Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 23-декабрындагы 

№ 2020-П-33/75-4-(НФКУ) 

токтомуна карата 

тиркеме 

Банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү жөнүндө 

ЖОБО  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы №2022-П-12/81-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

I бөлүк. Жалпы жоболор 

1. Бул жободо активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди (мындан ары - активдер) классификациялоо, ошондой эле микрофинансылык уюмдардын, кредиттик союздардын, адистештирилген финансы-кредит уюмдарынын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын потенциалдуу жоготууларынын жана чыгым тартууларынын ордун жабууга тиешелүү кам (мындан ары - РППУ) түзүү боюнча талаптар белгиленген.  

Ошондой эле бул жобо ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдарга, кредиттик союздарга жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарына таркатылат.  

2. Ушул жобонун максаттарында банк эмес финансы-кредит уюму - микрофинансылык уюм, кредиттик союз, турак жай-сактык кредиттик компания, адистештирилген финансы-кредит уюму.  

3. Кредиттик тобокелдик - бул кардарлар өз милдеттерин келишимдин мөөнөттөрүнө жана шарттарына ылайык аткарбагандыгынан улам, банк эмес финансы-кредит уюмунун активдеринин наркынын төмөндөшүнүн натыйжасында жоготууларга дуушар болуу тобокелдиги. Кредиттик тобокелдик банк эмес финансы-кредит уюмунун кардарынын (мындан ары - кардар) финансылык абалына, күрөөнүн сапатына, кардардын менчик формасы боюнча түрүнө, тармакка таандыгына, активдер боюнча гарантиялардын болушуна жана алардын түрлөрүнө жана гаранттардын өздөрүнүн ишенимдүүлүгүнө, банк эмес финансы-кредит уюмунун активдери боюнча мурда берилген милдеттенмелердин аткарылышын, кардардын бизнесин андан ары өнүктүрүү келечегин баалоого жана башка потенциалдуу факторлорго байланыштуу болушу мүмкүн.  

Эскертүү: ушул жобонун максаттарында банк эмес финансы-кредит уюмунун "кардары" дегенден улам ушул жобонун 8-пунктунда келтирилген, банк эмес финансы-кредит уюмунун активдерин кайтаруу боюнча милдеттенмелерди алган юридикалык жакты же жеке адамды түшүнүүгө болот.  

4. Баалуу кагаздарга жана/же капиталга инвестициялар - банк эмес финансы-кредит уюмунун карыздык баалуу кагаздарга салымдары, ошондой эле акцияларды сатып алуу же инвестицияланган компаниянын иш жыйынтыктарын бөлүштүрүү формасында пайда алуу максатында капиталга финансылык салым.  

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишти жүзөгө ашырган банк эмес финансы-кредит уюму үчүн жобонун ушул пунктунда көрсөтүлгөн инвестициялар аталган принципке ылайык келүүгө тийиш. Банк эмес финансы-кредит уюмунун каражаттарынын башка компаниялардын жүгүртүү каражаттарына салынышы жана биргелешип долбоорлорго катышуу өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер деп эсептелет.  

5. Ушул жобонун максаттарында факторинг дегенден улам, акчалай талапты ыйгарып берүү алдында каржылоону түшүнүү зарыл, мында бир тарап (финансылык агент) акча каражаттарын башка бир тарапка (кардарга) кардардын товарларды сунуштоосунан, иштерди аткаруусунан же үчүнчү жакка кызмат көрсөтүүлөрүнөн улам келип чыккан, анын (кредитордун) үчүнчү жакка (карызгерге) карата акчалай талаптарынын эсебине өткөрүп берет же өткөрүп берүүгө милдеттенет, ал эми кардар ошол үчүнчү жакка акчалай талабын финансылык агентке ыйгарып берет же ыйгарып берүүгө милдеттенет.  

II бөлүк. Банк эмес финансы-кредит уюмунун активдерин классификациялоо боюнча жалпы көрсөтмөлөр  

6. Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун өз убагында жабуу үчүн, ошондой эле реалдуу финансылык абалды жана иш натыйжалуулугун аныктоо максатында, банк эмес финансы-кредит уюму өз активдеринин сапатына дайыма баа берип турууга жана РППУ түзүүгө милдеттүү.  

7. Банк эмес финансы-кредит уюму РППУну активдердин мүмкүн болуучу жоготууларынын ордун толтуруу үчүн жетиштүү деңгээлинде кармап турууга тийиш. Банк эмес финансы-кредит уюму тарабынан ушул жобого ылайык иштелип чыгуучу активдерди классификациялоо системасы кам өлчөмүн туура баалоо үчүн негиз болуп саналат.  

РППУнун шайкеш деңгээли камсыз болбогон банк эмес финансы-кредит уюмунун иши Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары каралат.  

8. Банк эмес финансы-кредит уюму ай сайын кредиттик тобокелдикке дуушар болгон активдерди классификациялоого милдеттүү. Мындай активдерге төмөндөгүлөр кирет:  

- кредиттер;  

- кардар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн келишимдин шарттарынын аткарылбагандыгынан же талаптагыдай аткарылбагандыгынан улам жоготуу тобокелдигин камтыган активдер;  

- лизингдин натыйжасында алынган активдер;  

- факторинг аркылуу сатылып алынган карыздык милдеттенмелер;  

- баалуу кагаздарга жана/же компаниянын капиталына инвестициялар (акциялар, инвестицияланып жаткан компаниянын капиталына финансылык катышуу формасында);  

- баланстан тышкаркы милдеттенмелер (аккредитивдер, гарантиялар, кредиттерди берүү боюнча кайсы болбосун башка мыйзамдаштырылган милдеттенмелер, жана башкалар);  

- активдин ордун жабууга кабыл алынган башка менчик;  

- өзүндө кайтарылбай калуу тобокелдиктерин камтыган, жогоруда аталбаган кайсы болбосун башка активдер.  

Активдердин ордун жабуу үчүн кабыл алынган реструктуризацияланган кредиттер, баалуу кагаздарга жана/же капиталга инвестициялар, баланстан тышкаркы милдеттенмелер жана банк эмес финансы-кредит уюмунун башка менчиги үчүн активдердин айрым түрлөрүнүн өзгөчөлүгүн эске алуу менен ушул жободо аларды классификациялоо үчүн атайы талаптар аныкталган.  

9. Активдерди классификациялоо учурунда ушул жободо белгиленген классификациялоо категорияларынын аныктамаларына жана белгилерине таянуу зарыл, бирок алар менен эле чектелбейт. Эгерде ушул жободо башкасы белгиленбесе, эки же андан көп белгилердин жыйындысы классификациялоо категориясын аныктайт.  

Активдерди классификациялоо учурунда укукка жөндөмдүүлүк абалы жана кардардын активди кайтарууга финансылык мүмкүнчүлүгү сыяктуу эле, кардардын финансылык абалынын өзгөргөндүгүнө, алардын гаранттарына анализ жүргүзүү, ошондой эле күрөөнүн сапатын жана башка факторлорду анализдөө зарыл.  

Активдерди классификациялоодо ушул жободо аныкталган күрөөлүк камсыздоо же гарантиялар (кепилдик) боюнча белгилер, банк эмес финансы-кредит уюмунун ички саясатына ылайык, алар боюнча күрөөлүк камсыздоо же камсыздоо катары гарантиялар (кепилдик) талап кылынган активдерге гана кирүүгө тийиш.  

10. Ошол эле бир кардарга сунушталган бир нече активдерди классификациялоодо анын эң чоң карызга ээ активи боюнча классификация, эгерде бул активдин классификациясы эң эле алгылыксыз болуп саналса, анын бардык активдерине же банк эмес финансы-кредит уюму алдында башка милдеттенмелерге карата колдонулат.  

