Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 9-сентябрындагы  

№ 2019-П-33/47-3-(НФКУ) токтомуна карата 

тиркеме 

Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу  

ЭРЕЖЕЛЕРИ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-майындагы № 2020-П-33/31-4-(НФКУ), 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/73-13-(НФКУ), 2021-жылдын 12-апрелиндеги № 2021-П-33/17-2-(НФКУ), 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 2021-П-33/53-8-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелеринде (мындан ары - Эрежелер) кепилдик фонддордун ишине карата төмөнкү талаптар аныкталган: 

- жалпы талаптар; 

- экономикалык ченемдер, талаптар жана чектөөлөр; 

- кепилдиктерди берүү жана кепилдиктер боюнча милдеттенмелерди аткаруу; 

- кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча; 

- эсепке алуу жана контролдоо боюнча; 

- ички контролдоо системасын уюштуруу жана анын иштеши боюнча; 

- тышкы аудит жүргүзүүгө карата талаптар; 

- таасир этүү чараларын колдонуу боюнча. 

2. Кепилдик фонддор өз ишин ишкер субъектилер тарабынан бизнести өнүктүрүүгө, өндүрүштү кеңейтүүгө, негизги каражаттарды сатып алууга жана модернизациялоого, жаңы технологияларды, инновациялык ишти жайылтууга жана жаңы ишканаларды ачууга багытталган каржылоо келишими боюнча ишкердик иштин субъектилеринин камсыздалбаган милдеттенмелеринин бөлүгүнө кепилдиктерди берүү жолу менен каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында жүзөгө ашырышат. Мында каржылоо дегенден улам, кредиттерди жана аларды алмаштырууларды, ошондой эле ислам каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу бүтүмдөрдү/келишимдерди түшүнүүгө болот. 

3. Бул эрежелерде колдонулган терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык түшүнүлөт. 

2-глава. Кепилдик фонддордун ишине карата жалпы талаптар 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) кепилдик фонддор милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү белгилөөгө, кепилдик фонддордун ишин текшерүүгө, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө" Мыйзамында, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

5. Кепилдик фонд тарабынан кепилдиктин берилиши, кепилдик фонд, финансы-кредит уюму жана ишкер субъектилеринин ортосунда Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө" Мыйзамында, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында жана кепилдиктерди берүү регламентинде аныкталган шарттарда келишим түзүү аркылуу жүзөгө ашырылат. 

6. Кепилдиктер каржылоо келишими боюнча ишкер субъектилеринин милдеттенмелеринин камсыздалбаган бөлүгүнө берилет. 

7. Кепилдик фонд кардардын каржылоо боюнча пайыздарды, кошумчаланган айыптык төлөмдү, айыптык төлөмдү, туумду, комиссиялык төлөмдү төлөө боюнча милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылбайт. 

8. Кызмат көрсөтүүлөр үчүн сый акы өлчөмү кепилдик фонду, финансы-кредит уюму жана ишкер субъектисинин ортосундагы кепилдик келишими менен белгиленет. 

9. Ишкер субъектилердин кепилдик фонддун кепилдиги менен камсыздалуучу милдеттенмелерин тандоо жана бул субъектилерге карата талаптар кепилдик фонддун ички ченемдик документтери менен жөнгө салынат. 

10. Кепилдик фонддордун чет өлкө валютасында активдери болгон шартта гана кепилдиктер чет өлкө валютасында берилиши мүмкүн болгон, экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишкер субъектилерине берилгендерди эске албаганда, кепилдик фонддордун гарантиялары улуттук валютада гана берилет. 

3-глава. Кепилдик фонддор милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер, талаптар жана чектөөлөр 

11. Кепилдик фонддор Улуттук банк тарабынан кепилдик фонддор үчүн белгиленген экономикалык ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү, анын ичинде төмөнкүлөрдү сактоого тийиш: 

- бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү

- уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү

- өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнүн ченеми; 

- ликвиддүүлүк ченеми; 

- кепилдик фонддордун коммерциялык банктардагы депозиттеринин өлчөмүнүн лимити; 

- кредит боюнча кепилдиктин максималдуу өлчөмү

- мультипликатор коэффициенти; 

- концентрациялануу тобокелдиги боюнча чектөөлөр; 

- дивиденддерди төлөөгө чектөөлөр; 

- кайра каржылоого кепилдиктер боюнча лимит. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 2021-П-33/53-8-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

12. Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К1). 

Бир карыз алуучуга же байланыштуу адамдар тобуна тобокелдиктин максималдуу ченеминин К1 маанисин 10% ашпаган деңгээлде кармап туруу зарыл. 

Бир карыз алуучуга же байланыштуу адамдар тобуна тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченеми төмөнкү формула боюнча эсептелет: 

  

К1 = СГ / СК * 100%, мында: 

  

СГ - бир кардарга же байланыштуу адамдар тобуна кепилдиктердин максималдуу өлчөмүнүн баа берүү күнүнө карата жалпы суммасы; 

СК - кепилдик фонддун баа берүү күнүнө карата өздүк капиталы. 

Бир карыз алуучуга же байланыштуу адамдар тобуна тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөдө ар башка карыз алуучулардын кепилдиктери боюнча калдыктардын суммасы кошулууга жана эгерде бир карыз алуучунун финансылык оор абалы башка жактарга да кепилдик менен камсыздалган кредит боюнча төлөө көйгөйүн алып келиши мүмкүн болсо, ал гарантиялардын чогуу алгандагы бирдиктүү байланышкан суммасы катары каралууга тийиш. 

