Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 

2004-жылдын 23-августунда каттоодон өткөн 

Каттоо номери 94-04 

  

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2004-жылдын 21-июлундагы №18/2  

токтому менен бекитилген  

   

Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын  

жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча 

нускоо 

 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 23-октябрындагы №26/3 токтому (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2004-жылдын 19-ноябрында 132-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн), Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 10-июнундагы №26/2 токтому (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2009-жылдын 10-июлунда 72-09 номеринде каттоодон өткөртүлгөн), Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 26-августундагы №35/4, 2012-жылдын 25-апрелиндеги №18/9, 2012-жылдын 16-ноябрындагы №43/1, 2012-жылдын 12-декабрындагы №48/10, 2015-жылдын 15-апрелиндеги №22/7, 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/23, 2016-жылдын 27-апрелиндеги №19/6, 2016-жылдын 15-июнундагы №25/1, 2016-жылдын 14-декабрындагы №48/11, 2017-жылдын 26-апрелиндеги №17/13, 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА), 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-12/33-6-(НПА), 2018-жылдын 26-декабрындагы №2018-П-12/58-10-(НПА) токтомдору менен бекитилген) 

   

1. Жалпы жоболор 

 

1.1. Бул нускоо коммерциялык банктардын капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын жана капиталынын түзүмүн аныктайт. 

Бул нускоо коммерциялык банктарга, анын ичинде «ислам терезесине» ээ банктарга жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкына, ошондой эле «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсына капитал түзүмүн, өздүк (регулятивдик) капиталдын минималдуу өлчөмүн жана капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенттерин эсептөө тартибин аныктоо, ошондой эле баланстык активдерге жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерге тобокелдик деңгээли боюнча баа берүү боюнча таркатылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

1.2. Банктык көзөмөл органдары үчүн капитал, банкты олуттуу тобокелдүү жагдайлардан жана финансылык туруксуздуктан (төлөөгө жөндөмсүздүктөн) алдын алган каражат болуп саналат. Ушул себептен улам банктык көзөмөл органдары, банктардын төлөөгө жөндөмсүздүк абалы келип жетүү коркунучусуз мүмкүн болуучу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга жөндөмдүү шайкеш капиталга ээ болуусуна кызыкдар.   

1.3. “Капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги)” термини банктын жалпы ишенимдүүлүгүн, анын тобокелдикке дуушар болуу деңгээлин чагылдырат. Капиталды жоготуулардан жана төлөөгө жөндөмсүздүк абалынан коргоо каражаты катары чечмелөө, капиталдын чоңдугу жана банктын тобокелдикке дуушар болуусу ортосундагы тике көз карандылыкты шарттайт, башкача айтканда, капиталдын чоңдугу тобокелдиктин жогорку деңгээли менен коштолгон банктык операциялардын өлчөмүнүн көбөйүүсүнө шайкеш болууга тийиш.   

  

2. Капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештик) стандарттары 

 

2.1. Капиталдын минималдуу өлчөмү:  

2.1.1 Банктардын (чет өлкө банктарынын филиалдарын кошо алганда) уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү.  

2.1.2. Өздүк (регулятивдик) капиталдын минималдуу өлчөмү. Өздүк (регулятивдик) капитал, капиталга утурлап инвестициялоону минуска чыгаруу менен Биринчи деңгээлдеги таза капитал катары аныкталат. Биринчи деңгээлдеги таза капитал ушул нускоонун 3.9-пунктунун а) пунктчасына ылайык аныкталат. Капиталга утурлама инвестициялар бул банктардын жана банк эмес уюмдардын бири-биринин капиталына өз ара катышуусу (акция түрүндө же капиталына үлүштүк катышуусу).   

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.2. Тобокелдик деңгээли боюнча баланстык активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин салмактанылышына негизденген капиталдын жетиштүүлүг (шайкештик) коэффициенттери:  

а) Суммардык капиталдын жетиштүүлүг (шайкештик) коэффициенти (К2.1) 12 пайыздан кем болбоого тийиш. Ал, таза Суммардык капиталдын потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга атайы камдарды минуска чыгаруу менен тобокелдик деңгээли боюнча салмактанган баланстык активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммасына жана Экинчи деңгээлдеги (б.а. тобокелдик деңгээли боюнча салмактанган баланстык активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммасынын 1,25 пайыздан ашкан) капиталга кирбеген жалпы камдарга карата катышы катары аныкталат. Таза Суммардык капитал ушул нускоонун 3.9-пунктунун б) пунктчасына ылайык аныкталат. Экинчи деңгээлдеги капитал ушул нускоонун 3.7-пунктуна ылайык аныкталат;   

б) Ал Биринчи деңгээлдеги капиталдын жетиштүүлүг (шайкештик) коэффициенти (К2.2) 6 пайыздан кем болбоого тийиш. Ал, Биринчи деңгээлдеги таза капиталдын потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга атайы камдарды минуска чыгаруу менен тобокелдик деңгээли боюнча салмактанган баланстык активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммасына жана Экинчи деңгээлдеги (б.а. тобокелдик деңгээли боюнча салмактанган баланстык активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммасынын 1,25 пайыздан ашкан) капиталга кирбеген жалпы камдарга карата катышы катары аныкталат.  

2.3. Левераж (К 2.3) 8 пайыздан кем эмес болууга тийиш.   