Эгерде кардардын бир банк эмес финансы-кредит уюмунда бир нече активдери же башка милдеттенмелери болсо, анын финансылык абалы өзгөчө абал жана/же өзгөчө кырдаал киргизилгендигинен, анын ичинде эпидемияга/пандемияга байланыштуу жана башка форс-мажор жагдайлардан (ал жеткис жагдайлары) жана аларга байланыштуу чектөөлөрдөн улам начарлаган же начарлап жаткан кардардын активине же башка милдеттенмелерине эң эле начар категория ыйгарылса, банк эмес финансы-кредит уюму бардык активдер же башка милдеттенмелер боюнча классификациялоонун эң эле начар категориясын колдонбошу мүмкүн. Мындай учурда, банк эмес финансы-кредит уюму ар бир актив боюнча классификациялоо категориясын категориянын мүнөздүү белгилерине ылайык өзүнчө колдоно алат.  

11. Эгерде классификациялануучу актив, активдерди классификациялоонун эки категориясы ортосундагы аралык абалды ээлеген болсо, анда мындай активди классификациялоонун эң эле төмөн категориясына киргизүү зарыл.  

12. Активди классификациянын тигил же бул категориясына киргизүү маселесинде банк эмес финансы-кредит уюму менен Улуттук банктын кызматкерлери ортосунда пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, банк эмес финансы-кредит уюмунун милдетине тиешелүү анализдөө жана өз классификациясынын тууралыгын далилдөө милдети кирет.  

13. Банк эмес финансы-кредит уюму ушул жобонун талаптарын бузбастан активдерди классификациялоонун өздүк (ички) системасын иштеп чыгышы мүмкүн.  

14. Төмөнкү шарттар аткарылган учурда гана классификацияланган активдерди классификацияланбаган активдер категориясына которууга жол берилет:  

- мөөнөтүндө төлөнбөгөн сумма жок болсо;  

- карыз алуучунун финансылык абалынын начарлашы;  

- акыркы үч төлөм төлөө графигине ылайык өз убагында толук төлөнсө.  

Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын орду жабылган учурда, "шектүү" же "жоготуу" катары классификацияланган активдер "субстандарттык" категориясына которулат.  

III бөлүк. Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын активдерин классификациялоо  

1-глава. Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын классификацияланбаган активдери  

15. Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын активдерин бирдиктүү классификациялоо жана РППУсун түзүү үчүн классификацияланбаган активдердин төмөндөгү категориялары белгиленет:  

- стандарттык активдер;  

- байкоого алынган активдер.  

16. Эгерде төмөнкү белгилерге ээ болсо, депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын активдери стандарттык деп эсептелинет:  

- карыз орду графикке ылайык жабылса же болбосо активдин негизги суммасы жана/же пайыздар/үстөк баа/киреше боюнча пландык төлөмдөрдүн 30 күнгө чейин кечиктирилсе:  

- кардардын канааттандыраарлык финансылык абалы, туруктуу киреше булактары болсо;  

- кардардын алгылыктуу кредиттик таржымалы болсо;  

- кардардын бизнеси туруктуу, жакшы капиталдаштырылган болуп саналса;  

- карызды кайтаруу милдеттенмелеринин аткарылышы камсыздоо катары толугу менен күрөө же гарантия (кепилдик) менен камсыздалган болсо.  

17. Байкоого алынган активдер катары депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын төмөнкүдөй мүнөздүү белгилерге ээ активдери саналат:  

- активдин негизги суммасы жана/же пайыздар боюнча төлөмдөр 31 күндөн 60 күндү кошо алгандагы мөөнөткө кечиктирилсе;  

- кардардын төлөө жөндөмдүүлүгүнүн жана материалдык абалынын кыйла начарлоо тенденциясы орун алган, бул негизги сумма жана/же пайыздар боюнча карыздын ордун жабуу милдеттенмесин өз убагында аткаруу жөндөмдүүлүгүнө таасир этиши мүмкүн;  

- негизги сумма жана пайыздар боюнча карызды кайтаруу милдеттенмелеринин аткарылышы камсыздоо катары толугу менен күрөө же гарантия (кепилдик) менен камсыздалган эмес;  

- күрөө ликвиддүүлүгүнүн күтүлүп жаткан төмөндөө тенденциясы (баанын төмөндөшү/нарксыздайт, товардык түрүн жоготот ж.б.);  

- карыз алуучунун-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин максаттуу мамлекеттик программалары боюнча берилген кредиттерин эске албаганда, башка финансы-кредит уюмдарында кайсы болбосун башка кредит боюнча 30 күнгө чейинки мөөнөтүндө төлөнбөгөн карызы болсо;  

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин максаттуу мамлекеттик программалары боюнча берилген кредиттерди (активдерди) эске албаганда, карыз алуучунун-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердин, анын жубайынын, ата-энесинин жана балдарынын ошол банк эмес финансы-кредит уюму алдындагы негизги сумма жана/же пайыздар/үстөк баа боюнча төлөнбөгөн 60 (алтымыш) күнгө чейин кечиктирилген карызынын болушу, карыз алуучунун ушул банк эмес финансы-кредит уюму алдындагы кредитинин жана жогоруда көрсөтүлгөн жактардын кредиттеринин бир гана төлөө булагы болгон шартта. Ошол эле учурда, кредиттин ордун жабуунун бир эле булагы дегенден улам, ишкердик ишинен алынган кирешени кошо алганда, жогоруда аталган адамдардын кредит берүү жөнүндө чечим кабыл алууда финансы-кредит уюму тарабынан эске алынган жыйынды кирешесин түшүнүүгө болот.  

Эскертүү: ушул пункттун алтынчы жана жетинчи абзацтарында көрсөтүлгөн белгилер эмгек акы долбоорлорунун алкагындагы овердрафттарга таркатылбайт.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы №2022-П-12/81-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

18. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишти жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын байкоо алдындагы активдерине жобонун 17-пунктунда көрсөтүлгөндөрдөн тышкары төмөнкү кошумча мүнөздүү белгилер белгиленген:  

- активдин негизги суммасы жана/же үстөк баа/киреше боюнча төлөмдөрдүн мөөнөтү 31 күндөн 60 күндү кошо алгандагы мөөнөткө кечиктирилсе;  

- кардар тарабынан келишим шарттарын аткаруу графиги 31 күндөн 60 күнгө чейинки мөөнөткө бузулса;  

- келишимге ылайык, товарларды сунуштоо мөөнөттөрү 31 күндөн 60 күнгө чейинки мөөнөткө бузулса;  

- долбоорду жүзөгө ашыруу, финансылык агымдардын келип түшүү графиги 31 күндөн 60 күнгө чейинки мөөнөткө бузулса;  

- үчүнчү тараптар тарабынан келишимдерди аткаруу мөөнөттөрү 31 күндөн 60 күнгө чейинки мөөнөткө бузулса.  

2-глава. Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын классификацияланган активдери  

19. Активдерди бирдиктүү классификациялоо жана депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын РППУсун түзүү үчүн классификацияланган активдердин төмөнкү категориялары белгиленет:  

- субстандарттык активдер;  

- шектүү активдер;  

- жоготуулар катары классификацияланган активдер.  

