Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2013-жылдын 25-сентябрындагы 

N 35/14 токтому менен 

бекитилди 

Аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барбаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы N 45/16, 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2, 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/7, 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/3, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3, 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4, 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9, 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ), 2019-жылдын 30-январындагы N 2019-П-33/4-2-(НПА), 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-8-(НФКУ), 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ), 2020-жылдын 8-июлундагы № 2020-П-33\39-3-(НФКУ), 2022-жылдын 5-октябрындагы N 2022-П-33/61-3-(НФКУ), 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-12/81-7-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1. Бул жобонун талабы аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык компанияларга, ошондой эле микрокредиттик компанияларга жана микрокредиттик агенттиктерге, анын ичинде атайы иштелип чыккан терминдерди эске алуу менен ислам банк иши жана каржылоо принциби боюнча операцияларды жүзөгө ашырган жана "ислам терезесине" ээ болгон уюмдарга (мындан ары - МФУ) таркатылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Бардык бүтүмдөрдөн жана операциялардан улам келип чыккан кредиттик тобокелдикти тескөөнү уюштуруу системасына, анын ичинде ислам МФУлары үчүн ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча кредиттик келишимдерге жана контрактыларга, аларды түзүү тартибине жана МФУларда кредиттик тобокелдикти тескөөнүн шайкеш системасын түзүүгө карата минималдуу талаптарды аныктоо, ушул жобонун максатынан болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

3. МФУ өз ишин Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө», «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына, ошондой эле МФУнун уставына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) лицензиясынын/күбөлүгүнүн негизинде жүзөгө ашырууга милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/3, 2017-жылдын  

31-майындагы № 21/9, 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-12/81-7-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

4. Микрокредиттөө операциялары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдүн алкагында, карыз алуучу менен макулдашылган шарттарда, юридикалык жактардан, уюштуруучулардан (акционерлерден), финансы-кредиттик уюмдардан жана/же эл аралык финансылык уюмдардан тартылган өздүк же карыздык каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

5. Ушул жобонун максаттары үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат: 

- Төлөмдөр графиги - кредиттик келишимге карата, микрокредитти кайтарып берүү жана пайыздарды төлөө мөөнөттөрүн жана суммаларын аныктаган милдеттүү тиркеме; 

- Кошо жоопкерчиликтүү топ - катышуучу-жеке адамдардын (жок эле дегенде 3 киши) өз ыктыярлары менен топко биригүүсү, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, топтун ар бир мүчөсүнүн милдеттенмелеринин аткарылышына жана алынган кредиттик каражаттардын толук кайтарылышына кандай гана шарттарда болбосун биргелешип жооп тартышат; 

- Топтук кредиттер - кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнө, кошо жоопкерчилик алдында берилген кредиттер; 

- Карыз алуучу - МФУдан мөөнөттүүлүк, төлөөгө жөндөмдүүлүк, кайтарымдуулук шарттарында белгилүү бир максаттарга кредит алган жеке адам же юридикалык жак, кошо жоопкерчиликтүү топ; 

- Кардар - МФУнун кызмат көрсөтүүлөрүнө кайрылган же алардан пайдаланып жаткан жеке адам же юридикалык жак, кошо жоопкерчиликтүү топ; 

- Таламдардан улам келип чыккан чыр-чатак - МФУнун кызматкеринин жеке кызыкчылыгы кредит берүү чечимин кабыл алуу процессине таасир этиши, ошол эле учурда МФУнун таламдарына зыян келтириши мүмкүн болгон жагдай; 

- Кредиттик тобокелдик - карыз алуучулар тарабынан МФУлардын активдерин кайтарып берүү боюнча милдеттенмелер келишим мөөнөттөрү жана шарттарына ылайык аткарылбай калуу тобокелдиги; 

- Микрокредит ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча иш алып барган микрофинансылык уюмдар үчүн - микрокаржылоо/ (мындан ары - кредит) - жеке адамга, кошо жоопкерчиликтүү топко же юридикалык жакка МФУнун Уставына жана Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамдын 2-беренесине ылайык берилген акча каражаттары. Кредиттин өлчөмү Улуттук банк тарабынан белгиленген өлчөмдөн ашпоого тийиш. Ошондой эле, ушул Жобонун максаттарында кредит дегенден улам, өзүнө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди түшүнүүгө болот; 

- Байкоо органы - МФУга жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырган, МФУнун башкаруу органы (Директорлор кеңеши/Байкоо кеңеши же МФУнун уюштуруу документтерине ылайык башка ыйгарым укуктуу жак); 

- Аткаруу органы - МФУга коллегиалдык же жеке күндөлүк жетекчиликти жүзөгө ашыруучу башкаруу органы (Башкарма/Төрага/Директор/Башкаруучу же МФУнун уюштуруу документтерине ылайык башка ыйгарым укуктуу жак); 

- Проблемалуу кредиттер - карыз алуучу тарабынан МФУ менен түзүлгөн келишим шарттары аткарылбаган кредиттер, же кандайдыр-бир жагдайлардан улам (мисалы, форс-мажордук жагдайлардын орун алышы же финансылык кыйынчылыктардын келип чыгышы), МФУ алдындагы милдеттенмелердин аткарылышына жана кредиттин төлөнүшүнө коркунуч туулат; 

- Форс-мажордук жагдайлар - жаратылыш кырсыктарын (суу каптоо, жер титирөө, өрт жана башка жаратылыш же техногендик кырсыктар), эпидемияларды, өзгөчө кырдаалдардын киргизилишин, массалык баш аламандыктарды, талап-тоноочулукту, аскердик аракеттер ж.б. сыяктуу окуяларды камтыган, бирок, чектелип калбаган жагдайлар. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

5-1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-12/81-7-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту). 

5-1. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери бөлүгүндө пайдаланылган терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамында жана өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган МФУлардын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларда келтирилген терминдерге жана аныктамаларга ылайык келет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Кредиттик тобокелдиктерди тескөөнү уюштурууга карата негизги талаптар 

6. МФУнун калкка жеткиликтүү кызматтарды сунуштоо, жакырчылыкты жоюуга көмөктөшүү, жумуштуулук деңгээлин жогорулатуу, ишкердикти өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын калкын социалдык жактан мобилизациялоого көмөктөшүү боюнча негизги максаттарынын ишке ашырылышына - төмөнкүлөргө микрокредиттерди берүү аркылуу жетишүүгө болот: 

- калктын аз камсыз болгон катмарынын, аялдардын жана алыскы аймактарда жашоочулардын баштапкы бизнести түзүүлөрүнө

- жүргүзүлүп жаткан бизнести колдоого жана аны өнүктүрүүгө

- мыйзамга каршы келбеген керектөө жана башка максаттарга. 

7. МФУлар анын тиешелүү башкаруу органдары (документтин статусуна жараша Байкоочу орган же Аткаруу органы) тарабынан бекитилүүгө тийиш болгон тиешелүү ички ченемдик документтерди (саясаттарды жана жол-жоболорду) иштеп чыгууга милдеттүү. Бул документтерде төмөнкүлөр алдын-ала каралууга тийиш: 

- МФУнун Уставы жана Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамында аныкталган иш-аракеттердин максаттарын ишке ашыруу боюнча чараларды ачып көрсөтүү, алардын аткарылышына МФУнун Байкоо жана Аткаруу органдары жоопкерчилик тартат; 

- билдирмени кароого, кредиттерди берүүгө, кредиттик келишимди түзүүгө жана ал боюнча тиешелүү документтерди киргизүүгө, ошондой эле кредиттик тобокелдикти аныктоо, өлчөө, ага мониторинг жүргүзүү жана контролдукка алууга тийиштүү, кредиттөө боюнча операцияларга карата бардык шарттар жана негизги талаптар. Мында ар бир кредиттик продукт боюнча толук сүрөттөөлөр МФУнун тиешелүү ченемдик документтеринде чагылдырылууга тийиш. 

8. МФУнун ички ченемдик документтери ушул Жободо, Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында берилген талаптарга ылайык келүүгө тийиш. 

9. МФУлар микрокредиттөөнү мөөнөттүүлүк, төлөөгө жөндөмдүүлүк, кайтарымдуулук шарттарында жүзөгө ашырышат. 

10. МФУлар өз ишин кардарларга карата алардын экономикалык кызыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык жана банктык сыр жөнүндө мыйзамынын талаптарын сактоодо, ак ниеттүүлүк, ачык-айкындуулук, аныктык принциптеринде жүзөгө ашырышат. 

10-1. МФУ Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 "Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жободо, Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларында көрсөтүлгөн талаптар сакталган шартта жана МФУнун ички саясаттарына жана жол-жоболоруна ылайык, обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу кредиттерди берүүгө укуктуу.  

Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилүүчү кредиттердин суммасы жөнөкөй электрондук кол тамга коюлган келишимдер боюнча 15000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквиваленти) жана күчөтүлгөн квалификацияланбаган электрондук кол тамга коюлган келишимдер боюнча 150000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквиваленти) ашпоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Кредиттик саясат 

11. МФУнун кредиттик иши анын тиешелүү органы тарабынан бекитилген кредиттик саясаттын негизинде жүзөгө ашырылат. 

11-1. МФУнун тиешелүү органы кредиттик саясатты анын шайкештиги боюнча, лимиттер системасын, кредиттик тобокелдикти тескөө инструменттерин жана жол-жоболорун, кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча ички аудит системасын кайра карап чыгууга милдеттүү. МФУнун тиешелүү органы зарыл учурда МФУдагы тобокелдик профилиндеги, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларындагы, МФУнун уюштуруу түзүмүндөгү жана кадрлар курамындагы өзгөрүүлөргө жана кредиттөө процессине таасирин тийгизүүчү башка жагдайларга жараша, бирок кеминде жылына бир жолу кредиттик саясатты кайра карап чыгууга милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

12. Кредиттик саясат МФУлардын кызматкерлери кредиттерди сунуштоо, тариздөө, мониторинг жүргүзүү, классификациялоо жана кредиттик тобокелдиктерди тескөө иштеринде колдонууга милдеттүү болушкан стратегияны, параметрлерди жана жол-жоболорду аныктайт.  

