Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 28-сентябрындагы 

№ 40/5 токтому карата 

тиркеме 

Кыргыз Республикасынын аймагында насыялык бюролордун ишин жөнгө салуу 

ЭРЕЖЕЛЕРИ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА), 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/73-13-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

2. Эрежелер, насыялык маалыматты алмашуу ишин жүзөгө ашыруу лицензиясына ээ бардык юридикалык жактарга таркатылат жана анда төмөнкүдөй талаптар аныкталган: 

- насыялык таржымал коопсуздугун камсыз кылуу боюнча; 

- насыялык бюронун ишкердикти жүзөгө ашыруусу боюнча; 

- маалыматтардын аныктыгын жана сакталышын камсыз кылуу боюнча; 

- насыялык отчетту сунуштоо боюнча; 

- насыялык таржымалдагы өзгөртүүлөрдү жөнгө салуу боюнча; 

- насыялык бюронун отчетуна карата; 

- насыялык бюронун ишине ички аудитти уюштуруу боюнча. 

3. Бул эрежелерде төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулган: 

насыялык маалымат алмашуу - насыялык таржымалдын түзүлүшүн жана отчеттун сунушталышын камсыз кылуу максатында насыялык бюронун, субъекттин, насыялык маалыматты сунуштоочунун жана андан пайдалануучунун маалыматты жыйноо, иштеп чыгуу, иликтөө, сактоо, сунуштоо, пайдалануу жана коргоо жагында өз ара иш алып баруусу; 

насыялык маалымат субъектиси - карыз алуучу (карызгер), лизинг алуучу, кепил болуучу, гарант, күрөө коюучу катары иш алып барган же болбосо түзүлгөн жарандык-укуктук келишимге ылайык кредитор алдында башка финансылык карызга же милдеттенмеге ээ юридикалык жак же жеке адам; 

насыялык маалымат сунуштоочу - насыялык бюрого насыялык маалыматтарды сунуштаган юридикалык жак же жеке адам; 

насыялык маалыматтан пайдалануучу - кредитор, лизинг берүүчү, күрөө кармоочу катары иш алып барган юридикалык жак же жеке адам; 

насыялык маалымат - насыялык бүтүмдүн абалы, сунушталган камсыздоо (күрөө, гарантия, кепилдик жана башка камсыздоо түрлөрү) боюнча милдеттенмелердин аткарылышы жөнүндө маалымат, ошондой эле насыялык маалымат субъектисинин кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүн, төлөө тартибинин сакталышын жана башка сапаттарын аныктоого өбөлгө түзгөн башка маалымат; 

насыялык таржымал - насыялык маалымат субъектисине карата насыялык бюро тарабынан түзүлгөн маалыматтар жыйындысы; 

насыялык бюро - Улуттук банктын мыйзам талаптарына жана ченемдик укуктук актыларына ылайык, насыялык маалымат алмашуу боюнча кызматтарды сунуштаган коммерциялык уюм болуп саналган, насыялык маалыматты жыйноо, сактоо жана алмашуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу лицензиясына ээ юридикалык жак; 

насыялык отчет - насыялык таржымалдын курамына кирген, толук же жарым-жартылай маалыматты камтыган документ; 

купуялуулук - авторизацияланбаган жактар, субъекттер же процесстер андан пайдаланууга же аларга маалымдалууга тийиш болбогон маалыматтын өзгөчөлүгү

бүтүндүгү - так жана толук маалымат камтылууга тийиш болгон өзгөчөлүк; 

жеткиликтүүлүк - авторизацияланган субъектин талабы боюнча пайдалануучуга зарыл болгон түрүндө жана жерде, ошондой эле зарыл учурда андан пайдаланууга мүмкүнчүлүк берген маалымат өзгөчөлүгү

маалымат коопсуздугу (МК) - маалыматтын купуялуулугун, бүтүндүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу; 

маалыматты криптографиялык коргоо каражаттары - маалыматтарды иштеп чыгууда, сактоодо жана байланыш каналдары аркылуу берүүдө алардын бүтүндүгүн жана купуялуулугун сактоо үчүн каралган, маалыматты криптографиялык кайра өзгөртүп түзүү алгоритмдерин ишке ашырган аппараттык, программалык жана аппараттык-программалык каражаттар, системалар жана комплекстер; 

маалыматтын ачыкка чыгып кетишине жол бербөө - атайы техникалык каражаттардын жардамы менен техникалык жана кошумча каналдар аркылуу коргоого алынган маалыматтардын контролдукка алынбаган негизде ачыкка чыгарылышына жол бербөөгө багытталган, чаралар топтому; 

маалыматты санкциясыз пайдалануудан коргоо - ченемдик актыларда же маалымат ээси тарабынан белгиленген эрежелерди бузуу аркылуу купуя маалыматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө жол бербөөгө, идентификациялоого жана четтетүүгө багытталган чаралар топтому; 

маалыматты күтүүсүз таасирлерден коргоо - пайдалануучулардын катага жол беришинен, программалык-техникалык каражаттардын үзгүлтүккө учурашынан, табигый кубулуштардан улам же маалыматты өзгөртүү каралбаган, бирок анын бурмаланышына, жок кылынышына, көчүрмөлөнүшүнө, пайдалануунун блокировкаланышына, ошондой эле маалымат сакталган каражаттын жоголушуна, жок кылынышына же иш үзгүлтүккө учурашына алып келген башка себептерден улам, маалыматтын күтүүсүз таасирлерге дуушар болушуна жол бербөөгө багытталган чаралар топтому; 

маалымат системасы (МС) - маалыматты сактоо, иштеп чыгуу жана берүү үчүн каралган, өз ара байланыштуу маалымат ресурстарынын, технологиялардын жана персоналдын жыйындысы; 

насыялык таржымал субъектисинин макулдугу - насыялык таржымал субъектисинин өзүнө тиешелүү маалыматтын насыялык бюрого берилишине же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык тариздетилген отчеттун насыялык бюронун башка адамына берилишине кат жүзүндө же электрондук түрдө уруксаты. 

чек ара аркылуу алмашуу - ушул келишимдин мүчөсү болуп саналган мамлекеттин аймагында жайгашкан маалымат алмашуунун катышуучусу менен башка мүчө мамлекеттин тиешелүү катышуучусу ортосунда түзүлгөн эл аралык келишимдерге ылайык насыялык маалымат алмашуу; 

Маалымат технологиясына аудит - маалымат системасынын күндөлүк абалы, анда ишке ашырылган аракеттер жана окуялар тууралуу процесс, ал булардын белгилүү бир критерийлерге шайкеш келиши деңгээлин аныктайт жана натыйжаларды кызыкдар тараптарга сунуштайт. 

Лог файл - маалымат системасынын жана пайдалануучулардын төмөнкүдөй иши хронологиялык тартипте камтылган каттоо файлы (журнал): 

- пайдалануучунун маалыматтан пайдаланган күн жана убактысы; 

- пайдалануучунун компьютеринин IP-дареги; 

- пайдалануучунун браузеринин аталышы; 

- пайдалануучу талап кылган баракчанын URL. 