20. Актив боюнча карыздын ордун толук жаба албай калуу тобокелдигин көрсөткөн белгилер пайда болгон депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын активдери субстандарттык активдер катары саналат, атап айтканда:  

- активдин негизги суммасы жана/же пайыздар боюнча төлөмдөр 61 күндөн 90 күндү кошо алгандагы мөөнөткө кечиктирилсе;  

- кардардын төлөмдөрү негизги сумма жана/же пайыздар боюнча пландаштырылган төлөмдөрдүн бир бөлүгүнүн гана ордун жабат;  

- кардардын төлөө жөндөмдүүлүгү жана материалдык абалы начарласа, бул анын карыздын ордун жабуу боюнча милдеттенмелерин өз убагында аткаруу мүмкүнчүлүгүнө таасир эткен;  

- күрөө наркынын төмөндөшү, анын сапатынын начарлашы күрөөнү сатууну татаалдатат;  

- кардардын финансылык абалы жөнүндө ишенимдүү терс маалымат болсо;  

- карыз алуучу-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин максаттуу мамлекеттик программалары боюнча берилген кредиттерин эске албаганда, ушул банк эмес финансы-кредит уюмдарында жана/же башка финансы-кредит уюмдарында кайсы болбосун башка кредит (каржылоо) боюнча негизги сумма жана/же пайыздар/үстөк баа боюнча 30 (отуз) күндөн ашык мөөнөтү өткөн карыздын болушу;  

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин максаттуу мамлекеттик программалары боюнча берилген кредиттерди эске албаганда, карыз алуучу-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердин, анын жубайынын, ата-энесинин жана балдарынын ошол банк эмес финансы-кредит уюму жана/же башка финансы-кредит уюмдары алдында негизги сумма жана/же пайыздар/үстөк баа боюнча 60 күндөн ашык мөөнөтүндө төлөнбөгөн карызынын болушу, бардык жогоруда көрсөтүлгөн кредиттердин бир гана төлөө булагы болгон шартта. Ошол эле учурда, кредиттин ордун жабуунун бир эле булагы дегенден улам, ишкердик ишинен алынган кирешени кошо алганда, жогоруда аталган адамдардын кредит берүү жөнүндө чечим кабыл алууда финансы-кредит уюму тарабынан эске алынган жыйынды кирешесин түшүнүүгө болот.  

Эскертүү: ушул пункттун жетинчи жана сегизинчи абзацтарында көрсөтүлгөн белгилер эмгек акы долбоорлорунун алкагындагы овердрафттарга таркатылбайт.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы №2022-П-12/81-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

21. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишти жүзөгө ашырган кредиттик союздардын жана депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын субстандарттык активдерине жобонун 20-пунктунда көрсөтүлгөндөрдөн тышкары төмөнкү кошумча мүнөздүү белгилер белгиленген:  

- активдин негизги суммасы жана/же үстөк баа/киреше боюнча төлөмдөр 61 күндөн 90 күнгө чейинки мөөнөткө кечиктирилсе;  

- кардар тарабынан келишим шарттарын аткаруу графиги 61 күндөн 90 күндү кошо алгандагы мөөнөткө бузулса;  

- келишимге ылайык товарларды сунуштоо мөөнөттөрү 61 күндөн 90 күндү кошо алгандагы мөөнөткө бузулса;  

- долбоорду жүзөгө ашыруу, финансылык агымдардын келип түшүү графиги 61 күндөн 90 күндү кошо алгандагы мөөнөткө бузулса;  

- үчүнчү жактар тарабынан 61 күндөн 90 күндү кошо алгандагы мөөнөткө келишимди аткаруу шарттары бузулса.  

22. Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын шектүү активдерине кардар тарабынан келишимде каралган милдеттенмелердин аткарылбай калышы тобокелдигин камтыган белгилүү бир кемчиликтер же алгылыксыз жактар мүнөздүү, ага байланыштуу карыздын ордун жабуу мүмкүнчүлүгү шектүү жана аз мүмкүнчүлүктүү болуп калат. Айрыкча, шектүү активдердин белгилеринен болуп төмөнкүлөр саналат:  

- активдин негизги суммасы жана/же пайыздар/үстөк баа/киреше боюнча төлөмдөрдүн 91 күндөн 180 күндү кошо алгандагы мөөнөткө кечиктирилиши;  

- күрөөлүк жана/же гарантиялык камсыздоонун олуттуу начарлоосу (иш жүзүндө колдо болбошу) жана кардардын кошумча күрөөлүк же гарантиялык камсыздоону сунуштабашы же сунуштоо мүмкүн эместиги;  

- кардардын төлөө жөндөмдүүлүгүнүн жана материалдык абалынын олуттуу начарлоосу, мында, ал активдерди кайтарып берүү боюнча милдеттенмени аткара албастыгы.  

23. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишти жүзөгө ашырган кредиттик союздардын жана микрофинансылык уюмдардын шектүү активдерине жобонун 22-пунктунда көрсөтүлгөндөрдөн тышкары төмөнкү кошумча мүнөздүү белгилер белгиленген:  

- кардар тарабынан келишим шарттарын аткаруу графиги 91 күндөн 180 күнгө чейинки мөөнөткө бузулса;  

- келишимге ылайык, товарларды сунуштоо мөөнөттөрү 91 күндөн 180 күнгө чейинки мөөнөткө бузулса;  

- долбоорду жүзөгө ашыруу, финансылык агымдардын келип түшүү графиги 91 күндөн 180 күнгө чейинки мөөнөткө бузулса;  

- үчүнчү тараптар тарабынан келишимдердин аткаруу мөөнөттөрү 91 күндөн 180 күнгө чейинки мөөнөткө бузулса;  

- банк эмес финансы-кредит уюму менен кардар ортосунда келишимде көрсөтүлгөн сунуштоо мөөнөттөрүнө ылайык долбоордун жүзөгө ашырылышы жана бизнес-пландын аткарылышы жөнүндө маалыматтын жоктугу.  

24. Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар төмөнкү белгилердин бири орун алган шартта активди жоготуулар катары классификациялоого тийиш:  

- активдин негизги суммасы жана/же пайыздар/үстөк баа/ киреше боюнча төлөмдөрдүн 180 күндөн ашык мөөнөткө кечиктирилиши;  

- кардар карыздын ордун жабуудан баш тартса же кардар менен байланыш үзүлсө;  

- кардар банкроттук алдында турса же банкрот деп жарыяланса;  

- күрөөлүк камсыздоонун жоктугу же сатып өткөрүү рыногунун жоктугунан улам күрөөнү сатуу мүмкүн эмес болсо.  

25. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишти жүзөгө ашырган депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар үчүн жоготуулар катары классификацияланган активдерге жобонун 24-пунктунда көрсөтүлгөндөрдөн тышкары төмөнкү кошумча мүнөздүү белгилер белгиленген:  

- кардар тарабынан келишим шарттарын аткаруу графиги 180 күндөн жана андан ашык күнгө чейинки мөөнөткө бузулса;  

- келишимге ылайык, товарларды сунуштоо мөөнөттөрү 180 күндөн жана андан ашык күнгө чейинки мөөнөткө бузулса;  

- долбоорду жүзөгө ашыруу, финансылык агымдардын келип түшүү графиги 180 күндөн жана андан ашык күнгө бузулса;  

- үчүнчү тараптар тарабынан контрактылардын аткаруу мөөнөттөрү 180 күндөн жана андан ашык күнгө чейинки мөөнөткө бузулса;  

- Банк эмес финансы-кредит уюму катышкан долбоор келишимге ылайык ишке ашырылган эмес.  

26. "Жоготуулар" катары классификацияланган активдерди кайтаруунун бардык юридикалык мүмкүнчүлүктөрү бүткөндөн кийин карыздын орду жабылып кала турган болсо, алар системадан тышкары кеминде (5) беш жыл эсепке алынууга тийиш.  

3-глава. Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан РППУну түзүү  

27. Улуттук банк, депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын активдери боюнча РППУга чегерүүлөрдүн төмөнкү өлчөмдөрүн белгилейт:  

1) жалпы РППУ:  

- стандарттык - 0-2% чейин;  

- байкоого алынган активдер - 5%;  

2) атайын РППУ:  

- субстандарттык - 25%;  

- шектүү - 50%;  

- жоготуулар - 100%.  

28. Пайыздык кирешелерди чегербөө статусу ыйгарылган кредиттердин чегерилген пайыздык төлөмдөрү боюнча РППУ түзүү Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилүүчү "Пайыздык кирешелерди чегербөө статусун ыйгаруу тартибинин" талаптарына ылайык ишке ашырылат.  

IV бөлүк. Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарынын активдерин классификациялоо  

1-глава. Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарынын классификацияланбаган активдери  

29. Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарынын активдерин бирдиктүү классификациялоо жана РППУ түзүү үчүн классификацияланбаган активдердин төмөнкү категориялары белгиленет:  

- нормалдуу активдер;  

- канааттандыраарлык активдер;  

- байкоого алынган активдер.  

