Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2003-жылдын 

25-мартында 29-03 номеринде каттоодон өткөн 

  

Кыргыз Респуьликасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2003-жылдын 19-февралындагы 

№ 4/2 токтому менен 

бекитилген 

Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун 

ЭРЕЖЕЛЕРИ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 27-декабрындагы № 36/1, 2010-жылдын 26-майындагы № 36\3, 2010-жылдын 29-сентябрындагы № 75/14, 2011-жылдын 14-сентябрындагы № 52/4, 2011-жылдын 31-октябрындагы № 62/4, 2012-жылдын 11-июлундагы № 29/5, 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/17, 2013-жылдын 23-октябрындагы № 39/4, 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/15, 2014-жылдын 30-майындагы № 24/10, 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 17/2, 2016-жылдын 15-июнундагы № 25/2, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-5-(НПА), 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ), 2019-жылдын 30-январындагы № 2019-П-33/4-2-(НПА), 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 2021-П-33/53-8-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1.1. Эрежеде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган микрофинансылык уюмдардын иши жөнгө салынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-5-(НПА), 2019-жылдын 30-январындагы № 2019-П-33/4-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1.2. Жакырчылыкты жоюуга, иш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатууга түрткү берүү, ишкердикти өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын калкын социалдык мобилизациялоого өбөлгө түзүү үчүн калктын микрокаржылоодон пайдалануусуна мүмкүнчүлүк түзүү микрофинансылык уюмдардын (мындан ары - МФУ) иш максаты. 

Мында, микрофинансылык уюм уюштуруу документтеринде аныкталган жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына каршы келбеген башка максаттарда да иш алып барууга укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы № 39/4, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1.3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) МФУ туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу жана алардын ишине карата калктын ишенимин арттыруу максатында МФУ аткарууга милдеттүү болгон экономикалык нормативдерди жана талаптарды белгилейт. 

1.4. МФУ тобокелдиктерди тескөө жагынан өзүнүн ички саясатына ылайык, бирок мында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нормативдик актыларын аткаруу үчүн талап кылынган маанини бузбастан, экономикалык нормативдер боюнча алда канча жогорку талаптарды белгилей алат. 

1.5. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 20-январындагы № 4/6 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

1.6. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 20-январындагы № 4/6 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

1.7. МФУ карыз алуучуларга микрокредиттерди берүүнү мыйзам талаптарына ылайык, анын ичинде адамдар тобунун субсидиардык же чогуу жоопкерчилиги алдында, кредиттик келишимдерди тариздетүү аркылуу берет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы № 39/4, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1.8. МФУ Улуттук банктан лицензия алган коммерциялык банктарда жана финансы-кредиттик уюмдарда эсепке алууга жана отчеттуулукка карата белгиленген талаптарга ылайык, өз операцияларынын бухгалтердик эсебин жүргүзүүгө жана финансылык отчетту түзүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

1.9. Микрофинансылык компания Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык эсептеринин тактыгын текшерүү, ички контролдук системасынын шайкештигине жана натыйжалуулугуна баа берүү үчүн ички аудитти жүзөгө ашырат. Бул үчүн микрофинансы компаниясы өзүнүн ички аудит кызматын түзүүгө милдеттүү, ал эми микрокредиттик компания (мындан ары - МКК)/микрокредиттик агенттик (мындан ары - МКА) түзүшү мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы № 39/4, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1.10. Микрофинансылык сектор үчүн системалык мааниге ээ МФУлар система түзүүчүлөр болуп саналышат. Системалык маанилүүлүк критерийлери Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат. Система түзүүчү МФУларга карата жөнгө салуунун жана көзөмөлдүктүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген атайын режими колдонулат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

1.11. Ушул эрежелердин максатында дүңүнөн кредиттөө дегенден улам, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү аймактарда илгерилетүү жана ишкердүүлүк жигердүүлүгүнө колдоо көрсөтүү максатында микрокредиттерди кийинчерээк сунуштоо үчүн финансы-кредиттик уюмдарга сунушталуучу кредит түшүнүлөт. 

Дүңүнөн кредиттөө менен иш алып барган МФУ (апекстик институт) дегенден улам, дүңүнөн кредиттердин үлүшү кредиттик портфелдин 70 пайызынан ашыгын түзгөн МФУ түшүнүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6, 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

 

2. Аманаттарды кабыл алууну жүргүзбөгөн микрофинансы компанияларынын ишин жөнгө салуу 

2.1. Микрофинансылык компаниялардын төмөнкүлөргө укугу жок: 

1) МФКнын өзү чыгарган баалуу кагаздарды сатып алууга кредиттерди берүүгө, ошондой эле аларды күрөө катары кабыл алууга; 

2) кепилдикти берүүгө

3) микрокредит (лизинг) менен чогуу алганда бир карыз алуучуга кредиттин максималдуу өлчөмү ченеминен арткан өлчөмдө гарантияларды берүүгө

4) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамында каралган операциялардан жана бүтүмдөрдөн тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка банктык операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга; 

5) баалуу кагаздар рыногунда кесипкөйлүк ишти жүзөгө ашырууга; 

6) аккредитивдерди берүүгө, баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүгө жана мүлктү ишеним боюнча тескөөгө алууга. 

Микрофинансылык компаниялар Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген ички кредиттик саясатка ээ болууга тийиш, анда негизги иш чөйрө, бир эле ошол адамга берилүүчү Улуттук банк тарабынан жаңыдан түзүлгөн МФКлар үчүн (жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды тартпаган) белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнүн үч пайызынан ашпаган өлчөмдөгү микрокредиттин чогуу алгандагы максималдуу өлчөмүн аныктоого тийиш. 