МФУ кредиттөө жана мониторинг жүргүзүү процессине тартылган кызматкерлерин карыз алуучулардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүүнүн, проблемалуу кредиттер менен иш алып баруунун МФУда колдонулуп жаткан ыкмаларын эске алуу менен кредиттөө жана карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө иликтөөлөрдү жүргүзүү жана баа берүү, ошондой эле кредиттөөдөгү башка маселелерге мониторинг жүргүзүү, анын ичинде кардарлар менен байланышты жөнгө салуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын аткаруу, жоопкерчиликтүүлүк менен кредиттөө принциптеринин сакталышы маселелери боюнча мезгил-мезгили менен окутуп туруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.  

Эгерде гарантия (кепилдик) бирден бир камсыздоо болуп саналса, анда МФУ гарантиялык милдеттенмелерин аткаруу жөндөмдүүлүгүн, анын ичинде жоопкерчилигин жана төлөө жөндөмдүүлүгүн аныктоо максатында, гаранттын (кепилдик берүүчүнүн) финансылык абалына кылдат иликтөө жүргүзүүгө тийиш.  

МФУ кредит боюнча тобокелдиктерди эске алып, эгерде кепилдик кредит боюнча кошумча камсыздоо болуп саналса, гаранттын же кепилдик берүүчүнүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө иликтөө жүргүзбөй койсо деле болот. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

13. МФУнун кредиттик саясатында кредиттерди берүүгө, мониторинг жүргүзүүгө жана кайтарып берүүгө тиешелүү бардык негизги жоболор чагылдырылууга тийиш, анын ичинде: 

1) төмөнкүлөрдү кошо алганда, жалпы жоболор: 

- потенциалдуу карыз алуучулардын курамы; 

- кредиттердин кредиттөө максаттарына жана башка шарттарга жараша түрлөрү. Мында, типтүү кредиттик продукттар жана аларга карата келишимдер унификацияланууга тийиш; 

- кредиттөө тартибин жана сандык чектөөлөрүн (лимиттерди), анын ичинде байланыштуу жактарга/аффилирленген жактарга жана алардын туугандарына берилген кредиттер, ошондой эле ири кредиттер боюнча; 

- кредиттөө мөөнөттөрүн, анын ичинде бизнестин сезондуулугун, мезгилдүүлүгүн эске алуу менен; 

- потенциалдуу карыз алуучулардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн аныктоо тартиби; 

- пайыздык чендерди калыптандыруу тартиби (номиналдык/эффективдүү); 

- валютанын түрү

- кредиттик портфелдин түзүмүн (тармактар, валюталар жана башка белгилер боюнча); 

- кредиттин тигил же бул түрүнө мүнөздүү потенциалдуу тобокелдиктер жана аларды төмөндөтүү методдору/ыкмалары; 

- индексацияланган кредиттерди берүүгө тыюу салуу; 

2) кредитти тариздөө тартиби, анын ичинде: 

- кредиттерди берүү жана жактыруу тартиби; 

- күрөөгө баа берүү тартиби; 

- кредиттердин ордун жабуу графигин кошо алганда, алардын туура таризделишине контролдукту жүзөгө ашыруу; 

- документтердин формалары; 

- күндөлүк жана проблемалуу кредиттер менен иштөө тартиби; 

3) кредиттерди тескөө боюнча талаптар, анда төмөнкүлөр камтылат: 

- карыз алуучунун шайкеш кредиттик досьесин калыптандырууга жана түзүүгө карата талаптар; 

- кредиттерге жана кредиттик келишимдердин шарттарынын МФУнун ички жол-жоболоруна ылайык аткарылышына мониторинг жүргүзүү боюнча талаптар; 

- кредиттерди пролонгациялоо, реструктуризациялоо, ошондой эле алар боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздар төлөнгөн учурда кредиттерди жаңыртуу шарттары; 

- кредиттерди классификациялоо системасын аныктоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга карата камдарды (РППУ) түзүүгө чегерүүлөрдүн маанисин белгилөө, мында Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 22-октябрындагы N 31/3 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы жеке адамдардан жана юридикалык жактардан аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашыруу укугуна ээ эмес микрофинансылык уюмдар тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабууга кам түзүүнүн жалпы принциптери жөнүндө" жободо, ошондой эле Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы N 5/6 токтому менен бекитилген "Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун тартибинде" белгиленген РППУну түзүүгө чегерүүлөрдүн мааниси сакталууга тийиш; 

- кредиттер боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн жана төлөнбөгөн карыздарды кайтарып алуу боюнча иш тартиби. 

Зарыл учурда карыз алуучуларга кредитти реструктуризациялоо мүмкүнчүлүгүн кошо алганда, МФУнун проблемалуу кредиттерди жөнгө салуу саясаты тууралуу маалымдалууга тийиш. 

"Проблемалуу" кредиттер менен иш алып барууда, жолугушууларды өткөрүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө жана башка чараларды ишке ашырууда МФУнун кызматкерлери ишкердик жана кесипкөйлүк этиканы так сактоого тийиш; 

4) кредиттөө процессинде МФУлардын кызматкерлеринин милдеттерин жана ыйгарым укуктарын бөлүштүрүүөлүү

- кредиттерди түрүнө жана өлчөмүнө жараша, аларды берүү укугун ыйгаруу; 

- күндөлүк кредиттерди администрлөө (мониторинг жүргүзүү) боюнча; 

- проблемалуу карыз алуучулардын карыздарын кайтарып алуу боюнча; 

5) МФУ кредиттик бүтүмдөрдү түзүүдө, өзгөртүүдө жана анын аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө тобокелдиктерге баа берүү ишин уюштуруу максатында, бир же бир нече кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу келишимин түзүүгө, ошондой эле кеминде бир кредиттик бюрого кредиттик маалыматты сунуштоого милдеттүү.  

Кредиттик маалымат анык жана жаңыртылган, айкын маалыматтарга негизденген, ошондой эле МФУ менен кардар ортосунда түзүлгөн келишим шарттарына ылайык келүүгө тийиш.  

МФУнун кредиттик ишти жөнгө салуу боюнча кредиттик саясатында/ички документтеринде кредиттик маалымат алмашуу ишин уюштуруу тартиби жана талаптары камтылууга тийиш:  

- кредиттик маалыматты санкциясыз колдонуудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан же ачыкка чыгаруудан сактоону жана коргоону камсыз кылуу;  

- кредиттик маалымат алмашуу процессинде катышкан МФУ жана анын кызматкерлери тарабынан алар менен эмгек келишими (контракт) токтотулгандан кийин да маалыматты ачыкка чыгарууга тыюу салуу.  

Мындан тышкары, кредиттик саясатта кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу келишимин түзүүдө негизги шарттар жана милдеттенмелер, анын ичинде төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш:  

- кредиттик маалыматка өзгөртүүлөр киргизилгендиги жана жаңыртылгандыгы жөнүндө өз убагында билдирүү;  

- кредиттик маалымат субъектисинин талабы боюнча кредиттик бюрого берилген кредиттик маалыматка өзгөртүүлөрдү киргизүү;  

- кредиттик маалымат алмашуу келишимине ылайык, кредиттик бюрого маалыматтарды сунуштоо системасынын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу.  

МФУ, бардык карыз алуучуларды кошо алганда, кредиттик бюрого сунуштаган кредиттик маалыматтын бурмаланышы, анын толуктугу, өз убагында сунушталышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/7, 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

13-1. МФУнун кредиттик саясатында карыз алуучулардын төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү методикасы камтылууга тийиш. Бул максаттарда МФУ өз ыңгайына жараша ички кредиттик рейтинг системасын иштеп чыга алат же тышкы кредиттик рейтинг булактарын колдоно алат. Тобокелдиктердин ички рейтинг системасы МФУнун иш чөйрөсүнө, өлчөмүнө жана татаалдыгына шайкеш келет.  

Эгерде МФУнун ички кредиттик рейтинг системасы бар болсо, анда бул ички рейтинг система карыз алуучунун финансылык абалына анын келечектеги төлөө жөндөмдүүлүгүнүн негизги көрсөткүчү катары комплекстүү баа берүүнү камтууга жана карыз алуучу тууралуу маалыматтарды чагылдырууга тийиш.  

Кредиттик рейтинг - кредиттин сапатынын негизги көрсөткүчү. Кредиттик рейтинг кредит берүү жактырылган алгачкы стадияда ыйгарылууга тийиш, ошондой эле кредитке кийинки мониторинг жүргүзүүдө, аны узартууда же кредиттик келишим шарттарын өзгөртүүдө же кредитти реструктуризациялоодо ыйгарууга болот. Карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүн аныктаган, иштелип чыккан кредиттик рейтингдер алфавит, сан же альфа-сан белгилери түрүндө белгиленет, булар МФУ кредит берүүдө орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди көрсөтүшөт. МФУ кредиттик рейтингди карыз алуучуга жана кредиттин өзүнө байланыштуу белгилүү бир мүнөздөмөлөрдү эске алуу менен ыйгарылат.  

Кредиттик рейтингди аныктоодо карыз алуучулардын төлөө жөндөмдүүлүгүн иликтөө ыкмалары ар кандай методдорго негиздениши мүмкүн:  

- сандык - кредиттик рейтингди аныктоого өбөлгө түзгөн, тиешелүү көрсөткүчтөрдү колдонуу менен (коэффициенттер методу, рейтингдик моделдер, скоринг моделдери);  

- божомолдоо, мында өткөн жылдардагы статистикага таянат жана карыз алуучунун кредит таржымалын жана төлөө жөндөмсүздүгү ыктымалдуулугун болжолдоого багытталат;  

- сапаттык, мында ар тараптуу сапаттык көрсөткүчтөр системасы колдонулат.  

МФУ кредит берүүдө карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүнө натыйжалуу баа берүү максатында, өз ыктыярына жараша карыз алуучуларга жана МФУ тарабынан сунушталуучу кредиттерге баа берүү боюнча талаптарга жооп берген ыкмалардан турган, өздүк моделин иштеп чыга алат. Мында төмөнкүлөр негиз болот:  

- карыз алуучулардын финансылык абалына жана кредиттердин сапатына комплекстүү баа берүүгө өбөлгө түзгөн коэффициенттер ыкмасы;  

- рейтингдик модель - колдонууга ыңгайлуу жана жөнөкөй болуп саналган, интегралдык көрсөткүчтөрдү эсептөө аркылуу коэффициенттер методу менен автоматташтырылган баа берүү;  

- скорингдик модель - карыз алуучуну белгилүү бир топко киргизүү менен кредит төлөө жөндөмдүүлүгүнө балл эквивалентинде баа берүү;  

- карыз алуучунун милдеттенмелери менен келечектеги акча агымдарына баа берүүгө негизденген модель;  

- өткөн жылдардын статистикасын жана башкаларды колдонуу менен модель.  