30. Активдин суммасынан күрөө менен (заклад түрүндө) эң аз дегенде 120% камсыз кылынган, төмөндөгүлөрдөн турган депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарынын активдери нормалдуу активдер деп аталат:  

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары жана Улуттук банктын ноталары (эгерде мамлекеттик баалуу кагаздардын ордун жабуу мөөнөтү активдин ордун жабуу мөөнөтүнө чейин келип жетсе, банк эмес финансы-кредит уюмдары мамлекеттик баалуу кагаздардын ордун жабуусунан алынган акча каражаттарды күрөөлүк камсыздоо, же болбосо кошумча ушул сыяктуу мамлекеттик баалуу кагаздарды камсыздоо катары кабыл алууга тийиш);  

- ушул банк эмес финансы-кредит уюмдарынын өзүнчө депозиттик эсебинде турган каражаттар. Мында, өзүнчө депозиттик эсеп дегенден улам жеке адамдын же юридикалык жактын өзгөчөлөнгөн депозиттик эсебин түшүнүүгө болот;  

- акча каражаттарды сактоо максатында ушул банк эмес финансы-кредит уюмунда ачылган өзүнчө эсепте жеке адам же юридикалык жак тарабынан жайгаштырылган каражаттар (депозиттерди тартуу менен иш алып барган жана ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишти жүзөгө ашырган микрофинансылык компаниялар жана адистештирилген финансы-кредит уюму үчүн);  

- Кыргыз Республикасынын фондулук биржаларында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ушул Жобого карата тиркемеде белгиленген минималдуу талаптар сакталган шартта эң жогорку жана андан кийинки категориядагы листингге кирген башка баалуу кагаздар (мындан ары - башка баалуу кагаздар);  

- Кыргыз Республикасынын фондулук биржаларында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ушул Жобого карата тиркемеде белгиленген минималдуу талаптар сакталган шартта эң жогорку жана андан кийинки категориядагы листингге кирген ислам баалуу кагаздары (мындан ары - ислам баалуу кагаздары).  

Эгерде ушул пунктта көрсөтүлгөн күрөөнүн түрлөрү бар болсо, анда төмөнкү шарттар аткарылууга тийиш:  

1) активди берүү келишиминде жана күрөө жөнүндө келишимде, өзүнчө депозиттик эсепте акча каражаттар, мамлекеттик баалуу кагаздар жана башка баалуу кагаздар банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан берилген каражаттарды камсыз кылуучу катары көрсөтүлүшү зарыл жана банк эмес финансы-кредит уюмдары кардар милдеттенмелерин аткарбаган учурда акцептсиз тартипте алардын эсебинен өндүрүүгө укуктуу;  

2) депозиттик сертификат же депозиттик китепче банк эмес финансы-кредит уюмдарында сакталууга тийиш;  

3) күрөө жөнүндө келишимде өзүнчө депозиттик эсептеги акча каражаттарды, мамлекеттик баалуу кагаздарды жана башка баалуу кагаздарды кайрадан күрөөгө коюуга жол бербөө зарыл;  

4) кандай болбосун учурда банк эмес финансы-кредит уюмдарында тиешелүү жол-жоболор иштелип чыгууга жана күрөөнү тариздөөгө байланыштуу бардык жол-жоболорду камсыз кылган келишимде каралган мөөнөт аяктаганга чейин акча каражаттарын, мамлекеттик баалуу кагаздарды жана башка баалуу кагаздарын сактап турууну камсыз кылган ички контролдук жүзөгө ашырылууга тийиш;  

5) активдерди камсыз кылган депозиттеги каражаттар Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында же жалпы жол берилген жана алгылыктуу валюта котировкаларынын негизинде, кыргыз сомуна жеңил конвертирленүүчү валютада болууга тийиш. Мында, эгерде депозит кредит берилген валютада болсо, анда ал кредиттин суммасын кеминде 100%, ал эми депозит кредит берилген валютадан айырмаланып турса сом түрүндөгү эквивалентте 120% жабууга тийиш;  

6) эгерде активди камсыздоо катары активдин валютасынан айырмаланган валютадагы акча каражаттары сунушталса, депозитти жума сайын милдеттүү түрдө кайрадан баалоо зарыл;  

7) эгерде кайрадан баалоонун натыйжасында күрөөнүн наркы азайса, анда банк эмес финансы-кредит уюмдары ушул Жобонун талаптарына ылайык дароо анын наркынын жогорулатылышын талап кылууга жана ал талаптын 10 (он) жумуш күнү ичинде аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү;  

8) күрөө жөнүндө келишимде күрөө коюучу банк эмес финансы-кредит уюму алдында карызынын орду толук жабылганга чейин күрөөнү ээликтен ажырата албай тургандыгы көрсөтүлүшү зарыл;  

9) эгерде 1-8-пунктчаларда көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса, анда мындай актив толук камсыз кылынбаган катары таанылат жана ал классификациянын башка категориясына өткөрүлүүгө тийиш.  

Эгерде алар ушул жобонун 32-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга жооп берсе, банк эмес финансы-кредит уюмдар киреше түзүмүнө карабастан 0 пайыздан 2 пайызга чейинки өлчөмдө потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү менен АКШ долларында жаңыдан берилген кредиттерди банк эмес финансы-кредит уюмунун ички саясатына ылайык «нормалдуу активдер» катары классификацияланышы мүмкүн. Мында бул талаптар мамлекеттер аралык (өкмөттөр аралык) келишимдин алкагында түзүлгөн өнүктүрүү фонддору (мындан ары Өнүктүрүү фонду) тарабынан берилген жеңилдетилген кредиттерге, анын ичинде Өнүктүрүү фонду тарабынан башка чет өлкөлүк финансылык институттарынан тартылган жана гарантияланган каражаттардын эсебинен берилген кредиттерге, ошондой эле алардын ордун жабуу Өнүктүрүү фондунун каражаттарынан каржылоо эсебинен орду жабылган жана кредиттик келишимдин баштапкы шарттарынын өзгөртүлүшү каралган кредиттерге да таркатылат. Өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен банк эмес финансы-кредит уюмдарынын кредиттерин реструктуризациялоого, ошондой эле «классификацияланган» активдер категориясына кирген, мурда берилген кредиттерди каржылоого жол берилбейт.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы №2022-П-12/81-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

31. Эгерде микрофинансылык компанияда/турак жай-сактык кредиттик компанияда гарантиялык фонддун депозити жайгаштырылган болсо, микрофинансылык компания/турак жай-сактык кредиттик компания гарантиялык фонддун гарантиясы менен камсыздалган активдин бөлүгүн "нормалдуу" актив катары классификациялашы мүмкүн.  

Мында, гарантиялык фонд менен микрофинансылык компания/турак жай-сактык кредиттик компания ортосунда түзүлгөн депозиттик жана гарантиялык келишимдерде кеминде төмөнкү шарттар камтылууга тийиш:  

- гарантиялык фонддун гарантиясы менен камсыздалган активдер көлөмү депозиттин суммасынан эки эсе ашпоого тийиш;  

- гарантиялык фонд тарабынан камсыздалган активдердин орду толук жабылганга чейин аталган фонддун депозитинин болушу жана кайтарылып алынгыстыгы шарты.  

32. Эгерде, мүнөздүү белгилеринен болуп төмөнкүлөр саналса, актив нормалдуу болуп эсептелинет:  

- карызды тейлөө үчүн акча каражаттарынын жетиштүү агымын топтоо;  

- кардардын финансылык абалы канааттандыраарлык;  

- кардардын ишканасы туруктуу, жакшы капиталдаштырылган болсо;  

- карыздын ордун жабуу өз учурунда жүргүзүлсө;  

- банк эмес финансы-кредит уюмдары менен түзүлгөн келишимдин шарттары өз убагында аткарылат;  

- "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун 30-пунктунун талаптарына ылайык келген, андан өндүрүп алууга боло турган мүлктүк камсыздоо жана/же анын эсебинен карыздын ордун жабууга боло турган гарантия/кепилдик болсо;  

- кардардын олуттуу жана алгылыктуу кредиттик таржымалы болсо (төлөмдөрдү кечиктирбесе, өзүнүн бардык милдеттенмелерин белгиленген мөөнөттөрдө аткарган болсо ж.б.).  

