Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 13-майындагы 

№ 2020-П-12/27-1-(НПА) 

токтомуна карата 

тиркеме 

 

Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо 

ТАРТИБИ 

1-глава. Жалпы жоболор  

1. Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартибинде (мындан ары - Тартип) электрондук формада алынган маалыматтарды колдонуу менен кардардын өзүн катыштыруусуз банктардын жеке адамдарды - Кыргыз Республикасынын жарандарын идентификациялоо жана верификациялоо тартиби аныкталат.  

2. Тартип аларга карата буга чейин эле кардарларды талаптагыдай текшерүү жол-жобосу жүргүзүлгөн жана банктын тейлөөсүндө турган кардарларга карата таркатылбайт.  

3. Тартип мурда жеке катышуусу менен идентификациялоо жол-жобосунан өткөн кардарларга аралыктан тейлөө системаларынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү обочодон сунушталган учурда жеке адамдын инсандыгын кошумча тастыктоо үчүн колдонулушу мүмкүн.  

Мында банктар аралыктан тейлөө мүмкүнчүлүгүн сунуштоонун ишенимдүү алгоритмдерин, ошондой эле видеобайланыш жана кардардын атынан санкциясыз пайдаланууга жол бербөө чараларын аныктоо аркылуу кардарды идентификациялоонун жана верификациялоонун тиешелүү технологияларын колдонуусу зарыл.  

4. Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоодо жана верификациялоодо банктар төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:  

- кардарды жеке катыштыруусуз идентификациялоо каралган, жаңы технологияларды (банктык жаңы продукттарды) колдонууга байланыштуу жол-жоболорду чагылдырууну кошо алганда, ички контролдоонун шайкеш системасын, тобокелдиктерди тескөө, анын ичинде операциялык тобокелдикти, террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдигин, комплаенс-тобокелдигин тескөө боюнча ички ченемдик документтердин болушун камсыз кылуу;  

- кардарды идентификациялоого жана верификациялоого, террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдигин тескөөгө жооптуу персоналды жогоруда көрсөтүлгөн жол-жоболор жана ушул Тартиптин талаптагыдай колдонулушу боюнча окутуу;  

- ушул Тартиптин талаптарына жооп берүү үчүн жетиштүү болгон маалымат системаларын, программалык камсыздоону колдонуу;  

- аралыктан идентификациялоонун шарттары жана талаптары тууралуу маалыматты чечмелөө (өзүнүн расмий интернет-сайтында же колдонулуп жаткан программалык камсыздоо аркылуу);  

- кардар боюнча маалыматтарды Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик каттоо системаларынан алынган маалыматтарды колдонуу менен верификациялоо;  

- кардарларды идентификациялоо жана верификациялоо натыйжаларын каттоо жана аралыктан идентификациялоодон өткөн кардарлардын реестрин жүргүзүү;  

- ушул Тартипке карата 1-тиркеме боюнча минималдуу талаптарга ылайык аралыктан идентификацияланган кардарлар боюнча террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин чектөө чараларын кабыл алуу;  

- банктар аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо жол-жоболорун баштоого чейин ушул Тартиптеги талаптарды негиз кылуу менен террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин аныктоого, тобокелдиктерди чектөөнүн кошумча критерийлерин киргизүүгө жана документтештирүүгө укуктуу.  

5. Банктар кардарга негизги жеке маалыматтар мамлекеттик маалымат системалары же жеткиликтүү маалымат булактары аркылуу текшериле тургандыгын жана аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо учурунда толук эмес жана так эмес маалыматтарды бергендиги үчүн анын кесепеттери тууралуу маалымдоого милдеттүү.  

2-глава. Сүрөттөрдү салыштыруу аркылуу аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо  

6. Банк идентификациялоо башталганга чейин кардардын телефон номерин жана кардардын анкетасын толтуруу үчүн маалыматтарды көрсөтүү менен өз ара иш алып баруунун электрондук каналдары аркылуу (веб-сайт, мобилдик тиркеме, адистештирилген программалык камсыздоо, мессенджерлер ж.б.) өз маалымат системаларына кардарды каттоого тийиш.  

