Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын

6-июнунда каттоодон өткөн. Каттоо номери 73-05.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Улуттук банк Башкармасынын

2005-жылдын 4-майындагы

№ 14/2 токтому менен

бекитилген

Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу 

ЭРЕЖЕЛЕРИ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 15-декабрындагы N 37/6, 2006-жылдын 8-февралындагы N 5/8, 2006-жылдын 9-августундагы N 24/5, 2007-жылдын 11-майындагы N 25/2, 2008-жылдын 5-ноябрындагы N 40/7, 2009-жылдын 28-октябрындагы N 43/5, 2010-жылдын 26-майындагы N 36/15, 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/9, 2012-жылдын 12-декабрындагы N 48/10, 2012-жылдын 21-декабрындагы N 50/7, 2013-жылдын 24-апрелиндеги N 13/10, 2013-жылдын 23-октябрындагы N 39/4, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/5, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА), 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ), 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-8-(НФКУ), 2022-жылдын 15-июнундагы № 2022-П-33/37-2-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

I. Жалпы жоболор 

1.1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

1.2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк), Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө", "Кредиттик союздар жөнүндө" мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык экономикалык ченемдерди, талаптарды жана бардык кредиттик союздар тарабынан аткарылууга милдеттүү чектөөлөрдү финансы системасынын туруктуулугун сактоо жана кредиттик союздардын катышуучуларынын таламдарын коргоо максатында белгилейт.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

1.3. Улуттук банк кредиттик союздардын ишинде тобокелдиктерди төмөндөтүү үчүн төмөндөгү экономикалык талаптарды жана чектөөлөрдү белилейт:

- кредиттик союздун капиталынын минималдык өлчөмү жана анын түзүлүшүнүн тартиби боюнча;

- кредиттик союздун катышуучусунун сактык пайынын минималдык өлчөмү боюнча;

- кредиттик союздардын катышуучуларына кредиттерди берүүнүн шарттары боюнча;

- Тышкы булактардан каражаттарды карызга алуу боюнча;

- кредиттик союздун акча каражаттарын инвестирлөө боюнча;

- кредиттик союздар тарабынан түзүлүүчү камдар боюнча;

- отчетту берүүнүн мүнөзү, көлөмү, формаларынын тизмелери жана мөөнөттөрү боюнча.

1.3-1. Улуттук банктан кредиттик союздардын катышуучулары менен чет өлкө валютасында операцияларды жүзөгө ашырууга лицензия алган шартта, депозиттерди тартууга лицензиясы бар кредиттик союздар үчүн лимиттер белгиленет:

- ар бир чет өлкө валютасы боюнча таза валюта позициясына;

- суммардык валюта позицияга.

Валюта позициясынын лимиттерин эсептөө тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы N 39/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

1.3-2. Кредиттик союздар Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы болгон шартта жеке адамдар жана юридикалык жактар менен чет өлкө валютасын алмаштырып берүү боюнча операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыра алат. Мында, чет өлкө валютасын алмаштырып берүү операциялары (бүтүмдөрү) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык ишке ашырылууга тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы N 39/4, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2, 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-8-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1.4. Кредиттик союздар тобокелдиктерди кошумча төмөндөтүү максатында, ушул Эрежелер жана Улуттук банктын башка ченемдик актылары тарабынан белгиленген ченемдердин жана чектө- өлөрдүн маанисин бузбастан туруп, бир кыйла жогорку экономикалык ченемдерди жана чектөөлөрдү белгилей алат.

II. Терминдер жана аныктамалар 

Суммардык капитал - бул, кредиттик союздун институционалдык жана үлүштүк капиталдарынын суммасы.

Институционалдык капитал - бул суммардык капиталдын бөлүгү, ал келечектеги керектөө камдарынан, өтүп жаткан жылдын чыгашаларын эске албаганда, өткөн жылдардын бөлүштүрүлбөгөн пайдаларынан/чыгашаларынан турат.

Үлүштүк капитал - кредиттик союздун катышуучулары тарабынан бир жылдык жана андан ашык мөөнөткө салынган жана алып салуунун өзгөчө мөөнөтүнө ээ болгон сактык пайлардын суммасын камтыйт. Мындай пайларды алуунун мөөнөтү финансылык жыл аяктагандан кийин, катышуучулар тарабынан финансылык жылдын аякташына чейин жарым жылдан кем болбогон мөөнөт калганда табыштамалардын берилиши шартында (учурдагы жылдын 1-июлуна чейин) келип жетет.

