Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Адилет 

министрлигинде 2004-жылдын  

19-ноябрында №133-04 номеринде 

каттоодон өткөртүлгөн 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2004-жылдын 23-октябрындагы  

№26/2 токтому менен бекитилген  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдардын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндөгү жобо  

 

(өзгөртүүлөр/толуктоолор Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 14-мартындагы №11/2, 2012-жылдын 16-ноябрындагы №43/1, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА), 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33\47-4-(НФКУ) токтомдор менен бекитилген) 

  

Бул Жободо, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам актыларына ылайык, коммерциялык банктардын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы, "Кредиттик союздардын финансы компаниясы" ААКсы, кепилдик фонддордун, микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын (мындан ары-ФКУлар) эсепке алуу саясатына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан коюлган негизги талаптар аныкталган. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33\47-4-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

  

1. Эсепке алуу саясаты жөнүндө түшүнүк жана анын максаты  

 

1.1. ФКУлардын эсепке алуу саясаты бул, колдонуудагы мыйзам актыларына ылайык бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүү максатында ФКУлар тарабынан кабыл алынган принциптердин, негиздердин, эрежелердин, шарттардын, жол-жоболордун жана ыкмалардын жыйындысы.  

1.2. ФКУлардын эсепке алуу саясатынын башкы максаты-финансылык отчеттун так берилишин камсыз кылган бирдиктүү бухгалтердик эсепке алуу системасын жана анын негизинде камтылган ФКУлардын ички контролдук системасын түзүү.   

1.3. ФКУлардын жетекчилиги эсепке алуу саясатын Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсепке алуу жөнүндө» мыйзамына ылайык, ФКУлардын бухгалтердик эсебиндеги маалыматтар жана финансылык отчет, банк иши үчүн колдонулган Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын (мындан ары текст боюнча - ФОЭС) бардык талаптарына ылайык келгендей, аныктайт жана колдонот.   

  

2. ФКУлардын эсепке алуу саясатынын форматы 

 

2.1. ФКУлардын эсепке алуу саясатынын форматы ФКУлар тарабынан өз алдынча тандалат. ФОЭСтин усулдук принциптерине ылайык келүү жана бухгалтердик эсепке алууну жана ички контролдук системасын уюштурууга байланыштуу маселелерди толук камтуу ага карата коюлган негизги талаптан болуп саналат. ФКУлардын эсепке алуу саясатынын болжолдуу түзүмү ушул жобого карата тиркемеде келтирилген.  

2.2. ФКУ эсепке алуу саясатын төмөнкү эки ыкманын бири боюнча иштеп чыгышы мүмкүн:  

- операциялардын ар бир түрүнө карата эсепке алуунун жалпы тартиби жана принциптери өзүнчө саясатта чагылдырылат;   

- ФКУнун операцияларын эсепке алуу тартиби жана принциптери операциялардын ар бир түрүн өзүнчө бөлүктөрдө чагылдыруу менен бир саясатта баяндалып берилет.   

 

3. Эсепке алуу саясатынын мазмунуна карата негизги талаптар 

  

3.1. ФКУнун бүтүндөй эсепке алуу саясаты жана ФКУ тарабынан ишке ашырылган операциялардын ар бир түрүн эсепке алуу, төмөнкүлөрдү аныктаган, бухгалтердик эсепке алуу принциптерине таянууга тийиш:   

негизги жол берүүлөр (кошуп эсептөө ыкмасы, иш үзгүлтүксүздүгү);  

финансылык отчеттун сапаттык мүнөздөмөлөрүүшүнүктүүлүгү, орундуулугу, олуттуулугу, ишенимдүүлүгү, адилет берилиши, мазмунунун формасынан артыкчылыгы, нейтралдуулугу, этияттык менен даярдалгандыгы, толуктугу жана салыштырмалуулугу); 

 маалыматтардын орундуулугуна жана ишенимдүүлүгүнө чектөөлөр (өз учурунда берилиши, алынуучу пайда менен сарптоолордун ортосундагы баланс, сапаттык мүнөздөмөлөр ортосундагы баланс, так жана обүективдүү берүү); 

3.2. Эсепке алуу саясаты ФОЭСтин концепциясына ылайык, ФКУда бухгалтердик эсепке алуу тажрыйбасын жана аны уюштурууну ырааттуу чагылдырууну камтууга тийиш:  

а) финансылык отчеттун ар бир элементин таануу критерийлери: активдер, милдеттенмелер, капитал, ФКУнун кирешелери, чыгашалары;   

б) ФКУда колдонулган финансылык отчеттордун элементтерине жана капиталды колдоо концепциясына карата баа берүүлөр;   

в) ФКУда кабыл алынган бухгалтердик эсепке алуу эсептер планы жана финансылык отчетту түзүү тартиби;   

г) ФКУда колдонулган эсепке алуунун түрлөрү, алардын максаттары жана маанилери (баланстык, баланстан тышкаркы жана системадан тышкаркы);   

д) ФКУнун эсепке алуу саясатына, бухгалтердик баа берүүлөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берген шарттар;   

е) ФКУ тарабынан кабыл алынган, бухгалтердик эсепке алуунун ФОЭСке каршы келбеген башка негиздери жана эрежелери.   