4. Улуттук банк насыялык бюролордун ишин жөнгө салуу максатында насыялык таржымалды түзүү жана андан пайдалануу ишинин уюштурулушуна, анын маалымат базасын жана бардык насыялык бюролор үчүн милдеттүү болуп саналган кредит таржымалына тиешелүү башка маалыматтарды жыйноодо, сактоодо, топтоодо, иштеп чыгууда, берүүдө жана жок кылууда (алып салууда) маалымат коопсуздугу боюнча минималдуу талаптардын сакталышына карата талаптарды белгилейт. 

5. Насыялык бюронун негизги ишкердик түрү катары насыялык таржымалды түзүү жана отчетторду сунуштоо саналат. 

Кошумча ишкердик түрү катары төмөнкүлөр саналат: 

- насыялык бюронун ишине тиешелүү атайы адабияттарды жана башка маалымат камтылган материалдарды сунуштоо; 

- система катышуучуларына насыялык таржымалды түзүүгө жана андан пайдаланууга байланыштуу консультациялык кызматтарды сунуштоо; 

- иштелип чыккан ыкмага ылайык, белгилүү бир критерийлер боюнча насыялык рейтингдерди көрсөтүү

- маркетингдик жана статистикалык изилдөөлөр. 

Насыялык бюро ушул эрежелерде каралбаган башка ишкердик түрүн жүзөгө ашырууга укугу жок. 

6. Сунушталуучу кызматтардын транспаренттүүлүгүн камсыз кылуу максатында, кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссиялык сый акылар жана тарифтер тууралуу маалымат ачык жарыяланууга тийиш. 

7. Насыялык бюролор ишке ашырган операцияларын бухгалтердик эсепке алууга жана финансылык отчетторду Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык түзүүгө, ошондой эле кагаз бетине чыгарылган жана электрондук түрдөгү отчетторду чейрек сайын Улуттук банкка сунуштоого тийиш. 

8. Насыялык бюродо талапка ылайык ишкердиктин жүргүзүлүшүн камсыз кылуу максатында Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын талаптарына ылайык, насыялык бюронун ишкердигине же айрым бир иш багытына тышкы аудитордук текшерүүнү жүргүзүү, ошондой эле ошол аудитордук текшерүүнүн алкагында кошумча жол-жоболорду жүргүзүү зарылчылыгы жөнүндө сунуш-көрсөтмө жөнөтүшү мүмкүн. Сунуш-көрсөтмөлөрдүн аткарылышы боюнча аудитордук отчеттордун көчүрмөлөрүнө тышкы аудиторлор кол коет жана алар Улуттук банкка сунушталат. 

9. Насыялык бюро 3 жылда кеминде 1 жолу маалымат технологиясынын Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык келүүсүнө аудит жүргүзүп турууга милдеттүү

10. Насыялык бюро өз иш жыйынтыгы боюнча жылдык отчетту жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт. 

11. Насыялык бюро өз ишкердиги жөнүндө отчетту Улуттук банкка туруктуу негизде, ошондой эле Улуттук банктын талабы боюнча насыялык бюронун ишине тиешелүү кандай болбосун маалыматты сунуштоого тийиш. 

12. Улуттук банк насыялык бюронун ишине көзөмөлдүктү жүзөгө ашырууга жана ишин жөнгө салууга, анын ичинде насыялык бюронун маалымат системаларынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү менен инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле зарыл документтерди жана маалыматтарды талап кылууга укуктуу. 

2-глава. Насыялык таржымалдардын коопсуздугун камсыз кылуу талаптары 

13. Кандай болбосун каражатта (мисалы: документтер, слайддар, маалымат базалары, файлдар, диктофондор, флешкарттар жана маалымат берүү үчүн колдонулушу мүмкүн болгон башка каражаттар) сакталган маалымат коргоого алынууга тийиш: 

14. Насыялык бюро төмөнкүлөрдү камтыган, бирок алар менен чектелип калбаган маалыматты коргоо чараларынын ишке ашырышын камсыз кылууга тийиш: 

1) насыялык таржымалды жыйноодо, сактоодо, топтоодо, иштеп чыгууда, өткөрүп берүүдө жана жок кылууда анын бүтүндүгүн жана купуялуулугун камсыз кылуу; 

2) авторизацияланган пайдалануучулардын насыялык таржымалдан жана ага байланыштуу ресурстардан пайдалануусун камсыз кылуу; 

3) пайдалануучунун маалыматтан пайдалануусун башкаруу; 

4) маалымат системасын иштеп чыгуу жана колдоого алуу процессинин коопсуздугун, ошондой эле мыйзамдуу жана лицензияланган программалык камсыздоолорду пайдаланууну камсыз кылуу; 

5) насыялык маалыматтан санкциясын пайдалануудан жана модификациядан коргоо; 

6) маалыматтарды резервдик көчүрмөлөөдөн жана архивдештирүүдөн камсыз кылуу; 

7) вирустун жана спамдын таркап кетишинен коргоо; 

8) коопсуздугун камсыз кылуу; 

9) түйүн коопсуздугун камсыз кылуу; 

10) тиркемелердин жана маалымат базасынын коопсуздугун камсыз кылуу; 

11) сервистердин жана кошумча инженердик жабдуунун (электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, желдетүү системалары ж.б.) үзгүлтүксүз ишин жана коопсуздугун камсыз кылуу; 

12) коопсуздукту камсыз кылууда орун алган терс жагдайларды жөнгө салуу, алардын таасирин жана калыбына келтирүү убактысын минималдаштыруу; 

13) маалымат коопсуздугу тобокелдигин натыйжалуу тескөө

14) окутуу жана тренингдер; 

15) маалымат коопсуздугу боюнча ишке ашырылган чараларга мониторинг жана аудит жүргүзүү

3-глава. Насыялык бюронун ишине карата талаптар 

15. Насыялык бюро техникалык жол-жоболорго ылайык маалымат системасынан 24 саат бою үзгүлтүксүз пайдаланууну камсыз кылууга тийиш. 

16. Насыялык бюро маалымат сунуштоочуларга жана насыялык отчетторду алуучуларга паролду (же башка идентификациялоо жана аутентификациялоо каражаттарын) пайдалануу менен маалымат системасына кирүү мүмкүнчүлүгүн сунуштайт, же болбосо насыялык бюро маалымат сунуштоочуларга жана насыялык отчетторду алуучуларга маалыматтык процесстерди ишке ашыруу үчүн зарыл болгон адистештирилген программалык камсыздоону берет же алар тарабынан колдонулган программалык камсыздоого карата тиешелүү талаптарды белгилейт. Адистештирилген программалык камсыздоо маалымат сунуштоочулар жана насыялык отчетторду алуучулар тарабынан иштелип чыккан учурда, ал насыялык бюро менен макулдашылат. 