Ички кредиттик рейтинг системасы кредит берүү тууралуу чечим кабыл алуу; кредиттин наркын аныктоо; МФУнун кредиттик тобокелдикке мониторинг жүргүзүүдө көмөктөшүүсү; потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү үчүн; алынган жана зарыл маалыматты тескөө; кредиттерди кредиттик рейтинг шкаласына ылайык бөлүштүрүү, ошондой эле кредиттик рейтинг шкаласы боюнча кредиттердин мурдагы абалын жана келечектеги жылышын аныктоо; кредит портфелдеги жалпы тобокелдиктерге жана тенденцияларга баа берүү үчүн колдонууга болот.  

Ички кредиттик рейтинг системасын колдонуу мурунку маалыматтар менен маалымат базасын түзүүгө өбөлгө түзөт, ал убакыттын өтүшү менен кредиттин белгилүү бир түрүнө кредиттик рейтинг көрсөткүчтөрү боюнча баа берет, бул МФУга өз кредиттик тобокелдигине кыйла так баа берүүгө мүмкүнчүлүк берет.  

Эгерде МФУнун ички кредиттик рейтинг системасы бар болсо, анда бул ички рейтинг системасы төмөнкүлөр боюнча ыйгарым укуктардын бөлүштүрүлүшүн камтууга тийиш:  

- карыз алуучуга баштапкы рейтингди ыйгаруу (кредитке билдирме келип түшсө);  

- ыйгарылган рейтингди талдап-иликтөө (кардардын иши, анын төлөө жөндөмдүүлүгү жана күрөөлүк камсыздоосу боюнча бардык документтерди талдап-иликтөөдө);  

- кредит берүүнү жыйынтыктап жактыруу.  

Кредит берүү боюнча чечим кредиттик рейтингге ылайык, 100000 (жүз миң) сомго чейинки суммада жеке адамдарга жана жеке ишкерлерге кредиттер боюнча кабыл алынат.  

Мындан ары жеке адамдарга жана жеке ишкерлерге 100000 (жүз миң) сомго чейинки суммада берилген кредиттер боюнча ушул Жобого ылайык, мониторингдин мезгилдүүлүгү боюнча, мезгил-мезгили менен төлөм мониторингин, ошондой эле кредиттик милдеттенмелердин аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана эгер зарыл болсо, рейтингге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу максатында ыйгарылган кредиттик рейтингдерге талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүп туруу зарыл.  

Мындан тышкары, МФУ берүү учурунда стандарттык эмес чечимдер (жеке пайыздык чендер, күрөө түзүмү жана башка) кабыл алынган, кредиттердин маалымат базасын жана эсепке алуу журналын үзгүлтүксүз жүргүзүүгө милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

14. Ири кредиттерди, МФУнун байланыштуу жактарына/аффилирленген жактарына кредиттерди берүү, ошондой эле проблемалуу кредиттерди эсептен алып салуу МФУнун Байкоо органы тарабынан жактырылгандан кийин жүргүзүлөт. 

14-1. Кредиттерди берүү укугу кызмат адамдардын бир нече деңгээлине бөлүштүрүлүшү мүмкүн жана бул адамдар кредиттөө учурунда алар тарабынан жол берилген бузуулар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликтүү болушат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

15. МФУнун кардардын тууганы болуп саналган жана кредиттерди берүү боюнча чечимдерди кабыл алуу жагында ыйгарым укукка ээ болгон кызматкери, бул кардарга кредиттерди берүү жөнүндө чечим кабыл алууга тийиш эмес. 

16. МФУнун чет өлкө валютасында кредит берүү укугуна ээ Аткаруу органы МФУнун кредиттик саясатынын аткарылышына жоопкерчиликтүү болуп саналат жана кредиттик тобокелдикти, анын ичинде валюта тобокелдигине шартталган кредиттик тобокелдикти аныктоо, өлчөө, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо боюнча саясатты, жоболорду жана жол-жоболорду иштеп чыгууга жана аларды МФУ ишине жайылтууга милдеттүү болот. МФУнун чет өлкө валютасында операциялардын бардыгын жана айрымдарын жүзөгө ашырууга кошумча лицензиясына (лицензия көрсөтүлсүн) ээ Аткаруу органы валюта тобокелдигине шартталган кредиттик тобокелдикти туруктуу аныктоо, баа берүү, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо боюнча комплекстүү системаны камсыз кылуусу, ошондой эле валюта тобокелдигине шартталган кредиттик тобокелдикти контролдоо, талдап-иликтөө жана мониторинг жүргүзүү үчүн отчет түзүү системасын камсыз кылуусу зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

16-1. МФУлардын кредиттөө жана мониторинг жүргүзүү ишине тартылган кызматкерлерине кредиттөө ишине жоопкерчиликтүүлүк менен мамиле жасоо жагында билим деңгээлин жогорулатуу сунушталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Микрокредитти алууга билдирмелерди карап чыгуу 

17. МФУлар ички ченемдик документтеринде кардар тарабынан кредит алуу үчүн берилген документтерди кароо мөөнөтүн белгилөөгө тийиш. 

18. МФУ кардарларга жок эле дегенде төмөнкү шарттарды сактаган учурда кредиттерди берет: 

1) кардар билдирмеде карызга алынган каражаттарды пайдалануу максаттарын көрсөтүү менен кредит алуу үчүн кайрылган шартта; 

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кардар эрезеге жеткен, ишке жарамдуу болгон шартта; 

3) Бир чогуу жоопкерчиликтүү топтун катышуучулары бир үй-бүлө мүчөсүнөн, чогуу жашагандардан жана/же биргелешип бизнес жүргүзүүчүлөрдөн боло алышпайт; 

4) Чогуу жоопкерчиликтүү топтун бир үй-бүлө мүчөсү болуп саналбаган, бирок биргелешкен бизнеске ээ катышуучуларынын саны, мындай топтун катышуучуларынын жалпы санынын 20 пайызынан ашпоого тийиш; 

5) Чогуу жоопкерчиликтүү топтун бир үй-бүлө мүчөсү болуп саналбаган, бирок биргелешип бизнес жүргүзгөн катышуучуларынын үлүшү, топко берилген кредиттин жалпы суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш. 

Ушул жобонун талабына ылайык, бир нече ишкер (өнөктөштөр, чогуу ээлик кылуучулар ж.б.) тартылган экономикалык ишкердикти биргелешип жүргүзгөн бизнес катары түшүнүү зарыл. Мында, алардын иши биргелешип өндүрүп алуудан жана/же товарларды сатуудан, кызматтарды сунуштоодон пайда көрүүгө багытталат. Бул үчүн ишкерлердин мүлкү, материалдык эмес активдери, эмгеги пайдаланылат. Биргелешкен бизнестин катышуучулары бизнес жүргүзүүдөн алынган пайданы өз ара бирдей үлүштө бөлүштүрүп, келип чыгышы мүмкүн болгон жоготуу тобокелдигине бүтүндөй мүлкү же анын бөлүгү менен жооп беришет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы N 45/16 токтомунун редакциясына ылайык) 

19. Кредит алуу үчүн кардар жок дегенде ушул жобонун 1-тиркемеге ылайык сунушталган документтерди берүүсү зарыл. 

МФУда маалыматтардын сакталышын жана коргоого алынышын камсыз кылуу талаптары каралган маалымат менен иш алып баруу боюнча ички жол-жобо иштелип чыгышы зарыл. МФУнун кызматкерлери маалымат топтоодо жана кардарлар менен иш алып барууда мыйзам талаптарына ылайык маалыматтар кандай учурларда гана колдонула тургандыгы так чечмелеп, түшүндүрүүгө тийиш. 

Кардардын (кардарлардын) сүрөттөрүн же алар катышкан видео жаздырууларды, аудио жаздырууларды жана аларга тиешелүү башка маалыматтарды жарнамалык, маркетингдик маалыматтарда же башка жалпыга маалымдоо максаттарында пайдалануу үчүн ага кардардын (кардарлардын) кат жүзүндө макулдугун алуу талап кылынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

20. Билдирмелерди карап чыгуу регламенти жок эле дегенде төмөнкү баскычтардан турууга тийиш: 

1) кардарлардын кредиттерди алууга билдирмелерди каттоо Журналына, билдирмелерди каттоо (мындан ары - Журнал). МФУда маалыматты коргоо жана сакталышын камсыз кылган коопсуздук системалары орнотулуп, маалыматтан санкциясыз пайдаланууга жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мүмкүн болбогон шартта, журналды электрондук түрдө жүргүзүүгө жол берилет; 

2) кардар тарабынан билдирмеде көрсөтүлгөн маалыматтарды текшерүү

2-1) бир же бир нече кредиттик бюродон карыз алуучу тууралуу маалыматты (кредиттик отчетту) жана МФУнун ыктыярына жараша - карыз алуучу менен байланыштуу жактар тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык суроого; 

3) кардар-потенциалдуу карыз алуучу менен аңгемелешүү жүргүзүү

4) кардар тарабынан берилген документтерге алдын-ала экспертиза жүргүзүү

5) формалдуу эмес кирешеге ээ болгон кардарларды кошо алганда, кардардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарына баа берүү, ошону менен бирге карыз алуучунун анын чогуу алгандагы кирешесинин кредит боюнча (негизги сумма жана пайыздар боюнча) бир айлык төлөмгө карата катышына барабар болгон карызын жабуучу коэффициенти 130 пайыздан кем болбоого тийиш; 

6) кредит берүү жөнүндө чечим; 

7) кардарга МФУда белгиленген тартипте кредит берүү/кредит берүүдөн баш тартуу жөнүндө маалымдоо, бул, формасы МФУ тарабынан белгиленген Журналга катталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9, 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ), 2022-жылдын 5-октябрындагы N 2022-П-33/61-3-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

21. Эгерде, кредит боюнча кызматкер же кредит берүү чечимин кабыл алууда катышкан кайсы гана жак болбосун, потенциалдуу кардар менен таламдардан улам келип чыккан талаш-тартыш мамилелеринде болсо, анда ал аталган карыз алуучуга кредит берүү боюнча чечим кабыл алууга катышууга тийиш эмес. 