7. Банк кардар көрсөткөн уюлдук телефон номерин (Кыргыз Республикасынын аймагында катталган) каттоо үчүн эмне колдонулгандыгынан көз карандысыз маалыматты байланыш каналы боюнча жөнөтүү (кардар көрсөткөн уюлдук телефондун номерине SMS-билдирүүгө коддорду, паролдорду жөнөтүү же башка ыкмада) аркылуу да текшерет.  

8. Идентификациялоонун жүрүшүндө банк кардардын инсандыгын тастыктаган документтин алдыңкы жана арткы бетинин сүрөтүн жана кардардын өзүнүн сүрөтүн документтер менен кошо банктын белгиленген талаптарына ылайык өз ара иш жүргүзүүнүн электрондук каналдары боюнча алууга тийиш.  

9. Эгерде сүрөттөрдүн сапаты сүрөттөгү адамдын бир эле адам экендигин тастыктоого мүмкүндүк бербесе, банк кардардан сүрөттөрдү кайра алууга кошумча суроо-талап жөнөтө алат.  

10. Банк кардарды санкциялык тизмелерде жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтар катталган адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмегинде жоктугу же бар экендигин да текшерет.  

11. Инсандыгын тастыктаган документтин аныктыгы документ тууралуу маалыматтарды тиешелүү мамлекеттик маалымат системаларына текшерүү үчүн жөнөтүү же суроо-талап кылуу аркылуу текшерилүүгө тийиш.  

12. Эгерде кардардан алынган маалыматтар, ошондой эле кардардын сүрөтү инсандыгын тастыктаган документтеги сүрөткө дал келсе, банк идентификациялоо жана верификациялоо ийгиликтүү өткөндүгү тууралуу билдирүү жөнөтөт.  

13. Кардар тууралуу алынган маалыматтар кардардын анкетасында чагылдырылып, сүрөттү салыштыруу аркылуу аралыктан идентификациялангандыгы тууралуу белгиленип, электрондук түрдө сакталат.  

14. Банк программалык чечимдерди колдоно алат, алар ушул Тартипте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган шарттардын жана жол-жоболордун автоматтык режимде сакталышын камсыз кылууга өбөлгө түзөт. Мындай программалык камсыздоо кеминде инсандыгын тастыктоочу документтеги сүрөттөрдү жана кардардын сүрөтүн автоматтык түрдө салыштырууну, ошондой эле маалыматтардын алмашып кетишинен сактоону камсыз кылууга тийиш.  

3-глава. Видеобайланышты колдонуу менен аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо  

§ 1. Видеобайланыш боюнча идентификациялоону жана верификациялоону уюштуруу  

15. Видеобайланыш сеансын өткөргөнгө чейин банк кардардын телефон номерин жана кардардын анкетасын толтуруу үчүн маалыматтарды көрсөтүү менен өз ара иш алып баруунун электрондук каналдары аркылуу (веб-сайт, мобилдик тиркеме, адистештирилген программалык камсыздоо, мессенджерлер ж.б.) өз маалымат системаларына кардарды каттоого тийиш.  

16. Банк кардар көрсөткөн уюлдук телефон номерин (Кыргыз Республикасынын аймагында катталган) каттоо үчүн эмне колдонулгандыгынан көз карандысыз маалыматты байланыш каналы боюнча жөнөтүү (кардар көрсөткөн уюлдук телефондун номерине SMS-билдирүүгө коддорду, паролдорду жөнөтүү же башка ыкмада) аркылуу да текшерет.  

17. Банк кардарды санкциялык тизмелерде жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтар катталган адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмегинде жоктугу же бар экендигин да текшерет.  

18. Банк кардарды видеобайланыш аркылуу идентификациялоо жана верификациялоо үчүн тиешелүү мамлекеттик каттоо системаларынан кардар тууралуу маалыматтарды суроо-талап кылат.  

19. Документ тууралуу маалыматтарды тиешелүү мамлекеттик маалымат системаларына текшерүүгө жөнөтүү же суроо-талап кылуу аркылуу аныктыгын текшерүү менен мурда макулдашылган ыкмада инсандыгын тастыктаган документтин сүрөттөрүн же кардардын сүрөттөрүн алууга жол берилет.  