өртүнчү абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 15-июнундагы № 2022-П-33/37-2-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

(бешинчи абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 15-июнундагы № 2022-П-33/37-2-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

(КР УББ 2009-жылдын 28-октябрындагы N 43/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

III. Экономикалык ченемедердин жана чектөөлөрдүн сакталышы 

3.1. Кредиттик союздар Улуттук банк тарабынан таандык болгон экономикалык ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү сактоого милдеттүү.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 8-февралындагы N 5/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.1.1. Кредиттик союздарга карата коюлуучу талаптар жана чектөөлөр:

- кредиттик союздун катышуучуларынын сактык пайларынын минималдуу өлчөмү;

- кредиттик союздун катышуучуларынын сактык пайларынын максималдуу жол берилген өлчөмү;

- кредиттик союздун капиталынын минималдуу өлчөмү;

- депозиттик базанын максималдуу өлчөмү.

3.1.2. Кредиттик союздардын иш-аракетин жөнгө салуучу экономикалык ченеми:

- тышкы карыз алуучулардын максималдуу өлчөмүнүн ченеми (Н1);

- бир карыз алуучуга карата тобокелдиктин максималдуу өл чөмүнүн ченеми (Н2);

- финансы-кредиттик уюмунун капиталына инвестициялардын максималдуу өлчөмүнүн ченеми (Н3);

- негизги каражаттарга инвестициялардын максималдуу өл чөмүнүн ченеми (Н4);

- өтүмдүүлүк ченеми (Н5);

- капиталдын шайкештиги ченеми (Н).

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.1.3. 3.1.2 пунктчасында көрсөтүлгөн экономикалык ченемдер (нормативдер), өз катышуучуларынан депозиттерди тартпаган жана Кыргыз Республикасындагы өз катышуучуларынан депозиттерди тартууга укук берген лицензияны алуу билдирме алынганга жана/же Адистештирилген финансы-кредиттик мекеме "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсынын (мындан ары - КСФК) кредит алынганга чейин кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча КСФК карызы болбогон кредиттик союздарга таркатылбайт.

(КР УББ 2006-жылдын 8-февралындагы N 5/8, 2006-жылдын 9-августундагы N 24/5, 2012-жылдын 12-декабрындагы N 48/10 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3.2. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 15-июнундагы № 2022-П-33/37-2-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

3.3. Өтүмдүүлүк ченемдеринин мааниси (Н5) депозиттерди тартпоочу (Н5-1) жана депозиттерди тартуучу (Н5-2) кредиттик союздар болуп, бөлөк аныкталат.

IV. Кредиттик союздарга коюлуучу талаптардын жана чектөөлөрдүн мааниси 

4.1. Кредиттик союзга кирээрде катышуучу тарабынан салынуучу сактык пайдын минималдуу өлчөмү 1 (бир) миң сомдон кем болбоого тийиш.

4.2. Бир катышуучунун сактык пайынын максималдуу өлчөмү кредиттик союздун бардык төлөнгөн сактык пайларынын суммасынын 10% ашпайт.

4.3 Кредиттик союздун капиталынын минималдуу өлчөмү:

а) депозиттерди тартуу укугуна лицензиясы жок кредиттик союздар үчүн кеминде 30000 (отуз миң) сом;

б) кредиттик союздун катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна лицензиясы бар кредиттик союздар үчүн - кеминде 2000000 (эки миллион) сомду түзүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 5-ноябрындагы N 40/7, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

4.4. Кредиттик союздун катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна лицензияга ээ кредиттик союздар үчүн депозиттик базанын максималдуу өлчөмү институционалдык капиталдын өлчөмүнүн 450% ашпоого тийиш.

4.5. Кредиттик союздун катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна лицензиясы бар кредиттик союздар үчүн негизги суммасы жана/же пайыздары мөөнөтүндө төлөнбөй өткөрүлүп жиберилген кредиттердин негизги суммасы боюнча чогуу алгандагы карыздардын кредит портфелине карата катышы 5% ашпоого тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 11-майындагы N 25/2, 2008-жылдын 5-ноябрындагы N 40/7 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

V. Экономикалык ченемдерди эсептөөнүн тартиби 

5.1. Кредиттик союздун сырттан карыз алууларынын максималдуу өлчөмүнүн ченеми (норматив Н1) кредит союз алышы мүмкүн болгон сырттан карыз алуулардын максималдуу өлчөмүн түшүндүрөт.