17. Маалымат алмашуу процессинде насыялык бюро маалымат сунуштоочулар жана насыялык отчетторду алуучулар менен бирге иш-аракеттердин ырааттуу жүргүзүлүшүн камсыз кылууга жана идентификациялык маалыматтардын, цифралык сертификаттардын же бүтүндүгүн жана аутентификациядан өтүшүн камсыз кылуу үчүн колдонулган башка электрондук маалыматтардын аныктыгын текшерүүгө тийиш. Насыялык бюро өз ишинде төмөнкүлөрдү туруктуу ишке ашырууга милдеттүү

1) бюронун программалык-техникалык комплексинен пайдалануу мүмкүнчүлүгүн, жабдуулардын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылууну кошо алганда, насыялык бюро, маалымат сунуштоочулар жана алуучулар ортосунда электрондук маалымат алмашууну жүзөгө ашырууда маалымат системасынын сапаттуу жана үзгүлтүксүз ишин, ошондой эле тиешелүү коопсуздук деңгээлин камсыз кылуу; 

2) сунушталган маалыматтарга ылайык, насыялык маалымат базасын электрондук формада жүргүзүү

3) келип түшкөн насыялык маалыматты каттоо жана эсебин жүргүзүү

4) насыялык маалымат келип түшкөн күндөн кийинки иш күнүнөн кечиктирбестен аны насыя таржымалынын курамына киргизүү

5) рейтингдик баа берүүнү жүргүзүү жана насыялык маалыматтан пайдалануучулардын талабы боюнча насыялык маалымат субъектисине рейтингдик баа берүүнү эсептөө ыкмасын жана баа берүүгө таасирин тийгизген факторлорго түшүндүрмө берүү

6) насыялык маалыматты сунуштоочулардын жана пайдалануучулардын ыйгарым укуктуу адамдарына программалык-техникалык комплексти колдонуу, ошондой эле насыялык бюронун ишине тиешелүү башка маселелер боюнча консультацияларды берүү

7) насыялык маалымат субъекттерине, сунуштоочуларга жана пайдалануучуларга анык эмес же бурмаланган маалыматтарды аныктоого жана оңдоого көмөктөшүү

8) насыялык таржымалдан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ бардык пайдалануучуларды каттоо жана эсебин жүргүзүү (тиркемелерден жана маалымат базасынан пайдалануучуларды каттоо жазуулары); 

9) маалымат коопсуздугуна тиешелүү жагдайлар тууралуу маалыматтарды жыйноону, жазууну, сактоону камсыз кылуу (аудит журналдары, пайдалануунун лог файлдары) жана атайылап же күтүүсүз жок кылуудан, блокировкалоодон, бурмалоодон жана жоготуудан сактоо; 

10) техникалык комплекстин компоненттерин техникалык тейлөө жана маалымат системасындагы кемчиликтерди ыкчам жана өз убагында четтетүү

11) маалымат системасынын иш натыйжалуулугун өркүндөтүү жана жогорулатуу боюнча чараларды көрүү

12) насыялык маалыматтан пайдалануучуларга маалымат системасынын ишинин техникалык шарттарынын өзгөргөндүгү тууралуу өзгөрүүлөр аныкталгандан кийинки бир күн ичинде маалымдоо; 

13) маалымат системасынын абалына контролдук жүргүзүү, коопсуздук саясатын бузууга жол берилген учурлардын же аракеттердин протоколун түзүү, маалымат коопсуздугунда орун алган алгылыксыз жагдайларды изилдөө, ошондой эле алардын кесепеттерине жол бербөө жана минималдаштыруу үчүн зарыл чараларды кабыл алуу. 

18. Өз милдетин аткаруу максатында насыялык бюро төмөнкүлөргө укуктуу: 

1) маалымат системасын пайдалануу эрежелерин бузууга жол берүүлөрдү четтетүүнү талап кылууга; 

2) туура эмес же толук эмес тариздетилишенен улам жана маалымат сунуштоочунун, насыялык отчетту алуучунун, насыялык таржымал субъектисинин маалыматтарынын системанын талаптарына ылайык келбегендигине байланыштуу маалымат сунуштоочу тарабынан берилген маалыматты кабыл албоого; 

3) насыялык маалымат алмашуу келишимдерин түзүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка бүтүмдөрдү ишке ашырууга; 

4) насыялык маалыматты сунуштоочулардан так жана өз убагында жаңыртылган маалыматтарды алууга; 

5) насыялык маалымат субъекттеринин насыя төлөө жөндөмдүүлүгүнө, финансылык абалына, төлөө жөндөмдүүлүгүнө, төлөө тартибине баа берүүгө көмөктөшүү максатында, насыялык маалыматтан пайдалануучуларга консультациялык кызматтарды сунуштоого; 

6) насыялык маалыматты сунуштоочулардын маалымат берүү ишине көмөктөшүү

7) насыялык маалымат субъекттерине рейтингдик баа берүүлөрдү эсептөө ыкмасын иштеп чыгууга жана пайдаланууга; 

8) насыялык таржымалды пайдалануучудан макулдук берүү баракчасынын түп нускасын же документтердин кагаз жүзүндөгү көчүрмөлөрүн тастыктоо үчүн мыйзамда каралган тартипте тастыкталган көчүрмөсүн талап кылууга; 

9) башка насыялык бюролордон насыялык маалыматты талап кылууга. 

19. Ушул эрежелердин талаптарын сактоо максатында, маалыматтарды жыйноодо, сактоодо, топтоодо, иштеп чыгууда, өткөрүп берүүдө жана аларды насыялык таржымалдан жок кылууда (алып салууда) насыялык бюро төмөнкүлөрдү камтыган нормаларды иштеп чыгууга жана бекитүүгө тийиш: 

1) насыялык бюронун, насыялык маалыматтан пайдалануучулардын жана субъекттердин укуктарын жана милдеттерин; 

2) электрондук маалыматтарды жөнөтүү жана кабыл алуу, ошондой эле аны андан ары пайдалануу, өзгөртүү жана алып салуу жол-жоболорун; 

3) бюрого кабыл алынган маалыматтардын форматтарынын чагылдырылышын; 

4) насыялык отчетту сунуштоо тартибин; 

5) насыялык бюронун маалымат ресурстарынан пайдалануу тартибин; 

6) насыялык бюронун иши ага ылайык жүзөгө ашырылуучу маалымат коопсуздугун камсыз кылууга карата негизги талаптарды; 

7) маалымат системасында компреметация орун алган учурда аларды жөнгө салуу жол-жоболорун жана аракеттердин алгоритмин (маалымат базасын санкциясыз өзгөртүү, натыйжада маалымат жараксыз болуп калат же өзгөрүүлөрдү аныктоо жана анык маалыматтарды калыбына келтирүү үчүн кошумча аракеттер көрүлөт); 

8) катышуучуларды маалымат коопсуздугу боюнча нормалар жана чаралар мазмуну менен тааныштыруу жана катышуучулардын аларды сактоо боюнча милдеттенмелерди жактыруу жана кабыл алуу тартибин. 

20. Насыялык бюронун ишине тиешелүү нормалар насыялык маалымат алмашуу келишимин түзгөн бардык катышуучуларга маалымдалат. 

21. Насыялык бюронун маалымат системасы жөнөкөй өзгөртүүлөргө жол берүүгө, колдонулуучу каражаттардын конфигурациясын өнүктүрүүгө, функцияларды жана ресурстарды көбөйтүүгө кыйла ыңгайлуу уюштурулууга тийиш. 

22. Маалымат системасынын программалык-техникалык комплексинин ишинде үчүнчү жактардын күнөөсү боюнча форс-мажордук жагдайлар, ошондой эле авариялар же бузуулар орун алган учурда, бир календардык күн ичинде насыялык маалыматты сунуштоочуларга жана пайдалануучуларга маалымдоо менен системанын иши токтотулушу мүмкүн. 

4-глава. Маалыматтардын аныктыгын жана сакталышын камсыз кылууга карата талаптар 

23. Насыялык бюро анын маалымат базасынан маалыматтын ачыкка чыгарылышына жол бербөөгө тийиш. 