33. Канааттандыраарлык активдер - бул кардар тарабынан өз милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу үчүн жетиштүү акча каражаттарынын зарыл агымы топтоло турган активдер. Канааттандыраарлык активдер ушул жобонун 32-пунктунда көрсөтүлгөн нормалдуу активдер сыяктуу эле мүнөздүү белгилерге ээ.  

34. Банк эмес финансы-кредит уюму, эгерде кредит алган карыз алуучунун жыйынды кирешесинин жалпы көлөмүндө чет өлкө валютасындагы кирешесинин үлүшү (ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн валютасынан тышкары) 75 пайыздан көбүрөөктү түзсө, чет өлкө валютасындагы кредитти/каржылоону (ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн валютасынан тышкары) эң аз дегенде "канааттандыраарлык" актив катары классификациялоого тийиш.  

35. Эгерде кредит берүү учурунда эффективдүү пайыздык чен Улуттук банк тарабынан жарыяланган, чет өлкө валютасында берилген кредиттер боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык ченден 2 пайыздык пунктка төмөн болсо, банк эмес финансы-кредит уюму карыз алуучунун кирешесинин түзүмүнө карабастан, чет өлкө валютасында берилген кредит/каржылоо боюнча (Өнүктүрүү фондусунун каражаттарынын эсебинен берилген кредиттерди эске албаганда) 1% өлчөмүндө потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камды түзүшү мүмкүн.  

36. Белгилүү бир терс тенденциялар байкалып жаткан активдер, байкоого алынган активдер деп аталат.  

37. Төмөнкү мүнөздөгү активдерди байкоого алынган активдер деп эсептөөгө болот:  

- активдин толук камсыздалбашы, калган учурда канааттандыраарлык активдерге таандык бардык мүнөздөмөлөргө ээ болгон;  

- контракттык каржылоонун (мисалы, каржыланган контракт боюнча талап кылуу укугу, дебитордук карыздар ж.б.) жана кампа күбөлүктөрүн күрөөгө кабыл алуу менен каржылоонун алкагында камсыздоого ээ болгон активдер;  

- пландык төлөмдөрдүн графиги 30 күндөн ашпаган мөөнөткө бузулса;  

- кардардын финансылык абалынын начарлоо тенденциясы орун алса;  

- активди кайтарууга таасир этиши мүмкүн болгон рыноктук шарттардын өзгөрүшү;  

- активди реструктуризациялоо;  

- эгерде кредит буга чейин "классификацияланган кредиттер" категориясында камтылбаса, ошол эле учурда, бул өзгөртүү кардардын финансылык абалынын начарлашына байланыштуу болбосо, чет өлкө валютасындагы ошол кредит валютасын улуттук валютага которуу аркылуу кредит боюнча келишим шарттарын кайталап өзгөртүү;  

- реструктуризациялоо күнүнө карата классификацияланган активдер белгисине ээ болбогон реструктуризацияланган актив;  

- актив боюнча 50% күрөөлүк камсыздоо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан.  

38. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык компаниянын жана адистештирилген финансы-кредит уюмунун байкоого алынган активдери үчүн Жобонун 37-пунктунда көрсөтүлгөндөрдөн тышкары, төмөнкү кошумча мүнөздүү белгилер белгиленген:  

- кардар тарабынан келишим шарттарын аткаруу графиги 30 күнгө чейинки мөөнөткө бузууга жол берилсе;  

- пландык төлөмдөрдүн графиги 30 күнгө чейинки мөөнөткө бузууга жол берилсе;  

- келишимге ылайык товарларды сунуштоо 30 күнгө чейинки мөөнөткө бузууга жол берилсе;  

- долбоорду жүзөгө ашыруу, финансылык агымдар графигинин 30 күнгө чейинки мөөнөткө бузулса;  

- үчүнчү жактар тарабынан келишимдерди аткаруу 30 күнгө чейинки мөөнөткө бузулса.  

39. Банк эмес финансы-кредит уюму, эгерде кредит алган карыз алуучунун жыйынды кирешесинин жалпы көлөмүндө чет өлкө валютасындагы кирешесинин үлүшү (ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн валютасынан тышкары) 50 пайыздан азды түзсө, чет өлкө валютасындагы кредитти (каржылоону) (ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн валютасынан тышкары) эң аз дегенде "байкоого алынган актив" катары классификациялоого тийиш.  

40. Эгерде өздөштүрүлүп жаткан кредитти (каржылоону) төлөө графигинде кредиттин негизги суммасын ай сайын төлөп туруу каралбаса, ал эми кредитти төлөө мөөнөтү эки жылдан көп убакытты түзсө жана мында негизги сумманын 80% көбүрөөгүн мөөнөт акырында төлөө каралган болсо:  

- кредиттин (активдин) жалпы мөөнөтүнүн 3/4, мында кредиттик мезгилдин/каржылоо мезгилинин жалпы мөөнөтү 3 жылдан азды түзсө;  

- кредиттин (активдин) жалпы мөөнөтүнүн 1/2, мында кредиттик мезгилдин/каржылоо мезгилинин жалпы мөөнөтү 3 жылдан ашса;  

анда мындай кредиттерди, активдердин сапатынын начарлоосу байкалбаса, төмөнкү кредиттерди эске албаганда, 15% өлчөмүндө РППУ түзүү менен "байкоого алынган актив катары" классификациялоо зарыл:  

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кредитти жеңилдетилген шарттарда төлөө каралган максаттуу мамлекеттик программасы боюнча берилген кредиттерди;  

- "классификацияланган" активдер категориясына киргендер;  

- бир карыз алуучуга (адистештирилген финансы-кредит уюму үчүн) берилген чогуу алгандагы кредиттердин суммасы таза суммардык капиталдын 1% жетпеген суммадагы кредиттерди;  

- бир карыз алуучуга (депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялар үчүн) берилген чогуу алгандагы кредиттердин суммасы өздүк капиталдын 1% жетпеген суммадагы кредиттерди;  

- өздүк капиталдын 5% төмөн суммага (турак жай-сактык кредиттик компаниялар үчүн);  

- бир карыз алуучуга мудараба, шарика жана истиснаа келишимдери боюнча берилген чогуу алгандагы активдердин өздүк капиталынын 10 % төмөн суммасында (депозиттерди тартуу менен иш алып барган жана ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишти жүзөгө ашырган микрофинансылык компаниялар үчүн);  

- Өнүктүрүү фондусу менен кызматташуунун алкагында берилген жеңилдетилген кредиттер, ошондой эле аталган фонддун гарантиясы алдында берилген кредиттер.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы №2022-П-12/81-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2-глава. Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын, турак жай-сактык кредиттик компанияларынын жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарынын классификацияланган активдери  

41. Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын, адистештирилген финансы-кредит уюмдарынын активдерин бирдиктүү классификациялоо жана РППУ түзүү үчүн классификацияланган активдердин төмөнкү категориялары белгиленет:  

- субстандарттык активдер;  

- шектүү активдер;  

- жоготуулар катары классификацияланган активдер.  

42. Субстандарттык активдер кардардын төлөө жөндөмдүүлүгү жана/же күрөөлүк камсыздоо (болгон болсо) менен жетиштүү деңгээлде корголгон эмес жана өзүндө активди толук көлөмдө төлөбөй коюу тобокелдигин камтыган белгилүү бир кемчиликтерге (кемчилик) же алгылыксыз жактарга ээ. Эгерде кемчиликтер жоюлбаса, анда банк эмес финансы-кредит уюму айрым бир жоготууларга дуушарланат.  