Ушул Эрежелердин максатында "байланыштуу адамдар тобу" дегенден улам, биринин финансылык оор абалы башка карыз алуучуларга да кепилдик менен камсыздалган кредиттер боюнча төлөө көйгөйүн алып келиши мүмкүн болгон ар башка карыз алуучуларды түшүнүүгө болот.  

Байланыштуу адамдар тобунун карызы кошулууга тийиш, эгерде: 

- бир карыз алуучу башкасын контролдосо; 

- кредит юридикалык жакка да жана ал юридикалык жактын катышуучусуна/уюштуруучусуна да берилген болсо; 

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары контролдоочу жак же олуттуу катышуучу болуп саналган учурларды эске албаганда, алар эң кеминде бир контролдоочу жакка же олуттуу катышуучуга ээ болсо; 

- бир нече карыз алуучунун ортосунда финансылык өз ара олуттуу көз карандылык болсо. Өз ара кызматташуу тууралуу келишимди кошо алганда, олуттуу финансылык көз карандылык эрежедегидей эле, бир карыз алуучунун жылдык дүң кирешесинин/чыгашасынын же башка келип түшүүлөрүнүн же төлөмдөрүнүн 50 же андан ашык пайызы башка карыз алуучу менен келишилген бүтүмдөрдөн улам келип чыккан учурда орун алат; 

- карыз алуучулар кредиттик каражаттарды жалпы ишканада же жалпы ишке катышуу үчүн колдонушкан же экөө тең бир же ошол эле төлөө булагын (күрөө) колдонушкан жагдайды кошо алганда, кредит төлөө үчүн бир же ошол эле төлөө булагы колдонулат; 

- карыз алуучулардын бири башкасынын милдеттенмесине кепилдик берсе (кросс кепилдик) же бир жана ошол эле үчүнчү жак эки карыз алуучунун кепилдиги болуп саналса; 

- бир же бир нече карыз алуучу тарабынан алынган каражаттар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын кошпогондо, үчүнчү жактын түздөн-түз пайдасы үчүн же бул алынган каражаттарга сатылып алынган каражаттар же активдер бизнестин кадимки жүрүшүндө андан товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алган учурларды эске албаганда, үчүнчү жакка берилген учурда колдонулат; 

- алар күрөө коюучу катары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы саналган учурларды эске албаганда, бир күрөө коюучуга ээ. 

13. Уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү (К2). 

Кепилдик фонддордун уставдык капиталы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында түзүлөт. 

Кепилдик фонддордун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жана аны түзүү шарттары ____-жылдын "__" __________ № ____ "Кыргыз Республикасында кепилдик фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө" жободо аныкталган. 

Кепилдик фонддор уставдык капиталдын өлчөмүн уставдык капиталга карата белгиленген талаптардан төмөн эмес мааниде кармап турууга тийиш. 

14. Өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнүн ченеми (К2.1). 

Өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнүн ченеми кепилдик фонд тарабынан уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнүн 100% кем эмес деңгээлде сакталууга тийиш. 

Өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнүн ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

  

К2.1 = (СК / УК) * 100%, мында: 

  

СК - кепилдик фонддун баа берүү күнүнө карата өздүк капиталы; 

УК - уставдык капиталдын кепилдик фонд үчүн Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу өлчөмү

Кепилдик фонддор өздүк капиталын (баа берүү күнүнө карата) төмөнкү көрсөткүчтөрдүн негизинде эсептөөгө тийиш: 

- толугу менен төлөнгөн уставдык капиталдын; 

- номиналдан үстөк салынган капиталдын; 

- жеке адамдар жана юридикалык жактар салган кошумча капиталдын; 

- келечектеги керектөөлөр үчүн камдардын; 

- өткөн жылдардын бөлүштүрүлбөгөн пайдасынын (чыгымдарынын); 

- учурдагы жылдын чыгымын минуска чыгаруу менен. 

15. Ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү) (К3): 

- жалпы ликвиддүүлүк (К2.1) ченеминин (көрсөткүчүнүн) маанисин 45% кем эмес деңгээлде кармап туруу зарыл; 

- кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк (К2.2) ченеминин (көрсөткүчүнүн) маанисин 35% кем эмес деңгээлде кармап туруу зарыл; 

1) Жалпы ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү) төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

  

К3.1 = (ЛА / ОБ) * 100%, мында: 

  

ЛА - ликвиддүү активдер, буга кассалардагы жана банктардын эсептешүүүндөлүк) эсептериндеги акча каражаттары, банктарда жайгаштырылган депозиттер, ошондой эле мамлекеттик казына векселдери жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банк тарабынан чыгарылган жана башка жогорку ликвиддүү баалуу кагаздар (мындан ары - жогорку ликвиддүү баалуу кагаздар) кирет. Бул баалуу кагаздар ликвиддүүлүк ченемин (көрсөткүчүн) эсептөөдө сый акыны (дисконтту) жана ишке өздөштүрүлбөгөн пайданы (чыгымдарды) минуска чыгаруу менен эске алынат; 

ОБ - кепилдик фонддун милдеттенмелери, буга кепилдик фонддун кепилдиктери боюнча баланстан тышкаркы милдеттенмелердин жалпы суммасы, төлөө мөөнөтү 30 күнгө чейинки кайсы болбосун милдеттенмелер кирет; 

2) Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү) төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

  

К3.2 = (ВЛА / КОБ) * 100%, мында: 

  

ВЛА - жогорку ликвиддүү активдер, буга кассадагы жана банктагы эсептешүүүндөлүк) эсептериндеги акча каражаттары, ошондой жогорку ликвиддүү баалуу кагаздар кирет; 

КОБ - кыска мөөнөттүү милдеттенмелер, буларга кепилдик фонддун кепилдиктери боюнча баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммасы, төлөө мөөнөтү 30 күнгө чейинки кайсы болбосун милдеттенмелер кирет. 