Ал таза Суммардык капиталдын банктын суммардык активине карата катышы катары аныкталат. Банктын суммардык активдери бул, материалдык эмес активдерди минуска чыгаруу менен Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун баланстык отчет боюнча активдердин жыйынтыктоочу мааниси.   

2.4. Банктын финансылык жана иш туруктуулугун сактоо максатында, дивиденддерди төлөө үчүн «банк капиталынын кошумча запасын» («капитал буфери» индекси) колдоо жөнүндө талап белгиленет. «Капитал буфери» индекси суммардык капиталдын жетиштүүлүк (шайкештиги) коэффициентин эсептеген сыяктуу эле аныкталат. «Капитал буферинин» индексинин мааниси 18% өлчөмүндө белгиленет. Кардарлардын депозиттеринин жана кредиттеринин үлүшү бүтүндөй банк тутумунун кардарларынын депозиттеринин жана кредиттеринин жалпы суммасынын тиешелүүлүгүнө жараша 8 % жана андан ашыгын түзгөн банктар үчүн «капитал буферин» индексинин 20% кем эмес деңгээлде колдоо зарылчылыгы тууралуу талап Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан белгиленет, мында «Коммерциялык банктардын жана банк эмес финансы-кредит уюмдарынын системалуулук критерийлери жөнүндө» жобонун нормалары да эске алынат. 

Ушул пункттун максатында «депозиттер» дегенден улам, юридикалык жактардын анын ичинде бийлик органдарынын депозиттери жана жеке адамдардын эсептерин түшүнүүгө болот. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА), 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-12/33-6-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2.5. Эгерде, дивиденддердин төлөөгө пландаштырылган суммасын алып салууну эске алуу менен эсептелген «капитал буферинин» индекси Улуттук банк белгилегенден төмөн мааниде болгон шартта, Банк дивиденддерди төлөө жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу эмес. 

Дивиденддер төлөнгөндөн кийин «капитал буферинин» индекси Улуттук банк белгилегенден төмөн мааниде болбоого тийиш. 

Банк уставдык капиталын бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен көбөйткөн учурларын эске албаганда, ошондой эле дивиденддердин төлөөгө пландаштырылган суммасын алып салууну эске алуу менен эсептелген «капитал буферинин» индексинин мааниси сакталган шартта, төлөөгө Улуттук банктын уруксатын алууга тийиш.   

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА), 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-12/33-6-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2.6. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-12/33-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту) 

 

3. Капитал түзүмү 

 

3.1. Капиталдын негизин банктын толугу менен төлөнгөн уставдык капитал түзөт. Банктык көзөмөл боюнча Базелдик комитеттин стандарттарына ылайык, уставдык капитал бул “бардык өлкөлөрдө банк тутумдары үчүн жалпы, капиталдын негизги элементи; ал банк тарабынан жарыялануучу отчеттордо так байкалат жана капитал жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) рыноктук баа берүүсүнө негизденген база болуп саналат; ал банктын пайда алуу жана атаандаштык көрсөткүчтөрүн аныктоо жагында чечүүчү мааниге ээ”.   

3.2. Капиталдын курамына банктын акционерлери тарабынан салынган каражаттарды кайтаруу боюнча милдеттенме белгиленбеген уставдык капитал (жөнөкөй жана артыкчылык берилген акциялар) гана кирет. Мындай каражаттарды акционерлер акцияларды үчүнчү жактарга өткөрүп берүү же сатуу аркылуу гана алыша алат.   

3.3. Банк өз акцияларын күрөөгө кабыл алууга жана сатып алууга укугу жок.  

3.4. Банктык көзөмөл максаттары үчүн, банк ишинин жүрүшүндө келип чыгышы мүмкүн болгон жоготуулардын ордун толтуруп берүү жөндөмдүүлүгү капиталды түзүүчүнү айырмалап турган белги болуп саналат. Ушул себептен, капитал жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүү учурунда капиталдын курамына айрым “капиталдык эмес” бухгалтердик эсептер кошулат (мисалы, “Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун толтурууга жалпы кам” же “Субординацияланган облигациялар жана башка карыздык милдеттенмелер”).   

3.5. Капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенттерин эсептөө максаттарында банктык капитал Биринчи деңгээлдеги капиталга жана Экинчи деңгээлдеги капиталга бөлүнөт.  

3.6. Биринчи деңгээлдеги капиталдын түзүмү төмөнкү негизде аныкталат:   

а) “жөнөкөй акциялар” мыйзам тарабынан белгиленген шарттарды канааттандырган, чыгарылган жана толугу менен төлөнүп берилген банктын жөнөкөй акциялары;  

б) “артыкчылык берилген кумулятивдик эмес акциялар” - мыйзам тарабынан белгиленген шарттарды, ошондой эле төмөнкү талаптарды канааттандырган, банктын чыгарылган жана толугу менен төлөнгөн артыкчылык берилген акциялары:  

1) мындай акцияларга төлөө мөөнөтү белгиленбөөгө тийиш;  

2) банк, мындай акциялар боюнча отчеттук жылы дивиденддерди төлөп берүү мүмкүнчүлүгү пайда болгондо, мындай мүмкүнчүлүккө ээ болбогон өткөн жылдар үчүн алар боюнча дивиденддерди төлөп бербей коюу укугуна ээ;  

3) банк мындай акциялар боюнча дивиденддерди төлөп берүүнү токтотууга жана/же анын мөөнөтүн узартууга укуктуу;  

4) банк мындай акциялар боюнча төлөнүп берилбеген дивиденддерди күндөлүк негизде, башкача айтканда, банкты жоюу процесси башталганга чейин чыгымдардын ордун толтуруу үчүн пайдаланышы мүмкүн.   

