Кайта келүү

Улуттук банктын   

Көзөмөл боюнча комитетинин   

2014-жылдын 26-декабрындагы   

№ 46/1 токтомуна карата  

3- тиркеме  

  

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетту толтуруусу боюнча усулдук көрсөтмөлөр  

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 05.10.2017-ж. № 37/3, 08.02.2018-ж №06/2, 2022-жылдын 30-декабрындагы № 43/2, 2025-жылдын 6-мартындагы №13/1 токтомдору менен бекитилген) 

 

I. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР  

1. Бул усулдук көрсөтмөдө «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздардын (мындан ары – Кредиттик союз) мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобого карата тиркемелердин төмөнкү бөлүктөрүн толтуруу тартибине түшүндүрмө берилет:   

1) титулдук барак;   

2) «Финансылык абалы жөнүндө регулятивдик отчет» деп аталган 1-бөлүк;   

3) «Кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчет» деп аталган 2-бөлүк;     

4) «Каржылоо портфели боюнча маалымат» деп аталган 3-бөлүк;    

5) «Кредиттик союздун ири кардарлары жөнүндө маалымат» деп аталган 4-бөлүк;    

6) «Кредиттик союздун ири проблемалуу кардарлары жөнүндө маалымат» деп аталган 5-бөлүк;  

7) «Кредиттик союздун каражаттарды тартуу операциялары боюнча отчет» деп аталган 6-бөлүк;    

8) «Башка маалыматтар» деп аталган 7-бөлүк;    

9) «Кредиттик союздун экономикалык ченемдеринин сактоо тууралуу маалымат» деп аталган 8-бөлүк; 

10) «Кредиттик союздун байкоо кеңешинин, башкармасынын мүчөлөрү, катышуучулары (пай ээси) жана Шариат кеңешинин мүчөлөрү тууралуу маалымат» деп аталган 9А бөлүк.  

11) «Кредиттик союздун айрым кызмат адамдары тууралуу маалымат» деп аталган 9 Б бөлүк.  

12) «Кредиттик союз боюнча негизги маалымат (филиалдар жөнүндө маалымат, иштеп жаткан комитеттер, туунду жана аффилирленген компаниялар)» деп аталган 9 В бөлүк. 

Бардык сумма миң сом түрүндө көрсөтүлүүгө тийиш (чет өлкө валютасындагы суммалар Улуттук банктын отчеттук датага карата расмий курсу боюнча сом эквивалентинде көрсөтүлөт). 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 13/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Көзөмөл боюнча комитеттин 2017-жылдын 5-октябрындагы №37/3 токтомуна ылайык күчүн жоготкон. 

3.  Усулдук көрсөтмөдө камтылбаган бөлүктөр Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларына ылайык толтурулат.  

  

II. ТИТУЛДУК БАРАК  

4. Титулдук баракта төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:   

1) катталган күнү жана чыгыш номери;   

2) отчет даярдалган күн. Отчет даярдалган күн дегенден улам, отчеттук мезгилдин акыркы күнүн жана отчет ушул күндүн акырына карата даярдалгандыгын түшүнүүзарыл;   

3) отчет даярдалып бүткөн күн;  

4) мезгил аралыгы - «чейректик», «жылдык» же «корректировкалоо». Чейректик отчетту сунуштоодо «чейректик» деген сөздүн астын сызып коюу талап кылынат. Жылдык болуп эсептелген 4-чейрек үчүн отчетту берүүдө «жылдык» деген сөздүн асты сызылат. Корректировкаланган отчетту сунуштоодо «корректировкалоо» сөзүн белгилеп коюу зарыл. Эгерде, техникалык мүнөздөгү каталар орун алса, отчетту корректировкалоого жол берилет. Бул учурда өзгөртүүлөр киргизилген отчеттун формалары гана сунушталып, киргизилген өзгөртүүлөр боёлуп (маркер менен) көрсөтүлөт;   

5) жүргүзүлгөн аудиттин же текшерүүнүн түрү – төмөнкү саптардын бири же экөөсү көрсөтүлөт:   

а) ички текшерүү – эгерде текшерүү Кредиттик союздун ревизия комиссиясы тарабынан жүргүзүлгөн болсо;   

б) корутундусуз аудит – аудит жүргүзүлүп, келечектеги иш пландарга сунуш-көрсөтмөлөрдү бербестен, банк операциялары жана бухгалтердик эсепке алуу туура жүргүзүлгөндүгү жөнүндө корутунду берүү менен чектелсе;  

в) корутунду берүү менен ишке ашырылган аудит – аудит жүргүзүлүп, банк операцияларынын жана бухгалтердик эсепке алуунун туура жүргүзүлгөндүгүн текшерүүдөн тышкары, Кредиттик союзга анын ишин жакшыртуу жана/же өркүндөтүү үчүн сунуш-көрсөтмөлөр жана иш-чаралар планы сунушталса;  

6) отчет берүүчү Кредиттик союздун басма тамгалар менен көрсөтүлгөн аталышы;  

7) Кредиттик союздун Башкармасынын төрагасынын же ал жок учурда төраганын милдетин аткаруучунун, башкы бухгалтердин күбөлөндүрүүчү кол тамгасы;   

8) Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун түзүлүшү, сунушталышы үчүн жооп берген кызматкеринин кызмат ордун, аты-жөнүн жана телефон номерин көрсөтүү менен анын кол тамгасы.   

   

III. МЕЗГИЛ-МЕЗГИЛИ МЕНЕН БЕРИЛҮҮЧҮ РЕГУЛЯТИВДИК ОТЧЕТТУН БӨЛҮКТӨРҮ  

  

1. «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» деп аталган 1-бөлүк  

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 13/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

  

5. Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчетто регулятивдик отчеттун көз карашынан алганда, Кредиттик союздун финансылык абалынын эң эле олуттуу беренелери чагылдырылган.    

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 13/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет эки тилкеден турат:   

1) отчеттун беренелеринин аталышы;   

2) бардыгы болуп – беренелердин сом түрүндөгү маанилери;   

6. Финансылык абал жөнүндө отчеттун беренелериндеги суммалар (каржылоодон тышкары) потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камдын (мындан ары – РППУ), амортизациялык чегерүүлөрдүн жана дисконттун/сый акынын (активдердин таза наркы) тиешелүү суммаларын эсептеп алып салуу менен көрсөтүлөт.  

7. Активдер жана пассивдер отчетто мазмуну боюнча топтоштурулат. Активдер ликвиддүүлүктүн азаюу деңгээли боюнча, ал эми милдеттенмелер төлөө мөөнөтү боюнча жайгаштырылат. Бөлүктүн 3-тилкесинде тиешелүү эсептер тобунун баланстык эсептеринин калдыктары көрсөтүлөт.   

 

1 §. «Активдер» деп аталган A бөлүкчөсү  

  

8. «Акча каражаттары» деп аталган 1-статьяда Кредиттик союздун кассасындагы нак акча каражаттары көрсөтүлөт.    

«Эсептешүү эсептери» деп аталган 2-статьяда коммерциялык банктарда эсептешүү эсептеринде турган акча каражаттары көрсөтүлөт.   

«ФКУдагы, анын ичинде банктардагы депозиттер» деп аталган 3-статьяда Кредиттик союзга киреше алып келген жана белгиленген төлөө мөөнөтүнө ээ коммерциялык банктарда жайгаштырылган Кредиттик союздун каражаттары көрсөтүлөт.    

«Төлөөгө чейин кармалып туруучу карыздык баалуу кагаздар» деп аталган  

4-статьяда Кредиттик союз төлөө мөөнөтүнө чейин ээлик кылууга ниеттенген жана ээлик кылууга жөндөмдүү карыздык баалуу кагаздар көрсөтүлөт.   

«Сатууга жарактуу карыздык жана капиталдык баалуу кагаздар» деп аталган  

5-статьяда кыска мөөнөт ичинде сатуу максатын көздөөсүз сатылып алынган, бирок төлөөгө чейин сатылышы мүмкүн болгон карыздык жана капиталдык баалуу кагаздар чагылдырылат. Сатууга жарактуу баалуу кагаздар – бул Кредиттик союз тарабынан сатылып алынган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик казына векселдери, мында Улуттук банк тарабынан лицензияланган башка ФКУнун капиталдык баалуу кагаздары эске алынбайт. Кредиттик союз тарабынан сатылып алынган баалуу кагаздар шариат стандарттарына ылайык келүүгө тийиш.    

«Бардыгы болуп ликвиддүү активдер» деп аталган 6-статьяда 1ден 5ке чейинки статьялардын маанилеринин суммасы көрсөтүлөт.    

«Каржылоо» деп аталган 7-статьяда Кредиттик союз тарабынан өз катышуучуларына сунушталган каржылоо көрсөтүлөт.    

«(Минус) Каржылоо боюнча атайын РППУ» деп аталган 8-статьяда Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ) токтому менен бекитилген «Банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык түзүлгөн классификацияланган активдер боюнча атайын РППУнун суммасы көрсөтүлөт.    

«Бардыгы болуп: таза каржылоо» деп аталган 9-статьяда 7 жана 8-статьялар ортосундагы маанилердин айырмасы көрсөтүлөт.   