Дүңүнөн кредиттөө менен иш алып барган МФКлар үчүн бир эле ошол адамга берилүүчү микрокредиттин чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү өздүк капитал өлчөмүнүн 20 пайызынан ашпоого тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы № 39/4, 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/15, 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2.1.1. Жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу жана/же дүңүнөн кредиттөө менен иш алып барган микрофинансылык компанияларды эске албаганда, ушул эрежелердин 2-1-пунктунда белгиленген МФК тарабынан бир эле ошол карыз алуучуга же байланыштуу жактар тобуна берилүүчү микрокредиттин чогуу алгандагы максималдуу өлчөмүнөн ашыгыраак микрокредитти Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамынын 2-беренесине ылайык, иштеп жаткан бизнести кеңейтүү/өнүктүрүү, анын ичинде кошумча жумуш орундарын түзүү максатында кредиттөөнүн төмөнкү багыттары боюнча берүүгө жол берилет: 

- соода; 

-айыл-чарба (өсүмдүк өстүрүүнү, мал чарбачылыгын, айыл чарба продукциясын даярдоону/кайра иштетүүнү кошо алганда); 

- кызмат көрсөтүүлөр; 

- транспорт; 

- финансылык ижара (лизинг); 

- өнөр жай; 

- курулуш. 

МФКлар ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн микрокредиттерди берүүдө төмөнкү шарттарды аткаруусу зарыл: 

1) МФКда микрокаржылоонун максаттары менен милдеттерине ылайык продукттардын айкын түрлөрү аныкталган каржылоо саясатынын жана сунушталуучу каржылоонун максаттуу пайдаланылышына андан кийинки мониторинг жүргүзүү тартибинин болушу; 

2) белгиленген шарттар сакталган учурда, мындай микрокредиттин суммасы 3000000 (үч миллион) сомдон (же чет өлкө валютасындагы эквиваленттен) ашпоого тийиш; 

3) Кредиттик маалымат бюросунан өтүнүч ээсинин кредиттик маалыматынын, анын ичинде буга чейин алынган мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттер боюнча, ошондой эле өтүнүч ээси кандайдыр бир башка кредиттер боюнча кепил болгондугу тууралуу маалыматтардын болушу; 

4) өтүнүч ээсинин төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган зарыл документтердин (өтүнүч ээсине киреше алып келген активдерге ээлик кылуу укугу, иштеген жеринен эмгек акысы тууралуу маалымкат, патент, күбөлүк ж.б.) болушу, ошондой эле өтүнүч ээсинин төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү жүргүзүлүп, ал кредиттик саясатка жана/же микрокредиттик компаниянын башка ички документтерине ылайык жооптуу кредиттик адистин же кызматкердин корутундусу менен тастыкталууга тийиш; 

5) өтүнүч ээсинин кредит алууга билдирме-анкетасы тапшырылып, анда тиешелүү эсептөөлөр жана болжолдоолору менен кредитти пайдалануу максаттары көрсөтүлүүгө тийиш; 

6) карыз алуучунун анын чогуу алгандагы кирешесинин кредит боюнча (негизги сумма жана пайыздар боюнча) бир айлык төлөмгө карата катышына барабар болгон карызын жабуучу коэффициенти 130 пайыздан кем болбоого тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/17, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2.2. Уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү

2.2.1. МФКнын уставдык капиталы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы түрүндө түзүлөт. 

2.2.2. Аманаттарды кабыл алуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырбаган МФКлар Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/26 токтому менен бекитилген “Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө” жободо (мындан ары текст боюнча “Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө” жобо) белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана аны топтоонун шарттары боюнча тиешелүү талаптарды сактоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.3. өздүк капиталдын минималдуу өлчөмү

2.3.1. Микрокаржылоо компаниясынын өздүк капиталын эсептөө (баа берүү күнүнө карата) төмөнкү көрсөткүчтөрдүн негизинде ишке ашырылат:  

- толугу менен төлөнгөн уставдык капиталдын; 

- номиналдан үстөк салынган капиталдын; 

- жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан салынган кошумча капиталдын; 

- келечекте керектөө үчүн камдардын;  

- өткөн жылдардын бөлүштүрүлбөгөн пайда/чыгымынын;  

- өтүп жаткан жыл ичиндеги чыгымынын;  

- башка микрофинансылык уюмдардын, лизинг компаниялардын жана банктардын капиталына (акцияларына, үлүштүк катышуусуна) инвестицияларды кемитүү менен. 

Мында, капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестициялар дегенден улам, микрофинансылык уюмдардын, лизинг компанияларынын жана банктардын капиталына айкын салынган каражаттардын калдыгын түшүнүү зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы № 24/10, 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2.3.2. Аманаттарды кабыл алууну жүргүзбөгөн МФКлар үчүн өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнүн ченеми. 

1) Өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнүн ченеминин мааниси минималдуу уставдык капиталдын 100% нан кем эмес деңгээлде болууга тийиш.  

2) Өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнүн ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

ӨК / УК * 100%, мында: 

ӨК - баалоо күнүнө карата МФКнын өздүк капиталы (ушул Эреженин 2.3.1-пунктуна ылайык); 

УК - ушул Эреженин 2.2.2-пунктуна ылайык, аманаттарды кабыл алууну жүргүзбөгөн МФКлар үчүн белгиленген минималдуу уставдык капитал. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-январындагы № 2019-П-33/4-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.4. Башка уюмдарга инвестициялардын максималдуу өлчөмү

2.4.1. Микрофинансылык компаниялар микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга гана инвестиция жумшоого укуктуу. Мында, МФКнын микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга инвестициялары Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамында аныкталган, микрофинансылык уюмунун иш максаттарына ылайык келүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.4.2. МФКнын микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга инвестицияларынын (капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестицияларынын, карыздык милдеттенмелеринин, лизинг жана факторинг боюнча финансылык салымдарынын, кредиттеринин жана ушундай эле башка финансылык салымдарынын) максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү МФКнын өздүк капиталынын өлчөмүнүн 30% ашпоого тийиш жана ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

ИӨ/ӨК * 100% 30, мында 

ИӨ 

баалоо датасына карата МФКнын инвестицияларынын чогуу алгандагы өлчөмү

ӨК 

баалоо датасына карата МФКнын өздүк капиталы (2.3-пункттун 2.3.1-пунктчасын караңыз). 

Ушул ченемди эсептөөдө алардын капиталына (акцияларына, үлүштүк катышуусуна) МФКнын инвестициялары жайгаштырылган микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга берилген кредиттер эсепке алынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.4.-1. Аманаттарды кабыл алууну жүргүзбөгөн МФКлар, юридикалык жактардан жана жеке адамдардан МФКны уюштуруучулардан (акционерлерден) жана юридикалык жактардан каражаттарды карыз алууга укуктуу. 

Уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттар боюнча пайыздык чен Улуттук банктын эсептик ченинен 5 пайыздык пунктка ашпоого тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2, 2019-жылдын 30-январындагы № 2019-П-33/4-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2.4.-2. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-январындагы № 2019-П-33/4-2-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту). 

2.4.-3. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-январындагы № 2019-П-33/4-2-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту). 

2.5. Маалыматтарды Улуттук банкка берүүнүн тартиби. 

2.5.1. Квартал сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен МФКлар Улуттук банкка төмөндө келтирил гендерди берип турууга тийиш: 

а) (КР Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 27-декабрындагы № 36/1 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

б) төмөнкүлөрдү:  

- башка микрофинансылык уюмдардын, лизинг компанияларынын жана банктардын капиталына (акцияларына, үлүштүк катышуусуна) инвестициялар тууралуу маалыматтарды, алардын ар бирине инвестициялардын тизмегин жана өлчөмүн көрсөтүү менен;  

- МФКнын башка микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга инвестицияларынын (капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестицияларынын, карыздык милдеттенмелеринин, лизинг жана факторинг боюнча финансылык салымдарынын, кредиттеринин жана ушундай эле башка финансылык салымдарынын) максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү жөнүндө маалыматтарды, алардын ар бирине инвестициялардын тизмегин жана өлчөмүн, 2.4-пункттун 2.4.2-пунктчасында келтирилген көрсөткүчтөрдү эсептөөлөрдү чагылдыруу менен;  

- уюштуруучулардан (акционерлерден) - жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын өлчөмү жөнүндө маалыматтарды, уюштуруучулардын (акционерлердин) - жеке адамдардын тизмегин, алардын ар биринен карызга алынган каражат өлчөмүн, 2.4-1-пунктта келтирилген көрсөткүчтөрдү эсептөөнү чагылдыруу менен;  

- уюштуруучулардан (акционерлерден) - юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын өлчөмү жөнүндө маалыматтарды, уюштуруучулардын (акционерлердин) - юридикалык жактардын тизмегин, алардын ар биринен карызга алынган каражат өлчөмүн, 2.4-1-пунктта келтирилген көрсөткүчтөрдү эсептөөнү чагылдыруу менен. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 27-декабрындагы № 36/1, 2010-жылдын 26-майы № 36\3, 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2, 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 2021-П-33/53-8-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2.5.2. Финансылык отчеттуулуктун формаларына жана инвестициялар, уюштуруучулардан алынган каражаттар жөнүндө маалыматтарга МФК Башкармасынын төрагасы же биринчи кол коюуга расмий укугу бар башка адам, ошондой эле маалыматтарды даярдоо жана берүү үчүн жооптуу башка адам кол коюуга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.5.3. Жыл сайын, көзкарандысыз тышкы аудиторлордун күчү менен көзкарандысыз тышкы аудит жүргүзүлгөндөн кийин, МФК Улуттук банкка тышкы аудитордун өзгөртүүсү жок толук отчетунун бир нускасын (көчүрмөсүн), анын ичинде жетекчиликке катты микрофинансы компаниясынын тышкы аудитору отчетту берген учурдан кийинки 30 күндүн ичинде берүүгө милдеттүү

2.5.4. Улуттук банктын алардын ишине карата коюлган талаптарынын МФК тарабынан аткарылбагандыгы, маалыматттарды бербей койгондугу же аларды өз учурда бербегендиги, ошондой эле такталбаган маалыматтарды бергендиги фактылары аныкталган учурда, Улуттук банк "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" мыйзамдарга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык аларга карата таасир этүү чараларын кабыл алууга укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-январындагы № 2019-П-33/4-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.5.5. МФКлар Улуттук банкка жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган өзүнүн финансылык отчетунун ар бир кварталдагы көчүрмөсүн жарыялоо күнүнөн кийинки 5 жумуш күнүнүн ичинде берүүгө тийиш. 

2.6. МФК иш кагаздарын мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жүргүзүүгө тийиш. Бардык ички документтер, анын ичинде контрагенттер менен түзүлгөн келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды мамлекеттик же расмий тилде тариздетүү зарыл. Мында контрагенттер менен мамлекеттик тилде жана/же расмий жана чет тилинде түзүлгөн бирдей юридикалык күчкө ээ болгон келишимдерди тариздетүүгө жол берилет. Келишимдерди чет тилинде тариздетүү белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилиндеги котормосу болгон шартта гана жол берилет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.7. Эгерде МФКнын үчүнчү жактар алдында милдеттенмеси болсо, ошондой эле төмөнкү учурлардын биринде МФКнын ишинин туруктуулугуна коркунуч жаралган шартта, Улуттук банк МФКга дивиденддерди төлөөгө чектөө киргизиши мүмкүн, эгерде: 

1) бул Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдердин бузулушуна алып келсе;  

2) Улуттук банк тарабынан белгиленген, уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана/же өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмү камсыз кылынбаса;  

3) өткөн жылдардын чыгашалары болгон учурда, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптар актарылбаган учурда. 

Эскертүү: Үчүнчү жактар алдындагы МФКнын милдеттенмелери болуп, МФК менен байланышпаган юридикалык жактардан жана жеке адамдардан тартылган жана МФКнын негизги ишине багытталган акча каражаттары эсептелет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-январындагы № 2019-П-33/4-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Аманаттарды кабыл алуу укугуна лицензия алууга талапкер микрофинансы компанияларынын ишине карата талаптар 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 20-январындагы № 4/6 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

4. Аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырган микрофинансы компанияларынын ишин жөнгө салуу 

4.1. Микрофинансылык компаниялардын төмөнкүлөргө укугу жок: 

1) МФКнын өзү чыгарган баалуу кагаздарды сатып алууга кредиттерди берүүгө, ошондой эле аларды күрөө катары кабыл алууга; 

2) кепилдикти берүүгө

3) микрокредит (лизинг) менен чогуу алганда бир карыз алуучуга кредиттин максималдуу өлчөмү ченеминен арткан өлчөмдө гарантияларды берүүгө

4) аталган мыйзамда каралган операциялардан жана бүтүмдөрдөн тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка банктык операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга; 

5) баалуу кагаздар рыногунда кесипкөйлүк ишти жүзөгө ашырууга; 

6) аккредитивдерди берүүгө, баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүгө жана мүлктү ишеним боюнча тескөөгө алууга. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы № 39/4, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-5-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

4.2. Аманаттарды кабыл алуу операцияларын жүзөгө ашыруу укугуна ээ микрофинансылык компаниялар төмөнкүлөрдү кошо алганда, Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди сактоого милдеттүү:  

- төлөнгөн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү;  

- минималдуу өздүк капитал ченеми;  

- капиталдын шайкештиги (жетиштүүлүгү);  

- бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү;  

- ликвиддүүлүк ченеми;  

- аманаттарды кайтарып берүүдөгү тобокелдикти чектөө ченеми;  

- аффилирленген жана МФК менен байланыштуу жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү;  

- микрофинансылык компаниянын бир кызматкеринин компания тарабынан сунушталган кредиттери боюнча максималдуу чогуу алгандагы карызы;  

- микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга инвестициялардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү;  

- мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга инвестициялардын өлчөмү;  

- уюштуруучулардан (акционерлерден) - жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү;  

- уюштуруучулардан (акционерлерден) - юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2, 2019-жылдын 30-январындагы № 2019-П-33/4-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

4.2-2. Микрофинансылык компаниялар жеке адамдардан жана юридикалык жактардан кеминде 30 күндүк мөөнөткө мөөнөттүү аманаттарды гана тартууга укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы № 39/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

5. Аманаттарды кабыл алуу боюнча операцияларды жүргүзгөн микрофинансы компаниялары үчүн экономикалык нормативдер жана аларды эсептөө тартиби. 

5.1. Толугу менен төлөнгөн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү

5.1.1. МФКнын уставдык капиталы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы түрүндө түзүлөт. 

5.1.2. Аманаттарды кабыл алуу боюнча операцияларды жүргүзгөн МФКлар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана аны топтоо боюнча шарттар Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрофинансылык компанияларды лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө жободо белгиленген. 

5.1.3. МФК уставдык капиталдын маанисин аманаттар боюнча операцияларды жүзөгө ашырышкан МФКлардын уставдык капиталына карата Улуттук банк тарабынан коюлган минималдуу талаптардан төмөн болбогон деңгээлде кармап турууга тийиш. 

5.2. Минималдуу өздүк капиталдын нормативи; 

5.2.1. Өздүк капиталдын минималдуу ченеминин М1 маанисин минималдуу уставдык капиталдын өлчөмүнөн кеминде 100% деңгээлде сактап туруу зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-январындагы № 2019-П-33/4-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

5.2.2. МКФнын минималдуу өздүк капиталынын мааниси төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

М1 = ӨК / УК х 100%, мында 

  

ӨК 

датасына карата МФКнын эздүк капиталы (2.3.- 2.3.1-пунктчасын караңыз). 

УК 

салымдарды тарткан МФК үчүн белгиленген минималдуу уставдык 

капитал (5.1-пункттун 5.1.2-пунктчасын караңыз). 

5.3. Капиталдын адекваттуулугу (жетиштүүлүгү). 

5.3.1. Капиталдын адекваттуулугунун (жетиштүүлүгүнүн) нормативинин М2 маанисин кеминде 8% деңгээлде сактап туруу зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы № 36\3 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.3.2. МФКнын капиталынын адекваттуулугунун нормативи төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

М2 = ӨК / АС х 100%, мында 

ӨК - баалоо датасына карата МФКнын өздүк капиталы (2.3.-пункттун 2.3.1-пунктчасын караңыз). 

СА - валюта тобокелдиктерин хеджирлөө максатында улуттук валютада тартылган каражаттардын суммасынын өлчөмүндө коммерциялык банктарда күрөө катары жайгаштырылган депозиттердин суммасын минуска чыгаруу менен баа берүү күнүнө карата баланстык активдердин суммасы. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы № 36\3 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.4. Бир карыз алуучунун тобокелдигинин максималдуу өлчөмү

5.4.1. Бир карыз алуучунун тобокелдигинин максималдуу өлчөмүнүн М3 маанисин 5%тен ашпаган деңгээлде сактап туруу зарыл. 

5.4.2. Бир карыз алуучунун тобокелдигинин максималдуу өлчөмүнүн нормативин эсептөө төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт: 

М3 = ЖК / ӨК х 100%, мында 

 СЗ 

карыз алуучунун кредиттер (мөөнөтүнө карабастан), факторинг жана финансы лизинги боюнча баалоо күнүнө карата чогуу алгандагы карызы; 

ӨК 

баалоо датасына карата өздүк капитал 

Бул ченем дүңүнөн кредиттөө менен иш алып барган МФКга таркатылбайт. 

5.4.3. Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөдө ар башка карыз алуучулардын кайсы болбосун карызы суммаланууга жана бирдиктүү тобокелдик катары каралууга тийиш, эгерде:  

а) бир карыз алуучу башка карыз алуучу тарабынан контролдукка алынса; 

Эскертүү: Контролдук - чечимдерди тике же кыйыр аныктоо же кабыл алынып жаткан чечимдерге таасир этүү, анын ичинде келишимдин (оозеки келишимди кошо алганда) же башка бүтүмдүн негизинде жөндөмдүүлүгү.  

б) бир нече карыз алуучу бир эле жак тарабынан контролдукка алынса;  

в) бир карыз алуучунун карызды кайтарбай коюшу башка карыз алуучунун карызды кайра кайтарбай коюшу көйгөйүнө алып келсе;  

г) карызды кайтаруу үчүн карыздын ордун жабуунун (күрөө менен камсыз кылуу) экинчи булагын кошо алганда, бир эле булак колдонулса. 

 (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

5.5. Ликвиддүүлүк 

5.5.1. Ликвиддүүлүк нормативинин М4 маанисин 30%тен кем эмес деңгээлде сактап туруу зарыл. 

5.5.2. Аманаттарды тарткан МФКлар үчүн ликвиддүүлүктүн нормативи төмөнкү формула боюнча аныкталат. 

М4 = ЛА / МИ * 100%, мында 

ЛА - МФКнын ликвиддүү активдери, алар төмөнкүлөрдү камтыйт: а) накталай акча каражаттарын (касса); б) банктардагы эсептешүүчү жана депозиттик (баалоо учурунан тартып 30 күндөн ашпаган мөөнөттө кайра кайтаруу менен) счеттордогу каражаттар; в) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн баалуу кагаздары жана Улуттук банктын баалуу кагаздары, булар баалоо учурунан тартып 30 күндүн ичинде акча каражаттарына айландырылышы мүмкүн. 

МИ - МФКнын милдеттенмелери, анын ичинде алар боюнча баалоо учурунан тартып 30 күн ичинде эсептөөлөр түшө турган тартылган аманаттар. 

5.5.3. МФК ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө саясатын иштеп чыгууга тийиш, ал төмөнкүдөй факторлорду эске алат: 

- ликвиддүүлүккө керектөөгө контролдук кылуу жана мөөнөтү келип жеткен милдеттенмелерди аткаруу үчүн МФКнын активдеринин бери болгондо ар жумадагы өлчөнүшүн жана жетиштүүлүгүнүн мониторингин; 

- Депозиттик базанын структурасын жана туруктуулугун (аманаттарды кайра кайтаруунун мөөнөттөрүн, булактардын топтолушун. проценттик ставкаларды аныктоо саясатын); 

- Рынокто карыз алуу кудуретин; 

- Ликвиддүүлүк кризисинин учурунда пландаштырууну. 

5.6. Аманаттарды кайра кайтаруу боюнча тобокелдикти чектөө нормативи. 

5.6.1. Тартылган аманаттарды кайра кайтаруу боюнча тобокелдикти нормативинин М5 маанисин 100%тен кем эмес деңгээлде кармап туруу зарыл. 

5.6.2. аманаттарды кайра кайтаруу боюнча тобокелдикрйрмативи төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

М5= К / С х 100%, мында 

К 

баалоо датасына карата проценттер же негизги сумма боюнча кандайдыр бир мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз орун албаган кредиттер. 

С 

баалоо датасына карата тартылган аманаттардын суммасы. 

5.7. Аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операциялар. 

5.7.1. Депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан МФКлар, аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларды «Депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан микрофинансылык компаниялардын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоого ылайык жүзөгө ашырышат. Аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин аффилирленген жана байланыштуу жактардын МФК алдындагы чогуу алгандагы карызы катары туюндурулган максималдуу өлчөмү, МФКнын өздүк капиталынын 60% ашпоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 24-апрелиндеги № 13/9, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-5-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

5.7.2. МФК кредит берген, МФКнын бир кызматкеринин чогуу алгандагы карызы МФКнын өздүк капиталынын өлчөмүнүн 5% ашпоого тийиш жана ал төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

СЗС / ӨК * 100% 5%, мында:  

СЗС - МФК баалоо датасына карата кредит берген, МФК бир кызматкеринин чогуу алгандагы карызы;  

ӨК - МФКнын баалоо датасына карата өздүк капиталы. 

МФК бардык аффилирленген жана ал менен байланыштуу жактарга берилген бардык кредиттердин жана аларды алмаштыруучулардын жалпы суммасы МФКнын өздүк капиталынын 60% ашса, аффилирленген жана ал менен байланыштуу жактарга кредит берүүгө (анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык) укуксуз.  

МФКнын кызмат адамдарына жана кызматкерлерине кредит берүү операциялары Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген «Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоодо көрсөтүлгөн талаптар сакталган шартта гана жүзөгө ашырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-январындагы № 2019-П-33/4-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

5.7.3. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту) 

5.8. Микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга инвестициялардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.8.1. МФК микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга гана инвестиция жумшоого укуктуу. Мында, МФКнын микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга инвестициялары Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамында аныкталган, микрофинансылык уюмдардын иш максаттарына ылайык келүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.8.2. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

5.8.3. МФКнын микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга инвестицияларынын (капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестицияларынын, карыздык милдеттенмелеринин, лизинг жана факторинг боюнча финансылык салымдарынын, кредиттеринин жана ушундай эле башка финансылык салымдарынын) максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү МФКнын өздүк капиталынын өлчөмүнүн 30% ашпоого тийиш жана ал ушул эрежелердин 2.4-пунктунун 2.4.2-пунктчасына ылайык аныкталат.  

Ушул ченемди эсептөөдө алардын капиталына (акцияларына, үлүштүк катышуусуна) МФКнын инвестициялары жайгаштырылган микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга берилген кредиттер эсепке алынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.9. Мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга инвестициялардын өлчөмү

МФКлардын мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга инвестицияларынын жалпы өлчөмү анын өздүк капиталынын өлчөмүнүн 50% ашпоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы № 39/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.10. Аманаттарды кабыл алуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырган МФК, юридикалык жактардан жана жеке адамдардан МФКны уюштуруучулардан (акционерлерден) жана юридикалык жактардан каражаттарды карыз алууга укуктуу. 

Уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттар боюнча пайыздык чен Улуттук банктын эсептик ченинен 5 пайыздык пунктка ашпоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2, 2019-жылдын 30-январындагы № 2019-П-33/4-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

5.10.1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-январындагы № 2019-П-33/4-2-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту). 

5.10.2. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-январындагы № 2019-П-33/4-2-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту).  

5.11. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-январындагы № 2019-П-33/4-2-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту).  

5.11.1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-январындагы № 2019-П-33/4-2-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту).  

5.11.2. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-январындагы № 2019-П-33/4-2-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту).  

6. Аманаттарды кабыл алуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырган МФКлар экономикалык нормативдерди жана талаптарды аткарышынын жана алардын маалыматтарды Улуттук банкка берүүсүнүн тартиби. 

6.1. Микрофинансы компаниялары экономикалык нормативдерди жана Улуттук банктын талаптарын сактоонун мониторингин бери болгондо жума сайын жүргүзүүгө тийиш. 

6.2. МФКлар үчүн белгиленген экономикалык нормативдерди жана талаптарды сактоону текшерүү ар кандай датадагы абал боюнча КРУБ тарабынан жүргүзүлөт. 

6.3. МФКлар чейрек сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттун алкагында Улуттук банкка экономикалык ченемдердин аткарылышы боюнча маалымат берип туруулары тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-5-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

а) (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

б) Ушул эрежелерге карата Тиркемеге ылайык, төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен "Улуттук банктан лицензия алган МФКлар үчүн экономикалык нормативдердин аткаруу боюнча формасын":  

- башка микрофинансылык уюмдардын, лизинг компанияларынын жана банктардын капиталына (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестициялардын тизмегин жана өлчөмүн;  

- МФКнын микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга инвестицияларынын (капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга) карыздык милдеттенмелерге, лизинг жана факторинг боюнча финансылык салымдарга, кредиттерге жана ушундай эле башка финансылык салымдарга) инвестицияларынын тизмегин жана өлчөмүн;  

- уюштуруучулардан (акционерлерден) - жеке адамдардан карызга алынган каражат өлчөмүн, алардын ар биринен алынган каражат өлчөмүн 5.10-пункттун 5.10.2-пунктчасында келтирилген көрсөткүчтү эсептөөнү;  

- уюштуруучулардан (акционерлерден) - юридикалык жактардын карызга алынган каражаттардын өлчөмүн, алардын ар биринен алынган каражат өлчөмүн 5.11-пункттун 5.11.2-пунктчасында келтирилген көрсөткүчтү эсептөөнү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы № 36\3, 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

6.4. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-5-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

6.5. МФК ушул эрежелердин 2.5-пунктунда аныкталгандай тышкы аудитордун толук отчетун жана жетекчиликке катты Улуттук банкка берүүгө милдеттүү

6.6. Микрофинансы компаниялары экономикалык нормативдерди жана башка талаптарды сактабагандыгынын, алар маалыматтарды бербегендигинин ошондой эле өз учурунда бербегендигинин же такталбаган маалыматты бергендигинин фактылары аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы " Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Мыйзамдарга жана Улуттук банктын тиешелүү нормативдик актыларына ылайык МФКларга карата таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

6.7. МФКлар өздөрүнүн финансылык отчеттуулугу жалпыга маалымдоо каражаттарына квартал сайын жарыялангандан кийин 5 жумуш күнүнүн ичинде анын көчүрмөсүн Улуттук банкка берүүгө тийиш. 

Эскертүү

Жылдык өткөөл мезгил салымдарды жүзөгө ашырган МФК үчүн белгиленген мааниге жетишүү боюнча алган милдеттенмелерди жана тиешелүү пландарды аткарышына жараша азайтуу же көбөйтүү жагына кайра каралып чыгышы мүмкүн. 

Контролдоо - чечимдерди тике же кыйыр аныктоо же кабыл алынып жаткан чечимдерге таасир этүү кудурети, анын ичинде келишимден (анын ичинде оозеки келишимден) же башка бүтүмдөн улам ушундай кудурети. 

6.8. Эгерде МФКнын үчүнчү жактар алдында милдеттенмеси болсо, ошондой эле төмөнкү учурлардын биринде МФКнын ишинин туруктуулугуна коркунуч жаралган шартта, Улуттук банк МФКга дивиденддерди төлөөгө чектөө киргизиши мүмкүн, эгерде: 

1) бул Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдердин бузулушуна алып келсе;  

2) Улуттук банк тарабынан белгиленген, уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана/же өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмү камсыз кылынбаса;  

3) өткөн жылдардын чыгашалары болгон учурда, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптар актарылбаган учурда. 

Эскертүү: Үчүнчү жактар алдындагы МФКнын милдеттенмелери болуп, МФК менен байланышпаган юридикалык жактардан жана жеке адамдардан тартылган жана МФКнын негизги ишине багытталган акча каражаттары эсептелет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-январындагы № 2019-П-33/4-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

7. Микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин ишин жөнгө салуу. 

7.1. МКК же МКА акционердик коом формасындагы МКК тарабынан чыгарылган акциялардан тышкары, баалуу кагаздарды чыгарууга, ошондой эле финансылык лизинг операцияларын эске албаганда, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамынын 33-беренесинде каралбаган башка банктык операцияларды жүзөгө ашырууга укугу жок. 

7.2. МКК тарабынан бир эле ошол адамга же байланыштуу жактардын тобуна берилүүчү микрокредиттин чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү Улуттук банк тарабынан жаңы түзүлгөн МКК үчүн белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнөн 10 пайыздан ашпаган өлчөмдө аныкталууга тийиш. Бул чектөө факторингдик операцияларга да таркатылат. 

7.3. Дүңүнөн кредиттөө менен иш алып барган МКК үчүн бир эле ошол карыз алуучуга же байланыштуу жактардын тобуна берилүүчү микрокредиттин чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү өздүк капитал өлчөмүнүн 20 пайызынан ашпоого тийиш.  

7.4. Дүңүнөн кредиттөө менен иш алып барган микрофинансылык уюмдарды эске албаганда, ушул эрежелердин 7.2-пунктунда белгиленген микрокредиттик компания тарабынан бир эле ошол карыз алуучуга же байланыштуу жактардын тобуна чогуу алгандагы максималдуу өлчөмүнөн жогору микрокредитти Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамынын 2-беренесине ылайык, иштеп жаткан бизнести кеңейтүү/өнүктүрүү максатында, анын ичинде кошумча жумуш орундарын түзүү максатында төмөнкү багыттар боюнча берүүгө жол берилет: 

- соода; 

- айыл-чарба (анын ичинде, өсүмдүк өстүрүүнү, мал чарбачылыгын, айыл чарба продукциясын даярдоону жана кайра иштетүүнү кошо алганда); 

- кызмат көрсөтүүлөр; 

- транспорт; 

- жабдууларды жана айыл чарба техникасын финансылык ижарага алуу (лизинг); 

- өнөр жай; 

- курулуш. 

МККлар ушул пунктун биринчи абзацында көрсөтүлгөн микрокредиттердин берүүдө төмөнкү шарттарды аткаруусу зарыл: 

1) МККда микрокаржылоонун максаттары менен милдеттерине ылайык айкын кредиттик продукттарды аныкталган саясатынын жана берилген каржылоонун максаттуу пайдаланылышына андан кийинки мониторинг жүргүзүү тартибинин болушу; 

2) белгиленген шарттар сакталган учурда, мындай микрокредиттин суммасы финансылык ижара (лизинг) боюнча микрокредитти эске албаганда, 1000000 (бир миллион) сомдон ашпоого тийиш; 

3) финансылык ижара (лизинг) боюнча микрокредиттин чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү өздүк капиталдын 10 пайызынан ашпоого тийиш; 

4) Кредиттик маалымат бюросунан өтүнүч ээсинин кредиттик таржымалынын, анын ичинде буга чейин алынган, мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттер боюнча, ошондой эле өтүнүч ээси кандайдыр бир башка кредиттер боюнча кепил болгондугу тууралуу маалыматтардын болушу; 

5) өтүнүч ээсинин төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган зарыл документтердин (өтүнүч ээсине киреше алып келген активдерге ээлик кылуу укугу, иштеген жеринен эмгек акысы тууралуу маалымкат, патент, күбөлүк ж.б.) болушу, ошондой эле өтүнүч ээсинин төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү жүргүзүлүп, ал кредиттик саясатка жана/же МККнын башка ички документтерине ылайык жооптуу кредиттик адистин же кызматкердин корутундусу менен тастыкталууга тийиш; 

6) өтүнүч ээсинин кредит алууга билдирме-анкетасы тапшырылып, анда тиешелүү эсептөөлөр жана болжолдоолору менен микрокредитти пайдалануу максаттарын көрсөтүлүүгө тийиш; 

7) карыз алуучунун анын чогуу алгандагы кирешесинин кредит боюнча (негизги сумма жана пайыздар боюнча) бир айлык төлөмгө карата катышына барабар болгон карызын жабуучу коэффициенти 130 пайыздан кем болбоого тийиш. 

7.5. МККүчүн төмөнкү ченемдер белгиленсин: 

7.5.1. МКК, анын ичинде дүң кредиттөөнү ишке ашырган МКК юридикалык жактардан жана жеке адамдардан МККны уюштуруучулардан (акционерлерден) жана юридикалык жактардан каражаттарды карыз алууга укуктуу. 

Уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттар боюнча пайыздык чен Улуттук банктын эсептик ченинен 5 пайыздык пунктка ашпоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-январындагы № 2019-П-33/4-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

7.6. Дүңүнөн кредиттөө менен иш алып барышкан жана кредиторлордун алдында милдеттемелери бар (анын ичинде ФКМ) МКК үчүн капиталдын шайкештик (жетиштүүлүк) ченеми белгиленсин. 

М2 капиталынын шайкештик (жетиштүүлүк) ченеминин деңгээли кеминде 15% деңгээлде сакталуусу зарыл. 

Капиталынын шайкештик ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

М2 - СК/ СА х 100%, мында: 

СК МККнын баалоо күнүнө карата өздүк капиталы. 

СА - валюта тобокелдиктерин хеджирлөө максатында улуттук валютада тартылган каражаттардын суммасынын өлчөмүндө финансы-кредиттик уюмдарда күрөө катары жайгаштырылган депозиттердин суммасын минуска чыгаруу менен баалоо күнүнө карата баланстык активдердин суммасы. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

7.7. МККнын өздүк капиталын эсептөө (баалоо күнүнө карата) төмөнкү көрсөткүчтөрдүн негизинде ишке ашырылсын:  

төлөнгөн уставдык капиталдын (жөнөкөй жана артыкчылыктуу акциялардын наркы же үлүштүк капитал); 

номиналдан үстөк салынган капиталдын (акционердик коомдор үчүн); 

жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан салынган кошумча капиталдын; 

келечектеги керектөөлөр үчүн каралган камдардын;  

өткөн жылдардын бөлүштүрүлбөгөн пайдасынын/чыгымынын;  

өтүп жаткан жыл ичиндеги чыгымдын;  

башка микрофинансылык уюмдардын, лизинг компаниялардын жана банктардын капиталына (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестицияларды минуска чыгаруу менен. 

Мында, капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестициялар дегенден улам, МФУнун, лизинг компанияларынын жана банктардын капиталына айкын салынган каражаттардын калдыгын түшүнүү зарыл.  

7.7.1. МККнын өздүк капиталынын минималдуу өлчөмүнүн ченеми.  

1) Өздүк капиталдын минималдуу ченеминин маанисин минималдуу уставдык капиталдын өлчөмүнөн кеминде 100% деңгээлде сактап туруу зарыл.  

2) МКК өздүк капиталынын минималдуу өлчөмүнүн ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

ӨК / УК * 100%, мында: 

ӨК - Баалоо датасына карата МККнын өздүк капиталы (ушул Эреженин 7.7-пунктуна ылайык);  

УК - МКК үчүн белгиленген минималдуу уставдык капитал. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-январындагы № 2019-П-33/4-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

7.8. МКА өз каражаттарынын, финансы-кредиттик уюмдардан жана/же эл аралык финансы уюмдарынан карызга алынган каражаттардын эсебинен гана, микрокредиттик агенттиктин катышуучулары тарабынан аныкталуучу коммерциялык эмес уюмдун уставдык максаттарына ылайык, карыз алуучу менен макулдашылган шарттарда жеке жана юридикалык жактарга микрокредиттерди (камсыз кылынган жана камсыз кылынбаган микрокредиттер) улуттук валютада берет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

7.8.1. Микрокредиттик агенттик тарабынан ошол эле бир карыз алуучуга же байланыштуу адамдар тобуна берилген кредиттин жана лизингдин чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү 500 миң сомдон ашпаган өлчөмдө аныкталууга тийиш. 

Мында ошол эле бир карыз алуучуга же байланыштуу адамдар тобуна 100 миң сомдон ашпаган өлчөмдө берилген микрокредиттер МКАнын жалпы кредит портфелинин 20 же андан көбүрөөк пайызын түзүүгө тийиш

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 17/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

7.8.2. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамынын 2-беренесинин максаттарын эске алуу менен МКАнын ошол эле бир карыз алуучуга же байланыштуу адамдар тобуна ушул эрежелердин 7.8.1-пунктчасында белгиленген микрокредиттин максималдуу өлчөмүнөн жогору өлчөмдө берилүүчү микрокредитти жана лизингди төмөнкү максаттарга МКАнын өздүк капиталынын (капиталдын баланстык наркы) 2 пайызынан ашпаган өлчөмдө сунуштоого жол берилет: 

а) бизнести (ишкердик ишин уюштуруу үчүн негизги жана жүгүртүү каражаттарын сатып алуу) же жаңы ишкердик багытын түзүү

б) төмөнкү маселелердин бири аткарылган учурда, иштеп жаткан бизнести/ишкердикти кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө

- технологияны жаңыртууга багытталган жаңы технологияларды ишке киргизүү, инновациялык жабдууларды жана техниканы ишке киргизүү

- бизнес-процесстерди автоматташтыруу; 

- кошумча жумуш орундарын түзүү

- өндүрүштүн масштабын кеңейтүү

Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн микрокредиттерди жана лизингдерди берүүдө микрокредиттик агенттик төмөнкү шарттарды аткарууга тийиш: 

1) микрокредиттик агенттикте продукттун белгилүү бир түрүн жана сунушталып жаткан каржылоонун максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү тартибин аныктоо менен микрокаржылоо максаттарына жана милдеттерине ылайык иштелип чыккан каржылоо саясатынын болушу;  

2) Кредиттик маалымат бюросунан өтүнүч ээсинин кредиттик таржымалы, анын ичинде өтүнүч ээси тарабынан буга чейин алынган, бирок мөөнөтүндө төлөнбөгөн, ошондой эле өтүнүч ээсинин кайсы бир башка кредиттер боюнча кепилдик берүүчү катары катышкандыгы же катышпагандыгы тууралуу маалыматтын болушу;  

3) өтүнүч ээсинин төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган документтин болушу (өтүнүч ээсинин киреше алып келүүчү активдерге ээлик кылуу укугу, иштеген жеринен эмгек акысы тууралуу маалымкат, патент, күбөлүк ж.б), ошондой эле өтүнүч ээсинин төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берилип, ал микрокредиттик агенттиктин кредиттик саясатына жана/же башка ички документтерине ылайык, жооптуу кредит менен иш алып барган адисинин же кызматкеринин корутундусу менен тастыкталышы зарыл; 

4) өтүнүч ээси кредит алууга бизнес-планды сунуштоого тийиш, бул бизнес-планда тиешелүү эсептөөлөр жана болжолдоолор менен бирге кредитти пайдалануу максаттары көрсөтүлүүгө тийиш.  

Мында, МКАнын кредит портфелинде жогоруда көрсөтүлгөн кредиттердин үлүшү 70 же андан көп пайызды ээлесе, анда 7.8.1-пунктта көрсөтүлгөн чектөөлөр бул МКАга таркатылбайт.  

Эгерде МКАнын кредит портфелинде жогоруда көрсөтүлгөн кредиттердин үлүшү 70 пайыздан азды түзсө, 100 миң сомго чейинки өлчөмдөгү микрокредиттер МКАнын жалпы кредит портфелинин 20 же андан көбүрөөк пайызын түзүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 17/2, 2016-жылдын 15-июнундагы № 25/2 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

7.9. МКК/МКА иш кагаздарын мамлекеттик жана/же расмий тилде жүргүзүүгө тийиш. Бардык ички документтер, анын ичинде контрагенттер менен түзүлгөн келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды мамлекеттик же расмий тилде тариздетүү зарыл. Мында, контрагенттер менен мамлекеттик тилде жана/же расмий жана чет тилинде түзүлгөн бирдей юридикалык күчкө ээ болгон келишимдерди тариздетүүгө жол берилет. Келишимдерди чет тилде тариздетүүгө мамлекеттик же расмий тилиндеги котормосу болгон шартта гана жол берилет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6, 2019-жылдын 30-январындагы № 2019-П-33/4-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

7.10. Эгерде МККнын үчүнчү жактар алдында милдеттенмеси болсо, ошондой эле төмөнкү учурлардын биринде МККнын ишинин туруктуулугуна коркунуч жаралган шартта, Улуттук банк МККга дивиденддерди төлөөгө/пайданы бөлүштүрүүгө чектөө киргизиши мүмкүн, эгерде: 

1) бул Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдердин бузулушуна алып келсе;  

2) Улуттук банк тарабынан белгиленген, уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана/же өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмү камсыз кылынбаса;  

3) өткөн жылдардын чыгашалары болгон учурда, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптар актарылбаган учурда. 

Эскертүү: Үчүнчү жактар алдындагы МККнын милдеттенмелери болуп, МКК менен байланышпаган юридикалык жактардан жана жеке адамдардан тартылган жана МККнын негизги ишине багытталган акча каражаттары эсептелет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-январындагы № 2019-П-33/4-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

Тиркеме 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-5-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)