Кайта келүү

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 15-июнундагы 

№ 2017-П-12/25-2-(НПА), 

токтому менен бекитилген 

 

 

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобо 

 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА), 2019-жылдын 28-июнундагы №2019-П-12\34-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык акыркы токтом 2020-жылдын 1-январында күчүнө кирет) 

 

1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

 

1.  Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө жободо (мындан ары Жобо) банктардын жана микрофинансылык компаниялардын, анын ичинде өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган же «ислам терезесине» ээ банктардын жана микрофинансылык компаниялардын, «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ачык акционердик коомунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын (мындан ары банктар) аудити үчүн минималдуу талаптар (критерийлер) белгиленген. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Аудитордук уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүн ишке тартуу жагында банк ишин натыйжалуу уюштуруу, алардын тандоосу боюнча жалпы кабыл алынган жол-жоболорду колдонууга киргизүү, банктын аудиторлору тарабынан аудитордук кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоодо көз карандысыздыкты камсыз кылуу жана таламдардын каршы келип калышына жол бербөө ушул жобонун максатынан болуп саналат. 

3. Бул жободо төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат: 

Банктын тышкы аудити Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, финансылык отчеттун эл аралык стандарттары жана башка маалыматтарга ылайык финансылык отчеттун бардык олуттуу аспектилеринде анын аныктыгына болгон пайдалануучулардын ишениминин даражасын жогорулатуу максатында банк ишмердигинин көз кранды эмес текшерүүсү

Банктын тышкы аудитору - Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык түзүлгөн көз карандысыз аудитордук уюм (анын ичинде аудитордук текшерүү тобуна кирген аудиторлор). 

Аудитке карата талаптар банк, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул жобого ылайык, аудитордук уюмга, анын штатына, ишке тартылган аудиторлорго (жеке адамдар жана юридикалык жактар), аудитордук текшерүүгө (кайсыл болбосун баскычында), аудитордук корутундуга коюуга тийиш болгон талаптарды камтыйт. 

Маалымат системаларынын тышкы аудити тышкы аудитор тарабынан укукка жатпаган кийлигишүүдөн жана башка коркунучтардан (тобокелдиктерден) маалыматты жана банк тутумун сактоого өбөлгө түзгөн банктын техникалык регламенттерин жана талаптарын көз карандысыз текшерүү.  

Таламдардын каршы келип калышы банктын тышкы аудиторунун кызыкчылыгы банктын финансылык отчетунун аныктыгы тууралуу ой-пикирине таасир этиши мүмкүн болгон жагдай.  

Банктын тышкы аудиторунун көз карандысыздыгы - банктын тышкы аудиторунун корутундуларынын, тыянактарынын жыйынтыгына кимдир бирөөнүн кийлигишкендигине карабастан жана банктын тышкы аудитору тарабынан пикирин билдиришине тыштан ар кандай таасир этүүнү жокко чыгарган шартта өз алдынча иш алып баруу жөндөмдүүлүгү.  

Банктын кызмат адамдары, банк менен аффилирленген жана байланыштуу жактар, банктын же банктык холдингдик компаниясынын туундуу компаниясы, ислам банкы, «ислам терезесине» ээ банк, ислам банк иши жана каржылоо принциптери, Шариат кеңеши сыяктуу атоолор (терминдер) - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мааниге ээ.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы №2019-П-12\34-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

2. БАНКТЫН ТЫШКЫ АУДИТИНЕ ТАЛАПТАР 

 

4. Банк иши аудиттин Кыргыз Республикасында таанылган эл аралык стандарттарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана ушул жобого ылайык жыл сайын тышкы аудитордук текшерүүдөн өткөрүлүүгө тийиш.  

5. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган мамилелерде Ислам финансы институттары үчүн Бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму (AAOFI) тарабынан иштелип чыккан аудит стандарттары колдонулат. 

6. Банктын тышкы аудитору алгылыксыз иш-аракеттеринен сыяктуу эле, жол берилген каталардан улам, келип чыккан олуттуу бурмалоолорго жол берүү тобокелдигин аныктоо жана баа берүү максатында, банктын ички контролдук системасы, ошондой эле ички аудит кызматы тарабынан аныкталган көйгөйлүү маселелер боюнча маалыматтарды алуу максатында банктын ички аудит кызматынын кызматкерлери менен пикир алышат. Банктын тышкы аудитору банктын ички аудит кызматынын бардык материалдарынан жана отчетторунан пайдалана алат. 

7. Банк төмөнкү аныктамаларды эске алуу менен жобонун талаптарына каршы келбеген банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген, тышкы аудитти ишке тартуу боюнча ички ченемдик документтерди иштеп чыгууда: 

- банктын тышкы аудиторун тандоо критерийлеринин тизмеги;  

- тышкы аудиторду ишке тартуу шарттары;  

- аудитордук уюмдун финансылык отчетко аудит жүргүзүү кызмат көрсөтүүсүнө, ошондой эле банкка жана анын контролундагы уюмдарга аудитордук эмес кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн төлөм жүргүзүү тартиби жана шарттары. 

8. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактоо менен аудитордук уюм өз алдынча банк тарабынан тандалып алынат. 