Эгерде артыкчылык берилген акциялар аталган талаптарга жооп бере албаса, анда алар Экинчи деңгээлдеги капиталда эсепке алынууга тийиш.   

в) номиналдан үстөк салынган капитал бул, жөнөкөй жана артыкчылыктуу акциялардын сатуу наркы менен алардын номиналдык наркы ортосунда айырма.  

Номиналдан үстөк салынган капитал акционерлер ортосунда дивиденд түрүндө бөлүштүрүлбөйт жана банкта калат.  

Улуттук банктын кат жүзүндөгү уруксатынын негизинде номиналдан үстөк салынган капитал, уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү боюнча талаптарды сактоо максатында банктын уставдык капиталын арттырууга багытталышы мүмкүн.  

Банк тарабынан акцияларды сатып алгандан кийин аларды сатуу үчүн алдын ала келишим түзүлгөн жана өз акциялдарын сатып алуу жөнүндө чечим чыгарылган күнгө чейинки акыркы 5 (беш) жыл ичинде банктын иши чыгашага дуушар болбогон шартта гана ал, өз акцияларын сатып алууга укуктуу; 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 г) “жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан салынган кошумча капитал» жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан төлөнгөн уставдык капиталдан үстөк салынган каражаттар. Аталган каражаттарды салуу зарылчылыгы Улуттук банктын өздүк (регулятивдик) капиталдын минималдуу өлчөмү боюнча талаптары жана/же экономикалык ченемдерди аткарбаган учурда гана келип чыгат. Аталган каражаттар банктын жеке адамдар жана юридикалык жактар менен: кайтарымсыздык (кандай болбосун жагдайларда), салынып жаткан каражаттардын мөөнөтсүздүгү, ошондой эле банк банкроттукка дуушар болгон учурда аталган каражаттар боюнча талаптар банктын акционерлеринин кезектүүлүгүнө жараша канааттандыруу шарттарында алар тарабынан банктан акцияларды сатып алуу эсебине каражаттарды которуу жөнүндөгү келишим болгон учурда гана салынат. Кошумча капиталдын өлчөмү банк аталган талаптар жана ченемдер боюнча минималдуу маанилерди аткарууга жетиштүү болууга тийиш. Кийинчерээк, жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан кошумча салынган каражаттар жөнөкөй жана/же артыкчылык берилген акцияларга өзгөртүлүүгө тийиш, ал эми ал адамдар чыгарылып жаткан акцияларды сунуштаган өз каражаттарынын суммасына сатып алууга талашсыз укукка ээ болууга тийиш;  

д) “банктын келечектеги керектөөлөрү үчүн камдар” салык алынгандан кийин келечекте жана/же күтүлбөгөн жагдайларда түшкөн пайдадан түзүлгөн камдар;  

е) “мурдагы жылдардын бөлүштүрүлбөгөн пайдасы (чыгым тартуулары)” - мурдагы жылдардагы салык алуулардан, жарыяланган дивиденддерди төлөп берүүдөн жана башка капиталдык каражаттарга бөлүштүрүлгөндөн кийинки таза пайданын (чыгымдын) калдыгы;  

ж) (минус) “өтүп жаткан жылдагы чыгым” банктын өтүп жаткан жылы тарткан чыгымы;  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.7. Экинчи деңгээлдеги капиталдын түзүмү төмөнкү негизде аныкталат:  

а) “өтүп жаткан жылдын пайдасы” салыктарды төлөөдөн кийинки өтүп жаткан жылы алынган пайда;  

б) “жалпы камдар”:   

1) кредиттер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга “жалпы” кам;   

2) кредиттерден тышкары башка активдерден потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартууларды ордун жабууга “жалпы” кам;   

3) “баалуу кагаздарды кайра баалоо боюнча камдар” сатууга жарактуу баалуу кагаздарды кайра баалоонун натыйжасында алынбаган пайда (чыгым тартуулар);  

4) “консолидациялоо учурунда чет өлкө валютасын кайрадан эсептеп чыгуу боюнча камдар” банктын чет өлкө туунду финансылык мекемелеринин отчетун кайрадан эсептеп чыгуу учурунда валюта курсунун өзгөрүүсүнүн эсебинен келип чыккан алынбаган кирешелер (чыгым тартуулар);   

в) “капиталдын башка инструменттери” капитал сыяктуу эле, карыздык милдеттенмелер белгилерине ээ болгон инструменттер, аларга төмөнкүлөр кирет:  

1) Биринчи деңгээлдеги капиталга кирбеген, артыкчылык берилген акциялар. Бул статьядагы артыкчылык берилген акциялар, артыкчылык берилген акциялардын сатуу баасы менен алардын номиналдык наркы ортосундагы айырмачылыкты эсепке алуу менен көрсөтүлөт;  

2) мөөнөтсүз субординацияланган карыз төмөнкү талаптарды сактаган учурда мөөнөтсүз субординацияланган карыз инструменттери:  