«Кардарларга андан ары өткөрүп берүү үчүн активдер/инвентарь» деп аталган  

10-статьяда Кредиттик союз тарабынан кардарларга андан ары өткөрүп берүү үчүн сатылып алынган, анын ичинде мурабаха жана иджара/иджара мунтахийя биттамлик келишимдери боюнча сатылып алынган имараттардын, башка курулмалардын, эмеректердин, жабдуулардын жана башка активдердин/инвентардын наркы көрсөтүлөт. Маалыматтар кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө бөлүп көрсөтүү менен чагылдырылат.    «Бардыгы болуп, негизги каражаттар» деп аталган 11-статьяда имараттарга, эмеректерге, кеңсе жабдууларына, компьютерлерге, автоунааларга жана бүткөрүлө элек курулушка салымдар көрсөтүлөт. 11-статья өзүнө ошондой эле кайтарымсыз негизде грант түрүндө алынган негизги каражаттарды камтыйт. Негизги каражаттардын наркы топтолгон амортизациянын суммасына азаят (минуска чыгаруу менен).    

«Бардыгы болуп, башка менчик:» деп аталган 12-статьяда төмөнкүлөр боюнча маалыматтар көрсөтүлөт:    

а) алынган каржылоонун ордун жабуу үчүн кабыл алынган кардардын кыймылсыз мүлкү – күрөөлүк мүлккө менчик укугу Кредиттик союзга өтүшүнүн натыйжасында Кредиттик союздун балансына кабыл алынган кыймылсыз мүлк чагылдырылат;   

б) сунушталган каржылоонун ордун жабууга кабыл алынган кардардын башка мүлкү – күрөөлүк мүлккө менчик укугу Кредиттик союзга өтүшүнүн натыйжасында Кредиттик союздун балансына кабыл алынган кардардын башка мүлкү (кыймылсыз мүлктөн тышкары) чагылдырылат.   

«Инвестициялар жана финансылык катышуу» деп аталган 13-статьяда Улуттук банк тарабынан лицензияланган жана жөнгө салынган ФКУнун капиталына салынган инвестициялар көрсөтүлөт.    

«Бардыгы болуп, алууга чегерилген кирешелер:» деп аталган 14-статьяда өзүнчө тиешелүү саптарда чагылдырылуучу төмөнкү а)-г) кичи статьялар боюнча маалыматтар чагылдырылат:    

а) банктарда жана башка ФКУдагы депозиттер боюнча – банктарда жана башка ФКУда ачылган депозиттери боюнча алууга чегерилген кирешелер чагылдырылат.   

б) каржылоо боюнча – катышуучуларга берилген каржылоо боюнча алууга чегерилген кирешелер чагылдырылат;   

в) төлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздар боюнча – төлөөгө чейин кармалып туруучу сатылып алынган баалуу кагаздар боюнча алууга чегерилген кирешелер чагылдырылат;   

г) сатуу үчүн жарактуу баалуу кагаздар боюнча – сатуу үчүн жарактуу сатылып алынган баалуу кагаздар боюнча алууга чегерилген кирешелер көрсөтүлөт.   

«Бардыгы болуп башка активдер:» деп аталган 15-статьяда жогорудагы статьяларда эске алынбаган башка активдер көрсөтүлөт: комиссиялык төлөм, алдын ала төлөө, келечектеги чыгашалар, алууга каралган эсептер, пайдаланууга берилген аз баалуу жана тез эскирүүчү буюмдар, товардык-материалдык запастар, материалдык эмес активдер, ижарага алынган менчикти жабдууга капиталдык салымдар жана башкалар.   

«Бардыгы болуп активдер» деп аталган 16-статьяда 6, 9-15-статьялардын маанилеринин суммасы көрсөтүлөт.    

Системадан тышкаркы эсептерде системадан тышкары эсепке алынган маалыматтар көрсөтүлөт: эсептен алынып салынган каржылоо, классификацияланган активдер боюнча үстөк баа/киреше, сатылуучу таза нарк боюнча башка мүлк жана классификацияланган активдер боюнча милдеттенмелер аткарылбагандыгы үчүн төлөөлөр (туум).  

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 13/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

§ 2. «Милдеттенмелер жана капитал» деп аталган Б бөлүкчөсү  

  

9. «Кард келишими боюнча талап боюнча төлөнүүчү депозиттер» деп аталган  

1-статьяда Кредиттик союздун катышуучуларынын талап боюнча төлөнүүчү депозиттериндеги акча каражаттары чагылдырылат.  

Мудараба келишими боюнча мөөнөттүү депозиттер» деп аталган 2-статьяда Кредиттик союздун катышуучуларынын мөөнөттүү депозиттердеги акча каражаттары төмөнкүлөргө бөлүп көрсөтүү менен чагылдырылат: 

а) чектелген мудараба келишими боюнча мөөнөттүү депозиттер;  

б) чектелбеген мудараба келишими боюнча мөөнөттүү депозиттер.  

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 13/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

«Бардыгы болуп» деп аталган 3-беренеде 1 жана 2-беренелердин маанилеринин суммасы көрсөтүлөт.   

«Банктардан жана башка финансы уюмдардан алынган каржылоо» деп аталган 4-беренеде Кредиттик союздун банктардан жана башка финансы уюмдардан алган каржылоо суммасы төмөнкүлөргө бөлүп көрсөтүү менен чагылдырылат:  

а) «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсыдан (мындан ары – КСФК);  

б) анын ичинде КСФКдан техникалык каржылоо;  

в) банктардан;  

г) башка финансы уюмдардан;  

д) эл аралык финансы уюмдарынан жана донорлордон;  

е) эл аралык финансы-насыялык уюмдардан.  

«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан сунушталган каржылоо» деп аталган 5-беренеде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, областтык, райондук, шаардык акимиаттар тарабынан сунушталган каржылоо, министрликтердин жана башка бюджеттик фондулардын эсептери чагылдырылат.   

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 43/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

«Башка милдеттенмелер жана каржылоо» деп аталган 6-беренеде капиталдык ижара боюнча милдеттенмелер жана Кредиттик союздун ушул сыяктуу башка милдеттенмелери чагылдырылат.   

«Төлөөгө чегерилген чыгашалар» деп аталган 7-беренеде Кредиттик союз тарабынан чегерилген, бирок отчет түзүү күнүнө карата төлөнүп бериле элек чыгашалар төмөнкүлөргө бөлүп көрсөтүү менен чагылдырылат:   

а) катышуучулардын депозиттери боюнча;  

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 13/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

б) КСФКдан каржылоо боюнча;   

в) КСФКдан техникалык каржылоо боюнча;  

г) банктардан каржылоо боюнча;  

д) башка финансылык уюмдардан каржылоо боюнча;  

е) эл аралык уюмдардан жана донорлордон каржылоо боюнча;   

ж) эл аралык финансы-насыялык уюмдардан каржылоо боюнча;  

з) башкалар.  

«Башка милдеттенмелер» деп аталган 8-беренеде маалыматтар төмөнкүлөргө бөлүп көрсөтүү менен чагылдырылат:  

а) кредиторлордун эсептери – товарларды жеткирүү, сунушталган кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөр боюнча ар башка милдеттенмелер, чегерилген эмгек акы чагылдырылат;   

б) мухараба жана салам операциялары боюнча мөөнөтү жылдырылган киреше (үстөк баа);  

в) төлөөгө каралган дивиденддер – бөлүштүрүүдөн кийин Кредиттик союздун катышуучуларына чегерилген дивиденддердин суммасы чагылдырылат;  

г) чегерилген милдеттенмелер – чегерилген эмгек акы, чегерилген салык төлөмдөрү чагылдырылат;  

д) келечекте түшүүчү кирешелер – сатып алуучулардан негизги каражаттар, материалдар, кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынган аванстык түшүүлөр, ордун жабууга каралган комиссиялык чыгашалар чагылдырылат.  

«Бардыгы болуп милдеттенмелер» деп аталган 9-беренеде 3-8-беренелердин маанилеринин суммасы чагылдырылат.   

«Сактык пайлар» деп аталган 10-беренеде отчет түзүү күнүнө карата Кредиттик союздун катышуучуларынын сактык пайларынын жалпы суммасы чагылдырылат.   

«Келечекте керектөөлөргө кам (капиталдык камдар)» деп аталган 11-беренеде Кредиттик союз тарабынан катышуучулардын жалпы жыйынында кабыл алынган чечимге ылайык пайданын бир бөлүгүнөн же болбосо бардык суммасынан түзүлгөн (дивиденддерди төлөө үчүн жеткиликтүү эмес) камдар чагылдырылат. Кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынынын жыйынтыктары боюнча жылына бир жолу түзүлөт.   

«Жалпы РППУ» деп аталган 12-беренеде классификацияланбаган активдер боюнча РППУ суммасы көрсөтүлөт.   

«Пайданы теңдештирүү үчүн кам» деп аталган 13-беренеде инвестициялык эсеп ээлеринин инвестициялары боюнча белгилүү бир кирешелүүлүк деңгээлин колдоо максатында, дүң пайдадан мудариба үлүшүн бөлүштүргөнгө чейин Кредиттик союз тарабынан бөлүнүүчү сумма чагылдырылат.   

«Инвестициялар боюнча тобокелдиктердин ордун жабууга каралган кам» (болгон учурда) деп аталган 14-беренеде инвестициялык эсеп ээлеринин келечектеги инвестициялык чыгым тартуу тобокелдиктерин жеңилдетүү максатында, мудариба пайда үлүшүн бөлүштүрүүдөн кийин инвестициялык эсеп ээлеринин пайдасынан бөлүнүүчү сумма чагылдырылат.   

«Бөлүштүрүлбөгөн пайда/чыгым» деп аталган 15-беренеде маалыматтар төмөнкүлөргө бөлүп көрсөтүү менен чагылдырылат:  

а) өткөн жылдардагы пайда/чыгым – бөлүштүрүлбөй калган өткөн жылдардагы пайданын суммасы чагылдырылат;  

б) акыркы отчеттук мезгилдеги (күндөлүк) пайда/чыгым.   

