улам өтүп кеткен учурда, ага карата токтом чыгарылган жактын арызынын негизинде бул мөөнөт сот тарабынан ордуна келтирилет.  

Даттанууну берүү сот тарабынан даттануу каралганга чейин жаза чарасын берүү жөнүндө токтомдун аткарылышын токтото турат.  

 

7. Жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомду аткаруу  

27. Жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомдун аткарылышы Улуттук банктын бузуу жөнүндө ишти кароону демилгелеген ыйгарым укуктуу бөлүмүнө жүктөлөт.  

28. Айып пул салынгандыгы жөнүндө токтом бузуучуга тапшырылган күндөн баштап бир айдан кечиктирилбестен бузуучу тарабынан төлөнүүгө тийиш.  

29. Жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтом даттанылган учурда, ал даттануу канааттандыруусуз калтырылгандыгы тууралуу билдирүүнү алган күндөн тартып 15 (он беш) күндөн кечиктирилбестен айып пул бузуучу тарабынан төлөнүүгө тийиш

30. Бузуу үчүн айып пул мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө ыктыярдуу түрдө төлөнбөгөн учурда туум салуу башталат. 

Төлөөнүн мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн өз убагында төлөнбөгөн айып пулдун суммасынан 0,05 пайызга барабар өлчөмдө пайыздарда эсептелген акчалай төлөм туум болуп саналат. 

Туумдун эң чоң өлчөмү бузуучуга карата колдонулган айып пулдун өлчөмүнөн ашпайт. 

31. Айып пулду төлөө жана туум салуу мөөнөтү бүткөндөн кийин ыйгарым укуктуу бөлүм өзүнүн айып пулду төлөө жана туум салуу жөнүндө токтомдорун (9-тиркеме), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте, мажбурлап аткартуу үчүн соттук аткаруучуга жөнөтөт. 

32. Айып пул салуу тууралуу токтом боюнча айып пул алуу жаза чарасы толук аткарылганда, анын аткарылгандыгы тууралуу белги коюу менен (зарыл учурда төлөнгөндүгүн тастыктаган документти кошо тиркөө менен) ыйгарым укуктуу бөлүм тарабынан бузуулар жөнүндө иш боюнча отурумдардын катчысына каттоо үчүн кайтарылып берилет. 

 

8. Бузууларды жана аларды жасаган жактарды каттоо 

33. Бузуу жөнүндө протокол түзүүнүн ар бир учуру, анын ичинде бузуу боюнча бардык маалыматтар жана бузууну жасаган жактар боюнча маалыматтар ыйгарым укуктуу бөлүм тарабынан Бирдиктүү реестрде катталууга тийиш.  

34. Бузууларды, аларды жасаган жактарды, ошондой эле колдонулган жаза чараларын жана кошумча укуктук кесепеттерди каттоого негиз болуп, Бузуулар жөнүндө кодекске ылайык түзүлгөн, бузуу жөнүндө арыз, протокол жана токтом саналат.  

35. Бузуу жөнүндө маалымат Бирдиктүү реестрге кирүүгө тиешелүү мүмкүнчүлүгү бар жак тарабынан катталат.  

36. Бузуу Бирдиктүү реестрге каттоо бузуу жөнүндө протокол Бузуулар жөнүндө кодекске ылайык түзүлгөн учурдан тартып 24 сааттан кечиктирилбестен катталууга тийиш.  

37. Ыйгарым укуктуу бөлүм бузуу жөнүндө иш боюнча чечим чыгарылгандан кийин бир сутканын ичинде ишти кароонун жыйынтыктары тууралуу маалыматты Бирдиктүү реестрге киргизет. 

38. Ыйгарым укуктуу бөлүм Бирдиктүү реестрге киргизилген маалыматтардын ишенимдүүлүгүнө, өз убагында жана толук берилишине жооптуу болот.  

39. Бирдиктүү реестрде камтылган маалыматтар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыр чөйрөсүндөгү, ошондой эле жеке маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу жана колдонуу жагындагы мыйзамдарга ылайык коргоого алынат. 