- аталган инструменттер толугу менен төлөнүп берилген, субординацияланган жана күрөө менен камсыздалбаган (кайсы болбосун түрүндө) болууга тийиш; “субординацияланган” карыз түшүнүгү - банк жоюлган учурда аталган милдеттенмелер боюнча талаптар акыркы кезекте, б.а. кредиторлордун жана аманатчылардын банкка карата бардык талаптары канааттандырылгандан кийин, бирок банктын акционерлери менен эсептешүүгө чейин төлөнүп берилет дегенди түшүндүрөт;  

- аталган инструменттерди чыгаруу шарттары пайыздарды төлөп берүү мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш;  

- банк аталган инструменттерди утурумдук негизде чыгым тартуулардын ордун жабууга, б.а. банкты жоюу процесси башталганга чейин пайдалана алат;  

- аталган инструменттер алардын ээлеринин демилегесинин негизинде жана/же Улуттук банктын алдын ала макулдугусуз төлөнүп берилүүгө тийиш;  

3) мөөнөттүү субординацияланган карыз төмөнкү талаптарды сактаган учурда мөөнөттүү субординацияланган карыздын инструменттери:  

- субординацияланган карыз камсыздалбаган болууга тийиш;  

- карызды төлөөнүн минималдуу мөөнөтү 5 жыл, мында жыл сайын капитал эсебинен субординацияланган карыздын алгачкы суммасынан 20 пайыз алынып салынат. Мөөнөтү 5 жылдан жогоруну түзгөн субординацияланган карызды төлөө учурунда, жыл сайын субординацияланган карыздын алгачкы суммасынан капитал эсебинен 20% көлөмүндөгү алып салуу төлөө мөөнөтүнүн акыркы 5 жыл аралыгында жүзөгө ашырылууга тийиш;  

- мөөнөттүү субординацияланган карыздын инструменттери күндөлүк негизде чыгым тартуулардын ордун толтуруп бербейт;  

- мөөнөттүү субординацияланган карыздын инструменттери кредиторлордун талаптары боюнча мөөнөтүнөн мурда төлөнүп берилбөөгө тийиш.   

Мында, банк мөөнөттүү субординацияланган карыздын инструменттерин Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнүн уруксаты жок белгиленген мөөнөттөн эрте төлөй албайт.  

Мөөнөттүү субординацияланган карыздын инструменттеринин төлөө мөөнөтү келип жеткендиги тууралуу банк, Улуттук банкка алдын ала билдирүүгө милдеттүү.  

Бул жерде аталган пункттун в) пунктчасына кирбеген башка инструменттер да эске алынат.  

Капиталдын курамына ушул пункттун в) пунктчасында көрсөтүлгөн инструменттерди кошуу ар бир белгилүү учурларда, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнүн уруксатынын негизинде жүргүзүлөт.   

3.8. Капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициентин эсептөө учурунда, анын айрым түзүүчү бөлүктөрү төмөнкүлөрдү эске алуу менен капиталды эсептөөгө кошулат:  

а) Экинчи деңгээлдеги капитал Биринчи деңгээлдеги таза капиталдын өлчөмүнөн ашпаган өлчөмдө;  

б) жалпы камдар баланстык активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин тобокелдиги боюнча салмактанып алынган суммасынын 1,25 пайызга барабар болгон мааниден ашпаган өлчөмдө;   

в) мөөнөттүү субординацияланган карыз Биринчи деңгээлдеги таза капитал өлчөмүнөн 50 пайыздан ашпаган өлчөмдө;  

3.9. Капиталды түзүүчү бөлүктөрдөн капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициентин эсептөөгө чейин төмөнкүлөрдү эсептен алып салуу зарыл:  

а) Биринчи деңгээлдеги капиталдан материалдык эмес активдер эсептен алынып салынат. Алынган маани Биринчи деңгээлдеги таза капитал болуп саналат;   

б) Суммардык капиталдан, б.а. Биринчи деңгээлдеги жана Экинчи деңгээлдеги таза капитал суммасынан башка консолидацияланбаган банктарга жана финансы-кредит уюмдарга, ошондой эле банктык эмес мекемелерге инвестициялар алып салынат (акциялар же капиталга үлүштүк катышуу түрүндө). Алынган маани таза Суммардык капитал болуп саналат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.10. Отчеттук мезгилден кийинки айдын 1-күнүнө карата абал боюнча өздүк (регулятивдик) капиталдын, Биринчи деңгээлдеги таза капиталдын жана таза суммардык капиталдын маанилери Улуттук банк тарабынан белгиленген капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын жана Улуттук банктын башка экономикалык ченемдеринин жана талаптарынын аткарылышын эсептөө үчүн пайдаланылат. Мааниси отчеттук ай ичинде күн сайын же жума сайын аныктала турган экономикалык ченемдерди эсептөөдө, банктын отчеттук айдын 1-күнүнө карата абал боюнча таза суммардык капиталынын мааниси жана отчет түзүлгөн күнгө карата юридикалык жактар же жеке адамдар белгиленген тартипте аны салган учурда кошумча капиталдын мааниси пайдаланылат.  

 (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

4. Тобокелдик деңгээли боюнча баланстык активдерге баа берүү 

 

4.1. Ушул нускоонун алкагында капиталдын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүү кредиттик тобокелдикке, башкача айтканда, активдин ар кандай түрлөрүнө тиешелүү жана кардардын активди толук же жарым-жартылай камсыз кылууга мүмкүн эместигине камтылган тобокелдикке карата жүргүзүлөт.   

