Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын 14-августундагы  

№ 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомуна карата 

2-тиркеме 

 

Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө 

ЖОБО 

 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 2021-П-33/53-8-(НФКУ), 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-3-(НФКУ) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) ушул жобо аркылуу коммерциялык банктар (мындан ары - банктар), алардын алмашуу пункттары, микрофинансылык компаниялар (мындан ары - МФК), микрокредиттик компаниялар (мындан ары - МКК), кредиттик союздар (мындан ары - КС), алмашуу бюролору жана адистештирилген финансы мекемелери тарабынан республика аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларынын Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүшү тартибин аныктаган. 

Жобо, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Мыйзамда каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Мамлекеттик өнүктүрүү банкына таркатылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияга ээ болгон юридикалык жак өз каражаттарынын эсебинен (жүгүртүү каражаттарынын чегинде) өз атынан, эч кандай чектөөлөрсүз нак чет өлкө валютасын Кыргыз Республикасынын Улуттук валютасына (сом) гана накталай сатып алууга жана сатууга укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 2021-П-33/53-8-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Нак эмес эсептешүүлөр боюнча нак жана нак эмес чет өлкө валютасын сатуу, сатып алуу, жол чектерин төлөө жана чет өлкө валютасындагы төлөмдөр Улуттук банктын тиешелүү лицензиясына ээ болгон банктар тарабынан гана жүргүзүлөт. 

3. Бул жободо төмөнкү терминдер пайдаланылат: 

Банк - бул, Улуттук банктын операцияларды чет өлкө валютасында жүргүзүүгө укук чегерген лицензиясына ээ болгон банк. 

Квитанция-маалымдама ушул Жобонун максатында, бул, кардар менен ишке ашырылган нак чет өлкө валютасын алмашуу операциясын тастыктаган документ. 

Кредиттик союз - бул, кооператив формасында түзүлгөн финансы-кредит уюму. Кредиттик союз өз катышуучуларынын жеке жыйымдарын топтоп бириктирүү аркылуу аларга жардам көрсөтүү, топтолгон акча каражаттарын өз ара кредиттөө үчүн пайдалануу, ошондой эле башка финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптери ылайык кызматтарды сунуштоо максатында иш алып барат. 

Логин - системадан (порталдан) пайдалануучулар катары МФКны, МККны, КСти, алмашуу бюросун жана адистештирилген финансы мекемелерин идентификациялоочу кандайдыр бир символдор топтому. 

Микрофинансылык компания - акционердик коом формасында түзүлгөн, Улуттук банктан лицензия алып, юридикалык жактарга жана жеке адамдарга чакан өлчөмдө кредиттерди берүү операцияларын, операциялардын башка түрлөрүн, анын ичинде жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мыйзамдарда каралган тартипте мөөнөттүү аманаттарды тартуу операцияларын жүзөгө ашырган адистештирилген финансы-кредит уюму. 

Микрокредиттик компания - бул, Улуттук банктан тиешелүү күбөлүк алып, юридикалык жактарга жана жеке адамдарга чакан өлчөмдө кредиттерди берүү операцияларын, мыйзамдарда каралган тартипте операциялардын башка түрлөрүн жүзөгө ашырган кандай болбосун уюштуруу-укуктук формада түзүлгөн адистештирилген финансы-кредит уюму. 

Резидент эместер - бул резидент болуп саналбаган жактар. 

Алмашуу пункту - Улуттук банктын лицензиясына ылайык банктар, адистештирилген финансы-кредит уюмдары жана кредиттик союздар тарабынан нак чет өлкө валютасында алмашуу операциялары жүзөгө ашырылуучу атайы жабдылган жай. 

Алмашуу бюросу - юридикалык жак тарабынан түзүлгөн жана Улуттук банктын лицензиясына ылайык нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашыруу үчүн каралган атайы жабдылган пункт. 

Алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттары - алмашуу бюросун ачуу үчүн Улуттук банкка өтүнүч кат берген учурдагы алмашуу бюросунун өздүк каражаттарынын суммасы, алмашуу бюросунун ишинин жүрүшүндө алынган пайда же чыгым, ошондой эле тартылган каражаттар. 

Финансылык чалгындоо органы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы. 

Пароль - порталдан пайдалануучулар (МФК, МКК, КС, алмашуу бюролору жана адистештирилген финансы мекемелери) үчүн каралган, маалымат коопсуздугу талаптарына ылайык келүүгө тийиш болгон символдордун купуя/кайталангыс топтому. 

Логин жана пароль Улуттук банк тарабынан ыйгарылат жана алмашуу бюросунун, МФК, МКК, КС жана адистештирилген финансы мекемесинин жетекчисине лицензия менен кошо берилет. Логинди жана паролду үчүнчү жактарга (МФК, МКК, КС, алмашуу бюролоруна жана адистештирилген финансы мекемесине тиешеси жок жактарга) маалымдоого (ачыкка чыгарууга) тыюу салынат. 

Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) алардын катышы бар деген маалыматтар болгон жактардын, топтордун, уюмдардын тизмеги - финансылык чалгындоо органы аларды түзүү жана жаңылоо үчүн жооптуу болгон тизмек. 

Шектүү операция (бүтүм) - бул, төмөндө көрсөтүлгөн белгилер байкалган операция (бүтүм): 

а) түшкөн каражаттын кылмыш жолу менен алынгандыгына, анын ичинде кылмышка барууну шарттаган жагдайлардан же ушундай жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) байланыштуу алынган киреше экендигине шектенүүлөр орун алса же ага жетиштүү негиздер болсо; 

б) алынган каражаттар: 

- террористтерди жана экстремисттерди; 

- террористтик жана экстремисттик уюмдарды (топторду); 

- террористтик жана экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого байланыштуу алынган каражат экендигине шектенүүлөр же жетиштүү негиздер болсо. 

Чектүү сумма - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген маани (өлчөм). 

Портал - бул, Улуттук банк тарабынан отчет берүүчү уюмдардан (МФК, МКК, КС, алмашуу бюролору жана адистештирилген финансы мекемесинин) отчетторду электрондук форматта алуу үчүн иштелип чыккан, интернет-сайт каражаттарынан маалымат топтоо мүмкүнчүлүгү каралган автоматташтырылган система, ал ошондой эле отчет берүүчү уюмдарга (МФК, МКК, КС, алмашуу бюролору жана адистештирилген финансы мекемеси) чет өлкө валютасындагы операциялар тууралуу отчетторду сунуштоого мүмкүндүк берген бирден-бир каражат болуп саналат. 

Резиденттер - бул: 

1) Кыргыз Республикасында туруктуу жашап жаткан, анын ичинде чет өлкөдө убактылуу жашап турган жеке адамдар. Кыргыз Республикасында туруктуу жашап калган чет өлкөлүк жеке адамдар тиешелүү органдарга иммиграция тууралуу билдирме сунуштагандан кийин резидент болуп калышат; 

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн, Кыргыз Республикасында жайгашкан юридикалык жактар; 

3) Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө жайгашкан дипломатиялык жана башка расмий өкүлчүлүктөрү

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн, Кыргыз Республикасында жайгашкан чет өлкө юридикалык жактарынын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү

5) Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө жайгашкан юридикалык жактарынын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү

Санкциялык тизме - алардын террористтик жана экстремисттик иш-аракеттерге жана массалык кырып жок кылуучу курал-жарактарды таркатууга катышы бардыгы тууралуу маалыматтар болгон жеке адамдардын, юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмеси. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 2021-П-33/53-8-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

2-глава. Банктардын, алмашуу бюролорунун, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялардын, кредиттик союздардын, адистештирилген финансы мекемелеринин укуктары жана милдеттери 

4. Банктар, алмашуу бюролору, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелери өз ишин өз алдынча уюштурат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аларга ыйгарылган компетенциянын чегинде жүзөгө ашырат. 

5. Алмашуу бюросу валюталарды алмашуу ишин лицензиянын колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин эле токтотууга укуктуу. Мында алмашуу бюросу 3 (үч) жумуш күнү ичинде бул иш багытын токтотуу себептери көрсөтүлгөн катты жана лицензиянын түп нускасын Улуттук банктын кароосуна берүүгө тийиш. 

Кошумча алмашуу бюросун ачкан алмашуу бюросу кошумча алмашуу бюросунун каттоодон өткөндүгү жөнүндө катты да берүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

6. Банктар, алмашуу бюролору, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелери нак чет өлкө валютасы менен ишке ашырылган алмашуу операциялары боюнча маалыматты (отчетту) өз алдынча чогултууга, жалпылоого жана Улуттук банкка сунуштоого милдеттүү

Адистештирилген финансы мекемелери нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операциялары боюнча отчетту электрондук түрдө күн сайын берип турууга тийиш. 