40. Бирдиктүү реестр менен иштөөдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген талаптарга таянуу зарыл.  

   

 

 

1-тиркеме   

Бузуу жөнүндө 

ПРОТОКОЛ  

 

___________________  

  

20__ -ж. «___» ______________  

үзүлгөн орду)  

  

  

   ________________________ 

үзүлгөн убактысы) 

_____________________________________________________________________________  

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн аталышы  

мындан ары Улуттук банк) 

_____________________________________________________________________________ атынан 

_____________________________________________________________________________ 

(Улуттук банктын кызматкеринин (леринин) аты-жөнү, кызмат орду толугу менен) 

_____________________________________________________________________________  

(бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган жактардын аты-жөнү/жактын аталышы  

толугу менен) 

тарабынан бузуу жөнүндө ушул протоколду түзүштү

Бузуу жасаган жак жөнүндө кошумча маалыматтар (жеке жактар боюнча):   

Паспорттук маалыматтар: ________________________  

Туулган күнү: ______________________  

Туулган жери (милдеттүү эмес): __________________________________________ : 

Катталган жери: _________________________________________________________  

Айкын жашаган жери:___________________________________________ 

Байланыш маалыматтары:__________________________________________________  

Иштеген жери (зарылдыгына жараша):__________________________________  

Бузуучу жөнүндө кошумча маалыматтар (юридикалык жактар боюнча): 

Катталган номери:_________________________________________________ 

ИНН: ___________________________________________________________________ 

Юридикалык дареги: ______________________________________________________ 

Айкын дареги:___________________________________________________ 

Бузуу жасалган жердин дареги: _____________________________________  

Бузуу жасалган дата жана убактысы: ___________________________________  

Бузуу жасагандыгын тастыктаган далилдер: ______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________, 

бул Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин ___________ беренесинин талабын бузуу болуп саналат.  

  Күбөлөр жана жабыр тарткандар жөнүндө маалыматтар (эгерде, болсо): 

_______________________________________________________________________ (аты-жөнү толук, туулган күнү, жашаган/катталган жери, байланыш телефондору) 

Бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан жактын түшүндүрмөсү (эгерде, болсо): 

______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________ 

Бузуу жөнүндө ишти чечүү үчүн зарыл башка маалыматтар (эгерде, болсо): ____________________________________________________________________  

(мисалы, кол коюудан баш тартуу тууралуу акт, кол коюудан баш тартуунун жүйөсү ж.б.)  

________________________________________________________________________  

 

   

Улуттук банк тарабынан:  

  

  

_________________________________  

____________________  

___________________  

(Аты-жөнү)  

(кызмат орду)  

(кол тамгасы)  

  

  

  

_________________________________  

____________________  

___________________  

(Аты-жөнү)  

(кызмат орду)  

(кол тамгасы)  

  

  

  

Бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан жак (бузууну жасаган жактын бул тилкедеги кол тамгасы анын протоколдун ага тиешелүү нускасын алгандыгын күбөлөндүрөт):  

  

  

_________________________________  

____________________  

___________________  

(Аты-жөнү)  

(кызмат орду)  

(кол тамгасы)  

 

Эскертүү

1.Бузуулар жөнүндө протоколду түзүүнүн алдында ыйгарым укуктуу бөлүмдүн кызматкери бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан жактардынар бирине төмөнкү укуктарын түшүндүрүүгө милдеттүү

1) өкүлдүн жардамынан пайдалануу; 

2) түшүндүрмө берүү же түшүндүрмө берүүдөн жана суроолорго жооп берүүдөн баш тартуу; 

3) ыйгарым укуктуу органдын чечимине сотко даттануу. 

Бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан жактын өтүнүчү боюнча ыйгарым укуктуу бөлүмдүн кызматкери көрсөтүлгөн укуктардын ар бирин кең-кесири түшүндүрүүгө милдеттүү

 

 

Бузуу жөнүндө иш боюнча  

ТОКТОМ  

__________________  

  

20__ -ж. «___» ______________  

(чыгарылганжери)  

  

(чыгарылган датасы)  

   

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

_________________________________________________________________________ 

(бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан жактын аты-жөнү/жактын аталышы, толугу менен) 

карата бузуу жөнүндө ишти карап чыгып, 

Бузуу жасаган жак жөнүндө маалыматтар (жеке жактар боюнча): 

Паспорттук маалыматтар: ________________________  

Туулган күнү: ______________________  

Туулган жери: _________________________________________________________  

Катталган жери: _________________________________________________________  

Айкын жашаган жери:___________________________________________ 

Байланыш маалыматтары:__________________________________________________  

Иштеген жери (зарылдыгына жараша):__________________________________  

Бузуучу жөнүндө кошумча маалыматтар (юридикалык жактар боюнча): 

Катталган номери:_________________________________________________ 

ИНН: ___________________________________________________________________ 

Юридикалык дареги: ______________________________________________________ 

Айкын дареги:___________________________________________________ 

жана төмөнкү фактыны аныктоо менен: 

________________________________________________________________________ 

________________________________________________________________________  

________________________________________________________________________ 

________________________________________________________________________, 

(ишти кароодо аныкталган жагдайларды чагылдыруу

бул Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин төмөнкү беренесин (беренелерин) бузуу болуп санала тургандыгын:  

________________________________________________________________________  

(талабы бузулган берене (беренелер))  

________________________________________________________________________  

(бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан жактын аты-жөнү/жактын аталышы толугу менен

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 310-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин беренеси (беренелерине) ылайык _______________(________________________________) категориядагы ____________________________________________________________________ сом өлчөмүндө (суммасы сан менен) (жазуу менен)  айып пулдун суммасын мамлекеттик бюджеттин пайдасына которуу менен,  

_________________________________________________________________________айып пул төлөө тууралуу токтом чыгарат.  

Бул токтом, копиясын бузуу жасаган жакка тапшырылган учурдан тартып күчүнө кирет.  

 

Ыйгарым укуктуу жак:  

  

  

 

 

_________________________________  

____________________  

___________________  

 

 

(Аты-жөнү)  

(кызмат орду)  

(кол тамгасы)  

 

 

 

 

 

 

 

Токтомдун көчүрмөсүн алдым  

___________________________________________  

  

(бузуу жасаган жактын бул талаага кол тамгасын койгондугу анын бузууну жасагандыгы тууралуу макулдугун жана өз ыктыяры менен айып пулду төлөөгө макулдугун билдирет)  

 

 

 

 

2-тиркеме   

Ишти кароо убактысын жана ордун белгилөө жөнүндө  

ТЕСКЕМЕ 

 

__________________  

  ____-ж. 

«___» ______________  

(чыгарылган жер)  

  

(чыгарылган датасы)  

   

_________________________________________________________________________________________________________________________________________________ 

(бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан жактын аты-жөнү/жактын аталышы) 

_____________________________________________________________________________  

тарабынан бузуу жөнүндө № ______ иштин материалдарын карап чыгып, 

__________________________________________________________________________________________________________________________________________________________  

(кыргыз республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинин жана/же башка ченемдик укуктук актылардын талаптары бузулган беренелер) 

1. Ишти 20__-жылдын «____» ______________ ________________________________ 

_______________________________________ дарек боюнча кароо белгиленсин. 

 

 

 

  

 

Ыйгарым укуктуу жак:  

  

  

_________________________________  

____________________  

___________________  

(аты-жөнү)  

(кызмат орду)  

(кол тамгасы)  

  

  

  

 

 

 

 

 

 

3-тиркеме  

  Бузуу жөнүндө ишти кароону кийинкиге калтыруу жөнүндө  

ТЕСКЕМЕ 

 

__________________  

  

____ -ж. «___» ______________  

(чыгарылган жер )  

  

(чыгарылган датасы)  

   

______________________________________________________________________________________________________________________________________________________ 

(бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан жактын аты-жөнү/жактын аталышы) 