Кредиттик союздун тышкы карыз алууларынын максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөдө тышкы карыз алуулардын суммасына, кредиттик союздун Кыргыз Республикасынын «Кредиттик союздар жөнүндө» мыйзамында каралган жана мамлекеттик программалар боюнча карыз алуулары камтылат.

(үчүнчү абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 15-июнундагы № 2022-П-33/37-2-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

(КР УББ 2005-жылдын 15-декабрындагы N 37/6, 2006-жылдын 9-августундагы N 24/5, 2007-жылдын 11-майындагы N 25/2, 2009-жылдын 28-октябрындагы N 43/5, 2022-жылдын 15-июнундагы № 2022-П-33/37-2-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

5.1.1 (КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 15-июнундагы № 2022-П-33/37-2-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

5.1.2. Биринчи жыл иштеген кредиттик союздар үчүн, ошондой эле мамлекеттик программалар боюнча карыз алуучу кредиттик союздар үчүн, тышкы карыз алуулардын максималдуу өлчөмүнүн ченеми (Н1) төмөнкү формула боюнча аныкталат:

Н1 () СК х 4

Тышкы карыз алуулардын максималдуу өлчөмүнүн ченеминин (Н1) мааниси суммардык капиталдын төрт эселенген өлчөмүнөн ашпоого тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 11-майындагы N 25/2, 2022-жылдын 15-июнундагы № 2022-П-33/37-2-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

5.1.3. 1 жылдан көбүрөөк иштеп калган жана/же катышуучуларынан депозит тартууга лицензиясы болгон кредиттик союздарга сырттан карыз алуулардын максималдуу өлчөмү ченеми таркатылбайт.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы N 36/15, 2022-жылдын 15-июнундагы № 2022-П-33/37-2-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

5.2. Бир карыз алуучуга карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемдери (Н2)

5.2.1. Ушул эреженин чегинде карыз алуучу катары кредиттик союздун катышуучусу же кредиттик союздун өз ара байланышта болгон катышуучулары эсептелет, кредиттик союздун алдында кредиттер боюнча карызы бар.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-октябрындагы N 43/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.2.2. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 15-июнундагы № 2022-П-33/37-2-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

5.2.3. Бир карыз алуучуга карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми (Н2), төмөнкү формула боюнча аныкталат:

Н2 = МК / СК х 100 () 20%, мында:

МК - бир карыз алуучуга берилген кредиттер боюнча чогуу алгандагы карыздын максималдуу өлчөмү;

СК - кредиттик союздун суммардык капиталы.

Бир карыз алуучуга карата максималдуу тобокелдиктин ченеминин мааниси (Н2) суммардык капиталдын 20% ашпоого тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 8-февралындагы N 5/8, 2022-жылдын 15-июнундагы № 2022-П-33/37-2-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

5.2.4. Өз катышуучуларынан депозиттерди тартпаган жана Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсынын (мындан ары - КСФК) алдында карызы болбогон кредиттик союздар өз кредиттик саясатында бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүн белгилөөгө тийиш, ал катышуучулардын Жалпы жыйналышы тарабынан белгиленет.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 9-августундагы N 24/5, 2012-жылдын 12-декабрындагы N 48/10 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

5.2.5. Кредиттик союздун капиталына чегерүү үчүн катышуучуларына кредиттерди берүүгө кредиттик союзга тыюу салынат. Кредиттик союз кредиттерди катышуучулар тарабынан аларды төлөөнүн кубаттуу мүмкүнчүлүгүн анализдөөнүн негизинде берүүгө тийиш. Бул потенциал катышуучулар тарабынан кредиттик каражаттарды рентабелдүү пайдаланышына жана кредиттерди төлөө үчүн жетиштүү болгон акча агымдарын катышуучу тарабынан генерирлөөгө жөндөмдүүлүгүнө анализ жүргүзүү жолу менен аныкталат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 9-августундагы N 24/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.2.6. Кредиттик союзга Кыргыз Республикасынын "Кредиттик союздар жөнүндө" Мыйзамы тарабынан каралган учурларды эске албаганда, кредиттик союздардын катышуучуларынын сактык пайларынын эсебинен кредиттер боюнча карыздарды төлөөнү жүзөгө ашырууга уруксат берилбейт.