24. Өз ишин жүзөгө ашыруунун натыйжасында насыялык бюрого маалым болгон маалыматтардын купуялуулугун сактоо үчүн төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш: 

1) купуялуулук режимин сакталышын; 

2) насыялык таржымалдын маалымат базасынын максаттуу пайдаланылышын; 

3) маалымат ресурстарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ адамдар чөйрөсү чектелүүгө

4) пайдалануу мүмкүнчүлүгүн контролдоо тартиби жана бюронун маалымат базасындагы маалыматтан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ жактардын милдеттенмелерин функционалдык чектөө

5) заманбап аутентификациялоо каражаттарын пайдалануу менен катышуучуларды идентификациялоо жана аутентификациялоо; 

6) маалыматты сактоодо, иштеп чыгууда жана байланыш каналдары аркылуу өткөрүп берүүдө коопсуздукту камсыз кылуу, анын ичинде криптографиялык коргоо чаралары. 

25. Насыялык бюро эл аралык стандарттарга жана маалымат коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыкты тажрыйбаларга ылайык, маалымат коопсуздугунун нормаларын иштеп чыгат жана бекитет, анда төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

1) насыялык бюронун маалымат ресурстарынын категорияларын; 

2) ролдорду чагылдыруу жана жоопкерчиликтерди чектөө менен маалымат коопсуздугу системасын камсыз кылуу боюнча уюштуруу модели; 

3) тобокелдиктерди контролдоо үчүн каралган уюштуруу-техникалык чаралардын жыйындысы камтылган маалымат коопсуздугу тобокелдиктерин тескөө планы; 

4) маалымат коопсуздугунун талаптарын эске алуу менен насыялык бюронун иш үзгүлтүксүздүгүн колдоо боюнча аракеттер планын, ошондой эле табигый кырсыктар, өрт, электр энергиясын өчүрүү, байланыш чынжырчасынын бузулушу, коомдук баш аламандыктар, көтөрүлүштөр, согуштук аракеттер сыяктуу өзгөчө кырдаалдар орун алган шартта иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу планын; 

5) насыялык бюронун программалык камсыздоосуна жана/же маалымат базасындагы маалыматтарга өзгөртүүлөрдүн киргизилишин жөнгө салган ички ченемдик документтерди (мисалы: пайдаланууну контролдоо саясаты, өзгөртүүлөрдү жөнгө салуу, алгылыксыз жагдайларды жөнгө салуу, маалымат ресурстарын тескөөнүн/администрлөөнүн операциялык жол-жоболору ж.б.); 

6) насыялык бюронун персоналынын маалымат коопсуздугун камсыз кылуу жоопкерчилигин; 

7) насыялык бюронун маалымат коопсуздугун сактоо талаптарына ылайык келүүсүн текшерүү жол-жоболорун. 

26. Насыялык бюро төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш: 

1) насыялык бюронун маалымат базасындагы маалыматтардын жана өз ишине зарыл башка маалыматтардын резервдик көчүрмөлөнүшүн, сакталышын жана калыбына келтирилишин, ошондой эле зарылчылык келип чыккан шартта кошумча жана/же резервдик жабдуулардын орнотулушун камсыз кылууга; 

2) насыялык бюронун маалыматтык жана программалык ресурстарынын ж.б. резервдик көчүрмөлөрүн сактоо; 

3) резервдик көчүрүү регламентин сактоо жана насыялык бюронун маалыматтарын жок кылуу. 

27. Маалымат базасынан маалыматтардын ачыкка чыгып кетиши тобокелдигин кыскартуу максатында насыялык бюро маалыматтын таркап кетишине өбөлгө түзгөн негизги каналдарды жабуу үчүн төмөнкүдөй уюштуруу-техникалык чаралар топтомун иштеп чыгат жана колдонууга киргизет: 

1) персоналдын коопсуздугун камсыз кылуу. Насыялык бюронун персоналына карата коопсуздукту камсыз кылуу төмөнкү талаптарга ылайык контролдоо жол-жоболорун колдонуу аркылуу жүзөгө ашырылат: 

а) персоналды ишке кабыл алууда тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүү, анын ичинде мүнөздөмөсүн жана сунуштамасын, резюмесинин тактыгын жана толуктугун, билимин жана квалификациясын, ошондой эле инсандыгын тастыктаган документтерин; 

б) талапкерди ишке кабыл алууда келишимге купуя маалыматтарды ачыкка чыгарбоо жөнүндө кол коюусу милдеттүү шарт болуп саналат; 

в) персоналдын маалымат коопсуздугун бузууга жол берүү үчүн жоопкерчилигин кошо алганда, маалымат коопсуздугун сактоо боюнча талаптар эмгек келишиминде чагылдырылууга тийиш; 

г) насыялык бюродо коопсуздукту бузууга жол бергендерге карата тиешелүү чаралар көрүлүүгө тийиш, б.а. иликтөөлөр жүргүзүлүп, терс жагдайлардын кесепети четтетилип, шайкеш таасир этүү чаралары кабыл алынууга тийиш; 

д) насыялык маалыматтан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн алганга чейин персонал маалымат коопсуздугун сактоо боюнча маалымат алууга тийиш; 

е) маалымат коопсуздугу талаптарынын сакталышына жоопкерчилик персоналдын кызматтык милдеттеринде камтылууга тийиш; 

ж) купуя маалыматты ачыкка чыгарбоо тууралуу жоопкерчилик иштен бошоп кеткенден кийин да күчүндө калууга жана өзүнчө келишимде каралууга тийиш; 

2) насыялык маалыматтан жана аны иштеп чыгуу каражаттарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн (физикалык жана логикалык) чектөө төмөнкүчө ишке ашырылат: 

а) маалымат системасынын компоненттеринен пайдалануу тиешелүү эрежелерге ылайык бөлүштүрүлөт; 

б) маалымат системасынын компоненттеринен пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ субъекттердин инсандыгын текшерүү

3) пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө мониторинг жана контролдук төмөнкүчө жүзөгө ашырылат: 

а) ыйгарым укуктуу жактардын маалымат системасынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн (кирүү) эсепке алуу жана белгилөө

б) маалымат ресурстарын иштеп чыгуу үчүн каралган программалык-техникалык каражаттарды ишке киргизүүнү (токтотууну) белгилөө

в) маалымат системасынан санкциясыз пайдаланууну белгилөө

г) адамдардын пайдалануу укугун өзгөртүүлөрдү белгилөө жана системадан маалымат алынган бардык учурларды (электрондук документтер, күнү ж.б.) каттоо; 

д) насыялык бюронун коргоого алынган маалымат ресурсун эсепке алуу жана купуя маалыматты сактоо каражаттарынын пайдаланылышын каттоо; 

е) маалыматтарды каттоо журналдарын, логфайлдарды өзгөртүүдөн коргоо; 

4) насыялык маалыматты берүүдө жана алууда анын купуялуулугу төмөнкү чаралар аркылуу камсыз кылынат: 

а) маалымат системасынан пайдалануу үчүн паролду же идентификациялоонун жана аутентификациялоонун башка каражаттарын пайдалануу; 

б) маалымат системасында жана байланыш каналдарында купуялуулукту камтыган маалыматка шифр белгилөө

28. Насыялык бюро документтерди жана маалыматтарды пайдалануу жана сактоо мөөнөттөрүн белгилөөгө, документтердин негизги түрлөрү жана алар үчүн белгиленген сактоо мөөнөттөрү киргизилген номенклатура баракчасын иштеп чыгууга тийиш. 