МФУнун кызматкерлери өз функционалдык милдеттеринин чегинде гана кардарлар менен өз ара аракеттенүүгө тийиш жана кардарга сый акы катары кредит берүүдө ортомчу сыяктуу көмөктөшүү укугуна ээ эмес. 

5. Кардарлардын укуктары 

22. Кредиттик келишимге кол коюлганга чейин, кардар төмөнкүлөргө укуктуу болот: 

1) кредиттик келишимдин долбоорун ага тиркелген бардык документтери менен колуна алууга же электрондук түрдө алууга жана юридикалык консультация алуу үчүн МФУнун чегинен тышкары кайрылууга, мында кардарга аталган келишим менен таанышууга берилген убакыт бир күндөн кем эмес, бирок, үч күндөн ашпоого тийиш; 

2) МФУ кызматкерлерине төмөнкү маалыматты түшүндүрүү жана аларды чечмелеп берүү боюнча консультацияларды алуу үчүн кайрылууга: 

- кардардын тандоосу боюнча мамлекеттик жана/же расмий тилде, кредиттик продукттун толук наркы жөнүндө маалыматты кошо алганда, кредиттерди берүү шарттары жөнүндө

- карызгердин анын ичинде өзүнүн финансылык абалы жөнүндө так эмес маалыматты бергендиги үчүн жоопкерчилигин, милдеттерин кошо алганда, кредиттик келишимдин шарттары жөнүндө, ошондой эле кредит алууга жана кредиттик келишимдин шарттарынын бузулушуна, күрөөлүк камсыздоону сунуштоого жана кепилдик берүүгө байланыштуу тобокелдиктер жөнүндө

- кредиттик келишим шарттарынын өзгөрүшү ыктымалдуулугу жана тартиби жөнүндө

- кредит алуу, тейлөө жана аны кайтарууга байланыштуу чыгашалар (төлөмдөр) тизмеги жөнүндө (ушул Жобого карата 3-тиркеме); 

3) электрондук кол тамганы пайдалануу менен кардарларды обочо туруп/аралыктан тейлөө аркылуу МФУ кызматтарынан пайдалануу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

23. Кардар кредиттик келишимге кол койгон учурдан тартып, акча каражаттарын алган же келишим боюнча лизингге тиешелүү мүлккө төлөөлөрдү жүргүзгөн учурга чейин кайтарымсыз негизде кредит алуудан баш тартууга. 

24. Кредиттик келишимге кол коюлгандан жана МФУдан акча каражаттарын алгандан кийин кардар төмөнкүлөргө укуктуу: 

1) МФУлардан карыздын өлчөмү жөнүндө маалыматты жана кредиттик келишимдин шарттары өзгөргөн учурда - төлөмдөрдүн жаңы графигин алууга; 

2) кредит (лизинг) боюнча карызын Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, кандайдыр бир комиссиялык төлөмдөрсүз, айыптык санкцияларсыз жана башка төлөмдөрсүз мөөнөтүнөн мурда төлөөгө

3) МФУга кредитти пролонгациялоо же реструктуризациялоо өтүнүчү менен кайрылууга. Карыз алуучу МФУга кредитти пролонгациялоо же реструктуризациялоо өтүнүчү менен кат түрүндө кайрылган шартта, МФУ аны карап чыгууга жана кат ээсине аталган кайрылуу боюнча чечимин кат түрүндө билдирүүгө тийиш; 

4) эгерде, кредиттин негизги суммасынын 50 пайызынан көбүрөөгү төлөнгөн болсо, МФУнун ички документтеринин талаптарына ылайык жана МФУнун макулдугу менен коюлган күрөөнүн ордуна наркы кредит боюнча калган сумманы жапкан башка күрөөнү сунуштоого. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 8-июлундагы № 2020-П-33\39-3-(НФКУ), 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-12/81-7-(НФКУ) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

24-1. Жеке адам, анын ичинде жеке ишкер болуп саналган кардар менен кредиттик келишим түзүүдө, МФУ аталган кардарларга кредит алуунун төмөнкү ыкмаларын тандоо укугун сунуштайт:  

- кредиттик каражаттарды накталай алуу үчүн комиссиялык жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз, нак акча түрүндө алуу;  

- тейлөө шарттары коммерциялык банк менен жеке адам, анын ичинде жеке ишкер болуп саналган кардар ортосундагы тиешелүү келишимде аныкталган жана кардардын коммерциялык банкта ачылган, эсептешүүүндөлүк) эсебине/банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсебине кредиттик каражаттарды алуу.  

Мында жеке адам, анын ичинде жеке ишкер болуп саналган кардарлар комиссиялык жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз, кредитти нак түрдө да, нак эмес түрдө да төлөөгө укуктуу.  

МФУ экономиканы өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик/өкмөттүк жана социалдык программалар алкагында кредит берүүдө, жеке адам, анын ичинде жеке ишкер болуп саналган кардарларга акча каражаттарын алуу үчүн комиссиялык жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз, кредиттик каражаттарды алуу жана төлөө укугун берет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 8-июлундагы № 2020-П-33\39-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

25. Пайыздык чендердин, ошондой эле комиссиялык сый акылардын жана кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин өлчөмү ачык-айкын болууга тийиш жана коммерциялык же банктык сыр болуусу мүмкүн эмес. 

26. МФУнун кредиттик ишинин ачык-айкындуулугун арттыруу жана кардарлардын кредиттөө шарттарынан кабардар болуусун жакшыртуу максатында, МФУнун тейлөө жайларында төмөнкү маалыматтарды камтыган маалымат такталары жайгаштырылууга тийиш: 

1) кредит боюнча пайыздык төлөмдөрдүн төлөнбөй жана негизги сумманын кайтарылбай калышы менен байланышкан тобокелдиктерди кошо алганда, кредиттерди берүү жана аны төлөө тартиби, шарттары жөнүндө

2) топтук кредит алуу критерийлери жана кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын жоопкерчиликтери жөнүндө

3) кредит, туумдар жана айыптык санкциялар боюнча төлөмдөрдү эсептөө тартибин түшүндүрүү жөнүндө

4) эффективдүү пайыздык чендин өлчөмү жөнүндө

5) кредит алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси жөнүндө

6) кардардын укуктары жана анын милдеттери жөнүндө

7) МФУда даттануулар жана сунуштар Китепчесинин болушу тууралуу; 

8) Улуттук банктын кредиттөө процессин жөнгө салган негизги ченемдик укуктук актыларынын тизмеги жөнүндө

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

27. МФУ кардар менен кредиттик келишим түзгөнгө (кол койгонго) чейин төмөнкүлөргө милдеттүү

- кардарга таанышып чыгуу үчүн карыз алуучуга атайын даярдалган Эскерткичтерди берүүгө

- кардарга даттанууларды кароонун жол-жобосу жөнүндө жана МФУда суроо-талаптарды, даттанууларды алуу жана аларды кароо үчүн жооп берүүчү байланыш адамы тууралуу жана кардар даттануулар жана сунуштар Китепчесине (мындан ары - Китепче) өз сын-пикирлерин жана сунуштарын жазып коюуга укуктуу экендигин маалымдоо, ал номерленип, көктөлүп, ошондой эле МФУнун Аткаруу органы тарабынан кол коюлуп жана мөөр менен бекемделүүгө тийиш (ушул жобого карата 2-тиркеме). Китепте камтылган маалыматтар алты жылдан кем эмес мөөнөткө сакталуусу зарыл. 

28. Кредит алууга билдирме иликтенгенден кийин МФУ корутунду жасап, анда карыз алуучуга кредит берүүнүн максатка ылайыктуулугун көрсөтөт, бул корутунду кардардын кредит алуу үчүн билдирмеси жана ушул Жобонун жана МФУнун ички документтеринин талабына ылайык МФУнун сурамы боюнча кардар тарабынан берилген башка зарыл документтер менен кошо Кредиттик комитеттин/ыйгарым укуктуу кызмат адамынын кароосуна сунуштайт.  

Эгерде ушул Жобонун 1-тиркемесинде берилген документтер тизмегин МФУ электрондук кол тамга колдонуу менен кардарларды аралыкта туруп/обочодон тейлөө аркылуу алса, анда мындай чечим кардарларды аралыкта туруп/обочодон тейлөө аркылуу жөнөтүлүшү мүмкүн.  

Кредит берүүдөн баш тартылган учурда корутундуда аны себеби көрсөтүлүүгө жана МФУ белгиленген тартипке ылайык, карыз алуучуга кабыл алынган чечим тууралуу маалымдоого тийиш.  

Эгерде МФУ ички кредиттик рейтинг системасына ээ болсо, анда карыз алуучуга ички кредиттик рейтинг тарабынан МФУга берилген, кредит берүүнүн максатка ылайыктуулугу/ылайыксыздыгы тууралуу рейтингдин маанисин камтыган натыйжа тиешелүү корутунду катары каралышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

28-1. МФУ, күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жактарды эске албаганда, ипотеканы (мурабаха, ж.б. келишимдери боюнча турак жай сатып алууга/курууга) жана кардарга/жеке адамга чет өлкө валютасында керектөө максаттарына каржылоону сунуштай албайт. Мына ушундай каржылоолор боюнча төлөмдөрдү, кредиттик келишимдин валютасынан айырмаланган валютага байланыштырып индексациялоого жол берилбейт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

6. Кредиттик келишимге карата талаптар жана аны түзүү тартиби 

29. МФУ менен кардардын ортосунда, анын ичинде электрондук формада түзүлгөн, анын келишим түзгөн тарапка таандык экендигин тастыктаган, электрондук кол тамга аркылуу кол коюлган кредиттик келишим, ага карата бардык тиркемелер жана башка келишимдер/макулдашуулар мамлекеттик жана расмий тилде (кардарга тилди тандоо укугун берүү менен) түзүлөт.  

Келишим түзгөн ар бир тарап кредиттик келишимдин бардык тарап кол койгон түп нускасын, же болбосо анын келишим түзгөн тарапка таандык экендигин тастыктоого өбөлгө түзгөн, электрондук кол тамга аркылуу кол коюлган, электрондук документ формасында алууга тийиш. Кредиттик келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына каршы келбөөгө тийиш. МФУ кардардын келишимдин түп нускасын же электрондук кол тамга аркылуу кол коюлган, электрондук документти алгандыгы тууралуу тил катты кардардан кагаз жүзүндө же электрондук кол тамга аркылуу кол коюлган, электрондук түрүндө алуусу зарыл. Кредиттик келишимдин түп нускасына МФУнун кардар келишимдин түп нускасын алгандыгы тууралуу белгилөөсү жогорудагы тил катка теңдештирилет. Кардар акча каражаттарды алгандыгы тууралуу факт тиешелүү документ менен тастыкталууга тийиш.  