5.2.7. Н2 ченемдерин эсептөөдө айрым карыз алуучулардын бардык карыздары эгерде, бир карыз алуучунун карыздарынын кайтарылбашы башка карыз алуучунун карыздарынын кайтарылбоо проблемасын пайда кыла турган болсо, бир карыз алуучуга карата тобокелдик катары суммаланат жана каралат. Мында ар кайсы карыз алуучулардын карыздарын аларды бирдиктүү тобокелдик катары суммалоо өңүтүндө кароо менен карыз алуучулардын өзара байланыштуулук деңгээлин эске алуу керек:

- кредиттик союздун катышуучуларынын экономикалык иштеринин түрү боюнча (мисалы, бир катышуучунун иши жалпы таламдар менен байланыштуу же кредиттик союздун башка катышуучулары тарабынан контролдонот);

- кредитти төлөөнүн булактары боюнча (мисалы, бир нече карыз алуучулар бир иш менен байланыштуу же чарбачылыкты бирге жүргүзүшөт);

- кредитти камсыз кылуу боюнча (мисалы, кредиттик союздун бир нече катышуучуларынын кредиттерин камсыздоого бир күрөө берилет).

5.3. Улуттук банктан лицензия алышкан финансы-кредиттик уюмдардын капиталына инвестициялардын максималдуу өлчөмүнүн ченемдери (Н3).

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

5.3.1. Кредиттик союзга Улуттук банктан лицензия алышкан финансы-кредиттик уюмдардын капиталына инвестицияларды жүзөгө ашыра алат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

5.3.2. Кредиттик союз Улуттук банктан лицензия алышкан финансы-кредиттик уюмдардын капиталына инвестициялардан тышкары, юридикалык жактардын баалуу кагаздарына жана капиталына инвестицияларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банк тарабынан чыгарылган казына векселдерине жана башка өтүмдүүлүгү жогору баалуу кагаздарга инвестицияларды жүзөгө ашырууга тыюу салынат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

5.3.3. Кредиттик союздун Улуттук банктан лицензия алышкан, КСФКнын капиталына инвестицияларды эске албаганда финансы-кредит уюмдарынын капиталына инвестицияларынын суммасы суммардык капиталдын 15% ашпоого тийиш.

Финансы-кредит мекемелеринин капиталына инвестициялардын максималдуу өлчөмүнүн ченеми (Н3) төмөндөгү формула боюнча аныкталат:

Н3 = СИ / СК х 100 () 15%, бул жерде:

СИ - КСФКнын капиталына инвестицияларды кошпогондо, Улуттук банктан лицензия алышкан финансы-кредит мекемелеринин капиталына инвестициялардын чогуу алгандагы суммасы;

СК - кредиттик союздун суммардык капиталы.

(КР Улуттук банк 2012-жылдын 21-декабрындагы N 50/7, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА), 2022-жылдын 15-июнундагы № 2022-П-33/37-2-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

5.3.4. Кредиттик союздун же өз ара байланыштуу кредиттик союздардын КСФКнын капиталына инвестицияларынын суммасы, КСФКнын уставдык капиталынын 15 пайызынан ашпоого тийиш.

Өз ара байланыштуу кредиттик союздар деп, жалпы тике же кыйыр контролдук алдында турган кредиттик союздарды түшүнүү зарыл.

Жалпы тике же кыйыр контролдук деп, жеке адамдын же юридикалык жактын, кредиттик союздун үлүштүк капиталына катышуусунан көз карандысыз, кредиттик союздун жетекчилигине же саясатына өз алдынча же башка жактар менен биргелешип таасир эте алуу мүмкүнчүлүгүн түшүнүү зарыл.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 21-декабрындагы N 50/7, 2022-жылдын 15-июнундагы № 2022-П-33/37-2-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

5.4. Негизги каражаттарга инвестициялардын максималдуу өлчөмүнүн

ченеми (Н4).

5.4.1. Кредиттик союз кредиттөө үчүн, пайдаланылбаган бош акча каражаттарын негизги каражаттарга инвестирлей алат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-октябрындагы N 43/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.4.2. Негизги каражаттарга инвестициялардын максималдуу өлчөмү (Н4) төмөнкү формула боюнча аныкталат:

Н4 = НК/СК х 100 () 20%, мында:

НК - негизги каражаттарга инвестициялардын суммасы (грант жана кайтарымсыз жардам катарында алынган негизги каражаттардан тышкары);

СК - кредиттик союздун суммардык капиталы;

Кредиттик союздун имарат, жер, эмерек жана жабдуулар сыяктуу (грант жана кайтарымсыз жардам катарында алынган негизги каражаттардан тышкары) кредиттик союз тарабынан өзүнүн чарба иштерин жүргүзүүсү үчүн зарыл болгон негизги каражаттарга чогуу алгандагы салымдары, суммардык капиталдын 20% ашпоого тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 8-февралындагы N 5/8, 2022-жылдын 15-июнундагы № 2022-П-33/37-2-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