Мында МФК, МКК, КС, алмашуу бюролору жана адистештирилген финансы мекемелери портал аркылуу нак чет өлкө валютасында ишке ашырылган алмашуу операциялары боюнча отчетторду бардык валюталар боюнча өз-өзүнчө күн сайын сунуштап турууга тийиш. 

7. Банк төмөнкүлөргө милдеттүү

1) бардык зарыл отчетторду жана талап кылынган такталган маалыматтарды Улуттук банкка өз убагында сунуштап турууга; 

2) алмашуу пункттарын нак чет өлкө валюталарын алмаштыруу операцияларына тиешелүү ченемдик документтер жана башка маалыматтар менен өз убагында тааныштырууга; 

3) алмашуу пунктунун иши нак акчаны кабыл алуу жана берүүгө байланыштуу болгон кассирлерин (жумушчуларын) окутууну уюштурууга, аларга тиешелүү сертификат (күбөлүк) тапшыруу менен кассалык операцияларды жүргүзүү тартибине, чет өлкө валюталары менен иштөө жана акча белгилеринин аныктыгын тактоо ыкмаларына үйрөтүүгө(*); 

4) эгерде нак чет өлкө валютасын алмаштыруу операциясынын суммасы чектүү суммага барабар болсо кардарлар менен ишке ашырылган операцияларды каттоо журналында (мындан ары - Журнал) ишке ашырылган операциялар тууралуу зарыл маалыматтарды, анын ичинде кардар тууралуу маалыматты чагылдырууга жана операция жүзөгө ашырылгандан кийинки 3 (үч) жумуш күнүнөн кечиктирбестен финансылык чалгындоо органына сунуштоого. 

Журналга номер коюлуп, көктөлүп, ага банктын мөөрү басылууга тийиш (1а-тиркемеси). Алмашуу пункттарында маалыматтын сакталышын камсыз кылган коопсуздук системасы орнотулган шартта, журналды электрондук түрдө жүргүзүүгө жол берилет, ошондой эле журналдагы маалыматтар мезгил-мезгили менен көчүрмөлөнүп турат. Көрсөтүлгөн пунктчадагы маалыматтар кеминде 5 (беш) жыл сакталып турууга тийиш. 

Эскертүү: (*) Окутуулар Улуттук банк тарабынан же окутуу ишин жүргүзүүгө Улуттук банк тарабынан ыйгарым укук чегерилген окуу жайы тарабынан жүргүзүлөт. 

8. Банктар, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелери төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого; 

2) нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартибин сактоого; 

3) кассалык операцияларды ишке ашыруу тартибин так сактоого; 

4) Улуттук банктын кызматкерлерине текшерүү жүргүзүү үчүн негиз болуп саналган документтер болгон шартта иш процессин текшерүүсү максатында алмашуу бюросунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелеринин касса жайларына жана башка жайларына тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга; 

5) кызматкерлерди материалдык баалуулуктар менен иштөө эрежелери жана нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби менен тааныштырууга; 

6) салык органдарында белгиленген тартипте каттоодон өткөн, фискалдык карта менен жабдылган контролдук-кассалык машинаны же компьютерди пайдаланууга; 

7) банкноттордун аныктыгын текшерүү үчүн валюта детекторун пайдаланууга; 

8) менчик укугун тастыктаган күбөлүккө же болбосо тиешелүү жайды ижарага алуу келишимине ээ болууга; 

9) жарнамалык көрнөктөрдү, иш тартибин, ошондой эле валюталарды сатуу жана сатып алуу курстары чагылдырылган маалымат стендин жана алмашуу бюролорунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелеринин кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануучулар (кардарлары) үчүн маалыматтарды жайгаштырууга; 

10) мыйзам талаптарына ылайык аталышы, дареги, идентификациялык салык номери (ИНН) көрсөтүлгөн мөөрү (штампы) милдеттүү түрдө болушу зарыл; 

11) маалымдама-сертификат китепчелери болууга тийиш; 

12) керектөөчүнүн талабы боюнча лицензиянын ээсинин (аты-жөнү) аталышы, каттоодон өтүүдө ага ыйгарылган номер жана катталган күнү, валютаны алмаштырып берген алмашуу бюросунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелеринин кызматкеринин аты-жөнү тууралуу маалыматтарды ага сунуштоого; 

13) алмашуу бюросунун, алмашуу пунктунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелеринин кызматкерлери жана кардарлары үчүн коопсуздук шарттарын камсыз кылууга; 

14) алмашуу бюросунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелеринин иши нак акчаны кабыл алуу жана берүүгө байланыштуу болгон кызматкерлерин окутуудан өткөрүүнү уюштурууга, тиешелүү сертификат (күбөлүк) алуу менен кассалык операцияларды жүргүзүү тартибине, чет өлкө валютасы менен иштөөгө жана акча белгилеринин аныктыгын тактоо ыкмаларына үйрөтүүгө

15) Улуттук банкка отчетторду сунуштап туруу үчүн тиешелүү техникалык жабдууларга ээ болууга; 

16) жүзөгө ашырылган алмашуу операциялары боюнча отчеттук маалыматтарды Улуттук банкка өз убагында жана так сунуштап турууга. МФК, МКК, КС жана алмашуу бюролору отчеттук маалыматтарды Жобонун 1-тиркемесине ылайык, электрондук түрдө Улуттук банкка сунуштоого. Банктар отчеттук маалыматтарды Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун, ал эми адистештирилген финансы мекемелери - мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттун алкагында сунуштоого. 

Отчет сунушталбай калган учурда банктар, МФК, МКК, КС, алмашуу бюролору, адистештирилген финансы мекемелери отчеттун берилбей калышынын себептерин кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен, Улуттук банкка кат жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.  

МФК, МКК, КС, алмашуу бюролору/кошумча алмашуу бюролору, адистештирилген финансы мекемелери иштебеген (дем алыш) күндөрдү порталда иштебеген (дем алыш) күнү саат 9:30га чейин көрсөтүүгө милдеттүү

17) Улуттук банк талап кылган такталган маалыматтарды кат жүзүндө өз учурунда сунуштап турууга; 

18) МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелеринин нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясы (түп нускасы) болууга тийиш. Кошумча алмашуу бюросунда каттоодон өткөндүгү жөнүндө каттын түп нускасы жана аны ачкан юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн алмашуу бюросунун лицензиясынын көчүрмөсү болууга тийиш; 

19) алмашуу бюросунун / кошумча алмашуу бюросунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелеринин ар бир кызматкери менен эмгек келишим жана материалдык жоопкерчилик тууралуу келишим түзүлүшү зарыл; 

20) лицензиянын аракети токтотулган шартта, анын түп нускасы 3 жумуш күнү ичинде тапшырылууга тийиш. Кошумча алмашуу бюросун ачкан алмашуу бюросу кошумча алмашуу бюросунун каттоодон өткөндүгү жөнүндө катты да тапшыруусу зарыл; 

21) алмашуу бюросунун / кошумча алмашуу бюросунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелеринин жайгашкан дареги, телефон номери өзгөргөн учурда, ал тууралуу 3 жумуш күнүнөн кечиктирбестен Улуттук банкка билдирүүгө

22) алмашуу бюросу лицензиясынын колдонуу мөөнөтү бүткөндө, ошондой эле дареги өзгөргөн шартта алмашуу бюросунун лицензиясын же кошумча алмашуу бюросунун каттоодон өткөндүгү жөнүндө катты кайра тариздегенге чейин операцияларды ишке ашырууну токтотуп турууга тийиш; 

23) Кыргыз Республикасынын "Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзам талаптарынын сакталышына жооптуу кызматкерди дайындоого; 

24) кардардын санкциялык тизмеде жана анын 70000 сомго(*) (же болбосо Улуттук банктын операцияны ишке ашыруу (бүтүмгө келишүү) учуруна карата расмий курсу боюнча эсептелинген чет өлкө валютасындагы эквиваленттүү суммага) барабар же андан ашкан суммада нак чет өлкө валютасындагы алмашуу операциясын ишке ашырууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) катышкан деген маалыматтар болгон жактардын, топтордун, уюмдардын тизмесинде бардыгын же жок экендигин текшерүү

(*) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген "Кардарды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүү тартиби жөнүндө" жобого ылайык; 

25) нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-7-(НФКУ) токтому менен бекитилген "Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында алмашуу бюролорунда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө" жободо белгиленген талаптарды сактоого; 

26) эгерде нак чет өлкө валютасын алмаштыруу операциясынын суммасы чектүү суммага барабар болсо же андан ашса кардар менен ишке ашырылган операцияларды каттоо журналына (мындан ары - Журнал) ишке ашырылган операция, анын ичинде кардар тууралуу маалыматты каттоого жана аны финансылык чалгындоо органына операция ишке ашырылгандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде сунуштоого; 

27-1) күнүмдүк отчетту берүүгө жооптуу кызматкерди дайындоого. 