«Бардыгы болуп капитал» деп аталган 16-беренеде 10, 11, 12, 13, 14 жана 15-а)-беренелеринин суммасы көрсөтүлөт, чыгым орун алган шартта 15-а) жана 15-б) саптары алынып салынат.   

«Бардыгы болуп милдеттенмелер жана капитал» деп аталган 17-беренеде 9-15-беренелердин суммасы чагылдырылат.   

  

§ 3. «Баланстан тышкаркы милдеттенмелер» деп аталган В бөлүкчөсү  

  

10. «Каржылоону сунуштоо үчүн милдеттенмелер» деп аталган 1-беренеде келечекте каржылоону сунуштоого милдеттенмелер чагылдырылат.   

«Гарантиялар, кепилдиктер жана ушул сыяктуу милдеттенмелер» деп аталган 2-беренеде Кредиттик союздун жалпы гарантиялары жана алар сыяктуу милдеттенмелери чагылдырылат.   

«Активдерди сатып алуу боюнча милдеттенмелер» деп аталган 3-беренеде Кредиттик союздун келечекте активдерди сатып алуу боюнча милдеттенмелери чагылдырылат.  

«Баланстан тышкаркы башка милдеттенмелер» деп аталган 4-беренеде жогоруда көрсөтүлбөгөн баланстан тышкаркы башка милдеттенмелер чагылдырылат.   

«Бардыгы болуп баланстан тышкаркы милдеттенмелер» деп аталган 5-беренеде 1-4 чейинки беренелер суммасы көрсөтүлөт.   

  

2. «Кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчет» деп аталган 2-бөлүк  

 (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 13/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

11. Отчеттун бул формасында Кредиттик союздун отчеттук мезгил ичинде (3-графа «чейрек ичинде») жана жыл башынан бери (4-графа «улам өсүү жыйынтыгы менен») алган кирешелери жана тарткан чыгымдары чагылдырылууга тийиш. Кредиттик союздун иш натыйжасында келип чыккан кирешелер жана чыгашалар алардын мүнөздөмөлөрү боюнча топтоштурулуп, кирешелер жана чыгашалардын негизги түрлөрүнүн суммалары ачып көрсөтүлөт.   

«Операциялар боюнча алынган кирешелер (суммасы-ст. а)-в))» деп аталган 1-беренеде Кредиттик союздун отчеттук мезгил ичинде алган кирешелери көрсөтүлүп, анда төмөнкүкичи беренелердин суммалары камтылат:  

 - карыздык милдеттенмелер боюнча;  

- башка банктардагы жана ФКУдагы эсептерде жайгаштырылган акча каражаттары боюнча;  

- Кредиттик союздун катышуучуларына сунушталган каржылоо боюнча.  

«Тартылган инвестициялар боюнча кирешелер» деп аталган 2-статьяда отчеттук мезгилде тартылган инвестициялар боюнча КСнын алынган кирешеси көрсөтүлөт. 

«Операциялар боюнча тарткан чыгашалар» деп аталган 3-статьяда Кредиттик союздун отчеттук мезгил ичинде тарткан чыгашалары чагылдырылат жана 4, 5 жана 6- статьялардын суммалары камтылат.  

«Катышуучулардын эсептери боюнча чыгашалар» деп аталган 4-беренеде Кредиттик союзда жайгаштырылган өз катышуучуларынын эсептери боюнча чыгашалар чагылдырылат.   

«Банктардан жана финансы уюмдардан алынган каржылоо боюнча чыгашалар» деп аталган 5-беренеде тышкы булактардан: КСФКдан, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынан, башка финансы уюмдардан алынган каржылоого байланыштуу бардык чыгашалар чагылдырылат.  

«Операциялар боюнча башка чыгашалар» деп аталган 6-беренеде жогоруда көрсөтүлбөгөн операциялар боюнча башка чыгашалар чагылдырылат.   

«Таза киреше» деп аталган 7-статьяда 1 жана 2-статьялардын суммасы 3-статьяны алып салуу менен көрсөтүлөт.  

«РППУга чыгашалар» деп аталган 8-беренеде РППУга кеткен чыгашалар чагылдырылат.   

«РППУга чегерилгенден кийинки таза киреше» деп аталган 9-статьяда 7 жана 8-статьялардын ортосундагы айырма көрсөтүлөт.  

«Башка операциялардан кирешелер» деп аталган 10-беренеде Кредиттик союздун башка ишинин түрлөрү боюнча акча каражаттарын топтоодон түшкөн кирешелер көрсөтүлөт жана анда төмөнкү кичи беренелер суммасы камтылат:  

а) кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөр жана каржылоо боюнча комиссиялык жыйымдар – комиссиялык жыйымдар түрүндөгү кирешелер жана нотариалдык алымдарды ж.б. кошо алганда, кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынган башка ушул сыяктуу төлөөлөр көрсөтүлөт;  

б) жайларды ижарага алуу үчүн төлөөлөр – Кредиттик союздун башка ижарачылар ээлеген өз имараттарынан алган кирешеси көрсөтүлөт;  

в) негизги каражаттарды сатуудан түшкөн киреше (чыгым) – Кредиттик союзда пайдаланылуучу негизги каражаттарды сатуудан Кредиттик союз алуучу киреше (тарткан чыгымдар) көрсөтүлөт;  

г) башка мүлктү сатуудан түшкөн киреше (чыгым) – кайтарылбаган каржылоо боюнча күрөөлүк мүлктү сатуудан Кредиттик союз алуучу киреше (тарткан чыгым);  

е) башка кирешелер – жогоруда көрсөтүлбөгөн башка кирешелер көрсөтүлөт.  

«Башка операциялардан тарткан чыгашалар» деп аталган 11-статьяда Кредиттик союздун отчеттук мезгил ичинде тарткан операциялык чыгашалары чагылдырылат жана анда 12-20-статьялардын суммасы камтылат.   

«Персоналды күтүүгө кеткен чыгашалар» деп аталган 12-беренеде Кредиттик союздун кызматкерлеринин жана жетекчилеринин эмгегине төлөөлөргө, сый акыларга, социалдык төлөөлөргө, персоналды окутууга жумшалган жана башка төлөөлөргө байланыштуу чыгашалары чагылдырылат.   

«Социалдык фондго чегерүүлөр» деп аталган 12-а) беренеде Социалдык фондго чегерилген суммалар чагылдырылат.   

«Имараттарга жана курулмаларга кеткен чыгашалар» деп аталган 13-беренеде Кредиттик союздун имараттардын операциялык ижарасына кеткен чыгашалары, ижарага алынган өндүрүштүк жайларды амортизациялоо, имараттарды жана курулмаларды амортизациялоо, имараттарды күтүүгө кеткен чыгашалар, имараттарды тейлөө жана күтүү келишими боюнча чыгашалар, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, күндөлүк ремонт иштери, имараттардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чыгашалар көрсөтүлөт.   

«Эмеректерге, жабдууларга, компьютерлерге жана программалык камсыздоолорго чыгашалар» деп аталган 14-беренеде эмеректерди, жабдууну жана компьютерлерди амортизациялоого, эмерек жана жабдууну ижарага алууга, эмеректерди жана жабдууларды күндөлүк оңдоо иштерине, жабдууну, компьютерлерди, программалык камсыздоолорду тейлөөгө жана күтүүгө түзүлгөн келишимдер боюнча чыгашалар көрсөтүлөт.  

«Административдик чыгашалар» деп аталган 15-беренеде Кредиттик союздун ишин камсыз кылууга байланышкан чыгашалары көрсөтүлөт: кеңсе товарлары жана ага тиешелүүлөр, байланыш кызмат көрсөтүүлөр, иш сапарга кеткен чыгашалар, өкүлчүлүк чыгашалар, автоунааларды амортизациялоого чыгашалар, автоунааларды күтүүгө кеткен чыгашалар, адистердин кызмат көрсөтүүлөрү үчүн чыгашалар, жарнама жана маркетингге чыгашалар, жарыялоо жана жазылууларүчүн чыгашалар, башка административдик чыгашалар.   

«Каржылоо жана карыздар боюнча чыгашалар» деп аталган 16-беренеде каржылоону сунуштоого, карыздарды кайтарууга жана менчикке кабыл алынган күрөө түрүндөгү мүлктү администрлөөгө байланыштуу чыгашалар чагылдырылат жана анда төмөнкүлөр камтылат:  

а) карызды кайтарууга чыгашалар – карызды кайтарууга кеткен чыгашалар көрсөтүлөт (мисалы, юристтердин, ортомчулардын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөөлөр);  

б) менчикке кабыл алынган күрөөлүк мүлк боюнча чыгашалар – Кредиттик союздун менчигине кабыл алынган күрөөлүк мүлк боюнча чыгашалар чагылдырылат (мисалы, мүлктү коргоо үчүн төлөөлөр, мүлктүн андан ары бузулушуна жол бербөө үчүн ремонттон өткөрүү же ал сатылганга чейин анын наркын сактап турууга төлөөлөр, ошондой эле күрөөлүк укукту сатууга байланыштуу юридикалык кызмат көрсөтүү үчүн чыгашалар).  

«Башка операциялык чыгашалар» деп аталган 17-беренеде Кредиттик союздун кайрымдуулукка кеткен чыгашалары, кассадагы суммалардын жетпей жана артып калышы менен байланыштуу чыгашалар, Кредиттик союздун ишинде келип чыккан башка чыгашалар чагылдырылат.   