5.4.3. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 8-февралындагы N 5/8 токтомуна ылайык алынып салынды) 

5.5. Өтүмдүүлүк ченемдери (Н5)

5.5.1. Депозиттерди тартпай турган кредиттик союздардын, өтүмдүүлүк ченемдери (Н5-1) төмөндөгүдөй формула боюнча аныкталат:

Н5-1 = ӨА / М х 100 () 2%, бул жерде:

ӨА

-

кредиттик союздардын төмөндөгүлөрдү камтуучу өтүмдүү активдери:

 

-

кредиттик союздун кассасындагы акча каражаттары; - банктардагы эсептешүү жана депозиттик эсептердеги акча каражаттары; - күрөөгө коюлгандарды эске албаганда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банкы тарабынан чыгарылган казына векселдери жана башка өтүмдүүлүгү жогору баалуу кагаздар;

М

-

учурдагы жана өткөн жылдардын дивиденддери боюнча камдарды, келерки жылдын кирешелерин эске албаганда, кредиттик союздун бардык милдеттенмелери.

Депозиттерди тартпоочу кредиттик союздар үчүн өтүмдүүлүктүн ченеми (Н5-1) 2% кем болбоого тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 15-июнундагы № 2022-П-33/37-2-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

5.5.2. Депозиттерди тартуучу кредиттик союздар үчүн өтүмдүүлүктүн ченеминин мааниси (Н5-2) төмөндөгүдөй формула боюнча аныкталат:

Н5-2 = (ӨА - КМ) / (Ү + СП) х 100 () 15%, бул жерде

ӨА - кредиттик союздун, төмөндөгүлөрдү камтуучу өтумдүу активдери: - кредиттик союздун кассасындагы акча каражаттары; - банктардагы эсептешүү жана депозиттик эсептердеги акча кара жаттары;

- күрөөгө коюлагандарды эске албаганда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банкы тарабынан чыгарылган казына векселдери жана башка өтүмдүүлүгү жогору баалуу кагаздар;

КМ

-

кредиттик союздун кыска мөөнөттүү милдеттенмелери, алар боюнча эсептөөлөр отчеттук датадан кийинки 30 күндүн ичинде жүзөгө ашырылат;

Д

-

кредиттик союздун депозиттери, аларды төлөөнүн мөөнөтү 30 күндөн ашык;

Сактык пай

-

12 айга чейинки мөөнөттө алуу менен жана отчеттук күндөн кийинки 30 күн ичинде төлөө мөөнөтү каралган депозиттерди алуу менен сактыкпайлар..

Депозиттерди тартуучу кредиттик союздар үчүн, өтүмдүүлүктүн ченемдеринин мааниси (Н5-2) 15% кем болбоого тийиш.

Өз катышуучуларынан депозиттерди тарткан кредиттик союздар, ликвидүүлүк тобокелигин тескөө максатында ликвиддүүлүк ченемин (көрсөткүчү) эсептөөнү ар жумалык негизде жүзөгө ашырууга тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 8-февралындагы N 5/8, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/5 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

5.6. Капиталдын ченеминин шайкештиги (Н6)

5.6.1. Капиталдын шайкештигинин ченеми (Н6), эки коэффициент боюнча аныкталат:

- институционалдык капиталдын шайкештигинин ченеми (Н6-1);

- суммардык капиталдын шайкештигинин ченеми (Н6-2).

5.6.2. Институционалдык капиталдын капиталдын шайкештигинин ченеми (Н6-1) төмөндөгүдөй формула боюнча аныкталат:

Н6-1 = ИК / СА х 100 10%, бул жерде

ИК - кредиттик союздун институционалдык капиталы;

СА - кредиттик союздун суммардык активдери.

Институционалдык капиталдын шайкештик ченеминин мааниси (Н6-1) 10% кем болбоого тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 15-июнундагы № 2022-П-33/37-2-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

5.6.3. Суммардык капиталдын шайкештик ченеми (Н6-2) төмөнкү формула боюнча аныкталат:

Н6-2 = СК / СА х 100 15%, мында:

СК - кредиттик союздун суммардык капиталы;

СА - кредиттик союздун суммардык активдери.