29. Насыялык бюро төмөнкү маалымат ресурсунун архивде сакталышын камсыз кылууга тийиш: 

1) насыялык бюронун насыялык таржымалынын маалымат базасын; 

2) насыялык бюронун маалымат системасынын аудит журналын; 

3) Улуттук банктын талаптарына ылайык, маалыматтын башка зарыл түрлөрүн. 

Насыялык таржымалды архивде сактоо мөөнөтү анда камтылган дебитордун милдеттенмелери тууралуу маалымат акыркы өзгөртүүлөр киргизилген күндөн тартып (насыянын орду жабылган/эсептен алынып салынган күндөн тартып) кеминде жети жылды түзүүгө тийиш. 

30. Архивдик документтерди жок кылууга даярдоо жана жок кылуу насыялык бюро тарабынан белгиленген тартипте өз кызматкерлеринен түзүлгөн комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат. 

31. Насыялык бюро насыялык таржымалдан пайдалануучулардын маалымат базасында камтылган маалыматтардан пайдалануусун белгиленген жол-жоболорго ылайык коргоого алынган аралыктан пайдаланууну уюштуруу аркылуу камсыз кылат. 

32. Насыялык бюронун маалыматты иштеп чыгууга жана сактоого катышкан кызматкерлерине маалымат ресурсун, анын ичинде насыялык бюронун маалымат базасын жеке максатта пайдалануусуна тыюу салынат. 

33. Насыялык бюронун кызматкерлери маалымат коопсуздугу эрежелерин бузууга жол берүүсүнөн улам келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктер, ошондой эле насыялык маалыматтын мыйзамсыз ачыкка чыгарылгандыгы жана пайдаланылгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык жоопкерчилик тарта тургандыгы жөнүндө билүүгө тийиш. 

34. Насыялык бюронун кызматкерлери купуялуулукту камтыган маалыматтарды ачыкка чыгарбоо тууралуу милдеттенмеге, ошондой эле зарылчылык келип чыккан шартта жеке эмгек келишими түзүлгөн мезгил ичинде сыяктуу эле, келишимде көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин да коммерциялык банктык сырды ачыкка чыгарбоо милдеттенмесине кол коюуга тийиш. 

5-глава. Насыялык отчетту сунуштоо боюнча талаптар 

35. Насыялык бюро маалыматты сунуштоочулардан алышат жана маалымат алмашуу жөнүндө келишимдин негизинде насыялык отчетту пайдалануучуларга сунушташат. 

Насыялык маалымат алмашуу келишиминде төмөнкүлөр каралууга тийиш: 

1) насыялык маалымат түрүн, формасын, сунуштоо жана жаңыртуу тартибин; 

2) тараптардын насыялык маалыматты санкциясыз пайдалануудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн же чечмелөөдөн коргоону камсыз кылуу боюнча укуктары жана милдеттери; 

3) насыялык маалыматтарда так эместиктер же бурмалоолор аныкталса, аларга оңдоолор киргизилген учурда тараптардын өз ара иш алып баруу тартиби; 

4) насыялык маалыматта анык эмес же бурмаланган маалыматтар аныкталган учурда насыялык маалымат алмашуу катышуучуларынын жоопкерчилик деңгээли жана өлчөмү

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка шарттар. 

Насыялык отчетту берүү мөөнөтү насыялык маалымат алмашуу келишиминде аныкталат, бирок отчет насыялык бюро аны сунуштоо талабын алган күндөн кийинки 2 жумуш күнү ичинде сунушталууга тийиш. 

Насыялык отчет насыялык бюро тарабынан төмөнкүлөргө сунушталат: 

1) насыялык маалыматтан пайдалануучуга - насыялык маалымат субъектисинин макулдугу боюнча; 

2) насыялык маалымат субъектисине - анын талабы боюнча, мында отчетто ушул субъекттин насыялык маалыматты сунуштоочулары жана пайдалануучулары тууралуу идентификациялык маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш. 

36. Насыялык бюро насыялык таржымалды пайдалануучуну же субъектти идентификациялоону төмөнкү тартипте жүзөгө ашырат: 

1) жеке адамды идентификациялоо инсандыгын тастыктаган күбөлүктүн негизинде жүзөгө ашырылат. Насыялык таржымалды пайдалануучунун же субъекттин өкүлү кайрылган учурда анын инсандыгын тастыктаган күбөлүгү жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн ишеним кат (ыйгарым укук чегерүү) текшерилет; 

2) юридикалык жакты идентификациялоо анын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгүндөгү маалыматты, жетекчисин жана/же туруктуу иштеген аткаруу органын тастыктаган документти жана идентификациялоо үчүн зарыл болгон башка документтерди текшерүү аркылуу жүзөгө ашырылат. 

37. Насыялык отчет бир маалымат субъектисине карата гана сунушталат. 

38. Насыялык таржымалды пайдалануучуга сунушталган насыялык отчет насыялык таржымалдын курамына кирген толук маалыматты же анын бөлүгүн камтышы мүмкүн. 

Насыялык таржымалда кеминде төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш: 

1) насыялык маалымат субъектисин идентификациялоого (аты-жөнү, дареги) өбөлгө түзгөн; 

2) насыялык маалымат субъектисинин насыялык бүтүмдөрү, ошондой эле алардын аткарылышынын абалы (пайыздык чен, мөөнөтү, насыя суммасы, валютасы) тууралуу; 

3) насыялык маалымат субъектисинин жарандык-укуктук келишим боюнча акчалай сумманы төлөө милдеттенмелери жөнүндө

4) насыялык таржымал түзүлгөн күн, ошондой эле насыялык таржымалды түзгөн насыялык бюро тууралуу; 

5) насыялык маалымат алмашуу жөнүндө келишимге ылайык башка маалыматтар. 

Насыялык таржымалга аткаруу күнүнөн жети жылдан көбүрөөк убакыт өткөн насыялык маалымат субъектисинин акчалай сумманы төлөө милдеттенмелери тууралуу маалыматтар камтылбайт. 

39. Насыялык таржымал субъектисине сунушталган насыялык отчетто ушул эрежелердин 38-пунктунда көрсөтүлгөн, ошондой эле насыялык бюродогу, анын ичинде ушул насыялык таржымалды пайдалануучулар жөнүндөгү бардык маалыматтар камтылууга тийиш. 

40. Насыялык отчет кат жүзүндө берилген учурда ал насыялык бюронун мөөрү жана анын жетекчисинин/кол коюу укугуна ээ орун басарынын насыялык отчеттор/таржымалдар менен ишти жүзөгө ашырган түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин кол тамгасы менен тастыкталат. 

41. Насыялык отчет электрондук документ формасында берилген учурда, анын юридикалык күчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук цифралык кол тамга менен тастыкталат. 

42. Насыялык бюро отчетту сунуштоо тууралуу келип түшкөн талаптардын, ошондой эле отчет алгандардын жана маалымат сунуштоодон баш тартылгандардын жана баш тартуу себептеринин эсебин жүргүзүүгө милдеттүү

43. Насыялык таржымалдан пайдалануучулар жана Кыргыз Республикасынын "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Мыйзамына ылайык насыялык таржымалда камтылган маалыматтан пайдаланган башка жактар аны үчүнчү жактарга таркатууга укугу жок. 