Журнал номерленип, көктөлүп, ага банктын мөөрү басылууга тийиш (1а-тиркемеси). Алмашуу бюролорунда, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелеринде маалыматтын сакталышын камсыз кылган коопсуздук системасы жөнгө салынган шартта, журналды электрондук түрдө жүргүзүүгө, ошондой эле андан резерв үчүн көчүрмөлөп турууга жол берилет. Бул пунктчада көрсөтүлгөн маалыматтар кеминде 5 (беш) жыл сакталып турушу зарыл. 

Эгерде нак чет өлкө валютасында ишке ашырылган операцияларда шектүү операциялар (бүтүмдөр) белгилери камтылган болсо банк, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелери жана алмашуу бюролорунда ишке ашырылган операциялар суммасына карабастан, шектүү операция экендиги таанылгандан кийинки 5 (беш) саат ичинде ал тууралуу финансылык чалгындоо органына билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү

Олуттуу тобокелдиктер орун алган өлкөлөрдүн жеке адамдары жана юридикалык жактары тарабынан нак чет өлкө валютасында ишке ашырылган алмашуу операциялары тууралуу маалыматтар, операциялар суммасына карабастан, операция ишке ашырылгандан кийинки 2 (эки) күн ичинде финансылык чалгындоо органына жөнөтүлүшү зарыл. 

Олуттуу тобокелдиктер орун алган өлкөлөрдүн жеке адамдары жана юридикалык жактары менен ишке ашырылган, финансылык чалгындоо органына маалымдалууга тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте аныкталат. 

Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттин иш-аракеттерге жол бергендиги, ошондой эле мына ушундай аракеттерди каржылагандыгы үчүн жазага тартылган жеке адамдар тарабынан ишке ашырылган нак чет өлкө валютасын алмашуу операциялары тууралуу маалыматтар операция ишке ашырылгандан кийинки 2 (эки) күн ичинде финансылык чалгындоо органынан жөнөтүлүшү зарыл. 

Нак чет өлкө валютасында ишке ашырылган алмашуу операциялары тууралуу маалыматтар финансылык чалгындоо органына ал белгилеген талаптарга ылайык сунушталып турууга тийиш; 

27) кызматкерлердин террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча окутуудан өтүшүн камсыздоого; 

28) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка талаптардын так аткарылышын камсыз кылууга. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 2021-П-33/53-8-(НФКУ), 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-3-(НФКУ) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

9. Жобонун 8-пунктунун 1-5, 7-13, 27, 28-пунктчаларында көрсөтүлгөн талаптар банктардын алмашуу пункттарына таркатылат. 

10. Жобонун 8-пунктунун 22, 25-пунктчаларында көрсөтүлгөн талаптар алмашуу бюролоруна гана таркатылат. 

3-глава. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби 

11. Банктар, алмашуу бюролору, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелери нак чет өлкө валютасын сатуу жана сатып алуу операцияларын төмөнкү ченемдик укуктук актылардын талаптарын так сактоо менен жүзөгө ашырууга тийиш: 

- Кыргыз Республикасынын "Банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамынын; 

- Кыргыз Республикасынын "Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамынын; 

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2004-жылдын 25-июнундагы № 1689-II токтому менен кабыл алынган "Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө" жобонун; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 28-декабрындагы № 95/4 токтому менен бекитилген Улуттук валютанын шектүү банкноттору жана монеталары менен иш алып баруу боюнча нускоонун; 

- ушул Жобонун. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

12. Алмашуу бюролору, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелери нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын алмашуу бюросунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелеринин жетекчисинин ыйгарым укуктарынын чегинде белгиленген сатуу жана сатып алуу курстарына ылайык ишке ашырат. 

Банктар ушул Жободо белгиленген тартипке ылайык алмашуу пункттары үчүн чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу курсун белгилей алат. 

13. Нак чет өлкө валютасы болгон шартта маалыматтык стенддерде банктын, алмашуу бюросунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелеринин колунда болгон чет өлкө валютасынын бардык түрлөрү боюнча сатуу жана сатып алуу курстары боюнча так маалыматтар чагылдырылууга тийиш. 

Нак чет өлкө валютасын улуттук валютага сатып алуу жана сатуу ачык келишим принциптеринин негизинде чет өлкө валютасын сатуу жана сатып алуу курстарынын маалыматтык стендинде көрсөтүлгөн курсу боюнча ишке ашырылат. Алмашуу операциясын жүргүзүү мүмкүн болгон шартта, чет өлкө валютасын сатып алуудан же сатуудан баш тартууга жол берилбейт. 

Маалыматтык стендде көрсөтүлбөгөн курс боюнча чет өлкө валютасын сатууга жана сатып алууга тыюу салынат. 

Чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу курстары төрт ондук белгиге чейин, бүтүн сандан кийин милдеттүү түрдө үтүр белгисин коюу аркылуу белгиленет. Валюта курсун үтүр белгиси менен бөлбөй туруп, бүтүн сандан кийин төрт сандан ашкан санды көрсөтүүгө, ошондой эле кардарлардын валюта курстарын туура эмес түшүнүүсүнө алып келген башка иш-аракеттерге тыюу салынат. 

14. Чет өлкө валютасын сатып алууда, сатууда же алмаштырууда банктар жана алардын алмашуу пункттары, алмашуу бюролору, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелери кандайдыр бир чектөөлөрдү жана төлөм каражаты статусун жогото элек акча белгилеринин наркына, чыгарылган жылына жараша ар кандай курстарды белгилөөгө укугу жок. 

15. Банктар аныктыгы шектенүүнү жаратпаган, төмөнкүдөй бир аз кемчилиги болгон чет өлкө банкноту менен алмашуу операцияларын ишке ашырууда комиссиялык сый акыны өз алдынча белгилөөгө жана кармап калууга укуктуу: 

- баштапкы өңү өчүп же боек төгүлүп калган болсо; 

- басып чыгарууда айкын кемчиликтер кетирилген болсо; 

- айрылып, чапталган болсо жана айрылып калган бөлүктөрү бир эле банкнотко таандык болсо; 

- четтери тытылып айрылган, тешилип калгандар (эгерде алардын орду жабылгандыгы тастыкталбаса); 

- чети күйүп калган болсо. 

16. Жобонун 15-пунктунда көрсөтүлгөн кемчиликтердин жана башка кемчиликтердин орун алышына байланыштуу акча банкноттору сатып алууга жана сатууга жараксыз болуп калган шартта, анын ээсинин макулдугу менен мындай банкноттор банк-корреспондентте (чет өлкө банкында) алмаштыруу (экспертиза жүргүзүү) үчүн банктар тарабынан гана кабыл алынышы мүмкүн. 

Чет өлкө валютасы кардардын өтүнүчүнүн (2-тиркеме) негизинде гана банк тарабынан кабыл алынат, анда банкноттордун саны, сериясы жана номери, чыгарылган жылы, алардын номиналы, алмаштырууга сунушталган банкноттордун жалпы суммасы көрсөтүлөт. Чет өлкө валютасы кабыл алынган учурда кардарга квитанция берилет. Банктар банк-корреспондент (чет өлкө банктары) кемчилдиги бар (эскилиги жеткен) банкнотторду алмаштырып берүүдөн баш тартышы ыктымалдыгын да алдын ала кардарларга эскертип коюуга тийиш. Банк-корреспондент (чет өлкө банкы) жөнөтүлгөн чет өлкө валютасын алмаштыруудан баш тарткан учурда, банктар кардарга тиешелүү тастыктоочу документтер сунуштоого милдеттүү

Банк, банк-корреспонденттен (чет өлкө банкынан) инкассацияланган чет өлкө валютасынын ордун жабуу суммасын алгандан кийин кардардын каалоосу боюнча акча суммасы чет өлкө валютасында же улуттук валютада төлөнүп берилет же болбосо колдонуудагы мыйзамдарга ылайык кардардын чет өлкө валютасында же улуттук валютада күндөлүк эсебине чегерилет. 

17. Чет өлкө валютасын сатып алууда, сатууда же алмаштырып берүүдө алмашуу бюросунун, алмашуу пунктунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемесинин кызматкерлери валютанын аныктыгын валюта детекторунун же башка атайы аппаратуранын жардамы менен текшерүүгө алышат. 