20. Банк видеобайланышты колдонуу менен идентифкациялоо максатында өз программалык камсыздоосун же ушул Тартипте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган шарттардын жана жол-жоболордун сакталышын камсыз кылууну мүмкүндүк берген үчүнчү тараптар сунуштаган программалык камсыздоону колдоно алат. Мында видеобайланышты колдонуу менен аралыктан идентификациялоо банк кызматкери тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш.  

21. Эгерде кардардан алынган маалымат, ошондой эле сүрөттөр жана видеожазуулар кардарды идентификациялоо жана верификациялоо мүмкүнчүлүгүн берсе, банк кардарга идентификациялоо жана верификациялоо ийгиликтүү өткөндүгү тууралуу билдирүү жөнөтүүгө тийиш.  

22. Кардар тууралуу алынган маалыматтар кардардын анкетасында чагылдырылып, видеобайланышты колдонуу менен аралыктан идентификациялоодон жана верификациялоодон өткөндүгү тууралуу белги коюлуп, электрондук түрдө сакталат.  

§ 2. Видеосүрөттөргө карата талаптар  

23. Видеобайланыш сеансы айкын убакыт режиминде үзгүлтүксүз аткарылууга тийиш. Видео- жана аудиоагымдар синхрондоштурулуусу зарыл. Сүрөттөр түстүү болууга тийиш.  

24. Сеанстын жүрүшүндө кардардын бети менен далысы так көрүнүүсү зарыл. Кардардын бети толугу менен ачык болууга тийиш, күндөн коргоочу көз айнек же бетин жапкан башка аксессуарларды тагынууга жол берилбейт. Кардардын бетине көлөкө түшсө да болбойт.  

25. Банк кызматкери кардарга ушул Тартиптин талаптарына шайкеш келген сапаттагы сүрөттү кантип камсыз кылса боло тургандыгы тууралуу көрсөтмө бере алат.  

26. Видеобайланыш сеансынын жүрүшүндө кардар жетиштүү жарык болгон бөлмөдө болууга тийиш.  

27. Ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендигине байланыштуу кардарга үчүнчү адамдын көмөгү талап кылынган учурларды эске албаганда, идентификациялоо процессине үчүнчү жактардын катышуусуна жол берилбейт.  

§ 3. Видеобайланыш сеансы учурундагы интервью  

28. Видеобайланыш сеансынын жүрүшүндө кардарларды аралыктан идентифкациялоо боюнча тиешелүү көрсөтмөдөн өткөн банк кызматкери кардар менен интервью жүргүзүүгө тийиш.  

29. Банк кызматкери өзүнүн аты-жөнүн, ээлеген кызматын жана банктын атын атоо менен өзүн тааныштыруусу зарыл.  

30. Видеобайланыш сеансынын жүрүшүндө банк кардардын бетин жана инсандыгын тастыктаган анын документин бир кадрда сүрөткө тартып алуусу зарыл, бул сүрөт видеожазуу менен чогуу сакталат.  

31. Эгерде видеосүрөттөрдүн же үндүн сапатынан улам талаптагыдай идентификациялоого мүмкүн болбосо жана тобокелдиктин келип чыгышы ыктымалдуулугу байкалса же кардардын инсандыгын тастыктаган документке карата кандайдыр бир шектенүүлөр жаралса, банк тоскоолдуктарды четтетүү үчүн тиешелүү чараларды көрүүгө же себебин көрсөтүү менен видеобайланыш сеансын токтотууга тийиш.  

32. Интервью жүргүзүү үчүн банктын ички контролдоо программасына ылайык иштелип чыккан суроолор колдонулат. Суроолор кардардын анкетасына киргизүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды алуу же текшерүү үчүн колдонулат, мында банк кардар тууралуу башка маалыматтарды верификациялоого тийиш.  

33. Интервью учурунда банк кызматкери суроолордун бир эле ошол кезегин колдонбоого тийиш.  