6-глава. Насыялык таржымалга өзгөртүүлөрдү киргизүү 

44. Насыялык бюродо насыялык таржымал субъектиси тууралуу маалыматтардын анык эместиги жана/же бурмалангандыгы тууралуу датганууларды/өтүнүч каттарды кароо системасы болууга тийиш. Субъекттин насыялык бюрого кайрылуу аркылуу өзү тууралуу маалыматтардан ыкчам пайдалануу мүмкүнчүлүгү жана анык эмес жана/же бурмаланган маалыматтарды оңдоо жана/же өчүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу зарыл. 

Насыялык бюро анын ыйгарым укуктуу органы менен насыялык маалымат алмашууда кардарлар менен өз ара иш алып баруу тартибин иштеп чыгат жана бекитет, анда төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш: 

- кардарларга карата техникалык жана уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү жатында талаптар; 

- кардарлардын насыялык маалымат субъекттердин насыялык таржымалы тууралуу маалыматтарды сунуштоо эрежелери; 

- насыялык бюрого насыялык таржымалдарды сунуштоо эрежелери; 

- маалымат менен иштөө, маалыматты коргоону камсыз кылуу; 

- кардарлардын даттануулары менен иштөө

45. Насыялык таржымалда камтылган маалыматтардын бүтүндүгүн, аныктыгын камсыз кылуу жана жоготуу, санкциясыз өзгөртүү тобокелдигин төмөндөтүү үчүн насыялык бюродо өзгөртүүлөрдүн киргизилишин контролдоо системасы болууга тийиш. Контролдоо системасы расмий жол-жоболордун негизинде жүргүзүлүүгө жана ар бир өзгөртүү бардык кызыкдар тараптар менен макулдашылууга тийиш. 

46. Насыялык таржымал субъектиси анын насыялык таржымалында камтылган маалыматка өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү тууралуу өтүнүч катты насыялык бюрого жөнөтүү аркылуу насыялык таржымалда камтылган маалыматты толугу менен же анын тиешелүү бөлүгүн өзгөртүүгө укуктуу. 

47. Насыялык бюро насыялык маалымат субъекттерине, сунуштоочуларга жана пайдалануучуларга насыялык маалыматтагы анык эмес же бурмаланган маалыматтарды аныктоого жана оңдоого көмөктөшүүгө милдеттүү

48. Насыялык бюро ушул эрежелердин 46-пунктунда көрсөтүлгөн өтүнүч катта алгандан кийинки 3 календардык күн ичинде насыялык таржымалда камтылган маалыматты кошумча текшерүү максатында, насыялык маалыматты сунуштоочудан текшерүүнү талап кылууга милдеттүү

49. Мындай текшерүү жүргүзүү учурунда насыялык бюро насыялык таржымалга тиешелүү белгилөөлөрдү чагылдырат. 

50. Насыялык маалыматты сунуштоочу насыялык таржымалга оңдоолор киргизилгендиги же өзгөртүүсүз калтырылгандыгы тууралуу маалыматты 3 (үч) жумуш күнү ичинде берет. Мындай маалыматты алгандан кийин насыялык бюро насыялык таржымал субъектисине сунушталган өтүнүч катта кароо жыйынтыгы жөнүндө кат жүзүндө билдирет. Насыялык маалымат субъектисине өтүнүч катты кароо жыйынтыгы тууралуу маалымдоо мөөнөтү аны алган күндөн кийинки 15 жумуш күнүнөн ашпоого тийиш. 

Мында оңдоолор киргизилген насыялык отчет насыялык маалымат субъектисине төмөнкүлөр ишке ашырылгандан кийинки он беш жумуш күнү ичинде сунушталат: 

1) насыялык бюро, насыялык маалыматты сунуштоочу же пайдалануучу насыялык маалымат субъектисинен отчетто камтылган маалыматтардын анык эместиги жагында билдирүү алган шартта, же болбосо; 

2) насыялык отчетто камтылган маалыматтардын анык эместиги же бурмалангандыгы тууралуу насыялык бюрого маалым болгон учурда. 

51. Насыялык отчетто камтылган маалыматтардын анык эместиги же бурмалангандыгы тастыкталбаса же буга насыялык маалымат субъектиси күнөөлүү болгон болсо, анда насыялык бюро маалымат субъектисинен тиешелүү өтүнүч кат алган учурдан тартып он беш жумуш күнү ичинде бул тууралуу насыялык маалымат субъектисине кат жүзүндө маалымдайт. 

52. Эгерде насыялык отчетто камтылган маалыматтардын анык эместигине же бурмаланышына насыялык маалымат субъектиси жол берген болсо, насыялык бюро маалымат субъектисине жана пайдалануучуга оңдолгон насыялык отчетту берет. 

53. Насыялык бюро насыялык таржымал субъектисинин өтүнүч катын канааттандыруудан баш тарткан шартта жооп катта анын себептери чагылдырылат. 

54. Насыялык бюро маалыматтарды сунуштоочу тарабынан сактоого берилген түрдө өткөрүп берүүгө милдеттүү

55. Насыялык бюро насыялык маалыматты сунуштоочудан алынган маалыматтын толуктугу үчүн жоопкерчилик тартат. 

7-глава. Насыялык бюронун отчету 

56. Насыялык бюронун ишин жөнгө салуу жана ага көзөмөлдүктү жүргүзүү максатында, насыялык бюро отчетторду Улуттук банктын укуктук ченемдик актыларында белгиленген тартипте борбордук банкка сунуштап турууга тийиш. 

57. Насыялык бюро өз иши тууралуу отчетторду Улуттук банкка ушул эрежелерге карата тиркемелерде берилген формаларга ылайык чейректик негизде сунуштап турат. 

58. Ушул эрежелердин 57-пунктунда көрсөтүлгөн отчеттор отчеттук чейректен кийинки айдын 25ине чейин кагаз жүзүндө жана электрондук формада чейрек сайын берилип турат. 

59. Насыялык бюро Улуттук банктын талабы боюнча өзүнчө субъекттердин насыялык таржымалы жөнүндө маалыматты сунуштайт. 

60. Насыялык бюронун Жылдык отчетуна карата талаптар. 

Насыялык бюро өзүнүн иши тууралуу жылдык отчетту жалпыга маалымдоо каражаттарында жыл сайын жарыялап турат, анда негизги аналитикалык маалымат жана финансылык отчет камтылат. 

Насыялык бюро өз иши тууралуу отчетту отчеттон кийинки жылдын 1-майынан кечиктирбестен жыл сайын жарыялап турат. 

Насыялык бюронун иши тууралуу жылдык отчетто төмөнкүлөр камтылат: 

1) насыялык бюронун финансылык отчетун; 

2) насыялык бюронун отчеттук мезгил ичиндеги иши тууралуу маалыматты; 

3) насыялык бюро тарабынан аныкталган башка маалыматты. 

8-глава. Насыялык бюронун ишине ички аудитти уюштуруу талаптары 

61. Насыялык бюро өз ишинде орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди аныктоого, өлчөөгө, контролдоого жана мониторингди жүзөгө ашырууга өбөлгө түзгөн ички контролдук системасын колдонууга киргизүүгө, пайдаланууга жана өнүктүрүүгө тийиш. 