Жетишээрлик ликвиддүүлүктү колдоо максатында активдер менен милдеттенмелердин оптималдуу катышы белгиленүүгө тийиш. Ошондой эле, активдерди жана милдеттенмелерди төлөө мөөнөттөрү боюнча жалпы стратегия каралышы керек. Ошону менен бирге эле кепилдик фонддун каражаттарын Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин эмитенттери тарабынан чыгарылган акцияларга, облигацияларга (жогорку ликвиддүү баалуу кагаздарды кошпогондо) инвестициялоого уруксат берилбейт. 

16. Кредит боюнча кепилдиктин максималдуу өлчөмү (К4). 

Кредит боюнча кепилдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеминин К4 маанисин карыз алуучунун же байланыштуу адамдар тобунун кредитинин 50% ашпаган деңгээлде кармап туруу зарыл. 

Кредит боюнча кепилдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми төмөнкү формула боюнча эсептелет: 

  

К4 = ОГ / ОС * 100%, мында: 

  

ОГ - баа берүү күнүнө карата бир карыз алуучуга же байланыштуу адамдар тобуна кепилдиктин максималдуу өлчөмүнүн чогуу алгандагы суммасы; 

ОС - баа берүү күнүнө карата бир карыз алуучунун же байланыштуу адамдар тобунун кредитинин негизги суммасы. 

17. Мультипликатор коэффициенти (К5). 

Мультипликатор коэффициентинин маанисин же кепилдик фонддун кепилдиктеринин көлөмүнүн жогорулоо ыктымалдуулугунун анын өздүк капиталынын өлчөмүнө карата катышын 2ден ашык эмес деңгээлде кармап туруу тийиш. 

Мультипликатор коэффициенти төмөнкү формула боюнча эсептелет: 

  

К5 = ГП / СК, мында: 

  

ГП - кепилдик фонддун кепилдиктери (кепилдик портфели) боюнча милдеттенмелеринин баа берүү күнүнө карата жалпы суммасы; 

СК - кепилдик фонддун баа берүү күнүнө карата өздүк капиталы. 

18. Кепилдик фонд каражаттарды коммерциялык банктардын аманаттарына (депозиттерине) жайгаштырууну өз алдынча жүзөгө ашырат. Кепилдик фонддун каражаттарын жайгаштыруу үчүн коммерциялык банктарды тандоонун негизги критерийлери кепилдик фонд тарабынан ички ченемдик документтерде аныкталууга тийиш жана жайгаштырылган активдерден жогорку деңгээлде киреше алуу мүмкүнчүлүгүн эл эмес, кредиттик тобокелдикке, концентрациялануу тобокелдигине жана башка коштоп жүрүүчү тобокелдиктерге талапка ылайык баа берүүнү жана контролдоону эске алуу зарыл. 

19. Кепилдик фонддун каражаттары Улуттук банктын колдонуудагы талаптарын эске алуу менен кепилдик фонддун Директорлор кеңешинин чечими менен бекитилген тиешелүү ички саясатта кепилдик фонд тарабынан белгиленген лимиттердин өлчөмүндө (депозиттин суммасы) банктагы депозитке которулат. 

20. Кепилдик фонддун каражаттарын коммерциялык банктардагы мөөнөттүү аманаттарда (депозиттерде) жайгаштыруунун белгилүү бир коммерциялык банкка карата белгиленген лимиттеринин мааниси кепилдик фонддун өздүк капиталынын 30% ашпоого тийиш. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттунк банк Башкармасынын 2021-жылдын 12-апрелиндеги № 2021-П-33/17-2-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

20-1. Мында, калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун алкагында, кепилдик фонддун каражаттарын коммерциялык банктардагы мөөнөттүү аманаттарга (депозиттерге) жайгаштыруу лимиттерин кепилдик фонддун өздүк капиталынан 40% чегинде белгилөөгө жол берилет. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттунк банк Башкармасынын 2021-жылдын 12-апрелиндеги № 2021-П-33/17-2-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

21. Кепилдик фонд концентрациялануу тобокелдигинин кайсы түрдө болбосун орун алуу деңгээлине ай сайын көз салып турууга, күндөлүк жагдайга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө жана тобокелдикти тескөө ишин пландаштырууга (аналитикалык отчеттор, таблицалар, графиктер жана диаграммалар) тийиш, булар кепилдик фонддун Директорлор кеңешине жана Башкармасына сунушталат. Кепилдик фонддун Директорлор кеңеши жана Башкармасы концентрациялануу тобокелдигин тескөө саясатын мезгил-мезгили менен карап туруусу зарыл. 

22. Концентрациялануу тобокелдиги боюнча төмөнкүчө чектөөлөр белгиленген: 

- ири карыз алуучулар боюнча концентрация (К6.1) - 100% ашык эмес; 

- тармактар боюнча концентрация (К6.2) - 50% ашык эмес. 

1) Ири карыз алуучулар боюнча концентрациялануу ченеми төмөнкү формула боюнча эсептелет: 

  

К6.1 = СКР / СК * 100%, мында: 

  

СКР - бардык ири тобокелдиктердин (карыз алуучулардын) баа берүү күнүнө карата жалпы суммасы; 

СК - кепилдик фонддун баа берүү күнүнө карата өздүк капиталы. 