4-глава. Кардарды идентификациялоону ийгиликсиз катары таануу  

34. Кардарды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо төмөнкү учурларда ийгиликсиз катары таанылат:  

- кардар берген маалыматты текшерүү мүмкүн болбосо же текшерүү терс натыйжа берсе;  

- эгерде сүрөттүн, видеонун жана аудионун сапаты банктын ички контролдоо талаптарына жана эрежелерине дал келбесе;  

- зарыл документтер берилбесе;  

- банктын ички ченемдик документтеринде белгиленген талаптар жана көрсөтмөлөр сакталбаса;  

- эгерде кардар видеобайланыш аркылуу идентификациялоонун жүрүшүндө ушул Тартипте каралган учурларды эске албаганда, үчүнчү жактын жардамын колдонсо;  

- эгерде кардар өз эрки менен эмес жана/же башка адамдардын кысымы менен катышып жаткандыгы тууралуу шектенүү жаралса;  

- идентификациялоо террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) максатында демилгеленгендиги тууралуу белгилер байкалса.  

5-глава. Маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларга жана маалыматтын сакталышына карата талаптар  

35. Банктар идентификациялоо жол-жобосун жана анын натыйжасын үчүнчү жактардын мыйзамсыз пайдалануусунан коргоону камсыз кылган маалымат системаларын жана ыкмаларды колдонууга тийиш.  

36. Банктар видеобайланыш сеансына жана сүрөттөрдү берүү каналына өтмө шифр белгиленишин камсыз кылган программалык камсыздоону колдонуусу зарыл.  

37. Сүрөт, видео-/аудиожазуулар даана жана сапаттуу, ошондой эле бейтарап адамдын колдонуусу үчүн жеткиликсиз болууга тийиш.  

38. Сүрөт жана видео-/аудиожазуулар сапатын жоготуусуз сакталат.  

39. Сүрөт жана видеожазуулар файлы жазуу убактысы жана күнү тууралуу, кардардын аты-жөнүн жана башка маалыматтарды камтуусу зарыл. Программалык камсыздоо видеого аягында киргизилген кайсы болбосун өзгөрүүлөрдү белгилөөгө тийиш.  

40. Видеобайланыш сеансын жазуулар, ошондой эле кардардын сүрөтү банк тарабынан кардардын таржымалында террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ченемдик укуктук актыларда каралган башка маалыматтар менен кошо сакталуусу зарыл.  

41. Ишкердик мамилелердин жүрүшүндө банк маалыматтарды террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында укуктук актыларда белгиленген тартипте жаңыртат.  

43. Банк ички контролдоо процесстерин үзгүлтүксүз өркүндөтүү, өз маалымат ресурстарынын маалыматтык коопсуздугу боюнча механизмдерди жана талаптарды жакшыртуу аркылуу аралыктан идентификациялоо жол-жоболорунун натыйжасында алынган, кардарлар тууралуу купуя маалыматтардын сакталышын талаптагыдай контролдоону камсыз кылууга тийиш.  

  

 

  

  

Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо 

жана верификациялоо тартибине карата 

1-тиркеме 

1. Кардарды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо ыкмалары боюнча тобокелдиктерди төмөндөтүү чаралары  

1-таблица. Сүрөткө салыштыруу аркылуу аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо учурунда тобокелдиктерди төмөндөтүү боюнча чаралардын жана тобокелдиктердин тизмеги  

Тобокелдиктер 

Келип чыккан кесепеттерди жеңилдетүү боюнча чаралар 

Маалыматтарды окшоштуруп жасоо (башка адамдын маалыматтарын сунуштоо)  

Банк кардардын мамлекеттик маалымат системаларынан алынган сүрөткө дал келишин текшерет. Кардардын инсандыгын тастыктаган документтин сүрөтүнүн, кардардын сүрөтүнүн сапатына карата талаптар белгиленет 

Эски (актуалдуу эмес) маалыматтарды сунуштоо  

Маалыматтар мамлекеттик маалымат системаларынын маалымат базасы - маалыматтардын баштапкы (алгачкы) булактарынын негизинде текшерилген  