43. Төмөнкүдөй мүнөздүү белгилер байкалса актив субстандарттык болуп эсептелинет:  

- пландык төлөмдөр боюнча 30 күндөн 90 күнгө чейин кечиктирилген карыз;  

- карызды төлөө үчүн жетишсиз акча агымдары;  

- карыз алуучу-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердин ушул банк эмес финансы-кредит уюмунда жана/же башка финансы-кредит уюмунда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин максаттуу мамлекеттик программалары боюнча берилген кредиттерди эске албаганда, кайсы болбосун башка кредит (каржылоо) боюнча негизги сумма жана/же пайыздар боюнча 30 күндөн ашуун мөөнөтүндө төлөнбөгөн карызы болсо;  

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин максаттуу мамлекеттик программалары боюнча берилген кредиттерди эске албаганда, карыз алуучунун-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердин, анын жубайынын, ата-энесинин жана балдарынын ошол банк эмес финансы-кредит уюму жана/же башка финансы-кредит уюмдары алдындагы кредит (каржылоо) боюнча негизги сумма жана/же пайыздар боюнча 60 күндөн ашуун мөөнөтүндө төлөнбөгөн карызы болсо, мында, жогоруда көрсөтүлгөн кредиттердин бир гана төлөө булагы болгон шартта. Мында, кредиттин ордун жабуунун ошол эле бир булагы дегенден улам ишкердик ишинен алынган кирешени кошо алганда, жогоруда аталган адамдардын кредит берүү жөнүндө чечим кабыл алууда финансы-кредит уюму тарабынан эске алынган жыйынды кирешесин түшүнүүгө болот.  

Эскертүү: ушул пункттун төртүнчү жана бешинчи абзацтарында көрсөтүлгөн белгилер эмгек акы долбоорлорунун алкагындагы овердрафттарга таркатылбайт;  

- күрөөнүн наркынын төмөндөшү, анын сапатынын начарлашы күрөөнү сатууну татаалдатат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы №2022-П-12/81-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

44. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишти жүзөгө ашырган микрофинансылык компаниянын жана адистештирилген финансы-кредит уюмунун субстандарттык активдерине жобонун 43-пунктунда көрсөтүлгөндөрдөн тышкары төмөнкү кошумча мүнөздүү белгилер белгиленген:  

- кардар тарабынан келишим шарттарын аткаруу графиги 30 күндөн 90 күнгө чейинки мөөнөткө бузулса;  

- пландык төлөмдөрдүн графиги 30 күндөн 90 күнгө чейинки мөөнөткө бузулса;  

- келишимге ылайык товарларды сунуштоо 30 күндөн 90 күнгө чейинки мөөнөткө бузулса;  

- долбоорду жүзөгө ашыруу, финансылык агымдардын келип түшүү графиги 30 күндөн 90 күнгө чейинки мөөнөткө бузулса;  

- үчүнчү тараптар келишимди аткарууну 30 күндөн 90 күнгө чейинки мөөнөткө бузса.  

45. Эгерде кайрадан берилген кредитти төлөө графигинде кредиттин негизги суммасын ай сайын төлөп туруу каралбаса жана негизги сумманын 80% көбүрөөгүн төмөнкү мөөнөттөрдүн акырында төлөө каралган болсо:  

- кредиттин жалпы мөөнөтүнүн 3/4, мында кредиттик мезгилдин жалпы мөөнөтү 3 жылдан азды түзсө;  

- кредиттин жалпы мөөнөтүнүн 1/2, мында кредиттик мезгилдин жалпы мөөнөтү 3 жылдан ашса;  

анда мындай кредиттерди, төмөнкү кредиттерди эске албаганда, 25% өлчөмүндө РППУ түзүү менен "субстандарттык" катары классификациялоо зарыл:  

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кредитти жеңилдетилген шарттарда төлөө каралган максаттуу мамлекеттик программасы боюнча берилген кредиттерди;  

- чогуу алганда бир карыз алуучуга берилген таза суммардык капиталдын 1% жетпеген суммадагы кредиттерди;  

- Өнүктүрүү фондусу менен кызматташуунун алкагында берилген жеңилдетилген кредиттер.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы №2022-П-12/81-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

46. "Байкоого алынган актив" катары классификацияланган реструктуризацияланган актив боюнча төлөмдөр 30 күндөн ашык мөөнөткө кечиктирилип төлөнсө же кайрадан реструктуризацияланса, анда ал "субстандарттык" катары классификацияланууга тийиш.  

47. Шектүү активдер субстандарттык активдер сыяктуу эле кемчиликтерге ээ, бирок мындан тышкары алар башка кемчиликтер менен бирге белгилүү болгон фактылардын жана шарттардын негизинде карызды төлөөнү шектүү жана ишеними аз болгон кошумча проблемаларга да ээ.  

48. Мындай мүнөздүү белгилер байкалган учурда алар шектүү актив болуп эсептелинет:  

- пландык төлөмдөрдүн графиги 90 күндөн 180 күнгө чейинки мөөнөткө бузулса;  

- кардардын финансылык абалы кыйла начарласа (же болбосо кардар банкроттук алдында турса);  

- күрөөнүн абалы начар болсо же андан ажыраган болсо;  

- кепилдик берүүчүнүн/гаранттын финансылык абалынын начарлашы;  

- карызды төлөө негизинен күрөөнү сатуудан көз каранды. Мында, күрөө карыздын негизги суммасын, келишимге ылайык бардык пайыздарды жана күрөөлүк укуктарды сатып өткөрүүгө байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон бардык чыгымдардын ордун жабуу үчүн жетиштүү өлчөмдө кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк формасында сатып өткөрүлүүгө тийиш. Күрөөнү төмөнкү мөөнөттөрдө сатып өткөрүү болжолдонууда:  

а) кыймылсыз мүлк - 365 күндөн кечиктирбестен;  

б) кыймылдуу мүлк - 120 күндөн кечиктирбестен.  

49. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишти жүзөгө ашырган микрофинансылык компаниянын жана адистештирилген финансы-кредит уюмунун шектүү активдерине карата жобонун 48-пунктунда көрсөтүлгөндөрдөн тышкары төмөнкү кошумча мүнөздүү белгилер белгиленген:  

- кардар тарабынан келишим шарттарын аткаруу графиги 90 күндөн 180 күнгө чейинки мөөнөткө бузулса;  

- пландык төлөмдөрдүн графиги 90 күндөн 180 күнгө чейинки мөөнөткө бузулса;  

- келишимге ылайык, товарларды сунуштоо мөөнөттөрү 90 күндөн 180 күнгө чейинки мөөнөткө бузулса;  

- долбоорду жүзөгө ашыруу, финансылык агымдардын келип түшүү графиги 90 күндөн 180 күнгө чейинки мөөнөткө бузулса;  

- үчүнчү тараптар келишимдерди аткаруу мөөнөттөрүн 90 күндөн 180 күнгө чейинки мөөнөткө бузулса.  

50. Жоготуулар катары классификацияланган, аларды өндүрүү татаал болгон жана кыйла төмөн наркка ээ болгондуктан алар банк эмес финансы-кредит уюмунун балансында нөлдүк нарк боюнча эске алынган активдер. Мындай активдерди кайтаруунун бардык юридикалык мүмкүнчүлүктөрү бүткөндөн кийин карыздын орду жабуу мүмкүнчүлүгүн түзүү үчүн кеминде беш жыл системадан тышкаркы эсепке алынат.  