Бир карыз алуучунун жана аны менен байланыштуу адамдардын карызы боюнча кепилдиктин кепилдик фонддун өздүк капиталынын 2% ашкан чогуу алгандагы суммасы ири тобокелдик катары каралат. Кепилдик фонддун бардык ири тобокелдиктеринин (карыз алуучуларынын) жалпы суммасы анын өздүк капиталынын өлчөмүнөн ашпоого тийиш. 

2) Тармактар боюнча концентрациялануу ченеми төмөнкү формула боюнча эсептелет: 

  

К6.2 = СКО / ГП * 100%, мында: 

  

СКО - кепилдик фонддун бир тармакка берилген кепилдиктери боюнча милдеттенмелеринин баа берүү күнүнө карата максималдуу суммасы; 

ГП - кепилдик фонддун кепилдиктери (кепилдик портфели) боюнча милдеттенмелеринин баа берүү күнүнө карата жалпы суммасы. 

Тармактар боюнча концентрациялануу (К6.2) ченеминин маанисин кепилдик фонддун кепилдиктери боюнча милдеттенмелеринин жалпы суммасынын 50% ашпаган деңгээлде кармап туруу зарыл. 

23. Кепилдик фонддун үчүнчү жактардын алдында милдеттенмелери бар болгон, ошондой эле кепилдик фонддун ишинин туруктуулугуна кесепетин тийгизе турган төмөнкү коркунучтардын бири орун алган учурда, Улуттук банк дивиденддерди төлөөнү чектей алат, эгерде: 

1) бул Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдердин бузулушуна алып келсе; 

2) Улуттук банк тарабынан белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана/же өздүк капиталдын минималдуу өлчөмү камсыз кылынбаса; 

3) өткөн жылдардын чыгымы бар болсо, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптары аткарылбаса. 

Эскертүү: Үчүнчү жактар алдындагы милдеттенмелер дегенден улам, кепилдик фонддун аны менен байланышпаган, акча каражаттары негизги ишке багытталган юридикалык жак жана жеке адам алдындагы милдеттенмелерин түшүнүүгө болот. 

23-1. Кепилдик фонддор кайра каржылоого берилген кепилдиктер боюнча лимитти сактоосу зарыл. Кайра каржылоого берилген кепилдиктердин суммасы кепилдик фонддун уставдык капиталынан 10% чегинде чектелүүгө тийиш. 

Мында, мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун алкагында, лимит кепилдик фонддун өздүк капиталынан 20% чегинде белгиленген. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 2021-П-33/53-8-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

4-глава. Кепилдиктерди берүү жана алар боюнча милдеттенмелерди аткаруу 

24. Кепилдик фонд ички ченемдик документтерде каралган мөөнөттө жана тартипте кепилдиктерди берүү же берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алат. Кепилдиктерди берүү же берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим кепилдик фонддун ыйгарым укуктуу коллегиалдык органы тарабынан кабыл алынат. 

25. Кепилдик менен камсыздалган милдеттенмелер кардар тарабынан аткарылбаган же талапка ылайыксыз аткарылган учурда кепилдик фонддун жоопкерчилиги кепилдик келишиминде көрсөтүлгөн өлчөмдө субсидиардык болуп саналат. 

26. Кепилдик фонддун кардардын милдеттенмелерин аткаруу милдети кардар каржылоону кайтарып берүү мөөнөтүн бузган учурдан тартып башталат. Мында финансы-кредит уюму кардар каржылоо келишими боюнча милдеттенмелерин аткарбаган күндөн тартып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттө кепилдик фондго кардар тарабынан келишим шарттарын бузууга жол бергендиги тууралуу кат жүзүндө маалымдайт. 

27. Кепилдик фонддун ушул Эрежелердин 27-пунктунда көрсөтүлгөн милдети кардардын милдеттенмелерди аткаруу үчүн зарыл документтерди тиркөө менен кардардын ссудалык эсеп боюнча күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү берилгенден кийин жана финансы-кредит уюму келишимдерде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте карызды өндүрүү боюнча бардык чараларды ишке ашыргандан кийин келип чыгат. 

28. Ушул Эрежелердин 28-пунктунда каралган шарттардын аткарылгандыгы тастыкталгандан кийин кепилдик фонд кепилдик келишиминин шарттарында өз каражат эсебинен карыздын ордун жабат. 

29. Кепилдик фонд каржылоо келишими боюнча кардардын карызын төлөгөндөн кийин финансы-кредит уюмунун каржылоо келишими боюнча бардык укугу аткарылган милдеттенмелердин көлөмүндө кепилдик фондго өтөт. Мында финансы-кредит уюму кепилдик фонд тарабынан кепилдик келишим боюнча милдеттенмелер аткарылган күндөн тартып 3 күндүк мөөнөттө, карыздар-кардардан талап кылуу укугун тастыктаган документтерди кепилдик фондуна берүүгө тийиш. 

30. Кепилдик фонд Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык кардардан кепилдик келишими боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн финансы-кредит уюмуна төлөнгөн сумманын ордун толтурууну регресс тартибинде талап кылууга укуктуу. 

31. Кепилдик фонд тарабынан карыздар-кардарга карата регресстик талаптарды канааттандырууга алынган каражаттар кепилдик фонддун тескөөсүндө калат жана кепилдик фондду өнүктүрүүгө багытталат. 

32. Кепилдиктерди берүү тартиби, кепилдиктердин түрү, сый акылардын өлчөмү кепилдик фонддун ички ченемдик документтеринде өз алдынча аныкталат. 