Үчүнчү жактардын басымы алдында (кысымы менен) идентификациялоо  

Кардарды талаптагыдай текшерүү боюнча аралыктан көрүлгөн чаралар чектелген функционалдын продукттарынан жана кызмат көрсөтүүлөрүнөн гана пайдаланууга мүмкүндүк берет. Тобокелдик тармагына дал келүүсүн тастыктоо үчүн кардардын операцияларына туруктуу мониторинг жүргүзүлөт 

2-таблица. Видеобайланышты колдонуу менен аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо учурунда тобокелдиктерди төмөндөтүү боюнча чаралардын жана тобокелдиктердин тизмеги  

Тобокелдиктер 

Тобокелдиктерди төмөндөтүү боюнча чаралар 

Маалыматтарды окшоштуруп жасоо (башка адамдын маалыматтарын сунуштоо)  

Банк кардардын мамлекеттик маалымат системаларынан алынган сүрөткө дал келишин текшерет. Видеосүрөттүн сапатына карата талаптар белгиленет  

Эски (актуалдуу эмес) маалыматтарды сунуштоо  

Маалыматтар мамлекеттик маалымат системаларынын маалымат базасы - маалыматтардын баштапкы (алгачкы) булактарынын негизинде текшерилет 

Үчүнчү жактардын басымы алдында (кысымы менен) идентификациялоо  

Видеобайланышка карата талаптар белгиленет (жол-жободо үчүнчү жактардын катышуусуна тыюу салынат). Кардарды талаптагыдай текшерүү боюнча аралыктан көрүлгөн чаралар чектелген функционалдын продукттарынан жана кызмат көрсөтүүлөрүнөн гана пайдаланууга мүмкүндүк берет. Тобокелдик тармагына дал келүүсүн тастыктоо үчүн кардардын операцияларына туруктуу мониторинг жүргүзүлөт  

2. Операциялардын түрлөрү боюнча тобокелдиктерди төмөндөтүү боюнча чаралардын жана тобокелдиктердин түрлөрүнүн тизмеги  

3-таблица. Операциялардын түрлөрү боюнча тобокелдиктерди төмөндөтүү боюнча чаралардын жана тобокелдиктердин тизмеги  

Операциянын түрү 

Тобокелдик 

Тобокелдиктерди төмөндөтүү боюнча чаралар (операциялардын суммалары боюнча чектөөлөрдөн тышкары) 

Юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин пайдасына (алуучу-резиденттердин пайдасына) төлөмдөр  

Бир күндүк фирмалардын пайдасына төлөмдөр  

Алуучу-юридикалык жак же ишкер банк тарабынан идентификацияланган. Акча каражаттары алардын банктык эсебине келип түшөт  

Мыйзамсыз товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр  

Юридикалык жак же ишкер банк тарабынан мурда идентификацияланган. Мыйзамсыз товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруу түздөн-түз кардар-төлөөчүнүн идентификациялоосунан көз каранды эмес, ал Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары тарабынан контролдонот  

Акча каражаттарын чыгаруу менен жалган товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруу  

Юридикалык жак/жеке ишкер талаптагыдай текшерилет, акча каражаттары алардын банктык эсебине келип түшөт. Алуучуларды тейлеген банктар акча каражаттарын чыгарууга багытталган ишти аныктоо максатында операцияларга мониторинг жүргүзөт  

Жогору тобокелдикке ээ коммерциялык эмес уюмдардын пайдасына которуулар  

Кардарды талаптагыдай текшерүү боюнча жеңилдетилген чаралар төлөөчүнүн инсандыгын аныктоого мүмкүндүк берет. Жогору тобокелдикке ээ коммерциялык эмес уюмдардын пайдасына которууларга тыюу салынган  

Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө максатында которуулар (алуучу-резидент эместердин пайдасына)  

Экстремисттик иш багытындагы коммерциялык эмес уюмдардын пайдасына төлөмдөр  

Кыргыз Республикасынын аймагындагы төлөөчүнүн инсандыгы банк тарабынан белгиленет. Террористтердин/экстремисттердин тизмеги боюнча иргеп текшерүү жүргүзүлөт 