_____________________________________________________________________________  

 тарабынан____________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин жана/же башка ченемдик укуктук актыларынын талаптары бузулган беренелер) бузуу жөнүндө № ______ иштин материалдарын карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилөө менен 

_____________________________________________________________________________ 

_______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________, 

(кийинкиге калтыруу жүйөлөрүн жана/же негиздерин чагылдыруу: тараптардын өтүнүчтөрү, кошумча материалдарды талап кылуу зарылдыгы, кызыкдар жактарды ишке катышууга тартуу, экспертиза жүргүзүү ж.б.),  

1. № _______ ишти кароо кийинкиге калтырылсын (_____-ж. «____» ________ бузуу жөнүндө протокол);  

2. ишти кароо 20__ -жылдын «____»________ белгиленсин;  

3. кошумча документтер 20__-жылдын «____» ___________ чейинки мөөнөттө берилсин (зарылдыгына жараша);  

4. ишти кароого катышууга _______________________________________  ишке тартылсын (зарылдыгына жараша);  

5. _______________________________ экспертиза дайындалсын (зарылдыгына жараша). 

 

 

 

  

 

Ыйгарым укуктуу жак:  

  

  

_________________________________  

____________________  

___________________  

(Аты-жөнү)  

(кызмат орду)  

(кол тамгасы)  

  

  

  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

4-тиркеме  

 Бузуу жөнүндө протоколду жана башка материалдарды ыйгарым укуктуу бөлүмгө кайтарып берүү жөнүндө  

ТЕСКЕМЕ  

 

 

__________________  

  

____ -ж. «___» ______________  

(чыгарылган жер )  

  

(чыгарылган датасы)  

   

______________________________________________________________________________________________________________________________________________________ 

(бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган жактын аты-жөнү/жактын аталышы)  

_____________________________________________________________________________  

тарабынан ____________________________________________________________________ 

_______________________________________ (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин жана/же башка ченемдик укуктук актыларынын беренеси)  бузуу жөнүндө № ______ иштин материалдарын карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилөө менен,  

_____________________________________________________________________________ 

___________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________, 

(протоколду жана/же башка материалдарды ыйгарым укуктуу бөлүмгө кайтарып берүү жүйөлөрүн жана/же негиздерин чагылдыруу: иштин материалдары ага укугу жок жактар тарабынан түзүлүшү жана таризделиши, бузуу жөнүндө иштин протоколу жана башка документтер туура эмес, так эмес түзүлүшү жана таризделиши; ишти кароодо алардын ордун толуктоо мүмкүн болбогон материалдардын тизмеси толук эмес берилиши).  

1. № _______ иш боюнча протокол (иштин башка материалдары) аныкталган кемчиликтерди четтетүү үчүн ________________________________________ кайтарылып берилсин; (ыйгарым укуктуу бөлүмдүн аталышы) 

2. ____________________________________________________________________________ 

(ыйгарым укуктуу бөлүмдүн аталышы) 

Улуттук банкта бузуулар боюнча иштерди кароо жөнүндө нускоонун (мындан ары - Нускоо) 16-пунктунда каралган мөөнөттөрдө аныкталган кемчиликтерди четтетсин; 

3. _______________________________________ сын-пикирлерди эске алуу менен жеткире 

(ыйгарым укуктуу бөлүмдүн аталышы)  

иштелип чыккан материалдар Нускоонун 16-пунктунда каралган мөөнөттөрдө берсин;  

4. ишти кароо 20__-жылдын «____» ______________ дайындалсын. 