62. Насыялык бюродо Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык ички контролдук системасынын шайкештигин жана натыйжалуулугун текшерүүгө жана ага баа берүүгө, ошондой эле насыялык бюролорго гана мүнөздүү болгон белгилүү бир тобокелдиктерге дуушарланышы ыктымалдыгына баа берүүгө өбөлгө түзгөн ички аудит кызматы туруктуу негизде милдеттүү түрдө иштеп туруусу зарыл. 

63. Насыялык бюронун ишинин ички ченемдик документтерге ылайык келишин камсыз кылуу максатында, анын ишине туруктуу негизде иликтөөлөрдү жүргүзүп туруу зарыл. 

64. Насыялык бюронун ички аудит кызматы аудит планын иштеп чыгууга жана бекитүүгө, контролдук жол-жоболорго жана алардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүгө, ошондой эле ички контролдук системасына баа берүүгө жана насыялык бюронун жетекчисине отчетторду жана аларды жакшыртуу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү сунуштап турууга жоопкерчиликтүү

65. Ички аудит кызматынын иши "Ички аудит жөнүндө" жобого ылайык жөнгө салынат. 

66. Ички аудит кызматы насыялык бюронун жетекчилигине отчет берип турууга тийиш жана өз ишин насыялык бюронун башка түзүмдүк бөлүмдөрүнөн көз карандысыз пландаштырат, ички аудитти жүргүзөт жана отчетторду даярдайт. 

9-глава. Насыялык бюролордун ишине көзөмөлдүктү жүргүзүү 

67. Улуттук банк насыялык бюролордун ишине көзөмөлдүктү алардын ишин Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык келтирүү максатында жүргүзөт. 

68. Улуттук банк насыялык бюронун ишинде орун алган тобокелдиктер үчүн жоопкерчилик тартпайт. 

69. Улуттук банк текшерүүгө негиз болгон документти көрсөтүү менен алдын ала эскертүүсүз насыялык бюронун ишин текшерүүгө укуктуу. 

70. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда насыялык бюрого карата таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

71. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/73-13-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

72. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/73-13-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

73. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/73-13-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

74. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/73-13-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

75. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/73-13-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

76. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/73-13-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

77. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/73-13-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

78. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/73-13-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

79. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

80. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

81. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

82. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

83. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

84. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

  

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

А1. Насыялык бюро жөнүндө отчет (кыскача отчет) 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

Насыялык бюронун аталышы: 

Отчет түзүлгөн күн: 

  

Сунуштоочулар тууралуу маалыматтардын саны 

  

Отчеттук мезгил ичинде жаңы сунуштоочулар тууралуу маалымат 

  

Пайдалануучулар тууралуу маалыматтардын саны 

  

Отчеттук мезгил ичинде жаңы пайдалануучулар тууралуу маалымат 

  

  

Насыялык бюродо катталган субъекттер тууралуу маалыматтардын саны 

  

Жигердүү насыялык субъекттердин саны тууралуу маалымат 

  

- Жеке адамдар 

  

- Жеке адамдар 

  

- Юридикалык жактар 

  

- Юридикалык жактар 

  

- Жеке ишкерлер 

  

- Жеке ишкерлер 

  

Отчеттук мезгил ичинде жаңыртылган маалыматтарды берген сунуштоочулардын саны 

  

Талап жөнөткөн пайдалануучулардын саны тууралуу маалымат 

  

Отчеттук мезгил ичинде бардык сунуштоочулардан алынган жазуулардын саны 

  

Отчеттук мезгил ичинде бардык пайдалануучулардан келип түшкөн талаптардын саны тууралуу маалымат 

  

Кабыл алынбаган жазуулар % 

  

Дал келүү коэффициенти % 

  

  

Алынган жазуулардын саны 

- жеке адамдар 

  

Бардык пайдалануучулар берген талаптын саны жөнүндө маалыматтар 

- жеке адамдар 

  

Алынган жазуулардын саны 

- юридикалык жактар 

  

Талаптардын саны 

- юридикалык жактар 

  

Алынган жазуулардын саны 

- жеке ишкерлер 

  

Талаптардын саны 

- жеке ишкерлер 

  

  

Кыргыз Республикасынын уюмдарынан келип түшкөн талаптарга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү 

  

Талапты жөнөтүү себептерине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү 

  

- Банктар 

  

- Кардар насыя берүү тууралуу өтүнүч менен кайрылган 

  

- МФУ 

  

- Карыздарды өндүрүү 

  

- башка БФКУдар 

  

- Маркетинг максаттары үчүн алдын ала баа берүү 

  

- Телекоммуникациялык компаниялар 

  

- Кредитордун соттук териштирүүлөрү 

  

- Чекене сатуучулар 

  

- башкалар 

  

- Лизингдик компаниялар 

  

  

- Насыялык бюро 

  

  

- Укук коргоо жана сот органдары 

  

  

- башкалар 

  

  

  

  

Кыргыз Республикасынан тышкары уюмдар боюнча бөлүштүрүлгөн талаптардын саны 

  

  

  

Банктар 

  

  

  

МФУ 

  

  

  

Башка БФКУдар 

  

  

  

Телекоммуникациялык компаниялар 

  

  

  

Чекене сатуучулар 

  

  

  

Лизингдик компаниялар 

  

  

  

Башкалар 

  

  

  

В1 - Насыялык бюронун иши 

Сунуштоочулардын/ 

пайдалануучулардын аты-жөнү/аталышы 

А тиби 

Сунуштоочудан алынган жазуулар 

Кабыл алынбаган жазуулар % 

Талаптар 

Дал келүү коэффициенти % 

Кол коюлган насыялык келишимдер 

Насыя алуу четке кагылган өтүнүч каттар 

Жеке адамдар 

Юридикалык жактар 

Жеке ишкерлер 

Жеке адамдар 

Юридикалык жактар 

Жеке ишкерлер 

Жеке адамдар 

Юридикалык жактар 

Жеке ишкерлер 

Жеке адамдар 

Юридикалык жактар 

Жеке ишкерлер 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Эскертүү

А - банктар, МФУ, башка БФКУдар, чекене соода ишканалары (кандай болбосун тиешелүү классификация түрлөрү менен толуктагыла). 

В - аларга боюнча бир ай ичинде жаңыртылган маалымат алынган жеке адамдардын/юридикалык жактардын саны. 