51. Активдерди жоготууларга чегерүүгө алып келген белгилер болуп:  

- 180 күн жана андан ашуун мөөнөт төлөнбөгөн карыз;  

- банк эмес финансы-кредит уюму катышкан, келишимге ылайык ишке ашырылбаган долбоор;  

- күрөөнүн жоктугу же рынок жок болгондуктан аны сатып өткөрүү мүмкүн эместиги;  

- кардардын карызды төлөөгө жөндөмсүздүгү, андан баш тартышы же айкын төлөөнү ишке ашырбастан төлөө ниетин билдириши жана активдин ордун жабуу үчүн экинчи булактын жоктугу, кепилдик берүүчүнүн/гаранттын жана/же контракттык каржылоонун алкагында кредит алган кардардын контрагентинин өз милдеттенмелерин аткарууга жөндөмсүздүгү/андан баш тартышы;  

- кардардын банк эмес финансы-кредит уюму менен кызматташуу ниетинин же кардардын жоктугу;  

- кардардын бизнес ишинин токтошу же аны банкрот деп жарыялоо.  

52. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишти жүзөгө ашырган микрофинансылык компаниянын жана адистештирилген финансы-кредит уюмунун жоготуулар катары классификацияланган активдери үчүн жобонун 51-пунктунда көрсөтүлгөндөрдөн тышкары төмөнкү кошумча мүнөздүү белгилер белгиленген:  

- кардар тарабынан келишим шарттарын аткаруу графиги 180 жана андан жогору күнгө бузулса;  

- пландык төлөмдөрдүн графиги 180 жана андан жогору күнгө бузулса;  

- келишимге ылайык, товарларды сунуштоо мөөнөттөрү 180 жана андан жогору күнгө бузулса;  

- долбоорду жүзөгө ашыруу, финансылык агымдардын келип түшүү графиги 180 жана андан жогору күнгө бузулса;  

- үчүнчү тараптар контрактыларды аткаруу мөөнөттөрүн 180 жана андан жогору күнгө бузса;  

- банк эмес финансы-кредит уюму катышкан, келишимге ылайык ишке ашырылбаган долбоор.  

53. Төмөнкү шарттар аткарылган учурда гана классификацияланган активдерди классификацияланбаган активдер категориясына которууга жол берилет:  

- мөөнөтүндө төлөнбөгөн сумма жок болсо;  

- кардардын финансылык абалы жакшырса;  

- акыркы үч төлөм графикке ылайык өз убагында толук төлөнсө.  

Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын орду жабылган учурда "шектүү" же "жоготуулар" катары классификацияланган активдер "субстандарттык" категорияга которулат.  

3-глава. Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялар, турак жай-сактык кредиттик компаниялар жана адистештирилген финансы-кредит уюмдары тарабынан РППУну түзүү  

54. Улуттук банк микрофинансылык компаниялардын, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарынын активдери боюнча РППУга чегерүүлөрдүн төмөнкүдөй өлчөмдөрүн белгилейт:  

Жалпы камдар, % 

Атайын камдар, % 

Нормалдуу  

0% 

Субстандарттык  

25% 

Канааттандыраарлык  

1/2% 

Шектүү  

50% 

Байкоого алынган активдер  

5/10/15% 

Жоготуулар  

100% 

Банк эмес финансы-кредит уюму, жобонун 35-пунктунда көрсөтүлгөн, алар боюнча РППУ өлчөмү 1% түзүүгө тийиш болгон активдерди эске албаганда, "канааттандыраарлык" активдер боюнча 2% өлчөмдө РППУ түзүүгө тийиш.  

Банк эмес финансы-кредит уюму, ушул жобонун 39-пунктунда көрсөтүлгөн, алар боюнча РППУ өлчөмү 10%, ошондой эле ушул жобонун 40-пунктунда көрсөтүлгөн, алар боюнча РППУ өлчөмү 15% түзүүгө тийиш болгон активдерди эске албаганда, "байкоого алынган активдер" боюнча 5% өлчөмүндө РППУ түзүүгө тийиш.  

55. Пайыздык кирешелерди чегербөө статусу берилген кредиттердин чегерилген пайыздык төлөмдөрү боюнча РППУну чегерүү Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилүүчү Пайыздык кирешелерди чегербөө статусун берүү тартибинин талаптарына ылайык ишке ашырылат.  

V бөлүк. Реструктуризацияланган кредиттерди классификациялоо  

56. Реструктуризацияланган кредиттер - бул банк эмес финансы-кредит уюму кадимки тажрыйбадан айырмаланган, банк эмес финансы-кредит уюму жана кардар ортосунда келишим шарттарын өзгөртүү (милдеттүү түрдө жаңы келишим түзүү же келишимге карата кошумча келишим түзүү) аркылуу кардарга өз алдынча тартипте преференция (жеңилдик) берүү менен сунушталган кредиттер. Мында, келишимдин баштапкы шарттарынын өзгөрүшү келечекте күтүлүп жаткан акча агымдарынын өзгөрүшүнө алып келет.  

Реструктуризация дегенден улам, төмөнкүлөрдү түшүнүү зарыл:  

- кардардын финансылык абалы начарлагандыгына байланыштуу, кардарга банк эмес финансы-кредит уюмунун тажрыйбасынан айырмаланган башка кыйла алгылыктуу шарттарда активдин ордун жабууну сунуштоо аркылуу колдонуудагы келишимдин шарттарын өзгөртүү;  

- активди толугу менен же анын бөлүгүн кайра каржылоо, мында кардар финансылык кыйынчылыктарга дуушар болсо башка активдин ордун жабуу үчүн банк эмес финансы-кредит уюму тарабынан сунушталган активди колдонот;  

- активдин негизги суммасын жана/же чегерилген пайыздарды, үстөк бааларды, айыптык төлөмдөрдү (туумдарды) жарым-жартылай алып салуу жолу менен келишимдин шарттарын өзгөртүү.  

Актив боюнча келишимдин баштапкы шарттарын өзгөртүү жана кардардын финансылык абалынын начарлашына байланыштуу болбогон башка учурларда аны кайра каржылоо кредитти реструктуризациялоо болуп саналбайт (мисалы, кредит валютасын чет өлкө валютасынан улуттук жана башка валютага которуу).  

57. Кардар финансылык кыйынчылыкка дуушарлангандыгы көрсөткүчүнөн болуп төмөнкү жагдайлар саналат:  

- акыркы 3 айдын ичинде жок дегенде 1 жолу 30 күндөн ашык мөөнөтүндө төлөнбөгөн төлөмдөрдүн болушу;  

- башка финансы-кредит уюмдарында кардардын катар кредиттери (активдери) боюнча акыркы 3 ай ичинде жок дегенде 1 жолу 30 күндөн ашык мөөнөтүндө төлөнбөгөн төлөмдөрдүн болушу жөнүндө такталган маалыматтын болушу.  

58. Реструктуризациялоо, биринчи кезекте, ага карата талаптарды жеңилдетүү аркылуу кардардын карызынын ордун жабуу боюнча шарттарды түзүүгө багытталууга тийиш, мында реструктуризациялоо ордун жабуу мөөнөттөрүнүн көбөйүшүнөн улам мезгилдүү төлөм көлөмүнүн кыскарышынын туруктуу тажрыйбасын колдонууга жол бербөөгө тийиш.  

59. Реструктуризациялоо классификацияланган сыяктуу эле, классификацияланбаган активдерге да колдонулат.  

60. Карыз алуучу финансылык кыйынчылыктарга дуушар болгон учурда, ушул актив боюнча күрөөлүк мүлктү сатып өткөрүүнүн эсебинен карыздын бир бөлүгүнүн ордун жабуу аркылуу келишимге өзгөртүүлөрдүн киргизилиши кредитти реструктуризациялоо катары каралууга тийиш.  

61. Реструктуризацияланган активдер банк эмес финансы-кредит уюму тарабынан кеминде "байкоого алынган активдер" катары классификацияланат. Ар бир кийинки реструктуризациялоодон кийин активди классификациялоо категориясы кеминде бир категорияга начарлатууга тийиш.  

62. Реструктуризацияланган актив боюнча 60 күндөн ашык мөөнөтүндө төлөнбөгөн төлөмдөр келип чыкса же аталган актив кайрадан реструктуризацияланса, анда ал "субстандарттык" актив катары классификацияланууга тийиш.  

63. Кайрадан реструктуризацияланган актив боюнча төлөмдөр 60 күндөн ашык кечигип калса "шектүү" катары классификацияланууга тийиш.  