«Такафул» деп аталган 18-статьяда (такафул) камсыздандырууга байланышкан чыгымдар көрсөтүлөт. 

«Пайда салыгынан тышкары, салыктар» деп аталган 19-статьяда кошумча нарк салыгы (КНС төлөөчүлөр гана сатып алган материалдык ресурстар үчүн эсепке алуу каралбаган кошумча нарк) жана башка салыктар.  

«Күтүүсүз кирешелер жана чыгашалар» деп аталган 20-беренеде Кредиттик союздун кадимки ишине байланышпаган жана сейрек кездешүүчү иш жагдайынан келип чыккан кирешелер же кеткен чыгымдар (өзгөчө учурда киреше алуу жана чыгаша тартуу) чагылдырылат.  

«Күтүүсүз алынган пайдадан салык боюнча чыгашалар» деп аталган 21-беренеде күтүүсүз жагдайлардан келип чыккан пайдадан салык көрсөтүлөт.  

«Таза операциялык киреше (чыгым)» деп аталган 22-статьяда 11-статьяны минуска чыгаруу менен 9 жана 10-статьялардын суммасы чагылдырылат.  

«РППУ (каржылоо операцияларынан тышкары, башка операциялар боюнча)» деп аталган 23-беренеде каржылоо операцияларынан тышкары башка операциялар боюнча түзүлгөн РППУга кеткен чыгашалар көрсөтүлөт.   

«Битирге жана кайрымдуулукка кеткен чыгашалар» деп аталган 24-беренеде Кредиттик союздун битирге, кайрымдуулукка сарптаган чыгашалары көрсөтүлөт.   

«Таза киреше (чыгым)» деп аталган 25-статьяда 22, 23 жана 24-статьялардын ортосундагы айырма көрсөтүлөт.  

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 13/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

3. «Каржылоо портфели боюнча маалымат»  деп аталган 3-бөлүк.  

  

§ 1. «Мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер» деп аталган А бөлүкчөсү.  

  

12. Мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер боюнча маалыматтар өткөрүп жиберген күндөрүнө жараша беренелер боюнча бөлүп көрсөтүү менен чагылдырылат.   

13. 3, 4, 5-тилкелерде отчеттук мезгилдин акырына карата тиешелүүлүгүнө жараша негизги сумма, үстөк баа/кирешелер (график боюнча) боюнча төлөмдөр (график боюнча) жана каржылоо калдыгы көрсөтүлөт.   

“Кирешелүүлүк коэффициенти, %да" деп аталган 6-тилкеде кирешелүүлүк коэффициенти пайыздык мааниде көрсөтүлөт.  

Кирешелүүлүк коэффициентинин аныктамасы жылдык эффективдүү пайыздык чендин аныктамасына шайкеш. Кирешелүүлүк коэффициенти – анык, жылдык, эффективдүү салыштырылуучу эсептөөдөгү киреше, аны эсептөөдө депозит эсебинде акча каражаттарды жайгаштыргандыгы үчүн кардарга сый акы берилгендигине же кардардын каржылоону алууга байланыштуу төлөмдөрү эске алынат.  

Кирешелүүлүк коэффициенти Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 27-августундагы № 33/4 токтому менен бекитилген “Банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча сыйакы өлчөмү жөнүндө маалыматтарды таркатууда эффективдүү пайыздык чендерди эсептөө жөнүндө” жобого ылайык эсептелинет. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 08.02.2018-ж. № 06/2 токтому менен бекитилген) 

14. «Бардыгы болуп мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер» деп аталган 6-беренеде 1-5-беренелердин суммасы чагылдырылат.   

Көзөмөл боюнча комитеттин 2025-жылдын 6-мартындагы №13/1 токтомуна ылайык күчүн жоготкон. 

«Реструктуризацияланган активдер» деп аталган 7-беренеде бир же эки же андан көп жолу реструктуризацияланышына жараша реструктуризацияланган активдер чагылдырылат.  

«Отчеттук мезгил ичинде баланстан алынып салынган активдердин жалпы суммасы» деп аталган 10-беренеде жана өтүп жаткан ай ичинде баланстан алынып салынган жана Кредиттик союздун системасынан тышкары эсепке алууга чыгарылган активдердин жалпы суммасы чагылдырылат. 

«Улам өсүү жыйынтыгы менен баланстан алынып салынган активдердин жалпы суммасы» деп аталган 11-беренеде улам өсүү жыйынтыгы менен баланстан алынып салынган жана Кредиттик союздун системадан тышкары эсепке алууга чыгарылган активдердин жалпы суммасы көрсөтүлөт.   

 (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 13/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

§ 2. «Активдерди классификациялоо» деп аталган Б бөлүкчөсү  

  

15. «Статьянын аталышы» деп аталган 2-тилкеде сунушталган каржылоонун багыты көрсөтүлөт.   

«Бардыгы болуп активдер» деп аталган 3-тилкенин мааниси 6, 7.1, 7.2, 9.1, 9.2, 10, 11-тилкелеринин маанилеринин суммасына барабар болууга тийиш.   

«Дисконт» деп аталган 4-тилкеде бардык каржылоо операциялары боюнча амортизацияланбаган дисконттун өлчөмү көрсөтүлөт.   

«Бардыгы болуп камдар» деп аталган 5-тилкеде активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин ар бир түрү үчүн РППУнун (жалпы жана атайынн) өлчөмү көрсөтүлөт. 5-тилкенин мааниси 8 жана 12-тилкелердин маанилеринин суммасына барабар болууга тийиш.   

8 жана 12-тилкелерде РППУнун өлчөмү жалпы жана атайынн камдар түрүнө бөлүп көрсөтүү менен чагылдырылат.   

6, 7, 7.1, 7.2, 9, 9.1, 9.2, 10 жана 11-тилкелерде активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин категориялары «стандарттыктан» «жоготууларга» чейин классификацияланышына жараша чагылдырылат.   

13 жана 14-тилкелерде отчеттук мезгилдин акырына карата орточо алынган үстөк баа/киреше жана кирешелүүлүк коэффициенти көрсөтүлөт. Үстөк баа/киреше ушул усулдук көрсөтмөлөрдүн 16-пунктунда көрсөтүлгөн тартипте эсептелинет.  

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 13/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

16. Төмөндө отчеттук мезгилдин акырына карата орточо алынган үстөк бааны эсептөө формуласы келтирилген. 

Каржылоо боюнча үстөк бааны төмөнкү формула боюнча жылдык мааниге келтирүүгө болот:

мында: 

I – отчеттук мезгилдин акырына карата жылдык үстөк баа/киреше, пайыздарда,    

D – келишимде көрсөтүлгөн үстөк баа суммасы/каржылоо боюнча киреше суммасы,  

PV – келишимде көрсөтүлгөн каржылоо суммасы,    

m – келишим боюнча каржылоо мөөнөтү (кошумча келишимге ылайык реструктуризациялоо мөөнөтү).  

 

Орточо алынган үстөк баа/киреше = (X1/X* I 1+ X2/X* I 2)*100   

Ар бир каржылоо операциясынын суммасы сунушталган каржылоонун жалпы суммасына (каржылоо боюнча портфелден айкын каржылоо суммасы) бөлүнөт жана ошол каржылоо түрүнө ылайык, үстөк баа/киреше ченине көбөйтүлөт (пайыздык туюндуруу жогоруда көрсөтүлгөн формула боюнча эсептелинет).    

Х -  өз-өзүнчө каржылоо шартында сунушталган каржылоонун жалпы суммасы,   

Х1, Х2 – жылдык үстөк баанын/кирешенин бир чени боюнча каржылоо операцияларынын суммасы,    

I1, I2, - өзүнчө каржылоо операциялары боюнча жылдык  үстөк баа/киреше. 

 (өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 08.02.2018-ж. № 06/2 токтому менен бекитилген) 

 

§ 3. «Иджара мунтахийя биттамлик операцияларын классификациялоо» деп аталган  

В бөлүкчөсү  

  

17. «Иджара мунтахийя биттамлик операцияларын классификациялоо» деп аталган В бөлүкчөсү «Активдерди классификациялоо» деп аталган Б бөлүкчөсүнө окшош толтурулат.   

  

§ 4. «Каржылоо боюнча портфель» деп аталган Г бөлүкчөсү  

  

18. «Берененин аталышы» деп аталган 2-тилкеде сунушталган каржылоонун багыты көрсөтүлөт.   

«Бардыгы болуп, отчеттук мезгилдин башына карата каржылоо боюнча портфель» деп аталган 3-тилкеде мезгилдин башына карата каржылоо боюнча портфелдин суммасы чагылдырылат.   

«Бардыгы болуп, отчеттук мезгил ичинде берилген» деп аталган 4-тилкеде бир мезгил ичинде сунушталган каржылоо көлөмү көрсөтүлөт. 4-тилке 7–14-тилкелердин суммасына барабар болууга тийиш.  

«Бардыгы болуп, отчеттук мезгил ичинде орду жабылган» деп аталган 5-тилкеде бир мезгил ичинде орду жабылган каржылоо суммасы чагылдырылат.  

«Бардыгы болуп, отчеттук мезгилдин акырына карата каржылоо боюнча портфель» деп аталган 6-тилкеде отчеттук мезгилдин акырына карата каржылоо боюнча портфелдин өлчөмү көрсөтүлөт. 6-тилке 5-беренени минуска чыгаруу менен 3 жана 4-беренелердин суммасына барабар болууга тийиш.  

7-тилкеде 30 күнгө чейин мөөнөтү менен сунушталган каржылоо суммасы чагылдырылат.  