9. Банкка тышкы аудитти сапаттуу жүргүзүү көз карашынан алганда, алда канча алгылыктуу аудитордук уюмду тандоо максатында кеминде үч аудитордук уюмдун сунушун карап чыгуу зарыл. Тышкы аудитти жүргүзүү учурунда банктын тышкы аудитору тарабынан тартылган аудиторлордун курамы өзгөртүлбөө тургандыгы сунуш кылынат. Банк тарабынан тышкы аудиторду дайындоодо, тандоо анын кызмат көрсөтүүсүнө сарптоолорду минималдаштыруу менен гана чектелбестен, аныкталууга тийиш. 

Тышкы аудит жүргүзүлүп жаткан мезгил ичинде банктын Аудит боюнча комитети тарабынан бекитилген, банк жана тышкы аудитор ортосунда макулдашылган аудиторлордун негизги курамындагы өзгөрүүлөрдөн тышкары, банкка тышкы аудит жүзөгө ашырган аудиторлор курамы өзгөртүлбөйт . 

10. Банктын Директорлор кеңеши акционерлердин жалпы жыйынын кароосуна сунуштоо үчүн аудитордук уюмдарды жана аудиторлорду тандайт. Банк акционерлердин жалпы жыйыны өткөрүлгөн күнгө чейинки токсон жумуш күнүнөн кечиктирбестен аудитордук уюм жана аудиторлорго талапкерлер тууралуу Улуттук банкка билдирет. Аталган банк банктарды аудитордук текшерүүдөн өткөрүү үчүн белгиленген талаптарга жооп бербегендер катары аудитордук уюмду жана аудиторлорго талапкерлерди четке кагууга укуктуу жана ал жөнүндө билдирүү келип түшкөн күндөн тартып, он жумуш күнүнөн кечиктирбестен банкка билдирет. 

11. Банктын Директорлор кеңеши банктын тышкы аудиторун тандайт, аудитордук уюм менен аларга төлөнүүчү сый акылар, банкка тышкы аудитти жүргүзүү мөөнөтү, шарттары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана банктын тышкы аудиторун банктын акционерлеринин жалпы жыйынынын кароосуна сунуш кылат.  

Финансылык отчетко аудитордук текшерүүнү жүргүзүү келишиминде ушул жобонун тиешелүүлүгүнө жараша 5-бөлүмүндө көрсөтүлгөн талаптар жана маалымат системаларына аудит жүргүзүү 6-главада көрсөтүлгөн талаптар камтылууга тийиш.  

12. Банктын тышкы аудиторун тандоо процессинде банктын Директорлор кеңеши аудитордук уюмдан ушул жобонун 18-пунктунда белгиленген шарттардын болушу тууралуу күбөлүктү (далилди), ошондой эле төмөндөгүлөрдүн болушун талап кылууга тийиш: 

а) ушул аудитордук уюм акыркы үч жыл ичинде тышкы аудит жүргүзгөн финансы- кредит мекемелеринин жана башка уюмдардын тизмесин; 

б) аудитордук текшерүүнүн пландаштырылып жаткан иш көлөмүн камтыган сунушту, аудитордук текшерүүнүн жүрүшүндө иликтөөгө алынган мезгил аралыгын, банкка тышкы аудит жүргүзүү графигин, ошондой эле даярдоо пландаштырылып жаткан отчетторду.  

13. Банк үч жумуш күнү ичинде төмөндөгүлөр тууралуу Улуттук банкка кат жүзүндө билдирүүгө тийиш: 

а) банктын акционерлеринин жалпы жыйыны тарабынан чечим кабыл алынгандан кийин банктын же банктык топтун тышкы аудиторун тандоо (дайындоо) жөнүндө;  

Бул билдирүүдө лицензиянын бардыгы (лицензиянын номери, берилген күнү, колдонуу мөөнөтү, ким тарабынан берилгендиги), аудитордук уюмдун телефон номерлерин, анын жетекчисинин аты-жөнүн кошо алганда, юридикалык дареги көрсөтүлүүгө тийиш; 

б) банктын тышкы аудиторунун алмашкандыгы, эгерде тышкы аудитор банкка тышкы аудит жүргүзүлүп жаткан учурда алмашылган болсо, аны алмаштыруу себептери жөнүндө

 

3. БАНКТЫН ТЫШКЫ АУДИТОРУНА КОЮЛГАН ТАЛАПТАР 

 

14. Кыргыз Республикасынын аймагында банктардын аудиттик ишин жүзөгө ашыруу укугуна тиешелүү лицензиясы бар жана ушулу жобонун белгиленген талаптарына жооп берүүчү аудитордук уюм гана банктын тышкы аудитору боло алат.  

15. Тышкы аудитти жүргүзүүдө банктын тышкы аудитору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген чектөөлөрдү сактоого тийиш.  

16. Банктын тышкы аудитору көз карандысыз, объективдүү жана таламдардын каршы келип калышы деп эсептөөгө негиз берген кырдаалдардан оолак болууга тийиш. 

17. Тышкы аудитор банктан көз карандысыз болууга тийиш дегенден улам, анын аудитордук корутундунун жыйынтыгына, тыянактарга жана тышкы аудитор өз пикирин билдиришине сырттан кимдир-бирөөнүн таасирин жокко чыгарган шартта өз алдынча иш алып баруу жөндөмдүүлүгүн түшүнүү зарыл. Тышкы аудитти жүргүзүү жөнүндө келишимде аудитордук уюмдун өзү же анын кайсы бир аудитору же аудитордук текшерүүнүн курамына кирген башка кызматкери, банкта эч кандай кызыкчылыкка ээ эмес экендиги, ага көз каранды эместиги, банк жана анын кызматкерлери менен эч кандай мамилеси жоктугу тууралуу билдирүүсү чагылдырылууга тийиш.  

18. Аудитордук уюм же банктын аудитине катышуучу аудиторлор же банктын аудитине тартылган аудиторлор банктан көз каранды эмес деп эсептелбейт, эгерде алар акыркы эки жылдын аралыгында: 

1) банктын же анын аффилирленген жактарынын капиталында тике же кыйыр түрдө олуттуу катышы бар адамдардан болсо; 

2) банктын же анын аффилирленген жактарынын аффилирленген жактары болсо; 

3) банкка же анын аффилирленген жактарына башка кызмат көрсөтүүлөрдү (атайын аудитордук текшерүүлөрдү жүргүзүү, консультациялык кызмат көрсөтүүлөр, ички аудит кызмат көрсөтүүлөрү) сунуштаган жактар болсо; 

4) банктын же анын аффилирленген жагынын кызматкери болсо; 

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда. 

19. Тышкы аудитордун көз карандысыздыгына шектенүүнү жараткан тастыктоолор орун алса, анын ичинде аудитордук уюм же анын кайсыл болбосун аудиторунун бири банк мыйзамдарына ылайык негизинен банк менен байланыштуу жак болуп саналса, банк ошол аудитордук уюмду тышкы аудитору катары ишке тартууга тийиш эмес. Банкка же банктык топко аудит жүргүзүү үчүн тандалган аудитордук уюм төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш: 

- Кыргыз Республикасынын аймагында аудитти жүргүзүү укугуна тиешелүү лицензияга жана кеминде үч жылдык иш тажрыйбага ээ болууга; 

- банктан көз карандысыз болууга; 

- аудиттин эл аралык стандарттарына жана финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына, ошондой эле ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму тарабынан бекитилген стандарттарына ылайык, коммерциялык банктарга жана финансы-кредит уюмдарына мекемелерге аудит жүргүзүү тажрыйбасына ээ болууга; 

- алдыга коюлган милдеттердин сапаттуу жана өз убагында аткарылышына жетишерлик санда штаттык же ишке тартылган аудиторлордун болуусу. 

20. Финансылык отчетко аудитордук текшерүү жүргүзүү жетекчиси төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш: 

- аудит боюнча мыйзам талаптарына же эл аралык квалификацияга ылайык квалификацияга; 

- коммерциялык банктарга жана финансы-кредит мекемелерине аудит жүргүзүүнүн кеминде үч жылдык тажрыйбасына; 

- аудиттин эл аралык стандарттарына жана финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына ылайык финансы-кредит уюмдарына аудит жүргүзүү тажрыйбасына; 

- банктык иш жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдары жагында билиминин болушу; 

- ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган банктын ишине аудитордук текшерүүнү жүргүзүү үчүн - ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишти жүзөгө ашырган банктарда жана финансы-кредит уюмдарына аудит жүргүзүү боюнча AAOFI стандарттарын билиши жана ушул багытта үч жылдык иш тажрыйбасынын болушу. 

21. Маалымат системаларына аудит жүргүзүү үчүн анын жетекчиси төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш: 

- квалификациялык сертификаттарга (CISA, CISM ж.б.); 

- финансы-кредит уюмдарындагы маалымат системасына аудит жүргүзүү тажрыйбасына. 

22. Банктын тышкы аудити катары менен беш жылдан ашык бир эле аудитордук уюм тарабынан жүзөгө ашырылышы мүмкүн эмес. Ротациялоо мөөнөтү банк акционерлеринин жалпы жыйыны банктын тышкы аудиторун тандоо (дайындоо) боюнча чечим кабыл алууга тийиш болгон күнгө карата ырааттуу келген беш жыл эсебинен аныкталат. 

23. Эгерде банк курамына кирген эл аралык холдингдик компания үчүн ал каттоодон өткөн өлкөнүн мыйзамдарында тышкы аудиторду ротациялоо мөөнөтү ушул жободо белгиленген мөөнөттөн айырмалана турган болсо, Улуттук банк банктын банктык топтун курамына кирген ротациялоо мөөнөтүн өзгөртүүгө тиешелүү өтүнүч катынын негизинде ротациялоо мөөнөтүн узартышы мүмкүн.  

 

4. БАНК ТОБУНУН АУДИТИ  

 

24. Аудит жүргүзүлүп жаткан, банктык топ башында турган банк, банктык холдингдик компания же башкы компания жана банктын туунду компаниясы Кыргыз Республикасындагы аудитордук иш жөнүндө мыйзам талаптарына жана ушул жобонун талаптарына ылайык аудит жүргүзүү лицензиясына ээ көз карандысыз аудитордук уюм (тышкы аудитор) тарабынан милдеттүү түрдө ар жылдык аудиттен өтүүгө тийиш.  

25. Банктын же банктык топтун аудити консолидацияланган негизде жана банктын топтун ар бир катышуучусу үчүн өз алдынча жүргүзүлөт. Банктык топко аудит бир аудитордук уюм тарабынан жүзөгө ашырылууга тийиш. 

26. Улуттук банк, банктын жана анын аффилирленген жагынын (аффилирленген жактарынын) өтүнүчү боюнча 27-пунктта көрсөтүлгөн талапты алып салышы мүмкүн, эгерде банк же аффилирленген жак далилдерди келтирип жана Улуттук банк төмөндөгү жагдайлардын орун алгандыгын тааныса: 

а) аудит жүргүзүү наркынын жогору белгиленишинен улам, бир аудитордук уюмдун аудиттен өткөрүлүүчү бардык жактары үчүн аудит жүргүзүүнүн мүмкүн эместиги же белгиленген убакыт ичинде аудиттен өткөрүүлүчү топтун ар бир жагына аудитти аягына чыгара алган же аудиттен өткөрүүлүчү топтун ар бир жагына талаптагыдай аудитти өткөрө алган аудитордук уюмдун жоктугу банктын финансылык абалына терс кесепеттерди алып келиши мүмкүн; 

б) банк же анын аффилирленген жагы тарабынан ушул пунктта келтирилген талаптарды аткаруу үчүн бардык чаралар көрүлгөн болсо; 

в) Улуттук банк тарабынан ар кайсы аудитордук уюмга аудиттен өткөрүүлүчү топтун ар кайсы жагына аудитти жүзөгө ашырууга берген уруксаты банктын кандай болбосун аффилирленген жагына же бүтүндөй банктык топко аудиттин жыйынтыгына алгылыксыз таасир этпесе.  

27. Улуттук банк аудиттен өткөрүлүүчү топко кирген бардык жакка бир аудитордук уюмдун аудит жүргүзүүсүнө тиешелүү талапты, аудитордук топко кирген жактарга аудит жүргүзүшү мүмкүн болгон бардык аудитордук уюмдар бири-бирине банкта жана анын аффилирленген жактарында аудит жүргүзүүгө тиешелүү документтер, аудитордук корутундулар, аудит жүргүзүү учурунда маалыматтар менен алмашып алууга, аудитордук корутундунун маани маңызы боюнча кат жүзүндө макулдашып алмайынча талапты алып салбайт. 

28. Банктык топко жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча топтун ар бир катышуучусу боюнча өзүнчө отчет жана консолидацияланган отчет түзүлөт. 

Эгерде банктык топтун катышуучусунун таза суммардык капиталынын көрсөткүчү банктык топтун башында турган банктын таза суммардык капиталынан кеминде 5% түзгөн болсо, банктык топтун катышуучусу боюнча өзүнчө отчет талап кылынбайт. 

 

5. ФИНАНСЫЛЫК ОТЧЕТТУН АУДИТИ  

 

29. Банк финансылык жыл аяктагандан кийин жаңы финансылык жыл башталгандан тартып токсон күндөн кечиктирбеген мөөнөттө банкка тышкы аудит жүргүзүүнү камсыз кылууга милдеттүү

30. Тышкы аудитор колдонулган финансылык отчеттун негизги көрүштөрүнө (финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына) ылайык финансылык отчеттун бардык олуттуу аспектилеринде анын аныктыгына болгон пайдалануучулардын ишениминин даражасын жогорулоосун камсыздайт.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы №2019-П-12\34-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

31. Тышкы аудитор банктын финансылык отчетунун олуттуу бурмалоолорго дуушар болуусун жана финансылык отчеттогу принциптердин банк ишине тиешелүү маалыматтар жана жагдайлар жагында колдонулушун кароого алууга милдеттүү, мындан тышкары: 

а) аныкталган тобокелдиктерге баа берип, алар бүтүндөй финансылык отчетко жана банктын максаттарына, стратегияларына таасир этиши мүмкүндүгүн аныктоого, ошондой эле олуттуу бурмалоолорго алып келиши ыктымал болгон аны менен байланыштуу коммерциялык тобокелдиктерди да аныктоо;  

б) кайсыл болбосун бардык өзгөрүү себептерин кошо алганда, эсепке алуу саясатын тандоого жана аны колдонууга баа берүү. Тышкы аудитор банктын коммерциялык иш мүнөзүнө анын эсепке алуу саясатынын ылайык келишин жана эсепке алуу саясатында колдонулган жоболор финансылык отчетту даярдоо концепциясына ылайык келишин жана алардын алгылыктуулугуна баа берет; 

в) финансылык отчеттун деңгэлинде жана ушул тобокелдиктерге жооп катары аудитордук жол-жоболордун өбөлгөлөрү, аны иштеп чыгуу жана жүргүзүү деңгээлинде алгылыксыз иш-аракеттердин себеби сыяктуу эле, келип чыккан каталардан улам, олуттуу бурмалоолор тобокелдигин аныктоо жана ага баа берүү максатында, банк ишинин финансылык жыйынтыктарына баа берүү жана аларды талдап-иликтөө.  