Кредит боюнча келишимдердин түп нускаларынын саны келишим түзгөн тараптардын санынан кем болбоосу зарыл. Кошо жоопкерчиликтүү топ тараптардын бири катары катышкан топко бириккендерди кредиттөөдө, кошо жоопкерчиликтүү топ үчүн кредиттик келишимдин түп нускасынын саны, келишимге кол коюшкан топтун катышуучуларынын санынан аз болбоого тийиш. МФУ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кредиттик келишимге карата бардык документтердин түп нускасынын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.  

Мында аралыкта туруп/обочодон тейлөө каналдары аркылуу, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген суммаларда берилген кредиттер боюнча келишимдерге, келишим түзгөн тарапка таандык экендигин тастыктоого өбөлгө түзгөн, электрондук кол тамга аркылуу кол коюуга болот 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

30. Кредиттик келишимге кол коюудан мурда, кийинчерээк аны кайтарып берүү боюнча көйгөйлөрдүн орун алышы ыктымалдуулугун болтурбоо максатында, кредит берилүүчү жана төлөнүүчү бардык шарттарды тактоо зарыл. 

Карыз алуучуга, гарантка/кепилдик берүүчүгө, күрөө коюучуга тиешелүү келишимдер боюнча кабыл алынган милдеттенмелер аткарылбаган учурда же талапка ылайык аткарылбаган учурда анын кесепеттери менен кол койдуруп, түшүндүрүлүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-12/81-7-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

31. МФУ кредиттик келишимдин баштапкы шарттарын кардардын кат түрүндөгү макулдугусуз жана эгерде, бул, карыз алуучунун укуктарын азайтып жана милдеттерин көбөйтүүгө алып келсе, аны бир тараптуу негизде алмаштырууга укуктуу эмес. 

32. Кредиттик келишимде номиналдык жана эффективдүү пайыздык чендер жылдык мааниде көрсөтүлүүгө тийиш. 

33. Кредитти жана кошуп эсептелген пайыздарды төлөө графиги кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана кредиттин ордун жабуу мөөнөтүн жана карыз алуучунун финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен түзүлөт. Мында кредит боюнча пайыздык төлөмдөр кредиттин негизги суммасынын калдыгына карата номиналдык пайыздык чен боюнча чегерилүүгө тийиш. Төлөө графигинде кредитти төлөө тартиби жана мөөнөттөрү толук чагылдырылуусу жана ага эки тараптуу кол коюлуусу зарыл. 

33-1. Берилген кредиттер боюнча пайыздык чен Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө" Мыйзамына ылайык эсептелген, жол берилген пайыздын өлчөмүнөн ашып кетсе, МФУ аталган Мыйзам талаптарынын, анын ичинде төмөнкүлөрдүн аткарылышын камсыз кылууга тийиш:  

- карыз алуучунун кредитор алдындагы милдеттенмелери аткарылбаган шартта, карыз алуучунун күрөөлүк мүлкүн алып коюуну соттук тартипте гана ишке ашыруу;  

- карыз алуучунун кредитор алдындагы акчалай жана/же материалдык милдеттенмелерин аныктоодо кредиттин же насыянын колдонуудагы мөөнөтү ичинде чегерилген кошумча төлөмдүн (айып, туум) өлчөмү берилген кредиттин суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

34. Кредиттик келишимде, кеминде, төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

1) тараптардын аталышы; 

2) келишим предмети; 

3) кредиттик келишимдин колдонуудагы мөөнөтү

4) кредит берүүнүн негизги шарттары, анын ичинде максатын, суммасын, пайыздык чендерин (номиналдык жана эффективдүү), төлөө тартибин жана мөөнөтүн, камсыздоо түрүн (эгерде болсо) көрсөтүү менен; 

5) карыз алуучунун укуктары жана милдеттери, анын ичинде кредиттик келишим боюнча өзү кабыл аллган милдеттенмелерди аткарбай койгон же талаптагыдай аткарбаган учурдагы; 

6) МФУнун укуктары жана милдеттери; 

7) кредиттик бюрого кардар жөнүндө маалымат берүү шарттары; 

8) кардардын кредиттик келишимге кол койгон учурдан тартып акча каражаттарын алган же келишим боюнча лизингге тиешелүү мүлккө төлөөлөрдү жүргүзгөн учурга чейин кредит алуудан кайтарымсыз негизде баш тартуу укугу; 

9) катышуучунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык кандайдыр бир комиссиялык төлөмдөрдү, айыптык санкцияларды жана башка төлөмдөрдү алуусуз, кредитти каалаган убакта мөөнөтүнөн мурда толугу менен же бөлүп-бөлүп төлөөгө укугу; 

10) форс-мажордук жагдайлар орун алган шарттар; 

11) МФУнун карыз алуучунун эсеби жөнүндө так жана анык маалыматты берүү милдети (эсептин, чектин көчүрмөсү, баланстын абалы, кредит боюнча төлөмдүн тастыктамасы жана башка зарыл маалымат);  

12) эгерде күрөө предмети коом үчүн тарыхый, көркөм же башка маданий баалуулукка ээ болсо же жеке адамдын менчик укугуна таандык жалгыз турак жай болуп саналса, күрөө предметинин эсебинен сот аркылуу гана өндүрүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ), 2020-жылдын 8-июлундагы № 2020-П-33\39-3-(НФКУ),  

2022-жылдын 22-декабрындагы № 2022-П-12/81-7-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

35. Топтук кредиттерди берүүдө кредиттик келишимде төмөнкүлөр кошумча көрсөтүлөт: 

1) кошо жоопкерчиликтүү топтун ар бир мүчөсүнүн аты-жөнүн көрсөтүү менен тараптардын аталышы; 

2) кошо жоопкерчиликтүү топтун бир эле учурда казыначысы\бухгалтери болуп саналган жетекчисинин аты-жөнү

3) топтун катышуучуларынын бирөөсү кредитти төлөп/кайтарып бере албай калган учурларда кошо жоопкерчиликтүү топтун ар бир катышуучусунун милдеттери; 

4) кошо жоопкерчиликтүү топтун ар бир катышуучусуна берилүүчү кредиттин суммасын көрсөтүү менен кредит берүү тартиби. 

5) Кошо жоопкерчиликтүү топтун ар бир катышуучусунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык кандайдыр бир комиссиялык төлөмдөрдү, айыптык санкцияларды жана башка төлөмдөрдү албастан, кредитти каалаган убакта өз бөлүгүндө толугу менен же бөлүп төлөө аркылуу мөөнөтүнөн мурда төлөөгө укугу. Кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучусунун бири кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөгөн шартта, МФУ кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн кат жүзүндө макулдугун сурашы мүмкүн. 

Чогуу жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын бири кредиттин ага тиешелүү бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда төлөгөн болсо да, топтун курамында алынган кредиттин орду толук жабылганга чейин ал кепилдик келишими боюнча чогуу жоопкерчиликтүү бойдон кала берет. Чогуу жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын жана МФУнун макулдугу болгон шартта, ошондой эле топтун курамынын минималдуу саны боюнча шарттар сакталган учурда топтун кредиттин ага тиешелүү бөлүгүн төлөгөн катышуучу чогуу жоопкерчиликтен бошотулушу мүмкүн. 

6) кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн кредиттик акча каражаттарын алгандыгын, анын ичинде электрондук кол тамганы пайдалануу менен аралыкта туруп/обочодон тейлөө каналы аркылуу алгандыгын тастыктоо. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы N 45/16, 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ), 2022-жылдын 22-декабрындагы № 2022-П-12/81-7-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

36. МФУ кардарды ушул жобонун 3-тиркемесине ылайык таблица түрүндө түзүлгөн анын чыгашаларынын (төлөмдөр) тизмеси менен тааныштырууга тийиш, ал, кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана эки тараптуу кол коюлат, ошондой эле тарапка таандык экендигин тастыктоого өбөлгө түзгөн, электрондук кол тамга аркылуу кол коюлган электрондук документ түрүндө да түзүлөт. 

МФУ кардарга кредит, туумдар, айыптар ж.б. боюнча төлөмдөрдү эсептөө тартиби жагында түшүндүрмөлөрдү берүүгө тийиш. 

МФУ кредиттик келишимдин шарттарына кошумча жыйымдарды, комиссиялык жана МФУ тарабынан алынган/төлөнгөн жана анын бекитилген тарифтерине ылайык жарыялангандардан тышкары, кредиттик келишимди түзүү жана аткарууга байланыштуу башка төлөмдөрдү, ошондой эле карыз алуучулар менен макулдашылгандыгына карабастан, акы төлөнүүчү негиздеги башка кызматтарды кошууга укугу жок. 

МФУ карыз алуучунун талабы боюнча анын эсеби тууралуу так жана анык маалыматты сунуштайт (эсеп көчүрмөлөрү, чектер, кредит боюнча төлөө тастыктамасын). 

Кредиттин негизги суммасы жана ал боюнча пайыздарды төлөө/ордун жабуу мөөнөтү кечиктирилгендиги үчүн кошумча төлөм (айыптык төлөм, туум) мөөнөтү кечиктирилген суммага жана айкын мөөнөтүнө жараша эсептелинет. 

Кредит боюнча милдеттенмени толугу менен аткаруу үчүн жетишсиз болгон, жүргүзүлгөн төлөмдүн суммасынан эң оболу карыздын негизги суммасы, андан соң милдеттенменин аткарылышы боюнча кредитордун чыгымдары, калган бөлүгүнөн - пайыздар жана кошумча төлөмдөр алынат. 

МФУ ал үчүн комиссиялык жана башка төлөмдөрдү алып жаткан кызмат көрсөтүү төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:  

- кардар үчүн өзүнчө пайда алып келүүгө же керектөө баалуулугуна ээ болууга;  

- кредит берүү боюнча негизги кызмат көрсөтүүдөн өз алдынча жана көз карандысыз болууга;  

- мыйзам талаптарына ылайык акысыз сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөргө кирбеши зарыл.  

МФУ тарабынан бир эле операция үчүн пайыздар же комиссиялык төлөмдөр алынышына жол берилбейт.  

Кардар кредиттик келишим жана/же башка макулдашуулар боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаган/талаптагыдай аткарбаган учурда гана, МФУнун андан үстөк айып (айыптык төлөм/туум) жана башка айыптык санкцияларды алуусуна жол берилет.  