8-тилкеде 30 күндөн 90 күнгө чейинки мөөнөтү менен сунушталган каржылоо суммасы көрсөтүлөт.  

9-тилкеде 90 күндөн 180 күнгө чейинки мөөнөтү менен сунушталган каржылоо суммасы чагылдырылат.  

10-тилкеде 180 күндөн 365 күнгө чейинки мөөнөтү менен сунушталган каржылоо суммасы көрсөтүлөт.  

11-тилкеде 1 жылдан 2 жылга чейинки мөөнөтү менен сунушталган каржылоо суммасы чагылдырылат.  

12-тилкеде 2 жылдан 3 жылга чейинки мөөнөтү менен сунушталган каржылоо суммасы көрсөтүлөт.  

13-тилкеде 3 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөтү менен сунушталган каржылоо суммасы чагылдырылат.  

14-тилкеде 5 жылдан ашык мөөнөтү менен сунушталган каржылоо суммасы көрсөтүлө???????????? ??????) т.  

15-тилкеде отчеттук мезгил ичинде орточо алынган үстөк баа/киреше пайыздарда көрсөтүлөт.  

 16-тилкеде отчеттук мезгил ичинде орточо алынган кирешелүүлүк коэффициенти пайыздарда көрсөтүлөт. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 08.02.2018-ж. № 06/2 токтому менен бекитилген) 

 

§ 5. «Иджара мунтахийя биттамлик операциясы» деп аталган Д бөлүкчөсү  

  

19. «Операция иджара мунтахийя биттамлик операциясы» деп аталган Д бөлүкчөсү «Каржылоо боюнча портфель» деп аталган Г бөлүкчөсүнө окшош толтурулат  

  

§ 6. «Алынган каржылоо боюнча маалымат» деп аталган Е бөлүкчөсү  

 

20. 2-тилкеде ар бир каржылоо операциялары боюнча уюмдардын аталыштары көрсөтүлөт.   

3-тилкеде отчеттук мезгилдин башына карата каржылоо боюнча тартылган каражаттардын суммасы чагылдырылат.  

4-тилкеде отчеттук мезгил ичинде каржылоо боюнча тартылган каражаттардын көлөмү көрсөтүлөт.   

5-тилкеде отчеттук мезгил ичинде орду жабылган каржылоонун суммасы чагылдырылат.  

6-тилкеде 5-беренени минуска чыгаруу менен 3 жана 4-беренелердин суммасы көрсөтүлөт.  

7–14-тилкелерде мөөнөттөрү боюнча бөлүп көрсөтүү менен алынган каржылоонун суммасы чагылдырылат.  

15 жана 16-тилкелерде орточо салмактанып алынган үстөк баа/чыгаша, % менен жана отчеттук мезгилдин акырына карата кирешелүүлүктүн коэффициенти, % менен көрсөтүлөт. 

17 жана 18-тилкелерде негизги карыз боюнча мөөнөтү өтүп кеткен төлөмдүн суммасы жана үстөк/киреше боюнча мөөнөтү өтүп кеткен төлөмдүн суммасы көрсөтүлөт. 

 (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 13/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

4. «Кредиттик союздун ири кардарлары жөнүндө маалымат» деп аталган 4-бөлүк  

  

21. Бул формага отчеттук күнгө карата абал боюнча эң ири он беш карыз (каржылоо) боюнча маалыматтар кемүү тартибинде киргизилет.   

"Кардардын аты-жөнү" деп аталган 2-тилкеде Кредиттик союздун кардарынын аты-жөнү толук көрсөтүлөт.   

"Каржылоо сунушталган күн" деп аталган 3-тилкеде каржылоо келишимине ылайык учурда сунушталган каржылоо күнү (жылы, күнү, айы,) көрсөтүлөт.   

"Сунушталган каржылоону төлөө күнү" деп аталган 4-тилкеде каржылоо келишимине ылайык учурдагы каржылоону төлөө күнү (жылы, күнү, айы) чагылдырылат.   

"Сунушталган каржылоо суммасы" деп аталган 5-тилкеде каржылоо келишимине ылайык сунушталган каржылоонун суммасы көрсөтүлөт.   

"Үстөк баа/киреше, % менен" деп аталган 6-тилкеде каржылоо келишимине ылайык сунушталган каржылоо боюнча жылдык үстөк баа/киреше көрсөтүлөт. 

 (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 13/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

"Кирешелүүлүк коэффициенти, %" деп аталган 7-тилкеде  сунушталган каржылоо боюнча кирешелүүлүк коэффициенти көрсөтүлөт. 

"Төлөмдөрдүн саны" деп аталган 8-тилкеде каржылоо боюнча келишимге ылайык төлөө графиги боюнча каржылоо жагында төлөмдөрдүн саны чагылдырылат.   

"Төлөө аралыгы" деп аталган 9-тилкеде каржылоо келишимине ылайык төлөө графиги боюнча сунушталган каржылоо боюнча төлөөлөрдүн мезгилдүүлүгү чагылдырылат.  

"Негизги сумманын алгачкы төлөмүн төлөө күнү" деп аталган 10-тилкеде каржылоо келишимине ылайык төлөө графиги боюнча негизги сумманын алгачкы төлөмүн төлөө күнү көрсөтүлөт.   

"Негизги сумманын акыркы төлөмүн төлөө күнү" деп аталган 11-тилкеде каржылоо келишимине ылайык төлөө графиги боюнча негизги сумманын акыркы төлөмүн төлөө күнү көрсөтүлөт.   

"Максаты" деп аталган 12-тилкеде каржылоо келишимине ылайык учурдагы каржылоонун (каржылоо багытталган иштин түрү) максаттуу багыты чагылдырылат.   

"Айдын башына карата негизги сумма калдыгы" деп аталган 13-тилкеде отчеттук мезгилдин башына карата учурдагы каржылоонун негизги суммасынын калдыгы көрсөтүлөт.   

"Төлөнгөн негизги сумма" деп аталган 14-тилкеде негизги карыздын суммасынын ушул айда төлөнгөн бир бөлүгү көрсөтүлөт.   

"Берилген негизги сумма" деп аталган 15-тилкеде негизги карыздын суммасынын ушул айда берилген бөлүгү чагылдырылат." 

"Айдын акырына карата негизги сумманын калдыгы" деп аталган 16-тилкеде отчеттук мезгилдин акырына карата учурдагы каржылоонун негизги суммасынын калдыгы көрсөтүлөт.   

"Күрөө” деп аталган 17-тилкеде күрөөнүн түрү көрсөтүлөт. 

 (өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 08.02.2018-ж. № 06/2 токтому менен бекитилген) 

 

5. «Кредиттик союздун ири проблемалуу кардарлары жөнүндө маалымат» деп аталган 5-бөлүк  

  

1§ . «Кредиттик союздун ири проблемалуу кардарлары жөнүндө маалымат» деп аталган А бөлүкчөсү  

  

22. Бул бөлүкчөгө отчеттук күнгө карата абал боюнча эң ири он беш карыз боюнча маалыматтар кемүү тартибинде киргизилет.   

«Кардардын аты-жөнү» деп аталган 2-тилкеде Кредиттик союздун кардарынын аты-жөнү толук көрсөтүлөт.  

«Кардардын катталган жери боюнча жашаган жери” деп аталган 3-тилкеде Кредиттик союздун кардарынын паспорту боюнча (Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары тарабынан берилген) жашаган жери (район, шаар/айыл, көчөсүнүн аталышы, үй номери) чагылдырылат.  

«Телефон» деп аталган 4-тилкеде Кредиттик союздун кардарынын байланыш телефону көрсөтүлөт.  

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 13/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

«Каржылоо сунушталган күн» деп аталган 5-тилкеде каржылоо келишимине ылайык сунушталган каржылоо күнү көрсөтүлөт.  

«Сунушталган каржылоону төлөө күнү» деп аталган 6-тилкеде каржылоо келишимине ылайык сунушталган каржылоону төлөө күнү (жылы, айы, күнү) чагылдырылат.  

«Сунушталган каржылоо суммасы» деп аталган 7-тилкеде каржылоо келишимине ылайык сунушталган каржылоонун суммасы көрсөтүлөт (сом).  

Үстөк баа/киреше, %да” жана “Кирешелүүлүк коэффициенти, %да” деп аталган 8 жана 9-тилкелерде каржылоо боюнча жылдык үстөк баа/киреше жана кирешелүүлүк коэффициенти пайыздарда көрсөтүлөт.   

"Максаты" деп аталган 10-тилкеде каржылоо келишимине ылайык сунушталган каржылоонун максаттуу багыты (каржылоо багытталган иштин түрү) көрсөтүлөт.   

"Кардардын проблемасынын кыскача баяндалышы" деп аталган 11-тилкеде кардарга сунушталган каржылоо боюнча мөөнөтүндө төлөнбөй калуу себеби чагылдырылат.   

"Негизги карыз" деп аталган 12-тилкеде отчеттук күнгө карата абал боюнча сунушталган каржылоо боюнча учурда орун алып турган карыз чагылдырылат.   

“Үстөк баа/киреше" жана “Кирешелүүлүк коэффициенти” деп аталган 13 жана 14-тилкелерде учурдагы каржылоо боюнча үстөк баанын/кирешенин өлчөмү көрсөтүлөт жана эгерде отчеттук мезгилге карата кайрадан саналган болсо кирешелүүлүк коэффициенти көрсөтүлөт.    

"Туум" деп аталган 15-тилкеде отчеттук күнгө карата сунушталган каржылоо боюнча туум өлчөмү чагылдырылат.   