Жеке адамдар ортосунда которуулар (резиденттер ортосунда)  

Терроризмди каржылоо тобокелдиктери  

Төлөөчүнүн жана алуучунун инсандыгы банк тарабынан белгиленет. Маалыматтар улуттук жана эл аралык санкциялык тизмелер боюнча текшерилет. Банктар шектүү операциялар белгилерине таянат, алар тобокелдик тармагынын чегинен тышкары кардардын чыгуусун тастыкташы мүмкүн  

Акча каражаттарынын агымдарын адаштыруу тобокелдиктери, териштирүүнү кыйындатуу  

Төлөөчүнүн жана алуучунун инсандыгы банк тарабынан белгиленет. Банктар шектүү операциялардын белгилерине таянат, алар кардар тобокелдик тармагынын чегинен чыккандыгын тастыкташы мүмкүн  

Салыктарды төлөөдөн баш тартуу тобокелдиктери  

Төлөөчүнүн жана алуучунун инсандыгы банк тарабынан белгиленет. Шектүү операцияларды аныктоо иштери жүргүзүлөт. Маалыматтар зарылчылык келип чыккан учурда салык органдарында жеткиликтүү. Банктар шектүү операциялардын белгилерине таянат, алар кардар тобокелдик тармагынын чегинен чыккандыгын тастыкташы мүмкүн 

Коррупциялык тобокелдиктер  

Төлөөчүнүн жана алуучунун инсандыгы банк тарабынан белгиленет. Кардардын коомдук кызмат адамдар категориясына таандыгы текшерилет. Банктар шектүү операциялардын белгилерине таянат, алар кардар тобокелдик тармагынын чегинен чыккандыгын тастыкташы мүмкүн 

Электрондук акчаларды которуу (резидент эместин катышуусунда)  

Терроризмди каржылоо тобокелдиктери  

Төлөөчүнүн жана алуучунун инсандыгы банк тарабынан белгиленет. Маалыматтар улуттук жана эл аралык санкциялык тизмелер боюнча текшерилет. Банктар шектүү операциялардын белгилерине таянат, алар кардар тобокелдик тармагынын чегинен чыккандыгын тастыкташы мүмкүн 

Мамлекеттик бюджеттин пайдасына төлөмдөр  

Тобокелдиктер олуттуу эмес  

Банктар шектүү операциялардын белгилерине таянат, алар кардар тобокелдик тармагынын чегинен чыккандыгын тастыкташы мүмкүн  

Нак акчаны алуу  

Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди контролго алынбаган секторго чыгаруу тобокелдиктери  

Нак акчаларды чыгарууну демилгелеген кардардын инсандыгы аныкталат. Банктар шектүү операциялардын белгилерине таянат, алар кардар тобокелдик тармагынын чегинен чыккандыгын тастыкташы мүмкүн 

Кредит алуу  

Кылмыштуу жол менен алынган кирешелердин изин жашыруу тобокелдиги  

Кредитти ала турган кардардын инсандыгы аныкталат. Банктар шектүү операциялардын белгилерине таянат, алар кардар тобокелдик тармагынын чегинен чыккандыгын тастыкташы мүмкүн 

Кайсы болбосун операциялар  

Санкция алдындагы адамдар тарабынан операцияларды жүргүзүү  

Кардардын инсандыгы банк тарабынан белгиленет. Маалыматтар улуттук жана эл аралык санкциялык тизмелер боюнча текшерилет. Башка операциялар үчүн - суммаларды чектөө жана (же) операцияларга мониторинг жүргүзүү. Санкция алдындагы адамдардын тизмеги боюнча иргеп текшерүү, коомдук кызмат адамдарды аныктоо 

3. Кардарды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо учурунда жогорку деңгээлдеги тобокелдиктин белгилери  

Банктар кардарды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо учурунда шектүү операциялардын төмөнкү белгилери боюнча чараларды көрүүгө жана көз салууга тийиш:  

1. Кардар видеобайланыш учурунда өзүнө ишенбестигин көрсөтүп, зарыл маалыматты сунуштабайт;  