4.2. Баланстык активдердин ар кандай түрлөрү ар кандай кредиттик тобокелдик деңгээлине ээ. Алсак, мисалы, банктын кассасында турган нак акча кредиттик салуулар же негизги каражаттарга инвестициялар менен салыштырмалуу активдердин дээрлик тобокелдиксиз түрү болуп саналат. Кредиттик тобокелдик деңгээлине жараша бардык баланстык активдер беш категорияга бөлүнөт (төмөнкүнү караңыз). Мында, аларга ылайык баланстык активдер тигил же бул категорияга кирген негизги критерийлерден болуп: өнөктөштүн түрү, трансферттик тобокелдик көз карашынан алганда өнөктөштүн өлкөлүк таандыгы, активди камсыз кылуу, кепилдиктер жана активдин аракеттенүүсүнүн узактыгы саналат.   

4.3. Кредиттик тобокелдик деңгээлине, ошондой эле айрым өнөктөштөр/контрагенттердин тибине жараша, баланстык активдер төмөнкүдөй категорияларга бөлүнөт:  

1) 1-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 0%): 

а) Кыргыз Республикасынын, ЕАЭБге жана Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмуна мүчө мамлекеттердин жана «Standard & Poor's» рейтинг агенттиги тарабынан берилген «А» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» агенттиктеринин бири аркылуу берилген бирдей рейтингге ээ мамлекеттердин банкноттору жана монеталары. 

Эскертүү: Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюму (мындан ары - Уюм). Аталган Уюмга мүчө мамлекеттердин тизмеси www.oecd.org. расмий сайтында жайгаштырлган. 

б) Улуттук банкка коюлган талаптар; 

в) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө коюлган талаптар (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чыгарган баалуу кагаздар жана башка талаптар); 

г) «Standard & Poor's» рейтинг агенттиги тарабынан берилген «А» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» агенттиктеринин бири аркылуу берилген бирдей рейтингге ээ болгон же Уюмга мүчө болушкан мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарына талаптар; 

д) «Standard & Poor's» рейтинг агенттиги тарабынан берилген «А» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» агенттиктеринин бири аркылуу берилген бирдей рейтингге ээ болгон же Уюмга мүчө болушкан мамлекеттердин өкмөттөрүнө талаптар (Өкмөттөр тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар); 

е) Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында туюндурулган жана өзүнчө депозиттик эсепте жайгаштырылган камсыздоосу менен активдер (же алардын бөлүгү); 

Эскертүү: Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/3 токтому менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу чыгымдар менен жоготуулардын ордун жабуу үчүн камдарга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобого ылайык;  

 ж) ЕАЭБге жана Уюмга мүчө болушкан мамлекеттердин, ошондой эле «Standard & Poor's» рейтинг агенттиги тарабынан берилген «А» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» агенттиктеринин бири аркылуу берилген бирдей рейтингге ээ болгон мамлекеттердин улуттук валюталарында туюндурулган жана өзүнчө депозиттик эсепте жайгаштырылган камсыздоосу менен активдер (же алардын бөлүгү);  

з) Улуттук банк тарабынан эмитирленген аффинаждалган өлчөнгөн куймалар түрүндөгү алтын. 

2) 2-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 10%): 

а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздардын күндөлүк рынок баасы боюнча камсыз болгон активдер (же алардын бөлүгү); 

б) «Standard & Poor's» рейтинг агенттиги тарабынан берилген «А» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» агенттиктеринин бири аркылуу берилген бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болушкан мамлекеттердин өкмөттөрү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздардын күндөлүк рынок баасы боюнча камсыз болгон активдер (же алардын бөлүгү). 

3) 3-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 20%): 

а) Кыргыз Республикасынын банктары жана башка финансы-кредит уюмдары менен эсептешүүлөрдөгү акча активдери; 

б) стандарттык куймалардагы алтын жана башка сертификатталган баалуу металлдар; 

в) «Standard & Poor's» рейтинг агенттиги тарабынан берилген «А» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан берилген бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болушкан мамлекеттердин банктары жана башка финансы-кредит уюмдары менен эсептешүүлөрдөгү акча активдери; 

г) Кыргыз Республикасынын банктарына жана башка финансы-кредит уюмдарына карата талаптар жана бул институттардын гарантияларына негизделген бардык активдер;  

д) «Standard & Poor's» рейтинг агенттиги тарабынан берилген «А» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү, суверендүү кредиттик рейтингге же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан берилген бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болушкан, отчет берүүчү банкка карата аффилирленген уюм болуп саналбаган мамлекеттердин банктарына жана башка финансы-кредит уюмдарына карата талаптар жана бул институттардын гарантияларына негизделген бардык активдер; 

4) 4-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 50%): 

а) жеке адамдарга бир үй-бүлөгө турак-жай сатып алуу же куруу үчүн берилген жана ушул турак-жай боюнча биринчи күрөө менен гарантияланган кредиттер. Аталган категорияга бул үйдө же квартирада жашоого ниеттенген, б.а. турак-жайды (же анын бөлүгүн) башка максаттарда (сатуу, ижарага берүү ж.б.) пайдаланбай турган жактарга берилген ссудалар гана кирет.  

Эгерде бул кредиттерди төлөө мөөнөтү 30 күндөн ашык мөөнөткө өткөрүлүп жиберилсе жана/же реструктуризацияланган болсо, анда алар кредиттик тобокелдиктин 100% деңгээлиндеги 5-категорияда көрсөтүлөт.     