5-глава. Кепилдик фонддордун ишине көзөмөл 

33. Улуттук банктын көзөмөлдөө системасы бири-бирин толуктап жана колдоп турган көзөмөлдөө ишинин эки негизги түрүнөн турат, булар - тышкы көзөмөлдөө жана инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү

34. Кепилдик фонддор, аларды уюштуруучулар же акционерлер, кепилдик фонддордун кызмат адамдары жана башка кызматкерлери Улуттук банктын талабы боюнча отчетторду, документтерди жана кайсы болбосун башка маалыматты өз убагында сунуштап турууга милдеттүү

35. Улуттук банк кепилдик фонддордун ишине текшерүүлөрдү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптардын жана шарттардын негизинде жүзөгө ашырат. 

36. Улуттук банк кепилдик фонддордун ишине көзөмөлдү алардын ишинин Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына шайкеш келишин камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырат. 

37. Улуттук банк кепилдик фонддордун ишине алдын ала билдирүүсүз, текшерүү үчүн негиз болуп саналган документти көрсөтүү менен текшерүү жүргүзүүгө укуктуу. 

38. Кепилдик фонддордун ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/6 токтому менен бекитилген "Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" нускоодо белгиленген. 

6-глава. Эсепке алуу жана контролдоо 

39. Кепилдик фонд өз операцияларынын бухгалтердик эсебин жүргүзүүгө жана финансылык отчетту Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсепке алуу жөнүндө мыйзам талаптарына, финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына, кепилдик фонддун эсепке алуу саясатына жана ушул Эрежелерге, ошондой эле Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-мартындагы № 6/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө талаптар жөнүндө" жобого ылайык түзүүгө милдеттүү

40. Кепилдик фонддун Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген Эсепке алуу саясатында бухгалтердик эсепке алуунун жалпы принциптери, бухгалтердик эсепке алууну уюштуруу ыкмалары жана эрежелери, финансылык отчетту түзүү тартиби камтылууга жана Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 23-октябрындагы № 26/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдардын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндөгү" жобосуна ылайык келүүгө тийиш. 

41. Финансылык отчетту аудитордук корутунду менен бирге жарыялоо жана кошумча жарыялоо аудитордук текшерүү аяктап, финансылык отчет бекитилгенден кийин, жаңы финансылык жыл башталгандан тартып 90 күндөн кечиктирбестен жана "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө талаптар жөнүндө" жободо көрсөтүлгөн башка талаптардын негизинде жүзөгө ашырылат. 

42. Кепилдик фонддо эсепке алуу төмөнкүчө уюштурулууга тийиш: 

1) анын негизинде төмөнкүлөр туура түзүлүүсү зарыл: 

а) кепилдик фонддун финансылык абалын жана иш натыйжаларын чагылдырган, эл аралык стандарттарга ылайык келген финансылык отчет; 

б) Улуттук банктын талаптарына жооп берген регулятивдик отчет; 

в) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, отчеттун башка түрлөрү

2) кепилдик фонддун активдерин жана орун алган тобокелдиктерди коопсуз жана ишенимдүү тескөөгө жетишүү

3) акционерлер жана Директорлор кеңеши кепилдик фонддун финансылык абалын жана кызмат адамдарынын ишин контролдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу. 

Кепилдик фонддун Башкармасынын төрагасы Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык финансылык отчеттун, эсепке алуу документтеринин жана башка маалыматтардын тактыгына, толуктугуна жана сакталышына жооп берет. Кепилдик фонддун башкы бухгалтери финансылык отчетто бухгалтердик операциялардын жана окуялардын туура чагылдырылышына, бухгалтердик эсепке алуу регистрларынын жана финансылык отчеттун талаптагыдай сакталышына жооп берет. 

43. Кепилдик фонддун ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө максатында кепилдик фонд ушул Эрежелерге карата 1 жана 2-тиркемелерди көрсөтүлгөн формалар боюнча, ошондой эле Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 токтому менен бекитилген "Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө" жобого ылайык ай сайын 20сына чейин кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө Улуттук банкка отчет берип турууга тийиш. 

44. Кепилдик фонд бухгалтердик эсепке алууда жана отчет түзүүдө колдонулган документтердин сакталышын камсыз кылууга милдеттүү. Сакталууга тийиш болгон негизги документтердин тизмеги жана сактоо мөөнөтү Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 27-августундагы № 22/9 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредит уюмдарынын ишинде сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен түзүлгөн негизги документтер тизмегине ылайык белгиленет. 

45. Кепилдик ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу келип чыккан чыгымдын ордун өз убагында жабуу үчүн кепилдик фонд тиешелүү кам түзүүгө жана финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына ылайык активдердин реалдуу наркын финансылык отчетто чагылдырууга милдеттүү

46. Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобого ылайык жүргүзүлөт. 

7-глава. Ички контролдоо системасы, ички аудит, тобокелдиктерди тескөө 

47. Ички контролдоо - кепилдик фонддун төмөнкү максаттарга жетүүсү үчүн багытталган үзгүлтүксүз процесс: 

1) иштин натыйжалуулугу жана иштиктүүлүгү, активдерди жана пассивдерди тескөө натыйжалуулугу, активдердин сакталышын камсыз кылуу, тобокелдиктерди натыйжалуу тескөө

2) ички жана тышкы колдонуучулар үчүн финансылык, регулятивдик жана башка отчеттун тактыгын, толуктугун, объективдүүлүгүн жана өз убагында түзүлүшүн камсыз кылуу; 

3) жарандык мыйзамдарды жана кепилдик фонддун ички ченемдик документтерин сактоо. 