Эскертүү: МФУ тарабынан келишимди аткаруу максатында, жеке кызыкчылыгын көздөө менен гана көрүлгөн, ошондой эле карыз алуучу үчүн мүлктүк пайда же пайдалуу натыйжа алып келбеген иш-аракеттер МФУнун карыз алуучунун алдындагы милдеттенмелери болуп саналбайт. Демек, МФУ тарабынан өз алдынча сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдү аларды жүргүзүүсүз кредиттик келишимди түзө же аткара албаган стандарттуу иш-аракеттеринен бөлүп көрсөтүү зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9, 2019-жылдын 30-январындагы N 2019-П-33/4-2-(НПА), 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ), 2020-жылдын 8-июлундагы № 2020-П-33\39-3-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

37. Кардар менен кредиттик келишим түзүлгөндөн, анын ичинде келишим түзгөн тарапка таандык экендигин тастыктоого өбөлгө түзгөн, электрондук кол тамга аркылуу кол коюлган, электрондук документ формасында түзүлгөндөн жана ал тарабынан акча каражаттары алынгандан кийин, карыз алуучуга кагаз жүзүндө же электрондук түрдө кеминде төмөнкү документтер берилүүгө тийиш:  

1) тараптардын колу коюлган жана ага карата кошо тиркелген бардык документтер менен кредиттик келишим;  

2) кредиттик келишимге кошо тиркелген, төлөө күнү жана суммасы көрсөтүлгөн же анын электрондук кол тамга аркылуу кол коюлган, электрондук документ формасында төлөмдөр графиги. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

38. Карыз алуучунун кредиттик досьеге (ушул жобого карата 1-тиркеме) кардардан билдирме алынган учурдан тартып түзүлөт жана ага бул кредитке тиешелүү бардык документтер көктөлөт. Ошол карыз алуучуга берилген башка кредиттик продукт тиешелүү документтер башка досьеге көктөлөт. 

Кредиттик таржымалды тараптардын кол коюусун талап кылбаган, документтердин түп нускаларынан сканерден өткөрүлгөн версиялары түрүндө электрондук маалымат булактарында жана/же МФУ санарип маалыматтардын маалыматтык коопсуздугун, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык пайдалануу деңгээлдерин колдонуу, резервдик көчүрмөлөө шарттарын сактоо менен камсыз кылган шартта, электрондук кол тамга коюлган электрондук документ түрүндө сактоого жол берилет.  

Аралыкта туруп/обочодон тейлөө каналы аркылуу берилген кредиттер боюнча карыз алуучунун кредиттик таржымалы кагаз жүзүндөгү документтерди сактоо мөөнөтүнөн кем эмес мөөнөттө маалымат базасында (электрондук маалымат булагында) электрондук түрдө жүргүзүлүшү мүмкүн. Мында электрондук документтердин маалымат базасынан колдонуу мүмкүнчүлүгү мыйзам талаптарына ылайык камсыз кылынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы N 45/16, 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

39. Кредиттерге мониторинг жүргүзүүдө МФУ Журналга, же электрондук кол тамга аркылуу кол коюлган электрондук документке жазууларды түшүрүүнү кошо алганда, аны менен жүргүзүлгөн бардык иш-чараларды документтештирүүсү жана алардын эсебин жүргүзүүсү зарыл. Айрыкча, көйгөйлүү кредиттер менен иштөөдө жогорудагыдай эсепке алууну жүргүзүү маанилүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

39-1. МФУ кредиттик келишимде карыз алуучунун финансылык отчетту жана/же кредитти максатка ылайык пайдалангандыгын тастыктоочу башка финансылык документтерди мезгил-мезгили менен берип туруусун белгилеши мүмкүн.  

Эскертүү: Карыз алуучу кредитти максатка ылайыксыз пайдалангандыгы тууралуу фактылар аныкталган учурда, МФУ кредит боюнча пайыздык ченди жогорулатууга укуктуу. Мында МФУнун ички документтеринде карыз алуучунун жоопкерчилигине тиешелүү чаралар, анын ичинде кредит боюнча пайыздык чендерди көбөйтүү өлчөмдөрү боюнча так эрежелерди белгилеген нормалар каралуусу зарыл. Пайыздык чен Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө" Мыйзамына ылайык эсептелген, жол берилген чектеги өлчөмдөн ашпоого тийиш.  

Кредиттик келишиминин шарттарын өзгөртүү үчүн ченем кредиттик келишимде каралышы керек, кредит алууда кредит алуучу кредиттик келишим менен таанышат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 8-июлундагы № 2020-П-33\39-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

40. Карыз алуучулар менен иштөөдө, МФУнун ички документтеринде белгиленген жүрүм-турум нормалары сакталуусу зарыл. 

7. Микрокредиттерди төлөө булактары 

41. Кредитти төлөө булактары биринчилик жана экинчилик болуп бөлүнөт, мында: 

1) биринчилик төлөө булагы деп, кредит төлөө үчүн зарыл болгон акча каражаттары аталат, алар жагдайдын нормалдуу өнүгүшүндө өндүрүш, кызмат көрсөтүү, иш ж.б. процессинде генерирленет: юридикалык жактар үчүн - бул нак жана нак эмес формада киреше, ал эми жеке адамдар үчүн - бул эмгек акы же башка түшүүлөр; 

2) экинчилик төлөө булагы болуп мүлк күрөөсү, талаптарды жана укуктарды өткөрүп берүү жана кепилдик (гарантиялар), чогуу жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын биргелешип тарткан жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же тиешелүү келишимде каралган камсыздоонун башка түрлөрү эсептелет. 

Экинчи булактар кредиттин кайтарымдуулугу жагында көйгөйлөр келип чыккан шартта, кредитти кайтарып берүүнүн кошумча гарантияларын камсыз кылуу үчүн зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы N 45/16, 2013-жылдын 27-ноябрындагы N 45/16, 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

42. Кредит боюнча камсыздоо катары кредитти төлөөнүн экинчи булагы катары күрөөгө коюлган мүлк эсептелген учурда, тараптардын колу коюлган жана кардар күрөөлүк мүлктүн наркынан дооматтарды канааттандырууга артыкчылык укугун алуу боюнча өз милдеттенмелерин аткарбай коюусунда МФУнун укугун тастыктаган күрөө жөнүндө келишим таризделет.  

МФУнун кредит боюнча мүлктүк камсыздоону кабыл алуу жагында негизги иш-чаралары:  

- МФУ карыз алуучу тарабынан сунушталып жаткан камсыздоонун бар экендигине ынануусу зарыл. Мүлккө менчик укугу жөнүндө документтерди, ошондой эле анын айкын бар экендигин текшерүү зарыл. Камсыздоо катары сунушталган мүлк (укугу) реалдуу болууга тийиш. Мында Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары сакталган шартта, камсыздоонун кийинки күрөөгө коюлушуна жол берилет.  

Эскертүү: бул пунктта алыскы жана жетүү кыйын болгон жерлерге сезондук жайытка чыгып кеткендигине байланыштуу, бодо мал жана майда жандык түрүндөгү камсыздоолорду көз менен көрүп, баа берүү мүмкүн болбогон учурлар эске алынбайт. Мындай учурларда МФУ карыз алуучунун мал баккан жайынын, короосунун аянтын, камдалган тоютун, жемин, жайытты ижарага алуу жөнүндө келишимин ж.б. текшерүү аркылуу, анын малы бар экенине ынанат. Кардар кошумча катары айыл өкмөтүнүн малы бар экендигин тастыктоочу маалым катын, ошондой эле малдын бар экендигин күбөлөндүрүүчү башка документтери болсо, аларды берүүсү зарыл;  

- МФУ камсыздоонун ликвиддүүлүк деңгээлин, башкача айтканда тез сатуу (сатып өткөрүү) мүмкүнчүлүгүн аныктоого тийиш;  

- МФУ өз алдынча же мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү сертификатка ээ көз карандысыз баалоочу адистерди тартуу менен камсыздоонун наркын баалашы мүмкүн. Камсыздоо предметин сатууга жумшалуучу сарптоолордун өлчөмүн эсепке алуу менен кредит боюнча камсыздоонун рыноктук наркынын кредит боюнча негизги карыз жана пайыздар суммасынан ашуусу кредиттердин кайтарылбай калуу тобокелдигин тескөө инструменти болуп саналат;  

- МФУ карыз алуучу сунуштаган мүлккө карата баа туруктуулугун аныктоо максатында, рынокко талдап-иликтөө жүргүзүп туруусу зарыл. Ошол эле учурда МФУ камсыздоо наркынын төмөндөп кетүү тобокелдигин эске алууга тийиш;  

- МФУ мүлктү эң аз дегенде карыз алуучунун кредиттик каражаттарды пайдалануу мөөнөтүнө камсыздоо катары пайдалануу/кызмат кылуу мөөнөтү менен кабыл алууга тийиш. Мында камсыздоону сактоо зарылдыгы келип чыгышы мүмкүндүгү эске алынууга тийиш, бул кошумча чыгашаларга алып келет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 8-июлундагы № 2020-П-33\39-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

43. Күрөө жөнүндө келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделет. Түп нускаларынын саны келишим түзгөн тараптардын санынан аз болбоого тийиш. МФУ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, күрөө жөнүндө келишимдин түп нускаларынын сакталышын камсыз кылуусу зарыл. 