б) өлчөнгөн куймалардагы, Улуттук банк тарабынан эмитирленген аффинаждалган өлчөнгөн алтын куймаларды эске албаганда, алтын жана башка сертификатталган баалуу металлдар; 

в) коммерциялык банктар тарабынан мамлекеттик программалар, анын ичинде банктардын өз каражаттарынын эсебинен берилген, айыл чарбасын жана экспортко багыт алган жана импортту алмаштыруу жагында иш алып барган ишканаларды каржылоого байланыштуу, ошондой эле республиканын экономикасын өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө багытталган башка мамлекеттик программаларга кредиттер. 

Эгерде бул кредиттердин мөөнөтү 90 күндөн ашык өткөрүлүп жиберилсе жана/же кайталап реструктуризацияланган болсо, анда алар 100% кредиттик тобокелдик деңгээлинде 5-категорияда көрсөтүлөт. 

Эскертүү: мамлекеттик программаларга республикалык бюджеттен жарым-жартылай же толугу менен каржылоого алынган же республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен пайыздык чендерди субсидиялоо аркылуу, анын ичинде мамлекет тарабынан түзүлгөн уюмдар менен биргеликте каржылоо; эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык мамлекеттер аралык (өкмөттөр аралык) долбоорлорду жүзөгө ашыруунун алкагында программалар. 

5) 5-категория (кредиттик тобокелдик - 100%): 

а) 1-категорияга кирбеген банкноттор жана монеталар; 

б) «Standard & Poor's» рейтинг агенттиги тарабынан берилген «А» деңгээлинен төмөн узак мөөнөттүү, суверендүү кредиттик рейтингге же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан берилген бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болбогон мамлекеттердин өкмөттөрүнө жана борбордук банктарына карата талаптар (бул мамлекеттердин өкмөттөрү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар жана башка талаптар); 

в) «Standard & Poor's» рейтингдик агенттиги тарабынан берилген «А» деңгээлинен төмөн узак мөөнөттүү, суверендүү кредиттик рейтингге же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан берилген бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болбогон мамлекеттердин банктары жана башка финансы-кредит уюмдары менен эсептешүүлөрдөгү акча активдери; 

г) «Standard & Poor's» рейтинг агенттиги тарабынан берилген «А» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү, суверендүү кредиттик рейтингге же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтинг агенттиктеринин бири аркылуу берилген бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болуп саналган мамлекеттердин отчет берүүчү банкка аффилирленген уюм болуп саналган банктарына жана башка финансы-кредит уюмдарына талаптар; 

д) «Standard & Poor's» рейтинг агенттиги тарабынан берилген «А» деңгээлинен төмөн узак мөөнөттүү, суверендүү кредиттик рейтингге же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтинг агенттиктеринин бири аркылуу берилген бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болуп саналбаган мамлекеттердин банктарына жана башка финансы-кредит уюмдарына талаптар; 

е) коммерциялык, керектөө, ипотекалык жана 4-категорияда көрсөтүлгөндөн тышкары башка кредиттер; 

ж) банктын негизги каражаттары жана башка менчиги; 

з) инвестициялар жана 3.9-пункттун «б» пунктчасында каралган эсептеп алып салууларды кемитүү менен финансылык катышуу; 

и) 1, 2, 3, 4, 6 жана 7-категорияларга кирбеген башка активдер. 

6) 6-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 150%): 

- ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин валютасындагы кредиттерди кошпогондо, ошондой эле 4-категорияда көрсөтүлгөндөрдөн тышкары чет өлкө валютасында коммерциялык, керектөө, ипотекалык жана башка кредиттер; 

7) 7-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 200%): 

- жеке адамдарга жана жеке ишкерлерге улуттук валютада кредит берүү учурунда номиналдык жылдык чени 30% же андан ашык болгон кредиттер.  

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги №17/13, 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-12/33-6-(НПА), 2018-жылдын 26-декабрындагы №2018-П-12/58-10-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык).  

4.4. Баалуу кагаздарга салымдар сыйлыкты (дисконтту) жана ишке ашырылбаган пайданы (чыгым тартууну) минуска чыгаруу менен салмактанып алынат.   

4.5. Алууга каралган чегерилген пайыздардын суммасы активдер салмактануучу тобокелдик деңгээли боюнча салмактанып алынат. Мисалы, айрым адамдарга бир үй-бүлөгө турак-жайды сатып алуу же куруу үчүн жана ушундай турак-жай боюнча биринчи күрөө менен камсыздандырылган кредиттер кредиттик тобокелдиктин 50% деңгээли боюнча салмактанып алынат. Демек, аталган кредиттер боюнча алууга каралган пайыздар кредиттик тобокелдиктин 50% деңгээли боюнча да салмактанып алынат.   

  

5. Тобокелдик деңгээли боюнча баланстан тышкаркы милдеттенмелерге баа берүү

 

5.1. Баланстан тышкаркы милдеттенмелер да айрым шарттар орун алган учурда, кредиттик тобокелдик түшүнүгүн камтыйт (4.1-пунктту караңыз). Мында, мисалы банктын кардардын атынан кепилдиктерди берүүсү белгилүү бир жагдайлар келип жеткен учурда, жөнөкөй кредитти берүүгө трансформацияланышы мүмкүн.   