48. Кепилдик фонддун ички контролдоо системасында төмөнкү компоненттер камтылууга тийиш: 

1) кепилдик фонддун башкаруу органдарынын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана кызмат адамдарынын компетенциясы, ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү жана жоопкерчилиги каралган тиешелүү уюштуруу түзүмү

2) өз убагында тиешелүү чечим кабыл алууга, маалымат коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берген тиешелүү ички маалымат системасы жана башкаруу органдарына маалымдоо системасы; 

3) тобокелдиктерге, тобокелдиктерди тескөө жана аларга баа берүү системасына туруктуу байкоо жүргүзүү

4) ички контролдоонун тиешелүү жол-жоболору; 

5) кемчиликтерди аныктоо жана ишин өркүндөтүү максатында ички контролдоо системасынын мезгил-мезгили менен өз алдынча баа берүүсү

49. Кепилдик фондунда тобокелдиктерди тескөөнүн шайкеш системасынын түзүлүшүнө карата минималдуу талаптар жана тобокелдиктерди натыйжалуу аныктоону, баа берүүнү жана чектөөнү камсыз кылган кепилдик фонддун контролдоо ыкмаларын колдонууну караган ички контролдоо системасын уюштурууга карата талаптар Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-8-(НПА) токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобого жана Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-3-(НПА) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банктарда жана банк эмес финансы-кредит уюмдарында ички контролдук жана ички аудит системаларын жөнгө салуу эрежелерине ылайык аныкталат. 

50. Кепилдик фонд тарабынан анын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген, тобокелдиктерди тескөө саясаты иштелип чыгууга тийиш. 

51. Кепилдик фонддун Башкармасы менен Директорлор кеңеши менен биргеликте жылына кеминде бир жолу саясаттын шайкештигине байкоо жүргүзүп турат жана зарыл учурларда өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет. 

52. Кепилдик фонд тобокелдик-менеджменти кызматын/тобокелдик менеджери кызмат ордун түзүүгө тийиш. Тобокелдик-менеджменти кызматы/тобокелдик менеджери күн сайын тобокелдиктерди аныктап, өлчөп, мониторинг жүргүзүп жана контролдоп турат. Тобокелдиктерди түздөн-түз тескөө жоопкерчилиги тобокелдиктердин тиги же бул түрүн тескөөгө алган аткаруу органына жана/же түзүмдүк бөлүмдөргө/кызмат адамдарына жүктөлөт. 

53. Кепилдик фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалыматтардын аныктыгын текшерүү, өзүнүн ички контролдоо системасынын шайкештигин жана натыйжалуулугун текшерүү жана баа берүү үчүн ички аудит жүргүзүүгө тийиш. 

8-глава. Тышкы аудит 

54. Кепилдик фонддун ишине Кыргыз Республикасында таанылган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык жыл сайын тышкы аудитордук текшерүү жүргүзүлүп турууга тийиш. 

55. Аудитордук уюм кепилдик фонддун Директорлор кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактоо менен жүзөгө ашырылат. 

56. Финансылык жыл аяктаганда кепилдик фонд жаңы финансылык жыл башталган күндөн тартып 90 (токсон) күндөн кеч эмес мөөнөт ичинде кепилдик фондго тышкы аудиттин жүргүзүлүшүн камсыз кылууга тийиш. 

57. Жыл сайын, көз карандысыз тышкы аудит жүргүзүлгөндөн кийин кепилдик фонд жетекчиликке катты кошо алганда, тышкы аудитордун толук отчетунун бир нускасын (көчүрмөсүн) өзгөртүүсүз, тышкы аудитор отчетту берген учурдан тартып 30 (отуз) күн ичинде Улуттук банкка берүүгө милдеттүү

58. Кепилдик фонд жылдык финансылык отчетун аудитордук корутунду менен бирге жалпыга маалымдоо каражаттарына отчеттук жылдан кийинки финансылык жыл башталгандан тартып 120 (жүз жыйырма) күндөн кечиктирбестен жарыялоого милдеттүү

59. Кепилдик фонддун тышкы аудитору төмөнкүлөргө милдеттүү

- Кыргыз Республикасынын аймагында аудитордук ишти жүзөгө ашыруу укугуна тиешелүү лицензияга/аудитордун сертификатына ээ болууга; 

- көз карандысыз жана объективдүү болууга, ошондой эле таламдар кагылышы орун алган деп эсептөөгө негиз бере турган жагдайларга жол бербөөгө

Эгерде тышкы аудитти жеке аудитор жүргүзсө, анда жогоруда көрсөтүлгөн талаптарга кошумча, аудиттин эл аралык стандарттарына жана финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына ылайык финансы-кредит уюмдарына аудит жүргүзүүнүн үч жылдык тажрыйбасына ээ болууга тийиш. 

Кепилдик фондго аудит жүргүзүү үчүн тандалып алынган аудитордук уюмдун штаттагы же убактылуу тартылган аудиторлору төмөнкү талаптарга туура келүүгө тийиш: 

- Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга шайкеш келүү

- аудиттин эл аралык стандарттарына жана финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына ылайык финансы-кредит уюмдарына аудит жүргүзүүнүн үч жылдык тажрыйбасына ээ болуу. 

9-глава. Таасир этүү чаралары 

60. Улуттук банк кепилдик фондго жана анын кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

61. Кепилдик фонддордун туруктуулугун колдоо үчүн көйгөйлөргө ыкчам чара көрүү, тууралоо жана четтетүү Улуттук банктын таасир этүү чараларын колдонуусунун максаты болуп саналат. 