44. МФУ кредиттөө кызмат көрсөтүүсүн сунуштоодо кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган күрөө келишимине ылайык, карыз алуучуга жана/же күрөө коюучуга ачык тоорук өткөрүлгөнгө чейинки кайсы болбосун убакытта күрөөлүк мүлктү сатып ала алган/алышы мүмкүн болгон артыкчылыктуу укукту сунуштоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

8. Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жүзөгө ашырган 

микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөөнүн өзгөчөлүктөрү 

өлүк КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

45. МФУлардын каржылоо боюнча ички ченемдик документтери жана типтүү келишимдери Шариат кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш. Шариат кеңеши Аткаруу органынан көз карандысыз болушу зарыл жана МФУнун бүтүмдөрүнүн (келишимдеринин) Шариат стандарттарына ылайык келиши үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/3, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

46. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган МФУларды каржылоо саясаты ушул жобонун 3-главасында баяндалган талаптарга кошумча Шариат стандарттарына ылайык операциялардын жана бүтүмдөрдүн (келишимдердин) тизмегин камтууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

47. "Ислам терезесине" ээ МФУлар ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операциялар боюнча каржылоо саясатын иштеп чыгуусу зарыл, ал Шариат стандарттарына ылайык келүүгө жана Шариат кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

48. Ички ченемдик документтерде кардардын билдирмесин кароо учурунан тартып кардар тарабынан каржылоо боюнча милдеттенменин толук төлөнүшүнө чейин МФУ кызматкерлеринин иш-аракеттеринин ырааттуулугу, сунушталган ар бир каржылоо продуктусу кылдат чечмеленип берилүүгө тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

49. Активдердин ар бир түрүнүн өзгөчө мүнөздөмөгө ээ экендигинен улам, кредиттик тобокелдик тиешелүү ички контролдукту жана тобокелдикти тескөөнү жүзөгө ашыруу үчүн активдин ар бир түрү боюнча өз-өзүнчө бааланууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

50. МФУ каржылоо продуктунун ар бир түрү боюнча типтүү келишимге ээ болуусу зарыл, анда: тараптардын аталышы, келишим предмети, каржылоону сунуштоонун негизги шарттары, төлөө графиги, четтетүүгө мүмкүн болбогон (форс-мажор) кесепеттүү жагдайлар орун алган учурда тиешелүү аракеттерди көрүү шарттары жана тартиби, микрофинансылык уюм менен кардардын өз ара иш алып баруу тартиби каралууга тийиш. Каржылоонун ар бир продукту боюнча типтүү келишимдер МФУнун аны жүзөгө ашыруу тартибин, айыптык төлөмдү кармап калуу тартибин жана аларды кайрымдуулук максаттарга жумшоо багытын жөнгө салган негизги ченемдик документтин түзүмдүк бөлүгүнөн болууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

51. МФУ, мудараба, мушарака келишимдерине ылайык (капиталга инвестициялар тобокелдиги), уюмдардын капиталына каражаттарды инвестициялоого байланыштуу кредиттик тобокелдиктин келип чыгышына өзгөчө көңүл буруусу зарыл. Ушуга байланыштуу, МФУну каржылоо боюнча саясаттын курамында бардык башка талаптардан тышкары, төмөнкүлөр да каралууга тийиш:  

1) пайданы/чыгымды бөлүштүрүү механизмин кошо алганда, инвестицияларга баа берүү максаттары жана критерийлери;  

2) инвестициялык келишимдерди узартуунун же жыйынтыктоонун, инвестицияларды сатып алуунун же аларды сатуунун мүмкүн болгон шарттарын кошо алганда, инвестициялык долбоордон чыгуунун альтернативалуу ыкмалары жана мөөнөттөрү;  

3) операцияларга үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү жол-жобосуна байланыштуу башка жоболор, мурдатан бери жөнгө салынган кызматташуу жыйынтыгы сыяктуу критерийлерди камтыган өнөктөштөргө баа берүү тартиби, инвестицияларды жайгаштыруу мөөнөттөрү ж.б.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

52. МФУ ошондой эле, кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн кепилдиги алдында да каржылоону сунуштоого укуктуу. Каржылоо саясатында кошо жоопкерчиликтүү топту (ГСО) каржылоого уруксат берилген операциялар тизмеги жана каржылоого байланыштуу башка маселелер, анын ичинде кредит берүү жана аны төлөө күндөрү, кредит боюнча карызга байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон проблемаларга тиешелүү маалыматтар менен иш алып баруу эрежелери менен тааныштыруу маселелери каралууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/3, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

9. Проблемалуу" кредиттер менен иш алып баруу 

өлүк КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

53. Кредиттин абалына туруктуу мониторинг жүргүзүүнүн жана кредит портфелине көз карандысыз баа берүүнүн максаты "проблемалуу" кредиттерди аныктоо болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

54. Карыз алуучу ал боюнча МФУ менен түзүлгөн келишим шарттарын аткарбай же кандайдыр бир башка жагдайлардан улам (тышкы жана финансылык), МФУ алдында кредитти төлөө милдеттенмесинин аткарууну коркунуч алдында калтырган кредиттерди "проблемалуу" кредит катары түшүнүү зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

55. МФУда "проблемалуу" кредиттер менен иш алып баруу боюнча төмөнкүлөрдү камтыган ички документтер иштелип чыгууга тийиш: 

- проблеманы аныктоо жана аны чечүү жолун табуу максатында карыз алуучу менен иш алып баруу; 

- кошумча күрөөнү жана гарантияларды ж.б. алуу; 

- зарылчылык келип чыккан шартта, карыздын түзүмүн (кредитти жана ал боюнча пайыздарды кайтаруу боюнча төлөм графигин кайрадан карап чыгуу, кредиттөө формасын өзгөртүү ж.б.) өзгөртүү программасын иштеп чыгуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

56. Ушул иш-чаралар менен катар эле МФУ карыз алуучунун өзү менен туруктуу иш алып барып, ага кредиттик келишим шарттарын бузууга жол берилгендиги, кредитти төлөө мөөнөтү өтүп кеткендиги жана ушундан улам проблемалардын келип чыгышы ыктымалдыгы жагдайын маалымдап, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

57. МФУ, кредиттөө кызмат көрсөтүүсүн сунуштоодо кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган күрөө келишимине ылайык, карыз алуучуга жана/же күрөө коюучуга ачык тоорук өткөрүлгөнгө чейинки кайсы болбосун убакытта күрөөлүк мүлктү сатып ала алган/сатып алышы мүмкүн артыкчылыктуу укукту сунуштоого тийиш. 

Күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү учурунда күрөөлүк кыймылсыз мүлк карыз алуучунун/күрөө коюучунун жалгыз гана турак жайы болуп саналса, өндүрүп алуу соттун чечими боюнча ишке ашырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

57-1. МФУ карызгердин-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин "проблемалуу кредити" боюнча күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү жол-жобосун баштоо жөнүндө "билдирүү жөнөтүлгөн күндөн тартып 15 календардык күн өткөндөн кийин, айыптык төлөмдөрдү, туумдарды чегерүүнү токтотууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-январындагы N 2019-П-33/4-2-(НПА), 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

58. МФУда "проблемалуу" кредиттерге карата андан ары көрүлүүчү иш-аракеттер жана бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтар жетекчиликтин кароосуна мезгил-мезгили менен сунушталып турууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

59. МФУнун "проблемалуу" кредиттер менен иш алып баруу жагында көргөн аракеттери алгылыктуу натыйжа бербесе, МФУ төмөнкү иш-чараларды ишке ашырат:  

- гаранттарга жана кепилдик берүүчүлөргө кайрылуу;  

- сотко кайрылуу;  

- башка чаралар. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

60. Кредитти кайтарып алуу боюнча бардык юридикалык мүмкүнчүлүктөр колдонулуп бүткөндөн кийин, кредиттерди эсептен алып салуу чечими кабыл алынышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

  

  

  

"Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобого карата 

1-тиркеме 

Карыз алуучунун кредиттик таржымалына карата 

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9, 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ), 2019-жылдын 30-январындагы N 2019-П-33/4-2-(НПА), 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-8-(НФКУ), 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ), 2020-жылдын 8-июлундагы № 2020-П-33\39-3-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

I. Карыз алуучу жөнүндө жалпы маалымат 

1. Жеке адамдан талап кылынуучу документтер: 

1) МФУ тарабынан белгиленген форма боюнча кардардын кол тамгасы коюлган кредит алууга билдирме (топтук кредиттөөдө - кошо жоопкерчиликтүү топтун ар бир катышуучусу кол тамга коет); 

2) билдирме берүүгө чейинки алты ай ичинде ошол МФУдан же башка финансы-кредит уюмдарынан алынган/орду жабылган/орду жабылбаган кредиттер жөнүндө маалымат (карыз алуучу тарабынан кат жүзүндө сунушталган маалыматка ылайык, мисалы, карыз алуучунун кредиттик билдирмесинде же башка документинде камтылган); 

3) кредиттик бюродон карыз алуучу боюнча кредиттик отчет; 

4) кардардын өзү тууралуу кредиттик отчеттун сунушталышына макулдугу (кредит алууга билдирмеде көрсөтүлүшү мүмкүн); 

5) МФУ кардарын идентификациялоого мүмкүндүк берген, анын инсандыгын тастыктаган документтин көчүрмөсү

6) ыйгарым укуктуу орган тарабынан айкын жашаган жеринен берилген маалым кат (МФУ талабы боюнча зарылчылыгына жараша); 

7) кардардын кирешеси жөнүндө маалымат; 

8) күрөөгө коюлган мүлктүн описи (болгон болсо); 

9) кардардын жубайынын/жолдошунун кредит алууга макулдугу (бир карыз алуучу 50000 сомдон жогору суммага кредит алса жана учурда кредити болуп, кайталап кредит алса). Ал эми кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларына кредит сунушталган шартта - кийин документтин түп нускасын сунуштоо менен жубайынын/жолдошунун макулдугун тастыктаган документ факсимиль, электрондук жана башка байланыш каналдары аркылуу алынат. 

2. Юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердикти жүзөгө ашырган жеке адамдан жогоруда белгиленгендерден тышкары, төмөнкү документтер талап кылынат: 

1) юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердикти жүзөгө ашырган жеке адам катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (болгон болсо); 

2) салык органынан, социалдык органдан маалымкат (болгон болсо); 

3) патенттин көчүрмөсү (болгон болсо). 

3. Юридикалык жактан талап кылынуучу документтер: 

1) МФУ тарабынан белгиленген формада толтурулган, кардардын кол тамгасы коюлган кредит алууга билдирме; 

2) билдирме берүүгө чейинки алты ай ичинде ошол МФУдан же башка финансы-кредит уюмдарынан алынган/орду жабылган/орду жабылбаган кредиттер жөнүндө маалымат (карыз алуучу тарабынан кат жүзүндө сунушталган маалыматка ылайык, мисалы, карыз алуучунун кредиттик билдирмесинде же башка документинде камтылган); 

3) юридикалык жактын жетекчисинин каражаттарды тескөөгө ыйгарым укугун тастыктаган документтин көчүрмөсү

4) нотариалдык жактан тастыкталган, кол тамга коюу укугуна ээ адамдардын кол тамга үлгүсү түшүрүлгөн карточкалар; 

5) уюштуруу документтердин көчүрмөлөрү

6) юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү

7) эгерде юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгүн тастыктаган күбөлүктө салык төлөөчүнүн идентификациялык номери көрсөтүлбөсө, салык органы тарабынан берилген каттоо карточкасынын көчүрмөсү

8) күрөөгө коюлган мүлктүн описи. 