"Карызды кайтаруу боюнча кредиттик союздун иш-аракети (пландары)" деп аталган 16-тилкеде карызды кайтаруу боюнча кредиттик союз тарабынан кабыл алынган чаралар чагылдырылат. 

 (өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 08.02.2018-ж. № 06/2 токтому менен бекитилген) 

23. «Үстү-үстүнө каржылоо жөнүндө маалымат» формасында кардарлардын башка ФНУдан үстү-үстүнө алган активдердин суммасы мындай активдерге ээ кардардын саны көрсөтүлөт.   

  

2 §. «Реструктуризацияланган активдер» деп аталган Б бөлүкчөсү  

  

24. Бул таблицага өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган реструктуризацияланган активдер боюнча маалыматтар камтылат.   

25.  «Кардардын аты-жөнү» деп аталган 1-тилкеде Кредиттик союздун кардарынын аты-жөнү толук көрсөтүлөт.    

«Берилген күнү» деп аталган 4-тилкеге каржылоо келишимине ылайык сунушталган каржылоо күнү (күнү, айы, жылы) чагылдырылат.   

«Төлөө күнү» деп аталган 5-тилкеде каржылоо келишимине ылайык каржылоону төлөө күнү (күнү, айы, жылы) көрсөтүлөт.   

«Каржылоо суммасы» деп аталган 6-тилкеде каржылоо келишимине ылайык каржылоо суммасы чагылдырылат.   

«Үстөк баа/киреше, % менен» деп аталган 7-тилкеде каржылоо келишимине ылайык каржылоо боюнча жылдык үстөк баа/киреше көрсөтүлөт.   

«Кирешелүүлүк коэффициенти, % менен» деп аталган 8-тилкеде каржылоо келишимине ылайык каржылоо боюнча кирешелүүлүк коэффициенти көрсөтүлөт. 

«Максаты» деп аталган 9-тилкеде каржылоо келишимине ылайык каржылоонун максаттуу багыты (каржылоо сунушталган иштин түрү) чагылдырылат.   

«Реструктуризациялоо себеби» деп аталган 10-тилкеде активди реструктуризациялоонун негизги себептери көрсөтүлөт.   

«Негизги карыз» деп аталган 11-тилкеде каржылоонун негизги суммасы боюнча карыздын өлчөмү чагылдырылат.   

«Үстөк баа/киреше, % менен» деп аталган 12-тилкеде» деп аталган 11-тилкеде аталган актив боюнча үстөк баа/киреше жагында карыздын суммасы көрсөтүлөт. 

«Кирешелүүлүк коэффициенти, % менен» деп аталган 13-тилкеде эгерде отчеттук мезгилге карата кайрадан саналган болсо кирешелүүлүк коэффициенти көрсөтүлөт.    

«Туум» деп аталган 14-тилкеде мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер боюнча туумдардын өлчөмү көрсөтүлөт.   

«Реструктуризациялоо күнү» деп аталган 15-тилкеде кошумча келишим боюнча реструктуризациялоо күнү (күнү, айы, жылы) чагылдырылат.   

«Төлөө күнү» деп аталган 16-тилкеде кошумча келишим боюнча реструктуризацияланган активди төлөө күнү (күнү, айы, жылы) көрсөтүлөт.   

«Каржылоо суммасы» деп аталган 17-тилкеде кошумча келишим боюнча реструктуризацияланган активдин суммасы чагылдырылат.   

«Үстөк баа/киреше, % менен» деп аталган 18-тилкеде кошумча келишимге ылайык реструктуризацияланган актив боюнча жылдык үстөк баа/киреше көрсөтүлөт. 

«Кирешелүүлүк коэффициенти, % менен» деп аталган 19-тилкеде кошумча макулдашуу боюнча реструктуризацияланган активдин кирешелүүлүк коэффициенти көрсөтүлөт. 

«Мөөнөтү» деп аталган 20-тилкеде кошумча маалымат боюнча реструктуризацияланган активдин иштөө мөөнөтү көрсөтүлөт. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 13/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

6. «Кредиттик союздун аманат (депозит) операциялары боюнча отчет» деп аталган 6-бөлүк  

 (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 13/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

§ 1. «Мөөнөттөргө бөлүү менен кабыл алынган депозиттердин көлөмү» деп аталган А бөлүкчөсү  

 (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 13/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

26. «Талап боюнча төлөнүүчү» деп аталган тилкеде Кредиттик союздун кардарларынын талап боюнча төлөнүүчү кабыл алынган депозиттердин суммасы 2ден 6га чейинки графаларда көрсөтүлгөн мөөнөттөргө жараша көрсөтүлөт.   

«Мөөнөттүү» деп аталган тилкеде Кредиттик союздун кардарларынын кабыл алынган депозиттеринин суммасы 2ден 6га чейинки графаларда көрсөтүлгөн мөөнөттөргө жараша чагылдырылат.  

«Бардыгы болуп» деп аталган 7-тилкеде талап боюнча төлөнүүчү жана мөөнөттүү депозиттердин суммасы көрсөтүлөт. 

  (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 13/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

§ 2. «Суммалары боюнча бөлүп көрсөтүү менен кабыл алынган депозиттердин көлөмү» деп аталган Б бөлүкчөсү  

   (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 13/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

27. «Талап боюнча» деп аталган тилкеде Кредиттик союздун кардарларынын талап боюнча төлөнүүчү депозиттеринин суммасы 2ден 6га чейинки графаларда көрсөтүлгөн өлчөмдөргө жараша чагылдырылат.  

«Мөөнөттүү» деп аталган тилкеде Кредиттик союздун кардарларынын кабыл алынган депозиттеринин суммасы 2ден 6га чейинки графаларда көрсөтүлгөн өлчөмдөргө жараша көрсөтүлөт.  

«Бардыгы болуп» деп аталган 6-тилкеде талап боюнча төлөнүүчү жана мөөнөттүү депозиттердин суммасы чагылдырылат.  

   (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 13/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

§ 3. «Отчеттук ай ичинде депозиттердин жылышы» деп аталган В бөлүкчөсү  

    (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 13/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

28. «Башына карата калдык» деп аталган 2-тилкеде отчеттук мезгилдин башына карата депозиттердин калдыктарынын суммасы мөөнөттүү жана талап боюнча төлөнүүчү депозиттерди бөлүп көрсөтүү менен чагылдырылат.  

«Кабыл алынган» деп аталган 3-тилкеде отчеттук мезгил ичинде кабыл алынган депозиттердин суммасы мөөнөттүү жана талап боюнча төлөнүүчү депозиттерди бөлүп көрсөтүү менен көрсөтүлөт.  

«Кайтарылган» деп аталган 4-тилкеде отчеттук мезгил ичинде кайтарылган депозиттердин суммасы мөөнөттүү жана талап боюнча төлөнүүчү депозиттерди бөлүп көрсөтүү менен чагылдырылат.  

«Акырына карата калдык» деп аталган 5-тилкеде отчеттук мезгилдин акырына карата депозиттердин калдыгынын суммасы мөөнөттүү жана талап боюнча төлөнүүчү депозиттерди бөлүп көрсөтүү менен чагылдырылат.  

    (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 13/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

§ 4. «Минималдуу жана максималдуу депозиттердин өлчөмдөрү» деп аталган Г бөлүкчөсү  

     (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 13/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

29. Бул бөлүкчөдө Кредиттик союздун кардарларынын талап боюнча төлөнүүчү жана мөөнөттүү депозиттердин минималдуу жана максималдуу өлчөмдөрү боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

      (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 13/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

§ 5. « Тартылган депозиттер боюнча кирешелүүлүк чени» деп аталган Д бөлүкчөсү  

       (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 13/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

30. «Талап боюнча» деп аталган тилкеде Кредиттик союздун кардарларынын талап боюнча төлөнүүчү депозиттер боюнча кирешелүүлүк чендери 2ден 6га чейинки графаларда көрсөтүлгөн мөөнөттөргө жараша көрсөтүлөт, ошондой эле орточо алынган кирешелүүлүк чени отчеттук мезгилдин акырына карата пайыздарда чагылдырылат.  

«Мөөнөттүү» деп аталган тилкеде Кредиттик союздун кардарларынын мөөнөттүү депозиттер боюнча кирешелүүлүк чендери 2ден 6га чейинки графаларда көрсөтүлгөн мөөнөттөргө жараша көрсөтүлөт, ошондой эле орточо алынган кирешелүүлүк чени отчеттук мезгилдин акырына пайыздарда чагылдырылат. 

 (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 13/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

7. «Башка маалыматтар» деп аталган 7-бөлүк  

    

§ 1. «Отчеттук мезгил ичиндеги каржылоо жөнүндө маалымат» деп аталган А бөлүкчөсү 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 13/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

  

31. Бул бөлүкчөдө нормалдуу, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган мөөнөтүндө төлөнбөгөн, отчеттук мезгил (чейрек) ичинде орду жабылган/кайтарылган активдер боюнча маалымат чагылдырылат.   

  

§ 2. «Кредиттик союздун кардарларынын гендердик курамы»   

деп аталган Б бөлүкчөсү  

  

32. Бул бөлүкчөдө каржылоону алган Кредиттик союздун катышуучуларынын жана кардарларынын саны боюнча, ошондой эле отчеттук мезгилдин акырына карата сунушталган каржылоо боюнча маалыматтар чагылдырылат.   

 (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 13/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

§ 3. «Каржылоону алган катышуучулар, кардарлар жана аманатчылар» деп аталган В бөлүкчөсү  

 (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 13/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

  

33. Бул бөлүкчөдө отчеттук мезгилдин башына жана акырына карата каржылоону алган катышуучулардын, кардарлардын жана Кредиттик союздун аманатчыларынын саны боюнча, ошондой эле алардын санынын көбөйүшү жана азайышы боюнча маалыматтар чагылдырылат.   