62. Улуттук банк кепилдик фондго жана алардын кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларынын максатка ылайыктуулугун, түрүн жана аларды колдонуу тартибин өз алдынча аныктайт. 

63. Кепилдик фонд, анын кредиторлору, акционерлери же банк тутуму үчүн жоготуу же чыгым тартуу жагында жогорку ыктымалдуулукту жана/же объективдүү коркунучту жараткан кепилдик фонддун иши, кызмат адамдарынын иш-аракеттери (аракеттенбей коюулары) кепилдик фонддордун ишин алгылыксыз жана кооптуу деп эсептелет. 

64. Улуттук банктын кепилдик фонддорго карата таасир этүү чараларын колдонуу негизи, учуру жана тартиби, ошондой эле алардын ишин алгылыксыз жана кооптуу иш катары таануу белгилерин аныктоо жана мындай ишке кепилдик фондунун жана анын кызмат адамдарынын катышын аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилүүчү "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" жобого ылайык жүзөгө ашырылат. 

Кепилдик фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, кайра өзгөртүлүп түзүлүшү же жоюлушу мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/73-13-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

65. Улуттук банк кепилдик фондго карата колдонулган таасир этүү чаралары тууралуу, ошондой эле жарыялоолор кепилдик фонддун кредиторлорунун кызыкчылыгына, Кыргыз Республикасынын финансы системасынын туруктуулугуна, коопсуздугуна жана бүтүндүгүнө зыян келтириши мүмкүн болгон учурларды кошпогондо, кайсы болбосун өзгөрүүлөр же мындай чараларды колдонуунун токтотулушу тууралуу маалыматты жарыялап турат. Мындай маалыматты жарыялоо банктык сырды ачуу болуп саналбайт. 

66. Улуттук банктын чечимдерине сотко чейин даттануу милдеттүү болуп саналат. Сотто даттанылууга тийиш болгон Улуттук банк Башкармасынын чечимдерин тышкары, Улуттук банктын кайсы болбосун чечимине сотко чейин даттанууга жол берилет. 

67. Улуттук банктын чечимдерине сотко чейин даттануу тартиби Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленет. 

  

  

  

Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерине карата  

1-тиркеме 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-майындагы № 2020-П-33/31-4-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

A1. Кепилдик фонддун иши (кыскача отчет) 

Отчет түзүлгөн күн: 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Бишкек ш. 

Ош ш. 

Баткен областы 

Жалал-Абад областы 

Нарын областы 

Ош областы 

Талас областы 

Чүй областы 

Ысык-Көл областы 

Жыйынтыгында 

  

Бекитилген кепилдиктердин саны 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Бекитилген кепилдиктердин суммасы 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Бекитилген кепилдиктердин саны (отчеттук мезгил ичинде) 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Бекитилген кепилдиктердин суммасы (отчеттук мезгил ичинде) 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Колдонуудагы кепилдиктердин саны 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Колдонуудагы кепилдиктердин суммасы 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Кепилдиктерди камсыздоо алдында берилген кредиттердин саны 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Кепилдиктерди камсыздоо алдында берилген кредиттердин суммасы 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Аткарылган кепилдиктердин саны 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Аткарылган кепилдиктердин суммасы 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Бардыгы болуп 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Өнөр жай 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Айыл чарба 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Курулуш 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Соода 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Транспорт 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Туризм 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Кызмат көрсөтүүлөр 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Жана башкалар 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Бардыгы болуп 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  

А1.1. Уюштуруучу/катышуучу катары аялдар саналган ишкердик субъекттерине же жеке ишкер катары каттоодон өткөн аялдарга берилген кепилдиктер боюнча кепилдик фондунун иши (кыскача отчет) 

Отчет түзүлгөн күн: 

  

Бишкек ш. 

Ош ш. 

Баткен областы 

Жалал-Абад областы 

Нарын областы 

Ош областы 

Талас областы 

Чүй областы 

Ысык-Көл областы 

Жыйынтыгында 

Бекитилген кепилдиктердин саны  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Бекитилген кепилдиктердин суммасы  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Бекитилген кепилдиктердин саны (отчеттук мезгил ичинде)  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Бекитилген кепилдиктердин суммасы (отчеттук мезгил ичинде)  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Колдонуудагы кепилдиктердин саны  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Колдонуудагы кепилдиктердин суммасы  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Кепилдиктерди камсыздоо алдында берилген кредиттердин саны  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Кепилдиктерди камсыздоо алдында берилген кредиттердин суммасы  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Аткарылган кепилдиктердин саны  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Аткарылган кепилдиктердин суммасы  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Бардыгы болуп  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Өнөр жай  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Айыл чарба  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Курулуш  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Соода  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Транспорт  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Туризм  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Кызмат көрсөтүүлөр  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Жана башкалар  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

B1 - Кепилдик фонддордун өнөктөш финансы-кредит уюмдары боюнча ____-жылдын _________ карата абал боюнча иши тууралуу маалымат 

№ 

ФКУ аталышы 

Бекитилген кепилдиктер 

Өнөктөш ФКУ тарабынан бекитилген кредиттер 

Саны (бирдик) 

Суммасы  

(миң сом) 

Үлүшү (%) 

Суммасы 

(миң сом) 

Үлүшү (%) 

ФКУ 1 

  

  

  

  

  

ФКУ 2 

  

  

  

  

  

ФКУ 3 

  

  

  

  

  

ФКУ4 

  

  

  

  

  

ФКУ5 

  

  

  

  

  

B2 - Кепилдик фонддордун тармактар боюнча иши жөнүндө маалымат 

№ 

Тармактын аталышы 

Бекитилген кепилдиктер 

Өнөктөш ФКУ тарабынан бекитилген кредиттер 

Саны (бирдик) 

