Кыргыз Республикасынын Улуттук банк
Башкармасынын 2014-жылдын
17 - октябрындагы №45/1токтомуна
карата 2-тиркеме
“Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жобо
(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6, 2016-жылдын 15-июнундагы №25/2, 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-12-(НПА), 2017-жылдын 13-декабрындагы №2017-П-12/51-13-(НПА), 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-12/4-6, 2018-жылдын 30-майындагы № 2018-П-12\20-2-(НФКУ), 2024-жылдын 21-августундагы №2024-П-12/37-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Жободо Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 5-июлундагы № 26/2 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын резиденттеринин чет өлкө банктарында ачылган эсептерин жана аманаттарын каттоо жөнүндө” жобого (мындан ары - мыйзамдарга) ылайык ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин (мындан ары - МКК жана МКА) мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун бирдиктүү формасы аныкталган.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017- П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
2. ПРО бухгалтердик эсеп жана системадан тышкаркы эсепке алуу маалыматтарынын негизинде түзүлөт.
3. (Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017- П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту).
2. Максаттары жана милдеттери
4. ПРО төмөнкүлөргө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү максатында түзүлөт:
а) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары – Улуттук банк) тарабынан мыйзамдарда белгиленген милдеттердин аткарылышынын алкагында МКК жана МКАлардын финансылык абалына;
б) компаниялардын жетекчилери ликвиддүүлүктү, төлөөгө жөндөмдүүлүктү жана кирешелүүлүктү камсыз кылуу жагында чечимдерди кошо алганда, тиешелүү чечимдерди кабыл алуусу үчүн МКК жана МКАлардын ишине.
5. ПРОнун башкы милдети – ушул жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн максаттардын аткарылышын камсыз кылуу үчүн МКК жана МКАлардын экономикалык жана чарбалык иши тууралуу так жана толук маалыматтарды чагылдыруу.
3. ПРОнун мазмуну жана берүү мезгил аралыгы
6. ПРО, аныкталган формада, белгиленген мөөнөттө берилүүгө тийиш болгон МКК жана МКАнын белгилүү бир мезгил ичиндеги иши тууралуу отчетту түшүндүрөт.
7. ПРО 7 бөлүктөн турат:
Титулдук баракча;
1-бөлүк. Финансылык абалы жөнүндө регулятивдик отчет;
2-бөлүк. Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет;
3-бөлүк. Активдер тууралуу маалымат;
А таблицасы. «Активдерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо»;
Б таблицасы. «Каржылоо ыкмалары»;
В таблицасы. «Каржылоо боюнча портфелди тармактар жана региондор боюнча бөлүштүрүү»;
Г таблицасы. «Берилген каржылоо боюнча маалымат»;
Д таблицасы. «Проблемалуу кардарлар боюнча маалымат»;
Е таблицасы. «Катар каржылоо тууралуу маалымат»;
Ж таблицасы. «Тармактар жана региондор боюнча берилген каржылоонун көлөмү жөнүндө маалымат»;
З таблицасы. «Кредиттик тобокелдикти алып жүрүүчү реструктуризацияланган активдер»;
И таблицасы. «Кирешелүүлүк чендеринин өзгөрүүсүнө карата активдердин жана милдеттенмелердин ийкемдүүлүгүн талдоо (ГЭП-анализ)»
К таблицасы. «Активдердин/милдеттенмелердин ордун жабуу мөөнөттөрү»
4-бөлүк. «Өзүнө-өзү баа берүү боюнча отчет»;
5-бөлүк. Чет өлкө активдери жана милдеттенмелери боюнча отчет:
«Жеке карыздык милдеттенме/кредитордук карыз жөнүндө маалымат» № 1-НД формасы;
«Карыздык милдеттенмени/кредитордук карызды тейлөө боюнча маалыматтар»
№ 2-НД формасы;
Резиденттердин чет өлкө банктарындагы эсептеринде же аманаттарында каражаттарынын калдыктары жөнүндө отчет
«Чет өлкө банкында ачылган эсеп (аманат) жөнүндө билдирме»;
6-бөлүк. Чечмелеп көрсөтүү;
7- бөлүк. МККнын экономикалык ченемдерди сактоосу жөнүндө маалыматтар.
МКК жана МКАнын директорлор кеңешинин, Башкармасынын, негизги уюштуруучулары (акционерлери) жана Шариат кеңешинин мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар;
МКК жана МКАнын айрым кызмат адамдары жөнүндө маалымат;
МКК жана МКА жөнүндө базалык маалымат, филиалдар/өкүлчүлүктөр/түзүмдүк бөлүмдөр (кеңселер), туунду жана аффилирленген компаниялары, учурда иштеп жаткан комитеттер жөнүндө маалымат;
ПРОнун курамы, кыскача мазмуну жана берүү мөөнөттөрү ушул жобого карата 1-тиркемеде чагылдырылган.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 21-августундагы №2024-П-12/37-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
8. МКК жана МКАнын IV-чейреги үчүн ПРО жылдык болуп саналат. Жылдык ПРО отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин Улуттук банкка берилет.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 21-августундагы №2024-П-12/37-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
4. ПРОну берүү тартиби
9. Ар бир МКК жана МКАда ПРОнун мазмунунун толуктугу, мөөнөтүндө берилиши жана туура толтурулушу үчүн жооп берген кызматкер дайындалууга тийиш. ПРОдо камтылган маалыматка тиешелүү бардык суроолор боюнча Улуттук банк менен иш алып баруу жоопкерчилиги да ошол кызматкерге жүктөлөт.