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 13/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

  

§ 4. «Сактык пайлардын жана каржылоонун өлчөмдөрү боюнча маалымат» деп аталган Г бөлүкчөсү  

  

34. Бул бөлүкчөдө сактык пайлардын жана каржылоонун жана депозиттердин минималдуу жана максималдуу өлчөмдөрү боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 13/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

  

§ 5. «Кредиттик союздун жайгашкан жери жана иштеп жаткан аймагы жөнүндө маалымат» деп аталган Д бөлүкчөсү  

  

35. Бул бөлүкчөдө Кредиттик союздун юридикалык жана айкын дареги, анын иштеп жаткан аймагы, ошондой эле телефон (факс) номери жана электрондук дареги көрсөтүлөт. 

 (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 13/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

§ 6. «Сактык пайды алып коюу шарттары» деп аталган Е бөлүкчөсү  

  

36. «Алып коюу мөөнөттөрү» деп аталган 2-тилкеде Кредиттик союздун катышуучуларынын сактык пайларын алып коюу мөөнөттөрү төмөнкүлөргө бөлүп көрсөтүүменен чагылдырылат:  

1) алып коюуга  

2) 30 күнгө чейин 

 (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 13/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

3) 6 айга чейин   

4) 12 айга чейин  

5) 12 айдан жогору.  

«Сумма» деп аталган 3-тилкеде Кредиттик союздун катышуучуларынын пайларынын чогуу алгандагы суммасы тиешелүү алып коюу шарттары (мөөнөттөрү) менен көрсөтүлөт.  

«Пайлардын саны» деп аталган 4-тилкеде пайлардын саны тиешелүү алып коюу шарттары (мөөнөттөрү) менен чагылдырылат.  

  

§ 7. «Дивиденддер» деп аталган Ж бөлүкчөсү  

  

37. Бул бөлүкчөдө Кредиттик союздун катышуучуларына төлөөгө тийиш суммалар жана иш жүзүндө төлөнүп берилген дивиденддер боюнча маалымат чагылдырылат.  

  

§ 8. «Кыска мөөнөттүү милдеттенмелер (отчеттук күндөн кийин 30 күн ичинде төлөө мөөнөтү келет)» деп аталган З бөлүкчөсү  

  

38. Бул бөлүкчөдө төмөнкү беренелер боюнча бөлүп көрсөтүү менен кыска мөөнөттүү милдеттенмелердин суммалары көрсөтүлөт:  

1) отчеттук күндөн кийин 30 күн ичинде төлөө мөөнөтү менен кардарлардын депозиттери;  

 (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 13/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

2) отчеттук күндөн кийин 30 күн ичинде алып коюу мөөнөтү менен сактык пайлар;   

3) отчеттук күндөн кийин 30 күн ичинде төлөө мөөнөтү менен дивиденддер;  

4) отчеттук күндөн кийин 30 күн ичинде төлөө мөөнөтү менен чегерилген милдеттенмелер;  

5) отчеттук күндөн кийин 30 күн ичинде төлөө мөөнөтү менен башка милдеттенмелер;  

6) бардыгы болуп – 1-5-саптардын маанилеринин суммасы.   

  

§ 9. «Банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруу боюнча маалымат» деп аталган И бөлүкчөсү  

  

39. «Банктын аталышы» деп аталган 2-тилкеде агенттик келишим түзүлгөн банктын аталышы чагылдырылат.  

«Которуу системасы» деп аталган 3-тилкеде которуу системасы көрсөтүлөт.  

«Операциялар саны» деп аталган 4-тилкеде отчеттук мезгил ичиндеги операциялардын саны чагылдырылат.   

«Бардыгы болуп, жылдын башынан бери операциялар көлөмү» деп аталган 5-тилкеде катышуучулардын тапшырмасы боюнча бардыгы болуп жыл башынан бери эсептешүүлөрдү ишке ашыруу боюнча операциялардын көлөмү чагылдырылат.  

«Анын ичинде отчеттук жыл үчүн» деп аталган 6-тилкеде катышуучулардын тапшыруусу боюнча отчеттук мезгил ичинде эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу боюнча операциялардын көлөмү чагылдырылат.  

 

§ 10. «ФКУ менен ишке ашырылган операцияларды жана инвестицияларды чечмелөө» деп аталган К бөлүкчөсү  

  (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 13/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

40. Бул бөлүктө Кредиттик союздун инвестициялык операциялары жана ФНУда акча каражаттарын жайгаштыруу боюнча Кредиттик союздун операциялары чагылдырылат.   

3-тилкеде депозиттер же инвестициялар жайгаштырылган ишканалардын аталышы чагылдырылат. 

4-тилкеде отчеттук мезгилдин башына карата депозиттердин/инвестициялардын калдыгы көрсөтүлөт.  

5-тилкеде отчеттук мезгил ичинде депозиттердин же инвестициялардын көбөйүшү чагылдырылат.  

6-тилкеде отчеттук мезгил ичинде депозиттердин же инвестициялардын азайышы көрсөтүлөт.  

7-тилкеде отчеттук мезгилдин акырына карата калдык чагылдырылат.  

8-тилкеде аткаруу мөөнөтү көрсөтүлөт. 

9-тилкеде отчеттук мезгилдин акырына карата орточо алынган үстөк баа/кирешелер пайыздарда көрсөтүлөт.  

 10-тилкеде отчеттук мезгилдин акырына орточо алынган кирешелүүлүк коэффициенти пайыздарда көрсөтүлөт. 

11 жана 12-тилкеде тиешелүүлүгүнө жараша депозиттин жана инвестициянын валютасы жана шарттары көрсөтүлөт. 

 (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2018-жылдын 8-февралындагы №06/2, 2025-жылдын 6-мартындагы № 13/1 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

 

8. «Экономикалык ченемдердин сакталышы жөнүндө маалымат» деп аталган 8-бөлүк  

  

41. «Ченемдин, чектөөнүн аталышы» деп аталган 1-тилкеде – маалыматтар төмөнкү экономикалык ченемдер жана чектөөлөр боюнча берилет:   

1) Кредиттик союздун тышкы карыз алууларынын максималдуу өлчөмүнүн ченеми (Н1);    

2) бир кардарга/берүүчүгө/өнөктөшкө тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми (Н2);    

3) Улуттук банктан лицензия алган жана жөнгө салынган ФКУнун капиталына инвестициялардын максималдуу өлчөмүнүн ченеми (Н3);    

4) Негизги каражаттарга инвестициялардын максималдуу өлчөмүнүн ченеми (Н4);    

5) ликвиддүүлүк ченеми (Н5-1);   

6) ликвиддүүлүк ченеми (Н5-2); 

7) институционалдык капиталдын шайкештик ченеми (Н6-1);    

8) суммардык капитал шайкештүүлүгүнүн ченеми (Н6-2);    

9) депозиттик базанын максималдуу өлчөмүн чектөө.    

3-тилкеде Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 16-июлундагы №32/5 токтому менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелерине (мындан ары – Эрежелер) ылайык, ченемди (чектөөнү) эсептөөформуласы көрсөтүлөт.  

4-тилкеде Эрежелерде белгиленген ченемдин (чектөөнүн) мааниси иш алып баруу мезгилине жараша чагылдырылат.  

5-тилкеде Кредиттик союздун аракеттер мезгили көрсөтүлөт.  

6-тилкеде Эрежелерге ылайык эсептелинген ченемдин (чектөөнүн) айкын мааниси чагылдырылат.  

7-тилкеде 4 жана 6-тилкелердин ортосундагы айырма көрсөтүлөт.  

 (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 13/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

9. «КСтин байкоо кеңешинин, башкармасынын мүчөлөрү, катышуучулар  

(пай ээлери) жана Шариат кеңешинин мүчөлөрү жөнүндө маалымат» деп аталган 9А - бөлүк 

 

43. Кредиттик союздун байкоо органынын мүчөлөрү (эгерде бар болсо) жөнүндө маалыматтар төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш: 

-  байкоо органынын мүчөсүнүн аты-жөнү;    

- байкоо органынын мүчөсүнүн шайланган датасы;  

- Улуттук банк менен макулдашылган датасы; 

-  байкоо органынын мүчөсүнүн иштеген жери;  

- КСтин байкоо органынын мүчөсүнүн кызмат орду;  

- байкоо органынын мүчөсүнүн иштеген жеринин, (анын ичинде шаардын/калктуу пункттун коду) уюлдук телефонунун номери (анын ичинде оператордун коду);  

- байкоо органынын мүчөсүнүн үлүштүк капиталдан үлүшү; 

- байкоо органынын мүчөсүнүн башка компаниялардын уставдык капиталынан үлүшү/ башка компаниялардагы ээлик кылуу үлүшү, компаниялардын аталышын көрсөтүү менен; 

- байкоо органынын мүчөсүнүн башка компаниялардын капиталына кирген датасы/ 

башка компаниялардагы акциялар үлүшүн сатып алган датасы; 

- байкоо органынын мүчөсүнүн кол тамгасынын үлгүсү (кагаз түрүндө отчетто). 