18. Улуттук банктын лицензиясына ээ юридикалык жактар жүгүртүү каражаттарынын суммасынын чегинде, алмашуу бюросу ишкердикти жүргүзүүсү үчүн кайсыл болбосун банктан нак чет өлкө валютасын сатып алууга укуктуу, мында лицензиянын номерин жана берилген күнүн чагылдыруу менен жазуу жүзүндө түзүлгөн келишимдин негизинде нак чет өлкө валютасын сатып алуу-сатуу операциялары милдеттүү түрдө тариздетилүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 2021-П-33/53-8-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

19. Алмашуу бюролорунда, алмашуу пункттарында, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелеринде нак чет өлкө валютасын сатып алуу-сатуу операцияларын ишке ашыруу учурунда алар алмашуу бюролорунун, алмашуу пункттарынын, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелеринин каттоо журналында чагылдырылып, журнал номерленип, көктөлүп, ага юридикалык жактын мөөрү басылууга тийиш (3-тиркеме). 

Банктар 3а-тиркемесинин формасына ылайык, алмашуу пунктунда сатылып алынган жана сатылган валюталардын реестрин жүргүзүүгө укуктуу. 

Иш күнүнүн акырында алмашуу бюросунун, алмашуу пунктунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемесинин жооптуу кызматкери иш күнү ичинде ишке ашырылган операциялардын жыйынтыгын чыгарып, калдыгын кийинки күнгө чыгарат. Күн акырында нак акча калдыгы кийинки күндүн башталышындагы нак акча калдыгынын суммасына барабар болууга тийиш. 

20. Банктар, алардын алмашуу пункттары, алмашуу бюросу, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемеси чет өлкө валютасын сатып алууда жана сатууда сатылып алынган же сатылган нак чет өлкө валютасынын суммасына көз карандысыз, операциянын ишке ашырылгандыгын тастыктаган документти, ошондой эле кардардын өтүнүчү боюнча көчүрмөлөө кагазы аркылуу маалымкат-сертификатты (4-тиркеме) толтуруп берүүгө милдеттүү

Алмашуу бюросу, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемеси чет өлкө валютасын сатуу/сатып алуу операцияларын ишке ашырууда кассалык чекти берүүгө тийиш. 

Маалымкат-сертификаттын бир нускасы кардарга берилет, ал эми экинчиси банкта (алмашуу пунктунда), алмашуу бюросунда, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемесинде сакталат. 

Маалымкат-сертификатты берүү үчүн төлөм алынбайт. 

Маалымкат-сертификатты башка адамдын наамына тариздетүүгө жол берилбейт. 

Маалымкат-сертификаттын бланктары серияларын жана номерлерин көрсөтүү менен китепче түрүндө типографиялык ыкмада даярдалууга тийиш. Мында алардын биринчи жана экинчи нускаларынын сериялары жана номерлери бири-бирине дал келүүгө жана көчүрмөлөө кагазы аркылуу толтурууга ыңгайлуу болгондой болушу зарыл. 

21. Маалымкат-сертификатка ички жол-жоболорго жана кызматтык милдеттерге ылайык ыйгарым укуктуу жак кол тамгасын коет, ага банктын (алмашуу пунктунун), алмашуу бюросунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемесинин мөөрү (штампы) басылат. Банктын, алмашуу пунктунун, алмашуу бюросунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемесинин тиешелүү реквизити, алардын кызматкерлеринин кол тамгалары жана мөөрлөрү (штампы) жок болсо, мындай маалымкат-сертификат анык эмес болуп саналат. 

Маалымкат-сертификаттардын колдонулган китепчелери экинчи нускасы менен бирге банкта, алмашуу бюросунда, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемесинде акыркы жазуу чагылдырылган күндөн тартып 1 (бир) жыл аралыгында сакталууга тийиш. 

22. Банктар, алмашуу бюролору, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелери маалымкат-сертификаттардын бланктарынын эсебинин катталышын, сакталышын камсыз кылууга тийиш. Эгерде алар жараксыз болуп же жокко чыгарылып калса банк, алмашуу бюросу, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемеси тиешелүү актыны тариздетүүгө милдеттүү

23. Банктын (алмашуу пунктунун), алмашуу бюросунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемесинин жооптуу кызматкери кызматкерлерге чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын ишке ашыруу тартиби боюнча түшүндүрмө берүүгө милдеттүү. Алардын ишин уюштуруу, ошондой эле тариздетүү эрежелерин, материалдык баалуулуктардын эсебин жүргүзүү жана өткөрүп берүү тартибинин сакталышы, тиешелүү отчеттордун өз учурунда даярдалып, Улуттук банкка сунушталып турушу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жогорку кызмат адамдарына (банктын, МФК, КС, адистештирилген финансы мекемесинин Башкармасынын төрагасына, МККнын, алмашуу бюросунун жетекчисине) жүктөлөт. 

24. Жободо жана колдонуудагы мыйзамдарда каралган учурларды эске албаганда, банктын (алмашуу пунктунун), алмашуу бюросунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемесинин кызматкерлерине (кассирлерине) аларга тапшырылган ишти башка бирөөгө өткөрүп берүүсүнө, ошондой эле ишине же жумуш ордуна башка бирөөлөрдү (алар менен эмгек келишими түзүлбөгөн жана лицензиат менен материалдык жоопкерчилик тууралуу келишимди түзбөгөн жактарга) киргизүүсүнө тыюу салынат. 

25. Шектүү (жасалма) банкноттор табылган учурларда кассирлер Улуттук валютанын шектүү банкноттору жана монеталары менен иш алып баруу боюнча нускоо талаптарына ылайык иш алып барууга милдеттүү

4-глава. Банктарда, алмашуу бюролорунда, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелеринде кассалык операцияларды жүргүзүү тартиби 

26. Банк, алмашуу бюросу, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемеси валютаны сатып алуу, сатуу жана алмаштыруу операцияларын "Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө" жобого ылайык ишке ашырат. 

27. Нак чет өлкө валютасын сатып алуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт: 

1) кардарды идентификациялоо, ошондой эле анын санкциялык тизмеде жана анын 70000 сомго(*) (же болбосо Улуттук банктын операцияны ишке ашыруу (бүтүмгө келишүү) учуруна карата расмий курсу боюнча эсептелинген чет өлкө валютасындагы эквиваленттүү суммага) барабар же андан ашкан суммада нак чет өлкө валютасындагы алмашуу операциясын ишке ашырууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) катышкан деген маалыматтар болгон жактардын, топтордун, уюмдардын тизмесинде бардыгын же жок экендигин текшерүү анын ким экендигин тастыктаган документтин (сүрөтү түшүрүлгөн) негизинде жүргүзүлөт; 

2) эгерде чет өлкө валютасын сатып алуу суммасы 1000000 сомго барабар болсо же андан ашса, кардарды идентификациялоо колдонуудагы мыйзам талаптарына ылайык кардардын-жеке адамдын анкетасын толтуруу аркылуу жүргүзүлөт. 

Эскертүү: кардарды идентификациялоо зарыл болгон, ошондой эле анкета толтуруу аркылуу идентификациялоону талап кылган операциялар суммасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген "Кардарды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүү тартиби жөнүндө" жободо белгиленген. 

Кассир кардардын көз алдында нак акча суммасын эсептеп чыгып, кардар сунуштаган валютанын аныктыгын текшерет. Мында, банкнотту текшерүү кардардын көз алдында жүргүзүлүүгө тийиш. Кардарга тиешелүү маалыматтар жана анын нак чет өлкө валютасын сатып алуу боюнча операциялары (кардардын ким экендигин тастыктаган документтин негизинде) кардарлар менен жүргүзүлгөн операциялар тууралуу маалыматтарды каттоо журналында чагылдырылат. 

Эскертүү: кардардын ким экендигин тастыктаган документтен болуп анын паспорту, аскер билети, айдоочунун күбөлүгү саналат. 

28. Кардарга берилүүчү улуттук валютасынын суммасын эсептелгенден кийин кассир операциялар катталган журналда сатылып алынган валюта тууралуу чагылдырып (эгерде кардар резидент эмес болсо, ал тууралуу да журналда катталат), операция ишке ашырылгандыгын тастыктаган документти даярдайт. Эгерде операциялар алмашуу бюросунда, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемесинде ишке ашырылган шартта кассадан чек чыгарылып берилет. Кассир (жооптуу кызматкер) ушул Жобонун талаптарына ылайык маалымкат-сертификатты тариздетет. 

29. Кассир жүргүзүлгөн эсептешүүлөрдү текшергенден кийин кардардын көз алдында аныктыгы текшерилген улуттук валютанын тиешелүү суммасын ага берет. Кардарга ошондой эле операциянын ишке ашырылгандыгын тастыктаган документ (алмашуу бюросунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемесинин кардарына - кассалык чек), зарылчылык келип чыккан учурда - маалымкат-сертификат да берилет. 