2. Кардар сеанстын жүрүшүндө зарыл маалыматты сунуштоодон кыйналат;  

3. Кардар идентификациялоо процессин тездетүүнү өтүнөт, банктын кызматкерлерин шаштырат;  

4. Кардар бара-бара электрондук капчыкты нак акча каражаттары менен толуктайт, кийинчерээк нак акча каражаттарын чыгарып алат;  

5. Кардар системалуу түрдө акча которууларды башка жеке адамдардын кеңири чөйрөсүнөн алып турат;  

6. Кардар ар башка локацияда электрондук капчыкты системалуу түрдө толуктап турат;  

7. Кардар системалуу түрдө акча которууларды башка жеке адамдардын кеңири чөйрөсүнүн пайдасына которуп турат;  

8. Кардар аралыктан тейлөө режиминде бирден ашык инструментти ачууну талап кылат;  

9. Башка факторлор.  

4. Кардарды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо учурунда уруксат берилген операцияларды жана финансылык инструменттердин функционалын дифференциациялоо  

4-таблица. Сүрөткө салыштыруу аркылуу аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо учурунда операциялар  

Электрондук капчыктар жана чектелген функционалдык банктык эсептер 

Операциялардын түрү 

Белгиленген чектөөлөр 

Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө максатында которуулар (алуучу-резиденттердин пайдасына)  

Операциянын максималдуу суммасы: 300 эсептик көрсөткүч; Ай ичинде которуулардын суммасы: 600 эсептик көрсөткүч. Жогорку тобокелдиктеги уюмдарга төлөмдөргө тыюу салынган 

Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө максатында которуулар (алуучу-резидент эместердин пайдасына)  

Операциянын максималдуу суммасы: 300 эсептик көрсөткүч; Ай ичинде которуулардын суммасы: 600 эсептик көрсөткүч 

Жеке адамдар ортосунда которуулар (резиденттер ортосунда)  

Операциянын максималдуу суммасы: 150 эсептик көрсөткүч; Ай ичинде которуулардын суммасы: 300 эсептик көрсөткүч. Төлөөчү да жана алуучу да кеминде кардарды талаптагыдай текшерүү боюнча жеңилдетилген жол-жободон өтүүгө тийиш  

Которуулар (резидент эместин катышуусунда)  

Операциянын максималдуу суммасы: 150 эсептик көрсөткүч; Ай ичинде которуулардын суммасы: 300 эсептик көрсөткүч. Кыргыз Республикасынын резиденти кеминде кардарды талаптагыдай текшерүү боюнча жеңилдетилген жол-жободон өтүүгө тийиш. Төлөм билдирүүсүнүн курамында төлөөчү жана алуучу жөнүндө маалыматтын берилиши камсыз кылынууга тийиш 

Мамлекеттик бюджеттин пайдасына которуулар  

Чектөөлөрсүз  

Нак акча алуу  

Операциянын максималдуу суммасы: 150 эсептик көрсөткүч; Ай ичинде жалпы сумма: 300 эсептик көрсөткүч 

Электрондук акчалардын ордун жабуу  

Кардарды талаптагыдай текшерүү боюнча стандарттык жол-жоболорду жүргүзүү менен ачылган Кыргыз Республикасынын резидентинин өздүк банктык эсебине акча каражаттарын чегерүү менен чектөөлөрсүз 

Жеке адамдын пайдасына юридикалык жактан же жеке ишкерден которуулар  

Мурда ишке ашырылган төлөмдү кайтарууга байланыштуу операциялардан тышкаркы башка учурларга тыюу салынган (мисалы, товардан же кызмат көрсөтүүдөн баш тарткандыгына байланыштуу) 

Электрондук капчыкты/банктык эсепти толуктоо  

Максималдуу баланска карата лимиттин алкагында чектөөлөрсүз  

5-таблица. Видеобайланышты колдонуу аркылуу аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо учурундагы операциялар  

Электрондук капчыктар жана чектелген функционалдык банктык эсептер 

Операциянын түрү 

Белгиленген чектөөлөр 

Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө максатында которуулар (алуучу-резиденттердин пайдасына)  