32. Тышкы аудитор банктын активдерин эсепке алуу жана классификациясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Улуттук банктын ченемдик талаптарына, банктын эсепке алуу саясатына жана жол-жоболоруна ылайык келишин кароого милдеттүү. Тышкы аудитор бул максатта, банктын финансылык отчетунун төмөнкү пунктчалар боюнча маалыматты алуу үчүн зарыл болгон финансылык отчетту сунуштоо принциптеринин бардык аспектилерине ылайык келүүсү жагында пикирин билдирүү максаттары үчүн зарыл болгон аудиттин эл аралык стандарттарына жана Улуттук банктын талаптарына жараша өткөрүлгөн аудиттин алкагында тиешелүү жол-жоболорду аткарууга тийиш: 

а) финансылык отчетко байланыштуу жана төмөнкүлөрдү кошо алганда, аудит үчүн маанилүү болуп саналган банктын ички контролдук системасына баа берүү алкагында банк тарабынан колдонулган кредиттик саясаттын банктын иш багытын, көлөмүн жана татаалдыгын кошо алганда, жагдайларга ылайык келишине баа берүү

- Банктын Кредит менен иш алып баруу комитетинин иши аркылуу кредиттик тобокелдикти тескөө сапаты камсыздалабы; 

- кредиттик билдирмелерди кароо жол-жоболору барбы; 

- карыз алуучу тууралуу зарыл жана толук маалымат чогулуудабы; 

- кредиттин өз убагында кайтарылышына, анын ичинде финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына жана банктык мыйзамдарга ылайык аныкталуучу аффилирленген жана байланыштуу жактарга контролдук (мониторинг) жүзөгө ашырылуудабы;  

- кредиттерди реструктуризациялоо негиздемеси тастыкталганбы; 

- отчеттук мезгил ичинде кредиттерди кайтарууга багытталган, анын ичинде соттук териштирүүлөр жүргүзүлүп жаткан кредиттер боюнча банк тарабынан көрүлгөн иш-чаралар тизмеги жүргүзүлүүдөбү

б) кредиттик порфелге жана башка активдерге, ошондой эле баланстан тышкаркы милдеттенмелерге жетекчилик тарабынан жүргүзүлгөн классификациялоо жана баа берүү негиздүүлүгү (потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга чегерүүлөрдүн негиздүүлүгү); 

в) колдонулуп жаткан эсептик саясатка, ошондой эле күрөөнү өндүрүү учурунда банк тарабынан сатылып алынган кыймылсыз мүлк башка активдер боюнча жетекчилик тарабынан эсептелинген маанилердин негиздүүлүгүнө баа берүү;  

г) берилген кредиттер боюнча күрөөгө баа берүү жана жетекчилик тарабынан жүргүзүлгөн баа берүү иши негиздүү деп саналабы; 

д) банктын ички саясатына жана Улуттук банктын талаптарына ылайык ссудалык карыз жана “лоро”, “ностро” эсептери боюнча калдыктар тастыктамасы банк тарабынан жүргүзүлүп жаткан жол-жоболордун мезгилдүүлүгүнө ылайык келүүсү, ошондой эле депозиттин белгиленген түзүмүнө депозиттер эсебинин жана башка карыз алуулардын дал келүүсүн камсыз кылуу; 

е) эсепке алуу саясатынын мүнөзүнө, баалуу кагаздар рыногунда ишке ашырылган операциялар, анын ичинде ишеним боюнча тескөө операцияларын жүзөгө ашырууда маалыматтардын тиешелүү негизде чечмеленишине баа берүү

33. Аффилирленген жана байланыштуу жактар менен ишке ашырылган операциялардын эсебинин жана чечмеленишинин тиешелүү талаптарга ылайык келүүсүн кароого алуу зарыл. Бул максаттарда банктын тышкы аудитору төмөнкүлөр жагынан маалымат алуу үчүн зарыл болгон бардык жол-жоболорду аткарууга тийиш: 

а) аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операциялар белгиленген; 

б) банктын финансылык отчетунда ушул операциялардын шарттарынын талаптагыдай чагылдырылышын жана ачып көрсөтүлүшүн кошо алганда, аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларды жүзөгө ашыруу боюнча тиешелүү уруксат жана саясат барбы; 

в) аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операциялардын натыйжасында келип чыккан дебитордук карыз өз учурунда төлөнө тургандыгынын жетишерлик жана талаптагыдай аудитордук далили барбы; 

г) аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларды талдап-иликтөөдө тобокелдиктерге баа берүү жана тескөө жол-жоболору (кредиттерге баа берүү, күрөөнү кабыл алуу ж.б.) сакталат жана колдонулат. 

34. Аудит үчүн маанилүү контролдоо каражаттарын иликтөөдө, тышкы аудитор алардын түзүмүн талдап-иликтөө менен кошумча жол-жоболордун жардамы менен (уюмдун кызматкерлерине талаптарды жөнөтүү менен катар) тажрыйбада бул контролдоо каражаттары ишке киргизилгендигин аныктайт.  

Тышкы аудитор тарабынан банктын ички контролдук системасынын банк ишинин  

мүнөзүн, көлөмүн жана татаалдыгын кошо алганда, жагдайларга дал келүүсүнө баа берүү иши төмөнкүлөр жөнүндө/тууралуу маалымат алуу жолу аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн: 

а) банктын башкаруу түзүмүнүн банк тарабынан аткарылып жаткан операциялардын түрлөрүнө жана көлөмдөрүнө шайкештиги (башкаруу органдарынын чечимдерди кабыл алууда катышуусу, жетекчилер ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү, түзүмдүк бөлүмдөр жөнүндө жоболордун жана кызматтык иш боюнча нускоолордун болушу); 

б) бардык операциялардын бухгалтердик эсепте чагылдырылышына жана так финансылык отчеттун даярдалышына контролдукту уюштуруу; 

в) банкта ички контролдук системасынын ишин уюштуруу; 

г) банктын туунду компанияларынын жана филиалдарынын ишине контролдукту уюштуруу; 

д) банкта тобокелдиктерди тескөө ишин уюштуруу; 

е) банктын жаңы ички жол-жоболорун иштеп чыгуу же колдонулуп жаткан ички жол-жоболорун өркүндөтүү, ошондой эле банктын ички контролдоо системасын жакшыртуу боюнча мурдагы аудитордук текшерүүнүн сунуш-көрсөтмөлөрүн аткаруу. 

35. Тышкы аудитор аудитордук тандалманын негизинде төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу боюнча банк операцияларынын жүргүзүү жол-жоболору жана операциялары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик талаптарына ылайык келишин караштырат. Бул максатта банктын тышкы аудитору төмөнкүлөрдүн канчалык деңгээлде сакталып жана камсыз кылынып жаткандыгына текшерүү жүргүзүүсү зарыл: 

а) кагаз жүзүндөгү төлөм документтеринин электрондук аналогуна ылайык келиши; 

б) төлөмдөрдү өз учурунда өткөрүү

в) электрондук төлөмдөрдү жүргүзүү жана банктын ыйгарым укуктуу адамдарынын жеке ачкычтары менен иш алып баруу учурунда купуялуулук жана коопсуздук шарттарын, ошондой эле аларды сактоо жана пайдалануу эрежелерин сактоо; 

г) каражаттарды кардарлардын эсебине өз учурунда жана туура чегерүү жана каражаттарды кардарлардын эсептеринен алып салуу; 

д) электрондук төлөмдөрдү жүргүзүү учурунда маалыматты өз учурунда кабыл алуу жана берүү

е) төлөм документтеринин реквизиттерин толтуруу боюнча талаптарды аткаруу. 

36. Тышкы аудитор банктын финансылык отчетуна аудит жүргүзүүнүн жүрүшүндө алгылыксыз иш-аракеттерди жана каталарды кароого алуу боюнча тышкы аудитордун жоопкерчилиги жагында аудиттин ислам финансылык институттары үчүн стандарттарынын жана аудиттин эл аралык стандарттарынын талаптары толук көлөмдө аткарылышына таянуу менен иш алып барат.  

 

6. МААЛЫМАТ СИСТЕМАСЫНЫН АУДИТИ 

 

37. Банктар эки жылда бир жолу маалымат системасына аудит жүргүзүп турууга тийиш. Маалымат системасына тышкы аудит жүргүзүү мөөнөтү ага акыркы аудит жүргүзүлгөн күндөн тартып ырааттуу келген эки жыл эсебинен аныкталат. 

38. Маалымат системасына аудит жүргүзүүнүн жүрүшүндө жана анын максаттары үчүн тышкы аудитор маалымат системасынын төмөнкүлөрдүн талаптарына ылайык келүүсүнө талдап-иликтөөнү жана баа берүүнү жүзөгө ашырууга тийиш: 

а) банктын маалымат коопсуздугу жагында Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары; 

б) банктын жетекчилиги тарабынан бекитилген маалымат системасынын ички саясаты/жол-жобосу; 

39. Маалымат системасына тышкы аудитти жүргүзүүдө эң аз дегенде төмөнкүлөрдү ишке ашыруу зарыл: 

а) алардын жетиштүүлүгү жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык келүү көз карашынан маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ички ченемдик документтер менен таанышуу; 

б) алардын шайкештигине, жетиштүүлүгүнө жана актуалдуулугуна баа берүү максатында маалымат системасында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөө боюнча банктын стратегиялык документтери, бизнес-пландары, саясаттары жана жол-жоболору менен таанышып чыгуу; 

в) маалымат технологиясы процесстерин жөнгө салуу системасына, операциялык тобокелдиктерди тескөө системасына баа берүү

г) маалымат системасынын иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу системасына жана өзгөчө кырдаалдар келип чыккан шартта маалымат системасын калыбына келтирүү пландарына баа берүү

д) түйүндүн, операциялык системанын, тиркемелердин, маалымат базасынын, персоналдын коопсуздугун камсыз кылуу деңгээлине баа берүү

е) филиалдарда маалымат системасынын коргоого алынышы деңгээлин кароого алуу; 

ж) автоматташтырылган системалардан пайдалана алуу мүмкүнчүлүгүн жөнгө салуу жана андагы бөлүштүрүү системасына баа берүү

з) банк персоналынын маалыматтык коопсуздук жагында маалыматынын болушу деңгээлине баа берүү

и) интеллектуалдык менчик укугуна тиешелүү мыйзам талаптарынын сакталышы, лицензияланган программалык продукттарды колдонуу жагында маселелерди кароого алуу. 

 

7. ТЫШКЫ АУДИТОРДУН КОРУТУНДУСУН/ОТЧЕТУН БЕРҮҮ ТУУРАЛУУ БАНККА КАРАТА КОЮЛГАН ТАЛАПТАР  

 

40. Аудитордук корутундудагы маалымат аудиттин эл аралык стандарттарына жана Улуттук банктын талаптарына ылайык чагылдырылууга тийиш. Мында финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына ылайык анын бардык пайдалануучулары үчүн финансылык отчеттун аудитордук корутундусу бирдей болууга тийиш.  

41. Финансылык жыл аяктагандан кийин банк төмөнкүлөргө милдеттүү

1) Улуттук банкка аудитордук корутундунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен бирге финансылык отчетту жана аудитордун банк жетекчилигине тиешелүү катын акционерлердин жылдык жалпы жыйыны өткөрүлгөнгө чейинки беш жумуш күнүнүн ичинде берүүгө

2) акционерлердин жалпы жыйыны тарабынан жылдык финансылык отчетунун жаңы финансылык жыл башталгандан тартып токсон күндөн кечиктирбестен бекитилишин камсыздоого; 

3) Улуттук банкка аудитордук корутундунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен бирге акционерлердин жалпы жыйынында бекитилген финансылык отчетту жана аудитордун банктын жетекчилигине жазган катын жаңы финансылык жыл башталгандан тартып жүз беш күндөн кечиктирбестен берүүгө;  

4) банктын жылдык финансылык отчетун (анын ичинде консолидацияланган отчетту) аудитордук корутунду менен бирге жаңы финансылык жыл башталгандан тартып жүз жыйырма күндөн кечиктирбестен, Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте жана формада жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого. 

42. Банк маалымат системасына аудит аяктагандан кийин анын жыйынтыгы боюнча аналитикалык отчеттун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жана аудитордун банк жетекчилигине жазган катын беш жумуш күн ичинде Улуттук банкка берүүгө милдетүү.  

43. Банктар банктын тышкы аудитору тарабынан бекитилген жылдык финансылык отчет жарыяланган басылманын көчүрмөсүн жарыялангандан кийин 3 жумуш күн ичинде Улуттук банкка берет.  

44. Банк аудитордук ишти жөнгө салган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аудит жүргүзүлө тургандыгы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык отчеттун жарыяланашы тууралуу билдирүүгө тийиш.  

45. Эгерде аудитордук текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган кемчиликтер Улуттук банк тарабынан белгиленген мезгил ичинде оңдолбосо, анда Улуттук банк банк жетекчилигине, Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө, банктын Аудит боюнча комитетинин мүчөлөрүнө, акционерлерге жана/же банктын өзүнө банк мыйзамдарында белгиленген лицензияны кайтарып алуу сыяктуу кайсыл болбосун чараларды колдонуу укугуна ээ.  

46. Улуттук банк, эгерде аныкталган жетишпестиктер Улуттук банк тарабынан белгиленген мезгил аралыгында оңдолбосо, банктын жектекчилигине, Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө, аудит боюнча Комитеттин мүчөлөрүнө,контролдоочу акционерлерге жана/ же банктын өзүнө карата банктык мыйзамдарда белгиленген, лицензияны кайтарып алууга чейинки чараны колдонушу мүмкүн. 

47. Тышкы аудитор төмөнкүдө келтирилген жагдайлар аныкталган учурдан тартып бир жумуш күн ичинде банк Башкармасына, Директорлор кеңешине жана Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү

1) туруктуулугуна коркунуч жараткан аныкталган фактылар жана банк отчеттук мезгил аяктагандан кийин он эки ай ичинде өз ишин үзгүлтүксүз алып баруу жөндөмсүздүгүн көрсөткөн жагдайлар же шарттар тууралуу;  

2) Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары боюнча убактылуу администрацияны киргизүү жана лицензияны кайтарып алуу үчүн негиз болуп саналган жагдайлар жана фактылар жөнүндө

3) банкка аудитордук текшерүү жүргүзүүнүн жүрүшүндө ага тышкы аудит жүзөгө ашыруудан баш тартуу чечими жөнүндө

4) алдамчылык же алдамчылык схемаларынын бетин ачуу жана кылмыш жолу менен алынган кирешелердин “изин жашыруу” жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоо боюнча операциялардын белгилерине туура келген бүтүмдөрдү аныктоо жөнүндө

5) банктын тышкы аудитордун өтүнүчү боюнча Улуттук банкка кайсы бир маалыматты билдирүүдөн баш тарткандыгы жөнүндө

6) аудиттин эл аралык стандарттарына же Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык отчеттук мезгилден кийинки мезгилде банкты олуттуу чыгымдарга алып келиши мүмкүн болгон, ички контролдук системасындагы бузуулардын же кемчиликтердин аныкталгандыгы жөнүндө

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.  

48. Тышкы аудитор Улуттук банктын талабы боюнча аудит жүргүзүүгө тиешелүү кайсыл болбосун маалыматты берүүгө милдеттүү. Мындай маалыматтардын берилиши тышкы аудит жүргүзүү учурунда купуя маалыматтарды ачыкка чыгаруу катары эсептелинбейт.  

49. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкерлери инспектордук текшерүүлөрдүн жүрүшүндө тышкы аудитор менен жолугушууга, ошондой эле алардан оозеки жана жазуу жүзүндө маалыматтарды алууга укуктуу.  

50. Тышкы аудитор тарабынан мыйзам талаптарын бузуу фактылары же болбосо тышкы аудитти жүзөгө ашыруудан баш тартуу учурлары тууралуу маалым болгон банк жетекчилиги мындай маалымат алынгандыгы тууралуу эки жумуш күн ичинде Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү.  