 

 

 

Ыйгарым укуктуу жак: 

  

  

_________________________________  

____________________  

___________________  

(Аты-жөнү)  

(кызмат орду)  

(кол тамгасы)  

  

  

  

 

 

 

5-тиркеме  

 

Бузуу жөнүндө ишти караштуулугу  

боюнча өткөрүп берүү жөнүндө  

ТЕСКЕМЕ  

  

__________________  

  

____ -ж. «___» ______________  

(чыгарылган жер)  

  

(чыгарылган датасы)  

   

__________________________________________________________________________________________________________________________________________________________ 

(бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган жактын аты-жөнү/жактын аталышы) 

_____________________________________________________________________________  

тарабынан____________________________________________________________________ 

бузуу жөнүндө № ______ иштин материалдарын карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилөө менен _____________________________________________________________________________  

(Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин беренеси жана/же башка ченемдик акт) ылайык _____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

(бузуу жөнүндө ишти кароодо, бул ишти кароо Улуттук банктын компетенциясына кирбей тургандыгын күбөлөндүргөн жагдайлар) бузуу жөнүндө ишти кароо  

____________________________________________________________________________ (бузуу жөнүндө ишти караштуулугу боюнча кароого компетенттүү соттун, мамлекеттик органдын/жактын аталышы) 

компетенциясына кирерин белгилейт. 

1. _______________________________________________________________________ 

(бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган жактын аты-жөнү/жактын аталышы)  

тарабынан жасалган 

№ _____ иштин бузуу жөнүндө протоколу жана башка материалдары 

____________________________________________________ кароосуна өткөрүп берилсин 

(бузуу жөнүндө ишти кароого компетенттүү сот, мамлекеттик органдын/жактын аталышы ) 

   

Ыйгарым укуктуу жак:  

  

  

_________________________________  

____________________  

___________________  

(Аты-жөнү)  

(кызмат орду)  

(кол тамгасы)  

  

  

  

 

 

 

 

 

 

6-тиркеме   

 

Четтетүү жөнүндө 

ТОКТОМ  

 

__________________  

  

20__-ж. «___» ______________  

(чыгарылган жер)  

  

(чыгарылган датасы)  

 

__________________________________________________________________________________________________________________________________________________________ 

(бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан жактын аты-жөнү/жактын аталышы) 

тарабынан ____________________________________________________________________ 

бузуу жөнүндө № ______ иштин материалдарын карап чыгып,  

_____________________________________________________________________белгилөө менен   

(ишти кароодо ыйгарым укуктуу жак Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 323-беренесине ылайык, бул ишти карай албай тургандыгын күбөлөндүргөн жагдайлар), 

1. Өзүн-өзү четтетүү жарыялансын____________________________________________ 

 

Ыйгарым укуктуу жак:  

  

  

_________________________________  

____________________  

___________________  

(Аты-жөнү)  

(кызмат орду)  

(кол тамгасы)  

  

  

  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

   

 

 

 

 

7-тиркеме  

Иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө 

ТОКТОМ  

__________________  

  

____ -ж. «___» ______________  

(чыгарылган жер)  

  

(чыгарылган датасы)  

   

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк)  

_____________________________________________________________________________  

(бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан жактын аты-жөнү/жактын аталышы толугу менен) 

тарабынан бузуу жөнүндө №_____ иштин материалдарын карап чыгып,  

Бузуу жасаган жакжөнүндө маалыматтар (жеке жактар боюнча): 

Паспорттук маалыматтар: _________________________________________________ 

Туулган күнү: ___________________________________________________________ 

Туулган жери: ___________________________________________________________ 

Катталган жери: _________________________________________________________  

Айкын жашаган жери_____________________________________________________ 

Байланыш маалыматтары:_________________________________________________  

Иштеген жери (зарылдыгына жараша):_______________________________________ 

Бузуучу жөнүндө кошумча маалыматтар (юридикалык жактар боюнча): 

Катталган номери:________________________________________________________ 

ИНН: ___________________________________________________________________ 

Юридикалык дареги: ______________________________________________________ 

Айкын дареги:____________________________________________________________ 

төмөнкүлөрдү аныктады________________________________________________________ 

____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________ 

(бузуу жөнүндө ишти кароодо Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 302-беренесине ылайык, бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү жүргүзүүнү жокко чыгарууну аныктаган жагдайларды чагылдыруу). 

Жогоруда белгиленгендердин негизинде, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 302-беренесинин ____ пунктуна таянуу менен 

_____________________________________________________________________________ 

(бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан жактын аты-жөнү/жактын аталышы) 

боюнча бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө токтом кылат.  