3.3. Эсепке алуу саясатыда, бухгалтердик эсепке алуунун уюштурулушуна жана ФКУда банк ишин ишке ашырууда жана бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүүдө, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын сакталышы жагында ФКУ жетекчилигинин жана башкы бухгалтердин жоопкерчилиги аныкталууга тийиш 

Эсепке алуу саясатында стандарттык эмес операциялардын келип чыгышы (ФКУ үчүн жаңы же болбосо бир жолку мүнөздөгү, банктын эсепке алуу саясатында чагылдырылбаган операциялар) жана алардын бухгалтердик эсепте чагылдырылышы (көп болбогон, олуттуу мааниге ээ эмес жана көп болбогон олуттуу операциялар) учурунда, чечим кабыл алуу үчүн банктын кызмат адамдарынын жоопкерчилиги аныкталышы зарыл.   

3.4. ФКУнун активдеринин жана милдеттенмелеринин ар бир түрү боюнча алардын баштапкы таанылышы, андан кийин эсепке алынышы (активдерди кайра баалоо, кайра классификациялоо, кийинки сарптоолор, начарлоонун таанылышы ж.б.у.с.) жана колдонуудан калган шартта, алардын эсебин жүргүзүү принциптери, эрежелери жана шарттары чагылдырылууга тийиш.   

3.5. Эгерде, ФОЭС тарабынан активдерди жана милдеттенмелерди эсепке алуунун негизги жана жол берилген альтернативдүү ыкмаларына уруксат берилсе, анда ФКУ, активдердин жана милдеттенмелердин ар бир түрүнө карата тандалып алынган эсепке алуу ыкмасын так көрсөтүүгө тийиш.  

Мында ФКУ, ФОЭСтин эсепке алуунун жана баа берүүлөрдүн ар кандай ыкмаларын колдонууга боло тургандыгы боюнча талаптарын так сактоого тийиш (мисалы, ФОЭС активдердин бардык категориясын же тобун эсепке алуунун жана аларга баа берүүнүн бирдиктүү ыкмаларын колдонууну талап кылат же ар бир өзүнчө активге карата эсепке алуунун жана баа берүүнүн ар кандай ыкмаларын колдонууга уруксат берет).   

3.5-1. Эсептик саясаттын алкагында төлөм жана эсептешүү операцияларын бухгалтердик эсепке алууну уюштуруунун жана алардын бухгалтердик эсепке алуу эсептери боюнча чагылдырылышынын толук эрежелери, ошондой эле ички контролдукту уюштуруунун тиешелүү эрежелери иштелип чыгууга тийиш. Мында, ар бир операция ФКУнун бухгалтердик эсепке алуусунда (эсепке алуунун автоматташтырылган системасы) өз убагында чагылдырылып турууга тийиш.  

Төлөм жана эсептешүү операцияларын бухгалтердик эсепке алууну уюштуруунун эрежелери төмөнкү негизги нормаларды камтууга тийиш: 

1) бардык операцияларда банк-контрагенттин эсеп боюнча акча каражаттарынын эсептен алынып салынгандыгы/чегерилгендиги тууралуу документ түрүндөгү тастыктамасы болууга тийиш; 

2) операциялардын ФКУнун бухгалтердик эсебинде чагылдырылышы бухгалтердик эсепке алуу эрежелерине ылайык жана төмөнкүчө жүргүзүлүүгө тийиш: 

а) улуттук валютадагы төлөмдөр үчүн эсептешүү жүргүзүлгөн күндөн кеч эмес; 

б) чет өлкө валютасындагы чыгыш төлөмдөр үчүн: 

- банктардыкы - ФКУнун эсебинен каражаттар эсептен алынып салынган күнү, бул, кийинчерээк банк-корреспонденттен корреспонденттик эсеп боюнча көчүрмөнү алуу менен тиешелүү документ аркылуу тастыкталууга тийиш; 

- банктык эмес ФКУлардыкы банктан төлөм тапшырмасын аткарууга кабыл алгандыгын тастыктаган белгини алган күндөн кечиктирбестен; 

в) чет өлкө валютасындагы кириш төлөмдөр үчүн - каражаттардын чегерилгендиги жөнүндө тастыктама келип түшкөн күндөн кечиктирбестен. 

 

3.6. ФКУнун эсепке алуу саясатын иштеп чыгууда, анын бухгалтердик китебинде операцияларды чагылдырууга карата ыкмаларды тандоонун өзгөчөлүгүнө таасирин тийгизиши мүмкүн болгон, бир катар факторлорду эске алуу зарыл.   

Бул факторлорго төмөнкүлөр кирет:   

- банктын уюштуруу-укуктук формасы;  

- банктын уставына, бизнес планына ылайык, анын иш өзгөчөлүгү;   

- филиалдардын болушу;  

- иш чөйрөсү;  

- банк ишинин өнүгүүсүн камсыз кылган техникалык жана материалдык базанын мүнөзү.  