В2 - Карыз алуучулар жана колдонуудагы насыялык келишимдер жөнүндө маалымат 

Кредитордун аталышы 

Карыз алуучулар 

Колдонуудагы насыялык келишимдердин саны 

Колдонуудагы насыялык келишимдер - карыз алуучулардын айрым категориялары боюнча жалпы сумма 

Колдонуудагы насыялардын түрлөрүнүн саны 

Колдонуудагы насыялардын суммасы 

Жеке адамдар 

Юридикалык жактар 

Жеке ишкерлер 

Жеке адамдар 

Юридикалык жактар 

Жеке ишкерлер 

Жеке насыялар 

Топтук насыялар 

Жеке насыялар 

Топтук насыялар 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

В3 - Колдонуудагы насыялык келишимдер 

Кредитордун аталышы 

Колдонуудагы насыялардын саны 

Колдонуудагы насыялар боюнча карыздын жалпы суммасы 

Колдонуудагы насыялардын саны 

Колдонуудагы насыялар боюнча карыздын жалпы суммасы 

Камсыздалган насыялар 

Камсыздалбаган насыялар 

Камсыздалган насыялар 

Камсыздалбаган насыялар 

Улуттук валютада 

Чет өлкө валютасында 

Улуттук валютада 

Чет өлкө валютасында 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

С1 - Насыялык ишке талдап-иликтөөлөр - насыялардын түрлөрү боюнча бөлүштүрүлгөн, жаңы берилген насыялар (акыркы отчеттук мезгил ичинде) 

Кредитордун аталышы 

Берилген насыялар - саны 

Насыялык келишимдер -карыз алуучулардын айрым категориялары боюнча карыздын жалпы суммасы 

Насыялардын түрлөрү боюнча берилген насыялардын саны 

Насыялардын түрлөрү боюнча берилген насыялардын көлөмү 

Жеке адамдар 

Жеке ишкерлер 

Юридикалык жактар 

Жеке адамдар 

Жеке ишкерлер 

Юридикалык жактар 

Жеке насыялар 

Топтук насыялар 

Жеке насыялар 

Топтук насыялар 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Кредитордун аталышы 

Берилген насыялык келишимдердин саны 

Берилген насыялардын камсыздалгандыгы боюнча көлөмү 

Берилген насыялык саны 

Берилген насыялардын көлөмү 

Камсыздалган насыялар 

Камсыздалбаган насыялар 

Камсыздалган насыялар 

Камсыздалбаган насыялар 

Улуттук валютада 

Чет өлкө валютасында 

Улуттук валютада 

Чет өлкө валютасында 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

С2 - Насыялык ишке талдап-иликтөөлөр - берилген насыялардын суммасы боюнча бөлүштүрүлгөн, жаңы берилген насыялар 

Кредитордун аталышы 

Берилген насыялар - наркы 

Келишимдин түрү боюнча бөлүштүрүлгөн келишимдердин наркы 

  

сом 

ш.б. 

сом 

ш.б. 

сом 

ш.б. 

сом 

ш.б. 

сом 

ш.б. 

сом 

ш.б. 

сом 

ш.б. 

0-30,0 

0-500 

31,0-60,0 

501-1,000 

61,0-100,0 

1,001-2,000 

101,0-300,0 

2,001-5,000 

301,0-600,0 

5,001-10,000 

601,0-3000,0 

10,001-50,000 

3000,1-60000,0 

$50,001-$100,000 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Кредитордун аталышы 

Берилген насыялар - саны 

Валюталар боюнча бөлүштүрүлгөн келишимдердин саны 

сом 

ш.б. 

сом 

ш.б. 

сом 

ш.б. 

сом 

ш.б. 

сом 

ш.б. 

сом 

ш.б. 

сом 

ш.б. 

0-30,0 

0-500 

31,0-60,0 

501-1,000 

61,0-100,0 

1,001-2,000 

101,0-300,0 

2,001-5,000 

301,0-600,0 

5,001-10,000 

601,0-3000,0 

10,001-50,000 

3000,1-60000,0 

$50,001-$100,000 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

С3 - Насыялык ишке талдап-иликтөөлөр - насыялык келишимдин колдонуудагы мөөнөтү боюнча бөлүштүрүлгөн, жаңы берилген насыялар (насыяны төлөө

Кредитордун аталышы 

Берилген насыялар - саны(1) 

Келишим боюнча бөлүштүрүлгөн келишимдердин саны 

Жеке адамдар 

0-3 ай 

3-6 ай 

6-12 ай 

1-2 жыл 

2-5 жыл 

5-10 жыл 

10-20 жыл 

20 жылдан жогору 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

D1 - Насыянын аткарылышына талдап-иликтөөлөр - келишимдердин саны боюнча бөлүштүрүлгөн, мөөнөтүндө төлөнбөгөн насыялар 

Насыялык продукттар боюнча 

Келишимдердин саны 

Акыркы төлөнгөн (негизги сумманы, пайыздарды, айыптарды жана туумдарды) учурдан тартып мөөнөтүндө төлөнбөгөн насыялар тууралуу маалымат 

Бардыгы болуп 

күндөлүк 

1-29 күн 

30-59 күн 

60-89 күн 

690-179 күн 

190 жана андан ашык күн 

Эсептен алынып салынган насыялар 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Аймактар боюнча 

Келишимдердин саны 

Акыркы төлөнгөн (негизги сумманы, пайыздарды, айыптарды жана туумдарды) учурдан тартып мөөнөтүндө төлөнбөгөн насыялар тууралуу маалымат 

Бардыгы болуп 

күндөлүк 

1-29 күн 

30-59 күн 

60-89 күн 

690-179 күн 

190 жана андан ашык 

Эсептен алынып салынган насыялар 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Кредитордун аталышы 

Келишимдердин саны 

Акыркы төлөнгөн (негизги сумманы, пайыздарды, айыптарды жана туумдарды) учурдан тартып мөөнөтүндө төлөнбөгөн насыялар тууралуу маалымат 

Бардыгы болуп 

күндөлүк 

1-29 күн 

30-59 күн 

60-89 күн 

690-179 күн 

190 жана андан ашык күн 

Эсептен алынып салынган насыялар 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

D2 - Насыянын аткарылышына талдап-иликтөөлөр - насыя суммасынын калдыгы боюнча салмактанып алынган, мөөнөтүндө төлөнбөгөн насыя 

Кредитордун аталышы 

Келишимдердин саны 

Акыркы төлөнгөн (насыялардын калдыгы боюнча салмактанып алынган) учурдан тартып мөөнөтүндө төлөнбөгөн насыялар тууралуу маалымат 

Эсептен алынып салынган наcыялар 

Бардыгы болупii 

күндөлүк 

1-29 күн 

30-59 күн 

60-89 күн 

90-179 күн 

180 жана андан ашык кн 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

D3 - Насыя портфелинин санына талдап-иликтөөлөр - насыя тобокелдигинин көрсөткүчтөрү 

Кредитордун аталышы 

Келишимдердин саны 

Параллель насыялар 

Насыялардын статустары боюнча саны 

Бардыгы болуп 

2 келишим түзүлгөн кардарлар 

3 келишим түзүлгөн кардарлар 

3 жана андан ашык келишим түзүлгөн кардарлар 

Мөөнөтүндө төлөнбөгөн насыялар  

Реструктуризацияланган насыялар 

Соттук иш-чаралар жүргүзүлүп жаткан насыялар 

Төлөнгөн насыялар 

Эсептен алынып салынган насыялар 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

D4 - Насыя портфелинин суммасына талдап-иликтөөлөр - насыя тобокелдигинин көрсөткүчтөрү 

Кредитордун аталышы 

Жалпы карыз 

Насыялардын статустары боюнча жалпы карызы 

Бардыгы болуп 

Мөөнөтүндө төлөнбөгөн насыялар 

Реструктуризацияланган насыялар 

Соттук иш-чаралар жүргүзүлүп жаткан насыялар 

Төлөнгөн насыялар 

Эсептен алынып салынган насыялар 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

(ii) Юридикалык жактар, жеке адамдар жана жеке ишкерлер боюнча өзүнчө бөлүштүрүү зарыл.