Ыйгарым укуктуужак:  

  

  

 

 

_________________________________  

____________________  

___________________  

 

 

(Аты-жөнү)  

(кызмат орду)  

(кол тамгасы)  

 

 

Токтомдун көчүрмөсүн алдым  

_________________________________  

 

(бузуу жасаган жактын кол тамгасы/ билдирүү менен почта квитанциясы) 

 

 

 

 

 

 

 

8-тиркеме 

Бузуу жөнүндө иш боюнча  

ТОКТОМ  

__________________  

  

20__ -ж. «___» ______________  

(чыгарылган жер)  

  

(чыгарылган датасы)  

   

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

_________________________________________________________________________ 

(бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан жактын аталышы/жактынаты-жөнү толугу менен): 

 

боюнча бузуулар жөнүндө ишти карап чыгып, 

Бузуу жасаган жакжөнүндө маалыматтар (жеке жактар боюнча): 

Паспорттук маалыматтар: _______________________________________________________ 

Туулган күнү: _________________________________________________________________ 

Туулган жери: _________________________________________________________________ 

Катталган жери: _______________________________________________________________ 

Айкын жашаган жери:__________________________________________________________ 

Байланыш маалыматтары:_______________________________________________________ 

Иштеген жери (зарылдыгына жараша):____________________________________________ 

Бузуучу жөнүндө кошумча маалыматтар (юридикалык жактар боюнча): 

Катталган номери:_____________________________________________________________ 

ИНН: ________________________________________________________________________ 

Юридикалык дареги: ___________________________________________________________ 

Айкын дареги:_________________________________________________________________ 

 

төмөнкү фактыны аныктаган: ____________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________, 

(ишти кароодо аныкталган жагдайларды чагылдыруу) 

Бул Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин төмөнкү беренесин (беренелерин) бузуу болуп саналат:  

_____________________________________________________________________________ 

(талабы бузулган берене (беренелер)) 

_____________________________________________________________________________ 

(бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан жактын аты-жөнү/жактын аталышы толугу менен) 

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин __________ беренеси (беренелерине) ылайык, _______________ (________________________________) категориядагы бузуу үчүн_____________________________________________________ сом өлчөмүндө (суммасы сан менен) (жазуу менен)  айып пулдун суммасын мамлекеттик бюджеттин пайдасына которуу менен,  

_____________________________________________________________________________ 

айып пул төлөө тууралуу токтом чыгарат.  

Токтом, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 332-беренесине ылайык даттанылбаса, бузуу жасаган жакка анын көчүрмөсү берилген же почта аркылуу жөнөтүлгөн күндөн тартып 10 (он) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Токтомго даттануу арызы берилген учурда, ал даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча соттун чечими чыккан күнү дароо мыйзамдуу күчүнө кирет.  

 

Ыйгарым укуктуужак:  

  

  

 

 

_________________________________  

____________________  

___________________  

 

 

(Аты-жөнү)  

(кызмат орду)  

(кол тамгасы)  

 

 

 

 

 

 

 

Токтомдун көчүрмөсүн алдым  

________________________________  

  

(бузган жактын кол тамгасы/ билдирүү менен почта квитанциясы)   

 

 

 

 

 

   

9-тиркеме  

Туум чегерүү жөнүндө 

ТОКТОМ 

__________________  

  

20__-ж.«___»______________   

(чыгарылган жер)  

  

(чыгарылган датасы)  

   

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

__________________________________________________________________________  

(бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган жактын аты-жөнү/жактын аталышы толугу менен) 

Бузуу жасаган жакжөнүндө маалыматтар (жеке жактар боюнча): 

Паспорттук маалыматтар: __________________________________________________ 

Туулган күнү: ____________________________________________________________ 

Туулган жери: ____________________________________________________________ 

Катталган жери: __________________________________________________________ 

Айкын жашаган жери______________________________________________________ 

Байланыш маалыматтары:__________________________________________________ 

Иштеген жери (зарылдыгына жараша):________________________________________ 

Бузуучу жөнүндө кошумча маалыматтар (юридикалык жактар боюнча): 