10. ПРО ушул жобого карата 2-тиркемедеги формада, отчет үчүн белгиленген мөөнөттөрдө кагазга чыгарылган жана электрондук түрдө Улуттук банкка берилет. ПРОнун электрондук версиясы Улуттук банкта белгиленген талаптарга ылайык түзүлүүгө тийиш.
11. Чүй областында жана Бишкек шаарында жайгашкан МКК жана МКАлар ПРОну кагазга чыгарып, конвертке салып, чапталган түрүндө Улуттук банкка сунуштоого тийиш.
12. ПРОнун электрондук версиясы Улуттук банктын Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгынын Статистикалык базаларды техникалык колдоо бөлүмүнө электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт. МКК жана МКАнын электрондук почтасы жок болсо, отчеттор жаздырып алуучу башка жабдуулар (USB – флэш маалымат сактоочу) аркылуу берилиши зарыл.
13. Республиканын башка областтарында жайгашкан МКК жана МКАлар ПРОну кагазга чыгарылган же электрондук түрдө Улуттук банктын тиешелүү областтык башкармалыгына/Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө берүүгө тийиш.
Улуттук банктын областтык башкармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү ПРОну Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгына агрегирленген түрдө сунушташат.
14. ПРОдо кандайдыр бир дал келбестиктер, каталар, маалыматтардын толук чагылдырылбашы же анын формаларынын туура эмес толтурулушу аныкталган учурда, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү финансылык отчетто чагылдыруу менен отчетту оңдоо зарылчылыгы тууралуу МКК жана МКАга маалымдап, оңдолгон отчетту 10 жумуш күнү ичинде берилишин талап кылат.
Оңдолгон отчеттор МКК жана МКАнын коштомо каты менен бирге отчет талапка ылайык толтурулбагандыгы тууралуу билдирме жөнөтүлгөндөн кийинки беш жумуш күн ичинде Улуттук банкка кайрадан сунушталууга тийиш.
15. Улуттук банктын ПРО боюнча сын-пикирлери болбогон же отчет Улуттук банктын сын-пикирлерине ылайык келтирилгенден кийин жана МККнын жана МКАнын каты менен тастыкталгандан кийин, ПРО Улуттук банк тарабынан кабыл алынган катары эсептелинет.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 21-августундагы №2024-П-12/37-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
16. МКК жана МКА ПРОну МКК жана МКАнын башкы кеңсеси жана филиалдар боюнча консолидацияланган негизде беришет.
17. ПРО белгиленген формада: көктөлгөн, ар бир бөлүктүн беттерине санын көрсөтүү менен номерленип, мөөр басылып, МКК жана МКАнын ПРОнун түзүлүшү, анын берилиши үчүн жооп берген кызматкерлеринин кол тамгасы коюлуп, сунушталууга тийиш.
18. ПРОдо отчеттук күнгө карата МКК жана МКАнын абалы тууралуу так маалыматтар камтылууга тийиш. МКК жана МКАнын абалынын чейректик жана жылдык ПРОлордо туура чагылдырылгандыгы МКК жана МКАнын аткаруу органынын жетекчиси жана башкы бухгалтери тарабынан тастыкталат.
5. Корутунду жобо
19. Маалыматты өз убагында жана/же так эмес бергендиги үчүн, белгиленген мөөнөттө маалымат бербегендиги үчүн, ПРОну МКК жана МКА толук эмес жана/же туура эмес толтургандыгы үчүн, ошондой эле МККнын жана МКАнын аткаруу органынын жетекчиси жана МКК жана МКАнын башкы бухгалтери, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартышат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 21-августундагы №2024-П-12/37-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
20. Улуттук банкка берилген ПРОнун экинчи нускасы МКК жана МКАда сакталууга тийиш.