Суммардык капиталдын шайкештик ченеминин мааниси (Н6-2) 15% кем болбоого тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 15-июнундагы № 2022-П-33/37-2-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

5.6.4. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 15-июнундагы № 2022-П-33/37-2-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

5.6.5. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 15-июнундагы № 2022-П-33/37-2-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

5.6.6. Кредиттик союздун катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна лицензиясы бар кредиттик союздар үчүн институционалдык капиталдын (Н6-1) шайкештиги нормативинин мааниси 12% деңгээлинде белгиленет.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 5-ноябрындагы N 40/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

VI. Кредиттик союздардын отчеттору 

6.1. Кредиттик союздардын иш-аракетин жөнгө салууну жүзөгө ашыруу максатында, кредиттик союздар Улуттук банктын Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы (мындан ары - УФСО) же Улуттук банктын областтык башкармалыктары/Баткен областындагы өкүлчүлүгү отчетторду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында бекитилген тартипте берүүгө тийиш.

Чүй областында жана Бишкек шаарында жайгашкан кредиттик союздар отчетту Улуттук банктын Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгына сунуштоого тийиш.

Республиканын башка областтарында жайгашкан кредиттик союздар отчетторун Улуттук банктын тиешелүү областтык башкармалыгына/Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө сунуштоого тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 8-февралындагы N 5/8, 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/9, 2013-жылдын 24-апрелиндеги N 13/10 токтомдорунун редакциясына ылайык) 

6.2. Экономикалык ченемдердин, талаптардын жана чектөөлөрдүн сакталышы жөнүндө маалыматтар кредиттик союздар тарабынан Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 16-январындагы N 3/3 токтому менен бекитилген "Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобонун талаптарына ылайык берилет.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 24-апрелиндеги N 13/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

6.3. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 24-апрелиндеги N 13/10 токтомуна ылайык алынып салынды) 

VII. Экономикалык ченемдердин жана чектөөлөрдүн сакталышына көзөмөл 

7.1. Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү кредиттик союздардын ишине көзөмөлдүктү жүзөгө ашырат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

7.2. Кредиттик союздар тарабынан экономикалык ченемедердин жана чектөөлөрдүн сакталышына текшерүү кайсы болбосун датага карата берилген отчет жана маалымат боюнча алардын иш-аракетин окуп үйрөнүү жана анализ берүү, ошондой эле жеринде текшерүүлөрдү жүргүзүү жолу аркылуу жүргүзүлөт.

7.3. Экономикалык ченемедердин жана чектөөлөрдүн сакталбагандыгы, так эмес маалыматтарды берилгендиги, маалыматтарды жана отчетторду убагында берилбегендиги же банк мыйзамдарын бузууга жол берилгендиги фактыларынын бети ачылганда Улуттук банк Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык таасир этүү чараларын колдонот.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

 

 

1-тиркеме

Экономикалык ченемедерди жана чектөөлөрдү сактоо жөнүндө 

МААЛЫМАТ 

(КР УББ 2009-жылдын 28-октябрындагы N 43/5, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

Ченемдердин жана чектөөлөрдүн аталышы 

Ченемдердин, чектөөлөрдүн формуласы жана эсептелиши 

Ченемдердин, чектөөлөрдүн маанисин белгилөө 

Кредиттик союздун аракеттенүү мөөнөтү 

Ченемдердин, чектөөлөрдүн иш жүзүндөгү мааниси 

Четтөө 

Кредиттик союздун тышкы карыз алууларынын максималдуу өлчөмүнүн ченеми (Н1)

 

 

 

 

 

Бир карыз алуучунун тобокелдигинин максималдуу өлчөмүнүн ченеми (Н2)

 

 

 

 

 

Улуттук банктан лицензия алышкан финансы кредиттик уюмдардын капиталына инвестициялардын максималдуу өлчөмүнүн ченеми (Н3)

 

 

 

 

 

Негизги каражаттарга инвестициялардын максималдуу өлчөмүнүн ченеми (Н4)

 

 

 

 

 

Өтүмдүүлүк ченеми (Н5)

 

 

 

 

 

Институционалдык капиталдын шайкештигинин ченеми (Н6-1)

 

 

 

 

 

Суммардык капиталдын шайкештигинин ченеми (Н6-2)

 

 

 

 

 

Депозиттик базанын максималдуу өлчөмүнүн ченеми

 

 

 

 

 

Эскертүү: "Экономикалык ченемдердин жана чектөөлөрдүн сакталышы жөнүндө маалыматтар" деген таблицаны толтуруу учурунда, кредиттик союздар ушул Эрежелерде белгиленген талаптарга таянуусу зарыл.