44. КСтин аткаруу органынын (башкармасы, жетекчиси) мүчөлөрү тууралуу маалыматта төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- аткаруу органынын мүчөсүнүн аты-жөнү; 

- башкарманын төрагасынын, башкарманын мүчөсүнүн же жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган датасы; 

- КСтин аткаруу органынын мүчөлөрүнүн талапкерлиги Улуттук банк менен макулдашылган датасы;   

- аткаруу органынын мүчөсүнүн иштеген жери;  

- КСтин аткаруу органынын мүчөсүнүн кызмат орду; 

- аткаруу органынын мүчөсүнүн иштеген жеринин, уюлдук телефонунун номери (шаардын/калк жашаган конуштун кодун кошо көрсөтүү менен);   

- аткаруу органынын мүчөсүнүн башка компанияларда ээлеген кызматы, компаниялардын аталышын көрсөтүү менен;  

 - аткаруу органынын мүчөсүнүн КСтин өздүк капиталынан сактык пайынын үлүшү; 

- аткаруу органынын мүчөсүнүн башка компаниялардын уставдык капиталындагы үлүшү/башка компаниялардагы ээлик кылуу үлүшү, компаниялардын аталышын көрсөтүү менен; 

- аткаруу органынын мүчөсүнүн башка компаниялардын капиталына кирген датасы/башка компаниялардагы акциялардын үлүшүн сатып алган датасы; 

- ыйгарым укуктардын бөлүштүрүлүшү (тескөөгө алынгын иш чөйрөлөрү);  

- аткаруу органынын мүчөсүнүн кол тамгасынын үлгүсү (кагаз жүзүндө отчет түрүндө). 

45. 5%дан ашыкка ээлик кылган катышуучулар (пай ээлери) жөнүндө маалымат төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш: 

- катышуучунун/пай ээсинин аты-жөнү; 

- КСтин өздүк капиталынан катышуучунун/пай ээсинин үлүшү, пайыздык туюндуруу менен; 

- үлүштүк капиталга кирген датасы; 

- катышуучунун/пай ээлеринин чыккан өлкөсү; 

- катышуучунун/пай ээлеринин иштеген жери; 

- иштин түрү (башка компанияларда ээлеген кызматы); 

- катышуучунун/пай ээсинин жумуш телефонунун номери (анын ичинде шаардын/калктуу пункттун коду), катышуучунун/пай ээлеринин уюлдук телефонунун номери (анын ичинде оператордун коду); 

- башка ФКУда катышуу үлүшү, акциялар үлүшү;  

- акыркы бенефициар;  

- катышуучунун/пай ээсинин кол тамгасынын үлгүсү (кагаз жүзүндө отчет түрүндө). 

46. Шариат кеңешинин мүчөлөрү тууралуу маалыматта төмөнкүлөр камтылууга тийиш:   

- Шариат кеңешинин мүчөсүнүн аты-жөнү; 

- Шариат кеңешинин мүчөсүнүн шайланган датасы; 

- Шариат кеңешинин мүчөсүнүн талапкерлиги Улуттук банк менен макулдашылган датасы (Көзөмөл боюнча комитеттин чечими/макулдук кат); 

-  Шариат кеңешинин мүчөсүнүн иштеген жери;  

- Шариат кеңешинин мүчөсүнүн кызмат орду (Шариат кеңешинин төрагасы, төраганын орун басары, мүчөсү);  

- Шариат кеңешинин мүчөсүнүн жумуш телефонунун номери (анын ичинде шаардын/калктуу пункттун коду), Шариат кеңешинин мүчөсүнүн уюлдук телефонунун номери (анын ичинде оператордун коду); 

- Шариат кеңешинин мүчөсүнүн башка компанияларда ээлеген кызматы/компаниялардын аталышы;  

- Шариат кеңешинин мүчөсүнүн КСтин үлүштүк капиталынан сактык пайынын үлүшү; 

- Шариат кеңешинин мүчөсүнүн башка компаниялардын уставдык капиталынан үлүшү/башка компанияларда ээлик кылуу үлүшү, компаниялардын аталышын көрсөтүү менен; 

- Шариат кеңешинин мүчөсүнүн башка компаниялардын капиталына кирген датасы/ Шариат кеңешинин мүчөсүнүн башка компаниялардагы акциялар үлүшүн сатып алган датасы; 

- Шариат кеңешинин мүчөсүнүн кол тамгасынын үлгүсү (кагаз түрүндө отчетто).»; 

 

«КСтин айрым кызмат адамдары жөнүндө маалымат» деп аталган 9Б - бөлүк 

 

47. Кредиттик союздун айрым кызмат адамдары жөнүндө маалыматтар төмөнкү кызмат адамдарынын тизмесин камтыйт: 

1) ички аудитор/ревизиялык комиссиянын мүчөлөрү;  

2) тобокелдик-менеджери;   

3) комплаенс-офицер;  

4) активдерди жана пассивдерди тескөө үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси (же өз функционалдык милдеттери боюнча ага теңештирилген адам);  

5) башкы бухгалтер;   

6) ислам принциптери боюнча каржылоо үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси; 

Ар бир кызмат адамы боюнча төмөнкү маалымат көрсөтүлүүгө тийиш:   

- КСтин кызмат адамынын аты-жөнү;   

- талапкерлиги Улуттук банк тарабынан милдеттүү түрдө бекитилүүгө тийиш болгон кызмат адамдары үчүн Улуттук банк тарабынан макулдашылган дата (Көзөмөл боюнча комитеттин чечими/макулдук кат); 

- кызмат адамына отчет берүүчү кызматкерлердин саны;   

- кызмат адамынын жумуш телефонунун номери (анын ичинде шаардын/калктуу пункттун коду), кызмат адамынын уюлдук телефонунун номери (анын ичинде оператордун коду); 

- кол тамгасынын үлгүсү (кагаз жүзүндө отчет түрүндө).»; 

 

«КС боюнча базалык маалымат, (филиалдар, туунду жана аффилирленген компаниялар, учурда иштеп жаткан комитеттер жөнүндө маалымат» деп аталган 9В - бөлүк 

 

48. КС боюнча базалык маалыматта төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- КСтин толук аталышы;  

- КСтин уюштуруу – укуктук формасы;  

- дареги (иш жүзүндөгү жана юридикалык дареги, КСтин башкы кеңсеси жайгашкан шаар, көчө, үйдүн номери, почта индекси); 

- Улуттук банктын күбөлүктөрү, лицензиялары, кошумча лицензиялары берилген дата (хронологиялык тартипте көрсөтүлөт, №, дата); 

- Улуттук банктын күбөлүктөрүндө/лицензияларында чектөөлөрдүн болушу (ооба/жок); 

- КСтин интернеттеги веб-сайты (сайттын дарегине шилтеме); 

- расмий жарыяланган байланыш: жумушчу телефон номерлери (анын ичинде шаар/калктуу пункттун коду), уюлдук телефон номери (анын ичинде оператор коду), факс, электрондук почта; 

- КС персоналы (кызматкерлердин жалпы саны) штаттык бирдиктерди жана мөөнөттүү эмгек келишими боюнча кызматкерлерди көрсөтүү менен; 

49. КСнын филиалдары жөнүндө маалыматта төмөнкү маалыматтар камтылат: 

- КС филиалдарынын аталышы; 

- КС филиалынын дареги;   

- КСнын филиалынын жетекчисинин фамилиясы, аты жана атасынын аты. 

50. КСнын ар бир туунду жана аффирленген компаниялары үчүн маалыматта төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- компаниянын аталышы; 

- туунду жана афирленген компаниянын чыккан өлкөсү; 

- туунду жана афирленген компаниянын ишинин түрү; 

- КС туунду жана аффилирленген компаниялардагы үлүшү (%); 

- туунду жана аффилирленген компаниялардагы башка уюштуруучулардын/акционерлердин үлүшү жана аталышы; 

- туунду жана аффилирленген компанияларга карата стратегиялык пландар. 

51. Ар бир иштеп жаткан КС комитети боюнча төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш: 

- комитеттин аталышы; 

- комитеттин мүчөлөрүнүн курамы (аты-жөнү), комитетте ээлеген кызматы; 

- КСда кызмат орду; 

- Улуттук банк тарабынан макулдашылган датасы (Көзөмөл боюнча комитеттин чечими, макулдук кат). 

Эскертүү: Башка бөлүктөрдө берилген маалымат ушул бөлүктө берилген маалыматтарга шайкеш келиши керек. Отчетко байланышкан бардык башка маселелер боюнча Улуттук банк ушул бөлүктө келтирилген маалыматтарды колдонот. 

 (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 13/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

  

IV. Корутунду жоболор  

    

42. Көзөмөл боюнча комитеттин 2025-жылдын 6-мартындагы №13/1 токтомуна ылайык күчүн жоготкон. 

52. Отчеттун бардык формаларына КС мөөрү басылып, башкарманын төрагасынын жана КС бухгалтеринин кол тамгасы менен ырасталууга тийиш. 

Кредиттик союз регулятивдик/финансылык отчетту берүү тартибин жана мөөнөтүн бузган же такталбаган маалымат берген учурда, Улуттук банк колдонуудагы мыйзамдарга ылайык таасир этүү чараларын колдонот. 

Кредиттик союздун отчетуна кол койгон  башкаруу органынын мүчөлөрү берилген маалыматтын тактыгы үчүн жооптуу болуп саналат. 

Эскертүү. Улуттук банкка сунушталуучу мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттун электрондук версиясында белгилүү бир көз карандылыкты сактоо үчүн «Каталар протоколу» барагы колдонулат. Анда жол берилген каталар отчеттун туура эмес толтурулушун айгинелеп турат. «Каталар протоколунун» барагында жол берилген каталарды камтыган отчеттор Улуттук банк тарабынан кабыл алынбайт. 

 (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 13/1 токтомунун редакциясына ылайык)