Улуттук банк Башкармасынын
2014-жылдын «17» октябрындагы
№45/1 токтому менен бекитилген
«Ислам банк иши жана каржылоо
принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө
ашырышкан микрокредиттик компаниялардын
жана микрокредиттик агенттиктердин
мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик
отчету жөнүндө» жобого карата
1-тиркеме
Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан МКК жана МКА ПРОсунун
КУРАМЫ
|
№ |
Бөлүгү |
Аталышы |
Мезгил аралыгы |
Берүү мөөнөттөрү |
Эскертүү же ченемдик укуктук актыга шилтеме |
|
1 |
|
Титулдук баракча |
Чейрек сайын |
отчеттук чейректен кийин 20 календардык күн ичинде |
Бөлүктөргө тиркелет |
|
Жыл сайын |
отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин |
||||
|
2 |
1-бөлүк. |
Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет А. Активдер Б.Милдеттенмелер жана капитал В.Баланстан тышкаркы милдеттенмелер Г. Башка активдерди жана милдеттенмелерди чечмелөө |
Чейрек сайын |
отчеттук чейректен кийин 20 календардык күн ичинде |
|
|
Жыл сайын |
отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин |
||||
|
3 |
2-бөлүк. |
Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет |
Чейрек сайын |
отчеттук чейректен кийин 20 календардык күн ичинде |
|
|
Жыл сайын |
отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин |
||||
|
4 |
3-бөлүк. |
Активдер тууралуу маалымат А. Активдерди тобокелдик деңгээли боюнча классификация лоо Б. Каржылоо ыкмалары В. Тармактарды жана региондорду каржылоо боюнча портфелди бөлүштүрүү |
Чейрек сайын Жыл сайын |
отчеттук чейректен кийин 20 календардык күн ичинде отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин
|
|
|
Г. Берилген каржылоо боюнча маалымат Д. Проблемалуу кардарлар боюнча маалымат Е. Катар каржылоо тууралуу маалымат Ж. Тармактар жана региондор боюнча берилген каржылоонун көлөмү жөнүндө маалымат З.Кредиттик тобокелдикти өзүнө камтыган реструктуризацияланган активдер И.Кирешелүүлүк чендеринин өзгөрүлүшүнө карата активдердин жана милдеттенмелердин ийкемдүүлүгүн талдоо (ГЭП-анализ) К. Активдердин/милдеттенмелердин ордун жабуу мөөнөттөрү |
|||||
|
5 |
4-бөлүк |
Өз ишине баа берүү боюнча отчет |
Жыл сайын |
отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин |
Бөлүктөргө тиркелет |
|
6 |
5-бөлүк |
Чет өлкө активдери жана милдеттенмелери боюнча отчет |
Чейрек сайын |
отчеттук чейректен кийин 20 календардык күн ичинде |
Бөлүктөргө тиркелет |
|
Жыл сайын |
отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин |
||||
|
7 |
6-бөлүк |
Чечмелеп көрсөтүү А. Милдеттенмелер Б. Каржылоо шарттары боюнча маалымат В. МКК/МКА нын кардарлары жөнүндө Г. МКК/ МКАнын персоналы тууралуу Д. Банктар менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызматтарды ишке ашыруу боюнча маалыматтар Е. Жайгаштыруу операциялары жана инвестициялар боюнча чечмелөө Ж. Уюштуруучулар/акционерлер/катышуучулар тарабынан берилген каражаттар |
Чейрек сайын
Жыл сайын |
отчеттук чейректен кийин 20 календардык күн ичинде
отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин |
|
|
8 |
7-бөлүк |
МККнын экономикалык ченемдерин сактоо жөнүндө маалымат- тар |
Чейрек сайын |
отчеттук чейректен кийин 20 календардык күн ичинде |
|
|
Жыл сайын |
отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин |
|
|||
|
9 |
|
МКК жана МКАнын Директорлор кеңешинин, Башкармасынын, негизги уюштуруучу лары (акционерлери) жана Шариат Кеңешинин мүчөлөрү тууралуу маалымат |
Жыл сайын |
отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин |
Бөлүктөргө тиркелет |
|
Чейрек сайын |
чейрек ичинде өзгөрүүлөр киргизилген учурда |
||||
|
МКК жана МКАнын айрым кызмат адамдары тууралуу маалыматтар |
Жыл сайын |
отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин |
Бөлүктөргө тиркелет |
||
|
Чейрек сайын |
чейрек ичинде өзгөрүүлөр киргизилген учурда |
||||
|
МКК жана МКА боюнча негизги маалымат, филиалдары/өкүлчүлүктөрү/түзүмдүк бөлүмдөрү (кеңселери), туунду жана аффилирленген компаниялары, учурда иштеп жаткан комитеттери тууралуу маалыматтар |
Жыл сайын |
Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин |
Бөлүктөргө тиркелет |
||
|
Чейрек сайын |
чейрек ичинде өзгөрүүлөр киргизилген учурда |
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 21-августундагы №2024-П-12/37-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармасынын
2014-жылдын 17-октябрындагы №45/1 токтому менен бекитилген
«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине
ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан
микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик
агенттиктердин мезгил-мезгили менен берилүүчү
регулятивдик отчету жөнүндө» жобого № 2 тиркеме
Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6, 2016 жылдын 15-июнундагы №25/2, 2017-жылдын 13-декабрындагы №2017-П-12/51-13-(НПА), 2024-жылдын 21-августундагы №2024-П-12/37-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)