51. Эгерде Улуттук банк аудитордук корутундуну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана/же аудиттин эл аралык стандарттарынын талаптарына ылайык келбейт деп тааныса, анда банк өз эсебинен кайрадан аудит жүргүзүүгө милдеттүү

 

8. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР  

 

52. Улуттук банк тышкы аудитордун корутундусун жалпы жылдык жыйын өткөрүлгөнгө чейин кабыл албастан, төмөндөгүлөрдү камтыган жагдайлар келип чыкса банкка же аффилирленген жакка кайталап аудитти жүргүзүүнү талап кылууга укуктуу: 

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык аудитти жүргүзүүдө чектөөлөр тууралуу корутунду чыгарууга негиз болгон маалыматты жаап-жашыруу фактылары аныкталса; 

2) аудитордук уюм тарабынан лицензияда каралбаган иш жүзөгө ашырылса; 

3) ыйгарым укуктуу орган тарабынан аудитордун квалификациялык сертификаты кайтарылып алынган болсо; 

4) банктын көз карандысыз тышкы аудиторунун жоктугу; 

5) тышкы аудитор тарабынан тиешелүү стандарттар, аудит жүргүзүү, бухгалтердик эсепке алуу жана банк ишин жүргүзүү тажрыйбасы сакталбаса жана/же аудитор ал жөнүндө билбесе; 

6) аудитордук уюмдун ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул жобонун талаптарына ылайык келбеген фактылар аныкталса. 

Жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлар аныкталган учурда Улуттук банк тиешелүү билдирүүнү банктын дарегине жөнөтөт. Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул жобонун талаптарына ылайык банкка кайталап тышкы аудит жүргүзүүгө милдеттүү. Кайталап тышкы аудит жүргүзүү иши банк жана/же аффилирленген жактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.  

53. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык банктын тышкы аудит маселесине карата тиешелүү маалыматты банктын тышкы аудиторуна сунуштайт. 

Банктын тышкы аудити банктардын ишине Улуттук банк тарабынан жүзөгө ашырылуучу банктык көзөмөлдүктү жокко чыгарбайт жана аны алмаштырбайт. 

Банктардын жана филиалдардын ишине инспектордук текшерүүнү жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан зарыл болгон учурларда төмөндөгүлөрдү аткаруу үчүн келишимдик негизде көз карандысыз аудитордук уюм жана/же жеке аудитор тартылышы мүмкүн: 

- банк тарабынан регулятивдик отчетторду түзүү үчүн колдонулган ыкмалар; 

- тескөө шайкештигине жана ички контролдук системасына баа берүү

- ички контролдук системасына (анын ичинде ички аудит кызматына) баа берүү

- Финансылык отчеттун эл аралык принциптеринин, ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму тарабынан бекитилген стандарттарынын сакталышына баа берүү

- банк иши Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жана Улуттук банктын ченемдик актыларына ылайык келишине баа берүү

- операциялык тобокелдик категориясы катары маалымат системасында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөө системасына баа берүү

54. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пландан тышкаркы аудиттин жүргүзүлүшүн банктан талап кылууга укуктуу. Мында аудитордук уюмдун кызмат көрсөтүүсү банк тарабына төлөнүлөт.  

55. Пландан тышкаркы аудитордук текшерүүнүн максаттары, милдеттери жана мөөнөтү Улуттук банк, банк жана аудитордук уюм тарабынан талкууланып, үч тарап тең кол койгон протоколдор таризделинет. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын канааттандырган аудитордук уюм аудитордук текшерүү жүргүзө алат. 

56. Банк Улуттук банктын пландан тышкаркы аудит жүргүзүү жөнүндө чечимин 

Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө даттанууга укуктуу. Мында, Улуттук банктын чечимине банктын даттануусу ал чечимдин аткарылышын токтотпойт. 

57. Банктын кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү

- банктын тышкы аудиторуна аудитордук текшерүүнү өз учурунда жана толук жүргүзүү үчүн шарттарды түзүүгө, аны жүргүзүү үчүн зарыл болгон бардык документтерди берүүгө, ошондой эле анын талабы боюнча оозеки жана жазуу жүзүндө түшүндүрмөлөрдү берүүгө

- аудитордук текшерүү тарабынан аныкталган бардык бузулуулар, анын ичинде банкты ички контролдук системасында бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүү жана финансылык отчетту түзүү боюнча эреже бузууларды ыкчам четтетүүгө

58. Банктардын кызмат адамдарына жана кызматкерлерине төмөнкүлөргө тыюу салынат: 

- банктын тышкы аудитинин жыйынтыктары боюнча негизделген, документтер жана эсептөөлөр менен ырасталган тыянактарды өзгөртүү максатында тышкы аудиторго таасирин тийгизүүгө

- банктын тышкы аудитин жүргүзүү учурунда айкындалууга тийиш болгон маселелер чөйрөсүн чектөө максатында ар кандай иш-аракеттерди көрүүгө

- эгерде ал банктын тышкы аудитин жүргүзүү максаттары үчүн зарыл болсо, тышкы аудитордун документтерден, отчеттордон, банк кызматкерлеринен, ошондой эле банктын жайларды пайдалалануу мүмкүнчүлүгүн чектөөгө

Жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыккан учурда, банктын тышкы аудитору алар жөнүндө банктын Директорлор кеңешине көчүрмөсүн берүү менен Улуттук банкка түздөн-түз кат жүзүндө билдирүүгө милдеттүү