30. Нак чет өлкө валютасын сатуу төмөнкүдөй ишке ашырылат: 

1) кардарды идентификациялоо, ошондой эле анын санкциялык тизмеде жана анын 70000 сомго(*) (же болбосо Улуттук банктын операцияны ишке ашыруу (бүтүмгө келишүү) учуруна карата расмий курсу боюнча эсептелинген чет өлкө валютасындагы эквиваленттүү суммага) барабар же андан ашкан суммада нак чет өлкө валютасындагы алмашуу операциясын ишке ашырууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) катышкан деген маалыматтар болгон жактардын, топтордун, уюмдардын тизмесинде бардыгын же жок экендигин текшерүү анын ким экендигин тастыктаган документтин (сүрөтү түшүрүлгөн) негизинде жүргүзүлөт; 

2) эгерде чет өлкө валютасын сатуу суммасы 1000000 сомго барабар болсо же андан ашса, кардарды идентификациялоо колдонуудагы мыйзам талаптарына ылайык кардардын-жеке адамдын анкетасын толтуруу аркылуу жүргүзүлөт. 

Эскертүү: кардарды идентификациялоо зарыл болгон, ошондой эле анкета толтуруу аркылуу идентификациялоону талап кылган операциялар суммасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген "Кардарды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүү тартиби жөнүндө" жободо белгиленген. 

Кассир кардардын көз алдында нак акча суммасын эсептеп чыгып, кардар сунуштаган валютанын аныктыгын текшерет. Мында, банкнотту текшерүү кардардын көз алдында жүргүзүлүүгө тийиш. Кардарга тиешелүү маалыматтар жана анын нак чет өлкө валютасын сатып алуу боюнча операциялары (кардардын ким экендигин тастыктаган документтин негизинде) кардарлар менен жүргүзүлгөн операциялар тууралуу маалыматтарды каттоо журналында чагылдырылат. 

Суммасы 70000 сомго чейинки чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу операцияларын жүргүзүүдө кардардын резиденттиги анын оозеки билдирүүсү боюнча аныкталышы мүмкүн. 

31. Кардарга берилүүчү улуттук валютасынын суммасын эсептелгенден кийин кассир операциялар катталган журналда сатылып алынган валюта тууралуу чагылдырып (эгерде кардар резидент эмес болсо, ал тууралуу да журналда катталат), операция ишке ашырылгандыгын тастыктаган документти даярдайт. Эгерде операциялар алмашуу бюросунда, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемесинде ишке ашырылган шартта кассадан чек чыгарылып берилет. Кассир (жооптуу кызматкер) зарылчылык келип чыккан учурда ушул Жобонун талаптарына ылайык маалымкат-сертификатты тариздетет. 

32. Кассир жүргүзүлгөн эсептешүүлөрдү текшергенден кийин кардардын көз алдында аныктыгы текшерилген улуттук валютанын тиешелүү суммасын ага берет. Кардарга ошондой эле операциянын ишке ашырылгандыгын тастыктаган документ (алмашуу бюросунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемесинин кардарына - кассалык чек), зарылчылык келип чыккан учурда - маалымкат-сертификат да берилет. 

33. Кардардын талабы боюнча кассир анын көз алдында валюта детекторунда берилип жаткан нак чет өлкө валютасынын аныктыгын текшерүүгө милдеттүү

34. Эсептүүдө айырма келип чыкса же төлөөгө жараксыз акча белгилери аныкталган шартта, кассир нак акча суммасын кардарга кайтарып берет жана андан жетпеген сумманы толуктоону сунуштайт. 

35. Кардар жетпеген сумманы толуктаган шартта кассир кардардын көз алдында бирден кайтарадан эсептөө менен нак чет өлкө валюта суммасынын толук суммасын кабыл алат. 

36. Кайрадан эсептөө учурунда кассирдин столунда башка акча каражаты жана башка буюмдар болбоого тийиш. 

37. Кардар чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу учурунда кассадан четтебей туруп, акча каражатын бирден эсептеп, эсептешүүнүн тууралыгын текшерүүгө укуктуу. 

38. Эсептөөлөр туура эмес чыккан учурда кардар берилген сумманы кассирге аны кайрадан эсептеп чыгуу үчүн толугу менен өткөрүп берет. Эсептешүүнү жүргүзүүдө катага жол берилген шартта кассир жетпей калган сумманы толуктап берүүгө жана кардардын көз алдында кайрадан эсептеп чыгууга милдеттүү

39. Нак акча каражатын эсептөөдө банкнотторду эсептеп чыгуучу машинкалар колдонулушу мүмкүн. Бул учурда акча эсептелинип жаткан столдо машинкадан тышкары башка буюмдар болбошу зарыл жана эсептөө таблосу кардарга бет алып жайгаштырылууга тийиш. Банкноттор кардардын көз алдында иргелүүгө тийиш. 

40. Алмашуу бюросунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемесинин жүгүртүү каражаттарынын көбөйүүсүнө/азаюусуна байланыштуу же болбосо банктан чет өлкө валютасын сатып алууга байланыштуу, отчет берүү алдында алынган суммаларды берүүгө/кабыл алууга байланыштуу алардын кассасынан нак акча каражатынын чыгымдалышы жана кириштелиши боюнча операциялары операцияларды каттоо журналында белгиленген тартипте чагылдырылууга тийиш. Мында журналдын "Алмашуу курсу" жана "Берилүүчү сумма" графаларында, тиешелүүлүгүнө жараша кириштөө жана чыгыштоо тилкелеринде сызыкча белгиси коюлат. Мындай операциялар күндөлүк отчеттордо башка киреше жана башка чыгаша катары көрсөтүлөт. 

40-1. Алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын көлөмү 1000000 (бир миллион) сомго же андан ашык өлчөмгө көбөйгөн жана/же азайган учурда, алмашуу бюросу 3 (үч) жумуш күндүн ичинде Улуттук банкка жазуу жүзүндө билдирүүгө тийиш, мында алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын суммасы 1000000 (бир миллион) сомдон кем болбоого тийиш.  

Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын сезондук негизде жүргүзгөн (бир календардык жыл ичинде 4 ырааттуу айдан азыраак ) алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын суммасы чогуу алганда 500000 (беш жүз миң) сомго же андан ашык өлчөмгө көбөйгөн жана/же азайган учурда, алмашуу бюросу 3 (үч) жумуш күндүн ичинде Улуттук банкка билдирүүгө тийиш, мында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын сезондук негизде жүргүзгөн алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын көлөмү (бир календардык жыл ичинде 4 ырааттуу айдан азыраак) 500000 (беш жүз миң) сомдон кем болбоого тийиш.  

Алмашуу бюросу Улуттук банкка алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарын көбөйтүүгө багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жөнүндө маалыматтарды берүүгө тийиш (5-тиркеме). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 2021-П-33/53-8-(НФКУ), 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-3-(НФКУ) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

41. Алмашуу бюролор ушул жободо чагылдырылбаган башка операцияларды алмашуу бюросунун кассасы аркылуу жүзөгө ашырууга укугу жок. 

42. Алмашуу пунктуларынын, алмашуу бюролорунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелеринин бардык нак акчалары күйүп кетпегидей металл шкафта, айрым учурларда - аралаш металлдан жасалган жана кадимки металл шкафтарда сакталууга тийиш. Иш күнүнүн акырында алар мөөр басылып кулпуланат. 

Металл шкафтардын ачкычтары жана мөөрлөр кассирде сакталат, аларды белгиленген жерде калтырууга, кимдир бирөөгө берүүгө же эсепке алынбаган дубликатын жасатып алууга тыюу салынат. 

Алмашуу пункттары, алмашуу бюролору, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелери нак акча каражаттарын банкка сактоого өткөрүшү да мүмкүн. 

43. Ошол алмашуу бюросуна, алмашуу пунктуна, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемесине тиешелүү болбогон нак акчаны жана башка баалуулуктарды, ошондой эле кызматкерлердин (кассирлердин) жеке өзүнө таандык акча каражаттарын кассада сактоого тыюу салынат. 

44. Касса жайы обочо жайгашууга, ал эми операцияны ишке ашыруу учурунда кассага кирүү эшиктери ичинен бекитилүүгө тийиш. Касса ишине тиешеси жок адамдарга касса жайына кирүүгө тыюу салынат. 

45. Материалдык жоопкерчилик келишимине ылайык кассир өзүнө алган бардык баалуулуктардын сакталышы үчүн жана атайлап жасалган иш-аракеттердин натыйжасында сыяктуу эле, өз милдетине көңүл коштук мамилесинин кесепетинен банкка, алмашуу бюросуна, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемесине келтирген кандай болбосун зыян үчүн материалдык толук жоопкерчиликтүү болуп саналат. 

46. Кассирдин ишке дайындалышы тууралуу буйрук (уруксат, токтом) чыгарылгандан кийин банктын, алмашуу бюросунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемесинин ыйгарым укуктуу кызмат адамы кассалык операцияларды жүргүзүү тартиби менен кассирди кол тамгасын койдуруп алуу менен тааныштырууга милдеттүү, андан соң кассир менен жеке материалдык жоопкерчилик тууралуу келишим түзүлөт. 