5.2. Баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча тобокелдиктин өлчөмү баланстан тышкаркы милдеттенмелердин номиналдык наркын кредиттик конверсиянын факторунун тиешелүү пайыздык көлөмүнө көбөйтүү жолу менен аныкталат. Келип чыккан маанилер баланстан тышкаркы милдеттенмелердин баланстык эквиваленти болуп саналат жана 4-бөлүккө ылайык ал кредиттик тобокелдик деңгээлине жараша салмактанып алынат.  

5.3. Ушул нускоо аркылуу баланстан тышкаркы милдеттенмелер үчүн кредиттик конверсиянын факторлорунун төмөнкү пайыздык өлчөмдөрү аныкталат:  

  

Орточо тобокелдик (кредиттик конверсия фактору 50%):  

а) белгилүү бир бүтүмгө байланыштуу баланстан тышкаркы милдеттенмелер (мисалы, курулуш долбоорунда подрядчик өз милдеттенмелерин аткарбаган учурда, буйрутмачы чыгым тартуунун ордун толтуруп берүүнү кепилдеген аккредитивдин жана башка ушул сыяктуу милдеттенмелер);  

б) соодалык операцияларга байланыштуу өзүн-өзү жоюучу кыска мөөнөттүү милдеттенмелер (мисалы, товарларды жүктөө менен камсыз кылынган документардык аккредитив).  

  

Толук тобокелдик (кредиттик конверсия фактору - 100%):  

а) кредиттерди берүүгө милдеттенмелер;   

б) тике кредиттик алмаштыруучулар (мисалы, кредиттер боюнча жалпы кепилдиктер, камдык аккредитивдер, акцептөө боюнча кепилдиктер), башкача айтканда, эгерде, анын атынан кепилдик же аккредитив берилген банктын кардары контракттык макулдашуу же ушул сыяктуу негизде аванс түрүндө үчүнчү тарапка берилген каражатты төлөп бере албаса, банктын үчүнчү жакка каражаттарды төлөп берүү боюнча юридикалык милдеттенмесин түшүндүргөн документ (аталышына көз карандысыз);  

в) кийинчерээк сатып алуу шарты менен сатуу жөнүндөгү келишим жана контрагенттин белгилүү учурларда активди кайтарып берүү укугу менен активдерди сатуу;  

г) активдерди сатып алуу боюнча милдеттенмелер;  

д) мурдагы категорияларга кирбеген бардык калган башка баланстан тышкаркы милдеттенмелер.  

  

5.4. Валюталык курстар жана пайыздык чендерге байланыштуу (мисалы, форварддык контракттар, пайыздык своптор, опциондор жана ушуга окшош инструменттер) баланстан тышкаркы милдеттенмелер өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Мында, өнөктөштөр контракт боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаган учурда, банктар өзүн мындай милдеттенмелердин толук номиналдык наркына эмес, акча каражаттарынын агымынын (оң наркы менен контракттар боюнча) ордун жабуунун потенциалдык наркын гана түзгөн кредиттик тобокелдикке дуушар кылышат. Кредиттик эквиваленттер өлчөмү контракттардын мөөнөттөрүнө жана тигил же бул финансылык инструменттердин негизин түзгөн пайыздык чендердин жана валюта курстарынын өзгөрүүсүнө көз каранды.  

Бул баскычта валюта курстары жана пайыздык чендерге байланыштуу бардык контракттар үчүн банктар, учурда анын рыноктук наркына көз карандысыз ага ылайык потенциалдуу тобокелдик контракттардын ар бир түрү боюнча эсептелинген ыкманы пайдаланышы мүмкүн. Кредиттик эквивалент көлөмүн эсептөө үчүн ар бир инструменттин базалык (номиналдык) наркы инструменттин мүнөзүнө жана анын аракеттенүү мөөнөтүнө жараша белгиленген конверсиондук коэффициенттердин бирине көбөйтүү зарыл.  

5.5. Алтын менен келишилген бүтүмдөрдө колдонулат, кредиттик конверсия факторлору валюта курстарына байланыштуу контракттарга карата колдонулуучу факторлорго окшош.  

5.6. Бул нускоо аркылуу валюталык курстар жана пайыздык чендерге байланыштуу баланстан тышкаркы милдеттенмелер үчүн кредиттик конверсия факторлорунун төмөнкү пайыздык өлчөмдөрү аныкталат:  

Контракттардын аракеттенүү мөөнөтү 

Пайыздык контракттар 

Валюталык контракттар 

1 жылдан аз 

0.5% 

2% 

1 жылдан 2 жылга чейин 

1.0% 

5% 

Ар бир кийинки жылга 

+ 1.0% 

+ 3% 

  

6. Капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) стандарттарын аткаруу тууралуу отчетту берүү тартиби жана мөөнөттөрү 

 

6.1. Капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) стандарттарынын аткарылышы жана алардын эсептери тууралуу маалымат, банктар тарабынан ушул нускоого карата тиркемеде көрсөтүлгөн формаларга ылайык, Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун курамында ай сайын берилет.   

  

7. Капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) стандарттарын аткаргандыгы тууралуу отчетту толтуруу тартиби 

 

7.1. Капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) стандарттарын аткаргандыгы тууралуу отчет Улуттук банктан лизенция алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредит уюмдар бухгалтердик эсепке алуунун Эсептер пландарына ылайык, банктын бухгалтердик балансынын негизинде түзүлөт.   