Катталган номери:_________________________________________________________ 

ИНН: ___________________________________________________________________ 

Юридикалык дареги: ______________________________________________________ 

Айкын дареги:___________________________________________________ 

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө айып пулду төлөбөй койгондугуна байланыштуу,  

_____________________________________________________________________________,  

(бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган жактын аты-жөнү/жактын аталышы толугу менен), 

_________-жылдын «_____»_____________ тартып «____»_____________ чейинки аралыкта өз учурунда төлөнбөгөн _______(____________________) категориядагы _________________________ сом өлчөмүндөгү айып пулдун суммасынан 0,05 пайызга барабар өлчөмдө мөөнөтүндө төлөнбөй калган ар бир күн үчүн туум салуу жөнүндө токтом чыгарат. Жыйынтыгында, салынган туумдун жалпы суммасы _____________-жылдын «_____» карата абал боюнча ________________(_______________________________) _________ сомду түзөт.  

 

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 343-беренесине ылайык, _________ (_________________________________________)  сом өлчөмүндө салынган туум мамлекеттик бюджеттин пайдасына төлөнүүгө тийиш.  

Токтом, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 332-беренесине ылайык даттанылбаса, бузуу жасаган жакка анын көчүрмөсү берилген же почта аркылуу жөнөтүлгөн күндөн тартып 10 (он) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Токтомго даттануу арызы берилген учурда, ал даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча соттун чечими чыккан күнү дароо мыйзамдуу күчүнө кирет.  

 

Ыйгарым укуктуу жак:  

  

  

 

 

_________________________________  

____________________  

___________________  

 

 

(Аты-жөнү)  

(кызмат орду)  

(кол тамгасы)  

 

 

  

  

  

 

 

Токтомдун көчүрмөсүн алдым   

___________________________________________  

  

(бузган жактын кол тамгасы/билдирүү менен почта квитанциясы)   

 

 

 

10-тиркеме  

Бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү токтото туруу жөнүндө 

ТОКТОМ  

 

__________________  

  

20__- ж. «___»______________   

(чыгарылган жер)  

  

(чыгарылган датасы)  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк)  

_____________________________________________________________________________  

(бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан жактын аты-жөнү/жактын аталышы толугу менен) 

тарабынан бузуу жөнүндө № _______ иштин материалдарын карап чыгып,  

Бузуу жасаган жакжөнүндө маалыматтар (жеке жактар боюнча): 

Паспорттук маалыматтар: __________________________________________________ 

Туулган күнү: ____________________________________________________________ 

Туулган жери: ____________________________________________________________ 

Катталган жери: __________________________________________________________ 

Айкын жашаган жери______________________________________________________ 

Байланыш маалыматтары:__________________________________________________ 

Иштеген жери (зарылдыгына жараша):_______________________________________ 

Бузуучу жөнүндө кошумча маалыматтар (юридикалык жактар боюнча): 

Катталган номери:________________________________________________________ 

ИНН: ___________________________________________________________________ 

Юридикалык дареги: ______________________________________________________ 

Айкын дареги:____________________________________________________________ 

төмөнкүлөрдү аныктаган________________________________________________________ 

____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________ 

(ишти кароодо Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 300-беренесине ылайык, ишти токтотууга негиз болгон, аныкталган жагдайларды чагылдыруу). 

Жогоруда айтылгандардын негизинде, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 300-беренесинин ___ пунктуна таянуу менен,  

________________________________________________________________________  

(бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган жактын аты-жөнү/жактын аталышы толугу менен) 

боюнча ишти токтотуу жөнүндө жана,_______________________________________ бузган  

(ыйгарым укуктуу бөлүмдүн аталышы)  

жакты табуу жана аныктоо чараларын көрүү тууралуу токтом чыгарат.  

Ыйгарым укуктуу жак:  

  

  

 

 

_________________________________  

____________________  

___________________  

 

 

(Аты-жөнү)  

(кызмат орду)  

(кол тамгасы)