47. Бир эле кассири болгон алмашуу бюролорунда аны убактылуу алмаштыруу зарылчылыгы келип чыккан учурда, кассирдин милдетин аткаруу жетекчинин кат жүзүндөгү буйругу (уруксаты, токтому) боюнча башка кызматкерге жүктөлөт. Ал кызматкер менен да Жобонун 46-пунктунда каралган келишим түзүлөт. 

5-глава. Алмашуу пункттарында, алмашуу бюролорунда, МФК, МКК, КС жана адистештирилген финансы мекемесинде жүргүзүлүүчү операциялар боюнча отчет 

48. Иш күнүнүн акырында чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу көлөмү жөнүндө отчет түзүлөт: 

- банктар (алмашуу пункттары) - Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун алкагында; 

- адистештирилген финансы мекемелери - ушул Жобонун 6-пунктунун 2-абзацына ылайык Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттун алкагында; 

- МФК, МКК, КС жана алмашуу бюролору - ушул Жобого карата 1-тиркемеге ылайык. 

49. МФК, МКК, КС, алмашуу бюролору жана адистештирилген финансы мекемелери нак чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу көлөмү жөнүндө маалыматты күн ичинде эки жолу төмөнкү тартипте портал аркылуу Улуттук банкка сунуштап турушат: 

- отчеттук жумуш күнүнөн кийинки күнү саат 07.00дөн тартып 11.00гө чейин - валюталар курсун жана көлөмүн көрсөтүү менен кеңири отчетту, ошондой эле көлөмүн көрсөтүүсүз эле, валюталар курсу боюнча отчетту; 

- саат 13.00дөн тартып 15.00гө чейин - көлөмүн көрсөтүүсүз валюталар курсу боюнча отчетту. 

Улуттук банк валюталар көлөмү жана курсу тууралуу маалыматты күн ичинде бир нече жолу талап кылууга укуктуу. 

Банктар (алмашуу пункттары), МФК, МКК, КС, алмашуу бюролору жана адистештирилген финансы мекемелери отчетту Улуттук банкка электрондук түрдө берүү үчүн интернеттен пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. Мында, кагазга чыгарылган отчеттор жооптуу кызматкердин кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт, тиешелүү мекеменин штампы менен бекитилип, хронологиялык тартипте көктөлүп, банкта (алмашуу пунктунда), МФК, МКК, КС, алмашуу бюросунда жана адистештирилген финансы мекемесинде сакталат. 

50. Бир чет өлкө валютасынын башка валютага алмаштырылышы алмашуу бюросунун, алмашуу пунктунун, МФК, МКК, КС жана адистештирилген финансы мекемесинин каттоо журналында төмөнкү операциялар түрүндө чагылдырылат: 

- алмашуу бюросу, алмашуу пункту, МФК, МКК, КС жана адистештирилген финансы мекемеси тарабынан бир чет өлкө валютасын ушул мекемелердин ошол валюта түрүн сатып алуу курсу боюнча сомго сатып алуусу; 

- алмашуу бюросу, алмашуу пункту, МФК, МКК, КС жана адистештирилген финансы мекемеси тарабынан башка чет өлкө валютасын ушул мекемелердин ошол валюта түрүн сатуу курсу боюнча сомго сатуусу. 

6-глава. Чет өлкө валютасында жол чектерине төлөө операциялары  

51. Чет өлкө банктарынын жол чектери үчүн төлөөлөр, контролдук материалдар (көрсөтүлгөн төлөм документтеринин үлгүлөрү, аларга төлөө эрежелери жана ыйгарым укуктуу жактардын кол тамгаларынын үлгүлөрү) болгон шартта, банктар тарабынан банктар аралык макулдашууда каралган тартипте жана шарттарда ишке ашырылат. 

Банктар чет өлкө банктарынан жол чектеринин формасына, реквизиттерине жана алар үчүн төлөө тартибине киргизилген бардык өзгөртүүлөр тууралуу маалыматтарды алып турушат. Мындай маалыматтар чет өлкө банктарынын контролдук маалыматтары (жол чектеринин үлгүлөрү жана алар үчүн төлөө көрсөтмөлөрү) менен бирге банктын досьесинде сакталат. 

7-глава. Алмашуу бюролорунун, алмашуу пункттарынын, МФК, МКК, КС ишине көзөмөлдүк 

52. Улуттук банк банктардын алмашуу пункттарынын, МФК, МКК, КС, алмашуу бюролорунун ишине көзөмөлдүктү алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ченемдик актыларынын талаптарына жооп беришин камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырат. 

53. Улуттук банк банктардын алмашуу пункттарынын, МФК, МКК, КС жана алмашуу бюролорунун нак чет өлкө валютасын алмашуу операциялары боюнча келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктер үчүн жоопкерчилик тартпайт. 

54. Улуттук банк банктардын алмашуу пункттарынын, МФК, МКК, КС жана алмашуу бюролорунун ишине текшерүүнү жүргүзүү үчүн негиз болуп саналган документти көрсөтүү менен алдын ала эскертүүсүз эле текшерүүнү жүргүзүүгө укуктуу. 

55. Улуттук банк банктардын алмашуу пункттарынын, МФК, МКК, КС жана алмашуу бюролорунун ишине текшерүү жүргүзүүсү учурунда банктардын алмашуу пункттары, МФК, МКК, КС жана алмашуу бюролору Улуттук банктын текшерүүчүлөр тобуна өзүнчө жай бөлүп берүүгө милдеттүү. Анда аудио/видео жабдуулары болбоого, үчүнчү жактардын аудио/видео жабдууларды орнотушуна жол берилбөөгө, банктардын алмашуу пункттарынын, МФК, МКК, КС жана алмашуу бюролорунун документтеринин сакталышы жана текшерүүчүлөр тобунун коопсуздугу камсыз кылынып, текшерүүчүлөр тобуна текшерүүнү жүргүзүү үчүн зарыл болгон жабдуулар жана техникалар сунушталууга тийиш. 

56. Улуттук банк банктарга, МФК, МКК, КС жана алмашуу бюролоруна карата мыйзамдарда каралган жагдайларда таасир этүү чараларды колдонууга укуктуу. 

57. Нак чет өлкө валютасы менен ишке ашырылган алмашуу операциялары боюнча такталбаган маалыматтар берилип, нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартибин, ошондой эле банктардын, МФК, МКК, КС жана алмашуу бюролорунун/пункттардын ишин жөнгө салган ченемдик документтердин башка талаптарын бузууга жол берүүлөр аныкталган учурда Улуттук банк төмөнкүлөргө укуктуу: 

- жол берилген кемчиликтерди четтетүү тууралуу алдын ала эскертүүнү же жазма буйрукту жөнөтүп, кандай кемчиликтерге жол берилгендигине жараша аларды четтетүү мөөнөттөрүн белгилөөгө

- мыйзамдарга ылайык айыптык төлөм белгилөө боюнча чараларын көрүүгө

- лицензиянын колдонуу мөөнөтүн 15 (он беш) календардык күнгө чейинки мөөнөткө, ал эми аныкталган бузуулар четтетилбеген учурда, кайрадан 30 (отуз) календардык күнгө чейинки мөөнөткө убактылуу токтотууга; 

- лицензияны кайтарып алууга. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 2021-П-33/53-8-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

  

  

  

1-тиркеме 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 2021-П-33/53-8-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

МФК, МКК, КС, алмашуу бюросунун нак чет өлкө валютасы менен операциялары боюнча  

КҮНДӨЛҮК ОТЧЕТ 

 

МФК, МКК, КС, алмашуу бюросунун каттоо номери 

_________________________________________ 

Улуттук банктын лицензиясынын номери  

_________________________________________________ 

Каттоо катынын номери  

________________________________________________________________ 

Күнү _______________________________________  

Убактысы ________________________________ 

Касса аппаратынын номери ______________________________ 

Саат 07.00дөн тартып 11.00гө чейин сунушталуучу отчет 

Валюта коду 

Күндүн башталышына карата калдык 

Сатып алуу курсу (сом/чет өлкө валютасы) 

Сатып алуу көлөм 

Анын ичинде, коммерциялык банктардан сатылып алынганы 

Анын ичинде, резидент эместерден сатылып алынганы 

Башка түшүүлөр 

Башка түшүүлөр боюнча түшүндүрмөлөр 

Сатуу курсу (сом/чет өлкө валютасы) 

Сатуу көлөмү 

Анын ичинде, коммерциялык банктарга сатылганы 

Анын ичинде резидент эместерге сатылганы 

Башка чыгашалар 

Башка чыгашалар боюнча түшүндүрмөлөр 

Күн акырына карата калдык 

10 

11 

12 

13 

14 

15 

  

  

  

  

  

  

  

№ 1 маалымдама 

  

  

  

  

  

№ 2 маалымдама 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Касса аппаратынын номери 

Күн ичиндеги алгачкы чектин номери 

Күн ичиндеги алгачкы чектин номери 

Эскертүүлөр 

  

  

  

  

  

  

  

  

Эскертүүлөр: 

"Касса аппаратынын номери" тилкесинде контролдук-кассалык машинанын заводдо ыйгарылган номери көрсөтүлөт. Машина бузулган шартта же ал алмаштырылган учурда порталда "Ремонттолууда" статусу көрсөтүлөт же анын заводдон белгиленген жаңы номери чагылдырылат. 