Суммасы (миң сом) 

Үлүшү (%) 

Суммасы (миң сом) 

Үлүшү (%) 

Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү 

  

  

  

  

  

Өнөр жайы 

  

  

  

  

  

Айыл чарба 

  

  

  

  

  

Курулуш 

  

  

  

  

  

Соода 

  

  

  

  

  

Транспорт 

  

  

  

  

  

Туризм 

  

  

  

  

  

Кызмат көрсөтүүлөр 

  

  

  

  

  

Жана башкалар 

  

  

  

  

  

10 

Бардыгы болуп 

  

  

  

  

  

B3 - Кепилдик фонддордун өнөктөш финансы-кредит уюмдары боюнча иши жөнүндө маалымат 

  

ФКУ аталышы 

Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү 

Өнөр жай 

Айыл чарба 

Курулуш 

Соода 

Транспорт 

Туризм 

Кызмат көрсөтүүлөр 

Жана башкалар 

Бардыгы болуп 

ФКУ 1 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

ФКУ 2 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

ФКУ 3 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

ФКУ 4 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

ФКУ 5 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

B4 - Кепилдик фонддордун өнөктөш финансы-кредит уюмдары/региондор боюнча иши жөнүндө маалымат 

  

ФКУ аталышы/ 

Бишкек ш. 

Ош ш. 

Баткен обл. 

Жалал-Абад обл. 

Нарын обл. 

Ош обл. 

Талас обл. 

Чүй обл 

Ысык-Көл обл. 

Бардыгы болуп 

ФКУ 1 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

ФКУ 2 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

ФКУ 3 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

ФКУ 4 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

ФКУ 5 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

B4 - Кепилдик фонддордун тармактар/региондор боюнча иши жөнүндө маалымат 

  

ФКУ аталышы/ 

Бишкек ш. 

Ош ш. 

Баткен обл. 

Жалал-Абад обл. 

Нарын обл. 

Ош обл. 

Талас обл. 

Чүй обл. 

Ысык-Көл обл. 

Бардыгы болуп 

Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Өнөр жай 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Айыл чарба 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Курулуш 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Соода 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Транспорт 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Туризм 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Кызмат көрсөтүүлөр 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Жана башкалар 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

10 

Бардыгы болуп 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

C1 - Кепилдик ишти талдап-иликтөө - берилген кепилдиктерди классификациялоо 

ФКУ аталышы 

Категориянын аталышы (нормалдуу, канааттандырарлык, байкоо алдында, субстандарттык, шектүү, жоготуулар) 

Кардардын аты-жөнү

аталышы 

Кредит калдыгы 

Реструктуризациялоо 

ФКУ классификациясы 

Мөөнөтүнөн кечиктирүү  

(1- 29, 30-59, 60- 89, 90-179, 180 жана андан ашык күнгө

РППУ өлчөмү 

РППУ суммасы 

Кепилдик калдыгы 

Кепилдик фонддун классификациясы 

РППУ өлчөмү 

РППУ суммасы 

Кепилдик суммасы/ 

Кредит  суммасы 

РППУ суммасы/ 

кепилдик суммасы, % 

Кепилдиктин жалпы суммасында категориянын үлүшү 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

C2 - Аткарылбаган кредиттер боюнча кепилдиктердин аткарылышы тууралуу маалымат 

Кредитордун аталышы 

Карыз алуучунун  

аты-жөнү/аталышы 

Аткарылбаган милдеттенменин суммасы 

Экономика тармагы 

Статус  

(мисалы: соттук териштирүүлөр) 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

D1 - Коммерциялык банктарда жайгаштырылган депозиттер боюнча маалымат (отчеттук күнгө

Банктын аталышы 

Келишим күчүнө кирген күн  

Келишим токтотулган күн 

Депозит суммасы 

Пайыздык чен 

Банк 1 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Жыйынтыгында 

  

  

  

  

Банк 2 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Жыйынтыгында 

  

  

  

  

Бардыгы болуп депозиттер 

  

  

  

  

  

  

  

Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерине карата  

2-тиркеме 

Экономикалык ченемдердин көрсөткүчтөрү 

Экономикалык ченемдердин жана талаптардын аталышы 

Белгилениши 

Ченемдик эсептөө 

Ченемдин айкын мааниси  

Ченемдин белгиленген мааниси 

белгиленген ченемден четтөө 

Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү 

К1 

СГ/СК 

  

10% көп эмес 

  

Өздүк капиталдын минималдуу өлчөмү 

К2.1 

СК/УК 

  

100% төмөн эмес 

  

Жалпы ликвиддүүлүк ченеми 

К3.1 

ЛА/ОБ 

  

45% кем эмес 

  

Кыска ликвиддүүлүк ченеми 

К3.2 

ВЛА/КОБ 

  

35% кем эмес 

  

Кредит боюнча кепилдиктин максималдуу өлчөмү 

К4 

ОГ/СК 

  

50% көп эмес 

  

Мультипликатор коэффициенти 

К5 

ГП/СК 

  

2ден көп эмес 

  

Коммерциялык банктарда депозиттердин өлчөмүнүн лимити 

  

Конкреттүү банктагы депозиттер/ 

депозиттердин жалпы суммасы 

  

30% көп эмес 

  

Ири карыз алуучулар боюнча концентрациялануу 

К6.1 

СКР/СК 

  

100% көп эмес 

  

Тармактар боюнча концентрациялануу 

К6.2 

СКО/ГП 

  

50% көп эмес