4. Топтук кредит алуу үчүн - кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн кредиттик каражаттарды алууга ведомосту же ошол топ мүчөлөрү акча каражатын алгандыгын же каражат аларга чегерилгендигин тастыктаган башка документ. 

5. Кардардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган каражат булагына баа берүү

6. Мамлекеттик же расмий тилдерде түзүлгөн кредиттик келишим, ага карата тиркемелер, ошондой эле кредитти реструктуризациялоодо же мөөнөтүн узартууда, талап кылуу укугун өткөрүп берүүдө кардар менен кошумча түзүлгөн келишимдер. 

7. МФУнун тиешелүү органынын кредит берүү, аны реструктуризациялоо же мөөнөтүн узартуу чечими (болгон болсо). 

8. Карыз алуучу менен кат алышуулар (бардык кат-кабарларды кошо тиркөө менен). 

9. Юридикалык документтер (карыз алуучунун ишине тиешелүү документтердин көчүрмөсү, мисалы, накладнойлор, эсеп-фактуралар, өнөктөштөр менен келишимдер ж.б.). 

10. Кредиттин максаттуу пайдаланылгандыгы жөнүндө отчет. 

11. Кардардын, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жагында иш алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талаптарына ылайык типтүү форма боюнча түзүлгөн анкетасы. 

12. Кепил болуучунун кирешеси жөнүндө маалымат.  

Эгерде кепилдик же гарантия суммасы Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген микрокредиттин максималдуу суммасынан ашыкты түзгөн кредит боюнча берилсе, ошондой эле кепилдик кредит боюнча негизги камсыздоо болуп саналса, анда карыз алуучу кепилдик берүүчүнүн кирешелери тууралуу төмөнкү маалыматтарды берет:  

- тиешелүү кредиттик келишимди, гарантия берилген сумманы, гарантия бүткөн күндү көрсөтүү менен кат жүзүндөгү гарантия же кепилдик;  

- гаранттын тиешелүү органынын гарантия берүү жөнүндө чечими;  

- кепилдик берүүчүнүн жубайынын/жолдошунун (эгер болсо) кепилдик берүү тууралуу макулдугу;  

- гаранттын уюштуруу документтери;  

- гаранттын акыркы жыл үчүн финансылык отчету (эгерде гарантия бирден бир камсыздоо болуп саналса);  

- акыркы 3-12 ай ичинде эмгек акы жөнүндө маалымкат (мында МФУ эмгек акы жөнүндө маалымкат сунушталууга тийиш болгон мезгилди өз алдынча аныктоого укуктуу) же кирешеси тууралуу маалыматты тастыктаган башка документтер (эгерде кепилдик берүүчү -жеке адам болсо);  

- гаранттын же кепилдик берүүчүнүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүн иликтөө

13. Кредиттик бюродон кепил болуучу тууралуу алынган кредиттик отчет. 

II. Күрөө боюнча документтер 

14. Күрөө жөнүндө келишим/Кепилдик берүү келишими мамлекеттик же расмий тилдерде (кардарга тилди тандоо укугун берүү менен).  

15. Күрөөлүк мүлк боюнча сертификаттардын, күбөлүктөрдүн жана башка квалификациялык документтердин көчүрмөсү (эгер болсо).  

16. Күрөө коюучунун күрөөгө коюлган мүлккө менчик укугун тастыктоочу документтердин көчүрмөсү. Күрөөгө коюлган мүлккө менчик укугун тастыктоочу документтердин түп нускасы сейфте сакталууга тийиш.  

17. Күрөө келишими каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документтердин көчүрмөсү (эгерде күрөө мыйзам талаптарына ылайык каттоодон өтүүгө тийиш болсо).  

18. Карыз алуучунун тиешелүү органынын күрөө коюу жөнүндө чечими. Кол коюуга укуктуу адамдардын кол тамга үлгүлөрү менен нотариалдык күбөлөндүрүлгөн карточкалар (эгерде карыз алуучу юридикалык жак болсо).  

19. Кепилдик берүүчүнүн жолдошунун/жубайынын (эгер болсо) кепилдик берүүгө макулдугу.  

20. Күрөө баалангандыгын тастыктаган, төмөнкү маалыматты камтыган документтер:  

- күрөөнүн рыноктук наркы (зарылдыгына жараша белгиленген коэффициенттерди колдонууну эске алуу менен);  

- бааланган күнү;  

- ким тарабынан бааланды;  

- баалоо ыкмасы;  

- күрөө бааланган күн;  

- баалоо ыкмасы;  

- күрөө түрү;  

- күрөөнүн жайгашкан жери;  

- күрөөнүн абалы жана аны күтүү шарттары;  

- күрөөнү мезгил-мезгили менен изилдеп туруу графиги.  

21. МФУнун каалоосу боюнча башка маалыматтар. 

  

  

  

"Аманаттарды (депозиттерди) тартуу 

менен иш алып барбаган 

микрофинансылык уюмдарда 

кредиттик тобокелдикти тескөө 

боюнча минималдуу талаптар 

жөнүндө" жобого 

2-тиркеме 

МФУ кардарларынын даттануулар жана сунуштар 

КИТЕПЧЕСИ 

МФУ кардарынын аты-жөнү 

Даттануунун же сунуштун чагылдырылышы (маңызы) 

Күнү 

МФУнун түшүндүрмөлөрү 

  

  

  

Колдонулган чаралар: 

Жооптуу кызматкердин кол тамгасы: _____________________ 

Аты-жөнү: ____________________ 

Кызматы: _____________________ 

  

  

  

Колдонулган чаралар: 

Жооптуу кызматкердин кол тамгасы: _____________________ 

Аты-жөнү: ____________________ 

Кызматы: _____________________ 

Эскертүү. Мында, бул Китепче МФУнун өз сын-пикирлерин жана сунуштарын каттоону каалаган бардык кардарларына жеткиликтүү болгондуктан, МФУ кардар тарабынан берилген маалыматтын купуялуулугун гарантиялабайт. 

  

  

  

"Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобого 

3-тиркеме 

МФУ кардарларынын чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) жана айыптык санкциялардын 

ТИЗМЕГИ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 8-июлундагы № 2020-П-33\39-3-(НФКУ), 2022-жылдын 22-декабрындагы № 2022-П-12/81-7-(НФКУ) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

МФУ кардарынын укуктары 

МФУ кардарынын кредит боюнча чыгашалары (төлөмдөрү

Кредиттин суммасы  

Кредиттик келишимде көрсөтүлөт  

Кредит боюнча пайыздык төлөмдөр 

Кардардын арызы боюнча келишим шарттарын өзгөртүү үчүн комиссиялык төлөм (Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык кредит реструктуризацияланган учурларды кошпогондо)  

Комиссиялык төлөмдөр болгон учурда, алар МФУ бекиткен тарифтерге ылайык кредиттик келишимде пайыздык же нарктык мааниде көрсөтүлөт  

Келишимде МФУнун кредиттик каражаттарды берүү боюнча шартсыз милдеттенмеси каралган учурда, акча каражаттарын (кредиттик линиянын пайдаланылбаган бөлүгү үчүн) резервге чегерүү үчүн комиссиялык төлөм  

Коммерциялык банктын (коммерциялык банктарда тейлөө, накталай акча алуу) тарифтерине ылайык, МФУнун банктык кызмат көрсөтүүлөргө байланышкан чыгымдарын камтыган, кассалык тейлөө үчүн комиссиялык төлөм (кредитти түздөн-түз берүүгө байланышпаган), ошондой эле үчүнчү жактардын нак акчаны инкассациялоого байланышкан чыгашалары  

Үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр (камсыздандыруу, нотариус, мамлекеттик органдарда каттоо кызматынын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөө акысы, коммерциялык банктын тарифтерине ылайык, кредитти карыз алуучунун коммерциялык банктарда ачылган эсебине нак эмес түрдө которууга байланыштуу МФУнун чыгашалары)  

МФУ мындай кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштабаган учурларда, кардарга маалымат берүү үчүн, бул чыгашалар карыз алуучу тарабынан үчүнчү жактардын пайдасына жүргүзүлөрүн, ошондой эле мындай баалоо келечекте өзгөрүшү мүмкүн экендигин белгилөө менен, кредиттик келишим түзүлгөн күнгө карата үчүнчү жактардын колдонуудагы тарифтери боюнча мындай чыгашалардын наркын көрсөтүүгө тийиш.  

МФУнун айыптык санкциялары жана туумдары 

Карыздын негизги суммасы жана пайыздары боюнча төлөмдөрдүн мөөнөтүндө төлөнбөгөндүгү үчүн  

Кредиттик келишимдин негизинде МФУ тарабынан пайыздык же нарктык мааниде алынуучу айыптык санкциялардын бекитилген өлчөмдөрүнө ылайык көрсөтүлөт. Мында негизги сумма жана пайыздар боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз үчүн үстөк айып (айыптык төлөм, туум) боюнча пайыздын өлчөмү кредиттик келишимде көрсөтүлгөн кредит боюнча номиналдык пайыздык ченден ашпоого тийиш, ал эми кредит колдонулган бардык мөөнөт ичинде чегерилген үстөк айыптын (айыптык төлөм, туум) максималдуу өлчөмү берилген кредиттин суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш  

Күрөөлүк камсыздоо боюнча документтердин түп нускаларынын топтому өз учурунда кайтарылып берилбегендиги үчүн (форс-мажордук жагдайларга жана башка МФУ тарабынан каралууга тийиш болгон объективдүү себептерге байланыштуу өз учурунда кайтарылып берилбеген учурларды кошпогондо)  

Акча каражаттарын алгандан кийин кредиттик келишимди токтотуу шарттары  

Кредиттик келишимдин негизинде МФУ тарабынан пайыздык же нарктык мааниде алынуучу айыптык санкциялардын бекитилген өлчөмдөрүнө ылайык көрсөтүлөт  

Башка чыгашалар  

  

______________________ 

_____________ 

___________ 

  

______________________ 

_____________ 

___________ 

(МФУнун кредит боюнча  

адисинин аты-жөнү

(кол тамгасы) 

үнү

  

(МФУ кардарынын  

аты-жөнү

(кол тамгасы) 

үнү