"Валюта коду" тилкесинде валютанын сандык коду Эл аралык валюталар маалымдамасына (ISO 4712) ылайык көрсөтүлөт, бул маалымдама Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин www.stat.kg дареги боюнча веб-сайтынын Методология жана классификаторлор/Классификаторлор/Мамлекеттер аралык валюталар классификатору бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Мында улуттук валюта (сом) жана АКШ доллары боюнча тилкелер милдеттүү түрдө толтурулууга тийиш, ал эми калган валюталар отчет берүүчү уюмдар тарабынан порталда өз алдынча чагылдырылат. 

үндүн башталышына карата калдык" тилкесинде күндүн башталышына карата нак чет өлкө валютасындагы жалпы калдык сумма көрсөтүлөт. 

"Сатып алуу көлөмү" тилкесинде сомго сатылып алынган нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы чагылдырылат. 

"Сатып алуу курсу (сом/чет өлкө валютасы)" тилкесинде сатылып алынган нак чет өлкө валютасынын орточо курсу көрсөтүлөт. 

"Анын ичинде, коммерциялык банктардан сатылып алынган" тилкесинде коммерциялык банктардан сомго сатылып алынган нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт. 

"Анын ичинде, резидент эместерден сатылып алынган" тилкесинде резидент эместерден сомго сатылып алынган нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт. 

"Башка түшүүлөр" тилкесинде негизги статьялар тизмегинде камтылбаган операциялардан келип түшкөн нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы чагылдырылат. 

"Башка түшүүлөр боюнча түшүндүрмөлөр" тилкесинде № 1 маалымдамага ылайык операция түрлөрү көрсөтүлөт. 

"Сатуу көлөмү" тилкесинде сомго сатылган нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы чагылдырылат. 

"Сатуу курсу (сом/чет өлкө валютасы)" тилкесинде сатылган нак чет өлкө валютасынын орточо алынган курсу көрсөтүлөт. 

"Анын ичинде, коммерциялык банктарга сатылганы" тилкесинде банктарга сомго сатылган нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт. 

"Анын ичинде, резидент эместерге сатылганы" тилкесинде резидент эместерге сомго сатылган нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт. 

"Башка чыгашалар" графасында негизги статьялар тизмегинде камтылбаган операциялар боюнча нак чет өлкө валютасындагы чыгашалардын жалпы суммасы чагылдырылат. 

"Башка чыгашалар тууралуу түшүндүрмө берүү" тилкесинде № 2 маалымдамага ылайык операция түрлөрү көрсөтүлөт. 

үндүн акырына карата калдык" тилкесинде күндүн акырына карата нак валюта калдыгынын жалпы суммасы чагылдырылат. 

үн ичиндеги алгачкы чектин номери" тилкесинде жумуш күнү ичинде алгачкы чектин же квитанция-маалымдаманын (контролдук-кассалык машинка ремонттон өткөрүлүп жатса) катар номери көрсөтүлөт, ал чет өлкө валютасын алмашууга кабыл алуу учурунда берилет. 

үн ичиндеги акыркы чектин номери" тилкесинде отчеттук күнү ичиндеги акыркы чектин же квитанция-маалымдаманын (контролдук-кассалык машина ремонттон өткөрүлүп жатса) катар номери көрсөтүлөт, ал чет өлкө валютасын алмашууга кабыл алуу учурунда берилет. 

 

№ 1 маалымдама. Башка түшүүлөр боюнча түшүндүрмөлөр 

Жылы 

Операциянын аталышы 

Жүгүртүү капиталын көбөйтүү үчүн өздүк акча каражаттарын тартуу 

Мурда берилген зайым боюнча акча каражаттарынын келип түшүүсү 

Акча каражаттарынын келип түшүүсүнүн башка түрлөрү 

№ 2 маалымдама. Башка чыгашалар боюнча түшүндүрмөлөр 

Жылы 

Операциянын аталышы 

Карыздык каражаттарды кайтарып берүү үчүн акча каражаттарын алып коюу 

Жеке керектөөлөр үчүн акча каражаттарын алып коюу 

Акча каражаттарын карызга берүү 

Операциялык чыгашалардын ордун жабуу үчүн акча каражаттарын алып коюу 

Чыгашалардын башка түрлөрү 

Саат 07.00дөн тартып 11.00гө чейин жана саат 13.00дөн саат 15.00гө чейин сунушталуучу валюта курсуна мониторинг жүргүзүү үчүн отчет 

Валюталар коду 

Сатып алуу курсу (сом/чет өлкө валютасы) 

Сатуу курсу (сом/чет өлкө валютасы) 

  

  

  

Эскертүү

"Валюта коду" тилкесинде валютанын сандык коду көрсөтүлөт, бул маалымдама Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин www.stat.kg дареги боюнча веб-сайтынын Методология жана классификаторлор/Классификаторлор/Мамлекеттер аралык валюталар классификатору бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Мында АКШ доллары боюнча тилке милдеттүү түрдө толтурулууга тийиш, ал эми калган валюталар отчет берүүчү уюмдар тарабынан порталда өз алдынча чагылдырылат. 

"Сатып алуу курсу (сом/чет өлкө валютасы)" тилкесинде нак чет өлкө валютасын сатып алуу курсу көрсөтүлөт. 

"Сатуу курсу (сом/чет өлкө валютасы)" тилкесинде нак чет өлкө валютасын сатуу курсу чагылдырылат. 

  

  

  

1a-тиркемеси 

 

Кардарлар менен ишке ашырылган операциялар боюнча маалыматтарды каттоо  

ЖУРНАЛЫ 

Операция жүргүзүлгөн күн/ 

Дата совершения операции 

Операциянын түрү(1)/ 

Вид операции(1) 

Операциянын суммасы сом менен/ 

Сумма операции в сомах 

Кардардын аты-жөну/Юридикалык жактын аталышы/ 

ФИО клиента/Наименование юридического лица 

Инсандыкты тастыктаган күбөлүктүн номери, берилген күнү/КР ЮМ күбөлүк номери/берилген күнү

Номер документа, удостоверяющего личность, дата выдачи/Номер свидетельства МЮ КР, дата выдачи 

Жеке адамдын жашаган дареги/Юридикалык жактын катталган жери/ 

Адрес места жительства физического лица/места регистрации юридического лица 

Жеке адамдын орун алган жеринин дареги/Юридикалык жактын жайгашкан жери/ 

Адрес места пребывания физического лица/места нахождения юридического лица 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Алмашуу бюросунун жооптуу кызматкеринин кол тамгасы/ 

Подпись ответственного работника обменного бюро 

_______________________________ 

  

Алмашуу бюросунун жетекчисинин кол тамгасы/ 

Подпись руководителя обменного бюро ______________________________ 

  

Эскертүү/Примечание: 

(1) - операциянын түрү: чет өлкө валютасын сатып алуу же сатуу/вид операции: покупка или продажа иностранной валюты. 

  

  

  

2-тиркеме 

 

Банк-корреспондентте (чет өлкө банкында) кемчилиги бар валютаны алмаштырууга (экспертиза жүргүзүүгө)  

ӨТҮНҮЧ КАТ 

________________ ш. 

  

20__-ж. "___" _____________ 

  

___________________________________________________________________  

(банктын аталышы) 

___________________________________________________________________ филиалы 

_______________________________________________________дареги боюнча жашаган 

                                                          (үй дареги) 

____________________________________________________________________________ 

                                                     (кардардын аты-жөнү

Ким экендигин тастыктаган документ ________________________________________________________________________________________________________________________________________ 

                            (номери, сериясы, берилген күнү, ким тарабынан берилген) 

Сизден __________________________________________________жалпы суммасындагы 

____________________________________________________________________________ 

             (чет өлкө валютасынын аталышы, банкноттордун саны, номиналы, сериясы,  

_____________________________________________________ банкнотторду кабыл алууну өтүнөм  

                      номери жана чыгарылган жылы) 

Кемчилиги бар (эскилиги жеткен) валютаны банк-корреспондентте (чет өлкө банкында) алмаштырууга кабыл алуу  

шарттары менен таанышып чыктым жана банкка ____________ өлчөмүндө комиссиялык сый акы төлөөгө макулмун.  