 (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

7.2. Отчеттун статьялары ири жана кылдат такталган болуп бөлүнөт (мисалы, ири 20-статья эки 20.1 жана 20.2-кылдат такталган статьяларга бөлүнөт). Кылдат такталган статьяларда кредиттик тобокелдиктин тигил же бул категорияга таандыгына жараша баланстык активдердин (баланстан тышкаркы милдеттенмелердин) мааниси көрсөтүлөт. Ири статьяларда көрсөтүлгөн маанилер кылдат такталган статьялардын суммаларынын мааниси болуп саналат.  

7.3. Отчеттун көпчүлүк статьяларынын аталышы Улуттук банктан лицензия алышкан ислам банктарында жана финансы-кредит уюмдар Бухгалтердик эсепке алуунун эсептер планындагы айрым эсептердин жана эсептер тобунун аталыштарына шайкеш келет. Бирок, айрым статьялар өзгөчө толтурулат. Алсак, “Баалуу кагаздар портфели” (130-230-статьялар) бөлүгүнүн ар бир статьясында алардын классификацияланышына көз карандысыз, баалуу кагаздардын тиешелүү түрлөрүнүн суммардык баланстык наркы чагылдырылат. Мисалы, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана/же Улуттук банк тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар” деп аталган 130-статьяда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана/же Улуттук банк тарабынан чыгарылган, төлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздар, соодалык баалуу кагаздар жана сатууга жарактуу баалуу кагаздар сыяктуу классификацияланган баалуу кагаздардын баланстык наркынын суммасы көрсөтүлөт.  

“Кредиттер жана лизингдер” (240-360-статьялар) бөлүгүнүн ар бир статьясында кредиттердин тиешелүү түрү боюнча ссудалык карыз суммасы дисконтту эсептен алып салуу менен чагылдырылат.  

 (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

  

8. Дивиденддер 

 

8.1. Дивиденддер бул, мыйзам талабына ылайык акционерлер ортосунда бөлүштүрүлүүчү банктын таза пайдасынын бөлүгү.  

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын дивиденддери Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө” мыйзамында каралган тартипте бөлүштүрүлөт.  

8.2. Банк Башкармасы (же болбосо тиешелүү орган) аудитордук корутундунун негизинде, банктын Директорлор кеңешине жана акционерлердин жыйынына аны кароого алуу жана тиешелүү баа берүү үчүн кеминде төмөнкү факторлорду берүүгө тийиш:  

а) капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) жана анын өзгөрүү тенденциялары;  

б) Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдердин аткарылышы;  

в) банктын кирешелеринин номиналдык жана реалдуу деңгээли (инфляциянын деңгээлин эске алуу менен) жана алардын өзгөрүү тенденциялары;  

г) банктын өсүү келечеги;  

д) экономикалык шарттардын жана инфляция деңгээлинин таасирлери.  

8.3. Акциялар боюнча дивиденддер финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча чегерилет жана төлөнүп берилет. 

Эскертүү: Финансылык жыл 1-январынан тартып 31-декабрды кошо алгандагы аралык саналат.  

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги №17/13 токтомунун редакциясында). 

 

8.4. Банк Улуттук банктан акционерлерге дивиденддерди төлөө үчүн уруксат алууга милдеттүү. Дивиденддер төлөө боюнча Улуттук банкынан уруксат алуу үчүн документтер акционерлердин жалпы жыйынына чейин беш жумушчу күндөн кечиктирбестен, Улуттук банкка берилүүгө тийиш. Дивиденддерди төлөө мөөнөттөрү боюнча планы жана экономикалык ченемдерди аткаруу боюнча эсептер, ошондой эле пландаштырылган дивиденддерди төлөөлөрдүн суммасын эске алуу менен эсептелген «капиталдын буфери» индекси банктын документтерине тиркелген болушу керек. 

Банктын туруктуулугуна, ошондой эле кредиторлордун жана аманатчылардын кызыкчылыктарына коркунуч пайда болгон учурда, Улуттук банк дивиденддердин төлөнүшүнө тыюу салат же чектөөлөрдү белгилей алат, эгерде,: 

а) бул Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдердин бузулушуна алып келсе;  

б) банктын капиталынын шайкештик коэффициенттеринин мааниси Улуттук банк белгилеген минималдуу чектерден төмөн болгон учурда; 

в) «капитал буферинин» индекси дивиденддер төлөнгөндөн кийин, Улуттук банк белгилеген минималдуу маанилерден төмөн болсо; 

г) потенциалдуу жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабууга карата камдар Улуттук банктын талаптарына ылайык түзүлбөгөн же жетишсиз өлчөмдө түзүлгөн учурда; 

д) банк мурдагы жылдар үчүн жана/же отчеттук жыл үчүн орду жабылбаган чыгымдарга ээ болсо; 

е) бул банктын финансылык абалынын начарлашына алып келсе; 

ж) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда. 

Эгерде, Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, чечим кабыл алган жана дивиденддерди төлөө учурунда төлөөгө кудуретсиздик белгилерине ээ болсо же аталган белгилер дивиденддерди төлөө натыйжасынан улам пайда болсо, анда банк акциялар боюнча дивиденддерди төлөө (жарыялоо) жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу эмес. 

Эгерде, артыкчылык берилген акциялар боюнча дивиденддерди төлөө жөнүндө чечим кабыл алынбаса, анда Банк жөнөкөй акциялар боюнча дивиденддерди төлөө (жарыялоо) жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу эмес.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА), 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-12/33-6-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

 

Эскертүү

(1) (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 17/13 токтомуна ылайык күчүн жоготту).