Операциялардын максималдуу суммасы: 2000 эсептик көрсөткүч; Ай ичинде которуулардын суммасы: 4000 эсептик көрсөткүч. Жогору тобокелдиктеги коммерциялык эмес уюмдарга төлөмдөргө тыюу салынган 

Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө максатында которуулар (алуучу-резидент эместердин пайдасына)  

Операциянын максималдуу суммасы: 2000 эсептик көрсөткүч; Ай ичинде которуулардын суммасы: 4000 эсептик көрсөткүч 

Жеке адамдар ортосунда которуулар (резиденттер ортосунда)  

Операциянын максималдуу суммасы: 1000 эсептик көрсөткүч; Ай ичинде которуулардын суммасы: 2000 эсептик көрсөткүч. Төлөөчү да жана алуучу да кеминде кардарды талаптагыдай текшерүү боюнча жеңилдетилген жол-жободон өтүүгө тийиш 

Жеке адамдар ортосунда которуулар (бир тарап резидент эмес)  

Операциянын максималдуу суммасы: 1000 эсептик көрсөткүч; Ай ичинде которуулардын суммасы: 2000 эсептик көрсөткүч. Алуучу жана жөнөтүүчү жөнүндө маалымат белгиленет. Кыргыз Республикасынын резиденти кеминде кардарды талаптагыдай текшерүү боюнча жеңилдетилген жол-жободон өтүүгө тийиш. Төлөм билдирүүсүнүн курамында төлөөчү жана алуучу жөнүндө маалыматтын берилиши камсыз кылынууга тийиш 

Мамлекеттик бюджеттин пайдасына которуулар  

Чектөөлөрсүз  

Нак акча алуу  

Операциянын максималдуу суммасы: 1000 эсептик көрсөткүч; Ай ичинде операциялардын суммасы: 2000 эсептик көрсөткүч 

Кредит алуу  

Операциянын максималдуу суммасы: 150 эсептик көрсөткүч; Ай ичинде операциялардын суммасы: 300 эсептик көрсөткүч 

Электрондук акчалардын ордун жабуу/өздүк эсепке которуу  

Кардарды талаптагыдай текшерүү боюнча стандарттык жол-жоболорду жүргүзүү менен ачылган Кыргыз Республикасынын резидентинин өздүк банктык эсебине акча каражаттарын чегерүү менен чектөөлөрсүз 

Жеке адамдын пайдасына юридикалык жактан же жеке ишкерден которуулар  

Мурда ишке ашырылган төлөмдү кайтарууга байланыштуу операциялардан тышкаркы башка учурларга тыюу салынган (мисалы, товардан же кызмат көрсөтүүдөн баш тарткандыгына байланыштуу).  

Электрондук капчыкты/банктык эсепти толуктоо  

Максималдуу баланска карата лимиттин алкагында чектөөлөрсүз  

6-таблица. Максималдуу баланска карата чектөөлөр  

   

Идентификациялоо ыкмасы 

Сүрөткө салыштыруу аркылуу аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо 

Видеобайланышты колдонуу аркылуу аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо 

Электрондук капчыктын/чектелген функционалдык банктык эсептин максималдуу балансы  

300 эсептик көрсөткүч  

2000 эсептик көрсөткүч  

5. Кардарды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо учурунда маалыматтарды сактоо жана операцияларга мониторинг жүргүзүү  

7-таблица. Операцияларга мониторинг жүргүзүү жана маалыматтарды сактоо боюнча талаптар  

Тартип 

Талаптарга дал келүү 

Операцияларга күндөлүк мониторинг жүргүзүү  

Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 6-августундагы № 87 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамынын 23-беренесине ылайык шектүү бүтүмдөрдү аныктоо  

Маалыматтарды сактоо узактыгы  

Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 6-августундагы № 87 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамынын 22-беренесине ылайык  

Сакталган маалыматтардын тизмеси  

Идентификациялык маалыматтар; Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 6-августундагы № 87 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамынын 22-беренесине ылайык ишке ашырылган бүтүмдөр жөнүндө маалыматтар  

Маалыматтарды жаңыртуу  

Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык