Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы  № 35/5 токтомунун  менен бекитилген.  

"Насыялык бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө"  

ЖОБО  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14, 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-11-(НПА), 2019-жылдын 27-февралындагы № 2019-П-33/-9-7-(НФКО), 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 2021-П-33/53-8-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1-глава. Жалпы жоболор  

1. Бул жободо насыялык бюролордун ишин лицензиялоо тартиби аныкталган.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык)  

2. Мыйзамда белгиленген тартипте коммерциялык уюм катары каттоодон өткөн жана насыялык маалыматты алмашуу кызматын сунуштаган юридикалык жак насыялык бюро болуп саналат.  

3. Насыялык бюронун иши Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан берилген лицензиянын негизинде жүзөгөашырылат.  

4. Насыялык бюронун аталышында "насыялык бюро" деген сөз айкашы камтылууга тийиш. "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Мыйзам талаптарына жооп бербеген юридикалык жак өз аталышында "насыялык бюро" деген сөз айкашын пайдаланууга укугу жок.  

5. Насыялык бюро өз фирмалык аталышы менен штамптарга, бланктарга жана өздүк эмблемага (логотип) ээ болууга укуктуу.  

6. Насыялык бюронун уставдык капиталында бир пайдалануучунун катышуусу 10 пайыздан ашпоого тийиш. Мында, өз ара байланыштуу жактар тобу бир пайдалануучу катары кароого алынат жана алардын үлүштөрү/акциялары бир пайдалануучунун үлүшү/акциясы катары суммаланып, каралууга тийиш.  

7. Насыялык бюронун үлүшүнө/акцияларына биргелешип ээлик кылган жана/же өз ара жалпы кызыкчылыктарга ээ юридикалык жактарды жана/же жеке адамдарды өз ара байланыштуу жактар катары түшүнүүгө болот. 

1) Эки жана/же андан көп жеке адамдардын жана юридикалык жактардын жалпы кызыкчылыктары төмөнкү шарттардын кайсынысында болсун орун алган деп таанылат, эгерде: 

а) бир юридикалык жак же жеке адам башка юридикалык жакты же жеке адамды контролдосо; 

б) аталган жактар насыляк бюро менен байланыштуу жактар болуп саналса; 

в) ошол жактардын бири башка жактын көз каранды компаниясы болсо. 

2) Жактар насыялык бюронун үлүшүнө/акцияларына биргелешип ээлик кылуучу деп таанылат, эгерде алар: 

а) жакын туугандардан болушса (жубайы (жолдошу), ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асырап алгандар, ата-энеси бир жана атасы бир, энеси башка же энеси бир, атасы башка эркек жана кыз бир туугандар, чоң ата, чоң эне, таята, таяне, неберелери); 

б) насыялык бюронун кызмат адамдары - акционерлери болсо; 

в) өз-өзүнчө же биргелешип олуттуу катышуучулардан болушса; 

г) келишимден улам акцияларга биргелешип ээлик кылса, же: 

- насыялык бюрону башкаруу боюнча добуш берүү жөнүндө

- акцияларды добуш берүү укугу менен күрөөгө коюу жөнүндө

- акциялар боюнча добуш берүү укугу менен өткөрүп берүү жөнүндө

- акцияларды ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү же башкаруу укугу менен башка негиздерде сактоо жөнүндө

- акциялар өз пайдасына, бирок башка жактын атынан сатылып алынса; 

- ишеним кат же башка мыйзамдуу өкүлчүлүк боюнча өкүл болсо; 

- жалпы кызыкчылыгы болгондо. 

Ушул пунктта пайдаланылган түшүнүктөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамдагы түшүнүктөргө ылайык келет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-11-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

8. Лицензия алганга чейин, насыялык бюрону уюштурууга байланыштуу ишти жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иштерди эске албаганда, насыялык бюро катары кандайдыр бир ишкердикти жүзөгө ашырууга тыюу салынат.  

9. Жайгашкан орду өзгөргөн шартта насыялык бюро бир күн ичинде Улуттук банкка ал тууралуу маалымдоого милдеттүү.  

9-1. Чечим же болбосо ушул жобонун алкагында Улуттук банк тарабынан кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалымат, эгерде аталган жободо башка мөөнөт каралбаса, ушул чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күнү ичинде кат жүзүндө өтүнүч ээлерине (насыялк бюрого) маалымдалат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык)  

9-2. Улуттук банктын ушул жобонун алкагында кабыл алынып жаткан актылары (лицензияларын, Улуттук банк Башкармасынын жана Көзөмөл боюнча комитеттин токтомдорун эске албаганда) эгерде башкасы Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленбесе, аталган банктын мөөрү менен тастыкталышын талап кылбайт.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык)  

2-глава. Насыялык бюро жайгашуучу жайга карата талаптар  

10. Насыялык бюро жана анын филиалдары жайгашуучу жайлар төмөнкүлөрдү кошо алганда, белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш:  

1) насыялык бюрого кайрылган жактарды тейлөө жайына ээ болууга;  

2) кредиттик таржымалдын сакталышын жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында, насыялык бюронун бардык жайлары техникалык коопсуздук каражаттары менен жабдылууга;  

3) насыялык бюро менен анын филиалдары ортосунда компьютердик түйүн аркылуу байланышуу мүмкүнчүлүгү болууга;  

4) насыялык бюро менен анын филиалдарынын жайларында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын же түзүлгөн келишимдин негизинде насыялык бюро тарабынан тандалып алынган күзөт кызматынын борборлоштурулган байкоо пультуна туташтырылган, өрттү алдын алуу каражаттарына жана техникалык күзөт каражаттарына ээ болууга;  

5) насыялык бюро менен анын филиалдарынын жайларына карата кошумча талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилениши мүмкүн.  

3-глава. Насыялык бюрого ишти жүзөгө ашырууга лицензия берүү тартиби  

11. Ишти жүзөгө ашырууга лицензия алуу үчүн насыялык бюро мамлекеттик же расмий тилде төмөнкү документтерди Улуттук банкка сунуштоого тийиш:  

1) жайгашкан жерин (почта дарегин) көрсөтүү менен лицензия берүү тууралуу өтүнүч кат (1-тиркеме);  

2) насыялык бюронун уюштуруучуларынын жалпы жыйынында толтурулган протокол (эки нускада), анда төмөнкү чечимдер камтылат:  

- насыялык бюрону уюштуруу жөнүндө;  

- байкоо жана аткаруу органдарынын жетекчисин жана анын мүчөлөрүн шайлоо/дайындоо жөнүндө;  

- насыялык бюронун уюштуруу түзүмү жөнүндө (башкаруу органдары, түзүмдүк бөлүмдөрү (башкармалык, бөлүмдөр), алардын функционалдык милдеттери, каралуучу маселелердин чөйрөсү, караштуулугу);  

- насыялык бюронун жайгашкан ордун аныктоо жөнүндө (почта дареги);  

- уставдык капитал өлчөмүн аныктоо, уюштуруучулардын уставдык капиталга салымдарды төлөө ыкмалары жана өлчөмдөрү жөнүндө;  

3) насыялык бюрону түзүү чечими (бир гана уюштуруучу болсо), уюштуруу келишими (бирден көп уюштуруучу болсо) (эки нускада);  

4) насыялык бюронун уставы (эки нускада);  

5) насыялык бюронун уюштуруучулары тууралуу маалымат (3-тиркеме);  

6) насыялык бюронун жетекчисинин анкетасы (4-тиркеме) жана анын ушул жободо белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга ылайык келишин тастыктаган маалыматтар, ошондой эле насыялык бюронун кызмат адамдарынын тизмеси.  

Ушул жобонун максаттарында насыялык бюронун кызмат адамдарына Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, Башкарманын төрагасы жана мүчөлөрү, ички аудитор, башкы бухгалтер кирет;  

7) насыялык маалыматты санкциясыз пайдалануудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан жана ачыкка чыгарылышынан коргоону камсыз кылган программалык-техникалык комплекстин параметрлери жана жайгаштырылышы Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык келишин тастыктаган документтер;  

8) насыялык бюронун уставдык капиталынын түзүлгөндүгүн тастыктаган коммерциялык банктын документи.  

12. Улуттук банк лицензия алуу үчүн насыялык бюро тарабынан сунушталган документтерди, алардын толук топтому, анын ичинде Улуттук банк тарабынан кошумча талап кылынган документтер алынган күндөн кийинки 30 (отуз) календардык күн ичинде кароого алат. Бул мөөнөттө, юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда насыялык бюронун мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жол-жобосунан өтүү убактысы эске алынбайт. Насыялык бюрого лицензия берүү маселеси алгылыктуу чечилген шартта, Улуттук банк ушул жобонун 11-пунктунун 2-4-пунктчаларында көрсөтүлгөн, сунушталган уюштуруу документтеринин бир нускасын кошо тиркөө менен Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык насыялык бюрону мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөртүү үчүн кат жүзүндө макулдугун берет.  

13. Мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндөн кийинки 20 (жыйырма) календардык күн ичинде насыялык бюро төмөнкү документтерди кошо тиркөөменен лицензия алуу үчүн Улуттук банкка лицензия берүү тууралуу өтүнүч катты сунуштоого милдеттүү:  

1) насыялык бюронун мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө белги коюлган уюштуруу документтеринин нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөлөрү;  

2) насыялык бюронун мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн анын мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү;  

3) катышуучулар (акционерлер) реестри.  

14. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык насыялык бюро ишин жүзөгө ашырууга лицензия Улуттук банк тарабынан ушул жобонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн документтер сунушталган күндөн кийинки 5 (беш) календардык күн ичинде берилет.  

15. Насыялык бюрого лицензия берүү чечими Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөлдүк жана лицензиялоо ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү тарабынан кабыл алынат.  

16. Насыялык бюрого ишкердикти жүзөгө ашырууга лицензия, инсандыгын тастыктаган документтин негизинде насыялык бюронун жетекчисине же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тариздетилген ишеним каттын негизинде ыйгарым укук чегерилген адамга лицензия үчүн мамлекеттик алым Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө жана тартипте төлөнгөндүгүн тастыктаган документ (анын ичинде төлөм документи) сунушталган шартта берилет.  

(КР Улуттук банк башкармасынын 2019-жылдын 27-февралындагы № 2019-П-33/-9-7-(НФКО) токтомунун редакциясына ылайык)  

17. Насыялык бюронун ишкердикти жүзөгө ашырууга лицензиясы ажыратылгыс (өздүк) болуп саналат. Лицензияда каралган укуктар үчүнчү жактаргаөткөрүлүп берилбейт. Мындай жагдайга жол берилген шартта, насыялык бюрого ишкердикти жүзөгө ашырууга тыюу салуу менен лицензия кайтарылып алынат.  

18. Насыялык бюронун ишкердикти жүзөгө ашырууга лицензиясын колдонуу мөөнөтү чектелбейт жана анын көчүрмөлөрү анык эмес болуп саналат.  

19. Улуттук банк насыялык бюронун реестрин жүргүзөт жана аны Улуттук банктын расмий сайтына жайгаштырат.  

20. Насыялык бюронун жетекчиси төмөнкү минималдуу квалификациялык талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

- жогорку билимдүү болууга;  

- банк, финансы системасында жана/же микрокаржылоо тармагында кеминде үч жылдык, анын ичинде жетекчилик кызматтарда кеминде бир жылдык иш тажрыйбасы болууга;  

- экономика, финансы жана банк ишине тиешелүү ишти жүзөгө ашыруусуна тыюу салган сот чечими болбоого;  

- талапкерге карата экономика, финансы жана банк иши жагында, анын ичинде кызматтык иш боюнча кылмыштуулукка жол бергендиги үчүн айыптоо өкүмүболбоого.  

Бул талап сот ишине тартуу жокко чыгарылган же белгиленген тартипте орду жабылган адамдарга таркатылбайт.  

21. Насыялык бюро өз кызмат адамдарын шайлаган/дайындаган/иштен бошоткон учурдан кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен Улуттук банкка кызмат адамдар тизмегине өзгөртүүлөр киргизилгендиги тууралуу маалымдоого тийиш.  

Талапкер шайланган/дайындалган учурдан кийинки 10 (он), ал эми резидент эмес шайланган/дайындалган учурдан кийинки 30 (отуз) календардык күн ичинде насыялык бюро төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен насыялык бюронун жетекчисине талапкерди макулдашуу жөнүндө катты/өтүнүч катты Улуттук банкка сунуштоого тийиш:  

1) талапкерди шайлоо/дайындоо жөнүндө же иштен бошотуу жөнүндө чечим кабыл алган ыйгарым укуктуу башкаруу органынын отурумунда толтурулган протоколдун (эмгек келишиминин) тастыкталган көчүрмөлөрү;  

2) насыялык бюронун жетекчисинин милдетин аткарууга талапкерди дайындоо жөнүндө буйруктун (токтомдун, буйруунун) тастыкталган көчүрмөсү. Улуттук банк менен талапкер макулдашылгандан кийин насыялык бюро чечим кабыл алынган күндөн кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде дайындоо жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн сунуштайт;  

3) насыялык бюронун жетекчисинин анкетасы (4-тиркеме).  

21-1. Кредиттик бюронун жетекчисине талапкер кайра шайланган учурда аны Улуттук банк менен макулдашуу талап кылынбайт. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 2021-П-33/53-8-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

22. Эгерде сунушталган маалымат чечим кабыл алуу үчүн жетишсиз болсо, Улуттук банк насыялык бюродон, талапкерден же үчүнчү жактардан кошумча маалымат (документтерди) талап кылышы мүмкүн.  

23. Улуттук банктын насыялык бюронун жетекчисине талапкерди макулдашуу же макулдашуудан баш тартуу жөнүндө чечими 30 (отуз) календардык күн ичинде Төраганын орун басары/көзөмөлдөө жана лицензиялоо маселелерин тескөөгө алган Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү тарабынан кабыл алынат.  

Насыялык бюронун жетекчисине талапкер белгиленген талаптарга жооп бербесе Улуттук банк бул талапкерди макулдашуудан баш тартат жана 10 (он) жумуш күнү ичинде башка талапкерди сунуштоону талап кылат.  

Сунушталган талапкерди макулдашуудан баш тартуу жөнүндө чечим насыялык бюро же талапкер тарабынан Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык, анын ичинде сотко чейин даттануу тартибин сактоо менен даттануу менен кайрылууга болот.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык)  

24. Кызмат адамдарынын курамына өзгөртүүлөр киргизилген шартта, насыялык бюро ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин жана ушул жобого карата 4-тиркемеге ылайык талапкерлер анкетасын сунуштоо менен ал тууралуу маалымдоого милдеттүү.  

4-глава. Насыялык бюрого ишти жүзөгө ашырууга лицензия берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер  

25. Улуттук банк төмөнкү учурларда насыялык бюрого ишти жүзөгө ашырууга лицензия берүүдөн баш тартышы мүмкүн:  

1) ушул жобонун 11 жана/же 13-пункттарында көрсөтүлгөн бир/бир нече документтер берилбесе;  

2) сунушталган уюштуруу жана башка документтер Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык келбесе;  

3) лицензия алуу үчүн берилген документтерде анык эмес же бурмаланган маалыматтар чагылдырылса;  

4) насыялык маалыматты санкциясыз пайдалануудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан, ачыкка чыгарылышынан коргоону камсыз кылган программалык-техникалык комплекси жок болсо же программалык-техникалык комплекс Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келбесе;  

5) насыялык бюронун жетекчиси ушул жобонун 20-пунктунда белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга жооп бербесе.  

26. Лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим өтүнүч ээсине баш тартуу себебин жана бул себептерди четтетүү менен кайталап өтүнүч катты кароого сунуштоо мүмкүнчүлүгү каралган мөөнөттү көрсөтүү менен кат жүзүндө жөнөтүлөт. Мында лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимде көрсөтүлгөн мөөнөт кемчиликтерди четтетүү үчүн зарыл болгон мөөнөткө шайкеш болууга тийиш.  

27. Лицензия алуу үчүн берилген документтерди кайталап кароого алуу бардык зарыл документтер тиркелген өтүнүч кат алынган күндөн тартып 10 (он) календардык күндөн ашпаган мөөнөттө ишке ашырылат. Лицензия берүүдөн баш тартуу чечиминде көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин берилген өтүнүч кат кайталап берилген катары саналат.  

28. Лицензия берүүдөн баш тартуу чечими боюнча сотко даттануу менен кайрылууга болот.  

5-глава. Насыялык бюрого ишти жүзөгө ашырууга берилген лицензияны кайра тариздетүү  

29. Лицензияда көрсөтүлгөн маалыматтар (аталышы, жайгашкан орду) өзгөртүлгөн шартта, насыялык бюронун тиешелүү органы тарабынан чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 (беш) календардык күн ичинде насыялык бюро лицензияны кайра тариздетүү үчүн төмөнкү документтерди Улуттук банкка сунуштоого милдеттүү:  

- насыялык бюронун лицензиясын кайра тариздетүү жөнүндө өтүнүч кат;  

- насыялык бюронун тиешелүү органынын лицензияны кайра тариздетүүгө негиздер тууралуу чечими;  

- юридикалык жактарды каттоодон өткөртүүнү жүзөгө ашырган (жайгашкан орду өзгөргөн учурда) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тастыктамасы (билдирмеси);  

- ижарага алуу келишиминин же жаңы жайга карата укукту белгилөөчү документтердин көчүрмөлөрүн жана ушул жобонун 11-пунктунун 7-пунктчасында көрсөтүлгөн документтерди (жайгашкан дареги өзгөргөн шартта);  

- насыялык бюронун ишкердикти жүзөгө ашырууга лицензиясы.  

30. Улуттук банк бардык зарыл документтер келип түшкөн күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде лицензияны кайра тариздейт жана насыялык бюронун реестрине тиешелүү жазууларды чагылдырат.  

Лицензия кайра тариздетилген шартта, Кыргыз Республикасында белгиленген өлчөмдө мамлекеттик алым алынат.  

(КР Улуттук банк башкармасынын 2019-жылдын 27-февралындагы № 2019-П-33/-9-7-(НФКО) токтомунун редакциясына ылайык)  

31. Лицензия жоголуп/жараксыз болуп калган учурда, насыялык бюро Улуттук банкка жөнөтүлгөн кат жүзүндө билдирменин негизинде лицензиянын дубликатын алууга укуктуу. Лицензия жараксыз болуп калган шартта, өтүнүч катка анын жараксыз болуп калган бланкы кошо тиркелет.  

Лицензиянын жоголуп/жараксыз болуп калган бланктары өтүчүч кат берилген күндөн тартып анык эмес болуп саналат.  

Лицензиянын дубликаты өтүнүч кат берилген учурдан тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде берилет.  

32. Дубликатты берүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө мамлекеттик алым алынат.  

(КР Улуттук банк башкармасынын 2019-жылдын 27-февралындагы № 2019-П-33/-9-7-(НФКО) токтомунун редакциясына ылайык)  

6-глава. Лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу  

33. Улуттук банк насыялык бюронун лицензиясынын аракетин төмөнкү учурларда убактылуу токтотууга укуктуу:  

1) системалуу түрдө (календардык жыл ичинде эки же андан көп жолу) Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын талаптары сакталбаса, ошондой эле алардын ишинде аныкталган кемчиликтерди четтетүү жөнүндө жазма буйруктар аткарылбаса;  

2) системалуу түрдө (календардык жыл ичинде эки же андан көп жолу) анык эмес маалыматтар сунушталса же насыялык бюронун ишине тиешелүү отчеттор жана маалыматтар белгиленген мөөнөттө сунушталбаса;  

3) насыялык бюронун ишине текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүлсө жана/же текшерүүнүн алкагында талап кылынган маалыматтарды жана документтерди берүүдөн баш тартылса;  

4) насыялык маалыматты санкциясыз пайдалануудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан, ачыкка чыгаруудан коргоону камсыз кылган программалык-техникалык комплекс Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келбесе;  

5) насыялык маалыматты сактоо жана андан санкциясыз пайдалануудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан же ачыкка чыгаруудан коргоо камсыз кылынбаса;  

6) насыялык бюронун жетекчиси белгиленген квалификациялык талаптарга жооп бербесе.  

34. Лицензиянын аракетин токтотуу мөөнөтү Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан белгиленет. Мында аныкталган кемчиликти четтетүү үчүн зарыл болгон убакыт эске алынат.  

35. Улуттук банктын лицензиянын аракетин токтотуу чечимине насыялык бюро Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык даттануу менен кайрылышы мүмкүн.  

Сотко чейин жөнгө салуу тартиби милдеттүү түрдө сакталууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык)  

7-глава. Насыялык бюрого ишкердикти жүзөгө ашырууга берилген лицензияны кайтарып алуу жана аракетин токтотуу  

36. Улуттук банк насыялык бюрого ишкердикти жүзөгө ашырууга берилген лицензияны төмөнкү учурларда кайтарып алат:  

1) Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык насыялык бюро төлөөгө жөндөмсүз катары жарыяланса;  

2) Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, насыялык бюрону мажбурлап жоюу жол-жобосу башталса;  

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын кескин жана системалуу түрдөбузууга жол берилсе;  

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган ишти жүзөгө ашырса.  

37. Насыялык бюронун лицензиясын кайтарып алуу чечими Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан кабыл алынат, мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып насыялык бюрого үч жумуш күнү ичинде кат жүзүндө маалымдалат. Лицензиясын кайтарып алуу чечими кабыл алынган насыялык бюро төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырууга милдеттүү:  

1) лицензияны кайтарып алуу билдирмесин алган күндөн тартып ишкердикти жүргүзүүнү дароо токтотууга;  

2) лицензияны кайтарып алуу билдирмесин алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде лицензияны Улуттук банкка тапшырууга жана белгиленген мөөнөт ичинде насыялык маалымат базасын Улуттук банкка өткөрүп берүүгө.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык)  

38. Улуттук банктын лицензияны кайтарып алуу чечимине карата насыялык бюро Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык, анын ичинде сотко чейин даттануу тартибин сактоо менен даттануу менен кайрылышы мүмкүн.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык)  

39. Насыялык бюронун лицензиясынын аракети убактылуу токтотулган же биротоло токтотулган учурда Улуттук банк насыялык бюролор реестрине тиешелүүжазууларды чагылдырат.  

40. Лицензиянын аракети төмөнкү учурларда токтотулат:  

1) насыялык бюро жоюлган шартта;  

2) насыялык бюро лицензияда каралган ишкердикти жүзөгө ашырууну өз эрки боюнча токтотуу өтүнүчү менен кайрылган учурда;  

3) насыялык бюронун лицензиясы кайтарылып алынса;  

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.  

8-глава. Уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана насыялык бюрону мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүү  

41. Насыялык бюронун уюштуруу документтерине сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш. Уставга киргизилгенөзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду Улуттук банк менен макулдашуу үчүн насыялык бюро төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен Уставга өзгөртүүлөрдүжана/же толуктоолорду киргизүү тууралуу өтүнүч катты Улуттук банкка сунуштайт:  

1) насыялык бюронун уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу катышуучулар/акционерлер жалпы жыйынында толтурулган протокол;  

2) насыялык бюронун жаңы редакциядагы уставы;  

3) катышуучулар/акционерлер жөнүндө маалымат жана алардын уставдык капиталдагы үлүшү (насыялык бюронун катышуучуларынын/акционерлеринин курамы жана насыялык бюронун уставдык капитал өлчөмү өзгөргөн шартта);  

4) юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан жана интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан насыялык бюронун болжолдонуп жаткан аталышына окшош же бирдей белгилер жок экендиги тууралуу документ.  

42. Насыялык бюро юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин 20 (жыйырма) календардык күн ичинде ага төмөнкү документтер кошо тиркөө менен билдирме сунуштайт:  

1) насыялык бюронун мөөрү менен тастыкталган, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;  

2) насыялык бюронун мөөрү менен тастыкталган, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу белги коюлган Уставдын көчүрмөсү.  

43. Насыялык бюро, алардын негизинде ишкердикти жүзөгө ашырууга лицензия берилген документтерге башка өзгөртүүлөр киргизилгендиги тууралуу Улуттук банкка 10 (он) жумуш күнүнөн кечиктирилбеген мөөнөттө билдирет.  

44. Насыялык бюро, тастыктоочу документтерди кошо тиркөө менен насыялык бюро жайгашкан жерден башка жерде филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү ачуу/жайгашкан ордун өзгөртүү тууралуу Улуттук банкка билдирүүгө милдеттүү.  

9-глава. Насыялык бюрону кайра өзгөртүп түзүү  

45. Насыялык бюрону кайра өзгөртүп түзүү ушул жобонун талаптарын эске алуу менен мыйзамдарда каралган тартипте жүзөгө ашырылат.  

46. Кайра өзгөртүп түзүү тууралуу чечим кабыл алынгандан кийинки 1 (бир) жумуш күнүнөн кечиктирбестен насыялык бюро Улуттук банкка бул тууралуу кат жүзүндө маалымдайт жана эки ай ичинде тиешелүү жарыялоолорду жалпыга маалымдоо каражаттарында жумасына бир жолу жайгаштырып турат.  

47. Насыялык бюро кайра өзгөртүп түзүлгөн шартта насыялык маалымат базасы Улуттук банктын лицензиясына ээ анын укугу өткөн жакка берилет. Бул учурда насыялык бюронун укугу өткөн жак насыялык маалымат базасын алган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде бул тууралуу насыялык маалыматты сунуштоочуларга жана Улуттук банкка кат жүзүндө маалымдоого милдеттүү. Мында, жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылган кулактандырууларда насыялык бюронун насыялык маалымат базасы анын укугу өткөн жакка өткөрүлүп берилгендиги көрсөтүлөт.  

48. Эгерде насыялык бюронун укугу өткөн жак лицензияга ээ эмес болсо, ошондой эле насыялык бюро жоюлса же лицензиянын аракети токтотулган учурда, насыялык маалымат базасы 3 (үч) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка кайтарымсыз өткөрүлүп берилет.  

10-глава. Насыялык бюрону жоюу  

49. Насыялык бюро Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз эрки менен жоюлушу мүмкүн. Мында ал жоюу тууралуу чечим кабыл алынган учурдан тартып 3 (үч) календардык күн ичинде лицензиясынын түп нускасын жана насыялык маалымат базасын Улуттук банкка өткөрүп берүүгө жана насыялык маалымат алмашуу ишин токтотууга тийиш.  

50. Насыялык бюрону жоюу ушул жобонун талаптарын эске алуу менен мыйзамдарда каралган тартипте жүзөгө ашырылат.  

51. Жоюу чечими кабыл алынгандан кийинки 1 (бир) жумуш күнүнөн кечиктирбестен насыялык бюро Улуттук банкка бул тууралуу кат жүзүндө маалымдайт жана эки ай ичинде тиешелүү жарыялоолорду жалпыга маалымдоо каражаттарында жумасына бир жолу жайгаштырып турат.  

   

   

   

"Насыялык бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө" Жобосуна карата  1-тиркеме  

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы  

Насыялык бюрого лицензия берүү жөнүндө  

ӨТҮНҮЧ КАТ  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык)  

  

___________________________________________________________________________________  

Насыялык бюронун аталышы  

Кыргыз Республикасынын "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Мыйзамына ылайык республиканын аймагында насыялык маалымат алмашуу боюнча кызматтарды жүзөгө ашыруу үчүн лицензия берүүнү өтүнөт.  

___________________________________________________________________________________.  

Насыялык бюронун юридикалык дареги  

___________________________________________________________________________________.  

Насыялык бюронун жетекчисинин/башкарманын төрагасынын аты-жөнү  

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык лицензия алуу үчүн зарыл болгон документтер кошо тиркелет (тизмеси жана документтер ______ барактан турат).  

Сунушталган маалымат анык жана толук экендиги тастыкталат жана анык эмес/бурмаланган документти же маалыматтарды берүү лицензия берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналаарын түшүнөбүз.  

Уюштуруучулар сунушталган маалыматтын аныктыгына толук жоопкерчилик тартышат.  

Уюштуруучулар жөнүндө маалымат (аты-жөнү/юридикалык жактын аталышы, дареги, телефон номери)  

1.  

2.  

3.  

   

Жетекчи/башкарманын төрагасы, кол тамгасы, күнү  

   

   

   

"Насыялык бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө" Жобосуна карата  2-тиркеме  

   

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ  

Насыялык бюронун ишкердикти жүзөгө ашырууга  

_____-жылдын "__" ________ № ____  

ЛИЦЕНЗИЯСЫ  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:  

___________________________________________________________________________________  

Насыялык бюронун толук аталышы  

___________________________________________________________________________________  

Насыялык бюронун кыскартылган аталышы  

___________________________________________________________________________________  

Насыялык бюронун юридикалык дареги  

насыялык бюрого Кыргыз Республикасынын "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Мыйзамына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык насыялык маалымат алмашуу ишин жүзөгө ашырууга укук чегерет.  

Лицензия ажыратылгыс, мөөнөтсүз болуп саналат.  

Ушул лицензияда каралган укуктар үчүнчү жактарга берилүүгө тийиш эмес.  

   

Төраганын көзөмөлдүк жана лицензиялоо ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басары/Башкарма мүчөсү  

   

________________________________  

   

   

   

"Насыялык бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө" Жобосуна карата  3-тиркеме  

Насыялык бюронун катышуучулары/акционерлери тууралуу  

МААЛЫМАТ  

№  

Катышуучунун/  акционердин аты-жөнү/  аталышы  

Ээлик кылуу үлүшү  

Иштеген жери/ иш чөйрөсү  

Паспорттогу маалыматтар/ каттоо маалыматтары  

Жетекчи (юридикалык жак)  

Уюштуруучулар (юридикалык жак)  

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

"Насыялык бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө" Жобосуна карата  4-тиркеме  

   

Сүрөт орду  

Насыялык бюронун кызмат адамынын  

АНКЕТАСЫ  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-11-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

1. Аты-жөнү _________________________________________________________________ 

2. Насыялык бюродо сунушталган позицияны көрсөткүлө __________________________________________________________________________  

(кызмат орду, насыялык бюронун аталышы)  

3. Аты-жөнүңүздү өзгөрткөн болсоңуз, качан жана эмне себептен өзгөртүлгөндүгүн көрсөтүңүз___________________________________________________________________________ 

4. Туулган жылы ___________ туулган жери _______________________________________  

5. Паспорт сериясы ____________ номери ______________ ким тарабынан берилгендиги   

_________________________________________________ берилген күнү ______________  

6. Жарандыгы _______________________________________________________ 

Эмне себептен алынгандыгын көрсөткүлө: туулган жери боюнча, никеге тургандан кийин, башка жагдайлар боюнча - түшүндүрмө бергиле  

_______________________________________________________________________________ 

_______________________________________________________________________________ 

7. Үй дареги (документ боюнча) (үй тел.) ___________________ (уюлдук тел.) __________  

Айкын жашаган жери __________________________________ 

8. Төмөнкүлөр боюнча билими бар экендиги тууралуу маалымат:  

- насыялык бюронун ишин жөнгө салган мыйзам актылары ___________________________ 

- насыялык иш _________________________________________________________________ 

- бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчетту жүргүзүү _______________________ 

9. Негизги иштеген жери жана ээлеген кызматы ____________________________________ 

_______________________________________________________  

10. Кызматтык дареги, телефон, факс _____________________________________________ 

11. Билими ______________________________________________________________ 

(жогорку, толук эмес жогорку, бакалавр, магистр, орто кесиптик, орто)  

Окуу жайынын аталышы жана жайгашкан орду  

Факультети же бөлүмү  

Тапшырган жана аяктаган жылы  

Диплому боюнча адистиги  

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

Окуу борборлору тарабынан жүргүзүлгөн курстарда окутуудан өтүү.  

Семинардын же курстун темасы  

Семинарды уюштуруучу  

Өткөрүлгөн жери  

Өткөрүлгөн күнү  

Сертификаттын болушу  

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

12. Эмгек жолу башталгандан тартып аткарган иши  

Ишке орношкон күнү  

Иштеген  бошогон  күн  

Ээлеген кызматы  

Мекеменин аталышы, жайгашкан орду, жумуш берүүчүнүн аты-жөнү  

Иштен бошоо себеби  

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

13. Акыркы 10 (он) жыл ичинде Сиз буга чейин уюштуруучу, акционер, жетекчи (жетекчиликке Сиз тандалган же дайындалган насыялык бюрону кошо алганда) болуп келген жана/же учурда болуп турган кайсы болбосун өлкөдөгү компанияны көрсөткүлө:  

Компаниянын аталышы, жайгашкан жери  

Компаниянын негизги ишкердик түрү  

Ээлигинде турган акциялардын саны/үлүшү  

Ээлик кылуу суммасы, сом түрүндө  

Компаниянын уставдык капиталдагы үлүшү, %  

Компаниянын жетекчиси  

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

14. Сизге же сиз олуттуу катышуучу, көзөмөлдөөчү адам жана/же Директорлор кеңешинин мүчөсү же башка кызмат адамы катары байланыштуу болгон компанияга карата качандыр бир кезде, кайсы бир өлкөдө:  

- укук бузууларга жана/же кылмыштуулукка жол берилгендиги үчүн күнөө коюлгандыгын  

_____________________________________________________________________________ 

- жаза чарасы колдонулгандыгын (ооба/жок) ____________________________ көрсөткүлө.  

Эгерде колдонулган болсо, укук коргоо органынын/соттун аталышын көрсөтүү менен укук коргоо органы/сот тарабынан коюлган күнөөнү, айыпты, кайсы болбосун мамлекеттик орган тарабынан колдонулган айыпты же жаза чарасын, соттун териштирүү натыйжаларын, чечимдерин толук сүрөттөгүлө:  

______________________________________________________________________________ 

15. Сиз же 14-пунктта көрсөтүлгөн компаниялардын кайсы бири сиз кызмат ордуна талапкер болуп жаткан кредит бюросу менен жалпы кызыкчылыкка ээби? Эгер ээ болсо, толук түшүндүрмө бергиле.  

_______________________________________________________________________________ 

_______________________________________________________________________________  

16. Өтөлүп бүтө элек соттолгондугуңуз барбы? Бар болсо түшүндүрмө бергиле  

_______________________________________________________________________________ 

Сизге карата кесипкөй иштин кайсы бир түрү менен алектенүүгө тыюу салуу тууралуу чечим кабыл алынганбы. Кабыл алынган болсо, түшүндүрмө бергиле _____________________________________________________________________________________ 

17. Сиз жетекчи, кызмат адамы (Директорлор кеңешинин мүчөсү, Башкарманын мүчөсү, башкы бухгалтер/фииансылык менеджер) же олуттуу катышуучу (ээлигинде акциялардын 10 же андан ашык пайызы болсо) катары байланыштуу болгон, мажбурлаган тартипте банкрот деп таанылган же мажбурлап жоюу процессинде турган ар бир компанияны көрсөтүңүз   

_______________________________________________________________________________ 

Сиз байланыштуу болгон жана мажбурлап банкрот кылуу, жоюу шарттары коюлган компаниянын жетекчиси, кызмат адамы же олуттуу катышуучусу катары Сиздин ролуңузга жана жоопкерчилигиңизге толук негиздеме бериңиз __________________________________________________________________  

18. Кимдир бирөө алдында ссудалык карызыңыз (башка милдеттенмеңиз) болсо, ар бир карыз (милдеттенме) боюнча төмөнкү маалыматтарды көрсөтүңүз:  

Кредитордун аталышы  

Берилген күнү  

Займ суммасы, миң сомдо  

Пайыздык чен  

Займ багыты  

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

Күрөөнүн берилиши жана суммасы  

Төлөө мөөнөтү  

Займ боюнча карыз калдыгы, миңсом түрүндө  

Пайыздар боюнча карыз калдыгы, миң сом түрүндө  

Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз (негизги сумма, пайыздар)  

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

19. Кайсы бир финансы-кредит уюмунда жеке кредит боюнча, ошондой эле Сиз гарант, кепилдик берүүчү катары катышкан кредит боюнча карызды төлөй албай калган учурлар болду беле? Болсо, түшүндүрмө бергиле  

_______________________________________________________________________________ 

_______________________________________________________________________________ 

20. Учурда Сиз кайсы бир соттук териштирүүлөргө катышасызбы. Катышсаңыз, түшүндүрмө бериңиз   

_______________________________________________________________________________ 

_______________________________________________________________________________ 

21. Төмөнкү маалыматтарды сунуштагыла:  

1. "__" ___________ карата абал боюнча активдер жана милдеттенмелер тууралуу жеке отчет.  

1-табл.  

   

Активдер  

Суммасы (сомдо/чет өлкө уюштуруучулары үчүн - АКШ долл.)  

1  

Нак акча  

   

2  

Финансы-кредит уюмдарындагы депозиттик каражаттар  

   

3  

Компанияга инвестициялар  

   

4  

Баалуу кагаздар  

   

5  

Кыймылсыз мүлк, анын ичинде күрөөдө турган же ага арест коюлган  

   

6  

Дебитордук карыз, анын ичинде насыяга берилгени  

   

7  

Башка активдер  

   

   

Бардыгы болуп активдер  

   

   

Милдеттенмелер  

   

1  

Кредит боюнча карыз  

   

2  

Кредитордук карыз  

   

3  

Башка милдеттенмелер  

   

   

Бардыгы болуп милдеттенмелер  

   

   

Таза нарк (активдер-милдеттенмелер)  

   

   

Берилген жеке гарантиялар  

   

2-табл.  

   

Киреше булактары  

Өткөн 20__-жыл  

Өтүп жаткан жыл (күтүлүп жаткан сумма) 20__-жыл  

1  

Негизги иштеген орду боюнча эмгек акы (сый акыларды кошо алганда)  

   

   

2  

Дивиденддер  

   

   

3  

Пайыздар  

   

   

4  

Башка кирешелер  

   

   

   

Бардыгы болуп  

   

   

   

Чыгашалар  

   

   

1  

Чыгашалар (жеке, керектөөгө)  

   

   

2  

Кредиттер боюнча төлөөлөр  Негизги сумма  Пайыздар  

   

   

3  

Башка чыгашалар (көрсөтүлсүн)  

   

   

   

Бардыгы болуп чыгашалар  

   

   

   

Таза киреше (чыгаша)  

   

   

22. Үй-бүлөлүк абалы _________________________________________________________  

16 жаштан жогорку туугандарыңызды көрсөткүлө (апасы, балдары, жолдошу, ага-инилери, эже-сиңдилери):  

Аты-жөнү  

Тууганчылык мамилеси  

Туулган күнү жана жери  

Иштеген жери, кызматы  

Үй дареги, телефону  

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

23. Кызмат ордуна Сиз талапкер болуп жаткан насыялык бюро менен кандай кызыкчылыктардан улам байланышыңыз бар экендиги тууралуу толук маалымат бериңиз. Мындан тышкары кызмат ордуна макулдашууда кароого алуу үчүн маанилүү деп санаган кайсы болбосун маалыматты да көрсөтүү зарыл   

_______________________________________________________________________________ 

_______________________________________________________________________________ 

Мен, ______________________________________________________________________________,  

(аты-жөнү)  

анкетада жогоруда келтирилген маалыматтар анык жана толук экендигин жана анкетада көрсөтүлгөн суроолор менен билимиме жана анкетада көрсөтүлгөн суроолор боюнча маалыматка ылайык берилгендигин тастыктаймын. Мен атайылап бурмалоолорго жана жашырып жабууларга жол берген учурда, алар сунушталып жаткан кызмат ордуна макулдашуудан баш тартылууга негиз катары кызмат кылышы жана мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартууга алып келиши мүмкүн экендигин мойнума аламын.  

   

__________________________  Кол тамга  

____-жылдын "__" _____________  күнү