 

4. Банктын эсепке алуу саясатын иштеп чыгуу, бекитүү жана кайрадан карап чыгуу тартиби 

 

4.1. Банктардын, "Кредиттик союздардын финансы компаниясы" ААКсынын, кепилдик фонддордун жана микрофинансылык уюмдардын эсептик саясаты ФКУнун Директорлор кеңеши (Байкоо органы) тарабынан бекитилүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33\47-4-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

4.2. Кредиттик союздун эсепке алуу саясаты кредиттик союздун Жалпы жыйыны же Башкармасы тарабынан ага бул ыйгарым укуктар кредиттик союздун жалпы жыйыны тарабынан ыйгарып өткөрүп берилгенде тастыкталууга тийиш. 

4.3. ФКУ туруктуу негизде, бирок жылына кеминде бир жолудан кем эмес колдонуудагы ФОЭСке киргизилген өзгөрүүлөргө жана толуктоолорго, ошондой эле ФОЭС боюнча комитет тарабынан иштелип чыккан, жаңы стандарттардын күчүнө киришине көз салып турууга жана зарылчылыкка жараша ФКУнун эсепке алуу саясатына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тийиш.  

ФКУнун эсепке алуу саясатына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө ФОЭСте каралган учурларда гана жол берилет, атап айтканда: 

эгерде бул мамлекеттин стандартташтырууга тиешелүү мыйзамдарына ылайык талап кылына турган болсо; 

эгерде бул өзгөртүүлөр финансылык отчеттогу бухгалтердик операциялардын кыйла так берилишине өбөлгө түзсө

 

5. ФКУнун эсепке алуу саясатын иштеп чыгуунун усулдук негиздери 

 

5.1. ФКУ эсепке алуу саясатын иштеп чыгууда төмөнкүлөргө таянууга тийиш:   

Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсепке алуу жөнүндө» мыйзамына;   

Кыргыз Республикасынын банктык операцияларын жөнгө салган мыйзам актыларына жана ченемдик укуктук актыларына;   

Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына;  

Ушул жобого; 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык отчеттуулуктун жана аудиттин стандарттары боюнча Мамлекттик комиссия тарабынан бекитилген, субүектилердин эсепке алуу саясатын иштеп чыгуу боюнча сунуш-көрсөтмөлөргө

 ФКУ, кошумча усулдук камсыздоо катары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан иштелип чыккан эсепке алуу саясатынын мисалдарын жана башка усулдук материалдарды пайдалана алат.   

  

  

  

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2004-жылдын 23-октябрындагы 

№26/2 токтому менен бекитилген, 

«Улуттук банктан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын  

эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндө» 

жобого 1-тиркеме 

 

 

Финансы-кредиттик уюмунун Эсепке алуу саясатынын болжолдуу түзүмү 

 

 

Директорлор Кеңешинин 200__ «___»_______№_______ токтому (чечими) менен бекитилген 

 

  

 

______________________ЭСЕПКЕ АЛУУ САЯСАТЫ 

(ФКУнун аталышы) 

 

  

1-бөлүк. Эсепке алуу саясатынын жалпы жоболору  

  

ФКУнун эсепке алуу саясатынын багыты  

  

ФКУда бухгалтердик эсепке алуунун уюштурулушуна жана чарбалык операцияларды ишке ашырууда жана бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүүдө мыйзам талаптарынын сакталышына жоопкерчилик.   

ФКУнун эсепке алуу саясатын колдонуу чөйрөсү (банк тарабынан тандалып алынган эсепке алуу саясатынын форматы) жана эсепке алууда олуттуу жана анчалык маанилүү болбогон учурлардын чагылдырылышына карата чечим кабыл алуу укугу.  

 ФКУда бухгалтердик эсепке алуунун уюштурулушуна жана чарбалык операцияларды ишке ашырууда жана бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүүдө мыйзам талаптарынын сакталышына карата жоопкерчилик.   

 

ФКУнун эсепке алуу саясатынын максаты  

  

ФКУнун эсепке алуу саясатынын негизги милдеттери  

  

Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык, эсепке алуу саясатынын Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык келүүсү

  

Бухгалтердик эсептин уюштурулушу, банкта бухгалтердик эсепти ким жүзөгө ашырат (түзүмдүк бөлүмдү көрсөтүү; башкы бухгалтер/бухгалтер же бухгалтердик эсепти жүргүзүү бухгалтердик фирмага өткөрүлүп берилген). 

  

ФКУда колдонулган бухгалтердик эсепке алуунун негизги принциптери  

  

2-бөлүк. ФКУда кабыл алынган бухгалтердик эсептин эсептер планы. 

  

3-бөлүк. ФКУнун финансылык отчетун түзүү жана сунуштоо эрежелери.  

  

4-бөлүк. ФКУнун ал тарабынан ишке ашырылган ар бир операцияга карата эсепке алуу саясаты