Банк-корреспондент (чет өлкө банкы) алмаштырып, аларды жүгүртүүдөн алып салуу үчүн сунушталган банкнотту  

алмаштырып берүүдөн баш тарткан болсо да _______________________________ карата эч кандай кине койбойм. 

                                                                                    (банктын аталышы) 

___________________ (аты-жөнү

  

______________________ (аты-жөнү

(кардардын кол тамгасы) 

  

(банк кызматкеринин кол тамгасы) 

______________________________ 

  

______________________________ 

үнү

  

үнү

  

  

  

3-тиркеме 

 

Операцияларды каттоо  

ЖУРНАЛЫ  

20__-ж "__" ____________ 

Күндүн башталышына  

карата калдык 

Валюталар түрү 

Суммасы 

  

Кириштөө боюнча операциялар (сатып алуу) 

Чыгашалар боюнча операциялар (сатуу) 

Валюталар аталышы 

Валюталар суммасы 

Алмашуу курсу 

Берүүгө каралган сумма, сом менен 

Резидент эместер 

Валюталар аталышы 

Валюталар суммасы 

Алмашуу курсу 

Берүүгө каралган сумма, сом менен 

Резидент эместер 

Жыйынтыгында:  

сатылып алынган валюталар:  

Анын ичинде  

резидент эместерден сатылып алынгандар  

Башка түшүүлөр  

Күндүн башталышына карата калдык 

Валюталар түрү 

Жыйынтыгында 

сатылган валюталар:  

Анын ичинде  

резидент эместерге сатылгандар  

Башка чыгашалар 

Суммасы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Алмашуу бюросунун, алмашуу пунктунун, МФК, МКК, КС жана адистештирилген финансы мекемелеринин жооптуу кызматкеринин кол тамгасы 

Алмашуу бюросунун, алмашуу пунктунун, МФК, МКК, КС жана адистештирилген финансы мекемелеринин жетекчисинин кол тамгасы 

Эскертүү

1. "Жыйынтыгында сатылып алынган/сатылган валюта" сабында валюта түрү боюнча өз-өзүнчө сатылып алынган жана сатылган валютанын жалпы суммасы көрсөтүлөт. 

2. "Алмашуу курсу" тилкесинин деген 3 жана 8-графалардагы "Жыйынтыгында сатылып алынган/сатылган валюта" сабында сатылып алынган же сатылган бардык валюта боюнча орточо алынган курс чагылдырылат. Орточо алынган курс берүүгө каралган жалпы сумманын (4 жана 9-графалар) сатылып алынган/сатылган чет өлкө валютасынын жалпы суммасына карата катышы катары, валютанын ар бир түрү боюнча өз-өзүнчө эсептелинет. 

3. Резидент эместер менен операция жүргүзүү учурунда 5 жана 10-графаларда "Н" белгиси чагылдырылат, ал эми резидент эместер менен операциялык күн ичинде ишке ашырылган операциялардын жалпы көлөмү алмашуу бюросунун күндөлүк отчетторунда көрсөтүлөт. 

4. Алмашуу бюролор алмашуу бюросунун кассасы аркылуу нак чет өлкө валютасын алмаштыруу менен байланышы жок операцияларды жүзөгө ашырууга укугу жок. 

  

  

  

3a-тиркеме 

  

Банк 

№ ___ алмашуу пункту 

 

Сатылып алынган жана сатылган нак чет өлкө валюталарынын  

РЕЕСТРИ  

20__-жылдын "__" __________ 

Резидент эмес (Н) 

N квитанция 

Кыргыз сому 

АКШ доллары 

Немец маркасы 

Казак теңгеси 

Орус рубли 

Башка валюталар 

Д (Сатып алуу) 

К (Сатуу) 

Д (Сатып алуу) 

К (Сатуу) 

Д (Сатып алуу) 

К (Сатуу) 

Д (Сатып алуу) 

К (Сатуу) 

Д (Сатып алуу) 

К (Сатуу) 

Д (Сатып алуу) 

К (Сатуу) 

  

Сомдун курсу  

Баштапкы калдык  

Жүгүртүүлөр  

Акыркы калдык 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Алмашуу пунктунун кассиринин кол тамгасы 

  

  

  

4-тиркеме 

  

  

(аталышын, дарегин, ИНН көрсөтүү менен штамптын орду) 

AA N 000000 сериясындагы  

МААЛЫМ КАТ-СЕРТИФИКАТ  

20__-ж. "__" ____________ 

___________________________________________________________________ берилген 

                                                                (аты-жөнү

______________________________ документинин сериясы N ___________________________________ 

        (документтин аталышы) 

Резидент -_______________________________ Резидент эмес -_________________________________ 

                   (тиешелүүсүн атайы көрсөтүлгөн жерге X белгиси менен көрсөтүү зарыл)  

                                                       КАРДАРГА БЕРИЛГЕН: 

Валютанын аталышы ____________________________________________________________________ 

Суммасы сандар менен __________________________________________________________________ 

Суммасы жазуу жүзүндө __________________________________________________________________ 

                                                КАРДАРДАН КАБЫЛ АЛЫНГАН: 

Валютанын аталышы ____________________________________________________________________ 

Суммасы сандар менен __________________________________________________________________ 

Суммасы жазуу жүзүндө _________________________________________________________________ 

Алмашуу курсу _________________________________________________________________________ 

  

Банктын, алмашуу бюросунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемесинин  

жетекчиси __________ (кол тамгасы) ____________ (аты-жөнү

  

Кол тамгасыз жана мөөрсүз анык эмес. 

Үчүнчү жакка берүүгө болбойт. 

Өз алдынча жасап алууга баруу мыйзам боюнча жазаланууга алып келет. 

Оңдоого жол берилбейт. 

МО 

 

AA N 000000 сериясындагы  

МААЛЫМ КАТ-СЕРТИФИКАТТЫН КӨЧҮРМӨСҮ  

20__-ж. "__" __________ 

___________________________________________________________________ берилген 

                                                                  (аты-жөнү

__________________________________ документинин сериясы N ___________________ 

           (документтин аталышы) 

Резидент - _____________________________  

Резидент эмес - ________________________________ 

                   (тиешелүүсүн атайы көрсөтүлгөн жерге X белгиси менен көрсөтүү зарыл) 

                                                            КАРДАРГА БЕРИЛГЕН: 

Валютанын аталышы ____________________________________________________________________ 

Суммасы сандар менен __________________________________________________________________ 

Суммасы жазуу жүзүндө __________________________________________________________________ 

                                                      КАРДАРДАН КАБЫЛ АЛЫНГАН: 

Валютанын аталышы ____________________________________________________________________ 

Суммасы сандар менен __________________________________________________________________ 

Суммасы жазуу жүзүндө _________________________________________________________________ 

Алмашуу курсу _________________________________________________________________________ 

Банктын, алмашуу бюросунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемесинин  

жетекчиси _______________ (кол тамгасы) ________________ (аты-жөнү

  

Кол тамгасыз жана мөөрсүз анык эмес. 

Үчүнчү жакка берүүгө болбойт. 

Өз алдынча жасап алууга баруу мыйзам боюнча жазаланууга алып келет. 

Оңдоого жол берилбейт. 

МО 

 

Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу 

операцияларын жүргүзүү тартиби 

жөнүндө» жобого карата  

5-тиркеме 

 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

 

Юридикалык жактар жана жеке адамдар тарабынан алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын келип чыгуу булактары катары сунушталуучу документтердин болжолдуу тизмеги:  

1) Юридикалык жактар:  

- Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан тастыкталган бухгалтердик баланстын, пайда жана чыгымдар боюнча отчеттордун көчүрмөлөрү же;  

өтүнүч кат ээси тарабынан күбөлөндүрүлгөн финансылык отчеттун, декларациянын же анын финансылык абалы тууралуу башка документтердин көчүрмөлөрү;  

- аудитордук корутундунун көчүрмөсү (эгерде бул талап мыйзамда белгиленген болсо);  

2) Жеке адамдар маалымкаттар, декларациялар, сатып алуу-сатуу/тартуулоо келишимдери, акча-каражаттарды, мүлктү ж.б. мурастап алуу укуктары.  

3) алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары тарабынан тыюу салынбаган келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтер.  

Улуттук банкка ушул Жобого ылайык сунушталуучу жана бирден ашык барактан турган документтердин ар бир бети өз-өзүнчө болууга, номер коюлууга, көктөлүүгө, тиешелүү түрдө кол коюлууга жана күбөлөндүрүлүүгө тийиш, документтерди басмакана ыкмасында басылып чыккан китепче түрүндө да сунуштаса болот.  

Чет тилде сунушталуучу документтер же алардын көчүрмөлөрү кыргыз жана/же орус тилдерине которулуп, белгиленген тартипте күбөлөндүрүлүүгө тийиш.