64. Бардык мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын орду жабылган учурда, "шектүү" же "жоготуулар" катары классификацияланган активдер "субстандарттык" категориясына которулат.  

VI бөлүк. Активдин ордун жабууга кабыл алынган банк эмес финансы-кредит уюмунун башка менчигин классификациялоо  

65. Баланста алгачкы таануудан кийин, активдин ордун жабууга кабыл алынган банк эмес финансы-кредит уюмунун башка менчиги дароо эле "субстандарттык актив" катары классификацияланат.  

66. Активдин ордун жабууга кабыл алынган банк эмес финансы-кредит уюмунун башка менчиги төмөнкү мезгилдер аягына чыкканча сатылып өткөрүлбөсө жоготуулар катары классификацияланат:  

а) бир жыл - кыймылдуу мүлк үчүн;  

б) менчик укугу келип чыккан учурдан тартып үч жыл - айыл чарба багытындагы жерлерди эске албаганда, кыймылсыз мүлк үчүн, алар боюнча мөөнөттөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет.  

VII бөлүк. Баалуу кагаздарга жана/же компаниянын капиталына инвестицияларды классификациялоо  

67. Банк эмес финансы-кредит уюму өз инвестицияларынын сапатына жана алардын классификациясына баа берүү ишин төмөнкү факторлорду эске алуу менен жүргүзөт, атап айтканда:  

- рыноктогу абал жана банк эмес финансы-кредит уюмунун каражаттары инвестицияланган уюмдун финансылык абалы;  

- инвестициялоо мөөнөттөрү жана көлөмдөрү;  

- инвестицияланган каражаттарды кайтаруу мүмкүнчүлүгү;  

- инвестициялар боюнча кирешелүүлүк;  

- банк эмес финансы-кредит уюмунун каражаттары инвестицияланган уюм банк эмес финансы-кредит уюму алдында кандай болбосун башка активдер боюнча милдеттенмелерине ээ болсо жана алар классификациялоонун кайсы категориясына киргизилген болсо.  

68. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Улуттук банктын баалуу кагаздарына инвестициялар классификацияланбайт жана алар боюнча РППУ түзүлбөйт.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы №2022-П-12/81-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

69. Баалуу кагаздарга жана/же компаниянын капиталына инвестициялар боюнча РППУ дисконтту жана нарктын төмөндөө өлчөмүн минуска чыгаруу менен негизги карыздын суммасына түзүлөт.  

VIII бөлүк. Баланстан тышкаркы милдеттенмелерди классификациялоо  

70. Баланстан тышкаркы милдеттенмелерди классификациялоо банк эмес финансы-кредит уюмунун активдерин классификациялоо сыяктуу эле ушул жобонун талаптарына ылайык өткөрүлөт.  

71. Баланстан тышкаркы милдеттенмелер төмөндөгүлөргө жараша классификацияланат:  

- банк эмес финансы-кредит уюмунун ушул баланстан тышкаркы милдеттенмелери боюнча өз милдеттенмесин аткаруу ыктымалдуулугу;  

- кардар ушул милдеттенмелерден пайдаланышы мүмкүндүгү ыктымалдыгы;  

- күрөөнүн болушу;  

- башка факторлор.  

72. Баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча кам банк эмес финансы-кредит уюмунун милдеттенмеси болуп саналат.  

IX бөлүк. Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам  

73. Банк эмес финансы-кредит уюму РППУнун шайкештигине баа берүүнү ай сайын активдердин сапатына ар айлык баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча жүргүзөт.  

74. Банк эмес финансы-кредит уюму РППУну киреше өлчөмүнөн көз карандысыз чыгашалардын эсебинен түзөт, мында ал чегерүүлөрдү "Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камды түзүү боюнча чыгашалар" деген активдүү баланстык эсеп аркылуу активдердин сапатына күндөлүк баа берүүгө дал келген кам деңгээлин колдоо үчүн жетиштүү суммада жүргүзөт.  

75. Банк эмес финансы-кредит уюму кредиттик тобокелдикке дуушарланган бардык активдер боюнча РППУ түзөт.  

76. РППУ банк эмес финансы-кредит уюмунун тиешелүү активдерине чыгашаларды эске алуу менен контр-активдүү баланстык эсептеринде эсепке алынат.  

77. РППУ жалпы жана атайын камдар болуп эки бөлүккө бөлүнөт. Жалпы камдар классификацияланбаган активдер боюнча түзүлөт, атайын камдар - банк эмес финансы-кредит уюмунун классификацияланган активдери боюнча түзүлөт.  

78. Банк эмес финансы-кредит уюмунун активдеринин сапатына ар айлык баа берүүнүн жана классификациялоонун жыйынтыктарынын негизинде ар бир актив боюнча РППУга чегерүүлөрдүн өлчөмүн эсептейт. Андан кийин РППУ эсептелинген чегерүүлөр камдын түрлөрү боюнча жыйынтыкталат. РППУнун шайкештигин аныктоо үчүн РППУнун түрлөрү боюнча камдын эсептелинген өлчөмдөрү мурдагы классификациялоодо аныкталган камдын өлчөмдөрүнө салыштырылат. Банк эмес финансы-кредит уюму активдердин сапатына ар айлык баа берүүнүн жана классификациялоонун жыйынтыктарына ылайык эсептелинген РППУнун өлчөмдөрүнө караганда баланс боюнча РППУнун өлчөмдөрү аз болгон учурда камды учурдагы мезгил үчүн эсептелген өлчөмгө ылайык келтирүү үчүн РППУга кошумча чегерүүлөрдү жүргүзүү зарыл.  

79. Банк эмес финансы-кредит уюму РППУнун шайкештигин үзгүлтүксүз (ай сайын) текшерип турууга милдеттүү. Таламдардын каршы келип калышына жол бербөө максатында РППУнун шайкештигине баа берүү кредиттерди берүүгө байланыштуу болбогон адам (бөлүм, комитет) тарабынан жүзөгө ашырылууга тийиш.  

X бөлүк. Классификациялоонун айрым учурлары  

80. Айрым учурларда активдер классификациялоонун эки категориясы боюнча классификацияланышы мүмкүн, б.а. классификациялоону бөлүштүрүү ыкмасы колдонулушу ыктымал.  

Мисалы, активди камсыздоо катары ошол эле банк эмес финансы-кредит уюмундагы депозит колдонулат, ал активдин бир бөлүгүн гана жабат, активдин ордун жабуунун башка булактары жок. Бул учурда депозит менен камсыздалган кредиттин бир бөлүгү "нормалдуу кредит" катары, камсыздалбаган кредиттин бир бөлүгү "жоготуулар" катары классификацияланат.  

  

  

  

"Банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү жөнүндө" жобого карата 

тиркеме 

Кыргыз Республикасынын фондулук биржаларынын листингине анын эң жогорку жана андан кийинки листингдин эң жогорку категорияларына кирген баалуу кагаздарга карата 

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР  

1. Баалуу кагаздар эмитентинин/оригинаторунун Standard & Poor's, Fitch Ratings, Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири тарабынан ыйгарылган "ВВВ" же "Ваа2" деңгээлинен төмөн болбогон шартта болушу.  

2. Бул баалуу кагаздар менен келишилген бүтүмдөр эпизоддук мүнөзгө ээ эмес, б.а. биржанын тоорук системасында 30 календардык күн аралыгында мына ушул баалуу кагаздар менен кеминде бир бүтүмгө келишилет.  

3. Эмитент/оригинатор тарабынан мурда чыгарылган баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелердин ордун жабуу мөөнөттөрүнө ретроспективдүү иликтөө натыйжасы, ал чыгарган баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелерди аткарууга тиешелүү эмитенттин/оригинатордун карызы жок деп болжолдоого негиз берет.  

4. Баалуу кагаздар эмитентинин/оригинаторунун акыркы 3 (үч) жыл ичиндеги чыгымсыз иши.